Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Котормолор
© Солженицын А.И.
© Кыргызчага У.Ж.Жунушбаев которгон, 2009. Бардык укуктар корголгон
Котормо котормочунун кат түрүндө уруксаты менен жарыяланып жатат.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 21-июлу

Улан Жанузакович ЖУНУШБАЕВ

Иван Денисовичтин бир күнү

Повесть

Орус тилинен которгон Улан Жунушбаев. Кыргыз тилинде биринчи жарыяланышы

Кол алдыңыздагы бул чыгарма убагында дүйнөнү дүңгүрөтүп, анын авторун — белгисиз рязандык мугалимдин, мурдагы зэктин ысмын бардыгына белгилүү кылган. Улуу орус жазуучусу А.И.Солженицын кыргызчага алгачкы ирет которулуп, кыргыз окурмандарына тартууланып жатат. Бул повесттин жарыяланышы жазуучунун жылдыгына арналат – үстүбүздөгү жылдын августунда А.И.Солженицындын көз жумгандыгына бир жыл болот

 

Таңга маал саат беште, адаттагыдай, штаб барактын жанындагы рельске балка менен каңк эткирип ойгонууга чакырды. Үзүлүм добуш эки эли тоңгон муз айнектен араң гана угулуп, бир аздан кийин тынчып калды: суукта колду шилтей бергенден сакчы качты окшойт.

Добуш тынчыды, ал эми терезеде, Шухов түн ортосунда бейшептегени чыкканда караңгы болгондой, азыр да көзгө сайгыс караңгы жана үч саргылт фонарлар көрүнөт: экөө — зонада, бириси – лагердин ичинде.

Баракты ачканы келбей жатышты, кезектегилер бейшептеген челекти таяктарга илип чыгарып жатканы да угулган жок.

Шухов рельске балка урулаар замат турчу – тизилээр маалга чейин өзүңдүн бир жарым саат кызматтык эмес убактың бар, ким лагердик тирликти билсе, иштеп тапканга үлгүрөт: кимге эски ичтен колгабына каптама тигип бересиң; колунда бар бригадалаш үйүлгөн чокойлорду жылаңайлак айланып тандап отурбасын үчүн кургак чокойду түз эле анын койкасына коюп бересиң; же каптеркаларга чуркап, кимге жардам керек, шыпырасың же алып келесиң; же ашканага барып столдордон чөйчөктөрдү чогултуп, үймөктөп идиш-аяк жууган жайга алып барасың – ал жакта да шам-шум эткени беришет, бирок бу жерде шымалангандар көп, алар үзүлбөйт, эң негизгиси бирок – эгерде чөйчөктө калдык болсо, токтоно албай жалап баштайсың. Ал эми Шуховго биринчи бригадири Кузёминдин сөзү катуу эсине калыптыр – карт бөрү болчу ал, кырк үчүнчү жылы он эки жыл отурган киши эле, ошондо фронттон суурулуп, лагерге жаңы отургандарга кайсы бир ээн токой жолунда очокту тегеректеп отурганда айткан:

— Бул жердин закону, балакайлар, – тайга. Бирок адам бу жерде да күн көрөт. Лагерде мына ким жан берет: чөйчөктү жалаган, санчастка үмүт салган жана «кум» менен тил табышкан.

«Кум» тууралуу, албетте, ал аша чапты. Огулар өздөрүн сактай жүрүшөт. Бирок алардын сак калганы — бирөөнүн каны.

Шухов дайыма жанагы чакырык менен турчу, бүгүн гана турбай калды. Кечээтен бери жакшы болбой жүрдү, чыйрыгып жатабы, сөөктөрү какшайбы түшүнбөдү. Түн ичинде да жылыбай койду. Уйкусурап, бир өзүн ооруп калгандай сезет, бирде ооруганы койбергенсийт. Таң атпаса экен деген эле тилеги.

Бирок өз кезеги менен таң атты.

Терезеде муз калың жана барактын – килейген барак! дубалы менен үстү жагы кошулган сызыкты бойлой – ак желе. Кыроо. Каяктан анан жылыйсың!

Шухов турбай жатты. Ал вагонканын үстүндө жатат, жуурканы менен бушлатты башын көмдүрө жамынып, колу бар күрмө тондун бүктөлгөн жеңине эки таманды салып алган. Көзү менен көрбөсө да, добуштарды тыңшап, баракта жана өз бригадасы жайгашкан бурчта эмне болуп жатканын байкап турду. Мына, коридордон оор басып, дневальныйлар сегиз чакалуу бейшептеген бир челекти алып чыгышты. Майыптын жеңил жумушу болуп эсептелгени менен, кана, төкпөй-чачпай чыгарып көрчү! Мына, 75-бригадада кургатма жайдан алып келген чокойлорду жерге ташташты. Көп өтпөй – бизге да (чокойлорду кургатуу кезеги бүгүн биздики болчу). Бригадир менен помбригадир унчукпай буттарын чулгоолоп жатышты, вагонкасы эле кыйчылдайт. Помбригадир азыр нан кесчү жайга барат, бригадир болсо – штаб баракка, нарядчиктерге.

Нарядчиктерге бүгүнкү сапары, жөн эле күнүгө барып жүргөндөй эмес, — Шуховдун эсинде бар: бүгүн тагдыр чечилет – биздин 104-бригаданы устакана курулуштан «Соцбытгородок» деген жаңы объектке шилтеп салгылары бар. Соцбытгородок дегени – каар үймөгүндөгү ээн талаа, ал жерде бир нерсе кылаар алдында, жер оюп, устун орнотуп, өзүңө өзүң – качып кетпеш үчүн, — тикенек зым тартышың керек. Анан барып курулуш башталат.

Бери жагы, бир ай баш калкалап жылынууга жай болбойт. От жагып жылынууга да эч нерсе таппайсың. Иштеп жылынбасаң — андан башка айла жок.

Бригадир ойго чөмүлүп, кам көргөнү жөнөдү. Өзүнүн ордуна, башка тыңсынбаган бригаданы түртүп жибериш керек. Албетте, куру кол менен сүйлөшө албайсың. Жарым кило сало улук нарядчикке бериш керек. Аз десе – килограмм.

Аракетке — берекет дегендей санчастка барып, жумуштан бир күн бошонууга аракет жасап көргөндөбү? Дене бойду жанчып салгандай.

И-и баса – сакчылардан кезекте бүгүн ким?

Эсте бар, кезекте бүгүн: Бир Жарым Иван, арыкчырай, узун карагөз сержант. Биринчи көргөндө — жүзү каардуу, бирок жакын билгенде – күзөтчүлөрдүн арасында эң ак көңүлү ошол: карцерге отургузбайт, режим начальнигине сүйрөбөйт. Дагы жатып турса болот экен, ашканага тогузунчу барак баргыча.

Вагонка селкилдеп чайпала түштү. Эки кошунасы тең тура баштады: үстүндө — Алешка баптист, астында – Буйновский, мурда экинчи рангдагы капитан, кавторанг.

Эки дневальный чал, бейшептеген челектерди чыгарып койгондон кийин, кайнаган сууну ким алып келет деп бири бирин жемелеп жатышты. Катындардай жемелешип жатышты. 20-бригададан электросварщик аларга барк этти:

— Эй, бечелдер! – деген сөзү менен чокою ыргыды. – Азыр жараштырып коём!

Чокой күңк этип устунга урунду. Унчукпай калышты.

Коңшу бригадада күңкүлдөп помбригадир сүйлөп жатты:

— Василь Федорыч! Продстолдо чаташтырып салыптыр, арамдар: тогуз жүздүктөр төртөө болчу, эми үчөө эле болуп калыптыр. Кимге азыраак берсек?

Бул сөз акырын айтылганы менен тиги бригада, албетте, жым боло түшүп, бардыгын тыңшап турду: кечинде бирөөгө бир кесим кем беришет.

Шухов болсо чакан матрасынын ныкталган таарындысында жата берди. Деги бир жагына ооп кетсе го – же калтырата кара тер басса, же какшап ооруганы басылса. Ары эмес, же бери эмес.

Баптист шыбырап чокунгуча, Буйновский тыштагы шамалдан келип, эч кимге кайрылбай, табалуу кубанычы менен жарыя салды:

— Эх, кызыл флотчулар! Отуз градуска туруштук беребиз!

Ошондо Шухов санчастка барганы чечти.

Ошол замат бирок бийлиги бар бирөөнүн колу күрмө тонду жана жуурканды үстүнөн сыйрып салды. Шухов бушлатты бетинен алды, башын көтөрдү. Алдында, башы менен вагонканын үстүнө жетип, арыкчырай Татар туруптур.

Демек, өз убагында эмес кезекке чыгып, акырын уурданып келген экен.

— Ще – сегиз жүз элүү төрт! — деп Татар кара бушлаттын артындагы ак жамаачыдан окуду.— Үч сутка кондей жумушка чыгуу менен!

Анын кыстыккан өзгөчө үнү угулаар замат, бирин-серин лампочкасы күйгөн, кантала баскан элүүгө жакын вагонкаларда эки жүз адам уктаган күңүрт барактын ичи кыймылга келип, тура элек ким болсо, бардыгы шашпалактап кийине башташты.

— Гражданин начальник, эмне үчүн? – үндү болушунча кейиштүү чыгарып, Шухов сурады.

Жумушка чыгуу менен – бул карцердин жарымы, ысык тамак берилет, ойлонууга да убакыт жок. Толук карцер – жумушка чыгарбай.

— Тургула дегенде турган жоксуңбу? Бас комендатурага, — деп шашылбай түшүндүрдү Татар, анткени Шуховго да, өзүнө да, деги эле бардыгына кондей эмне үчүн берилгени айтпаса да түшүнүктүү.

Бир тал өспөгөн уйпаланган Татардын өңү кош көңүл. Ал дагы бирөөнү издегилеп карагыча, бардыгы – ким түнөрүңкү жерде, ким лампочканын жарыгында, вагонканын биринчи кабатында да, экинчи кабатында да буттарын кара кебез сол тизеде номерлери бар шымдарга салып жатышты же кийинип алып, кумтулана чыгууга карай жөнөгөндөр – Татардан сыртка чыгып кутулуш үчүн.

Шухов карцерди башка бир күнөөсү үчүн алса, мынчалык көөнүнө тийбейт эле го. Капа кылганы – дайыма ал биринчилерден турчу эле да. Бирок Татардан суранамын деп ойлонбой эле кой, пайда чыкпайт. Адатынча сурана берип, Шухов түнүчүндө чечпеген кебез шымы менен (анын сол тизесинде да эскирген кир жамаачы тигилүү, ал жамаачыда кара, өңү өчкөн боёк менен Щ-854 деген номер жазылган), үстүнө күрмө тонду кийип (анда жанагы номерлерден экөө бар – бири төшүндө, бири аркасында), жердеги үймөктөн чокоюн тандап алып, тумагын кийди да (жанагыдай алдында жамаачы номери менен) Татардын артынан чыкты.

104-бригада Шуховду алып кетип жатканын көрүп турду, бирок бирөө кыңк этпеди: кереги эмне? Эмне дей аласың? Бригадир болсо го бир аз болушмак, бирок ал жок. Ошондуктан Шухов унчуккан жок, Татардын жинине тийбей. Эртең мененки тамакты алып калышаар, билишет да.

Ошентип экөө чыгышты.

Суук мунарыңкы тарткан, дем аптыгат. Эки чоң прожектор алыскы бурчтагы чокулардан кайчылаштыра зонага жарыгын таштайт. Зона фонарлары жана ичтеги фонарлар да күйүп турат. Алардын ушунчалык көптүгүнөн, асмандагы жылдыздар көрүнбөйт.

Каарды чокойлору менен кычыратып, зэктер өз иштери боюнча зыпылдап жүргөнү – ким дааратканага, ким каптёркага, кимиси — жөнөтмөлөр кампасына, тигил болсо жеке ашканага таруусун тапшырганы баратат. Баарысы баштарын ийинге катып, бушлаттарын кумтулаган, баарысы кыштын гана ызгаарынан эмес, ушул суукта күн кечке жүрүш керек деген ойдон үшүп бараткан кишилер.

Татар болсо киргил мала көк петлица тагылган эски шинелде зыңкыйып басып баратты, суукту да кенегидей эмес.

Экөө бийик тактайдан тегерете королгон БУР2 – таш менен тургузулган ички лагердик түрмөнүн жанынан өтүштү; нан жапкан жайды камактагылардан коруп тартылган тикенек зымдардын жанынан; штаб барактын бурчунда калың зым менен устунга илинген бубактуу рельстин жанынан; башка устунда өтө төмөн көрсөтпөгөндөй катылуу жерде илинген кыроо баскан термометрдин жанынан өтүштү. Шухов анын сүттөй ак түтүгүнө үмүттөнүп кыйшая серп салды: эгерде ал кырк бирди көрсөтсө, жумушка чыгарышпайт. Бирок бүгүн кыркка жете турган эмес.

Штаб баракка кирип, түз эле сакчылар жайына өтүштү. Ал жерде, Шухов жолдо баратып ойлоп койгондой, чыныкый себеп ачылды: эч кандай карцер эмей эле, сакчылар жайында пол жуулбаптыр. Эми Татар Шуховго «кечирдим» деп, пол жууганды буйруду.

Сакчылар жайында полду жуумай зонага чыкпаган атайын зэктин – штаб барак боюнча дневальныйдын жумушу болчу. Бирок штаб баракка көнүп алып, майордун, режим начальнигинин, «кумдун» кабинеттерине кирип жүрүп, аларга кызмат көрсөтүп, айрым учурларда жөнөкөй сакчылар билбегенди билип, кайсы бир убакыттан кийин жөнөкөй сакчыларга пол жууганды өзүнө теңсинбей калды. Тигилер аны бир жолу чакырат, эки жолу, анан иштин жайын түшүнгөндөн кийин, пол жууганга жумушчуларды тарта башташты.

Сакчылар жайында меш дүпүлдөп жагылган. Кир гимнастеркасына чейин чечинип, эки сакчы шашки ойноп жатышты, үчүнчүсү болсо белден буулган тону, чокоюн кийген бойдон тар тактайда уктап жатты. Бурчта тряпкасы менен чака турат.

Шухов Татардын кечиргенине кубанычын жашырбай:

— Рахмат, гражданин начальник! Мындан кийин жата берген адетимди коём.— деди.

Бул жердин закону жөнөкөй: бүтөсүң – кетесиң. Эми, Шуховго жумуш бергенде, сыздап ооруганы да басылып калгандай. Чаканы алып, колгабы жок (шашпалактап, жаздыктын астына калтырып кете бериптир) кудукка жөнөдү.

ПӨБгө – пландык-өндүрүштүк бөлүккө барган бригадирлер устундун жанында үймөлөктөшүп турат, жашыраак бирөөсү, Советтер Союзунун мурдагы Баатыры, устунга чыгып алып, термометрди сүртүп атты.

Ылдыйдагылар кеңеш бергенин койбойт:

— Нары жака дем алсаң, көтөрүлөт.

— Көтөрүлгөнүн урайын! — көтөрүлөт!.. Эч нерсе болбойт.

Шуховдун бригадири — Тюрин алардын арасында жок. Чаканы коюп, колдорун жеңдерине салып, Шухов кулагын түрүп байкап турду. Устундагы тигил кырылдаган үнү менен:

— Жыйырма жети жарым, жумуранкал!

Өзүн текшергенсип, дагы бир жолу карады да секирип түштү.

— Туура эмес бул, дайыма алдайт, — деди бирөө. – Зонага туурасын илчи беле?

Бригадирлер тарап кетишти. Шухов кудукту көздөй чуркады. Кулак жапкычын түшүрүп, бирок байлабагандыктан кулактары сууктан тызылдап кетти.

Кудук тегерегине калың муз тоңгон, чуңкуруна чака эптеп кирчүдөй экен. Аркан тоңгонунан тике турат.

Колун сезбей, буу чакасы менен Шухов сакчылар жайына кайтып келди да колун чакадагы кудуктун суусуна сала салды. Жылуу-у.

Татар жок экен, сакчылардан болсо төртөө жыйылышып, шашки ойногонду жана уктаганды коюп, актаган таруудан январда канча берилет деп талашып жатыптыр (айылда азык-түлүк тартыш болчу, сакчыларга болсо, карточкалары эчак бүтсө дагы, айылдагылардан бөтөн анча-мынча азык-түлүктү жеңилдетип сатышчу).

— Эшикти катуурак тартсаң, эй бетпак! Суук ыркырап атат! – деп бирөөсү алаксыды.

Эртеден чокойду сууга салган болбойт эле. Башка бут кийим да жок, баракка чуркабай эле кой. Шухов отурганы сегиз жыл ичинде бут кийим менен ар кандай тартипти көрүп чыкты: кышты чокойсуз өткөргөн жылдар болгон, батинке да көрбөгөн жылдар болгон, дарак кабыгынан жасалган же ЧТЗ менен (резинадан бут кийим, автомобилдин изи калат) кыш өткөрөсүң. Азыр бут кийим жагынан жакшы болуп калды: октябрда Шухов бекем, учтары катуу, эки жылуу чулгоо менен кийгенге боло турган кенен батинке алган (ал эмне үчүн алды – помбригадирдин аркасына кошулуп каптеркага барган). Бир жума бедели көккө тийип, жаңы такаларын такылдатып жүрдү. Ал эми декабрда чокойлор келип калды – чиркин өмүр, өлбөстүн оокаты! Бирок бухгалтериядагы кайсы бир шайтан алгыр начальникке шыбырап коёт: чокойду, мейли алышсын, батинкени болсо тапшырсын. Ушундай болчу беле – зэктин эки бут кийимге ээ болгону? Шуховдун ошондо башы катты: же кыш бою батинкени жыртып бүтүр, же чокой менен жүр, мейли каар былчылдап ээрисин, батинкеңди болсо тапшыргын.

Көздүн карегиндей сактап, солидол менен жумшарткан жап-жаңы батинке, эх! – сегиз жыл ичинде ушул батинкедей эч нерсеге жаны ачыган эмес. Бир үймөккө ыргытылды, жазда сеники болбойт. Жылкыны колхозго тапшыргандай эле кетти.

Азыр Шухов мындай кылды: шып чокоюн чечип бурчка койду, чулгоолорду үстүнө ыргытты (кашыгы полго шаңк этип түштү; канчалык тез карцерге камынса да, кашыгын унуткан жок), жылаңайлак, тряпка менен сууну шалпылдата сакчылардын чокойлору алдын шамдагай жууп кирди.

— Э-эй, айбан! акырын! – деп бирөөсү бутун отургучка көтөрүп үлгүрдү.

— Күрүчпү? Күрүч башка норма боюнча кетет, сен күрүч менен теңебе!

— Сен эмне мынча шалпылдаттың, келесоо? Ушинтип да жууйбу?

— Гражданин начальник! Мынтпесең кири кетпейт. Жугуп калыптыр го…

— Катының кантип пол жууганын көрдүң беле, далдыр?

Шухов суусу шоргологон тряпканы колуна кармап, белин түзөдү. Оозун ырсыйтып, бирин-серин калган тиштерин көрсөттү. Кырк үчүнчү жылы Усть-Ижмада алдан тайып баратканда кара жамадан тиштери кырылып калган. Кан сийип калганга чейин алдан тайган, алсыраган ашказан эч нерсени аш кылбай калган. Ошол мезгилден эми шүүдүрөп сүйлөгөнү эле калды.

— Катындан мен, гражданин начальник, кырк биринчи жылы калгам. Катын кандай экенин да унутуп койдум.

— Мына мынтип жуушат алар…Эч нерсе кылганды билбейт, арамдар, кылгылары да келбейт. Берген нанды акташпайт. Бокту жегизсе буларга.

— Күнүгө жууй бергендин кереги не ошону? Сыз болгону кургабайт. Сен, ким, бери укчу, сегиз жүз элүү төртүнчү! Үстү-үстүнөн сүртүп кой, нымыраак болуп көрүнсүн, анан жөнөй бер.

— Күрүч! Актаган тарууну күрүчкө теңебе!

Шухов ыпылдап ишти бүткөрүп жатты.

Жумуш деген таяктын эки башындай: эл үчүн кылсаң – сапаттуу кыл, чоңдор үчүн кылсаң – сырт көрүнөсүн бер.

Болбосо бут тарта албай кулабайт беле бардыгы, ал турган иш.

Шухов пол тактайлардын бир кургак жерин калтырбай сүртүп, тряпканы сыкпай мештин аркасына ыргытып салды, босогодон чокоюн тартып кийиди да, сууну чоңдор баскан жолчого төгүп таштап, — кыя салып, мончо жанынан, клубдун муздаган күңүрт имараты жанынан, ашкана көздөй безди.

Санчастка да жетишиш керек, кайра какшатып ооруй баштады. Анан дагы ашкана алдынан сакчыга учурабай кирип кетиш керек: лагерь начальнигинин катуу буйругу чыккан – бириндеп калып калгандарды кармап, карцерге отургузгула деген.

Ашкана алдында бүгүн – ой, тобо кылдым! – эл үймүлөктөнбөй, кезек жок экен. Кире бер.

Ичинде мончодогудай буу турат, — эшикти ачып-жапкандан жана баланданын буусунан. Бригадалар столдордо отурушат же өтүш жерде кысылышып турушат, качан орун бошоорун күтүп. Тыгыздан үнүн коштоп өтүп, ар бир бригаданын иштерманы жыгач ташыгычтар менен экиден-үчтөн чөйчөктөрдө баланда менен буламыкты ташып, аларды столго коюш үчүн орун издешет. Баары бир укпайт, жалдырама тийгир, арты жакшылык көрбөс, мына сага, ташыгычты түртүп жиберди. Шөлп, шөлп! Бош колу менен – желкеден ары, желкеден ары! Туура болот! Жолго турба, жалаганга чөйчөк издеп аңдыба.

Тигил жерде, столдо, кашыгын салаардан мурда жаш жигит чокунуп жатат. Бендеровчу турбайбы, жаңылардан окшойт: картаңдары лагерде жашап, чокунганды коюшкан.

Орустар болсо – кайсы колу менен чокунганды да унутушкан.

Ашканада отурганга суук, көбү баш кийимин чечпей тамактанышат, бирок шашылбай, майда балыктын эзилген этин кара капустанын жалбырагы арасынан тандап, кылканды столго түкүрүшөт. Стол үстүнө үймөктөлүп калганда – жаңы бригада алдында кимдир бирөө аларды шилтеп салат, каалагандар калганын полдон кырчылдатышат.

Кылканды түз эле полго түкүргөн – тыкандыка жатпагандай.

Барактын ортосунда эки катар устунубу, тирөөчүбү турат, ошол устундардын бирисинин жанында Шуховдун бригадалашы Фетюков тамагын кайтарып отуруптур. Ал бригадалаштардын арты, Шуховдон начарыраагы. Сырттан бригада бирдей номерлер жана бирдей кара бушлат кийингени менен ичинен кыйла тең эмес – ар тепкичтери бар. Буйновский, мисалы, чөйчөк кайтарып отурбайт, ошол эле Шухов ар жумушту кыла бербейт, төмөнү да бар.

Фетюков Шуховду байкап, үшкүрүнө орун берди.

— Муздап калды бардыгы. Жеп койсомбу дегем, сен кондейде болсоң.

Дегени менен күтпөстөн кете берди, анткени Шухов эчтекесин калтырбай, эки чөйчөктү тең жылмалап салаарын билет.

Шухов чокоюнан кашыгын алып чыкты. Бул кашыгын жанындай көрчү, бүт түндүктө чогу болду, ал аны өзү алюминий сымдан кумга куюп жасаган, «Усть-Ижма, 1944» деген саймалап жазылганы бар болчу.

Шухов такыр башынан баш киймин чечип, – канчалык суук болсо да, баш кийим менен тамак ичкенге өзүнө уруксат берчү эмес – туруп калган баланданы аралаштырып, чөйчөктө эмне бар экендигин заматта баамдады. Ортосу экен. Челектин башынан да эмес, түбүнөн да эмес. Фетюков чөйчөктү кайтарганда, колун салып картөшкөсүн алган чыгаар, аны кылышы мүмкүн.

Баланданын бир жыргалы анын ысыгында, бирок Шуховго азыр муздагы тийди. Ошентсе да жайбаракат, сиңимдүү жей баштады. Мында өрттөнүп кетсин бардыгы, шашпашың керек. Уйкуну эсептебегенде, лагердеги адам өзү үчүн эртең мененки он мүнөт тамак ичкенде, беш мүнөт түшкү тамакта жана беш мүнөт кечки тамакта жашайт.

Баланда күндөн күнгө өзгөрбөйт, кышкыга кайсы жашылча камдалса, ошону менен чыгасың. Бир жылы жалаң туздалган сабиз камдалып, сентябрдан июнга чейин баланда ошол сабиз менен өттү. Азыр болсо – кара капуста. Лагердеги адамга эң токтуу убакыт – июнь: бүт жашылчалар түгөнүп, таруу менен жасашат. Эң жаман мезгили – июль: казанга чалкан чабылат.

Майда балыктын кылкандары эле жүрөт, эти эзилип, баш жана куйругунда гана калыптыр. Балыктын үлбүрөгөн сөөгүндө бир дагы кабырчыгын, бир дагы этин калтырбай, Шухов тиши менен аны дагы эзгилеп, сөөгүн соргулап – столго түкүрүп атты. Кайсы балык болбосун, анын бардыгын жечү: бакоолорун, куйругун, көзүн да, эгерде ордунда болсо, бирок өзүнчө калкып жүрсө — балыктын чоң көздөрү, — жебей койчу. Ушунусун шылдыңдап күлүп да жүрүштү.

Бүгүн Шухов үнөмдөдү: баракка кирбей калып, пайка алган жок, эми наны жок жеп жатты. Нанды кийин өзүнчө жесе тогумдуу болот.

Экинчиге магарадан ботко. Ал бир куйма болуп кармалып калыптыр, Шухов аны чекесинен сындырып атты. Магара муздагы эмес, ысыгы болсун – даамы да, токтугу да жок: чөп, жалаң чөп, түсү гана акталган таруудай саргылт. Таруунун ордуна ушуну берип көнүп алышты, кытайлардан үйрөнсө керек. Бышырганда салмагы үч жүз грамм барбы – жарай берет: ботко десең ботко эмес, бирок ботко ордуна кете берет.

Кашыгын жалап, аны чокойдогу өз ордуна салып, Шухов баш киймин кийип, санчастка карай жөнөдү.

Лагердеги жарыктан жылдыздары көрүнбөгөн асманда дагы эле караңгы. Баягыдай эле эки прожектордун багытталган жарыгы лагердик зонага кайчылаш уруп турду. Ушул Өзгөчө делген лагерь жаңы ачылганда фронттон келген жарык берчү ракеталар сакчыларда көп болчу, жарык өчсө эле – зона үстүнө ракета аттырып жатышчу, агыш, жашыл, кызылын, тим эле согуш өзүнчө. Кийин аттырбай калышты. Же кымбат болуп калдыбы?

Баягы ойгонуп турганда караңгы болгондой, азыр да ошол, бирок каныккан көзгө ар кандай майда-чүйдө белгилерден тизилмей жакындап калганы оңой эле билинет. Аксактын жардамчысы (ашкана боюнча дневальный Аксак жардамчыны өзү багып кармачы) эртең мененки тамакка майыптар, башкача айтканда зонага чыкпаган алтынчы баракты чакырганы кетти. Маданий-тарбиялоочу бөлүккө сакалчан карыган сүрөтчү сүйрөлүп кетип баратты – боёк жана кисточкасына, номерлерди жазганы. Жанагы Татар кадамын чоң таштап, штаб баракты карай шашылып жөнөп кетти. Деги эле сыртта эл азайып калды – демек, бардыгы эптеп жайланышып, акыркы таттуу мүнөттөрдө жылынып отурушат.

Шухов Татардан барактын бурчуна тез жашынып калды: экинчи жолу кармаса – дагы оңдурбайт. Эч убакта оозду ачып жүрбөш керек. Кайсы сакчы болбосун сени жалгыз эмес, топ кишилер арасында көргөнү дурус. Балким, ал жумуш кылганы адам издеп жүрөт, же жинин кимден чыгараарын билбей кагынып жүргөндүр. Барактар боюнча буйрук окулбадыбы – сакчы алдында беш кадам жетпей баш кийимиңди чечишиң керек жана эки кадам өтүп кийүүгө уруксат. Кай бир сакчы эч нерсени көзүнө илбей кете берет, кай бирөөнө бул буйрук — бал сүйкөп койгондой. Канчаларды кондейге ошол баш кийим үчүн сүйрөштү, кагыңгыр иттер десе. Бок силерге, бурчка жашынып туруп турабыз.

Татар өтүп кетти, Шухов болсо жакшы эле санчасть тарапка жылайын дегенде, эсине түштү – бүгүн эртең мененки тизилгенге чейин жетинчи барактагы узун латыш менен эки стакан тамеки сатып алганга сүйлөшкөн, Шухов жүгүрүп жүрүп такыр унутуп калыптыр. Узун латыш кечээ кечинде жөнөтмө алган, эртең ал тамекиси жок болот, бир ай жаңы жөнөтмөсүн күтө бер анан. Тамекиси болсо жакшы, чеги менен күчтүү да жыттуу. Тамеки чеккендей болосуң.

Шухов кейип-кепчип, алдастай түштү – жетинчи баракка кайрылгандабы? Бирок санчастка бир аз гана калган, ошондуктан ал санчасттын оозу көздөй тыпылдап жөнөдү.

Бут алдында каардын кычыраганы угулат.

Санчастта, коридор демейдеги ушунчалык таза болгондуктан, баскандан заарканасың. Дубалдары ак эмаль боёк менен боёлгон. Эмереги да аппак.

Бирок кабинеттердин эшиктери жабык. Врачтар төшөктөрүнөн тура элек болуш керек. Кезекчи жайда бир гана фельдшер отурат – Коля Вдовушкин деген жаш жигит, таза столчодо ак жаңы халат кийинген – бир нерсе жазып жатат.

Башка эч ким жок.

Шухов жетекчи алдында тургандай баш киймин чечип, лагердик көнүмүш боюнча көзүн ар нерсеге жүгүртүп, Николай тегиз-тегиз сап жазып жатканын, ар бир сапты четинен калтырып, бири астынан бирин чоң тамга менен баштап тыкан жазганын байкабай койгон жок. Албетте, бул жумушу эмес, жумуштан тышкары иши экенин Шухов заматта түшүндү, бирок аны менен иши да жок болчу.

— Мен эме… Николай Семеныч…ооруп калган окшоймун… — уяңдык менен, бирөөнүн мүлкүнө зар болуп жаткансып Шухов үн чыгарды.

Вдовушкин чоң бейкапар көздөрүн иштеген жумушунан бери карай көтөрдү. Башында ак чепчик, ак халат, номерлери да көрүнбөйт.

—  Сен эмне мынча кеч? Кечинде эмне келген жоксуң? Эртең менен кабыл албаганыбызды билесиң да? Жумуштан бошотулгандардын тизмеги эчак ПӨБдө.

Ушунун бардыгын Шухов билет. Кечинде деле жумуштан бошонуу оңой эместигин да билет.

— Эми, Коля…Кечинде керек учурда оорубай калат анысы…

— Аның эмне? Эмнең ооруйт?

— Карап көрсөң, эч нерсем деле оорубайт. Бирок бүтүндөй дене боюм ооругансыйт.

Шухов санчастка жабышкан адамдардан эмес, Вдовушкин билет. Бирок эртең менен эки адамды гана жумуштан бошотууга укугу бар болчу — экөөнү бошотуп койгон жана жашыл түстөнгөн айнектин астында, столдо ошол эки адам жазылып, сызык чийилген.

— Эртерээк камынбайт белең анан? Тизилээр алдында келесиң да? Ме!

Вдовушкин банкадагы тайпанын оюгуна салынган термометрди алып чыгып, эритмеден сүртүп Шуховго берди.

Шухов дубалдын жанындагы отургучка, эң чекесине, ошол отургуч менен кошо мына-мына кулап кеткидей болуп отуруп алды. Ушундай ыңгайсыз орунду атайын эмес, ушул санчасть бөтөн жер экенин жана бул жакка аз гана нерсеге келгенин билдирип отурган.

Вдовушкин болсо андан ары жазып жатты.

Санчасть зонанын эң алыскы түнт бурчунда жайгашкан, эч бир добуш жетпейт. Саат жүргөнү да угулбайт – камактагыларга сааттын кереги жок, убакытты алар үчүн жетекчилер билишет. Жада калса чычкандын кыртылдаганы угулбайт – ооруканадагы мышык алардын тыйпылын чыгарды окшойт, атайын ошол үчүн коюлган.

Ушундай таза бөлмөдө, жымжыртта, чайыттай лампа жарыгында беш мүнөт эчтеке кылбай отурганы Шуховго таңгалаарлык болуп турду. Бүт дубалдарды карап чыкты – көзгө илинээр эч нерсе тапкан жок. Күрмө тонун карады — төшүндөгү номер сүртүлүп баратыптыр, кармап жазалай электе жаңылатыш керек экен. Бош колу менен бетиндеги сакалын көрдү – орсоюп калыптыр, тигил мончодон бери өсүп келе жатат, он күндөн ашуун. Бирок оңтойсуз эмес. Үч күндөн кийин мончо болот, ошондо кырып салышат. Чачтарачта жөн эле кезек күтүп отуруштун кереги барбы? Шухов кимге короздонмок эле?

Анан, Вдовушкиндин апапакай шапкечесин тиктеп, Шухов Ловать суудагы медсанбатты эстеп кетти, жаагынан жаракат алып — жалдырама тийгир! өз ыктыяры менен кайра катарга туруп алганы. Беш күнчө жатып турса болбойт беле!

Мына азыр эңсегени: эки-үч жумага өлбөй-житпей, операциясыз ооруканага жатып сыркоолоп калса го, — үч жума кыймылдабай жата бермек, мейли жалаң курулай суу сорпосун бере берсин.

Бирок, Шухов эстей калды, азыр ооруканада жатып жан бакмай болбой калган. Кайсы бир этап менен Степан Григорьич деген жаңы доктор пайда болду, ушундай бакылдак жана шашкалак неме экен, өзүнүн жаны тынбайт, бейтаптардын да жанын койбойт: кыймылдап баскан бейтаптардын бардыгын оорукана алдында жумуш кылганы чыгарганды ойлоп тааптыр: короону тоскону, жолчо төшөгөнү, клумбага жер ташыганы, кышында болсо – каар менен күрөшкөнү. Ооруну жеңген биринчи дары – жумуш дейт.

Жумуштан жылкы жыгылат. Ушуну түшүнүш керек. Таш көтөрүп, үй салып көрчү – тынч отураар элең.

…Вдовушкин болсо өзүнүкүн жазып атты. Ал чынында эле жумуштан тышкары иш менен алек болуп жаткан, Шуховго түшүнүксүз. Кечээ бүтүрүп, бүгүн жанагы Степан Григорьич деген врачка көрсөтөмүн деп сөз берип, жаңы чоң ырын көчүрүп жаткан.

Лагерде гана боло турган иш – Степан Григорьич Вдовушкинге фельдшер болуп алгын деп кеңеш берет, фельдшер кылып жумушка алат, Вдовушкин болсо ички кызыл кан тамырга ийне сайганды карапайым жумушчуларга, момун литвалык же эстондуктарга жасап үйрөнүп жүрөт, алар фельдшер чынында фельдшер эмес экенин башына да албайт. Коля адабият институтунда студент болчу, экинчи курста окуп жүргөндө камалган. Степан Григорьичтин тигил боштондукта жүрүп жазбаганын түрмөдөн жазып алсын деген тилеги бар болчу.

…Ак муздан бозомук тарткан эки катар терезеден тизилүүгө чакырган добуш араң угулду. Шухов үшкүрүп турду. Мурдагыдай эле чыйрыгып жатты, бирок жумуштан калууга болбой калды окшойт. Вдовушкин термометрге колун сунду, карады.

— Мына көрдүңбү, же ары эмес, же бери эмес, отуз жети эки. Отуз сегиз болсо го, бардыгына түшүнүктүү. Мен сени жумуштан бошото албайм. Кааласаң, калып кал. Текшергенден кийин доктор сени сыркоолуу деп тапса – бошотот, дени сак деп тапса – баш тарткан болосуң, БУРга отурасың. Андан көрү зонанын сыртына барып иштеп кел.

Шухов жооп бербестен, башын да коштошкону ийкебей баш киймин кийген бойдон чыгып кетти.

Жылууда отурган үшүп келгенди түшүнчү беле?

Суук ыкчамдай түшүптүр. Шуховдун бетине ачыштыра жабышып, жөтөлтүп жиберди. Суукта – жыйырма жети, Шуховдо – отуз жети. Эми кимди ким жеңээр экен.

Шухов лепилдеп баракты көздөй жөнөдү. Линейка бүтүн ээн турат, лагерь дагы бош тургандай. Тирликтен бардыгы ажырап, бирок тизилээр маал келбегендей бирин бири алдап соороткон кыска зарыктырма мүнөттөрдүн бири болчу. Конвой жылуу казармада мылтыктарына уйкусураган баштарын тиеп отурушат, — аларга дагы ушул суукта чокуларда кайтарып туруш бал жашоо эместир. Вахтерлор башкы вахтада мешке көмүр салып отурушат. Сакчылар өз жайында тинтээр алдында акыркы тамекилерин чегип жатышат. Камактагылар болсо, бүт өздөрүнүн айрынды кийимдерин кийишип, болгон жиптерин байлап тагышып, көзүнөн ээгине чейин сууктан чүпүрөк менен оронушуп, — нарада жууркан үстүндө чокойлору менен жатышат, көздөрү жумулуу, уктамаксан. Бригадир: «Тур-гула!» деп кыйкыргыча.

104-бригада тогузунчу барак менен кошула үлгүрөп жатыптыр. Помбригадир Павло гана оозун кыймылдатып, карандаш менен бирдекесин эсептеп отурат жана үстүнкү нарада баптист Алешка, Шуховдун коңшусу, жуунуп, тазаланып өзүнүн жазма китепчесин окуп жатат, анысына инжил китебинин жарымысын көчүрүп алган.

Шухов атырыла, бирок акырын кирип келип, помбригадирдин вагонкасына кайрылды.

Павло башын көтөрүп:

— Отургузган жокпу, Иван Денисыч? Амансызбы? (Батыш Украиндиктерди көндүрө албай коюшту, алар лагерде да аты-жөнүн айтышып, сылык сүйлөшөт).

Столдон алып, пайканы сунду. Пайканын үстүндө — ак дөбө болуп бир кашык шекер төгүлгөн. Шухов канчалык шашса да, сылык жооп берди (помбригадир — өзүнчө чоң, лагерь начальнигине караганда, ал көп нерсени чечет). Шашыла шекерди оозуна алып, артынан тили менен жалап, бир буту менен кронштейнге чыгып — үстүндө жууркан төшөгүн түстөгөнү, — ошол эле учурда пайканы ар тараптан байкап, колу менен ченегенсиди: тиешелүү беш жүз грамм барбы, же кемби? Шухов эчен түрмө-лагерлерде канча миң мындай пайка алып келатат, ошонун бирисин да таразага коюп ченеп көргөн эмес, өзү момун болгондуктан, үн көтөрүп кыйкыра да албайт, бирок ар бир камактагы адамга, анын ичинде Шуховго да түшүнүктүү – туура кесип, өлчөп берген нан кесчү жайда көп кармалбайт. Ар бир пайка кем берилет – бирок канчалык, көппү? Мына анан күнүнө эки жолу өлчөп карайсың, жанды жаялтыш үчүн – балким, мени бүгүн өтө алдабагандыр? Балким, менин пайкамдын граммы толуктур?

— Жыйырма граммдай жетпейт окшойт, — деген чечимге келип, Шухов пайканы экиге бөлдү. Бир бөлүгүн койнуна, күрмө тондун алдына салып жиберди, ал жакта атайын ак чөнтөкчө тигип алган (фабрикада зэктер үчүн күрмө тондор чөнтөгү жок тигилет). Эртең мененки тамактан үнөмдөлгөн экинчи бөлүгүн азыр эле ушул жерден жеп салайын деген ой келди эле, бирок шашып жеген тамак жук болбойт, тойгузбай жөн гана корондуга кетет. Жарым пайканы тумбочкага салайын деп колун сунуп, кайра ойлоду: дневальныйлар кечээ эки жолу уурулук үчүн таяк жегенин эстеп кетти. Барак ээн короодой чоң, кимди ким билиптир.

Ошондуктан, колунан нанды түшүрбөй, Иван Денисович чулгоосу менен кашыгын чокоюна эптүү калтырып, жылаңайлак бутун тартып алды да үстүнө чыкты, матраста тешикти кеңейтип, ошол жакка, таарындыга өзүнүн жарым пайкасын катты. Башынан шапкесин чече салып, андан ийне жипти сууруп чыкты (ал дагы терең катылган, шапкени тинтип текшеришет; бир жолу сакчы ийнеге колун сайып алып, жиндеп Шуховдун башын жара чаап сала жаздаган). Жым, жым, жым эттире — мына катылган пайканын тешиги жамалып калды. Аңгыча оозундагы шекер эрип бүттү. Шухов ушул чакта чымыркана, болгон ыкласы менен байкап турду – мына азыр нарядчик эшиктен барк этип кыйкырат. Шуховдун колу эптүү кыймылдаганы менен, башы алдыга безип, эмне кылыш керектигин ойлоп жатты.

Баптист инжилди өз ичинен гана эмес, деми менен окуп жатты (балким, атайын Шухов үчүндүр, бул баптисттер политруктарга окшоп үгүттөгөндү жакшы көрүшөт):

— «Араңардан адам өлтүргөн, же ууру болгон, же кыянаттык кылган, же бөтөн мүлккө көз арткан болуп жабыркабагыла. Ал эми христиан катары куугунтук көрсөңөр, уяң болбой, мындай жазмыш үчүн Кудайга тобо дегиле».

Алешканын эмнеси мыкты: жанагы китепчесин дубалдагы жылчыкка ушундай ыңгайы менен батырып салат дейсиң – бир дагы тинтмеде байкашкан жок.

Ошондой эле эптүү кыймылы менен Шухов бушлатты вагонканын башына илип, матрастан колгаптарын, тамтыгы кеткен чулгоосун, жипти жана эки жагы тилинген чүпүрөктү алып чыкты. Матрастын таарындысын (анысы салмак кошуп, ныкталган) бир аз тегиздемиш болуп, жуурканды айланта матрастын астына кымтып, жаздыкты өз ордуна ыргытты да — жылаңайлак бойдон жерге түшүп, бут киймин кийе баштады, эң биринчи жакшы, жаңы чулгоосун, анын үстүнөн начарын ороду.

Мына ошондо бригадир барк этип, туруп кайрылды:

— Түнөп болгун, жүз төртүнчү! Чы'-га бер!

Ошол замат бүт бригада, үргүлөгөн уйкуда беле, жок беле, туруп, эстегилеп, чыга беришке жөнөп кетти. Бригадирдин отурганына он тогуз жыл болду, тизилгенге ал бир мүнөт эрте чыгарбайт. «Чы'-га бер!» — дедиби, демек мезгил жеткен экен.

Бригадалаштары оор кадамдарын таштап, үн жок, биринин артынан бири коридорго, андан кийин кире беришке жана барак алдына чыккыча, ал эми 20-чынын бригадири да, Тюринди туурап: «Чы'-га бер!»— дегенче Шухов чокоюн эки чулгоо менен кийип, бушлатты күрмө тондун үстүнөн жамынып, жип менен катуу байланып алганга жетишти (териден кур кимде болсо, тартып алышкан — Өзгөчө лагерде уруксат жок).

Ошентип Шухов баарысына үлгүрүп, кире бериште акыркы өзүнүн бригадалаштарын кууп жетти – алардын номер кадалган аркалары босогодон эшикти карай чыгып баратышат. Өздөрүнө болгон кийимдерин оронушкан, жоонойгон бригадалаштары кыйгачтап, бирин бири шаштырбай, чууруп оор кадамдары менен линейкага баратышты, каардын кычыраганы эле угулат.

Баягыдай эле караңгы, асман күн чыгыш жактан бир аз гана көгөрүп ачылгансыйт. Ошол күн чыгыш жактан ичке, ачуу шамал үйлөп турду.

Мына ушул чактан өтөөр жаман мүнөттөр жок – таңга маал тизилүүгө чыгуу. Караңгыда, суукта, өзөргөн курсак менен бир күн кечкиге чейин. Тилиң буулат. Бири бириң менен сүйлөшкүң келбейт.

Линейкада кенже нарядчик алдастап жүрөт.

— Тюрин, эми канча күтүш керек? Кайрадан сүйрөлүп келатасыңбы?

Кенже нарядчиктен Шухов коркпосо, Тюрин кебелбейт. Ага карай суукта оозун ачып да койбойт, кете берет унчукпай. Бригада анын артынан: топур-тупур, кычыр-кучур.

Килограмм салону берген окшойт – 104-чү өз колоннасына келди, коңшу бригадалардан байкаса болот. Соцгородокко колунда жок же дөлдүр бирөөнү куушат. Ох, ал жактагы бүгүнкү ызгаар: минус жыйырма жети бетке урган шамаалы менен, же баш калкалаар, же жылынаар жер жок!

Бригадирге сало көп керек: ПӨБгө берет жана өзүнүн курсагын тойгузуш керек. Бригадир өзү жөнөтмө албаса да салосу жок отурбайт. Бригада ичинен кимдир бирөө алса – ошол замат тартуулап бергени келет.

Антпесе жашоо болбойт.

Ага нарядчик тактайга белгилеп жатыр:

— Сенде, Тюрин, бүгүн бирөө оорулуу, жыйырма үч чыктыбы?

— Жыйырма үч, — бригадир башын ийкеди.

Ким жок экен? Пантелеев жок. Ошол неме сыркоо беле?

Бригада шу-шу-шу боло түштү: Пантелеев, ит десе, зонага кайрадан калды. Сыркоо эмес ал, аны опер калтырды. Дагы бирөөнө жалаа жабат.

Күндүз аны эч тоскоолсуз чакырып алышат, мейли үч саат карма, эч ким көрбөйт, эч ким укпайт.

Санчасть аркылуу тариздеп коюшат…

Линейка бүт кара бушлаттарга толгон – аны бойлой бригадалар алдыга, тинтмеге түрткүлөшүп жай жылып баратышты. Шухов күрмө тондогу номерин жаңылатыш керектигин эске түшүрүп, линейканын аркы бетине кысылып өттү. Ал жакта сүрөтчүгө эки-үч зэк кезекте турушат. Шухов да кошулду. Бизге окшогондорго номердин зыяндан башка эч нерсеси жок, сакчы номерден сени алыстан байкап калат, конвой жазып алат, номериңди өз убагында жаңылатпасаң — өзүңө эле кондей: эмне үчүн номериңе кам көрбөйсүң?

Лагерде үч сүрөтчү бар, чоңдор үчүн акысыз сүрөт тартышат, кезеги менен тизилээр маалда номер жазганы келишет. Бүгүн ак сакалчан чал. Шапкеге кисточкасы менен номер жазганда – поп чекеге май сыйпагандай.

Сүйкөп, сүйкөп колгабын оозуна кадап үйлөйт. Колгабы токулган, жука, колу селейип, сан жаза албайт.

Сүрөтчү Шуховдун күрмө тонундагы «Щ-854» деген жазуусун жаңылады, эми Шухов бушлатын кумтулабай, анткени тинтмеге жакын калган, колундагы жиби менен бригадасын кууп жетти. Жетээр замат көрдү: Цезарь бригадалашы чылым тартып жатыптыр, трубкасын эмес, тамекисин – демек, калтыр десек болот экен. Бирок Шухов түз эле сурабай, Цезардын жанына жарым-жартылай кайрыла, жантая көз салып туруп алды.

Ал камаарабай нары жакты карап турган болсо да, ар бир соргон сайын (Цезарь сейрек, ойго батып тартаар эле) тамекинин кызыл тегерек күлү улам жылып, азайгандан азайып, мундштукка жакындап баратканын көрүп турду.

Мында Фетюков, канчык, жабышып калды, Цезардын тушуна тике туруп алып, оозун карайт, көздөрү тим эле күйөт.

Шуховдун бир чымчым тамекиси калган эмес, кечкиге чейин бүгүн табаарына да көзү жетпейт – тулку боюн күтүүгө таштап, ушул тамекинин куйругу азыр азаттыктан таттуу көрүнгөнсүйт, — бирок ал аброюн түшүрүп, Фетюковдой оозун карап жалдырабайт.

Цезарда ар улуттун каны бар: же грекпи, же еврейби, же цыганбы — түшүнбөйсүң. Али жаш. Кино тартып жүргөн. Бирок биринчисин бүтө электе камакка кеткен. Муруту кара кочкул, куюп койгондой. Делодо, карточкасында ушинтип тартылгандыктан, бул жерден кырып салышкан жок.

— Цезарь Маркович! – чыдабастыктан Фетюков шилекейин агызды. – Би-ир жолу тартып алайынчы!

Соргоктугу тартып самагандан бети-оозу кыйшайып кетти.

…Цезарь кара көздөрүн жапкан кабагын көтөрүп, Фетюковду карады. Ал тамеки чеккенде ортодон чыгышып, калтыр деп сурабасын үчүн көбүнчө трубканы чеге турган болгон. Тамеки курусун, ойлор үзүлгөнүн жактырбаган эле. Ал күчтүү ойду ойготуш үчүн, ошол ой менен бир нерсе табыш үчүн тамеки чекчү. Бирок тамеки күйгүзөөр замат бир нече көздөр: «Аягын калтыр!» деп күйүшөт.

…Цезарь Шуховго кайрылып:

— Карма, Иван Денисыч! – деди.

Чоң бармагы менен кыска янтарь мундштуктан күйүп жаткан тамекисин чыгарып берди.

Шухов талпына түшүп (ал Цезарь ушинтип өзү берет деп күтүп турган болчу), бир колуна шашыла ыраазылык менен тамекини алып, экинчинин алаканын жайып алдынан түшүп кетпестигин корголоду. Цезарь мундштук менен бергенден жийиркенгенсип, ушинтип бергенине таарынган жок (кимдин оозу таза, кимдин оозунда ит өлгөн), анын бышкан колдору чоктун өзүн кармаса да, күйгөнүн сезген жок. Эң негизгиси, Фетюков-канчыктын жолун кесип, мына азыр оозу күйгүчө түтүн жутуп отурат. М-м-м-м! Тамеки ач денеге жүгүрүп, бутуна да башына да торк этти.

Жаңы эле денеге жанагынын жыргалы тарап баштаганда Иван Денисович күңгүрөгөн үндөрдү укту:

— Ички көйнөктү алып атышат!...

Зэктин турмушу ушундай, Шухов көндү: мойнуңа секирбегендей эле, эки жакты карай жүр.

Эмне үчүн — көйнөктү? Көйнөктү начальник өзү бербеди беле?!... Жок, андай эмес…

Тинтмеге алдыда эки бригада калганда, 104-чүдө бардыгы көрүштү: штаб барактан режим начальниги лейтенант Волковой басып келип сакчыларга бир нерсе деп кыйкырды. Волковой жокто эптеп-септеп тинтип жаткан сакчылар эми жырткычтардай асылып тинте башташты, старшинасы болсо кыйкырды:

— Көйнөк топчуларын чечкиле!

Волковойду зэктер гана эмес, сакчылар бери турсун – лагерь начальниги өзү коркот деп айтышат. Кудайдын берген аты-жөнүн да карабайсыңбы! Волковойдун көз карашы – тим эле бөрү. Өңү кара, узун, кабагы бүркөө — анан басканы тез. Барактын артынан чыга калып барк этет: «Бу жерде эмне чогулуп калдыңар?» Жашынууга үлгүрбөйсүң. Башында камчы көтөрүп жүрчү, териден, өрүлгөн. БУРда ошону менен сабачу дешет. Же кечки текшерүүдө зэктер барактын жанында үйүлүп калса, артыңан билгизбей келип моюнга камчы менен тарта салат: «Сен эмне катардан чыктың, айбан?» Үйүлгөн топ толкун качкандай нары чегине түшөт. Камчы жеген мойнун кармап, канды сүртүп унчукпайт: БУРга отургузуп салбагыдай эле.

Азыр эмнегедир камчысын көтөрбөй калды.

Суукта жөнөкөй тинтмеде кечинде болбосо, эртең мененкисин тартип жумшак болчу: камактагы бушлатын чечип, четтерин эки жакка ачып берет. Ошентип бештен адам өтөт, беш сакчы маңдайында турат. Алар зэкти белинен курчалган күрмө тондун капталынан чапкылап, уруксат берилген оң тизедеги бир чөнтөктөн чапкылашат кийген колгаптары менен, эгерде түшүнүксүз нерсе жүргөнүн байкаса, дароо сууруп чыкпай, жалкоолонуп сурашат: «Мунуң – эмне?»

Эртең мененкисин зэктен эмне издейсиң? Бычакпы? Аны лагерден эмес, лагерге алып барышат. Эртең менен качып кеткени үч килограмм тамагы жокпу текшериш керек. Бир убакта, ошол нан, түшкү тамактын эки жүз грамм наны коркунуч көрүнүп, буйрук берилген: ар бир бригада өзүнө жыгач чемодан жасашы керек жана ошол чемоданда бригаданын бүт наны жүрөт, ар биринин кесиндиси ошого чогултулат. Бу душмандар эмнени көздөгөнүн азыр түшүнө албайсың, адамды азап кылуу эле амалы, дайыны жок баш оорутмай: өзүңдүн пайкаңды тиштеп кой, анысын байкагын, чемоданга салгын, тигил кесиндилер болсо бардыгы бири бирине окшош, бир нандан жасалган, жол бою анан ойлонуп кыйнала бер, сенин кесиндиң алмашып кетеби, жокпу, бири бириң менен талашып, мушташканга чейин барган күндөр болгон. Бирок бир жолу өндүрүштүк зонадан үчөө автомашина менен качып, ушундай бир чемодан нан алаа качкан. Ошондо начальниктер акылына келип, вахтада бүт чемодандарды балталап салышкан. Эми мурдагыдай ар кими өзүнчө салып жүрө бер.

Эртең мененкисин дагы текшере турган нерсе, зэктин кийми алдында граждандык костюм кийлбегенби? А бирок граждандык буюмдар бүт бардыгынан тап-таза алып салынган, мөөнөтү бүткөнгө чейин берилбейт дешкен. Ал эми бул лагерде болсо эч кимдин мөөнөтү аяктай элек.

Дагы текшериш керек – боштондуктан келип иштеген жумушчулардан жибериш үчүн кат жазып бараткан жокпу? Бирок ар биринин жазган катын издеп жүрсөң түшкө чейин убара тартасың.

Деген менен Волковой бир нерсе издегиле деп кыйкырды эле – сакчылар колгаптарын чече коюшуп, күрмө тонду чыгаргыла (барактын жылуусун ар ким ошол жакта сактап келген), көйнөктүн топчуларын чечкиле деп буйрушту – уставда уруксат берилгенден ашыкча ким эмне кийип алган, тинтишет. Зэкке эки көйнөк – ички жана сырткы, кийүүгө уруксат, ашыкчасын чечип сал! – зэктер катардан катарга Волковойдун буйругун айтып беришти. Кай бир бригадалар өз бактысына эртерээк өтүп, дарбазадан чыгып кетишти, калгандары болсо – ачылгыла! Кимдики ашыкча болсо – ушул суукта ыргыт киймиңди четке!

Ошентип баштады эле, бирок ирээти бузулуп калды: дарбазада санап бүтүшүп, конвой вахтадан шаштырат: бол, эле! бол, эй! бол, эле! бол! Волковой 104-чүгө кезек жеткенде ачуусун тыюуга аргасыз болду: кимдин ашыкча кийми бар, жазып алышат, кечинде өздөрү каптеркага тапшырсын жана түшүндүрмө кат жазсын: кантип, эмне үчүн жашырып алышты.

Шуховдун үстүндөгүсү бүт өкмөттүкү, ме, кармалай бер — көкүрөк-башы ачык, ал эми Цезардын бир жылуу көйнөгүн, Буйновскийдин чыптамасынбы же ичке ороп алмасынбы жазып алышты. Буйновский – бакырык салды, өзүнүн крейсер кемесинде жүргөндөй, лагерге келгени үч ай боло элек:

— Адамды суукта чечиндирген силердин укугуңар жок! Силер жазык кодексинин тогузунчу статьясын билбейсиңер!...

Билишет. Кылышат. Сен, балакай, али биле элексиң.

— Силер советтик адам эмессиңер! – деп тынчыбай согуп жатты капитан.

Кодекстеги статьяны Волковой дагы укмаксанга салып чыдады, мында болсо кара чагылгандай чарт этти:

— Он сутка катуу камакка!

Старшинага акырын:

— Кечинде тариздейсиң.

Булар эртең мененкисин карцерге алгысы келбейт: бир адамдын ишке чыкканы жоголуп жатпайбы. Күндүз иштеп, белин бүксүн, кечинде аны – БУРга.

БУР дегени мына, линейканын сол жагында: таштан салынган, эки канаты бар. Экинчи канаты ушул күздө курулду – бир канатта эл батпай кетти. Түрмөдө он сегиз камера, камералардан дагы жалгыз камакка алуу жайлары жасалган. Лагердин бүт жыгачтан жасалса, бир эле түрмө — таштан.

Суук көйнөк ичке кирип кетти, эми аны кууп чыгыш кыйын. Канчалык оронду эле зэктер – курулай убара. Шуховдун аркасы наалыта тартканын койбойт. Оорукана койкасына жатып алып азыр – уктасаң, чиркин. Башка эч нерсенин кереги жок. Калың журкан жамынып алып.

Зэктер дарбаза алдында турушат, топчуланышып, байланышып, сырттан конвой:

— Бол, эле! Бол!

Нарядчик аркадан түртүп:

— Бол, эле! Бол!

Бир дарбаза. Зонага кире бериш жер. Экинчи дарбаза. Вахта жанында эки жагынан кармагычтар.

— Токто-о! – вахтер жинденет. – Койго окшоп жайылбай, бештен тур!

Таңатып баратат. Вахта артында конвойдун жаккан оту өчүп баратты. Алар тизилээр алдында дайыма от жагышат – жылынууга жана эсептегенге жарык болуш үчүн.

Бир вахтер катуу айтып, тез санап жатты:

— Биринчи! Экинчи! Үчүнчү!

Беш адамдан чыгып, өз алдынча тизилип кетип жатышты, артынан карай бер, алдынан карай бер: баштары беш, аркалары беш, он бут.

Экинчи вахтер – контролер, кармагычтардын аркы бетинде унчукпай турат, текшерип жатат, эсеп туурабы.

Дагы лейтенант бар, карап турат.

Бул лагерден.

Адам – алтындан кымбат. Сым аркасынан бир адамдын башы жетпей калса — өз башың ошолорго кошулат.

Бригада кайрадан бирге чогулуп калды.

Эми конвойдогу сержант эсептеп келатат:

— Биринчи! Экинчи! Үчүнчү!

Кайрадан беш адамдан чыгып, өз алдынча тизилип кетишет.

Караул начальнигинин жардамчысы да наркы жактан текшерип жатат.

Лейтенант дагы.

Бул конвойдон.

Эч бир ката кетирген болбойт. Ашыкча бир баш үчүн кол койсоң — өзүңдүн башыңды салып бересиң.

Конвоирлердин жыштыгын ай! ТЭЦ колоннасын курчап алган, автоматтары даяр, тике эле башка мээлешет. Боз иттери менен ит бакчулар. Бир иттин тиштери ырсыят зэктерди шылдыңдап күлгөндөй. Конвоирлер кыска тон кийишкен, алтоонун эле тону бар. Алардын тону алмашма: ким чокуга чыгып кайтарса, ошол киет.

Дагы бир жолу бригадаларды аралаштырып, конвой ТЭЦ колоннаны бүтүндөй бештен кылып санап чыкты.

— Күн чыгаар маалда сууктун эң ызгаар учуру келет! – деп жарыялады кавторанг. – Анткени ошондо түнкү сууктун эң акыркы чекити коюлат.

Капитан деги эле түшүндүрүп айтканды жакшы көрөт. Ай кандай – жаңырганбы, толгонбу,— ар жылга, ар күнгө эсептеп берет.

Капитандын жаактары кирип, алдан тайып баратканы көрүнүп турат – бирок өзү чөкпөгөн.

Зонадан чыкканда, суук маңдайга соккон жел менен Шуховдун бардыгына чыдап көнгөн бетин катуу чымчылай баштады. ТЭЦке чейин жол бою ушинтип бетке шамал үйлөй берерин түшүнүп, Шухов чүпүрөк кийгенди оң көрдү. Бетке урган шамалдан корголонуш үчүн эки узун тилиндиси менен көпчүлүк тагынган чүпүрөгү бар. Мындай чүпүрөк жардам берерин зэктер билишти. Шухов көзүнө чейин чүпүрөк менен бетин жапты, кулак түбүнөн кесиндисин чыгарып, желкеден байлады. Желкесин шапкени оодарып жапты, бушлаттын жакасын көтөрдү. Шапкенин алды жагын да оодарып маңдайына түшүрдү. Ошенткенде алды жактан көздөрү гана калды жабылбай. Бушлатты өрүлгөн жип менен белден тыкан байлады. Эми бардыгы жайында, колгаптар гана начар жана колдор селейген. Ал колдорун ургулап, сүрткүлөп жатты, анткени азыр колду артка алып, жол бою ушинтип басыш керек болот.

Караул начальниги камактагылардын күндөгү жадаткан «намазын» окуду:

— Көңүл төшөгүлө, абактагылар! Жолдо баратып колонна тартибин катуу кармагыла! Чоюлбагыла, кууп ашпагыла, бир бештен экинчиге көчпөгүлө, сүйлөшпөгүлө, ар тарапты карабагыла, колуңарды артка алгыла! Оңго — кадам, солго — кадам качууга аракет болуп саналат, конвой эскертпей ок атат! Баштапкы, арыш-та!

Алдыңкы эки конвоир жолду бойлоп жылды окшойт. Алдыда колонна чайпала түшүп, ийнилери кыймылдай баштады, конвой дагы колоннанын оң жагынан, сол жагынан жыйырма кадам четкерээк, бири биринен он кадам аралыкта, — кетти, автоматтарын атканы даяр кармашып.

Каар бир жумадан бери жаай элек, жол эчак тапталган. Лагерди курчап, нары чыкканда шамал бетке кыйгачтап үйлөдү. Колду артка кармап, башты түшүрүп, колонна көргө жөнөгөндөй баратты. Алдыңкы экөө-үчөөнүн буттары жана кадамың таштай турган алдыдагы тапталган жер гана көрүнөт. Мезгил-мезгили менен кайсы бир конвоирдин кыйкырыгы угулат: «Ю – кырк сегиз! Колуңду артка!», «Бэ – беш жүз эки! Артка калба!» Кийин алар да кыйкырганды койду: шамал согуп турат, жакшы көрө албайсың. Аларга бетти чүпүрөк менен жамынган болбойт. Бу кызматың да оңойлордон эмес…

Жылуу күндөрү колоннада бардыгы – кыйкыр аларга, кыйкырба, — күбүрөңдөй беришет. Бүгүн болсо үңкүйүшүп, ар бири алдыңкынын аркасына жашынат, өз ойлоруна чөмүлгөн.

Камактагынын ойлору дагы – эркин эмес, кайрылып, кайра ойлоно бермей: матрастагы пайканы таппайбы? Кечинде санчасть жумуштан бошотобу? Капитан отурабы же отурбайбы? Цезарь кантип колуна жанагы жылуу киймин алды экен? Өздүк буюмдар каптеркасында бир нерсе берди да, каяктан алмак эле?

Эртең менен пайкасы жок жана муздак тамак ичкендиктен, Шухов бүгүн өзүн ач сезип туруп алды. Ич соруп, тамак сурабасын үчүн лагерь жөнүндө ойлобой, үйгө жакын арада кат жазаарын ойлоно баштады.

Колонна зэктер курган жыгачкананын жанынан, турак жайлардын жанынан (барактарды зэктер чогултса да, ал жерде эркин адамдар жашайт), жаңы клубдун жанынан (аны да зэктер курган, пайдубалынан көркөм сүрөттөрүнө чейин, кинону болсо боштондогулар көрүшөт) өтүп, шамаалга тике жана кызарып таң атып бараткан тарапка тике салып, талаага чыкты. Анын чет-четине чейин, оңго да, солго да жалаң агарган каар жатат, талаа бүтүн бир да дарак көрүнбөйт.

Жаңы, элүү биринчи жыл башталды, ушул жылда Шуховдун эки кат жазууга укугу бар. Акыркысын июлда жазып жиберген, жообун октябрда алды. Усть-Ижмада тартип башкача эле, кааласаң ай сайын жаза бер. Бирок катта эмнени жазасың? Азыркыдай эле, чанда-чанда жазчу.

Үйдөн Шухов кырк биринчи жылдын жыйырма үчүнчү июнунда кеткен. Жекшемби күнү эл Поломнядагы чиркөөдөн келип эле добурады: согуш, согуш деп. Поломняда почтадан билишиптир, Темгеневдо болсо согушка чейин эч кимдин радиосу жок болчу. Азыр дейт, каттан окуду, ар бир үйдө радио жаңырат, сымы тартылган.

Азыр кат жазганың – иримге таш ыргыткандай. Эмне өттү, эмне кетти – жаңырыгы келбейт. Кайсы бригадада иштеп жатканыңды, бригадириң Андрей Прокофьевич Тюрин кандай адам экендигин жаза албайсың. Учурда үйдөгүлөргө караганда Кильдигс латыш менен сүйлөшчү нерселер көп.

Алар да жылына эки жолу жазышат – жашоосун түшүнбөйсүң. Колхоз башчысы жаңы болду дейт – анысы жылына жаңы болуп турат, бир жылдан узак алар турушпайт. Колхозду кеңейтти дейт – аны мурун деле кеңейткен, кийин кайра майдалатышкан. Дагы, эмгек күн нормасын ким аткарбаса – огороддорду он беш соткага чейин, кимдикин болсо үйүнүн түбүнө чейин кесип салышты. Кемпир мурда жазган дагы, ошол норма үчүн сотко берип, ким аткарбаса — түрмөгө отургузуш керек деген мыйзам чыккан, бирок ал мыйзамы эмнегедир ишке ашкан жок.

Эмнени Шухов түшүнбөй койду, аялы жазат, согуштан бери бир дагы тирүү жан колхозго кошулган жок: эркеги болобу, кызы болобу, ким кандай амал таап, бардыгы жапырт шаарга заводго, же торф иштеткенге кетишет. Согуштан эркектердин жарымынан көбү келген жок, келгендер болсо колхозду билгиси келбейт: жашаганы жашайт, бирок сыртта иштешет. Колхоздо эркектерден: бригадир Захар Васильич менен сексен төрттөгү жыгач уста Тихон, жакында үйлөнүп, балалуу болду. Отузунчу жылдары тартылган аялдар колхоздун жүгүн эми да болсо тартып жүрүшөт, алар куласа – колхоз да жыгылат.

Мына ушуну Шухов эч бир түшүнө албай койду: үйгө келип жашайт дагы сыртка барып иштейт. Шухов жеке менчик жашоону көргөн, колхоздун турмушун да көрүп калды, бирок өз айылында иштебеген – муну кантип түшүнсө болот? Кол өнөрчүлүк сыяктуубу? Чөп чабыкта кантет анан?

Кол өнөрчүлүктү, аялы жооп берди, эчак ташташкан. Ошол биз тарап жыгач усталык менен белгилүү эле, аны да кылышпайт, сабактан өрүп корзина да жасашпайт, эч кимге анын кереги жок. Бир жаңы шайыр өнөрчүлүк чыкты – килем боёп тартмай. Согуштан кимдир бирөө трафарет алып келиптир, ошондон бери уламалап улашып боёгуч устакелер көбөйдү: эч жерде катталбайт, эч жерде иштебейт, жылда бир жолу — чөп чабыкта жана оруп-жыйнаганда колхозго жардам беришет, ошол үчүн колхоз аларга он бир айга баланча колхозчу өз иштери боюнча коё берилген жана анын карызы жок деген маалымкат берет. Бүт өлкөнү кыдырып жүрүшөт алар, самолет менен учушат, анткени убакытты текке кетирбейт, акчаны болсо күрөп табышат, бардык жерде килем боёшот: мейли, эски, жаман шейшеп болсун, элүү сомго бир килем, — ал килемди болсо боёгон бир сааттык жумуш. Аялы үмүттөнүп алыптыр, Иван үйгө кайтып келсе, колхозго жолобой, ошолорго окшогон боёкчу болуп кетеби деп. Ошондо алар азыркы жакырдыктан чыгып, балдарды техникумга окутушат, эски чириген тамдын ордуна жаңы там салышат. Боёкчулардын бардыгы өздөрүнө жаңы там тургузуп жатышпайбы, темир жолдун жанынан тамдар азыр мурункудай беш миң эмес, жыйырма беш миң турат.

Шуховдун отурганы дагы көпкө созулат, жайы-кыш жана жайы-кыш, бирок ошол килемдер анын тынчын кетирди. Эгерде укугунан ажыраса же куугунтукталса, дал ушул иш бизге окшогонго жарайт окшойт.

Жубайына жазып жибер деп суранды — өмүрүндө сүрөт тартып көрбөгөн жаны ал кантип боёкчу болуп иштейт? Жанагы эмне болгон укмуштуу килемдер, эмне тартылган аларда? Аларды тартканды, дейт жубайы, макоо болбосоң оңой эле тартасың: трафаретти койгун да кисточка менен жыртыкчаларын сүйкөй бер. Килемдердин болсо үч түрү бар: бир килеми «Тройка» — үч ат чегилген кооз арабада гусар офицер кетип баратат, экинчи килеми – «Бугу», үчүнчүсү болсо – персиялык килем. Башка эч кандай деле сүрөт жок, бирок ушуларды эл бүт өлкөбүздө колдон жулушуп, ырахматын айтышат. Анткени чыныгы килем элүү эмес, миң сом турат.

Көздүн кыйыгы менен бир көргөндө го ошол килемдерди…

Лагерде жана түрмөлөрдө жүрүп Иван Денисович эртеңки күндү, бир жылдан кийин эмне болоорун ойлобой, үй-бүлөгө кам көргөндү да унутуп калгандай. Бардыгын сен үчүн жетекчилер ойлоп койгон – бир чети анысы да өзүнчө жеңилдик. Ал эми бошогондон кийинчи?…

Эркин айдоочулар жана экскаваторчулардын айткандарынан Шухов баамдап койду – элдин түз жолун тосмолоп салышыптыр, бирок адамдан амал качып кутулбайт эмеспи: ошол тосмолорду айланып өтүшүп жан багып жатыптыр эл.

Айланып өткөн жолду Шухов деле табат дечи. Тигинтип иштеп тапканы жеңил-желпи окшойт. Өз айылдаштарынан артта калган дагы болбойт… Бирок, чынында, Иван Денисовичтин жанагы килемдер менен алектенүүгө көңүлү жок. Ал үчүн дырдалаң, беттен алган, милиция менен сөз табышкан неме болуш керек. Шухов жерди мына кырк жыл болду тепсеп жүрөт, тиштеринин жарымы жок, башы кашка болуп калды, ушуга чейин эч кимге пара берген эмес жана алган да эмес, лагерден да үйрөнгөн жок.

Жеңил акчанын салмагы жок, иштеп таптым деген көкүрөктө сезим да болбойт. Туура айткан карылар: бекер келгендин берекеси жок деп. Шуховдун колу дагы да болсо ишти билет, ишке жарайт, тигил эркиндикте өзүнө жумуш таппай эмне болуптур?

Ошол эркиндикке бошотобу дебейсиңби? Мындай эле, жөнү жок дагы он жыл кошуп бербейби?...

Аңгычакта колонна жетээр жерине жетип, объекттин зонасынын кең ачылган вахтасы алдына токтоду. Андан мурун, зонанын бурчунан тоң кийген эки конвоир бөлүнүп, талааны аралай өздөрүнүн алыскы чокуларына жөнөштү. Бардык чокуларга конвой турмайынча ичке киргизбейт. Начкар желкесинде автоматы менен вахтага кетти. Вахтанын моорунан болсо түтүн тынбай оргуштанат: тактай же цемент алып кетпесин үчүн эркин вахтер түн бою ошол жерде отурат.

Сым дарбазаны кесип, бүт курулуш зона аркылуу жана алыскы, тигил капталдагы сымды кесип – боз мунарыкта килейген кызыл күн көтөрүлүп баратты. Шуховдун жанында Алешка күндү карап сүйүнөт, жарыктык, оозу менен жылмайып. Бети куушурулган, жалаң пайкада отурат, курсагы үчүн иштебейт – эмнеге сүйнөт? Жекшемби сайын башка баптисттер менен күбүр-шыбыр болушат. Аларга лагерь – майга суу куйгандай, тийбейт. Жыйырма беш жылдан ар бирине берди баптисттик дини үчүн – эмне, ушинткенде ишеничи кетип калабы?

Жол бою бетин жапкан чүпүрөк деминен суу болуп, чет-четинен тоңуп муз кабык болуп калыптыр. Шухов аны бетинен мойнуна түшүрүп, шамалга аркасын тосту. Суук өтө деле эч жерин албаптыр, колдору гана жука колгапта үшүп, сол бутунун бармактары селейип калды: сол чокою отко күйгөн, экинчи жолу жамаачыланган.

Арка-белди ийнге чейин тартып сыздатып жатат – кантип иштейбиз?

Артты карай калса – бригадир менен жүз көрүшүп калды, ал арткы беш адамдын ичинде келатыптыр. Бригадир далылуу, кебете-кешпири да эндүү. Кабагы бүркөө. Бригада менен тамаша айың сүйлөшпөйт, бирок дурус багат, тамак жагынан жакшы кам көрөт. Экинчи мөөнөтүн өкүм сүрүп жүрөт, ГУЛАГдын баласы, лагердик адат ал үчүн аттын кашкасындай белгилүү.

Лагерде бардыгы бригадирдин колунда: жакшы бригадир сага экинчи өмүр берет, жаман бригадир көргө жеткирет. Андрей Прокофьевичти Шухов Усть-Ижмадан бери билет, бирок ал жакта анын биргадасында иштеген эмес. Усть-Ижмадагы жалпы лагерден элүү сегизинчи статьяны бул жакка, сүргүн лагерге айдап келишкенде, — бул жерден аны Тюрин кошуп алды. Лагерь начальниги, ПӨБ, прораб, инженерлер менен Шуховдун иши жок: бардык жерде бригадир ал үчүн турат, бригадирдин көкүрөгү болоттой бекем. Ошондуктан кабагы же сөөмөйү менен көрсөтүп эле койсун – чуркайсың, жасайсын. Лагерде каалаганыңды алдай бер, бирок Андрей Прокофьевичти алдаба. Ошондо жаның аман калат.

Шухов бригадирге кечээ иштеген жерде иштейбизби, же башка жерге которулабызбы деген суроо бергиси келди, бирок анын бийик ойлорун бузгандан кооптонуп койду. Жаңы эле Соцгородокту желкеден ыргытты, эми процентовканы ойлоп жаткандыр, кийинки беш күндүн тамагы ошого жараша болот.

Бригадирдин беттери чечектен чаар ала. Шамалга бетин тосуп турат, тырышып койбойт, беттеринин териси эмил кабыгындай.

Колдорун каккылап, буттарын ары-бери таптагылап турушат колоннада. Ызгаар шамаал! Алты чокуда тең желдеттер орун алса да, зонага койбербей жатышат, дөөпайлар. Сактыгын арттырып жатышабы.

Ана! Начкар вахтадан контролер менен чыкты, дарбазанын эки тарабына турушуп, дарбазаны ачышты.

— Бе-ештен тургула! Биринчи! Экинчи!

Парадда баскандай, кадамды жоокерлерче таштап, камактагылар зонага кире баштады. Зонага кирип кетсек, ал жактан эмне кылышты үйрөтпөй эле кой.

Вахтадан көп узабай – конторанын будкасы, конторанын жанында прораб турат, бригадирлерди кайрып, тигилер өздөрү деле ошол жакка баратышат. Дэр, зэктерден онбашы, ошол жакка кайрылды, жарыбаган ит неме, өз жакыны – зэкти эшектей иштетет.

Саат сегиз, сегизден беш мүнөт өттү (энергопоезд бир аз болду күүлдөп өткөнүнө), зэктер убакытты өткөрүп, жылынчу жерлерге жайылып кетпесин деп жетекчилер чоочулайт – зэктин күнү узак, бардыгына убакыты жетет. Кимиси зонага кирип, белин бүгүп жүрөт: тигил жерде бир тал, бул жерде бир тал, биздин очокко отун. Анан үңкүрлөрүнө жашынышат.

Тюрин жардамчысы Павлону конторага жүр деп ээрчитип кетти. Ошол тарапка Цезарь дагы кайрылды. Цезардын колунда бар, айына эки жолу жөнөтмө алат, кимге керек, бардыгына берип койгон, — эми конторада, нормировщиктин жардамчысы болуп иштеп жүрөт.

104-бригаданын калгандары өз тарапка карай кетти, кетти безген бойдон.

Ээн зона үстүндө мунарыктуу, кызарган күн чыкты: кай жерде чогултма үйлөрдүн тактайларын каар баскан, кай жерде тургуза баштап, пайдубалдан көп көтөрбөй таштап салган, тигинде экскаватордун колу жатат, тигинде анын сузгусу, тигинде темир-тезек, арыктар казылган, траншеялар, казылган аңдар, авторемонт устаканалардын чатыры бери чыккан, тигил дөңдө болсо – ТЭЦтин экинчи кабаты салынып бараткан учуру.

Бардыгы жашынып калышкан. Алты күзөтчүлөр гана чокуларда турушат жана конторанын жанында кыймыл байкалат. Мына ушул убакыт биздики! Ага прораб канча жолу бүт бригадаларга буйрутмаларды кечинде берем деп коркуткан эле – болбой койду. Анткени кечтен таңга чейин алардыкы теңирден тескери кайрылып калат улам.

Бул учур болсо — биздики! Жетекчилер эбин тапкычакты – жылуурак жер тапкын да отур, белиңди бүгөсүң күн кечке. Мештин жанынан орун тапсаң жакшы – чулгоону жаңыдан ороп, жылытып аласың. Ошондо буттарың кечке чейин жылуу жүрөт. Меш жок деле – дурус, боло берет.

Жүз төртүнчү авторемонттун чоң залына кирди, ал жерде күздөн бери айнек салынган жана 38-бригада бетон плиталарды куюшат. Кээ бир плиталар формада жатат, башкалары тургузулуп жыйылган, торчо арматуралар турат. Үстү бийик, полу да такыр жер, жылуу десең жылуусу деле жок, бирок бул залга от жагышат, көмүрдү аябастан: адамдар жылыныш үчүн эмес, плиталар бекем болуш үчүн. Градус ченегич илинип турат, жекшемби күнү лагерь кайсы бир себептен жумушка чыкпай калса, эркин жумушчулардын бири келип отту үзбөй жагат.

Отуз сегизинчи, албетте, бөтөн эч кимди мешке жолотпой, өзү тегеректеп чулгоолорун кургатып жатышат. Мейли, биз мындай, бурчка деле кыпчылабыз.

Отурбаган жерде отурган кебез шымынын арты менен Шухов жыгач форманын четине жайгашып алды, аркасы менен дубалга жөлөндү. Кыйшайып отурганда бушлат менен күрмө тону тартылып, сол жак көкүрөгүндө, жүрөктүн тушун катуу бир нерсе басып турганын сезди. Ал катуу нерсе – ички чөнтөкчөдө үзүм нандын бурчу, түшкүгө калтырган эртең мененки пайканын жарымы. Дайыма жумушка ушундай үзүм алып алчу жана түшкө чейин тийбечи. Бирок тигил жарымын эртең мененки тамак менен жеп койчу, бүгүн жебей калды. Ошондо Шухов үнөмдөгөн болбой калганын түшүндү: жылууда жанагы пайканы жеш керек деп ашказаны сурап туруп алды. Түшкү тамакка чейин беш саат бар, узак болуп кетет.

Белин сыздатканы эми бутуна жетти, буттары шалдырай түштү. Эх, мешке жакын отурганда!...

Шухов тизеге колгаптарын коюп, буунганын чечти, муз болуп катып калган жол чүпүрөгүн моюндан алып, эки-үч сындыра бүктөп чөнтөккө катты. Ак чүпүрөккө оролгон нанды алып чыгып, бир да күкүмдү жерге түшүрбөй, ак чүпүрөгү менен тосуп, акырындан тиштеп чайнап баштады. Нан эки кабат кийиминин ичинде, өз денесинин жылуулугу менен тоңбой жумшак экен.

Мурда айылда кантип тамак жегендерин Шухов лагерде көп жолу эстеп жүрдү: картөшкөнү – табактап, боткону – казандап, андан мурун, колхоз жокто, этти – устакандап. Сүттү – ич жарылганча жутушчу. Антпешти Шухов лагерден түшүндү. Жегенде – ошол тамакка кунт коюш керек, мына азыр нандын тырнактай күкүмдөрүн чайнап, тилиң менен аларды эзгилеп, жаактарыңда соргулап – ным тарткан кара нан кандай даамдуу! Сегиз жылдан ашуун, тогуз жыл бою Шухов эмне жеп жүрөт? Эчтеке. А эмнелерди омкорду? Хо-го!

Ошентип Шухов өзүнүн эки жүз граммы менен алектенип жатты, анын жанына болсо 104-бригаданын бардыгы баш калкалады.

Эки эстондуктар, эки ага-инидей, жапыс бетон плитага бирге отуруп, кезеги менен жарым тамекини бир мундштуктан тартып жатышты. Эстондуктар экөө тең ак саргыл, экөө тең узун, экөө тең арыкчырай, узун мурун, бакыракай көздүү. Бири бирине ушунчалык жакын, бири жок болсо бирине дем жетпей кала тургандай. Бригадир аларды эч качан бөлбөйт. Тамакты да тең бөлүшүп жешет, бир вагонкада үстүндө чогуу жатышат. Колоннада турабы, тизилгендеби, же уктаганы жатканда – бири бири менен акырын, жай бирдекени сүйлөшө беришет. Алар бирок бир тууган эмес, бул жерден, 104-бригададан таанышкан. Бириси, дешет, деңиз жээгинде балыкчы болчу экен, экинчисин Советтер келгенде бала кезинде ата-энеси Швецияга алып кетиптир. Чоңойгондо өз эрки менен институтка окуйм деп кайтып келет. Келээр замат колго түшөт.

Жаман улут болбойт дешет, ар бир улутта жаман адамдар болот имиш. Бирок Шухов канча эстондуктарды көрдү – жаманын алардын ичинен жолуктурган жок.

Бардыгы отурат – ким плиталарда, ким плиталар үчүн опалубкада, кимиси жерде. Эртең мененкисин сйлөшкөнү тил бурулбайт, ар ким өз ойлорун ойлоп унчукпайт. Фетюков, канчык, тамеки калдыктарын кайдан-жайдан терип келип (ал түкүргүчтөн болсо да чукуп алат, жийиркенбейт), эми тизесине аларды ачып, күйбөгөн тамекини бир кагазга чогултуп ушалап жатты. Фетюковдун эркинде үч баласы бар, бирок отурганда аны бардыгы танып кетишкен, аялы болсо башка күйөөгө чыкты: жардам берээр эч кимиси жок.

Буйновский көз кыйыгы менен Фетюковду көпкө чейин карап, бир маалда барк этти:

— Кайдагы балекеттин бардыгын чогултуп алдың! Оозуңду көтөн жара басат! Ташта!

Кавторанг – экинчи рангдагы капитан, — буйрук бергенге көнгөн, ал бардыгы менен буйрук бергендей сүйлөшөт.

Бирок Фетюков Буйновскийге көз каранды эмес – кавторанг дагы жөнөтмө албайт. Тиштердин жарымы жок оозу менен арам ырсайып, бурк этти:

— Шашпа, кавторанг, сегиз жыл отуруп көрчү – сен дагы чогултасың.

Анысы чын, кавторангдан кекирейген немелер лагерде бар болучу…

— Эмне-Эмне? – кулагы керең Сенька Клевшин укпай калды. Буйновский бүгүн тизилмеде жаза алганы тууралуу сөз болуп жатканбы деп ойлоптур. – Каяша айтпаш керек болчу! – деп башын капалуу чайкады.— Тиймек эмес.

Сенька Клевшин – жоош неме, бечара. Кулакта тарсылдагы кырк биринчи жылы жарылган. Кийин туткунга түшкөн, үч жолу качкан, кармалган, Бухенвальдда отурган. Бухенвальдда капыстан өлүмгө учурабай, эми камак мөөнөтүн тынч өткөрүп жүрөт. Каяша айтсаң, дейт, кабыргаң сынат.

Анысы туура, үшкүрсөң да белиң бүк. Ийилбесең – сынасың.

Алексей жүзүн колуна катып, унчкупайт. Намазын окуп жатат.

Шухов пайканын чымчымын калтырбай жеп бүттү, бирок кабыкчасынан үзүм, үстүнкү тегерекче кабыкчасын калтырып койду. Анткени кандай кашык болбосун, боткону нан менен тазалап жегендей болбойт. Ал кабыкчаны түшкү тамагына калтырып, кайра чүпүрөккө ороду, чүпүрөктү күрмө тондун алдындагы ички чөнтөккө салды, сууктан байлап-оронуп алды да даяр болуп отуруп калды, мейли азыр жумушка айдай бер. Бирок шашылбаганы бизге жакшы.

Отуз сегизинчи бригада туруп, тарап кетти: ким раствор аралаштырганы, кимиси сууга, кимиси арматурага.

Өз бригадасына Тюрин да келбей жатты, анын жардамчысы Павло да жок. 104-бригада жыйырма мүнөткө жетпей отурду, жумуш күн болсо – кышкы, кыска – алтыга чейин созулат, бирок бардыгы ушуга жыргап калгандай, эми кечкиге чейин бир аз эле убакыт бардай.

— Эх, бороон көптөн бери жок! – үшкүрдү бети кызыл толук латыш Кильдигс. – Кыш бою бир дагы бороон жок! Эмне болгон кыш бул?!

— Ооба…бороон болсо го… бороон…— үшкүрүндү бригада.

Бул жактагы бороон үйлөсө, жумушка эмей, барактан чыгарганы коркушат: барактан ашканага чейин жип тартпасаң адашып кетесиң. Камактагы каарга калып набыт болсо – кара жерге кирсин. Качып кетсечи? Анткендер да болгон. Бороондо каар тыпындай майда, үймөктөлүп жатса тапталгандай катуу. Ошондой үймөктөр аркылуу тикен сымдардан ашып кетишчү. Чынын айтканда, алыска эмес.

Ойлоп көрсөң, бороондон эч пайда жок: зэктер кулпуланып отурушат; көмүр убагында келбейт, барактын жулуулугу кетет; лагерге ун жеткирилбей – нан жок; ашкана демейдегидей иштебей калат. Анан бороон канча узак созулбасын – үч күнбү, бир жумабы, — бул күндөрдү дем алыш деп эсептешет, ошончо жекшемби күн катар жумушка айдашат.

Бирок баары бир зэктер бороонду жакшы көрүшөт, тилейт ошону. Шамаал кичине катуу үйлөп баштаса – асманга баштарын салып: кана, кана кош материалдан! дешет.

Каардан дегени.

Анткени жер менен сыйпаланган шамаалдан чыныгы бороон чыкпайт.

38-бригаданын мешине жылынганы кимиси жакындады эле, аны ал жактан кууп жиберишти.

Ошол маалда залга Тюрин кирди. Кабагы огош бетер бүркөө. Бригада түшүнө калды: бир нерсе жасаш керек, болгондо да тезинен.

— Та-ак, — Тюрин серп салды.— бардыгы бул жердеби, жүз төртүнчү?

Текшерип санап отурбастан, анткени Тюриндин эч кимиси эч жакка кетип калбайт, ал бат-баттан ар кимге буйрук бере баштады. Эки эстондуктарды, Клевшин менен Гопчикти жакын жерден растворго чоң ящикти алып, ТЭЦке көтөрүп келгени жөнөттү. Ушул сөздөн бригада жаңы курула баштаган жана кеч күздө ташталган ТЭЦке которулганын түшүндү. Дагы экөөнү шайманканага жиберди, ал жакта Павло инструмент алып жатыры. Төртөөнө ТЭЦ тегерегин, машиналык залдын кире беришин, машиналык залдын өзүн, өөдөкү кабатка чыкмаларды каардан тазалаганы буйруду. Дагы экөөнө ошол залдагы мешти жаккыла деди — көмүр менен, тактай таап отунга жарышсын. Бирөө чана менен ошол жакка цемент ташысын. Экөө суу алып келишсин, дагы экөө — кумду, бирөө болсо каардан кумду бошотуп, лом менен сындырсын.

Ушунун бардыгынан кийин буйрук албаган Шухов менен Кильдигс калды – бригаданын биринчи усталары. Аларды бери чакырып алып, бригадир айтты:

— Уккула бери, балдар (Өзү алардан кары болбосо да, ушунтип сүйлөмөйү бар болчу – «балдар» деп). Түштөн кийин шлакоблок менен экинчи кабаттын дубалын тургузасыңар, күзүндө алтынчы бригада таштап кеткен жерди. Азыр болсо машиналык залды жылуулаш керек. Ал жерде үч чоң терезенин орду бар, биринчи кезекте ошолорду бир нерсе менен кагып жаап салыш керек. Машиналык залда биз раствор да кылабыз, жылынабыз дагы. Жылытпасак – кагынган иттей баарыбыз тоңуп өлөбүз, түшүндүңөрбү?

Дагы башкасын айтып ооз ачкыча Гопчик, торопойдой кызыл он алты жашар бала, чуркап келди, тигил жакта башка бригада раствордун ящигин мушташып, бербей жатат деп. Тюрин чымылдаган бойдон кетти ошол жакка.

Жумуш күндү мындай суукта канчалык баштаган кыйын болсо да, бир баштап алсаң, калганы билинбей кетет.

Шухов менен Кильдигс бири бирин карашты. Экөө чогуу көп жолу иштешкен, бири биринин жыгач усталыгын да, үй тургузган өнөрчүлүгүн да баалашчу. Каар арасында жанагы терезелер ордун чапташка бир нерсе табыш оңой жумуштан эмес. Бирок Кильдигс айтты:

— Ваня! Чогултма үйлөрдүн жанында мен бир жерди билем – бир чоң тольдун рулону жатат. Мен анын үстүнөн жаап койгом. Кеттикпи?

Кильдигс латыш болсо да, орус тилин эне тилиндей билет – алардын жанында эски ишенимдеги орустардын айылы бар болчу экен, кичинекейинен үйрөнүп алыптыр. Лагерде Кильдигс болгону эки жыл отурат, бирок бардыгын түшүнүп алган: тиштебейсиңби – алалбайсың. Кильдигстин аты Ян, Шухов дагы аны Ваня дейт.

Тольго кетишмей болду. Бирок андан мурда Шухов авторемонттун курулуп жаткан корпусунан өзүнүн мастерогун барып алып келди. Мастерок эгерде колго оңтой жана жеңил болсо, үй тургузганга чоң өбөлгө. Бирок ар бир объектиде мындай тартип: эртең мененкисин бүт инструментти аласыңар, кечинде тапшырасыңар. Эртең кандай мастерок колго тиет – кудай билет. Шухов бир жолу инструмент тапшырганда, бир жакшы мастерокту эсептетпей алып калган. Эми кеч кирген сайын ошол мастерокту катып коёт, эртең менен, эгерде дубал тургузса, кайра таап алып келет. Албетте, 104-бригаданы бүгүн Соцгородокко айдаса Шухов кайра мастерогу жок калмак. Азыр болсо ташты омкорду, жылчыгына бармагын салып – мына, тартып алды.

Шухов менен Кильдигс авторемонттук корпустан чыгып, чогултма үйлөр тарапка жөнөштү. Дем алган сайын буу оргуштап чыгат. Күн көтөрүлүптүр, бирок туман баскандай, күндүн эки капталынан жарыгынын мамылары созулган.

— Күн мамыларын карачы? — Шухов Кильдигске башын ийкеди.

— А бизге мамылар тоскоол эмес, — деди Кильдигс күлүп – Бир мамыдан экинчиге тикенек сым тартпасын, ошону карагын.

Кильдигс тамашасыз сөз сүйлөбөйт. Ошол үчүн аны бригаданын бардыгы жакшы көрөт. Ал эми лагердеги латыштар аны канчалык сыйлайт дейсиң! Кильдигс бирок жакшы тамактанат, ай сайын эки жөнөтмө алат, беттери кызыл тору, лагерде жүргөндөй эмес. Кантип тамаша-оюн салбайсың анан?

Огулардын объектинин зонасы килейген! – ба-ардыгын басып өткүчө убакыт кетет. Жолдон 82-бригаданын балдары жолукту – аларды кайра чуңкур казганы жибериптир. Чуңкур көп чоң эмес: элүүгө элүү жана тереңдиги элүү, бирок жер жайында канчалык таштай катуу, азыркы тоңдо көрчү казып. Кирка менен ургуласа, анысы сыйгаланат от чачып, жер былкылдабайт. Турушат балдар ар бири өз чуңкурунун жанында, тегерек четинде жылынаар жер жок, кетип калууга болбойт – тигилер кайра кирка менен соккулайт. Ошондон гана жылуулук.

Шухов алардын ичинен таанышын, вяткалык бирөөнү көрүп калып, кеңеш берди:

— Бери уксаңар, жер казчулар, силер ар бир чуңкурга от жаккыла. Жер эрисин да.

— Уруксат жок – үшкүрдү вяткалык таанышы. – отун беришпейт.

— Табыш керек.

Кильдигс болсо ачуусу менен түкүрдү.

— Ваня, айтчы мага, эгерде жетекчилердин акылы болсо, элди ушундай суукта жер каздырмак беле?

Кильдигс дагы өзүнчө бир-эки жолу сөгүп унчукпай калды, суукта көп сүйлөй албайсың. Алар андан нары дагы бир далайга барышып, каар алдында чогултма үйлөрдүн тактайлары жаткан жерге келишти.

Шухов Кильдигс менен иштегенди жакшы көрөт, анын бир жери гана жаман – тамеки тартпайт, анын жөнөтмөлөрүндө тамеки болбойт.

Чын эле, Кильдигстин көрөгөчтүк жайы бар: экөөлөп бир тактайды, экинчини көтөрсө, анын алдында тольдун рулону жатат.

Чыгарышты. Эми – кантип алып кетиш керек? Чокудан байкаса байкасын: күзөтчүлөрдүн жумушу — зэктер качып кетпесин, ал эми жумуш зонанын ичинде бардыгын мейли балталап салгын. Лагердеги сакчы бет маңдай чыкса, ал дагы эч нерсе эмес: ал өзү жылмаңдап жүрөт, чарбага эмне көтөрүп кетсемби деп. Жумушчуларга да ушул чогултма үйлөрдүн бир тыйынча кереги жок. Бригадирлерге деле. Алар жөнүндө эркин прораб жана зэктерден он башы, жана тартагай Шкуропатенко кам көрөт. Эч кызматы жок, жөн гана зэк жанагы Шкуропатенко, бирок ит мүнөз. Зэктерден ушул чогултма үйлөрдү кайтарганы, туш-тушка ташып кетпесин үчүн гана убактылуу буйрутма жазып беришет ага. Мына ошол Шкуропатенко ачык жерден аларды кармашы мүмкүн.

— Ваня, мындай кылбайлыбы, жаткырып алып көтөрүп барган болбойт – деп ойлоп тапты Шухов, — тургузуп алып эки жактан кучактайлы, өзүбүз менен жашырып акырын кете беребиз. Алыстан байкабайт.

Жакшы ойлоп тааптыр Шухов. Рулонду колго алыш оңтойсуз, аны колго албай, эки жактан үчүнчү адамды ортого салгандай кысып жөнөштү. Сырттан карасаң – эки адам тыгыз бараткандай көрүнөт.

— Кийин терезеден прораб тольду көрсө, баары бир билип калат, — оюн бөлүштү Шухов.

— Биздин ишибиз не? – таң калып койду Кильдигс. – ТЭЦке келсек, ал жерде ошентип туруптур. Сыйрымак белек?

Анысы туура.

Жука колгапта бармактар селейип калды, бири бирин сезбейт. Сол чокою чыдады. Чокой деген башкы нерсе. Кол болсо жумушка жылыйт.

Басылбаган каарды кечип, шайманканадан ТЭЦке карай салынган чананын изине чыгышты. Цемент алып келген окшойт.

ТЭЦ дөңдө турат, анын артында зонанын чеги. ТЭЦте көптөн бери эч ким болгон эмес, тегерек чети басылбаган тегиз каар. Чананын жолу, жаңы тапталган жолчолор даана көрүнөт, терең издерди калтырып биздикилер өтүшкөн. Жыгач күрөктөр менен ТЭЦтин тегерегин, машиненин жолун тазалап жатышат.

ТЭЦте көтөрмөсү иштесе жакшы болоор эле. Анын мотору күйүп кеткен, андан бери оңдой элек болуш керек. Демек, кайтадан экинчи кабатка бардыгын өзүбүз көтөрүп чыгарышыбыз керек. Растворду. Шлакоблокторду.

ТЭЦ эки ай сөлөкөтүн көрсөтүп, баягы калтырылган бойдон каарда турду. Мына эми 104-бригада келди. Араң жан алар эмне менен жан багып жүрөт дейсиң? – ач курсактары брезент менен курчалган; суук ызгаар; жылыткан жайы, очогу жок. Бирок 104-бригада келди – тирилик адаттагыдай башталды.

Машиналык залга кире бериште раствордун ящиги чачырап кетти. Ящик эски болчу, Шухов аны бүтүн алып келишпейт деп ойлоп койгон. Сөгүндү бригадир, бирок көрүп турат – эч кимдин күнөөсү жок. Ошол учурда Шухов Кильдигс менен тольду ортого алып келип калышты. Сүйүнүп кетти бригадир, мындай деп буйруду: Шухов – мешке морду жасап, аны тезирээк жагыш керек, Кильдигс – ящикти оңдосун, эстондуктар жардамдашат, Сенька Клевшин болсо – балтаны алып, узун жыгач жарсын, тольду урганы: толь терезеден эки эсе кууш. Жыгачты ага кайдан алсак? Жылытма жайды кылыш үчүн прораб тактай жазып бербейт. Эки жакты карады бригадир, баарысы көз жүгүртүштү – бир гана амал: экинчи кабатка чыкмада колго жөлөк болуп тактайлар урулган – чыгарыш керек. Эки жакты карап бассаң кулабайсың. Башка эмне айла?

Мындай карасаң, зэк он жыл лагерде эмнеге иштемек эле? Урганым жок деп жүрө бер. Эртеден кечке күн өткөр, түн сеники.

Бирок болбойт андай. Ал үчүн бригаданы ойлоп тапкан. Эркиндеги бригада эмес, Иван Иванычка өзүнчө эмгек акы, Петр Петровичке өзүнчө эмгек акы берилген. Лагерде бригада – жетекчилер зэктерди эмес, зэктер бири бирин иштеткен түзүлүш. Бул жерде мындай: же бардыгына кошумча берилет, же бардыгыңар ачка калгыла. Сен, желмаян, иштебей мен ачка калайынбы? Балакет бол, иштейсиң!

Азыркыдай учур келсе, отурмак кайдан? Каалайсыңбы, каалабайсыңбы жүгүр, жасагын. Эгерде эки сааттын ичинде жылытма жайды жасабасак – тоңуп өлөбүз бул жерде баарыбыз.

Инструменттерди Павло алып келиптир, талай бер. Бир нече түтүктөр да бар. Темир усталык боюнча инструмент жок, бирок балка бар, балта дагы. Эптеп жасайбыз.

Шухов колгаптарын бирин бирисине чапкылайт жана морду кураштырат, кошулган жерин ургулайт. Кайрадан чапкылайт да ургулайт (мастерогу жанында, жакын жерге каткан. Бригадада өз кишилер болгону менен алмаштырып коюшу мүмкүн. Ошол эле Кильдигс.)

Эми – ойлордун бардыгын башынан шыпырып салгандай. Шухов азыр эч нерсени эстебестен, эч нерсеге кам көрбөстөн, оюнун бардыгы мордун бүкмө жерлерин тыкандап, түтөбөгөндөй чыгарууга кеткен. Гопчикти сым издегени жиберди – морду терезеден чыгарып илип койгону.

Бурчта мору кирпичтен жасалган жапырайган меш бар. Үстүндөгү темир плитасы кызарган, тоңгон кум анда эрип кургатылып жатат. Ал меш жакшы жагылган, кавторанг менен Фетюков анын үстүнө кум ташып жүрүшөт. Кум ташыганга — көп өнөрдүн кереги жок. Ошондуктан бригадир андай жумушка мурдагы начальниктерди коёт. Фетюков мурда кайсы бир конторада чоң начальник болгон экен. Кызматтык машинеде жүрчү.

Фетюков биринчи күндөрү кавторангга куйругун көтөрүп, кыйкырып калчу. Бирок кавторанг бир жолу ооздон нары бергенде, ошону менен жарашып калышты.

Кум мешке балдар жылынганы чогула баштады эле, бригадир эскертти:

— Эх, азыр бирөө чекеден нары жейт! Камдап алгыла биринчи!

Токмок жеген камчыны көргөндө үркөт дейт. Суук канчалык ызгаар болсо да, бригадирдин каары андан ачуу. Жумуштары боюнча тарап кетти балдар.

Бригадир болсо, Шухов угуп турат, акырын Павлого:

— Сен мында калгын, катуу кармап тур. Мен азыр процентовканы жапканы кетем.

Жумуштун өзүнө караганда, процентовкадан көп нерсе чечилет. Кайсы бригадир акылдуу – жумушка күчүн чыгарбай, процентовканы жакшы чыгарганы жүгүрөт. Ошону менен оокат кылабыз. Эмнени кылбасаң – кылдым деп далилдеп бер; эмне үчүн арзан төлөсө — кымбат төлөгөндөй кылгын. Ал үчүн бригадирдин кыйла акылы болуш керек. Жана нормачылар менен сүйлөшкөндү билиш керек. Нормачыларга да бериш керек.

Териштирип келсек – кимге керек ошол проценттер? Лагерге. Лагерь ал аркылуу курулуштан ашыкча миңдерди алат жана өзүнүн лейтенанттарына премия жазып берет. Ошол эле Волковойго анын камчысы үчүн. Сага болсо – кечинде ашыкча эки жүз грамм нан. Эки жүз грамм өлүмдөн алып калат. Эки жүз граммдын аркасы менен Беломорканал курулган.

Эки чака суу алып келишти, анысы жолдон муз боло түшүптүр. Павло буну көрүп, ташыгандын кажети жок деп чечти. Каардан эриткен тезирээк болот. Чакаларды мешке коюшту.

Гопчик жаңы алюминий сым таап келиптир – электриктер тарткан сымдан. Бери сүйлөйт:

— Иван Денисыч! Кашыкка сонун сым экен. Кашык куйганы мени үйрөтөсүзбү?

Бул Гопчикти, кыйды немени, жакшы көрөт Иван Денисыч (анын өз баласы кичине жашта чарчаган, үйдө чоңоюп калган эки кызы бар). Гопчикти бендерачыларга токойго сүт ташыганы үчүн отургузган. Отураар мөөнөтү — чоң кишиге бергендей. Тигинин болсо – эне сүтү оозунан кете элек, чоңдорго эркелейт. А бирок анын да куулугу бар: өз жөнөтмөлөрүн жалгыз жейт, кээ бирде түнүчүндө кепшейт.

Бирок, башка жактан карасаң, бардыгын тойгузууга милдеттүү беле?

Кашыкка сымдан сындырып, бурчка катып коюшту. Шухов эки тактайды аркалатып, анын үстүнөн Гопчикти морду илгенге жөнөттү. Гопчик тыйын чычкандай жеңил – асылган тактайлардан чыгып, мыкты какты, сымды ошого илип мордун астына жиберди. Шухов эринбей мордун башын дагы бир бүгүп, өөдөлөтүп койду. Бүгүн шамал жок, а бирок эртең болсо – түтүндү шамал кайра бөлмөгө чаппасын. Бул меш өзүбүз үчүн, аны билиш керек.

Сенька Клевшин ичке узун тактайларды даярдап коюптур. Гопчик-хлопчик какканы кетти. Эрикпеген шумпай, үстүнөн кыйкырып жүрү.

Күн өөдөлөп калыптыр, бозомук тарады, эки жагынан мамы тилке жоголду — ичи мала кызыл тартып турат. А дегиче мешти уурдалган отун менен жагышты. Мына жыргал!

— Кычыраган чилдеде капталын тосуп уй жылыптыр! – деди Шухов.

Кильдигс раствордун ящигин ургулап бүттү, балтасы менен дагы бир ургулап, кыйкырды:

— Бери ук, Павло, бул иш үчүн бригадирден жүз сом, андан кем албайм!

Павло:

— Жүз грамм аласың. — деп күлдү

— Прокурор кошуп берет! — үстүнөн Гопчик кем калбайт.

— Тийбе, тийбе! – кыйкырды Шухов. (Тольду туура эмес кесип баштаган).

Кантип кескенди көрсөттү.

Темир мешке эл үймөлөктөшө калганда, Павло аларды чачыратты. Кильдигске жардамга берди жана раствордук тепши жасаганы буйруду — үстүнө раствор ташыганы. Кум ташыганга эки-үч адам кошту. Үстүнө жиберди – каардан дубал тургузаар жерди жана дубалдын өзүн тазалаганы. Дагы бирөөнү ичине – эриген кумду плитадан раствордук ящикке ыргытканы.

Сырттан мотордун үнү чыкты – шлакоблокторду ташый баштады, машина кылдырап өзүнө жол салып келатат. Павло чуркап чыгып колун булгалады – кайсы жерге шлакоблокторду түшүрүш керек.

Толь менен бир катар жамашты, экинчи катар. Толь жыргатып корголойбу? Кагаз деген кагаз да. А бирок бир өңчөй жабылган дубал болуп калды. Ичи караңгылай түштү. Мештин жарыгы көрүндү.

Алешка көмүр алып келиптир. Бирөөлөр кыйкырат: салгының! Башкалары: салбагын! Отундун табы менен жылынабыз! Туруп калды, кимди угаарын билбей.

Фетюков мешке такай отуруп алып, келесоо, чокоюн оттун өзүнө салат.

Кавторанг аны желкесинен көтөрүп, носилкага сүйрөйт:

— Кум ташып бүтүр, бечел!

Кавторанг лагердик ишке да өзүнүн деңиз кызматына жасагандай мамиле кылат: айттыбы жасаш керек деп, жасагын! Акыркы айда кавторанг катуу шылынды, бирок ишти тартып келатат.

Эртеби, кечпи – мына үч терезе толь менен капталды. Эшиктен гана жарык кирет. Суук дагы ошол жактан. Павло эшиктин жогору жагын каптап, ылдый жагын башты эңкейтип киргени гана калтыргыла деп буйруду. Каптап салышты.

Ал болгуча шлакоблоктон үч самосвал алып келип түшүрүштү. Эми маселе — көтөргүч жок аларды кантип үстү жакка чыгарыш керек?

— Устакелер! Жүргүлө, үстүнө чыгалы! – чакырды Павло.

Бул барктуу иш. Шухов жана Кильдигс Павло менен үстүнө көтөрүлүштү. Үстүнө чыкма ансыз деле кууш экен, эми Сенька колго жөлөгүчтөрдү жулуп салгандан кийин – ылдый жакка омкорулбагыдай дубалга жабышып жыласың. Дагы жаман жери – бут таяп баса турган тактайларга каар тоңуп томолоктошуп калган – кантип раствор ташышат?

Дубал коюла турган жерди барып карашты, күрөк менен ал жерди каардан тазалап жатышыптыр. Мына бул жерде. Мурда коюлган кирпичтерден балта менен музду чабыш керек, үстүн шыпырыш керек.

Шлакоблокторду кай жактан берген оң, карап көрүштү. Ылдый жакты карашты. Мындай чечимге келишти: чыкма менен колго көтөрүп чыккыча, төртөө ылдый жактан шлакоблокторду тигил тирегичтерге ыргытышсын, ал жерден экөө экинчи кабатка ыргытышсын, бул жактан болсо экөө ташып берет – ошондо тезирээк жүрөт иш.

Үстүндө шамал көп үйлөбөйт экен, бир аз гана сыдырым жел бар. Суук шамал өтсө, кантип дубал тургузабыз? Ал эми баштап койгон дубалга жашынып алсаң – урбайт суук, жылыйсың.

Шухов башын асманга көтөрүп, аң-таң боло түштү: асман тап-таза, күн болсо түшкө ооп калыптыр. Э-э, кудайга тобо-о: жумуш менен убакыттын өткөнү! Канча жолу Шухов байкаган: лагерде күндөр көз ачып жумгуча өтүп кетет. Отураар мөөнөтүң болсо – жылбайт, деги эле кыскарып койбойт.

Ылдый түшүштү, ал жакта бардыгы мешти тегеректешип отуруп алышкан, кавторанг менен Фетюков гана кум ташып жүрүшөт. Жини келди Павлонун, сегиз адамды дароо шлакоблокко айдады, экөө цементти ящикке салып кум менен кургак аралаштырганы турду, тигини сууга, тигини — көмүргө жиберди. Кильдигс болсо өз командасына:

— Кана, чычымдар, носилкаларды бүтүрүш керек. – деди.

— Мен дагы аларга жардам берсемби? – Шухов Павлодон өзү жумушту сурап жүрү.

— Жардам бергиле.— Павло башын ийкейт.

Аңгыча растворго каар эриткени челек алып келишти. Кимдир бирөөдөн угуп калышты, саат он эки болуп калыптыр деп.

— Болсо болуп калды он эки, — жарыялады Шухов дагы. – Ана күн ортолоп калыптыр.

— Эгерде ортолоп калса, — кавторанг жообун кайтарды, — он эки эмес, бир болду.

— Эмнеге андай? – таң калды Шухов. – Ата-бабалардан бери белгилүү: күн түштө эң жогору турат.

— Ал ошол бабаларың убакта болчу! – кесип койду кавторанг. – Андан бери декрет чыккан, азыр күн саат бирде эң жогору турат.

— Кимдин декрети?

— Совет бийлигинин!

Кавторанг носилкасын көтөрүп чыгып кетти, Шухов болсо талашмак деле эмес. Эмне, күн дагы алардын декреттерине баш ийип калды беле?

Ургулап, соккулап төрт тепши жасашты.

— Болду, отуруп, жылыналы, — деди Павло эки устакесине. – Силер дагы, Сенька, түштөн кийин дубал тургузасыңар. Отургула!

Мына, мешке уруксаты менен отурдук. Баары бир түшкө чейин дубалды баштабайбыз, раствор кылуунун кажети жок, тоңуп калат.

Көмүр акырындап кызарып калыптыр, табы жакшы экен. Мештин жанында гана табы сезилет, ал эми залда суук кандай болсо, ошол бойдон.

Колгаптарды чечишип, колдорун төртөө тең мешке тосуп калкалашат.

Бутуңду болсо бут кийим менен отко жакын койбо, муну түшүнүш керек. Батинке болсо, сырты чытырап бөлүнөт, чокой болсо – нымдашып суу болот, чекеси дагы жылыбайт. Отко өтө жакын койсоң — күйгүзөсүң. Жазга чейин жыртыгы менен жүрөсүң, башкасын бербейт.

— Шуховго эмне? – Кильдигс тийшип жатат. – Шухов бир буту менен үйдө турат.

— Алдагы, жылаңайлак буту менен, — деп бирөө кошумчалады. Күлүштү. (Шухов күйгөн сол чокюун чечип, чулгоосун кургатып жаткан).

— Шуховдун мөөнөтү аяктайт.

Кильдигс жыйырма беш жыл отурат. Мурда ушундай бир жеңилирээк туш болуптур: бардыгына бирдей он жыл беришчү. Кырк тогузунчу жылдан баштап бардыгына жыйырма беш жыл бере башташты. Он жылды эптеп өткөрөт экенсиң өлбө жаным өлбө деп, — кана, жыйырма беш жыл отурчу?!

Колу менен көрсөтүп: мына тигил жакында бошойт дегени Шуховго жагат, — бирок өзү ошого көп ишенбейт. Тигине, кимдин мөөнөтү согуш учурунда бүткөн болсо, бардыгын өзгөчө буйрукка чейин кармашты, кырк алтынчы жылга чейин. Ким үч жылга гана кесилсе, үстүнө беш жыл ашыгы менен отурду. Мыйзамды — оңой кайрып коюшат. Он жыл аяктаса – мына сага дагы бир он жылдык. Же алыс жакка айдашат.

Кээ бир учурда ойлонуп кетсең – дем кыстыгат: мөөнөт аягына жетейин деп калды, ана учу көрүнгөнсүйт… О Кудай! Өз бутуң менен – эркиндикке чыгып баратсаң, э-э?

Бирок карт лагердик немеге бул жөнүндө сүйлөгөнү жарашпайт. Шухов Кильдигске мындай жооп берди:

— Сен өзүңдүн жыйырма беш жылыңды санаба. Жыйырма беш жыл отурасыңбы, отурбайсыңбы, ким билет. Мен болсо сегиз жыл толугу менен отурдум, мына бул турган иш.

Жашап жүрө берет экенсиң жерге башыңды салып, ойлогонго убактың жок: кантип отурдуң? качан чыгасың? деп.

Делосу боюнча Шухов өлкөнүн чыккынчысы. Өлкөгө чыккынчылык кылуу максатында туткунга түшкөн, ал эми туткундан болсо немис чалгынчылардын тапшырмасын аткарганы келдим деп көрсөтүп берген. Ал кандай тапшырма экенин Шухов дагы, тергөөчү дагы ойлоп чыгаралбай коюшту. Жөн эле тапшырма бойдон кала берди.

Биздин чалгынчылар Шуховду көп сабашты. Шуховго ошондо жөнөкөй ой келди: кагазына кол койбосоң — көргө киргизет, кол койсоң – дагы кичине жашайсың. Колун койду.

Иштин жайы мындай болгон: кырк экинчи жылдын февралында Түндүк-Батыш фронтто алардын армия бүтүндөй курчоого кабылды, самолеттон азык-түлүк таштаган жок, самолеттун өзүн да көрүшкөн жок. Өлүк жылкынын туягын кесип, аны сууга чылап жеген күндөр болгон. Атышканы эч нерсе жок. Ошентип аларды бириндетип немистер токойлордон кармап алышчу. Мына ошондой бир топ менен Шухов туткунга, ошол эле токой ичинде түшүп калды эки-үч күнгө — анан бешөө болуп качып кетишти. Токой-сазды аралап эптеп өзүбүздүкүнө урундук. Бирок экөөнү автоматчан ошол жерден набыт кылды, үчүнчүсү жаракаттан көз жумду, — ошентип экөө тирүү жетти.

Акылдуу болуп, токой аралап жүрдүк дегенде, суудан кургак чыгышмак. Алар ачылып алышты: ушинтип немис туткунунда болдук деп. Туткундабы? Энеңдин гана силдердин!.. Фашисттик агенттер! Отургула камакка. Алар бешөө болчу, эгерде бардыгынын көрсөтмөсүн салыштырганда, ишенмек беле, экөөнө ишенич жок: сүйлөшүп алышкан, дурайындар, туткундан качтык деп.

Сенька Клевшин кереңдиги менен туткундан качуу тууралуу айтып жатканын угуп, катуу үнүн чыгарды:

— Мен туткундан үч жолу качкам. Үч жолу тең кармашкан.

Сенька, чыдамдуу неме, көбүнчө унчукпайт: элди укпайт, баарлашууга кийлигишпейт. Ошондуктан ал жөнүндө аз билишет, Бухенвальдда отурганы жана ал жердеги жашырын уюмда болгону, зонага көтөрүлүш үчүн курал ташыганы тууралуу гана билишет. Жана немистер колун артка кылып тартып, таяк менен урганын билишет.

— Ваня, сен сегиз жыл отурганың – кайсы лагерде? – Кильдигс каяшын айтат. – Сен мындай лагерде отургансың, ал жерде аялдар менен жашачысыңар! Номерлер жок. Мына сүргүн лагерде отуруп көрчү! Эч ким аягына чейин отура элек.

— Аялдар менен!... Теңимди эмей теректи кучактачубуз!...

Шухов мештин отун тиктеп, түндүктө өткөн жети жылын эстеди. Үч жыл терек сүйрөп, тарага жана шпалага тактай даярдаганы. Жана ушундай үлпүлдөгөн оттун жарыгы терек жыкмада: күндүзгү терек жыгууда эмес, түнкү. Начальниктин ушундай мыйзамы бар болчу – ким күндүзгү тапшырманы аткарбаса, токойдо түнкүгө калат.

Түн ортосунда лагерге сүйрөлүп келесиң, таңга маал кайра токойго.

— Жо-ок, туугандар… бул жерде тынчыраак – деди ал. – Бул жерде убакыт келдиби – кете бер. Аткардыңбы, аткарган жоксуңбу – алга зонага. Гарантийка жүз грамм жогору. Бул жерде жашасаң болот. Өзгөчө деп аталат экен – мейли өзгөчө боло берсин, номерлер желкеңди тартып жатабы? Номерлердин салмагы жок.

— Тынчыраак дейт! – Фетюковдун ышкырган үнү чыкты (тыныгуу маалы келип калган, бардыгы мешти тегеректеп турушат). – Элди уктап жаткан жеринен союуп кетип жатышат. Тынчыраак имиш!...

— Элди эмес, бузукуларды! – Павло сөөмөйү менен Фетюковго зеките шилтеди.

Чын эле, лагерде жаңы бир нерсе башталды. Эки белгилүү бузукуну вагонкадан, ойгоноор маалда сайып кетишти. Кийин бир күнөөсүз жумушчуну – орун алмашып алышкан окшойт. Бир бузуку өзү жетекчилерге барып, мени БУРга отургузгула, түрмөгө каткыла деп качып кетти. Укмуш, ай… башка лагерде мындай жок болчу. Бул жерде деле болгон эмес…

Бир маалда энергопоезддин үнү угулду. Ал дароо бүт күчү менен күүлдөбөй, башында кыркырагансып үндөдү.

Жарым күндү өткөрдүк! Түшкү тыныгуу!

Эх, үлгүрбөй калдык! Ашканага эчак барыш керек болчу, кезек алганы. Объектиде он бир бригада бар, ашканага эки бригададан ашык батпайт.

Бригадирибиз алиге чейин жок. Павло көзүн тез жүгүртүп, мындай деп чечти:

— Шухов менен Гопчик – мени менен! Кильдигс! Гопчикти силерге жибергенде – тезинен бригаданы алып кел!

Мештин жанындагы алардын ордуларын ошол замат ээлешти, жакшы көргөн жарындай бардыгы мешти тегеректеп кучактаганы жүрүшөт.

— Ташта уйкуну! – кыйкырат балдар. — Түтөт тамекиден!

Айтканын айтып коюп бири бирин карашат – кимиси түтөтө баштайт. Түтөткөн эч ким жок – же тамекиси калбаган, же катып, көрсөткүсү келбейт.

Павло менен тышка чыгышты. Гопчик аркада коёндой безип келатат.

— Күн жылып калыптыр, — заматта баамдады Шухов.— Он сегиз градус, андан көп эмес. Дубал койгону жакшы.

Шлакоблокторго көз жүгүртүштү – балдар көбүн тирегичтерге ыргытып коюптур, айрымдарын экинчи кабатка дагы.

Күндү дагы карады Шухов көзүн жүлжүйтүп, кавторангдын декретин текшерип.

Ачыкта шамал ойнок, чымчылайт, ичке кирет. Унутпа дегенсип, азыр январь айы.

Өндүрүштүк ашкана – мешти тегерете тактайдан жасалган чакан алачык, араларын жабыш үчүн сыртына темир урулган. Алачыктын ичин тосмо жыгач экиге бөлөт – аш жасаган бөлмөгө жана ашканага. Аш бөлмөдө жана ашканада бирдей жер төшөлгөн эмес. Жер кантип тапталган, ошол бойдон өңгүл-дөңгүл. Аш бөлмө болсо — төрт бурчтук меш, үстүнө казан орнотулган.

Ал бөлмөнү экөө тейлейт – ашпозчу жана санинструктор. Эртең мененкисин лагерден чыкканда ашпозчу чоң лагердик ашканадан таруу алат. Бир адамга болжолу менен элүү граммдан, бригадага – бир кило, ошондо объектиге каптын үчтөн бир бөлүгүнө жетпегендей болот экен. Ашпозчу тигил таруу капты үч километр өз жонуна көтөрбөйт, дагы бир байкуш көтөрүп келет. Өзү көтөрүп жинди болуптурбу, андан көрү жанагы байкушка жумушчулардын эсебинен ашыкча порция бөлүп берип коёт. Суу алып келип, отун жарып, мешти жаккан – ашпозчу эмес, жумушчулар жана бечелдер кылышат – аларга дагы порциядан берет, бөтөн оокатты аямак беле. Дагы бир эреже бар – ашканадан чыкпай тамактаныш керек: чөйчөктөрдү лагерден алып келишет (объектке калтыра албайсың, түнүчүндө бош жүргөндөр алып кетишет), элүүдөн ашык идиш алып келишпейт, бул жерден чайкап кайра айланта куюп бере беришет (чөйчөк ташып келгенге — дагы бир порция кошумча). Чөйчөктөрдү ашканадан чыгарбаш үчүн эшиктин оозунда бирөө атайын турат — чөйчөктөрдү кайтарып. Бирок канча кайтарба – баары бир чыгарып кетишет, көндүрөбү, же тигил кээде көрмөксөнгө салып коёбу, ким билсин. Эми объектти бүтүн шимшилеп бирөө ошол чөйчөктөрдү кайра ашканага чогултуп келиши керек. Ал дагы бир порция. Тигилге дагы бир порция.

Ашпозчунун иши болгону ушул: таруу жана туз салат, майды бөлүштүрөт – казанга жана өзүнө (жакшы май жумушчуларга жетпейт, бузулган майдын бардыгы казанда. Ошондуктан зэктер кампадан бузулган май келсе экен деп тилешет). Анан – ботко бышып калганда аралаштырып коёт. Санинструктор аны дагы кылбайт: жөн гана карап отурат. Ботко бышса санинструкторго берилет – ичиң жарылганча тоюп ал. Өзү дагы ченебей жейт. Анан кезекчи бригадир келет, күнүгө алмашып турган – сынак алганы, жанагы боткону жумушчуларга берсе болобу, болбойбу дегенсип. Кезекчи бригадирге – кошумчалуу порция.

Аңгыча чакырык гүүлдөйт. Бригадалар кезектешип келишет, ашпозчу кичинекей терезеден чөйчөктөрдү суна берет, анын түбүндө болор-болбос ботко, сенин тарууңдан канчасы бар — өлчөбөйсүң, сурабайсың, бир нерсе деп көрчү, оозуңду жап кылат.

Жылаңач талаада шамал ыркырайт – жайкысын ысык жел, кышкысын ызгаар. Бул талаада эч нерсе өсө турган эмес, ал эми тикен сым тартылгандын ичинде – огош бетер. Нан деген нан кесчү жайда гана, аш деген азык-түлүк кампада. Жумушта белиңди эки бүксөң дагы, мурдуң менен жер казсаң дагы – тамак аш пайда боло калбайт, начальник жазып бергенден ашыкча албайсың. Ашпозчунун артынан, сагаалагандардын артынан, ар кандай амалкөйлөрдүн артынан аны дагы жөнү менен албайсың. Бул жерде уурдашат, зонада уурдашат, андан мурда кампадан уурдашат. Ошол уурулардын бардыгы колуна күрөк алып иштешпейт. Сен болсо – иштейсиң жана бергенин аласың. Кыңк этпей терезеден сунганды алып кете бер.

Кимге кимдин алы жетсе, ошого күчүн чыгарат.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Солженицын А.И.
    © Кыргызчага У.Ж.Жунушбаев которгон, 2009. Бардык укуктар корголгон

 


Количество просмотров: 4045