Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий конкурстар
© Баялиева А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2009-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу, «Социалдык интеграция борбору» коомдук бирикмеси (КБ) жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-июну

Асель БАЯЛИЕВА

Тилек

Ырлар 2009-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Мыкты чыгармалардын жыйнагына киргизилген

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: 2009. – 184 б. китеби боюнча жарыяланды
УДК 82/831
ББК 84(2) 7
М 73
ISBN 978-9967-25-482-4 
М 4702000000-09 

Нускасы 500

 

ТИЛЕК

Тилегениң орундалсын ар дайым,
Тилегениң берет дейт го кудайым.
Жакшы үмүт жакшынакай ойлорду,
Тилеп жүргүн үйбүлөңө ардайым.
Мен тилеймин жашыңа да карыга,
Мен тилеймин узун өмүр баарына.
Көкөлөгүн асмандагы булуттай,
Тилегенди бере көргүн оо кудай!


МАЙ АЙЫ

Жашыл майсан май айы,
Жакшынакай маанайы.
Төрт мезгилдин сулуусу,
Жаркыраган жаз айы.

Жаз айлардын сулуусу,
Майрамдарга бай өзү.
Дайым күтөм май айын,
Келсе экен деп күн сайын.

 

© Баялиева А., 2009. Бардык укуктар корголгон

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 


Количество просмотров: 2327