Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий конкурстар
© Токтоналиева Ж., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2009-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу, «Социалдык интеграция борбору» коомдук бирикмеси (КБ) жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 29-июлу

Жылдызкан ТОКТОНАЛИЕВА

Издөө

Ырлар 2009-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Калыстар тобу тарабынан белгиленген.

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: 2009. – 184 б. китеби боюнча жарыяланды. 
УДК 82/831
ББК 84(2) 7
М 73
ISBN 978-9967-25-482-4 
М 4702000000-09


ИЗДӨӨ

Кайдасың, кайдасың кагылайын,
Көрбөсөм, билбесем да сагынамын.
Кусам болуп көңүл чөгүп жүргөн кезде,
Капыстан кай жерден кабыласың?

Жайдары жылмайып жүрсөм дагы,
Жүрөгүм тең ортодон жараланды.
Жылуу сезим айланып ысык чокко,
Чын сырым сыртка чыга албады.

Ай сымал карап турам асман жактан,
Айта албай арманымды ичкесактайм.
Буулугуп толгон кезде ичиме муң,
Буeрчактап кулайт жашым, мен ыйлактайм.

Кимге айтам, ким түшүнөт менин сырым,
Кантип айтам сырымды, айтуу кыйын?
Кандай даба табылат мындай дартка,
Токтотуп калыш үчүн кыздын ыйын.


КУЛАНАГЫМ

«Көз салам аскаларга, дайраларга,
Кандырат көңүлдөгү кумарымды.
Антсе да эстей берем кайра – кайра,
Алгачкы суу ууртаган булагымды».

Сени эңсеп жаш жүрөгүм элирип,
Сагынычтан жүрөк толкуп какканда.
Кетким келет шок кыялга берилип,
Куланагым, сен жайгашкан жактарга.

Нарын суунун шаркырашын сагындым,
Жакшы жазган акындардын ырындай.
Кубанычым сага келет бөлүшкүм,
Кыздын каткан купуялуу сырындай.


СЕН БОЛСОҢ

Асманда калкып учкан булут болсоң,
Артыңан жылмайып чыгар элем.
Акырын шыбырашып сени менен,
Күнүм сен деген сөздү угар белем?

Аска зоонун чокусунда ак кар болсоң,
Нурум чачып мээримимди төгөр элем.
Ак мөңгүдөн эрип түшкөн булак болсоң,
Ууртап ичпей, түбүңө чөгөр элем.

Ай болуп түн ичинде нурун чачсаң,
Жылдыз болуп жанаша жанаар элем.
Эркелеп шок кыялдуу сөздөр менен,
Жалгыз сени терең ойго салаар элем.

Сапырылган саманчынын жолу болсоң,
Сагынып сени издеп барар элем.
Сен жөнүндө сансыз ойду кураштырып,
Сага арнап жакшы ырларды жазар элем.

Толкуган Көл сымал чалкып жатсаң,
Ак куу болуп үстүндө сүзөөр элем.
Ак ниеттен мекен үчүн кызмат кылсаң,
Талыкпастан жолуң тосуп күтөөр элем.

 

© Токтоналиева Ж., 2009. Бардык укуктар корголгон

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 

(Внимание! В первоначальной версии альманаха стихи ошибочно приписаны А.Кожокматову)


Количество просмотров: 1710