Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 6-октябры

Чынтемир АСКАРОВ

Махабат сыры

Ырлар

Чынтемир Аскаровдун бул бешинчи китеби. Мындан мурда «Эне бактысы», «Атажурт» ырлар жыйнагы, «Сүйүү баяны», «Белгисиз кыздын махабаты» аттуу прозалык чыгармалары жарык көргөн. «Айылдын сонун кечтери» топтомдо көбүнчө айылда жашап жана эмгектенип жаткан түркүн кесиптин ээлери негизги каарман. Акын айылда жашап айылдык турмушун жакшы билгендиктен эмгек адамдары жөнүндө ыр жаратып, алардын образын эргүү менен бере алган. Ал эми мекен, табият, махабат жөнүндөгү лирикалары да эч кимди кайдыгер калтырбайт.

Аскаров Ч. Айылдын сонун кечтери: Ырлар.– Б.: 2008. – 164 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7–5
А 90
ISBN 978 – 9967 –24 – 815 – 1
А 4702300200 – 08

Нускасы 100 даана

 

МАХАБАТ СЫРЫ

 

СЕН МЕНИ СҮЙӨМ ДЕЧИ

Жаздагы розалар гүлүн ачып, 
Турганда айланага жытын чачып, 
Жолукчу, гүлзарларды аралайлы,  
Тарталы рахатын бирге басып, 
Сен мени сүйөм дечи, 
Турайын кубанычтан кучак жасып.

Аптаптуу жайдын ысык убагында,
Таба албай көлөкө издеп турганымда, 
Жолукчу, күндүн табын алыстатып, 
Сергитчи окшоп тоонун булагына. 
Сен мени сүйөм дечи, 
Угулсун шыңгыр үнүң кулагыма.

Өзүнчө бийлиги бар күздүн дагы, 
Саргаят тал-дарактын жалбырагы. 
Жолукчу, өзгөрбөгөн жазым болуп, 
Санаадан саргайбасын жаштык багы.
Сен мени сүйөм дечи, 
Жүрөккө мүрөк суудай болсун дары.

Ызгаары, суугу бар кыштын дагы, 
Жанга өтөт үшүгөндө анын каары. 
Жылынам күн тийгендей кышты сезбей,
Кеп эмес сен бар кезде мунун баары. 
Сен мени сүйөм дечи, 
Сөзүңдү уксам экен, дагы... дагы...

 

САЛКЫН БАК

Мына көрчү биз жолукчу салкын бак,
Отурчу элек көлөкөлөп салкындап. 
Мен өзүңдү саамайыңдан сыласам,
Сен мөлтүрөп көөдөнүмө жакындап.

Мына жаным көрүп жүрчү салкын бак, 
Бирге отурсак сергий түшчү көңүл бат. 
Сен да мага, мен да сага жанашып, 
Экөөбүздө жанып турчу махабат.

Бакыт чачты ошондогу махабат, 
Кээде келип олтурабыз салкындап. 
Балдар ойнойт жаныбызда карачы, 
Сени апа-алап, мени турат ата-алап. 
Бардыгына күбө болгон салкын бак, 
Экөөбүзгө бүт турпаты алтын бак!

 

ЭГЕРДЕ КӨРГҮМ КЕЛСЕ ЭЛЕСИНДИ 

Бир турдук көпкө чейин куруп маек. 
Сүйүүгө күбө болду мырза терек. 
Моймолжуп улам мага жакындайсың,
Сен мага чын берилип калсаң керек.

Бир башка чагылышып биздин карек,
Ойлосом ошол учур чанда келет. 
Сен улам жаш баладай эркелейсиң, 
Жылдызым бир өзүңө жанса керек.
... Суулары ошол күндүн алыс акты, 
Сездирбей тагдыр бизди алыстатты. 
Эстесем ошондогу махабаттын, 
Мүнөтү кандай кымбат, кандай татты.

Билемин сен кайрылып келбесиңди, 
Эгерде көргүм келсе элесиңди. 
Суктанып шол терекке карай берем, 
Көпкө мен ачып коюп тереземди.

 

СҮЙӨМ ДЕБЕ

Сүйөм дебе, ашык болбо жаш сулуу, 
Жаш күнүмдөй махабатка күйө албайм. 
Сендей болуп эч кимде жок наздануу,
Билем аны, билген менен сүйө албайм.

Себеби бар сүйбө деген сөзүмдө,
Көңүл калган сендейлерден ай жамал.
Ашык болуп балбылдаган көзүңө,
Эрчий берет, суусай берет канча жан.

Мүмкүн менин кызганчактык мүнөзүм, 
Сенден алыс айдаткандыр кемени.
Элесимде жашасаң да бир өзүң, 
Биздин жолдор кошулушпайт бил эми.

 

КАЛДЫМБЫ МАХАБАТТЫН ТАЛААСЫНДА

Бир сыр бар ушул жолку карашыңда,
Ал караш көз ирмемдин арасында, 
Оп тартып, өзүң көздөй алып барат. 
Калгансып магниттин талаасында.
Ал талаа талаасыбы махабаттын,
Өзүмчө кыялданып балын таттым. 
А бирок абалымды сезип койбой, 
Бат эле менден узап бара жаттың...

 

АГА ЧЕЙИН

Каяктан жолуктуң сен мага жаным, 
Тынч жаткан жүрөгүмдү жараладың, 
Балыктай алдастаган кайрымакта, 
Кыйналдым кучагында санаалардын.

Көзүңдүн жылуу, сүйкүм учкундары, 
Билбеймин кимге кандай, мага дары. 
Аарыдай жабалактап гүл талашкан, 
Карашат суктанышып сага баары.

Карашсын, суктанышсын эмне дейин, 
Жөн эле кызганычтан кейибейин. 
Өзүңө эмгек менен көрүнбөсөм,
Сөз айтпайм, сүйөм дебейм ага чейин.

 

КАТТАР ЖАЗДЫМ 

Каттар жаздым, каттар жаздым көп ирет, 
Катымды алып айрыдыңбы ким билет.
Мен өзүңдү Айым, Күнүм деп жүрсөм, 
Жообун бербей бүтүрдүң го эзгилеп.

Каттар жаздым сөз берметин издедим, 
Ырдын баркын, сөздүн баркын сезбедиң. 
Жаркылдаган жарым болот деп жүрсөм, 
Бүтпөй койду бой көтөрүп эзгениң.
Каттар жаздым бирок жооп албадым, 
Билдим кийин сен башканы тандадың. 
Муңга толгон эң акыркы кат менен. 
Алып кеттиң, махабаттын калганын.

 

ЖИБЕК ЖЕЛ, КАЙЫН БОЛБОСО

Күйгөндөй көктө шам чырак,
Ай нуру тиет чачырап.
Биз турган ушул кайыңдын, 
Көркөмү көзгө басылат.

Карасак ага кызыга,
Кайыңды көздөй сызыла,
Өөп өтөт улам жибек жел,
Жеткенсип сүйгөн кызына.

Эркелеп ага ак кайың, 
Бой тосот улам ансайын. 
Байкасак сылап жаткансыйт, 
Төгүлгөн жашыл саамайын.

Учуру белем ал убак, 
Шуудурай түштү жалбырак.
Сызыла соккон желге эми, 
Баратты кайың магдырап...

Түшүндүң аны сен деле, 
Козголо түштү делебе, 
Жибек жел, кайың болбосо, 
Кетмекпис үйгө жөн эле...

 

КОШ ЭМИ

Ойлобо кайрылат деп эртели кеч,
Көңүлүм бир калган соң эрибес эч.
Суктантып турган менен сулуулугуң, 
Эң кыйын эми сени сүйөмүн деш.

Билесиң далай ирет жазгам катты. 
Арнагам алоолонгон махабатты. 
«Сендейлер ээрчип жүрөт» – деген сөзүң, 
Жаныма жаа огундай катуу батты.

Кош эми, кош дейинчи ашкан чүрөк, 
Бир эмес, экөө беле сенде жүрөк.
Дагы эле баягыдай жөргөндүрсүң, 
Бир буга, бир тигиге күлүмсүрөп.

 

ЖААН КҮНҮ

Жамгыр жаады, жамгыр жаады салаалап, 
Жашырындык бир чоң талды пааналап. 
Жарым сааттык бирге турган мүнөттөр, 
Жарык шамдай жүрөгүмдө жана алат.

Жамгыр жаады, жамгыр жаады салаалап, 
Жашылданат жааган сайын талаа жак. 
Жалт бурулткан көздөрүңдүн учкуну, 
Жалын болуп барат канды аралап.

Жалын болуп барат канды аралап, 
Жагымын ай, жан дүйнөмө таралат. 
Жаным эркем жашырбасам өзүңсүң, 
Жайлоодогу мөлтүрөгөн карагат.

Жааган жамгыр койгон өңдүү сулуулап, 
Жакындасаң жытың искеп туруу бак. 
Жаш баладай жайнап анан карадың, 
Жай күнүнөн канча таптуу, жылуураак.

 

КЕТПЕЙ КОЙДУ

Кыштын күнү, кыштын каары күч алып
Басуу кыйын борпоң карда тушалып.
Миң ойлонтуп мынча неге азгырдың,
Жетсем деген эңсөөм барат тутанып.

Борошо урат кечээгидей кар жаабай,
Өттүм жондон, бастым дагы бир далай.
Тоо боорунан сенин үйүң көрүндү,
Жетем эми, көрөм сени жыргалай.

Жаштык кезде бороон-чапкын кеп эмес, 
Ошол күнүм башка күнгө тең эмес 
Жолум карап терезеде турупсуң, 
Кетпей койду ошондогу бир элес.

 

ЖҮЗҮМ КЫЗ

Жүзүңдү көрсөм жүзүмдөй тунук, 
Турасың сулуу карекке тунуп. 
Мөлтүрөп аккан булакка барып, 
Олтурсак кана маекти куруп.

Жүзүмдөй жүзүң жүз жылда ойдо,
Жүзүмдөй кезде жыргап ал, ойно. 
Жүрөмүн жаным сырыңды билбей, 
Жүзүмдү сунсам томсортуп койбо.

Жүзүм кыз жүздөй бозойлор ашык,
Жүзүнөн менин жүрөгүм ташып, 
Баратам сага баарынан мурда, 
Кайтпайын кайра баладай жашып.

 

КӨӨДӨНҮМӨ КУЛАНЫП

Жер тиктесең кээде менден уялып,
Турат кээде көз караштар уланып. 
Сүйкүм жүзүң жоогазындай албырат, 
Ичке белиң тал чыбыктай буралып.

Сен уялсаң, мен да турбай уялып,
Тарттым сени, боюң турду кыналып.
Көлкүп турдум кашыктагы сымаптай, 
Кундуз чачың көөдөнүмдө куланып.

 

САГА

Карасам көзүң жылдыз, өзүң жылдыз. 
Бир уурттам кашыктагы суудай жансыз. 
Шотанын Тинатини мындай калат, 
Ааламдын – Айпериси сенсиң жалгыз.

Суйкайган сулууларга кумар неме, 
Көргөндө чалкасынан кулар беле. 
Ай тууган, ай болбосо Пери тууган, 
Жөн эне сендей чүрөк туумак беле.

Карасам ай жүзүңдө нурлуу жарык,
Ал жарык жүрөгүмдөн өтөт жарып. 
Колуңдан кармарыма көзүм жетпей, 
Баратам катарыңда күйүп жанып.

Карасам көзүң жылдыз, өзүң жылдыз,
Бир уурттам кашыктагы суудай жансыз. 
Шотанын Тинатини мындай калат,
Ааламдын Айпериси сенсиң жалгыз.

 

ЭҢСӨӨ

Жан курбум ачып койчу терезеңди, 
Күлмүңдөп күндөгүдөй келесиңби? 
Сага деп арнап койгон гүл дестем бар, 
Эстейт деп андан менин элесимди.

Жан курбум ачып койчу форточканы, 
Эсине келбей жүрөт билем аны. 
Билдирип сүттөй таза сезимимди, 
Ырымды ак кагазга жаздым жаңы. 
Таштаармын ал ырымды форточкаңдан, 
Атса экен эртеңкинин аппак таңы.

 

КӨП КҮН БОЛДУ 

Көп күн болду жаным сени көрбөдүм,
Каттар жазып колуң бошто кел дедиң. 
Кайдан барам, чарбада иш күч алып, 
Билесиң го сенден алыс жердемин.

Көп күн болду жаным сени көрбөдүм, 
Келбеди деп санаа тартып жүрбөгүн. 
Азыр барбайм, малга тоют даярдап, 
Чөбү белден, шибери мол төрдөмүн.

Шашпа жаным, дагы бир күн барармын, 
Жолугууну абдан самап калармын. 
Кош кайыңдай бирге туруп, сыр чечип, 
Сагынычтуу көздөрүңдөн карармын.

 

ЖАНЫМДА ЖҮРЧҮ

Жанымда жүрчү жаз гүлүм болуп үзбөгөн,
Аткан ок сымал бат өтөт жаштык кез деген, 
Жарк этчү айга алтындан таккан коңгуроо, 
Ак куум өзүң ааламды кезип издеген.

Жанымда жүрчү көктөгү күндөй ачылып, 
Бакытка бөлө, таңдагы нурдай чачылып. 
Элесиң дайым мен менен жүрсүн издетпей, 
Күлмүңдөп койчу каректе калсын басылып.

Жанымда жүрчү кайыңдай өскөн буралып, 
Жибисин жүрөк өзүңдөн гана нур алып.
Туптунук болсо сүйүүбүз тунук булактай, 
Өмүрлөр өтөр шаттыкта көңүл кубанып.

 

КЕЛГЕН ЖОКСУН

Келген жоксуң, келген жоксуң жалжалым, 
Жадап бүттүм карай берип жан жагым. 
Минтет ко деп сенден күткөн эмесмин. 
Көңүлүм да көктөгү айдай жапжарым.

Келген жоксук, келген жоксуң-ардагым 
Чын сүйүүмдү сага келген арнагым.
Мен турмушта кайгырбаган мынчалык,
Түшүн жаным, түшүн өзүң ар жагын.

 

МАХАБАТ ТЫРС-ТЫРС ЧЕРТСИН ТЕРЕЗЕСИН

Гүл тердик тоого чыгып түркүн-түркүн, 
Жаңырат, таза абада сенин күлкүң. 
Күлкүңө коргошундай көлкүп турам, 
Тургансып түгөл болуп дүйнө – мүлкүм.

Баарынан көңүл бурбай гүл тересиң, 
Карекке батып турат бул элесиң. 
Гүлүңдөй бажырайып карап койчу, 
Махабат тырс-тырс чертсин терезесин.

 

МЕН АШЫК БОЛГОН КӨЗҮНДӨ

Күн тийген тигил тескейден,
Корумдуу таштар караят.
Күнчөлүк жерге карабай,
Күлүктү минип мен барсам,
Кукүшүм мени карабайт.

Ай тийген тигил чокунун.
Арчалуу бети караят. 
Арманым ичте бук болуп.
Аргымак минип мен барсам,
Алтыным мени карабайт.

Мээнетим жанып эмгекте,
Медалды төшкө тагынып, 
Мейли эми болбос деп барсам, 
Мен ашык болгон көзүңдө,
Махабат турду жагылып.

 

БОЛБОСТУР

Алыстап туруп албай келчи жакын,
Жел аргы тоо тараптан сокту салкын.
Бардыгын сезбейсиң да тунжурайсың,
Сен минтип кыйнабачы мени алтын.

Экөөбүз бирге турган ушул бактын,
Аралап арасынан бир гүл таптым.
Өзүңдөй апакай ак гүлүм менен,
Кайталап карегиңди карап жаттым.
Эркем ай, бир өзүңө жеткен болсом,
Болбостур андан өткөн менин бактым.

 

ТУРАМ КАНЫП 

Бүткөн бой кубанычтын демин сезип, 
Жемиштей болгон турам төгүлгөнү. 
Экөөбүз эзилишип бирге турсак, 
Көкөлөйт махабаттын көгүчкөнү.

Дал ошол көгүчкөндүн канаттары, 
Ай болуп жарык чачат жүрөгүмө. 
Бетиңден өөп койсом кагып койбой,
Шыңкылдап кылыктанып күлөсүң ээ.

Ал күлкүң мөл булактай шыңгыр этет,
Бүтүндөй жан дүйнөмө бүлүк салып. 
Сен бүгүн арбап алган сыйкыр күчсүң, 
Эркем ай, лаззатыңа турам канып.

 

КОШУНА КЫЗ

Жүзүмдөй жүзүң жылуу кошуна кыз. 
Жүз күндөй жакын жашап кошунабыз. 
Жалтактап уялуунун чеги бүтпөй, 
Жүздөшсөк сүйлөшө албай корунабыз.

Жолукпас жерден кээде жолугабыз,
Жер карап анда деле корунабыз. 
Баспа деп агаң мени кагып койгон. 
Жанаша жашасак да жолум алыс.

Көчөдө бирге бассак жарашабыз,
Кош шамдай көргөндөрдү каратабыз.
Анда да сырыбызды ачык айтпай,
Алдыртан каректерден карашабыз.

Кой болду, жетти, бүттү кошуна кыз, 
Көп минтсек кайгы тартып жошулабыз.
Ачык айт, сезим менен ойнобойлу, 
Бактылуу болуп качан кошулабыз?..

 

БИЛБЕЙСИҢ

Жазда ачылып, жыпар чачкан гүлдөйсүң,
Жарпым жазып, бир жаркылдап күлбөйсүң.
Сенден ашкан сулуу жоктой дүйнөдө,
Санаа тартып саргайганым билбейсиң.

Жаштык жалын, жаштык кымбат кез дейсиң,
Айлар өтөт, жылдар өтөт тез дейсиң.
Мен өзүңө ааламда жок сүйүүнү,
Арнап жүрсөм. арнаганым сезбейсиң.

Сен деп жүрсөм, сен көзүңө илбейсиң,
Бой көтөрүп, көңүлүмдү кирдейсиң.
Сен сүйбөсөң Алыкулдай жапжалгыз,
Жашап жүрүп өтөрүмдү билбейсиң.

 

ЖАРЫМА

Жароокер жанга жагым жоруктарың,
Жан эркем жакшы болгон жолукканың.
Турмушта боло берет өйдө-төмөн,
Көңүлдү жөнсүз жерден орутпагын.

Сен деймин аппак шоола, аппак таңым,
Сен үчүн сүйүүм ысык, сүйүүм жалын.
Жанымда сен болбосоң, сен жүрбөсөң,
Тата албайм бул жашоонун таттуу даамын.

Сен десем канат кагат жазган ырым,
Көөдөндөн агылгансыйт башкача агым.
Өзүңө Арзыматтай акын болбой,
Элиме жетсе экен дейм жазгандарым.

 

ЖАТАТ ТОЛКУН ТЕРМЕТИП

Жетсек десек көздөн учат аркы өйүз,
Бир кайыкта баратабыз экөөбүз.
Күн бузулуп, шамаал күчөп баратат,
Билбейм качан аркы өйүзгө өтөбүз?..

Соккон шамаал кетсе кана бат кетип,
Кучактайсың улам, улам селт этип.
Коркпо жаным, өркөчтөнгөн толкундар,
Куттукташып жатат бизди терметип...

 

ЭСТИ ООДАРЫП АЛБЫРАТ

Айтчы жаным мынча неге түгөлдүң?
Сен төгүлсөң мен да келет төгүлгүм.
Кучагымда эркелесең баладай,
Бал каймагын тарткансыймын өмүрдүн.

Ах, ушул кез, ах, ушул саат, эх, кандай!
Чолпон жылдыз бизге гана жангандай.
Эки бетиң эсти оодарып албырат,
Алча үзүлүп кудум каны тамгандай.

 

ТААП АЛГЫН

Кабылсам да бороонуна кайгынын,
Сен айрылсаң, мен да сенден айрылдым.
Эстегенге кыялыңды жагымдуу,
Келбей кетет бир өзүңдөн айрылгым.
Анткен менен унуткарсам экен деп,
Сүрөтүңдү бырча-бырча айрыдым.

Айрыдым да карап турдум сүрөттү,
Чаңда жатса бүткөн боюм дүр этти.
Ушунчалык көңүлүмдү суутуп,
Ушунчалык муздаттыңбы жүрөктү.
Мени ойлобо, мен да сени ойлобойм,
Таарыныч жок, таап алгын бөлөктү.

 

КАЧАН ЖЕТЕМ

Болгон менен канча майрам, канча той,
Махабатка кабылбагам, болбой ой.
Антсе дагы күлгүн кездин күндөрү,
Унутулгус айтып бүткүс жомоктой.
Кылыктанып кыналышкан кыздарды,
Жүргөнүм ай бой көтөрүп жолотпой.

...Көктө эмес жүрөгүмдө ай жанып,
Калдым сага биротоло байланып.
Бой көтөрбөй кайра сага жалбарам,
Гүлүн тапкан көпөлөктөй айланып.
Качан жетип кармаар экем колуңду,
Кайсы күнү көңүл тынчыйт жайланып?!..

 

АЯЛ ЖӨНҮНДӨ

Аял сүйдүм, жалындадым, өрттөндүм,
Жандай сүйүп, жакшылыгын көп көрдүм.
Бирок анын кайгы муңу көп экен,
Далай жолу аны баштан өткөрдүм.

Аял сүйдүм, илебине малынып,
Жандай басып, жалбарынып жалынып.
Бирок кээде көңүл калуу көп экен,
Болбос жерден «сен», «мен», дешип таарынып.

Аял сүйдүм, сугум артып көркүнө,
Кылыктанып мени салды өртүнө
Бирок анын ал өртүнө чыдармын,
Эгер мендей сүйгөн болсо төгүлө.

Аял сүйгүн, сүйүү, жаштык бар чакта,
Чыңдап сүйгүн чарпылбагын ар жакка.
Сүйүү баркын биле албаган аялга,
Өптүрбө да, асти колуң карматпа.

 

САГЫНТПА МЕНИ

Шаркырап аккан суу жээгин бойлоп,
Жүрчү элек бирге суу чачып ойноп.
Отурам жалгыз өзөнгө келип,
Өткөндүн баарын кайрадан ойлоп...

...Көзүңө көзүм чагылып турчу,
Денеңе денем жагылып турчу.
Жүрөккө жүрөк жанашып турса,
Жүрөктөн сүйүү агылып турчу.
Жылдыздар көктөн карашар эле,
Көркүңө көркүм жарашар эле.
Суу жээктей басып сырдашып алсак,
Кусалык бизден тарашар эле...

Алыстап калып бир жылдай жаным,
Биле албай койдум кеткен жак жагың.
Үмүтүм үзбөй жүргөнүм менен,
Көңүлдө кайгы каймактай калың.

Санаадан санаа уланат эми,
Эстесем жашым куланат эми.
Кабарың айтып көрүнсөң боло,
Саргайтпай мени, сагынтпай мени.

 

КАТ

Сүйөм дедиң, сүйүү ырын арнадым,
Бирок сенден эч бир жооп албадым.
Канча жолу жолугушуп жүрсөм да,
Кыялыңды түшүнө албай чарчадым.

Чарчадым да, колго калем кармадым,
Ойлой-ойлой бир оюмдан танбадым!
Жаздым анан бадырайтып катыма,
Сүйүү менде жанбай өчүп калганын.

 

ЖАНЫМ

Кылгырып турса көздөрүң жаным,
Удургуп агат жүрөктөн каным.
Жүрөктү бекер оорута бербей,
Тып баса турган болсоңчу дарым.
Ай нуру сымал аппаксың жаным,
Суктантып турсаң жүрөктө жалын.
Сумсайып койсоң жанаша албай,
Сырыңды билбей көңүлүм жарым.

Канткенде сага жагамын жаным,
Жанымда жүрсөң ачылар багым.
Көңүлүң болсо билдирчи деги,
Сүйүүмдү арнап берейин баарын.

 

СЕКЕТ

Агай деп айткан сөзүңдөн секет,
Кылгырып турган күзөңдөн секет.
Кылактай басып алдыман чыксаң,
Жүрөгүм туйлап элжиреп кетет.

Алтынга сени жууганбы секет,
Ай пери апа тууганбы секет.
Көзүңө көзүм чагыла түшсө,
Көздөрүм менин жалтанып кетет.

Булактай назик үнүңдөн секет,
Созулуп жаткан түнүңдөн секет.
Жанашып өтсөң, жай албай жаным,
Бүтүндөй денем чымырап кетет.

Эриниң бышкан алчадай секет,
Жообуңду берчи калчабай секет.
Сүйүүңдү арнап эртерээк баскын,
Эмесе жүрөк өрттөнүп кетет.

 

СУЛУУГА

Жолуксам дейм кышта эмес, жаз күндө,
Жолуксам дейм, жалын жаштык, жаш күндө.
Сөзгө турам, кереги жок башканын,
Аары эмесмин көнө берчү ар гүлгө.

Жолуксам дейм, жайда эмес күз күндү,
Таарынышпай көңүлүбүз түз күндө.
Жытын чачсын, буркурасын баары бир,
Жытың сенин теңештирбейм жүз гүлгө.

Аным чындык сен деп согот жүрөгүм,
Аны сезгин, аны билгин чүрөгүм,
Тагдыр айдап аалам кезип кетсем да,
Бир кайрылып сенде болор түнөгүм.

 

САГЫНДЫМ СЕНИ

Сагындым сени, жазында жамгыр күткөндөй,
Убакыт өтпөйт арадан кылым өткөндөй.
Көңүлүм чөгүп, салыңкы абдан кабагым,
Кайгынын калың булуту каптап кеткендей.

Сагындым сени, жалбырак сымал күздөгү,
Карегим талып, карааның канча издеди.
Чыгамын тоого, жытыңды тоодон тапсам деп,
Биз жүргөн жерде калбаптыр такыр из деги.

Сагындым сени, сагыныч күчөйт нөшөрлөп,
Күтөмүн сени автобус келсе түшөр деп.
Айла жок кантем, почтодон салдым катымды.
Сары ооруу кылган сагыныч үнүм жетер деп.

 

СОНУН

Ак марап сындуу басканың сонун,
Ай сымал уктап жатканың сонун.
Апакай денең азгыра берет,
Аяймын сени тийгизбей колум.

Астейдил назик күлгөнүң сонун,
Ак куудай элпек жүргөнүң сонун.
Ай айлап жатып, айлыңа барып,
Акырын сага жайсамбы торум.

Ак булут сымал жүзүң да сонун,
Айжамал кыздын жүзүнөн сонун.
Аңкыган жытың мас кылып барат,
Ашыкмын десем болобу жообуң?..

Апакай аппак болгонуң сонун,
Ак пахта мисал колдоруң сонун.
Алыстап менден кетпечи жаным,
Алдыга койгон ойлорум сонун!

 

ОЙНОЙЛУЧУ КАР ЧАЧЫП

Кышкы аяз, Күн ачык,
Аалам көркөм жарашык.
Лыжа менен жаш балдар,
Бара жатат кырды ашып.
Барпайышат арчалар,
Ай далаага көрк ачып.
Оо жароокер телмирбе,
Ойнойлучу кар чачып!

 

ӨЗҮҢ ДЕЙТ

Ак куулар учушту аптапта,
Багытын алышып сен жакка.
Сени ойлоп үмүттүү жол карайм,
Каерде жүрөсүң бул тапта?..

Булуттар булутка кошулуп,
Жол тартат кебездей созулуп.
Жеткирет өзүңө кыялым,
Булуттан эртерээк озунуп.

Эңсөөнүн толкуну удургуп,
Көңүлүм ачылбайт утур сууп.
Кол жеткиз алыстан көрүнүп,
Түштө да жүрөмүн сени кууп.

Жадырап жаз гүлүн тагынып,
Жетсем дейм суу сымал агылып.
Өзүң дейт өзгөрбөс махабат,
Жүрөктө шам болуп жагылып.

 

БУРУП КОЕМ КӨЗ КЫРЫН

Кайдан бүттү көптөн бери кыял бу:
Кыздар көрсөм карап калам кыялдуу.
Бир сулууга кызыкканым айтпагын,
Мени өзүнө арбап алган сыяктуу.

Кош канаттай эки кашы терилген,
Көрбөгөнмүн мындай сулуу келинден.
Жомоктогу периштедей. мүчөсү,
Булактагы ак маралдай керилген.

Бах, деп ийип карап калдым тамашаңа.
Ал уялып кетип калбай жазгана:
«Кой абышка көп караба» дегенде,
Көөдөнүмдөн кеткенсиди жаш тама.

Куруп кетти, өчүп кетти ындыным,
Азыр сага айтайынчы чындыгын:
Сулуу көрсөм суктануунун ордуна,
Башка жакка буруп коем көз кырын.

 

КҮТТҮМ СЕНИ

Күттүм сени, күттүм сени көп күттүм,
Мен ишенип «келет» деген үмүттүн.
Мен өзүңдү башкаларга теңебей,
Айткан сөзгө бек турат деп жүрүпмүн.

Күттүм сени, кышта мени үшүттүң,
Мени салып жалынына күйүттүн.
Жаңы гана сүйүү оту жанарда,
Мени алдабайт деген ойдо жүрүпмүн.

Сен алдадың, сен келбедиң таң атты,
Сүйүү менен ойногонуң жарайтпы?!.
Ошондогу келбей койгон бир күнүң,
Миң бир күнгө тете болуп картайтты.

 

КУЧАГЫМ ЖЫЛЫП ЖАТКАНГА

Болбостон тоого жүрчү деп,
Акыры сени азгырдым.
Жаңы эле жетсек чокуга,
Төккөнүн ай кара жамгырдын.

Жеткенче далдаа аскага,
Суу болуп турдуң дирилдеп.
Кучакка өзүң куладың,
«Ичикий үшүп кеттим» – деп.

Дүрсүлдөп согуп жүрөктөр,
Жылуулук тарайт денеге.
Кургабай үстүм турса да,
Жалындайм билбейи эмнеге?..

Басылса экен жамгыр деп,
Карайсың улам асманга.
Басылба, жамгыр деп тилейм,
Кучагым жылып жатканга.

 

АЙСУЛУУ

Жайында чыккан ай сулуу,
Жайлоодо жүргөн тай сулуу.
Жайымды сурап билбедиң,
Жанымда жүрүп Айсулуу.

Булактан чыккан суу жылуу,
Бурулдап чыккан буу жылуу.
Бурулуп карап койсо деп,
Буулугуп жүрөм Айсулуу.

Кышында жааган кар сулуу,
Кадырды билген жар сулуу.
Канчабыз ээрчип жүрсөк да,
Сен сүйгөн жигит бактылуу.

 

ЖЕҢЕ

Көлөкө жерден чыкпайсың жеңе,
Созулуп жатып уктайсың жеңе.
Сырдашкым келип, сырдашсам десем,
Сыртыңды салып укпайсың жеңе.

Келин да болсоң кыздайсың жеңе,
Кыргыздын салтын бузбайсың жеңе.
Эриңден башка тийишсе бирөө,
Эки сөз менен туздайсың жеңе.

Кол кабыш кылып чыкпаймын жеңе,
Тамагың ичсем мактаймын жеңе.
Алганым менин өзүңдөй болсо,
Кызганбай тыптынч уктаймын жеңе.

 

КЕЗДЕШПЕЙБИЗ

Кездешпейбиз биз эми кездешпейбиз,
Ээн калгансыйт карасам үйүң тарап. 
Кантип эркем башкага кетип калдың, 
Ойлогондо жүрөгүм кетет канап.

Ооба чындык экөөбүз кездешпейбиз, 
Эзилишип өтпөйбүз сүйүү жолду. 
Эстеликке арнаган сүрөтүмдү, 
Көргөнүңдө мени эстеп койсоң болду.

 

ШҮҮДҮРҮМДӨГҮ ОЙ

Таңкы жел чөптү сылады,
Лепилдеп жолун улады. 
Мончоктой тунук шүүдүрүм,
Тып этип жерге кулады.

Ойлосом ошол тамчыны, 
Көз жашка окшойт ал чыны. 
Эстедим эрксиз эми мен, 
Таарынтып кетип калчыны.

Бул чындык эрте көктөмдө, 
Шүүдүрүм түшөт чөптөргө. 
Көрбөсөм экен көз жашың, 
Кечиргин жаным өткөнгө!..

 

ИЧПЕИТ ДЕБЕ

Ичпейт дебе, ичем конок келгенде,
Колум ачык мындай кезде бергенге. 
Жазындагы ак нөшөрдөй төгүлөм, 
Досторумдун жарык жүзүн көргөндө.

Мейли мага эрте келсе кеч келсе,
Аянбасмын мен алардан эч нерсе. 
Шарап эмес оозго алып татпасмын, 
Ичим сүйбөс бирөө мага бал берсе.

Ичпейт дебе, ичпейт дебе курбулар, 
Ичүүнүн да жакшы, жаман жагы бар. 
Биз ичели шарты келген учурда, 
Башкадан да ушул кургур табылар.

 

УШУЛ ЖОЛДО

Ушул жолдо узак-узак түнөгүм, 
Узак бойдон жүрсө экен деп жүрөмүн 
Бирок билбейм, кырсык чыкса алдыман, 
Эски жиптей шарт үзүлөр тилегим.

Ушул жолдо билбейм канча басамын,
Тынч өмүрдө келет улам жашагым.
Абийир сактап, чынчыл болдум, түз жүрдүм,
Адам сүйбөс жаман жактан тазамын.

Ушул жолдо канча басам ким билет,
Мүмкүн шыр жол, мүмкүн ашуу кезигет.
Кыроо баскан карылыгың курусун,
Уйкудагы ак аюуудай сезилет.

 

ТҮНДӨ

Түн эле. Эки караан турду көпкө, 
Жел жүрдү, кыймыл кирип жашыл чөпкө. 
Жылдыздар чагылышкан шакек сымал, 
Жылт-жулт деп жыбырашып жанат көктө.

Кыз экен мөлтүрөгөн тунук булак, 
Карекке ак куу сымал чөгүп турат. 
Жигити кучагына аскадагы, 
Кийиктей түшкүсү бар дароо кулап.

Уялып жерди тиктеп кыз күлүңдөйт, 
Сүйөрү, же сүйбөсү эч, билинбейт. 
Уландын сүрдөнгөнү ушунчалык, 
Сүйлөсө буулгансып үн дирилдейт.

Таң жакын. Ачык асман кудум күзгү,
Ай көктө. Көктөн тиктейт, талаа түздү.
Көлөкө экөө эмес, бирөө болуп,
Бирикти. Жел да сокпой тынчый түштү.

 

КОҢШУМ БАР

Коңшум бар бири чабан, бири койчу, 
Биринин аты Курман, бири Тойчу. 
Чабаны сый көрсөтсө бапыраңдап, 
Тойчу да сыйкор болуп коюн сойчу.

Экөөбү бир-бирине эриш аркак, 
Экөөнүн Ата-Журтка тилеги аппак. 
Мелдеште алга озуп чыксак дешип, 
Экөөндө жана берет бийик максат.

Койлордун эгизи көп, семиз баары,
Жайытка алып чыгат таң атары. 
Чор баскан эмгекчилдик колдоруна, 
Байырлап алышкандай бакыт дагы.

Бир эмес көп жыл бою төлдөн ашып,
Өлтүрбөй козуларын бөлгөнү анык. 
Мына эми ак эмгектер текке кетпей,
Жүрүшөт ар жыл сайын сыйлык алып.

Коңшум бар бири чабан, бири койчу, 
Биринин аты Курман, бири Тойчу. 
Чабаны сый көрсөтсө бапыраңдап, 
Тойчу да сыйкор болуп коюн сойчу.

 

СУУ

Адамзатка эмне кымбат, асыл баа?.. 
Дээрсиң курбум: «Эң кымбаты жер, аба».
Аның чындык, бирок андан кем эмес, 
Таңдай катып, чаңкоо күчөп турганда –
Бул жашоонун жүргөн каны, жүрөгү,
Суу – бул жашоо, суу – бул жашоо мүрөгү.

Адамзатка эмне кымбат, асыл баа?..
Дээрсиң курбум: «Эң кымбаты күн гана».
Аның чындык, бирок зарыл эң керек,
Чай даярдап таттуу тамак жасарда.
Адамзаттын эч бөксөрбөй кумары,
Суу – бул өмүр, суу – бул жашоо булагы.

Ал гана эмес, суу дейт бардык жаныбар,
Суу дейт талаа, суу дейт эгин, суу дейт тал.
Жашообузга эң бир кымбат болгон соң, 
Сууну барктап, сууну ошончо сыйлап ал. 
Эй адамзат! Суу тилегин актайлы, 
Эч булгабай тазалыгын сактайлы!

 

ТАҢКЫ ЖЕЛ

Жан жагымдан салкын жел ойноп,
Көңүл сергип, куунап жыргадым. 
Көптөн бери жүргөн мен ойлоп,
Көөдөнүмдө толот ырларым.

Рахатын желдин сезбепмин,
Кубат берген күлгүн жашыма.
Эх, таңкы жел! Бирге кетмекмин,
Кошуп алсаң мени жаныңа!..

 

БУЛАК БАР

Терезесин ачсам үйүмдүн,
Тоонун көрөм көркү ачылган.
Жыпар жыты аңкып гүлүңдүн,
Сылап өтөт жели чачымдан.

Чыксамбы деп ойлор азгырып,
Көптөн бери тоого болдум зар.
Күн ысыса мээни сызгырып,
Тосуп алар тунук булак бар.

 

КАРТАЙБАСЫН

Мезгил эле көңүл куунак, көңүл шат,
Жарашчу эле көл жээгинде куушсак.
Жаштык өзү ылдам экен поездден,
Бир жылт этип сезбей калдым дурустап.

Таттуу эле, ширин эле ушул чак,
Жыргал эле кош кайыңдай турушсак.
Жаштык өзү ылдам экен тулпардан,
Өтүп кетти байлайм десем дурустап.

Ооба өттү, жаркын күнүм, жыл айым,
Көп кейибей карылыкка жылайын. 
Жылдар өтүп, жаңылыктар ачылып,
Жаңы муун картайбасын ылайым!

 

ЖАЛКООГО

Айылымда жалкоо бар,
Жумуш десе баспаган.
Үйдө жатат ийрилип,
Ичери жок ачкадан.

Мага келип бергин дейт,
Сага барып бергин дейт.
Иштесеңчи десек биз,
Жерди тиктеп кебелбейт.

Үстүндөгү кийими, 
Үйрүп алар жери жок.
Эмне кылат кышында,
Өгүздөй калың тери жок.

Ай, ай жалкоо, ай жалкоо,
Уялсаңчы азыраак.
Теңтуштарың айткандай,
Бетиң качан кызарат.

 

МЕНИН БАЙЛЫГЫМ

Сен сурасаң айтайын,
Байлыгымды калтырбай. 
Калемим бар, ырым бар, 
Сактап жүргөн алтындай.

Китебим бар текчеде, 
Кээ бир адам таппаган. 
Окуйм акын ырларын,
Ак шумкардай таптаган.

Столум бар олчойгон, 
Отургучум жанында. 
Качан көрсөң дапдаяр, 
Жазуу жазар маалында.

Светильник койгонмун, 
Эсептешпейт түн менен. 
Чык-чык этет саатым, 
Бир жагымдуу үн менен.

Мына ушундай байлыгым, 
Короо толо коюм жок. 
Болду жетет байлыгым 
Башкасына оюм жок.

 

БҮРКҮТ БУЛУТ

Күн жаабай, көпкө булут айланчыктап,
Баратты куйрук улай тоону ыктап.
Бир бөлүк так төбөмдө тегеренет,
Бул неси? Кала көр ай, кудай сактап.

Калдаят канат жайган бүркүткө окшоп,
Чын эле тумшугу бар көзү тосток.
«Эй булут жаабайсыңбы?» десем айтат:
Элдер бар сууга жетпей жүргөн боздоп.

Барайын учкан бойдон аалам кесип,
Булуттун керектигин калсын сезип. 
Суу болбой, эгин өспөй, эл кыйналса,
Менин да жүрөгүмдү турат эзип.

«Кетейин» – дей берген соң бүркүт-булут, 
«Жакшы бар, кош, кошкун» – дейм колум сунуп.
Мен менен ыйлап жатып коштоштубу,
Төгүлдү көктөн жамгыр суусу тунук.

Шашылбай жап-жай гана асман менен, 
Алдынан тоолор тосуп жаткан менен.
Алыстап сапар алып бара жатты,
Ыйладым жатып алып жүзтөмөмөн.

Атамдын мага айткан ал жомогу,
Билбедим төгүнбү, же чын болобу.
«Ааламда мындай жер жок» – дегенсишип,
Булуттар каптап алды тоолоруму.

Бир бөлүк атам айткан бүркүткө окшоп,
Үстүмдө. Тумщугу бар көзү тосток.
«Эй, булут! Кайда?.. Кайда?.. дегенимде, 
Жаңырат тоолор тоого үнүм коштоп.

«Барбаймын эч бир жакка, тоолор түнөк,
Жыргаймын Манас жүргөн тоого түнөп.
Алатоо көрккө келип, гүлгө оронуп, 
Эл, жердин жаңырганын көргүм келет!
Бекерден мени кет деп кубалаба»,
Дегенсип бүркүт-булут тегеренет.

 

ДЫЙКАН ИНИМ

Жөө жалаңда менден мыкты басаган,
Ар бир ишти ойдогудай жасаган.
Ак эмгектен үзүр таап, бакыт таап,
Аз өмүрдү таттуу кылып жашаган.

Чым дебестен талаа ишине кайнаган,
Суу сугарып, туктун башын байлаган.
Бүгүнкүнү эртеңкиге калтырбай,
Бүткөн ишке күндөй күлүп жайнаган.

Туурук-туурук, туурук дешет колдору,
Ойлоп койбойт аны дыйкан болгону.
Ага кымбат элде болуп токчулук,
Күздө эгинге кампалардын толгону.

Дыйкан иним качан көрсөм ушундай, 
Ишке дилгир Шодокондун кушундай. 
Мен өзүмдү бир башкача сеземин, 
Бир аз мезгил жүрүп калсам кошулбай.

 

ЖАМГЫР ЖААДЫ

Жамгыр жаады, жаап-жаап басылды,
Булут тарап, көк шаңкайып ачылды.
Жер бозоруп, көптөн күткөн бул жамгыр,
Дыйкандарга ырыс болуп чачылды.

Кубанды аба, кубанганын айтпа анын,
Карайт улам киргил суунун акканын.
Мээнет кайтып, кызыл кырман толсо дейт,
Ойлойт анан эртеңкинин ак нанын.

Жумшабай өнөктөрүн, балдарын,
Карап чыкты күздүктөрдүн бүт баарын. 
Көрүп турат куюп өткөн жамгырдан,
Дүр дей түшүп, сууга канып жатканын.

Жамгыр жаады, жаап-жаап басылды,
Булут тарап, көк шаңкайып ачылды.
Ай карап тур, сүйүнчүсүн алам деп,
Атка минип балдарына шашылды.

 

АБДАН КЕЙИЙМ

Кейибейм өмүрүмдүн өткөнүнө, 
Кейибейм көңүлүмдүн чөккөнүнө. 
Кейиймин колдон келер иш бүтүрбөй,
Өмүрүм бекер өтүп кеткенине.

Кейибейм атаң дегин, башка дегин, 
Кейибейм чыкпады деп тиккен эгин. 
Кейиймин, абдан кейийм калемимден, 
Ырдалбай калып калса ырым менин.

 

МЕН АЙЫЛДАН АЛЫС КЕТПЕЙТ ОКШОЙМУН

Шаардан кетпей жүргөнүмө көп болуп,
Билбейм неге тынчым кетти бук болуп.
Көз алдыма тартыласың айылым, 
Сагынычым көкүрөктө жык толуп.

Кандай сонун шаар ичи жашыл бак,
Эрте кечте жүргүң келет салкындап. 
Гүлзарларда өскөн гүлгө көз тойбойт,
Жыт буркурайт басып өтсөң жакындап.

Бассаң таза, кайдан жүрүп чаң болмой, 
Түндө жарык, жылдыз мүлдө конгондой.
Көз талдырган не бир көркөм курулуш,
Кечээ гана биздин колдон болгондой.

Суктансам да көркүңө да, баарына, 
Жактырбайт деп мага көрбө таарына. 
Жаш күнүмдөн калыптырмын үйрөнүп, 
Айылымдын көчөсүнүн чаңына.

Кетем үйгө, кайыл болуп баарына, 
Аным үчүн мага жүрбө таарына. 
Кичинемден көнгөн айыл турмушу, 
Тунуп калган, сиңип калгаң каныма.

 

ТҮНКҮ ЭЛЕС

Булут жок, асман ачылган,
Жыбырайт жылдыз чачылган. 
Суйкайып сулуу ай чыкты, 
Урчуктуу тоого жашынган.

Көрүнүп улам ал даана, 
Айрандай аппак айлана.
Уча албай үкү отурат,
Шоолага көзү байлана.

Жашоонун шартын ойлонбой, 
Мемирейт талаа ойгонбой.
Айлана тыптынч, кыймыл жок, 
Сыйкырлап бүтүн койгондой.

Убакыт өзү азгырык, 
Коюптур мени азгырып. 
Капкачан Кара тоо жакка
Калыптыр ай да жашынып.

 

КИЧИНЕМ

(неберем Айбекке)

Там-туң баскан кичинем,
Элжиреймин ичимен.
Мынча сүйкүм көрүндүң,
Балдарымдын ичинен?..

Арчам сенсиң эң жыттуу,
Балым сенсиң таптаттуу.
Аяздарды сезбеген,
Күнүм сенсиң аптаптуу.

Гүлүм сенсиң жайнаган,
Көз отумду байлаган.
Боз торгоюм өзүңсүң, 
Үйдө жүрүп сайраган.

 

ЖОГОЛГОНДО КАЛАМЫМ

Каламымды беш жоготуп беш таптым,
Кийинкисин издеп жүрүп кеч таптым.
Бир күнү эле биротоло жоготуп,
Жаным ачып жаш баладай ыйлапмын.

Ал анткени жорго эле каламым,
Жарым саатта толуп түрчу барагым.
Жарым жылда жазбай калдым жарым ооз, 
Ал каламдын касиетин карагын!

Улам жаңы алган меңен башканы, 
Андай болуп жорголобойт жазганы. 
Издей берем табамбы деп бир жерден,
Издейм аны уктап көзүм ачканы.

 

СУГАТЧЫНЫН БАЛАСЫ

Суу жайылып калбай эч бир аласы,
Кана ичти күздүк буудай арасы. 
Бөөдө агызып, бир тамчысын коротпойт, 
Ал анткени сугатчынын баласы.

Атанын да тынчый түшүп санаасы,
Ишенимдүү колдо эми талаасы. 
Өзүнө окшоп тыным албайт, тынчыбайт,
Ал анткени сугатчынын баласы.

Даарыгансып Дыйкан-Баба батасы,
Отоо чөпсүз эгиндердин арасы.
«Мен атамдай иштейм, жашайм» – деп коёт,
Эки ордендүү сугатчынын баласы.

 

ЖҮРЧҮ АЙЫЛГА БАРАЛЫ

Тоого жакын чакан элдүү айлым бар,
Көркүн ачып көйкөлүшчү кайың тал.
Бир өзүңдө эне жыты бар окшойт, 
Көптөн бери көрбөй калып болдум зар.

Шаарда жүрбөй жүрчү жарым баралы,
Жарк дей түшсүн ээн тамыбыз баягы. 
Кур калтырбай короо жайды кеңейтип, 
Жер-жемиштин көчөттөрүн саялы.

 

АЙЫЛЫМДА ТӨРТ МЕЗГИЛ

Жазда келем көркөм кооз айлана,
Ой санаасыз, көңүлүм ток жайлана.
Кыялданып кызык мага кыдыруу,
Кызгалдактуу талааларды жай гана.

Жайда келем, бышыкчылык сонун ай, 
Бал татыган дарбызын ай, коонун ай. 
Чачты уйпалайт желип жорткон таңкы жел, 
Сүйгөн кыздын сылап өткөн колундай.

Күздө келем, талаа сары, тоо сары,
Келгиндердин өтүп кеткен базары.
Чаначтагы кымыз жыты буркурап,
Бүлк-бүлк этет жеңекемдин казаны.

Кышта келем, кышта карга оронуп,
Жатат айлым аппак түскө боёлуп.
Анда дагы чыккан өндүү бейишке,
Шаарга кайтам кубат алып оңолуп.
Мына ушинтип төрт мезгилде төрт келем, 
Төрт мезгилдин бешигинде термелем. 
Өскөн айлым мээнетиңди актаармын, 
Мандайымдан аккан таза тер менен!

 

ЖАЛГЫЗ ТАЛ

Жаан чачында, бороондордо ушул тал,
Далдаа абдан, далдаалыгын коё кал!
Тектирде өскөн Кожомкулдун талы деп, 
Жамы журтка айтпаса да таанымал.

Күн ысыкта түбү салкын көлөкө,
Касиет бар окшобогон бөлөккө:
Жолдон өткөн жолоочулар эс алып, 
Жарап турат качан болсун керекке.

Жамгырларда ким да болсо корголойт,
Жааган жамгыр жан жанына шорголойт. 
Тамдай эмес же бүлүнүп бузулбайт, 
Атайылап адам келип ондобойт.

Билбейт эч ким өскөнүнө канча жыл, 
Эмгек кылсаң өчпөй турган эмгек кыл. 
Кожекеме тилсиз турган ушул тал, 
Рахматты ичтен кайрып жаткандыр.

Ырас адам атак албайт мал менен, 
Же болбосо заңгыраган там менен.
Качандыр бир жашап өткөн адамдын, 
Аты кадды ушул жалгыз тал менен.

 

ЫРЛАРЫМА

Мынакей менден старт аласыңар,
Буйруса эл кыдырып каласыңар. 
Уялам «жаман» деген сөздү уксам, 
Анткени силер менин баламсыңар.

Сезимге тамчы болуп тамарсыңар, 
Көптөрдүң эстеринде каларсыңар. 
Кубанам жакшы деген сөздү уксам, 
Анткени силер менин баламсыңар.

 

ЭХ, МЕЗГИЛ СЕНИН ТЕЗДИГИҢ

Улгаям улам бул анык,
Ашуудан түтүн булатып.
Утпаса мага уттурбайт, 
Аттиң ай, чиркин убакыт!
Антсе да таңдайм сөз гүлүн,
Ырымдан аны сезгиниң.
Жашасам, жазсам десем да, 
Эх, мезгил сенин тездигиң!..

 

СӨЗҮМ БАР

Чыкылдап өткөн сайын саат, мүнөт, 
Жаңырып айыл, кыштак, заман күлөт. 
Молчулук бизди көздөй келе жатат, 
Бүгүндөн эртеңкиси күлүмсүрөп.

Эмесе курбу-курдаш, бир боор тууган, 
Сөзүм бар мен кайрылып айта турган: 
«Мекенди гүлдөтөлү эмгек менен,
Эл үчүн эмгектен деп эне тууган».

 

АНДА МЕН АКЫНДЫКТЫ УЛАГАНЫМ

Окуймун бүт ырларын Жалил жазган, 
Суктанам талантына оргуп ташкан. 
Отурам үстөлүмдө күндөп-түндөп, 
Жазсам деп лираларды андан ашкан. 
Жакшыраак ыр жаза албайм ашмак турсун, 
Арылбай калат анан көзүм жаштан.

Кызыгып «Байдылданы» күндө окуп, 
Кетемин таасирленип көлдөй толкуп. 
Жазамын жата калып жан талашып, 
Ырымды ыргагына окшоштуруп.
Жете албайт бир сабы да Байдыкеме, 
Бардыгын окуп чыксам топтоштуруп.

Ушинтип күндө жазып убарамын, 
Ордунан чыкпай оюм кубарамын. 
Талантым тигилердей ташпаса да, 
Алымча илхам бер деп суранамын.
Жакшы ырга таасирленүү кандай жакшы, 
Туура эмес тоту куштай туураганым. 
Өзүмчө үнүм тапсам, чыйыр тапсам, 
Мен анда акындыкты улаганым!

 

АЧУУСУ БАР, ТАТТУУСУ БАР ТУРМУШТУН

Бел байладым көп нерсени бүтөм деп,
Баары бүтпөй, өкүнөмүн кайгы жеп.
Турмуш өзү беш каратадай турбайбы,
Бирде утсаң, бирде утулуп калуу көп.

Бел байладым чындыкты мен табам деп,
Табам десем кээде калдым кагуу жеп. 
Турмуш дегең кудум базар турбайбы, 
Же сүйүнүп, же күйүнүп калуу көп.

Кызыгы ошол бардык нерсе тең эмес, 
Өмүр өлчөм, өлчөмүнүн көп эмес. 
Таттуусун да, ачуусун да таталы, 
Турмуш дайым эрке болуп өт дебес.

 

СУГАТЧЫНЫН СӨЗҮ

Баарын берет, баарын төгөт Жер-Энем, 
Эмгек кылсаң ал ошончо берешен. 
Жыламыштын суусун бурдук арыкка, 
Мурап аке канча суу бар ченесең.

Бул алышты чаппаптырбыз аттиң, ка-ап! 
Кой антпейли, бекители чымдан чаап.
Ал анткени ыйлак келет жаз күнү,
Булут кетпей көздү ачтырбай жамгыр жаап.

Жааса жаасын суулар сууга куралып,
Көңүл тынчыр көп жерлерди сугарып.
Кой курбулар турган менен пайда жок,
Жалкоо делбей жакшы сөздү угалык.

Бол курбулар, бүгүн эгин кана ичсе,
Эртең күнү элге канча киреше.
Кажыбаган сугатчынын иши деп,
Буудайыбыз ыңкып өссүн тиреше.

 

ЖАЙДЫН ТҮНҮ

Жайдын түнү көк булутсуз, ай жарык.
Суу шаркырап агып жатты сай жарып.
Көңүл буруп асмандагы кооздукка,
Көпкө чейин карап турдум байланып.

Сулуу кызды ээрчиткендей нече миң, 
Айды ээрчишкен жылдыздарды көрөмүн. 
Саманчынын жолу жатат агарып, 
Жүнүнө окшоп тытып койгон энемин.

Бийик тоолор бир-бирине жанашып, 
Турушкансыйт ай, жылдызга карашып. 
Карап турсам көк да көкмөк, көл көкмөк, 
Ушул түнгө калды окшойт жарашып!

Жай түнүндө жаңы ырларым төрөлүп, 
Турган кезде турдум бакка жөлөнүп. 
Рахаттуу ушул тынчтык өмүрдө, 
Тургум келди бешигинде бөлөнүп.

 

БОЛСОМ ДЕЙМ

Агам дыйкан алачыкта отурам,
Көзүм албай дарбызынан, коонунан. 
Бирин алсам агам мага мындай дейт: 
«Аны тим кой, жегин тордомосунан».

Жыты жыттуу мурунума өрдөгөн,
Көптөн бери мындай коон жебегем. 
Мен агамдын кубатына таң калам, 
Чаалыктым ай, чарчадым ай дебеген.

Жедим коонду, суусаганым тарады, 
Жегениме сүйүнгөндөй карады.
Мен агамдай баба дыйкан болсом деп, 
Ойлор келип, көңүл эңсеп самады.

 

БАР ЖОКТО ДА...

Сый көрсөттүң, чайың коюп, май коюп,
Дедиң анан: Берсем кана кой союп. 
Дасторкондо болбосо да бардыгы, 
Калган элем пейилиңе мен тоюп.

Кетеримде: «Таарынбагын буга деп,
Өз алдыңча кейий бердиң, кайгы жеп.
Бул дүнүйө бирде бар да, бирде жок, 
Катуу тийди ушул жагдай, ушул кеп.

Неге десең дал өзүңдөй турмушум, 
Бирде бармын, бирде жокмун курусун. 
Мага кымбат байлык менен дос болбой, 
Бар жокто да достой бекем турушуң.

 

ОШОЛ ТУРА  

Колдо жокто бар болсо деп тиледим, 
Бар да болду, дүйнө таап шиледим. 
Көзүм тойбой, бир тыйынын коротпой, 
Үстү-үстүнө дагы келди шилегим.

Чыгашага жүрдүм абдан-кайгырып, 
Жакынымдан калган өңдүү айрылып. 
Жандай көргөн досум болдуң дүнүйө, 
Тапкан сайын этек-жеңим май кылып.

Жыргал дедим жыргалына эридим, 
Жардысың деп жакындарды жеридим.
Көкөлөтүп жаткан сайын дүнүйө, 
Өмүр бою келбей калды бөлүнгүм.

Муну билип ага тууган кейишкен,
Менден качты жолдошторум күйүшкөн.
Ар-намысын дүнүйөгө сатты деп,
Жарым кетти жаш күнүмдөн сүйүшкөн.

Байлык менен көрүнөмүн деп жүрсөм, 
Дүнүйө үчүн күндө кайгы жеп жүрсөм. 
Зоболомду көтөрөт ко деп жүрсөм, 
Бийикмин деп кубат алып бек жүрсөм.

Сен дүнүйө мени алдаган экенсиң, 
Мен ээрчисем, сен жандаган экенсиң. 
Амал менен азыткыдай ээрчитип, 
Абийиримди сен жалмаган экенсиң.

Кеткин ары, куубайм эми артыңан,
Мен элиме эмгек этсем татыган. 
Маңдай тердин көрүп өтсөм үзүрүн,
Ошол тура таттуу тамак, таттуу нан!

 

КЫШ

Күн тийген менен чачырап,
Күч алат аяз кычырап.
Күбүлгөн кардын тозоңу,
Күмүштөй болуп чачылат.

Капкачан солуп шибер чөп,
Өзөндө тоңгон муздар көп. 
Мемиреп жатат кең талаа,
Үстүнөн баскан карды өөп.

Үзүксүз жүндөй созулган,
Тоо боорлоп жылат боз туман.
Бурулдап суук жаткансыйт,
Бозоргон аяз оозунан.

Бүлбүлдөп аткан ак таңда,
Чыга албай үйдөн жатканда.
Куш болуп учуп кетсем дейм, 
Алыскы жылуу жактарга!

 

ДОСТОРУМА

Кездешкеңде досторум сагынышып,
Кубанычым кеткенсийт ашып-ташып. 
Силер менен дагы эле ойносом дейм, 
Чаң чыгарып көчөдө кучакташып.

Бул турмуштун жолу бар өйдө-төмөн, 
Көңүл бурбай мен ага жашап өтөм.
Силер барда бийикмин анан дагы,
Көп бутактуу дарактай болуп кетем.

Балалыктын мүнөзү улам кала,
Мезгил өзү улгайтат бара-бара.
Силерди эстеп колуна калем алды,
«Топчу» дечү баягы кара бала.

 

АЙЫЛДЫН СОНУН КЕЧТЕРИ

Айылдын сонун кечтери, 
Жеткизем кандай тил менен. 
Көңүлдү көккө көтөрөт, 
Жыпар жыт аңкып төр менен. 
Кыялдын минип кайыгын, 
Кызыктуу ойго термелем.

Айылдын сонун кечтери, 
Денеңдин жазат бүт черин. 
Кылкылдап баткан күн нуру, 
Кызартат тоонун бир четин. 
Айылды шаңга бөлөшөт, 
Жумуштан кайткан кыз-келин. 
Ошолор менен иштешпей, 
Турганым кара, эх, менин!

 

ОҢОЛДУМ

Көпкө кетпей улам мени тооруган,
Айыга албай жүрсөм ушул оорудан.
Дыйкан ата: «Дартка даба, жегин»,– дейт,
Тилип берип сары бышкан коонунан.

Көпкө ооруп көтөрө албай бооруман.
Жапа чегип жүрсөм улам оорудан.
Баочы мага: «Дартка даба бал же»,– дейт,
Кыдыр Ата жолуккансып жолуман.

Балды, коонду танбай жедим оңолдум,
Ач көз оору менден качып жоголдуң.
Коон өстүрүп, бал челекти көбөйттүм,
Көптөн бери бопбош жаткан короонун.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 12357