Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты
© Осмонкулов Ж.А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 14-июлу

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Досчул бала (жаңы)

Балдар үчүн аңгемелер

Педагог жазуучу, Кыргыз Республикасынын Жаштар жана Тоголок Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты Жапарали Осмонкуловдун бул китебине балдар үчүн жазылган чыгармалары кирди. Китептеги окуу-тарбия принциптерине нык сугарылган канаттуу аңгемелери табият менен эриш аркак мамиледе болууга, Ата журтту сүйүүгө, коргоого жана терең ой жүгүртүүгө үйрөтөт

Осмонкулов Жапарали. Досчул бала: Аңгемелер жыйнагы: Балдар үчүн — Б.: 2009. — 176 б. китибинен алынды

УДК 82/821-93
    ББК 83.1
    О-74
    ISBN 9967-22-661-7
    O 4803300100-09

 

ДОСЧУЛ БАЛА

Кыш. Айлана агарып ак мамыкта уктап жаткандай тунжурайт. Кыштоодо кулак-мурун тызылдаткан ызгаар көптөн бери өкүм сүрүүдө. Бүгүн күн ачык тийгендиктен чабан саарлап койлорун: “Күн жеп, басып келсин”деп жайытка айдаган. Чабандын короосу Кырккүңгөй бөксө тоосундагы күнөстө. Күңгөй бетте кар узакка жатпайт. Бат эле эрип кетет. Анын жылда кыштаган жайы. А тигил анын эркектайы. Аты Кенжегул. Ал дагы ишке камыр-жумур аралашып, атасына каралашканды жакшы көрөт. Өзү тили буудай кууруган, тыпыйган чыйрак бала. Досторуна, ата-энесине айрыкча күйүмдүү. Анын достору сары тай, ала торпок, мүйүздүү кочкор, Алапар дөбөт. Колу бошоду дегиче сары тайы менен ала торпогунун куйругуна чап жармашат. Алар ары-бери сүйрөшөт. Жылгаяк тебишет. Мүйүздүү кочкор абдан жоош. Сүзбөйт. Минип алса көпкө чейин жонунан түшпөйт. Каржайган мүйүзүнөн кармап алып оңго бурса оңго, солго бурса солго басат. Минип алып адыраңдап кой тосконучу. Бала кечке короодо жүрө берет, оюнга тойбойт. Достору чарчаса да ал чарчабайт.

Кенжегулдун эч кимге айта элек, эч ким биле элек досу бар. Ал — Күн. Аны менен көптөн бери ынак. Өздөрү макулдашкандай досу эртең менен эрте ойготот. Күндүн жебелери колу-бутун кытыгылаганда ал жалкоолонбойт. Ичиркенбейт. Шып эле ыргып турат. Кийинет. Жуунат. Тамактанат. Ак тонун, көрпө тебетейин, кийиз өтүгүн кийип тышка чыгат. Достору менен чыйрак көрүшөт. Жем-суу берет. Күн досу экөө таң кылайгандан иңир киргенче бирге болушат. Күн досунун үйү тоонун аркы бетинде.

— Кайыр досум, эртеңкиге чейин аман бол! – дейт күн досу жылмайып.

Күн досунун эшиктен чыгып, айнектен киргенине Кенжегул түк капаланбайт. Анткени, ал өзү да эшиктен кирип, айнектен чыккан, аңкайып күтүп калган Алапарын “баа-а” чочуткан күндөрү көп эле болгон. Мунун адепсиз экендигин досуна айтайын деп эле жүрөт. Бирок түшүндүрө албайт. Атасы айткандай ал азыр “узакка созулган каникулда” жүрөт окшобойбу. Чоңойгондо чыгынып сөзсүз айтат. Азыр сүйлөшө турганы башка.

— Эй, дос! Азыр атам койго барат, ачык тур ээ? А мен болсом сүрөт тартканы кеттим. Сүйлөштүкпү?—  серепчилей көктү карайт. Күн досу түшүнөт. Кыштын күнү төбөдө чакчайып тура берет. Ысык бөлмөдө сүрөт тартып отурган Кенжегулдун колунан калем сабы шыпырылат. “ Ээ, дос, мен азыр чыгам, күтүп тур, ээ?!” дегенин унутат. Көшүлүп уктап кетет.

Кенжегул үйгө кирип кеткенде аба ырайы ачык эле. Досунун жалгыз таштап кеткенине таарындыбы, же өзүнүн көңүлү бузулдубу, күн тырчыя түштү. Түндүктөн соккон шамал баятан үйдүн морусунан сызылып чыгып жаткан көк түтүндү кату жапырды. Асманды калдайган кара булуттар каптады. Табигаттын түрү заматта бозоруп, күндүн көзү көрүнбөй чүргөөлөндү. Бороон бууктуруп, тегерек чакчелекей түштү. Чыкыроон бурганак кар сапырып, аяз терезени черткиледи. Кенжегул чочуп ойгонду. Шаша-буша кийинип, сыртка атып чыкты.

— Ай-иий, көптөп жатышкан турбайбы! Э-эй, булут эмне түнөрөсүң! Досуму тоспо, тоспо дейм…

Жарк этип көрүнө калган Күн досу карарган асманда шолоктоп ыйлап жаткандай туюлду, балага. Кенжегул сары тайдай атырылды.

— Эй, көк бет, күндүн көзүн ач! Бөгөбө! Атам койго кеткен. Кыйналат. Шашпагын сени элеби?!.. Ээй, угуп атасыңбы!?..

Булут эчтемени уккан жок. Уккусу да келбеди, сыягы. Түнөргөндөн түнөрүп капкагын жаап мелтиреп тура бергени баланын кыжырын кайнатты. Ага кошул-ташыл шамал ышкырды.

— Ой… ой, сен эмне этек жеңден тарткылайсың? Коё бер деп атам. Эгее-е… — Бала кыйлага дейре дегдеңдеп, жыгыла турган болуп оңолду. Ичкериден апасы үн катты:

— Кенжеш, үйгө кир балам. Шамал ушундай. Сени укпайт. Жини келсе эч кимди карабайт, учуруп кетет.

— Аа-а, баарын чакчелекей түшүргөн сен турбайсыңбы! Уяты жок десе, мен сени менен дос болбойм. Сен таш боорсуң! Таш боор, таш боор! – тилин соройтту. Шамал тоотподу. Кайра тапан балага өчөшкөндөй коюн-колтугун аралады. Ичиркентти. Ызалантты.

— Сага уят эмеспи? Мени, апамы үшүттүң, атамы, койлорду үшүттүң. Булуттарды айдап келдиң. Эзели бирөөгө жакшылык кылып көрбөсөң керек. Сен сууксуң, сен мокочосуң!…

Бала дагы сүйлөй берет беле, бирок бөрүдөй жорткон жел аны аптыктырып, оозунан кебин жула качты. Өөдө-ылдый теңселтти. Бая ичиркентти эле, эми кадыресе кожойтуп тоңдура баштады. Бала өзүн катуу кармады, чыйралды. Көгөрө мындай деди:

— Баары бир сен мени тоңдура албайсың! Сен жамансың. Мен сага эч качан багынбайм. Мен деген койчунун баласымын. Мен чыйракмын, үшүбөйм. Карап тур, азыр атамын артынан барып кой айдашып келем. Ошондо сен ушундай бир ыза болосуң, тимеле адамдын боору ачыгандай уңкулдап боздойсуң! Ошон үчүн биз коркпойбуз, биз күчтүүбүз! – бала чечкиндүү арыш керди.

Кар жиреп, боргулдана тердеген Кенжегул кулак-мурдун тыз-тыз каарыган аязды сезип койбоду. Көктүгүнө сүйөнүп, кар малтап кете берди. Айдөштөн чыга бергенде Алапар ити «күрс-күрс» үрүп, кууп жетти. Алар бири-бирине эш байлады. Бороонго төшүн тоскон бала жүрөгү жок шамалды анчейин тоотподу. Ырдап кете берди.

— Мына көрдүңбү, биз кандайбыз! А сен ары жок шамал бирөөнү кожойтсом, буттан алып жыксам эле дейсиң! Бирок биз жыгылбайбыз, биз өжөр жаралганбыз! Э-эй, Алапар, алгаа-а!…

— Анча узабай уйгу-туйгу көк беттенген шамал баланын чыдамкайлыгына тан бердиби, же чын эле андан ыза жедиби, же аядыбы , а балким моюн сунуп дос болгусу келдиби, айтор билип болбойт, биртке басаңдай түштү. Багытын өзгөрттү. Бозоргон мунарыкты, түнөргөн булутту аркы-терки сабалады. Басаңдаган ышкырыгы түздөн жонго, жондон белеске созулду. Карарган асмандан күн кайра жарк этип көрүндү.

— Шамал, мени кечирип койчу. Мен сени билбепмин. Сен да өзүңчө күчтүү экенсиң. Булутту айдадың, карды токтоттуң. Мындан ары экөөбүз дос бололу! Колуңду бер, шамал дос!

Ойноок шамал жеңден алып, тыз беттен сылап өттү. Күн ачылды. Аппак кар жылт-жулт нур чачып, көз уялтты. Кенжегул досторунун көбөйгөнүнө кудуңдап, кар аймап баратты.

…Алыстан чубалган койлор, анын артынан карагерин теминген атасы көрүндү.

 

* * *

Күнгө жума. Асмандан бозоргон мунарык сүрүлүп,күн мемиреп ачык турду.Телмирген ак талаа, дүпүйгөн адыр, учтанган аскалардан көз карыгат. Айлана жылымык тартканы сонун болду, кургак, бүрдүү чөп кепшеген жандык мал күнөстөп.Кырккүнгөйдүн, короонун эркеси Кенжегулдун турганы качан. Ушинтип таң ата малга аралашкан күндөр аптада бир жолу кайталанат.Себеби эле атасы жемге барат.Сарай мал-салы менен Кенжегулга калат.Ошон үчүн ишти эрте бүткөрүү камын жеп үрүл-бүрүлдөн баштап атасы экөө өөдө көч, ылдый көч болушуп ноолорго чөп жайгаштырыштын көйүндө болушат.

— Жем алып келгенче күн ачык тургай эле,—  деп атасынын күңгүрөнө сүйлөгөнүнө ишенимдүү бакылдайт.

— Күн сөзсүз ачык болот.Бияктан кам санабай бара бериңиз,ата. Бүгүн койду күнгөйгө мен айдаар кезегим.

— Сен аны кайдан билесиң? — суроолу тигилди.

— Билем да... досторум айтты.

— Аа-аа-а, досторуң бирдеме деп кобурады дечи. Андай эле болсо жаңы жылга камына бер. Айылга барабыз,— деди атасы күлмүңдөй.

— Айылгабы?! Эң сонун! Ураа-аа-а! Атаке, аякка качан барабыз?, — бала атасын торой басты.Көздөрү жайнаган бала кубанычын жашыра албай чоң кап көтөргөн атасына теңелди.

— Ии-и-и, ошо күн бачым эле келсе экен. Мен айылга баргым келип атат.

— Аз калды, балам, чыда. Сен бүгүн азамат болдуң, досторуңдан мурда ойгонуп...

Мынакей бүтүп да калдык.Сен мындан ары эмне кылаарыңды унуткан жоксуңбу?

— Унуткан жокмун. Кой чөп жеп бүткөндөн кийин жайытка чыгарам, чөпканага мал кийирбейм, түштө сугарам.

— Бир короонун өтүлүн алат деген ушу, балам. Жүр эми чайыбызды ичип алалы Тигине апаң чакырып жатат.

Ата-бала чайдын артынан сары май кошулуп мелт-калт куюлган сыр аяктагы курутту керилте жутушту. Агала болгон уурттарын аарчышты. Дасторконго бата кылган атасы:

— Эми ар кимибиз иштин башында бололук,— деди түлкү тебетейин кийип жатып.

Бала үйдөн чыкканда күндүн жебелери жерге жайылып келаткан экен.Бала таза абадан кере-кере «оп» тартты.Теребелге сугу артып, эртеден бери көкүрөгүндө камалып, кытыгылап жаткан саламы жер жаңыртты.

— Ээ-ей! Саламатсыңбы Күн! Саламатсыңарбы улуу тоолор! — деп жүгүнүп койду.— Мына мен келдим. Жакшы жатып, жай турдуңарбы.Эй, Алапар, Ала— паа-ар! Биякка кел,ойнойбуз! Ураа — а! Кандай укмуш!

Кичине кожоюнунун үнүн уккан күрсүйгөн кара дөбөт арсылдап үрүп жөнөгөндө койдун ит тарабы жапырыла үрктү.

— Алапар, секин, баарын үркүттүң. Мунуң жакшы эмес,— сөөмөйүн кезеди — Жүр, бекинип калалы,— деди Кенжегул кайра чөпкананы көздөй зуулдап.

Узун үймөк чөптө томолонуп — жумаланып балкыган баланын жан дүйнөсү,наристе кыялы кычыраган кыштан ысык жайды, жамандан жакшыны, ачуудан таттууну тандап, туругу жок булуттай ары көч,бери көч сызып ширин чабытта. Кирпиктери ийилип,үргүлөй жаздайт.Ак кочкорунун колунан жалаганы,итинин маңдайында шый— паңдаганы, сары тайынын туйлашы, ала торпогунун көк беде иргегени көңүлүн ажайып кызытты да, каңылжыр өрдөп гүл жыттанган жашыл үймөк жазды эңсетти.

Кыш өтүп батыраак эле жаздын кыштоого көчүп келишин көйүндө самап турган баланын оюна өткөн май айындагы чоң атасы менен болгон аңгеме-дүкөн көз алдына тартылды.

— Кенжеш,сен кайсы канаттууну жакшы көрөсүң?,-деген күтүүсүздөн чоң атасы.

— Чабалекейди. Менин чабалекейим мындан ары жакшылыктын,бейкуттуктун кушу болот,— деген небереси да ойлонбостон.

— Мен ошо дилиңде баккан сулуу, адамга эң эле жакын, ынтымактуу турмуш курган,бөтөгөй канаттуу жөнүндө кеп уруп берейинби?— деп калды карыя көпчүлүк-түн көзүнчө.

— Кантип?! — дешти Карбан биргат менен бышкы зоотехник.— Партия көгүчкөндү тынчтыктын символу деп зар какшап келатса, сиз каяктагы болбогон неме тууралуу ооз ачасыз

— Дүйнө дайыма кыймылда болот. Биринин ордуна бири келет.Ар ким өз шан-шөөкөтү менен өскөнү жакшы. Анан калса бу жомок да,— деп чоң ата этегин кагынып басып кеткен,небересин жетелеп.

Ошо күндөн Кенжегул чабалакейдин адам менен достугу, эмне үчүн канаты ачакей болуп калгандыгы жөнүндөгү уламыш өзгөрүлмө сезимин кызыктырып, бу сонун канаттууну сагынып калчу болгон.Көктү караган баланын кареги талып, уйку басты. Чоң атасынын пендечилик кылганына жыл айланып баратканына карабастан элеси ар качан баланы коштоп жүрөт. Небересине алдыртан аяр байкоо салып жаз чакырган кайталанма түшү баланын сезимин кытыгылайт. Түшүндө аба кемесин кубалап барат. Анысы ойкуп — кайкып көктү жиреген канаты балага карматпай чапкылап өтөт. Жетейин десе жеткирбей буйтап кетет. Тоо түзөңдүн кызыл-тазыл, көк жашыл гүлдөрү бажыраят. Тээ бетегелүү, ышкындуу бетте эне аюу мамалактарына оюн көрсөтөт. Аска таштын кобурчагында бир үйүр кекилик жаагын жанып сайрашса, бийикте арча, карагайдын кыл учунда шакылыктаган сагызгандын сак үнүнөн түлкү ойт берип, кашкулак, коён элеңдеп, тыйын чычкан бутактан бутакка секирет. Бала жаратылышка суктанып баратып эски дүмүргө мүдүрүлүп кетти.

— Ох, бутум ии-ий! — бутун бир сыйра кармалап чыкты. -Ой-ий, мен го мейли, бу эмнеси? Оңбогон гана какшаал десе, сындырып тыныпсың да. Карачы, кандай аянычтуу. Ушу сен жазгы шамал бак-даракка суу жүгүрүп, көгөрө баштаган чакта аябай эле тентек болуп кетесиң, ээ! Түнү бою уңулдап чыкпадыңбы. Аяка бир зуул-зуулдап, бияка бир зуулдап. Кылганың бу... — тилдене күбүрөй берди.

— Ух жаным ооруп кыйналганын айтпайсыңбы. Балакай, сен мени кечирип койчу. Мен карыган дүмүр шамалга туруштук бере албай тамырым кошо жулунбадыбы. Этияттандым. Ооба, абайлаганыма карабай кашайып бутагым тийип кетпедиби деп ыйламсырады жыгылып түшкөн кайың.

— Байкушум, сенин да жашоо күнүң бүткөн экен ээ! Мен сага таарынбайм. Дүйнө өзгөрүлмө нерсе. «Бирөө орун бошотпосо, экинчиси кайдан тиргилик кылсын» — деп чоң атам айтчу. Баарыбыз ошо сыңарыбыз... — Бала ийилген кайың түптү тикелеп, шак-шак жасап бет аарчысы менен таңып койду. Чабалекей жети кабат ас— манга сызып кеткенден чай кайнам убакыт өтпөй бийикте калдайган кара булут сүрүлүп келип жамгырын шатыратып төгүп ийди.

— Ах, жамгыр деген кандай ажайып нерсе. Мен сага ыраазымын, булут досум. «Суу өмүр азыгы» деп чоң атам айтчу. Жашыл ааламды тикелей бер! Жана сага да чабалекей досум. Акылдуум, кичинекейим түгөйүңө зымыра! — бала канаттууну башынан сылап алаканын жайды. Чабалекей кайдадыр канат күүлөп, бат эле түгөйүн үйгө жетелеп кирди. Таңга жуук чаптаган уяны кечке жуук тамам кылышкан укмуш «куруучуларга» тан берген бала:

— Карагылачы, адамдар үй курууну кимден үйрөнүшкөн,— деп кыйкырып жиберди.

— Ой, сен кимге кыйкырып жатасың? Атаң болсо сага ишенип жемге кетсе. Ишенгени сен чөпкананын эргилчегин ачык калтырып, койлорду каптатып ийген жоругуң жолдо калсын, балам,— апасы кокуйлады.

Кенжегул ыргып турду. Чыйрыга түшүптүр. Чымыраган колу-бутун, бети-башын ушалаганча чөпкананы үймөлөктөшкөн койлорго көз жүгүрттү.

— Ко-ку-уй! Чын эле каптаган тура, Алапар, кайдасың айдап чык! — Бүрүшүп жанында жаткан ит селт чочуду. Арсылдап үрдү.

— Кош, кош, кош!

— Ав, ав, ав!

— Маа-а, маа-а!

Кенжегул менен Алапар үймөктү он айланып жатып койлорду араң айдап чыгышты. Сары тай, ала торпогун чөпканада бөлүп калаарда, апасы болбой мал менен кошо айдатты. Чубалган койлордун артынан салпактап ээрчиген ала торпогун, ак кочкорун айдап сары тайын булкунта теминген Кенжегул кар кечип баратты.

 

* * *

— Апа, жаңы жылга сиз да барасызбы? — Кенжегул күндө тажабай сурай берет. Кыбыр эткен жанга кызыгат.

— Мен да барам, атаң да барат, баарыбыз барабыз.

— А койлорду кимге калтырабыз?

— Койлордун курсагын кампайтып, Алапарга кайтартып коёбуз.

— Апа-оов, аякта мен курактуу балдар дагы болобу. Алар мени менен ойнойбу? Мени тааныбайт да...

— Оо-у балам, сени менен ойнобой анан ким менен ойнойт . Баардыгы сага окшогон мотурайган сопсонун балдар дейсиң, дароо достошо каласың.

— Апа, неге менин балдардан досторум жок. Болобу?!..

— Анткени биз малчыбыз да. Малчы деген жайындасы жайлоодо, кышындасы кыштоодо болот. Сен да балдардан досторду табасың.

— Эх, апаке, эгер чоң атам болгондо кандай укмуш болот эле. Балдарга жомок айтып берсе алар абдан сүйүнмөк.

— Чоң атаңын жомогун сен айтып бербейсиңби. Сени айтып берет деп керээз калтырбады беле.

— Ооба десеңиз, мен айтып берсем болот да. А бирок мен чоң атамын орден, медалдарын тагынып, чолоңдоп алсам болобу. Тимелечи, чыныгы баатырга окшоп калмакмын.

— Оу, кокуй, жаным, аны деген чоң атаң урушта алган. Сага болбойт.

— Болот. Чоң атам дайыма: «Улуу демилге көтөрүп ишиң алга жылбай кыйналып турган чагыңда тагынып ал! Мен сага уруксат берем. Ыйык согуштан алып келген, чоң атаңын жыты сиңген темирлер кубат берет, демөөр байлайт» деп айтчу эмес беле.

— Эң эле туура. Канткен менен сен кыйнаган ишке бараткан жоксуң да. Сен кубанып жаңы жыл тоскону арча майрамына баратпайсыңбы.

— Каап, тагынып алсам ойдогудай болмок. Мейли, кийин деле тагынганга үлгүрөм да... И баса, биз арча майрамында эмне кылабыз ыя, апаке?

— Андабы?! Балдар арчаны тегеренип ойношот, бийлешет. Аяз ата жакшы ырдагандарга, бийлегендерге белек таратат.

— Кайсы арча!? Биздин капчыгайдагыбы!?

— Ооба, ошол арчадан. Токойчулар барып чоңураагын тандап кыйып келет. Анан аны заңгыраган бөлмөгө орнотот. Майда-барат түрлүү оюнчуктарды илгенде укмуш эле кооз болуп жатып калат.

— Ыя, апа, кыйып келгени эмнеси!

— Ээ, ботом, сен бүгүн не болуп турасың, эркем. Ооруп калгандан соосуңбу? Кыйып дегени балта менен чаап, араа менен аралап келет дегени го. Эмне өмүрүңдө көргөн жок белең?

— Чоң атамын «дарак көрсөң кыйбай жүр, канаттууну атпай жүр» деген кеби арык кечпей калабы. Балким, ал чоң атамын айтып жүргөн ысык жайга учуп кете албай жаралуу калган чымчыгынын түнөгү болуп жүрбөсүн. Арчаны кыйып алса байкуш талаада тоңуп өлбөйбү.

— Ыя, балам, муну сага ким айтып жүрөт.

— Чоң атам... Мен эч кайда барбайм. Аяз досума айтсам кыйгандарды көз ачып-жумганча кожойтуп, шамал досум алда кайда учуруп барып таштайт. Ушуну биле-сизби?

— Тынчтанчы балам, кечке сыртта жүрүп чарчагансың го. Жаныма келчи, эркем.

— Ыкы... ыкы... Барбайм «Биз мусулмандар жаңы жылды жер бачайы жамынып, теребел гүл жыттанган жаз айында тосчу элек» дечү эле го чоң атам,— бала тыбыр-чылап ийди.

— Ал качаанкы болгон иш. Кагылып кетейиним, кандай балээни баштадым эле. Келчи, чырагым, жата турчу, төшөк салып берейин.

— Кыйгычтар, жырткычтар! Айтып коёюн көк арчаны бүлдүрбөсүн... Чоң атаа-а, чоң атаа-а...

Капысынан башталчу добул сымал Кенжегулдун өңү кер сары тартып бир паста көңүлү көк иримдей ириди. Түнү бою эти ысып, жөөлүп чыкты. Шашылыш дарыгерге чапкылашты. Атасы «Ал чоң атасынын кайсы жомогу эле?» деп ар кимден такып сурамжылай суй жыгылды. Ага жооп кайтарып чоң атаңын жомогу момундай эле деп эч ким саймедиреп бере албады. Сыртта уңулдаган бороон, кар бүртүктөрүн учурган каардуу шамал короону будуң-чаң көргө айлантты. Сөз кыябын ошолор келтирди.

Бу, уу кырк үчүнчү жылдын суук окобунда чоң атасынын кара каш, бүркүт кабак досунан уккан жомогу болчу. Бороон өз тилинде бирдемелерди күңгүрөнүп кулагы чалган жомогун миң түрлөнтүп аскадан аскага, кыштоодон кыштоого чарчадым-чаалыктым деп арамзаланбастан ташып жүрдү.

 

* * *

...Тээ байыркы заманда бүт жер жүзүн токой жыш каптап, Аяз ата өз өкүмүн жүргүзүп турчу мезгил тура. Токой дарагы көк тиреп тири укмуш суйкаят дейт. Баары бирдей түскө боёлуп, керемет шуулдап туруптур. Обону дүйнө кезип, жараты-лыш мыйзамы дайыма так мөөнөтүндө аткарылчу экен. Ушундай сонун күндөрдө капысынан күз эрте түшөт. Дарактар бариктерин төгө электе албууттанган карандай суук кылычын кайрайт. Курт-кумурска, токой жаныбарлары жылдагыдан кыйла эрте чээнге кире качышат. Канаттуулар топ-тобу менен ысык жайларга учуп кете баштайт. Бир гана канатынан жаралуу балапан тобунан бөлүнүп калып, токойдо жалгыз калат. Чыкыроон сөөк какшатат. Балапан үшүйт. Тобурчактай денеси үдүйөт. Ырайым болоор бекен деп калчылдаган балапан жибек чачы сеңселдеген ак кайыңга кайрылат.

— Арбаңыз абаке! Мүмкүн болсо мага бутактарыңызда кыштап чыгууга ыракым этесизби,—  деп адамдын боору ачыгандай өтүнөт.

Кайың:

— Мен өзүмдүн узун чачтарымы караймынбы, же сени багамбы,— деп жанына жакын жолотпой коёт. Үдүйгөн байкуш сапарын улайт. Чалынып, мүдүрүлүп жатып мөмөсү эзилип бышып турган долоного кезигет.

— Кечиресиз долоно ага, жазга чейин шагыңыздан жай таап бере аласызбы,— дейт.

Долоно:

— Мына сага, азган-тозгондордун баарын кабыл ала берсем биртке жыйнаган ашымдын тоголок бүдүрүн калтырбай жеп кетпейсиңерби,— деп ынабастан жолго салат. Ал эми тал-терек, ак чечек, четин, табылгы, алча, караган жаралуу балапан менен сүйлөшүүгө убакыт табышпаптыр. Алы куруп, жүндөрү үрпөйсө дагы балапан ушунчалык татына эле. Аялуу жандын көз жашы көлдөй төгүлөт. Ырайымсыз шамал аласалдырып, жүдөтүп алыска бүркүп таштайт. Ушунча чоң токойдо кирээрге кычык таппай араң сүйрөлүп басып калды. Канаттары сынып, жаны ачыды. Жемсөөсү шалбырап, бөпүсүнө муз тоңгон мусапыр чымчык жыгыла турган болгондо көптү көргөн карт арча бооруна кысты.

— Ай-ай, кичинекей сары оозум! Неге тобуңан адашып жүрөсүң? — дейт.

— Канаттарым жаралуу. Уча албайм...— деп ыйлап жиберет.

— Кой ыйлаба, бөтөгөйүм. Түз эле мага келбейсиңби. Бутак-шактарым калың, жумшак,— деди карт ийиле кызмат кылып.

— Бар болуңуз, абаке! — деди кубанып кеткен балапан.

Карт арчага карагай, жапалак арча коңшу турчу экен.

— Сен көп эле кайгыра бербе! Биз сени кор кылбайбыз. Жемишибиз көп, сага жетишет,— деп сооротушат.

Капырай, чын эле канчалык бороон боздоп, жамгыр жаадырабы, кар сапырабы арчанын түбү ар дайым тынч, кургак, жылуу болот. Тентек шамал күндө он маал токойду кыдырып жүрчү экен. Күздү эрте айдап келгендиктен аяздан минтип сурап-тыр.

— Аяз ата, бак-дарактарды жылаңачтай берейинби? — деп. Аяз айтыптыр:

— Кайың, тал-терек, караган, четиндин баарын күбүй бер. Жаралуу балапанды коргоого алгандарга тийбе! — деп буюруптур. Шамал Аяз атанын айтканын эки кылчуубу. Ишти буюрганыдай аткарып, арча, карагайдан дайым айланып өтчү болуптур. Ошол себептен алар түбөлүккө көк жашыл бойдон кала берген тура.

 

* * *

Жума ичи Кенжегулдун өңү азып кетти.Чөп башылап тамакка табити анчейин тартпады. Бороон басылган менен баланын ичтейи ачылбады. Кыштоодо баягы эле түйшүк: чөп кыркмай, кашек чыгармай. Көр тиргилик али бери картайчуудай кебетеленбейт. Күн кыска, түн узун. Босогодо жаңы жыл. Ызы-чууга толгон түш убагы. Кенжегул атасына каралашып жүргөн. Аңгыча Алапар короону көздөй салган машинаны торой желди. Сарайга тез эле күрүлдөп кирип келген машинанын каби-насынан Карбан биргаттин секирип түшүп, кайра чыга качканы кызык көрүндү ба-лага. Кенжегул тутамдаган чөбүн коё коюп итин чакырайын дегиче, Карбан биргат баланы көрүп — билип турса да тийишип:

— Эй, ким бар? Итиңерди кет дебейсиңерби. Болбосо терисин тескери сыйрыйм. Ой-ой, асылганын. Кет дейм, жашабагыр! Бакпасаң бакпай кал. Эй эркек аттуу барбы, бу сарайда? Аяз атаны да ушинтип тосуп алабы? — Карбан биргат кур бекер убара чегип жатты. Мурда бала биргат кабинадан чыга электе даяр турчу. Ал бу сапар баланын көңүлү кыраа жүргөнүн кайдан сезсин.

— Эй, бала итиңди тоссоң белек берем, Жаңы жылга деп арча алып келдим,— жибий түшкөн биргат көз кыры менен Кенжегулдун али ордунан козголбой турганын байкап ык тутту. Сеп этип алганы сезилип турду.

— Эй, балакай, кармоочу болсом какамуштан башың кантип томуйганын билбей каласың! — деп бакырды.

Баланын тамашалашканга чагы жок эле. Ошентсе дагы биргатка карматкысы келбеди. Ансыз деле келген сайын какамуш ала берип жадатып бүткөн. «Итиңен тос» деп калп эле күпүлдөп куудулданган биргаттин тамашасы ордунан чыкпай мышмыйды. Алапар күн алыс жем-туз ташып келчү эски таанышын көрүп , кабинадан ыргыганда эле куйругун шыйпаңдаткан.

— Эй, бок мурун, ме, балатыны ал да атаңы чакыр,— кузовго чыгып эңиле берип балатыны ыргытты. Сүйүнүп кетет деп турган биргат баланын тескерисинче тырчыя түшкөнүн байкады.

— Ой, бу балаң эмне эле мурдун тарта албай калган. Алик да албайт, салам да бербейт. Мурчуят эле мурчуят!

— Үшүп калса керек да, болбосо балам тың эле... — деди безилдей атасы.

— Ошондой дейм да! Ме, башкарманын белегин. Мунусу аяшка, балаңа, а мобу болсо... өзүңө. Хи, хи, хи, убакыт табаарсың дейм чыз-пызга... ыкы, ыкы. Балатыны балаңа тапшырдым.

Экөө тең Кенжегул тарапка көз чаптырышты. Ал байкуш балатыны туурасы-нан кучактап солкулдап ыйлап жатыптыр. Атасы эки аттап жетип баланы балаты-салатысы менен көтөрүп ичкери алып кирди. Ыш жыттанган бөлмөнүн оту улуу-ланды. Атасы баласын ороп-чулгап төшөккө жаткырды. Арчаны бурчка таштады.Кызарып күйгөн кой көңдүн күлү түшүрүлүп, мешке кара казан асылды. Дасторкон жайылды. Шишенин пөркү жулунганда апасы бөлмөнү бир сыйра ысы-рыктап чыкты. Экөө бирден стакан бошоткондо сырттан болжошкондой эси чыккан почточу алаңдай баш бакты. Почточу оозун ачканда чабан не дээрин илгертпей туйду, лып ыргып турду. Мейманды төргө чыгарып, атын жайлады. Чакырып алып итин байлады. Себеби ал Алапардан гана эмес ит аттуулардан өлгүдөй коркчу. Отуруш эми кызыды. Буркураган арча жыты, чыз-пыз, бака-шакадан олтургандардын жарпы жазылды. Сөз көбөйүп, түтүн коюуланды. Ошол кезде Кенжегул ай талаада жыгылып-тыгылып шолоктоп келатты. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек адамзатынын перзенти го акыры, ботодой боздоп келатты. Анан не кылмак. Басса-турса элеси кетпей кийинки төшөккө жатып калчуда, күндө көрүнчү болбодубу чоң атасы периште болуп... Чоң атасынын арбагы жетелеп кетпедиби боздотуп, ыйлатып. Бөөдө дүнүйөсүн бузуп...

Ана... өңгүл -дөңгүл жолдо жүз мүдүрүлүп, жүз туруп бөтөгөй колу көк муштум болуп тоңсо да, кучагынан балатысын түшүрбөй сыздап баратканын. Ух, Байкушум жана тайгаланып мурду менен карга сайылды. Арыды. Кайра кайтат дедим эле. Жок кайра турду. Тердеп алыптыр наристем. Мурдун шуу тарткан сайын жол арбый берди. Тулку боюнан алка-шалка тер куюлуп, жүзү дуулдап алоолонду. Эх, чиркин дүйнө! Адамдын максатына жетмеги ушунчалык кыйын белем, артын ойлобой шашылганын. Тигине, асман тиреген карагайлар, арчалар... Баланын жүрө бергени утук алып келди. Болбосо бая атасы жаткызганда үргүлөп барып, кайрадан жаңырган бака-шакадан чочуп ойгонгон. Ойгонгону ырас болуптур. Бет маңдайында чоң атасы күтүп туруптур.

— Чоң ата, келдиңизби? — бала өксүп кучагына бой таштады.

— Келдим кулунум. Тура гой, береним! Чоң жигит да ыйлачуубу?

— Атаке, ыйлабайын дейм, бирок...бирок чыдабадым.Бышаңдады.

— Айтчы садагам, дагы кайсы кара теке сүздү. Менин айткандарымы унуттуң-бу? — мөлтүрөгөн тунук жашын жеңи менен сүрттү.

— Жо, жоо-ок! Эсимде. Мынаке: «Жалгыз адамдын токойдо изи калат. Андан ашканы каршы-терши тапталган чыйыр салат. Селдей каптаса албуут толкундай эчтемени көзүнө илбей чөлгө айлантат. Андыктан канчалык бак-дарагың болсо дагы кыя бербе, аз болсо сакта. Жок болсо отургуз. Отургуздуңбу, бүрдөп кетишине көз сал! Ошондо гана жапжашыл учу кыйыры жок сыяктанган ааламды максатсыз кыйроодон сактап калабыз»,— деп айткансыз.

— Ап баракелде унутпапсың. Тимеле укмуш!...

— Чоң ата, эми не кылчумун. Адамдар жаңы жылга деп жаш балатыны кыя баш-ташыптыр. Бир күндүк салттын жөрөлгөсүнө шылтоолоп келечектин жап-жашыл байлыгын кыя берсек не болоор экенбиз? Кайда барып такалаар экенбиз?

— Эх, кулунум! Сен азыр гана сезип жатасың,— карыя терең улутунду. Бу ойрон качан эле башталган. Алла— таалланын амири менен жаралган бейкүнөө макулук-тарды, токой мейкиндигин адам деген неме кара курсактын айынан ар дайым, ар кандай шартта, күн — түн менен эсептешпестен, бөксөрүп тукум курут болуп кетет дешпестен каалагандай өлчөп кесип, качса жетип, бекинсе сууруп чыгып, кезиккенин жулкуп тоноп келген. Ошентип жер үстүндө көп нерсе бар эле, азайды. Аз эле жок болду. Балким сен бу кептин төркүнүнө түшүнбөй да калышың ыктымал. Бирок кийин соң алар сага периште болуп көз алдыңа тартылаар, коңгуроо болуп кулагыңда жаңыраар! Ошондо сен дүйнөнү ушу азыркы калыбында сактап калуунун өзү чоң эрдик экенин туярсың...

— Түшүндүм чоң ата. Ырас келбедиңизби, не кылаарымы билбей маң тургам. Турайынчы обол, жаш балатыны кыйышка эч кимдин акысы жок. Кыйыштырып койсом, жазда суу жүгүрүп бүрдөп кетээр...

— Ошент кагылайын! — чоң ата тим турбады да, шыкап койду. Бала кийинди. Арчаны аяр кучактады. Астанага чыга бергенде тык токтоду. Төркү бөлмөнүн каал-гасы ачык калыптыр. Асмандаган көк түтүн тышка созолонот.Чылымдын калдыгы дасторконго додо болуп үйүлүп кеткен. Ичип отургандар ооп-төгүлүп, апасы тамак менен күймөнүп жүрүп Кенжешинин чыгып кеткенин байкабай калышпадыбы, көзү кашайгырлар десе!

— Чоң ата, өңүмбү, же түшүмбү?! Тигилер ичип отурушабы. Почточу акем келген тура.

— Өңүң берекем. Бу көр дүйнөдө ар ким өз көйү менен алек. Баса бер...

Бала баса берди. Чыканактай неменин бөтөгөй изи чубалжып узаргандан узара, алыстагандан алыстай берди. Бургулдатып кара түтүн айдаган мору бара-бара кара чекитке айланды. Шамал күйүгө бут тосту. Ымыркай адамды аяды. Кылчайбай мүдөөсүн тездеткен бала көзүнө көрүнгөн менен сүйлөшүп баратты.

— Неге көк беттенесиң, кайт артка! Кенжеке, кайт дегенде кайтсаңчы,— карандай шамал этек-жеңден тарткылады.

— Токтой тур, досум. Аз калды. Тээтиги арчаларга жетсем арманым болбостур. Баласына атасын кошуум абзел.

— Андан не пайда. Суранам эрте жарыкта келген жолуңа түш. Болбосо өзүм да сени аягандан боздогону араң турам.

— Сабыр кылчы кичине, шамал дос! Күн мемиреп турбайбы.

— Алдамчы аба-ырайынын арты не менен аяктарын билесиңби?

— Билем. Туман каптап, кар себелейт. Аягы бурганак менен бүтөт.

— Андай болсо мүдөөңөн не баш тартпайсың? Ушунчаңда ыраазы бол. Күн да батып баратат. Уңулдап ийсем айлана чакчелекей түшөөрүн туюп турам. Адашасың байкуш!

— Андан кам санаба. Алапар таап келет.

— Алапарды атаң почточуну каап алат деп чынжырлап койгону качан.

— Байлап... Өө-үү-ү, ошондой де!

Жүрөгү шуу дей түшкөн бала жалгыз экенин, кыбыраган кыр ашат дегендей тоого чыгып алганын, аны издеп бул жакка эч ким келбесин сезгенде байкоостон кашка тиши батып кеткен кеберсиген эрдинен кан шүүшүңдөдү. Кулак угуп көз көр-бөгөн жымжырттык, ак мамыкта тунжураган токой чер, беймаал шакылыктаган шашма сагызган баланын таманын кызытты. Шашылды. Тырмалады. Боору менен сойлоду. Урчук таштарга тилинген бытыгый колдору балатыны кучагынан түшүрбөдү. Акыры өлдүм — талдым дегенде жетчү чегине жетти. Мөөрөйүн талашканга бербеди. Калдайган карт арчанын айланасынан кыйылган дүмүрдү көрдү. Оор напас алды. Көздөрүнөн учкун чачыраган кыбыраган араң жан, бар күчүн жыйды. Балатыны эптеп жатып бет аарчысы менен кардан кылайып чыгып турган дүмүргө зорго бир байлады. Өлөөрчө алсыраган пенденин колдору карышты. Боюн токтото албай көмкөрөсүнөн күп сайылды. Баланын ысык деминен кар кадимкидей эрип жатты. Турам деп жан талашкан алсызды караган көздөн мөлт-мөлт жаш төгүлдү, сезген жер муңдуу онтоду. Жок, сааты бүтпөптүр. Балакай башын өп-чап көтөрдү.

— Мүдөөмү аткардым... биртке эс алып алайын... анан кайтам. Балаты, күндү ка-рачы, кандай сонун! Батып кетеби?! Күтө тур досум... мен азыр...

Эрди билинээр билинбес кыбыраган баланын кирпиги жумулгандан жумулат. Арадан аз өттүбү, көп өттүбү, ыргалган байкуш кадимкидей тиши тишине тийбей калчылдай баштады. Кымтыланды. Болбоду. Кынтайган калыбында буту-колу сенейип, каткан муздак тери карыштырды. Тулку бою чыйрыгып, ысык-суукту сезбей чүрүштү. Кызык! Калтыраган сайын магдырап бараткансыйбы... Ооба каккан казык киргенчелик көшүлүү, магдыроо түш тартуулады. Түшүндө жер кулпунган жаз айы экен. Тилеген айы, супсулуу жашыл айы. Кашында аюунун мамалактары көпөлөк кууп оюн салат. Булактын көзүндө кашкулак, коён биринен бири чочуп тыбырчылаганына ырсайган түлкү жойпулана куйрук булгайт. Касиеттүү булбул досу Кенжегул кыйыштырган балатыда отурбайбы тынбай сайрап. Ах, чиркин! Сүйгөн кушу чабалекейдин булут аралай сызганын карап суктанып кетти. Сүйүнүп кетти. Кадыресе адам болуп калыптыр. Жанындагы жибектей созулган өзү кырдуу балдарга бирдеме деп жылуу кобурагансыйт.

— «Курт-кумурска, чөп-чар, бак-дарак баары адам сыяктуу. Кадимкидей уктап түш көрөт. Жакшыга сүйүнөт, жаманга кайгырат. Шуулдаганы ырдаганы, термелгени бийлегени. Алар менен достошо билгиле, сырдаша билгиле, зарылы болуп турса көкүрөк тоскула! Мунсуз жашоо кызыксыз! Кыш өтүп, жаз келет. Силерди дайыма жаратылыш эстеп жүрө тургандай болсун. Муну жадыңардан чыгарбагыла. Ох, кандай жыргал! Ысык жаз... Күн мээрими неге алыстайсың! Алыстаба... Су-ра-нам... Суук жаа-маан. ...Жалгызмын, ух, ичикий!»

Түшү чорт үзүлдү. Алсыз соккон жүрөгү тоңуп бараткан денесин жибите алба-ды. Кирпик-кашына, желке-тонуна, көрпөчө тебетейине кыроо туруп, музга айлан-ды. Долу шамал тоо-ташты шуулдатып кыяматты чакырганда ак тонунун көкүрөгү жагжая керилди. Чоң атасынын эки орден, төрт медалынын турпаты жарк көзгө илээшти. Күндүн акыркы нуру темирге алсыз чагылды. Бала терең уйкуга чөмүлгөн. Шамалга термелген темир, кулак-мурдуна тоңгон муз шыгыр-шыгыр муң созду...

— Шыгыр... Шыгыр... Уу-у...Уу...уу..у..

Тоо-таш, кокту-колот, капчыгай-төр, аска-зоонун муңдуу ыйы...

— Дуу-дуу, дуу... Зуу... зуу...

Бороон жетилип, кар бурганактай баштаганда, ааламды жүрөк түшүргөн коркунучтуу караңгылык ээледи. Караңгылык... Кар төшөнгөн бала-кай... Улуган бороон... Аяган пенденин түшүнө кирчүүдөй сүрдүү.

Ушу тапта баланын апасы чачын жулуп, ичкендер соолугуп, тинтпеген, издебеген ой — чуңкуру калбай суй жыгылышты. Кандайдыр муун титиреткен коркунучту сезген

Алапардын жан талашып капчыгай өрдөп үргөн ачуу үнү адамдарды акылынан ажыратты. Муздак чынжырды тиштегилей берген иттин оозунан шүүшүндөп кан жылжыды. Дарманы соолуп, үнү карыкты... Бирок ал адамдарды карарган тоого жүз бурууга, чечкиндүү кадам шилтөөгө күч берди.

Арийне, Алапардын чынжыры үзүлчүүдөй, бурганак басылчуудай, баланын дареги табылчуудай түрлөнбөдү. Туңгуюк оп тартып, аалам чүмбөттөлдү. Шамал ышкырып, токой-чер шуулдап, бороон боздоп жүрдү...

Эгер темир чынжыр үзүлбөсө, бороон токтобосо баланын изи да, жыты да табылбасын эскерткендей, ышкырган шамал айлананы будуң-чаң көтөрдү. Издегендердин көкүрөгүн көк муздун ийнелериндей сайгылап Баланы куткаруунун үмүтүн үздүргөндөй шуулдады…

Оо, кудай, ушундай да укмуш болобу?! Мындай кереметти эч качан көргөн эмесмин! Мындай чечкиндүүлүккө чыныгы гана достор барышат. Баланын эң жакын досу – Алапар эмеспи. Кайда жүрбөсүн баланын үнү – кичинекей кожоюнунун үнү кулагында жаңырып турган. Бу алааматта да анын алсыз доошун укту!! Бардык күчүн жумшап кайрадан булкунду…жана булкунду!! Кудайым жардам бердиби, ит акыры темир чынжырды чорт үздү! Каргыш тийген чынжырдан бошонуп, туура эле капчыгай өрдөп үрүп жөнөдү.

Артынан атасы апасы менен, бригадир Карбан жана почтальон – бири машина менен, экинчиси атчан, үчүнчүсү жөө жөнөдү…

…Анча убакыт өтпөй иттин үргөнү тоо тараптагы арчалуу көк жайыктан угулду…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Файлды PDF форматында толук тексти менен, китепти сүрөттөрү менен ачуу

 

© Осмонкулов Ж.А., 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2963