Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Тил таануу / Публицистика
© Мамбеталиев А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 8-октябры

Аскарбек Эркинович МАМБЕТАЛИЕВ

Кыргыз тилинин жаңы латын алфавити

(Kyrgyz tilinin jaňy latyn alfavitinin ŏňŭ)

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү стандарттуу клавиатураларда кирилица жок. Ошондуктан кыргызча текстти латын тамгалары менен терүүгө аргасыз болосуз. Ал эми латын тамгалары менен кыргызча тексттерди англис тилине колдонуучу эрежелердин негизинде терүү туура эмес. Ошондуктан стандарттуу клавиатурага кыргыз тыбыштарын батыруу зарылчылыгы келип чыгып жатат. Ошондо кыргызстанга келген чөнтөк телефондордон тартып, компьютерлерге чейин кыргызча текст жазуу үчүн «русификация» кылып, кор болуунун кажети жок болуп калат. Ушул максатта кыргызга QWERTY латын алфавити сунуш кылынууда.

Мурда жарыяланган эмес.

 

#CyrLatМисалдар#CyrLatМисалдар
1 А a   A a Aта = Ata22 Ө ө O’ o’, Ŏ ŏ Өтө = O’to = Ŏtŏ  
2 Б б B b Бaба = Baba23 П п P p Пишпек = Piśpek
3 В в V v Араван = Aravan24 Р р R r Райондор = Raiondor  
4 Г г G g Гагауз = Gagauz25 С с S s Сес = Ses
5 Г г Gh gh Toghuz = Тогуз26 Т т T t Таттуу = Tattuu
6 Д д D d Дeди = Dedi27 У у U u Улуу = Uluu
7 Е е E e Эсте = Este28 Ү ү U’ u’, Ŭ ŭ Үмүт = U’mut = Ŭmŭt
8 Ё ё Io io Боёк = Boioq29 Ф ф F f Филадельфия = Filadelfia 
9 Ж ж J j Jigit = Жигит30 Х х X x Цех = Tsex
10 Ж ж   Zh zh Zhurnal = Журнал31 Х х X` x`, Ẋ ẋ Пахта = Pax`ta = Paẋta
11 З з Z z Кыз = Qyz32 Ц ц Ts ts Цицерон = Tsitseron
12 И и I i Ини = Ini33 Ч ч C c Чеч = Сec
13 Й й Ĩ ĩ, I i, I’ i’ Бий = Biĩ = Bii`= Bii  34 Ш ш S` s`, Ś ś  Шаш = S`as`= Śaś
14 К к K k Kерек = Кerek35 Щ щ  S’c s’c, Śc śc   Щи = S’ci=Ści
16 К к  Q q Как = Qaq36 Ъ ъ ‘ Cъезд = S’ezd
17 Л л L l Кел = Kel37 Ы ы Y y Ырчы = Yrcy
18 М м M m Мамы = Mamy38 Ь ь  Лагерь = Lager
19 Н н N n Нан = Nan39 Э э E e Эркек = Erkek
20 Ң ң N` n`, Ň ň   Таң = Tan`= Taň40 Ю ю Iu iu Туюк = Tuiuq
21  О о O o Ойлон = Oilon41  Я я Ia ia Таяк = Taiaq

 

Жаңы кыргыз латын алфавитинин зарылдыгы

Жаңы алфавитке болгон зарылчылдык сапаттуу компьютер, телефон, ж.б. технологиялары стандарталган эл аралык бизнес тили болуп кеңири колдонулуп жаткан англис алфавитиндеги QWERTY клавиатуралары менен гана чыгууда. Араб, Кытай, Япон, Корей, Немис, Француз, Түрк ж.б. улуттар өздөрүнүн тамгаларын стандарттуу англис клавиатурасына жанаша жазууга жетишти. Ошондой болсо да бул деле бир топ ыңгайсыздыктарды туугузат. Мисалы, кокустан Нью-Йорк Университетинин китепканасына кирип калсаңыз, ал жерде кирилица жок болуп, аргасыз QWERTY клавиатурасын колдоносуз. Андыктан бул сунуш кылынып жаткан алфавит кыргыз тили үчүн бул проблеманы толугу менен чечет.

 

Жаңы кыргыз латын алфавитинин өзгөчөлүктөрү

Латын тамгаларына өткөрүүдө компьютерге терүүгө ыңгайы эске алынуу менен катар эле, бардык тыбыштарга өзүнчө тамга ыйгарылды.

«Ө», «Ү», «Ң» тыбыштарына казак алфавитинде тамга бар, бирок кошумча клавиатура талап кылынат. Ошондуктан кыргыз тилинде текст терүүнү оңойлотуу максатында бул тамгаларды жазуу үчүн стандарттуу клавиатураны колдонуп эле «O», «U», «N» тамгаларынын оң капталына же үстү жагына бир чекитти же апострофту кошуп коюу жетиштүү. Албетте, бул белги жок деле кыргыз тилин билгендер сөздөрдү туура окуп кете алат, бирок кыргыз тилин жаңы үйрөнүп келе жаткандар үчүн бул белгилер маанилүү.

 

Өзгөчө тамгаларды жазуу ыкмалары жана эрежелери

Жаңы кыргыз латын алфавитинде кыргыздын үч тыбышын (Ө, Ң, Ү) бир нече ыкма менен жазууга болот. Бул тыбыштарды жаңы латын алфавитинде жазуу үчүн азыркы кирилицадагы тамгалар түрүндө деле калтырса эч нерсе болбойт. Анткени бул тамгаларда «O», «N», «U» тамгаларынан айырмалап турган сызыктар бар.

Мисалы, “ө” тамгасын кыргыз латын алфавитинде жазуу үчүн “о” клавишасын басасыз да стандарттуу клавиатуранын оң жагында жайгашкан ` белгисин кошосуз. Бул белги жазганга оңтойлуу, оң чыплагыңыздын так астында жана стандарттуу клавиатуранын сол жак башында да жайгашкан. Ошондой эле бул тамгаларды терүү үчүн немис, француз, өзбек ж.б. кеңири таралган алфавиттердеги Ňň, Ŏŏ, Ŭŭ тамгаларынын каалагандай варианттарын колдонсо болот. Мисалы, Өңү = O`n`u` = Ŏňŭ.

Эки тыбышты билдирген тамгалар (ц = ts, я = ia, ё = io, ю = iu) ажыратылып жазылат. Орус тилинен кирген сөздөрдөгү “ь” белгиси жазылбайт. Мисалы, лагерь = lager. Ал эми ажыратуу белгисин туюнткан «ъ» тамгасы «‘» болуп жазылат. Мисалы, съезд = s’ezd.

Ушул алфавитти окуу жайларына стандарттуу алфавит кылып киргизүү мезгил талабы жана Билим берүү министерлигинин милдети. Антпесек, стандарттуу алфавит жоктугунан жаңы кыргыз латын алфавитинин бир топ варианттары чыгып, бир топ проблемаларды туудуруп атат.

 

Кыргыз жаңы латын алфавитиндеги өзгөчө тамгаларды клавиатурага жайгаштыруу

Бул тамгаларды (өңү) атайын клавишага ыйгарбай деле «o`», «n`», «u`» деп жазууга боло берет, ошондой болсо да, «ŏ», «ň», «ŭ» тамгаларын колдонсок, коозураак көрүнөт. Ошондой эле, эгерде бир сөздүн башында ушул үч тамга келе турган болсо, анда биринчи тамгасын гана апостроф менен белгилесе да болот. Мисалы, көрөңгө = ko`ron’go, күнөстүү = кu’nostuu, көрдүк = ko`rduk.

 

Пикирлер жана сунуштар

Сунуш кылынып жаткан QWERTY алфавити илимий ачылыш эмес, бирок зарылчылдык. Латын алфавитинен чексиз бүтпөгөн версияларын ойлоп таба берсе болот. Мисалы, азырынча Й, Ш, Ж тамгаларына бош турган J, W, X клавиатурасынын кандай иретте ыйгаруу колдонуучуга ыңгайлуу болот деген маселе турат. Анын үстүнө Й тамгасын Y десек, анда Ы тамгасын кантебиз?

Ошондуктан бул версия бир топ сунуштарды эске алып, QWERTY клавиатурасын максималдуу эффективдүү пайдалануу максатында кыргыз ар бир тыбышына бирден клавиатура ыйгаруу максатын көздөйт.

 

Иштеп чыккан Аскарбек Мамбеталиев
    И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ага окутуучусу

 


Количество просмотров: 20534