Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Эшимкулова Г.Ф., 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 17 февралы

Гүлмира Фронтбековна ЭШИМКУЛОВА

Академик

(повесть)

Г.Эшимкулова башка кесипти аркалаганы менен чыгармачылыкка болгон дараметин өчүрбөстөн түйшүктөнүп, буга чейин “Тагдыр” аттуу китеби жарык көргөн. Бул повести белгилүү инсан, Медицина илимдеринин доктору, академик Арстанбек Алтымышевдин фармакалогияга кошкон салымын, эли үчүн өмүрүнүн акырына чейин бөлсөмдүү иштеген өрнөктүү өмүрүнөн кабар берет. Китеп жалпы кыргыз окурмандарына арналат

Эшимкулова Гүлмира. Академик. Повесть. – Б.: Бийиктик, 2006. – 124 б. китебинен алынды
УДК 82 (821)
ББК 84 (2Ки 7-4)
  Э — 98
ISBN 9967-13-177-2
Э 4702300100-06

 

                                                                                         «Жөнөкөй, бирок, улуу адамдар»
                                                                                                                                     М. Горький

Кеминдин тоолору бүгүн Алтымыштын көзүнө бир башкача сулуу көрүнгөнсүп турат. Көк шибер, бажырайган кызгалтактар, бирин— экин улам бир жерден чымчыктардын сайраганы угулат. Тоолорду кароодон моокуму канбай негедир ушул тапта өмүрлүк жары менен чер жазышып, булактын жээгинде отургусу келип, толгоосу бышып, үйдөн көзжаргандан уялып, ыймандуу неме кайнатасынан жашынып, тоого качып кеткендигинен эч кабары жок Алтымыш үйүнө келип, келинчегин таба албаганынан улам көп ойлонбой эле бул соо эмес дегенсип, жүрөгү элеп— желеп болуп, бир нарсени сезгенсип, атына минип, кошбойлуу келинчегин издеп тоону көздөй жөнөдү. Ал алыс кете алмак эмес өзү кошбойлуу болсо деп, тоону этектеп кете берди. Бир маалда негедир кулагына жаш баланын ыңаалаган үнү угулгансып кеткенинен чоочуп да кетип, жөн эле угулуп жатат го дегенсип жолун улай берди. Бир аз атын бастыргандан кийин жанагы үн кайрадан угулганынан, Алтымыш тыңшап туруп калды. Бул эмнеси же шайтандын азгырыгыбы деп уккан кулагына ишенбей турса, жаш неристенин үнү эми даана угулду. Алтымыш түз эле атын баланын үнү чыккан тарапка бурду. Көп узабай ал караганды бекем мыкчып, наристе баласынын үнүн укканга да шайы келбей этек жеңи кансөл болуп сыз жерде жаткан келинчегин көрүп чоочуп кетип, атынын басыгын тездетип келинчеги Таттыбайга келип, анын жанында жылаңач жаткан баланы көрүп кубанычы көөдөнүнө сыйбай:

— Таттыбай, амансыңбы? Бул менин баламбы?-деп аттан түшө калып киндиги кесиле элек кансөл балгон баласын суктана карап: -Уул турбайбы, Таттыке. Сен мага уул төрөп бердиңби?— деп, Алтымыш кубанычы коюнуна батпай, алыста жылкы жайып жүргөн Бейшеге тебетейин булгалап:

— Бейше-е-е-е! — деп кыйкырды.

Бейше Алтымышты дароо таанып, атын чаап жетип келип:

— Ассалоому алейкум, Алтымыш байке,— деп аны менен учурашып жатып, кансөл болуп жаткан Таттыбайды көрүп, түшүнө албай анан:

— Ой, байке, жеңем көз жардыбы? — деп жарк этип күлүп жиберди.

— Ооба. Бейшеке өз баламдын киндигин өзүм кесе албай жатам, сен кесчи,— деп чөнтөгүнөн макисин алып чыгып Бейшеге берди.

Бейше Алтымыштын колундагы макини алып, баланын киндигин кести. Алтымыш болсо шашып балам үшүп калбасын дегенсип үстүндөгү күрмөсүн чечип, ага баласын ороп, келинчегин алып үйүн көздөй жөнөдү. Үйүнө жакындап калганда өзүнүн балалык чагы өткөн Кеминдин асман тиреген тоолорун бир жолу суктана карап алып анан колундагы жаңы эле жарык дүйнөгө келген наристе баласын жыттап:

— Мына балам, бул тоолор Кеминдин тоолору, сенин киндик каның тамган жер,-деп баласы бир нерсени түшүнө тургансып өзүнчө кубанып кобуранып алды.

Алтымыш негедир бул баласынын атын көпкө чейин койбой жүрдү. Кийичирээк арадан беш, алты ай өткөндөн кийин гана ал атасы Алыбайды карап:

— Ата, баланын атын коөлу? — деп калды.

— Өз балаңдын атын өзүң эле кой, балам. Мен уруксаат берейин,-деди.

— Мен өзүмбү?-деп Алтымыш атасын бир карап алып ойлонуп отуруп калганда наристе бала үнүнүн бардыгынча бир бакырып ыйлап алды.

— Тигини кара тим эле арстандай күрүлдөйт да, — деп Алыбай кубанып, небересин карады.

Алтымыш дагы баланын үнүн бир аз тыңшап калып анан:

— Ата, менин бул балам төрөлгөнү эле өзүнүн ысымы менен төрөлгөн го,— деди.

Баласынын бул сөзүнө көп түшүнө албаган Алыбай аксакал:

— Кандайча?— деп уулун суроолуу карады.

— Баланын үнүн тыңшасаң, өзүң айткандай арстандай эле күркүрөйт,— деп баласынын үнүнө суктанып, ал тургай кубанганынан каткырып күлүп да жиберип анан: -Эгер туура көрсөң атын Арстанбек койбойлубу, ата. Сен экөөбүз атын коөбуз дегенден баштап эле менин атым Арстанбек дегенсип күркүрөйт эле күкүрөйт.

— Чын эле,— деп Алыбай дагы баласына кошулуп каткырып күлүп: — Бул бала өз атын өзү койду окшойт арстандай күркүрөгөн неберемдин аты Арстанбек болсун. Кезинде өз заманына жараша арстандай эркин болуп, күркүрөп ааламга жар салып жүрсүн. Алып кел молдону азан чакырып, баланын атын койсун!— деп Алыбай Алтымышты молдого жиберди.

 

*****

Бала үч жашка чыкканда эртең Алтымышты бай -манаптын баласы деп кулакка тартат экен деген суук кабарды Алтымыштын энеси Өрдөк байбиче капысынана угуп калып, бул тууралуу жан кишиге айтпай, үйүн тигилген бойдон калтыртып, ичиндеги оокатын бүтүндөй атка жүктөтүп, Алтымышты бала бакырасы менен Кеминден түн жамынтып Кочкорго көчүрүп жиберет. Алар түн жамынып, Чоңкеминден чыгып, Ыңырчак аркылуу Боом капчыгайына келишип, аттарын бир аз эс алдырып алышып кайра жолдорун улап, Кызыл көпүрө аркылуу Куналактын ашуусу менен Кочкорго барып, Кочкордун Чолпон айылындагы Өрдөк байбиченин төркүндөрүнө отурукташышат. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин алар Кочкордун өзүнө көчүп келишет. Алтымыш Кочкордо метепте мугалим болуп иштеп калды. Өзү шыңга бойлуу, өз заманынан калышпаган сабаттуу, сымбаттуу жигит болгондуктан Кочкордун эли аны Акмалдо деп бир чети эркелетип, бир чети сабаттуулугуна таазим кылып жүрүштү.

 

*****

Арстанбек аша тентек болгону менен чоңойгон сайын негедир өзү теңдүү балдарга көп кошулбай дайыма өзүнөн бир топ улуу кишилерге жакын болуп, көпчүлүк убактысын ал ошолор менен өткөрчү болду.

Күз аяктай түшкөн маалда Арстанбек өзүнөн үч— төрт жаш улуу Муса менен ойноп жүрсө аяш энеси Нуржамал:

— Ай, Арстанбек, тээтиги тоодо оттоп жүргөн торпокторумду айдап келчи,— деп калды.

Улуулардын сөзүн эки кылбаган бала:

— Макул аяш апа,— деп оюнун токтотуп, шашылган бойдон тоону көздөй бара жатып, күзүндө бир аз үшүй түшкөн бака жалбырактарды көрүп токтоп калды. Арстанбек бака жалбырактардын барын терип алгысы келип, ошол жерден кеткиси келбей туруп бир жалбыракты алып чайнап көрүп даамын жактырып негедир мындан бир нече күн мурунураак бака жалбырак дары болот экен— деп айткан таякесинин сөзүн эстеп, баягы бака жалбырактарды терип, тойгончо жеп анан бүгүн эртең мененки таякесинин ооруп турам деген сөзүн эстеп, эки чөнтөгүнө толтура жалбырактан терип алып, караңгы кирип калганда торпокко келгенин унутуп үйүн көздөй жөнөдү.

Баятан Арстанбектин келишин ак эткенден так этип күтүп отурган аяш энеси баланын келе жатканын көрүп, алдынан жүгүрүп чыгып:

— Торпоктор кана?-деп Арстанбектен жиндене сурады.

Жанагы торпоктор эми гана эсине түшкөн кичинекей Арстанбек: -Азыр,— деп бурулуп кайра тоого кетмек болгондо Нуржамал аны колундагы таягы менен жондон ары бир салды. Ызасына чыдабаган өзү ызакор неме – Эмне чабасың,— деп жонунун ооруганына чыдабай бакырып ыйлап жиберди.

— Эмне чабасың деп коөт. Мен сени эртеден бери күтүп отурам. Же сен жок, же торпок жок. Бар таап кел!-деп Нуржамал айкырыкты салды.

Өзү али кичине болсо дагы көкбеттиги бар неме эми таптакыр көгөрүп, барбайм,— деп үйүн көздөй жулунду.

— Барасың! Барып менин торпокторумду таап келесиң!— деп Нуржамал Арстанбектин оюна койбой тоону көздөй кубалады. Арстанбек жолдо көзүнүн жашын тыя албай, үңүлдөп ыйлап кетип баратып үйдүн төмөн жагындагы Нуржамалдын торпоктору байланчу үстү камыш менен жабылган короосун көрүп токтоп калып, мен сага көргөзөм,— деп өзүнчө жинденип, кобуранып чөнтөгүндөгү ширеңкени күйгүзүп, камышка ыргытып жиберди. Бир аздан кийин короонун жалбырттап күйүп бара жатканын көрүп, өзү дагы чоочуп кетип, өз үйүнө баргандан коркуп, Алтымыштын үйүнө кошуна турган өзүнүн таякеси Токтоматтын үйүн көздөй жүгүрдү.

Барса таякеси үйүндө экен. Жээнин көрүп Токтомат жетине албай:

— Ой, менин күркүрөгүм, арстаным келдиңби? -деп баланы эркелете кучактады. Таякесинен эч нерсени жашырбаган Арстанбек анын кулагына: Таяке, мени кат,— деп шыбырады.

— Эмнеге,— деп жээнинин сөзүнө көп түшүнө албай Токтомат аны карап калды.

— Таяке, кат дейм, -деп Арстанбек эки көзүн алаңдатып таякесин карады.

— Ой, эмне болду? Тынччылыкпы деги,— деп Токтомат чоочуп кетти.

— Таяке, кат дейм,— деп Арстанбек ан сайын Токтоматты шаштырды.

Шаштысы кеткен Токтомат Арстанбекти карап:

— Балам, айтчы эмне болду,— деп лакылдаган жүрөгүн араң басып баладан жай сурады.

— Эч кимге айтпайсыңбы?

— Жок.

— Урушпайсыңбы?

— Жок.

— Чын элеби? – деп Арстанбек таякесинен дагы бир жолу сурады.

— Чын эле.

— Таяке, — деп Арстанбек шыбырай сүйлөп: — Мен дегенчи Нуржамал апамдын короосун өрттөп салдым, деди.

— Ойноп жүрүппү?

— Жок.

— Атайлаппы?

— Ооба, — деп Арстанбек жер карады.

— Эмне дейт? — деп Токтомат ордунан секирип кетти.

— Өзү мени урду.

— Сениби эмнеге урду? — деп өзү ушул жээнин өзгөчө көргөн Токтомат Нуржамалга жиндене түштү.

Эшиктен элдин чуулдаган үнүн угуп Арстанбектин ан сайын шаштысы кетип, болбойсуңбу эми мени катпайсыңбы,— деп коркконунан ыйлап жиберди.

Иштин чоо жайын эми гана түшүнгөн Токтомат жээнин ачуусу менен чаап жибергиси келип, бирок Арстанбектин жалооруп тиктеп турган наристе көз карашып кыя албай, чапмак түгүл кайра баланы кучактап:

— Ай, балам, ай. Ушундай да болмок беле. Тентек болсоң дагы чактап тентек болбойсуңбу? Эми ал Нуржамал байкуш кантет? Же күйөөсү жок болсо. Малын кантип кыштан чыгарат? Экинчи андай кылбагының, уктуңбу? Эми дагы ушундай иш кыла турган болсоң сени ал эмес мен урам,— деп жээнин бир аз коркутумуш болуп жатканда эшиктен ызаалуу Нуржамал кирип келип уруулаш кайнатасын көрүп, ыймандуу неме Токтоматтын көзүнчө Арстанбекке сөз сүйлөй албай ыйлап жиберди.

— Ата, мен эми кантем? Кыш жакындап калды. Кантип кыштан чыгам? Малдарыма жай саламбы же балдарыма нан табамбы? Эгер сиз болбосоңуз азыр алдагы баланыбы тим эле, — деп колундагы таягы менен Арстанбекке бир жолу тап берип алып анан көзүнүн жашын төгүп жиберди.

— Кой, балам. Бир ачууңду мага бер. Арстанбегимди кечирип кой. Жээнимдин көк беттиги, ызакорлугу мени тартып калса керек, кечирип кой, балага тийбе. Мен буга өзүм жай отуруп түшүндүрөм. Торпокторуңдан кам санаба. Балам колу менен кылса, мен башым менен тартып, кышы менен эки торпогуңду өзүм багып берем. Барып оокатыңды кыла бер. Малыңдын камын мен өзүм көрөм, — деп жээнин Нуржамалдын таягынан алып калды.

Нуржамал кеткенден кийин Арстанбек Токтоматты карап:— таяке, мен сага дары алып келдим, — деди.

— Эмне дары? — деп Токтомат көп түшүнө албай Арстанбекти карады.

— Бака жалбырак,— деп Арстанбек кир болгон ичке колдору менен чөнтөгүнөн чүрүшкөн жалбырактарды алып чыгып таякесине берди.

Жээнинин бул жоругуна бир чети күлкүсү келип, бир чети төбөсү көккө жеткен Токтомат, анын сунган жалбырагын алып жатып:

— Балам, сага бул бака жалбырактар дары деп ким айтты? – деп сурады.

— Өзүң айтпадың беле? Мен эртең барып дагы терип келем,— деп Арстанбек таякесин кубандырганы аз келгенсип, жебейсиңби деп аны шаштырды. Ал ан сайын кубанычы коюнуна батпай демейде тазалыкты жактырган Токтомат сакалын сербеңдетип баягы бака жалбырактын кир болмок түгүл бирин экин ылыйына деле карабай чайнап жеп жиберди.

Таякеси жалбыракты чайнаган сайын кичинекей Арстанбектин жүзүнө бир башкача наристелик бактылуу жылмаюу пайда болуп, Токтоматты кубанып карап туруп анан ал акыркы жалбыракты чайнап жуткандан кийин: — Эми айыктыңбы?— деп Токтоматты үмүттүү карады.

— Ооба, балам, айыктым. Сен менин дарыгерим болбодуңбу,-деп жээнин кучагына тартып, мен сени тоого барганда ала барышым керек экен,— деди.

— Эмнеге?

— Сага дагы бөлөк чөптөрдү көргөзөм.

— Алар дагы дарыбы?

— Ооба.

— Таяке, сен эмне дарыгерсиңби?

— Дарыгермин.

Кечинде Арстанбек өзүнчө жатпай кулуюп келип таякесинин коюнуна кирип келип жатып алып: -Таяке, мага жомок айтып берчи,— деди. Өзү ооруп турган неме жээнинин көңүлүн кыйбай эсине түшкөн жомогун айта баштады: — -Илгери өткөн заманда бир хандыкта жаш жигит билгон экен. Ал жигит бир күнү апапак болгон башында алтын таажысы бар жыланды көрөт. Көрсө ал жылан жөн жылан эмес Шамааран— жыландардын ханышасы экен. Жыландар ханышасы бардык жаныбарлардын ал тургай өсүмдүктөрдүн да тилин билчү экен. Ошол жигит ал жыландын тилин таап күн сайын ага барып, ошол хандыкта жашаган адамдардын ооруларына кандай чөп дары боло алат деп сурап анан өз элине дарыгер болуп, ошол эл анан оору— сыркоодон айыгып калышканда ал жылан өлүп калат экен. Жыландын өлгөндүгүн уккан жигит абдан кайгырып, анан мунун эти дагы дары болушу керек деп баягы жыланды алып келип, бышырып, шорпосун өзү да ичип, элге да берет. Ууртаган сайын ал жигит жыландын шорпосунун дарылык касиети бар экенин билип, кийин өзү ааламга атагы чыккан дарагер болот. Ал жигит элди айыктырып, элдин бары жыргып куунап жашап калышыптыр.

— Анан?

— Анан бүттү, ошентип жомок бүтөт экен.

— Таяке, мен ал Шамааран менен достошсом болобу?

— Болбойт да, балам.

— Эмнеге?

— Ал жок да.

— Эмнеге жок?

— Өлүп калды дебедимби, койчу, балам уктайлычы ооруп турам.

— Сен эмне дагы эле ооруп жатасыңбы?

— Ооба.

— Анда сен мага калп айтып койдуң беле?

— Эмне деп?

— Бака жалбыракты жеп айыктым деп.

Жээнинин көңүлүн оорутпай Токтомат Жо-ок балам мен жана сен жалбырак бергенде айыккам. Сен дарагер турбайсыңбы мен жөн эле сага тамашалап жатпайымбы. Ооруган жокмун, балам уктайгой.

Бир аздан кийин Арстанбек кайра таякесин карап:

— Таяке, мен чоңойгондо сага окшоп дарыгер болуп сени айыктырам,-деп наристе болсо дагы сезиминде келечектеги өз кесибин туура тандаганын али биле элек болочок академик уйкулуу көздөрүн сүзүп, таякесин бекем кучактаган бойдон таттуу уйкуга кирди.

 

*****

Арстанбек эс тарткандан тартып эле эмнегедир окууга болгон умтулуусу өзү теңдүү балдардан өзгөчөлөнүп турду. Бир аз бошой калса эле Токтоматтын үйүнө чуркайт. Өзүнүн билими жок болсо дагы, кудайдын берген тубаса дарыгерчилик касиети бар Токтомат да андан тажабай, ал тургай эринбей аны атына учкаштырып алып Кочкордун тоолорун кыдырып Арстанбекке өзү терген ар бир чөптү көргөзүп, анын дарылык касиетин айтып берип, билгенин жашырбай, дарыгерчиликке шыгы бар баланы үйрөтүп жүрдү. Бүгүн дагы Арстанбек мектептен чыгып, түз эле Токтоматтыккына келди. Келсе таякеси ырас үйүндө экен.

— Таяке, сен бүгүн тоого барасыңбы? Дары чөп тересиңби? — деп сурады.

— Ооба.

— Качан?

— Бир аздан кийин.

— Мени да ала барасыңбы? –деп Арстанбек таякесин жалооруй тиктеди.

— Мейли.

Арстанбек тоо десе эки көзү төрт неме:

— Жүр кеттик,— деп Токтоматты шаштырды.

— Каякка?

— Тоого.

— Тоого?

— Ооба,— деп Арстанбек элеңдеп тоо жакты карады.

— Сен үйүңө барып чечинип кел.

— Бара берейинчи?

— Алдагы кебетең мененби?

— Эмне болмок эле?

— Кийимиң кирдейт да.

— Кирдебейм.

— Кирдейт. Тур үйүңө барып кийимиңди которуп кел!

— Кирдебейт дейм.

— Сен кийимиңди котормоюнча мени менен барбайсың.

— Анда мен үйгө барып, кийимимди которуп келейинби?

— Которуп кел.

— Сен кетпе,— деп Арстанбек шаша— буша, үйүнө барып, кийимдерин тез— тез которуп алып, бир чыны чай да ичпей, чымын-куюн болуп кайрадан Токтоматтыкына келип:

— Таяке, кеттикпи? – деди.

— А-а, жээн келдиңби? Барып атымды токуп келчи.

Арстанбек ары жакта оттоп жүргөн атты кармап, аны токуп минип алып Токтоматтын жанына келип:

— Таяке, атың мына, жүрү кеттик, — деп шаштырды.

Токтомат Арстанбекти атына учкаштырып, айылдын четине жетип калганда, сууну жээктеп өскөн бака жалбырактарды көрүп токтоп калды:

— Таяке, сага эмне болду? Эмне токтоп калдың?

— Сен бака жалбырактын дары экендигин билесиңби?

— Ооба.

— Кайдан билесиң?

— Сен айтпадың беле.

— Качан?

— Мурда эле. Мен анда кичинекей болчумун. Билесиңби мен сага аны терип келип бербедим беле.

— А-а-а. Ооба.Сен ошону дагы эле унута элексиңби?— деп Токтомат күлүп калды. Ал экөө аттан түшүп, баягы бака жалбырактарды терип жатышканда көп нерсени билгиси келген, угуудан тажабаган Арстанбек Токтоматты карап:

— Таяке, бул эмнеге дары?— деп сурап калды.

— Бул көп нерсеге дары, балам. Бул бака жалбыракты ата— бабаларыбыз бир жерине жара чыкканда, бир жери ириңдегенде пайдаланышчу.

— Эмне сага жара чыктыбы?

Токтомат күлүп жиберип:

— Жо-ок,— деп коюп жалбырак терип жатты.

— Анда сен эмнеге терип жатасың?

— Кечээ көрбөдүңбү Эсендин кызына сыздоок чыкканын.

— Ооба.

— Ошонун жарасына басайын дегем.

Арстанбек Токтоматка бөлөк суроо бербей жалбырак теришип, арыкты жээктеп жүрүп, жыттуу бир чөп таап алып, кайра таякесин карап:

— Таяке, бул чөптүн аты эмне? – деп кыйкырып калды.

Алысыраак жерден чөптү даана тааный албаган Токтомат балага жакындып келип, жанагы чөптү карап анан:

— Бул жалбыз, балам, -деди.

— Бул дагы керекпи? Бул дагы дарыбы?

— Ооба.

— Эмнеге дары?

— Боорго, ичеги карындарга.

Арстанбек ошол күнү кечке таякесинин жанынан чыкпай. Ал тер деген чөптөрдү терип жүрдү. Кечке маал экөө атка учкашып алып, айылды көздөй келе жатышканда Токтомат талаада жайкалып өсүп турган сулунун жанына келип токтоп калды.

— Эмне токтоп калдык?— деп Арстанбек таякесин сурады.

Токтомат бир аз унчукпрай туруп анан:

— Бала эмессиңби. Аттан түшүп, мына бул баштыкка сулу терчи,— деп чөнтөгүнөн чүпүрөк баштык алып чыгып Арстанбектин колуна карматты.

Өзү элпек Арстанбек аттан түшүп, леп этип жерге отура калып баягы сулунун данын терип баштыкка чогултуп жатып таякесин карап:

— Эмне бул дагы дарыбы, же тоокторго терип жатабызбы?— деп Арстанбек сулудан көзүн албай туруп калды.

— Тоокко эмес, балам, дарылыкка

— Мунун эмнеси дары.

— Бул көп нерсеге дары болот.

— Кайсы көп нерсеге?

Жанатан берки Арстанбектин суроолорунан тажаган Токтомат унчукпай койду.

Экөө үйгө жакындап калганда Арстанбек:

— Таяке, мен эртеңден баштап мектептен каникулга чыгам. Сен мени дагы чөп чогултканга алып барасыңбы?— деди.

— Алып барам, балам алып барам. Эмне сага жактыбы?

— Ооба.

Ошондон кийин Арстанбек Токтомат атына минсе эле эмне тоого барабызбы? — деп чаң ызгытып таякесинин жанына жүгүрүп келет. Токтомат дагы аны тоого барган сайын атына учкаштырып алчу болду.

Бүгүн дагы Арстанбек таякесинин тоого барат дегенин угуп, эртең менен төшөктөн туруп эле Токтоматтыкына келип:

— Таяке, мен келдим. Тоого качан барабыз?-деди.

— Бүгүн бара албай калдыкко, балам. Эртең баралы.

— Эмнеге?

— Өзүмдүн бирин-экин иштерим чыгып калды.

— Эртең кайсы убакта барабыз?

— Мен өзүм айтам.

Арстанбек үйүнө келе жатып, классташтары Орозобай менен Эркинге кезигип калып, үчөө бир аз тургандан кийин Эркин аларды карап:

— Жүргүлө Арстан, Орозобой ойноп келебиз,— деди.

— Жүргүлө,— деп оюнкараак Арстанбек дароо макул болду.

Үчөө кечке ойноп жүрүшүп, бир маалда Эркин тоонун этегиндеги, ээси жайлоого көчүп кетип, ээн калган кашарды карап:

— Эй Арстан, Орозобай жүргүлө тетиги кашарга барып келебиз, — деди.

— Эмнеге? — деп Орозобай Эркинда карады.

— Жөн эле көрүп келбейлиби.

— Барганда баары бир койлор жок да.

— Мейли.

Үч дос ээрчишип кашарды көздөй жөнөштү. Карашса бардыгы ээн. Жан киши жок. Үйдүн эшик терезесин жыгач менен уруп коюшуптур. Үчөө үйдү айланып бир аз жүрүшкөндөн кийин Арстанбек:

— Үйдүн ичине кирип көрбөйлүбү, жакшы нерсе болсо уурдап алабыз, — деди.

— Кантип? Эшиги бек да,-деп Орозобай чоочуп кетти.

— Сындырып ачпайлыбы?

— Эшикти сындыра албайбыз да.

— Анда терезедеги жыгачтарды чыгарбайлыбы?

— Эмнеге?

— Ичинде эмне бар экенин көрөбүз.Жакккандарын уурдап алабыз.

— Жок мен уурулукка барбайм,-деп Орозобай Эркин менен Арстанбекке нааразы боло түштү.

— Эмне болмок эле,-деп Эркин менен Арстанбек Орозобайга жиндене түшүштү.

— Мейли барбасаң барба,-деп Эркин менен Арстанбек ээрчишип Орозабайдан бөлүнүп басып кетишти.

Эч убакта калп айтып же ууру кылып көрбөгөн Орозобай алардан бөлүнүп, үйүн көздөй басып кетти.

Арстанбек менен Эрин өжөрлөнүп отурушуп терезеде кадалып турган жыгачтарды чыгарып, терезенин айнегин талкалап үйдүн ичине киришти. Кирип жаңы эле аңтарып башташканда Арстанбектин денеси бир аз тызылдап, анан күчөгөндөн күчөп отуруп чыдатпай дуулдап кычышып чыкты, караса майда— майда кара немелер денесине жабышып алыптыр. Досун караса анын да денеси көрүнбөйт. Бүт эле капкара. Эси чыккан балдар биринен бири ашып, денелери кычышканына чыдабай жанталашып, терезеден секирип түшүшүп, колдору менен чапкылашса баягы жабышкан нерселер түшмөктүгүл кайра жабышышат. Арстанбек менен Эркин денелеринин дуулдаганына чыдабай экөө биринен бири ашып, Кочкордун суусун көздөй жүгүрүштү. Суунун муздагына карабай жанталашып бир сыйра чайкангандан кийин гана жандары жай алгансыды. Бир аздан кийин баягы жабышкан немелердин бирөөнү жерден таап алышып жакшылап карап көрүшсө — ал бүргө экен. Экөө суудан калчылдап чыгышып, кийимдерин күнгө жайып, күнөстөп отурганда Эркин:

— Мен мындан кийин такыр уурулук кылбайм. Жаман экен,-деп башын чайкады.

— Мен дагы, — деп Арстанбек өз күнөөсүн кечире албаган немедей жер карады.

Арадан он чакты күн өткөндөн кийин Арстанбек менен Эркин кайра кошулуп Кочкордун базарын кыдырып келмей болушту. Базарды аралап жүрүшүп, экөөнүн курсактары ачып, тамак жейли дешсе акчалары жок. Бир аз ойлонуп отурушуп анан экөө: «Мындан кийин такыр уурулук кылбайбыз»— деген сөздөрүн унутушуп акча уурдамай болушту. Карап турушса бир уйгур кемпир соода кылып бүтүп, беш сом акчасын жүзаарчыга ороп, чөнтөгүнө салганын байкап калган Арстанбек:

— Эркин, көрдүңбү тетиги кемпирдин акчасын?— деди.

— Көрдүм.

— Жүрү уурдайлы.

— Кантип?

— Чөнтөгүнөн алып чыгыш керек.

Экөө баягы кемпирдин аркасынан акмалап жүрүшүп, акыры жүзаарчыга түйүлгөн беш сомун уурдап алышты. Уурдаарын уурдап алышканы менен экөө тең кара терге түшүшүп, эмне кылар айлаларын таба алышпай жүрүшкөндө базарды жаңырткан баягы кемпирдин ачуу үнү угулду.

— Базарда чөнтөкчү жүрөт. Ууру жүрөт. Менин чөнтөгүмөн акча жоголду. Мен эми эмне кылам? Балдарым бүгүн наны жок, ачка калышпадыбы. Ким алса дагы жыргабай калсын,— деген кемпирдин үнү базарды жаңыртты.

Мындай сөздү угуп көрбөгөн эки бала бирин бири карашып эмне кылар айлаларын табышпай туруп калышты. Бир маалда Арстанбек:

— Эркин, жүрү кемпирге баралы. Акчасын береличи,-деди.

— Кантип беребиз? Кемпир экөөбүздү өлтүрөт да.

— Береличи.

— Мен коркуп жатам.

— Мен дагы. Бирок береличи. Карачы ыйлап жатканын.

Экөө бир аз ойлонуп туруп калышкандан кийин бирине бири баш ийкешип, берели дегенсип, шылкыйып жер карашып, кемпирдин жанына келишкенде Арстанбек жерден башын көтөрө албай туруп:

— Апа,—  деп бозоруп кетти ага удаалаш келе жаткан Эркин дагы башын көтөрө албай досунун аркасында турду.

Арстанбек биз уурдап алганбыз деп айта албай?

— Биз акча таап алдык,— деди.

— Канча сом экен?

— Беш.

— Ал менин акчам го, кана берчи,— деп кемпир кубанып кетти.

Арстанбек чөнтөгүнөн түйүнчөккө түйүлгөн акчаны алып чыгып ээсине берди. Кемпир өз акчасын колуна алганда Арстанбек менен Эркин үстүлөрүнөн оор бир нерсени алып таштагансып жыргай түшүштү. Ошондон кийин Арстанбек өзүн ушунчалык күнөөлүү сезип, өзүн өзү кечире албай жүрдү. Бир күнү Токтоматка барып, андан эч нерсесин жашырып көрбөгөн бала:

— Таяке, мен сага бир нерсе айтайынбы? –деди.

— Айт.

— Таяке, — деп Арстанбек жер карады.

— Эмне болду?

Арстанбек баягы Эркин экөөнүн кылыгын төкпөй чачпай айтып берди.

— Ай, балам ай. Ушундай да иш кыласыңарбы баласыңарда. Экинчи андай кылбагыла. Эгер сен дагы бир жолу уурулукка барсаң, анда мен сени эч жакка алып барбайм,-деди.

— Тоого дагыбы?

— Тоого дагы.

— Сен, анда мага дары чөптөрдү дагы айтып бербейсиңби?

— Айтып бербейм.

— Эмнеге?

— Ууру бала дарыгер боло албайт, -деп кыраакы неме Арстанбектин ток этер жеринен кармады.

Арстанбек таякесинин бул сөзүнөн кийин өзүн ушунчалык жаман сезип, бети кызарып, уялганынан башын көтөрө албай жер тиктеп турганда Токтомат:

— Жүр мени менен,— деди.

— Тоогобу? – деп Арстанбек кубанып кетти.

— Тоого.

Арстанбек тызылдаган бойдон жүгүрүп барып атты токуп келип, таякесин шаштырды.

Экөө тоого барып, атты тушап коюшуп кайрадан чөп чогултууга киришишти. Бир маалда Арстанбек ал дайыма терип жүрчү өсүмдүктөрдү эмес, башында майда ак гүлү бар чөптөрдү чогултуп жүргөн Токтоматты карап:

— Сен эмне чогултуп жатасың? Ал дары эмес да,— деп кыйкырды.

— Эмнеге? Бул сонун дары.

— Ал чөптүн аты эмне?

— Койчу баштык.

— Ал эмнеге дары?

— Эмнеге дары экендигин эмне кыласың тере берчи, балам.

— Жок, айтсаң.

— Бул чөп бөйрөккө дары, балам.

— Бөйрөккөбү?— деп Арстанбек бир сурап алып, эми койчу баштык терүүгө киришти.

Бир аздан кийин Токтомат жээнин карап:

— Аялдар жаңы төрөгөндө ичсе жакшы.

— Төрөгөндө,-деп Арстанбек бырс күлүп жиберип анан таякесинен уялгансып көзүн ала качып, жер караган бойдон өз ишин улантты. Анан ал Токтоматка дагы бир чөптү көргөзүп:

— Таяке муну дагы терейинби? – деп калды.

— Ал эмне экен?

— Билбейм.

Токтомат ага жакындап келип, чөптү карап:

— Тер,— деп койду.

— Мунун аты эмне?

— Адрашман.

— Адрашман?

— Ооба.

— А бул эмнеге дары?

— Суук тийгенде, ич өткөндө.

Арстанбектин оюнан бир кездеги Токтоматтын айтып берген Шамааран тууралуу жомогу түшүп, ар бир чөптү кылдаттык менен терип, бирде жалбырагын, бирде сабагын, бирде гүлүн шыкаалап карап коюп анан даамы кандай болду экен дегенсип чайнап көрүп, кайра түкүрүп коюп, кыялдана чөп терип жатты.

 

******

Жайдын акактаткан ысыгына чыдай албай Арстанбек үйдүн көлөкөсүндө отурса, Кеминден атасынын туугандары Жаныбектин араба менен келе жатканын көрүп, тууганчыл Арстанбек анын алдынан жүгүрүп тосуп чыкты.

— Ассалоому алейкум, Жаныбек байке.

— Аллейкум ассалом, Арстанбек.

Экөө кол алышып учурашып калышып анан Жаныбек анын кулагына:

— Арстанбек, сен каникулга чыктыңбы?— деп акырын шыбырады.

— Чыктым.

— Бүгүн мени менен Кеминге кетесиңби?-.

— Сени мененби?

— Мени менен.

— Кетем.

Жаныбек үйгө кирип Алтымыш менен бир аз отуруп анан эшике чыгып:

— Жүр Арстанбек, отур арабага,-деди.

— Атамдан суранайынбы?

— Мен сурадым. Атаң жиберди.

— Оомиий,— деп Арстанбек сүйүнгөн бойдон арабага отурду. Экөө Кочкордун суусуна жеткенде Жаныбек:

— Арстанбек сен чоңоюп деги калдың, элдин баары эле сени кыйын дейт. Мен дагы сенин кыйындыгыңды көрөйүн. Эгер сен чын эле кыйын болсоң, анда мынабул суунун аркы өйүзүнө чейин сүзүп чыкчы,— деп агып жаткан Кочкордун суусун көргөздү.

Эч нерседен тайманбаган бала неме дароо эле арабадын секирип түшүп, суунун муздактыгына карабай чымырканып көз ачып жумгуча наркы өйүзгө сүзүп чыкты.

— Оо, бул Алтымыштын баласы чын эле кыйын турбайбы. Эми дагы кыйын болуп, сен кайра бул өйүзгө сүзүп келчи.

— Суу муздак экен үшүп кеттим.

— Анда сен кыйын эмессиң. Сен кызсың.

Жаныбектин бул сөзү Арстанбекке оор тийди.

Бир аз жылынып алып кайрадан чымырканган бойдон калчылдап үшүгөнүнө карабай болгон күчүн жумшап эптеп— септеп кайра берки өйүзгө сүзүп келсе Жаныбек арабасын айдап бир топ узап кетиптир. Өжөр Арстанбек анын аркасынан кубалап араң жетти.

Кечинде алар Кеминге жеткенче Кочкордун муздак суусуна сүзөм деп катуу чыйрыгып калган Арстанбек эч нерсени сезбей таттуу уйкуга кирди.

Эртеси Жаныбек Арстанбекти араң тургузду.

— Тур Арстанбек мени менен Токмокко барасыңбы?

— Барам.

— Анда тур.

— Биз Токмокко эмнеге барабыз?

— Базарга.

— Базарга?

— Ооба, сен базарга барганды жакшы көрөсүңбү?

— Жакшы көрөм.

— Тур анда тез— тез кийин. Мен чыгып жатам.

Арстанбек шашып— бушуп кийимдерин кийинип, Жаныбек менен Токмокту көздөй жөнөдү.Токмоктун базарына барышканда Жаныбек Арстанбекти карап:

— Сен кечээ кыйын болдуң. Эми бүгүн дагы кыйын болгуң келип жатабы?

— Ооба.

— Анда барып тетиги цыгандардын балдары менен ойноп, аларды жеңип келчи, — деп базардын чет жагында бири – бирин шапалак менен уруп жатышкан бир топ цыгандардын балдарын көргөздү.

Арстанбек аларды карап туруп анан:

— Алар ойношкон жокко,— деди.

— Алар ушинтип бири— бирин шапалак менен урушуп ойношот.

— Эмнеге?

— Билбейм. Ушундай оюн. Ойнойсуңбу?

— Ойнойм.

— Анда жүр мени менен,— деп Арстанбектин колунан жетелеп барып өзү теңдүү сакалчан бир цыган киши менен бир аз сүйлөшүп туруп анан:

— Арстанбек, мен муну менен акчага мелдештим эми сен жеңсең акчаны экөөбүз жеңип алган болобуз. Эгер жеңилсең, анда сен экөөбүз буга акча беребиз. Сен сөзсүз жеңишиң керек, уктуңбу? Кана, анда кыйындыгыңды дагы бир жолу көргөзчү,— деп Арстанбектин колуна узун шапалакты карматты.

Арстанбек ал цыгындын баласын тез эле жеңип чыкты.

— Ой азамат, Арстанбек сен чын эле кыйын турбайсыңбы. Жүр эми мен сага уткан акчаңа бир корооз момпосуй сатып берейин,— деп аны колунан жетелеп барып, ары жактан ага бир момпосуй сатып берип колуна карматты.

Байкесинин алып берген, өңү кыпкызыл, жыгачтан кармагычы бар короозго окшотулуп жазалган момпосуйдан моокуму канбай жеп бараткан Арстанбекке бир маалда Жаныбек:

— Жүр эми экөөбүз мал базарга барып мал алалы,-деди.

Арстанбек аны ээрчип мал базарды көздөй жөнөдү. Жаныбек базарды аралап жүрүп беш алты жылкы сатып алып анан:

— Арстанбек, сен Жалалабат деген жерди көрдүң беле?— деп сурап калды.

— Жок.

— Көрөсүңбү?

— Көрөм.

— Мен азыр ошол жакка барам. Сен мени менен барасыңбы?

— Барам.

— Барсаң, анда мен азыр арабаны бирөөнүн үйүнө коюп келейин, сен ушул жерде туруптур,— деп топ жылкынын жанына аны коюп коюп, өзү күн батыш жакка басып кетти. Арстанбек Жаныбекти күтүп отуруп чарчаганын уктап да кетти. Түшүндө бир кездеги Токтоматтын айтып берген жомогундагы Шамааранды көрүп жатса, түшүнүн аягына чагарбай аны Жаныбек жулкулдатып отуруп, ойготуп жиберди.

— Сен жиндисиңби? Базардан дагы киши уктайбы? Ойгон. Дагы Жалалабатка барам деп коөт,— деп Арстанбектин таттуу уйкусун бузду. — Жүр, сен тетиги атка минесиң, -деп ээртокуму жок боз атты көргөзүп, өзү ошол жерде турган карагер атка минип, — Айда, Арстанбек аттарды, кеттик,-деди.

Арстанбек Жаныбек көргөзгөн атка минип, чү-чүлөп аттарды айдап анын аркасынан жөнөдү.

Мынчалык алыс жолго чыгып көрбөгөн неме, же жолдун алыстыгынан чарчадыбы, же жайдак атка Чүйдөн бери минип келгенге жедеп көчүгү жооруп кеттиби ким билсин иши кылып Жаныбек экөө Жалалабатка жетип, бир үйгө киришип жүзүмдүн арасына отурушкандан кийин Арстанбек кайрадан таттуу уйкуга кирди. Түшүндө Шамааранды издеп таппай жүргөндө аны капысынан жүзүнө кулап түшкөн бир шиңгил жүзүм ойготту. Ойгонсо Жаныбек кара көз, кашына осмо койгон, сулууча келген, билектей эки өрүм чачын артка таштап, чачыгы бар кызыл жоолугун төбөсүнө байланган бир аял менен тапчанда өбүшүп отуруптур. Аларды көргөн Арстанбек:

— Эй байке,— деп үнүнүн бардыгынча кыйкырып жиберди.

Эки көзүн бакырайтып, тиктеп турган Арстанбекти көрүп, Жаныбек чоочуп кетти. Берки сулуу бейтааныш аял болсо жер караган бойдон тез— тез басып, ары жакка басып кетти.

— Байке, байке, бул ким?

— Бул сенин жеңең. Аты Санавар

— Кандайча?

— Ушундай Арстанбек, сенин жеңелериң көп, тигил болсо менин балам,— деп Жаныбек ары жакта ойноп жүргөн жашы үч — төрттөрдөгү эркек баланы көргөздү.

Жаныбектин бул жоругу Арстанбек үчүн өтө таң калтырарлык нерсе болду.

Эртеси Жаныбек кечээки Чүйдөн айдап келген жылкыларын бир жакка өзү жалгыз барып тез эле сатып келип, бир баштык акчаны Санаварга берип:

— Ме, муну катып кой, үч, төрт күнгө чейин сенде тура берсиң,— деди.

Арадан үч, төрт күн өткөндөн кийин Жаныбек менен Арстанбек Жалалабаттан Чүйдү көздөй кайтмакчы болушуп камданып жатышканда Арстанбек, короодо жайкалып өсүп турган жүгөрүлөрдүн жанынын өтүп келе жатып, бир жүгөрүнүн чачыктарын жулуп алып, алаканына салып аны ушалап улам үйлөп коюп келе жатса, аны алыстан акмалап карап турган Санавар:

— Арстанбек ошондон көп эле терип келчи. Мына бул баштыкка,-деп бактын бутагында илинип турган чүпүрөк баштыкты көргөздү.

— Аны терип алып эмне кыласың?

— Сууга чылап ичем.

— Эмнеге?

— Дары да.

— Дары? Дары чөптөргө кичинесинен эле абдан кызыккан Арстанбек алайып Санаварды карап калды.

— Эмне алайып калдың?— деп Арстанбектин түрүн көргөн Санавар күлүп жиберди.

— Жөн эле. Баштыгыңды бер,-деп Арстанбек Санавардын колунан чүпүрөк баштыкты алып жатып, эмнесин терейин чачыгын элеби,— деп сурады.

— Ооба чачыгын, бирок жалбырагына тийбе.

— Макул,— деп элпек неме короону көздөй жөнөдү.

Короого барып жүгөрүнүн чачыгын терип жатып кыялында Шамааран менен сүйлөшүп жүргөндө анын оюн кайрадан Жаныбектин:

— Арстанбек, бол тез кеттик аны эмне кыласың? Ташта,-деген сөзү бөлдү.

— Азыр байке дагы бир аз терейин,— деп коюп Арстанбек ишин узай берди.

— Кызык ушул бала кайда барса эле чөп көрбөгөндөй, ар кайсы чөпкө жабышканы жабышкан,— деп Жаныбек Арстанбекти карап наалып алды.

Арстанбек дагы бир аз жүгөрүнүн чачыгын чогултуп жанагы Санавар берген баштыгы толгондон кийин жүгүрүп Санавардын жанына келип:

— Бул эмнеге дары? –деп кызыгып калды.

— Оозума ачуу даам келет. Дарыгерге барсам ушуну ич деди,— деп башындагы жоолугун түздөп салынып жатып алтын тишин жаркылдатып Санавар Арстанбекти жылмая карады.

— Оозуман?

— Ооба оозуман,— деп Санавар Жаныбектин белинен кучактап, Арстанбекти карап кайра жылмайды.

— Оозуңдан эмне куюлуп жатат?— деп Арстанбек жеңесин түшүнө албай дагы бир жолу саурады.

Бир аздан кийин Санавардын жанында турган Жаныбек:

— Болдучу эми Арстанбек ушундайың бар экен да, бир нерсеге жабышасың дагы каласың. Жүр кетели, жол алыс,— деп Санавардан бир баштык акчасын алып, Арстанбекти шаштырган бойдон алып кетти.

Арстанбек Жалалабаттан Чүйгө жеткенче Санавардын: «оозума ачуу даам келет» — деген сөзүнүн төркүнүнө түшүнө албай башы маң болуп келди.

Алар Кеминге келип бир, эки күн түнөгөндөн кийин Жаныбек ага:

— Арстанбек сен мени менен бүгүн түн ичинде бир жерге барасыңбы?— деп калды.

— Каякка?

— Бир жерге, бирок аны эч кимге айтпа, макулбу?

— Макул

— Баса Арстанбек сен Санавар жеңең тууралуу бул жеңеңе айткан жоксуңбу? — деп Жаныбек алыста үйоокат менен алек болуп жүргөн аялын көргөздү.

— Жок. Бирок эмне бул жеңем аны билбейби?

— Жок кайдан билсин.

— Эмне сиздин эки аялыңыз барбы?

— Ооба.

— Санавар жеңем аны билеби?

— Билет.

Арстанбек Жаныбекке таң кала түшүп, бирок бул жөнүндө бөлөк суроо узаткан жок.

— Мени менен бармай болдуңбу?

— Айтпайсыңбы каякка?

— Бир жерге.

— Алыспы?

— Токмокто.

— Токтомоктобу, анда барам.Борок эмне үчүн түн ичинде.

— Күндүз болбойт?

— Эмнеге болбойт?

— Арстанбек койчу, болду кишини тажатып дагы жибердиң. Барсаң жөн бар, барбасаң ар кайсы суроону берип менин башымды оорутпа,— деп Жаныбек ага ачууланып кетти.

Кеч кирип бара жатканда ал экөө арабага түшүп Токмокту көздөй жөнөштү. Жолдон Арстанбеке Жаныбекти карап:

— Бул баягы араба эмес ко?— деп калды.

— Башка.

— Эмне сенин арабаларың көппү?

— Көп.

Экөө унчугушпай бир аз отуруп калгандан кийин Жаныбек Арстанбекке:

— Мына көрдүңбү, мунун ичи толтура акча,— деп коюнуна каткан бир баштык акчаны көргөздү.

— Бул кайдагы акча?— деп мынча көп акчаны көрбөгөн Арстанбек чоочуп, эки көзүн алайтып агасын карады.

— Баягы Жалалабатка алып барып саткан жылкынын акчасы да.

— Ушунча көп акчабы?

— Бул дагы аз азыр үстүнө дагы ушунча акча кошуп келебиз.

— Каяктан?

— Мен азыр бир жерге барып кумар ойнойм.

Арстанбек Жаныбектин бул сөзүнө көп түшүнө албай:

— Кумар деген эмне?— деп кайра сурады.

— Кумар деген бул…… акчага сайышып ойнойт.

— Сен ошон үчүн Жалалабатка бардың беле?

— Анан эмне кылам акча керек да.

— Анан жана Кеминден жеңем сенден акча сураса сен эмнеге ага акчам жок деп койдуң?

— Акча өзүмө керек да.

— Мен сени менен эч жакка барбайм,— деп Арстанбек арабадан түшмөй болду.

— Сен каякка?

— Кеминге.

— Эмнеге?

— Мен сени менен эч жака барбайм.

— Сен эмне жинди болуп калдыңбы? Анда эмнеге барам деп келдиң?

— Мен сен менен башка жакка барам го дегем.

Экөө бир топко чейин урушуп отуруп араң дегенде Жаныбек аны эптеп алдап жолун улантты. Бир маалда ал арабасын кичирээк бир үйдүн жанына токтотуп өзү кирип кетип бир аздан кийин кайра чыгып:

— Жүр, түш. Бирок сен үйгө кирбей эле кой макулбу? Мен сени кийин киргизем бир аз чоңой. Ме, мына бул бычакты колуңа алып, эшиктин алдында тура бер.

— Жөн эле бычакты кармап алып тура беремби?— деп эч нерседен шеги жок Арстанбек Жагыбекти карады.

Жаныбек бир аз ойлонуп туруп анан:

— Чын эле зээригип кетесиң ээ? Анда сен мына бул жыгачты көрдүңбү,— деп бир жыгычты көргөздү.

— Көрдүм.

— Көрсөң, анда сен бычагыңды ушул жыгачка ыргытып сайгылып тур. Эгер сен бычак менен мына бул жерге элүү жолу тийсең, анда сен чын эле кыйын болосуң, — деп жыгачтын бир жерине белги коюп, Арстанбектин колуна бычакты карматып, өзү үйгө кирип бара жатып, — Арстанбек эгер бирөө келсе, сен бычак менен коркут, уктуңбу?— деп ага үйрөтүп, анан Жаныбек бир аздан кийин:

— Эгер үйгө кирем десе алдагы бычагың менен сайгын. Макулбу? — деди.

— Макул,— деп бала неме таң атканча Жаныбек белгилеп берген жерге бычагы сыйылган сайын эсептеп коюп жатып таң атырды.

Эртеси таң жаңыдан агара баштаганда Жаныбек эшикке чыгып:

— Жүр, Арстанбек кеттик,-деди. Бирок маанайы эмнегедир өтө эле суз. Жолдо келе жатып бир топтон кийин гана:

— Арстанбек, мен бардык акчамды уттурдум,-деп көзүнөн жаш тегеренип кетти.

— Койчу, чын элеби?— деп Арстанбек таң кала түштү.

— Чын эле, Арстанбек.

— Анан эми эмне болот?

— Билбейм. Жаныбек бир топко упчукпай жолду карап, тизгинден көзүн албай кете берип, бир маалда ал:

— Мени менен Казакстанга барасыңбы?-деди.

— Кайда?

— Казакстанга.

— Эмнеге?

— Ууруга.

— Ууруга?

— Ооба ууруга.

Арстанбек Жаныбектин бул сөзүн укканда таякесинин «Ууру бала дарыгер боло албайт» — деген сөзүн эстеп кетип:

— Жок, мен ууруга барбайм,-деди.

— Эмнеге? Эл көрүп, жер көрүп келесиң да.

— Ууруга барсам Токтомат таякем мени тоого алып барбай коөт.

— Сен айтпа да.

— Ал бары бир билип коөт. Анан мени тоого алып барбай коөт.

— Өзүң бил.

Экөө кайрадан бир топко чейин унчугушпай барышты. Кеминге жакындаганда Жаныбек:

— Менин түндө кумар ойногондугумду эч кимге айтпа. Айтпайсыңбы?

— Айтпайм.

Экөө кайрадан унчукпай калды.

Кеминге жеткенде Арстанбек:

— Байке, мени үйүмө жеткизчи,-деди.

— Кетесиңби?

— Кетем.

— Качан кетейин дедиң эле?

— Бүгүн.

— Бүгүн?

— Ооба бүгүн.

— Мейли бирок Арстанбек сени сүрөттү кыйын тартат деп уктум эле ошонуң чынбы?— деп Жаныбек аны үмүттүү карады.

— Чын.

Жаныбек чөнтөгүнөн бир баракты алып чыгып

— Мына бул биздин айылдык кеңештин мөөрү, сен ушуну мага тартып бере аласыңбы,-деди.

Арстанбек мөөрдү бир аз карап туруп анан:

— Тарта алам, — деди.

— Анда жүр экөөбүз бир жерге барып бекинип алып сүрөт тарталы.

Жаныбек аны бир бөлмөгө алып кирип, кагазга мөөрдү тарттыра баштады.

Арстанбек ңир баракка мөөрдү тез эле тарта салып аны агасына берди.

Сүрөттү колуна алып бир аз карап, анан чөндөгүндөгү айыл өкмөтүнүн мөөрү менен салыштырып көргөн Жаныбек:

— Азаматым менин, сен чын эле кыйын турбайсыңбы. Карачы эч бир айырмасы жок? – деп кубанганынан каткырып күлүп да жиберип, Жаныбек эшикке чыгып кетип колуна он чакты картөшкө анан сыя куюлган челек алып кайра келди.

— Бул эмне картөшкө, байке.

— Эми сен ушул картөшкөлөргө ошол сүрөттү тарт,— деп көлөмү ошол мөөрдөй болгон картөшкөнү туура ортосунан бөлүп, Арстанбекке берди. Өзү сүрөткө шыгы бар неме картөшкөнү оюп отуруп, баягы мөөрдү тез эле чеге салды.

— Эми келе мага бер,-деп Жаныбек Арстанбектин колунан мөөр чегилген картөшкөнү алып челекчеге куюлган сыяга картөшкөнү малып, кагазга басып көрсө айылдык кеңештин мөөрүнөн эч айырмасы жок болуп чыкканына кубанганынан эртеден бери көңүлү суз жүргөн неменин кабагы ачыла түшкөндө Арстанбек:

— Байке, мени Кочкорго жеткизчи. Сүрөтүңдү тартып бүтпөдүмбү, -деди.

— Жеткизем, жеткизем, Арстаке, бирок сен мага сөз бер мени менен кайсы жерлерге баргандыгыңды эч кимге айтпайм деп.

— Айтпайм.

— Чын эле айтпайсыңбы?

— Айтпайм дебедимби.

— Айтпа, — деп Жаныбек Арстанбектин далысынан кучактады.

Арстанбек бир аз ойлонуп туруп анан:

— Байке, айтсаң сен бул мөөрдү эмне кыласың?

— Керек.

— Эмнеге керек.

— Айтпайм.

— Айтпасаң, анда мен алдагы картөшкөнү чайнап салам,— деп Арстанбек баягы мөөр чегилген картөшкөнү оозуна салмай болгондо чоочуп кеткен Жаныбек:

— Анда менден таяк жейсиң,— деди.

— Урсаң, анда мен чын картөшкөнү чайнап салып сага бөлөк мөөр чегип бербейм, — деп Арстанбек көгөрүп жер тиктеп турганда Жаныбек:

— Анда дагы таяк жейсиң,-деп инисин коркутту.

— Эмнеге?

— Айтпайм деп сөз бербедиң беле.

— Сөз берсем эмне экен.

— Сен эркексиң да. Эркек деген сөзүнө турат.

— Ооба, сөз бергем бирок айтсаң, эмнеге мага картөшкөгө мөөрдүн сүрөтүн тарттырдың.

Жаныбек Арстабекти бала эмеспи дегенсип жакшы эле ары бир, бери бир чалкап алдайын деди, бирок өзү кичине болсо дагы акылы чоң кишидей болгон баланы алдай албасына көзү жеткенден кийин ал аргасыз чындыкты айтмай болду.

— Макул айтам, бирок сен кишиге айтпагының.

— Айтпайм.

— Мен бул картөшкөнү сыяга малып алып, айылдык кеңештин мөөрүн коюп, документтерди тактайм.

— Эмне документтерди?

— Мен мал сатам да.

— Уурдаган малдарыңдыбы?— деп Арстанбек Жаныбекке жинденип жерде турган мөөр чегилген картөшкөнү сыя экендигине карабай чайнап— чайнап жерге түкүрүп салды.

Чындыгында Арстанбектен мындай жорукту күтпөгөн Жаныбек аны эптеп— септеп отуруп кайрадан мөөр жасатканга араңдан зорго көндүрдү.

Көпкө чейин Жаныбектин айтканына араң көнбөй жатып араң макул болгон Арстанбек оозунан жанагы мөөрдүн сыясын куюлтуп кайрадан отуруп ага кайрадан мөөр чегип берип анан:

— Кочкорго кетели, байке, — деди.

Экөө арабага түшүп алышып Кочкорду көздөй жөнөштү. Кочкорго келгенден кийин ал Жаныбек тууралуу өтө көп ойлончу болду. Бүгүн негедир Токтоматтан эч нерсесин жашырып көрбөгөн Арстанбек ага барып бул тууралуу айткысы келди. Бирок ал Жаныбекке айтпайм деп сөз бергендигинен улам, ал сырды Токтоматка дагы айтпай ичинде сактоону чечти. Бул сыр албетте Арстанбектин Токтоматтан жашырган биринчи сыры эле.


 
    *****

Бүгүн мектепте акыркы коңгуроо. Арстанбектин классташтарынын маанайлары ачык. Мектепти бүттүк дегенсип, бири өзүн бир топ жашка барып калган адамдай сезсе, дагы бири эми Фрунзеге барып окууга тапшырам дейт, кай бири болсо эми окуудан дагы, окуткан мугалимдерден дагы кутулдук дегенсип китеп бетин ачкандан заарканышат. Арстанбек болсо башынан эле ынтызар неме, окууга болгон кызыгуусу артып, бүгүн акыркы коңгуроо күнү дагы колунан китебин түшүрбөй, бош кабинеттердин биринде өзү жалгыз отурду. Класс жетекчиси Кубанычбек улам бир баладан барып:

— Алтымышев каякта? Алтымышев каякта?— деп сураса эч ким билбейт. Баланын зээндүүлүгүн башынан эле байкап жүргөн Кубанычбек болду болбоду ушул бир жерде китеп окуп отурат болушу керек, деп мектептеги кабинеттердин барын кыдырып жүрүп окуучусун араң тапты. Китепке ушунчалык берилип алып окуп отурган бала эшиктин ачылганын деле байкаган жок. Кубанычбек эшикке жөлөнүп көпкө туруп анан, бүтүрүүчүсү уксун дегенсип калп эле жөтөлүп койду. Арстанбек аны да байкаган жок. Анан Кубанычбек анын жанына келип чоочутуп албайын дегенсип үнүн акырын чыгарып:

— Алтымышев, мектептин баары чогулуп калды жүр баралы,— деди.

Арстанбек аны деле укпай берилип китеп окуп отура берди. Баланын бул жоругуна таң калган Кубанычбек ага жакындап келип, анын күрмөсүнөн акырын тартканда гана Арстанбек башын көтөрдү.

— Чогулуп калышты, жүр баралы,— деп Кубанычбек Арстанбекти карап жылуу жылмайды.

Экөө ээрчишип эшикке чыгышса, чын эле мектептин алды ата-энелер менен окуучуларга толуп, чогулуш башталып калган экен. Арстанбек шаша басып өзүнүн классташтарына кошулуп, бирок жанагы китептин аягына чыкпай калган неме мугалимдерден алысыраак турайын дегенсип, тизилип турган балдардын арт жагына туруп алды. Бир аз туруп анан жанагы китебин кайра ачып, берилип окуп жатканда анын оюн классташ кызы Алмагүлдүн:

— Арстанбек, класстын атынан азыр сен чыгат экенсиң,-деген сөсү бөлдү.

— Эмнеге?-деп Арстанбек түшүнө албай кетти.

— Сени чыгып сүйлөйт деп жана эле директор айткан.

— Эмне жөнүндө?

— Тандаган кесибиң тууралуу. Кесип тандадың беле?

— Ооба.

— Кайсы кесип?

— Врачтык кесип.

Алмагүл экөөнүн сөзү бүтө элегинде мектептин директору Асыйна эже:

— Эми сөз бүтүрүүчүлөрдүн атынан Алтымышевге берилет,-деди.

Бул сөздү уккан Арстанбектин шаштысы кетип, китебин Бактыгүлгө кармата салып элдин алдына чыгып, өзүнүн ата— энесине, мугалимдерине ыраазычылыгын билдиргенден кийин Асыйна эже:

— Өз тандаган кесибиң тууралуу айтчы. Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет?— деп калды.

— Мен келечекте врач болгум келет. Врачтык кесип менин сүйгөн кесибим,-деп айтып баштаганда алыстан акмалап карап турган таякеси Токтоматты көрүп: — Мен дагы Токтамат таякемдей болуп элди дарылап, дарыгер болом,-деди.

Айтканындай эле ал колуна аттестатын алгандан кийин жогорку окуу жайына тапшыруу макстында Кочкордон Фрунзе шаарына келип, конкурстун өтө чоң экендигине карабай мектепти ийгиликтүү аяктаган Арстанбекке медициналык институтуннун даярдоо курсуна өтүш көп деле кыйынчылыкты туудурган жок. Бардык сынактардан жогорку баа менен ийгиликтүү өтүп өз фамилиясын окуу жайдын даярдоо курсуна кабыл алынган абитуриенттердин тизмесинен көрүп кубанычы койнуна батпай ата-энесине, Токтоматка айтуу максатында кайрадан Кочкорго аттанды. Айылына барып, төбөсү көккө жетип, кубанычы коюнуна батпай жүрүп, окуусунун баштала турган маалынын кандайча жакындап калганын дагы байкабай калды. Бүгүн күндөгүдөн эрте туруп, бала кезден берки досу Орозобайдыкына келди. Көрсө, Орозобай дагы жогорку окуу жайынын даярдоо курсуна өтүп, ал дагы бүгүн ушул кезде төбөсү көккө жетип Арстанбекке жете албай турган мезгили экен. Эки дос чер жазышып бир топ сүйлөшүп отурушкандан кийин Орозобай:

— Арстанбек, окуу жакындап калды, экөөбүз Фрунзеге кетишибиз керек,-деди.

— Ооба, кетиш керек.

— Кеткенге сенин акчаң барбы?

— Жок.

— Меники дагы жок

— Эмне кылабыз?

— Билбейм. Фрунзеге жетиш үчүн акча керек да. Жолго акча табалы, -деп Арстанбек Орозобайды карады.

— Кантип табабыз?

— Иштейли.

— Экөөбүзгө ким иш бермек эле.

— Издеп көрөлү. Иш таппасак болбойт.

— Кандай иш издейбиз?

— Билбейм. Издеп көрбөйлүбү.

Экөө ошол күнү кечке Кочкорду аралап жүрүшүп, эч бир иш таба албай көңүлдөрү чөгүп үйлөрүнө бара жатышса, өтүк оңдогон жерде «Өтүкчү керек» деген сыя менен жазылган кичинекей жарыя илинип туруптур. Экөө аны көрө коюшуп, түз эле ошол жерге кирип барышса, жашы кырктардан ашып калган киши өтүк тамандап отуруптур. Ал киши берки экөөнү көрө коюп:

— Эмне өтүк алып келдиңерби,— деди.

— Жок. Биз иштейли деп келдик, -деп экөө жарыша сүйлөдү.

— А-а, иштейли деппи? Эмне иш кылганды билесиңер?

— Баарын билебиз,-деп иш таппай араң турган балдар бир үндөн жооп беришти.

— Аныңар жакшы экен, анда бүгүн кеч болуп калды. Силер ушул жерге эртең эртең менен келип калгыла, -деп өтүкчү карала-торала болгон колдору менен чекесинин терип сүртүп балдарды карады.

— Макул дешип экөө эшикке чыгышып, чоң кызматка орношконсуп, кудуңдаган бойдон үйлөрүнө бара жатышса, алардын алдынан кара тору көздөрү карагаттай, чачын эки өргөн бир сулуу кыз чыга калды. Буга чейин кыздар менен иши жок Арстанбек сөз сүйлөй албай арбалган немедей, жанагы кыздан көзүн ала албай туруп калды.

— Ой, сага эмне болду, — деп Арстанбекти, байкаган Орозобай аны шылдыңдап күлө баштады.

— Орозбай, бул кайсы кыз. Ушул жерликпи?— деп Арстанбек досунан сурап жатканы менен бото көз сулуудан көзүн ала албай турду.

— Жок. Биздин кошунаныкына келиптир, ошолордун туугандары экен.

— Сен бул кызды тааныйсыңбы?

— Тааныбайм бирок, көрүп эле жүрөм. Эмне таанышкың келип жатабы?— деп Орозобай ансайын күлкүсүн тыя албай каткырып күлө берди.

Эртеси Арстанбек эрте туруп, Орозобайдыкына келе жатып, күтүлбөгөн жерден кечээки кызга жолугуп калды. Жүрөгү бир башкача болуп, сөз сүйлөй албай турганда бейтааныш кыз:

— Сиз кимдикине? — деп калды.

Шаштысы кеткен Арстанбек:

— Орозбай үйүндөбү,-деп жиберди.

— Ооба. Үйүндө.

Ошентип Арстанбек алгычкы махабатка кабылды. Күн сайын жумуштан чыгып, акмалап Орозобайдын кошунасынын үйүн карап баягы кызды көргүсү келет. Ал кыз капысынан жолугуп калса, жүрөгү опкоолжуп учурашканына ыраазы болот. Басса турса ошол кызды ойлоп, аны көргүсү келип, жаш жүрөгү туйлап, кара терге түшүп жатып ал кыз менен учурашканына ыраазы болуп, кээ күндөрү бошой калганда комузун алып, үйдүн көлөкөсүнө отуруп бир аз ойноп иши кылып кыйналып жүрүп арадан төрт, беш күн кантип өтүп кеткендигин дагы байкабай калды. Бүгүн дагы ал баягы кызды көз алдынан кетире албай турду. Бир маалда Арстанбек, Орозобай экөө өтүк оңдоочу жайдан чарчашып, бети баштары карала— торала болуп, бир аз эс алып алалычы деп эшикте отурушса, баягы кыз үлбүрөгөн көйнөгүн кийип алып таптаза болуп күтүлбөгөн жерден чыга калды. Арстанбек эмне кылар айласын таппай үстү башын каккылап туруп калды. Кыз болсо эч нерсе деп сүйлөбөй Арстанбекти жактырбай бир карап алып учурашып да койбой өтүп кетти.

— Буга эмне болгон?-деп Орозобай досун карады.

— Эмне болмок эле. Мени өтүкчү деди да.

Арстанбек бир аз ойлонуп туруп анан:

— Мен болду өтүкчү болуп иштебейм, -деди.

— Эмнеге? Экөөбүз убактылуу эле өтүкчүбүз да.

— Баары бир. Мен иштебейм.

Орозбай туруп калды.

— Жүрү барып акчабызды алып Фрунзеге кетебиз.

— Тапкан акчабыз бизге жетеби?

— Фрунзеге жетип алсак болду.

Экөө барып кожоюндарынан тапкан акчаларын алышып, үйлөрүнө жөнөштү. Арстанбек үйүнө барса Таттыбай да Алтымыш да жумушта экен. Бир аз отуруп анан ал Токтоматтыкын көздөй жөнөдү. Алыстан жээнинин келе жаткандыгын көргөн, Токтомат анын алдынан тосуп чыкты:

— Ассалому алейкум, таяке.

— Аллейкум ассолом жээн, келдиңби?

— Келдим таяке.

Арстанбек менен Токтомат көпкө чейин чер жазышып отуруп калышып анан кичинесинен бул кишиден эч сырын жашыра албаган Арстанбек бүгүнкү кыздын кылыгын айтты. Демейде Арстанбекти дайыма колдоп жүргөн Токтомат бул жолу эмнегедир күлкүсүн тыя албай каткырып күлүп жиберди.

— Эмне мени шылдыңдап жатасың?— деп Арстанбек таякесине бир чети таарынып, бир чети жинденип да кетти.

— Мен сени шылдыңдаган жокмун, балам,-деп Токтомат күлкүсүн тыя албай жооп берди.

— Анда эмне күлөсүң?

— Мен сага кубанып жатам.

— Эмнеге?

— Сен чоңоюп, бой түзөп, кыздарга көз сала баштаганыңа. Демек сенин дагы жүрөгүң козголгон экен да.

Арстанбек кызарып кетти.

Кечинде үйүнө келсе, керелди күнү кечке жумушта жүрүп чарчап келген Таттыбай:

— Балам, чай койчу, кечке жумуштан чарчадым,-деди.

Арстанбек чай коюп жатса Алтымыш дагы кирип келди.

— Кел, ата мен чай коюп жатам, — деп Арстанбек атасынын алдынан тосуп чыкты.

— Койсоң койчу, балам. Кечке мектепте жүрүп мен да чарчадым. Апаң дагы чарчагандыр,-деп студент баласы менен сыймыктанып Алтымыш уулун баштан аяк бир карап алды.

Эртеси эртең менен эрте турса апасы ага бир баштык толтура сары май, сүрсүгөн эт, сүзмө, курут камдап коюптур.

Аны көргөн Арстанбек:

— Апа, тим эле койчу. Менден башка деле балдарың бар да. Алмазбек менен Намазбек жесин, -деди.

— Ал балдарым менин колумда. Сен болсо алыска кетип жатпайсыңбы?

— Кетсем эмне экен? Тим эле койчу,-деп Арстанбек негедир үйүнөн эч нерсе алгысы келген жок.

— Ай балам ай, ал жакта сени ким карап, сага ким тамак алып келип берет. Мени тим эле кой дебей ала кет.

— Жок, апа кереги жок,-деп Арстанбек жай сүйлөдү.

— Кой балам. Биз атаң экөөбүз таң аткандан бери ушуларды чогултуп жүрөбүз,— деп Таттыбай баштыкты көргөздү.

Арстанбек апасынын баштыгын ачып:

— Апа, үйдө сары май биздин үйдө жок элего кайдан алдың ,-деди.

— Кошунадан сурап келдим,— деп Таттыбай жер карады.

Арстанбек бир аз ойлонуп туруп анан:

— Жок, апа албайм, — деди.

— Эмнеге?

— Сен ага кайра ордуна сары май сатып беришиң керек да.

— Уй тууганда берем.

— Уй качан тууйт?

— Бир айдан кийин го.

— Ошого чейин карыз болуп жүрмөк белең. Алып барып эле берип койчу,-деп апасы ага канчалык жалынып— жалбарбасын Арстанбек баштыкты албай койду.

Баласынын баштыкты албасына көзү жеткенден кийин Таттыбай айласы жок:

— Мейлиң албасаң алба. Жок дегенде эт менен курутту алчы,— деп баласын жалооруй карады.

— Үйдө мындан башка эт жок да?

— Үйгө табылат, балам.

— Кайдан табылсын?

— Эми ушул бир жилик этти жебей деле койсок болот да.

Апасы ага кайрадан канчалык жалынып— жалбарбасын Арсанбек этти да албай, баштыктын бир бурчунда чүпүрөккө оролуп турган куруттан төрт, бешти чөнтөгүнө салып алып, апасын бекем кучактап жүзүнөн сүйүп, атасы, инилери менен коштошуп, он жети жашар Арстанбек чөнтөгүндө жол киреге жетчүдөй акчасы менен гана досу менен Фрунзеге бирге кетүү максатында Орозобайдыкын көздөй бет алды.

 

******

Фрунзеден шурудай окшош күндөр биринин артынан бири өтүп, Арстанбек даярдоо курсун кантип аяктаганын билбей калды. Даярдоо курсун аяктап, сынактардан толук өтүп бүткөндөн кийин Арстанбек Медициналык институтунун биринчи курсунун студенти болуп, кубанычы койнуна батпай кайрадан Фрунзеден Кочкорду көздөй аттанды.

Жайды жайлата Кочкордо жүрүп, окуусу башталар убак дагы жакындап калганда, Орозобай экөө былтыркысындай эле кайра кетүүгө акчалары жок акча табуунун жолун издешип, чачтарачка барып иштеп калышты. Жаңы эле ишке киришкенде бир абышка сакалын алдырганы келип кезекте туруп калганынан улам чачтарачтардын чоңу Арстанбекке:

— Арстанбек, бул аксакалдын сакалын ала берчи, мен бошобой жатам,— деп калды.

Арстанбек абышканы үстөлгө отургузуп, жаңы эле чачын алып баштаганда, байкабай анын моюн жактагы терисин устара менен шылып алды. Кан шорголоп агып токтобогонунан эси чыккан абышка Арстанбекке:

— Сакал алганды билбесең эмне аласың? Кокуй жардамга Алтымыштын баласы мени мууздап салды,— деп кыйкырып, жинденгенине чыдабай колундагы таягы менен Арстанбекти жондон ары бир салды. Аны көргөн Орозобай эмне кылар айласын таппай, экөөнү эптеп арачалап, досун араң таяктан куткарып, ал жерден араң качып чыгышып, бир аз эс алышкандан кийин алар:

— Болду мындан ары чачтарач болуп иштебейбиз,— деп чечишип, эми кийим тикмей болушту. Арстанбектин апасы мыкты тигүүчү болгондуктан, ал кичинесинде ырас апасынан кийим тиккенди үйрөнүп алган. Бир аз ойлонуп туруп анан эки дос эми эркектердин шапкесин тигип сатабыз деп чечишти.

Бүгүн экөө таң заарда туруп алышып, базардан барып апапак болгон кездеме сатып келишип, бири бычып, бири тигип отурушуп кечинде санашса жыйырма шапке болуптур. Эртеси экөө кайрадан таң заарда туруп алышып, тигилген шапкелерин алып Кочкордун базарын көздөй жөнөштү. Базарга барып базар таркаганча жүрүшүп, бир да шапке сата алышпай шалпыйып кечинде үйлөрүнө келе жатышса, аларды көргөн улгайып калган бир киши:

— Бул шапкелерди каяктан алдыңар? -деп калды.

— Өзүбүз тиккенбиз.

— Өзүңөр тиксеңер анан апапак кездемеден эмес өңү буруу кездемеден тикпейт белеңер. Силердин апапак шапкеңер өтмөк беле,— деди.

Буга чейин шапкенин өңүнө көңүл бөлүшпөгөн Арстанбек менен Орозобай эми ал шапкелерди боөмок болушту. Эртеси ырас, Арстанбектин апасы үйүндө жок боду, экөө анын сандыгын аңтарышып, боөк издешип, өңү көпкөк болгон бир боөк таап чыгышты. Апасы келе элегинде экөөлөп казанга от жагышып, суу кайнатышып, баягы шапкелерди боөкко салып бүтүшүп, күнгө жайып апасы келгенче эптеп кургатып, үтүктөп, эртеңки базарга даярданып алышты.

Эртеси эртең менен эрте турушуп, экөө кайрадан базарга жөнөштү. Баягы киши айтканындай чын эле шапкелердин өңү ак болгондуктан өтпөй жатса керек өңү өзгөргөндөн кийин, алар тез эле өтүп кетти. Эки дос кудуңдап, сүйүнүшүп, чөнтөктөрү акчага толуп, арадан бир эки күн өткөндөн кийин Фрунзени көздөй аттанышты.

Алар эч нерседен капары Фрунзеге кетип калышкандан кийин баягы шапкелердин бирин сатып алган Арстанбек менен Орозбайды абдан жакшы тааныган Аскарбек базардан алган шапкесин эки күндөн бери башынан түшүрбөй кийип жүрөт. Бир маалда күн бузулуп, жамгыр күчөгөндөн күчөп бара жатканынан шаштысы кеткен Аскарбек чайхананын ичине кире качты. Ал кирип барса эле эмнегедир ошол жердегилердин баардыгы каткырып күлүп калышты. Ага удаалаш эле башына ошондой шапке кийген дагы бир бейтааныш жигит ошол чайханага кирип келди. Баятан элдин күлкүсүнө түшүнө албай турган Аскарбек эми эшиктен кирип келген жигиттин өңүн көрүп, ал дагы күлкүсүн тыя албай калды. Көрсө, баягы Арстанбек менен Орозбайдын колдонгон боөгу кездеменики эмес, апасынын шырдак жасаганда жүн боөйм деген боөк болгондуктан бардыгын жамгырга жуулуп калган тура. Ошондон кийин ошол, шапкени сатып алгандар, Арстанбек менен Орозбайды боөкчу балдар деп тамашалашчу болду.

 

******

Арстанбек быйыл үчүнчү курс. Кечке чейин сабакта андан кийин китепканада жүрүп кесерип ачка келсе, жатаканада тамак аттуу жок. Ачка жүргөн неме бир нерсе жегиси келди, бирок бөлмөдө тамак тургай бир сындырым нан да көрүнбөйт. Нан алып жейин десе, же чөнтөгүндө акчасы жок. Ошентип Арстанбек бул күнү ачка калды. Эртеси экинчи пардан кийин лекциядан чыгып, ачкалыгынан башы айланып, келе жатса, лектор ага:

— Алтымышев сиз калыңызчы?— деп калды.

Эч нерседен капары жок Арстанбек студенттердин баары кеткенден кийин профессордун жанына келди. Профессор аны өз баласындай эркелетип,— Сиз мына быйыл үчүнчү курсту ийгиликтүү аяктаганы турасыз. Кийинки жылы төртүнчү курс болосуз. Биздин факулңтеттеги студенттердин кружокторуна дагы абдан активдүү катышып жүрөсүз. Биздин план боюнча сиз кийинки күздө кружокто доклад менен чыгышыңыз керек. Ошол себептүү мен азыр сизге бир докладдын темасын берип коөюн дедим эле,— деп профессор көз айнегин оңдоп папкасынан бир кагаздын бурчунда жазгылгын «Элдик дары чөптөр» деген теманы берди.

— Сиз эми Алтымышев жайында каникулда жайлоолорго барып, андагы дары чөптөрдү изилдешиңиз керек, — деди.

Албетте бул Арстанбек үчүн күтүлбөгөн кубаныч болгону менен өтө чоң эмгекти талап кыла турган иш. Арстанбек сабактан чыгып дароо эле китепкананы көздөй жөнөдү. Отуруп алып дары чөптөр жөнүндө адабияттарды окуп жатса, далысынан бирөө тарткылайт. Караса өзүнүн алысыраак байкелери экен. Арстанбек ордунан тура калып учурашып калды.

— Арстаке, сен биздин балдардай болбой айылда чоңоюп калбадыңбы. Бүгүн үйгө конок келет эле. Менин балдарымды билесиң мал соө алышпайт. Сен мени менен жүрчү үйгө барып коюмду союп берчи,-деди.

Улуулардын сөзүн эки кылбаган Арстанбек дароо макул болуп, ошол байкесинин үйүнө барды. Барса ал кишинин үйү кирсе чыккыс. Небир шумдук килемдер, эмеректер, идишаяктар көздүн жоосун алат. Мындай үйдү көрбөгөн Арстанбек таң кала түшкөнү өз келгенсип,бир аз сүрдөп да кетти. Эки күндөн бери жалаң гана суу менен жүргөн неме үстөлдүн үстүндө жайнап турган даамдуу тамак-ашты көрүп, көзү өтүп турса дагы сыр алдырган жок. Байкеси бакылдап аркасынан кирип келип:

— Жүр, мен сага жумушуңду көргөзүп берейин,-деп аны эшикке алып чыгып, короодо маарап турган койду көргөзүп:

— Мына бул койду союш керек. Сен соө бер, мен аңгыча үйгө кирип чай ичип алайын. Жумушта жүрүп ачка болуп кеттим, — деп Арстанбекке койду көргөзүп, чара, бычагын берип коюп өзү үйүнө кирип кетти.

Жанагы киши айткандай эле өзү айылда өскөн Арстанбек койду тез эле союп бүтүп, курсагы ачып кесерип турган неме үйгө кирип:

— айке, койду союп бүттүм,-деди.

Үстү башы бир аз кир болуп калган Арстанбекти көргөн жеңеси Зуура чоочуп кетип:

— Ой, үстүңдүн баары кир экен үйгө кирбе булгайсың,-деди.

Мындайды күтпөгөн Арстанбек өзүн ыңгайсыз сезип, үстү башын күбүмүш этип босогодо туруп калды.

Тигил агасы эшикке чыгып, союлган койду көрүп кубанып, кайра үйгө кирип Арстанбекти карап:

— О-о-ой Арстанбек, сен азамат турбайсыңбы?-деп аны далысынан чапкылап, рахмат сага, иним. Китепканаңа барып окууңду окуй бер калганын өзүм эле кылам,—  деди.

Чындыгында Арстанбек негедир ушул койдун шорпосун ичкиси келген. Бирок минтип китепканага барып окууңду окуй бер деп агасы бир чыны чай да бербей, жолго салат деп ойлогон эмес. Ошентип Арстанбек экинчи күнү дагы ачка калды.Бул эми Арстанбек үчүн өмүр бою унутулгус сабак болуп калгансыды. Жолдо ачкалыгынан башы айланып, көзү караңгылап бара жатып, ал ичинен мен кийин окуумду бүткөндө бир студентти дагы үйдөн чай бермейин жибербейм деп өзүнө өзү сөз берип бара жатты.

Жайында үчүнчү курсту бүтүп, Арстанбек Кеминге ата –энесиникине аттанды. Кеминге аттанганынын себеби, Алтымыш быйыл жайында үй— бүлөсү менен өз айылы Карабулакка көчүп келишкен. Бул жылы Арстанбек жылдагыдай чачтарач, өтүкчү же болбосо тигүүчү болмок түгүл, үйдөн ата-энесине жардам бергенге дагы убактысы жетпей профессордун берген тапшырмасын аткарып, жайлоолорду кыдырып, дары чөптөрдү изилдеп, ал тургай өзүнүн туугандары элдик дарыгер— Соодалыдан көп кеңештерди угуп, каникул бүткөнчө илимий изилдөө иштери менен жүрүп, жайдын кандай өтүп кеткендигин да байкабай күз келгенде кайрадан окуусуна барды. Арадан бир ай өтүп өтпөй Арстанбек профессор айтканындай эле студенттик кружокто «Элдик дары чөптөр» деген темада өзүнүн алгачкы илимий докладын окуп жатып ал көз алдына бир кезде атына учкаштырып алып, кээде арык жээктеп, кээде тоо аралап жүрүп ага көптөгөн дары чөптөрдүн касиеттерин үйрөткөн билими жок бирок тубаса дарыгер Токтоматты көз алдына бир элестетип алды. Бул доклад окумуштуулар, мугалимдер тарабынан абдан жогору бааланып, бүгүнкү күн, бүгүнкү доклад болочок академиктин алгачкы өтө чоң жетишкендиги болгону аз келгенсип, көпчүлүктүн колдоосу ага күчкубат берип, билимге, илимге болгон алгачкы кадамын тездеткенсиди.

Шурудай тизилген студенттик бактылуу күндөр биринин артынан бири тизилип, өтүп жатканы менен Арстанбек анын ар бир күнүн текке кетирбей, ар бир лекцияны берилип угуп, конспектилеп, практикалык сабактарга өтө активдүү катышып жүрдү.

Бүгүн эшикте күн өзгөчө ысык. Арстанбек негедир адамды акактаткан жайдын ысыгын деле тоготкон жок, себеби анын бүгүн артыкчылык диплом ала турган күнү болгондуктан, жүрөгү элеп— желеп. Саат жебеси зуулдап сызып отуруп анын диплом алчу маалы дагы болуп калды. Залга кирип барса зал ичи жыкжыйма киши. Залдан президиумда отурган, ага бир кезде алгачкы ирет илимий доклад жазып келүүгө тапшырма берген профессор Арстанбекти көрө коюп эле отурган ордунан туруп, анын алдынан чыкты.

Профессордон мындайды күтпөгөн Арстанбек таң кала түшүп, ал дагы анын астынан шаша басып тосуп чыгып адатынча күлүп— жайнап:

— Саламатсызбы, агай,— деп жайдары учурашты.

— Саламатчылык. Сага айтчу сөзүм бар эле. Дипломуңду алгандан кийин менин кабинетиме кирип кетчи,— деди.

Дипломдорду тапшыруу аземи аяктагандан кийин көптөн күткөн кызыл дипломун колуна алып, Арстанбек профессордун кабинетине барды. Барса, профессор кабинеттин төр жагындагы өзүнүн үстөлүндө эмес, терезе жакта турган диванда аны күтүп отуруптур. Окумуштуу Арстанбекти көрөөр замат ордунан тура калып:

— Кел, кечеги студент, бүгүнкү кесиптеш. Дипломуң кут болсун. Медициналык институтту артыкчылык диплому менен аякташ оңой эмес. Идирегиң бар экен,— деди.

— Рахмат, агай, рахмат, -деп Арстанбек жайдары гана жооп берди.

— Эмне ичесиң?

Арстанбек профессордун бул сөзүнө түшүнбөй калып:

— Эмне дейсиз? -деп аны суроолуу карады.

— Эмне ичесиң дейм. Аракпы же конңякпы.

Арстанбек унчукпай жер карады.

— Алтымышев, балам, сен уялба. Себеби сен бүгүнтөн баштап, менин студентим эмес кесиптешимсиң. Чыныңды айтчы, студенттик күндөрүңдө ичип жүрдүң беле?— деп жаш врачты суроолуу карады.

Калп айтканды билбеген Арстанбек:

— Ооба, кез-кезде, -деди.

— Эң жакшы, кел, анда элүү граммдан экөөбүз конңяк ичели, -деп ары жакта турган өзүнүн үстөлүнүн шкафынан бир шише алып чыгып, эки стаканга куйуп, өзү сөз сүйлөп, Арстанбектин алган артыкчылык диплому менен куттуктады.

Экөө бир топко баарлашып отурушкандан кийин профессор:

— Алтымышев, атыңды унутуп калбадымбы кечирип кой, атың ким эле? -деди.

— Арстанбек.

— Ообо, ооба Арстанбек. Арстанбек, биздин институттан Москвага бир аспирант жөнөтүш керек болуп жатат. Эгер макул болсоң мен сенин кандидатураңды көргөзөйүн дегем.

Илимге ашыгып жүргөн Арстанбек дароо макулдугун берип, арадан үч төрт ай өтпөй эле ал Кыргыз медициналык институтунун жолдомосу менен Москва шаарына кетмей болду. Профессор бүгүн Арстанбекти кайра чакырып, анын Москвага кетерине он беш гана күн калгандыгын айтты.

 

******

Кеч күз. Муздак майда жамгыр жаап жатат. Колуна чемоданын кармаган Арстанбек, Москва экинчи медициналык институтунун кире беришинде турду. Заңгыраган институттун имаратын карап туруп институттан бир аз сүрдөгөнсүп да кетип, жонунан ылдый куюлган жамгырдын суусун эми гана байкагансыган Арстанбек чөнтөгүнөн жүзарчысын алып бети— башын сүртүп, бир аз демин басканга аракет кылды. Анын мынчалык тынчсыздаганынын себеби, бүгүнкү күн анын академик Скворцов менен жолугуша турган күнү эле. Арстанбектин академик Скворцов жөнүндө буга чейин көп укканы менен ал кишини турмуштан көрө элек. Студент кезинде ошол академик Скворцовдун жазган «Формокология курсу» деген окуу китебин көбүрөөк пайдаланып, «Элдик дары чөптөр» деген илимий темада өзүнүн алгачкы докладын жазган.

Арстанбек бир аз демин басып анан экинчи кабатка көтөрүлүп, Скворцовдун кабинетин көздөй жөнөдү. Мындай чоң имараттан бир топко чейин адашып жүрүп, ал окумуштуунун кабинетин араң тапты. Жанатан бери Скворцовду көрүүгө куштар болуп келе жаткан Арстанбек бет маңдайындагы күрөң эшикте кадалып турган академик Владислав Иринархович Скворцов деген жазууну көрүп дагы бир ирет сүрдөй түштү. Эшикти ачып жатып негедир денеси дүркүрөп, кадамы басаңдагансыды. Өзүн өзү алаксытып, кабинетке араң кирди. Төр жакта отурган, ак халат кийген академик аны көрө коюп, ордунан туруп, Арстанбекти көздөй жай басып келип аны менен эски таанышындай учурашып, абдан жылуу кабыл алгандан кийин гана ал бир аз эс ала түшкөнсүдү.

Алтымышев менен академик Скворцов бири бирине күндөн күнгө жакын боло башташты. Ошентип арадан эки айга жакын убакыт да өтүп кетти. Бир күнү Скворцов Арстанбекти үйүнө чакырып, аны креслого отургузуп:

— Арстанбек, экөөбүз эми сиздин кандидаттык диссертацияңыздын темасын ойлонолу. Сиздин кыргызстандан келген мүнөздөмөңүзгө караганда сиз, дары чөптөргө кызыгат экенсиң. Бул албетте, азыркы кезде өтө актуалдуу маселе. Менин оюмча сиз ошол өзүңүз кызыккан дары чөптөр менен иштешиңиз керек. Каршы эмессизби?— деди.

— Жок

— Эң жакшы. Анда сиз Михаил Давыдович Машковко барыңыз. Мен ал кишиге сиз жөнүндө толук маалымат бергем. Барып ал киши менен акылдашыңыз. Мен сизге ийгилик каалайм, -деди.

Илимге өтө терең көз караш менен караган Арстанбек эртеси күнү эле Машковко барды. Машков экөө бир топ баарлашып отургандан кийин Михаил Давыдович Кыргызстандан келген жаш врач Алтымышевге «Штеринбергия өсүмдүктөрүнүн фармокологиялык негиздери» деген темада илимий изилдөө ишин жүргүзүүнү сунуш кылып:

— Сиз бул тема менен иштегиңиз келеби? Тема жактыбы?-деди.

Арстанбек бир аз ойлонуп туруп анан:

— Жакты, — деп жооп берди.

 

******
Бүгүн Михаил Давыдович Машков кафедрага келип Арстанбекти таппай калды. Ал Арстанбектин жакын жолдош балдарынын бири болуп калган Михаил Меркуловго барып:

— Үч күндөн бери Алтымышевди таба албайм. Сиз билбейсизби анын кайда экендигин?— деп сурап калды.

— Мен дагы көрө элекмин,-деп Меркулов ийинин куушурду.

— Кызык,-деп Машков көп түшүнө албай туруп калды. Ал Арстанбектин сөзсүз бир иш менен жүргөндүгүн билип эле турса дагы негедир азыр ушул кезде өзүнүн таланттуу аспиранты кандай иш менен алек болуп жүргөндүгүн билгиси келип Меркуловко:

— Болду болбоду ал азыр ушул кезде китепканалардын биринде отурат болушу керек,— деп көз айнегин оңдоп басып кетти.

Меркулов досун көргүсү келип эринбей ал барчу китепканаларды кыдырып жөнөдү. Биринчи эле Восстания аянтында жайгашкан Борбордук медициналык китепканагына барып таба албай чыкты. Себеби, Арстанбек ал жерден мындан бир эки саат мурдарак чыгып кеткен эле. Ал андан чыгып түз эле Ленин китепканасына барды. Барса, Арстанбек алдына додо кылып түркүн китептерди жыйып алып, башын көтөрө албай отурган экен. Меркулов дабыш чыгарбай акырын басып Арстанбектин жанына келди. Ушунчалык берилип китеп окуп отурган жаш окумуштуу анын келгенин көрмөк тургай байкаган да жок. Анткени ал ушул кезде Байыркы Грек тарыхчысы Ксенофонттун жазгандары тууралуу окуп жаткан эле. Анын окуп жаткан макаласына кызыгып, Меркулов анын аркасына туруп окуй баштагандан кийин гана ал анын келгендигин байкаган Арстанбек:

— Карасаң Михаил бул жерде Ксенофонттун биздин эрага чейин 400чү жылдарда грек аскерлеринин Абхазия (Кавказ) аркылуу өткөндүгү тууралуу айткандары жазылыптыр, -деди.

Макалага кызыгып турган Меркулов:

— Окусаң,-деп кесиптешин шаштырды.

Арстанбек китепти колуна алып окуй баштады: « Жапайы аарынын уюгу ал жерде өтө көп эле. Ал жапайы аарылардын балын жеген бардык жоокерлер эс учун жоготуп, кусуп, ичтери өтөт; алардын бири дагы өз буттарына өзүлөрү тура албай калышкан. Балдан аз жегендери өзүлөрүн мас кишидей сезишкен, көп жегендери жинди болгон немедей болуп жиндарышкан. Ошол көп жегендердин кай бири өлүм алдына чейин барышып чала өлүк болуп, сыз жерге жатып калышкан. Бирок тилекке жараша алардын бири дагы каза таппай, үч төрт күндөн кийин гана бир аз эс алганы менен дагы эле өзүлөрүнө толук келе алышпай турушту……..» Арстанбек бул китептен көзүн ала албай көпкө окуп анан Михаилди карап:

— Демек, грек жоокерлери балдан ууланышкан экен. Бирок мен бир нерсеге түшүнө албай турам балдан кантип ууланса болот?….

Михаил күлүп жиберип:
— Ошондуктан жүр Арстанбек, дүкөндөн барып бал сатып алып, үйдөн чай ичели. Бирок Арстанбек сен бул балды ойлонушуң керек экен байкадыңбы? Эгер ошол кезде эле балдын сырын чечкен адам болгондо албетте эч ким ууланбайт эле. Балды көп жеп алса ууланыш тез эле экенда,-деп Михаил кайра күлүп Арстанбекти карап:

— Керек болсо сенин таякең айтып берген Шамааран дагы жардам бере албай калат окшойт, — деп экөө каткырып күлүп калышты.

 

*****

Быйыл Арстанбектин аспирантурага өткөрдүгүнө эки жылга жакындап калды. Бир күнү Машков Арстанбекке:

— Арстанбек Алыбаевич, сиз бардык талаптарга мөөнөтүнөн мурда жооп бердиңиз. Кандидаттык минимумдарыңыздын барын өз убагында тапшырдыңыз. Сиз жазган илимий иштериңиздин саны дагы толук болду. Эми диссертацияңызды жазууга киришиңиз,-деди.

Илимий жетекчисинин бул сунушу Арстанбекке дароо жакты. Анын эми мурдагыдан дагы илимге болгон кызыгуусу артылып, башта кечке чейин лабораторияда болсо эми кээ күндөрү ошол жерде түнөп да калчу болду.

Бүгүн дагы түнү менен кафедранын лабораториясында тажрыйба жүргүзүп жатып, үстөлдүн үстүнөн Советтер Союзунун картасын таап алып, Фрунзе деген жеринен көзүн ала албай туруп калды. Көз алдына ата— энеси, инилери, Токтомат таякеси, туугандары, достору, асман тиреген Алатоо, туптунук кашкайып аккан Кеминдин суусу, топ-топ болуп өскөн чычырканактар элестеп, кулагына эртели кеч сайраган таранчылардын үнү угулгансыды. Арстанбек картаны кармаган бойдон лабораториянын терезесине барып, Кыргызстан тарапты карап көпкө турду. Албетте, Арстанбек Москвага кадимкидей көнүп калган, ал тургай бул шаар ага өзгөчө бир касиети бардай сезилип, болочок академик кереметтүү Москвага байланып да калгансыган. Себеби, ал бул шаардан кандай гана досторду күткөн жок. Кандай гана улуу окумуштуулар, кандай гана кызыктуу илимий иштер менен таанышкан жок. Бирок ал канчалык Москваны жакшы көрбөсүн, канчалык Москвага ыразы болбосун, канчалык бул кереметтүүлүгү менен көз жоосун алчу шаарга суктанбасын бары бир киндик каны тамган жерин 
сагынып, ушул кезде канаты болсо бардыгына кайыл болуп, ак мөңгүлүү Алатоону көздөй учуп кеткиси келди. Айла канча илимий иш бул өтө кызыктуу, өтө жоопкерчиликтүү болгондуктан жаш окумуштуунун ойлогон оюн, кыстаган турмуш жеңгенсиди. Арстанбек бир топко чейин терезеде туруп анан кайрадан өз ишин улантууга киришти.

Арадан бир ай өтүп өтпөй Арстанбек өзүнүн кандидаттык диссертациясын илимий жетекчиси Машковко алып келди.

Машков Алтымышевдин диссертациясын ушунчалык тез аранын ичинде баштан аяк толук жазып бүтүп, ал тургай анын иши аттестациялык комияссинын бардык талабына жооп бергендигине таң калып, аспирантынын жазганына кызыгып, күн— түн баш көтөрбөй окуп чыгып бир кынтык таба албаган Машков көп узабай эле Арстанбекке:

— Мен сиздин ишиңизди толук карап чыктым, абдан сабаттуу жазылган иш экен,— деп диссертацияны Арстанбектин колуна салтанат менен тапшырбаса дагы абдан шаңдуу, көңүлдүү тапшырды.

Эртеси Арстанбек Москвага келгени бир чети өзүнүн эң жакын кишиси,мугалими, досу, сырдашы, кесиптеши болуп калган академик Скворцовго кезигип илимий жетекчисинин кандидаттык диссертациясын жактыргандыгын айтты.

— Демек, анда сиз жакында жакташыңыз керек экен да.

— Ооба.

— Жакташ керек, Арстанбек. Сиз өтө көп иштедиңиз. Өтө көп издендиңиз. Эми ошол эмгегиңизди көмүзкөдө калтырбай, илимге кандай жаңылык киргизгендигиңизди далилдеп чыгышыңыз керек, -деди.

Ишин колуна алгандан кийин Арстанбек көп узабай эле илимий ишин ийгиликтүү жактап, ага медицина илимдеринин кандидаты деген окумуштуулук наам ыйгарылды. Бул албетте, Арстанбек үчүн өтө чоң жетишкендик болду.

Бүгүн Арстанбек дипломун колуна алып академик Скворцовго келди. Скворцов анын дипломун алып шашпай окуп чыгып анан:

— Эң жакшы. Мына эми сиз окумуштуу болдуңуз. Бул сиздин илимге болгон биринчи кадамыңыз. Анан, Арстанбек сизден бир өтүнүч, деп жаш окумуштууну карады.

Арстанбекда Скворцовду карап калды.

— Кандидаттыгыңызды абдан ийгиликтүү жактап, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө, сый-урматына ээ болдуңуз. Эми илим деген эч качан бүтпөйт. Өзгөчө сиздей таланттуу эмгекчил, илимге өтө берилген жаштарга илимдин кандидаты болуш менимче өтө эле аздык кылат, ишиңизди улантыңыз. Өзүңүздүн улантайын деген оюңуз барбы?

— Албетте, — деп Арстанбек шар жооп берди.

— Жакшы, — деп Скворцов Арстанбектин бул жообуна ынангансып: — Арстанбек дипломуңузду колуңузга алыптырсыз, илимдин кандидаты болдуңуз, эми ушул жерге эле иштеп калбайсызбы?— деди.

Арстанбек бир аз ойлонуп туруп анан:

— Жок, Фрунзеге эле барайын, -деди.

— Ойлонуп көрбөйсүзбү?

— Ойлонгондо деле ошол эле болот го.

Ошентип Арстанбек өз мекени Кыргызстанга кайтууну чечти.

Арстанбектин жактаган илимий иши өтө актуалдуу болгондуктан аны Самаркандга, Смоленскиге жана башка шаарларга чакырышты бирок, өз мекенин сүйгөн Арстанбек Фрунзеден келчү чакырыкты күтө берди. Арадан бир айга жакын убакыт өттү, бирок Фрунзеден эч бир чакырык келбегендиктен ал өзү Кыргызстанга телефон чалып көрсө, Кыргыз медициналык институтунда ага орун жок экен. Арстанбек бир топ ойлонуп жүрүп анан бары бир орун болбосо дагы өз мекенине кайтты. Келсе чын эле өзү аяктаган жогорку окуу жайында анын билимине шайкеш келген орун жок болгондугуна байланыштуу ал араңдан зорго. фармакология кафедрасына ассистенттин милдетин аткаруучу болуп ишке киришке туура келди. Арстанбек үчүн азыр ушул кезде ээлеген кызматы эмес анын иштеген иши негизги орунда эле. Себеби, ал неси болсо дагы өз эли үчүн кызмат кылгысы келген. Бул жерден ал бир жарым жылдын ичинде он эки илимий иш жазды. Албетте алардын төртөө бала кезиндеги өзүнүн таякеси Токтомат экөө терип жүргөн чөптөр: койчу баштык, бака жалбырак, жалбыз, адрашман жөнүндө эле.

Бул илимий иштери жарыкка чыгып, Арстанбек эки, үч жумадан кийин дем алыш күндөрү Кочкорго барып, ал иштерин таякеси Токтоматка көргөзүп келгени камданып жатканда, ага күтүлбөгөн жерден Токтоматтын каза болгондугу тууралуу суук кабар келди. Бул күтүүсүз жерден келген суук кабардан кийин Арстанбек бардык ишин токтотуп коюп, таякесин акыркы сапарга узатып, ага топурак салуу максатында Кочкорду көздөй жөнөдү.


 
    (Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текстти сүрөттөрү менен кошо Word форматында көчүрүлсүн, 1034 Kb

 

© Эшимкулова Г.Ф., 2006. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6265