Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 28 марты

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

Эр издөө

Нарк-насилге негизделген турмуш куруу көйгөйүнө арналган. Анда адамдардын жан дүйнөсү жакырданып асыл жар табуу кыйын маселеге айланганын, жалгыздык жан дүйнөнү чүнчүтөөрү жөнүндө жазылган

Сыдыкова Кален. Эр издөө: Аңгемелер. Көркөм публицистика. – Б.: «Бийиктик», 2002. – 127 б. китебинен алынды
    ББК 84 Ки 7
    С – 95
    ISBN 9967-21-508-9
    С – 4702300400-03

 

Жашоонун далай азап тозогун көргөн, кырктын кырына барып токтолуп калган, элге белгилүү аял арманын ичине катып жүрдү. Бир топтон бери жалгыз бой. Илгери «чыгынган катын эрге тийет» дегендей, иликтеген менен бу чакан шаарда колго илинээр ишенимдүү киши табуу кечеңдеп, жашы өтүп баратат. Турмуштан кагуу жеп калгандарды коопсунткан көңүл маселеси ылайыгына каратат тура. Жууган карагаттай мөлтүрөгөн чагы өтүп кеткен менен, эр керек эле деп эптеп табылган эркекке этек ача бербеси бештен белгилүү дечи. «Айта берсе арман көп» дегендей, үй дегенде үзүлө түшүп, бир канаты көк тилип, бир канаты жер чийип жашаса дагы анын кадырын билбей, эри арактан бузулуп, кылбаган кылыгы, жасабаган санаты калбай, үй-бүлө эмес түлөгөн тайлактай өзүн карабай, акидей асылып ар кимден ичкилик доолап көчөдө калган. Ичкиликке берилүү түгөнбөс мүшкүл турбайбы.

Зайып аны «ана оңолот, мына оңолот» деп ишенип жүрүп манчыркаган жаштыгын армандуу өткөрүп ийгенге өкүндү. Кейибей койчу жорукпу? Кантип гана, элес албай кайдыгер жанга тагдырын карбаластап табыштап койду экен? Денесинен көгала менен сынык кетпей жүрүп көкүрөгүндө эсепсиз тирүү муң калды. Элге билинген, кадырланган талантына сөз тиеби деп корунуп, куру намыстанып жүрүп жүрөк башында туйлап турган тирүү муңуң эч ким менен дит багып бөлүшө албады. Кимге айтып башын муштайт? Чүнчүгөнүн кеч түшүндү. «Элге сөз болом, журт эмне дейт» деп абийирдүү аял өзү акыл токтот тура. Тайкы түшкөн тагдырына наалат айтып өкүнгөндө не, өкүнбөгөндө не. Андан көрө өктөөсү өчө элек өмүргө куштарлануу зарылдыр. Кантсе дагы байлык адамдын асыл башынын амандыгы менен ченелип өлчөнөт го. Чиркин, жаралгандан жан, берилген нике адамга аманат, насыя тура, аны сактап коргобосо, аздектебесе төгүлүп, чачылып, жоголуп кетчү кайып касиет тура.

«Карабаса катын кетет» деп илгеркилер айткан менен, өз тагдырына өзүн карабаган дейди эркек бүлөнүн убал-сообунан коркпой жүрүп адам кейпинен чыкты. Анын айынан аялы аргасыз тирүүлөй жесир болуп, эри үчүн абийири айрандай төгүлүп жашоосун кечирип келет. Канча нике кайып буюрса дагы «буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө» болгон менен тагдырын кара кыздын агы эмес, багы билет тура.Тарткылык экен, эри телтейип көчөдө калган менен «таранчы жеген таруунун, бөдөнө тартат азабын» болуп, анын азабын үй-бүлөсү, урук тууганы тартып «ийне жеген» иттей куурап, басынышты, «сөзгө сөлтүк, кепке кемтик» болушту. Аны менен болгон турмуштан жалаң заарын агыткан ачуу сөздөр, кекенген ызыруулар гана жадында калыптыр. Катыгүн десе, «көйнөктүн кири жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет» дегендей, көңүл кири айтса кетип калса кана?! А талкаланган тагдырычы, балдардын убал-сообучу? Кийинки кезде жылдызы түшүп, көңүлү тарыгып барат. Же бир ден-соолугу чың болсо эмне, эптеп балдарына баш көз болуп турганда. Эринин азабынан сыркоолуу да болуп калды. Какмаланган жеке тагдырын оң жолго коюу ичим тап кишилерге азап же ачылып сырын айта албаса, көкүрөгү зилдеп көңүлү кирдеп ачыгат экен. Жада калса «эри жокко этеги да душман» болуп, болоор болбос кеп-сөзгө илешпейин деп сактанып жүрүп айласы алты кетип, ичтен тынып, тымпыйып жүрүп ургаачы кургур чарчайт тура.

Эрге эрте тийип турмуштун аки-чүкүсүн көп аңдабаган неме жалгыз бой болгону мурун элес албагандарынын кандай мээнет мүшкүлү бар экенин салыштырып туюнууда. Пендечилик кыйын, бир кезде жаш жубан өзү дагы тыңдуусунгансып, мурдун чүйрүп, дөөлөттүү-сөлөөттүүсүнө эри менен ажырашкандарга, көңүлдөш күткөндөргө зааркана жийиркенүү, түшүнбөстүк менен караганына, кырсыйып менменсингенине, таалайына түшсө тагдыр такыр башка болооруна көзү жеткенден кийин ичинен уялды. Илдеттин, дөөгүрсүгөндүн баары кирдеп бүткөн же таптаза дилде деле эмес, турмушту билбегендиктен, башка түшпөгөндүктөн да болот. Көрсө ал деле турмуш ыргагында келаткан жандуу жашоо муктаждыгы, чындыгы, өмүр маңызы тура. Жүйөөсүзүнөн жүйөөлүсү арбындыр. Чытыган кабакка, түнөргөн каректерге ылым саноо көп адамдын деле колунан келбеген чоң иш экенин эми баамдап отурат. Сыягы, өзүнүн нике учурунда андайларды бучкагына теңебеген ооматтуу күндөрү, төшөк жыргалдары, кылыктануулары көп болгон көрүнөт. Кара, эми, жардам керек болуп турганын. Жалгыздыкты бөлүшүү каала жеринде оор. «Башым бош, күйөөгө тиет элем» деп элге ачык жарыя кылбагандан кийин, күңкүл сөз аралап, бөтөндөргө табышмак болуп аңдый беришерин байкады.

Жалдыздыгыңды билген телитеңтуш, тууган туушкандар деле жоопкерчилигинен качып, кээси эбепке себеп болчу ылайыктуу адам менен тааныштырууга чыгынбай, беймарал өз оокатынын камында жүрө беришерин билип, өзүнчө капа болду. Алардын көңүлкоштугун жектеген менен айла канча, убал сооптон коркпой «бакпай балээңден» деп сырт болушат. Анын үстүнө иргей келгенде жакшысынан жаманы көп адам кылыгы опурталдуу эмеспи. Жаш токтолуп калганда турмуш куруу – өзгөчө басмырт, оор басырыктуу, шуул дап-дуулдаган куулугу жок, түз жүргөн адамга өтө эле кыйын тура. Оозуна наар албай кесерип, өзөрүп жүргөндөй, жалгыздыктын жанга баткан азабын төгүлүп чачылбай, былк этпей көтөрүү ар кимдин эле колунан келе бербеген кыямат иш. Кабатырланып, кыйналып, көңүл чөгүп жүргөнүңө карабай кара ушак аралап, ыплас нерсеге аралаштырып ийиши деле ыктымал. Ошентип, өзүңө өзүң күнкор болуп кыярып жүрсөң «сага чала» деген көздөр, сөздөр болот тообо, эмне кылыш керек? «Эрдин бөтөнү болбойт». Ойлоп көрсө жаштайынан калжаңдап жалжаңдап сөз айткан эркектерден өзүн алыс алып жүрүп кадырлашкан, көңүлдөш адамды деле күтпөптүр. Күткөнгө чолоосу деле, көңүлү деле жок эле ал учурда. Көңүлдөш күтөйүн деп көңүлдөнмөк тургай оюна келбептир. Жалооруп жабышкандарды жактырбай кагып, кээде кереңдей атайын көңүл бурбай, алардын көңүлүн калтыруунун далай амал-айласын колдоноор эле. Өтө жалпаңдап ээрчигенин жек көрүп жашынчу. Азыр алар көңүлдөрү сууп, сугун артуудан калып, супсак учурашып калышкан. Эми баамдаса бирди жарымга аял болуп каш какпаган экен, чиркин. Андайга асман айдан түйүлүп, мындайдан жаа бою каччу. Андайды азгырык, бузулгандык деп жүргөнүн ойлоп демин ичине алды. Бири кем дүйнө, анан калса карасанатайлагансып мунун маңдайына «ала жипти аттабаган» актыкты, тактыкты, аялдык улуу абийир, уятты жаземдебей жазганын кара. Турмуш башка, шарт башка деген менен, ургаачылык кылыкты, назарды чектеп өзүнө кыянаттык кыла берүү деле табиятты чектөөнүн, ачпоонун жышааны го. Бир чети эри кызганчаак чыгып, обу жок коруп, болоор болбоско ызырынып жүрүп жүрөк үшүн алганы да буга түрткү болсо керек. Өзү деле зымга тарткандай зыңкыйып жүрүп, көңүл ишине анча көңүл бурбаганына, иш, иш деп жүрүп жилкини, жилиги соолуганына, талантын бапестеп убакытын бүт ошого жумшаганына бир аз ой жүгүртүп, анын туура же туура эместиги боюнча бир бүтүмгө келбей ыргылжың. Күйөөсүнөн башка бетинен өпкөн, куушурулта кучактаган башка жигитти ырымга эстей албаса, ал жаштыктын аты эмне? Ойноп, күлөөр жаш чакта, ойнобой үйдө отурган арманбы же элде айтылгандай эстүүлүк, тартиптүүлүк беле? Жалпы эреже, бүтүмгө келгенде мындайда нарк жеңип кетет эмеспи, ошентсе да... Капырай, кыргыздын эзелки чындыгынын кыйынын кара: «чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот» деп айтып. Муну кимге насааттаган?

Сыртынан «эрим бар» деген менен жакшылыктуу жашабаган, жан дүйнөсү жалгызсыраган, эңшерилип эрсиреген канча адам бар бу дүйнөдө? Атын огожо кылган менен заты кем болсо, адам өксүйт тура. Мурун балдарына карамалап, жаман эринин азабы менен алектенип, ачылбай жүрүп жарп жазуудан кур жалак калганын чындап билгенде күйгүлтүккө түштү. Эмнеге жалгызсырайт? Эмнеге эч кимге ишенбейт? Эмнеге эргиген сезим келбейт? Ишенери, көкүрөгүндө күткөнү жок тура. Саруулап, санааркап, карайлап, кыйналып, кыжаалат, түпөйүл болуп турганда ишенген, соороткон, көңүлүңдү экиленткен, жашоого кайрып кумарланткан же бир өксүп ыйлап даттанып алар жаншерик адамың болбосо, бул да чоң арман турбайбы... Көөдөн тиреген муңду, кыярган көңүл кушун ардактап, алаксытып алаар асыл адамдын теңдешсиз баркы күн өтө катуу билине баштады. Чарпылса да, чаалыкса да тагдырынан ошол асылын издеп көрүүгө бар тобокел кылды. Ниетинде аяп турган адеби бар, «көз отун башкага кылчайтпаган» адамына кездешеер бекен? «Көл үстүндө туйлап турган толкундай» жүрөктү өрөпкүткөн эркексиз өткөн ар бир күн өкүнүчтүү тура. Көрсө, көр оокат өтө берет экен, аны менен жаш кошо кетеерин анча элес албаптыр. Айрыкча, төшөккө жаткан узун түндө жалгыздыкты чындап сезчү болду. Жалгыз жаздык жаздангандан заарканат. Жалгыздыгын бөксөртчү ким? Күтөт. Кусаланат. Эңсейт. Түйшөлөт, үмүттөнөт. Күрсүнүп өксүйт. Ичтен түтөй берүү ишти чечпесин билсе да түтөйт, эртеңден баштап эр издейм, караштырам, турмушумду өзгөртөм деп өзүнө миң убада берип убайым менен түн өтөт. Бирок, кимди күтөт? Туңгуюк. Кудай урбадыбы, акыры бир, адамга жакшылык ыроолонуш керек да. Ошентип күндөр өтө берди, жолунан жолуккандардан жолдуу боло албады...

Баарына байым керек экен. Жумуштан убакыт үнөмдөгөндү, кишилерге назар салганды кылдаттык менен өздөштүрүүгө киришти. Байкаса жумушта деле, көчөдө деле карбаластап, шашып, эч кимдин жан дүйнөсүнө үңүлбөгөн көңүл кош, кыжынган же бир нерсеге нааразы болгон, же алды бердини, кантип жан бактырчу көр оокаты же маңызы жок карандай саясатты эле сүйлөгөн, алакеттенген адамдардын түрүн көргөндө көңүлү суу сепкендей болду. Шатыра шатмандык, куунактык, шынарлашуу, ынактык кайда? Ушул жолу даана байкады, өзү деле ушулардай каяккадыр дайым шашып, дит бакпай шуулдап жүрсө керек. Же көртирликтин сары эсеби менен жүрүп баары жан дүйнөсүн кирдетип бүтүшкөнбү? Зайып бир күнү диттенип, ички дартын теңтуш кошунасына айтууну эп көрдү. Буга белди бек бууп чыгынганы менен бети чымырады. Адегенде эмне дейт деп чочуду. Кандай ойдо калат? Бир чети ойлоду: же шылдыңдайбы? Качанкыга чейин мизинен бүктөлгөн макиге окшоп жүрө бермек эле. Биерде куру намыстын кажети не деп тапты. Эбепке себеп болуп кошунасы чүпөрөк көтөрүп баш багып калды.

— Сага көрсөтөйүнчү деп кирдим, материал аласыңбы? дейт. Караса дурус. Тыйындан каржалып турса да «ойлоноюн» деди.

— Шашпай бир чыны чай ич, – деди чай коюп жатып. Эшиктеш туруп чанда көрүшөбүз, өмүр деген суудай агып жатат, биз дүйнөгө түркүк болмок белек...

— Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы. Эмне, түркүк болбосуңа эми көзүң жеттиби? Далай жолу эс алып келели, саунага баралы, чогуу чаран отуралы десем «колум тийбейт» деп өзүң зырылдап качып турчу элең го, же эриңден жыргабасаң... Экөө ыкшып күлдү.

— Эмне эринен жыргабаган немеге бирөөнү таап берейин дедиң беле?

— Тапса эмне экен? Өзүң деле эмдигиче бирөөнү тапкандырсың? Ушунча мезгилден бери кантип тымпыйып жүрмөк элең?

— Тапкан да жүргөн да жокмун, ишенсең. Өзүң айткандай эрден жыргабадым. Ошо деп жүрүп жакшылык деле көрбөптүрмүн. Ылайыктуу бирөө болсо караштырбайсыңбы, байкап көрөйүн, жалгыздыктан тажадым.

— Аий, эркек жытын аябай сагынгансың го, минтип ачык айтчу эмес элең. Караштырайын, караштырайын. Куурабай, мурун эле ушул чечимге келгениңде не, бир, эки жакшы адамды колдон чыгарып жибербедикпи. Ушунча жылдан бери жыртайтып ошол эриңдин эмнесин кыя албай жүрдүң, билбейм, же эл сыяктуу жашасаң бир жөн. Аныңдын дайыны такыр эле чыкпай калды го, тирүүбү деги?

— Билбейм, тирүү жүрөт бекенби деп селсаякты кайдан издейм. Өткөндө тааныштардын бирөө көрдүк дешти. Аны кой, мен күйөөгө тийсемби деп атам.

— Чын угуп атамбы же каңырышпы? Аны кайдан таптың? – Жым дей түшкөн кошунасы таңгала карады.

— Эч кимди тапкан жокмун дедим го. Эми таап, турмушка чыксамбы деп сага акылдашып атпаймынбы. Бактым тайкы эле деп, көрүнгөнгө арызданып, ыйлактай бергенден эмне пайда? Эмне жардам бере аласың? Ылайыктуусу болсо караштыра жүр. Кыйналып жүрөм, кийинчээрек көбүрөөк жалгызсырачу болдум. Миомам да чоңоюп баратыптыр, догдур дагы эркек менен жаша деп кеңеш берди, – деди жубан чын ниетинен.

— Өзүң деле зыңкыйып жүрө бербей караштырбайсыңбы. Жакшы аял издегендер деле көптүр. Ушу жашка келип ойношуң жокпу?

— «Жакшы күйөө керек эле мага» деп кайдан издейм же кулактандыруу беремби? Жанагы жаман эрим оңолсо, тынч жашап калсам деп жүрүп, көп убакытты текке кетирбедимби. Баягы «алтын да таш, ташта таш, алтындай болбойт башка таш, алтындай болсо башка таш, алмашпайт белем башма баш» дегендей күйүт да. Мүмкүн, кеч болсо да жолум болуп калабы деп умсунуп атпайынбы. Ойнош жөнүндө уккум келбейт. «Ойнош оттон ысык, боктон сасык» деп кыргыз бекер айтпаса керек, көрүнгөнгө тебеленди болуп абийиримден кол жуумак белем. Аны үстүндө өмүрүмдө ойнош күтүп көргөн эмесмин.

— Ай, өйдө-ылдыйды ойлоп, антип капа боло бербе. Өз убал-сообуң өзүңдө болуп атпайбы. Эт бышканча, айранга талкан чалып турсаң болмок. Ой, ушу өзүң чоң кызматта эл аралап жүрүп, чоңдордун баарын деги тааныйсың, ошолордун арасынан кантип сөз айтканы, көз кырыңа илингени, колго илинчүлөрү жокпу? Бактыңа күйүмдүү эркек туш келсе экен эми.

— Болсо өзүмдөн аямак белем, же чоңдордун баары бойдок дейсиңби? Көбү көпкөн, бузулган, аягы суюк немелер, андайлар менен байланышып башымды оорутуп эмне кылам. Өзүң айткандай адамкерчиликтүү, түшүнгөн жан болсо дурус болбойт беле.

Ошентип, ал экөө көпкө кобурашып сыр чечишти. Бул маектен көп өтпөй кошуна келин тааныштыра баштаган эркектерден ылайыктуусу тилекке каршы, табылбады. Бүгүнкү тааныштырганы аялы өлгөн неме экен. Мүнөзү ошондойбу, тайсалдап, эркек көп ачыла бербеди, жөн салды аңгемелешип сыпалыгынан жазган жок. Же белгилүү аялдан тартындыбы, ким билсин, аял ичинен «баягы куу чирендердин бири го» деп калды. Өзү деле дилинен төгүлө албады. Отчетко чогуу келген кесиптештердей супсак, бир нерселерди аргасыз сүйлөшүп отурушту. Келин өзүн ичинен оңой менен сөзгө келе бербеген, чечилбеген, тоң, басмырт, кыйды мүнөзүн жектеди. Кандай киши эле бир көргөн киши менен камыр жумур болуп аралашып кетет. Батынбаганына, башка аялдардай эпилдеп-жепилдеп кете албаган мококтугуна, олуттуулугуна өзү бушайман. Минтип жүрө берсе жакында эрге тийбейт го. Антейин десе эркек деле көп көңүл бурдура алган жок. Бирок, илгери үмүт менен экөө жылуу коштошушту.

Ушундан жарым жыл өтүп Гүлайымдын жалгыз бойлуулугу баарына билинди. Чогуу иштешкен улгайган сырдаш эже тамактанып отуруп:

— Сага окшогон кызга бергис жубанды көрбөгөн кишинин көзү көр, – деди үшкүрүп. — «Ар күнү эрин каарыган, катын болуп жарытпайт» болгон долуларга, шайкелеңдерге эр бат табылат, мына сага окшогон этегин ачпаган жубанга түзүк адам табылышы кыйын. Көңүлүңдү чөгөрө бербей, өзүң дагы эркектерге баам салып, ымала түзгөнгө аракеттенсең. Эркек жарыктык терең адамды бат тааный албайт, жалжактап жүргөндөргө көп илинишет. Бирөө жарым чыгып атабы?

— Менден бир аз кичүү, такыр үйлөнө элек, бир карт бойдок артымдан калбай ээрчип жүрөт. Байкасам мага үйлөнөйүн деген пейили жок, пайдалангысы эле келет көрүнөт. Элге шерменде боломбу деп, такыр жуутканым жок эже. Анын үстүнө жугуштуу оору менен көп ооруп, дайым дарыланат деп эле келиндер шыбырай беришип, кулагымдын кужурун алышты. Сыягы, моралдык жагынан бузулган неме го, – деди жубан.

— Андайдан сак бол, азыр көрүнгөн катын менен жүргөндү өнөр көрүп, бүлө күтпөгөн жеңил ойлуу эркектер көбөйбөдүбү. Андайлар бир күнү «көпкө ыраазы болбогон, азга умтулуп зар болот», карыганда кароосуз талаада калат. Жаш кезинде бирөөнүн кадырына жетпеген, карыганда аны бирөө жактырып туруптурбу. «Жакшы катын – капкалуу шаар» деген чын, жашоону, дүйнөнү ошондой катындар сактап турган үчүн, эркектер эч нерсе билбей дардаңдап жүрбөйбү. Энеси менен катынын сыйлабаган эркек эч качан эч кимди сыйлап жарытпайт. «Кадырын жеңе билбесе, бойго жеткен кыз карып» дегендей, асыл жардын баркын эркек билбесе, ал асыл да акыры кор болот. Ал кордуктан да кутуласың, ылаажысы чыгып калаар, үмүтсүз шайтан.

Гулайым эр издөөсүн уланта берди. Өзү мурда аңдап сезбеген, билбеген кызык окуяларга, жагымсыз сезимдерге кабылган сайын көңүлү кайт болуп, кээде максатынан айный түшөт. Ыя, кокуй, эр издөө жеткен азап, машакат тура же бир анча-мынчаны байкабай калгандай романтик кези болсо бир жөн. Ал көбүнчө акылынын азабын тартты, ал кургур баарын иргеп, ылгап көзүңө, көкүрөгүңө даана көрсөтүп турат тура. Көрүнгөн эркектин кылык жоругун, адебин көрүп эси ооду. Атаңдын гөрү, тынч жашаса, ичкилигин таштаса жыт сиңишкен өз эриңден өтөөрү жок тура, айла жок, жок издейсиң. Далай жолу көңүлүн калтырган, жүрөгүн ооруткан дервиш эрин эстегиси келбеди. Эри эрдей болсо ушул кордукту, басынууларды көрөт беле. Колдон келсе кыз алган эриң менен жашап калганга не жетсин, «аюу да болсо эрим бар, үңкүр да болсо үйүм бар» деп бир кеменгер катын турмуштун түпкүрүн көрүп түтөп туруп айткандыр да.

Келин бүгүн көңүлү ооруксунуп, ыза болуп келди. Анан бир кезде «алтын баштуу катындан, бака баштуу эр артык» деген эски макалды эстеди. Мурун муну келжиректик деп эсептөөчү, көрсө мунун бир аз чындыгы турмушта бар сыяктанат. Табият кантсе да эркектерге бир топ артыкчылыктарды бериптир. Жүктү аялга жүктөп, дүйнөнүн түпкүрү сен болосуң деген экен. Көңүл чөктү болгону мындан болду: аяштары «байкап көр» дешип бир киши менен тааныштырышты. Алгач сыпайы отурган эркек ичкиликтен тартынбай ала бергенин көрүп жубан тынчсызданды. Ичинен «ичкиликти жакшы көргөн, бул дагы бир кудай урган неме го» деп ойлоду. Кылжыктап калган ал, эл танаписке чыккан учурда байкатпай келип, ой боюна койбой аны сыга кучактай тумчуктура өөп, эмчегинен мыкчып-мыкчып алса болобу. Мурун-кийин сырдана болбогондуктан, мындай одоно мамилени күтпөгөн аял ага итиркейи келип, андан жийиркенип, ызасы башына кайнап чыкты. Акмактын бул эмнеси? Кокус, эч ким жок болсо, баса калгандан деле кайра тартпайт го деп итиркенди. Ушуга көңүлү катуу капа болду. Алгачкы эле мамиледен жүрөгү муздаган ал, аны кагып салып кетип калды. Төшөгүнө көңүлсүз жатып, бүгүнкү мамилеге буулуга ызаланып ысык жашын төктү. «Эри жоктун этеги ачык» деп ким көрүнгөн аңги боло берсе, кир кол менен кармагыс адеп-абийирин кутуруп эрмектегиси келгендер да турмушта болот тура. Кудай урбадыбы, нарк-насилдүү эркек азайганбы? Жалккан көңүл жабыга, камыга берет тура. Кийинки кезде өзү дагы болоор болбоско сиркеси суу көтөрбөй чыртылдай түшчү болду.

Ойлонуп ойдун аягына чыга албаган ал акылга эмес, санаага көңүл алдырды. Калтаарыды. Бу дүйнөдө издегенин таппай өткөндөр канча. Учу-кыйыры көрүнбөгөнсүгөн, бир кылка көңүлсүздөй өңдөгөн табышмак жашоодон арыла албай, өзүн өзү көтөрө албай, акылы талып тажап бараткансыйт. «Жүлүнгө жеткен күйүттү, жүрөктөн кантип кетирет?...» Күйүп күйүп күл болгон жүрөктө не айып? Жубан өз тагдырын «бурганактан тажыларын талашкан кеч күздөгү гүлгө» окшоштурду. Далай жыл далысын салган тагдырды жазалоочу күч барбы? «Ар жалгыздык башта бар, ар кыл азап башта бар» эмеспи. Кайгыга батып «жат тагдырлуу адамды неге сүйгөн?» Бешенесине кечиккен бакыт жазылганбы? Аны алдыда кандай тагдыр шыбагасы күтүп турат? Жаңы турмуш баштоого кудрети жетеер бекен? Орто жолго барганда багы, дөөлөт кушу качса бул кордук эмей эмине?! Кайыптай тагдыр кайда алпарар экен аны? Бактылуу болгонго далалаттанган менен тагдырын эч ким жасап ала албайт тура! Бакыт кол менен жасала турган болсо жазмышы тайкылар кайдан чыксын. Майрам акын айткандай «бакытка марып кеткен ким бар дейсиң?!». Бакыт жана бактысыздык! Адам түшкүрүңдүн тагдыры, жан дүйнөсү ушул купуя, сырдуу, катаал, белгисиз үмүткө жана шектенүүгө толгон эки жөнөкөй түшүнүктөн турат экен. Оо Теңирим, пендеңи неге мынча бир отко, чокко салып, кайра күлгө чабасың? Жазалап туруп тазалагың келеби? Ансыз деле кара башы, куу чокусунда быкпырдай кайнаган, басмырланган түйшүгү көп го. Ар ким жолундагы чарпылган чындыкты танып кете албаган өз азабы арбындыр. Пендеңдин дилин ишенбестик ээлеп тукулжурап турганда сагынычтан, кусалыктан адамдар жарылса жер, дүйнө, аалам кошо жарылып кетип жүрбөсүн. Мына темтеңдеп мезгил кечип, бирди экиге улаган өжөрдүгүң, жан алакетиң, суктанган сулуулугуң, жаштыгың эч немеге алмаштыргыс учкаяк өмүрүң, дараметиң өтүп, өчүп барат, а көкүрөктө кыттай уюган өкүнүч, арман, көңүл калуу, калың куса, улутунуу гана калды. Мындайда көкүрөгүңө күү чалып арам, арасат ойлор шыкалат тура. Көөдөнүңдү тепчип өткөн арманың жүлүндү зыркыраткан күйүтүнө өзүң күйүп, өзүңө үйүлүп үн чыгарбай онтойсуң.

Эркектер айткандай, атаңдын көрү, дүйнө бок, куш канаты менен көрктүү болгон сыңары, эркек ургаачы өмүргө жагылган жарык сымал, дүйнөгө түркүк сымал бири бирисиз дүйнө көрксүз, өмүрү нарксыз, кызыксыз, жашоосу жалган тура. Гүлайымга окшоп артынан мээнет ээрчиген, көр тирликке тебеленген, көздөрү кайнап бүткөн, каржалган ыйбалуу катындар шордон башын көтөрө албай келатышканы өкүнтөт. Жылт деген жашооңдо ургаачы түшкүрүң, жан эргиткен жылуу сөзгө, көтөрүлгөн көңүлгө, багынткан эркектин камкордугуна муктаж турбайбы. Жаныңды ишенип бере алган асылга жетпей, бирок ардактап жашайм дегенге ишенип никесин кошкон, сени эмес өзүн жыргатпаган жарыктык эркектанага тагдырың байланганда, канатың серпиле жерге чабылып, дүйнөң кыйрайт турбайбы. «Түңүлтүп койсо түгөйү, аккуулар жалгыз жашабайт» дегендей, көксөп күткөн бир бактысына туш келчүдөй аптыгып, ашыгып үмүттөнө жашаган ушул тирилигиң да эч нерсе болбогонсуп алардын жаштыгын, кайратын жутуп өтөт ээ?! Кайран гана өмүр... жонуңдан муздак тер кетирет. Курбусу ырдагандай «Чарчаган ушул көңүлдү ким сурайт? Жалгыздап өткөн ушул өмүрдү ким улайт?» Муунган муңайым маанайды ким көтөрөт?

Кайдан жайдан экенин ким билсиң, анын ою боюнча, көңүлдөгүдөй адам жолукту. Лепилдеп өтө адамкерчиликтүү, камкор. Бир нече жолу кездешсе да кынтык кетирип, чеки иш кылган жок. Сүйлөгөнүнүн баары — абийир, ак ниеттик. Атүгүл келиндин кыйчалыш иштерине эки үч жолу чындап жардам берди. Анын айткан кеңештери, мамилелери идеал болуп чыкты. Кароолонуп кайыккан кам көңүлгө дайым үйрүлүп турат. Эр издеген жубан эс дартынын баары ошондо болуп, ага өзү кандай имерилип, көзүн карап калганын билбей калды. Бир нече жолу коштошоордо кучакташып, эзилип эстен тана өбүшүштү. Болкулдап эрисе да, андан ары өтүшпөдү. Ургаачы ага өзү даяр болуп калганда ал кол салды. Көптөн бери көксөп жүргөндүкү го, чери жазылган жалгыз бой ага караманча өкүнгөн жок. Оттон ысык болуп, кыйышпай кылгырып турушканда мындай жыргал катар-катары менен бир нече күнгө, кээде бир күндө бир нече жолу болуп кетти. Бирок, бир нерседен шек санай түшкөн келин эсин эрте жыйды. Жарым айдан кийин этек кир сыяктуу былжыраган ак суюктук куюлуп, сасып, жыттанып, жан жерин жан койбой кычыштыра бергендиктен чочуп, догдурга барса жугуштуу оору деп дарылай баштады. Жубан тилин тиштеди. Көктөн шукшурулуп келип ташка урулган ургаачы туйгундай өзөрдү. Ошондо гана дасыккан митайымга, жүрөнөөккө жолукканын түшүндү. Чарчаган көңүлү эс ала түшкөндө, мындай абийир кетирген ааламатка жолугам деп үч уктаса түшүнө кирбептир. Ошондо телевизордон «коопсуз секс» деп миң жолу көрсөткөн презервативге бир да жолу маани бербегенин ойлоп, катуу өкүндү. Көрсө ал дагы турмуш зарылдыгы турбайбы. Кокус спид, котон жара жугузуп алса не болмок, эл караган бети жер карап, таза кокуй ошондо болмок турбайбы. «Уялбагандан өзүң уял» болуп ал митайымга териккен менен аны менен эмнегедир ачык уруша албады. Кантсе дагы жалгыздыгын бөлүшкөн биринчи эркектана эмеспи. Жалбарып телефон чалып, «жолугалы» дегенде гана: «жугуштуу оору жугузупсуз, айтып койсоңуз болмок экен. Дарыланып атам. Мындан ары мени унутуңуз» дегенге араң жарады. Көңүл өктөөсү өзүн жеген жубан кудайды карабай алдаганына, бул иште караманча тажрыйбасы, эби жоктугуна санаа тартып, ичинен күйгүлтүктөнө берди. Капканга кандайча түшүп калганына өзү таң.

Кээде ал ар кайсыга санааркайт. Же санаасы тынбайт. Турмушунда жолуккан жакшылык, жамандыгын, айрым жаңылыштыктарын ичинен иргеп, талдайт. Заруркап санаага батырган, жабыркаткан жактары эске түшкөндө көзү караңгылап, көкүрөгү ачышат. Дайым эле уйгу туйгу сезимде кыйналып жүрүү аны жүдөтүп, чүнчүтүп жиберген эле. Көңүлгө «кылт» деп аргасыз түшө берген бул кандай сезим? Өз киндигин өзү кескен жетимчилик турмушу, «кантип жан сактайм», «тиге жетем, буга жетем», «аны жасайм» деп жүрүп карегин ой жеп, жалаң карандай мээнеттен арылбаган башы өзүнө бир эркиндик берип, жарпы жазылып, арууланып, бакытка балкып-чалкыбаган экен чиркин. Канча жанталашса дагы жалгыздыктын арбайын сокконуна каңырыгы түтөп, ызанын, кор болуунун ачуу жашы тамагына түйүлдү. Сезимди заматта будамайлап жибере албайсың, анын таасири жөө тумандай көпкө кучагына алат. Бирок, жадеп өзүнө өзү гана ишенип, миң түрлөп кайраттанып көнгөн акыл-эси, ниети, сезими анын көзүнөн жаш чыгарбай кысып салган менен, үшкүрүгү жанар тоонун жаңырыгындай шуулдады. Көлдөп ыйлай албаганына таңгалды. Жалаң мээнет менен азаптан каржалган мындай кор турмуштун кимге кереги бар? Кара башын эле ойлой берсе аны караан, медер туткан балдарынын күнү не болот? Жем талашкан балапандардай али буттарына тура элек. Алаканга салып ардактап алаары жок болгон соң эмнеге таянат? Же каалаганын арбап алгыдай, базары бапырап турган алмончоктой жаш кези эмес. «Ургаачынын чырагы кырк» деп өзүн жооткоткондо не пайда? Өтүп жаткан армандуу жаштыктын ордун ким толтурат? Илгери күйөөлөрү өлгөн энелери «кырга чыгып кызыл жоолук булгадым» деп бири-бирине күлөбагып табышмактуу үшкүрүшсө түшүнө алышпачу. Көрсө, токтолуп калганда жүрөк элжиреткен, көңүл толкуткан сезим дагы сейрек болот турбайбы. Кылыктанайын, жагалданайын десе жарашпай, тоңдоос тартып, кыл жылдырбай туруп алганы өзүн чарчатканын байкады. Жагалданганга дагы сырдана түгөй, жыт сиңишкен эр керек тура.

Эстүү жубан жалгыз бой катындардын эрге тием деп түрдүү азаптарга, окуяларга, кырсыктарга кабылгандарын далай эле жолу уккан, окуган. Өткөндө бир эркек «баш коштум» деп эки-үч ай жашап, ишеничке киргенден кийин аялы үйдө жокто ырыстуу оокатын бүт уурдап алып жолго түшкөнүн, дагы бирөөнүн аялдын үстүнө күч күйөө болуп киргени аз келгенсип катындын үйүнүн документин күрөөгө коюп, аны талаада калтыргандан кийин сайда саны, кумда изи жок качып кеткени сыяктуу түрдүү түркүн мүшкүлдөрүн, шумдуктарды угуп жакасын карманган менен, «турмушта дагы жарык болоор жакшы адамдар бардыр, кантип эле бүт ушундай болуп калсын» деп көңүлүнө шыпаа, ишенич издегиси, таяныч тапкысы келген. Көрсө, үмүт кургур, тээ алыстан жылтылдап көңүлгө тээк, көкүрөккө ишенич берет тура. «Барсыңбы?» деп бирөө жүрөт жол жакта, баардыгынан аша кечип отурсам» деп Роза акын айткандай, аны дагы издегендер бу турмушта бар көрүнгөнсүгөн айрым окуялар кийин болуп өттү. Кызык, жалгыз бой адамдын тагдыры жок издеп жүргөн жолоочуга окшош. Бу дайыны жок турмуштан, дайындуу бир нерсе үмүт этет, ой чегет.

Бир күнү чогуу иштеген эки келин менен дасторкондо даамдашып отурса жанындагысына апылдап-жапылдап эле бирөө учурашып калды. Тигини ал беркилер менен «жээним Канат» деп тааныштырды. Наар тартып отурганда жээни өзүн ууру тиктеп атканын байкап калды да көңүлүнө бүлүк түштү. Дароо тил табышканга эмнегедир аракеттенген жок. Ошол, ошону менен арадан убакыт өтүп эсинен чыгып кеткен экен. Кокустукпу же атайынбы, алар дагы бир майрамда чогуу болуп калышты. Төгүлүп тиктеп турган көзүнөн жалтайлап жазганды. Анан калса, жалбарып, эзилип тиктеп турган көздүн кубаты да өзгөчө болот эмеспи. Айланчыктап, жанынан чыкпай, урмат көрсөтө берди. Эски тааныштай аркы-беркини сүйлөшө, акыры кара баштарынын тагдырына өтүштү, сурамжылашты. Жигиттин көңүлүн жалгыздык өйүгөнүн сөзүнөн билинди. Капа болуп наалый да кетти. Мындан пайдаланган жубан:

— Жалгыз бойсузбу? – деди.

— Аялым экөөбүздүн кыжылдашып, чарпышып жүрүп өмүрүбүз өттү. Же жыргап жашабадык. Ажырашып алып, бир үйдө эки башка жашаган да жашообу?

— Тытышпай чыгып кеткен жоксуңарбы?

— Бу жашооң татаал, чиеленишкен нерсе турбайбы, – деди ойлуу. — Артыкбаш үй жайым болбогондон кийин, коколой башым менен кайда чыгып кетем? Эмне, бир туугандарымдын үстүнө барып жашамак белем. Же жумушка түнөп калгыдай бир күндүк таарыныч болсо бир жөн. Айласыз эле өз үйүмдө эки бөлүнүп жашап жүрөм. Ажырашкам деп деле тааныштарыңа айта албайт экенсиң, ар ким ар кандай түшүнөт. Азыр кимдин тагдырына ким эле күйүп атыптыр. Көзүнчө шыпшынган менен, мындай чыгып мазактоочулар өңгө эмес өздөн чыгып атпайбы. Эмне, өзүң дагы жалгызсыңбы? – деди эркек тигиле.

— Биздин дагы турмуштан жолубуз болбой калган.

— Бала чакаң барбы?

— Бар, тиричиликке жарап калышты. Балдарда не айып, кептин баары жашай албаган өзүбүздө болуп атпайбы.

— «Катыны жакшы болсо эри бактылуу болот» дегенге ишенесизби?

— Ишенбейм. Ошо жакшы катындын эри жеткен ит болсочу? Аялын барктабасачы? Бүлөөсүн аракка айырбаштап, алкымынан бузулуп кетсечи? – деди келин ызалана.

— Мындайлар да кездешет, – Канат ойлуу унчугуп, келиндин ичинен күйүп турганын түшүнгөндөй болду.

Жалгыздыктан жабыркап бүткөн экөө бири-бирине аяр мамиле кылып, кандайдыр ылым санап калышты. Жылуу мамиледе жүргөндөрүнө, көп кездешкендерине карабай «оозун сүткө күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет» болуп, экөөнүн ортосунда жата калуу же баш кошуу жөнүндө сөз чыга элек. Арадан жыл өттү. Экөө дайым майрамдарда, жакшы күндөрдө бирге болушат. Бирок, дале сый. Экөө бири-бирине өнтөлөп, жок болсо издешип, камтама болгон менен бир жыйынтыкка, чечимге келүү кыйын көрүнөт го. Кээде келин «мүмкүн, анын мага үйлөнөйүн деген деле ою жок болсо керек» деп санааркап калчу болду. Жалгыздын башына далай санаа чарк айланат эмеспи. «Көңүлү жокко» дейин десе, тамашаламыш болуп «менин периштеме ылазыбыңарды агытпагыла» деп ынталана эркектерден коруп, ага эч кимди жолотпойт.

Ал бүгүн дагы чачын жайып алып, караңгы түндө төшөгүндө уктай албай окшойуп отурду. Уйкусу качкан. Ыйык сезим өзүнө чакыргансыйт. Буюктурган, кайсалаткан сезимин кантип тыят? Кийинки кезде, жүрөгүнө агылган кусалыктан онтоп, жаздыгын мыкчыйт. Денесинин курушканын, чаалыкканын жаза албай мүгдүрөйт. Денени ымыр-чымыр кыла кууган ысык кан боюн алып, алсыратып, ышкысын козгоп, жан кумарга дүүлүктүрүп эңсеттирип эсин эңгиретип келет. Көкүрөктө эңсөө чытырап, эркекти күсөгөн албуут сезим өйдө-ылдый агып, жанын жай алдырбаганы үчүн буулуга-буулуга бакырып ыйлагысы, бирөөнү өпкөсүн куушура кучактагычы келет. Оюна койсо эч нерсени ойлобой, намыстанбай, жашынбай, этиеттенбей эле табиятка гана багынып, адам чыгарган акылдуу делген жасалма эрежелерди кыйратып, кыйкырып чыккысы келди. Адамды адамга эңсеттирген бул эмне деген жапайы күч? Жүйөөсү чыгып турса дагы чиркин, кээде, эстүүлүк да далай нерседен жаза бастырып, тарткынчыктаттырып жеткирбей кууратат окшойт. Адат, акыл азабы жолун бөгөп, эсин жыйууга кылчактатканын, айбыктырганын кантесиң, жада калса ушундайда өз акылың өзүңө жоо. Шагың сынып, көңүлүң сууп, кирдеп турса дагы боюңду түзөп, өзүңдү өзүң жымсалдап, алдап, танып жашаган жашоо бул эмне жашоо? Качанкыга чейин сезимди тумчуктурган, ооздуктаган сабыр жеңет? Акыры, тагдырга моюн сунуу деген үмүтсүз, аракетсиз отура берүү эмес го.

Өмүр суудай агып атса өзөктү өрттөгөн табың, өзүңө өзүң сыял¬бай турган жаштыгың, туйлап турган жүрөгүң болсо кейип өтүү кечиримсиздир. Дайым эле көлкүгөн көңүл жээриле бербестир. Качан болсо оттук таштай ишенич, көңүлдө бир оорулуу чындык жашынып жашайт тура. Кайчы өткөн тагдырларга наалыган менен жалгызсырап, сени дагы тагдырынан жолуктурам деп издегендер бар болот. Дидар кайып, насип кайып дал келсе жолдору кесилишер.

Канатты көбүрөөк билгенден баштап кадимкидей караан, эш тутту. Эмнегедир, жок болсо сагынып күтөт, кээде тымызын жол карап мүшкүлдөнөт. Эпадам жолугуп калса, анысын билдирбейт. Ал жанында болгондо куштарланып дүйнөсү түгөл, көңүлү тынч, төгүлүп чачылып жайдарыланып калганын өзү дагы сезчү болду. Анын эң бир аярлык менен элжиреп, жумшак гана көзүнөн өөп коймою бар. Ушинткенде, келин тыбырчылаган менен бети ачылбагандан кийин айла жок тим болот. Күймөнүп, сезимдер бир ысып, бир тоңо берүү адамдын нервин бузуп, кесел кылат көрүнөт. А бирок, аны билген ким бар? Балдары менен таанышып, үйүр ала баштады. Боюн салып, көмөктөшкөнгө балдары дагы имерилди. Бирок, тагдырдын тамашасын кара, «багы жокко дагы жок» болуп, Канаттын чындап өзүн алаарын ачык туюп, ага өзү дагы ниетин коюп, ичинен «тием» деп аны көздөп калганда күтүүсүздөн каскак окуя болуп кетти. Ошол кайчылашкан тагдыры ордуна келеби, арты кандай болот, ким билет...

Иштен чарчап келатса Гүлайымга капыстан эски таанышы жолугуп калды. Барпалаңдаган неме жарпы жазыла, аны бура бастырбай көпкө сүйлөшүп туруп алды. Зайып дагы анын көңүлүн кыя албады, анткени, ал бир кезде «сүйөм» деп артынан калбай чуркаган кыз кездеги жигиттердин бири болчу. Жобурап атып, үч төрт жыл мурун келинчеги оорудан каза болгонун, ылайык жар таба албай кыйналганын айтты кейип. Анан тааныштары, туугандары дүрбөп, көрүнгөн башы бош катындарды тааныштыра берип тажатканын кобурады. Өзүнүкүн айтып бүтүп, Гүлайымдын турмушун такып сурап атып, анын жалгыз экенин билди. Билгенде, терисине батпай өзөртө кучактап катуу сүйүндү.

Дароо эле колун сурады:

— Баш кошуп албайлыбы, анда. Мени деги билесиң, эми экөөбүз кыз жигит болуп сынашкандан эмне чыгат? Өзүң деле бир турмушту көрүп калдың, – деди шарт эле.

Келин чыны, мындайды күтпөгөн эле, анын күтүүсүз, тез сунуш айтканына дендароо боло түштү. Аргасыз жооткотуп:

— Азыр эле алып кетчүдөй шаштырасың го, – деди күлүп. Кайра ойлоно калып, ичинен: «көп аялга күйпөлөктөй берип чарчаган экен байкуш» деп койду. Эмнеге ал «байкуш» экенин ойлогон жок.

— Бирөө колдон жулуп кеткенче, азыр эле бөктөрүп кетсемби деп ашыгып атпаймынбы. Ансыз деле илгери бирөө колдон жулуп кетпеди беле. Ашыктар гана ушинтип бири-бирине ашыгышат. «Макул» десең, азыр эле алып кетем, – деди кескин сыга кучактап.

Бошонгон Гүлайым ыңгайсыздана түштү. Кызуубу десе, соо. Андан бери канча жыл өттү. Адам өмүрдө өрүүлөгөн сайын өзгөрөт эмеспи. Жигит курагы башка эле, азыр кандай киши болуп калыптанды? Турмушка, аялга болгон көз карашы кандай? Аны бул саамда кантип биле коет. Жаштык кезде баары эле жакшынакай көрүнө берген менен, көрүнбөгөн көп нерсени турмуш өзү четинен чыгарат турбайбы. Кыз кезинде жигит катары чала бучук билген менен, бул азыр кандай адам болгонун чыны билбейт эле. Кийин келин болуп калганда деле «күйөөңдү ташта» деп артынан сая түшүп, жалбарган күндөрүн эстеди.

— Эмне кыласың эми, мага турмушка чыгасыңбы? – деди эркек шаштысын кетирип.

Келин анын көңүлүн ооруткусу келбей, өзүнөн сыпайы алыстатмакка:

— Азыр эле жолугуп, «турмушка чыга кал» дегениңе бир чети таң калып атам. «Сага тием» деп сөзүбүз бышып калгансып, эмнеге шаштырасың? Баягыдай учкул кыял жаш болбосок…

— Сүйүп, жетпей калганымды билесиң. Ансыз деле сени эстеп, эңсеп жашап өттүм. Сени күйөөңчүлөп эле алакачып кетиш керек экен, – деди эркек тамаша чыны аралаш. Ушул сөзгө келин абдан терикти.

— Анын аягы эмне, жакшы болду деген турасыңбы, – деди таарынычтуу.

— Таарынбачы, тамаша кылып атпайынбы. Гүкүбай, бактылуу болгонго не жетсин. Сени менен гана бактылуу болгум келет, алтыным. Айтчы, бактылуу болууга акыбыз жокпу? Азапты ансыз деле көп тарттым, сен деле оңой түйшүк тартпагандырсың муңайым, чарчаңкы жүзүңдөн көрүп турбайынбы. Же жалганбы? Аны өзүңө окшогон кымбат адамдар гана түшүнөт. Туура көрсөң колуңа кол, бутуңа бут болоюн. Эриш-аркак, өзүбүздү барктап өмүр сүрөлү. Кээ бирөө ырдап: «өрүкзарга барып, бактылуу бололу» деп жатышпайбы, өрүкзаар адамдын көкүрөгүндө, жан дүйнөсүндө болуш керек да. Жек көрүшүп турсаң бейишиң деле желмогуздай көрүнөт эмеспи?! Бакыт бирин-бири чын дилден түшүнүп, сүйүшүп колдогондорго гана таандык!

Иттики айе, турмуш агымы, кишинин иши, кылыгы ушул кооз сөздөрдөй болсо не?!

— Сөздөрүңдө калет жок. Турмушта төп келишкен жубай болуш чанда го. Адамдын баарынын бак дөөлөтү жарашып турса жазгырган жазмыштар кайдан чыгат?

— Жаным, бар тобокел деп, бактыбыздан көрөлү. Мага турмушка чыксаң, бактылуу кылганга сөз берем, – эркек аялдын колунан бек кармады.

Бүгүнкү күтүүсүз жолугушуудан ал үйүнө кеч кайтып келатты. «Кой» десе болбой, аны эски таанышы үйгө чейин бабырап узатып келди. Коштошоордо шап бооруна кыса имерип, бетинен байкатпай өөп алды. Ага каршылык кылганга келин үлгүрбөдү. Бул маалда үйдүн бурчунда аларды карап гүл көтөргөн Канат турган. Аны көрүп буйдалып, саамга алагды боло түшкөн келин эски таанышынын «жакшы кал» дегенине жооп кылбады. Кабатырланган, оңтойсузданган ал бери басканда, жанатан нес болуп турган Канат учурашпастан:

— Бул кимиң? – деп бурк этти. Эркек канчалык кыжырданганын сездирбейин десе да үнүнөн билинди.

— Эски таанышым, жолдон жолугуп калып жеткирип келди, – деди эмне дээрин билбей күйпөлөктөп.

— Ким көрүнгөн койнуңа кирип, көчөдөн бетиңден өбө береби? Ачуусунан олдоксон сөз оозунан кантип чыгып кеткенин билбей калды. Бүгүн жанбиргесине мындай маанайда жолугайын деген ою дегиле жок эле.

— Эмне деп атасың? Минтип айтканга кандай акың бар? Киши болгондон кийин киши менен сүйлөшөт да.

— Биринчи жолу ойношуң менен кармап атсам жаным кашайбайбы. Кирдүү кол менен кармагыс деп, өзүм даабай жүрсөм... Эмнеге акым жок?

«Ойношуң менен кармап» дегени өзгөчө катуу тийип сендиректей түшкөнсүдү. Күнөөсүз күнөкөр болгон жубан эч нерсе деп актана албады. «Каскакты кайдан деп болбойт» деп эл бекер айтпайт турбайбы. Күйгүлүктүк сезими ээ жаа бербей, ичин ит талап, кызганып, өрттөнүп турган кыйкымчыл бул эркекке эмне дээрин, кандай айла кылаарын билбей алдастады. Андай-мындай дешке ага болгон дилгир сезим жолтоо болуп турган эле.

— Кызыксың го... деди тайсалдай мукактанып

Аял мурунку жубайлык турмушунда, көп жылдык адаты боюнча эркек менен тирешип ажылдаганды, мындай жаалданганда аны тикирейип тиктегенди жактырчу эмес. Жашабай калган эринин күн көрсөтпөгөн кызганычынан, урушунан көңүлү калган, жалккан жайы бар эле. Ошондуктанбы, «унчукпаган үйдөй балээден кутулат» кылып, ачуусун ичинен баса, таарынган тейде жолдон ары өтүп кеткенге аракеттенди эле, кызганган эркек аны ийиндеп апчып, артка катуу силкип токтотту. Сыягы, келиндин мукактана түшкөнүн айыбы ачылгандай, тайсалдап калгандай кабыл алган неме сокур сезимге демдене түштү көрүнөт.

— Бүгүнкү кылыгыңды эмне деп айтмакчысың? – деди кекетип.

— Эчтеке дей албайм, анткени, эч нерсе кылган жокмун, – деди жазыксыз жубан эркектен ийменип. Анан акырын гана эркелеткендейби же ага капа болгондойбу – ушунча кызганчаак болбосоң эмне болот, эмне мынча кууратасың... Эри жок болсо эле, көрүнгөн жерде эзилише берет деп ойлойсуңбу? Эмнеге ызырынасың, мен бир чоң күнөө кылгандай, – деди ооз бош. Кумсаңдаган эркек анын жумшак дирилдегенин деле элес албай:

— Гүл көтөрүп алып, сага жөн эле жолугуп жүрөмбү? Сен баары бир меники гана болосуң! Меникисиң, түшүндүңбү – деди эркек өзүнөн өзү буркан-шаркан түшүп бакылдап, – билсең бүгүн ушул сөздөрдү жалынып, жалбарып айтайын деп келгем.

— Көрсө сен... – деди демиге туталанып.

— Айыптагындай, сенин алдыңда эмне күнөөм бар? Айт...

— Жалап экенсиң, катындын баары ушундай...

Ургаачы жаакка бир жегендей боз ала болуп, саамга дем тарта албай калгансыды. Анан, туталана күч менен анын колунан ийнин жулкуп алып, жүрөгү канап алсырай акырын басып кетти. Эркек ачууга алдырып оң турган ишти обу жок ойрондотуп алганын түшүнгөндө көзү тунарып, гүлү таман астында калган эле...

2002-жыл, 18-апрель

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7717