Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Адабий конкурстар
© DanOrsek, 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-майы

Данияр ОРСЕКОВ

Түбөлүктөгү дагы бир жолугушуу

(аңгеме)

Күндөрдүн бир күнүндө, түбөлүктүк төрүндө, периште менен вампир жолугушту. Кызык, эмне жөнүндө кеп кылышат болуду экен? Чыгарма мурда эч жерде жарыяланган эмес. Аңгеме 2009-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Калыстар тобу тарабынан белгиленген

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: 2009. – 184 б. китеби боюнча жарыяланды.
    УДК 82/831
    ББК 84(2) 7
    М 73
    ISBN 978-9967-25-482-4
    М 4702000000-09

Нускасы 500

 

Ал терезеден өтө басып кеткен бакчасын карап көпкө турду. Ай абдан жарык тийгенинен анын сарайынан үч чакырым алыстыкта жайгашкан кыштактагы чиркөө да көрүнүп жатты. Армандын басып кирүүсүнөн өз ээликтерин коргогон өңдүү кыштак четинде жаткан чиркөөдөн кийин жансыз, кыймылсыз, түндү жамынган күмүш түстүү талаалар. Андан кийин дубал жана анын байыркы, кенен жана тыптынч бакчасы. Күңүрт— күмүш түстөгү баракка кара түстөгү барактан кесип чаптап койгонсуп, бийик дарактар капкара болуп даана көрүнүп турду. Сүйрү келген көлмөнү Арман күндүзгүсүн эч качан көрчү эмес, ал эми түнкүсүн көлмө дайыма тыгыз жана койу, эриген коргошун сыяктуу эле. Көлмөнүн жанында, сууну карап коюп, бир периште ары-бери басып жүрдү. Арман аны үчүнчү жолу көрүп жаткан жана аны дайыма терезеден байкап тураар эле. Кээ бирде периште башын көтөрүп, мыскыл менен жылмайчу. Жылмаюну Арман билчү эмес, ошондуктан периштенин жылмаюсун адамдыкына окшотчу. Дал ошондой жылмайып, шарапканадагы аялдар, шарап жана арзан атырларынын мээ айланткан жыты менен ага ырсайып, андан соң этегинин алдындагы буттарын көргөзүшчү. Арман болсо аларга алтын көргөзүп, анан бирөөсүн, жаш жана ден-соолугу чыңын алып кетчү. Ошондон тартып ал аялды эч ким көрчү эмес. Ошентсе да, периштенин жылмаюсу башкачараак, кыжыр кайнатуучу, жагымсыз, жеңил жана бир орунда катып калган өңдүү. Ал дагы түбөлүктүн кандай экенин жакшы билчү, ошондуктан Арман үчүнчү түн шарап ичип, сарайынан чыкпай, кан-тамырлары кургап калгандай өзүн жаман сезип жатты, күндүзгү үй жумушчусунун жыттары аны акылынан адаштырып атты. Бакча менен дубалдын аркасындагы талаада адашкан эчки жүргөн, абада таза жүндүн жана жылуулуктун жыты жыттанды, толкундатуучу, ушундай керек жылуулук. Терезенин кырында туруп Арман муштумун түйдү, периште, анын көз карашын сезип, башын көтөрдү да тике карап туруп калды. Анын жүзү кичинекей айдай жаркырап, коргошун сууда чагылышып турду. Периште узун, кынтыксыз сөөмөйүн көтөрүп, жаңсап чакырды. Ачкачылыктан эмес, кандайдыр бир башка сезимдерден азап чегип аткан Арман күч менен терезени ачып жиберди, түндүн салкын добуштары аны кучагына алышты да ал секирди. Буттары серпилип, жердин бетин үнсүз басты. Периште ага аркасын салып, көлмөнүн жээгинде отурду. Канаттарынын учтары алыста, чөп арасында көрүнбөй жашырын жатышты.

Арман кресттен соккон жагымсыз металл, гүлдүн, салкын желдин жытын күтүп жаткан, бирок ал таптакыр күтүүсүздөн, өзүнүн жытын сезди. Чөп үстүндөгү канаттар кыймылга келип, периште ага бурулду.

— Укмуштай сарай. Менин сүйүктүү атакем дагы комфортту абдан жакшы көрөт, бир гана сага кетиргенге убактысы менен бирге жертөлөөсүндө табыты жок.

Арман терең дем алды, бул периште бир башкача, периштелер жөнүндө айтылган кептердегидей эмес, адам турпаттуураак экен. Периште анын оюн билип койгондой туюлду. Күлүмсүрөп, баш ийкеди:

— Мен жерде жүргөндөрдөнмүн. Калың элдин арасында пайда боло калып, адамдарга жардам берген, Каранын кошоматчы жан жөкөрлөрү менен кагылышып, ары басып баяндагандарданмын. Сен дагы анын жан жөкөрүсүң, бир гана жер үстүндөгү.

— Мен адам эмесмин. – деди Арман. Тыгыз аба жол бербей жаткансып, периштеге жакындай албай, анын жанында кандайдыр бир тогошуу болуп жатты.

— А, сен түбөлүктүүсүң да, – деп күлүп жиберди периште. Адамдарга окшошкусу келгенсип, жакында эле үйрөнгөн сыяктуу анын күлкүсү жансыз жана жасалма эле. Периште дагы да анын оюн билип койду. – Мен алар менен баарлашып турам. Алар үйрөнүүнү билишпейт. ¬Өз кылык-жоруктарына көнүп алышкан, аларга маалыматты өзүнүкүндөй бериш үчүн, мен дагы алардын кыймыл-аракеттерин үйрөнүп алдым.

— Ооба, — деген Армандын жообу жаңырды. – Каны өзгөчө таттуу инсан менин артымдан ээрчиши үчүн, мен дагы күлөм. Алар эчки окшоп, ишенчээк болуп калышат.

Периштенин көздөрү түшүнүксүз, ойсуз эле. Жүзүндөгү жылмаюсу, чечкенди унутуп калгансып, катып турду.

— Гавриил, — деп тааныштырды өзүн. – Ал эми адамдар мени Габриэл же Жабрэил дешет.

Арман кайрадан алыстагы эчкинин жытын жана андан дагы ары жайгашкан кыштактагы кичинекей кыздын жытын сезди, оозго ыпысык, атырылып, куюлуп, кокосунан ылдый карай агып бара жаткан кандын даамы оозуна келди. Кулактары тунуп, ачка жүрөгү тез-тездеп сого баштады. Бирок эчки жакыныраак жерде эле, жүрөгүнүн астында баласы бар экен, ошондуктан өзүнө арбап жатты. Армандын каректери ичкере түштү. Бир нече көз ирмем ичинде ал эчкиге жете алат.

— Сага бул жерде эмне керек? – деп сурады.

Гавриил кабагын бүркөп, эриндерин кымтып, жүзүн адам сымал өзгөрттү. Бул аракет ойлонуп калууну билгизээрин Арман билчу. Андан соң периште түрүн кемчиликсиз бир бет капка өзгөрттү, бир аз эле ичилген кандын кызылын жүгүртүп, эриндерин кансыратып койсо, дал өзүнө, Арманга окшогон бир тууганындай болуп калмак. Мына ошондо ал жалгыз болмок эмес. Анын бир тууганы жана окуучусу бар болмок. Көлмөдө бир эле эмес жана да алтын түс тармал чач экинчи элес көрүнүп турмак. Гавриилден шыктуу жана шок окуучу чыкмак, мокумун кандыруудан мурда ал туткуну менен ойномок, Армандын эски табиттүүлүгүн шылдыңдамак, ал гана эмес, эч нерсе түшүнбөгөн мас жаштарды жана шайыр  — күлкүчү аялдарды түнкүсүн алып келмек да, китептердеги учкул ойлордон сүйлөп, кооз үнүн кубулжутуп ырдаса, алар кол чаап коштоп турушмак. Ал баарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, мүмкүн, баарынын эле өмүрүн кыя бербей, бат эле унутулуп калчу жана эч ким издебей турган бирөөнү эле тандап алмак. Алардын сүйүүсүнөн жана суктануусунан рахат алып, андан кийин өлүм алдындагы баскан калтырак, жана бакыт босогосунда туруп, өз өлүмүнүн жакындап калганына ишене албай, коркуудан каректери аппапакай болуп кеткен туткунун дүүлүгү менен байкап турмак. Адамдардын баары өздөрүн өлбөс сезишет, мындай чындыксыз ишеним кайдан келип чыкканын Арман такыр түшүнчү эмес. А мүмкүн, адамдардын майда-чүйдө, маанисиз кептерин тыңшаганды, шарапканаларда сайрандаганды жакшы көргөн жаш окуучусу ага түшүндүрө алат беле. Керек болсо, ал үчүн эски табиттүүлүгүн шылдыңдаганын да кечирмек. Кечирмек.

Арман ойлонбостон тилинин учун тиштеринин үстүнөн өткөрдү да бир кадам шилтеди. Аба басымдуураак боло түштү. Бирок ал көөдөнүн абага толтуруп, кусага батты. Габриэлдин каны адамдыкындай жыттанган жок, анын денеси нык куюлган өңдүү эле, ал эч кандай аны тиштеп, өзүнүн окуучусу кыла албайт.

Гавриил вампирди карап турду. Ал анын үстүңкү эриндеринен көрүнүп турган курч тиштерин жана жалындаган көздөрүн байкады. Адатынча, мыскыл менен жалмайып койду, бул ага күлкүмүштүү көрүндү.

— Сага бул жерде эмне керек? Эмне үчүн келдиң? – деп сурады Арман. Токтоо үнү өкүнүчтөн күйүп-жанган көздөрү менен айкалышпады.

— Сени таануу.

Гавриил бакчада эч бир курт-кумурсканын жогуна карабай колун шилтеди. Айбанаттар баарын билишет, Арманды туяр замат кыңшылап, ызы-чуу түшүп, аны көргөндө ыркырап, улуп, үрүп жиберишет. Адамдар болсо акылсыз. Мүмкүн жаш кичине балдар гана башкача. Алар ишенич менен ага тартылышат. Бирок алар эмне, бир көз ирмем, анан бүттү, жандарына келип көрсөң акылсыз чоң, сокур көңдөй, бир жөнөкөй пенде болот. Ал эми бул сарай дагы бир аз тургандан кийин урайт, анын болсо кожоюнуна, мезгил өзгөрүп кетпесе эле, башка бир жай, кол астында иштетүүгө башка бир адамдарды издөөгө туура келет. Арманды түшүнүүгө аракет кылып ал ушул бакчада үч күн жүрдү, керек болсо кийимин алып сүртүндү, өз жытынан баш тартты. Ушундай эле, шаң-шөөкөттүү бир майрамда адамдар менен чогуу ичип, жеп жаткандай болгон. Күлкүмүштүү. Ошентсе да, Армандын кийиминин жыты менен ага кайгы-капа, жалгыздык да кошо келди. Анда, Гавриилде жок жашоого болгон кызыгуу аны манги кылып, ал эми кандын даамы баягы адамдар менен ичкен шараптын даамындай жүрөгүн айлантты. Адамдар бар, сарылжын, кан тамырлары даана көрүнгөн, соолуган териси басып өткөн жылдарды көргөзөт, ак периштелер жана Каранын жан жөкөрлөрү бар, анан да чоң жана капкара, жонулган бактай жыттанган, салкын чачтары жана, Гавриилге жакпаган таттуу туздалган суук канынын жыты менен Арман бар эле.

— Ал кандай? – деп сурады ал. Арман периштени дароо түшүндү. Периштеге аркасын салып, көлмөнүн жанына отурду да, көздөрүн жумду. Убакыт суудай агып, өтүп жатты, ал өзүн ага тиешеси жок сезчү. Ай жаңырып, толуп, адамдар элес калтырбай дайынсыз жоголушат. Бир туугандар акылсыз жырткыч жандарга айланышты. Эч кандай туткун менен гениалдуу, укмуштуу оюн куруу деген, эч бир сөз, эч ааламга сыйлуу тилеги, эч бир аркада өчпөс из калтыруу ою, эч кандай максат, деги эле эч нерсе калган жок. Имараттар урап, бак-дарактар бийиктеп өсүп, деңиз жыты алмашат. Жалгыз эле ал, гранит аскага металл менен чегилген сүрөттөй өзгөрүүсүз кала берди. Аны китептер кызыктырбайт, арбактар болсо үнсүз, адамдарга байланган иттер өңдөнүп.

Убакыт өтөт, ал козголбойт. Жалгыз гана кан ичип башка бир адамдын жашоосун жашап, кубаныч, кайгысын бөлүшүп, жаштыктын таттуу даамын татат. Мына ошондо ал үчүн да, туткун үчүн да аалам дабышсыз урап түшөт. Бир гана Арман жана кучагындагы ысык дене калат, асмандагы күмүш ай, тамагына сиңип, аккан жашоо агымы.

Арман оозун жалады, кыздын жыты жакындардан келип жатты, терезе ачылып калса керек. Ал кыштактагы акыркы сейилдөөсүн эске алды. Бир баланы жолуктурган эле, эмнегедир ага тийген эмес, мүмкүн кучагына бекем кысып, уйкуда жаткан эне ойгонуп кетет беле, жок, анын жүрөгүн наристени коргоп жаткан эненин назик сүйүүсү жибитип жиберген. Күтүүсүздөн бала көзүн ачып, көпкө чейин аны карап турду. Түшүнүксүз терең көз караштын аркасында инсандык коркуу сезими да, кызыгуу, же түшүнбөстүк да жок эле. Бир гана ага түшүнүктүү болгон түбөлүктүк. Кийинки жолу ал баланы чоңойгондо көрдү. Анын жыты мурдун жагымсыз кесип өттү, келесоолук аны өкүнүчтүү, даамсыз, жагымсыз кылып коюптур. Арман тойгондой болгон эмес. Жана азыр дагы толкундангандан титиреп жатты, ал кызды кучагына катып, ата-энесинен уурдап келип, кумарданып, мээрими менен сылап, гүл буркураган таза терисин жыттагысы келди. Коркунуч менен согуп жаткан кан-тамырды эриндери менен татып көрсө...

Гавриил көздөрүн алды. Арман оорудан кыйналып кеткенсип ылдый эңкейди, жүзү өзгөрө түштү.

— Мени кое берчи, — деп шыбырады ал. -Сен мени таанып билдиң, эми коё бер, өз жашоомду жашайын.

— Өз жашооңду? – деп жеңил жаңырык менен кайталады Гавриил. Мурда эч эңсеп көрбөгөн, ага кандын даамы сезилди. Бул жагымсыз, түшүнүксүз, бирок суктандырган да калоону өзүнөн ары кууду. –Кыжырды кайнатып, жалгыз гана аёо жана жек көрүү сезимдерин ойготкон жандыктардын суюктугу менен тамактануу, ушул да жашообу?!

— Сенин атаңдын мурдагы жан жөкөрү бизди ушундай кылып жараткан, – деп корулдады Арман. Ал бат-баттан дем ала баштады. Дубалдан көздөрүн албай тиктеп турду, ал жерде эчки кангып жүргөн.

— Дагы канчага чейин чыдай аласың? – деп күлүмсүрөп периште сурады кызыгуу менен.

— Дагы бир аз гана, — деп, көздөрүн жумуп, чиркөө артында жаткан кыштакты акылынан чыгарууга аракет кылып, акырын жооп берди Арман. Ал периштенин боору ооруган өңдүү, кайгы тартылган бир бет кап кийип алганын көргөн жок. Бирок ал адам кейпиндеги көрүнүш бир оюн эмес, чындык эле.

Гавриил ордунан турганда турпатынан кара агымдар кете баштады. Арман оор дем алып, аны байкап турду. Периштенин өзүнүн жыты абага жайылды. Ачык-көгүш болгон анын келбети ордунда катып турду, жылт-жулт этип, көрүнбөгөн көк көлөкөлөр сандал кийген бутунун учтарынан салмактуу агып, жерге сиңип жатты. Канаттары кыймылга келип, өйдө көтөрүлдү.

— Кош! Мен терезени жаап, кыздын энесин ойготуп кетем.

Арман согуп жаткан тамырды кексөө менен эске салды да, үн каткан жок.

Габриэл болсо жүзүнөн адам келбетин алып таштап, көздөрү баягы баланыкындай, илгери эле өткөн, унутулган элес.

— Мен дагы бир келем, – деп айтты периште.

Арман да, периште да айды карашты. Ал дагы дээрлик түбөлүктүү, демек, дагы бир, эч нерсе өзгөрбөй турган, өкүнүчсүз, таарынычсыз түн келет.

Кийинки жолу ал периштеге анын жашоосу жөнүндө баяндап береттир, көпкө созулбаган, өмүр кечиришкен, алсыз-күчсүз, түшүнүксүз бир жандарга жардам берүү үчүн асмандан айрылганын. Жападан жалгыз, же өзүнө окшогон ак периштелер менен бирге боло албаган, же мейли Каралардан болсо да, бирөөлөрдү таанып биле албаган периштенин жашоосун. Эч кандай максаты жок, жыргал, ыракат эмне экенин да билбеген периштенин жашоосун. Мүмкүн, чын эле, мунун баары периштелерге кереги жоктур. Жок эле дегенде Арман аны жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүгү болот. А мүмкүн, анын баарын айтып отурбай эле, коргошун көздүү муздак, килейген көлмөнүн жээгине экөө отурушат, кантсе да алдыда түгөнбөгөн түбөлүктүк бар эмеспи. Узун, суук, эч кимди ойлобогон, эч нерсеге кызыкпаган бир түбөлүктүк.

Гавриил башын ийкеди. Арман периште турган жерди айланып өтүп, шып этип дубалды ашып түштү эле, таттуу жыттан акылы адашып, бир көз ирмемге кыймылсыз токтоп калды. Тиштерин арсайтып, күлгөнгө аракет кылды. Кийинки жолугушууда ал Гавриилге адамдардыкындай жылмаюну көргөзөт беле. Гавриил болсо канаттарын катып, адам сымал жыттанып алса, кеч куруун экөө төшөлгөн жолдо адамдардын арасында бир аралыкта сейилдөөгө чыгышмак. Арман ошол түнү эч кимге тийбейм деп Гавриилди алдап коет. Өзү болсо, мурунураак эле ысык, жаш канга тоюп алат. Периште анын калп айтканын сөзсүз билет, бирок эң башкысы ал эмес. Чын эле, ошондой болоор-болбос нерселер кантип маанилүү болсун, бул жакта түбөлүктөгү дагы бир жолугушуу болуп жатса.

 

© DanOrsek, 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Которгон: Зарина Урманбетова, 2009

 

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 


Количество просмотров: 2565