Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий конкурстар
© Өмүрбаева Н., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2009-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу, «Социалдык интеграция борбору» коомдук бирикмеси (КБ) жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-июну

Нуриза ӨМҮРБАЕВА

Бир тоголок кар

Ырлар 2009-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Калыстар тобу тарабынан белгиленген

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: 2009. – 184 б. китеби боюнча жарыяланды

УДК 82/831
ББК 84(2) 7
М 73
ISBN 978-9967-25-482-4 
М 4702000000-09

Нускасы 500

 

БИР ТОГОЛОК КАР

Кайтаар кезде сабак бүтүп мектептен,
Карды кармап турар элең камынып.
Өтөр элем мен жаныңдан шашыла,
Жука жааган жаңы карга чалынып.

Кирээр маалда коргонумдун ичине,
Уруп ийсең бир тоголок кар менен.
Оттон кошуп тоголоктоп койгондой,
Оорубастан ысый түшчү бар денем.

Эстебейсиң азыр мени сагынып,
Ээрип кеткен карга окшотун унуттуң.
Бир тоголок кар деп жүрсөм жаңылып,
Бир тоголок сүйүү менен урупсуң.

 

ЖАМГЫР ҮНҮ

Жүрөмүн күндөр өтүп зымыраган,
Жүрөгүң муздак белем жылыбаган.
Сырымды көөдөндөгү козгоп турат,
Сырттагы жамгыр үнү дыбыраган.

Ынагым өзүн жалгыз сезбесин деп,
Ырымды жамгыр үнү чакыргандай.
Жашоомо бир көрүнүп кайра кеттиң,
Жарк этип тээ көктөгү чагылгандай.

«Бири кем дүйнө» делет мунун баары,
Билемин өчкөн чырак жанып кетпейт.
Сендейден дагы далай чанса дагы,
Сеземин жамгыр мени чанып кетпейт.

 

ЖАПЫЗ ТАМ

Биз сүйлөшүп турган кезде шатырап,
Жамгыр неге куюп берди капыстан.
Көптөн бери ээсиз турган аңгырап,
Көзгө урунду оң жактагы жапыз там.

Ойлор бирдей чыгып калып жүр дедиң,
Ойлонбостон ээрчий бастым артыңан.
Сүйүп жүзүм тике карап көзүмө,
«Сүйөм» десең сөз табалбай аптыгам.

Башка жерден болбоочудай айтууга,
Неге сүйүүң жапыз тамдан билгиздиң.
Жайдар мүнөз ачык көңүл анан да,
Жамгыр жууп кеткен өңдүү кирсизим.

«Сүргүм келет бул өмүрдү бирге»— деп,
Сүйүүңдү айтып көңүлүмдү ийиттиң.
Бул бакыттын ээси кылган жапыз там,
Буранадан, мунарадан бийиксиң.

 

СЕЗИМ КҮҮСҮ

Жалаң эле сен жөнүндө ыр жазып,
Жан адамга сездирбестен сыр катып.
Сени ойлоп кыштын узак түнү өттү,
Сени ойлоп жайда кыска таң атып.

Салыштырып сага жайдын ак таңын,
Сагынамын күндүн ысык аптабын.
Саамай чачым агаргыча күтөйүн,
Жарык берчи, болуп күйгөн ак шамым.

Жол көрсөтчү, үмүтүмдү улачы,
Жол улаштай жомогумду сурачы.
Терип келип кайрыктарын ободон,
Сага деген сезим күүсүн курачы

 

ЫСЫК-КӨЛҮМ

Тартуулап эргүү, жыргал Ысык-Көлүм,
Кошкондой болдуң өмүр өмүрүмө.
Жаныңдан чыккыс болуп калбас белем,
Жакканда бир уулуңдун көңүлүнө.

Коштошуп кетээримде үйдүн ээси,
Колумду кысып айтты келип тургун.
Төрүндө Ысык-Көлдүн ушулардай,
Төрөлбөй калганыма кейип турдум.

 

СҮТАК ҮНҮ

Сүт ак деп, сүттүн өңүн ажыратып,
Тынымсыз сайрап бир куш безеленет.
Калп айтып түбөлүктүү жубайына,
Кайгысын ырга айлантып алган дешет.

Сүт ак деп чын билгенин айтса дагы,
Жубайы кайрылбастан кеткен экен.
Чындыкка ишене албай соңку кийин,
Белгисиз алыс жакка безген экен.

Сүтактын муңун тыңшап аяп кетем,
Сезимим ушунчалык жаралуубу?
Күйүттөн кушка айланып учуп кеткен,
Сүйүүсү жаш келиндин аялуубу?..

 

КЫЗГАНУУ

Ачылды бейм,
Чалкып жаткан, Көлдү көрүп көңүлүң.
Көргөн сайын көңүлүңдү сергитээр,
Көл эмесмин мен ошого өкүндүм.

Көпкө турдуң,
Айды карап, алда кандай суктандың.
Асман жерди ажарына чыгарган,
Ай болбой мен калганыма муңкандым.

Сезимталсың,
Айга, Көлгө суктанган.
Сезимталмын,
Сени алардан кызганган.

 

БАРБАЙ КАЛДЫМ, АПА БЫЙЫЛ АЙЫЛГА

Барбай калдым,апа быйыл айылга
Бүтпөй ишим моюнума жүктөлгөн.
Көзүңүздү мээрим төгүп тиктеген,
Көрчү болдум, кээ күндөрү түштөрдөн.

Барбай калдым апа быйыл айылга
Көр пенделик мени буттан тушаган.
Эч кимди укпай өзүмө-өзүм бий болгон,
Эрке талтаң, ойноок кезим узаган.

Барбай калдым, апа быйыл айылга
Балалыгым өткөн бир кез жомоктой,
Сыр алдырбай жүрөм күндүз, кечинде
ыр жазам да ыйлап алам шолоктой.

Барбай калдым, апа быйыл айылга.

 

СҮЙӨМ ДЕП ЖИГИТ… 

Тумчугуп турам, кең дүйнө мага тар болуп,
Тунжурап жүрөм, сүйүүңө сенин зар болуп.
Көп эле мени бушайман кылбай айта көр,
Көзүңдү кыссаң түшүнбөй калдым дал болуп.

Уурданып жазсам атыңды кумга жашырып,
Урунат жээкке түрүлүп толкун жазылып.
Жүргөндө эми сүйүүдөн азап тартпайм деп,
Жүрөгүм бул саам калбаса экен жаңылып.

Өзүмө батпай көл бойлоп басам сырдашып,
Өзгөртпөй өңүн көл жатат чалкып, сыр катып.
Сүйүнүп сүйүү ырларын жазып алайын,
Сүйөм деп жигит жыргатып койчу жыргатып.


© Өмүрбаева Н., 2009. Бардык укуктар корголгон

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 


Количество просмотров: 2446