Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты
© 2009, Маринка Франулович, текст боюнча автордук укук
© 2009, Дориана Беркович, көркөм сүрөт боюнча автордук укук
© 2009, Миграция боюнча эл аралык уюму
Чыгарманын үзүндүсү автордун жана Миграция боюнча Эл Аралык уюмунун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн жана сүрөттөтүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес. Бардык укуктар когголгон
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 16-августу

Маринка ФРАНУЛОВИЧ

Айнуранын түшү

Китептин үзүндүсү

Сүрөттөрү Дориана Беркович

Сүйүн Курманованын котормосу

Айнура аттуу жаш кыргыз келинге "коңшу мамлекеттеги базарда иштейсиң" дегенде, ал "турмушум оңолот го" деген ишенимде болгон. Бирок анын паспортун алып алышты, өзү эч кандай акы албай эртеден кечке тамеки талаасында иштөөгө аргасыз болду. Айнура өзүнүн малай катары сатылганын түшүнүп, бул туткундан качандыр бир кутулаарына көзү жетпей баратты. Айнура менен бирге болуп азыркы учурдагы кулчулук жана адам сатуучулардан кантип сактануу керектигин билип алгыла. Кыргыз Республикасынын билим берүү министрилиги тарабынан мектептерде класстан тышкаркы окууга пайдаланууга сунушталды.

Маринка Франулович. Айнуранын түшү. – Б.: Кирланд, 2009. – 48 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    Ф 83
    ISBN 978-9967-25-523-4
    Ф 4702300100-09

 

СӨЗ АЛДЫ

Силер кулчулук доорунда, адамдарды башка бир адамдар кудум буюм сымал сатып алган учурда төрөлгөнүңөрдү элестетип көрдүңөр беле?.. Мисалы, сен кулсуң, сени кул саткан адам атайын базарга алып келип, үнүнүн барынча жар салып, сата баштайт: "Кул сатам, алгыла! Арзан берем! Жаш, күчтүү, иштемчил кул!"

Кожоюнуң сени болгон оор жумуштардын баарына салат. Эмгек акынын ордуна ачкадан өлбөгүдөй нан менен суу гана берет. Кожоюн оюна келген учурда уруп-сабап, мазактап, башкага сатып, атүгүл өлтүрүп койсо да өз эрки.

Кулчулукту коомчулук эчак эле жерип, жойгону менен азыркы күндө деле адамдарды кулдан бетер пайдаланган учурлар бар.

Бул китептеги баян чыныгы турмуштан алынган. Андагы Айнура аттуу кыргыз аялынын башынан өткөн окуялар кулчулуктун азыркы күндө да кездешип жатканын, болгону башкача бир жаңы түргө өтүп алганын көрсөтүп турат. Адам сатуу маселесин ачык айтсак гана биз кулчулук торуна түшчү адамдарды кулакдар кылып, ага каршы күрөшө алабыз.

 

Китептин биринчи үч PDF форматтында сүрөттөлгөн бапын ачкыла

 

© 2009, Маринка Франулович, текст боюнча автордук укук
    © 2009, Дориана Беркович, көркөм сүрөт боюнча автордук укук
    © 2009, Миграция боюнча эл аралык уюму

 


Количество просмотров: 3914