Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Сын, адабият таануу, Сын / Публицистика / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Осмонкулов Ж.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 11-марты

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Өмүр Жол

(Жапарали Осмонкулов 50 жашта)

Бул жыйнакка жазуучу, Кыргыз Республикасынын Жаштар жана республикалык Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты Жапарали Осмонкуловдун чыгармачылыгына арналган ырлар, интервьюлар, сын, ой-пикирлер, атасы жөнүндө жана өзүнүн басма сөз беттеринде жарыяланган ар кыл темадагы макалалары киргизилди

Өмүр Жол (Жапарали Осмонкуловдун чыгармачылыгы тууралуу пикирлер). – Б: ЖЧК «Кут Бер», 2008. – 160 б. китебинен алынды 
Жыйнактын түзүүчүсү жана редактору Мырзабек Жумаев. Осмонкулов Ж.

ББК 83. 8
    О-74  
    ISBN 9967-13-057-1
    О 4803300100

 

МАЗМУНУ

Жапарали Осмонкуловдун өмүрүндөгү урунттуу учурлар

АТАСЫ АДАШКАН ОСМОНКУЛОВ ЖӨНҮНДӨ
    А. Камалов. Кабарчы жашайт айылда 
    С. Жусуев. Тамыр жайган ак чынар 
    Дүйшөндөрдүн акыркысы 
    А. Абыкеев. Осмонкул уулу Адашкан

ЖАПАРАЛИ ОСМОНКУЛОВДУН МАКАЛАЛАРЫ 
    Кайык кайда баратат? Же руханий дүйнөбүз не болот? 
    Рамис Рыскулов.«Эл дүйнөсү» журналына
    Кыргыздан Чацкий чыгаар бекен!
    Эсиңе кел, кыргыз!
    Кылымдарды карыткан Жусуп Баласагын жашай берет 
    Ысымыңды айт, ким экениңди айтып берем 
    Балдарга балдар дүйнөсүн кайрып берели 
    Ар кандай тил коргоого муктаж
    Өткөндү жаман десең, келечек сени замбирек менен атат 
    Куудулдардын саны көп, а сапатычы
    Калоосу болсо кар күйөт, же бизге кандай партия керек? 
    Акыр заман келсе адамзат марста жашайбы?
    Сөз кудурети — эл маданияты
    Сен ооруба, мен ооруюн, Атажурт!
    Манасчы Уркаш Мамбеталиев жашообуздун көркү

ЖАПАРАЛИ ОСМОНКУЛОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ ОЙ ПИКИРЛЕР, МАКАЛАЛАР, ИНТЕРВЬЮЛАР
    Кадырбек Матиев. Дарбаза ачык дайыма 
    Бактыгүл Чотурова. Жапарали жактырган Распутин 
    Ибраим Абдувалиев. Жазуучуга гана эмес, жалпы адабиятка камкордук
    Н. Бөдөшова.«Жакшылык арттырчы, адам»
    Садык Алахан.«Күн кызарып батканда» сыйлыкка татыктуу
    Д.Шабданов.Ой-чабыты терең жазуучу
    А.Мурат. «Бардык нерсе кайра жаралуу абалына келет»
    А.Абыкеев. Жапарали
    Мамат Раимжанов. Кылым карытаар көз ирмем 
    Сүйөркул Тургунбаев. «Өмүрдүн көз ирмемдери» 
    Т.Самудинов. Балдар дүйнөсүн аралап
    Асан Жунусов. Төгө бер, Жамгыр! 
    Ильгиз Талип. «Өмүрдүн көз ирмемдери» 
    Максатбек Казакбаев. Көкүрөгү көркөм калемгер 
    Б.Абдубалиева. «Өмүрдүн көз ирмемдери» 
    С.Маймулов. «Төгө бер, жамгыр!» 
    Закирбек Эралиев. Өмүр, мейкиндик жана чексиздик 
    А.Эгембердиева. Өмүр жөнүндө чыгарма 
    Сүйүнбек Ибрагимов. Көз ирмемдин сабактары 
    Рамис Рыскулов. Мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыктуу «Өмүрдүн көз ирмемдери» 
    Үсөнбек Асаналиев. Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет 
    Турдумамбет Кызалаков. «Жапарали окурмандын сезим-туюмдарына чаң-тополоң түшүрөт» 
    Айчүрөк Макешова. Кылымдын көз ирмемдери 
    Гүлбарчын Якубова. Кыргыз интеллигенциясы кыргызча ойлонбой калыптыр, биздин трагедия мына ушунда
    Калыбек Байжигитов. Ишенич алыш сага милдет 
    Айчүрөк Макешова. «Эл-журт жакшы чыгармаларга суусап турган кези»
    Ибрагим Абдувалиев. Көз ирмем өмүр 
    Үмүт Култаева. Жаз жандуу Жапарали 
    Мырзабек Жумаев. Жол атасы — из, же адабият жана соңку муун

 

АТАСЫ АДАШКАН ОСМОНКУЛОВ ЖӨНҮНДӨ

 

А. КАМАЛОВ 

    КАБАРЧЫ ЖАШАЙТ АЙЫЛДА

А. Осмонкулов жаш кезинен кабарчылыкка кызыгып, аны өзү сүйгөн мугалимдик кесип менен кошо алып жүрдү. Ырас, элдин арасында болуп жаткан жаңылыктарды оперативдүү билдириш үчүн ал адам көптү билген, биринчи иретте өз ишинин дилгири болуусу керек. Ансыз элдин кадырлоосуна ээ боло албайт.

Адашканда мына ушул касиет бар эле. 1966-жылы Оштогу педагогиялык институттун география факультетин ийгиликтүү аяктаган. Адашканды советтиктер ветеран – педагог катарында да жакшы билишет.

Анын 1939-жылы «Отличниктер» деген макаласы «Кыргызстан пионери» газетасына жарыяланган. Анда ал Тельман атындагы мектеп-интернатында мугалим болуп иштеп жүргөн болучу. 1938-жылы жаш өспүрүмдөрдүн республикалык өздүк-көркөм чыгармачылык олимпиадасына катышкан.

– Ал кезде, – деп эскерет А. Осмонкулов, – азыркы балдар жазуучусу Муса Жангазиев Гүлчөдө иштөөчү. Мен аны менен бир баргандыгым өтө жакшы болгон экен. Өзүм Жусуп Турусбековдун «Кызыл жолукчандар», «Арык казгандар» жана өзүмдүн «Бүлөлү» деген ырымды көркөм окугандыгым үчүн сыйлыкка ээ болгом.

1941-жылы Совет райондук «Коммунизм үчүн» газетасына Адашкан Осмонкуловдун Улуу Ата Мекендик согуштун легендардуу баатыр кызы Зоя Космодемяньская жөнүндө жазган «Таня» аттуу ыры жарыяланган. Ал кийинчерээк республикалык «Ленинчил жаш» газетасынан жарык көргөн. Мындан көп өтпөй коммунист Осмонкулов өз ыктыяры менен Улуу Ата Мекендик согушка, немецтик баскынчыларга каршы согушка жөнөгөн. Согушта ал миномётто наводчик болуп турган. Тууган жеринен алыстап жүргөн кезинде да ал өз эне тилинде жазылган газета-журналдарды окуп турууга мүмкүндүк тапкан. Бул анын журналистикага болгон кызыгуусунун бир фактысы катарында көрүнөт. Согуштагы көп каармандыктары үчүн медалдарды алууга татыктуу болгон. Белгород үчүн болгон согушта оор жарадар болуп, тууган жерге кайткан. Бул 1944-жылдын февраль айлары болучу. Анда да газетадан ажырай алган эмес.

Айылга кайткандан кийин ал өзү сүйгөн кесиби мугалимдикти улантты. «Сары-Камыш» башталгыч мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди. Айтор, мугалимдик менен кабарчылык кесипти тизгиндеш алып жүрдү… Айыл жаңылыгын билдирүүгө дайыма үлгүрдү.

1948-жылы анын «Бирдей шартта эки башка көрүнүш» деген макаласы райондук газетанын бетине жарыяланды. Ал зор кызыгууларды туудурду. Жогоруда сөз болгон «Мамаш мант берди» деген фельетону да областтык газетага чыгуу менен, анын кабарчылык калеминин курчуй түшкөндүгүн далилдеди. Советтик моралга сыйбаган кулк мүнөзү менен жийиркеничтүүлүктү туудурган Мамаш сыяктуу адамдардын айыбын даана ашкерелеген. Анын жазганы курч, далилдүү, таасирдүү болуп, көптөрдүн эсинде жүрөт.

Адашкан Осмонкулов азыр Совет районундагы өзү туулуп өскөн айылында «Сары-Камыш» сегиз жылдык мектебинде мугалим болуп иштейт. Анын бир кесиптеги көп жылдык эмгегин партия менен өкмөтүбүз жогору баалады. Өткөн 1969-жылдын октябрь айында ал «Эл агартуунун отличниги» деген наамды жеңип алды. Ал эми кабарчылык кесипке активдүү катышкандыгы үчүн 1962-жылы «Правданын» 50 жылдыгына карата грамота алууга татыктуу болду. А. Осмонкулов «Билим» коомунун башкармасынын президиуму тарабынан жана партиянын Ош областтык комитетинини райондук «Октябрь туусу» газетасынын да мактоо грамотасын алган.

Кабарчылык экинчи кесибинде узак жылдардан бери иштеп келе жаткан ветеран-педагог Адашкан Осмонкуловго дагы журналисттик ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз! Жаңылыкты жарыя этип кемчиликти курч сын менен таамай мелжеген талбас калемиңиз жемиштүү иштей берсин!

«Ленин жолу», 5-май, 1970-жыл

 

Сооронбай ЖУСУЕВ, Кыргыз Республикасынын эл акыны,
    Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.

ТАМЫР ЖАЙГАН АК ЧЫНАР

Бул жарык дүйнөгө жаралган жандуунун ичинен эң алсызы да, күчтүүсү да адам баласы. Анын алсыздыгы ата-энесинин, коомдун, деги эле башка адамдардын жардамысыз торолуп, күчкө кире албагандыгы. Ал эми анын күчтүүлүгү – тарбия-таалимге жараша болот. «Талантсыз адам төрөлбөйт, адам таланты ачылбай, байкалбай калышы гана мүмкүн» деп акылмандар айтышат. Көрсө адамдын тубаса талантын ачып, ал эмнеге жөндөмдүү экенин убагында байкап, билген саяпкерлер-мугалимдерге көп нерсе байланыштуу болот.

Бүгүн биз сөз кылып жаткан кадырман карыя мугалим Адашкан Осмонкулов ошол алсыз адам балдарын кубаттуу күчкө айлантуу үчүн жарым кылымга жакын өмүрүн арнаган. Ал тарбиялап өстүргөн балдардын ичинен инсан деген улуу наамга татыктуу болгон оңдогон адамдар бар. Алар ар түрдүү кесиптин ээлери: врачтар, инженерлер, илимпоздор, коомдук-саясий илимде эл кызматын кылып, республиканын өнүгүүсү үчүн өз салымдарын кошуп келе жаткан мыкты адистер. Адашкандын мугалимдик эмгек жолу 19 жашында 1938-жылы башталган. Ал ошол мезгилдеги шартка жараша Кара-Кулжа айылындагы жети жылдык мектепти бүтүп, кайра эле ошол мектепке башталгыч класстардын мугалими болуп дайындалат. Заман каат болуп, эл ачык сүйлөп, катуу баскандан коркуп турган учур болчу. Улам бир айылдан «эл душмандары» табылып, айдалып кетип турган кез эле. Али саясат менен иши жок, турмуштун ак-карасын ачык түшүнө элек өткүр, сергек уланга ошол жылдардагы кандуу репрессия катуу таасирин тийгизген.

Кыргыз тилинде чыккан ошол кездеги саналуу китептерди биринен сала бирин катары менен окуган жаш мугалим жүрө-жүрө илимге катуу ишенип калды. Өз билимин өркүндөтүүнүн аркасында 1940-жылы «Сары-Булак» айылдык кеңешке караштуу Молотов атындагы орто мектебинде география, коом таануу сабактарынан мугалим, анан 1941–1942-жылдары «Кызыл-Булак» башталгыч мектебинде башчы болуп иштеп жүрдү. Бирок батышта кан күйүп, Ата Мекенге коркунуч келип турган кезде тынч иштеп жүрө албады. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, окуп билим алсам дегенде ак эткенден так эткен Адашкан эми колуна китептин ордуна автомат кармап, каардуу душмандын жолун бөгөп чыгууга өз ыктыяры менен майданга жөнөп кетти. 1943-жылы 17-августа Белгород шаарын бошотууда көрсөткөн эрдиги үчүн «За боевые заслуги» медалы менен сыйланды. Согушка катышкан үч жыл ичинде 12 орден, медалга ээ болгону анын кандай жоокер экендигине күбө. 1944-жылы фашисттер менен болгон кандуу кармашта оор жарадар болот. Ошол жараттын айынан II топтогу майып деген аныктама менен Ата журтуна кайтып келген жоокер жаш муунду тарбиялап илим-билим берүүгө баш оту менен кирип кетти. Ош пединститутунан жогорку билим алды. Мугалим, мектептин директору болуп, ошондон ардактуу эс алууга чыкканча үзүрлүү эмгектенди. Пенсияга чыккандан кийин да мектептен ажырабай сабак берип жүрдү.

Анын эмгегин эл баалап, өкмөт ыраазы болуп «Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги», «СССРдин эл агартуусунун отличниги» деген наамдарды ыйгарып, төш белгилерин тагышты. Ушул жерден айта кете турган нерсе Адашкан Осмонкулов балдарды тарбиялоо жаатында гана ийгиликтүү иштебестен коомдук ар кандай иштерге активдүү катышып бир нече ирет Кара-Кулжа райондук кеңештин депутаты болуп шайланган. Райондун турмушун чагылдырган айыл элинин көйгөйлүү проблемаларын козгогон макаларын областтык «Ленин жолу» республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитине байма-бай жазып турган. Убагында бу газеталар активдүү айылдык кабарчы катары Адашкан Осмонкуловду Ардак грамоталары менен сыйлап, урматташкан.

Карыя мугалимдин басып өткөн эмгек жолу кыскача ушундай. Ал быйыл 80 жашка чыгып, маараке тою менен бирге өмүрлүк жары Айым Осмонкулова менен баш кошконуна 50 жыл болгонун, башкача айтканда, «Алтын тоюн» салтанаттуу өткөргөнү турушат.

50 жыл турмуштун ачуу, таттуусун бирге көрүшүп, бул бактылуу жубайлар 8 баланы тарбиялап өстүрүшүп, баарына жогорку билим беришти. Кыздары Азизахан, Данакан, Майрам, Сурия, Нурия, Раат, уулдары Жапарали, Сейдали баары азыр очор-бачар болуп өзүнчө бир айыл эл. Кызы Данакан Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эли журтка кеңири таанымал сүрөтчү. Уулу Жапарали да таланттуу жазуучу, белгилүү журналист. Адамды адам кылган анын билими, ак ниет эмгеги. Ал эми көптөгөн муундарга жарым кылымга жакын билим, таалим-тарбия берген Адашкан Осмонкуловдун эмгеги-баа жеткис экенин айтыш да, жазыш да зарыл.

Анткени, ар бир адам кылган эмгеги менен бааланат. «Дарак бир жерден көгөрөт» демекчи, бир кесипте, бир жерде 50 жыл эмгектенген Адашканды Кара-Кулжа эли бекеринен «биздин Дүйшөн агайыбыз» деп сыймыктануу менен айтышпаса керек.

Эмесе өз элине эбегейсиз эмгек сиңирген, өмүрү башкаларга өрнөк болгон аксакал карыябызга Адашканга, ууз байбиче Айымга чоң ыраазычылык билдирүү менен 80 жылдык мааракеси, 50 жылдык алтын тою кут болсун, дагы да узак жашашып, өз элинин, уул-кыздарынын убайын көрсүн демекчибиз. Мен Адашкан Осмонкуловдун сыймыктуу мааракеси өтүп жаткан мезгилде, ага ырымды гезит аркылуу тартуу кылгым келет:

Ок жалмаса майданда нечендерди, 
    Отту кечип, өрт кечип, эсен келди. 
    Кайрат жумшап кармашта өсүп келди, 
    Калк жиберген сынактан өтүп келди. 
    Ал тозокко жалтанбай барып келди, 
    Ала-Тоого маңдайы жарык келди. 
    Жаш чагынан мектепке дилин берди, 
    Жарым кылым балдарга билим берди. 
    Ал эмгегин ак кылды, адал кылды, 
    Албан-албан жаштарды адам кылды. 
    Үй-бүлөгө ал түппай болуп турду, 
    Үйү дайым таалайга толуп турду. 
    Калса дагы чачына бубак конуп, 
    Калк урматы чыйралтты кубат болуп. 
    Катмарлашкан турмуштун сырын ачты, 
    Кажыбастан сексендин кырын ашты. 
    Курак жүгү басса да тоготподу, 
    Жоокер сынын, мүнөзүн жоготподу. 
    Тамыр жайган ак чынар окшоп турат, 
    Өмүр күүсүн өр карай коштоп турат. 
    Кайткан дайым ишинин акыбети, 
    Ал-аймактын сыймыгы, акыл-эси.

«Кыргыз Туусу», 5-7-октябрь, 1999-жыл.

 

ДҮЙШӨНДӨРДҮН АКЫРКЫСЫ

Улуу тоолордун арасындагы айыл мектептеринин мугалимдери бизге атактуу жазуучубуздун Дүйшө¬нүн¬дөй көрүнүп, негедир ошол Дүйшөн ушул аксакал мугалимдердей болсо керек бир кезде деп элестетээр элек. Мындан он жылдай мурун айыл арасында ошондой аксакалдардын катары бир топ сээлдей түшкөнүн көрүп каңырыгыбыз түтөгөн. Мезгилдин улуулугу, муундардын алмашуусу, жылдардын тогошуусу ушул экен.

Осмонкулов Адашкан аксакалды биз кийинчерээк билип калдык. Буга анын уулу, таланттуу жазуучу, белгилүү журналист Жапарали менен бирге иштешкенибиз себеп болду. Жибектей созулган, оор басырыктуу, өзүн ар дайым карапайым жана жөнөкөй алып жүргөн, ошол эле кезде кыргыздын нарк-нускалуу карыяларынын типтүү өкүлү болгон Адашкан аксакалды каракулжалыктар гана эмес, дээрлик бүтүндөй Өзгөн, Алай элдери терең сыйлашаарын билдик. Алардын баарын: «Оо, Адашкан агайбы, ал окутпаган райондогу чоңдор жок го. Баарыбыз ошол кишиден окубадыкпы» дегендерин көп уктук.

Эмгек жолун 1938-жылы баштоочу класстардын мугалимдигинен баштаган Адашкан аксакал кечээ ардактуу эс алууга чыканча машакаттуу бул кесипти чанбай да, талбай да иштеп келди. Ырас, 50 жылдай мугалимдик өмүрүндө Адашкан аксакал анын теңинен көбүн мектеп директору болуп иштеди. Демек, бүтүндөй бир райондун билим берүү системасынын өнүгүшүнө жеке салымын кошуп кеткени анык. Анын ортосунда советтик-партиялык жооптуу кызматтарда да эмгектенди.

Өткөн кылымдагы кан күйгөн Дүйнөлүк Улуу согуш Адашкан Осмонкуловду кыйгап өткөн эмес. Кырчылдаган курагында Москваны коргоп, Смоленск багытында, андан Түндүк Кавказда, Крымда согушту. Белгородду бошотуп, Днепрди кечип өткөн Адашкан аксакал Германияны жеңип, фронттон 2-топтогу майып болуп кайтса да, келгенден кийин агартуучулук кесибин таштаган жок.

Анын жеңиштеги да, эмгектеги да эрдиктери бир топ наамдар, төш белгилер, орден-медалдар менен белгиленген. Баарын санап өтүүнүн зарылчылыгы деле жок. Ошентсе да Адашкан аксакалдын өрөөндө биринчилерден болуп «Кыргыз ССРинин», «СССР Эл агартуусунун отличнигин» алганын белгилей кетүү зарыл. Ал киши ошондой эле партиянын Кыргызстан Борбордук Комитетинин, областтык Комитетинин, «Правда» жана «Советтик Кыргызстан» гезиттеринин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган. Эң негизгиси – анын уулу, биздин кесиптешибиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Жапаралинин да «КР Эл агартуусунун отличниги» экендиги ата жолун жолдоп, анын ишин улагандыгынын жагымдуу көрүнүшү эмей эмне?!

Анткени, А. Осмонкулов эл арасында эбак эле элдик мугалим түшүнүгүнө айланып кеткен. Мугалимге андан өткөн бакыт барбы? Канчалык бийик наамдарды ыйгарса да, ал элдин ишеним-макулдугуна дал келбесе кыйын го. Ал эми Адашкан аксакалды айылдагы, райондогу аксакал-көксакалдар «агай» деп аташкандарынан танган жок.

Тээ алыскы 30-40-50-60-70-80-жылдардын мугалиминин, айыл маданиятынын, анын өзгөрүшүнүн өкүлү болгон, типтүү образын түзгөн, тулку боюна агартуучулукту сиңирген Адашкан аксакал 84 жаш курагында жармашкан оорудан каза болду. Илим-билим үрөнүн сепкен, караңгычылыкка жарык чачкан, өз улуулугун сезбеген, жөнөкөйлүгү жогору, куду ушунусу менен улуу болгон элеттик Дүйшөндөрдүн акыркысы сапар тартты… Эмгеги эл арасында аңызга айлансын!

«Эркинтоо», 5-декабрь, 2003-жыл.

 

Асанбек АБЫКЕЕВ, 
    Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

ОСМОНКУЛ УУЛУ АДАШКАН
 
    Каракулжалык Осмонкул уулу Адашкан, 
    Таалайлуу кылып өзүңдү Кудай жараткан. 
    Жашыңда берип мээнетти, анан дөөлөттү, 
    Өмүрлүү кылып сексен төрт жылдын таң аткан. 
    Жашыңдан терең билимге болуп эгедер, 
    «Молдо уул» дешип тергеген чыгаар жеңелер. 
    Дүйшөнү болуп алгачкы Каракулжанын, 
    Узаган илим-деңизге сансыз калемгер. 
    Кырчынтал кезде кыйылбай жөнөп согушка, 
    Ээнсиреп мектеп, эл-журтуң калган оорукта, 
    Кан төгүп анда эрдикти нечен көрсөтүп, 
    Душманды жеңип кайткансың ата-конушка. 
    Келериң менен мектептин ишин жандантып
    Үзүрүн көрдүң кесиптен кадыр, бак айтып. 
    Өзүңдү тартып өсүштү уул-кыз балдарың, 
    Эмгеги менен жалпы журт, элди таңгалтып. 
    Элесиң менен эскерген элди толкутуп, 
    Айылың эстейт, балдарың куран окутуп. 
    Жай алсын жаның бейиштин төрү-жанаттан, 
    Арбагың менен колдоп жүр баарын бек тутуп.

«Эркинтоо», 28-сентябрь 2007-жыл. 

 

ЖАПАРАЛИ ОСМОНКУЛОВДУН МАКАЛАЛАРЫ

 

КАЙЫК КАЙДА БАРАТАТ?..
    ЖЕ РУХАНИЙ ДҮЙНӨБҮЗ НЕ БОЛОТ?

Түпкүрүнөн күргүштөгөн тогуз өркөч, тогуз тоомдуу толкундарын асманга атырылта күр-шар, серпкен учукыйырсыз океан – мухит жайыгында калкылдап араң бараткан адамдардын куту учкан үрөйүн элестетип көрдүңүз беле, азиз окурман? Мындай дегенибиз – жалаң гана илимий-техникалык революция, интеллектуалдык-технологиялык цивилизация, б. а. «темир-тезекке» теңириндей жан үрөп табынуу, байлыкка баш оту менен жулунуу биринчи орунга чыгып, ал эми рух, руханийлик, адеп-ахлак, иман-дил, гуманизм, боорукерлик маселелери унутта калган заманда алга жүрүү кыймылын башкача түшүнүүгө, башкача бейнелөөгө эч мүмкүн эмес…

Кылкылдаган кайык сапырылта ажал бүркүп, ак көбүгүн чачкан толкундар канатында күү менен улам көккө көтөрүлгөн сайын андагы кишилердин жаны көзүнө көрүнүп, жүрөгү алкымына тыгыла аптыга, төбө чачы тик турат да, кайрадан деңиз мейкинине чалп урунганда аңтар-теңтер абалга дуушарланып, заманасы куурулуп, кайда баратканы, кандай максатта калаксыз сапарга аттанганы жадысынан куулат. Кайык калч-калч эте оңго-солго, артка-алдыга көңтөрүлүп, аңтарылып кетчүүдөй катуу термелип, чайпалганда тигилер калак ордуна колдору менен толкун жиреп, жан-алакетке түшүп, чый-пыйы чыга тыбырчылашат. Бирок кыймылдары туш келди иретсиз, бир максатсыз, бир багытсыз болгондуктан, алардын арымы анчейин арбыбайт. Адамзат, анын ичинде кыргыздар да азыртадан акыл-эсине келбесе, ата-бабалар, Манас баатыр эңсеген жакшылыкка, рухий идеалдарга, биримдикке, ынтымакка кадам шилтебесе, жанагы калагы жок кайыктагылардай көйгөйгө, кара туманга чулганган каар заманга капталабы деп ойлоп кетесиң кээде…

Атаганат, аль-Куранда айтылгандай, Көкө Теңирдин атына зыярат кылып, Кудай деп жакасын кармаган бир өлкө калкты мал-жаны менен тозоктон, ажалдан куткарып, бутпараска, молоташка ж. б. сыйынып, аларды пир туткан ач көз, дүнүйөкор безерилердин, дилазар, кайирдиндерди «кыяматтын кыл көпүрөсүнөн» өткөрбөй, топон сууга тумчуктуруп, күм-жам кылган пайгамбардай чөмүч кайыгы бар кеменгерлер, алды жакты айкын көрөгөч көсөмдөр ар бир элде, ар бир мамлекетте арбын болгондо заманыбыз азыркыдай рухий, адеп-ахлактык, имандык деградацияга жакырланууга кабылып, туңгуюкка туштукпайт эле го…

Арийне, биз башында келтирген салыштыруу алда канча апыртмалуу, курчутмалуу экендиги талашсыз деңизчи. Анткени менен күндө көрүп, күндө угуп, күндө окуп жүргөн материалдардын, маалыматтардын негизинде Жер планетасынын ар тарабына, кыялыңызда чабыт жасасаңыз, бизде эле эмес, дүйнөнүн түркүн булуң-бурчунда өтүп жаткан коогалуу да кооптуу окуялар, болмуштар салыштырмалуу түрдө жогорудагыдай, жыйынтыктарга түртпөй койбойт. Материалдык дүнүйө, байымдуу балалык, өлүк мүлк жыюуунун, кошумча, киреше, тозбос капиталды капчыгына толтуруунун туу чокусуна чыккан өлкөлөрдө да, жардылыктын таманына тепселип, «өлбө, жаным, өлбөлөгөн» жону жука элдерде да эзелтеден келаткан рухий-маданий, иманий, адеп-ахлактык, пейил-куй абалы жакшы эмес. Кырдаал курчуп барат бул жаатта. Тоюп турса да тойбогон жырткыч айбандын инстинктисинен ашкан, жеке керт башынын кызыкчылыгына кудайындай тооп кылган ашкере индивидуализм, эгоизм, практицизм жана прагматизм ыйыктын ыйыктарын гуманизмдин, кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн, ыймандуулуктун, берешен – жоомартчылыктын айкөлдүктүн, көбүнесе Чыгыш элдерине мүнөздүү альтруизмдин, аскетизмдин салттарын, кылымдар бою ырга салынган асыл дөөлөт, асыл мурас – керээздерин акырындык менен, аста – асталап танып, жокко чыгарууда, бул ар кайсы жерде ар башкача мүнөздө ичтен жүрүп, көрүнөө да, көмүскө да өтүп жатат. Ал эми жер-жерлерде болуп жаткан кызыл кыргын кан төгүүлөр, кылмышкерликтин, мыкаачылыктын кулак угуп, көз көрбөгөн түрлөрүнүн мынчалык арааны ачылып, ачыкка чыгышынын өзү эле эмнеден кабарлабайт? Өзгөнү унутуп, өз очогуна гана күл тартуу, өз кызыкчылыктарын, мүдөөлөрүн баарыныкынан бийик коюу, глобалдык маселелерди унуттурган менменсинүү, чирене текеберленүү – бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Улам тереңдеп, адамдардын, элдердин көкүрөгүнөн түнөк таап, жаш муундардын жан-дилин, ыманын ууландырып бараткан бул процесске кандай инсан кабатырланбайт да кайгырбайт? Биз ак пейилдеги ар бир эл, бардык адамдар бирдей деңгээлде болбосо да, жетиштүү турмушта бейпил, бейкут жашашын каалайбыз. Албетте, жеке менчик ээлеринин байлыгына телмирип, көз артпайбыз, токонаалат кылбайбыз. Ошондой эле учурдагы саясатка, идеологияга чарбалык, экономикалык, өндүрүштүк жана базар реформаларын жүргүзүүгө да кийлигишпейбиз. Мунун баары – чыгаан адиин, ыманын ууландырып бараткан бул процесске кандай инсан кабатырланбайт да кайгырбайт? Биз ак пейилдеги ар бир эл, бардык адамдар бирдей деңгээлде болбосо да, жетиштүү турмушта бейпил, бейкут жашашын каалайбыз. Албетте, жеке менчик ээлеринин байлыгына телмирип, көз артпайбыз, токонаалат кылбайбыз. Ошондой эле учурдагы саясатка, идеологияга чарбалык, экономикалык, өндүрүштүк жана базар реформаларын жүргүзүүгө да кийлигишпейбиз. Мунун баары – чыгаан адистердин иши. Бирок да рухий чыгармачылык, адабият менен искусство, гуманитардык илимдер ар качан саясатка, идеологияга кайдыгер карай албайт. Анткени, аталган тармактар эл турмушу менен, замана агымы менен түздөн-түз органикалык, ажыралгыс байланышта өнүгөт. Ошондуктан нукура көркөм рухий дөөлөттөр чыныгы элдик мүдөөлөрдү, кызыкчылыктарды, умтулууларды, доордун рух жүзүн жандуу чагылдырып, өзүнүн эстетикалык, коомдук идеялары менен калайыктын талабын коргойт, жактайт. Демек, азыркыдай илмегайып абалда, оор турмушта жашап жаткан убакта бели бешиктен чыгалек, боконосу каталек, балтыр эти тололек наристелер менен сакалы, чачы куудай, бүкчүйгөн бели түпкүчтөй ийилген кары картаңдардын көргөн күнүнө накта жаратман инсандардын «Кең пейилдүү, ачык колдуу бечаралардын» (Алыкул) жүрөгү сыздайт, жүлүнү зыркырайт, көөнү зилдейт, алардын ичкени – ирим, жегени – желим. Мындай заманда ата уулумун деп эсептеген ар бир сүрөткер, ар бир илимпоз-гуманист болгон чыгармачылык күч-кубатын элдин көзүн ачууга, сооротуу үчүн эмес, анын өзү-өзү алдоосун, руханий акыл-эсин, аң-сезимин, иман-жанын ойготууга, рух дүйнөсүн тазартууга, анын дилин биримдикке, ынтымакка багыттоого, барууга, жакшылыкка, идеалга, өз ара каралашууга чакырууга милдеткер. Атап айтканда, биз кимбиз, кандай элбиз, рухий менталитетибиз, каада-салт, кулк мүнөз, психологиялык өзгөчөлүктөрүбүз эмнеде, кайда баратабыз, максатыбыз, идеалыбыз эмне, көздөгөн, көксөгөн жээкке жетебизби акыры, кайыкта калакчыларыбыз барбы? Мына ушул соболдордун, маселелердин тегерегинде толготуп, толгоно толгоо тартышыбыз, алгылыктуу, жөндүү жооп издеп табышыбыз абзел, элди ушуга тартышыбыз, биргелешип барышыбыз абзел.

Кыскасы, биздин сөз предметибиз – инсанат философиясы, рух философиясы. А бул идея – улуу эпосубуз «Манастын» философиясы эмеспи. Чындыгында эле оңдогон кылымдардын кандуу тарыхына күбө боло келген рухий ааламы чексиз, ченемсиз «Манас» дастаны кыргыз калкынын ички-тышкы биримдигин, ынтымагын, башка элдер менен боордош, кызматташ, теңтайлаш жашоо идеалын бийик даңктап, биринчи орунга койгондугу төгүнбү?

Дал ошондой өлбөс-өчпөс философиясы, эстетикасы менен ал жалпы адамзаттын көркөм өнүгүү тарыхында түптөлгөн түбөлүктүү мурастар-эстеликтер казнасына-кенчине алп дарыядай агылып барып кирбедиби. Ошол үчүн БУУнун, ЮНЕСКОсунун чечими боюнча 1995-жыл эл аралык «Манас» жылы аталып, анын 1000 жылдык торколуу тою – дүйнөлүк мааракеси өткөрүлгөнү турат. Биздин улуттук, граждандык милдет эл маарекеде Ала Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык даярдап, былчылдата май чайнап эмес, элибиздин рухий менталитетин, анын учугу узун тарыхын, жакшы жышанаалуу келечегин жер жүзүнө даңктап, жер жүзүнө даңазалоо. Бул парзды Президенттен, Өкмөттөн баштап, карапайым кыргызга чейин бир да гражданын унутпаганы дурус.

Сөзүбүздү пессимисттик, үмүтсүздүк маанайда, ыйлактагандай нотада баштаганыбызга карабастан, биз кыргыз элинин, кыргыз улутунун келечеги кеңдигине бекем ишенебиз. Эртедир-кечтир биздин үйлөрдө, жергебизде шаңдуу, шарапаттуу майрамдар болоруна да терең ишенебиз. Ошон үчүн бүгүнкүдөй кыйын шартта жаңыдан көз жарып, жарыкчылыкка келген «Эл дүйнөсү» аттуу перизентибиздин – журналыбыздын 1-санын сиздерге тартуу кылып отурабыз. Тушоосун Көкө Теңир өзү колдогон, периштелүү – чилтендүү айкөл Манас, алп Манас алгачкескен ымыркайыбыздын тагдыр жолу тайгалак чыкпаса экен. Жаратканым жар болсо экен деп тилейбиз. Ылайым кайыгыбызга калакчан – күйөрмандар, авторлор, окурмандар отурушун каалайбыз.

Ылайым эле ошондой болсо экен!. .

«Эл дүйнөсү» журналы, 1995-жыл

 

Рамис РЫСКУЛОВ, 
    Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси

«ЭЛ ДҮЙНӨСҮ» ЖУРНАЛЫНА

«Эл дүйнөсү» журналы, 
    Эмгекте бил жыргалды. 
    Ак жол каалайт силерге, 
    Ат тартты мезгил минерге. 
    Түз мингиле кыйшайбай. 
    Шат күлгүлө кумсайбай. 
    Кайыгыла кайыктай, 
    Кайкайгыла калпактай. 
    Чоң турмушка сүйөнүп
    Сыр чечкиле дүйнөлүк. 
    Сүрөөнчүңөр көп болсун, 
    Ар сөзүңдө эп болсун, 
    Башыңарга бак консун. 
    Чыктың алыс сапарга
    Редактор Жапарали да
    «Эл дүйнөсүн» баштадың, 
    Аягыңды тез шилтеп. 
    Ишеничтүү таштагын. 
    Прозаңа мезгил сунсун роза. 
    Ачкыла талант башатын, 
    Эшик жыртып апкелсин
    Жакшы ырларын маш акын. 
    Тургула турмуш жыттанып, 
    Иш алга кетип нуктанып. 
    Кыйырың чолуп Мекендин
    Шыкытың тапкын шыктанып. 
    Көп болсун арзып окуган, 
    Журналды ар ким суктанып. 
    Тизгин колдо карышсын, 
    Мезгилиң менен жарышкын!
    Турмуш менен жуп болуп, 
    Ойлогонуң куп болуп, 
    Коюн колтук алышкан.

«Эл дүйнөсү» журналы, 1995-жыл

 

КЫРГЫЗДАН ЧАЦКИЙ ЧЫГААР БЕКЕН!

Антип-минтип кыргыз тили мамлекеттик тил болгонунан бери он жылдын жүзү толуптур. «Тил мыйзамынын иш-чаралары кандай аткарылып жатат, же неси бүтүп, неси бүтпөй атат» деп анын аки-чүкүсүн сүрүштүргөн, керек жериңде «акесин» таанытып ийчү парламент, өкмөт, кур дегенде коомдук уюмдар, кыймылдар, партиялардын түтүнү булабай калды. Бири-бирин түшүнбөгөн башаламандык, атасын баласы укпаган куу заман, ымыркай эмчек албаган тар дүйнө.

Ошон үчүн заман бизге күндө жүзүн үйрүп жатат. Быкшып күйгөн оттой акырын жалбырттоодобуз. Бу куу тагдырдан ар нерсени күтсө болот. Кара курсактын айынан сталиндик режимди, брежневдик шовинизмди эңсеген адамдар азбы арабызда, кудая шүгүр, жетишет.

Он жылдык юбилей жылында алыскы тоолуу райондордон баш калаабызга чейин чоло жери калбай бадырая жазылган орусча, англисче (бу кийинки үч жылда аябай күч алды) жазылган жарыя-жарнамалар, көрнөк ураандардын кылы кыйшайбай күнү бүгүнкүсүндөй эле турат. Багы жокко дагы жок дегендей эми эне тилибиз аз келгенсип, каны-жаныбызга сиңип, орток тилге айланып кеткен орус тилин чанып, өзүбүздөн өзүбүз эле англис тилине өтүп кетүүгө ык коюп жатабыз. Мурдагы анча-мынча болсо да эки тилде жазылган «ачык», «открыто» – опенге, «дүкөн», «магазин» – шопко айланды. Ошондо да муну тескеп алган, же негизги мыйзамыбыз – Конституцияга такаган пенде жок. Эч ким эчтеке кылгысы келбей, кыргызды кыргыз бойдон сактап, коргоп, өстүрүп ийчү кандайдыр сыйкыры күч ур-токмокту күтүп жаткандай. Куду граждандык согуш учурундагыдай: партия келсе кызыл кыргызга, анлгис тили үстөмдүк кылса мистер когизге, аргасы кеткенде Конституциясы, мамтили, герби, туусу туруп, «киргизге» айланып кетүүнүн айласы күч.

Кызык факт. Өткөн айда Кожомкул атындагы спорт сарайына бокс боюнча эл аралык Дүйшөнкул Шопоковдун турнирине келген бир америкалык волонтер байкабайбы же атайлаппы, «Эл аралык турнириңер, «Казино «Беркутта» өтсө укмуш го» деп таңданып атпайбы. Анан күлөсүң да. «Казино» деген сөз бүткүл имаратка таандыктай жазылып калганына. Бул шерменделик эмей эмне?

Баарынан да, өз жеринде туруп, «Кыргыз тил коому», тилди өнүктүрүүнүн улуттук комиссиясы жана ушу сыяктуу ар кандай бирикмелер, фонддордун жаралышына ичиң күйөт экен. Жергебизде өнүгө албасак кайсы жерде өнүкмөк элек. Бу кыргыз деген геноциддин кыйроосу эмей эмне! Кой, ай дегендей, же бирөөгө көз каранды болбосок. Бу балким биздин улуттук аң-сезимибиздин алсыздыгынан, патриоттуулуктун жоктугунан болуп жүрбөсүн. А балким, жөн эле кайдыгерликтир? Болбосо Ат-Башы, Кара-Кулжа, Алайда орусча же англисче чечмеленген ураандын кимге кереги бар.

Карап турсаң баары эле бир жакка шашылгансыйт. Тимеле кымкуут. Бу да түшүнүктүү, себеби соодагер базарга, мамчиновник иш үстөлүнө шашат. Анан ошо чиновник элди кокодон алат: «Мен таң заарынан түн бир оокумга чейин эл деп иштеп жатам. А эл аны түшүнбөйт» деп. Абсурд. Сарасеп салсаң ошо чиновник элине, жерине жарты тыйынчалык эчтеме кылбаптыр. Болгону кара таман эл өз кепесинде ач-жылаңач отурса, тиги хан сарайдын үстүнө хан сарай тургузуп, чет элдик машинада алчактап жүрөт.

Ал жерлерде орустун жыты эмес, арип тааныган кыкелериңдин калбай калганы качан. Көртирлик деп аларың Орусия, Казакстан, Туркия, Кытайды кезип жүргөнүн ким танат? Айылда кары-картаң пенсионер, майыптар, мектеп жашындагылар жана аларды зериктирбей мал-мүлкүн, тоогун уурдай коюп, жашоонун оңой жолуна түшкөн көчө безерлери гана калганын кимден жашырабыз.

Эзелтеден улуулук менен пастык кошо жүрөт. Мен айтаар элем кыргыз деген дүйнөдөгү багы бар улут, улуу тили бар элденбиз деп. Касиетиңен, айланайын кыргыз элим жараткан «Манас» эпосуна дүйнө калктарынын эч бир чыгармасы тең келээр эмес. Теңдешпейт да. Бу улуулук, бу көрөңгөлүү тарых эмей эмне. Канча жылдардан бери ооматы келбей, 1995-жылы келип, Ысык-Көлдөй чык, Ала Тоодой эт камдап, «Манастын» миң жылдыгын белгилеп, азыноолак дүйнөгө тааныта алдык.

Байкуш кыргызым мейман десе жата калат, ичкен ашын кармата берип, керек десе акыркы тонун чечип берет. Тилиң буруу экен, бизди эле туурачы десе тантырактап берет. Өз керт башынан бирөөнүн керт башын жогору коет. Меймандостугу ушунда, өзү да жебей, балдарынан каткан ашын салып берип, маңдайы жазыла конок узатып, бала-чакасы ач калган учурлар, бу кыргыздын көөнөрбөс тарыхында миң курдай кайталанса керек. Чынын айтсам, обу жоктонуп алсызга чочоңдоп, зөөкүрлүгүн көрсөткөн америкалык, же англиялыктарга салыштырмалуу менин элим улуу да, ыймандуу да, адамгерчилиги зор меймандос да. Биз улуу элбиз десең эле оозуна алы келбегендер: «Биз кичине элбиз, ээрчиме элбиз» деп көргө түртөт. Мен айтаар элем, элдин кичине, чоңунда эмес, анын мамлекеттүүлүгүндө. Болбосо Кара-Суу районунун элиндей, жериндей аймакты ээлеген Ватикан, Брюссель, Люксембург кичинебиз, мокочобуз дебей эле БУУда, НАТОдо жүз миллиондон калкы бар орус, же америка элиндей эле добушка, укукка ээ болуп олтурбайбы. Же болбосо жер жүзүндө 45 млн. курд, 10 млн. уйгур эли менен бизди салыштырууга болобу. Ар ким маңдайына жазганы менен бактылуу.

Адам кээде өзүнө гана эмес, бирөөгө да окшошкусу келет. Бу табигый көрүнүш. Андан биз дагы куру эмеспиз. Жүз кыргызга бир орус, же өзбек кошулуп калса, ошол замат кыйынсына (билебизби, билбейбизби анысы менен ишибиз жок) тилибизди жерип, орусча же өзбекче саймедиреп жаза баштайбыз. Ушундай эле көрүнүш орустарда да болгон же болуп жатат, боло да бермекчи.

Маселен орус эли өткөн кылымдарда батышты бардык жагынан тууроого далалаттанып, үрп-адаттарын кабыл алган, кийимдерин кийген. Катардагы чиновниктен ак сөөктөр династиясына, падышалык чөйрөгө чейин: «Биздин тил – мужиктин, сөгүнүүнүн гана тили» деп эне тилин танып, француз, немис, англис тилдеринде сүйлөшүүнү артык көрүшкөн. Балдарын чет эл маалимдеринен окутушкан. «Чыныгы маданият батышта» деп кулактарына кумдай куюшкан. Ушундай өткөөл чакта орустун улуу жазуучусу Грибоевдовдун «Акылдан азап» аттуу комедиясында каарман Чацкий ушундай кулчулук уруп, ак сөөктөрдүн сокур тууроосуна кызуу согуш жарыялады. Орус элин акылуу, күчтүү улут катары караган. Бирок орус коомчулугу Чацкийге каршы туруп, аны «жинди» «апенди» катары шылдыңдашкан. Кантсе да, биз Чацкийге окшогон Кыргызбайларга суусап жатабыз. Бир кезде көрүнгөн элди тоту куштай туураган орус эли Октябрь төңкөрүшүнөн кийин мурдагы СССРдин аймагында жашаган калктарды: «Биз силерди боштондукка чыгардык» деп шымаланып орусташтырууга киришкен. Муну тарых тастыктап жатпайбы.

Ким ээрчибейт да, ким туурабайт. Кимдер бирөө көңүл кушу түшкөн кайсы бир элге окшошкусу, ошолордой кербезденгиси, жакшы нерсесин өзүнө сиңирип алгысы келет. Бирок, өнүккөн улуттун бай салтын, үрп-адатын, тилин, маданиятын, жүрүм-турумун канчалык деңгээлде пайдалангысы, окшошкусу, сиңиргиси келет, кеп ушунда турат. Албетте, үйрөнгөнүң, көп тил билгениң өзүңө жакшы дечи, бирок өзүңдөгү артыкчылыктарды сезбей дилин алдырып, тили бурулуп, системанын алдында кордолуп, же биротоло өз элиңде калбай, же биротоло башкага өтүп кетпей, алганыңы, окуганыңы, билгениңи сиңире албай, эки ортодо арабөк калганың жаман да. Ошон үчүн ойлон досум.

Ленин деле өз кезегинде англис, немис, француз тилдерин жерип, бизге окшобой орус тилинин тазалыгы үчүн жан аябай кармашкан турбайбы. Ал орус сөздөрүнө ыгы келсе, келбесе деле чет элдик фразаларды кошуп сүйлөөнүн зарылдыгы жок экендигин зар какшаптыр. XIX кылымдын улуу жазуучусу Грибоедовдун «Акылдан азап» комедиясындагы орус тилинин тазалыгы үчүн күрөштө Чацкийчелик чиновниктер менен кармашып, тилибиздин келечеги үчүн күрөшө албадык.

Кыргыз эли байыркы эл болгондон кийин, анын тилин байыркыдай улуу кылалы, кудурети күчтүү даражага жеткирели, маданияттын бардык казыналарына ээ болуу, илимдин бийиктигине жетүү ар бир адамдын, улуттун колунан келчү нерсе. Адам өзүндө эң сонун асыл сезимдердин, улуттук артыкчылыктардын бар экендигине ынанууга, сыймыктанууга тийиш.

«Кыргыз Туусу», 30-март-1-апрель, 1999-жыл


    ЭСИҢЕ КЕЛ, КЫРГЫЗ!

Дүйнө жүзүндө кыргыз эли бир уучтай эле сезилет. Бирок, анын бир уучтайы же айрым калктардын дүйнөгө түркүк болчудай алдуусу алсызын баса калып, жырткычтык табиятын таңуулагысы келген зомбулук аракети жөнүндө икая эмес. Кичине элдин чоңдой проблемасы, тарткан жүгү, чечилбеген түйшүгү жөнүндө сөз баратат.

Базар экономикасы, баалардын кескин көтөрүлүшү, жумушсуздук армиясынын катары күндөн-күнгө өсүүсү, наркоманиянын пайда болушу менен кылмыштуулуктун көбөйүшү адам дегенди каалагандай калчап жатат. Учурда ушундай кыйынчылыкта ырааттуу, максаттуу, кийин коомго, адам факторуна тескери таасири тийбегендей иштелген зирек программа жетишпей турат. Шаар, айыл-кыштактарда мектептерде адеп-ахлак, жүрүш-туруш маданияты боюнча диний окууларга кеңири жол ачылды. Бу көзгө урунарчылык жөрөлгө деңизчи. Бирок, айрым шылуундар мүмкүн болушунча эски, жаңы саясатты обу жок көкөлөтүп, мусулманчылыкты, ар кайсы динди алы жетишинче пропагандалып, кээ бир маселелерге келгенде мамлекеттик иштен да өз кызыкчылыктарын жогору коюп жатышкандыгын туюп, зээниң кейип кетет. Ар кандай нерсе өз ченеми менен өлчөнсө, болсо-болбосо да баарын дүңү менен күндөлүк тиричилигибизге кийире бербей жамандыктан жакшылыкты, жакшыдан мыктысын тандап алсак. Себеби биздин Эл байыртадан эле Орто Азия жана Казакстан элдеринин көпчүлүгүнө салыштырмалуу динди к
өп эле туу тутуп, артынан максатсыз чабыла берген эмес. Бирок, ошондо да чанып кетишпей, мусулманчылыктын, Курандын шарияттын жолдорун зиректик менен пайдалуу, өзүбүзгө ыңгайлуу деген жерлерин гана кабыл тутушуптур. Бу жагынан ата-бабаларыбызга ыраазычылык билдирип коюшубуз абзел. Мисалы, аялдардын паранжы жамынып жүрүүсү биздин мал киндиктүү тоолуу шартыбызга чак келбегендиктен четке кагылган. Биздин аялдар тең укукта эркектер менен маңдай-тескей отуруп, ачык эле субкатташып, жоого бирге аттанышкан. Ошондо эле кыргыз аялдарына эч кандай чектөө коюлбай үзөңгү кагыштыра катар бастырып, жаа тартып, жамбы атып, оюндагысын тике айтып, күнүмдүк чарбасын, эл башкаруудагы демократиялуугу ушу азыр да таң калтырбай койбойт. Адам оорубаса саламаттыктын, картайбаса жаштыктын, алдан-күчтөн тайбаса кубаттын, ишенбесе диндин кадыр-баркын билбеген сыяктуу мечит көбөйсө эле (республикада 1200дөн ашуун ар кандай мечит бар) жаштарыбыз ыймандуу, карыяларыбыз салабаттуу болуп кетет деген дагы бир көзү сокур түшүнүк пайда болду. 
Жазгы жамгырдан кийинки пайда болгон козу карындай жыбырап кеткен мечиттер канчалык көбөйгөн сайын кандаштарыбыздын мусулманчылыкты чанып башка динге, ишенимге кирип, Кришна, Будда, Бахаула жана Иегованын күбөлөрүнө өтүп кетүүсү ошончолук көбөйүүдө. Бу кейиштүү көрүнүш рухий дүйнөбүз жардыланып, көргөн тиричилигибиз эптеп-септеп жан сактамай көр турмушта, айрым жерлердеги мечит куруудагы акчалай, материалдык салыкты төлөй албай кедейленип элге батпай турганда жылуу-жумшак сүйлөп, анча-мынча чака тыйын сунуш кылып өзүнө арбаган дини бурууларга азырылып кетүүсү менен түшүндүрүлөт окшойт. Мындай адамдар ага-тууган, жоро-жолдош, жек-жааттары менен макулдашпай өтүп алып кийин жаманчылык (акыры пендебиз го) башка түшкөндө көр талашып коомчулукту, эли журтун кыйнап коюп жатышат. Мен дегеле кайсы бир кыргыздын башка динге өтүп кетүүсүнө каршы эмесмин, ал ар кимдин укугу, жүйөөсү деңизчи, бирок, ошондо дагы кыргыз болуп туулуп, кыргыз болуп өсүп, Умай эне колго алган күндөн мусулманчылыкты тутуп келип, анан эле Динин сатып, башка динге өтүп кеткендерге түк түшүнбөйм. Буга жер-жерлердеги имам, молдолордун азыркы талапка ылайык иш алып барбагандыгы, кайдыгерлиги, башка динди кабыл туткандарды жылуу сүйлөп кайрып алгандын ордуна кайра бөлөктөп, элди каршы коюп, кайчы пикир туудуруп жаткандыгы да себеп болуп жаткансыйт.

Азыр кимден сурабагын: «Жаштардан ыйман кетти, кары-картаңдардан ыйба кылбайт, автоунааларда орун бошотуп бербейт», -дешет. Мунусу дагы чын. Эгемендүүлүктүн тогузунчу жылы тилибизди, дилибизди аз-аздан кайтарып берип жатканы менен базар экономикасы адамдардын бардык категориясы жөөттүккө, куйтулукка, ач көздүүлүккө, дүнүйө параздыкка аргасыз түртүп жатканы жашыруун эмес. Муну азырынча убактылуу көрүнүш катары кабылдаганыбыз менен көңүлгө оңойлук менен кетпес так калтырат экен. Азыр колундагысын эптеп соодалап, бала-бакырасына нан таап берген адам «баатыр» болуп калды. Ыйбаа, ыйман деген эстен көңтөрүлүп, көртириликтин айынан Орусияда, Казакстанда тентип, көзү өтүп кеткен ата-энесине, жакын тууганына бир ууч топурак таштай албай, үй-бүлөсүн ойлобой, чырактай балдарын чыркыратып кыздарыбыз эрге тийип, үйлөнүп алган эркектерибиз канча дейсиз? Болбосо качан эле кыздарыбыз денесин сатып, эрте боозуп, балдарын төрөтканаларга таштап жүрчү. Мына ушундан кийин кыз сыйлаган айкөлдүгүбүз, эр сыйлаган касиетибиз кайда барат? Кылымдарды карыткан үрп-салтыбызды, көөнөрбөс каада-салтыбызды кайда катабыз. Ордо калаада эмес, биртике да болсо түсү үйрүлбөгөн айыл-кыштактарда кадырман карыларга, улуу адамдарга «Ассалоом алейкум» деп салам айткан, акыл рухубуз бөксөрүп, ата-бабаларыбыздын салтын жайылткан пенде жок. «Пулуң болсо кулуңмун», «самопалдан куй», «өзүм өлбөйүн, арабам сынбасын», -деген эле эл. Кеңешти, моралды, кичүүгө ызаатты, улууга урматты кабыл алган пенде аз арабызда. Көпчүлүгүнүн териси жука, жини тез келип, оозуңду ачтың дегиче эсикөөнүңөн кеткис кылып боктоп коет. Бу аз көрүнсө «ар-р» этип куйругуңан каап алат.

Азыр эмнегедир көкөйүбүзгө көк таштай тийген порнографиялык сүрөттөр менен кооздолгон календарларды, видеофильмдерди, абийирин саткан адамдардын күнү тууп жатат. Аларды жолго салган карылар, ата-эне, коомдук уюмдар, кыймылдар жок эмес. Бар. Ордо калаабыздан кара балчыкка баткан айыл кыштактарга чейин сиңип кеткен, адамды талап-тоноп, зордуктап, үй-мүлкүн өрттөп, өз канынан жаралган балдарды сатып, уурулукка, жырткычтыкка үйрөткөн, эротикалык оор жана жеңил секс видеофильмдер бүткүл республикабыздын аймагында ачыктан-ачык пропагандаланып жаткандыгын шариятка, мусулманчылыкка сыйбаган одоно көрүнүш катары эсептейм. Ырас, өкмөтүбүздүн алдындагы комиссия менталитетке туура келбеген «Пайшамба», «Каттама», «Лимон» сыяктуу басылмалардын багытын өзгөрттү. А да болсо керектир, бирок мынчалык жылаңач, одоно түрүндө эмес экендигин редакциябызга келген каттар айгинелеп турат. Ушинтип эле республикабыздагы басылмалардан жөнөкөй секс видеофильмдерге чейин теледен көргөзүп, гезит беттеринде рекламалай берсек, анан кантип жаштарыбыз улуудан ийменип, кичүүгө ызат көрсөтсүн! Күндө он маал көргөзүлүп, кайталанган видеотасмалар атасын, апасын, кыз-баласын бир кончко тыгып койду. Улуу деп бала атасынан, кичүү деп атасы баласынан ийменбей, кызы апасынын тилин албай ата төрүндө төрөгөндөр болууда. Айлана-чөйрө будуң-чаң түшүп, баары аралашып эле калгансыды. Эмне жаман, эмне жакшы баасы бир. Эптеп күн өтсө болду. Аксакал карыялардын, улуу муундардын жаштарга айткан акыл-кенеши түккө арзыбай «карынын кеби» касетин жоготту. Видео, кино өнөрү бизди көркөм дүйнөгө, асыл максаттарга жетелебестен, тескеринче, хулигандыкка, жырткычтыкка, айбанчылыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, талап-тоноочулукка үндөдү. Мындай фильмдер бизге эч качан ырайым алып келген эмес, алып келчү түрү да жок.

Ушинтип, бири-бирибиздин кебибиз бири-бирибизге оор тийип, өчөгүшүп, тирешип, ыйманыбызды жеп ала электе келечек муун аксабасын десек, тез аранын ичинде улуттук педагогиканы жандандырып, улуттук өзгөчөлүгүбүздүн өсүп-өнүгүшү үчүн бардык мүмкүнчүлүктүн иш-чараларын иштеп чыгуубуз зарыл. Ал үчүн республикабыздын бардык жогорку, орто окуу жайларында, мектептерде адамгерчилик-ыйман сабактарын кийрүү ылайыктуу. А түгүл мындай сабактарды башка сабактардан айрымалана, кадимки мектеп парталарында өтүлбөстөн, шырдак салынып, бооруна туш кийиз илинген, кыргызча жасалгаланган бөлмөлөрдө өтүлсө. Балдар малдаш токунуп, кыздар сыңар тизелеп уй мүйүз тартып олтурушса. Бөлмөгө илгерки үй эмеректеринен баштап, ат жабдыктарына, улуттук кийимдерге, зергер буюмдарга чейинки экспонаттар илинип көз жоосун алса, этнографиялык, эстетикалык, улуттук педагогиканын принциптери комплекстүү чечилмек.

Адамгерчилик, ыйман сабагын шаблондон качып, айылга, районго, республикага, эл-журтка белгилүү, элдин үрп-адатын, салт-каадасын мыкты билген нарктуу аксакалдар, колу уз байбичелер, тажрыйбалуу педагог мугалимдер өтүшсө эң сонун болмок.

Элибиздин не бир алтынга тете макал-лакаптарын, накыл кептерин пайдалансак, ак сакалдары жайкалган акылман карыялар Кошой, Бакай Ата, Манас бабаларыбыздын санжырасын айтып, колу уз байбичелер Каныкей, Айчүрөк, Жаңыл мырза, Курманжан даткалардай уздар болуп, кыз-келиндерибиздин чебер колунан жаралган сайма, терме, улуттук жасалгалары аздектелип турса, он видикке алмашкыс сонун сабак болмок.

Дүйнөлүк цивилизациясынын жогорку чегине жеткен жапан эли деле байыркыга кайрылып, кимоносун сактап, желпингичин желпинип, элдик ырлардан гимн жаратышып атпайбы. Алардан биздин эмнебиз кем. Ошентип, келечек жашообузга багыт бере турган улуттук идеябызды, айыл чарба, өнөр жайын түп-тамырынан бери өзгөртүп, улуттук аң-сезимдүүлүккө, жаркын ой-максаттарга жетелөөчү зор демилгелүүлүктү жоготпой, байыркылыгыбызга кайрылып кылымдарды карыткан Манас бабабыздын осуяттарын туу тутсак, үркөрдөй кыргыз дүйнөдө алтын казык жылдыздай жаркырап өзгөчөлөнүп турмак.

«Эркинтоо», 4-январь, 2000-жыл.

 

КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН ЖУСУП БАЛАСАГЫН ЖАШАЙ БЕРЕТ

ОНДОГОН кылымдар өтсө да маанисин жоготпой өмүр сүрүп келаткан «Кут билим» дастаны улуу ойчул, акын бабабыз, теги кыргыз Жусуп Баласагындын калемине таандык экендигин көп жылдар иликтеп, тактап, ал жөнүндө жазып келаткан илимпоз Закирбек Эралиев коомчулукту кубантып «Жусуп Баласагын» аттуу китебин элге тартуулаган эле. Китеп гуманитардык факультеттерде окуган студентер үчүн окуу куралы катары чыгарылган. Бул саамалык бизде демократиянын шарданы менен эми гана күчөп жатса, «Кут билим» дастаны кол жазма түрүндө капкачан эле Түркияда окутула баштаганын кабарласак, окурман журт ушундай сонун мүмкүнчүлүктү түзүп берген окумуштуу З. Эралиевдин бул монографиясынын мааниси канчалык чоң экендигин түшүнгөн болоор эле. Жусуп Баласагындын эмгегин башка элдерге жеткирүү менен дүйнө элдерине таанылуу вазийпасын колдоо менен кыргыз илимпозунун ак кызматын да колдогон болор элек. Себеби базар мамилелеринин оор кырдаалында жаңы окуу китептерин басуу чоң эрдикке тете болуп туган мезгилде жакырланган, суусап турган рухубузга азык болору бышык. Китептин шөкөттөлүп чыгышына заман уруксаат бербеген. Сулуусунан жылуусу дегендей автор болгон күч аракетин, билим азыгын, бардар мүмкүнчүлүгүн «Жусуп Баласагынды» так таасын илимдин тили менен маңыздуу жазып бере алган. Анткени, «Кут билимди» кайсыл доордо, кайсы окумуштуу изилдесе ошол окумуштуу өз элине таандык экендигин көрсөткөн аракеттеринде илимди, чындыкка коошпой турган тарыхый фактыны бурмалап, уйгуру уйгурдуку, түркү түрктүкү, өзбеги өзбектики деген чаташууларды ийне-жибине чейин чамалап-чактап изилдеп, дүйнөлүк аты бар окумуштуу-түркологдордун жыйынтык-изилдөөлөрүн, ойлорун, салыштырууларын тактап чыккан кыргыз окумуштуусу бардык окумуштуулардын пикирлерин ырааттуу сыйдыра алган. Анкени мындай дүйнөлүк мааниси зор, жалпы түрк адабиятына негиз салган эмгектин тактыкты талап кылчу көп нерселери бар эле. Тарых тактыкты сүйөт дегендей, дастан уйгур тилинде жазылган деген туура эмес жоромол, пикирлерди керектүү фактылар менен тастыктап, андай жоромол, пикирлердин туура эместигин белгилеп өтөт. Дастан уйгур тилинде жазылган деген калпыс пикир түп нускадан уйгур көчүр¬мөчү¬лөрү көчүргөн бир топ кол жазмалар иликтөөгө алынган. Ошондой бир нече нускада көчүрүлгөн кол жазманын бири Вена кол жазмасы. Алгач «Кут билим» түп нускада эмес ушул Вена мамлекеттик китепканасында сакталган кол жазма илимий чөйрөдө биринчилерден болуп изилдөөгө алынгандыгы үчүн көп чаташууларга алып келген. Китеп дүйнөлүк коомчулуктун алдында мурдагы айтылган көз караштарынан баш тартышкан белгилүү окумуштуулар В. Радлов, анын окуучусу В. Бартольд Каир кол жазмасын изилдөөдөн улам «Дастан уйгур тилинде эмес, чыгыш түркий элдеринин наречиесине таандык» деп жазышкан. Ал эми Наманган кол жазмасын иликтөөгө алган немец окумуштуусу Мориц бул кол жазмада Жусуп Баласагын жашаган кыргыздардын мамлекети болгон карахандыктардын мезгилинин бөтөнчөлүктөрү толук бойдон сакталгандыгын көрсөткөн. Автор жогорудагы окумуштуулардын ой-пикирлерине комментарий берип келип, акын бабабыздын энциклопедиялык билими абдан терең экендигин тастыктаган далилдер менен келтирген. Анын башкаруу, дыйкан, малчы, дарыгер жөнүндө жазылгандарын терең ачып берген. Жусуп Баласагын жөндөн жөн эле ошол мезгилдин улуу ойчулу болбогондун, ал ириде ошо доордогу эң белгилүү Чыгыш аалымдары Мухаммед ал Хорезм, Ал Фараби, Абу Рейхан Беруни, Абу Али ибн Сина, Фердоуси сымал ойчул окумуштуулардын эмгектеринен таасир алгандыгын кыска, бирок жеткиликтүү кылып бере алган.

Албетте, китеп кемчиликтерден кур эмес. Ийгиликти кемчилик коштоп жүргөндөй даамына чыгара иштелбеген пикирлер, орфографиялык, пунктуациялык каталар китептин беделине анча деле көлөкө түшүрбөйт.

З. Эралиевдин бул эмгеги дастан жазылгандан бери он кылым өтсө да өз маанисин жогото электигин, улуу ойчул, акын бабабыздын рухунан жаралган көркөм туундулары, накыл кеби, айткан осуяты азыркы күндө да өз дөөлөтүнөн, кунунан жана электигин жумурай журтка өз мезгилинде тартуулаганы менен баалуу.

«Эркинтоо», 31-март, 2001-жыл.

 

ЫСЫМЫҢДЫ АЙТ, КИМ ЭКЕНИҢДИ АЙТЫП БЕРЕМ

Кыргызда балага ат коюу ата-эненин максат-тилеги, каалоо-үмүтү болгон. Жаратылыш кубулуштары, жер-суу аттары, өтүп жаткан окуялар менен байланышкан. Ошондуктан, энчилүү ат адамдын ким, кимдин баласы экендигин гана айгинелебестен, кайсы элге, кайсы улутка таандык экендигин да билдирүүчү сөз байлыгы, маданий кенч да болуп санала тургандыгын айта жүргөнүбүз абзел. Энчилүү аттар эл байлыгы, улут жүзү дегенибиз менен илгертеден коюлуп келген Боккөтөн, Бокбай, Бокмурун, Тезекбай, Итибай, Талпакбай, Сасыкбай, Жалчыбас, дегендердин чечилиши башка. Мындай ысымдар кулака жагымсыз угулганы менен үй-бүлөдөгү эң сүймөнчүктүү, жалгыз балага коюлган. Анткени, мындай аттарды ата-эне суранып, тиленип, токтобой жүргөн уулдарына «азгырчу шайтан адашып кетсин, ажал албасын» деп атайлап коюп келишкен. Азыр мындай аттар коюлбаса да ошо аттарды алып жүргөн адамдардын балдары, небере-чөбөрөлөрү бар. 
Ачык эле айтуу керек, 20-жылдардан кийинки кыргыз ысым аттары орусташуу саясатынын запкысынан өтөле одоно бузулган түрлөрүн, учуратабыз. Кыргыз тилинин норма, эрежелерин эске албай, ата-энесинен сурап койбой орус тилине ылайык келбегендерди өздөрү каалагандай тартипке салышкан. Мисалы, Жоро-Жура, Кылычбек-Кличбек, Үмүт-Умет, Үсөн-Усен, Бүбүсара-Бибюсара, Шайык-Шаик, Мүрөк-Мурек, Жазгүл-Жазгуль болуп документтештирлип кеткен. «Л» тамгасы менен бүткөн, же ортосунда учураган аттарга жумшартуу белгисин кое беришкен. Мисалы Гульнара, Асель, Назгуль, Айгуль. Документ толтурган бир орустун айынан ушинтип калган. Ошондуктанбы, азыркы замандын кыргыздары уул-кыздарынын аттарын кудум ушундай тартипке жазып жүрүшөт. Ал эми Анар, Жыпар, Чынар Айжан деген аттар Айжана, Анара, Жыпара, Чынара, ал эми аягы гүл менен бүткөн кыздардын аттары Гуля, Нургүл-Нургуля болуп өзгөргөн. 50-жылдардан баштап өлкөбүздө Съездбек, Съездгүл, Делегат, Космира, Космосбек, Миргүл, Мирбек, Орбита, Гагаринбек, Спутник деген аттардын келип чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Албетте, мындай аттар кыргыз лексикасын байыткан. Бара-бара комунисттик идеология күнүмдүк турмушубузга, аң-сезимибизге сүңгүп кире баштаган Маркел(Маркс, Энгельс, Ленин), Эльмира, Мелис (Маркс, Энгельс, Ленин, Иосиф Сталин), Феликс, Сталбек, Сталкан, Эрнист, Клара(Цеткин), Надежда (Крупская), Роза(Люксембург)сыяктуу ысымдарды жашоосу орусташып бараткан кыргыздар кое башташкан. Тышкы өлкөлөр менен карым-катнаш өнүгө баштагандан Индира, Анжелика, Сурия, Гаджа, Хиллари деген кыздарыбыз төрөлүп, кыргыздар ат коюу боюнча эл аралык деңгээлге өсүп чыгышкан.

Башка тилден которулган адабий чыгармалардагы учураган кейипкерлердин урматына ат коюу кезигет. Мисалы, Автандил, Тариел, Нестандарежан, Татьяна. Эң кызыгы жан-жаныбар, айбанаттардын аттарын алып жүргөн элдердин катарында кыргыздар да көрүнүктүү орунду ээлейт. Мисалы, Арстанбек, Түлкүбай, Балык, Кашкулак, Барсбек, Коеналы, Бука, Козу, Кочкор, Жөргөмүш, Беркут, Таранчы, Кекилик, Кыргоол ж. у. с. аттар. Абжапар, Мухамеджан, Абдынасыр, Иса, Исабек, Рахымбек, Абдырахмандар китептен коюлган.

Иши кылып толгоо тартып, жан кыйналып турганда көзгө эмне көрүнсө (Жайлоо, Жамгырчы, Нөшөрбек, Мөндүрбек, Күнтуу, Айбек, Түнкатар ж. б. у. с. ) колуна эмне урунса (Балтабай, Тешебай, Кетменчи, Дүмүрчү, Элекбай ж. б. у. с. ) ошо нерсенин атынан атоодон кайра тартпаган кыргыз. Азыр ошол бир кеткен каталыктын айынан атынан, фамилиясынан уялып, өзгөртөм деп жүргөндөр жокпу? Бар. Ал Тургай кыргыз эли эң ыйык, эң оор, балдар алып жүрө албайт деген Иса, Мухаммед, Кудай, Манас аттары эгемендүүлүккө чейин сейрек коюлган болсо, демократиянын шарданы менен азыр ар бир онунчу кыргыз-Иса, Мухамед, Манас.

Эң популярдуу делинген-бек, -кан, -бай, -мырза мүчөлөрү жалганган ысымдар бекке, канга, байга ээ экендигин билгизбейт, бирок мындай аттарды дүйнөнүн кайсы бурчунан уксаң дагы кыргыздын уул-кызына коюлган энчилүү ат экенин аңдабай койбойсуң. Азыр кыргыздар майдаланып кеттиби, же ат жеңил баа коюлабы билбейм. Жок, андай эмес дейин десең далил көп. Балага кандай ат коем десе ал ар кимдин өз иши, укугу деңизчи, бирок бала кийин эр жеткенде уялбагандай коюлган ысымды кастарлап алып жүрө тургандай болсо. Атын атаганда кыргыз тегинен экендигин билгизе турган касиетке ээ болсо, себеби азыркы жаштардын аттарын угуп кайсы улуттан, ким экенин түшүнүп болбойт. Аликтер, Гулялар, Жориктер, Эрнсттер көбөйүп кетти. Кыргыз дейин десең аты башка, немис десең өңү кыргыз. Ушундайда орустун Иваны Африкада да Иван. А кыргыздарда коюлган энчилүү аттар Африкада эмес, өз элинде өз жеринде одоно өзгөрүүгө кабылган, көөлөнгөн. Бөкөмбайды, Бокомбай, Боря, Гүлбүбүсү Гульбюбу, Гуля, Жоробеги, Жора, Жура, Мусабеги, Мусин, Муся болуп өзгөрүп, Кызыл тыштуу паспортко ташка тамга баскандай чегилген. Анан кантип башың оорубасын. Эгер мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү, байытууну бала бакчадан, мектептен баштасак, ат коюуну этектен түшөөр менен ЗАГС бөлүмүнөн баштабасак аты, дили орусча, тилекке каршы, өңү, ыраңы бурят, эвенек, чукча, якут, марийлердей болуп калбайбыз деп ким айталат? Эч ким. Балага ат коердо дагы ойлонуп койсок. Коет деп эле кое бербей улуттун кызыкчылыгын ойлосок. Кыргыз уул-кыздарына коюлган аттар-улуттун жүзү, байлыгы экен түшүнгөн адамга. Ошондуктан, этегинен жалгаган энелерибиз толготуп, киндик каны тамган мүнөттөн кимдигибизди, түндүгүбүздү, анан келечегибизди да ойлоп койсок.

«Эркинтоо», 17-август, 2001-жыл

 

БАЛДАРГА БАЛДАР ДҮЙНӨСҮН КАЙРЫП БЕРЕЛИ

Азыркы муундун балдары канча бир жылдардан кийин айыл чарбасында, өнөр жайында, мамлекеттин бийлик башында эл керегине жарап, журт кызыкчылыгын коргоору бышык. Киндик кан тамган жердин, Ата Мекендин ар тараптан өнүгүшү да ошолордун колунда.

Кыскасы, уядан эмнени көрсө, балапан келечекте ошону алат. Мында талаш жок. Кептин баары ошо ата-бабалардын салтын улантууга кийинки балалык курактын жетилишинин, ошо доордогу илимдин, маданияттын өнүгүшүн, окуу-тарбия процессинин, элдик педагогиканын тийгизген таасиринде экен. Жакшы болсо турмуштун оңолушу, жаман болсо элдин руху жакырланганы ошондон. Мен ар нерсенин башын чаргытпай улуттун келечек тагдырына өлчөмсүз таасирин тийгизген балдар басылмалары жөнүндө эле айтайынчы. Бу жакшы нерсени эстен чыгара албай, жаңынын кадырына жетпей жаткандан эмес. Ырас, Союз учурундагы ар бир окуучу сөзсүз бир-эки басылмага жазылууга тийиш эле. Жазылбасаң пионер, комсомол чогулушуна салышчу, уяткарчу, бирок ошол уят болгонго чейин эле биз мектеп окуучулары каалаган гезит-журналга жазылчубуз. Биздин сүйгөн басылмабыз болуп «Кыргызстан пионери», «Жаш ленинчи», «Байчечекей» гезит-журналдары эсептелчү. Азыркы XXI кылымдын күркүл акын-жазуучуларынын баарысынын чыгармачылык башаты сөзсүз жогорудагы аты аталган басылмалардан башталганын айтышат, себеби, биринчи чыгармалары басылганы үчүн кымбат көрүнүшчү. Андан бери канча заман өзгөрдү. Азыр жогорудагы басылмалардын кейпине мышык ыйлайт. Салттуулук жок. Келечектин акын-жазуучулары кайсы басмага өздөрүнүн алгачкы чыгармаларын басаары белгисиз. Ошон үчүнбү келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштар чыкпай жатат. Ойлонто койбой, базар мамилеси кабыргасын кайыштырып жатса кайдан чыксын. Элдин баары эле «Мурзилканы» окуп калган жок да. Кийинки мезгилде жеткинчек, өспүрүмдөр үчүн чыкчу ата-мекендик гезит-журналдардын аты бар да, заты жок калды. Пионер гезити «Жеткинчек» болуп өзгөргөнү менен аны чыгарууга чамалары чарк. Анткени, каражат жагы кыйнайт. Болбосо, улуу-кичүү сүйүп окуган кандай сонун гезит эле. Жөлөп-таянганы жок, алыскы райондорго, мектептерге, жетпей келет.

Эң кейиштүүсү басса-турса колдорунан түшүрбөй бөпөлөп окуган, бөбөктөрдүн «Байчечекей» журналы күч-кубатка толуп турган чагында токтоп калды. Жаз гүлү байчечекейди кандай сагынсак, кандай күтсөк ошондой тейде кан-жаныбызга сиңип калган «Байчечекей» журналынын чыкпай калышы чоң трагедия болду. Ал трагедияга кичинекей бөбөктөр гана эмес, агартуу кызматкерлери, бала бакчалардын тарбиялануучулары, улуттун келечек тагдыры кабылды. Төрт боек менен шөкөттөлүп чыкчу журнал башталгыч класстын мугалимдерин окуу-тарбиялоо процессинде кеңири пайдалануучу нака табылгыс көрсөтмө куралы эмес беле. Мамлекеттик тилди үйрөнүүдө тоодой иш аткарган басылмалардын мыктысы болчу. Келечек муундарды тарбиялоо милдетин да эң сонун аткарып жаткан. Анан таппай калдык. Ишенбесеңиз мага келиңиз, мен баарын айтып берем. «Байчечекей» журналын колуңузга карматпасам да башталгыч класстын окуу куралдарын барактап, андагы көптөгөн материалдар журналдан алынгандыгын айтып берем. Кичинекей болсо да келечек муундарды тарбиялоодо опол тоодой милдет аткарып жаткан «Байчечекейдин» улуулугу ушунда эмеспи. Дагы бир өспүрүмдөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган «Кырчын» журналынын тагдыры ушундай кейиштүү абалда. Эгер мамлекет улуттун айкын келечегин ойлосо сөзсүз»Байчечекей», «Жеткинчек», «Кырчын» сыяктуу басылмалардан баштоосу шарт. Анткени, бу басылмалар балдардын идеологиясы, туу туткан желеги, тандаган келечек жолу, улут тагдыры. Муну улуу-кичүүнүн баары билет. Улуттун келечек тагдыры баарыбызга бирдей. Сен, мен дешпей чогуу-чаран ойлонсок сөзсүз натыйжасы жемиштүү болот.

Дегеле, бу жарыкчылыкта салыштырмалуу эчтеме болбошу бештен белгилүү. Коңшу өзбек менен казак туугандар он жылдан бери кылын кыйшайтпай эле балдар басылмаларын чыгарып келатышат. Нускасы да сакталган. Кызматкерлер иш орду, заманга бап айлык менен камсыз болушкан. Акча табыш керек, кагаз издеш керек, жазылуу өнөктөшүн табуу керек деп баш оорутушпайт. Бу жерде эч кандай табышмак жок, болгону баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Улуттун тагдыры кымбат экен, келечек ээлеринин көздөрү түз экен өзбек, казак өкмөттөрү айттырбай, саргайтып күттүрбөй, проблема кылышпай эле чеччү ишти чечип коюшуптур. Ушу жагынан коңшулардан үлгү алсак болчудай. Акырында айтаарым бала, бала эле болуп жетилгени жакшы. Себеби, базарда отурган апасынын курсагынан түшкөндөн эле базарчы болуп чоңоюдан коркунучтуу эчтеме жок. Ар кимге өз дүйнөсү ыйык. Ошондуктан балдарга балдар дүйнөсүн кайрып берүү, албетте чоңдордун иши. Ушул ыйык парзды оң чечсек, келечек муундар үчүн сонун иш кылган болоор элек.

«Эркинтоо», 26-сентябрь, 2001-жыл

 

АР КАНДАЙ ТИЛ КОРГООГО МУКТАЖ

КМШдагы калктардын ортосундагы эл аралык мамилелердин, илим-билим, техника, соода, маданият тармактарында негизги карым-катнаш тили болуп келаткан орус тили эми кыргызстандыктардын жан дүйнөсүнө кыймылдаткыч зор күч катары кирет. Себеби орус тилине расмий статус берилди. Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр, Мыйзам чыгаруу палаталары бир кишидей колдоп беришти. Эми Конституцияга өзгөртүү киргизүү гана калды. Жакынкы он жыл ичинде орус тилдүүлөрдүн жергебизден кетиши улам өсүп отуруп жарым миллион кишиге жеткен. Акыркы 2000-жылы эле 23 миң киши кетиптир.

Орусия элчилигинин алдында турам. Кетип аткандардын оюн билгим келет. Орус тилине расмий статус берилиши менен күнөстүү республикабызды таштап кетип аткан орус тилдүүлөрдүн толкуну кан буугандай токтойт. Агартуу системасында, саламаттык сактоо, маданият, техника, туризм тармактарында болуп көрбөгөндөй өнүгүүлөр боло баштайт. Мурда кыргыз тилинин мамлекеттик статустугу орус тилдүүлөрдүн окуусуна, жашоосуна, өсүп-өнүгүшүнө кедергисин тийгизип, тоскоол кылып келсе, эми жол ачылды. Ушул ойлор менен бирөөсүнө «Сиз эмнеге күнөстүү Кыргызстанды таштап баратасыз?»— деп кайрылып калдым. Сукбатташым өзүн Андрей атады. Менин ойлорумду угуп;

— Таптакыр андай эмес. Орус тили расмий статус албаса деле, ал эл аралык тилдердин биринен болуп калган. Кыргыз тилин мамлекеттик статустугун карабай эң сонун колдонулуп келген жана колдонулуп жатат. Кайра орус тилинин улуу стихиясында кыргыз тили адашып калды, же таптакыр жоголуу стадиясында турат. Бизге расмий статустун кереги да жок болчу. Ал силердин саясатчыларга гана керек болбосо, биз суранган эмеспиз. Саясатчылар эмнени көздөгөнүн билбейм, бирок алар кыргыз тилинин өнүгүшүнө каршы экендиктерин билдирип койду. Себеби көл ташып булакты басып калгандай эле кеп да.

Абайлагандай менин оюму айтты. Унчукпай колун кыстым. Аныкы да туура. Ырас, орус тилинин улуулугун танууга болбойт. Ал кыргызтандыктардын экинчи эне тили. Ал тилсиз азыр нан сатып алалбайсың, коомдук транспортторго түшө албайсың,. Телефон түйүндөрүндө, аэропортто, бажыканада, күч органдарында, мамлекеттик расмий жолугушууларда, окуу жайларында кыргыз тилинин кылаар жумушу жок. 1917-жылдын таңынан мындай расмий иш чараларды орус тили алып койгон. Бирок бу тил кечээ, бүгүн эле улуу боло койгон жок. Анын да толгон токой тоскоолдуктары болгон. Орус интеллигенциянын өкүлдөрү биз чангандай эле чанган. Өткөн кылымдарда европалыктар «крепостной мужиктин» гана тили деп орус тилин жактырбай, өздөрүнүн тилин, модасын сунуштаган доордон бери канча жылдар жылды, суулар акты. Европанын маданиятын кабыл алып немис, англис, француз тилдеринде гана сүйлөп, фрак, парик кийип баскан-турганына чейин туурашкан орус коомчулугунун ошо доордогу умтулууларын азыркы өнүгүү менен салыштырып болбойт. Ал заман өттү, кетти. Орус тилинин улуулук жолуна түшүшүнө Совет Өкмөтүнүн таасири күч. А биз Совет өкмөтүнүн жакшы чыккан продукциясыбыз. Ошондуктан биз дагы жарык берген орус элин ар тараптан туурай баштадык. Жарым кылым өтпөй улуу муундан кийинки муун бүт орусташып кеттик. Айрыкча союз мезгилинде орус өкүлдөрүнө, орус тилине өзгөчө укуктар, жеңилдиктер берилип, суук көздөрдөн коргой баштадык. Азыр ойлосом, Пушкин сүйлөгөн тил коргоого муктаж деле эмес экен. Себеби анын масштабы небак кеңейип БУУнун негизги расмий тилдеринен болуп калыптыр. Биздин саясатчылардын кийлигишүүсүз эле өнүгө берчүдөй. А Манас сүйлөгөн тилди коргомок түгүл, ал үчүн кан-жаныбызды аябай күрөшүүбүз зарыл экен. Себеби майдаланып, өгөйлөнүп, четке кагылып калыптыр. Ал эми коомдук колдонуудан чыгып калган тилдин тагдыры кандай болоорун акылдуу пенде айттырбай билет. Билип туруп ушуга түшүнбөйбүз. Түшүнбөгөнүбүздөн сел алса да солк этип койбойбуз. Жолуңан чыгып, мойнубузга отуруп алса да «пешенеге жазган» күнүн көрүп жүрө беребиз, чыдайбыз. Чыдамкай элбиз. Бирөөнүн айтканын жасайбыз. Балдарды ымыркайынан «детсадга» беребиз. Аяктан «папалап», «мамалап» чоңоюшат. «Ата», «апа» дедириштен уялабыз. «Чыйт» түкүрүп агабызды «братан», «инибизди «братик» коңшубузду «сосед» дейбиз. Жуманын аталыштары эч качан кыргызча аталбаган, автобус, троллейбустун айдоочулары кыргызча жарыя айтыштан уялышат, намыс көрүшөт. Азыркы учурда жыйындар залында үлгүржү кыргыздар отурганына карабастан, дагы бир кыргыздын жакшы чыкма чиновниги «бардыгыбызга түшүнүктүү орус тилинде эле сүйлөйүн» деген мода пайда болду. Мындай моданы жакшы көргөндөр бөлөк-бөтөн кишилер эмес, биз сыйлап, биз сыймыктанып эле жүргөн аттуу-баштуу кыргыз балдар, кыздары. Билип сүйлөп атабызбы, билбей сүйлөп атабызбы-баары бир, «биз дагы бирдеме билебиз», -деген корстонуу менен «намыска» туруш керек да. Качантан бери кыргыз тили түшүнүксүз болуп калган, аны түшүндүргөн эч ким жок. Бирок, кичинесинен «детсадга», берип, «папалап», «мамалап» чоңойгон, «школдо» окуган немелерге түшүнсө да болот. Кыргыз тилин эне сүтүн эмгенден сүйлөбөй, окубай, билбей чоңоюшса эмне кылышсын «байкуштар». Аясаң кайра боорго тээп атышпайбы «кыргыз тилинин перспективасы жок, азыртан орус, англис, немис же жана башка тилди тандай бергиле», — деп. Анан кантип өнүгөбүз?

Кыскасы, көкүрөк өйүгөн көгөйлөр ого эле көп. Аны бизге ким чечип берет, ким айтат? Айтса да орусча айтабыз, англисче чулдурайбыз. Кыргыздын башка тилди билгенине каршы эмесмин, бирок ошол тилди үйрөнүп алып өз эне тилин жеригендер, билбегендер көбөйүп кеткенине жаным күйүп атпайбы. «Расмий статус бердик» деп кубанып, бийлеп да, тойлоп да жиберген айрым саясатчылар, депутаттар кыргыз тилине да ошончолук эмгек жумшап койбойбу деп жүрөгүм ооруп атпайбы. Себеби азыркы кыргыз тилинин абалы баарыбызга белгилүү-жаман. Улутубуз кыргыз дештен, кыргызча сүйлөштү намыс көргөн ай ушу биздин ашкере намысчылдыгыбыздан эй? Акыры жүрүп бирдеменин үстүнөн чыкпасак эле болду. Эл депутаты А. Масалиев «орус тилине расмий статус бердик, эми өнүгөбүз», -дейт мурда таптакыр эле орус тилин колдонбой жүргөнсүп. Кызыгы, өнүгүп келатканыбызды, же кандай өнүгөөрүбүздү айтпайт. Деги бизге эмне керек? Өз өлкөбүздө жашап тургандан кийин кыргыз тилин толуктап, өнүктүрө бербейбизби? Же сөзсүз эле бирөө айтыш керекпи? Ойлоп калдым керек окшойт деп. Качан рахим кылып коет экен деп улуу державаларды карай берип мойнубуз кайрылып калбаса эле болду.

«Эркинтоо». 21-декабрь, 2001-жыл


 
ӨТКӨНДҮ ЖАМАН ДЕСЕҢ, 
КЕЛЕЧЕК СЕНИ ЗАМБИРЕК МЕНЕН АТАТ

Ленин десем...

Сүрөтүн тарт кереметтүү Ильичтин, 
    Кирпигимден кисти жасап берейин. 
    Өчпөй турган касиети бар болсо, 
    Жүрөк кандан боек кылып көрөйүн. 
    Көздүн нуру керек болсо айта гой. 
    Карегимден чачыратып келейин!
    Же гүлдөрдөн жасайсыңбы күлгүндөп, 
    Тянь-Шандын сансыз гүлүн терейин.

— деген керемет саптар эске түшөт. Ырахмат Аалы Токомбай уулуна ушундай саптарды жаратып койгонуна. Кээде ушундай учурлар болот. Эл сыйлаган, эл урматтаган, идеал туткан адамың жөнүндө жакшы сөз уккуң келип, ал тууралуу бирөөлөр менен ой бөлүшкүң келет. Бүгүн мага ошондой бир иштин шыбагасы тийгени турат окшойт. Анткени туу туткан адамды бир гана мен, же мурдагы союздун миллиондогон «шымы жаргак » тургундары гана сүйбөстөн жер жүзүнүн бардык калкы урматтаарын тарых далилдеп койду го, чиркин! Ал ким? Ал — Владимир Ильич Ленин. Ал түзгөн большевиктер партиясы дүйнөнүн тең калкын эзүүчүлөрдүн жез тырмагынан бошотуп, улуу ак сөөктөр династиясынын түзгөн кулагыстай көрүнгөн падышалык самодержавиенин быт-чытын чыгарды. Ал үчүн ал чейрек кылым качып-конуп, ачка-ток калып, азаттык күрөшүнө бүт өмүрүн сайып, большевиктер партиясын тамчыдан курап отуруп, аларды деңиздей толкутуп, болоттой курчутуп, көптөгөн элдердин, ондогон улуттардын бактысына улуу төңкөрүштү жасады. Ленин мына ушусу менен улуу. Бирок бүгүнкү оомал д
үйнөнүн билермандары билип да билбей да айтып, улуу көсөмгө шек келтирип, мавзолейди жаап, сөөгүн өрттөп, эстеликтерди түбү орду менен аңтарып салуучулардын катары да уюлгуган көк түтүндөй көбөйүп барат. Түшүнүп-түшүнбөй ушу кишиге да акаарат айткан адамдар бар экен, эй тобба десе. Эгемендүүлүктү алып, демократия өлкөбүздө тамырлай баштаганда кызуу кандуу кыргыз жаштары Ала-Тоо аянтындагы Лениндин эстелигин алып салуу керек дегендерге каршы пикир айтып, биринчиден, бул тарыхый эстелик, экинчиден бу адам кыргыз элине азаттык алып берип, улутубуздун түптөлүшүнө бараандуу салым кошкон улуу адам, тарыхый инсан деп омкорула, жек көрө караган ачуулуу көздөрдүн карегинде талкаланып бакзандай муштум, казандай буттардын тепсендисине кала жаздагам. Анда мен Кыргызстан демократиялык кыймылынын активдүү мүчөсү эмес белем эгемендүүлүк эркиндик, демократия деп сайраган, тоталитардык, буйрукчул-бюрократтык режимди жактырбаган. Анан эле таманынан төбөсүнө чейин каны дүргүгөн партиялаштарым, кыйкырма топ; «Кайсы бир сакалчан таз орусту» коргогон мени көк ала койдой кылып сабаарда, өзүмдүн өжөрдүгүмдөн, окумал сабырдуулугумдан, айтылган акыйкат сөздөрүмөн аман калып, кудайга тоббо кылгам, көйнөкчөн төрөлгөнүмө.

Эгер Ленин болбосо биз ким элек? Куур тончон кыргызды тоодон жакага айдап түшүп, колхоз уюштуруп, айыл түптөп сабаттуулугун жойбоду беле. Мобу асман тиреген имараттар, түтүн булаткан завод-фабрикалар, ордолуу район-шаарлар, биз турган аянт ошо биз сындап жаткан лениндик партиянын иши эмес беле. Эми баары мураска калып отурат. Муну ким танат? Бу партияны канчалык жек көрсөк дагы мезгил өзү бай мурастын, дүйнө эли тааныган мамлекеттүүлүктүн, кыргыз деген улуттун бар экендигин тастыктап, ташка тамга баскандай кылды. Эгер муну да тангыбыз келсе, анда тарыхтын парасын артка айланталы.

Анда не болмокчу. Биз орустардын, кийин большевиктердин көз кырына түшпөгөндө граждандык ак гвардиячыларды, басмачыларды ок-дары, кийим-кечек, азык-түлүк менен камсыз кылып турган англиялык көпөстөрдүн колониясына айланмакпыз да, жер-суубузду тарттырып иймекпиз. Ошо доордо балким Алымбек, Курманжан даткалардын, Шабдан, Байтик баатырдын, Ормон хандын тукумдары Англиянын бир жеринен башталгыч мектептен же толук эмес коллежден окумак. Же болбосо басмачылар же азыркы жаңы аныктамага ээ болгон боштондук кыймылынын атка минерлери бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, уюмдашып, түндүк-түштүк эли биригип англиялык интервенттерди да, орустарды да жергебизден кууп чыкса, азыркы турмушка жетет беле? Ким билет? Жетмек эмеспиз. Бирок улуу көсөм баштаган иш ушу бактылуулука жеткирди. Ошон үчүн баарыбыз Ленинге милдеттүүбүз. Керек болсо анын атына чаң жугузбай, кесир айтпай, сый-урмат менен сыйлап алганыбыз эле туура. Эстелигин бузуп-жарбай эле башка жерге которуп коюу жөндүүдөй көрүнөт. Атаганат, эгер мен оңбогондой акчалуу болсом Лениндин Ала-Тоо аянтында турган эстелигин сатып алып, айылыма алып барып коймокмун да, музей ачып салмакмын. Себеби эртеби, кечпи бир убактарда бул кишинин ысымы, ага орнотулган эстеликтер ыйыктын ыйыгына, кереметтин кереметине айланаарына көзүм жетип турат.

ЛЕНИН ДЕСЕМ…. «Окуу, окуу жана окуу» деген осуяты эске түшөт. Оо, а кезде ар бир атуул динине, жынысына, өңүнө карабай сөзсүз орто билим алуу милдеттүү иш эле. А азырчы? Социалдык-экономикалык абалынын жардылыгынан 9-10 жашар уулун же кызын «Мектепке барбай калды. Жанымда каралашып семичке, сагыз сатып жүрөт?» деген кыкеңдин сөзүнөн кийин дүйнөң аңтарылып кеткенсийт. Эми өзүңүз ойлоп көрүңүз, 1— класска барбаган 9-10 жаштагы бала эми алиппени окуганы партага отурабы. Эч качан. Буга окшогон көйгөй көрүнүштөр жергебизде аз эмес.

ЛЕНИН ДЕСЕМ…. «Искусство элге таандык» деген учкул сөзү эске түшөт. Искусство элге таандык эмес эле бир ууч коммерсанттын чөнтөгүнө таандыктай көрүнөт. Анткени, толук кандуу кино, спектакль, симфония жок туруп, жаралбай жатып күнүмдүк жашоодо жеңил жанр менен элдин көңүлүн буруп, чыныгы искусство акча сурап саргайып жаткансыйт.

ЛЕНИН ДЕСЕМ…. Кой сарайга чейин жеткен электр жарыгы эске түшөт. Арзандыгын айт, көчөлөрдүн жарыктыгын айт. А азырчы? Кой сарайды мындай кой, борборубуз Бишкекте жарыктын тез-тез өчүшү анын 5-6 күнгө созулушу, караңгы көчөлөр айың болбой калды. Акыры жетмек элең жеттиң дегендей электроэнергияны менчиктештирүүдөн депутаттардын кызыл чеке урушу көп нерселерден кооптондурат. Ушундай достум. ГЭСтерди, аба, шоссе жолдорду, спирт ичимдигин, жер-сууну «прихватташтыруунун» кереги жок. Булар мамлекеттин монополиясында калганы оң. Ошондо жумуш орду көбөйүп, салык түшүп, бюджет толот.

ЛЕНИН ДЕСЕМ…. Мен анын океандай кең пейилдүүлүгүнө, кара кылды как жарган калыстыгына, көсөмдүүлүгүнө миң мертебе таазим этем, баш ийем. Ленин болбосо, биз ким элек.

«Эркинтоо», 25-февраль, 2000-жыл

 

КУУДУЛДАРДЫН САНЫ КӨП, А САПАТЫЧЫ…

Кыргыз элинде социалдык абалына карабай коомго жат, оң-терс көрүнүштөрдү сындап, элге тайманбай айтып чыккан курч, мурч тилдүү адамдар өткөн. Аларды куудулдар деп аташкан. Алар атайын сахнага чыгып элди күлдүрүшпөгөн. Алардын «сахнасы» жайлоо, үлүш, аш-тойлор болгон. Учкул сөздөрдү, куйкум шакабалары телерадио, басылмаларда жазылып, берилбегени менен эл озунда калган. Ошондуктан, негизги таркатуучулары эл болуп «антиптир», «минтиптир» деп ооздон-оозго, муундан-муунга тарай берген. Октябрь төңкөрүшүнө чейин атагы таш жарган Куйручук, Жоошбай өңдүү куудулдар таптык түзүлүштөгү кайрыктарды электен өткөрүп, чучугуна жеткире шылдыңдап келишкен. Атактуу Шаршен куудул сахна көрүп калды. Уулу Асанкул да ата жолун жолдоп жаман чыкпады.

Учурда заманына жараша тушоосу дегендей «оптом» куудулдар агымы пайда болду, же ар бир концерттик топтун өз «дежур куудулу» бар. Моюнга алуу керек, куудулдук өнөр учурдагы рынок мамилелерине ылайык келип, жакшы товарга айланды. Куудулдардын алды үй, арты машинелүү болушту. Он жолу айткан анекдотун он жолу кайталаса деле уккандан тажашпаган эл тамаша койсо бара берет экен. Соодасы өтүп жаткан куудулдардын негизги темасы бирөөнүн кебете-кешпирине асылуу болсо, экинчиси орус, казак, өзбек сатириктеринин продуцияларын тууроо. Мисалы, «Аралаш» куудулдар тобунун айта турган тамашасы, күлдүрө турган сөз предмети Жамбылдын «таз» башы, ыраңы суук бети, Абдылданын «табактай» бети, Рахмандын «курсагы», Борончунун «кыдыйган» бою, Дөөлөттүн «былтык» бети же «аксак» буту. Абдылда, Рахман, Дөөлөт, Борончу, Жамбылдын «таз» башын таш менен урса, ал жалгыз тигилерге блок коет. Ошентип, бири-бирин шылдыңдоодон эл күлөт, көрүүчү курсант болот. Ыраматылык М. Бердибеков «мурдуңардан лампочка чыгарам» деп отуруп, чын эле элдин мурдунан «лампочка» чыгарып, элдин черин жазганга уста болчу. Тараканчы атка конгон артист К. Абылов сахнага чыкканда номер созулду дей бер. К. Абыловдун сахнадагы шериги «ии, анан…», «…кандай экен?», «кантип эле?»…» деп коштоп койсо болду интермедия улана берет, артист өзүнчө жыргай берет. аны уккан эл да «жыргайт». Эртеси эл эмнеге күлдү башы маң. Кийинкилерден сурайт. Алар андан кийинкилерден… ошентип талаш башталат. Себеби, интермедия эч убакта өз деңээлинде ойнолбойт. Өзөгүнө караганда сырткы көрүнүшүнө көп көңүл бурулат. Ал К. Абыловдун ошо учурдагы көңүлүнө, маанайына, шеригине жараша өзгөрүп, жаңыланып турат. Ошон үчүн эл эмнеге күлгөнүн түшүнбөй калат. Ал эми пародияга жакын «Шорпо» Ж. Алыкуловдун таскагы катуу башталды эле кийин «зуу-у, дуу-у…» үн чыгарган карагайдын айланасынан чыкпай «куу-у…» болуп калды. Д. Мадымаевдин сатирага жасаган мамилеси башкача. Ага «чолок», «Эжигейдей Сары», «былтык-тултук» деп тийише беришет, бирок ал өзүнүн оппонент¬терине «катыра» жооп бериштин ордуна бир эле убакта «кемпир», «эркек» болуп ойной берет. Ушул жагынан алып караганда ал көптөрүнөн айрымаланып турат.

Борончу көп учурларда бирөөлөрдөн «токмок» жеп калат. Анткени анын бою кодоо да, бирок шайтандын кичинеси кыйын болот экен деп баш бербей «теректей» бойлууларга кычуу сөз айтып, элди күлдүрүүгө дилгир. «Шорпо», «тараканчы», «табак бет», «чиновник» аталгандар куудулданымыш этип ою-боюна койбой элди кол чаптырганга маш. Эл колдоо көрсөтүп күтүрөтө кол чапса, тигилер «мына көрдүңбү, мага чаап атышат, сага чапкан жок» деп башкаларын шылдың кылат. Бири-бирин шылдыңдоодон өйдө көтөрүлө албагандыктан, жоопкерчиликсиздиктен, чыгармачыл адамдар менен иштешпегендиктен, театралдык билимсиздиктен бирөөнүн «жан» жерин, кебете-кепширин мишенге алуудан эч тажашпайт. Орусиянын телеканалдарынан берилип жаткан «Смехопанорама», «Аншлаг» телеберүүлөрүнөн сатира алптары Петросян, Винокур, Шефрин, Задорнов, Евдокимов жана ушу сыяктуулардын сатирасын өзгөртүүсүз көчүрүп алышат. Оригиналдуулук деген жок. Пародия деген таптакыр унутулду. Жамбылдын «меникин баари бир кесип салышат»деп башталган мыскылына Абдылда менен Рахман жерге жат кырбай «сеники узун болсо кесип салышат да, ха, ха»деген жообу айтылса эл күбүр-шыбыр болуп, кол чаап калышат. Тема жаңыланбайт. Мындан 5-6 жыл илгерки репертуар жылда кайталанат. Маданияттуу эс алам деп концертке билет алгандар маданиятсыз шылдыңдоого карк болуп чыгышат. Бизде бири-бирин шылдыңдап пул таап жатсак, орус сатириктери ал баскычтан алда кайда алга кеткен. «Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы» дегендей жакшы эле баратып аягында тазды Жамбылдын башына, баклажанды дагы бирөөнүн бетине окшоштура коюп бузуп салышат. Ал эми «Тунгучтун» «куудулдарынын» талисманы фашисттик, аскерий анекдоттор. Премьера, спектакль болуп жаткандан кийин кайсы бир болбогон анекдот үчүн фашисттик кара форманы кийүүнү анча деле зарылдыгы жок. Орус сатириктери бу проблеманы баш кийим кийүү менен эле чечип коюп жатышат.

Ошентип, илгери кыргыз журтчулугунда эки-үч гана белгилүү куудулдар болсо азыр алардын саны өсүп баратат. Райондук, областтык, республикалык деңгээлде куудулдар чыгып жатканы кубандырат. Бирок, чыгармачылык жигери, деңгээли одоно, маданиятсыз ыкмаларды ашкере колдонгондуктары, албетте колдоого арзыбайт. Аны тартипке салган, же сураган эчким жоктой. Ушундай жагдай басымдуулук кылып турган чакта билим жана маданият министрлиги баш-көз болуп, колдоо көрсөтүп, жылда республикалык куудулдар сынагын өткөрүп турса жогоркудай адамдын кебете-кешпирине асылып, же аны ода кылып айтып, тийишүүлөр басаңдап, балалык оорудан арылат элек. Анткени, бири-бирине кашынган дарак чабал өсөт эмеспи.

«Эркинтоо», 9-январь, 2002-жыл

 

КАЛООСУ БОЛСО КАР КҮЙӨТ, ЖЕ БИЗГЕ КАНДАЙ ПАРТИЯ КЕРЕК?

Кыргыз эли абалтадан уюткулуу журт болгон. Уруу уруу болуп жашаган, кайсы жер малга жайлуу болсо, ошол жерге көчүп барып жайлаган. Душман болсо убай-чубай жөнөгөн. Дөөлөр менен дөөсү барып жоолошкон, даңазалуу Манас бабам далайларга көргүлүктү көрсөткөн. Катылгандын катыгын беришкен. Эли-журтунан бөлүнүп, «мен силерге, силер мага тийбегиле» деп уруудан чыгып кеткен эл бузарларды: «Бөлүнсөк бөрү жеп кетет, бөлүнүп кыргыз кетти деп, бөтөн элге сөз кетет» деп ынтымакка, достукка чакырган.

Тирүү болсок бир дөбөдө, өлүү болсок бир чуңкурда бололу. Жоону бирге жоолойлу, доону бирге доолойлу, ала болсо алдырабыз, кула болсо куурайбыз деп биримдикке үндөшкөн. Илгери бирөө бөлүнсө бала-чакасын, журт башчысы, бөлүнсө, журтун, уруу башчысы уруусун бөлүп кеткен. Совет доорунан азыркы мезгилге чейин бирөө өз элин, журт башчысы журтун, эл башчысы элин бир жакка бөлүп кеткен эмес. Совет бийлигин тааныбаган Жаныбек казы, Рахманкул хан өз уруусун бөлүп четке кетип калганы болбосо кудая шүгүр, жашап жатышат. Бирок Совет мезгилиндеги 70 жыл убакыттан бери массалык маалымат каражаттарында, «түндүк-түштүк», «оң-сол» болуп бөлүнбөгүлөчү деген шаблондуулук, куру кыйкырык бүтпөй келатат. Болбосо «түндүк-түштүк» болуп бөлүнүп, Кытайга кирип кетти дейсиңби?Жок. Же бир эл, бир элден бөлүнүп кан акты дейсиңби? Жок. Же элине, уруусуна таарынып, мал-мүлкүн артынып, Японияга, же Америкага өтө качышты дейсизби? Жок. Бөлүнгөн да эч ким жок. Бөлгөн да эч ким жок. Болгону сөз бар. Ошону ыгы келсе, келбесе да колдоно берген эл калды. «Ат оонаган жерде түк калат» дегендей бөлүнгөн бөтөн адам, бөлүнгөн бөтөн уруу жөнүндө сөз калат эле да. Кыргыз тарыхында уруу уруу болуп согушкан, чоң урпактардан бугу менен сарыбагыштардын тирешүүсү эле болбосо, андан өткөнү болбоптур. Эгер тарыхка таянсак, америкалыктар түндүк-түштүк болуп 100 жыл согушкан, Англияда ушул кезге чейин ак сөөктөр жана кембагалдар тукуму деп бөлүнгөнүн, Япония, Кытайда кылымдар бою кландарга бөлүнүп келишкенин экиге окуган начар окуучу деле билет. Совет доорунан бери бизде мындай конфликт иштер каттала элек. Бирдеме болсо эле башка элди үлгү кылып, байрагын көтөрүп алган адамдарга түшүнбөйм. Кудайдын назары түшкөн израилдиктер деле жыргап кетишкен жок. Кайра бир еврей таанышым: «Силер кудайдын бейишинде жашаган укмуштуудай меймандос эл экенсиңер»-деп суктана да, кызгана да айткан жери бар. Ал эми европалык же америкалык волонтерлор көп үй-бүлөлүү кыргыздарды көрүп, чыңдап таң калышкан. Себеби ошончо чоң үй-бүлөнү багуу, кийиндирүү, билим берүү, элге кошуу эмне деген эмгек экенин алар жакшы билишет да. Алардын эң таң калганы ошончо көп үй-бүлөсү болуп туруп, сандыкка каткан эң чүйгүн тамагын бала-чакасына бербей туруп, волонтерлор менен бөлүшкөнүн көргөндө эстери ооп калышкан. Биздин элдин улуулугу ушунда эмеспи. Бизден деле үлгү алса болот экен да. Мындай көрүнүш көп адамдар суктанган Батышта, Европада жок, болбойт да. Кан-жанына сиңген эмес. Эгер чындап эле бөлүнгөндү бөрү жеп урушуп, согушкан факты жок болсо, бул жөн эле жазмакөйлөрдүн азыгы үчүн ойлоп тапкан каражаты болуп жүрбөсүн? Ойлонуп көр. А балким биз али чындап, «түндүк-түштүк» же «оң-сол» болуп бөлүнө албай жүргөндүрбүз. Эгер чындап бөлүнө турган болсок, азыркы турмуштан алда сонун жашаар белек, ким билет? Айталы, ошол эле Америка, Японияда, штат, штат, клан, клан болуп биринен бири өөдөсүнүп жашабаса, мынчалык өнүккөн цивилизацияга жетмек эмес. Уруучулукка, командага бөлүнүү деген сөздөн, аны жеригенден майнап жок. Ал деген атаандаштыкты, алга умтулуучулукту, лидерликти, токчулукту, өз алдынчалуулукту, бакубатчылыкты күчтүүлүктү туюндурган сөз. Эң ынтымактуу деген үй-бүлө деле экиге же үчкө бөлүнүп, топ, карта, теннис, шерине ойнойт эмеспи. Мунун эмнеси жаман.

Ар кандай партия түзүп, ошол партия аркылуу кудайды тааныгысы, журт башчысы болгусу келгендер бар. Жаралгандан уруу уруу болуп жашаган кыргыз тарыхында партия деген болгон эмес. Жат эле. 20-жылдары компартияны, 90-жылдары көп партиялуулукту таанып, партия деген бизден сабаттуулукка, илим, билимге мурда жеткен батыш элдеринин ойлоп тапкан табылгасы экенин билебиз. А биздин табылга-кыргыз кыргыз болуп жаралгандан кан— жанына, сөөгүнө чейин сиңип калган уруучулук бөлүнүү, уруучулук династияны, уруучулук түзүлүш, өсүш, жеңилүү, жеңиш бар. Көп партиялуулуктун ордуна уруучулук түзүлүш партиясы келсе, кыргыз капкачан утмак. Азыр уруу десе эскинин, өткөндүн саркындысын түшүнөт экен. Андай түшүнбөш керек. Ар ким өзүнө жакын, өзү билген ишти аткарганы жакшы. Азыр биз өзүбүз ушул мамлекеттүүлүккө жеткирген ата-бабаларыбызга окшошкубуз келбей, сөзсүз кимдир бирөөгө, же кайсы бир өлкөгө окшошкубуз келет. Азыркы түзүлүштөн өзгөчөлөнүп жашагыбыз келбей, ата-тегин билбеген кайсы бир Батыш же Европа модулу боюнча жашагыбыз келет. Азыр Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсүбүз деп анын айтканынан чыкпайбыз, ал деле туурадыр. БУУ жок кезде деле ошого тете дүйнө элдерин өлкөлөрдү кызматташууга цивилизацияга үндөп турган коомдук күчтөр болгон. Ошондой күчтөргө карабай Чыңгызхан, Аксак Темир деген улуу жол башчылар уруу түзүлүшүнүн, уруу күчтөрүнүн, уруу духунун байрагын желбиретип, бир партия, бир улут, бир уруу кылып түзбөй эле Чыгыштан Батышка чеийнки чөлкөмдү басып алганын ким танат? Уруучулук түзүлүштүн жеңишин, бөтөн эл, бөтөн жерде үч кылымдан ашык татып бийлик жүргүзсө, бардык улуттан өздөрүн бийик койгон нацисттик партиянын лидери Гитлер басып алган жерлеринде бийликти партиянын күчү менен 4-5 жыл кармады. Компартия 73 жыл турду. Орустун улуу реформатору Петр I кайсы партиянын лидери болду дейсиң. Болгону бир шаарды экинчисинен өөдөсүнтүп, бир династияны экинчи династиядан бөлө карап, атаандаштырып, уяткарып, жүз жылда жете турган ийгиликтерди 10 жылда камсыз кылбадыбы? Атаандаштарын уяткарып, же Манастын арбагына койсо эле реформа жүрүп кетпейт. Ал үчүн Петр Iге окшоп, керек учурда басса чалынган кафтанын, сакалын кырккан, ыйык чиркөөлөрдүн коңгуроолорун керектөө үчүн чогулттуруп кайра замбирек куйдурган күчтүү эрк керек. Бизде эмне үчүн ушундай кылса болбосун? Болот. Болбосо болтуруш керек? Бирөөнүн модели менен жашоого дегеле болбойт. Өзүбүз кылымдар бою кыла келген түзүлүш менен жашообуз утуш берет. Ар кандай аталыштагы, ар кандай партияга башыбызды катсак деле шайлоого барганда уруу-уруу болуп бөлүнүп алып жатпайбызбы же жалганбы? Коммунисттик партия десе эле коммунисттердин, дыйкандар партиясы десе эле дыйкандардын, социалисттердин, ата-мекенчилердин, афганчылардын турмушу оңоло калбайт. Бул факт. Эгер уруулар партиясы түзүлсө башкача өнүкмөк белек? Айталы, теңизбай, сарбагыш саяк, кушчу, ичкилик, кытай, баргы уруулуры түндүк-түштүктө, оң-солдо да бар. Уруучулук эч качан жаман нерсеге үндөгөн, чакырган эмес. Ал дайыма бардык жакшы нерселерге гана үйрөтүп келген.

Кандай гана партиядан болбойлу, шайлоого жеткенде, уруу-урууга бөлүнүп кетээрибиз ырас болсо, эмне үчүн ар кандай аталыштагы партиялардын ордуна саяктар, бугу, теңизбай, жору, калмак, бөрү сыяктуу партияларды түзүүгө болбосун. Болот. Баары айкын болмок. Ким кайсы партиядан экен деп сураштырып жүргөнчө, уруулар партияларынын лидерлеринин аты-жөнүн, бешиктеги баладан кемшиңдеген кемпир-чалга чеийн жатка айтмак. Керек болсо жети атасына чейин жиликтеп бермек. Ошондуктан эзелтеден кыргыз элинин сөөгүнө сиңип калган, канында бар партиясын түзүүгө неге болбосун? Анткени уруулар партиясы-практикалуулугу, элге сиңимдүүлүгү, түшүнүктүүлүгү жагынан эч бир дүйнөдөгү партияларга окшобогон партиялардан болмок. Ата-бабабыз кылымдар бою колдонуп келген, ураан чакырып келген уруулар түзүлүшү 70 жыл ичинде эле талкаланып, жок болуп кетишин мен каалабаймын. Биз аны унутууга, эски деп жеригенден майнап чыкпайт. Кайра уруулардын кадыр-баркын көтөрүү ушундай кыйын учурда чыңдоо, бириктирүү керек. Биригүүнүн жаңы формасы-уруулар партиясын түзүү зарыл. Бу укум-тукумдардын, аталардын атаандашуусу, жарышы, келечек үчүн күрөшүүсү жана намысы болмок. А ата намысын бирөө жөн эле алдыра койбосу турган иш. Алгач башаламандык, түшүнбөстүк келип чыкса да, кийинки келечеги мурда болуп көрбөгөндөй жеңиш бермек. Дүйнөдөгү бардык улуу жеңиштер кичинеден башталат. Ошо сыңарыңдай айыл-кыштактагы майда топ уруулар партиясынын ячейкасына айланып, ячейка райондук, облустук, республикалык комитеттерге өсүп чыкмак. Эгер биз бу дүйнөдөн өзгөчөлөнүп, уруулар партиясына баш койсок, дүйнөнү экилентип каалагандай калчаган коммунисттик партиянын деңгээлиндей, же андан да күчтүү партияга ээ болмокпуз. Ошондо биз аты бар да заты жок, ишинен натыйжа чыкпаган 20 партиянын ордуна, райондук областтык уруулар ячейкасынан комитеттерден өсүп чыккан республикалык үч партия-Адигине, Тагай, Ичкиликтер партиясы өз ара иш алып бармак.

Бул партиялардан ашып түшкөн партия болмок эмес. (Эстеп көргүлө, Атаке баатыр орустарга элчиликке жөнөгөндө, бүткүл кыргыздардын атынан эмес, биринчи өз уруусунун атынан барган). Керек болсо, башка улуттун өкүлдөрү да Адыгине, Тагай Ичкилик партияларына кошулмак да бул партиялар бүткүл кыргызстандыктардын шыктандыруучусу, уюштуруучусу катары кызмат өтөмөк. Эгер айрым кунаса адамдар, лидерлер Адигине, Тагай, Ичкилик деген партиялардан корксо, уялса, намыстанса, алган багытына жараша Адыгине Демократиялык, Тагай социалисттик, Ичкилик коммунистер партиясы сыяктуу ат менен чыкса ким кой дейт. Партия түзүп, аны элдердин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылдыруу кандай багыт, кандай мамлекеттүүлүктү тандап алат, ал партиянын иши. Уруулар партиясын түзүп, жик-жикке бөлүнүп кетүү идеясы жок биерде. Жаралгандан уруулар башкаруусунда коллективизмге, эли-журтун сүйүүгө аны коргоого, карыларын кастарлап, келечек муундун өкүлдөрүн тарбиялоого көп көңүл буруп келишкен. Элдүүлүк, коллективизмди биз батыштан алган эмеспиз. Ал деген табиятынан элибиз менен келаткан касиет. Ошондуктан бей-бечара, жаш-кары, аял-эркеги, кыз-баласы-баары элдүүлүктүн духунда тарбия алышкан, уруучулук түзүлүштөн өсүп чыгышкан. Мындан 5000 жыл илгери деле жамандык, жакшылык дасмиясын чогуу көрүшкөн, укугу корголуп турган. Азыр деле ушундай. Ким кайсы партиянын катмарынан, региондон болбосун, өйдө-ылдыйда, жаман-жакшыда бирге болушат. Уруу аксакалдарынын, карыялардын кеңешин айткан кеп-насааты практикалык күчкө ээ. Каада-салтта, үрп-адатта элдин маңызы жатат жана ал кандай мамлекеттүүлүктү көздөйт. Кеп ушунда. Бирок биз уруучулук партияларын негиздөө менен өзүбүздөгү элдүүлүктү, демократияны сактап калабыз. Бул партия аркылуу укуктук демократиялык мамлекетти курууну, кан-жаныбызга кыттай орногон элдик бийликти орнотууну көздөйт элек. Уруулар партиясын түзүү ар кимибиздин көңүлүбүздө, жүрөгүбүздө тургандыр. Бирок жүрөксүнүп, калоо гана жетишпей тургандай. «Калоосу болсо кар күйөт» дейт элибизде. Бул сөз бекеринен айтылбаган чыгаар. Ойлонолу, бир бололу, акыйкат ачык-айкын пикирибизди айталы. Партия түзүлбөсө деле каныбызда келаткан кыргыз деген улуу элде сакталып, муундан-муунга, кылымдан кылымдарга келаткан уруучулук түзүлүш жан-дүйнөбүздө баары бир жашай берет. Ушу заманга жеткирген ата-бабабыз менен сыймыктанып, даңктанып, узанып келип, алар колдонгон үрп-адатын, каада-салтын, уруучулук түзүлүшүн бир эле түндө танып кетүү чекилик болоор.

Ошондуктан уруу, уруу десе эле обу жоктонуп, бөлүнүп кетти дебей, уруулар партиясы түзүлсө, биз дүйнөнү, дүйнө бизди өзгөртөт эле. Анткени, ар ким бешенесине жазган ырыс кешигин көрүп, буйруганын буйругандай жашап өтүү парзы турат.

«Эркинтоо», 17-май, 2002-жыл

 

АКЫР ЗАМАН КЕЛСЕ АДАМЗАТ МАРСТА ЖАШАЙБЫ?

Кийинки учурда адамдар жер үстүндө боло турган акыркы заман жөнүндө көп сүйлөй турган болушту. Чочулап да жатышат, бирок, акыркы заман качан болот, каерден башталат, азырынча бул суроого эч ким жооп берелек. Божомолдору, айткандары олуялыктарча дайыма төп келчү кудайдын китеби Библия да акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды эскертет. Акыркы заман асмандан келээрин да алдын ала айтат. Чын эле ошондой акыр заман келип калдыбы? деген суроолор албетте ар бирибизди бушайманга салышы ыктымал.

Мындай үрөй учурчу жаман-ойлор кылым тогошкон жаңы миң жылдык алмашкан доорго туш келгени сөзсүз ар бир тынчтыкты сүйгөн жүрөктү кооптондурбай койбойт. Ишенип, ишенбей да кетесиң. Дасмияңын бүткөнү ушубу деп аргасыздан өткөн жана азыркы өтүп жаткан өмүрүңө саресеп саласың. Акылга сыйбас болуп көрүнгөн мындай божомолду канчалык четке каккың келсе да, адамдардын табигый каалоолору тынчтыкта жана бейпилдикте өмүр сүрүү болгону менен алардын арасында бири-бирин жек көрүүчүлүк, биринин үстүнөн үстөмдүк кылуулар, өлтүрүүлөр уланып, оорулар күчөп, табийгаттын катастрофалык кыйроолору адамзаттын үшүн биротоло алып жатса аргасыз ишенип да кетет экенсиң. Укмуштуудай ырайымсыздыктан, таш боордуктун мисалы катары адамдар бири-бирин катаалдык менен кыйноо жана массалык түрдө өлтүрүү үчүн газ камераларын, концлагерлерди, атомдук, ядролук, аты жаман химиялык кыйроолорду пайдаланышкан жана пайдаланып жатышат

Канды суудай агызган, башкарууга мүмкүн болбогон биринчи дүйнөлүк согуштан алда канча талкалоочу күчкө ээ болгон экинчи дүйнөлүк согуш келген. Экинчи дүйнөлүк согушта биринчи жолу массалык кыйроо алып келген атом бомбасы пайдаланылган. Экинчи дүйнөлүк согушта 50 млн. адамдын бейкүнөө өмүрү кыйылган. Сабак болчу экинчи дүйнөлүк согуш жөнү жок атаандашууларды токтоткон жок. Кайра күчөттү. Азыр айрым официалдуу кыскартуулардан кийин да, дагы жер жүзүндө 10 000ден 20 000ге чейинки жардырууга даяр турган ядролук куралдар адамзатты жер үстүнөн жок кылуу үчүн жатат. Бул куралдар экинчи дүйнөлүк согуш маалында чыгарылган өрттөөчү күчтөрдөн 1000 эсе көптүк кылат. Пайдасы жок согуштар күчөдү, согуштун айынан кээ бир өлкөлөрдө ачарчылык башталды. Жакырчылык, ачарчылык болгон жерде медицинанын алы жетпеген оорулар, эпидемиялардын чыгаары шексиз. Акыркы заман асмандан, же жерден эместигин, ал өзүбүздөн, адамдар өзү ойлоп тапкан кыйраткыч куралдан, жөнсүз ядролук жардыруулардан, зордук-зомбулуктан, үстөмдүк үчүн күрөшкөн түркөйлүктөн, акыры барып сен өлсөң, кыйрасаң, жер үстүнөн жок болуп кетсең да мейли, мен аман болсом болду деген кайдыгерликтен экендигин эми аңдап-таанып билдиңизби окурман. Адамзат муну билбейт дейсизби? Эң сонун билет. Билип туруп жер планетасынан башка жашоого мүмкүн болгон база издеп жатканы ошондон. Мындай аракеттер 12-апрелде СССР деген чоң өлкөдөн космоско биринчи из салган Ю. Гагаринден кийин дүйнө коомчулугу бири-биринен жашыруун программаларды иштеп чыгып, жапырт киришкен. Артта калып, шерменде болуп калуудан корккон америкалыктар СССРден мурун асман алптарын айга кондуруп, айдын топурагын алып келишти. Миллиарддаган каражаттарынын көзүнө карабай башка планеталарды изилдей баштады, ага чейин СССР деген зор өлкө кыйрады. Коммунистер жашаган өлкөнүн кыйроосу менен дүйнөдө үстөмдүк үчүн жүргүзүлгөн күрөш күчөй баштады. Кечээ борбордук Россияда, бүгүнкүнүн сенсациясын жар кылышты. Сенсация Кыргызстанда, же ушуга окшогон мамлекетте эмес, Америкада катталган. Оризон штатындагы космосту изилдөө борбору жылдыздар системасында жайгашкан планетанын сигналдарын кабыл алышкан. Бу дүйнөнү таңкалтырган чындык жана факт. Ушундан кийин 39 миң жарык жылына барабар болгон планетанын сигналдарын кабыл алган америкалыктарга таң калбай койбойсуң. Сенсациялуу кабар жаңы үчүнчү миң жылдык алмашкан, акыр заман боло турган мезгилине туш келгенин карабайсыңбы. Учуучу тарелкалар жөнүндөгү окуяларга ишенүүдөн жана бөлөк планеталардан тирүү жандыктарды изилдөөдөн үмүттөрү үзүлбөгөн америкалыктар өздөрү долбоор түзө башташты. 1961-жылдары орус баласы космос мейкиндигине чыгып тарыхта калса, айга асманалптардын десантын таштаган америкалыктар дүйнөдө өзгөчөлөнө алышты. Адам жашай турган планетаны табыш керек эле табышты. Ай планетасы адамзатты кучагын тосуп алууга жөндөмсүз болсо да, Марс планетасында адамзаттын баласы жашай ала турган компоненттер бар экендигин илим далилдеп койду. Көп жылдык изилдөөлөрдүн акыбети кайтты дешет дүйнө аалымдары. Кылым тогошкон акыркы мүнөттөрдө пайда болгон мындай сенсациялуу кабарды дүйнө коомчулугу кандай кабыл алат билбейм, бирок акыр заман келчүү болсо Марс планетасынын экинчи дүйнө болооруна ишенген илим адамдары, ал жерде колония уюштурууну ойлонуштуруп жатышат. Кадимки эле колония. XIX-XX кылымдарда франциялыктар, англичандар, испандыктар, америкалыктар, орустар уюштурган зомбулук менен басып алган колониялар сыяктуу колонияларды уюштуруу чоң масштабда пландаштырылып жатканы чын. Анткени жогорудагы улуу коңшуларда космодромдор, космос кораблдери, космос спутниктери бар эмеспи. Колдо бар мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып Марсты изилдешкени ошондон. Атмосферасы көбүнчө карбондиокситтен турган Марстын уюлдарында жетишээрлик суу чыга турган ири мөңгүлөрдүн запасы бар экени аныкталды. Мөнгүдөн адам иче турган жарактуу суу алыш үчүн алардын каршы тарабына өлчөмү туура келген күзгүлөрдү жайгарышып, аларды эритсе, албетте, дарыя жана көлмөлөр пайда болот. Суунун жээгине тез өскөн, чоң, жазы жалбырактуу өсүмдүктөр, бак-дарак отургузулат. Ал эми Марска отургузулган бак-дарактар, жашыл өсүмдүктөр планетанын атмосферасындагы карбондиокситке кошумча абага кислород бөлүп чыгарат. Кислород адамдын жашоосундагы эң бир маанилүү булагы экендигин айтпаса деле түшүнүктүү эмеспи. Белгилүү бир убакыттын ичинде Марс планетасында Эдем багындай кооз, жашыл бак, өсүмдүктөр фаунасы пайда болсо кислород да көбөйүп, климат өзгөрүшү турган иш. Ким билет, балким, адам баласынын жашоосу үчүн да ыңгайлуу чөйрө түзүлөр. Күч келсе космосту багындырган адамзат өзүнө ыңгайлуу шарт түзүп алар. Марста жайланыша турган биринчи колониянын, алгачкы мезгилинде адамдардын жабык теплица өңдүү жайда жашашы пландаштырылууда. Анын сыртына чыгаарда атайын кийим кийишет. Ал кийимдер климаттын күтүлбөгөн, каардуу соккусунан сактоого жардам берет. Биринчи колонизаторлор америкалыктар, индиялыктар, же орустар болобу али белгисиз, бирок биз эмес. Биз бир убакта цивилизациясы жогору өнүккөн Атлантида, Майа мамлекеттери сыяктуу белгисиздикке өтүп кетебиз. Ошондо да капчыгы толо, дүнүйөсүн түгөлдөй албагандардын күнү тууйт. Алар дүнүйөсүнүн зордук-зомбулугу менен ит, мышыгын кошо жүктөп, космос кораблин арендага алып Марсты көздөй көчө башташат. Далай төлгөсү төп келген диний адамдар Библия китебин бетке кармап төгүн жерден «акыркы замандын күндөрү келип калды» деп чуу салбагандыр. Акчалуу болсоң байлардын катарынан орун алып, кораблине катталып, Марска шайлана бер. Эртеби, кечпи, бир мезгилде адамзаттын Марс планетасында жашоосуна туура келет. Мындай ишенимге мен «акыр заман» келип калганынан келген жокмун.

XXI кылымда илимий-техникалык прогрестин, Ала-Тоону мекен кылган элдин өкүлү да Марста жашоосуна ишенели.

«Эркинтоо», 29-май, 2002-жыл

 

СӨЗ КУДУРЕТИ — ЭЛ МАДАНИЯТЫ

Байыртадан эле кыргыздардын кыргызды кыргыз кылып таанытып келаткан коом маданияты, сөз маданияты, көөнөрбөс тили болгон. Ушу күндөргө чейин маданияттын тарыхтын, ата салттын, мамлекеттүүлүктүн улуу касиеттерин муундан-муунга сактап келген ажоолуктун улуу бийлигине таң бербей койбойсуң. Анткени кыргыздар түрк деген этноним пайда боло электен алда мурун жашашкан, тарыхы, маданияты, каада-салты, байыркылыгы бар, ак чокулуу Алатоону элестеткен ак калпагы менен дүйнөгө таанылган таалайлуу эл.

Азыркы ажолуктун Алатоосунда Кыргыз Республикасы БУУнун мүчөсү болуу менен дүйнөгө таанылып, демократиялуулуктун туу чокусуна бараткан XXI кылымдын босогосунда да өз тилин, салтын, тарыхын сактап калды.

Бекеринен кыргыз эли айкөл Манастын жети осуятын тандап албаган чыгаар. Улуттук тарыхыбыздын жаралгандан түптүүлүгү, байыркылыгы бар экендигин далилдеп келаткан мамлекеттүүлүктүн негизги белгиси-тил. 1293-жылга таандык Орхон Энесай жазуулары байыртадан эле кыргыз элинин жазуусу болгондугун айгинелейт. Арадан канча ирет калыптанып, кайра кыйрап отуруп, ортодон 700 жыл өткөндөн кийин өз алдынчалуулукка жетишишибизге тилибиздин туруктуулугунан деп билиңиз. Тилдин улуулугу, көптөрдү тамшандырган көөнөрбөс касиети уруу-уруу болуп жашаган жоокерчилик заманда кылы кыйшайбаган. Кайра өнүгүп өсүп отурган. «Манас» эпосу баштаган эпос, дастандар, ырлар, жомоктор жаралган. Кайсы доордо болбосун кыргыз эли карыга карамдуу, кедейге кайрымдуу, жашка таалимдүү болгон. Катылган душманы болсо убай-чубай жөнөшкөн. Катылгандын катыгын беришкен. Эли-журтунан бөлүнүп «Мен силерге, силер мага тийбегиле» деп тетири баскан журт бузарларды өнөр алды — кызыл тилдин күчү менен «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп кыргыз кетти деп, бөтөн элге сөз кетет» деп ынтымак-ырашкерликке, өз ара түшүнүүчүлүккө, достукка чакырган. «Тирүү болсок бир дөбөдө, өлүү болсок бир чуңкурда бололу», «жоону бирге жоолойлу, доону бирге доолайлы, «ала болсо алдырабыз, кула болсо куурайбыз» деп биримдикке үндөшкөн. Чектен чыккан, алакөөдөн жаштарды кеч болуп кала электе «абийириңди жашыңан сакта» деп уяткарышкан. «Айтылган сөз— атылган ок»» деп сөзгө абдан маани беришкен, сөз тарбиясынын ыгына көнгөндөрдү сыйлап келишкен, айтканын аткарышкан, убадага бек турушкан. Ошон үчүн кыргыздар кайсы доордо болбосун сөзгө бек турган, кара сөздү ыргагы менен сүйлөгөн элдердин катарына кирген. Коңшу улуттар эсептешпей кое албаган, көп элди таң калтырган.

Мисалы, XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз элинин ооз эки чыгармаларын изилдеген көрүнүктүү түрколог В. Радлов кыргыздардын эпикалык маданияты болуп көрбөгөндөй бийиктикте экендигин таң калуу менен жазган. Тил кудуретине, сөз байлыгына, көөнөрбөс маданиятына таазим эткен, башын ийген. Ага тарых күбө. «Кыргыздардын жөн жай эле сүйлөшкөн сөздөрүндөгү ыргактуу сүйлөм түзүлүштөрү, ритмикалык жактан таамай айтылган сөз тизмектери жан дүйнөңдү арбап, биринин артынан бири чууруп, ой данектери тизмектелип, кудум ыр окуп жаткандай элес калтырат. Кыргыздар сөзмөрлүгү, чечендиги менен айрымаланган эл экен»деген ой пикирин жазып кеткен. Ушуга тете ойлорду Ч. Валиханов, С. Абрамзон, В. Жирмунский өңдүү белгилүү түрколог-окумуштуулар өз эмгектеринде ырастап кетишкен. Ааламга аты дайын окумуштуулардын жазып кеткен эмгектери, айткан ойлору менен эсептешпей коюуга такыр мүмкүн эмес. Ошондон дүйнө кыйырына «кыргыздар сүйлөп жатса да ырдап жаткандай куюлуштура сүйлөшөт экен» деген кеп тараган. Кыргыз болуп жаралгандан «Өнөр алды-кызыл тил» деген лакап пайда болгон.

Ириде, тилдин улуулугу, муюбас касиети эл жараткан ыр кошокторунда, жомок макалдарында, дастан эпосторунда даана көрүнөт. Көркөм сөз өнөрүнүн чечени атка конгон тарыхый инсандар өткөн. XIV-XX кылымдарда өмүр сүргөн айтылуу Жээрэнче, Алдар Көсө, Акыл Карачач, XVIII-XXкылымдарда эмгеги менен элге көрүнгөн Тилекмат, Сарт, Мойту, Садыр акелер, Куйручук, Көкөтай чечендер сөз, тил өнөрүн туусундай көрүп каар замандын залим төбөлдөрүнөн корпой, чукугандай сөз таап «баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп мамлекеттик маанидеги маселелерди чечип эл менен элди катыштырган, достоштурган. Өз учурунда тарыхый чоң мааниге ээ болгон, олуттуу элдик дипломатиянын, элдик педагогиканын милдеттерин жүзөгө ашырышкан. Карапайым калктын турмушун жеңилдеткен. Сөз өнөрү чеберчилигин бийик тутуп, даңазалап келишкен.

Жаратманы эл болгон макал менен накыл кеп, жорго сөз менен санат сөз түгөнбөс эл кенчине айланган. Атпай журт бирде жеңип бирде ызалуу күндөрдү баштарынан кечиришкен. «Көрө-көрө көсөм болот», «Көч жүрө-жүрө түзөлөт», «Адашкандын айыбы жок, кайра үйүрүн тапкан соң», «Чапкан сайын көз чыкпайт», «Сабырдын түбү сары алтын» деген макалдар ошондой күндөрдүн элеси.

Арадан канча кылымдар өтсө дагы көөнөртпөй муундан-муунга өткөрүп, сактап келген бабалар мурасын, бабалар салтын азыркы муун жерге таштабай улантып келет, өнүктүрүп-өстүрүү милдети мойнунда. Анткени улуттун, мамлекеттүүлүктүн байлыгы болгон жаңы муун кыргыз тилинин мүмкүнчүлүгүнө бөркүндөй ишенет.

Эгерде сулуулук дүйнөнү сактап калса, анда кыргыз тилинде сулуулук бар. А тилдин сулуулугу кыргыз дүйнөсүн, кыргыз тарыхын, кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калууга тийиш. Ага кудурети жетет.

«Эркинтоо», 18-апрель, 2003-жыл

 

СЕН ООРУБА, МЕН ООРУЮН, АТАЖУРТ!

Кайда жүрбөйүн, бу жалган дүйнөнүн учу-кыйыры жоктой көрүнгөн мухитинде Атажурт жыттанган өлкөмдүн тоо-суулары, кокту-колоту, чаң сапырылган ийри жолдору, көзгө сүйкүм адамдары көз алдыма тартыла берет. Отурсам дем, чаңкасам суу, кыйналсам арка бел болуп берет. Кайраты күч, касиети мол. Себеби тоодо төрөлүп, тоодо торолгон кыргыз тоосуз жашай албайт. Анткени, ал бул дүйнөгө тоо болуп келип, тоо болуп кетет. Ак чокулуу тоосун карап турбаса, курсагы ачат, кусага батат, руху бөксөрөт. Ошон үчүн кайда жүрбөсүн, кайда турбасын тоолордон бүткөн Мекенин сагына берет. Мейли, айга учуп кетсин, мейли түпкүргө түшүп кетсин, Мекенине сөзсүз кайрылып келет. Пенде болгондон кийин анын кайрылып келчү жери болгону жакшы.

Көптөрү «Мекен кайдан башталат?» деп сурашат. Бири ийин куушурат, экинчиси чала моңол түшүндүргөн болот. Бирок, сен анысына, мунусуна да ынанбайсың, себеби жообу ынанымдуу чыккан жок. Ошон үчүн билип ал, Мекен кайдан башталаарын. Ал бул жалган дүйнөгө ыңаалап түшкөн энеңдин этегинен, көзүңө жылуу көрүнгөн бешигиңден, тай-тайлаган ата-энеңден, гүл жамынган өзөн-тоолордон, ийри-буйру жолдордон, сен туулган айылдан, үйдөн сенин Мекениң башталат. Башталган жерден ыйыктын-ыйыгына айланат. Коргойсуң, коргоносуң. Үйүң болсо Атамекениң болот, ал болбосо көрүнгөн жердин эшигин сагалаган жолбун иттен айрымаң болбойт. Анткени, Атамекен экөөбүзгө тең. Аны бөлүп ала албайсың, ылдыйда өбөк, өйдөдө жөлөк болот. Биримдиги, бирдиги, кубаттуу болушу сенден, менден.

Ошон үчүн да аркайган ак калпак кебетеленген жер түркүгү— Ала-тоо, акактай тунук, кудаанын чөйчөгү сымал керилген, жер бермети— Ысыккөл Теңир жараткан жер үстүндөгү адамзаттын бейиши экендигин миң сырлуу, миң кырдуу дүйнө кыйырына даңазалай берүү менин, сенин милдетиң.

Даңазалоодон мен чарчабайм, себеби Мекендин деми мени чарчатбайт, алга сүйрөйт, көтөрмөлөйт, кубат берет.

Арийне, дүйнө кыйырына даңазалагандай Мекениң сага эмне кылып берди? деген суроо менен сени бирөө жарга такашы мүмкүн. Сен ага терикпе, түртүп сал, себеби, ал шайтандын сүрөөсү менен айтылган сөз. Ириде, сен энеңдин этегинен түшкөндөн Мекендүү болгон жолдуулугуң менен сыймыктанууга тийишсиң. Ырасында, Мекени бардын ырысы бар. Сен ошо Мекениң үчүн бирдеме өстүр, эмгек кыл, дөөлөтүн көтөр. Мамлекет мага эмне кылып берди дештен абал, сен ал үчүн эмне кылып бердиң, эмне кыласың, ошону ойлон. Ошондо өнүгөсүң, өсөсүң, дүйнө кыйырына атың кетет, өз да, бөтөн да сыйлайт. Ошондуктан сенин, менин жүрөгүмдө оргуп турган эң кымбат сезим-Ата Мекенди сүйүү болушу лаазым. Биз ким болбойлу, кайда жүрбөйлү, тагдыр бизди кай тарапка алып барбасын, сасыган сазы бар миң чиркейлүү токоюнабы, мейли, чокусунан ак кар кетпеген аска тоосунабы, мейли, учу-кыйырсыз мелтиреген мухитинеби, мейли, көз нуру жетпеген аалам чексиздигинеби, же аптабы мээ кайнаткан эрме чөлүнөбү, айтор, сен сөзсүз Атажурт деп аталган жерге айланып келээриң бышык. Анткени ар кимдин туулган жери— мисир.

Чирик жыттанган токоюн, ызылдаган чиркейин эңсеп, жылуу, күнөстүү аймактан жыл бою ызгаар кетпеген тундрасын өөдөсөнтүп, тоонун таза абасын, мөлтүр кашка сууларын танып, кум эшилген эрме чөлүн бардыгынан артык көргөн учурлар бар. Себеби шуудураган токоюнда, тоо желинде, өзөн-суусунда эшилме кумуна, кол үшүткөн аязына, көнөктөп жааган жамгырына, жер жайнаган гүлдөрүнө, так түйүлгөн айбанаттарына, дирилдеген жалбырактарына, киндик каны таамп, ата-бабалардын изи калган, жашап өткөн.

Атажурт гана сагынуудан саргайып кеткен дилиңди тазартат. Рухий дөөлөтүңдү өнүктүрүп, кайгы-муңдан азап чеккен чаңкооңду кандырат. Ар кандай күтүүсүздүктөн сактап, рухий жашооңо дем берет. Сен ансыз эч нерсе эмессиң. Атажурттан эч качан ажыроочу болбо, коргоо ыйык, өнүктүрүп өстүрүү парзың.

Арийне, мактоодон же мактангандан дардайып кетмей жайыбыз бар. Жалаңкычы жалаңдатып кылычын сунуп, асманын таштап ийсе да, «Жакшы», «Кудайга шүгүр, аманбыз!» дешет биздин эл. Бар, жокко каниет кылып, жакырлыктан амандыкты, кайгы-муңдан жакшылыкты тилеген, жаман да болсо жакшы деген элдин улуулугу, байыркылыгы ушундабы деп коем. Канткени менен кудаанын күнү менен түнү, жаманы менен жакшысы, азабы менен жыргалы бар. Анын сыңарындай, Атажурттун сыйрылган жерин бүтөй албай бушайман жеген күндөрүбүз жок эмес. Былтыркы жылы балдарым менен ыйыктын ыйыгы деп эсептеген Ысыккөлгө эс алганы барып, боорум толгонду.

Көздүн карегиндей сактай турган ыйык көлүмдү сактай албай, жер үстүндөгү кудайдын бейиши экендигин далилдей албай, жээгинде телмирип отурдум. Агарып, таңдын нуруна киринген көлүм мемиреп тынч.

Мындай ээндикте суук тумшугун сууга малып ийчү тынчы жок ак чардактар да даай албай, көктө асылып тургансыйт. Көөдөндү кытыгылаган сыйкырдуу күч отургуза койбой этек-жеңден тартат. Кызыл ашыгым сууга түшкөндө ботосун сагынган боз ингендей жылуу илеби назик аймалайт. Эркелейт, эркелетет. Көлдүн касиетин, айыктыруучу күчүн ошондо дагы бир жолу сездим. Ошо мүнөттө көңүлүм куунак, оюм тунук, жаным бейиште тургандай чексиз бактылуу элем. Жылуу сезим анча узабады. Аңгыча көлгө агылгандардын кара туманы каптады. Жаралгандан топуктуу тыным албай күн кечкиртип, кылымдар бою кызмат үстүндө жүрсө да, кабагым кашым дебей, келген кишиге көкүрөгүн ачып берип көнүп калган сыйда бетинде майда толкундар жыбырады. Бу көлдүн ойгонушу, ак кызматынын башталышы. Келгендерди ойлоп, кызганычым териме батпай турду. Себеби келгендердин кара баткагына салып бердик. Дүнүйөгө туйтундук. Келгиндер бирде азайды, бирде көбөйдү. Аягы соолуп калган жок. Келип атат. Ичинде ниети бузугу, арам тамагы, колу булганганы, тери оорусу бар. Кыскасы, булганууда. Көз алдыбызда дасмиясы түгөнүп баратканы жоктой жалжактайбыз. Сактоо, барктоо, коргоо, түшкө кирбей алганды билдик, бере элекбиз. Алуунун устасына айландык.

Аруулуктун, сулуулуктун, тунуктуктун Мекени болуп калуусу керек эле, тилекке каршы, ичер суусу түгөнчүдөй түрлөнсө «Мынча болду дагы чыда. Артыңда сени сүйгөн, кадырлаган урпактарың бар. Жалгыз калбайсың көтөрүп алат. »-дегиң келет.

Ошон үчүнбү жерибиздин ыйык жүзүн, делбиреткен ырахатын туюп, чын дилибизден сүйүп калуу вазийпасы менен төрөлүүбүз абзел экендигин жээгинде отуруп аңдадым. Көлүм мага шык берди. А шык бу зор күч. Күчтү элдин жыргалчылыгы үчүн жумшоо ар бирибиздин милдетибиз. Милдет-аткаруу, ишке ашыруу. Ишке ашырчулар-адамдар. Алар-элдин, жердин байлыгы. Демек, сен адамдарың менен сыймыктаанар жөнүң бар. Анткени алгачкы жаралуудан берки турпатыңды сактап, келечегиңе кам көрүп келаткан ошолор эмеспи. Көрүнгөн кемчилигиңди ошолор оңдойт, ооруган демиңди ошолор айыктырат, нур чайган жүзүңдүн көркүн чыгарат. Болгону кичине сабыр кыл, учуру келет. Атажуртту аздектегендердин канат-куйругу өсүп, күндөн-күнгө, жылдан-жылга чыйралуунун үстүндө. Баралына толгондо жер үстүндөгү адамзаттын бейишине айланат. Ошондо дүйнөнү таң калтыра кулпурарсың. Тамшангандар көп болот. Ошентип учуру келгенде сен биз менен, биз сени менен сыймыктанаар күн келет, менин Атажуртум. Төрүндө куштар сайраган, багыңда мөмө төгүлгөн, тооңдо, көлүңдө пендең жайлаган бейиштин накта өзү болосуң. Ошондо адамзатка бейишти көрсөтөм. Бейишти көрсөтөм дегенди издешет да табышпайт, ишенбейт да, бар экен деп тамшанышат. Ошондуктан кудай сүйгөн жолоочум, бир кайрылып өтүңүз, жер бейишин көрсөтөм. Анткени, мен дайыма ошо жердемин.

«Эркинтоо», 30-сентябрь, 2003-жыл

 

МАНАСЧЫ УРКАШ МАМБЕТАЛИЕВ ЖАШООБУЗДУН КӨРКҮ

Бу жалган дүйнөдө мага, сага окшогондорго жол көрсөткөн, рухий тирөөч болгон, кыйынчылык башка түшкөндө демиңе-дем, шыгыңа-шык кошкон улуу күч пайда болот. Көзү азизди көргөзүп, буту шалды бастырган, тоону омкорткон ал кандай күч дебеңиз! Ал-Ишеним. Ал сени улуу башталгычтарга шыктандырган келечегиңдин келечеги, тагдырдын бактысы, жан дүйнөңдүн ачкычы, жашооңдун көрөр көзү. Ансыз сен эчким эмессиң. Себеби бул жалган дүйнөдө адамдын ишенимсиз жашоосу кыйын. Ошондуктан ал пенденин күчтүү куралы.

Биз улуу Теңирге кандай ишенсек, кыргыз элинин бактысына жаралган Манас бабабызга ошондой эле ишенимибиз артылып турат. «Манас» эпосу кылымдарды карытып, доордон-доорго оозмо-ооз түрүндө көчүп турган. Ал кайсы доор болбосун элдин ишеничи, жеңиштерге шыктандыруучу күчү, көрөр көзү, көтөргөн туусу, ырдаган ыры катары кызмат өтөп келет. Ал дүйнөдө теңдешсиз. Адамзаттын кыргыз эли аркылуу берилген улуу табылгасы, көөнөрбөс байлыгы. Ал эми Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаев сыяктуу улуу манасчылар ошол улуттун байлыгын алып жүрүүчүлөрүнөн, келечек муундарга мурас калтырган керемет феномендеринен болушкан. Үчүнчү миң жылдыктагы манасчылардын ири өкүлү катары Уркаш Мамбеталиевди атасак болот. Улуттун сыймыгы адамдар экенине маани бербей, күнүмдүк кур тиричилигибиз менен алпурушуп жүрүп Уркаш манасчынын улуулугуна маани бербей койсок болбостур. Чынында У. Мамбеталиев — керемет манасчы. Көкүрөгүбүздүн тереңинен орун алган айкөл Манас бабабыздын образы ар убак кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоого, коргоого, өнүктүрүүгө үндөп келгенин Манас айтуучулардын айтуусунда кабыл алдык. Ошон үчүн кадырман калкыбыз Манастап ураан чакырган. Манас-улуттун ар намысы, абийири күрөштөргө үндөгөн желеги, жашоонун ыры, сыймыктанган аска жөлөгүбүз болгон. Биз Манасты канчалык сыйласак, манасчыларды ошончолук сыйлоого милдеттүүбүз.

Ошондуктан ар кандай пендеге ичиңи кең салып карачу болсоң, сен талантын учурунда асырай тургандар жок эмес. Бар. Ал — биз сүйүп уккан, сыймыктана мактап келген элибиздин мартабалуу уулу, чыгаан манасчысы Уркаш Мамбеталиев. Уркаш абаны бүгүн мактабасак качан мактайбыз. Жалган дүйнөдөн көзү өткөндөн кийинки макталган тагдырдын жыргалынан, тирүүлүктө уккан жылуу сөздүн кадыры артык. Анткени адам ушу жашоосунда гана бактылуу. Манасты Манас кылган кыргыз, Кыргызды кыргыз кылган Манас. Бу да бактылуулук. Кыргыз бир күнүн Манассыз өткөрө албайт. Ал биздин бүт турпатыбызда. Ансыз жашообуз супсак. Демек, Манас ишенимин калайык калктын көкүрөгүнө ташка тамга баскандай уялткан залкар манасчы Уркаш Мамбеталиев жашообуздун көркү. Республикалык деңгээлдеги бир дагы салтанат ал кишисиз өтпөйт десек болот. Анткени У. Мамбеталиев өңдүүлөр Манас айтпаса жашообуз көркүнө чыкпайт, кудурети ишенимден толтосу толбойт. Манасчылар бар үчүн өз алдынча мамлекет болдук. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын салтанаттуу белгиледик. Журтчулугубуздун ушундай көөнөрбөс иш чараларында Уркаш аба бабырап Манас айтты. Көптөгөн башка улуттун өкүлдөрүнүн көкүрөгүнө кыргыздын байыркылыгынын, улуулугунун, түбөлүктүүлүгүнүн, келечектүүлүгүнүн элесин сүрөттөп, сүртүп өттү.

Эртең кыргыз кыйырына аттын кашкасындай таанымал манасчы 70 жылдык торколуу тоюн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу майрамдоонун алдында турат. Бу да болсо ак эмгегинин акыбети кайтканы. Бу күнү Уркаш абаны катардагы окуучудан мамлекеттик ишмерлерге чейинки рангдагы адамдар куттукташат.

Мен Манасчы У. Мамбеталиевди 2001-жылы июль айында гезитибиздин 10 жылдык юбилейинде көрүп, жакындан тааныштым. Салтанатка арналган концертке «Манас» айтып берүү демилгеси менен кайрылды. Мен макул болдум Ошондо Уркаш акенин Манасы зал ичин муютуп койду. Буркан-шаркан түшүп, чын дилинен айтты. Чоң таасир калтырды. Ушундай улуу Манасты ичине батырып жүргөн айкөлдүгүнө таң бердим. Жибектей созулган мүнөзү, ишээнчек бала кыялы жөнөкөйлүгүнө бап келип турду. Эки-үч курдай ырларын гезитке жарыялоого жардам бердим. Интервью алдым. Кийин Туркиянын Ван көлүнө, кыргыздарга барган таасирлерин кынаптап жазып келген жол очерки да сандан-санга кеткен.

Уркаш аба жогорку окуу жайынан окуп, жогорку билим албаса да көкүрөгү көркөм манасчы эли журтуна билимдүүлөрдөн өйдө ак кызматын өтөп келет. Жетимиш куракты басып турганы менен басканы шайдоот, акылы зирек. Республикага эмгек сиңген пенсионер болуп, ардактуу эс алууда жүрсө деле карыялык акыл-насаатын жаш муундар менен бөлүшүп келет. Манас айтуучуларга гана таандык бардык баскычтагы касиеттерди башынан кечирген. Түш көрүп, түшүндө жакшы иш көрүп айкөл Манас, Бакай аксакал, Эр Кошойлор менен жолуккан, батасын алган, Манас айта баштаган.

Дегеле ар бир пендеде өзүнө гана таандык шык-жөндөм, талант болот. Бирок көбү талант-шыгын учурунда сезбей өмүрүн өткөрүп жиберишет. А айрым бирөөлөргө бирөөлөрдүн арка-жөлөгү керек болуп, чыгармачылык эргүү жаратышы мүмкүн. Так ушундай бактылуу учур Уркаш абада да болуп өткөн. Ал улуу Манасчы Саякбай Каралаевди көрүп, угуп, кеп-кеңешин алып калган. Саякбай манасчыдан катуу таасирленген. Ошо кишидей болсом деп түн уйкусунан безип дегдеген, эмгек эткен. Эмгек менен талант айкалышып бүгүн минтип заманыбыздын чыгаан манасчысы жашообуздун көркүн арттырып отурат.

Уркаш аба Мамбеталиев 1934-жылы жер бейиши саналган кереметтүү Ысыккөлдө төрөлгөн. Бала чагы Түп районунун Талдысуу айылында өткөн. Атасы Мамбеталы карапайым колхозчу болгон. Уркаш аба да атасынын жолун жолдоп аскердик милдетин Ыраакы Чыгышта өтөп келген.

Эмгек жолун 1957-жылы Ысыккөл драма театрынан баштаган. Кийин жоюлуп кеткенине байланыштуу Бишкек шаарына келет. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга манасчы солист болуп ишке орношуп, ушул жерден ардактуу эс алууга чыгат. Филармонияда иштеген көп жылдык эмгеги бааланып, мамлекет башчысы 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Эл артисти деген жогорку наамдарды ыйгарган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Манасчы катары «Манастын Чоң казатка аттанышы», «Кичи казат», «Көкөтайдын ашы» сыяктуу үзүндүлөр манастануучулар тарабынан кол жазма түрүндө жактырылган. Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Манас таануу бөлүмүнө кабыл алынган.

«Манас» эпосунун миң жылдык мааракесинде «Семетей» эпосунун биринчи бөлүгү өз вариантында жарык көргөн. Андан башка Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда 28 сааттык «Манастын» үзүндүлөрү кыргыз радиосунун Алтын коруна жазылган. Ал эми 1997-1998-жылдары «Манастын төрөлүшү», «Манастын колду жабдышы», «Алманбет менен Чубактын чатагы», «Кошой менен Жолойдун күрөшү», «Коңурбай менен Манастын сайышы», «Каныкейдин Тайторуну чабышы», «Семетей менен Тоо балбандын күрөшү», «Семетейдин Таласка келиши» өңдүү Саякбай, Сагымбай, Молдобасан аталардын жана өзүнүн айтуусундагы концерттик программадагы үзүндүлөрдү аткарып келген. Кенже эпостордон Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда «Төштүктүн жер астына түшүшү» жана Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Ч. Түлөбердиев жөнүндө жазган «Чолпонбай» дастанын Манас обону менен айтып жүрөт. 1982-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Кыргызстан» жана «Мектеп» басмалары тарабынан «Арча жыты» аттуу тандамалар жыйнагын кошкондо сегиз поэтикалык китептин автору. 70-жылдык торколуу тоюна карата «Кабылан курак дүрбүтү» аттуу ырлар жыйнагы даярдалып, чыгаруу алдында турат. Азыркы тапта «Манас-мурас» коомдук фондунун жана Чүй облустук «Ташдөбө» орто мектебинде жеткинчек манасчыларга кеңеш-сабагын берип, устаттык таалим-тарбиясын үйрөтүп келатат.

Кыргыз искусство чеберлери менен бирдикте Япония, Италия, Пакистан, Ооганстан, Кытай, Туркия өңдүү өлкөлөрүндө болуп Манас айтып келген. Жакында маданият күндөрүнө карата кыргыз элине сиңирген эмгеги бааланып, ажобуздун өз колунан «Манас» орденин алды.

Уркаш Мамбеталиевди «Манас»орденинин кавалери болуу менен куттуктап, ишине ийгилик, өмүрүнө бакубатчылык үйбүлөсүнө аманчылык тилейбиз! 70 жаш торколуу тоюңуз кут болсун, урматтуу Уркаш Мамбеталиевич!

«Эркинтоо», 3-декабрь, 2004-жыл

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн, 909 Kb

 

© Осмонкулов Ж.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 22325