Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Сын, адабият таануу, Адабият таануу / Адабий мурас
© Юнусалиев Б.М., 1958
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-майы

Болот Мураталиевич ЮНУСАЛИЕВ

"Манас" эпосуна кириш сөз

Манас. Биринчи бөлүк. I китеп. – Фрунзе: Кыргызмамбас. – 1958. – 343 б. китебинен алынды

Кыргыз ССР
    Илимдер Академиясынын тил жана адабият институту

Кыскартылып бириктирилген вариант
    Жалпы редакциялган – проф. Б.М.Юнусалиев

 

КИРИШ СӨЗ

Орто Азияда жана Түштүк Сибирде жашаган калктардын ичинен эзелки тарыхта кабары чыгып келаткан байыркы элдердин бири кыргыздар. Көчмөн турмуштун жана башка ар түрдүү тарыхый кырдаалдардын натыйжасында Октябрь революциясына чейинки доорлордо кыргыз эли көзгө көрүнүктүү жазма эстеликтерди тарыхта калтыргандыгы азырынча: бизге маалым эмес. Бирок эмгекчил элдин кылымдар бою башынан өткөргөн нечен түрдүү кайгысы менен кубанычтары, тынчтык турмушу менен жоокерчилик күндөрү, эмгектин жыргалы жана душмандардан көргөн кордугу унутулуп калган жок. Булар жөнүндө эл кара сөз жана ыр түрүндө толгон оозеки адабияттык зстеликтерди түздү.

Кыргыз элинин оозеки адабияты формасы жагынан да, мазмуну жагынан да, көлөмү жагынан да таң каларлык бай, түгөнгүс кенч. Адам баласынын мамилелерине, анын табигатка көз карашына карата таамай айтылган макал-ылакаптар, афоризмдер; жаратылышты, жан-жаныбарларды билүүгө байланыштуу тамсилдер, табышмактар коомдук турмушка байланыштуу акыл-насаат берүүнү көздөгөн санаттар, эмгекке, махабатка арналган лириьалык сонун ырлар; зкедимки турмуш менен фантазия аралашкан укмуштуу жөө жомоктор жана да оозеки адабиятты биз атабаган толуп жаткан башка түрлөрү, – мына ушулардын баары эмгекчил элдин чыгармачылык шыгынын натыйжасы болуп саналат.

Мына ошол майда фольклордук формалар менен катар кыргыз эли оозеки адабияттын ири түрлөрүн да түзгөн. Булар – узак окуялуу чоң жомоктор, баатырлык эпостор. Эл ичинен чыккан сөзгө чебер, ырга шыктуу таланттар аларды бүт дээрлик ырга айланткан.

Композициялык түзүлүшүнө жана окуяларынын кеңири берилишине карай кыргыз эпосторун эки топко – чоң (улуу) эпос жана кичи (кенже) эпос деп – бөлүүгө болот. Кичи эпосторубуз "Кедей кан", "Эр Төштүк", "Эр Табылды", "Сарынжы-Бөкөй", "Курманбек", "Жаңыл-Мырза", "Кожожаш" жана "Олжобай менен Кишимжан" сыяктуу эпостор. Чон (улуу) эпоско үч бөлүмдүү (трилогия) "Манас" жомогу кирет.

"Манас" эпосунун сюжетин кара сөз менен кыскача жазганда да өзүнчө бир чоң китеп болот. Кенже эпосторду жомокчулар бир, эки кечте айтып бүтүрө алса, “Манас" бир нече жумалап, айлап айтылат. Эпостун көлөмдүүлүгү, биринчи кезекте, анын цивлизацияланышына байланыштуу, башкача айтканда Манас жөнүндө жомок бүткөндөн кийин анын уулу Семетей жөнүндө, ал бүткөндөн кийин Семетейдин уулу Сейтек жөнүндө генеологиялык аңгемелердин жаңыдан кайра айтылышына байланыштуу. "Манас" жомогунун көлөмүнүн барган сайын арбышынын башка да себептери бар. Манас жөнүндө пайда болгон баатырдык жомок алгачкы кездерде көп чоң эмес, чакан гана чыгарма болсо керек. Кийинчерээк, убакыт өткөн сайын, ал улам жаңы мазмуңдуу эпизоддор менен толукталып, эл оозунда өзүнчө айтылып жүргөн мазмуну жакын майда баатырлык жомокторду өзүнө магниттей тартып, кошуп алып, көлөмүн арттыра берген болуу керек. Ошентип, бара-бара "Манас" эпосуна деңизге куйган суулардай кошулуп кеткен мурунку өз алдынча жомоктор катарында Көкөтөйдүн ашы, Жолойдун, Кошойдун, Эр 
Төштүктүн ж. б. окуялары сыяктуу сюжеттүү аңгемелерди көрсөтүүгө болоор эле.

Жаңы окуялардын улам кошулушуна байланыштуу эпостун идеялык мазмуну артып, көркөмдүгү ого бетер жетиле берген. Жомоктун байыркы сюжетине негиз болгон баатырлык идея бара-бара элдин ички душмандарына каршы күрөшүү, боштондукка жетүү идеялары менен тереңдей берген. Барган сайын кооздолуп, калыптанып келаткан мурунку каармандардын катарына жаңы образдар кошулуп, алар аркылуу кыргыз урууларынын күндөлүк турмушу, алдыңкы адамдарынын кулк-мүнөзү, ой-санаасы кеңирирээк сүрөттөлүп отурган. Демек, эпостун көлөмдүүлүгү анын ички мазмунунун улам байып, жетилип тургандыгына да байланыштуу деп, түшүнүү керек.

“Манас" эпосун изилдөөчүлөрдүи эсеби боюнча эпос бир миллиондон ашуун сап ырдан турарын* эске ала турган болсок, кыргыз тилинин байлыгын, элдин чыгармачылык шыгын байкоого болот. Көркөм сөздүн эң баалуу түрү чылк ыр менен түзүлгөн бул эбегейсиз зор эпопеядан боёктун даана түстөрү менен чебер тартылып, бири-биринен ташка тамга баскандай айырмаланып турган ондогон каармандардын портреттерин көрөбүз. Бул эпостон делебени козгогон көркөм ырлар аркылуу сүрөттөлгөн жердин, суунун, тоонун, жаныбарлардьш кызык сүрөттөрүн, кылымдар бою турмуштук тажрыйбада такталган курч сөздөрдү, нечен түркүн укмуштуу мифтерди, адамдын кылдат сезимдерин баяндаган армандарды, керээздерди, кошокторду учуратабыз. Ушулардын баары эпостогу каармандарды мүнөздөөгө, алардын сүрөттөрүн дааналап тартууга чебердик менен пайдаланылган. “Көркөмдүк жагынан каармандардын жетилгек эң терең жана ачык типтери фольклор тарабынан, эмгекчи элдин оозеки чыгармачылыгы тарабынан түзүлгөн" — деген М. Горькийдин** сөзүнө "Манас" эпосу далил болот.

(*"Манас" эпосуна арналган жыйнактын кириш сезүн караныз. Кырг. Ил. Ак. фондусу, инв. № 1148, б. 2; дагы караныз: В. М. Жирмунский. Введение в изучение "Манаса", Фр., 1948, б. 5)
    (**М. Горький. О литературе. Статьи и речи. 1928–1936 гг., М. 1937 г., стр. 450)

Оозеки элдик чыгармалардын «Манас" эпосу сыяктуу монументалдуу үлгүлөрүн басма жүзүндө жарыялоонун мааниси өтө зор. Биринчиден, ал эпикалык мурастар элибиздин бүгүнкү маданий байлыктарынын ичинен өзүнө тийиштүү закондуу ордун ээлеш керек. Экинчиден, элдик чыгармаларды, бөтөнчө эпосторду жакшы билбей жана ар тараптан изилдебей туруп, революцияга чейинки адабиятыбыздын жана белгилүү даражада революциядан кийинки адабиятыбыздын түзүлүш процессин толук түшүнүү мүмкүн эмес, себеби оозеки чыгарма менен жазма адабият жалаң тили жана чыгармачылык стили жагынан гана эмес, идеялык мазмуну жагынан да түйүндөп, байланыш болот. Ошондуктан фольклорду билбеген жазуучу жаман жазуучу. Чексиз байлык — элдик чыгармада; чыныгы жазуучу болууну тилеген адам оозеки чыгарманы терең үйрөнүш керек деп, М. Горький текке айткан эмес.

"Манас" эпосу — элдин көркөм сөзгө ынактыгын, ырга шыктуулугун далилдеген чыгарма. Сөзмөр кыргыздар женөкөй сүйлөгөндө да жамактатып, ырга айландырып кетет, ырды кыргыздар дүйнөдө искусствонун эң жогорку баскычы катарында карайт, деп өткөн кылымдын ортосунда академик В. В. Радлов жазып кеткен.

"Манас" эпосунун мааниси анын керкөм сөз искусствосунун жана миңдеген жылдардан бери өнүгүп келаткан элдик бай тилдин эстелиги экендигинде гана эмес. Анын тарыхый жана маданияттык мааниси да зор.

***

"Манасты" изилдөөчүлөрдүн бизге белгидүүлөрүнүн бири — казак окумуштуусу Чокан Валиханов өткөн кылымдын ортосунда эпоско төменкүдөй баа берген: "Манас" эпосу "бир убакытка келтирилген жана бир адамдын — Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул — талаа "Илиадасы" сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, салты, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл-аралык мамилеси орун алган". Бул чындыкка ылайык берилген илимий аныктамага кошулбай коюуга болбойт.

Күндөлүк жашоо үчүн нан, суу кандай зарыл болсо, маданияттуу элде китеп да ошондой зарыл нерсе. Кыргыз элинин революцияга чийинки маданияты китеп түрүндө болгон эмес. Бирок кагаз бетине түшкөн илими жана искусствосу болбогону менен, элдин чыгармачылык таланты өрчүй берген. Толгон макал, ылакаптар, ар түрдүү лирикалык, какшык, санат ырлар, жөө жомоктор, поэтикалык узак жомоктор, толгон-толгон күүлөр, музыкалык пьесалар, буюмдарга кылдаттык мөнен түшүрүлгөн нечен түрлүү оймо-саймалар жана искусствонун башка формалары да элдин нечен кылымдардан берки чыгармачылык тажрыйбасынын натыйжасы болуп саналат.

Мына ошол ар кыл элдик чыгармалардын ичинен элге өтө сүйкүмдүүлөрүнүн бири жана көрүнүктүүсү – "Манас" жомогу. Жүздөгөн жылдар бою кыргыздар учүн бул эпос таалим алуучу роман китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарып келген.

Эпос – тарых эмес, бирок "Манас" эпосунун кыргыз элинан тарыхына тыгыз байлаиыштуу экенин танууга болбойт. Кыргыздардын башынан өткөргөн окуялуу доорлор, эл үчүн талыкпай кызмат кылган алдыңкы адамдардын образдары көркөмдүк формада жомоктон орун албай койгон жок.

Биринчи кезекте, эпосто этнографиялык фактылардын кең орун алгандыгын эске алуу зарыл. Анда айтылган негизинен мал чарбачылык менен өмүр сүргөн көчмөн уруулар, алардын турмушу, аталышы жана өз ара мамилелери, үй-бүлөнүн бир-бири менен болгон мамилеси, тамак-аштарынын, кийим-кечектеринин, үй-жайынын, урунган курал-жабдыктарынын аталышы, аш-тойлордогу салт-жөрөлгөлөрү, адамдардан бир-бири менен болгон мамилесиндеги каадалар, каармандардын мунөздөрү, алардын диний ишенимдери жана да башка толуп жаткан фактылар элдин мурунку замандардагы психологиясын жана турмушун изилдөөдө табылгыс материал болуп саналат. Кыргыздарга мусулман дини кийинки тарыхта маалым.

Бирок андан мурун алар кайсы динде болгондугун билүү үчүн эпос кызык материалдарды берет.Эпостун көпчүлүк элдик варианттарында Манас жана анын чоролору ант бергенде,алардын оозуна пайгамбарлардын аттары кирбейт, алар "төбөсү ачык көккө", "төшү түктүү жерге", асмандагы айга, күнгө, караңгы түнгө жалынышат. Буга караганда, жомоктун чыгыш доорунда же андан кийинчерээк кыргыздар көп кудайлуу диний ишенимде болгондугун байкоого болот.

Монголдордо жана Түштүк-Сибирь түрк калктарында учураган "жай-таш" жөнүндөгү миф, Алтайлыктарда ушул күнгө сакталган кыз тоюнда чачыла берүү жөрөлгөсү сыяктуу "Манаста" орун алган фактылар шаманизмге байланыштуу экендиги белгилүү*. Аялдарынын сулуулугунда чек жок, бирок эркектери ит кейпинде экенин баяндоочу "Итаалы" жөнүндөгү миф Моңголдор менен Алтайлыктарда да учурайт.

(*С. М. Абрамзондун макаласын кара. "Советская этнографня", № 2, 1947, 66. 141—143)

Кейпин өзгөртүп, кубулуп кетүүчү жаныбарлар, адамга же атка канат бүтүп учуп кетүү, жер алдына түшүп кетүү, адам турүндөгү эбегейсиз зор күчтүү дөөлөр, укмуштуу перилер сыяктуу мифтер Орто-Азия жана Түштүк-Сибирь калктарынын фольклорунан көп учурайт.

Байыркы кыргыздар, башка элдер сыяктуу эле, коомдун балалык доорлорунда табигатка көбүрөөк байланыштуу болгон, бирок адамдын эс-акылы табигаттык кубулуштарды өз эркине багынтуу максатында иштеген, Зарыл болгондо күндү жаадыруу же токтотуу, канат бүтүп учуу, өлүмгө башы байланган адамды укмуштуу дары менен сакайтуу сыяктуу кыялдарды (фантазияларды) мына ошол умтулуштар менеи түшүндүрүүгө болот.

"Манас" эпосу кыргыз урууларынын өткөн кылымдардагы этнографиялык турмушунун жана мифологиясынын гана энциклопедиясы эмес, ал – кыргыз коомунун далай кылымдар бою башынан өткөргөн реалдык тарыхый окуяларын да көркөм чыгарма аркылуу билдирген баян болуп эсептелет. Граждандык тарыхта кыргыздар жөнүндөгү маалымат биздин эрага чейинки II кылымдан, башкача айтканда эки миң жылдан да мурун башталат. Ошол убактан бери элдин башынан нечен түрдүү оорчулуктар, жабырчылыктар, ар түрдүү кезеңдер өттү, Бир жагынан, эмгекчил эл өздөрүнүн ичиндеги эзүүчүлөрдөн, мисалы эпостогу Көбөш кан сыяктуу мыкаачы кандардан, зулумдардан жабыр тартса, экинчи жагьнан, элди талап, чаап кетүүчү баскынчылардан кордук көргөн. Бул жерде биз, асиресе байыркы жана орто кылымдарда Борбордук Азиядагы көчмөн уруулардын байыр алып бир жерде турбастан, биринин жерине бири өтүп, биринин малын экинчиси талап, чаап алып турганы жооперчилик доорду эске алышыбыз керек. Бул окуялардын саркындысы, мисалы кыргыздар менен казактардын, кыргыздар менен текестик калмактардын ортосунда, кыргыз урууларынын эле өз арасында жылкы тийип кетүү сыяктуу барымтачылык фактылары, кечээки эле убактарга чейин, Россияга кошулганга чейин орун алып келгендиги белгилүү. Мындай окуяларда оорчулук биринчи иретте калың эмгекчилердин башына түшкөн; бүт эл жабыр тартып, кызыл кыргынга учураган. Өткөн кылымдын биринчи жартысында эле орун алган, орустун саякатчы окумуштуусу П. Семенов-Тяншанский жазып кеткен сарбагыштар менен бугулардын Жуукудагы кызыл кыргыны буга ачык далил боло алат.

Кыскача айтканда, тарыхта улам арылаган сайын, уруулар ортосунда жана элдер арасында кагылыш-тартыштар көп болуп, андан элдин тарткан азабы ого бетер оор болгон деп түшүнүү керек.

Андай окуялар тарыхтан, тил жана адабият эстеликтеринен орун албай койгон эмес. VI-VIII кылымдарга тийиштүү Орхон – Енисей эстеликтери мына ошол тарыхый окуялардын четин гана эске салат. Ошол жазуулардын биринде, мисалы Сухондогу таштагы Күлтегиндин эстелигинде “Биз найза бойлобогон кардуу жерден жол салып, Көгмөн тоосун ашып түшүп, түнүчүндө уктап жаткан кыргыздардын таш-талканын чыгардык" деп жазылган*. Бул – ошол VIII кылымдагы түрктөрдүн байыркы кыргыз урууларына жасаган казаттарынын бири гана. Кыргыз урууларына каршы болгон буга окшогон бзскынчылык казаттар байыркы уйгурлар (VIII-X кылымдар), кидандар (кара кытайлар, X-XII к.), монголдор (XII-ХШ к.), манжуулар, ойроттор, жунгарлар (калмактар, XVI-XVIII к.) ж. б. уруулар, элдер тарабынан VIII-XVIII кылымдарда, башкача айтканда миң жылдар бою орун алып келгендиги кытай жана башка азиялык, европалык элдердин тарыхында эчак маалым. Ушунчалык узак убакыттын ичинде улам үстөкө-босток кайталап турган баскынчылык чабуулдардын, кызыл кыргын согуштардын натыйжасында тарыхта белгилүү нечен-нечен уруулардын жана бүт элдердин дайыны чыкпай кетти. Мына ошондой татаал кезеңдерде аты өчүп кетпестен, өзүнчө элдигин сактап калган калктардын бири кыргыздар.

(*С. Е. Малов. Памятники древнетюркской письменности. М. — Л. 1951, стр. 32)

Албетте, кыргыздардын элдигин сактап келишинин толгон себептери бар. Ошол көп себептердин ичинде тыштан келип кол салган жоого каршы элдин башын кошуп, баштап чыгуучу ары акылман, ары баатыр, Манас, Бакай, Кошой, Семетей, Каныкей, Айчүрөк, Сейтек, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Күлчоро сыяктуу эл коргогон эрлердин болушу чоң мааниге ээ. Бул аталган баатырлардын ысымдары граждандык тарыхка туура келе койбостур, бирок алар – реалдык турмушта болгон баатырлардын көркөм чыгармада калган элеси. Ошондуктан да "Манас" жомогу граждандык тарых эмес, көркөм чыгарма, эпос.

"Манас" эпосу кыргыздардын өткөн доордогу коомдук экономикалык мамилеси, идеологиясы, кайсы элдер менен мамиле жасагандыгы, кайсы географиялык пункттарда жашагандыгы жөнүндө да толгон маалыматтарды бере алат.

Мына ошондуктан, "Манас" эпосун кыргыз элинин өткөн кылымдардагы турмушу жөнүндөгү монументалдуу эстелиги, анын өмүр баяны жөнүндөгү өзүнчө бнр энциклопедиясы деп кароого болот.

***

"Манас" жомогу качан, кайсы доордо өз алдынча жомок түрүндө пайда болду? — деген суроо туулат.

Бул суроого толук жооп берүү үчүн, эпостон орун алган тарыхый окуяларды, идеологиялык мотивдерди, этнографиялык жана мифологиялык элементтерди, эпостун тилин, стилдик формасын, сюжеттик сызыгын, варианттардын ортосундагы айырмаларды, каармандардын образдарын, алардын граждандык тарыхтагы фактылар менен байланышын ж. б. маселелерди терең изилдөө керек. Бул маселелерди кеңири талдоо үчүн келечекте далай эмгектер, атайын монографиялар жазылууга тийиш. Бул кириш сөздө биз айрым маселелер боюнча өзүбүздүн кыскача гана жеке пикирлерибизди айта кетмекчибиз.

Алгачкы изилдөөлөр боюнча басма сөздө жана илимий жыйналыштарда эпостун чыгышы жөнүндө азырынча айтылган үч божомол (гипотеза) бар: 1) Енисейлик Орхон доорунда (VII-IX к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. М. О. Ауэзов, проф. А. Н. Бернштам), 2) Алтай доорунда (IX-XI к.к.) чыккандыгы жөнүндө (Б. М. Юнусалиев), 3) Жунгар доорунда (XVI— XVIII к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. А. К. Боровков, проф. И. Л. Климович).

Бул божомолдордун биринчиси эпосто орун алган окуяларды Орхон – Енисей эстеликтеринде аталган түрктөр менен болгон уруштарга, ошол кездерде жана андан кийинчерээк байыркы уйгурлар менен болгон уруштарга, IX кылымда өздөрү кол салган уйгурларды жеңип, кыргыздардын өзүнчө күчтүү жана бир кыйла чоң көчмөн мамлекет түзгөндүгү сыяктуу фактыларга таянат.

Экинчи гипотеза "Манас" жомогунда учураган кээ бир тарыхый фактылар менен катар, этнографиялык, лингвистикалык жана географиялык маалыматтарга, алардын граждандык тарыхка байланышып турушуна сүйөнөт. Ошол фактыларды кыскача эскерте кетелик.

Эпос бардык варианттарда кыргыз урууларынын бытырап тарап, Ороздунун (кээ варианттарда Ногойдун) уулдарынын ар жерлерге сүрүлгөндүгүн баяндоодон башталат. Жомоктун кээ бир варианттары боюнча Кытайдын Алооке канынын баскынчылыгы натыйжасында кыргыздардын бирдиги бузулуп, бытырандылыкка учурайт. Эпостун башкы каарманы – Манас Алтайда туулуп өсөт, ал эр жеткенде кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого алып келет. Идеялык мазмуну жагынан эпостун негизги мотиви кыргыз урууларынын башын кошуп, кол салган тышкы душмандарга каршы туруу. Эпостун биринчи бөлүмүндөгү "Манастагы" окуялар алгачкы кездерде Орхон, Каңгай, Күкүнор, Алтай сыяктуу географиялык пункттарда болот, орто кылымдарга чейин Алтай тарабында жашаган тыргоот, орон-кой, ойрот сыяктуу уруулардын жана элдердин аттары аталат. Кыргыздардын да XII кылымга чейин азыркы территорияда болбой, Алтай тарабында жашагандыгы, XI кылымда Ысык-Көл, Чүй, Фергана өрөөндөрүн аралап жүрүп, түрк урууларынын сөздүгүн жазып кеткен Кашкардык Махмуддун маалыматы менен аныкталат*.

(*Махмуд Кашгари. Divanü luwat-ət-türk. Туркчө басылышынын I томунун баш сөзүндө)

Эпосто айтылган кыргыздардын бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып көчүрүлүшү тарыхта чыныгы болгон факт. Бул окуя X кылымда моңгол тилине жакын тилде сүйлөгөн кара кытайлардын (алардын дагы бир аты кидан) баскынчылык менен кол салып, кыргыздардын мамлекеттигин бузган чабуулуна туура келет, Мына ушундан кийин кыргыз урууларынын Ала-Тоо тарабына бириндеп өтүшү күчөй баштайт. Кыргыз урууларынын тарыхта эң күчтүү мамлекет болуп турган учурунда кол салып, бирдигин бузган кидандар (кара кытайлар) болгондуктан, элдин өмүрүндөгү мындай эң оор кезең эпосто из калтырбай койгон эмес. Ошондуктан эпос боюнча кыргыздардын душманынын "кара кытай", "кытай" деп аталышы, тилде да "кара кытайдай каптап" деген ылакаптын пайда болушу кокустан эмес. Ошол эле кара кытайлар кыргыздардан кийин Борбордук Азиядагы элдерди (мунун ичинде ошол кезде "чин" деп аталган азыркы кытай элинин түндүк тарабын) каратып алуунун натыйжасында өзүнүн “кытай" деген атын ошол элдерге да тараткандыгы тарыхта маалим*.

(*В. В. Бартольд. Очерки истории Семиречья. Фр., 1943. б.32; "Киргизы", Фр., 1943, б.38)

Кара кытайлар тарабынан мамлекеттиги талкалангандан кийин кыргыз урууларынын саясий жагынан баш кошкон бирдиктүү күч болгондугу азырынча тарыхта белгисиз. Мындан кийин моңголдорго, калмактарга, манжууларга ж. б. каршы күрөшкөндө кыргыздар бирин-серин уруулардын гана башын кошуп, каршылык кыла алган. X кылымдан кийин азиялык тарыхта кыргыздардын аты чыкпай калышы, чыкса да, күңүрт угулушу мына ушуга байланыштуу.

Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп, күчү толуп турган кезде (IX-X к.к.) баскынчылык кылган кара кытайлардан жапаа тартышы, бытырандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы "Манас" жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн. Албетте, X кылымдан бери кыргыз уруулары башынан өткөзгөн унутулгус тарыхый окуялар, мисалы моңголдордун үстөмдүгүнө каршы төрт ирет көтөрүлүш чыгарышы (XII–ХШ к.к.)*, андан кийин ойроттордун, калмактардын, манжуулардын эзүүсүнө каршылык көрсөткөн кыймылдар да, эпостон орун албай койгон эмес.

(*С. Б. Киселев. Древняя история Южной Сибири. М., 1951, б. 564)

Жазылып турган тарых китеби болбогон элде бир нече кылым мурун өткөн окуялар барган сайын унуткарылып, кийинчерээктеги окуялар көбүрөөк эскериле тургандыгын унутпоо керек. Мына ушул көз менен караганда, кыргыз урууларынын жанына өтө батаарлык кордук көрсөткөн соңку жоо – жуңгарлар (калмактар) болгондуктан, алар жөнүндөгү аңгеме эпостон көбүрөөк орун алып, андан мурунку окуялардан билинээр билинмексен гана из калгандыгы толук закондуу иш.

"Манас" жомогунун чыгышы жөнүндөгү үчүнчү божомолдун авторлору эпоско кошулган ошол кийинки тарыхый маалыматтардын көбүрөөк орун алышына гана таянышат да, жомокто учураган андан мурунку тарыхый фактыларга баа беришпейт. Ошону менен катар, "Манас" эпосун жунгар чабуулдары кезинде (XVI–XVIII к.) Тянь-Шанда жашаган кыргыздар чыгарган болсо, андан бир нече кылым мурунку кыргыз урууларынын баштан өткөргөн окуялары (Алтайдан Ала-Тоого көчүшү, кара кытайлар менен согушу ж. б.) жана XIV–XV кылымдарга чейин кыргыздар жашаган географиялык пункттар (Алтай, Кангай. б.) кайдан келип эпостон орун алып калды – деген сыяктуу суроолорго үчүнчү божомолдун авторлору эч жооп беришпейт.

Кыргыз элинин тарыхында эң эле чечүүчү кырдаал болгон кара кытайлардын чабуулу "Манас" жомогунун чыгышына себеп болуп, андан орун алганын туура деп тапсак, эпостун жашы бир миң жылга таяп барат.

***

Оозеки элдик чыгарманын китептегидей туруктуу тексти болбойт. Өзгөчө "Манас" сыяктуу узак жомоктун кылымдар бою оозеки түрдө гана жашап келиши анын аздыр-көптүр өзгөрүлүшүнө себеп болгон. Аны айткан жомокчулар өз заманындагы окуялардын жана өкүмдүк кылуучу идеологиянын элементтерин киргизбей койгон эмес. Мындай элементтердин киргизилиши да, жомокчунун ар бир маселеге жеке көз карашына жана жомокту угуучулардын жалпы талабына жараша болуу тийиш. Ар бир доордун жомокчусу өзүнө таасир келтирген окуяларды, идеологиялык мотивдерди өз түшүнүгүнчө жана чыгармачылык шыгына жараша эпоско жамады, катмарлады. Ошондуктан илгерки шаманизм жана көп кудайга табынуучулук ишеними менен катар кечээки эле исламдык диндин эпостон орун алышын оозеки адабияттын өнүгүш процессиндеги табигый нерсе деп кароо керек. Мына ошол кийин киргизилген кошумча элементтерге фольклористикада "катмарлар" деген термин колдонулат.

"Манаста" айтылган ар түрдүү окуялардын жана мотивировкалардын кайсылары анын негизине, эриш аркагына тиешелүү экендигин жана кайсылары "катмарлар" иретинде караларын аныктап билүү үчүн, эпостун элде айтылып жүргөн варианттарын мүмкүн катары толугураак жыйнап, аларды терең изилдеп чыгыш керек.

"Манас" эпосун жыйноо жана изилдөө иши өткөн кыльмдын ортосунда, түндүк кыргыздар Россияга кошулгандан кийин, орус окумуштуулары тарабынан башталды. Прогрессивдүү орус илимпоздорунун жардамы жана тарбиясы аркылуу европалык маданиятка ээ болгон казак окумуштуусу Чокон Валиханов 1850 жылдары атайын тапшырма менен Синцзянга өтүп баратып, кыргыздарга токтолуп, “Манас" жомогу менен таанышкан. Жогоруда келтирилген баага караганда, ага “Манас" чоң таасир кылган болуу керек. "Манас" поэмасынын бир эпизодун, атап айтканда “Көкөтөй кандын ашын" жомокчунун оозунан жазып алдым, — деп жазат Ч. Валиханов. Балким, бул кагаз бетине түшүрүлгөн кыргызча биринчи сөз болуу мүмкүн. Окумуштуунун "жазып алдым" деген текстти, тилекке каршы, алиге архивден табыла элек. Ч. Валиханов өзүнүн "Очерки Джунгарии" деген эмгегинде "Манас" жомогунун кыскача мазмунун гана орусча жарыялаган, ал эми "Көкөтөйдүн ашы" бөлүмүнүн орусча котормосу окумуштуунун архивинде сакталгандыгы бизге маалым.

Ч. Валиханов уккан вариантка караганда, Жакып куда болуу үчүн Кара кандын айлына барганда, ал өзүнүн кызын (Каныкейди) букаранын уулуна берүүнү ыраа көрбөйт, Ошондуктан Каныкейди Манас күч менен тартып алат. Көкөтөйдүн айлы Ташкент тарабында эмес, Ысык-Көл, Кара Эртиш, Алтай жана Хинган тоолору жакта болот. Көкөтөйдүн ашындагы чатакта зордук-зомбулук көрсөткөн Коңурбай менен Жолойлорду Манас өлтүрөт; Манас өзү Нескара колдуу болуп каза табат. Бул өтө кызык варианттын толук жззылып бизге жетпегендиги абдан өкүнүчтүү.

Мындан кийин түрк урууларынын тил, адабият үлгүлөрүн жыйноочу жана изилдөөчү орус окумуштуусу В. В. Радлов эки мертебе – 1861 жылы Текестеги, 1869 жылы Чүйдөгү кыргыздарга келет. Ал да "Манаска" кызыгат, жомокчунун оозунан орус альфавитине ылайыктаган транскрипция менен кыргызча жазып алып, 1885 жылы Санк-Петербургда кыргызча жана немисче, ар бирин өзүнчө том кылып жарыялап, дүйнөлүк илимди кыргыз эпосу менен тааныштырат.

Радлов жазып алган вариантта кээ бир окуялардын анчалык өнүкпөгөндүгү, ырларынын көп көркөм эместиги жана сюжеттик жактан да байкалган кээ бир түшүнүксүздүктөр жалаң гана жомокчунун талантынан эмес, поэманы кагазга түшүрүүдөгү өзгөчө шартка да байланыштуу болуу керек. Окумуштуунун өзүнүн көрсөтүүсү боюнча, жазып жаткан киши кыргыз тилин жетик түшүнбөгөндүктөн, жазып алуу процессинде манасчыга улам-улам суроо бере берүү натыйжасында ырдын сапаты бир кыйла кемиген.

Ак падышаны Манастын досу кылып көрсөткөнүнө караганда, жомокчу угуп отурган элдин түрүнө карай, эпоско тиешеси жок нерселерди кошуп жиберет экен, дейт В.Радлов. Эпостун варианттарын изилдөөдө В.Радловдун бул пикиринин чон мааниси бар. Кыргыз эпосундагы каармандар менен тектеш элдердин эпостору ортосундагы байланыштыктар жөнүндө, эпостун чыгыш шарттары жана анын эл оозунда өнүгүшү жөнүндө, ырларынын түрлөрү, жомокчулар ж.б. жөнүндө В. Радлов көп көңүл бурарлык пикирлер айткан.

Революцияга чейин кыргыз оозеки адабиятын жыйноо бирин серин гана адамдардын өз демилгелери боюнча жүргүзүлгөн. "Манас" жомогун жыйноо, жарыялоо жана изилдөө боюнча чыныгы иштер Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынан кийин гана жүргүзүлө баштады. Элдик искусствону өнүктүрүү жөнүндө Коммунисттер партиясы тарабынан камкордук көрсөтүлүү натыйжасында, 1920 жылдардан тартып атайын каражат белгиленип, эл оозундагы адабият мурастары пландуу түрдө жыйнала баштады. Ушул күндө Кыргыз Илимдер Академиясынын фондусунда белгилүү манасчылардан жазылып алынган "Манас" жомогунун он үч варианты бар. Ч. Валиханов менен В.Радловдун варианттарын кошкондо, он беш вариант боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө болот. Эл оозундагы варианттарды жыйноо боюнча иш, али да болсо, улантылууда.

Эпостун варианттарын жыйноо менен катар алардын үзүндүлөрүн жарыялоо жана эпосту изилдөө боюнча да бир кыйла иштер жүргүзүлдү. 1925 жылы жомокчу Тыныбектин айтуусу боюнча жарыяланган "Семетейдин" үзүндүсүнөн баштап. "Манас" менен "еметейдин" айрым эпизоддору кыргыз тилинде (асиресе 1930-1940 жылдары) китепчелер түрүндө басылып чыкты. 1946 жылы "Чоң казат" зпизоду (Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун варианттары боюнча) орус тилине которулуп, иллюстрацияланып, Москвада жарыяланды.

Ата мекендик согушка чейин совет окуучуларын кыргыз эпосу жана аны айтуучулар менен кыскача тааныштырган макалалардан адабиятчы Е. Мозольковдун (1937 ж.), котормочу Л. Пеньковскийдин (1938 ж.), этнограф С. Абрамзондун (1940 ж.) ж.б. эмгектерин атоого болот. Эпосту аздыр көптүр изилдөөгө арналган эмгектер согуш жылдары жана андан кийинки эки-үч жыл ичинде К. Рахматулин, В. М. Жирмунский, Ө. Жакишев, А. Н. Бернштам, М. И. Богдановалар тарабынан жарыяланды. Булардын ичинен маркум Калим Рахматулин тарабынан кыргызча жазылып 1942 ж. басылган "Манасчылар", 1943 ж. орус тилинде жарыяланган "Улуу патриот — укмуштуу Манас" аттуу эмгектер кеңирээк алынып жазылгандыгын айта кетүү зарыл. Мындан башка да, айрыкча 1952 жылы эпос боюнча жүргүзүлгөн талкууга байланыштуу көп макалалар басылды.

Дискуссияга чейинки макалаларда эпостун варианттарындагы элдик эмес идеологиялык катмарларга жеткиликтүү сын берилбей келген болсо, дискуссия кезиндеги бирин-эки макалада жана сөздөрдө ал катмарларды өтө апыртып көрсөтүү аркылуу эпостун элдик мүнөзүн тануу аракеттери байкалды. 1952 жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комнтетинин демилгеси менен өткөзүлгөн илимий сессия "Манас" эпосу боюнча ошого чейинки жүргүзүлгөн бардык иштердин жыйынтыгы болуп саналат. Бул сессияга кыргыз окумуштуулары жана жазуучулары менен катар Москва, Ленинград шаарларынын жана бир тууган респубикалардын окумуштуулары катышты. Алар эпостун варианттарына аздыр-көптүр сын беришип, эпосту изилдөөгө жана жарыялоого байланыштуу көңүл бурарлык бир кыйла жаңы пикирлерди айтышты. Сессияда талкуу иретинде негизги маселе – "Манас" эпосу кыргыз эмгекчилеринин таламын көздөгөн элдик чыгармабы же патриархалдык-феодалдык чөйрөлөрдүн таламын көздөгөн реакциячыл эпоспу деген маселе коюлду. Бул маселени сессияга катышкандардын басымдуу көпчүлүгү эпостун негизи элдик деген корутундуга келишти. Негизи элдик болуу менен катар эпостун жазылып алынган кээ бир варианттарында (асиресе Сагымбай Орозбаковдун вариантында) эмгекчи элдин духуна карама-каршы келген бай-манапчыл идеологияны көрсөткөн мотивдер гана эмес, айрым эпизоддор да бар экендиги аныкталды. Андай чоочун идеологиялык катмарлар жомоктун ички мазмуну менен данакерлешпестен, үстүрт, жолбун малдай обочо бөлүнүп тургандыгы, эпосту андай катмарлардан арылтуу зарылдыгы айтылды. Эпостун толук тексттин мүмкүн кадары жакын аранын ичинде кыргызча, орусча жарыялоо максатында, эл оозундагы варианттарды дагы жыйноо боюнча, эпостун составын, анын негизин, андагы жасалма түрдө киргизилген катмарларын анализ кылуу боюнча илимий иштердин кеңири жүргүзүлүшү зарыл деп табылды.

Эпостун фондудагы варианттарынан бириктирилген кыскача вариант түзүп жарыялоонун мүмкүн экендигине шек келтирген ораторлор да (мис. проф. А.К.Боровков, проф. Л.И.Климович) болду.Сессияга катышкандардын көпчүлүгү бир нече варианттан бириктирилип жарыяланган армян эпосу “Давид Сасунский",карелфин эпосу “Калевала" сыяктуу; элдик чыгармаларды бириктирүүнүн тажрыйбасына таянып, “Манастын" кыскартылып бириктирилген вариантын жакын арада басмага даярдоонун мүмкүндүгүн жана зарылдыгын кубатташты.Эпосту изилдөө ишин өрчүтүү үчүн ал илимий сессиянын чоң маанилүү материалдары Академиянын, тил жана адабият институту тарабынан эбак эле жарыяланыш керек эле*. Ошол эле институттун архивинде 1948 жылдан бери жарыяланбай жаткан материалдардын дагы бир жыйнагын көрсөтө кетүү зарыл. Бул жыйнакта “Манасты" 1930 жылдардан бери изилдеген эмгектеринин корутундусу түрүндө жазылган проф. М. Ауэзовдун, эпостун чыгыш доору жана “Манас" деген аттын теги жөнүндө проф. А. Н. Бернштамдын, эпосту изилдөө маселелерине жана анын библиографиясына арналган проф. Н. Н. Берковдун эмгектери, “Манаска" арналган К. Рахматулиндин диссертациясы сыяктуу маанилүү эмгектер бар.

(*Сессиянын материалдарынан проф. А. К. Боровков менен проф. Л. И. Климович гана өздөрүнүн сөздөрүн 1952 ж. "Дружба народов" журналынын 5-санында жарыялашты)

***

Сюжети мурунтан элге тааныш жомокту анын белгилүү каармандарына, алардын атактуу курал-жарактарына, кийим-кечектерине, тулпарларына жана дайыма эскерилүүчү жан-жаныбарларга берилип жүргөн туруктуу эпитеттерди пайдаланып, ар бир доордун таланттуу адамдары ыр менен күүгө салып айтып келген. Эпостун көркөмдүк сапаты, көлөмү, идеялык деңгээли жомокчунун чыгармачылык шыгына жараша болгон. Кээ бир жомокчулар мурунтан тааныш сюжетке да, айрым себептер менен, жаңы эпизоддор кошкондугу же кээ бир окуяларды түшүндүрүүдө жаңы мотивдер киргизгендиги белгилүү. Мындайча айтканда, эзелтен келаткан традициялык жалпы сюжеттик теманын айланасында аңгеме жасалганы менен, манасчылардын эмгеги өз алдынча чыгармачылык мүнөзгө ээ деп айтууга болот.

Мына ошондуктан ар бир манасчы өзүн "чыгармачыл адаммын" деп сезип, өзүнөн мурунку жомокчулар анын чыныгы устаты болсо да, алардан үйрөнүп таалим алгандыгын көп эскере бербейт. Кайта, өзүнүн чыгармачылык шыгын, жомокчу болуп калышын түшүндө Манастын “арбагы дааруу" менен түшүндүрүү – манасчылар үчүн эрежеге айланган. Эпосту изүүлдөөчүлөрдүн (М.Ауэзовдун, К.Рахматулиндин ж. б.) материалдарына караганда, бизге белгилүү ар бир манасчы эпосту айтуудан мурун таланттуу жомокчулардан таалим алгандыгы байкалат. Мисалы; биздин заманыбыздын Гомери, азыркы манасчылардын эң күчтүүсү жана таланттуусу Саякбай Каралаев, өзүнүн айтуусуна караганда, бала чагында эле Манас жөнүндө жөө жомокту энесинен угуп, ага кунт коёт. Тестиер бала байга койчу болуп жүрүп, өзүнүн чыгарган ырларын ырдайт. “Манаска" кызыккан, ырга шыктуу Саякбай жыйырманчы жылдары атактуу Чоюке менен көп жылдар бирге жүрүп, андан көп таалим алгандан кийин гана, өзү “Манасты" айта баштайт. Кыргыз Академиясынын фондусунда Саякбай Каралаевден жазылып алынган жарым миллион сапка жакын “Манас" эпосунун үч бөлүмү бар.

Манасчы Саякбай Каралаев          Манасчы Сагымбай Орозбаков

Манасчы Саякбай Каралаев            Манасчы Сагымбай Орозбаков

1925 жылда каза болгон таланттуу Чоюкенин кайсы манасчынын шакирти болгону азырынча маалым эмес. Бирок өткөн кылымдын ортосунда жашап, жомокчулук даңкы чыккан, "Манастын" үч бөлүмүн 30 күн катары менен айткан Тыныбек Жапиев, ата-бабасынан бери жомокчулук кесибин кылган Найманбай Балыков сыяктуу манасчылар Чоюке менен бирге жүрүп, эл кыдырып, "Манас" жомогун айтышкан.

Тажрыйбалуу жомокчулардан таалим алуу менен катар, манасчылардын кээ бирөөлөрүнүн ата-бабасы да эпос айтууну кесип кылып келгендиги белгилүү. Өз убактысынын эң таланттуу манасчысы Сагымбай Орозбаков жомокту биринчи кезекте өзүнүн бир тууган агасы Алишерден уккан. Кийин жашынан куудул ыр жана кошок чыгарып жүрүп, өзү манасчы болот. Сагымбай бирге ээрчип жүрүп, атактуу манасчы Келдибектен, Балыктан, Тыныбектен таалим алган. Сагымбайдан эпостун биринчи бөлүмү бүт жазылып алынган. 1930 жылы анын каза болушуна байланыштуу, андан жомоктун башка бөлүмдөрү жазылбай калган.

"Семетей" бөлүмүн жаздыргандан кийин, 1942 ж. каза болгон манасчы Жаңыбай Кожокеевдин атасы да, чоң атасы да, бабасы да манасчы же семетейчи болгондугу маалым. Айтор, кыскасын айтканда, манасчылардын баарынын тең "кереметтүү түш көрүү натыйжасында эпосту айтып калдык" дегени менен, чындыгында, эч бир манасчы эч кимден укпай, таалим албай туруп, “Манасты" айткан эмес. Мына ошондуктан жомокчулук кесип чыгармачылык шыктуулукка негизделген жана укумдан тукумга өтүп келаткан кесип деп билүү керек. Албетте, жомоктун сюжеттик окуяларына абдан кызыгын, аларды деталдарына чейин жадысына түйүп, дайыма көз алдыга келтирип, ойлонуп жүргөн адамдын түшүнө Манас же анын чоролору кирүү ыктымал. Бирок, манасчы болуп калууну жалаң муну менен гана түшүндүрүүгө болбойт.

Жазылып калган тарых болбогондуктан, биринчи манасчы ким экендигин, албетте, белгисиз. Бирок Сагымбайдын вариантында эске алынган Жайсан ырчы дегенди, Манастын кырк чоролорунун бирөөн "Ырамандын ырчы уулу" деп айтылышын эске албай коюуга болбойт. Мындан бир нече кылым мурун "Токтогулдай ырчы, Толубайдай сынчы" болгон экен деген ылакап чындыкка туура келсе да, алардын кайсы доордо өткөндүгүн билүү кыйын. Жомокчулар жөнүндөгү тагыраак маалыматтар XIX кылымдан ары кетпейт. XIX кылымдын башында жашаган манасчы Келдибек жөнүндө жомокко айланган кабар бар. Анын мыкты жомокчу экенин көтөрүп айтуу үчүн, "Келдибек "Манас" айтканда үй солкулдап, борошо уруп, чак түштө күүгүм түшүп, Манастын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп турган экен" деген имиш айтылат. Андан берки кабар – манасчы Келдибектин замандашы Балык (Бекмурат) Кумаров жөнүндө.

Манасчылар эпосту айтуудан мурда өзү далай ирет башкалардан уккан жомоктун сюжеттик эришин, негизги каармандарын, алардын туруктуу эпитеттерин эске аябай түйөт. Андан кийин айрым каармандар жөнүндө, алар катышкан кичине эпизоддор жөнүндө алгачкы убактарда өз ичинен машыгуу иретинде күңгүрөнүп айтат, андан кийин гана элге угуза баштайт. Кээ бир жомокчулар эпостун айрым эпизоддорун айтуу менен гана чектелген. Акындыгы күчтүүрөк жомокчу жыл сайын улам машыгып, улам арбытып отуруп, кийин эпостун бир бөлүгүн толук айта турган болгон. Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков сыяктуу эпостун үч бөлүмүн тең толук айткан абдан тажрыйбалуу, ашкан таланттуу жомокчулар чанда чыккан.

Манасчы Шапак Ырысмендеев          Эпосту жыйноочу Ыбрай Абдырахманов

Манасчы Шапак Ырысмендеев    Эпосту жыйноочу Ыбрай Абдырахманов

Академиянын фондусунда, толук эмес маалыматтар боюнча, Кыргызстан территориясында жашаган сексенден ашуун улгайган жана жаш манасчылардын тизмеси бар. Булардын бир катары – эпостун айрым бөлүмдөрүн же кээ бир эпизоддорун гана аткарган адамдар. Манасчы, семетейчилерден жазылып алынып, Кыргыз Академиясынын фондусунда сакталган вариантарды санап өтөлүк: Саякбай Каралаевден -эпостун үч бөлүгү; Сагымбай Орозбаковдон — эпостун биринчи бөлүмү толук; Шапак Ырысмендеевден – "Семегей", "Сейтек" жана "Манастын" айрым эпизоддору; Тоголок Молдодон – "Семетей", “Сейтек" жана "Манастын" үзүндүлөрү; Жаңыбай Кожокеевден – "Семетей"; Молдобасан Мусулманкуловдон – "Сейтек", "Семетей" жана "Манастын" үзүндүлөрү; Жакшылык Сарыковдон – "Семетей", "Сейтек" бөлүмдөрүнөн үзүндүлөр; Акмат Ырысмендеевден – "Манастын", "Семетейдин" эпизоддору; Багыш Сазановдон – "Манастын", "Семетейдин" үзүндүлөрү; Тыныбектен – "Манастын", "Семетейдин" үзүндүлөрү; Алмабек Тойчубековдон – "Семетейдин" үзүндүлөрү; Ыбрай Абдырахмановдон  — эпостун айрым эпизоддору жана үзүндүлөрү.

Жазылып алынган материалдарга караганда, эпостун "Манас" жана "Семетей" бөлүмдөрүнүн варианттары көп, ал эми "Сейтектин" варианты аз. Эл ичинде эпостун биринчи эки бөлүмү көбүрөөк айтылып, кеңирээк тараган. Ошол көбүрөөк айтышына жараша, жомокчуларды же "манасчы" же "семетейчи" деп атаган.

***

Эпостун негизги мазмууну, анын идеясы эпостун чыгышына себеп жана негиз болгон окуяларга байланыштуу экендиги талашсыз. Маселе ошол окуялардын кайсы жана кандай мүнөздө экендигинде.

Кыргыз урууларынын биримдиги X кылымда кара кытайлар тарабынан бузулгандан берки тарыхый окуялар эпостон орун алды, дедик. Кара кытайлардын чабуулунун негизги максаты кыргыз урууларынын жашаган жерлерин, күн көргөн мал-мүлкүн тартып алып, аларды кулдандырып, эзүүгө багытталгандыктан, кыргыздар жерин, мал-мүлкүн, элдигин, кыскасы, өмүрүн сактап калуу үчүн аянбай аракет кылган. Ошондуктан басма сөздөрдө жана илимий кеңешмелерде көпчүлүк тарабынан айтылып жүргөн пикир — эпостун негизги идеялык мазмууну кыргыздардын баскынчыларга каршы болгон баатырлык аракеттерине байланыштуу деген пикир, биздин оюбузча, чындыкка туура келет. Ал эми кээ бир варианттарында учураган агрессивдүүлүк мотивдер эпостун духуна да, чыныгы тарыхка да эч туура келбейт, алар патриархалдык-феодалдык чөйрөлөрдүн талабы боюнча эпоско жугузулган дат катарында каралыш керек.

Кол салган баскынчы жоолордон коргонуу үчүн согуштук күч жыйноо керек болгон, аларды башкарып, душманга туруштук берүү үчүн кажыбас кайраттуу, айлакер кол башчы баатырлар керек болгон. Мына ошондуктан эпосто эрдикке, баатырлыкка, айлакерликке, башкаруучулукка айрыкча бурулат.

Күчтүү калың жоого каршы жалгыз жарым адамдар, канчалык баатыр болсо да, эч нерсе кыла албайт эле. Аларга туруштук берүү үчүн кыргыз урууларынын башын кошуп, биримдик түзүү керек эле. Мына ошондуктан кыргыз урууларынын башын кошуу мотиви да эпостон чоң орун ээлейт.

Албетте, кыргыз эмгекчилери жалаң сырттан келген душмандардан гана запкы тарткан эмес. Элдин башына өтө оор катаалдык түшкөн учурда, эпостун биринчи бөлүмүндөгү Көзкамандар сыяктуу душманга жардам берген, ичтен чыккан жоолордун кордугу да оңой болгон эмес. Баскынчы душмандардын коркунучу бир аз басаңдай түшкөн кезде, Чынкожо, Толтой. Көбөш кан, Канчоро сыяктуу кара ниеттер да заардуу тырмагын салып, элди аябай кыйнаган, Элдин таламын көздөгөн чыныгы баатырлар башкаруучулук тизгинди колго алып, аларга да тайманбай каршы чыккан.

Ошону менен катар аялдардын коомдогу ролуна, баатырдык достукка, өскөн элди, тууган жерди сүйүүгө, эл достугуна, эмгекти сүйүүгө, ар бир адамды адилеттүүлүк, тайманбастык, амалкөйлүк, туруктуулук мүнөздө тарбиялоого байланышкан жалпы адамзаттык идеялар "Манас" жомогунан кең орун алган.

Мына ушул идеялык мотивдер эпостун чыгышына да, анын кийин өрчүшүнө да негиз болгондугу бардык варианттардан даана көрүнүп турат.

"Манас" жомогунун негизги идеясын жана сюжеттик эриш-аркагын туура табуу жана терең түшүнүү үчүн биринчи кезекте белгилүү варианттардын мазмунундагы, сюжеттик түзүлүштөрдөгү окшоштуктарды жана айырмаларды салыштырып, талдап чыгуу керек. Мындай салыштырууларды жасаган изилдөөчүлөрдүн эмгектерине караганда (М. Ауэзов, К. Рахматулин ж. б.)*, жомокчулардын варианттарында мурунтан ата-бабадан бери айтылып келаткан жана алардын баарына орток болгон жалпы сюжеттик негиз, канча бар экендиги аныкталган. Ошол сюжеттик негиз төмөнкү окуялардан, темалардан түзүлөт: негизги каармандардын туулушу; алардын балалык чагы; Каныкей, Айчүрөк сыяктуу чексиз сулуу, акылман аялдардын, Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу баатыр чоролордун, Нескара, Жолой, Коңурбай сыяктуу алп жоолордун мүнөздөрү, кылык-жоруктары жөнүндөгү аңгемелер; кыргыз урууларынын Манас, Семетей, Сейтек башчылыгы менен элди коргоого багытталган баатырлык согуштарына арналган эпизоддор; эл үчүн курман болгон Манаска күмбөз салуу өңдөнгөн аңгемелер. Бул аталган окуялар, аңгемелер эпостун толук айтылган варианттарынын ар биринен учурай тургандыгын кичинесинен жомок угуп келаткан карыялар жакшы билет. Ошону менен катар, андагы экинчи катардагы каармандар да (мисалы Айдаркандын Көкчөсү менен эки Кемин жайлаган Үрбү, жалгыз көздүү Мадыкан менен чыканактай. Эрагыш, өздөн чыккан жоо — Көкчөкөз менен Көзкамандар сыяктуу персонаждар да эл оозундагы эпизоддордун ар биринен учурай тургандыгы белгилүү. Ошентип, эпостун көпчүлүк варианттарында баатырлардын өмүр баяны, алардын кылган иштери, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого Таласка келип баш кошуусу, этнографиялык жактан өтө бай, көркөм берилген “Көкөтөйдүн ашы", чексиз алп күчтөрдү сүрөттөгөн “Чоң казат" сыяктуу эпизоддор биздин заманга жеткен эпостун сюжеттик негизин түзөт.

(*Кырг. Ил. Ак. фондусу, инв. № 1289)

Мындан бир нече кылым мурун, андан да арыраак — эпос чыккан кездерде анын сюжеттик негизи алда канча кыска, жөнөкөй болуш мүмкүн. Улам берилеген сайын, ар бир доордун жомокчулары, жогоруда биз көрсөтүп кеткендей, эпоско бир катар өзгөрүштөр киргизет, элдин башынан өткөн окуяларга жана идеологиялык турмушка байланыштырып, жаңы эпизоддор да кошот. Бул маселеде биз кыргыз элине болжол менен XVI кылымдан кийин тараган ислам дининин көрсөткөн таасирин эске албай коё албайбыз. Буга чейинки дин ишеними (көп кудайга табынуучулук, шамандык сыяктуу ишеним) ислам дининин талаптарына карама-каршы келбей койгон эмес. Патриархалдык-феодалдык чөйрөлөр тарабынан дайыма бардык күч менен колдонулуп, өкүм сүргөн идеологияга айланган исламизм жомоктун мурунку калыбында аткарылышын тыюуга чейин барган кездер болгон десек, жаңылышпаспыз. Бул шартта, албетте, угуучу аудитория да, айтуучу жомокчулар, да, ал динге ишенген. Мына ушунун натыйжасында жомоктун оң каармандарынын мусулман динисиз көрсөтү-лүшүн күтүү өтө кыйын болуу керек. Идеологиялык мотивировкалары гана эмес, жомоктун сюжеттик сызыгына да бир кыйла өзгөрүштөр кириши толук ыктымал. Ошондуктан "кийинки кездерде, исламизмге байланыштуу эпос өзгөрүүлөргө дуушар болду" деп айткан академик В. В. Радловдун пикири туура экендигинде шек жок*.

(*В. В. Радлов. Образцы народной латературы..., V, Спб., 1885, б. 11)

Жогорудагы пикирди кубаттоо иретинде эпостун тилине байланыштуу бир эле фактыны көрсөтө кетели.

Ар бир элде адамдардын ысымдары өкүмдүк кылган динге байланыштуу боло тургандыгы белгилүү. Мисалы, балдардын аттары орустарда христиан динине, кыргыздарда мусулман динине байланыштуу сөздөрдөн коюларын азыр эч ким элебейт. "Манастын" биринчи бөлүгүндө учураган жүздөгөн персонаждын аттарын алып көрсөк, эки-үч аттан башкасы (мисалы Алмамбеттин аты „альмугаммед" деген араб сөзүнөн чыгат) бүтүндөй дээрлик араб сөздөрү эмес, түрк-моңгол сөздөрүнөн коюлган. Буга караганда эпосто ушул күнгө чейин аталып жүргөн оң жана терс каар-мандардын көбү ислам дини кыргыздарга тарай электе айтылып жүргөн персонаждар болуу ыктымал.

Мына ошондуктан Сагымбайдын варианттарындагы, элдик идеялар менен катар, исламдык, ал тургай, панисламдык мотивировкаларды, Манастын Меккеге жиберилиши сыяктуу эпизоддорду, Саякбайдын вариантындагы Чубактын Меккеге жиберилиши сыяктуу эпизоддорду "Манас" эпосунун негизги духуна, сюжеттик негизине байланышпаган, жасалма кошумчалар, катмарлар деп кароого тийишпиз. Ал эми Молдобасан Мусулманкуловдун Манасты бүт дүйнөгө ислам динин таратуучу бирден бир пайгамбар кылып көрсөтүүгө аракет кылышы элдик чыгарманы опсуз бузгандыкка жатат.

Эпостун варианттарында динден башка да идеологкялык катмарлар орун алган.

Россияда капитализмдин өнүгүшүнө жана революциянын жакындашына байланыштуу, асиресе XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында түрк калктарынын буржуазиялык элементтери баш көтөрүп, дин кызматчылары жана буржуазиялык интеллигенттер аркылуу пантүркисттик идеяны таратат. Бул идея кыргыздардын бай-манап, бий-болуш, динчил молдолор чөйрөлөрүнүн максатына туура келип, үстөмдүк кылуучу идеологиясына айланат. Кыргыздар арасында мусулман динин күчөтүп, панисламдык идеологияны таратууда Кокон кандыгы өзгөчө роль ойногондугу тарыхый адабиятта кенен көрсөтүлгөн*. Манасчы, семетейчилер жалаң гана эмгекчи элдин ортосунда эмес, бай-манаптар арасында да жомок айта тургандыктан, ал илдет саясий сезими тайкы жомокчуларга да аз-аздан жуга баштайт.

(*История Киргизии. Фрунзе, 1956, том 1, б.185-200)

Бийлөөчү таптын өкүлдөрү элге каршы реакциячыл пантүркисттик панисламисттик идеяларды таратуу үчүн оозеки эл чыгармачылыгын, биринчи кезекте, эл арасына көп таралган эпосту пайдаланат. Ошонун натыйжасында таланттуу акын-жомокчу Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы сыяктуу, Манасты дүйнөгө ислам динин таратуучу, бүт түрк элдеринин башын кошуучу каарман кылып көрсөтүүгө багытталган жана эпостун духуна эч кандай сыйышпаган жат мотивировкалар келип чыгат. Манастын колунун Индияга чейинки Түштүктү көздөй, Европага чейинки Батышты көздөй чабуул жасоосу, Орто Азияны бүт чаап алуу сыяктуу, мурун эпосто болбогон эпизоддор пайда болот. Панисламисттик, пантүр-кисттик идеяларды таратууну көздөгөн мотивировкаларды башка жомокчулардын варианттарынан да аздыр көптүр учуратабыз. Ал тургай, Тоголок Молдо да өзүнүн вариантында Манасты түрк жана монгол элдеринин башын кошуучу каарман кылып көрсөтүүгө тырышканын байкайбыз.

Бул реакциячыл идеяларды пропагандалоо үчүн, алгачкы иретте, эпостун баатырлыкты эң күчтүү сүрөттөгөн биринчи бөлүмүн – "Манас" бөлүгүн пайдаланууга аракет жасалган. Тоголок Молдонун вариантында Семетейге Индия менен Францияны чаап алдырууга багытталган далбасага караганда, эпостун “Семетей" бөлүмү да баскынчылык духту жана пантүркисттик илдетти таратууга пайдаланыла башталгандыгын көрөбүз.

XIX кылымдын орто чендеринде эле Ч. Валиханов менен В. Радловдун жазып калтырып кеткен варианттарында эч кандай пантүркисттик моти-вировка жок экендигине караганда, бул реакциячыл идеологияга эпос XIX кылымдын аяк ченинен тартып чалдыга баштагандыгында эч кандай шек жок.

Бул сыяктуу ири идеялык катмарлар менен катар, жомокчулардын байкабастыгы натыйжасында пайда болгон айрым майда катмарлар да эпостон орун алган. Бул өзгөрүштөр эпосто аталып жүргөн элдердин, жерлердин, кээ бир экинчи даражадагы каармандардын аттарына, жоо-жарактардын, кийим-кечектердин аталышына ж. б. байланыштуу. Ар бир доордун жомокчулары мурунку кылымдарда эле жомокто эскерилип жүргөн, бирок кийин унутулуп калган же унутулуп бараткан түшүнүктөрдү (аттарды, аталыштарды) өз доорунун түшүнүгүнө байланыштырган же өз кезиндеги термин сөздөр (түшүнүктөр) менен алмаштырган. Байыркы кыргыздар менен ар түрлүү мамиледе болгон көк түрктөр, байыркы уйгурлар, кара кытайлар, монголдор, ойроттор ж. б. бара-бара унуткарылып, кийинки жоолор (манжуу, калмактар) көп айтылган. Байыркы кытайлардын (кидандардын) аттары кийинки кытайларга, мурунку чиндерге ("чинмачин" деген термин да эпостун азыркы варианттарынын кээ бирөөлөрүнөн учурайт) өткөн. Ошол сыяктуу эле, жомоктогу "Темир кан" Кара кан деген сөздөр тарыхтагы Каракан,Темир кандарга байланыштырылып, Манас – кандын күйөөсү, Каныкей кандын кызы болуп көрсөтүлөт; монгол тилинен келген "эр жигит, баатыр" маанилүү "конкор" деген байыркы сөз кийинки фарс тилинин таасири менен пайда болгон "канкор" деген терминге айлантылып, "кан ичкич" деген мааниде түшүндүрүлүп калат. Өз кезинде кара кытайлардын борбору – байыркы Бейтин (анын тарыхтагы дагы бир аты – Бешбалык) шаарына болгон чоң казат, бул шаардын аты кийинки тарыхта өчүп калганына жана "чин" деген сөздүн мааниси "кытай" деген мааниге өтүшүнө байланыштуу, кийиики кытай мамлекетинин борбору – Пекин {кытайча Бэйцзин) шаарына жасалды делип түшүндүрүлөт. Мындан башка да, байыркы жебе менен катар кийинки эле бешатар, замбирек сыяктуу куралдар, Коңурбайдын колунун башка жерге оошкондугун телефон аркылуу билгизүү (Шапактын вариантында), илимде кийин эле белгилүү болгон "мамонт" деген опсуз чоң жаныбарга (Сагымбайдын вариантында) окшогон "жаңылыктар" аз киргизилген эмес. Бул өңдөнгөн модернизация оозеки чыгарманын жашаш процессине жат эместиги өзүнөн өзү түшүнүктүү.

***

Жогоруда көрсөтүлгөн идеялык катмарлар эпостун элдик мүнөзүн буза алдыбы же жокпу? – деген суроо туулат. Алар эпостун элдик мүнөзүн буза алган жок деп чечкиндүү жооп берүү керек. Бийлөөчү уруучул-феодалчыл чөйрөлөр элге жат идеологияны жомокко сиңирүүгө канчалык далбаса кылса да, панисламдык, пантүркисттик, баскынчылык идеялар монолиттүү чыгарманын идеялык негизин бузарлык түрдө анын сөөгүнө жетип, канына сиңе алган эмес. Алар чулу темирдин үстүн баскан дат сымалдуу нерсе бойдон гана кала берген. Эпостун биз жогоруда көрсөтүп кеткен негизин түзгөн элдик идеялар бардык варианттарында сакталып калган. "Манас" эпосу дегенде элдин көз алдына эл үчүн башын дайыма курмандыкка байлаган, баскынчы жоону жеңгич, кажыбас кайраттуу, туруктуу каармандардын элеси келет. Дарыядай чоң, баатырлык эпопеянын ар кайсы жерине киргизилген жат идеялуу айрым ырлар, айрым эпизоддор жомоктун элдик касиеттерин буза алган эмес. Ошондуктан эпосту жат идеялдуу катмарлардан арылтууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Фондудагы варианттардын ичинен ар түрдүү идеялык илдеттерге дуушар болгон Сагымбайдын вариантында да ал жасалма түрдө киргизилген катмарлар оркоюп көрүнүп тургандыгын, алардан ал вариантты тазартуу кыйын эмес экендигин аны терең изилдеген профессор Муктар Ауэзов өзүнүн эмгегинде таамай көрсөткөн*.

(*Кыргыз Ил. Ак. фондусу, инв. № 1148, б. 64)

Албетте, эпосту ал катмарлардан арылтуу жумушу оңой иш эмес. Бул үчүн каармандарга берилген мүнөздөмө иретиндеги ырлардын, алардын жеке турмушун, кылык-жоругун. жана коом ичинде иштеген аракеттерин сүрөттөгөн ырлардын арасындагы жат идеялдуу бир катар саптарды, кээде айрым үзүндүлөрдү билгичтик менен кыскартуу гана жетишсиз. Кайсы бир учурда ал идеялар каармандардын аракеттеринин мотивировкасы, себеби катарында киргизилген. Мындай болгондо, ал мотивировкалардын башка варианттарда кандайча берилгендигин издеп таап, салыштырууга туура келет. Мисалы, Сагымбайдын вариантында Алмамбеттин өз элинен кетишине жападан-жалгыз мотив иретинде анын мусулман динине өткөндүгү көрсөтүлсө, Саякбайдын вариантында динден башка да мотивировкалар бар: Эсен кандын Алманбетке сураган кандыгын бербегендиги, анын атасынын "Канжайлак" деген жайлоосун Конурбайдын тартып алышы сыяктуу себептер да көрсөтүлөт. Сагымбайдын варианты душман менен болгон согушта жеңилгендерди мусулман динине киргизүү менен аяктаса, Саякбайда, эпостун каармандары динге берилгендигине карабастан, панисламдык идеяга үгүттөө анчалык байкалбайт.

Элдик чыгарманын сюжеттик эришине сыйбай оркоюп турган мындай катмарлар алынып ташталса, жомок артыкбаш жүктөн кутулуп, ого бетер көркүнө чыга түшөөрүнө эч кандай шек жок. Жат мотивировкалардан, чоочун идеялардан эпосту арылтуу милдети бир нече варианттын башын кошуп, бириктирилген вариант жасоодо абдан чоң мааниге ээ болот. Өтө көп татаал эмгекти жана убакытты талап кыла тургандыктан, бириктирилген толук вариант жасоо жумушу келечектеги чоң мнлдет. Элге өзү чыгарган укмуштуу сонун эпосту тезирээк китеп түрүндө бастырып берүү үчүн, азырынча кыскартылып бириктирилген вариант түзүүгө туура келди. Мындай вариантты жасоо үчүн аны түзүүчүлөр эпостун ар бир бөлүгү боюнча жомокчулардан жазылып алынган варианттар менен толук таанышып, жомоктун сюжеттик эришин түзгөн негизги окуялар кайсы жана жат идеялардын таасири менен кошулган эпизоддор кайсы экенин иликтешти. Бул жагынан ушул күнгө чейинки эпоско байланыштуу жазылган илимий эмгектер, 1952 жылы өткөрүлгөн дискуссия көп жардам берди. Кыскартылган вариантты түзүүчүлөр – К.Маликов, А.Токомбаев жана Т.Сыдыкбековдор оор милдетти ийгиликтүү аткаруу үчүн көп жылдардан бери эмгек сиңиришти. Бул иште биринчи кезекте эпостун толук жазылган варианттарына, Саякбай менен Сагымбайдын варианттарына көңүл көбүрөөк бурулду.

Кыргыз урууларынын тынчтык турмушуна кол салган жоолордон коргонуу, ошого байланыштуу элдин башын кошууга багытталган аракеттер, элдик каармандардын баатырлыгын даңазалоо, элдин боштончулугу жана жыргалчылыгы үчүн, эл үчүн, мекен үчүн курмандыкка даяр болуу, кадиксиз достук, айныбас мухабат, адилеттүүлүк, баатырлык, амалкөйлүк, каардуу табигат менен күрөшүү сыяктуу жалпы адамзаттык идеялар элдик эпостун идеялдык негизин түзөт. Мына ушундай мотивировкалардын, темалардын негизинде түзүлгөн эпизоддор жана окуялар элдик эпостун ажырагыс элементи катарында каралды.

Ушул принцип менен алганда Саякбайдьн вариантынын сюжеттик эриш-аркагы чындыкка жакыныраак экендиги байкалды. Саякбай эпосту тынч жаткан кыргыздарга Алооке кандын баскынчылык менен кол салып, кыргыз урууларын ар тарапка сүрүүдөн баштайт. Мунун натыйжасында Алтайга жер оодарылып барган кыргыздардын бири болгон Жакыптын байбичесинен – Чыйырдыдан кыргыздардын келечектеги таянычы баатыр Манастын төрөлүшү шартка ылайык, табигый окуя болуп көрүнөт. Манас төрөлө электеги түшкөрүү, Манастын төрөлүшү, анын балалык чагы, Манастын Кошойго жолугушусу, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого келиши, Алооке кандын Таластык кыргыз урууларына жана Шоорук кандын алайлык кыргыз урууларына кол салышы, өз элинен кеткен Алманбеттин Көкчөгө барып, андан Манаска келиши, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көзкамандардын чыккынчылыгы, Көкөтөйдүн ашы, Чоң, казат сыяктуу (эпизоддор – бүт элге эбактан белгилүү жана фондудагы варианттардын көпчүлүгүндө (ошонун ичинде Саякбай менен Сагымбайдын варианттарында да) учураган эпизоддор. Элдик "Манас" эпосунун биринчи бөлүгүнүн негизги сюжеттик сызыгын түзгөн орчундуу темалар мына ушулар болуп саналат. Ошондуктан бириктирилген вариантта ошол сюжеттик сызык, өзүнө ылайыктуу идеялык мотивировкалары менен, негизинен Саякбайдын варианты боюнча . алынды. Анын вариантындагы Чубактын Букарга жасаган чабуулу сыяктуу эпизоддор, айрым каармандарды агрессивдүү, панисламдык, пантүркисттик духта көрсөтүүгө багытталган ыр сабактары, эпостун негизги мазмуну менен байланышпай турган дат иретинде, алынып ташталды.

Элдик эпоско таандык көркөмдүктү сактоо максатында, табийгатка каармандарга, баатырлык мелдештерге, тулпарларга, жаныбарларга ж. б. берилген күчтүү сүрөттөр, сыноолор, таасирлүү ырлар башка варианттардан алынып, бириктирилген варианттын образдары, сүрөттөрү күчөтүлдү. Түзүүчүлөр тарабынан кыскартылып алынган Саякбайдын вариантынын сюжеттик сызыгына мазмуну жана түзүлүшү жагынан жакын турган айрым эпизоддор да башка варианттардан кыскартылып кошулду. Ушул максатта эпостун биринчи бөлүгүндө, асиресе Сагынбай Орозбаковдун варианты көбүрөөк пайдаланылгандыгын айта кетиш керек.

Кыскача варианттын биринчи бөлүгүнүн биринчи китебине андай эпизоддордон Сагымбайдын айтуусу боюнча: Манастын төрөлүшү жана бала чагы, Байдын Алтайлык кыргыздарды издеши, Алтайлык кыргыздардын Ала-Тоого көчүшү, Манастын колунун Алооке канды кууганы, Алманбеттин Манаска келиши жөнүндөгү ырлар, Шоорук кан менен согуш жана Араниктеги окуялар киргизилди. Манаска, Каныкейге, Аккулага берилген сындар Сагымбайдын кээ бир ырлары менен күчөтүлдү.

Экинчи китепке киргизилген "Көкөтөйдүн ашынын" башталышы жана андагы шаан-шөкөттөрдү сүрөттөөлөр, "Чоң казаттын" биринчи бөлүгү бүт дээрлик психологиялык окуяны күчтүү жана көркөм бере алган Сагымбайдын варианттарынан алынды. Айрым окуялардын деталдары, мисалы Каныкейдин "Чоң казатка" аттанган чоролорду жабдышы, Алманбет менен Чубактын чатагы, Кошой менен Жолойдун күрөшү, Коңурбай менен Манастын сайышы сыяктуу элестүү, көркөмдүк жагынан эсте каларлык сүрөттөр да Сагымбайдан алынып кошулду.

Биринчи китептеги "Манастын Каныкейге үйлөнүшү" жана "Олуя чалдын бүктөлүшү" жөнүндөгү окуялар, башка варианттарга караганда күчтүүрөөк болгондуктан, негизинен Молдобасан Мусулманкуловдун айтуусу боюнча алынды.

Жакыптын Алтайга сүрүлүшүн, Каныкейдин Таласка көчүп келишин, Алманбеттин өз элинен кетишин, "Чоң казаттын" орто жана аяк чендериндеги айрым главаларды түзүүдө Саякбайдын, Сагымбайдын, Багыштын, Ыбырай Абдырахмановдун, Молдобасандын, Шапактын варианттарындагы жакшы деп табылган үзүндүлөр, ырлар пайдаланылды.

"Манас" эпосунун он эседей кыскартылып берилишине байланыштуу, элге белгилүү бир топ майда окуялар бириктирилген вариантка кирбей калды. Жомоктун негизги каармандарына – Манаска, Бакай менен Каныкейге, Алманбет менен Сыргакка, Коңурбай менен Жолойго, Кошой менен Чубакка байланыштуу эпизоддор кеңирээк берилди да, экинчи катардагы каармандар туралуу, мисалы; кырк чоронун ар бирөө жөнүндөгү толук варианттарда өзүнчө айтылуучу окуялар, ошондой эле Манастын белгилүү курал-жарактарынын тарыхы да, көп учурда баяндалбастан кала берди. Каармандардын элесин көрсөтүүгө келгенде, баатырлыгы жагынан Манаска тетелеш, бирок өмүр баяны жагынан өтө трагедиялдуу Алманбеттин образын көрсөтүү иши өтө оор болду. Кыскартылган варианттын эң татаал биринчи бөлүгүн түзүүдө акын Кубанычбек Маликов абдан көп эмгек сиңирди.

Каармандардын келбетин, эрдигин мүнөздөгөн дайыма колдонулуучу туруктуу эпитеттерди сактап калуу менен катар, жер суунун, тулпарлардын, курал-жарактардын кайталантып айтылган сүрөттөрүн кыскартуу аркылуу жана согуштук кыймылдардын өтө окшош жерлерин кемитүү аркылуу сюжеттик окуялардын динамикасын (жандуулугун) бир аз күчөтүүгө түзүүчүлөр да, редколлегия мүчөлөрү да көп аракет кылышты. Айрым эпизоддорду киргизүү же киргизбөө маселесин чечүүдө эпостун биринчи бөлүмүнүн баатырлык мүнөзүнө окуялардын жооп бере ала тургандыгы эске алынды. Ошондуктан согуштук эпизоддорго көбүрөөк орун берилип, "Чоң казат" сыяктуу абдан көлөмдүү баатырдык окуя киргизилди.

Кыскартылып бириктирилген вариантыбызда жомоктун биринчи бөлүгүнө караганда анын экинчи бөлүгү "Семетей" сюжеттик жагынан жыйынтыктураак, тыканыраак болуп, окуялары бири-бирине уланып, тыгыз байланышкан түрдө берилди. Иштин мындай ийгиликтүүрөөк болушу жалаң гана бул бөлүмдү түзгөн эл акыны Аалы Токомбаевдин фондудагы варианттарды тереңирээк изилдөө аркылуу өз бөлүмүн кураштырууда олуттуу эмгек сиңиришинен гана эмес, "Семетей" жомогунун оозеки жашашындагы кээ бир өзгөчөлүктөр менен да түшүндүрүлөт. Ал өзгөчөлүктөрдүн негизгиси — идеялык жагынан алганда, жомоктун баатырдык мунөздөгү "Манас" бөлүгү башка бөлүктөрүнө караганда кийинки идеялык катмарларга көбүрөөк дуушар болгондук. Ар бир доордун реакциячыл элементтери өздөрүнүн идеялык көз караштарын таратуу максатында эпостун эл арасына көбүрөөк тараган баатырлык эпизоддорун, биринчи иретте Манас катышкан окуяларын көбүрөөк пайдаланууга тырышкандыгы өзүнөн өзү түшүнүктүү. Жат идеялык катмарлардын көп жугушу бирик-тирилген варианттын өзгөчө биринчи бөлүгүнүн түзүлүшүн татаал ишке айлантты.

Мындан эпостун "Семетей" бөлүгү элге аз тараган деген корутундуга келүүгө болбойт. Баатырдык окуялары боюнча биринчи бөлүктү кайталоого (мисалы Коңурбай менен болгон согуш) карабастан, "Семетей" жомогун да эл сүйүп, көп айттыра турган. Бирок анын баатырдык мүнөзү менен катар бара-бара романтикалык мотивдердин жана лирикалык күүлөрдүн күч алышы, ошону менен катар жомоктогу баатырдык окуялардын көпчүлүгү элди басып алуучу жоолорго каршы күрөшүүгө арналбай, элдин өз ичиндеги душмандар менен күрөшүүгө байланыштуу болушу жомоктун бул бөлүмүнө идеялык катмарларды сиңирүүгө анчалык оңтойлуу шарт түзбөгөн деп, болжолдойбуз. Ошондуктан "Семетейдин" фондудагы варианттары жомоктун негизи боюнча гана эмес, анын жалпы сюжеттик окуялары жагынан да, түзүлүшү жана мазмуну жагынан гана эмес, көпчүлүк деталдары жагынан да бири бирине бир кыйла окшош экендиги байкалат.

Жомокчулардын бир катары "Көкөтөйдүн ашын" эпостун "Манас" бөлүгүндө, "Чоң казаттан" мурун айтса, жомокчулардын бир катары аны "Семетейге" кошуп айтканын эске албаганда, "Семетей" жомогунун сюжети бардык варианттарда төмөнкү негизги окуялардан турат: 1) Жетим калган Семетейди өлүмдөн сактоо үчүн Букарга алып качуу, 2) Семетейдин балалык чагынын Букарда өтүшү жана өз атасын, өз элин билиши, 3) Семетейдин Таласка келиши, 4) Семетейдин Чынкожо, Толтой менен согушу, 5) Айчүрөктүн учушу жана ага Семетейдин үйлөнүшү, 6) Семетейдин Коңурбай менен согушу, 7) Семетейдин өлүшү. Фондудагы варианттардын мына ошол сюжеттик жагынан окшоштугу эске алынып, Аалы Токомбаев тарабынан бириктирилип кыскартылган вариантта Саякбай Каралаев менен Тоголок Молдонун варианттары негиз кылып алынган. Алардагы элге белгилүү окуялар толук сакталган.

Фондудагы "Семетей" жомогунуи 14 вариантынын ортосунда бир аз айырмалар бар, бирок алар эпостун фабулалык сызыгы, эриш аркагы боюнча эмес, айрым деталдары гана боюнча болгон айырмалар. Ал айырмалар экинчи пландагы каармандардын аттары (мис. Темир кандын ордуна Кара кан, Сарытаздын ордуна Жекетаз деген сыяктуу), Манастан калган куралдардын аттары жана саны жөнүндө, экинчи пландагы кээ бир майда окуялар (мис. Семетейдин Букарда сүннөткө отургузулганы, сыноо үчүн Темир кандын Семетейге кол салдыруусу сыяктуу аңгемелер көпчүлүк варианттарда учурабайт), кээ бир окуялардын мотивировкалары жөнүндө (мис. Чынкожонун Семетейге жоо болушу) болуп, жомоктун жалпы мазмунуна да, анын курулушуна да эч кандай таасир келтирбейт. Бул айырмалар, албетте, белгилүү бир тартипке келтирилди.

Негиз кылып алынган варианттардагы кайталоолорду кыскартуу эсебинен, башка семетейчилердин варианттарындагы (мисалы Шапактын, Тыныбектин, Акматтын, Жакшылыктын) айрым көркөм үзүндүлөрү, эл оозунда айтылып жүргөн белгилүү ырлар тандалып алынып, жомоктун деталдары бир кыйла күчөтүлдү.

Жомоктун көркөмдүк идеялдык мазмунун түзгөн темаларды — өздөн чыккан жоолорго жана четтен келген баскынчыларга каршы күрөшүүдө ашкан эрдик көрсөтүү, кыргыз элинин үрп-адатына байланыштуу кыз-талашуу, үйлөнүү, аш-тойлордогу шаан-шөкөттөр сыяктуу турмуштук темаларга негизделген окуяларды толук сактап калууга аракет кылынды.

Эпостун башкы эки бөлүгүн түзүүдөгү кыйынчылыктар ар түрдүү варианттарды композиция жана окуялардык мазмуну жагынан салыштырып отуруп, анын жалпы сюжеттик сызыгы бузулбагандай кылып, тандап алып кураштырууга байланыштуу болду.

В. Радловдун жазып алып "Семетейдин" аягына кошуп жиберген 560 сап ырды кошо эсептегенде, фондуда "Сейтектин" алты варианты бар (С.Каралаев — 120 миң сап ыр, Ж.Сарыков — 18,000, Ш.Ырысмендеев — 15000, Тоголок Молдо — 5.000, М.Мусулманкулов — 3.000 сап ыр чамасында). Булардын эң толугу жана күчтүүрөөгү Саякбайдыкы, ошондуктан да анын вариантынын айланасында көп иш жүргүзүлдү. Бирок бул вариантта башка варианттарга караганда, мурунку жана азыркы манасчылардын вариантарында учурабаган окуялардын кошулуп, узартылып айтылышы байкалат. Эпосту изиллдөөчүлөрдүн маалыматтарына караганда*, башка жомокчулар "Сейтек" жомогун Сейтектин туулушунан баштап, анын Таласка келип, зордукчул Канчорону жоготуп, кыргыздардын башын кошуп, чындыкты өкүм сүрдүрүү менен бүтүрсө, Саякбай аны улантып, Карадөө менен Момунжан окуясын, Желмогуз уулу Сарыбай менен болгон согушту, Сейтектин уулу Кенен, Алымсарык, Кулансарык жана Чынтемир жөнүндөгү аңгемелерди кошуп, жомокту узарткан. Бул, албетте, чыгармачылык таланты күчтүү манасчы Саякбай тарабынан болгон чоң чыгармачылык жаңылык.

(*Кыргыз Ил. Акад. фондусу, инв. №8, З.Бектенов тарабынан "Сейтекке" жазылгав кириш сөздө, 6. 21)

"Сейтектнн" аяк жагынын сюжети манасчылар тарабынан ар түрдүү айтылышы байкалат. Саякбайда жомоктун эриш-аркагына көп кыйыша бербеген окуялар жана персонаждар киргизилген. Анын вариантындагы Айчүрөктүн досу кыз Куялы Шапактын вариантында Конурбайдын уулу болуп келип, Сейтекке каршы согуш баштайт. Саякбайда Кара дөө он персонаж болуп көрсөтүлсө, Жакшылыкта ал терс персонаж. Бул өңдүү кыйышпастыктар кыскача вариантта бир тартипке келтирилди.

Манасчы Саякбайдын таланттуулугу аркылуу өрчүтүлгөн жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков тарабынан бир кыйла чебердик менен кыскартылып берилген эпостун "Сейтек" бөлүгүнүн көркөмдүк мааниси чоң, эмоционалдык таасири күчтүү. Бул таасир, биринчи кезекте, эл абдан сүйгөн он, каармандардын өтө аянычтуу шарттарда көрсөтүлүшү аркылуу жомоктун трагедиялык мүнөзгө айланышында, душмандар сазайын тартып, эл жыргалчылык заманга жетет деген оптимисттик жогорку идеяларга негизделгендикте.

"Манас" эпосунун ар бир бөлүгү биз жарыялап отурган вариантта композициялык курулушу жагынан ар бирөө өзүнчө бүткөн чыгарма болуп көрүнөт. Бирок алардын өз-ара тыгыз байланышы да бар. Бул бай-ланыш жалаң кегизги каармандарынын — Манас, Семетей, Сейтектин теги (генеологиялык) жагынан гана эмес. Бул өз алдынча мүнөзгө ээ болгон поэмалардын идеялык мазмууну, аларда катышкан негизги каармандары-ңын жалпылыгы, айрым окуялардын мотивировкалары жагынан да бир бирине тыгыз байланышып турат. Эпостун биринчи бөлүгүнүн башкы каарманы Манас өзүнүн бүт өмүрүн сарп кылып күрөшкөн каардуу жана мыкаачы жоо Коңурбай Семетейдин да ошондой эле жоосу. Макастын сөөгү көмүлө электе эле Каныкейдин казынасын талап, Семетейди жоготууга тырышкан өздөн чыккан арамза жоо — мансапкор, дүйнөкор, кансоргуч Көбөштүн зордугунан элди Семетей куткарат.Өздөн чыккан жоо менен күрөшүү тематикасы эпостун "Сейтек". бөлүгүндө ого бетер арбытылат.Семетейдин белгилүү чоросу болуп жүрүп, кийин коркунучтуу душманына айланган кекчил Канчоронун элге жана элдин ишенген баатыры Семетейге кылган чыккынчылыгы жомоктун үчүнчү бөлүгүндө ке-нен көрсөтүлөт. Бул гана эмес, жомоктун биринчи бөлүгүндөгү негизги оң каармандар — Каныкей, Бакай, анын экинчи бөлүгүндөгү башкы оң каармандардан Семетей, Күлчоро, Айчүрөктөр "Сейтектеги" окуяларга катышып, аларга жомоктун сюжетинен чечүүчү рольдор берилет.

Эпостун ар бир бөлүгү композициялык курулушу богонча өзүнчө бүтүн чыгарма болуп көрүнгөнүнө карабастан, жогорудагы тыгыз байланыштардын негизинде, жалпы жолунан эпостун үч бөлүгү биригип, кыргыз элинин "Манас" эпосу делип аталат. Ошондуктан бириктирилген вариантта бүт эпос "Манас" аталып, анын "Семетей" бөлүгүнө арналган китептин башына да, Сейтекке арналган китептин башына да "Манас" деген наам берилди.

***

Өткөн кылымдардагы кыргыз урууларынын көргөн кордугун, жер оодарылышын, ички талаш-тартыштарын, биримдик үчүн, кол салган жоолордон сактануу үчүн күрөштөрүн сүрөттөгөн баатырлык эпосто эл ата журттун коргоого ар дайым кашыктай канын, чымындай жанын аябастан, тайманбастык, ашкан эрдик көрсөткөн баатырларды, адамгерчиликтин эң күчтүү касиеттери катарында идеал, образ кылат. Мындай каармандардын элесин, образын сүрөттөөдөн эл көркөмдүк каражатын эч аябайт. Эл баатыр туула электе эле:

Эл башына күн тууса,
    Эл жараткан эр келет, -

деп элди коргоочу эрдин пайда болушун эңсейт. Ушундай баатыр – Манас туула электе эле Чыйырды жолборстун жүрөгүнө талгак болот, анын аты кытайлардын бичигине ("бичиг" — моңголчо "кат") чийилет, жаңы төрөлгөн баланы кара жер араң көтөрөт. Андан кийинки сүрөттөөлөр баатыр Манастын бала чагынан баштап, анын дүйнөдөн кайтканына чейин, ошол эле пафосто, ошол эле деңгээлдеги көркөмдүк стиль менен жүрүп олтурат. Манастын элеси кийген кийиминен, асынган жоо-жарагынан, минген тулпарынан, өзүнүн сырткы көрүнүшүнөн тартып, кан-тамырына чейин чылк баатырдын элеси. Сүйгөн баатырын, Манастын образын эл өзүнүн дүйнөдө эң эле жакшы көргөн жана чен жеткис нерселерине салыштырат:

Жаркынынан бүткөндөй,
    Ай алдында булуттун
    Салкынынан бүткөндөй,
    Алтын менен күмүштүн
    Ширөөсүнөн бүткөндөй,
    Асман менен жериңдин
    Тирөөсүнөн бүткөндөй.

Манас бир мүчөлүнө жете электе эле катылган жоону какшатат. Алтайга сүрүлүп барган кыргыздар бала Манасты өзүнө башчы кылып алып, өскөн эл, тууган жерине – Ала-Тоого жетүүнү көксөйт:

Көңкү кыргыз болгону 
    Көрө турган күн бар го?! 
    Иче турган суу бар го?! 
    Башыбызга кармоочу 
    Байкуш болгон бул журтка 
    Эми бала Манас — туу бар го?!

Кыргыздарга туу болгон Манас Алтайдагы уруулардын башын кошуп, арбын кошуун жыйып, бабасы эр Кошойдун акылы боюнча жолдогу Текес кан менен Алоокелердин колун жапырып, элди ата-бабасынын жери— Ала-Тоого алып келет.

Манастын баатырлык элеси Ала-Тоого келген кыргыздарга кол салган душмандарга каршы бир кыйла күрөштөрдө көрсөткөн жеке эрдиктерин, мелдеште мөрөй алып беришин сүрөттөө аркылуу, жоокерчилик жана жай турмушта адамдар менен болгон мамилелерин көрсөтүү же баяндоо иретинде берилет. Эл башына каатчылык түшкөн оор кезеңдерде жоонун эң күчтүү алптары менен жекеме-жеке кармашууга Манас өзү чыгып, ар дайым дээрлик жеңишке ээ болүп, башкаларга үлгү көрсөтөт, элдин ар-намысын сактайт. Анын дайыма жардамчыларынын — Алмамбет менен Бакайдын, Чубак менен Сыргактын бет алган жоодон кайтпас эр, айла-кер, өкүм жана чын жүрөктөн берилген баатырлар катарында берилиши негизги каармандын элесин ого бетер күчөтүүгө багытталган. Бирок Манас алардан өзүн жогору койбойт, кайта эл башчылык, кол башчылык ролду акылман Бакайга, же айлакер Алмамбетке өзү өткөрөт. Манастын элесине аристократтык, феодалдык мүнөз ылайык эмес экендигине Көкөтөйдүн ашында анын Коңурбайга каршы өзү сайышка чыкканы, же малкор атасынын сараңдыгына таарынып кетип, дыйканчылык кылышы сыяктуу фактылар далил боло алат.

Манастын элеси эпосто абдан күчтүү салыштыруулар менен көрсөтүлөт. Керек боло калган учурда, мисалы ачууланганда, кубанганда, жоого беттешкенде пайдалана турган дайыма даяр мүнөздөмөлөр бар. Көбүнчө мындай мүнөздөмөлөр гиперболикалык салыштыруулар аркылуу берилет. Жоого бет алганда Манас алтымыш кулач ажыдаардай, тырмактарын арбайтып келаткан Алп Кара Куштай, кара чаар кабыландай, адамдын жүрөгү түшкөндөй болуп көрүнөт. Ачуусу келгенде, Манастын кабагынан кар жаайт, жаркырап тийип турган күн күүгүмдөй түшөт. Көңүлү ачылганда каткырыгы тоо жарат (мисалы Тазбайматтын аңкоолугуна күлгөнү). Баатырдын токтоолугу, кенебестиги да ашкан гиперболизм менен сүрөттөлгөн. Жоо келердин алдында өзүнүн алп күчүнө ишенип уктап калган Манасты Чубак найза менен качырып келип сайып жатып, араң ойготот. Мына ошондой апыртмалык түрдө тартылган айрым штрихтерден эпостун негизги каарманы Манастын статикалык портрети жасалган. Муну баатырлык эпоско толук жарашыктуу ашкан кооз көркөм чыгарманын стили деп түшүнүш керек.

Эпосто Манастан кийинки баатырлык жагынан күчтүү каарман — Алмамбет. Кара күч жагынан ал Манаска тете десе да болот. Анын эрдигинде жана күчтүүлүгүндө чен жок. Алманбетти Чыйырдынын эмчегин эмизүү аркылуу Манаска бир тууган кылып көрсөтүүдө, ага Каныкейдин сиңдисн Аруукени алып берүүдө көп маани бар. Ашкан эрдиги, өкүмдүгү менен катар, ал – айлакер. Кичинесинде кытайдын жайчылык өнөрүн үйрөнгөн Алманбет табийгаттын тилин билип, эркинче күн жаадырып, шамал жүргүзөт. Бул фантазия аркылуу эл келечекте табийгаттын сырын ачып, бийлөөнү каалагандыгын билгизген.

Бул Алманбеттин образынын сырткы көрүнүштөрү. Анын элесинин ички дүйнөсү өтө терең трагедия. Бул трагедия

Үйүр сагьнбас ат болбос,
    Эл сагынбас эр болбос, —

деген темага байланышкан. Канчалык эрдик, адалдык менен казакка, андан кийин кыргызга кызмат кылса да, "Манастан" ураан чакыргандарга канчалык сиңишип кетсе да, ар түрдүү себеп менен өз элинен кетиши Алманбеттин жүрөгүнө бүткөн өчпөс так, айыкпас оору бойдон кала берет. Ошондуктан ал "Чоң казатта" Чубак менен чатакташып турганда:

Каңгырган эрдин шору экен,
    Калкынан азган кор экен!
    Элинен азган жигитке
    Эртелеп өлүм эп экен! –

деп арман кылат.

"Манас" эпосун дүйнөлүк эпостордун катарына кошуучу жогорку идеялдуулук, көркөмдүк касиеттеринин бири – мына ушул чексиз патриоттук сезимдин чоң орун алышы деп билебиз. Патриоттук сезимдин күчү натыйжасында Манас баштаган кыргыз уруулары, жолдо кызыл кыргынга карабай, Алтайдан Ала-Тоого келет. Семетей менен Сейтектин жанын сактап калуу үчүн качып кеткен Чыйырды, Каныкей, Айчүрөктөрдү нечен жылдар элин, жерин сагынтып, зарлатып жүрүп, кайта Таласка алып келген күч да – ошол патриоттук сезим. Өскөн жерди, тууган элди сүйүү мотиви жомоктун оң каармандарынын ар биринин кылган аракеттерине, кулк-мүнөзүнө ар дайым жетекчилик кылат.

Алманбеттин Чубак менен чатакташуудагы монологу патриоттук сезимди эң эле бийик даражага жеткизип, элсиз, Родинасыз адам – адам эмес деген тыянак чыгарат.

Ошол эле сезимдин кулу болгон Кошой жомоктун биринчи бөлүгүндөгү окуяларга бүт катышат. Кошойго акылдуулук жана баатырдык мүнөздөр берилет. Манас Алтайлык кыргыздарды көчүрүүдөн мурда Ала-Тоого өзү келип, абасы Кошойго жолугат, андан акыл-насаат сурайт. Жаш Манас "Кытай – түмөн, Кыргыз – аз" — деп шекшине баштаганда, Кошой ашыкпай, ага акыл берет, калың жоону биргелешкен күч менен жеңип, максатка жетүүнүн амалын айтат, "Атбашынын Чечтөбөдө" турган Кошойдун кураган колунун жардамы менен Манастын кошууну же ңишке ээ болуп, кыргыздар өз жерине байыр алат. Карыя Кошойдун элеси жалаң жаш баатырга өз тажрыйбасын, акылын берүү менен гана кыргыз урууларынын башын кошуп, жоону жеңүүгө жардамдашуу менен гана чектелбейт. Ошону менен бирге Кошой – теңдеши жок алп, кол башкарган баатыр, эл бийлеген кан. Бирок ал менменсинип, Манастан тизгин талашпайт. Күчтүү, калың жоону жеңип, чилдей тараган элдин башын куроо максатында, журт башкаруучулук рольду Кошой карыя баласындай Манаска өз ыктыяры менен өткөрүп берип,

Күтүп алгын кулунум,
    Күрдөлүү кыргыз элиңди! –

деп, өзүнүн ыраазылыгын билгизет.

Кошойдун чексиз кара күчкө ээлиги, кайраттуу балбандыгы айрыкча Көкөтөйдүн ашындагы шаан-шөкөттөрдө көрсөтүлөт. Жети батман буудайды бирден жеген, жетимиш алпты бир өзү сайган укмуштуу Жолой менен күрөшкө чыгууга эч кимдин дити батпай, кыргыздардын кадыры түшө турган болгондо, Кошой дөө өзү шымаланып майданга чыгып, жеңилген балбандын башынан аттап, элге атак, намыс алып берет.

Кошойдун мына ошондой акылмандыгын, баатырлыгын сүрөттөгөн, Манастын сөзү менен берилген ыр туруктуу эпитетке айланган:

Абам Кошой – карыям,  
    Айла тапкыч – олуям. 
    Өйдө турсам – өбөгүм,
    Ылдый турсам – жөлөгүм.
    Астыга салсам – ак жолум, 
    Аркада журсө – сан колум.

Кошойдун элесине жакын Бакайдын образы жомоктун биринчи бөлүгүндөгү окуялардан эле кең орун ала баштайт. Манасты Манас кылган ажарлуу, сүйкүмдүү каармандардын бири катарында Бакай жомокто чоң роль ойнойт. Ал казаттарда да, тынчтык турмушта да Манас менен ар качан бирге болот. Алгачкы боло турган иштин жайын баамдап, көрөгөчтүк кылып, ал Манаска ар дайым акыл берип, жеңишке жетүүгө себепчи болот. Манас бир аз чеки иш кылса, аны Бакай туура жолго салат. Манас Жакыпка таарынып кетип калганда, “элдин милдетин алып, жерден намысын күткөн адам мындай балалык кылбайт, иним!" деп ээрчитип келип, башкаруучулук тизгинди кайта карматат. Мына ошондукган жомокто Бакайга:

Капилеттен сөз тапкан,
    Караңгы түндө көз тапкан,
    Акылы менен жайкаган,
    Алты айлык болор азапты
    Көз ачымда байкаган
    Адамзаттын туйгуну,
    Олуяттын кулуну, —

деген терең маанилүү ырлар аркылуу так мүнөздөмө берилет.

Бакайдын күчү, эрдиги башка алптардан кем калышпайт. Бирок Манастын башка жардамчыларынын элестеринен Бакайдын элесинин көтөрүңкүлүгү – анын ошол акылдуулугуна, билермандыгына байланыштуу. Ошондуктан Манас татаал учурларда ага эл башкаруучулук рольду берип, "Кан Бакай" деп кадырлайт. Адамдын кулк-мүнөзүн терең түшүнгөн калыс жана адилет Бакайга толук ишенгендиктен, Манас ага ичтеги сырын, жүрөктөгү муңун айтып, дайыма кеңешип жүрөт. Ошол эле даанышман Бакайдын элеси жесир калган Каныкейдин, жетим Семетейдин, ал тургай, Айчүрөк менен Сейтектин тушунда да сакталат. Жомок боюнча Бакайдын өлбөс каарман болуп көрсөтүлүшү да анын ошол өчпөс касиети менен түшүндүрүлөт.

Жомокто эл сүйгөн каармандардын бири – Чубак. Кичине кезинен ишеничтүү чоро болгонунан тартып “Чоң казатта" Шыпшайдардын огуна учканга чейин Чубак Манастын жоопкерчилик иштеринин баарына катышып, анын оң колу, ишенген тоосу болуп, адал кызмат өтөйт. Адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн жоолорду көп убактарда Чубак жеңет.

Чубак өзүнүн баркын билген, токтоо, салмактуу баатыр. Өзүнүн алп күчүнө ишенген, ар дайым жоого каршы биринчи ат коюп көнгөн Чубактын "Чоң казаттагы" чалгынга Алманбет менен бирге барбай калышы ага катуу тийип, шагын сындырат. Буга байланыштуу анын чатагы – психологиялык жактан абдан негиздүү кылык.

Сыргак аркылуу жомокто атка жеңил, тайга чак, ашкан курч баатырдын элеси берилген. Элпек, шамдагай, эч качан арып-талып койбогон Сыргактын таамай сайган найзасы далай алптарды аттан учурат. Эч ким ала албаган Коңурбайды да "Чоң казатта" Сыргак эсин оодара сайганда, Коңурбайды өлүмдөн куштай учкан Алгара гана куткарат.

Бул баатырлардын образдары ашкан гиперболизация (апыртуу) жолу менен сүрөттөлгөн. Жалгыз адам санат жеткис жоого качырып кирип, таш-талканын чыгарат. Манаска, анын чоролоруна атса ок, сайса найза өтпөйт. Алардын курал-жарактары да укмуштуу. Минген тулпарларына канат бүтүп, булуттун үстү менен учат, адамча сүйлөшүп да кетет;

Ушундай гиперболизация менен катар, жомокто эпикалык фантазиялар да көп учурайт. Манас жана анын чоролору кандардын сарайларын кайтарып жаткан алтымыш кулач ажыдаарлар менен, жолборс, керик сыяктуу укмуштуу жаныбарлар менен да кармашат. Бээжинди кайтарып жаткан кишидей акылы бар Куу Кулжа, Куу Тулкү, Куу Өрдөк сыяктуу амалкөй сакчыларды жеңип, жоонун ордосуна кирүү иши да Манастын чоролорунун гана колунан келет.

Окуяларды сүрөттөөнүн амалы катарында колдонулган гиперболизация жана фантастика аркылуу жомок ого бетер кызыктуу, көркөм болуп, анын каармандарынын образдары ого бетер даана, — унутулгус элеске айланат. Ошол көркөмдүк куралдар аркылуу Манастын чоролорунун ар бирөө нө адам тең келгис алптын сүрөтү берилет. Ошол алптардын алпы – Манас. Аны ошол даражага чоролор жеткизди.

Жоону сайса эр сайды,
    Аты калды Манаска! –

деген ылакаптын чыгышы Манастын чоролору тарабынан анын атагынын абдан бийик даражага көтөрүлүшүнөн улам болуш керек.

Байыркы көчмөн кыргыздардын турмушунда аялдардын коомдогу ролу анчалык төмөн болбо тийиш. Ислам дининин таралышына байланыштуу алар ого бетер оор, аянычтуу абалга дуушар болгон. Манаска төрт аял алдырылышы шариатка (шариат боюнча төрт аялга чейин алууга уруксат) ылайык келтирилген. Бирок эпосто аялдарга биринчи пландагы рольдордун кең берилиши оозеки элдик чыгарманын духуна толук жооп берет.

Өзүнүн өмүрүн бүт бойдон элдин тагдырына багыштаган баатыр баланы, неберени тарбиялоого жумшаган патриот эненин образы эл самаган баатырды тапкан кең пейил, токтоо, бир калып мүнөздүү Чыйырды аркылуу көрсөтүлөт, Манаска адал дос болом, кыргыздар үчүн ак ниетим менен кызмат өтөйм деп келген Алманбетке Чыйырды эне ак сүтүн татытат, өз элине чыккынчылык кылган чалы Жакыпты таштап, чыккынчыларга наалат айтып, келечектеги элдик баатырды аман алып калуу үчүн, Каныкейге кошулуп, алыскы Букарга жөө сапар чегет. Чыйырды – элин, жерин сүйгөн балдарды тарбиялоонун бардык кыйынчылыгына чыдаган, дайыма адилеттик тарабында болгон патриот эненин элеси.

Каныкейдин образы андан бетер кенен, андан бетер терең. Анын кандын тукумунан экендиги эпосто формалдык эсепте Каныкейдин кыймыл аракеттери аркылуу берилген мүнөздөрүндө кандык, аристократтык кылык жоруктар байкалбайт. Ал дайыма эл менен, эл үчүн, тууган жер үчүн өзүн курман кылууга даяр. Ошондуктан кыргыздардын Манас баштаган колу "Чоң казатка" аттанганда, элди чаап, малды олжолоп кеткен жоону жеңип келүүнү тилеп, Каныкей өзүнүн бардык чеберчилигин, ишмерлигин, билермандыгын жумшап жасаган ок өтпөс кийим-кечектерин Манаска, анын кырк чоросуна тартуу кылат. Кыргыздар өз ичинен чыккан чыккынчы душмандар менен күрөшкөндө да Каныкей жоо-жарагын асынып, эркек алп-баатырлардан кем калышпай, тулпарга минип, кан майданга кирет. Көзкамандар алдап барып Манасты ууктуруп өлтүрө турган болгондо, эч ким козголто албас тоодой Манасты баатыр Каныкей өңөрө качып, өлүмдөн куткарат.

Каныкей аркылуу жөн билгич, келечекти баамдагыч билерман, акылман аялдын образы берилет. Каныкейдин бул сапаты келечекте Көкөтөйдүн ашында кыргыздар менен калмактардын ортосунда намыс талашкан чоң мелдеште Кошойго керек боло турган кандагайды күн мурун даярдашы аркылуу, Манастын кош канаты болгон Аккуланы багып тапташы аркылуу, көркөмдүктүн жайын билген архитектордун ролун аткарып, Манаска адамды айран калтырган күмбөз салдырышы, Семетейди алып качып барып, элин сүйгөн баатыр кылып тарбиялашы сыяктуу фактылар аркылуу көрсөтүлгөн.

Эркин махабат темасы да жомокто Каныкейдин образы аркылуу жүзөгө ашырылат. Эпостун жалпы мазмунуна караганда, Жакыптын Темирге куда түшүшү формалдуу түрдө. Калың иретинде айдалып барылган сан жеткис бакма жана жапайы жаныбарлар калыңга болгон пародия (шылдың) катары сезилет. Каныкей менен Манастын ортосундагы мамиле – бирин бири чын ыклас менен кадиксиз сүйгөн жарлардын мамилеси. Ал эми эпосто кездешкен бирин-бири бычак менен сайып, камчы менен тартып жиберүү сыяктуу майда учурлар алардын чыныгы мамилесине мүнөздүү эмес: алар эски үрп-адатка байланыштуу тез унутулуучу эпизоддор катарында көңүлгө алынбай, унутулуп кала берет, Эл баштаган баатыр эрин айныгыс сүйгөн, анын оор иштерине баа жеткис жардам көрсөткөн, башка түшкөн кыйынчылыктарын тең бөлүшкөн адилетчил жаркын аялдын образы – Каныкей.

Ошол эле аялдын образы "Семетейде" романтикалык стилде сүрөттөлгөн кызыктуу окуялардын фонунда Айчүрөк аркылуу өзгөчө ык, менен бир кыйла терең чечилген. Эски салт боюнча бел кудалык мотивировка олуттуу мааниге ээ болбой калат да, ак куу болуп учкан Айчүрөк толгон элдерди аралап жүрүп, нечен түрдүү укмуштуу алптарды сынга алып жүрүп отуруп, кыргыздан чыккан Семетейдей баатырды өзү таап, өзү каалап тиет. Каныкей сыяктуу, Айчүрөк да – узун чачтын акылдуусу, эл башкарган баатырга кеңеш берип туруучу биринчи жардамчы.

Адамдардын өз ара мамилесине байланыштуу түйүндүү татаал маселелерди туура чечүүгө келгенде, эркек каармандарга караганда, аял каармандар көп учурда оң мүнөздөр менен сүрөттөлөт. Ушак сөзгө ишене берген жеңил Көкчөгө анын жөн билгич акылдуу аялы Агеркеч карама-каршы коюлган,

Жомоктогу оң каармандардын ролундагы эркектердин да, аялдардын да кулк-мунөзүндөгү эң күчтүү сезим – өз мезгилине жараша берилген патриоттук сезим. Башына абдан оор күч түшкөндө алардын эсине, биринчи кезекте, эл түшөт, алар баарыдан мурун элдин тагдыры жөнүндө ойлонушат.

Баатыр Манас дүйнөдөн кайтып, адам баласы тургай, айланадагы жан-жаныбарлар да зарлап, жер силкинип, аза күтүп жаткан кезде, Каныкей

"Алакандай кайран эл!
    Муну капа кылбай ким билет?" -

деп элдин келечектеги тагдыры жөнүндө кайгы жейт.

Эпостун Манас, Каныкей, Чубак, Бакай, Сыргак, Кошой, Семетей, Күлчоро, Сейтек, Айчүрөк сыяктуу оң каармандарьнын бардык кыймыл-аракеттери элдин ар-намысын, тагдырын жактоого, элдин жыргалчылыгына арналган. Алар алыста жүргөндө дайыма тууган элди, өскөн жерди сагынат, аны көрүүгө куса болот. Эл ичине келгенде кыргыздардын байлыгына көз арткан баскынчылардын сазайын берүү үчүн, эл ичиндеги чыккынчыларды жоюу үчүн кашык канын аябайт. Бул жагынан алганда, терс каармандардын саясий анты бешенеси тетирисинче, контраст менен сүрөттөлөт. Көзкамандар, Көбөш, Чынкожо, Канчоро, Чачыкей сыяктуу чыккынчылардын эл менен, анын тагдыры менен иши жок, алар өздөрүнүн гана башынын камын жешет; жеке керт баштарынын жыргалчылыгы үчүн, мансап, байлык үчүн алар тырмактайдан бирге өскөн достору гана эмес, бүт элди, жерди кыйып жиберүүдөн баш тартышпайт. Өздөн чыккан жоолордун Көбөш менен Канчоронун такка отургандан кийинки элге көрсөткөн зордук-зомбулугу жана кыянатчылыгы четтен келген баскынчы жоолордукунан ашып түшөт.

Өзөктөн чыккан өрт жаман
    Өздөн чыккан жат жамак, –

деген ыр төгүндөн макалга айланган эмес.

Ошентип, эпостогу окуяларга катышкан каармандардын жалпы элге түшүнүктүү, жеңил, бирок терең маанилүү сөздөр аркылуу устаттык менен тартылган сүрөттөрү окуучуларга өтө күчтүү таасир кылат, Ар бирөө бири бирине окшобой берилген образдар жомокту укканда же окуганда көзгө тирүү адамдай көрүнөт. Жогорку идеяны көксөгөн оң каармандардын баатырлык иштерин, айткан сөздөрүн окуганда аларга адамдын жан тартып, болушкусу келип, ички сезимдери козголот. Тетирисинче, терс каармандардын кылык-жоругу жөнүндөгү ырларды окуганда, аларга наалат айткысы келип, жек көрүүчүлүк сезим пайда болот.

"Манас" эпосунун элдик мааниси, элдин аны аябай сүйгөндүгүнүн, дүйнөлүк адабияттан анын кең орун ала тургандыгынын чоң себептеринин бири мына ушунда. Ошондуктан эл аны кылымдар бою сактап, ооздон түшүрбөй биздин заманга жеткизди. Эл өтө сүйгөндүктөн Манас, Бакай, Айчүрөк, Семетей, Күлчоро сыяктуу каармандарын алиге тируу журөт деп түшүнүп, жерге, сууга, тоого алардын аттарын эстелик кылып коюп келген. Кыргызстанда, Синцзянда жана башка жерлерде Манастын атына эл тарабынан коюлган суулар жана жерлер бар. "Аккуланын мамысы", "Кошой коргон", "Кырк чоронун ордосу" деген сыяктуу аттарды да эл эпосту өтө сүйгөндүктөн койгон. Биз билген дуйнөлүк эпостордун каар-мандарына бул сыяктуу коюлган наамдар чанда учурайт. Бул да – "Манас" жомогунун өзгөчөлүктөрүнүн бири.

Жомоктун каармандарынын образдары гиперболикалык стилде берилгени менен, алардын көздөгөн максаттары, ойлогон ой-пикирлери, кулк-мүнөздөрү элдин жөнөкөй турмушунан келип чыккан. Аккула менен учуп жүрүп, Аккелтенин бир огу менен миң кишини кулаткан Манастын, жай таш аркылуу күндү алай-дүлөй жаадырып жүргөн Алманбеттин аракеттеринин негизги максаттары – элге кордук көрсөткөн жоону жеңип, элге намыс алып берүү, — патриоттук сезим.

Турмушта болбогон баатырлык күч жумшап, жоопкерчилик өнөр көрсөтүп жүргөн алптар жөнөкөй коомчулуктун тилегин тилейт, күндөлүк турмушта кадимки адамдарча достук мамиле жасашат.

Каармандарынын кыймыл-аракеттеринин чыныгы турмушка байланыштуулугу эпостун көркөмдүк жана идеялык маанисин ого бетер көтөрүп, аны атактуу дүйнөлүк эпостордун катарына кошот.

Мына ошол биринен бири даана айырмаланып турган унутулгус каармандардын күчтүү образдары аркылуу, түшүнүктүү жалпы элдик тил менен, ар түрдүү стилдик амалдар менен жасалган көркөмдүк, эмоционалдык таасирлер аркылуу, элдик тилектерге толук жооп берген орчундуу идеялар аркылуу, жалпы адамзаттык гумандык сезимдерди кенен сүрөттөө аркылуу кыргыз эли “Манас" эпосу менен дүйнөлүк аренага чыгып, сыймыктана, алат.

***

Мазмунунун кызыктуулугуна жана тереңдигине, окуяларга катышкан каармандарынын күчтүү контрасттар жана таасирдүү элестер менен берилишине жараша, эпостун сүрөттөө амалдары да, сөздүк поэтикалык техникасы да өтө бай..

Жомоктун жазылып алынган толук варианттарында жомокчунун өзү тарабынан киришүү иретинде айтылган жорго сөздөрдү учуратабыз. Андан ары жомоктун өз мазмуну поэзиянын океанындай түгөнгүс жалаң ыр менен айтылат. Жер суунун, курал-жабдыктардын, жаныбарлардын көрүнүштөрү, кээ бир кыймыл-аракеттер көбүнчө сүрөттөө аркылуу берилсе, кээ бир учурларда баяндоо түрүндө айтылат. Көрүнүштөр, окуялар жомокчунун өз сөзү түрүндө айтылуу менен катар, жомоктун башынан аягына чейин кээде узакка созулган монолог түрүндөгү драматизация да кең орун алган, Негизги каармандардын элестери, декларативдүү баяндоо иретинде эмес, тандалган курч сөздөрдөн тизилген таасирдүү ырлар аркылуу алардын кылык-жоруктарын, кыймыл-аракеттерин көркөм түрдө көрсөтүү менен сүрөттөлгөн.

Нечен кылымдардан бери ашкан чеберлик менен өрчүтүлүп, элестүү сөздөрдүн түгөнгүс казынасына айланган "Манас" жомогу азыркы адабий тилибизди байытууда да абдан чоң роль ойнойт.

Эпостун маанисине ылайык, көркөм ырларды жасоонун техникасы да ар кыл. Эпостун ыры башка тектеш калктардыкы сыяктуу, туурасынан (горизонталынан) жана тикесинен (вертикалынан) алып караганда, белгилүү сандагы муундардан, маанисине байланышып, аякы же башкы тыбыштары уйкашып тизилген сөздөрдөн куралат. Жарыялап отурган варианттарыбызда поэма негизинен 7-8 муундан турган ырлардан түзүлгөн. Ырдын куплет (сабак) формасы жомокко мүнөздүү эмес.

Уйкаштыктын эки түрү – рифма жана аллитерация колдонулат. Рифма уйкаштыгынын болушу – милдеттүү шарт. Ар түрлүү сандагы саптан (экиден баштап он чактыга чейин) тизилген сабакта (строфада) ар кыл рифмалык уйкаштыктар учурайт: кайчы уйкаштык менен катар аксак уйкаштыкты да, туташ уйкаштыктарды да кездештирүүгө болот. Автордун сөзү катарында берилген ырларда же монологдордо басым менен айтылуучу тирадалар поэманын окулушун жеңилдетет.

Аллитерациялык уйкаштыктын да эки түрү бар: тышкы жана ички аллитерациялар. Булар аркылуу поэманын ырларына ого бетер келишкен көркөмдүк берилип, аны окууга кызыктырат. Рифмалашкан ырдын ар бир сабынын башкы сөзү уйкаш тыбыштан (мейли үнсүз, мейли үндүү болсун) турса, тышкы аллитерация колдонулган деп билебиз:

Ал бадирек канкордун,
    Айлы бизден арбынбы?! 
    Адамы бизден баатырбы?!..

Же:

Каяша сүйлөп койгонду,
    Кызыл канга боёду.
    Кара калмак, манжу журт,
    Каарын салып уз алды.

Рифмалашкан саптын ар бир сөзүнүн башкы тыбышы мурунку сөздүн башкы тыбышына уйкашкан ырлар "Манаста" көп кезиге бербейт. Бирок аз болсо да, поэзиялык техниканын дүйнөлүк эпостордо көп учурай бербеген кымбат амалы – ички аллитерация кыргыз оозеки чыгармасынан орун алгандыгын көрсөтө кетүү зарыл.

Мисалы:

Канатын кайра каккылап,
    Куйругун кумга чапкылап...

Мындан башка да, "Манас" эпосунда ырдын мазмунунун эмоционалдык таасирин күчөтүү максатында, уйкашып бүткөн ырдын баш жагына же аягына кыстырма сөздөр кошулат. Алар кээ бир учурда редиф иретинде, б. а. уйкашып бүткөн ырдын аягында кайталанып айтылуучу бир же бир нече сөз кездешет:

Көкөтөй чалга аш бердик, Манас!
    Ашка аралаш баш бердик, Манас!

***

1. Кыргыз коомчулугунун балапан кезинен тартып жетилген социалисттик мамлекеттин тең укуктуу мүчөсү болгонго чейинки доорлордогу баштан өткөргөн оор кезендерин, көбү эбак унутулган же унутулуп бараткан ар түрдүү үрп-адаттарын, кылымдар бою тилеп келген үмүтүн көп учурда фантазияга айландырып сүрөттөгөн эпос тарыхта биринчи мертебе үч бөлүгү кошулган китеп болуп жарыяланып отурат. Эпосту жарыялоодо анда көрсөтүлгөн турмушту, каармандардын турмушка көз караштарын жана алардын кылык-жоруктарын бүт бойдон үлгү кылып, туроо максаты коюлбайт. Кылымдар бою ооздон түшүрбөй айтып келаткан сүйүктүү чыгармасын эл, өткөн замандардын чыгармачылык эстелиги катарында окуп, эстетикалык таламдарын канааттандыруу максаты коюлат. Жомокто кең орун алган патрнотизмдик идеянын, эл достугу, баатырлык достук, адилеттүүлүк, чыккынчыларды, эзүүчүлөрдү жек көрүүчүлүк, эл эркиндигин көксөө, эркин махабат сыяктуу жалпы адамзаттык идеялардын качан да болсо тарбиялык мааниси жоголбойт.

Китеп түрүнө айланган эпос оозеки айтылып жүргөндөгү кээ бир сапаттарынан ажырап кала турганын эстен чыгарбоо керек. Манасчылар ичи-тышы бирдей уйкашып тизилген көркөм ырларды чыгарган таланттуу акын гана эмес, ал ырлардын маанисине жараша түрдүү күү тапкан композитор, ар түрдүү кыймылга, мимикага келтирип айтып берүүчү чоң артисттин ролун аткарган. Мындай аткарууда жомоктун тексттиндеги айрым өйдө-ылдыйлыктар, айрым кайталоолор байкалбай кала берген. Эпос китеп түрүнө айланганда, албетте, анын музыкасы менен мимикасына байланыштуу таасирлер жокко эсе болуп, жалаң гана тексттин таасири калат. Ошондуктан текстте мурун көп байкалбаган ар түрлүү айрым кайталоолор, кээ бир ырлардын такшалбагандыгы, айрым эпизоддордун бир-бири менен жетиле данекерленбегендиги көзгө көбүрөөк чалдыгат. Оозеки чыгармалар үчүн андай учурлар чоочун эместиги фольклористикадан кабары бар адамдарга өзүнөн өзү түшүнүктүү.

2. Окуучуларга оңтойлуу болуш үчүн, жарыялап отурган вариантыбызда эпостун ар бир бөлүгү өз ичинен майда эпизоддордон түзүлгөн негизги чоң окуяларга бөлүндү, алар өз иретинде айрым главаларды түзгөн кичи окуя – эпизоддорго бөлүндү. Айрым эпизоддор азырынча киргизилбей, кыскартылган гана вариант берилип отургандыктан, ырлар жана главалар номерленген жок.

3. Элдик эпос сүйүктүү каармандарга тандалган тулпарларды мингизет, дүйнөдө табылгыс аш-оокаттарды ичирет, сонун кийим-кечектерди кийгизет, алар укмуштуу жоо-жарактар менен куралдандырылат, аларга кандын керемет сулуу кыздарын алып берет. Манас, Семетей, Сейтек сыяктуу башкы каармандарга, Алманбет, Бакай, Кошой сыяктуу алп баатырларга кол башчылык, эл башкаруучулук рольдор берилип, аларга "арыстан", "кабылан", "шер", "жолборс", "көк жал" деген эпитеттер менен катар кээде "кан", "төрө" деген терминдер да колдонулат. Буга карап, ал каарандарды феодалдык чөйрөлөрдүн өкүлү деп, терс түшүнүүгө болбойт. Мындай эпитеттер жана терминдер ар бир элдин эпосунда, ошонун ичинде түрк жана славян калктарынын оозеки элдик чыгармаларында, поэтизациялык амал, стилдик ык катарында колдонула тургандыгы адабият илиминде белгилүү*.

(*Соколов Ю. М., Русский фольклор, Москва, 1958, б. 94)

Эпосто сүрөттөлгөн коом, ар бир коомдук түзүлүш сыңары, өзүнө башчылык кылуучу, өз заманынын талаптарына жооп берүүчү жетекчиге жеткиси келген. Ошондуктан эпосто:

Серкеси болбой, эл болбойт,
    Эңиши болбой, сел болбойт, –

деп, эл өзүнө башчылык кылуучу адамды талап кылат. Эпостун заманында жол башчылык жана кол башчылык рольдор өзү алптай күчтүү, элге бүт өмүрүн багыштаган өлчөөсүз баатырдын мойнуна жүктөлгөн. Мындай жетекчини эл, өз заманынын тилин колдонуп, “кан", «төрө", “баатыр" сыяктуу терминдер менен атаган.

4. Жарыялап отурган варианттарыбыз кыргыз тилинин ар түрдүү говорлорунда сүйлөгөн жомокчулардан жазылып алынган варианттардан кураштырылгандыктан, эпостун тили кыргыздын орток тилине адабий нормага салынды. Мында биз адабий норма дегенде, грамматикалык, стилитикалык синтаксистик жана лексикалык нормаларды алып жатканыбыз жок (булар эч бир өзгөрүлгөн жок), тек фонетикалык формалар жөнүндө гана айтып отурабыз. Айрым учурларда ырдын өлчөмүн бузбоо үчүн бул тыбыштык (фонетикалык) өзгөчөлүктөрдү да жомокчунун варианты боюнча сактоого туура келди. Мисалы:

Көй баатырдын бирөбү,
    Көрүнбөй тосуп калыптыр.

Жомокто ушул кездеги жаштарга түшүнүксүз сөздөр көп кездешет. Мындай архаизм сөздөргө комментарий (түшүнүк) берилип, альфавиттик тартип боюнча ар бир китептин аягына тиркелди. Энчилүү аттарга, ошонун ичинде географиялык аттарга да комментарий берилген жок. "Манас" эпосун эл оозунан жыйноодо көп эмгек сиңирген Ыбырай Абдырахманов комментарийларды түзүүдө профессор К. К. Юдахинге көп жардам берди

5. Эпостун каармандары – Манас, Каныкей, Семетей, Сейтек, Коңурбай, Төштүк ж. б. адабияттык образдар. Эпосто сүрөттөлгөн коом да чыныгы турмуштан алда канча алыс – идеялык коом. Бүт өмүрүн эл үчүн багыштаган баатырлар чыгып, калың эмгекчи элди теңчилик,жыргал турмушка жеткизсе деген тилек оозеки элдик адабияттын негизги идеясы.Марксисттик идея кыргыз элине тарай элек кездерде кыргыздан чыккан элдик акындар, жазуучулар ошол “Манас" эпосундагы коомдук, бий-болушу,феодалдык эзүүчүлөрү болбогон теңчилик коомду идеал кылып, ошондой доор болгон экен, эми дагы болсо экен деп самаган. Бул, албетте, утописттик идея эле. Андай коом болгон эмес.

Биринин акысын бири жебеген, эмгекчи элге тең жана жыргалдуу коомду марксизм идеясы менен куралданган коммунисттер партиясы гана түзүп бере алат эле жана түзүп да берди. Ошентип, миңдеген жылдар зарлап, эңсеп келген бүткүл элдик азаттык жана теңчилик заман жөнүндөгү прогрессивдүү идея биздин доорубузда гана, коммунисттер партиясынын акылман жетекчилиги астында гана жүзөгө ашып, эмгекчил эл жыргал турмушту түзүп жатат.

***

Кыскартылып бириктирилген вариантты редакциялоодо редколлегия мүчөлөрү – Айтиев К., Асаналиев К., Ауэзов.М., Жакишев Ө. (башкы редактордун орун басары), Жантөшев К., Ильясов С, Керимжанова Б. Салиев А. (башкы редактордун орун басары), Токомбаев Аалы, Шүкүров Ж., Юдахин К.К. жана редколлегия секретары Сопиев А. бир кыйла иштер жүргүзүштү. Бир тууган казак элинин атактуу жазуучусу жана окумуштуусу профессор Мухтар Ауэзовго бириктирилген вариантты түзүүдө өтө баалуу кеңештерин бергендиги үчүн чоң рахмат айтабыз.

Кыргыз элинин "Манас" эпосунун кыскартылып бириктирилген тексттерин тарыхта биринчи мертебе жарыялоо менен катар редколлегия коомчулуктан бул тексттерге карата болгон ой-пикирлерин Кыргыз ССР Илимдер Академнясынын Тил жана Адабият институтунун адресине жазып өтүнөт.

Профессор Болот ЮНУСАЛИЕВ
1958 жыл

Манас. Биринчи бөлүк, I китеп. — ОКУУ


Количество просмотров: 59066