Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий конкурстар
© Саралаев С.Т., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 5-июну

Самат Талантбекович САРАЛАЕВ

Жалгыз чырак

Ырлар жыйнагы

Бул лирикалык жыйнак менен, мен учу кыйырсыз поэзия дүйнөсүнө кадам шилтедим. Караңгы түндө бүлбүлдөп жанган жалгыз чырактын айтып бергис сыйкырдуу образы гана, жыйнактагы ырлардын жалпы мүнөзүн бере алат. Ошол себептен китепти «Жалгыз чырак» деп атап турам. Китепке жогорудагы ырлардан башка, коомдун терс көрүнүштөрүн чагылдырган «Скалероздор өлкөсү», «Бизнес жөнүндө баллада» поэмалары киргени турат… Ырлар 2009-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Калыстар тобу тарабынан белгиленген

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: 2009. – 184 б. китеби боюнча жарыяланды

УДК 82/831
ББК 84(2) 7
М 73
ISBN 978-9967-25-482-4 
М 4702000000-09

Нускасы 500

 

Түн

Жаркыратып ай чатырын үйлөрдүн,
Жылдыз жанып төрт бурчунан дүйнөнүн.
Салкын шамал тереземе кагылып,
Сапар тартат андан ары күүлөнүп

Тынчтык бербей айлуу түндүн бу тынчы,
Агыткансып табышмактуу жырткычын.
Үкү күүлдөп, жарганаттар шуулдап,
Кыяк тартат чегиртке да түнкү ырчы.

Ай сулуусу өөп кеткенсип жер сылап,
Же койгондой сыйкырчы аны сыйкырлап.
Туягынан алтын жамгыр жаадырып,
Же өткөнөй алтын туяк аргымак…

Мына ай да ак булутка камалды,
Жерге түшүп сырдуу күңүрт карааны.
Чырак өчсө басып кирип келчүдөй,
Терезеден тиктейт мени караңгы…

20.04.07

 

Чыңгыз Айтматовго

Жаз да келди жашыл атын темине,
Адатынча шашып кар ээрип жатат.
Жалгыз гана бир генийге кемиген,
Азия да!
Европа да!
Америкада!

Кылымдарды күлгө айлантып үйлөгөн,
Эх кыргызым!.. Эл экенсиң багың бар.
Чыңгызханга багынбаган дүйнөлөр,
Айтматовдун калемине багынган.

Эмне келет мезгил сенин колуңдан?
Эмне кылба сен бары бир алдандың.
Таштады!.. Мына да бир олуя
Өлүм менен өлбөстүкө кадамды…

Токтобостон Алатоонун жерине,
Жамгыр төгөт жоготуунун булуту.
Кетти гений жүрөктөргө мээримден,
Аппапакай жылуу айран уютуп.


Кыргызымдын жанын жалгызсыраткан,
Эстен кетпес күздүн муңдуу айлары.
Ал күндөрдөн узасак да ыраактап,
Каректерге капалуу жаш айланып.

О ал күздө токтотуп сын талашын,
Бүтүн дүйнө бурулуп бэри карап.
Аарчып турду Алатоонун көз жашын
Азия да!
Европа да!
Америка да!

22.03.09

 

Чоң атама

Отурасың эски бактын түбүндө,
Күйүп бүтпөй колуңдагы тамеки.
Узаткандан кошунаңды күзүндө,
Айта элексиң «ассолому алейкум»…

Шашпагын деп топуракты тебесиң,
Кадам сайын жерди сабайт таягың.
Кайра-кайра караганы келесиң,
Айылдагы жалгыз жолдун аягын.

Атакебай, кимдин издеп караанын?
Кимди күтүп? Жүрөгүңө не керек?
Мелдешемин! Азыр дагы карадың
Алыс жолду… Келеби деп неберем..

Же жөн эле карылыктан зеригип,
Көзүң өтүп кан кайнаган күндөргө.
Ал ансайын сага улам сезилип
Кимдир бирөө сени аңдып жүргөндөй…

А түндөсү! Түндөсүчү селт эте,
Ойгоносуң, бырыш жүзүң тер басып.
Сага угулат шуулдаса теректер,
Кыз-келиндер кошок кошуп жаткансып.

Жүрөгүңдө сагынычтын желеси,
Ошондуктан отура албай жай алып.
Кайра-кайра караганы келесиң,
Айылдагы жалгыз жолдун аягын…

Сагынычтан карегиңе жаш оосо,
Алдырып сен бара жатсаң кайгыга – 
Эсте мени! Сенин жупун жашооңо
Жайдын салкын таңы менен кайрылам.

Мен келгенде токуп чабдар туягын,
Аралайлы ар бир кокту-колотту.
Айтып берчи баягы эски жомокту-
Куланчынын окуясын угайын.

Азыр болсо шаардын супсак күнүндө,
Ырым менен айтам салам алейкум.
Түтөй берсин эски бактын түбүндө,
Күйүп бүтпөй колуңдагы тамеки…

06.11.08

 

Түнкү жамгыр

Жини келип бир заматта түнкү асман,
Күркүрөдү көзүнөн от чачырап.
Терезе ачык, үйгө кирген шамалдан,
Жаш селкидей бийлеп жатат шам чырак.

Көзгө урунуп бүдөмүктөр, караандар,
Үндөр чыгат ар тараптан ар кайсы.
Чагылгандын нурундагы дарактар,
Тарбалаңдап мага келе жаткансып…

13.07.08

 

Күүгүм

Ызы чуунун изи сууду бир азга,
Күн кызарып тоо артына бой таштай.
Томсорушуп, түнөрүшөт тоо аска,
Булак шылдыр агып жатат эч шашпай.

Кара-көгүш тартып барат көк асман,
Сууп баратат жайдын жылуу абасы.
Муздак шамаал согуп батыш тараптан,
Шуулдатып айдоо эгин талаасын.

Бак дарактар термелишет кайгылуу,
Жалбырактар шыбырашып жаңыра.
Айыл барат караңгыга думугуп,
Терезелер боёлушуп жалынга…

05.04.07

 

***

Бир кары аппак чачын артка тарап,
Кеч күздү узатты бульвар менен.
Санаасын сезип жалгыз эски дарак,
Термелет күзгү муздак шамал менен.

Жер такыр, куурап жайкы кызыл гүлдөр,
Алсырап кулайт күзгү ным жалбырак.
Бүттү окшойт дагы бир өмүр гүлдөп,
Өчтү окшойт жарык күйгөн бир шамчырак.

Тобунан адашканбы бир каркыра,
Кош айтып жаз-жайдагы өмүрүнө.
Күндү ээрчип канат күүлөйт алсырап,
Күн дагы тоо артына чөмүлүүдө…

Сарыга боёлуп аллеялар…
Этек-жеңден кирип күздүн шамалы.
Кол чатырын алды алиги кары да,
Батышка бурду акырын жамалын.

Шунча жыл өмүр сүрүп байкабаптыр,
Көр турмуш байкатпаптыр жашоо сырын.
Бир башкача ырын укту бак-дарактын,
Сезди эми ушул аба жыпар жытын,

Карегин эркелетип кызыл нурлар,
Асман да тоолор дагы бир башкача.
Созду обон ал аңгыча эски бульвар,
Унуткан жүрөк дагы тээ капкачан

Ал кары аппак чачын артка тарап,
Коштошту акыркы ирет бульвар менен.
Санаасын сезип жалгыз эски дарак,
Термелет күзгү муздак шамал менен…

05.04.07

 

Айылым

Кең Алатоо кучагында айылым,
Көп сапардан кайтып келдим өзүңө!
Салам айтып ак мөңгүдөн жарыгың,
Жол көрсөтөт салкын жайлоо төрүнө.

Тосту мени сайрап түркүн чымчыктар,
Башын ийди талаа алтын буудайы.
Шаардан чарчап жүрөгүмөн ыр чыкпай,
Эми ырымды айылымдан улайын.

Мен сагындым жылдыз толгон түнүңдү,
Шол түндөгү шар дайранын агымын.
Соз короочу, соз кайгылуу үнүңдү!
Сени дагы, сени дагы сагындым!

Токто, апа, уйду тосом мен бүгүн,
Берчи ата карагерди токуюн.
Тоого чыгып узатайын күн нурун,
Тоолорго мен ырларымды окуюн.

Ырларыма жыты сиңген гүлдөрдүн,
Ырларымда шуулдайт муңдуу теректер.
Сагынычтуу согот ырда жүрөгүм,
Сагынычка туулган жерим себепкер!

21.06.07

 

Жайлоо

Жашыл жайлоо бейиштейби кооздугуң,
Керемет го зор тоолордун арасы.
Жула тартып чапкан аттын ооздугун,
Жуткум келет кере-кере абасын!

Көз чаптырсам кен жайыкка дүрбүдөн,
Тойгуза албайм сулуулукка көзүмдү.
Желелерде жаш кулундар үргүлөйт,
Мына башы жайлоодогу өмүрдүн!

Сабадагы кымыз бышып көбүрүп,
Балдай ширин даамын татып шимирип.
Таң атканда түндүктөн нур төгүлүп,
Эркелетип көнүлүмдү жибитип.

Жашыл жайлоо! Кандай жашыл көк майсаң,
Жүрөгүмдүн кытыгылайт тереңин.
Жашыл төрдө жылаңайлак чуркасаң,
Жан эргитет салкын жайлоо илеби.

Ышкын терип, жытын искеп гүлдөрдүн,
Муздак кашка булак суусун жутпасам,
Жээктен угуп суунун шылдыр күлгөнүн
Көктү тиктеп көк майсанда уктасам…

03.08.07

 

***

Шаардык досум, каяка сен шашыласың,
Байкачы сен, ушул күздүн татынасын.
Сезимдерди толкунданткан кереметтен,
Айтчы досум! Айтчы кантип жашынасың.

А тигине аппак тоолор тосту таңды,
Мөнгүнү өөп эң биринчи нурлар жанды.
Көшүлгөн ак булутта ойгонушту,
Узатып түңкү муздак жылдыздарды.

Күз боеду сарыга бак-даракты,
Чагылтып күн нуруна жалтыратып.
Шамалда жалбырактар каалгып учат,
Айтып берем кулаганын жалбырактын.

Отур, жанга жылуу сөздөн кеп куралы,
Тосолу алтын синген таң нурларын.
Учуп кетсин жүрөктөгү тикенектер
Ээрчип учуп асмандагы каркыраны.

Байкап тур жакшылап тургун тыңшап,
Жай шамал бир сонун сунат ыргак.
Күз мезгил бир башкача керемет го,
Күн ачык, көк асман, аба муздак…

21.09.07

 

***

Көңүлүм негедир жайдары,
Көңүлүм ачылды негедир.
Жүрөккө мен бычак сайбадым,
Бирөөгө барбы дейм керегим…

Жактырам асмандын ачыгын,
Эрктүүрөк анткени кадамдар.
Бул күндү жүрөгүм жактырды,
Жүрөккө жакындап адамдар.

Келгиле! Мен жаям кучагым,
Сүйүүгө даярмын дүйнөнү.
Жүрөктү мээримге курчадым,
Мен бүгүн сүйгөндү үйрөндүм.

Эргүүгө эзилем мен бүгүн,
Кун нуру сыртта да, ичте да.
Түшүрбөйм эч кимдин көңүлүн,
Жылмаям мышыкка, итке да.

Тоолор, көк асман, бак-дарак,
Каректен өөп мени тостуңар.
Дүйнөгө кайыгым алпарат,
Эргүүгө, эргүүгө толтура.

Көнүлүм негедир жайдары,
Көнүлүм ачылды негедир.
Үйрөндүм неге ыр жазганды,
Демек бар бирөөгө кереги…

11.10.07

 

Досторго

Жашоонун жашыл жазы бар,
Жан дүйнөң кышты унуткан.
А бирок алыс алыста
Булут бар…

Сүйүүгө толсо дептерим,
Кызартса сүйүү жамалды.
Мен шондо дайым эстеймин
Шамалды…

Ак булут бүркөп кабагын,
Жай шамал кетсе шоктонуп.
Көзүнөн тынчтык табамын
Достордун!

Эх достор жүрөк түбүнөн,
Жыпжылуу саптар төгөйүн.
Достуктун аппак жүзүнөн
Өбөйүн!

Көп жыргал тостук капыстан,
Кайнатып канды суюлткан.
………………………………
А бирок алыс-алыста
Эстейли! Булут бар…

10.11.07

 

***

Агын суум… Агыл! Агыл!
Шаркырачы, шаркырачы жаңыра!
Уккан сайын эс алып эргийт жаным,
Үнүң менин даба болуп кайгыма…

Бетим чайып муздак кашка дайрага,
Эс алайын! Кеч киргенче кетпейин.
Көр турмушту бүгүн жеңип кайрадан,
Мен балалык кыялдарды эстейин!

Кыялдарым көкөлөсүн асманга,
Учсун! Учсун булуттарга жакындап!
Кыялдарым! Кыялдарым ак кардай!
Кудай талам жообун берер акынга!

Суу жээгинде талдар турат ийилип,
Жаш чөптөрдү шүүдүрүм жаш аралайт.
Кыялданып көк асманга тигилип,
Отурамын жылмайып жаш баладай…

27.06.08

 

***

Күн батаарда сыйкыр чырак жагылат,
Жалын нурлар өрттөп көлдүн толкунун.
Убакыт да агылгансыйт жайыраак,
Чыгыш жактан түн да баштайт жортуулун.

Иттер үрбөйт, короздор да кыйкырбайт,
Толкун гана шыбыр айтат талаага.
Тоскоол болбой ушул кечки сыйкырга,
Сиңип кетсем кандай болот абага.

13.07.08

 

***

Жылдыздуу түн, жылуу аба, жай шамал,
Каалабаймын уйкунун да келишин.
Эмнегедир жылмаямын ай карап,
Көргөн сымал айдын сулуу перисин.

Ушул түнкү сыйкырланган керемет,
Уйкудан да таттуу сымал сезилип.
Бархат сымал жылуу-жумшак теребел,
Ай нурунун алтынына эзилип.

Сезимдерим көл бетиндей жайкалып,
Эч капарсыз ай нурунда олтурам.
Кандай жакшы бул пейзажка айкалып, 
Эске түшсө жакшынакай окуя…

07.08.08

 

***

Ырларымдын тузу кемби, ачуубу?
Ырларымдын кандай алы, кубаты?
Так сынынан болбой турган качууга,
Белинскийим болот менин— убакыт.

Жаман сөзгө күйбөм майдай чыркырап,
Жактырбайм мен ырларымды акиоону.
Мен үйрөнгөм куру сынды, мактоону,
Өткөргөндү кулагымдын сыртынан.

Адамдардын уу тилинен мен кача-
Кудайымдан коркуп тилеп жүрөмүн.
Унутпасын!.. унутпасын эч качан,
Табиятты тыңшаганды жүрөгүм.

Жүрөгүмдө соолубасын сезимдер.
Унутпасын байкаганды көздөрүм,
Арасынан жалган чыла сөздөрдүн,
Жок дегенде чындыкты бир көз ирмем.

16.02.09

 

Жазгы таң

Бүгүнкү таң кечээкиден башкача,
Бүтүн дүйнө толуп турат мээримге.
Таңдын нуру күндөн түшүп капкачан,
Там башында мышык сымал керилет.

Жерди жапкан кыштын аппак шейшеби,
Ар жеринен олурайып жыртылган.
Уйку менен жаткан дүйнө кечээги,
Бүгүн толгон жаздын жыпар жытына.

05.03.09

 

© Саралаев С.Т., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3976