Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Философия жана илим, Илим
© Мамбеталиев А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 27-сентябры

Аскарбек Эркинович МАМБЕТАЛИЕВ

Ногой баяны

Бул макалада кыргыз ногойлорунун элдин тарыхында ээлеген орду жана алардын кавказдык ногойлор менен байланышы талкууланат. Азыркы санжырачалар менен окумуштуулардын кыргыз ногойлорун өз санжыраларында эмне үчүн кошпой кеткендиги негизделет. Ошондой Манас эпосунда кыргыздарды эл катарына киргизген ногой уруусунун алиге чейин изилденбей калышы турмуштук парадокс катары белгиленет.

"Ногой баяны". "Назар" гезити, 2009

--------------------------------------------------------

Статья "Ногой баяны" ("История ногоев"). Впервые опубликована в бишкекской газете "Назар" в 2009 году.

Полузабытый род ногоев Кыргызстана и ногайцы Кавказа, безусловно, имеют общие корни. Доказательством тому служить их почти одинаковый язык, схожая культура и антропологические данные. Музыка ногайцев и структура поэтических произведений тоже очень близки к кыргызским. К сожалению, пока не было серьезного научного исследования касательно общей истории и связи этих двух народов. 

Другая проблема, которая обсуждается в статье – отсутствие или намеренное исключение рода ногой в кыргызских санжырах, хотя род ногой существует в Кыргызстане в наше время. Ногой в эпосе "Манас" является также дедом и родом национального героя. В истории кыргызов именно ногои смогли объединить кыргызские племена. Однако почему-то они остались за бортом внимания сегодняшних историков и ученых. Данная работа является первой попыткой заполнить этот пробел.

--------------------------------------------------------

There is no question that the Kyrgyz people of Central Asia and the Nogay people of Caucasus share almost the same language, culture and anthropological features. Their music and poetic structures are also very similar. Unfortunately, there has no research yet been published about their common history and relationships. This work makes a first step towards filling that gap.

 

Кириш сөз

Үстүбүздөгү жылда Азаттыкта жарыяланган макалада ногой уруубу же адамдын атыбы деп суроо таштап, анан даңазалуу Манастан: «Каратып турду Кашкарды, Карашаарга жеткенче Хан атаң Ногой башкарды», — деген насааты келтирген. Ошондой эле хан атабыз Ногойдун тукумдарынын тили кавказдагы ногай элинин тилине жакын экенин, ал тургай ошол кавказ ногайларынын арасында “кыргыз” жана “сейтек” уруусунун бар экени да айтылды*.

(*http://www.azattyk.org/content/article/1216626.html)

Рене Грусет (Rene Grousset) аттуу француз окумуштуунун Талаалардын империясы же Борбор Азиянын тарыхы аттуу АКШда жарык көргөн көлөмдүү китебинде тээ скифтерден тартып, Алтайда алгач пайда болгон пре-түрктөрдүн, гунндардын, европадагы гунндардын башчысы Аттилланын, орто кылымдардын башындагы Тучуех, Уйгур, Хитан, анан кийинки Тяң империясынын, араб-кытай согушунун, андан берки убактагы Карахандын, Каракытайлардын, Аварлардын, Мажарлардын, Печенектердин, Кыпчактардын доорунун чоо жайы баяндалып, Чынгызхандын империясына өзгөчө орун берилген. Бул эмгек да ошол ногой темасын көтөргөн.

Ушул ангеменин учун улай, жогоруда айтылган булактарга таянып, кыргыз журтуна ногой деген уруу кыргызстанда али да бар экенин жана алар өзүн кадимки айкөл Манасыбыздын тукуму деп эсептей турганын айтып коюуну парз деп эсептейм. Ошону менен катар эле ар түрдүү тилдеги тарыхый булактардын негизинде жүргүзүлгөн кыргыздын касиеттүү ногой уруусу тууралуу ушул чакан изилдөөнү сунуш кылмакчымын.

 

Маалымат булактарындагы ногойлор

Кээ бир маалымат булактарда Ногой өзүнчө уруу, ал тургай кыргыз элинен башка эл сыяктуу да берилип калган*. Бул кытай кыргыздарынын сайттарында да жүрөт**. Ал тургай Батый хандын Ногой аттуу агасы болгон деген шилтемелер бар***. Дагы бир маалыматта, Алтын Ордо кулагандан кийин, бир топ түрк уруулары Ногой хандыгын түзүп, ал кийин Казак хандыгы аталып кеткен деп белгилейт****. Муну түркиялык маалыматтардан кездештирүүгө болот (Мисалы, Мусафа Калхан). Кээ бирлер ногойду таптакыр эле кытай эли кылып салышкан (Мисалы, Э.Нурушев). Баарынан да Манасты кыпчак, ал тургай калмак кылып жиберген эрендерибиз да жок эмес. Албетте, мындай жоруктар бир чети жаңылыштык, бир чети кыргыздагы ногойлордун тарыхый душмандарынын кыйдылыгы болсо керек.

(*Алиби N36, Кыргыз Туусу, 13.02.2009)
    (**С.Закиров, Долон бийге чейинки санжырадан)
    (***Мисалы, А.Оморовдун “Чынгызхан” китебинде)
    (****http://akbashat.kg/15-21.html)

Мен өзүм Бишкекте төрөлдүм, ошондуктан Кыргызстандын чыгыш дубандарын кыдырып, ушул убакытка чейин бир да ногой жолуктура албадым. Ногоев, Сарногоев, Караногоев, Акногоев, ж.б.у.с. фамилияларды көп жолуктуруп, бирок алар таптакыр башка уруудан экенин билип далай таң калдым. Көрсө, ногой уруусу айтылуу Чынгыз Айтматовдун мекени Кара-Буура району менен ага моюндаш Чаткал районунда гана сакталып калыптыр.

Ырас, азыр чаткалдык ногойлор кыргыздын кытай уруусунун составына кирип турат. А бирок ошентсе да алар өзүнчө уруу экенин жана алар Манастын тукуму экенин ар дайым тастыкташат. Муну чаткалдык улуу кытай уруусу да, убагында бүтүн евразияны дүңгүрөткөн атактуу кыпчактардын чаткалдык тукумдары да колдойт экен. Анда эмесе бул эки ногой элинин тарых баянына өтсөк.

 

Кавказдагы ногойлор

Убагында орус, румын жана осетиндерди бийлеп, кийинчерек 1299-жылы орус колдуу болгон хан Иса Ногой биздин Манасыбыздын атасы эмес, ал тек Алтын Ордонун колбашчысы болгон. Ошол Иса Ногойду дыйканчылык менен жоокерчиликке шыктуу, кавказ монголдору аталган алтай тилдүү ногай эли түп атабыз дешет. Бул деле али толук тактала элек чындык. Анткени кара шаар Кашкарды башкарган кан атабыздын атына аты уйкаш монголдун генералынын заты биздин кавказдык бир туугандарыбызга тиешеси бар болгон менен, биз ногайлар менен тээ нагыз Манастын бабасы аркылуу биригебиз.

Ногайларды орус төбөлдөрү зордук менен отурукташып, бир нече миңдеген азаматтарын кырып жибергендиктен, далайлары Түркияга качып кутулушкан. СССР ыдыраганда азыркы жеринде акногой менен караногой диалектилеринде сүйлөгөн элди кошкондо 65 миңдей ногой азыркы территориясында жашаган.

Кавказдык ногайлар менен кыргыздын бир тууган экенине биздин тилибиз, маданиятыбыз жана мүнөзүбүз кепил. Ногайлардын тили менен музыкасы кыргызга казактыкынан да жакын, ал эми кээ бир окшош салттары болсо тагдыр узак убакытка чейин Кавказ менен Ала-Тоонун адам ашкыс белдери менен бекитип койгонуна карабастан эки элде окшош бойдон кадимкидей сакталып калган. Мисалы, бул эки элдин негизги тамагы айран менен кымыз бойдон турат. Ырларынын ыргактары да, саптарынын жети муун болуп бөлүнүшү да кудум кыргыздыкындай. Мен кавказдык ногойлордун арасына барсам алардын бир тууганым экенин кадимкидей рухумда туям.

Орус тилдүү булактардын биринде кыргыз жана кавказ ногойлору тууралуу мындай делет:

Связи кыргызского эпоса "Манас" с ногайцами были отмечены еще Жирмунским В.М., эти же связи достаточно подробно исследовал Молдобаев И.Б. По его мнению, "истоки генетической общности кыргызов и ногайцев берут начало от одних и тех же племен, обитавших в Прииртышье, северо-западной Монголии, затем на просторах Дешти-Кыпчака и Средней Азии. В какой-то мере это положение подтверждается наличием у кыргызов предания о братьях Ногое и Шигае, которые переселились в Чуйскую долину современного Кыргызстана из районов Южной Сибири и Алтая*.

(*http://www.kyrgyz.ru/?page=68)

 

Кыргыздын ногойлору

Көп кыргыз санжырачылары атактуу Манастын уруусу ногойлорду өз эмгектеринде каттабай кетишкенинин жүйөлүү себеби – бул уруунун аз сандуулугу жана периферияда компактуу жашап калышы. Ошондон улам кээ бирөөлөр кан Ногойдун тукумдары жок дегенге чейин барып атышат. А бирок бул уруу азыр батыш Кыргызстанда жайгашкан, админстративдик жактан Жалалабат областына, ал эми теги жагынан таластыктар менен аксылыктарга тууган эл жердеген Чаткал районунда куду бүгүнкүгө чейин кадимкидей тукум улап келе жатышат. Айрыкча чаткалдык ногойлор ушул күнгө чейин Манастын түз тукумубуз деп, алиге чейин Манастын арбагына сыйынышат. Чаткалдын Айгыр-Жал деген айылында бир жамаат ногой уруусу балдарына мындай деп кулагына куят экен:

— Кимдин тукумусуң?
    — Кан Манастын тукумумун.
    — Улутуң ким?
    — Улутум кыргыз.
    — Урууң ким?
    — Уруум ногой.

Көп санжырачылар ногойлорду аташпаса дагы учурда составында жашап жатышкан кытайлардын атын атайт. Кытайлар болсо бүт Кыргызстандын территориясына тараган, саруу, кушчу, чоң багыш, мундуз жана басыз урууларына тууган делет. Мунун да чындыгы бардыр, анткени чаткалдыктар, аксылыктар жана таластыктардын уруулук составы окшош.

Ногой уруусун издеп, кол жеткен санжыралардын баарын окуп чыктым. Кытайлык булактардан да, кыргызстандык булактардан да ногой уруусун таба албадым. Долон бийден берки деп эсептелген варианттардагы Ак уул (оң канат), Куу уул (сол канат) жана Ичкилик бутактарына кирген уруулардын арасында да жок. Бир кызык жери – көп санжырачылар ногой уруусун кошпой кетишкени менен Манастын чоролорунун жана ногойлорго канатташ жүргөн уруулардын атына орун беришиптир. Мисалы, Чубактын уруусу нойгуттар ичкиликтердин ичине киргизилип, Кошойдун уругу катаган сарттардын составына кирип калган. Эштектердин Жамгырчысынын уруусу болсо такыр эле Наалы эже менен Тагайдын майда барат уруусу болуп калыптыр. Мындан сырткары Манас эпосунда аты аталган жана азыркы белгилүү уруулардын аттары да бадырая төрдө олтурушат, мисалы канчоро, калмак, саяк, черик, найман, кыпчак, ж.б. Ошондой болсо да бул санжыралардагы кичине эсептелип, азыркы чоң уруулардын составына кирип калган кээ бир аттар кыргыздын гана эмес бүтүн Евразиянын тарыхына ташка тамга басып кеткендер. Мисалы, адамзат тарыхындагы ээлеген орду боюнча азыр алакандай Кыргызстанда чоң эсептелген уруулар ногой жана кыпчак деген аттардын алдында шоона эшпей калат.

Ошентсе да айтылуу ногой уруусуна кыргыз санжырачылары орун таба алышпаптыр. Еврей элинин санжыра эрежеси боюнча эң ыйык деп эсептелген левит уруусу Жакыптын он эки уруусуна кошулбайт. Ошонун сыңарындай, ногой уруусу да кыргыздардын составына ошол себептен кирбей калгандыр. Анткен менен илим мындай диний эрежеге чыдабайт, ошондуктан ногойлор да мындан ары кыргыз санжыраларынын катарына кошулушу абзел. Бул бир. Экинчи жагынан кыргыз ногойлору менен кавказ ногойлору унчукпагандан пайдаланып, кээ бир авторлор бул элди таптакыр эле кыргызга душман катары көрсөтүп жиберген учурлар чыга калып атат.

Атаңгөрү, калдайган Манас эпосу турса, калың кыргыздын алдында ногойлорду да, алардын кызыл туусун да калмактыкы кылып жиберген эргулдар чыкты. Мисалы, кытайлык бир манасчынын айтканына таянып, бир киши Кыргыз Республикасынын мамкатчысына биз кыргыздын эмес калмак-кытай Ногойдун кызыл туусун көтөрүп жүрөбүз деген тейде бир гезит аркылуу ачык кат жарыялап жиберди. Эми, биринчиден ал урматтуу манасчы кытай эл республикасынын жараны болгондуктан өзүнчө бир саясий ыкма колдонгондур, бизде деле Теңирий Манасты мусулман кылып атпайбызбы азыр. Экинчиден кытайлык манасчы калмактардын арасындагы ошол Ногой деген байды калмак деген жок. Үчүнчүдөн ошол Ногой бай Манастын атасы Жакыптын кожоюну болгон экен. Ал эми төртүнчүдөн биз Манастын бабасы Ногойдун да урпактары бар экенин унутпашыбыз керек. Унчукпасак, кан Ногойду да калмак кылып тына турган жубарымбектер чыгып кетип атат. Бул автордун кызыл туу кыргыздыкы эмес дегени да жүйөөсүз. Анткени, биринчиден эмнеси болсо да кыргыздын кызыл туусу соңку жаңы тарыхта калды. Биз мунун сыйлоого тийишпиз. Экинчиден Манаста деле “көк асаба кызыл туу, көк жаңырган улуу чуу” деген саптар бар, б.а. кыргыздын туусунун асабасы көк, өңү кызыл да болгон.

Манасты кыпчак кылууга аракет кылган толкун да өттү. Атайын рефераттар жазылды*. Тим койдук, анткени аргументтери суу кечпеди. Кылым башында казактар да талашкан. Ооба, кыпчак кыйын эл, казак боордош калк. Экөө тең Ала Тоонун сыймыгы. Ошентсе да Манас алардыкы эмес. Манас азыркы жалпы кыргыздыкы. Албетте азыркы жалпы кыргыз элинин ичинде кыпчак, калмак, тейит, кытай, ж.б. баары бар. Ошолордун баарыныкы. Бул жерде талаш жок. Бирок биринчи кезекте Манас ногой уруусунун түп атасы. Ал эми ногой уруусун кыргыз сактап калды. Манастын жердеген жери Талас, азыр уруусу Чаткалда, ал эми Манас эпосу Ысык-Көлдүк Саякбай Каралаевтан өттү. Ошондуктан Манас жалпы кыргыздыкы.

(*http://www.uralstudent.ru/litera/other/id-43092.html)

Дегеле, Манастын душмандары ушул бир тууган эле элдерден көп чыккан. Өзөктөн чыккан өрт жаман демекчи, Манаска ал тургай өзүнүн туугандары эмес уруусу да кас болгон учурлар болгон экен. Манас жарадар болуп, өлүм алдында жатканда кайран катын Каныкей: “Азилде көзүң жумулса, Ага-иниңдин баары кас!...Тоодой көзүң жумулса, Аргын, Ногой журтуң кас!” деп зарлаган[5]. А балким депрессия болгондо аялдык кылып, коркконго кош көрүнүп, арызы кошогуна чыккандыр. Ошентсе да мына ушундай арсар учурлардан пайдаланып, Манаска гана эмес, анын элине тап берген ногойдун душмандарынын дымагы кыргыз тарыхында дайыма болуп келген. Ыраматылык Ашым Жакыпбековдун айтылуу Теңири Манасында Алоокенин мындай дегенин эсиңиздерге сала кетейин:

Буруттун үйүрүн чачып, төгөрөктүн төрт бурчуна төрт бөлүп таратпасам акыры бизге тынчтык жок. Коноруна конуш бербей, барагына мал бербей, эки колун аркасына байлап, ичтонуна сийгизип, беттерине аза Кызыл чүпүрөк байлап, мындан аркы тукумуң туусу ушул деп, өңдөрүн бозортуп, көк теңирин кызартып, аалам кездирип тентители! Ала-Тоодой бейиш жери эстеринен чыккыдай болсун, алыс-алыс айдайлы! Ала-Тоо конушун Таңшаң деп атап алалы! Мындай касиеттүү жерди элинен, өз касиетинен жоготуп, касым кыргыз түгүл досума бергис кыламын! (А.Жакыпбеков, Теңири Манас, Бишкек)*.

(*http://www.presskg.com/kqk/09/0513_6.htm)

Эми муну мындай таштайлы да касиеттүү ногой уруусуна кайрылалы. Азыр бул уруу Чаткал районунда кытай уруусунун арасында жашап жатышат. Бул уруунун да кыргыз тарыхында ролу зор. Алиби гезитинде жарык көргөн Каработохан — Кыргыздын сыймыгы аттуу макалада кытай уруусу учурунда кыргызды калмактардан коруган баатыр уруу катары сүрөттөлөт. Кытай уруусунан чыккан белгилүү инсандар: Кара Бото баатыр*, Курманжан датка, Кожожаш мерген (баатыр), Чолпонбай Түлөбердиев, Чынгыз Айтматов, Барпы Рыспаев...

(*http://www.presskg.com/ali/08/0409_14.htm)

Кыргыз санжыраларындагы кытай уруусу Куу Уулдан тараган уруулар менен катар саналганы менен, анын составы чаткалдык кытайлардыкынан айырмаланат экен. Чаткалдык кытайлар карамыкчы, татыран, майда, актонду, ж.б. уруулардан турат. Анын үстүнө чаткалдык кытайлардын арасында эсептелип жүргөн ногой уруусу, кыргызстандын башка областарындагы кытай урууларынын арасында жок болуп чыкты. Демек, ногой уруусу менен кытай уруусунун санжырадагы орду эки бөлөк. Кытайлык авторлор Сайра Ырысбек кызы менен Аскар Жунус уулунун Изин жоготпой келе жаткан кыргыз бар аттуу макаласында* кытай уруусу кан Манастын досу Алмамбеттин урпактары делинет.

(*http://www.aktilek.com/Topic.aspx?BoardID=12&TopicID=780)

Ал эми ногойлорго белгилүү санжыраларда орун жок болуп жатканына карабай, кавказдык ногойлор менен катар эле чаткалдык ногойлор да кырк огуздардын саясий согуштук бирикмесине алгачкылардан болуп кирген улуу уруулардан урпактары экенин эч ким тана албайт. Кавказ ногойлору өздөрүн тарыхый инсан, Чыңгызхандын тукуму Иса Ногой колбашчынын тукумубуз деп эсептеген менен, бул генералдын аты тээ Чынгызхандан ары Манастын убагына барып такалат деген гипотеза да жашоого укуктуу.

Атактуу Ашым акенин Теңири Манасында Манастын ата-теги мындай: “Түпкү атасы Каракан, Каракандан Огузкан, Огузкандан Аланча кан, Аланчадан Байгур менен Уйгур, Байгурдан Бабыр, Бабырдан Түбөй, Түбөйдөн Көгөй, Көгөйдөн Ногой, Ногойдон Орозду чоң атасы, Орозду чоң атасынан Жакып өз атасы”. Кадимки эле биз окуп жүргөн Саякбай Каралаевдин вариантындагы Манас эпосунда кан Манастын санжырасы мындай берилген: Ногойдон Балакан, Балакандан Карахан, Карахандан бай Жакып. Сагынбай Орозбак уулу болсо Ногойдун төрт уулун санап өтөт: Орозду, Үсөн, Бай, Жакып. Жакыптан Манас экени баарыбызга белгилүү. Ошол Ногой хандын элинин, б.а. кыргыздардын чабылып-чачылышынын кесепети катары Сагынбай Орозбак уулу “эл кадырын биле албагандан”* көрөт.

(*Академиялык басылма, 1995, 1-китеп, 3988-4101-саптары)

“Балам Манас, — деп Жакып жеңилтектик кылып, калмактар менен кармашууга жулунган баласына айкырып, — илгери Ногойдун кезинде калмактар бизге карачу эле, бирок ногой өлгөн соң. . . Алардын башчысы Эшен 50 миң кол курап, бизге чабуул жасады, Кыргыздарды жеңип, жерибизди канга боёду, Ногойго карандуу элдердин урпактарын сүрүп тымтракайын чыгарды”[1]. Дагы бир булакта болсо, “Заманында же 304-жылы Улуу Манастын эң кийинки тукумдарынан келип чыккан айтылуу Ногой кан бүтүндөй Түндүк кытайды басып алып, өз дөөлөтүн орноткон”, — делет*.

(*http://janyzak.narod.ru/tehir/tehir.htm)

Оштук манасчылардын эмгегинде да Манастын ногой уруусу айтылат:

Эки таздан кеп уктум,
    Элим Ногой деп уктум.
    Желки Таздан кеп уктум,
    Жерим Талас деп уктум.
    Кара таздан кеп уктум,
    Калкым Ногой деп уктум
*.

(*Бухарада жүргөндөгү Семетейдин сөзүнөн)

 

Соңку сөз

Бул жерде Манас аттуу баатырдын болгону болбогону он бешинчи маселе. Кеп – кыргыз рухуна бабалар мурастаган Манас эпосунун эл тарыхы жана тагдыры үчүн өтө маанилүү экендигинде. Ошентсе да мен кыргыз ногойлору түптүз Манастын урпактары экени азырынча чаткалдык ногойдордун ишенимдеринин деңгээлиндеги иш экенин моюнга алам. Ал эми ишеним акылдан да, фактыдан да өжөр экенин келечек далилдээр. Эмнеси болсо да, кыргыз пир туткан кан Манастын чоң атасы Ногойдун урпактары тукум курут боло элек, алар азыр Чаткал районуна караштуу Айгыр-Жал айылында ушул күнү жашап жатышат. Менин максатым — убагында чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, кыргызга дем берип, эл катарына киргизген кан Манас атабыздын уруусу ногой тууралуу санжырачыларга кулак кагыш кылып коеюн деген эле ниет. Анткени тарыхта баатырын эрөөн албаган бокмурундар нескаралардан таяк жеген.

 

Библиография:

1. Асанбек уулу Т. Оркочордо от күйсө. Кытайлык кыргыздардын актилек сайтынан алынды. http://www.aktilek.com/Topic.aspx?BoardID=30&TopicID=567
    2. Жакыпбеков А. Теңири Манас. Бишкек, 1995. http://janyzak.narod.ru/kitep/ash/1_2.htm
    3. Калчакеев К.Б. Манас эпосунун түштүк варианттары. Жалал-Абад, 2002.
    4. Каралаев С. Манастын өлүмү. Фрунзе: Кыргызмамбас, 1941. http://www.nlkr.gov.kg

Аскарбек Мамбеталиев, ногой.

 

Part II.

Насчет ногайско-кыргызских связей. Народ ногой действительно фигурирует в героическом эпосе кыргызов "Манас" как дружественный кыргызам, составляющий с ними единое владение, улус; именно из ногоев происходил сам богатырь Манас. По немногим, очень туманным сведениям можно предполагать, что изначально основная масса мангытов проживала в Чагатайском улусе, по соседству с нынешним Кыргызстаном. Во второй половине XIV в. мангыты переселились в Западный Казахстан, сохранив память о своей жизни в южных предгорьях (в одном из ногайских сказаний названа местность "Алатаулы Киргиз").

– Касаясь ногайской темы, трудно было бы уйти от этимологии самого термина "ногай/ногой". Каким образом огромная орда, кочевавшая от Волги до Иртыша, получила имя ногаев? Имеет ли связь этот этноним с монгольским названием собаки? Интересно то, что в евразийских степях мы обнаруживаем целый слой "собачьей" тематики, те же кыргызы по легендам происходят от собаки "кызыл тайган", почти у всех тюрков присутствуют легенды о собаке "кумайык", в древности упоминаются племена "ит-бараки".

Абдуманапов, Р. (2004). Отбрасывать драгоценное наследие российской тюркологии это непростительное расточительство. Извлечено 12.09.09 из http://www.eurasica.ru/articles/point/intervyu_s_vv_trepavlovym/

 

© Мамбеталиев А., 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 14419