Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Жунушбаев У.Ж., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 21-августу

Улан Жанузакович ЖУНУШБАЕВ

Дүнүйө

Тандалган ырлар

Бишкектик акын жана котормочу Улан Жунушбаевдин лирикасы. Тандалган ырлар. Алгач жарыяланышы.

 

Аидага

Көпкө көрбөй, көрдүм сени Аида
Жолуктурдум окуп жүргөн жайыңдан.
Өзгөрүпсүң. Оозум ачып таң калдым, 
Мектептеги унчукпаган кыз кайда?

Жолукканда жылуу учурашып жолуктук,
Сураштырдык жашоону, ден соолукту.
Сүйүнгөндөн жылмаюуну жыялбай
Дөдүрөдүм дагы башка жорукту.

Анан дагы унчукпадык сөз таппай…
Дем кысталып, жүрөктүн катуу сокконун ай!
Мейли, мейли… Көңүл бурба… Сүйлөй бер…
Мен сүйүүдө сүт эмген жаш баладай.

 

* * *

Бир ашууну ашканда – 
Экинчиси көрүнөт.
Бир зоокага чыкканда,
Андан бийик үмтөтөт.

Бул жашоонун бир ыгы:
Өсмөйүн тирүү жан болбойт.
Өспөсө өчөт думугуп,
Тирүүлүк ага жолобой.

 

* * *

Алаксытчы, ырым ай
Эң бир сонун дүйнө ачып, 
Бир мүнөткө алдачы
Чынчыл олдо кургур ай!

Кайырчыдай суратпай
Төгүлсөң боло нөшөрлөп,
Жериңдин жыттуу төшөгүн өөп,
Ачылгын, ичтен сыр катпай!

Алаксытчы, ырым ай
Эми не деп алдайын?
Кантип сага жараймын,
Алданбаган оңбогур ай!

Келчи мага чүрөктөй,
Сүйүү оюнун ойнойлук
Мен сени сүйгөн эр болуп,
Коё беремби кыспай, өппөй?!

Алаксытчы, ырым ай
Узак кепти жай айтып,
Тынчы жок жанды жаялтып,
Сүйлөчү, кудай алгыр ай!

Сен болдуң го эрмегим,
Жалгыздан тапкан жан досум.
Эртеңи эмне болбосун
Сен менден качпа, тилегим!

 

Аккан суу

Ай аккан суу, аккан суу
Жашоодойсуң аккан суу
Бирде мөлтүр булак суу
Бирде киргил ылай суу
Бирде шаркырама суу
Бирде жай баракат суу
Бирде канал сыяктуу
Бирде өңү кыяндуу
Ай аккан суу, аккан суу
Өмүрүмдөй аккан суу
Бир кезиңде баладай 
Ойноктогон акка суу
А бир кезде жөн акпай 
Сугарылат аккан суу.
Бир кездерде ташкындап
Толуп турган аккан суу
А бир кезде тайыздап 
Кургап калган аккан суу.
Бир жерлерде мөлмүлдөп
А бир маалда жер сүрөп
Жашоодойсуң аккан суу
Ай аккан суу, аккан суу!
Ага бер аккан мөлтүр суу 
Токтоосу жок өткүр суу 
Кыргызда бир макал бар
Аккан сууда жок арам
Өмүрүмдөй аккан суу
ага бер ай аккан суу, аккан суу!

 

* * *

Мен ыр жаздым, дагы ыр жазганга эргүүм бар,
Күчүм толуп, алп күчүнө барабар.
Кана чыкчы, колго тийбес, баш ийбес
Жоктогу ыр – мен шер сени багынтар.

Бир күүлөйсүң, бир тынчыйсың шамалдай, 
Шыңгыр этип, жашынмак ойноп кармалбай.
Аба чапчып кээде калам «аттиң» деп,
Өзүң кээде келесиң сүйүп сулуудай.

Же сен шерсиң, карууң толгон тырышчаак, 
Же сулуусуң акын деп бетиң албырттап.
Бир күрөшүп, бир сүйүшүп жүрөбүз…
Багындым, ырым! Ынтымакка айла тап.

 

* * *

Мен акынмын — жоктон жокту чыгарган,
Жанымды эзип, ууну-балды тең сыккан.
Уумду ичсең – жаның күйөт албырттап,
Балымды ичсең – алкышын айтып сергийт жан.

 

* * *

Мына, мына… Эми күүлөнүп баратам, 
Муруңкудай саптарыма жок санам,
Куюлушуп, өздөрү келип жымыңдап
Капталышат өз ордуна, жараткан!

Чиймелейсиң, ордун таппай талашса,
Бөтөнү келип, бузуку сээп, чырдашса,
Ак баракка түзүгүн келип түшүрсөң
Жан жаялбай кирет кайра карашка.

Иргейт, ылгайт, нечен ирет жат окуйт.
Бир жактырат, бирде андан көңүлү ооруйт.
Бир сүйүнүп, бир күйүнүп отурат
Көрүп турсаң бул иш өзү бир кокуй.

Кокуйлаткан, жанды кашайткан чатак иш,
Не болсоң да айтам сага мен алкыш.
Жүрөк эрийт алышпасам сени менен
Ай, кургур ай, жанымда болчу жайы-кыш.

 

Пушкинден

Алдаса эгер турмуш сени
Ачууланба, кайгырба!
Муң-капага жыгылба,
Шаттык күнүң бил келерин!

Жүрөк эртеңин самайт,
А бүгүнкү маанайы пас,
Баары өтөт, баары бир пас,
Өткөн соң жылуу келгенин айт!

 

* * *

Улам, улам ыр жазып
Ыр жазганга кумарым.
Чиймеленген кагаздын
Сүйөм улам актарын.

Кол талыбайт ыр чийип,
Дене сезбейт жазасын:
Жата калып бүкчүйүп, 
Нары-бери басып жүрүп,
Үстөл үстүндө үңкүйүп
Ырды келип жазасың.

Калемдин да убалы:
Тиштегилеп бир учун,
Ыр жакшысы болушу үчүн
Тамтыгың калбайт, каламым!

Ыр жазганга кумарым,
Кызга тарткан кумардай.
Ырдан тапкан жыргалым,
Чүрөктү сүйгөн жыргалдай.

 

* * *

Кыз болгону акыры
Аял болуп калары.
Кайсы кыз мага туш келип
Алдейлейт өз балдарын?

Күтөм, күтөм келин кел
Ырахат, ырыс алып кел.
Үйүмө жылуу коломто жагып
Жан боорумдай жакын кел!

 

* * *

Жамгыр жаады, жамгыр жаады себелеп,
Кургак чаңды тыпыр-тыпыр тебелеп.
Күүлөнгөндө чыга качтым үйүмөн
Бетимди тосуп, жуунуп, кубанып, эркелеп.

Бир заматта көл-шал болду көйнөк-шым.
Салмактанып, денеге бүт жабышып.
Көзгө илбей, көлчүлдөтө сүйүндүм
Көлчүктөрдөн тарс секирип, каткырып.

Шат-тамаша жамгыр менен күүлөндү, 
Жамгыр бүтүп, табият чүрөк өңдөндү.
Жаңы эле жуунуп, таза киймин кийгендей,
Ачылды асман, жаасын керип күн күлдү.

 

Дүнүйө

О жараткан дүнүйө!
Алдап жаткан дүнүйө, 
Миңдин бири дүнүйө, 
Балдан ширин дүнүйө!

О кудурет дүнүйө!
Кирип кеттим үйүңө -
Бир бөлмөңдө күн ачык,
Экинчиңде ай жарык,
Үчүнчү бөлмөң караңгы
Мен байкуш адашкан жан бы?

О жараткан дүнүйө!
Суктанам жашоо түрүңө
Өлүмдүн кара жүзү бар,
Оорунун учтуу мүүзү бар.
Сүйүүнүн тунук көзү бар
Достуктун бекем сөзү бар
Мунун баары — дүнүйө
О жараткан дүнүйө!
Алдасаң да мейли дейм,
Адашсам да мейли дейм.
Көз кыйыгың салсаң да, 
Ар азапка малсаң да
Жүрөмүн сага сүйүнө
О жараткан дүнүйө!

 

© Жунушбаев У.Ж., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 

Улан Жунушбаевдин орус тилинде жазылган ырларын да окугула

 


Количество просмотров: 2700