Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / «Ковчег» жаштар адабий тобу / Адабий конкурстар
© Урманбетова З., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 7-июну; 2012-жылдын 19-апрели

Зарина УРМАНБЕТОВА

Кыял ыргактарында

Ырлар жыйнагы

Эркин ойду кубалап, ыр жараткан жаш акындын эркин саптары жатык тил, оптимисттик маанай менен берилип, окурмандын жан дүйнөсүнө жаңы көз карашта, жаңы ыкмада боёлуп таза сезим менен айтылган. Ыр дүйнөсүнө баш баккан жалпы поэзия сүйүүчүлөрүнө арналат. Ырлар 2009-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Мыкты чыгармалардын жыйнагына киргизилген

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: 2009. – 184 б. китеби боюнча жарыяланды

УДК 82/831
ББК 84(2) 7
М 73
ISBN 978-9967-25-482-4
М 4702000000-09

Нускасы 500

 

(Первоначально размещено на сайте в июне 2009 года. По просьбе автора в апреле 2012 года текст был заменен на представленный ниже, переработанный вариант)

 

23:52

— Салам! Кандайсыз?
Үн катпайсыз?
Жакпай калган окшойм да?!
Кызык, эмнем жакпай калды экен?
Билгим келет эмне жатат,
Кытмыр күлкү артында,
Карашыңыз башкача…
Менин кылык-жоругумдан,
Күлкү, жүрүм-турумумдан
Кимди издейсиз?
Идеал тутуп бирөөну
Ошол болуп калса дейсиз.
Эмнегедир корккондой сезилесиз.
Жеп алчудай жырткыч деле эмесмин!
Сыр айтсаңыз, сары алтындай
Сактайм сандык түбүнө,
Ой бөлүшүп, жан-дүйнөңүз ачсаңыз,
Эч тажабай, дем чыгарбай
Угуп турам күнүгө.
Түн жарымда, телефон чалып,
Таттуу уйкумдан ойготсонуз,
Сагыныч коштоп үнүңүзгө,
«Алло, — дечи, жетет мага ошол соз,
Башка эч нерсенин кереги жок,
Мен азыр алыс, тээтиги эле жердин түбүндө!»
«Алло» — дейм уйкулуу үнүм менен,
Түшүмбү же өңүмбү деп,
Ишеналбай көргөн көзүмө.
Хаа! Күлкүмүштүү! Чынбы?
Абдан кыялдандым окшойт!
А бирок ким билет?
Балким мунун бары болот,
Күндөрдүн бир күнүндө!

 

***

Сыдырым жел ойноп саамайдан,
Көз уялтат күндүн илеби.
Жалгыз караан ээн талаада,
Жол издеген сиз эми.
Жашырбай эле айтыңызчы
Сагындыңызбы мени?
Гүл жыттанган чачтарымдан
Искегиңиз келеби?
«Кой!» — дегенге карабай,
Көздөрүмдөн карагат,
Уурдап алган көз караш,
Жүрөгүңүз эзеби?
Сагынганда сиз мени,
Көк асман салып суук сүрүн,
Жамгыр төгүп иеби?
Убара болуп жамгырдын
Кармайм деп ар бир тамчысын,
Кармай албай калганда
Жер чапчып, оонап баткакка,
Ачуу жаш келип көздөргө
Каректен тегеренеби?
Үнүм, күлкүм жаңырып,
Уйку качып түнкүсүн,
«Мен» деп согуп тамырлар,
Кыйналганды сезеби?
Жал ооруп сизге караган,
Көлөкөнүз жердеги?
Баяндалган симптомдордун
Бар экен тек себеби:
Ал эмне экен дебейсизби?
Сүйүп калган турбайсызбы сиз мени!!!

 

Ай менен көл

Ай айланат жер шарын өз огунда,
Сүйгөнү бар Жер Эненин боорунда.
Жашырып жүзүндөгү бир сулууну,
Катып келет Айга бербей койнуна.

Арман кылып ал айтыптыр сырларын,
«Ашык болуп бир сулууга калганмын,
Торобосо жолумду сур булуттар,
Жолугууга Жерге тушуп бармакмын.

Күндүзгүсүн көралбаймын перимди,
Күн жаркырап тосуп калат бетимди.
Кеч киргенде тоскоол болуп булуттар,
Уккусу жок арман толгон кебимди».

Артка таштап аппак тоонун кырларын,
Ар түн ага арнайт арзуу ырларын.
Күндөй күчтүү болбосо да кубаты,
Чачат көлгө сүйүү толгон нурларын.

 

Кызганыч

Тээ алыста жашыл шибер көрүнөт,
Кызыл-сары гүлдөр түскө бөлүнөт.
Жыты менен арбап алса түгөйүн,
Чоң санаага бир көпөлөк чөмүлөт.

Кызганычтан күйүп-жанат туралбай,
Көңүлүн да башкаларга буралбай.
Ал ансайын жан шериги назданып,
Өпкүлөдү гүл эринин уялбай.

 

Кол чатыр

                             «Ералаш» киножурналынын негизинде

Чалкалап узунунан диванда.
Шыпты тиктейт эки көзү жодурап.
Кыйналып ооруп тургандай.
Тушунуксуз бирдемелер кобурайт.
— Оо, кокуй-дейт абалын көрүп чоң эне.
Ооруп калган турбайсынбы, небере,
Температураң жокпу деги,
Басайынчы колумду бир чекене!
Чекесинен бырыш баскан колду алып,
Жайгаштырды сол көкүрөк четине.
— Арка жактан тынчсыздантып эмнеге,
Бирөө кагат жүрөгүмдүн бетине.
Түшүналбайм. Эшик оозун ачалбайм,
Кантип жашайм, мындан ары чоң эне?
Бары-жогун эшиткен соң чоң эне,
Чачыратты шилекейин алтындан:
— Эч убара болбо, азыр тынч укта,
Эртең менен эрте туруп таң заардан,
Күзгүгө карап, чачыңы жакшылап таран.
Босогону аттаарыңда унутпай,
Чоң атаңдын кол чатырын бекем карман.
Айтканынын баарын аткарып,
Күзгүгө карап, чачын таранып,
Кол чатырын бекем карманып,
Сейилдөөгө чыкты камданып.
Жүрөгүнүн эшигин каккылаган,
Бийкечке калды көзү түшүп.
Ал аңгыча күн күркүрөп асмандан,
Жамгыр төгө баштады нөшөрлөнүп.
Уйкусуз түндөрүнүн ээсине,
Жакын келди, кол чатырын жайып алып.
Маек куруп көпкө отурду эзиле,
Жамгыр төгүп жатканын унтуп калып.
Ары-бери откон эл аң-таң болуп,
Жалдырап карашат ал экөөнү.
Мурда эч болбогондой кубулуш,
Жамгырдын башка жерде төкпөгөнү.
Мына кызык тамаша, көрсө:
Үчүнчү кабаттын балконунда,
Чоң эне гүлдөрүн сугарып,
Суу түтүгүн алып, колдоруна.
Жамгырын жаадырат кубанып.
Төккөн жамгыр, кол чатыр, романтика,
Ачылган жүрөк сырдын эшиги.
Шампан, вальс, бал айы, экзотика,
Термелсин эми бакыттын бешиги.

 

Суктанам

Суктанам.
Акылыңа.
Келбетиңе.
Көздөрүңда бир башкача,
Кызганам.
Кыз-эркекпи, баардыгынан.
Сөз баштасаң
Байланам
Кептериңе
Асыл ойго сугарылган.
Таң калам,
Менден эмне таптың экен?
Убалыма калып бекер.
Суранам,
Ачык айтчы эмне керек?
Болоюнбу тоодой тирек?
Кыйналам,
Сен мен үчүн том-том китеп,
Окуганым «Баш сөз» анын ичинен.
Кубанам,
Тагдырыма ыраазы болуп,
Сени мага кездештирген.
Уланам,
Жалгыз сенин
мага берген демиңен
Арбалам,
Жаралган кыялымда каармандарга,
Касиеттүү! Карегиңе...
Жар салам,
Ашыктыгым жарыялап,
Бүткүл ааламга тең!
Актанам,
Оор мүнөзүң,
Эң жеңил деп.
Мактанам,
Эң идеалдуу адамым деп!
Муңканам,
Вальс ойносо
Тегеренип, бий бийлеп.
Куткарам
Жүрөгүмдү
Жарат түпкө жете элек.
Курчалам,
Сүйүү деген керемет!
Сен бар үчүн мен да бардай сезилем!
Суктанам,
Акылыңа.
Келбетиңе.
Суктанам!
Баардыгына сен себеп!
Суктанам!

 

Боштук

Боштук…
Баардык жерде:
Сыртымда
Ичимде
Кайдыгер кѳӊүл коштук
Издейм мени
Баары менде
Таппайм коркуп-
Жек кѳрүүдѳн,
Ѳзүмдү-ѳзүм
Жемелеп
Кечире албай каталарды,
Күнѳѳлѳрдү
Топтоп токуп.
Калган кѳӊүл
Ѳз ордуна
Келе албай
Кыйын болуп
Ошентсе да
Кезегинде
Кылам топук
Эс-учумдан
Айрылбадым
Акыл толук.
А бирок
Эмнегедир
Кѳѳдѳнүмдү
Ээлеп боштук
Моюн бербейт
Жакалап
Ошол боштук
Баары боштук
Мен да боштук
Дүйнѳ боштук…

 

Laura S Theme

                 Crag Armstrong’s works

Дүнүйѳм да
Ѳзүм да
Дабышсыз
Быркыранып
Талкаланам
Топ-топ эл
Ѳтүп жатып
Жанымдан
Сыныктарым
Тепселеп
Байкабаган
Кѳз салышат
Кыйыгынан
Катып жүзүн
Маскаланган
Айланада
Баары жалган
Жылмаюулар
Жылуу сымал
Кѳз караштар
Таттуу сѳздѳр
Эртеӊки күн…
Коркунуч…
Ишенбестик…
Үмүт…
Кур кыялдар-
Чындыкка айланабы?
Жоопсуз суроо
Катарлары
Ал ансайын
Жараланган
Ѳзүм да
Дүнүйѳм дагы…

 

***

Бишкек!
Мага дайым чоочунсуң!
Издегеним табалбаймын көчөңдөн.
Кызыктырба!
Фонтан, сулуу гүл бакча,
Ыргагында шаардын
Түрдүү адамдар,
Ошондо да жалгызмын...
Эмнегедир, дайым сууксуң!
Ошол суугуң куйкалайт го
Чиркин, жанымды!
Өз балдарың көкүрөккө катып,
Мени кууйсуң!
Кайда барам?
Өз үйүмдөй боло албадың!
Сүйүүңдү тең бөлө албайсың?!
Күн сайын боштон-бошсуң!
Өкүнүчкө белчемден батырсың!
Өчүң бардай?!
Же тагдырды тукуруп,
Таарынтасың!
Баары бир, издейм аны...
Менден канча катсаң дагы!
Же жөн эле ойнодуңбу?
Ойнойсуңбу?
Тумчугам...
Издедим табалбадым...
Канча бурчуң араладым?!
Дагы кандай оюндарың
Атайын
Мен үчүн деп кайталайсың?
ишкек
Мага накта чоочунсуң!
Издегеним табалбаймын
көчөңдөн.
Ошентсе да сенден такыр жалкыбадым!
Узап кетсем эмнегедир сагынамын:
Фонтанды, сулуу гүл бакчаны,
Ыргагында шардын
Түрдүү адамдарың.
Бишкек
Мага дайым чоочунсуң!

 

***

Кечиктимби? Сен да кечиктиң!
Жо -ок! Бул кек эмес! Чындык, көздү жооруткан!
Бактылуу бол! Мен да болоюн!
Жо-ок! Бул боор оору эмес!
Каалоо-тилек, чыккан жүрөктөн!
Жаңылдымбы? Сен да жаңылдың!
Лабиринтте сезимдердин
Адаштырып, көңүл соолуткан!
Өкүнбөйсүң! Мен да өкүнбөйм!
Тагдыр эмес! Бирге боло албай
Үздүк жипти кооздоп токуткан.
Түшүнбөйсүң! Мен да түшүнбөйм!
Оюңду, сезимиңде болуп жаткан
Торнадону, жолун кыйраткан!
Кечиктимби? Сен да кечиктиң!
Баарына кеч! Сага да, мага дагы!
Жазалбайбыз, жаңыдан, кааласак да
Болгондорду өчүрүп бүт тарыхтан!

 

***

Бир катарда басып бараттык,
Ошентсе да ойлор башка,
Жүрөгүң согот башка деп,
Бушайманмын кандай калдык табышып?
Тек тараптуу сезимдерди
Байкадыңбы?
Жылмаюума себеп болду:
Көлөкөлөр бара жатты жанашып.

 

© Урманбетова З., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2716