Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сыдыкова К.С., 1998. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 28 марты

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

Олжо катын

Кыргыз коомчулугунда адеп-аклактын бузулушу, үй бүлөөдө абийир кетип акчага кул болгон эптеп күн көрүү маселеси көтөрүлгөн. Эрдин намыссыздыгы, алсыз-арсыздыгы, кор болгон аялзаты жөнүндө

Сыдыкова Кален. Эр издөө: Аңгемелер. Көркөм публицистика. – Б.: «Бийиктик», 2002. – 127 б. китебинен алынды
    ББК 84 Ки 7
    С – 95
    ISBN 9967-21-508-9
    С – 4702300400-03

 

Калдайган элет кадимкисиндей болбой, карамтыл тартып бараткан экен. Бул элеттин эзелки нукура, таза уюткусу ирип, эли ыйманынан, пейил-ниетинен, алкымынан бузулуп калганы деген сөз. Баягы “атасы жиндинин бири жинди, энеси жиндинин баары жинди” дегендей болуп, жиндилердин заманы келди. Айыл аралап чыкканда түпкүрдөгү туңгуюктагы көйгөйлөрдү эшитип отуруп чачың агарат. Не бир тириукмуштарды байкап кыштак эли тээ мурункудай болбой, заман өзгөргөнү кулк-мүнөзү, үрп-адаттары, улуттук мамилелери кескин өзгөрүп, көбүнүн талкаланганын көрөсүң. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман”. Ачык айтсаң жактырышпайт, жаман көрүшөт, а түгүл уккусу келбейт. Элетке мурун өтө өөн көрүнгөн “алжаке эркекке жалжаке катындар туш келет” заманы келиптир.

Ошол айылда жүрсөк бизге “кыз базарды көрө кетпейсиңерби. Азыр элдин оозунан түшпөгөн ушактын чордону ушерде” деп калды, ыктытып турган ындыкара. Кызуу неме “ойкелди сүйлөп атат го” деп алгач ишенген жокмун, бир чети куттуу айылдан “кыз базар” деген куту учкан сөздү угам деп түк ойлобопмун. А жанымдагы неме кызыгып: “Эмне притонбу?” деп калды. “Кадимки эле кыз базар, эмне мындай сөздү уккан жок белеңер?” Мал базар, көк базар, кийим базар сыяктуу эле кыз базар дебеспи тиги оён. Намыстана түшүп, тактоо үчүн “ырайына жараша ыйманы бардан”: “ушул алакандай айылда дагы кыз базар барбы? Качантан бери Африканын кейпин кийип калдыңар эле? Кимдин кыздарын сатасыңар? Ымыркайларбы же... деги ал базар каерде” дедим.

— Базар десе Ош базарын, кыжылдап кирип чыккан элди элестетип атасыңарбы. Жепирейген эки бөлмө там үй. Бирок, анын кызыгы көп. Алыс эмес, ой мобу жерде эле, үч-төрт эрден чыккан кудай урган бир аягы суюк шерменде бар. Ар бир баласынын атасы ар башка. Ошо бир үйүр кыздарды ээрчитип келип эле ушул айылдын аялы менен ажырашып кеткен, аялы өлгөн, кемпири жок жесилдерге же турмушунан жолу болбогондорго эле кийирип берип жеңкетай жеп дыңкыйып жатат.

— Балдар сүйлөшпөй этпей эле үйлөнө беришеби?

— Арзан, бекер кыз болсо болду да, эптеп үйлөнүп эптемей жашоо, анан жашай бербей, ала бербей жандары жокпу. Айымдар ат арытып, алыстан эр издеп өздөрү келип атышса, «колго түшкөн коёнду коё берген оңобу». Сиз дагы кызык экенсиз, базарда сүйүүнү суутуп коюптурбу.

— Көчөдө жаткан кыз жок да, ал кыздардын ата-энелери, карап коргоп алаарлары кантип болбосун. Жоголгон мал караны, мышыкты деле издейт турбайбы.

— Ыймандуу, жакшы кыз болсо, ушинтип шүмшүйүп бир жалап аялды тобу менен ээрчип келишеби? Бузулган кыздар да, кээси ата-энесине таарынып качып кетип запкы көргөн, мурун турмушка чыккан жубандар дагы бар экен. «Алжакенин сөзүнө, калжаке киши ишенет» болгондор, жыртайып арактан башы чыкпагандар тооруп, ошерден чыккпай «бактысы ачылып атпайбы» деди, аягында баягы неме мени какшыктап. Аңгыча жанымда отурган кара кемпир абалды жакшы билет көрүнбөйбү же сөзгө аралашкысы келдиби нааразылана:

— Азыркы жаштар бузулган турбайбы. Мына кечээ тиги «Эсжинди келин алып келиптир» деп топтошуп ырдап топ жиндилер шапар тээп атышкан. Эртең менен уй сааганы чыксам, ал дардес түндөгү алган келинчегин огород аралатып кууп, сабап жүрөт. Эми ошолордо эмненин жакшы жашоосу болот айланайын, бу бир ит турмуш болду го, ботом. Жаштардан караманча эле ыйман кетти. Күндө ар бир үйдө мушташ. Эч кимди көзгө илбей калышты.

— Аял ала элек жаш балабы?

— Оо кайдан, мурунку катынын эки баласы менен сабап жүрүп, өлтүрүп коё жаздаганда, анысы эптеп качып кутулду байкуш. «Алкы бузук кыныкса, ат тезегин кургатпайт» болуп, ошол кара жерге кирсин, оозунан арак кетпеген пянкеч неме. Дегеле катын токтобос болду. Өткөндө колоктоп бой жүргөндө бирин-серин аксакалдар киришип атып күч менен тиги жесир жеңесинин башын байлап койгон. Ал кургур тигинин тепкиден башын арылтпаарын, көкмээ экенин билип жакшы эле чырылдады. Балдарын ээрчитип төркүндөрүн каралап кете берерде кармап алышты, ал шордууну. «Кордук бар жерде зордук бар» экенин, ал ошондо эле түшүнгөн окшойт, өзү эстүү келин эле.

— Өз тагдырына өзү ээ болбогону кандай, тагдырын дагы бирөөлөр айткандай кош көңүл чечеби. Анын үстүнө бир жолу турмуш көрүп, төрөп түшкөн жубан ага жол бербесе болмок.

— Асмандын башын сүйлөйсүң да балам. Айтканга жеңил. Минтип тирилик кызыл тозокко айланып отурганда, ошончо баланы кантип багат? Ал байкушка өз төркүн төөсүнөн дагы кудай айтпаптыр. Мурунку эри атасын тартып созулган жигит эле, чагылган тийип капилет каза болду. Буйрук экен, Эсжиндиге башы байланып калды эле, анан чындап кордукту көрдү бейм ал багы жок.

— Айылда дале эскиликтин калдыгы кете элекпи. Жеңеси экөө тең чамалашпы? – дедим жактырбай. Аңгыча жанатан бери унчукпай калган ындыкара аралаша кетти:

— Анын эмнеси бар экен, агасы өлсө жеңесин кайниси алган иш мурун деле бар болчу. Көп болсо 7-8 жаш улуудур.

— Сенин оюңча ушул жакшы ишпи?

— Жесир болгончо күйөөсү болгон жакшы болбогондо, анан эрсиз калган жакшыбы.

— Сөз ал жөнүндө эмес. «Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири бол» деген сөз бар. Азыр заңзаман башка. Калк өзү «каңгыган эрте барганча, казылган көргө бар» деп насаатты эмнеге айткан?

— Ээ, аны эмне кыласың балам, – деди кемпир кейип,-бу «жамандан жакшы туулат, адам айтса ынангыс, жакшыдан мөөн туулат, айтып оозго алгысыз» деген чын экен. Чөкөм, ушул Эсжинди төрөлгөндө кудайды карабай сүйүнүп чоң той берген. Өзү зыңгыраган ынабаттуу мырза киши эле. Ушу чунагын чуктап кийгизип, эч нерседен кор кылбай, алаканына салып жүрүп өстүрдү.

— Мунун өзүнүн аты эле Эсжиндиби?

— Жоок, кокуй, ошентип ат койчу беле, өз аты эчак өчүп зөөкүрлүгүнөн эл ошентип коюп алган. Накта эс жинди чыкса, эл оозун ким тыймак. «Кесирлүү баш, келген бактыны кетирет» болуп, бу Эсжиндини пянкеч болгону аз келгенсип, ашынган кумарчы. Күндүз мас, соолукканда карта ойнойт. Тринке деген дагы бир балакети бар экен. Кылбаган кылгылыкты кылды. Атасынын малын бир аракка алмашса, бир кумарга уттуруп атып аягына чыгып бүткөн. Үрүп чыгаар ити жок. Мас болгондо «арак таап кел, какбаш» деп абышка-кемпирди өкүртө сабап, көрбөгөн кордугун көргөздү. Дубари курусун, ата-энесинин буту колун, кабыргасын канча сындырып эл алдында бети түгөнбөдүбү. Ошентип, үйүңдөгү оокатынан бери сатып арак ичип, кумарга уттурду. «Кумарга ууру жолдош» дегендей, айылдын малына кол салды, айырбаштады. Бир сыйра чала-бучук соттолуп дагы келди. Ата-энеси кыйбай, ар кимди салып жүрүп эптеп чыгарып алышкан. Күндө мушташ үстүндө. Аны көргөндө кичине баладан бери «Эсжинди мас болуп келатат» деп качып, жашынып калышат. Көрсө турмушта «укканда кубанып, көргөндө көңүл сууйт» болгон көп нерселер бар тура. «Кесирлүү ооздон кесепеттүү сөз чыгыптыр». Эсжинди кумарчылар менен адатынча карта ойноп отуруп эч нерсеси жок калганда «жаман жанын сатат, малын катат» болуп аялын картага сайып ойноптур, тобо! Катынын кумарга уттуруп жибергенин укканда эл бир дүр деп, ооздорунан келмеси түшүп, шалдайып отуруп калды.

— Аялын картага уттуруп жибергенине аксакал-көксакалдар, милиция, бийликтер эч нерсе деген жокпу?

— Эч ким арызданып барбаса, алар эмне демек. Ой, ошо милицияң өзү ууру-кески менен тамырлаш болуп күн көрүп атпайбы, айланайын. Калпы-чынын билбейм, ага бир жылкы уурдап барып, союп бериптир деп атышат. А барандуу көксакалдар деле калбай, бүт эле аракка ооп калышты. Сакалың өрттөнгүрлөр, богу менен тең балдар менен стакан кагыштырып ошолор биринчи ичишет. Аксакалдардан нарк кеткени качан балам, бая илгерки аркардай залкыйган, келиндер ийменген, жаштар ыйбаа кылган кутман аксакалдар кайыптай жоголуп кетишкенсиди.

— Айылдык бийлик кийлигишпедиби?

— Айылда бийлик жок, ар ким өз билгениндей жашап калбадыбы. Жумуш болсо бийлик болот тура, жумуш жок болсо кимге кимдин сөзү өтмөк. Колунда бар байлардын эле көзүн карап, жалтактап кошоматтанып калышты, ошолордун сөзү сөз, баркы жогору. Эл карызды ошолордон алат. Заман минтип бузулуп «арын саткан да чыкты, жарын саткан да чыкты». «Каран калган заманда, аман калган жан олжо» деп ата-бабаң бекер айтыптырбы.

— «Алкынан кеткен, баркынан кетет». Ниет, пейил бузулганда баары кошо ыдырайт эмеспи. Анан тиги Эсжиндинин жеңе катынынын ахвалы эмне болду?

— Эмне болсун каранкүн, «ичкиликтин арты итчилик» болуп, катыны олжого кетти. Эл уу-дуу. Ата-энеси элдин бетин карай албай, биринин артынан бири өлүп тынды. Кудай пендем десең мындай өлүмдү башка бербесин.

— «Утуп алдым» деп эле, аялын койдой жетелеп кеттиби? Тегеректегилер унчукпай туруп бергени жоосунсуз жорук болуптур. А тигил антургуру каяктык экен?

— Ал дагы бир кудай урган шүмшүк да, окшошконго мушташкан болуп, жыргаган киши олжо катын алабы? Бул эле коңшу айылдан, түрмөдөн чыгып келиптир. Уттургандан кийин Эсжинди эсине келе тайсалдаса керек, «азыр өлтүрүп, каныңды ысык ууртайм» деп, бычакты кокосуна такаптыр дейт. «Байдыкы барымта, кедейдики сыйрымта» деген ушул. Анан эле таң атпай өкүрүп бакырган аялдын үнүнөн айыл дүрбөп, коңшулары жетип барса Эсжинди аялын сабап «мындан ары менин катыным эмессиң. Сени картага уттуруп жибердим. Өз эркиң менен бар, болбосо балдарыңды бирден мууздайм» деп токмоктоп атыптыр. Аялынын бети башы жарылып кан, кийими айрылып, көгала койдой союлуптур. «Кулкуну жаман кууратат» эмеспи. Жеңе катыны айтыптыр ыйлап: «Сен мени уттуруп жибергидей, сенин чүкөң белем». Ойногуң келсе, өз башыңды кулга сайып ойно, акмак! «Эри өлүп, эрге тийген-элдин адаты, эри туруп эрге тийген-беттин карасы», ушундан көрө муунуп өлүп калбайсыңбы, кайсы бетиң менен элди карайсың канкускур. Бир тууганыңдын балдарынын убалы кимге? Эки дүйнөдө кор болуп өт. Бул канкорго бара албайм, өлбөгөн жерде соттошом» дептир байкуш. Ошентсе «жаман өзүн билбес, өзгөнү көзгө илбес» тиги эки шүмшүк экөөлөп сабап, колу бутун таңып, чыркыраткан боюнча машинага салып баратканда «бошотуп калгыла» деп жалдырап ыйлаптыр.

— Балдарын кошо уттуруптурбу?

— «Калаалуу коргон бузулса, калаа болбойт ал кайтып». Улуурагы эскирип калган өспүрүм, анысына бечера: «качып кет» дегенге үлгүрүптүр. Экөөсүн түрмөчү сала кетти дейт «кул кылам» деп. «Ошо, чычкандай балдардын убалы, ылайым экөөнү уктатпай калсын» деп каргаган эле кишилер. Адамдын убалы уктатпайт го...

— Ушунча адамдан бирөө чыгып: кой-ай дегенге жарабаса, ошого окшогон акмактар сези жок элди тоготмок беле. Желгабыз алчудай үйдө жашынбай, айбат кылып экөөнүн сазайын беришсе болмок экен. Кудай урбадыбы, жоо тийсе деле адам баш көтөрүп коргонот го.

— Ой, кокуй ой, «сөзүңдү айт укканга, жан дилине жукканга» дейт. Ал акмак элдин сөзүн угабы. «Жолдош болсоң жаманга, жүзүң окшоор саманга» дегендей, «муңдуу көз жетпесе, кундуу сөз жетеер» деп ойлосо керек жарыктык, Мырза аке тилдеп, жакшы эле айткан экен: «... бу жоругуң жолдо калсын» наадан, анык ит турбайсыңбы, элде жок жосунду кылып. Антип, душман жок жерде, адамды олжо кылган болбойт. Бул кесир болот, жамандыкты элге аралатпагыла. «Бозодогу сөз бокко жарабайт» дейт, мастык менен иттик кылыпсың балам, айыбыңды моюнга алып ордуна карыздап мал бер, бере албасаң тамыңды бер. «Тилден кыйын жоо жок, кыздан кыйын доо жок». Бөлөк эл журтка шерменде болобуз. Эл караган бетибизди жер каратпа. «Көңүлүмө жагат деп көрүнгөн менен дос болбо» деп атаң канча айтты. Бүлөөнү бузган оңбойт, эгерим эки болбойт, – десе эле «ачуусу чукул айыпка жыгылат» болбой, тигил сөгүнүп-сагынып бир тийиптир: «Энеңди урайын, куу сакал, как баш, сага эмне жок, какчаңдап мага лекция окуганы келдиң беле? Азыр башыңды жара чабам, өлө элегиңде калчылдабай кет, ачкүзөндөй болбой. Сага окшогон бит сакалдар толуп жүрөт, өз үйүмдү эмне кылсам өзүм билем. Казыр катындан көп неме жок. Эмне бирөөнүн жесирин аяйсың, эртең эле кыз базардан бир түйдөк чачты сүйрөп келем. Уттурдумбу, берем» дептир бети жок. Таягын көтөрүп чаба турган болгон Мырза акени аз жерден бычак менен бышып сала турган болгондо, ортодогулар арачалап алып калышыптыр. Кейбирдин кылыгына элдин баары жерге түкүрүштү. Дегеле адамдар кутуруп баратканбы, билбейм. Эл «бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач» деп бекеринен айтпайт турбайбы. Ээ балам, кудай ушундай «элде бар да санда жок, эси жокко туш кылган», кудайаткыр көкмээлерден кыздарды сак кылсын. Ошондой кызылдай жиндилигинен Эсжинди аталган.

Мына эми «көчүгү сокудай, көкүрөгү топудай», эрден багы жок келин-кесектер ушундай тынч заманда жанкечти, кумарчыларга, аракечтерге олжо катын болуп кетип атса элдин кээри кеткени ошол эмеспи.

Илгери жумшактан күл, катуудан казан калган эки элдин кызыл-кыргынында, чабышында олжого катын кетчү эле, эми минтип... Айылда аяк бошотоорлор көбөйдү. Колоктоп баары бош. Эрмеги эле аңгилик, ичкилик, уурулук, кумар. Биз бала кезде «ак шумкар бердим таптап ал, ак учук бердим саптап ал» деп, эл кыздардын кастарлап, шаан-шөкөт менен күйөөгө узатчу эле, азыркылардын эрге тийгени да шумдук.

— «Эшекти кырк жыл күрүч берип бакса да, күлгө оонаганын койбойт». Эсжинди турмушунда оңолбогондой чекке жетиптир. Кудайдын чийининен чыккандарды атып салса сооп болчудай экен.

«Адамдын болот жаманы:
    Акылын аңдап ченебейт.
    Өзүн өөдө көтөрүп
    Өзгөнү жанга теңебейт.
    Алганга кордук көрсөтүп
    Ар күнү сабап тебелейт».

«Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт» деген туптуура. Жанагы жаңы келген аялы менен сүйлөшсөм кандай болот?

— Ыя, кокуй, анда эмне жумушуң бар эле? Жыргаган кыз өз үйүнөн качып-бозуп келип, эзели көрбөгөн дардаңкү аракечке тиеби?

— Тагдырын билейин дегем, кандайча ушу күнгө туш келип калды. Мүмкүн жаштык кылгандыр, бир түнөбөй жатып эрден токмок жеп атса... Аны мага жолуктуруңуз.

— «Эшегине жараша чому, төөсүнө жараша кому» дегендей, ага жанагы өзүнө окшогон кызыл мурундар гана барбаса, адамча туулуп, айбанча жашаган каапырдын босогосун тигил жоругунан кийин эч ким аттабай калган. Мени көрсө Эсжинди: «бирөөнүн үйү бирөөгө тар, кыпчылбай өз үйүңө бар» мастан, эмне шимшилеп келдиң» деп айтаары бышык.

«Жалжакеге жолдош болсоң,
    Жалаасына каласың.
    Нааданга жолдош болсоң,
    Балээсине каласың» жолукпай эле койсоңчу каралдым. Илгери бир урууда бир эле жинди, бир уядан бир эле сасыткы чыкчу эле, эми бүт эле алкымынан бузулуп кудай уруп баратат. «Катынды күтүп албаган күң кылат», кайран келиндер бир жакшылык көрбөй турмуштары жалаң токмок менен өтүп кетишти.

— Байыртадан эле «жакшыдан жаман туулса чыгаша, жамандан жакшы туулса киреше» дейт эл. Кейиген менен оңолмок беле, ар бири өз пейилин оңоп, адам болоюн дебесе нааданга үйүрлөр көбөйө берет. «Жакшыны көрсөң жакшы болосуң» деп, калк бекер айтышпаса керек, бул деле турмуштун бир сабагы го. Азыр «жумушка жалкоо адамдан, жумуртка берген тоок артык» болуп калбадыбы.

Ал күнү келинге жолуга албаганым менен, кийинки күнү мүмкүнчүлүк болду. Тагдырын айткан тал чыбыктай келин солкулдап ыйлап, улам-улам үшкүрүп коёт. Өзү шаар тегерегиндеги бир айылдан экен, мурун Кетмен Төбөгө турмушка чыгыптыр.

— «Көңүлдүн бугу айтса кетет» дейт, ичиңизде калса, болсо бир чындыкты айтып берейин, кууралдан чыкпаган баштын арманы аттын башындай эже. Жок дегенде, ушул жолкуда «бактым ачылаар» деп, сүйрөп алып кеткенде, айлам жок отуруп калгам. Анын сырын билбегеним үчүн, ошентип үмүт кылган турбайынбы. Жолум болбосун өткөн түнү мыжып, эзип чыкканда түшүндүм. Таң атпай сабады. Кетем эже, бул жерден, жеткен кызыл тумшукка чыдабайм, деди бышактап. «Чырдуу кыздын чыргоо жомогу арбыйт» болду. Анын айткандары жүрөгүмө чий болуп, ичкеним ирим, жегеним желим болуп сарсанаада калдым.

– Эми турмушта «урушпас уул, керишпес келин болбойт». Бирок, баары ченеми менен го. Көрсө, кыз окуусун бүткөндөн кийин сүйлөшүп жүргөн жигитине, Токтогул районуна турмушка чыгыптыр. «Акчалуу мөөр үстүндө, акчасыз көр үстүндө» заманда барсам үй-бүлөөсү айласыз начар ахывалда жашашат экен. Кайын атамдар менин эне-атамдын алдына келип жыгылышкан жок, «жоктук уят эмес, токтук мурат эмес» деп, улам кийинкиге созо берди. Ачууланган төркүндөрүм чаң салып, кекетип-мокотуп нааразылыгын билдирди. Жетип келип, мени алып кетебиз деп чыр чыгарганда, мен каршы болуп, барбай койдум. Өзүм сүйлөшүп тийгенден кийин көр оокат, болоор болбос калың, эски үрп-адаттын куру намысы үчүн турмушумду бузгум келбеди. Жетилбесек, бир күн жетилеербиз, ким эле алгач телегейи тегиз болуптур деп ойлодум, «курсагы ач курушат, акылы аз урушат» болбойлу дедим. Калп айткан менен болобу, жетпеген турмуштун айынан аябай жүдөдүк. Ооздон кара суу келет, көбүнчө ачкарын жүрөбүз. Эч жерде жумуш жок. «Өтө жаман болбосоң, өлө жарды болбоссуң» деген чын, тырмалаңдап аракеттенели, отура берсек бирөө чөйчөгүбүзгө ырыскы салып кетмек беле,-дедим. «Үйдөгү ойду, базардагы нарк бузат» дегендей, бир кездеги жаштык ууз кыял, тилегибиз, үмүтүбүз таш капты. «Тыйын, тыйындын иши кыйын» болуп, бара-бара ортобузда ыйкы-тыйкы көбөйдү. Бирде жарашып, бирде чукчуңдап жашап жүрдүк. Аңгыча айыл аралап «ким түрктөрдүн үйүн шыпырып, чайын кайнатып, кийим-кечесин жууп берип акча табат» деп аялзатын алып кетишчү болду. Балакет ошондон башталды. Акчага кызыккан кыз кыркын кезек талашып, ортомчулардын келишин күтөт.Барып келгендер бапырап акчалуу болуп оңуп калышты. Анан өзөгү карарган эл бойго жеткен кыздарын, келин-кесегин «тиги түрктөргө барып оокатын кылып, тыйын таап келсеңер боло, чай кайнатып кийимин жууп бергенден колуңарга жугуп калмак беле» деп жөнөтүшөт. Көп өтпөй «кирин жуучуларды машиначандар бат-бат алмаштырып калды. Эл арасында имиш-имиш, түркүн сөз тараптыр. Кээ бир кыздар үйүнө келбей ошондон ары жоголушту. Бир күнү эрим айтты: «Экөөбүз тең иштебесек, кантип жан багабыз. Ата-энемдин кейпи тиги, андан көрө сен деле кез-кез барып, түрктөрдүн кызматын кылып, чайын кайнатып акча таап келбейсиңби» деп. Каржалаганда айла таппай кыйналат экенсиң. Убактылуу болсо да кичине иштеп алып, ирдене түшөөрбүз деп ойлоп, айла жок күйөөмдүн тилин алып аякка бардым. Кызык дал ошерде экен.

Ош жолун салып аткан жолчу түрктөр биздин жердегидей эч жерде кутурбаса керек. «Көргөн менен уккан бирдей эмес» экен. Ал жанагы «кирин жууп, үйүн шыпырат» деген сөздүн артында алар барган келин-кыздарды канча күнгө барса ошончо күнгө аялдыкка алып, акчасын төлөп берет тура. «Жардынын күнү — жалыныч» деген ушубу, курган дүйнө. Кийинчээрек кыздардан кыз, келиндерден келин тандап бүт эле бул өрөөндүн өңдүү аялзатын жалапчылыкка үйрөтө баштады. Бул жагынан алар жедеп ак каптал болуп бүтүшүптүр. «Канкор канды көрбөгөн, канга токол болсом» дейт болуп, куу оокаттын айынан, эптеп бирөөнүн этегин кармап кетсем болду деп тагдырына кайыл, кайдыгер караган, жокчулуктан намысы эчак тепселген кыздар дагы андан көп. «Адеп бардарчылыкта-калыптанат, жетпеген турмушта бузулат» деген чын. Акчасына чиренип эриш бузуп жакыр элди басмырлагандарды тыйчу ал чөлкөмдө эч ким жок. Көбү ортоктош. Бир оокат кылган келин кызды кайра оңой менен алышпай, башкасын издеттиришет.

Көрсө аны эл өзү деле билет экен, билип туруп эле арга айласы жок, жан айласы үчүн кырчындай кыздарын, кыйбас келиндерин салып беришет тура. Мен дагы ошондой тагдырга туш келип, көңүлүм кирдеп кайттым. Чоң үмүт менен, акча таап келет деп күтүп отургандарды ойлогондо заманам куурулду. Ичимден «экинчи келбейм, бул жерге» дедим, бирок, күйөөм экинчи жолу дагы кыйнап жибергенде, эчен жолу оозумду таптап барып айта албай шалдайдым. Намысым өрттөндү. Ысыгыбыз тарай элек учурда көр оокаттын айынан алажипти аттап, шагым сынып кыйналганымды ага эмне эмне деп билдиреримди билбедим.

Жарым жылча түрктөргө жалдама катын болуп, беркиге келип аны менен жашап жүрүп суй жыгылдым. «Экинчи барбайм» деп баш тарттым. Күйөөмдүн «бар» дегенине болбой, себебин айтпай, өксүп ыйладым. «Карарып уурум чыкканча, саргарып жаным чыксын» деп «ооз айгак, тил тайгак» бирде болбосо бирде арамдык иш айтылат, ошондо анын бетин кантип карайм деп зыркырап чыдабай, алардын кылыгын айтып, барган аялдар ар кимге катын болуп жүргөнүн айтсам күйөөм таң калмак турсун кайра:

— «Анын эмнеси бар экен, элдин баары эле ошентип оокат кылып жатпайбы. Андан бирдемең коромок беле» десе боло. Бирөө күрөк менен башка чапкандай эңгиреп:

— «Сен, сен билчү белең?» – дедим ишенип-ишенбей. Ал тайсалдап койбой:

— «Эмне, аялдын товарга айланганын эми билип атасыңбы. Билген үчүн, «тыйын тапсын» деп жиберип жүрбөйүнбү тоок мээ. Кууланбачы, койнуң ысып, жыргап эле жүрсөң керек төшү түктүү түрктөрдөн моокумуң канып. «Сулууну кучактаган кубанат» дейт. Кокус, ошондон ары, элек сурап эрге тийип кетип жүрбө. Күңгөй менен тескейдин отун оттогон түлкүдөй мант берип актанымыш этип, эми жарым жылдан кийин ыйламыш эткениңе жол болсун. Эмне, түрктөр сага кезекке туруп атабы, заарканып барбай калгыдай. Андан көрө, көк беттенбей болоор иш болгон соң, ага көнгөн соң кайра барып оокатын кылышып кел» дегенде:

— «Кудай албаган тирүү өлүк, ошону билип туруп түрктөргө атайын салып берип жүрөсүңбү?» – дедим албууттанып.

— «Кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет». Анан эмне, сени аяйбыз деп ачкадан өлөлүбү тобубуз менен. Өзүң деле түшүнүп турбайсыңбы. Минтип эптеп оокат кылбаска арга канча?» – деди.

— Көрсө «киши эмес киши, сөз эмес сөздү сүйлөйт» тура. Убалым уктатпасын ажыкыс, аяк бошотоор, уялбай дагы мени күңдөн бетер бузукулукка жумшап турганын кара! «Мен силерди абийиримди сатып, өмүр бою ушинтип багышым керекпи?» андай болсо, сага окшогон сасыткы эрдин барынан жогу. Мен дагы бирөөнүн алпештеген баласымын. Кыйын экенсиң өзүңдүн тирелген, тамак ичкенде килеңдеген алдагы карындаштарыңды жибер, көтүн сатып силерди баксын» – деп кыйкырдым. – Карасаң «ириген ооздон чириген сөз чыгат» болуп «сени аяйбыз деп, тобубуз менен ачкадан өлмөк белек» дегенин. Эрим мага ызырынып:

— «Кайсы бетиң менен ошону айтып жатасың, энеңди урайын канчык. Машаяк болсо дагы ушул жалаптын жатынын тилейин» – деп, жаакка чаап, жакадан алып, муунта баштаганда жан айласы кылып чатка бир тептим. Аңгыча, жанатан бери биздин кызыгыбызга батып отурган кайындарым «шектүү шекинет, шеги жок-кекирет» болуп «ачылуу башта акыл жок» демиш болуп, дүпүрөп кирип келип, уулун какыс-кукус кылымыш этип ажыратып калышты.

Ошондо күйөөмдүн атайын мени түрктөргө салып берип жүргөн акмакчылыгына нааразыланып, абийиримди, намысымды тебелеп-тепсеп мен ага күнүмдүк саан уйдай каражат табуучу курал экенимди билип, анын намыссыз экенине катуу ызаландым. Солуктап жатып уктап калыпмын, эртең менен эрим эч нерсе болбогонсуп:

— «Катуу токмок жегенсип, калп солуктабай тыйын таап кел, элдин баары эле барып атпайбы же беш көкүл кызсыңбы эркек көрсөң эстен таңгыдай. Ага эмне эле мынча бунтовать этип атасың? Кыз болсоң бир жөн, жүрөгүң түшүп алдастап калчудай. Мен сени тескеп, күнөөлөп, айып такпагандан кийин өз абийириңди өзүң төкпөй, «кудай» деп жүрө бербейсиңби. Мына жакында жол дагы бүтөт, бул сезон бүтөт, түрктөр кетет, эл калат, ал нерсе экөөбүздүн эле ичибизде калат» дегенде андан биротоло түңүлдүм. Ушул да эрби?! Жаман арымда, кантсе дагы кечирим сурап жалбарат, жаңылыштыгын мойнуна алып өкүнөт, андан көрө, бир жактан иш издеп эптеп оокат кылалы же болбосо шаарга баш калкалап, кол кармашып оокат кылаарыбыз, таарынбачы дегенди күткөн болчумун. Тигинтип айтканынын угуп көңүлүм муздай түштү. «Калган көңүлдүн музу кетсе да сызы кетпес». Зили айкын көрүндү, билинди. Күмөнүм бар эле «ийибеген эмчек болбойт» деп, ошону айтайын деп чечтим:

— «Барбайм ал жакка, эки айлык боюмда бар. Жок дегенде балаңды сактап, аясаң боло, мен сага желим катын эмесмин го»,-дедим. Муну укканда анын итатайы тутулуп, өңү бозорду. Түз эле:

— «Алааңды ар кимге жоорутуп жүрүп тапкан арам сийдигиңди боюңан алдыр, көрүнгөндөн боозуп алып кайсы бетиң менен мага «балаң» деп догурунуп атасың» десе болобу. Өлбөгөн төрт шыйрагым калып «аруу сөз жан тыяр, ачуу сөз жан кыяр» деп ушундан көрө өлгүм келди. Кыргыз бекеринен «бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет» дебейт экен деп ойлодум.

Ошондо «алган эрим сен болсоң, көргөн күнүм не болот?» деп бүт дүйнөгө кыйкыргым келди. Экөөбүздүн келечегибиз түшүнүктүү болгондон кийин, биротоло кетүүнү чечип «көөнүң кирдеп турганда, көрүнгөнгө сурданба» дейт эмеспи эл, анысы кандай:

— «Мейли, сенин тилиңди алып, барса барып келейин, баары бир мени аяган кыйышпас киши бул үйдө жок экен. А бирок, курсагымды кантем, кантсе дагы бул сенин балаң эмеспи» дедим өзүмдү араң ооздуктап.

— Меники экенин кантип далилдейсиң? Мен түрктүн баласын бага албайт экемин секет, – дейт каарданып.

— А аныкы экенин кантип далилдейм,– дедим кыжырдана.

— Жатып жүргөндөн кийин ошонуку да.

— Сен жатпай жүрөсүңбү? Деги мен кимдин катынымын?

— Бала менден эмес. «Үйдөгү кеп көчөгө жарабайт, олжо катын байбичеге жарабайт».

— Мени бирөөдөн арендага алдың беле? Колуңа бала бойдон келбедим беле. Кыйылган нике ариетин, абийиримди тепсеп, өзүмдү эле эмес туула элек баламды дагы чанып атсаң, мен сени багат экемин да?! Мен сага ошон үчүн керек болуп жүргөнүмдү эртерээк түшүнгөнүмө, миң бир жолу тобо. Сага мен эмес, мен тапкан бир ууч «адал» тыйын керек дечи. Анда келечегибиз өтө эле «жаркырап кенен экен». Чарчаганда «тойдум байдын кызынан» деген чындык калетсиз экенине эми ишендим. Сиз айткан тагдырга көнө албайт экенбиз.

— Көнбөй кайда барасың, сага окшогондор көчөдө самсып толуп жүрбөйбү, андан көрө акыйлашпай көнгөн ишиңди жөн кылсаңчы, – дейт арсыз.

«Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат». Анын кудайдын чийининен чыкканын көрүп, мындан ары минтип жашоого болбостугун даана түшүндүм. «Кадырласаң кадырлашаар, кадыры жоктон баары качаар». Мен өзүмдү миң жолу анын алдында күнөлүү сезип, өйдө карай албай жүрсөм, ал билип туруп: билмексен былгытып жүргөнүн кара. Баягы «көңүлү калган адамдын, көлөкөсү да сүйкүмсүз» болуп «котур ташы койнунда» экенин көргөндөн кийин, дилим карарып, көксүнүм биротоло сууду. Эрдин кыянатын көрүп «кардыма ыйлабай, кадырыма ыйладым». «Ысыгыма күйүп, суугума тоңбосо», абийиримди коргобосо, андай эрдин эмне кереги бар? Түбөлүк жар болуп жыргатабы. Ал кантип ушунчалык кайдыгерликке, муз жүрөктүккө барганына ушу кезге чейин таңмын. Ал кантип эле ушуга барды?! Же башынан намыссыз акмак беле?! Аюу деле ургаачысын коруп, кызганат тура...

Атүгүл «атаң карыса кул кылба, энең карыса күң кылба» деп анын эне-атасын аяп, карыганда кыйнабайын деп балит ишке көзүмдүн жашын көл кылып атып түшкөнүмө алар кабагым – кашым деп койгон жок чиркин. «Эшектин күчү адал, сүтү арам» деп дал ушулар пейилдүүлөр чыгарса керек. Көрсө жергиликтүү эл түрктөрдүн андай ит кылыгын мурунтан билет экен, билип туруп «барсаң барып түрктөрдүн кызматын кылып кел, кичине кыйналсаңар, анан үйрөнүп кетесиңер» деген ошондогу сөздөрүн эстеп, муунум титиреди. Өз баласы болсо ошентет беле? Илгери «ата намысын арсыз уул кетирет» дечү эле, азыр келиндеринин намысы, абийири уруунун ар-намысы болбой, ар ким күн көрүү үчүн баарына кол шилтеп калган алсыздыкты, жүдөткөн жокчулукту эстегенде каңырыгым түтөдү.

«Майга эрибей, сууга эрийт –
    Туздан жаман нерсе жок,
    Өзгө эрибей, жатка эрийт –
    Кыздан жаман нерсе жок» деп байыркы элдин айтканы чын билем. Бир сүйгөнүм деп баарына кайыл болуп, төркүндөрүм «алып кете берели» дегенине моюн сунбай, ушул жаман адамдын артынан ээрчип андан тирөөч, жөлөк издегениме, ченемсиз ишенгениме катуу өкүндүм. Тобокел деп «күзгү күчүңдү күйөөңө бербе» дегенди эске алып «уй сыйпаганды билбейт, жаман сыйлаганды билбейт», «жаман жолдош жоого алдырат» деп алып түрктөргө бет алдым. Менин «кызматка кеткениме» эрим катуу сүйүнүп калды, арыңа келгир. Арданып өлөөр күнү кайда?

Жол салган түрктөр көппөгөндө кантет. Мал сойсо, семиз чыкса, майын жебейбиз деп кесип ыргытып топуракка көөмп салышат экен. Өкмөт деле элди ойлоп, жолду кыргыздардын өздөрүнө салдырса көп киши жумуш менен камсыз болбойт беле! Кредиттин айынан киргилт суулар көп кирди. Айлыкты очойто алышат, а бизде 15 киши биригип бирөөнүн айлыгындай эмгек акы алышпайт. Кыскасы, Кетмен-төбөнүн кыз кыркынын тобу менен түрктөргө салып берип, кыргыздын эр жигиттери беттерин табактай кылып отурушат. Билет, унчугушпайт. Анан ал элдин ыйманы талкаланып кыйсыпыр болбогондо, кимдики болот? Мен «кирин жууп» жүргөн түрккө барып, боюмда бар экенин айтсам жарым күн шылдыңдап күлүп, кордоп кууп чыкты.

— «Мага сасыган, бузулган кыргыздын баласынын кереги жок. Катындарын тыңдап карай албаган эл элби? Силер ансыз деле негрден , кытайдан, орустан тууп жатпайсыңарбы. Силер кимдин тепсендисинде калбагансыңар. Жол салгандардан кыргызга тукум калбаса болобу, кийин ушул жолдун ээси болот биздин тукумдарыбыз. Бирок, биз силерди албайбыз. Ит бекер болуп, жугундуга кызмат кылып эт бетиңерден кетип, абийириңди сатып атсаңар силерди көчөдө жүргөн ит деле эметпейби. Көзүмө көрүнбөй жогол, ким көрдү кылып сала электе» деди. Биздин меймандын жеке пикиринен кийин Бишкекке келдим. Жаштык кылып, ачууга алдырып, боюман түшүрүп салып тилимди тиштеп отурам. Бир бала өзүмө деле керек эмес беле, «битке өчөшүп көйнөгүмдү бекер өрттөптүрмүн». «Үшүгөндү шишиген жетелейт» болуп, тияктан жолум болбой көңүлүм үч көчкөн журттай калып келсе, бияктан тили менен арбап, жаш кыз-кыркынды алдап алып келип зөөкүрлөрдүн колуна салып берген бир шуркуяга туш келип, алданып дагы шорум шорподой кайнады. «Шордунун шору арылбайт» деген ушул да эже,-деди келин: «Аңгектен качсаң дөңгөккө» болуп, бул акмакка жолуктурган тагдырына таш боордугун кара. «Пейили жакшы адамдар бетегелүү булуңдай» дейт эже, бир жакшылык кылып жол киреге тыйын бериңиз, жакшылыгыңызды унутпайын, – деди жалдырап ыйлап. Түтпөй жолго акча бергеним менен ичимден «аттиң ай, жолу бузулуп калган экен», «кемчилиги көп адамдын кемсинтеери көп болот» дегенди эстеп көңүлүм кыраа болду. Сөздөрү ойлуу экен, мүмкүн багы үчүн күрөшөөр. Алгач мен ойлогондой жеңил желпи, бузулган деле келин эмес экен. Ал айткандай, бүт Кетмен Төбөнүн эли, аялзаты бузулуп кетпесе дагы, жанагыдай терс кайрыктар, айрым жоруктар бар экенине ынандым. Алда шордуу кыргыздын кыздары ай, убалыңар намыссыз эркектерге жетсин! Алты саны аман туруп айдай жарларын көр оокат үчүн ар кайсы аңгиге салып берген журт оңбосун. Деги элибиз аралашып, ар кимге сиңип жок болуп тынбасак экен. «Көр көкүрөк жигиттен, эр көкүрөк чал артык» деп бекер ыйлабапсыңар да жаңы замандын муңдуу кыздары. Бүлөсүнүн намысын тепсетип жашаган жашоонун арты кандай болот? «Айдай чырайыңды, иттей кыялың бузат» дегендей, төшөктөштөрдүн, никелештердин чыккынчылыгына, колдон колго өткөн олжо катындардын тагдырына сересеп салып отуруп деги эле адам башын кесир кылып кумарга сайып, беш күндүк оокатка айырбаштоого кебек баштардын акысы бар беле деген кыжаалат ой келди. Бул кылмыш эмнеге жазаланбайт? Эл тагдырын чындап ойлогон эл эгеси качан такка отурат? Канчалык туталансам дагы бу турмуштун ит кордугунун жандырмагын, оңолоор өзөгүн азырынча көрө албадым. Турмуш оңолмоюн, абийир тазарбайт го. Ээ кудай, пендем десең кыргыздын кыздарынын бактысын ачып, таалай тагына жетеле. Бир аз оомат жылооло, антпесең түбү терең туңгуюк ажыдаардай оп тартып бараткансыйт. Эли аман турганда өз жеринде бөтөнгө кор болгон олжо катындар көбөйбөсө экен, кудай. Үшкүрүгүм таш жарат... Теңирим тең болсо эмнеге тентегин тескебейт? Эх, турмуш, канча кабат табышмаксың? Канткенде ажаатыбыз ачылат?

1998-жыл, 7-май

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Сыдыкова К.С., 1998. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4263