Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 6-октябры

Чынтемир АСКАРОВ

Айылдын сонун кечтери

Ырлар

Чынтемир Аскаровдун бул бешинчи китеби. Мындан мурда «Эне бактысы», «Атажурт» ырлар жыйнагы, «Сүйүү баяны», «Белгисиз кыздын махабаты» аттуу прозалык чыгармалары жарык көргөн. «Айылдын сонун кечтери» топтомдо көбүнчө айылда жашап жана эмгектенип жаткан түркүн кесиптин ээлери негизги каарман. Акын айылда жашап айылдык турмушун жакшы билгендиктен эмгек адамдары жөнүндө ыр жаратып, алардын образын эргүү менен бере алган. Ал эми мекен, табият, махабат жөнүндөгү лирикалары да эч кимди кайдыгер калтырбайт.

Аскаров Ч. Айылдын сонун кечтери: Ырлар.– Б.: 2008. – 164 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7–5
А 90
ISBN 978 – 9967 –24 – 815 – 1
А 4702300200 – 08

Нускасы 100 даана

 

ЫРЛАР

 

МЕН БАКЫТТЫ ИЗДЕП ЖҮРСӨМ

Мен бакытты издеп жүрсөм табам деп,
Жүргөн экен жанымда эле күлүңдөп.
Ал бакытым элимдеги тынччылык,
Кайгы билбей, майрамдаган күнү көп.

Мен бакытты тилеп жүрсөм Теңирден,
Таптым аны жашап жаткан үйүмдөн.
Токчулукта ойнойт, күлөт балдарым,
Мен ошого жетине албай сүйүнгөм.

Мен бакытты табам десем дүйнөдөн,
Дүйнө курсун, ач көздүккө сүйрөгөн.
Бак таалайым элимдеги ынтымак,
Ынтымакта элим жыргап гүлдөгөн.

 

ТҮШҮНӨЛҮ

Күндө шамаал, жер бозорот, жаан жаабай,
Аны көрүп ойго түшөм ар кандай.
Зымыраңдар булгап космос мейкинин,
Ал таасири бизге тийип жаткандай.

Көктө булут имерилет жайма-жай,
Анткен менен жаан жаабады бул кандай?..
Машина көп, андан чыккан түтүндөн,
Бүт ай-аалам зыян тартып жаткандай.

Өссүн элим техниканын заманы,
Өргө карай жылып турсун кадамы.
Түшүнөлү андан кымбат таза аба,
Элибиздин сак-саламат аманы.

 

БИЛГИЛЕ

Мидин деп сага атты өзүм койдум,
Эсимде достор менен тойлогонум.
Таланттуу адам болуп өссө экен деп,
Бир гана ошол болгон ойлогонум.

Таттыбү деп атты сага өзүм койдум,
Анда да эсте калды тойлогонум.
Сахнанын бир жылдызы болсо экен деп,
Бир гана ошол болгон ойлогонум.

Акын же актриса болбой бириң,
Ордунан чыкпай калды тилектерим.
Мидиним тракторист, Татты саанчы,
Маа кымбат аман-эсен жүргөндөрүң.

Өзгөрдү, эми башка тилектерим,
Эмгекке алдуу болсун билектериң
Билгиле жалаң акын, актер эмес,
Атажурт эмгекчини керектерин.

 

ТҮБӨЛҮК

Сен сүйүндүң жаңы тамга кирдим деп,
Мени ээрчиттиң жаңы тамды көргүн деп.
Сен кубансаң, мен да сендей кубандым,
Күлүңдөсөң мен да сендей күлүңдөп.

Мен сүйүндүм, жаңы ырды жаздым деп,
Газеттерге, журналга бастым деп.
Көрүп туруп сүйүнбөдүң мага окшоп,
Койгонуң жок эч болбосо күлүңдөп.

Сен сүйүндүң, «Ауди» алдым көргүн деп,
Жакшы бекен? Кана бааңды бергин деп.
Көрүп алып сенден артык сүйүндүм,
«Аман-эсен машина айдап жүргүн» – деп.

Мен сүйүндүм, жаңы китеп жаздым деп,
Сен сүйүнбөй, кайра айттың мындай кеп:
«Китеп сага дүйнө болуп бере албайт,
Баш оорутуп не кыласың мынча көп».

Бул сөзүңдү кабыл албайм, укпайм түк,
Из да калбайт кетер менен сен өтүп.
Сендей болбойм, саргайса да барактар,
Ырым жашайт, атым жашайт түбөлүк!

 

КЕРЕГИ ЖОК БАШКАНЫН

Көптү эңседим, бирок ага жетпедим,
Кыйын жолду тандап алып беттедим.
Поэзия дүйнөсүнө аттанып,
Көпөлөктөй айланчыктап кетпедим.

Кынап-кынап далай ырды эптедим,
Учкул сөздүн учурсам деп кептерин.
Бирок кургур ширин сөздү таба албай,
Кыш койгондой алка-шалка тердедим.
Мейли дедим, таттуу уйкуну татпадым,
Жакшы ыр жазсам коюнума батпадым.
Мен мүрөктүн суун кана ичкенсип,
Кубат болду рахатка батканым.

Көркүн жазып көк мелжиген асканын,
Көңүлүмдү көккө учуруп таштадым.
Сен деп жүрүп, сен деп өтөм ыр дүйнө,
Кере-еги жок! Кереги жок башканын.

 

ЖАШТАРГА

Өссүн жаштар, өссүн алган билими,
Жакшы көрөм бириңерден бириңи.
Тилер элем араңардан чыкса деп,
Азыркынын Райканы, Мидини.

Кыргызымдын сыймыктанар баласы,
Ак ниеттүү, тазалардын тазасы.
Болсо экен дейм, чыкса экен дейм силерден,
Мамакеев, Ахунбаев Исасы.

Космос дешет, космос дагы кеп бекен,
Жол салынды ай ааламга кепкенен.
Араңардан тайманбаган эр жүрөк,
Салижандай космонавтар чыкса экен.

Сөзүм ушул:«Көңүлүңдү ишке азгыр,
Бул турмушта сен сүйбөгөн иш аздыр.
Кайда иштебе, кимдей гана болбогун,
Өз элиңе өчпөй турган из калтыр!»

 

ЖОЛОН МАМЫТОВГО

Жолондой ыр жаратуу менде кайда,
Канчалык жазган менен кайра-кайра.
Эгерде салыштырсам мен бир тамчы,
А Жолон ашып ташып аккан дайра.

Ал дайра океанга куюларда,
Чыныгы акындыгы туюларда,
Жазмыштын кылар иши ушу белем,
Кетти алып, кошуп алып куюндарга.

Жаш эле калем калды ыйлап-ыйлап,
Элине бермек эле канча жыйнак...
Антсе да Жолон деген аты бийик,
Атажурт акын уулун келет сыйлап!

Жашоо бар бул дүйнөгө келип кетмек,
Талантын өз элине берип кетмек.
Жолондун жазып кеткен ырларына,
Түшүнсө таш козголуп эрип кетмек!

Бул чындык: Жолон талант, залкар акын,
Эч бирөө тана албастыр залкарлыгын.
Кыргыздын поэзия дүйнөсүндө,
Ырлары күчтүү толкун, күчтүү агым!...

Жолондой ыр жаратуу менде кайда,
Канчалык жазган менен кайра-кайра.
Эгерде салыштырсам мен бир тамчы,
А Жолон ашып ташып аккан дайра.

 

ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВГО

Кыргыздын бир четинде Шекер жери,
Калкы бар жөпжөнөкөй, сыйкор эли.
А бирок ким ойлоптур ушул жерден,
Чыгат деп жазуучунун кеменгери.

Талантка даба беле таңкы жели,
Ойлонтот бул жагынан улам мени.
Болбосо мынча ааламга жетмек беле,
Таң калтып Чыкебиздин эмгектери.

Чоң талант, ташкын талант жоктур ченем,
Окусам ойго байып, дүйнөм кенен.
Ойлоном:«Миллион жыл өмүр берсе,
Китебин миллион жыл окуур белем?»..

Жок анча өмүр бербес, өмүр өлчөм.
Кыргыздын жүзүн көрөм сизди көрсөм.
Калемди кургатпастан жаза берсе,
Ошондо суур беле менин көксөм.

Оюм бул:«Жазган сайып жаңыланып,
Окуйлу тамшанып да, таңырканып.
Сиз жазган чыгармалар жашай берет,
Дүпүйгөн, зор дарактай тамырланып!

 

КҮЗӨБАЕВ МАКАЙ ТӨЛӨГӨНОВИЧКЕ

Сеземин жакындыкты көптөн бери,
Сен мени ага десең, сен мага ини.
Арадан айлар өтүп, жылдар өтүп,
Бааланат эмгек менен кимдин кими.

Ооба, ырас эмгектенин жаштайынан,
Кезиккен кыйындыктан качпай анан,
Өмүрдү бошко өткөрбөй иштеп келет,
Максаттуу ойлор менен таштап кадам.
Максаты, ойлору да болбой тегин,
Элим дейт, элине арнайт ак тилегин.
Чындыкко акылга да, күчкө толуп,
Өзүңдөн көп нерсени күтөт элиң.

Алдыда канча ашуу, канча белес,
Билгенге ишкерлик да оңой эмес.
Баа берем жөнөкөйлүк жактарыңа,
Мүнөз бар эч убакта мен, мен дебес.

Көкдөбө кичи мекен, өскөн жериң,
Байсуу дейт түпкү ата, түпкү тегиң.
Бересиң жардамдарды айылыңа,
Бул сенин, айкөлдүгүң, кенендигиң.

Сен үчүн ишкерликтин жолу ачык,
Кызматың калкты тейлөө эшик ачып.
Үзүрүн мээнетиңдин берип жатат,
Пейлиңден Кыдыр Ата ырыс чачып.

Максаты, ойлору да болбой тегин,
Элим дейт, элине арнайт ак тилегин.
Чындыкко акылга да, күчкө толуп,
Өзүңдөн көп нерсени күтөт элиң.

 

ЧАТКАЛ СУУСУ

Өкүмсүнүп өпкөгө тээп асканы,
Баш бербеген буурул аттай таскагы.
Каарданган күчүн кара, капырай,
Солк-солк этет сайдын кара таштары.

Тоо башында кышы, жайы ак кары,
Түк токтобойт мөңгү суунун акканы
Ак буурадай жаз күнүндө күркүрөйт,
Ошондо бир ачылгансып капкагы.

Кантсе дагы бизге тийип кереги,
Канча жерлер сууга канды береги.
Дене десек кенен жайлоо Чаткалды,
Суусу анын кагып турган жүрөгү.

 

КҮМБӨСҮНӨ БАРГАНДАГЫ ОЙ

Сумканы илип оор болсо да карууга,
Мен жөнөдүм күмбөс жакка барууга.
Мен сыяктуу келген адам көп экен,
Арбагына бир сыйынып алууга.

Кимдер мага тоскоол болмок барууга,
Көп нерсени мындан билип алууга.
Мендей болуп эки көзү төрт экен,
Эр Манастын ташын кармап калууга.

Эр Манасты ажал кантип тапты экен,
Жез тырмагы кантип даап батты экен.
Олуялар Манас тирүү жатат дейт,
Тирүү болсо кантип уктап жатты экен.

 

КАЙРА КЕЛЕМ

Аба таза, салкын жайлоодо,
Көңүл куунак абдан эс алдым.
Тоо көркүнөн такыр чыга албай,
Кетким келбей көпкө кармалдым.

Жамгыр жаабай кээде булуттар,
Жылып жөнөйт сен жак тарапка.
Тоолор мага айтып жаткансыйт:
«Жарың күтөт, жолуң каратпа».

Чанач толо куюп кымызды,
Жылкычыдан чыгам коштошуп.
Кайра келем тоолор, аскалар,
Калбадыбыңбы чексиз достошуп.

 

БАЙЛЫК

Байлык эмне? Колдун кири дешет эл,
Терең ойдун тереңине маани бер.
Тыным албай кууй берсең дүйнөнү,
Алсыратып алып кетер кара жер.

Байлык эмне? Жаркылдатып кийинтип,
Барчылыкка коер мүмкүн сүйүнтүп.
Бул жашоодо ичкин, жегин, жыргагын,
Байлык сени кайра койбойт тирилтип.

Байлык эмне? Бирде бар да, бирде жок,
Барга көөп, жөнсүз эле болбо шок.
Бирөөлөрдөй мен байлыкты эңсебейм,
Элдей жашап, элдей жүрсөм көңүл ток.

Канча каалап сүйгөн менен байлыкты,
Таза иштеп, таза тапкын айлыкты.
Бирөөлөрдүн эсебинен жан багып,
Арам колдон тапкан байлык байлыкпы?..

 

ЭТАЖДАГЫ ЭКӨӨ

Шаар ичинде, көп кабаттуу үйлөрдө,
Эки аял эки бөлөк турушат.
Кыргыз аял тентек баккан эчкисин,
«Чек, эй, чек! деп,
Тентектенип үйдү чачса урушат.

Орус аял мышык менен күчүккө,
Күндө үч маал тамак берип киринтет.
Мышык мыя-оо-о!
Күчүк ав! деп
Бетин жалап сүйүнтөт.

Кыргыз аял эгиз туучу эчкиге,
Күндө үч маал чөбүн берип киринтет.
Эчки ма-а-а! деп,
Мени саа,– деп,
Ээсин күндө сүйүнтөт.

Өзү ичип, коңшусун да унутпай,
Күндө сааса, күндө коёт белендеп,
Соня кызык, саат мүнөттөн кечикпей,
Ай, Айнагүл,
Сүт барбы? – деп,
Кирип келет күлүңдөп.

Аны көрүп күндө ойго батамын,
Аёо менен мен өзүмчө кайгы жеп.
Тигил аял мышык бакпай, ит бакпай,
Эчки бакса сүттүү болот эле деп.

 

ДОСУМА

Сында мейли, сындаганды уга алам,
Айтканыңа көңүлүмдү бура алам.
Алкымыңа кылыч такап турса да,
Чындык үчүн күрөшүп өт суранам.
Элим үчүн тикемен тик тура алам,
Керек жерде жүрөктү чаап суна алам.
Азбы, көппү жашап өтөөр өмүрдө,
Элим деп өт, жерим деп өт суранам.

 

ЖАЛЫНАМ

Кырсыктар көп, деңиз толкуп сел жүрүп,
Адам өлүп, турак жайлар бүлүнүп.
Табийхаттын катаалдыгы ченемсиз,
Өз койнуна кумдай кылып сиңирип.

Кырсыктар көп, жер титиреп, жер көчүп,
Кайталанат калган өңдүү өчөшүп.
Мындай кезде жалбарынуу, жалынуу,
Күнөөлөрдү кудай таалам кеч дешип.

Аны ойлосом мен өзүмчө кайгы жеп,
Түштөн чоочуп ойгономун элеңдеп.
Жалбарынып жалынамын кудайга,
Кырсыгы жок жашаса экен элим деп.

 

ТАНДЫР НАН

Иштен келип, үйгө кирсем жаңыдан,
Көптөн бери жебей калып сагынган.
Дасторконду ача салса жеңекем,
Бур дей түштү жаңы бышкан тандыр нан.

«Ушул ак нан, ушул бышкан тандыр нан,
Айылдагы тегирмендин унунан.
Көптөн бери келбей жүрүп келипсиң,
Жегин кайним, жегин менин колуман».
Жеген сайын жегим келип сугунам,
Мындан өткөн жоктур дедим сонун нан.
Келген сайын мына ушинтип сый кылган,
Жеңекемдин өпсөм деймин колунан.

 

АКЫН

Ач болсо да акын акча сурабайт,
Бай болсом деп бирди экиге улабайт.
Байлыгы да, дүйнөсү да ырлары,
Жакшы ырлары солкулдабайт, урабайт.

Үмүтү зор, келечектен түңүлбөйт,
Ойлуу жүрөт, кээде өзүнчө күлүңдөйт.
Турмуш жолу канча татаал болсо да,
Толкунуна чайпалбайт да, сүрүлбөйт.

Эрктүү болот, эрки бекем эл үчүн,
Ырга жумшайт болгон акыл, бар күчүн
Кумдан алтын чыгаргандай кадалып,
Ал олтурат столунда күнү-түн.

Ыр деп жашайт, ырдан алыс кала албайт,
Суранбайт да, башка ишке бара албайт,
Акчасы мол, кесиптер көп а бирок,
Башка иштен мындай эргүү ала албайт.

 

КААЛАП КЕТЕМ ЭЭНДИКТИ

Базар дешет базарды да көрдүкпү,
Кыжы-кыйма, ызы чууга көндүкпү?..
Бирок кээде каалап кетем түйшөлүп,
Тоо, адырлар, айдың талаа ээндикти.
Космос дешет, космосту да көрдүкпү,
Дүрүлдөгөн машина көп көндүкпү?..
Ошолордун добушуна чыдабай,
Каалап кетем тынчтык сүргөн ээндикти.

Ээндик жакшы, сергий түшөт көңүл бат,
Андан сонун гүлдүү талаа, жайлоо жак.
Мына ушундай жерлер мени сергитип,
Калемимден чууруй баштайт алтын сап.

 

КЕТТИ ЖАШТЫК

Кетти, кетти жаштык күнүм алтындай,
Алтын болуп, каухар болуп жалтылдай.
Азбы, көппү жолдош болдум, бир болдум,
Мен да сенин көңүлүңдү калтырбай.

Кетти, кетти жаштык күнүм ойноок кез,
Ушул учур кандай учкул, кандай тез.
Карыганда жашоо күнүң башка экен,
Ойлой берем миң бир жолу, бир эмес.

Мейли кетти, көңүлүмдө жашаары ак,
Өткөн өмүр өткөн күнгө рахмат.
Мен өлбөстүн мүрөк суусун ичкенсип,
Жүргөн кезим карылыкты кадырлап.

 

ЧИЛДЕДЕ

Саат жылбайт, карек талыйт, сыртта суук,
Боз чалып, аяз күчөйт, таңга жуук.
Печкада көмүр күйөт табы күчтүү,
Үйдөгү сууктукту алыска кууп.
Карачы күн чыкса да кандай суук,
Сай-сайга койгон экен күрткүнү уруп.
Бой таштап тереземден боздойт шамал,
Бир үйүр карышкырдай улам улуп.

Мейли ага, сезсем дагы ызгаар го деп,
Не кылам бекерге эле кайгыны жеп.
Үй жылуу, анан калса көңүл куунак,
Чай кайнап, от табында бүлкүлдөйт эт.

 

СЫЙМЫКТАНЫП КЕТЕМИН

Элүү жаштын жашап коюп кезегин,
Алтымыштан ашып жүргөн кезегим.
Мен өзүмдү алсыздыкка алдырбай,
Кылчылдаган кырктагыдай сеземин.

Балдарыма берип жаштык кезегин,
«Аксакал» деп атка конгон кезегим.
Картаңдардын айылында жүрсөм да,
Мен өзүмдү бактылуудай сеземин.

Аштым адыр, ашуулардын неченин,
Картайдым деп кайгы чегип нетемин,
Мен өтсөм да, мени эстээр элим бар,
Мен ошого сыймыктанып кетемин.

 

ЭМИ ТАПТЫМ БАКТЫМДЫ

Өмүр күнүм алыспы же жакынбы,
Бул турмуштан алсам дечүм акымды.
Алалдымбы, албадымбы акымды,
Сактап келем адам деген атымды.
Өмүр өлчөм,
Ага чейин,
Мен турмуштан,
Тапсам деймин бактымды.

Өмүр күнүм алыспы, же жакынбы,
Таттуу экен таап жашоо акылды.
Таба алдымбы, таппадымбы акылды,
Угуп калам акын деген атымды.
Талант ташып,
Ыр төгүлүп,
Нөшөрлөсө,
Андан ашкан,
Мен таппасмын бактымды.

Талант сели келе калып актымбы,
Же болбосо эргип жазып таптымбы.
Күн-түн дебей көз майымды коротуп,
Суугун да, ысыгын да таттымбы.
Кубанамын,
Сыймыктанам,
Акын деген атыма,
Элиме деп,
Ырлар жазып,
Эми таптым бактымды.

 

ЖҮРӨК ООРУГАНДА

Врач көрүп, дартыңыз бар жүрөктө,
Десе калам сабыры суз ойлонуп.
Жаман ойдон, жаман көргөн түштөрдөн,
Таттуу уйкудан чоочуп чыгам ойгонуп.
Кайраттанам:
Ажал,
Ажал,
Келчи,
Келчи,
Башың кесем, бычагымды сойлотуп!

Билем жакшы жүрөк дарттын азабын,
Максатыма тоскоол болуп мокоткон.
Канча айды, канча жылды бепбекер,
Азабыңдан эч пайдасыз жоготком.
Ажал,
Ажал,
Келчи,
Келчи,
Мылтык менен атып салып жоготом!

Адам эрки күчтүү дешет баарынан,
Мен күчтүүмүн, күчүм бекем темирдей.
Буркан шаркан толкундарды сезбеймин,
Бул жашоонун жээгин көздөй тебилбей.
Мен сүйүндүм:
Врач-хирург,
Столуна жаткызат,
Айыктырат,
Жашайм сопсоо кезимдей.
Ажал,
Ажал,
Качкын эми, менден алыс безилдей!

 

КАТАЛЫК

Жүрсөм дагы жакшы бала атанып,
Жаштык кезде кетти канча каталык.
Мен өзүмчө капа болуп калчы элем,
Болбос жерден бирөөлөргө алданып.
Буга көңүл канча жолу кирдеди.
Ички сырды ал адамдар билбеди.
Аз өмүрдө жакшы менен жаманды,
Турмуш өзү жакшы таанып бил деди.

Билбей жүрүп чач да калды агарып,
Жүрөм азыр чоң ата деп аталып.
Билбейм деги башым бышпай койдубу,
Кете берет жаңылыштык, каталык.

 

ЖҮРМӨКМҮН ГО КЕЙИБЕЙ

Ачууланба, кейибе дейт доктурлар,
Кейибейм дейм мындан ары карап тур.
Кантип анан чыдап карап тура алам,
Тилдеп турса тили заар оңбогур.

Эч бир жанга кийлигишпей жөн жүр дейт,
Жөн жүрөйүн деп ойлоном өзүмчө.
Кантип анан чыдап карап тура алам,
Бечараны кордоп жатса көзүмчө.

Тоодон түшкөн тунук суудай агылып,
Ынтымакта ырыс келер кемибей.
Мен, сен дебей мамыр жумур жашасак,
Жүрмөкмүн го кийлигишпей, кейибей.

 

АТ ЖӨНҮНДӨ

Болсо дагы чыныгы атым Чынтемир,
Жакпай келет ат өзүмө негедир.
Жараткандан ден соолукту суранып,
Ата-энем чың болсо экен дегендир.
Кундузбек деп, Жылдызбек деп ат койбой,
Мүмкүн бирөө койгон чыгар ойлонбой.
Өмүр бою келе жатат жармашып,
Атты минген, аттан түшпөй койгондой.

Таштемир дейт, Ташболот дейт кээ бирди,
Кимдер качан өз аттарын жериди.
Бактылуулук жаман, жакшы атта эмес,
Кызмат кылып сүйө билгин элиңди.

Таштемирден жакшыраак деп Чынтемир,
Мен кымылдап калам ичтен негедир.
Анан калса Чыке дешип коюшат,
Бир мен үчүн мындай сый да жететтир.

Чың темирдей бекем болуп ден соолук,
Жашап келем ооруу, сыркоо жок болуп.
Алтымыштын ашуусунан ашсам да,
Кырктагыдай кызыктырат «ак жоолук».

 

БАЛАМА

Аман болгун, аман жүрсөң көңүл ток,
Сараң болбо, сараңдыкта пайда жок.
Сабырлуу бол, боорукер бол, Адам бол,
Суранарым наадан болбо сен бирок.

Азыр жашсың, каның ойноп, жүрөк от,
Жалкоо болбо, жалкоолукта пайда жок.
Кейибейин, мактанайын сен менен,
Көкөлөйүн көктө учкан кушка окшоп.

Эгер менин аткарылса тилегим,
Элден мурда элге тийсин керегиң.
Көрүп туруп эмгекчилдик жагыңды,
Таттуу кыял, таттуу ойдо жүрөмүн.

Аман болгун, аман жүрсөң көңүл ток,
Сараң болбо, сараңдыкта пайда жок.
Сабырлуу бол, боорукер бол, Адам бол,
Суранарым наадан болбо сен бирок.

 

* * *

Убакыт өтүп каш кагым,
Алыста калды жаш чагым.
Аттиң ай! Сүртүп боегун,
Агарды кара чачтарым.
Жүзүмдөй бетте жүз бырыш,
Азыр мен такыр башкамын.
Арманым калбас өмүргө,
Элиме жакса жазганым.

 

БИЗ ОТУРГАН ОТУРГУЧ

Бир кезекте бир өзүңдөн кете албай,
Отурчу элек сага бүткөн кош шамдай.
Мамык эле, жумшак эле тактайың,
Сезээр элек сен терметип жаткандай.

Ал кечигип, кайгы басса өзүмдү,
Караан тутуп отурчу элем өзүңдү.
Сен уккандай, сен билгендей сезчүмүн,
Жүрөктөгү таарынычтуу сезимди.

Эркем келип, жайнап турса жанымда,
Көлөкөнү түшүрчү эле багың да.
Мен өзүмдү эң бактылуу сезчүмүн,
Отургансып падышанын тагында.
Жылдар өттү, кейпиң кеткен кемшейип,
Көрөр замат ичим түтөйт дил кейип.
Биз экөөбүз окшош болуп калыппыз,
Сенин белиң, менин белим мекчейип.

 

КАЛАМГА

Тоолор бийик, ашуулар бар ашканга,
Калган кезде алым калбай басканга,
Сен жөлөксүң,
Сен керексиң,
Кубат алып, көңүл черин жазганга!

Жер ааламды жөө жалаңдап бассам да,
Эч чеги жок кайгы муңга батсам да.
Кубанчымсың,
Кубатымсың,
Чөгүп бара жатсам да!

Жоготсом да ат башындай алтынды,
Жоготтум деп карабаймын артымды.
Жоготсом мен,
Медер туткан каламды,
Жоготконум болгон кадыр-баркымды!

 

ТУРМУШ МЕНИ КАЛЧААРЫ ЧЫН ЧҮКӨДӨЙ

Турмуш мени калчаары чын чүкөдөй,
Жон жукарса жукарды деп жүдөбөй.
Андай кезде курчуй албайт окшоймун,
Кыйындыкка кайратымды бүлөбөй.

Ырас өмүр тузун берип, бал берип,
Ыссыгы да, суугу да бар делип.
Эл ичинде айтылса да келатам,
Бул жашоонун кайыгында термелип.

Ырас өмүр өтөт тура ар кандай,
Алчи турсам ал күндөрүм жыргалдай.
Бөк түшөрмүн, чик түшөрмүн, а бирок,
Калемимден калбайт ырлар ырдалбай.

 

СУУСАМЫР

Жазылбады кандай сонун, кандай ыр,
Кеңирсиген кенен жайлоо Суусамыр.
Көрбөй калсам көркүң мени эстетип,
Көп сагынтып, көп эңсетип суусаттыр.

Ырас сенде жазда жүрдүм, жай жүрдүм,
Ырахаттуу күндөрүмдү өткөрдүм.
Тоолор да көп, жайлоолор көп, а бирок,
Сендей сонун жайлоолорду аз көрдүм.

Таңдан турдум, таза абадан дем алдым,
Төгүп өткөн жамгырыңдан эм алдым.
Ушунчалык сергек сезип өзүмдү,
Мен билбеген сыйкыр күчкө таң калдым.

Турган менен тоодо булут жыйылып,
Турам көпкө кетким келбей кыйылып.
Кантем анан айылым да бир мекен,
Сенден узайм тоолорума сыйынып.

Келем сага, келем жылга айланбай,
Келем сага тойго келчү адамдай
Качан болсун тартып турсаң өзүңө,
Кантип анан коет элем келалбай.

 

КЫРГЫЗ ЖЕРИ

Кыргыз жери кандай сонун, кандай кооз,
Көрктүү Талас, көрктүү Нарын, көрктүү Ош.
Ысыккөлүм алтын чөйчөк, жер сорусу Сарыөзөн,
Кимге болсун «кел, кел» дешип дасторкондуу,
меймандос.

Кыргыз жери жайытка мол, сууга мол,
Күндөн күнгө өсүп-өнүп алды жакта айкын жол.
Ынтымакта ырыс келип, сайрандасын Бак, Дөөлөт,
Бир жакадан баш чыгарып, бекем болсун биздин
кол!

 

БОЛБОСО ЭКЕМ МАЙДА АКЫНДЫН БИРИНДЕЙ

Күндөр өтөт кайра артка сүрүлбөй,
Жакшы ыр жазсам жарпым жазам күлүңдөй.
Тагдырыма таарынычтуу эмесмин,
Жашап келем максатымдан түңүлбөй.

Күндөр өтөр, өткөн күндүн бириндей,
Же көрүнбөй, же бир көзгө илинбей.
Бул жашоонун таттуулугун көп көрүп,
Ачуусу түк мага калды билинбей.

Таңда турам, ырлар жазам күлүңдөй,
Сайратсам дейм булбул куштун үнүндөй.
Өткүм келбейт изсиз ушул турмуштан,
Майда барат акындардын бириндей.

 

ЭКИНЧИ АПА

Жаңыдан бешке чыккан кезде Самат,
Бир үйдө эч кими жок жаңгыз калат.
Анткени ата-энеси бирге турган,
Кагышып машиналар көзүн жумган.
«Атам-ай, апам-ай» – деп көп ыйлады,
Көп эстеп, бурчак-бурчак жаш тыйбады.
Атасы зыңгыратып салган тамды,
Баарынан жакынмын деп жездеси алды.
Арадан айлар өттү, жылдар өттү,
Самат да жаштайынан көрдү көптү.
Эжеси ары тур деп түртө кетет,
Балдары кара көөнү сүртө кетет.
Жездеси өз балдарын коет аяп,
Кайтар – дейт уй, койлорун берип таяк.
Кез жетип ата-эненин келбесине,
Зар какшап барып калат мүрзөсүнө.
«Апаке ээрчитчи дейт баштагыдай,
Атаке бакчы мени азбагыдай».
Жаш агат көздөн ылдый бурчак-бурчак,
Кетерде карай берет кылчак-кылчак.
Мунусун кимдер угат, кимдер билет,
Сездирбей, сырын айтпай үйгө кирет.
Кайгысын коңшу аял билип жүргөн,
Жүрөгүн анын дагы тилип жүргөн.
Баласыз кудайга үнү жетип жүргөн,
Жылдызы алсыз шамдай өчүп жүргөн.
Үмүтү күйөөсүнүн бүтүп жүргөн,
Ар качан кетирем деп күтүп жүргөн
Карачы кордук көрүп жүргөн Самат,
Ойлонтуп ал аялды ойго салат.
Аяды, өз бооруна тартып жүрдү,
Энедей мээрим төгүп балкып жүрдү.
Ойнотуп топоңдотуп алып жүрдү,
Кээ күнү базарларга барып жүрдү.
Сүйүүсүн бул аялдын сезди Самат,
Бактылуу бир учурду жүрдү самап.
Ал күндү аял дагы самай берди,
Күн өтсө, күн эсебин санай берди.
Бардыгын жезде, эжеси билип калат,
Бул үйдөн чыкпайсың деп тыюу салат.
«Чыдабайм, болду жетти, болду жетти!»
Үйүнөн жездесинин чыгып кетти.
Болбоду андан кийин эч бир капа,
Бапестеп багып алды «экинчи апа».
Жаркырап үйдүн ичи жарык болду,
Кайгы эмес, күлкү менен шаңга толду.
Болду бейм үй-бүлөнүн данакери
Эрди-аял урушпады ал келгени.
Эмчеги бөлөкө да ийип турган
Эй, апа, башым ийем, жаным курман.

 

ЫРЛАР ЖАЗДЫМ

Кичинемден ырды сүйөм ашыкмын,
Уктай албай кээде өңдөп азыпмын.
Ага мейли, жан дүйнөмө бүлүк сал,
Келе берчи айланайын азыткым.

Ырды сүйөм, ырлар мага гүл азык,
Буркураган жытын себет гүл ачып.
Жолу болчу куштай эргип турууга,
Көктөп турчу көөдөнүмдөн бүр ачып.

Ырды сүйөм, ыр деп жүрүп өтөмүн,
Сага арнаймын жаштыгымдын көктөмүн.
Кожожаштай кууй берем артыңан,
Мейли аскага, мейли зоого кептегин!

 

ЧЕРИМДИ ЖАЗДЫҢ ЧОҢ ТОРУ

Баратсам атчан бастырып,
Улары тоонун азгырып,
Бир жактан жыты гүлдөрдүн,
Каңылжыр жарат мас кылып!

Суусасаң ичип оңолткон,
Шылдырайт булак колоттон.
Аска таш тоону ныгырат,
Уюган сымал болоттон.

Чымчыгы учуп чыйпылдап,
Бадалдын чети кыймылдап.
Мүнүшкөр жүрөт чокуда,
Бүркүттүн улам кый-куулап.

Булуттар төөгө мингенсип,
Күн турат көктө күлгөнсүп.
Көңүлдүн кушу көкөлөйт,
Бейиште басып жүргөнсүп.

Келсем да тоого көп жолу,
Болбогом мындай болжолу.
Черимди жаздың кыдыртып,
Рахмат сага чоң тору!

 

КЫРГЫЗ ЭЛИМ

Кыргыз элим, Ата-Журтум турагым, 
Мүрөк суудай дарым, тунук булагым. 
Чыныдагы чайпалбаган кымыздай, 
Тынч өмүрдүн жашоо жолун улагын.

Кыргыз элим, Ата-Журтум бийигим, 
Миң бир ирет келет сага ийилгим. 
Гүлүң гүлдөп, мөмөң бакта төгүлүп, 
Көркүң артып, улам сулуу кийингин.
Кыргыз элим, Ата-Журтум ырысым. 
Атап койсом кубат берчү дарысың. 
Жүз жыл бою жазып жүрүп өтөйүн, 
Сен картайба, адам уулу карысын.

Сен картайба адам уулу карысын, 
Сага десин жан дүйнөсүн барысын. 
Асманың көк, айың турсун жаркырап, 
Аалам билсин, артып турсун арышың!

Кыргыз элим, Ата-Журтум турагым,
Мүрөк суудай дарым, тунук булагым. 
Чыныдагы чайпалбаган кымыздай, 
Тынч өмүрдүн жашоо жолун улагын.

 

АРМАНЫМ ЖОК

Акын дос жазыптырсың бир чоң китеп, 
Мен аны сынга салдым өзүмчө элеп, 
Жок эмес жакшылары бирин-серин. 
Кээлерин окуп жатып уйкуң келет.

Мен дагы ыр жазуудан калганым жок, 
Каламды чоң жарышка салганым жок. 
Топондой сапырылган беш жүз ырдан, 
Беш ырым элге жетсе арманым жок!

 

КОЛДОРУНА КУТ КУЙГАН

Сакадагы коргошундай кыт куйган, 
Уңкур-чуңкур жер калтырбай бүт куйган. 
Байкап турсам жол оңдогон Баясты, 
Мендей эмес булчуңдары буржуйган.
Тыным албай, колдон түшпөй күрөгү, 
Майышпаган ишке бышкан билеги. 
Эч буйдалбай, шыр өтсө деп ойлонот, 
Машиналар зыпылдаган береги.

Асыл тура, алтын тура колдору, 
Ар кимдердин шыдыр болуп жолдору. 
Ушул жигит ак жол тилеп, бак тилеп, 
Жүрөгүнөн мзэрим төгүп оңдоду.

Кар да болот, карды жолдон тазалап, 
Пейилиндей жол да таза тазарат. 
Баркын билип, анын ар бир иштерин, 
Билбейм кимдер так жеткире жаза алат,

Сакадагы коргошундай кыт куйган, 
Уңкур-чуңкур жер калтырбай бүт куйган. 
Кең далылуу, асыл ойлуу жигиттин, 
Кыдыр даарып, колдоруна кут куйган.

 

ЖАҢЫ ЖЫЛ АЛДЫНДА

Ажыдаардай ышкырынат, 
Аяз улам күч алып.
Өз алдымча түйшөлөмүн, 
Уктай албай тынч алып.

Терезеден сапырылтып, 
Күчөп барат бурганак. 
Бирөө мени чакыргансыйт, 
Тереземди ургулап.

Оо, келиптир жаңы жылым, 
Тереземди ачайын. 
Уктап жаткан балдарымдын, 
Бере көрбө сазайын.

 

КУБАНЫЧ КЕЗ

Чарбада иштер арбын убакыт тар, 
Жаштар көп майышпаган кубаты бар. 
Ат минип бак-бак сүйлөп баратышты, 
Көктөмдө кетмен алып сугатчылар.

Какшыган арыктарды карайт бойлоп, 
Жыккан суу жылан сындуу акты сойлоп, 
Тук байлап, бурат улам алыштарга, 
Каруулуу колдорунда кетмен ойноп.

Мындай кез өзүнчө бир кубаныч кез, 
Алаксып көңүлүңдө кир калбайт эч. 
Билинбейт иште сааттын өткөнү да, 
Карачы кирип келди кылкылдап кеч.

 

САЙРАДЫ ТОРГОН ЧЕР ЖАЗЫП

Жытына жаздын жанатан, 
Бой керип балкып баратам. 
Боз торгой учту көкөлөп,
Баш багып сыртка карасам.

Жүрөктүн чертип кылдарын, 
Ал төксө көктөн ырларын, 
Кулакты төшөйм мен андан,
Тапсам деп ырдын ыргагын.

Укканга үнүн берилип,
Көңүлүм таңдай сөгүлүп. 
Ойлонуп тапкыс укмуш күү, 
Көктө эле калды төгүлүп.

Сайрады торгой чер жазып, 
Көңүлүм алды гүл азык. 
Уксам деп дале турганда, 
Кеткенин кара кырды ашып...

 

КЫШКЫ БУЛАКТА

Булакты көруп кыядан, 
Бурулбай кантнп кыя алам, 
Сулуу кыз түштү эсиме, 
Кымызын сунуп уялган.

Төшөгүн жаап аппак кар.
Агарат бардык адырлар,
Токсону эмес чилдеде,
Токтобойт мындан агымдар.

Көрөрүң менен келет ой,
Чөйчөккө куюп койгондой. 
Ичсем деп барам аптыгып, 
Чүрөккө ашык болгондой.

Акса да суусу бирткелеп,
Тынчыбайт кумду түрткүлөп.
Жаткансыйт жука муздарды,
Дарбыздай тырс-тырс черткилеп.

Жашырбайм анык чын сырым:
Соксо да суук сыдырым.
Булактын ичип суусунан,
Үшүбөй кайра жылыдым.

 

КАРА-БУУРА СУУСУ

Картайтып кылымдарды Кара-Буура, 
Калдайган тоодон түшүп агат тура. 
Сууларын сайдан сайга жанчып келип,
Талаага, эгиндерге барат тура. 
Акыры дыйкандарга жүгөндөлүп, 
Койдон жоош момун болуп калат тура.

Буурадай көбүк чачсаң Кара-Буура, 
Сай өзөн калтырашып калат тура. 
Эмчеги дал ушундай ийип кетип, 
Балдарын өзү издеп табат тура. 
Жайкалтып жашылдантып Жер-Энени, 
Баа жеткис байлык болуп тамат тура. 
Түбөлүк өзгөрүлбөй анын дагы,
Жүрөгү ЭЛ, ЖЕРИМ деп кагат тура.

 

СЕРГЕЙ ДОС

Мени менен коңшу турат Сергей дос, 
Сүйлөшөбүз боло калса колу бош. 
Мага жагат анын ар бир кыялы, 
Жада калса сүйлөгөнү жарым ооз.

Боря дейт буруп менин атымды, 
Бапыраңдап берем колдо барымды. 
Кыйын кезде боло калат арка бел, 
Ага көрүп, андан алам акылды.

Сергей атын Сейит деймин бурмалап, 
Ал келгенде үйүм ичи шаңдуураак.
Сөз түгөнбөй каткырышып отуруп, 
Ичкен ашым таттуу дагы, дамдуураак.
Алыс кетсем: Ай Баймурат, Баймурат, 
Эрте кел» – деп беттен өбөт аймалап. 
Биздин ушул эч бузулгус достукту, 
Жазсам ээ дейм ай бетине саймалап.

 

ШОФЕР

Бирде таза, бирде кайра майланып, 
Үйүндө тынч отура албай жайланып. 
Машинанын ар кай жерин чукулайт,
Күндө көрсөң күндө жипсиз байланып.

Ага керек машинанын жүргөнү, 
Мейли күндүз, же болбосо түндөбү, 
Жолдош болгон жолоочудай ак пейил, 
Жолун ачып жол чакырат күндөгү.

Кээде суук, аяз тышта ышкырат, 
Буттар уюп, көздөр талыйт, жаш кулап, 
Ага болбой көздөп бара жаткан жер, 
«Куштай учуп жет» – дегендей шаштырат.

Жайдын күнү чыйылдаган аптапта. 
Иштер күчөйт, иштер арбын ар жакта. 
Ойдогудай кантип анан иш бүтмөк, 
Оң болбосо ар тетиги ал тапта.

Бир жыл эмес, бардык жылда мына ушу, 
Жол да бүтпөйт, бүтпөйт күндө жумушу. 
Ушул ишке жаралгандай сезилет, 
Бул Асандын бардык турпат турушу.

 

ДЫЙКАН АБАМ

Каалгып жүрсө кара булут көк менен, 
Жүнүн алып үйгө качат чоң энем.
Дыйкан абам кыт-кыт күлүп сүйүнөт:
«Жаасын жамгыр бир нөшөрлөп төксө экен».

Жаан жааган жок, шамаал кууган соңунан. 
Тоого жылат булуттардын тобу улам. 
Дыйкан абам ой кайгырды, кайгырды, 
Бакыт кушун учургансып колунан.

 

БИЛГИН ЭРКЕ

Жактырдымбы көзгө түшкөн сыныңды, 
Окусун деп сага бердим ырымды 
«Бул ырыңыз начар экен деп айттың», 
Кой эрке кыз оюнуңбу, чыныңбы?..

Берген элем бардык жазгандарымды, 
Билбептирмин ыр түшүнбөс жагынды. 
Бассам турсам сенин сөзүң ойлонуп,
Тынчым кетип кое албадым жанымды.

Билгин эрке, билгин акын жүрөгүн,
Ал бир назик, сөзүң менен жөлөгүн. 
Мендей кылып сала көрбө кайгыга,
Ырын окуп менден башка бирөөнүн.

 

КОРООГО ТИГЕМ АЛМА БАК

Билсем да курулушка эң бир керек,
Короого тикпептирмин бир түп терек.
Мына эмн көчөттөрүн алып келдим,
Шашылып тикким келет, тикким келет.

Коңшумдун короосунан күндө көрүп. 
Кызыгам бышып турса алма, өрүк, 
Мына эми тигейин деп эки сортун, 
Койгонмун огороддон орун бөлүп.

Апкелгем жүзүмдөн да бир топ көчөт, 
Көрк кошуп жаңы тамга жакын өсөт. 
Буйруса балдай таттуу мөмөсүн жеп, 
Отурар бала чакам көлөкөлөп.

Турмушта жашоо үчүн баары керек, 
Туурабы? Үйдө отуруш анда демек. 
Бош койбой огородду бакка айлантып, 
Шашылып тикким келет, тикким келет.

 

БОРООН

Мейли жайда, мейли аязда чыкыроон. 
Жанга тыптынч мен жашаган үй, короом. 
Ошентсе да аласасы барчылап, 
Неге мынча долуланат шум бороон.

Талаадагы камгактарды учуруп, 
Жомоктогу ажыдаардай ышкырып,
Жаткан менен тосуп алып тоолорум, 
Төшкө тебет ызалантып, мыш кылып.

Ага болбойт, күчөйт согот октолуп, 
Үйдү чачкан жаш баладай шоктонуп, 
Туяк талып, ташырканган күлүктөй. 
Анан кетти көздөн кайым жок болуп.

 

ПЛОТНИК

Шайыр мүнөз, ачык айрым сүйлөгөн; 
Ышкоолукту жаман көргөн, сүйбөгөн. 
Карап турсам ал жасаган столго, 
Жер жок тура анын колу тийбеген.

Сүрөт, карайт улам алып ченемин, 
Толгон курал: пайдаланып керегин... 
Мээнет тери маңдайынан тамчылап,
Жаңы буюм жасаганын көрөмүн.

Эртең эле бирөө алат кубанат, 
Көргөн сайын сонун ойлор уялап: 
«Колу чебер плотниктин иши» – деп,
Көңүл толкуп, сүйүнгөнүн туя алат.

Алдым стол. Мен да улам сүйүнө, 
Шашып келем жеткинчекти үйүмө. 
Мына ушинтип кубанч болуп бул адам, 
Кирет тура ар адамдын үйүнө.

 

БАЛА ЖЫТЫ

Кандай сонун бейкутчулук, тынччылык, 
Короом ичи түркүн-түркүн гүлгө жык. 
Ошолордун арасынан таппадым, 
Балам сенин жытың кандай жыпар жыт?..

Табамбы деп тоого чыктым гүл издеп. 
Көрдүм андан түркүн-түркүн гүл искеп. 
Андан дагы сенин жытың таппадым, 
Оо быйпыгым, эркетайым Жунусбек.

Ар элесиң улам көзгө чагылып. 
Жүрөгүмдөн мээрим агат агылып. 
Азыр шаардан куштай учуп жетким бар, 
Сенин гана бир жытыңды сагынып.

 

УСТА

Айылымда ак сакалдуу киши бар, 
Өзгөртпөгөн өзү сүйгөн иши бар 
Иштей келсе иштин майын чыгарып, 
Сүйлөй келсе сөзү ширин, сөзү бал.

Качан көрсөм тердеп жүрөт маңдайы, 
Качан көрсөм эч капасыз жайдары. 
Жаштайынан жандай көргөн кесиптин, 
Ысык-суук казанында кайнады.

Колдо турса оор кара барсканы, 
Күрсүлдөтө жаруучудай асканы, 
Каруу күчкө шакирттери таң калат, 
Элпегин айт, жаш жигиттей басканы.

Айылымда ак сакалдуу киши бар, 
Өзгөртпөгөн өзү сүйгөн иши бар. 
Иштей келсе иштин майын чыгарып, 
Сүйлөй келсе сөзү ширин, сөзү бал.

 

ЖАШТЫГЫМДЫ САГЫНДЫМ

Мен сагындым, жаштыгымды сагындым, 
Өткөн күнгө келбейт эми таарынгым
«Мени мин» – деп кырда турат буурул ат, 
Өктөмү күч, өкүмүнө багындым. 
Өткөн өмүр келбеген соң кайрылып, 
Кудайга да келбейт менин жалынгым.

Өттү өмүр, өттү күлгүн курагым, 
Жаштыкта эмес, азыр башка турагым. 
Күлгүн чакта кимдер баштан кечпеди, 
Махабаттын мөлтүр тунук булагын. 
Жараткандын жасаганын карачы, 
Көпөлөк да издейт экен ынагын.

Жаңы ачылган гүлдөй болгон чагыңда, 
Отсуз, чоксуз мени салып жалынга, 
Бир мен үчүн Чолпон болуп жанчусуң, 
Ар бир күндүн, ар бир аткан таңында. 
Сен жолуксаң мен өзүмдү жоготуп, 
Жүрөк зырп деп булкуп турчу кабында.

Жүргөн менен чоочункурап ыраактай, 
Жылдызыбыз жанды бир күн чырактай,
Көрүшпөсөк куса болуп кетчү элек, 
Көп жыл көрбөй сагынышкан ынактай. 
Туңгуч сүйүү кандай тунук, таза эле,
Тоодон ылдый түшүп аккан булактай.

Балдай ширин, канттай таттуу ал күндүн,
Даамын татып, гүлүн искеп өткөрдүм. 
Ошол өткөн тагдырыма рахмат, 
Кызык жашоо, жакшылыгын көп көрдүм.
Колдон келсе кайра баштан жашарып,
Андан кызык, келет сонун өткөргүм!

Мезгил шашма, суусу ылдам шар агат, 
Агып өтөт кылчайганча бир карап. 
Жүрөк кургур улгайсада жаш бойдон, 
Кийинкини көрүп адам картаят. 
Алтымышка чыктымбы деп бат эле, 
Көзүм эмес, көөдөнүмдөн жаш тамат.

Мейли өтсүн, мезгил салсын бырышын, 
Издейм, табам мен өлбөстүн дарысын! 
Өпкөм уруп, өктө калчу мен эмес, 
Эмгегиме элим айтаар калысын. 
Карып барам, бирок тилейм ырларым, 
Жаш арчадай жапжаш бойдон калышын.

Мен сагындым, жаштыгымды сагындым, 
Өткөн күнгө келбейт менин таарынгым. 
«Мени мин» – деп кырда турат буурул ат, 
Өктөмү күч, өкүмүнө багындым. 
Өткөн өмүр келбеген соң кайрылып, 
Кудайга да келбейт менин жалынгым.

 

ИНИМЕ

Окуп улам жогорулап билими, 
Куттуктадым электрик иними. 
Билип турам жакшы кесип экенин, 
Жарык кылган капкараңгы түнүмү.

Билген билет, билбегенге жок айла, 
Ток урат деп жүрө берип далайга, 
Чырактанга күнүм түшкөн бир кезде,
Өткөн менен күндөр-күнгө, ай-айга.

Келди бир күн электрик үйүмө, 
Карап чыкты бардык жерди үңүлө. 
Оңдоп коюп, мага карап жылмаят: 
«Чакырыңыз керек болсом күнүгө».

Көк түтүнгө көңүл чөгүп кыйнаган, 
Кетти чырак ордун таап кайрадан. 
Мен ичимден бапыраңдап сүйүнүп, 
Барым берип, бапыраңдап сыйлагам.

Калган менен ошол күндөр арт жакта,
Сен иштөөчү иштер арбын бул тапта. 
ГЭСтерде бол, айылда бол айтаарым: 
Эң бир кымбат эл ишенчин сен акта!

 

БӨБӨККӨ

Бешигинде жатып алып тынчыбай, 
Ат байгени азыр жеңип алчуудай,
Сен талпынсаң буттарыңды камчылап, 
Селт дей түшөм сен жыгылып калчудай.

Бейбаш болбо, бейбаштыкта жок пайда, 
Чоңойоорсуң ар бир күндө, ар айда. 
Адам сүйбөс кыялыңа картайбай,
Эл деп өссөң жашарармын мен кайра.

Турмуш татаал, өйдө ылдыйы көп анын, 
Барга көппө, жокко чөкпөй жашагын. 
Бул заманда токтоп туруп калуу жок, 
Бир иш бүтсө, экинчисин баштагын.

Алды жакта жетчү мара барчылап, 
Талпына бер, бешик минип камчылап. 
Менин уулум көкбөрүчү болот деп, 
Менде жүрөт таттуу ойлор тамчылап.

 

СЕН ДА ТИККИН АЛМА БАК

Тиктим алма, тиктим өрүк, алчаны, 
Бышкан кезде кызыктырды канчаны. 
Убагында менден көчөт албаган, 
Ай кейитти, ай кейитти Калчаны.

Конок келсе дасторконду толтуруп, 
Чай ичебиз бак ичинде олтуруп. 
Мен турмушта көп нерсени үйрөндүм, 
Ар бир ишти ойдогудай болтуруп.

Ооба, чындык, мээнет кылам ар убак, 
Ошон үчүн гүлдөп турат алма бак. 
Кылган эмгек, кылган ушул аракет, 
Ырыс болуп кайра колго тиери ак.

Ырыс болуп кайра колго тиери ак, 
Сен да тиккин мендей болуп алма бак. 
Түркүн жемиш жайнап турса короодо, 
Ошончолук көңүл куунак, көңүл шат.

 

АЙЫЛЫМДЫН ЭҢ КАДЫРЛУУ КАРЫСЫ

Күздүн айы бышыкчылык, сонун ай,
Кенекемдин дарбызын ай, коонун ай, 
Бышкандары былк-былк этет кармасаң, 
Эмчектеги жаш баланын колундай.

Ырас күз ай биз эңсеген сонун ай, 
Шаардык досум коондон жегин корунбай. 
Бул Кенекем качан болсун берешен, 
Дасторкондо жайнап турган коонундай.

Элге жетсе бышкан коон дарбызы,
Мына ошондо кубанычы, барысы. 
Сөзгө чоркок, түнт мүнөздүү болсо да, 
Айылымдын эң кадырлуу карысы.

 

ТРАКТОРИСТ КАМЧЫБАЙ

Ар адамдын болот максат, мүдөөсү, 
Бул кесипке ышкын арткан бир өзү.
Оор эмгек деп сезип койбойт, кенебейт, 
Өзгөчө экен бул жигиттин мүнөзү.

Жазда иш көп, мончок терлер куланып, 
Күндөн-күнгө иштер кызып уланып. 
Улам ары түшүп жатты бороздор, 
Жаңы айдоолор жаңы нандай бууланып.

Ооба ырас иштин кычайт кезеги, 
Мындай кезде күн-түндүн жок эсеби.
Таңга маал трактордо чырм этип,
Унуткарды чарчаганын кечээги.

Анын кылган ар бир иши тынчыбай, 
Ата-Журтка эң керектүү тамчыдай.
Уулум өссө тракторист болсо экен,
Сени көрүп сыймыктанам Камчыбай.

 

ШОФЕР ЖИГИТ МЕДЕТБЕК

Көптөн бери шофер бизде Медетбек,
«Кол көтөрсөк бир карабайт өтөт» – деп,
Карыялар кейип-кепчип калышат;
«Ай, оңбогур, ай, кургур-ай, түгөт» – деп.

Бир гана эмес дайым көрсөң мына ушу,
Бүтпөйт анын таңдан кечке жумушу. 
Ага кымбат убакытты уттурбай, 
Узак жолдо убакытты утушу.

Мейли утсун, элге тиер кереги,
«Мага түш» – деп такси турат береги.
Чынында эле кырстыгы бар Медеттин, 
Эл ишине аппак анын жүрөгү.

 

МАКТАП КОЁТ КЕТМЕНИН

Муке дешет өз атынан атабай, 
Өзүн дайым алып жүрөт сакадай. 
Өңү кара, сылтып басат а бирок,
Ал айылга сүйгүнчүк да апакай.

Таңдан турат мураптыгын аткарат, 
Ар бир ишти мудаа кылат, так кылат. 
Кыш арылап, ала шалбырт жаз менен, 
Арыктарда суулар агып каткырат.

Арыктарда суулар агып каткырат, 
Иш кызыса, кызыганын жактырат. 
«Бол-э-эй, Керим, бол э-эй, Болот иште», – 
деп,
Суучулардын тынчын алып шаштырат.

Эң кеч кайтат боз ат менен күнүгө, 
Он баласы тегерете үйүлө: 
«Айтчы ата, эмне болду иште» – деп, 
Суроо берсе, жооп берет сүйүнө.

Айтып берет кандай иштер бүткөнүн, 
Жаан нөшөрлөп, алышты алып кеткенин. 
Айтып берет баарын, баарын а бирок, 
Өзүн эмес мактап коёт кетменин.

Муке дешет өз атынан атабай,
Өзүн дайым алып жүрөт сакадай. 
Өңү кара, сылтып басат а бирок, 
Ал айылга, сүйгүнчүк да апакай.

 

АК ЧИЙИМ

Төрөлгөндөн мээрим төккөн бир үйүм.
Өзүндө өсүп, баркын билдим мен кийин. 
Кылым өтөр сен картайбай жашарып, 
Көрккө келип өсө бергин Ак-Чийим.

Билем жакшы өстү улан, кыздарың, 
Четте жүрүп тааныйм азыр аздарын. 
Көз алдымда алтын саамай күздөрүң,
Көңүлүмдө жарпым жазган жаздарың.

Баарын ойлоп баргым келет кайрадан, 
Уккум келет торгой үнүн сайраган. 
Көргүм келет жеңелерди, аваны, 
Бул турмуштун казанында кайнаган.

Алыс жүрөм баягы эле балаңмын, 
Сагынганда сапар тартып барармын. 
Өзөнүңдү, кырларыңды кыдырып, 
Өткөн күндү бир элестеп алармын.

Төрөлгөндөн мээрим төккөн бир үйүм,
Өзүндө өсүп, баркың билдим мен кийин. 
Кылым өтөр, сен картайбай жашарып, 
Көрккө келип, өсө бергин Ак-Чийим.

 

ГҮЛАЙ

Саанчы кыз төшөгүндө уктап жатты, 
Таңкы убак уйку сонун, уйку татты. 
Ойготпой бирге иштешкен курбулары,
Шашылып саанды көздөй бара жатты.
Түрду кыз дубалдагы саатты карап, 
Алдыңкы орундарды жүрчү самап. 
Кечээги кечеден кеч келгендиги, 
Мына эми жүрөкзаада ойго салат.

«Кечиктим, уйкуң кур ай, уйкуң кур-ай!» –
Көзүнөн бир тамчы жаш кетти кулай.
Турмушта боло берет өйдө төмөн,
Ыйлаба, кайгы чекпе буга Гүлай.

 

АГАМ САТЫЛГАНГА

Бирге өстүк, мен сага ини, сен мага ага,
Бөлүнбөй боордоштуктун оту жана. 
Тентектик кылып койсом теске салып, 
Билгениң айта жүрдүң акыл сала.

Чын эле акылдарың акыл эле,
Мүнөзүң мүнөзүмө жакын эле,
Мен сага, сени мага жөлөк кылып, 
Карачы төрөгөнүн алтын эне.

Кубанчым сени жандап жүргөнүмө,
Уста элең күлбөс жерде күлдүргөнгө. 
Бир гана сенден коркуп жашынчумун, 
Буюмду, бир нерсени бүлдүргөндө.

«Момунум, момунум»,– деп калса апам, 
Мактанып барбалаңдап калчум анан. 
Сен болсоң акын болом деп калчусуң, 
Колуңа койкоңдотуп кармап калам.

Бир дептер, анан дагы жазып таштап, 
Үңүлүп отурчусуң кайра баштап. 
Акындын акыны элең бир мен үчүн, 
Жүрчүмүн улам жазсаң, улам жаттап.

Иниңе талантыңдан сүйкөп өтүп, 
Ыр жаздым өзүңө окшоп бойго жетип. 
Сен менен дайым бирге жүрө албадым, 
Жай күтүп, сенден алыс жашап кетип.

Эстеймин акылыңды, ырларыңды, 
Сага ээрчип ойноп жүргөн жылдарымды.
Күү төккөн комузум да өзүң болдуң,
Ойготуп жүрөктөгү кылдарымды.

Ойготуп жүрөктөгү кылдарымды, 
Отурам оңдоп чийип ырларымды. 
Ойлорум ак баракта калган менен,
Көрөмүн жашоодогу жыргалымды.

Чын эле акылдарың акыл эле;
Мүнөзүң мүнөзүмө жакын эле. 
Мен сага, сени мага жөлөк кылып, 
Карачы төрөгөнүн алтын эне.

 

ЧЫКЕ ЖӨНҮНДӨ

Чыке дешет мени кээ бир адамдар, 
Чыңгыздын да Чыке деген аты бар. 
Ал Чыкенин оргуп ташыйт таланты, 
Ошон үчүн Ала-Тоодой багы бар.

Турган менен талант жактан жанашпай, 
«Жазсам» деген бир ой мээден тарашпай, 
Кыйнай берет көөдөндөгү «көк чымын», 
Кайнайт кээде кырк градус самаштай.
Анан ойлойм Чыке деген ат алып, 
Жүргөнүмдүн өзү бийик канчалык. 
Бир жагынан бир тууганбы деп коёр, 
Уйкашынан Айтматыпка Аскарып.

Уйкаш болсун, жугуш болсун таланты, 
Ойлор келип, көп максатты жаратты. 
Ошондонбу бийлеп алып бир сезим, 
Асман жерде кыял сермейт канатты.

Мейли мени Чыке дешсин айрымдар
Сыйлаганга ак дилимден сыйым бар. 
Ал Чыкебиз дүңгүрөтүп ааламды, 
Бул Чыкебиз жаза берсин жаңы ырлар.

 

ЖУМУШЧУЛАР

Сөздөрүнөн күлкү чыгып каткырып, 
Капалыкты айдайт алыс жат кылып. 
Жумушчу калк жашайт экен булактай, 
Ата-Журтка жүрөктөрүн ак кылып.

Эрте кечте тыным албайт тынчыбайт,
Иштер арбын чекеден тер тамчылайт. 
Кубат берип улам бири-бирине, 
«Бол, бол!» – дешип ишти алга камчылайт.

Бар болсо да, жок болсо да март келет, 
Эмгек менен ырыс келет, бак келет. 
Алар менен бирге иштесем, бир жүрсөм, 
Ырларыма куюлушкан сап келет.

 

АКЫН МЕКЕН КЕЗДЕШҮҮ

Ээн талаа. Мен жалгызмын. Кеч маалы. 
Көрөмүн деп ойлонбогом эч аны. 
Кырдан түшүп келет бирөө боз атчан, 
Чапкан сайын улам жакын карааны.

Карай салсам биздин акын Алыкул, 
Мени карап сүйлөп коёт ал утур: 
«Мен езүмдү акынмын деп сезбеймин, 
Ыр-Көлүнөн суу ичпесем бир учур.

Сен да жүргүн, акын болсоң жолдош бол,
Ыр-Көлүнө баруучу жол, ушул жол. 
Кана эмесе менден калбай жете жүр, 
Чапкын атты, камчыланып оңду сол».

Жерди чапчып араң турган боз аты, 
Көлдү көздей керет чиркин канатты. 
Алды жактан шуулдаган шамалга, 
Этек жеңин делбелектетип баратты.

Жетмек турсун анын калып чаңында, 
Барам жалгыз, атым болбой табында. 
Мен өзүңдөй Ыр-Көлүнөн суу ичип, 
Жүрсөм дечүм, жашоо күнүм барында.

Мен өзүмдү улам-улам жемелеп,
Келем атты баспаган соң жетелеп.
Көлгө жеттим. Карап турсам кызыгып,
Турушуптур ал Ыр-Көлгө, Ыр-Көл ага эркелеп,

Ишке аштыбы көптөн күткөн үмүтүм, 
Көрбөй өңүң, укпай жүрүп бир үнүң. 
Боз ат минип түшкө кирдиң Алыкул, 
Майрам болду, сайран болду бул күнүм.

 

ЖОКЧУЛУК

Конок болуп каламбы деп күнүгө,
Тереземден шыкаалайсың үңүлө. 
Жок жокчулук кенен турам, бай турам, 
Жогол ары, мен киргизбейм үйүмө.

Кырсык болсо кыя өтпөйсүң билемин,
Ошондо да жаман сенин тилегиң.
Кыйындыкты эрким менен жеңе алам,
Чоюн болуп бышып калган билегим.

Ач жылаңач койгуң келет баламды,
Күндөн-күнгө көбөйткүң бар санаамды.
Жок жокчулук адаштырып алыска,
Элим менен көрктөндүрөм заманды.

Иштейм жерге, бүт азыкты өндүрөм,
Дыйкандыкка балдарымды көндүрөм. 
Мына ошентип сар-санааңды көбөйтүп, 
Токчулукту төргө өткөрүп күлдүрөм,

Ушундаймын өткөн менен нечен жыл, 
Жолотпоймун канча аракет, амал кыл. 
Тилегеним жаратканга бир гана;
Эл журтумду кырсыгы жок аман кыл!

 

АЙЫЛДАГЫ ЖЕҢЕМЕ

Неге жеңе жактырбадың кайниңди, 
Карап коюп үстүмдөгү киймимди?..
«Иштеймин деп, ыр жазам деп коёсуң, 
Жүрүпсүң го жаңырта албай ийниңди».

«Аным ырас жаңырта албай ийнимди, 
Кийип жүрөм болгон толгон киймимди. 
Билсең жеңе бардыгынан эң кымбат, 
Жаңыртканмын дилим менен пейлимди».

 

ЭСТЕЛИК

Үч уулуна үч там салды бир коңшум, 
Үчөө тең али бойго жетелек.
Там салам деп бир тыйыны калбаптыр,
Кээ күндөрү нансыз калып кесерет.

Үч уулум бар бир үйдө эле жашайбыз,
Байлык күтпөй ден соолугун суранам.
Өсүп барат эч нерседен кем эмес,
Мен ошого жетине албай кубанам.

Үч уулумду үч тамына киргизип,
Мен калтырам унутулгус эстелик,
Десе коңшум аяп кетем аябай,
Жанын таштап иштегенин көз көрүп.

Турар тамың отуз, кырк жыл бузулбай,
Отуз кырк жыл мүмкүн атың аталар. 
Урар мүмкүн добул согуп, сел жүрүп,
Мүмкүн тамың башкаларга сатылар.

Учурунда жашап өтпөй, ушинтип, 
Кыйналганың, картайганың эртелеп,
Көргөнүмдө зырп дей түшөт жүрөгүм,
Аз өмүрдү аздектебей; Аттиң! – деп.
Сендей болуп там көбөйтпөйм кыйналып, 
Бир там салам добул селге урагыс. 
Балам эмес, бир мен эмес бул тамда,
Миң-миң деген адам жашап турабыз.

Ал кайсы там?.. Ал там – менин ырларым, 
Тамдан кымбат, тамдан бийик эстелик. 
Жан жыргатып, жалындатса саптарым, 
Мени ошондон элим жүрөр эскерип!

 

МАЖҮРҮМ ТАЛ

Жибектей чачтары өрүлүп, 
Самсаалайт бутактар ийилип. 
Тургансыйт сулуу кыз суу бойлоп, 
Жапжашыл көйнөгүн кийинип.

Сулуудай суйкайып назданат, 
Көркүнө көк дагы тамшанат. 
Бийиктеп кээ күнү булуттар, 
Жете албай көзүнөн жаш тамат.

Күзгүдөй ай бетин каранып 
Жаткандай чачтарын таранып. 
Жылдыздар төгүлөт үстүндө, 
Жылтылдак өчпөгөн шам алып.

Таңга маал мажүрүм үргүлөп, 
Тынчтыкка жалбырак үлбүрөп.
Кайдадыр алыста жүргөнсүйт,
Чагылган чарт этип, күлдүрөп.

Мына эми шамалын ойнотуп,
Таңкы жел койгонсуйт ойготуп.
«Бийлешет» ипичке бутактар,
Апакай ак нурга бой тосуп.

 

УНУТПАСМЫН

Бир топ жыл студенттик өмүр сүрүп,
Өткөнүн билбептирбиз бирге жүрүп. 
Бөлүнбөй көктө учкан каркырадай, 
Жүргөн кез кандай кымбат ойноп күлүп. 
Мына эми бөлүнөбүз эки жакка, 
Жүрөктү тилип турат өкүндүрүп.

Ах, достум! Мындай мүнөт кандай кыйын, 
Кайгырам поезд үнүн созгон сайын.
Көзүңдө мелт-калт болуп жаштар турду,
Жүзүңө карай берип көрдүм дайын.
Жүрөгүм жалбыз сындуу дирилдеди;
«Эстей жүр»,– дегениңде,– Мени дайым.
Унутсам башкаларды унутармын,
Оо достум, сени кантип унутайын.

 

ТИЛЕК

Саргайып жалбырактар жерге түштү, 
Берди бейм берекени быйыл күздү. 
Малчылар алган төлгө кубанышып, 
Коончулар кыр-кыр кылып коонун үздү. 
Дыйкаңдар кампаларын толтурушуп, 
Эл-журтка ырыскылуу шартты түздү. 
Талаада төккөн терлер бекер кетпей, 
Мына эми жаркыратты эмгек жүздү. 
Ушинтип күндөн-күнгө өссө экен, 
Ынтымак Кыдыр даарып өлкөбүздү.

 

БИШКЕГИМ

Арча, кайың, жашыл бактар көрүнгөн, 
Аптабынан сактайт күндүн төгүлгөн. 
Бассаң кенен, октой түптүз жолдору, 
Кан тамырдай тарам-тарам бөлүнгөн. 
Бул ааламда болгон менен канча шаар, 
Сен сулуусуң, сен көрктүүсүң көбүнөн.

Бийик-бийик тамдар тосуп алдыман, 
Булуттарга тиеби дейм калкыган. 
Аллеяда басып барам көңүлдүү, 
Кооздукка жаным сергип балкыган. 
Ушундай жер, ушундай шаар өстүргөн, 
Айланайын менин кыргыз калкыман.

Гүлзарларда гүлдөр жайнап ачылып, 
Фонтандардан суулар көккө чачылып.
Тынчтык күндүн тычтыгына бөлөнүп, 
Шамдар күйөт түндү алыска качырып. 
Айылымда жүрүп калып бир-эки ай, 
Бара жатам шаарым сага шашылып.

 

ТАЛАСЫМ

Көргөн билер көрктүү Талас жергесин,
Алма, өрүктөр төгүп турат мөмөсүн.
Суулары бар, булактар бар туптунук, 
Чаңкап турсаң мүрөк суудай сезесиң.

Жайыты мол, аба салкын, атыр жел, 
Өзөн жээктей өсүп чыккан токой-чер. 
Жазы сонун, жайы сонун, күз сонун, 
Колуң бошто атайылап келип көр.

Мал киндиктүү, жери асыл, жери алтын, 
Малды багып, жер иштеткен эли алтын.
Өрүш өсүп, сен мекени боло бер, 
Манастай эр, Чыңгыздай зор таланттын.

 

КОМУЗ

Комузду черткен чертээр күүгө салып, 
Эх, жыргал, отурганын күүгө канып! 
Атадан балага өтүп келе жатат, 
Кыргыздын кан-жанына сиңип калып.

Таштабай, талкалабай, кылын үзбөй, 
Элибиз барктап жүрөт көңүл түздөй. 
Ак калпак, комуз менен мактаналы, 
Адамга бүтүп калган эки көздөй.

 

КӨЛ ЖАНА МУЗЫКА

Сага келдим, Алыкулдай суктандым, 
Сууга түштүм, кум жазданып уктадым. 
Ырлар да көп, музыка көп дүйнөдө, 
Сеникиндей музыканы укпадым.

Жээкте турдум, шарп-шурп этсе сууларың, 
Үнүң коштоп карк-карк этет кууларың. 
Жан дүйнөмдү ээлеп алып музыка, 
Көлдү ээрчип, көлдүн үнүн туурадым.

Угуп ырын, көшүп турдум балкыдым, 
Эңсеп жүргөн музыкага чалкыдым. 
Мен өзүмдү жеңил сезип башкача, 
Көңүлүмдө көбүгүндөй калкыдым.

Күн ысыды, күндүн нуру чачылып, 
Сулуу кыздай көркүң турду ачылып. 
Толкундардын керней-сурнай тартканы, 
Көкүрөктөн чыкпай калды басылып.

Жүрдүм көпкө, жүргөнүмө кубандым, 
Не бир күүнүн кайрыктарын уга алдым. 
Кылымдардын кылымдары өтсө да, 
Соолуба деп мен тагдырдан сурандым.

Сага келдим, Алыкулдай суктандым, 
Сууга түштүм, кум жазданып уктадым. 
Ырлар да көп, музыка көп дүйнөдө, 
Сеникиндей музыканы укпадым.

 

САЛКЫН ЖАЙЛОО

Баскан сайын улам өйдө, улам өр, 
Кайдасың сен, салкын жайлоо, салкын төр. 
Мен турмушта суктанбагам мынчалык, 
Көркүң менен көңүлүмдү ача көр.

Ырас сени көргөн сайын кайталап, 
Элестетем сулуу кызды ай тамак. 
Жаш сүйүүдөй жан балкытып сергитээр, 
Таңкы желиң бети башты аймалап.

Ошондуктан келем сага өр таяп, 
Жөлөк болуп чабан берген бул таяк. 
Отургандыр досум жыргап боз үйдө, 
«Качан келет, кечикти»,– деп мени аяп.

Эңсеттирет кымызы да, айраны, 
Чакадагы сүттүн калың каймагы. 
Сүйүү өчпөс өз айлымдай көрүнөт, 
Чабандардын жашап жаткан аймагы.
Дөөдөй күчтүү, балбан болуп ченебей, 
Бул тоолордун бийиктигин кенебей.
Бара жатам салкын жайлоо, салкын төр, 
Көңүлүмдө көрүп тууган энедей.

Баскан сайын улам өйдө, улам өр, 
Кайдасың сен салкын жайлоо, сапкын төр. 
Мен турмушта суктанбагам мынчалык, 
Көркүң менен көңүлүмдү ача көр!

 

ЖАРЫМА

Жашоодо дайым болсо да толгон бийиктер, 
Атажурт эне, түбөлүк аны сүйүп кел. 
Гүл азык болуп жүрөккө канча кубаныч, 
Өмүрдү арнап иштесек бирге төгүп тер.

Бир сырым ушул өмүрдө сага айтпаган, 
Бир сенсиз мага таң дагы аппак атпаган. 
Досторум келсе пейилиң менен жылытчы, 
Жылуулук болсо кар дагы жерде жатпаган.

 

ЗАМАН КАНТИП ОҢОЛСУН

Күндө айтасың жашоо абдан жаман деп,
Түшүн мага, бул айтканың болбос кеп. 
Колдо кубат, белде күчүң турганда, 
Түштүгүңө буудан минип жыргап өт.

Иштейм десең жерди алдың гектарлап, 
Баккын аны, баккын абдан кастарлап. 
Сен антпестен канча жериң бош капды, 
Үңкүйөсүң үйдөн чыкпай баш тырмап.
Эл катары малды багып чоңойтпой, 
Өрдөк, казды койдуң такыр жолотпой. 
Отура бер кыйын заман болду деп, 
Айдан жерге түшүп келген коноктой.

Куласа да карабаган короосун, 
Аман эле жүрө берчи жан досум. 
Күндө көрсөм күндө сыздайт кабыргам, 
Сендейлерден заман кантип оңолсун.

 

ТООГО БАРАМ

Тоого барам жайлоо сонун күзүндө, 
Кубат алып кан жүгүрөт жүзүмө. 
Ойлоп көрсөм жүргөн экем алданып, 
Айылдагы коон, дарбыз, жүзүмгө.

Тоого барам жайлоо кандай рахат, 
Көргүң келип, көркүн ачат табийхат. 
Сүйлөшсөм деп көптөн бери эңсеген, 
Чабандар бар барпаңдаган пейли ак.

Тоого барам, барарым чын бул анык, 
Барарыма турам азыр кубанып. 
Мындан кымбат олжо болбос мен үчүн, 
Ырым турса тоо гүлдөрү жыттанып.

 

МУГАЛИМ

(Агайым Канай Момбековго арнаймын)

Агай келип сабак өтө баштады, 
Балдар тып-тынч чуру-чууну таштады. 
Коңур үнү коңгуроодой жагымдуу, 
Жайбаракат сүйлөп жатты, шашпады.

Балдар укту, билимине бөлөндү,
Суудай тунук сезимдерге гүл өңдү. 
Ушул агай кырк жыл бою иштеген, 
Тарбиялап окутту го түмөндү.

Сабак берип, бирге жүрүп жанаша, 
Акыйкатчыл, тарбияда тараза. 
Ага кымбат ар бир улан, ар бир кыз, 
Эли үчүн эң керекке жараса.

Ойлой-ойлой не бир ойлор агыла, 
Мен суктанам бул агайдын багына. 
Ал анткени көктөн тийген күн болуп, 
Балдар анын жылынгансыйт табына.

Агай келип сабак өтө баштады, 
Балдар тып-тынч чуру-чууну таштады. 
Коңур үнү коңгуроодой жагымдуу, 
Жайбаракат сүйлөп жатты, шашпады.

 

МЕН ЭЛИМЕ БАР КҮЧҮМДҮ БҮТ БЕРИП

Күндөр өтөр, мен карырмын күч кетип, 
Чоочурум чын ажал келсе селт этип. 
Ага чейин эмгек кылып өткүм бар, 
Мен элиме бар күчүмдү бүт берип.

Аттиң десең! Боло бербейт ойлоруң, 
Бардыгына жете бербейт колдоруң. 
Басып келем, ашып келем тагдырдын, 
Кайчылашкан, татаалдашкан жолдорун.

Аттиң десең! Келсе баары колумдан, 
Каалаганым чыгып турса жолумдан. 
Мен элиме чачаар элем чачыла, 
Каухар, алтын башка кымбат сонундан.

Аттиң десең! Көккө булут түнөтпөй, 
Кар бороонго калка болсом жүдөтпөй. 
Мен элиме кызматымды өтөсөм, 
Тыным албай согуп турган жүрөктөй.

Аттиң, аттиң, сыйкыр күч жок анчалык, 
Ойлосом да, түйшөлсөм да канчалык. 
Колдон келбейт, бирок кардай аппапак, 
Тилегиме өзүм калам тынч алып.

Күндөр өтөр, мен карырмын күч кетип, 
Чоочурум чын, ажал келсе селт этип. 
Ага чейин эмгек кылып өткүм бар, 
Мен элиме бар күчүмдү бүт берип.

 

ТОО ЖОЛУНДА

Өр таянып тээ алыста сапарым, 
Тоо киндиктүү чабандарга барамын. 
Ишин сурап жазсам деймин гезитке, 
Билсем деймин ар бирөөнүн талабын.

Чыктым тоого, чыктым бийик аскага, 
Жаш баладай ойноп жаздым ташка да. 
Куюн өтүп, бадал ичи шырп этип, 
Качат элик, качат менден жазгана.

Аз жүрдүмбү, көп жүрдүмбү билбедим, 
Оозум кургап, суу ичсем деп эңседим. 
Эңсөө улам бороон сымал күч алып, 
Жүрөк дүрс-дүрс, тынч албады аң-сезим.
Ка-ап десеңчи! Эч болбосо бир ууртам, 
Суу болсочу, чаңкоону мен унутсам! 
Берер беле уучум тоссом мени аяп, 
Жалбарынып сурап көрсөм булуттан.

Жок антпедим, маңдайымдан ай жанып, 
Таш чөйчөктө ары-бери чайпалып, 
Ийип кеткен эмчек сымал сызылып, 
Булак турат, көзүм турат байланып.

Ах! десеңчи, башкача эле бул убак, 
Алдым андан сергектик күч, зор кубат. 
Миң бир ирет соолубасын тиленип, 
Алкыш айтып, өр таяндым жолду улап.

Кечке бастым, эми жакын сапарым, 
Боз үй турат, ошол үйгө барамын. 
От четинде черди жазып, сүйлөшүп, 
Сейит достун бал сөзүнө канамын.

 

ЖАЙЛООДО

Жай чилде. Жайлоо төрү. Салкын аба, 
Боз үйдө комуз чертет Садык ага. 
Угабыз кулак төшөп жан эргитип, 
Куш жаздык коюп алып чыканакка.

Сырт жакта бээлерди саап сулуу келин, 
Кой, кой дейт чымчылаган кайнилерин. 
Чиркин ай кылыктанып күлгөнүн ай, 
Угабыз сөздөрүнүн кай бирлерин.

Саан бүтүп, кирди келин жүзү жарык, 
Балбылдайт көздөрүнөн оту жанып. 
Бул неси?... Садык аке чертип кирди, 
Башкача биз билбеген күүгө салып.

Махаббат, махаббат дейт бул сөзү не?..
Түштүбү жаштык учур элесине. 
Негедир кайрыктары шаңдуу чыгып, 
Келиндин окшоп кетти күлкүсүнө...

Ооба чын сүйөмүн деп алдап алган, 
Күйөөсү жаш келиндин кетип калган. 
Бой жашайт, андан бала төрөгөн жок, 
Ушундай беле ага ушул жалган.

Садык да кырктан ашып калган менен, 
Келатат он жыл бою арман менен. 
Ашууда аты үркүп, жыгып кетип, 
Кырсыктан ажыраган алган менен.

...Баятан муңдуу чыкса кайрыктары, 
Бат эле өзгөрүлдү күүнүн шаңы. 
Эки ашык кыз жигитти элестетип, 
Мына эми комузунун тынбайт жаагы.

Жаш келин кымыз сунат, кымыз балдай, 
Кете албайт, айланчыктап күүгө канбай. 
Кадимки Раймаалы төрдө чертип, 
Отурат угуп коюп Бегимайдай.

 

ЖАЗ КЕЛГЕНГЕ СҮЙҮНДҮМ

Кыш арылап, жаз келгенге сүйүндүм, 
Терезесин ачып коюп үйүмдүн. 
Кыштай болуп тумчуланып оронбой, 
Жаздай сергек, жаздай жеңил кийиндим.
Аба кирип, аба абдан тазарды, 
Үй ичинде көп иштерим жасалды. 
«Кыштагыдай жатып албай мемиреп, 
Мээнет кыл»,– дейт кирип келген жаз алды.

Кылдым мээнет, короо жайым оңдодум, 
Чай ичкенге бошободу колдорум. 
Жер күрөктөп, мончок терим шыпырып, 
Тиктим жерге уруктардын болгонун.

Өтөт бир аз, өсүп чыгат тиккеним, 
Ага чейин даяр турсун кетменим. 
Күткөн элди көп каратып томсортпой, 
Жер жашартып, жаанды бергин көктөмүм.

Ах, ушул жаз сулуу кыздай буралган, 
Сен айланып келген сайын кубангам. 
Жыл өтсө да жапжаш болуп жашарып, 
Кылымдарга улам жолуң уланган.

Мейли улансын, келип турсун жадырап, 
Күнүң күлүп, гүлгө оронуп ар убак, 
Төрт мезгилдей дүйнө эли достошсун, 
Жаңжал, чатак, кетсин элден арылап.

Кыш арылап, жаз келгенге сүйүндүм, 
Терезесин ачып койдум үйүмдүн. 
Кыштай болуп тумчуланып оронбой, 
Көрчү мени, жаздай жеңил кийиндим.

Көпкө ооруп көтөрө албай бооруман, 
Жапа чегип жүрсөм улам оорудан. 
Балчы мага: «Дартка даба бал же», – дейт, 
Кыдыр Ата жолуккансып жолуман.
Балды, коонду танбай жедим оңолдум, 
Ач көз оору менден качып жоголдуң. 
Коон өстүрүп, бал челекти көбөйттүм, 
Көптөн бери бопбош жаткан короонун.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7825