Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© Иван Бунин
© Кыргыз тилине которгон Б. Шаматов, 2020. Бардык укуктар корголгон
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2022-жылдын 20-майы

Бахтияр ШАМАТОВ

Сан-Францисколук мырза

 

(Аңгеме)

 

Сан-Францисколук мырза — анын ысмы Неаполдо да, Каприде да эч кимдин эсинде калбаптыр — аялы, кызы менен Эски Дүйнөгө (Европа Азия, Африка — Б.Ш.) эки жылга саякаттап кетип баратты, максаты бир гана көңүл ачып, шапар тээп келүү эле. Анда бардык жагынан алганда көңүл кушун көкөлөткөн эс алууга, жан жыргаткан ыракатка, сейил сапарга толук акылуумун деген ишеним бекем эле. Мунун жөнү бар болчу, биринчиден, ал эми бай адам эле, экинчиден, жаш курагы элүү сегизге келгенине карабай, камы жок бейпил жашоого эми гана киришип жаткан чагы болчу. Кыйла оокат жайлуу деген менен буга чейинки жашоосу жөн гана күн көрмөй болуп келди, бирок ошентсе да келечектен түк үмүтүн үзгөн эмес. Ал тынымсыз иштечү – мунун кандай экенин ал жумушка жалдап келип турчу миңдеген кытайлар жакшы билишет! — анан эле бир күнү караса тоону томкоргондой эле иштерди жасап салыптыр, ошентип жүрүп өзү бир кезде өрнөк туткандардын даражасына дээрлик теңешип калган экен, андыктан эс алайын деп чечти. Ал катарына кошулган адамдар жыргал жашоонун лаззатын Европага, Индияга, Египтке саякаттап келүүдөн баштаганды адатка айлантышкан эле. Бул да ошентмек болду. Арийне, муну менен ал биринчи кезекте узак жылдардан бери бели бүгүлбөй тоңкочук атып иштеген эмгеги үчүн өзүн өзү сыйлап, чери жазыла эс алмакчы, бирок ага кошо кызы менен аялын да кубантып коюуну туура көрдү. Анын аялы өзгөчө сезимталдыгы менен айырмаланган ургаачы болбосо да бардык улгайган америкалык байбичелер сыяктуу эле саякаттаганды жанынан артык көрчү. Ал эми күлгүн курагы да өтүп бараткан, анүстүнө анча-мынча сыркоолоп да жүргөн кызына мындай саякат табылгыс нерсе эле: бул анын ден соолугуна канчалык пайдалуу экенин айтпаган күндө да, ким билет, саякат учурунда балким анын бактысын ачып жиберер кандайдыр бир жышааналуу жолугушуу болуп калгысы да бардыр? Андай бат эле да, кээде үстөлдөгү журналдарды барактап отурасың, бир маалда карай салсаң эле жаныңда кычыраган миллиардер отурган болот. Саякаттын багытын Сан-Францисколук мырза абдан кенен кылып түзгөн эле. Декабрь, январда ал Түштүк Италиянын мээримдүү күнүнө магдырап, байыркы эстеликтерге, тарантелла бийине, тентиген дейди ырчылардын серенадасына ырахаттанып, анан да анын курагындагы адамдар өзгөчө кылдаттык менен сезген – бекер болбосо да неополитандык жаш кыздардын сүйүүсүнөн татып көргөнгө куштар эле; карнавалды болсо Ниццеде, Монте-Карлодо өткөрмөк, анткени ошол тапта ал жакка коомдун каймактары чогулат да баш оту менен машине, парус жарыштырмайга кирип кетишет, бир даары болсо рулетка ойнуна, башкалары утурумдук сүйүүлөргө ыктаса, дагы бирөөлөрү көгүчкөн атканга куштарланат; баарынан да көгүчкөндөрдүн көлбүгөн деңиз түспөл жыбыраган көк гүлдөрдүн фонунда жапжашыл майсаңдагы бактардын арасынан бапырап учуп чыкканы эми бир ажайып кооз дейсиң, анан эле ок тийгендери апакай томолок таш сыңары топулдап кулап атканы. Марттын башында Флоренцияга бир тийип, андан ары Miserere (жаратканга жалбаруу ыры -Б.Ш.) угуу үчүн кудайы пейил Римге бармак ою бар; анын планында Венеция да, Париж да, Севильядагы бука уруштарын көрүү бар эле, англиянын аралдарында сууга түшүп, кайтаар жолдо Афинага, Константинополго, Палестинага жана Мисирге, алтургай Японияга да кайрыла кетмек... Адегенде баары ойдогудай башталды. Ноябрдын этеги болчу, тээ Гибралтарга чейин бирде суу кардын уйгу-туйгу борошосунда, бирде муз мунарыктын арасында болсо да бирок аман-эсен сүзүп барышты. Быкылдаган жүргүнчү көп, пароход — атагы таш жарган «Атлантидада» — бардык ыңгайлуулуктары белен килейген отелге окшош эле, — түнкү бары, чыгыш мончолору, алтургай, өзүнүн гезити да бар, — жашоо бир калыпта агып атты: элдин баары салмактуу толкуган оор бозомук -жашыл тумандуу суу үстүнөн кунарсыз жарык үрүл-бүрүл көз жара баштаганда коридорлорду башына көтөргөн кескин добуштардан улам таң заардан эле ойгонуп алат; жумшак бакта пижамаларын жамынып алышып, кофе, шоколад, какао ичип киришет; анан ваннага отурушат, маанай көтөрүп, тамакка табит ойготуш үчүн гимнастика жасап киришет, жуунуп таранып алган соң эртең мененки биринчи тамакка жөнөшөт; анан саат он бирге чейин океандын муздак таза абасынан кере-кере дем алып коюп палубада ары -бери баса сейилдеш керек болот же тамакка ыштааны ойгото турган шеффльборд жана башка оюндарды ойноо керек; саат он бирде болсо – бутерброддон жеп, сорпо ичип шам-шум этип алышат да жайбаракат гезит окуп коюп экинчи тамакты күтүшөт, ал кыйла аш болумдуу да, түрү да көп; андан кийинки эки саат кайра эле эс алмай; палубалардын баарына жайнаган узун камыш креслолор коюлган, анда жеңил шалчаны жамынган жүргүнчүлөр буттарын суна жатып алышып, булуттуу асманды же борт сыртынан шарпылдаган толкундун көбүктүү дөбөчөлөрүн карап коюп магдырай үргүдүлөп жата беришет; сааттын жебеси бешти көздөй кыңайганда абдан сергип, маанайы көтөрүлүп калган немелер татуу печени менен жыты буркураган коюу демделген чай ичишет; сонундун баары саат жетиге жеткенде башталат, туш-тушка шаңдуу добуштар тарап, сейил саякаттын туу чокусу болуп эсептелген шаң-шөкөттүн башталаары кабар кылынат... Так ушул учурда Сан-Францисколук мырза кийингени өзүнүн бай каютасына жөнөйт... Көзгө сайгыс караңгы кечтерде «Атлантиданын» кабаттары жыбыраган сансыз оттуу көздөрү менен алыстан жаркырап көрүнөт, ашканада, идиш-аяк жууган жерде жана кеме түбүндөгү түркүн шарап сакталган жертөлөдө иштеп жаткандарга сан жетпейт. Дубалдын арт жагындагы чайпалган оор океан үрөй учургудай эле, бирок аны элес алган да, ойлогон да жан жок, анткени мындагы элдин баары анын качан караба, уйкусурап жүргөндөй көрүнгөн, алпамыштай алп, салмактуу, алтын белгилер бастыра тигилген мундирин кийгенде заңкайган моло таштай көрүнгөн, өзүнүн сырдуу бөлмөсүнөн эл көзүнө сейрек чыкчу корабль капитаны — сары кишинин бийлигине баш иерине бөркүндөй ишенчү;  кеменин тумшук жагындагы мамыга бекитилген сирена жаагы басылбай тынымсыз чарылдаганы менен анын маанай чөгөргөн ачуу, жагымсыз доошун тамакка келгендердин баары эле уга бербейт, анткени аны кош жарыктуу, шаңы дуулдаган, фрак, смокинг кийген эркектер менен төшү ачык айымдар, сымбаты келишкен малайлар менен сылык сыпаа кызматчылар толгон кенен залда уккулуктуу, тынымсыз ойногон мыкты кыл оркестрдин үнү басып кетип жатты; баса, кызматчылардын ичинен шарапка буйрутма кабыл алып жаткандардын бирөөсү тимеле лорд-мэрдей болуп мойнуна колтойгон чынжыр да илип алыптыр.

Смокинг менен крахмалданган ич кийим Сан-Францисколук мырзаны кыйла жаш көрсөтүп турду. Катымал, бастек бой, келбети көрксүз бирок денеси чымыр мырза бул жаркыраган жайдын алтын-көөхардай кубулган жарыгында бир шише шарап, жука айнек бокалчалар коюлган үстөлдө отурду, маңдайында болсо гианцинт гүлүнүн тармал букети бажыраят. Анын кыска тарашталган муруту бар саргарган жүзү моңгол түспөлдөш эле, оозундагы арсак-терсек тиштеринин алтын пломбусу жылтылдайт, бекем отурган кашка башы болсо пилдин эски сөөгүндөй агарат. Абдан кымбат бирок жаш курагына ылайыктуу кийинген келбеттүү, туурасы жайылган аялы салабаттуу да, токтоо да эле, узун бойлуу, арыкчырай, фиалканын атыр жыты уруп турган кулпурган чачын асемдеп таранган, эриндеринде жана бир аз пудраланган далыларынын ортосу сиркектенген назик мала кызыл ысык ташкан кызы болсо өтө адеми, бирок жеңил-желпи, айып таккыстай ачык кийинип алыптыр.

Түшкү тамак бир сааттан ашуун созулду, андан кийин бал залында бий башталды, жашыраактар бийлеп жатканда эркектер, анын ичинде Сан-Францисколук мырза да буттарын учкаштыра отуруп алып көкүрөгүндөгү боркоктору чала аарчылган жумурткадай бажырайган кызыл кемселчен негрлер тейлеп жүргөн барда отуруп алып гаваналык сигаралардан бурулдата тартып, беттери албырып кеткичекти ликер ууртап отурушту. Дубал артында күүлдөгөн океан капкара тоодой болуп чайпалып атты, алай -дүлөй түшкөн бурганак оор шаймандардын ар кайсы көзөнөктөрүнөн уңулдай ышкырып турду, аны менен кошо өзүнөн өзү кайнап, көбүктүү куйруктары менен өйдө атылып жаткан тоодой, бирок борпоң толкундарга туруштук берип, аларды соко менен жирегенсип бөлө тарамдап жаткан пароходдун тула бою титиреп жатты, — туманга өлөөрчө тумчуккан сиренанын доошу басылбай дагы эле чыңырып жатканы, сөөк какшаткан суука тоңуп, чексиз чыңалуудан жинди болуп кете жаздачудай шайы оогон вахтачылар өз мунараларында серейет, пароходдун тозоктун оту куйкалагандай ысык, сууга батып турган капкара түнөрүңкү курсагы ошо тозоктун акыркы тогузунчу айлампасына окшошуп турду – ал жакта чоктой ысык ооздору менен көмүрдүн тоодой үймөктөрүн тынымсыз жалмап аткан ченемсиз чоң мештер күүлдөп, аларга алоодон беттери каракөк болуп тотуккан, көз ачыштырган ачуу, ыпылас кара терге чөмүлгөн жарым жылаңач адамдар тыным албай тарсылдата көмүр ыргытып жатышты; өйдө жактагы барда болсо сөөлөттүү мырзалар буттарын креслолордун кырларына жайбаракат арта таштап коюп, коньяк менен ликердон шыңгыта, ширин жыттуу түтүндүн толкундарында каалгып отурушту, ал эми бий залында бары жоктун баары жаркырап күйүп, шаттык менен жанды көшүлткөн жылуулук тартуулап турат, кошоктошкон жуптар бирде вальска чимирилсе, бирде ийиле буралып танго бийлеп жатышты — жан жыргаткан уят-сыйытсыз муңканган музыка болсо адамдарды болбой эле баягы эле ышкылуу сезимдерге түртүп, дене бойду козгоп жатканы... Бул жаркыраган топтун арасында эски модадагы фракчан, жылма кырынган узун бойлуу кайсы бир даңкы чыккан байбача, атактуу испан жазуучусу, ааламга таанымал бир сулуу айым, анан элдин баары тамшанып көз албай суктана караган, өзүлөрүнүн бактысына жетине албаган ашыктардын жубу бар эле: ушуларды эми карап гана отургуң келет, жигит сүйгөнү менен гана бийлеп жатты, алар бирине бири ушунчалык жарашып, бийлегендери да көргөн көздү суктандырчудай керемет эле, бирок булар пароходдун кожоюну Ллойд тарабынан ашыктарды ойнош үчүн оңой эмес акчага атайын жалданган, улам бир кеме которуп эчактан бери эле сүзүп жүрүшкөн жасалма жуп немелер экенин кеменин капитаны гана билчү.

Гибралтарга жеткенде чайыттай ачык күн адамдардын маанайын көкөлөттү, ала-шалбырт эрте жазга окшош маал эле; «Атлантиданын» бортунда элдин баарын кызыктарган жаңы жүргүнчү пайда болду, — ал кайсы бир азиаттык мамлекеттин өзүн эч кимге билгизбей купуя саясаттап жүргөн мураскор канзаадасы имиш, мындай карасаң көзгө комсоо эле бир киши, бою корто, тимеле жыгачтан чапкансып денеси да олдоксон кургактайбы, бети жалпак, жымшык көз, алтын алкактуу көз айнекчен, узун муруту өлгөн кишиники сыяктуу тикесинен чычайып турганы көзгө бир кызыктай көрүнгөнү менен ал негизинен сылык, жупуну карапайым адам экен.

Жер ортолук деңизинде сууга чагылышкан чайыттай ачык асман астында кемени утурлай куюндата учкан трамонтана шамалы ири, павлиндин куйругундай гүлдүү куунак толкундарды көтөрүп атты... Анан экинчи суткада асман бозоро баштап, горизонтту туман басты: жер жакындап, Иския, Капри көрүндү, турнабайдан этектерине чакмак канттай карамтыл бозомук бирдеме чачылгансыган Неаполь даана көрүнүп турду... Айымдар менен мырзалардын көбү жеңил жүн тондорун кийип алышты; эзели үн катпаган, дайыма шыбыраша сүйлөшкөн, кулпурган өрүм кара чачы таманына чейин түшкөн, узун коюу кирпиктери кыздардыкындай төгүлгөн, кыйшык бут малай кытай балдар ылдыйдан жамынчы жууркандарды, кол таяктарды, чамандарды, майда буюмдар салынчу кутуларды алып чыгып атышты... Сан-Францисколук мырзанын кызы палубада канзаада менен турду, аны кечээ кечинде кудай жалгап кокустан кызга тааныштырышкан эле, кыз канзаада бирдемелерди колу менен көрсөтүп басмырт үнү менен түшүндүрүп жаткан алысты карамыш этип жатты; корто бойлуу ханзаада башкалардын арасында баладай көрүнүп турду, анда сымбат келбет дегенден ныпым эч нерсе жок эле, кебетеси да таң калаарлыктай, — көз айнеги бар, башында цилиндр-казанча (шляпанын түрү), үстүндө англис пальто, сейрек мурутунун кылдары аттыкындай, жалпак бетине каратору терини каптап койгондой, анча-мынча лак шыбап да алгандайбы, — бирок кыз аны угумуш эткени менен толкунданганынан анын эмне айтып атканын түшүнгөн да жок; ага карата түшүнүксүз суктануу сезимининен улам түрсүл каккан жүрөгү тимеле кабынан ыргып кетчүдөй дүкүлдөп жатты: ханзаада ага баарынан башкача эле, — колдору кургак, таза терисинин астында байыркы падышанын каны чуркап турат; жадагалса, үстүндөгү тыкан жөнөкөй европалык кийими да суктанарлык бир сезим ойготуп тургансыйт.

Ал эми батиңкесинен өйдө балтырына бозгуч гетра кийип алган Сан-Францисколук мырзанын өзү болсо жанында турган нооча бойлуу, дене мүчөсү келишкен, көздөрү париждик акыркы мода боюнча сурмаланган, колуна кенедей болгон жүнү жыдыган күчүктүн күмүш чынжырын кармап, анысы менен улам сүйлөшүп коюп аткан атактуу сулууну утуру карап коюп туру. Өзүнчө ыңгайсызданган кызы атасынын бул жоругун байкамаксан болууга тырышып атты. Атасы чынында эле мырзалыгынан жазбай жолду ката жоомарттыгын көрсөтүп келатат, ошондуктан аны курсагын тойгузуп, ичирип, эртеден кечке кызматын кылып, оозунан чыкканын бажарып турган, көзүнүн кареги менен тең айланып, анын тынчылыгы менен тазалыгын коргоп, буюмдарын ташып, ага жүк ташуучуларды чакырып берип турган, сандыктарын мейманканага чейин жеткирип келаткандардын камкордугунан түк шек санабайт. Башынан ушундай болуп келатат, сүзүп келатканда да ошол, эми Неаполдо да так ошондой болушу керек. Неаполь болсо улам жакындаган сайын чоңоюп келатты; үйлөмө жез аспаптарын жылтыраткан музыканттар палубага топурашып чыгып алышкан экен, анан эле элдин кулагын тундуруп салтанаттуу маршты ойноп киришти, кызматтык сый формасын кийип алган алп капитан ырайымдуу моло кудайдай өзүнүн ордуна чыкты да жүргүнчүлөргө кол булгалап саламдашып калды. Качан «Атлантида» жээкке жакындай адамдары кыжылдаган көп кабаттуу үйдөй болуп гаванга кирип, жерге түшө турган тепкичтери калдырап баштады эле, — мейманкана атмайлардын бүт ээлери, алардын алтын тасма кыргактуу картузчан жардамчылары, жайнаган соодагерлер, ышкырыкчан балакайлар менен колдоруна түстүү сүрөттөрдү тутамдап алган эңгезердей селсаяктар тыйын-тыпыр иштеп калмакка жээке бут койгон жүргүнчүлөрдү көздөй жапырт бой урду! Биздин мырза болсо ач жылаңач бул шордууларды дымактуу карап коюп, өзүн анан канзааданы күтүп жаткан отелдин машинесин көздөй жөнөдү, ач кенедей жабышкан немелерге бирде англисче, бирде италиянча зиркилдей: Go away! Via!  (тургула ары!) деп коюп баратты.

Неапольдогу жашоо ошол замат эле белгиленген тартиптеги нукка түштү – таң эртең менен — али жарык түшө элек ашканада тамактанмай, төбөдө кабагы бүркөк асман, кире бериштеги гиддердин топураган тобу; анан ырайы ачылып келаткан жылуу, мала кызыл күндүн алгачкы шоолалары жылмаят, бийик асма балкондон этектери жаркыраган таңкы бууга оролгон Везувий, закым боло титиреген акак күмүш түстүү булуң жана горизонттогу Капринин ичке чийими, ылдыйда, жээк бойлой чуркап жүргөндөр, эки дөңгөлөктүү арабага чегилген коделектер жана дүңкүлдөгөн обу жок музыка астында сергек кадам таштап бараткан жоокерчелер көрүнөт; анан — чыгып машинеге түшүп алып бийик, терезеси көп үйлөрдү аралап адамдар кыжылдаган тар, нымдуу көчөлөр менен жайбаракат жөнөмөй, тимеле апакай кар менен жарытылгандай зымылдаган таптаза, жагымдуу, бирок кишини эриктирген музейлерди же муздак, мом жыттанган чиркөөлөрдү көрүп кете бермей; алардын баары эле окшош: оор тери парда менен жабылган кире бериши каадалуу заңкаят, ичинде болсо — өлүмтүк боштук, жымжырт, жети шамдуу жарыктын торчо саймалар менен кооздолгон төрүнө жеткенде өңү кызгылтым тарткан үлдүрөгөн оттору, капкара жыгач отургучтардын арасында темселеп жалгыз жүргөн кемпир, таман астында сыйгаланган жылма табыт карапалар, анан сөзсүз кайсы бир атактуунун тарткан «Айкашка жыгачтан түшүрүү» деген сүрөтү турган болот; саат туура бирде Сан-Мартино тоосунда экинчи нанүштө берилет, түш оой ал жакка эң биринчи сорттогу адамдар арбын чогулуп калат, бир жолу так ошоерде Сан-Францисколук мырзанын кызы аз жерден эсинен танып кала жаздады: ал гезиттен Римде жүрөт деп окуган баягы канзаада көзүнө ушул жерде, залда отургандай көрүнүп кеткен; саат беште — отелдеги абдан жасалгаланган, жумшак килемдер менен жалбырттап күйгөн каминдердин ысык табы уруп турган салондо чай ичилет; андан ары дагы тамакка даярдык көрмөй — кайрадан бүт кабаттарга гонгдун күчтүү, өкүмдар кагылганы угулат да караандары сансыз күзгүлөрдөн кылактаган, ачык төш айымдардын тизмеги жибек көйнөктөрүн шуудурата тепкичтен тепкичке агылып жөнөп берет, адамдарды кайрадан ашкананын меймандос, кенен ачылган эшиктери, эстрададагы кызыл күрмөчөн музыканттар менен шумдуктай чеберчилик менен тарелкаларга коюу мала кызыл сорпону куюп берип аткан метрдотелдин жанында топураган кара малайлардын тобу тосуп алат... Түркүн дүйүм даам дагы жайнап турат, шараптын, минералдык суулардын, татуулардын, мөмө-жемиштин көптүгүнөн баш айланат, мындай тамакка күптү болуп калгычакты ныктап тоюп алгандар ушунчалык дейсиң, тээ түнкү саат он бирде тейлеген кызматчы малайлар улам бир номурду кыдырып, коноктордун ашказандарын ойготуп, жандандыруу үчүн жылуу кайнак суу куюлган каучук мүшөкчөлөрдү таратып чыгышат.

Жаман жери, декабрь ойдогудай болуп бербеди: мейманкана ээлеринин кимиси менен аба ырайы туурасында кеп козгобо, баары эле күнөөлүдөй ийин куушуруп жатышты, алардын күңкүлдөгөнүнө караганда, — муну булар жылда эле кайталап келишсе да, — эзели мындай болбогон имиш, кай жакты караба, бардык жерде эле аба ырайы ушинтип «жинди» болуп аткан имиш: Ривьерада болуп көрбөгөндөй бурганактар менен нөшөр көз ачырбай турса, Афинага кар жаап салыптыр, Этнаны да кар каптап, түңкүсүн гана көрүнөт дешет, Палермодон болсо сууктан сактанган туристтер качып атышкан экен... Эртең менен кылайып чыккан күнгө деле ишенип болбой калды: чак түшкө жеткенде эле асмандын кабагы бозоруп, шыбыргактап жаан жаап келет да барган сайын күчөп, муздап чыгат; ошондо отелдин кире беришиндеги пальмалар кыңылтыр түнүкөдөй жылтырап калат, шаар ыпыластанып, тарып кеткендей, музейлер бири бирине коёндой окшошуп калгандай сезилет, чапандарынын эки өңүрү шамалга канаттай калдактаган резиңке өтүкчөн толмоч мыйтык арабакечтердин сигараларынын сасык жытынан жүрөк айланат, алардын араң баскан, мойну арык өлөсөлүү чобурларга ыкчам опурула камчы салгандары да обу жок жасалмадай көрүнөт, трамвайдын рельсин шыпыра баскан синьорлордун батиңкелерин карачы, ал эми жаан астында чалчыкты чалпылдата баскан жылаңбаш кара чач аялдардын буттары тимеле эргежээлдикиндей; көбүктөнгөн деңиз жээгинен мурунга уруп турган ным менен балыктын саңырсыган жытын айтып да кереги жоктур.

Сан-Францисколук мырза менен байбичесинин күн сайын таң эртенден итиреңдеше чукчуңдашып урушканы көбөйдү; алардын кызы болсо өңү бирде купкуу болуп баш оорудан кыйналып жүрсө, анан эле бир күнү кабагы кайрадан жарк ачылып, теребелге суктанып калат, ошол учурда ал бөтөнчө сулуу жана сүйкүмдүү эле: анын түшүнүксүз бүдөмүк сезимдерин жанагы өңү серт, тенинде башкача асыл баа кан чуркап турган адам менен жолугушуусу удургутуп кеткени андан бетер сонун эле; кыз баланын жан дүйнөсүнө эркектин акчасыбы, атак-даңкыбы же тегинин түптүлүүгү бүлүк салабы, анын деги мааниси канчалык...

Элдин айтымында Соррентодобу же Капридеби, жылуураак, күнөстүүрөөк да имиш, ал жакта лимондор гүлдөп турат дейт, адамдары да сыпайы сылык, шарабы да накта ачытылган дешет. Муну уккан Сан-Францисколук мырзанын бүлөсү болгон сандыктарын жүктөп алып Каприге кетмей болушту, ал жактан Тиверийдин сарайларынын ордунда калган таштардан басышмак, Көгүлтүр Үңкүрдүн жомоктогудай төрлөрүн кыдырып, Рождество майрамынын алдынан бир айдан бери арал кезип, дева Марияны даңктап ырдаган абруциялык чоорчулардын күүлөрүн тыңшашмак да анан Соррентого келип жайгашышмак. Сан-Францисколук бүлөнүн эсинде калган! -  кетер күнү  эртең менен күндүн көзү таптакыр көрүнгөн жок. Оор туман Везувийдин этектерине чейин ныгыра баса каптап, коргошун түспөл деңиздин термелген толкундарынын так үстүндө салаңдап асылып турду. Капри аралы дегеле табийгатта болбогондой дээрлик көрүнбөй калды. Аны көздөй сүзүп бараткан чакан пароходчо улам бир капталына оой катуу чайпалып бараткандыктан Сан-Францисколук бүлө буттарын шалчалар менен ороп алышып, көөнү айлангандыктан көздөрүн чылк жумган бойдон пароходчонун кунарсыз кают-компаниясынын дивандандарында сулк жаткан бойдон баратышты. Өзү ошентип  ойлогонуна караганда миссис байбиче баарынан көп азап тартып жатты: бир нече жолу катуу окшуду, өлүп каламго деген, чылапчынын көтөрө чуркап келген малай аял, — узак жылдардан бери ысыкпы, суук болобу, мындай толкундарда чайпалып жүрө берип көнүп бышып бүткөн да, — сакалдуу айымдын бул абалына күлүп гана жатты. Өңү дакидей кубарып чыккан байбиче болсо лимондун бир үзүмүн оозуна тиштеп алган. Кенен пальточон, башында килейген картузу бар чалкасынан жаткан мырза болсо жетер жеткичекти карышкан жаагын жазбай баратат; бети каракөк тартып, муруттары агарып кеткендей, башынын да зыңылдап ооруганы басылбайт: анткени акыркы күндөрү маанай чөгөргөн аба ырайынан улам кечиндеси көбүрөөк ичип, аңдыганы эле жакын ортодогу бирди жарым сойкуканалар болуп калган эле. Жаан болсо шалдыраган айнектерге чаба жаап атыры, андан ылдый аккан суу дивандарга сарыга таамп жатты, уңулдаган шамал мачталарды кычыратып, түрүлө күүлөнүп келген толкундан улам пароходчону таптакыр эле капталына жантайта оодарып, болгон буюмдун баары калдырап жерге чачылып жатты. Кастелламардагы, Соррентодогу аялдамаларда кыйла жеңил боло калып жатканы менен абал ал жакта да опурталдуу эле, жээк жарлары, бак-шагы, мала кызыл жана ак отелдери, түтүндүү, тармал жашыл тоолору менен кошо терезенин ары жагынан тимеле селкинчек тээп аткансып, бир өйдө, бир төмөн секирет; кайыктар дубалдарга каңк урунуп, муздак ным шамал эшиктерди тытмалап согуп турду, «Royal» мейманкансынын желеги илинген чайпалган баркадан жүргүнчүлөрдү тынымсыз чакырган чулдур тил баланын дегеле жаагы басылсачы. Туура да, ошондо өзүн таптакыр эле абышка сезген Сан-Францисколук мырза италияндыктар деп аталмыш сарымсак жыттанган ачкөз көр пендеделер туурасында жини келип да, маанайы чөгүп да ойлоп кетти; бир жолу аялдамага токтогон учурда ал көзүн ачты да дивандан башын көтөрүп салаңдаган аска астынан так жээктеги көрксүз, кунары качкан, тышы көгөрүп кеткен, бири бирине минишип кайыктардын, чапырак -чүпүрөктөрдүн, темир челектер менен күрөң торлорго аралашып турган бир нече алачыктай үйлөрдү көрдү; бул мырза ыракаттана бир көрсөм деп дегдеп келген чыныгы Италия эле, ошонусун эстеди да ошол замат шаабайы сууй түштү... Анан акыры иңир кирип калганда этектери кызыл оттор менен көзөлгөндөй аралдын калдайган карааны жакындай баштады, шамал бир бастап, жыты да жагымдуураак боло түштү, кыйла жоошуп калган, кара майдай жыбыраган толкундардан пристандын фонарларынан түшкөн алтын түспөл жылаандардай ийрелеңдеген сызыктар тарап жатты. Ошол оокумда калдыраган якорь шалк эте сууга түштү да, туштан туштан чаңыра кыйкырган кайыкчылардын дооштору угулду, ошондо гана баарынын санаасы тынчый түштү, кают -компаниялар ого бетер жапжарык болуп чыкты, адамдардын тамак жегиси, ичкилери, тамеки тарткысы, кыймылдагысы келип турду. Он мүнөттөн кийин Сан-Францисколук мырза катын -баласы менен чоң баркага түштү, он беш мүнөттөн соң жээктеги таштарга бут койду, андан кийин зыңылдаган жапжарык вагончого отуруп алып өйдө көздөй кетишти. Италияда жер жаандан кийин бөтөнчө таттуу жыттанып калат, жадагалса, анын ар бир аралынын да өзгөчө жыты бардай! Капри аралы бул кечте нымдуу жана караңгы эле. Бирок азыр бир мүнөткө жанданып, анча-мынча жеринде жарык пайда болду. Тоонун башындагы фюникулердун жанында Сан-Францисколук мырзаны татыктуу тосуп алууга милдеткер адамдар топурап турушту. Көңүл бурууга татыксыз башка келгиндер да – сакал муруттары бапыйган, үстү башы кир, көз айнек тагынган, эски пальтолорунун жакасын өйдө көтөрүп алган орустар, анан буттары узун, баштары топтомолок, тироль костюмчан, ийиндерине баштык артынып калган, эч кимдин кызматына муктаж эмес, чыгаша кылгысы келбеген кессең кан чыкпаган сараң немис өспүрүмдөрү бар эле. Булардан өзүн оолак кармаган Сан-Францисколук мырза ошол замат байкалды. Ага жана анын айымдарына кайыктан түшкөнгө шаша-буша жардам кылышты, жол көрсөтүп, алдыга чуркап алышты, аларды кайрадан балакайлар менен төбөлөрүнө кадыресе туристтердин сандыктары менен чамадандарын көтөрүп алчу каприлик семиз катындар тегеректеп алышкан эле. Кичинекей, жыгач отургучтар тизилген, так эле операныкына окшош, төбөсүн нымдуу шамалга чайпалган электр шары жарытып турган аянтча менен тыкылдай басып баратышты, чымчыктардай чуру-чуу түшө ары-бери чымын куюн түшкөн балакайлардын тобу жүрөт бутка аралашып. Булардын ортосунда сахнада бараткансыган Сан-Францисколук мырза үйлөр менен чырмалышып кеткен кайсы бир орто кылымдагы арканы көздөй жөнөдү, анын артында өр таяна кеткен жолчо түз эле капкара асмандагы көгүш жылдыздары бет маңдайдан жана төбөдөн жыбыраган отелдин жаркыраган кире бериш жагына алып барат. Мунун баары Сан-Францискодон келген коноктордун урматына даярдалгандай болуп турду, алардын шарапаты менен Жер Ортолук деңизинин аскалуу аралындагы таштан салынган нымдуу шаарчага жан киргендей болду; мырзанын үй-бүлөсүнүн келиши отелдин кожоюнун ушунчалык бакты таалайга батырды дейсиң, үчөө кире бериштен аттаары менен эле аларды гана күтүп тургандай, мейманаканын бардык кабатындагыларды түшкү тамакка чакырган кытайдын нагарасы заң урулду. Аларды утурлай ийиле тосуп чыккан отелдин кожоюну, сымбаттуу келбетине жарашыктуу кийинип алган сылык жаш жигит Сан-Францисколук мырзаны саамга таң калтырды: мырза күтүлбөгөн жерден бул жигитти өткөн түнү түшүндө көргөнүн эстей койду, ооба, чалды-куйду түшкөн түштөрүнүн арасынан ал чачын күзгүдөй жылтырата тарап алган так ушундай жентельменди көргөн. Эси оогонунан аз жерден токтоп, туруп да кала жаздады. Бирок анын жан дүйнөсүндө мистикалык сезимдерге эчактан бери бүдүрдөй да орун калбай калгандыктан, таң калганы ошол замат тарай түштү; болгону түшүнүн мындай таң калаарлыктай дал келишкени туурасында аялы менен кызына тамаша иретинде гана айтып тим болду. Бирок сарсанаа боло түшкөн кызы болбой эле ага тикирейе карап калды: анын күтпөгөн жерден жүрөгү кысылып, караңгы, чоочун бул аралдагы жалгыздык сезиминен үрөйү уча түштү. Каприден жаңы эле кайсы бир мартабалуу конок  — Рейс XVII жөнөп кеткен экен, Сан-Францискодон келген меймандарды так ошол кадырлуу адам жаткан жерге жайгаштырышты. Кызматчы кылып эң сулуу, эң чапчаң кыймылдаган, бели ичке белгиялык кыз менен кашы көзү капкара, каректеринен от чачырап тургансыган жаш сициялык жигитти, анан элпектиги жанда жок коридор кызматчысы, бою бастек, эткээл, мындай төрөлөрдүн далайын көргөн Луиджи деген немени бекитип беришти. Бир мүнөт өтпөй эле Сан-Францисколук мырзанын эшигин акырын черткен француз кызматчы келген төрөлөр тамак ичишер бекен деп баш бакты, оң жооп алаарынан түк шектенбеген неме дароо эле бүгүнкү тамакка лангуст, ростбиф, спаржа, фазан жана башка даамдар бар экенин айтмакчы эле. Пол Сан-Францисколук мырзанын таманы астында дагы эле чайпалып турду, — жанагы чалдыбары чыккан италиялык пароходчо аны абдан эзип таштаган экен, — ошентсе да кызматчы эшикти ачып киргенде аңкайып ачыла түшкөн, тээ арыдагы ашкана менен бактагы су уболгон гүлдөрдүн жыты келип жаткан терезени олдоксон жапты да тамакка барышаарын, бирок аларга коюла турган үстөл эшиктен алыс, залдын тээ төр жагына коюлушу керек экенин, анан да жергиликтүү шараптан гана ичишерин шашпай эскертти. Анын ар бир айтканын ынтаа коюп уккан кызматчы башын ийкеңдете Сан-Францисколук мырзанын оозунан чыккан каалоосунун баары кыйшаюусуз, сөзсүз аткарылаарын тастыктап жатты. Угуп бүтүп анан ал башын ийди да:— Болдубу, сэр? – деп сылык сурап койду. Ыңгырангансыган «yes» («ооба») деген жоопту алгандан кийин бүгүн кире бериштеги кенен жайда бүткүл Италияга, «Туристтердин ааламына» таанымал Кармелла менен Джузеппе тарантелла бийлешерин кошумчалады.— Мен аларды открыткадан көргөнмүн, — деди Сан-Францисколук мырза жөн эле кайдыгер үнү менен. — Баса, жанагы Джузеппе деген анын күйөөсүбү?— Жо, аталаш агасы, сэр, — жооп узатты кызматчы. Мырза бир азга ойлоно түштү, бирок эч нерсе дебей, кызматчыга бара бер дегендей башын чайкап кетирип жиберди. Анан ордунан турду да кудум үйлөнө тургансып даярдана баштады: бүт жакты жаркырата жарыкты күйгүзүп, болгон күзгүлөрдүн баарын, эмеректерди жана оозу ачылган сандыктарды жаркырап кубулган нур менен жарыкка толтурду; дааратканага кирди да жышына жуунуп, кырына баштады, улам коңгуроо да кагып коюп атты, ошол эле маалда тияктагы бөлмөдөн кызы менен аялы да улам чалып, кызматчыларды ары-бери тызылдата чуркатып атышты. Кызыл алжапкычын тартынып алган Луиджи бардык эле семиз адамдарга мүнөздүү болгон ыкчамдык менен кыймылдап, өңү башын тырыштырып-бырыштырып жанынан колдоруна чака көтөрүп алып ары-бери чуркап өтүп жатышкан кызматчы катындарды боорун эзе күлдүрүп, майпалаңдап улам бир коңгуроого чуркап барып эшикти черте, эчактан бери көнүп бүткөн, күлкүнү келтирген жасалма сыпаачылык менен:— Ha sonato, signore? (Чалдыңыз беле, синьор?) деп келесоолоно сурап коюп жатты. Эшиктин ары жагынан болсо: — Yes, come in... (ооба, кириңиз) деген басмырт колдураган саал капалуу сылык үн чыгып атты. Өзү үчүн абдан жышааналуу болгон ушул кечте Сан-Францисколук мырза эмнени ойлоду экен? Анын узун жолдо эзиле чайкалып келген бардык адамдардай эле абдан тамак ичкиси келип турду, ырахаттана ысык сорпонун алгачкы кашыгын, шараптын алгачкы ууртамын эңсеп, алтургай, кадыресе жуунуп тарангандан оюна башка эч нерсе кирбей, толкунданып да турду. Сакалын кырынып жуунуп бүткөн соң бир нече жасалма тиштерин жакшылап ордуна кийгизди, күзгүнүн маңдайына туруп алып күмүш саптуу шоткесин суулап, күрөң -саргыл кашка башындагы бирин серин калган күмүш түспөл чачын иреттеп жыйды да, картаң денесинин күчтөп жеген тамактан улам толуп бараткан белин жибек оромол менен таңды, казтаман бутуна болсо кара жибек байпактын үстүнөн балга кийчү туфлийин кийди, отура калып жибек тартынчык менен өйдө тартып алган шымы менен көкүрөгү чытырап турган кардай апакай көйнөгүн оңдоду; жылтырак манжетин топчулап, кыкыйткан катуу жакасы менен мойнунун ортосундагы топчуну тешигине кийире албай кыйнала баштады. Пол дагы эле таман астында чайпалып турду, манжасынын учу ооруп да чыкты, кокосунун астындагы жылтырак топчу былбыраган терисин бекем кыса оорутуп жатты, бирок ага карабай эле бети көгөрүп чыкса да кыкыйта кыскан тар жакасын акыры эптеп топчуланып алды, — анан өзүнүн элеси бир нече болуп чагылышкан күзгүнүн маңдайына отура кетти. — О, бул азап экен го! — деп ийнинде бекем отурган кашка башын ылдый ийе күбүрөндү, эмне азап экенин ойлогусу келген жок; анан көнгөн адатына салып кунт коё өзүнүн мыртыйган катуу манжаларын, андагы ири, томпойгон мала кызыл тырмактарын карады да бирдемеге көзү анык жеткенсип дагы бир жолу: — Бул азап экен да, — деп кайталап койду... Дал ушул маалда бутпарастардын сарайындагыдай бүт үйдү башына көтөргөн экинчи гонгдун заңк урулган доошу угулду. Ордунан шап тура калган Сан-Францисколук мырза галстугун кыкыйта дагы тартынды да, манжетин оңдоп туруп, курсагын төшү ачык чыптамасы менен топчуланды, смокингин кийип, өзүн дагы бир жолу күзгүдөн жакшылап сынай карады... Баса, жанагы көздөрү ойноктогон, кызыл-тазыл кийинген мулат өңдүү каратору Кармелла деген укмуш бийлесе керек деп ойлоп койду. Анан сергек басып бөлмөсүнөн чыкты да килем менен баса аялынын бөлмөсүнө жакындап барып качан чыгаарын сурады. Аяктан: — Беш мүнөт! — деген кызынын куунак добушу шыңк этти.— Эң сонун, — деди Сан-Францисколук мырза. Деди да шашпай коридор менен басып, китепкана кайда экенин билип алуу үчүн кызыл килем төшөлгөн тепкич менен ылдый түштү. Маңдайынан чыккан кызматчылар иймене четке чыга дубалга ыктай калып жатышты, ал болсо аларды таптакыр сезбегенсип кете берди. Тамактан кечиктим деген окшойт, астында бүкчүйгөн, чачтары сүттөй ак, бирок көкүрөгү ачык, боз жибек көйнөкчөн кемпир тооктой тыпылдай басып жанталашып бараткан экен, мырза дароо эле андан озуп кетти. Элдин баары небак чогулуп тамакка киришкен ашкананын айнек эшиктеринин жанындагы сигаралар менен египеттик папиростордун кутулары үйүлүп жаткан үстөлчөнүн жанына токтоп, колтойгон сигарадан бирди алды да чөнтөгүнөн үч лира акча чыгарып үстөлгө таштап койду; кышкы верандага чыгып ачык турган терезге карады: караңгылыктан салкын мелүүн аба мурдуна урду, бутактары жылдыздарга чачыла тарбайган карт пальманын учу көрүнгөнсүп кетти, тээ алыстан деңиздин шарпылдаган добушу кулагына угулду... Жанга жайлуу, жарыгы үстөлдөрдүн бетине гана түшүп турган окуй турган чоң бөлмөдө гезиттерди шуудуратып бир ак чач немис отурган экен, күмүш алкактуу тегерек көз айнек таккан кебетеси кудум эле Ибсенге окшош эле, көздөрүн да бирдемеге таң калгансып тимеле чанагынан чыгып кетчүдөй бакырайтып алыптыр. Сан-Францисколук мырза аны кайдыгер карап койду да, бурчтагы төбөсү жашыл калпакчан чырак астындагы терең, жумшак кайыш креслого барып отурду; тегерек көз айнегин тагынып, кысып турган жакасынан тамагын бошото башын чулгап алды да гезит бетине үңүлгөн бойдон көрүнбөй калды. Бир нече макалалардын аталыштарына көз жүгүртүп чыгып, эзели токтобос балкан согушу туурасындагы бир нече саптарды окуду, көнүмүш адаты боюнча гезиттин бетин оодарды, — анан эле бир оокумда саптар секирип кетип чачыраган айнектей жалт-жулт дей түштү, көзү ымыр-чымыр боло, мойну тартыла чыңалып, көздөрү аңтарылып кетти, мурдунан көз айнеги ыргыды... Алдыга жүткүнүп аба жутайын деди эле – жандалбас кыркырап ийди; ылдыйкы ээги ылдый түшүп, алтын пломбусу ачылган оозунун ичин жарытып турду, башы ийнине кыйшая, ары-бери чулгана берди, көйнөгүнүн астындагы көкүрөгү кутудай болуп томпоюп чыгып, такасы килемди иле шыпырган бойдон бирөө менен күрөшүп аткансып ийрелеңдеген денеси полго кулады. Ошол жерде жанагы немис болбогондо мейманканадагы бул жагымсыз окуяны ошол замат эле басты-басты кылып коюшмак, Сан-Францисколук мырзаны эки бутунан сүйрөп көздөн далдаа арткы эшиктер менен сүйрөп чыгарып кетишмек, анын эмне болуп кеткенин, кандай кырсыкка кабылганын коноктордун ичинен бир да жан билмек эмес. Бирок жанагы немис калаймакан ызы-чуу салса болобу, эси оогон неме бакырган бойдон окуу жайынан атып чыгып, үйдү, ашкананы башына үч көтөрдү. Көптөр тамак ичип отурган жеринен тура калышты, дагы бир топтору өңдөрү кубарып окуучу бөлмөнү көздөй чуркап жөнөштү, «Ой эмне, эмне болуп кетти?!» — деген кабатыр суроолор түркүн тилде жаңырды — бирок жарытылуу бирдеме айткан, окуянын чоо жайын жакшылап түшүндүргөн эч ким болбоду, анткени адамдардын табияты ушундай жаралган, өлүм дегенди жаңы көрүп аткансып ооздору ачыла деле бирөө өлдү дегенге ишенчү түрлөрү жок. Кожоюн болсо ары-бери кымгуут түшө чуркап жүргөндөрдүн улам бирөөсүн кармап, анчалык корко турган деле эч нерсе болбогонун, Сан-Францискодон келген бир мырза гана анча-мынча эсин жоготконун айтып түшүндүрүүгө  аракеттенип жатты... Бирок аны эч ким уккан жок, малайлар менен коридор кызматчылары жанагы мырзанын галстугун, чыптамасын, бырышкан смокингин, анан да эмнегедир кара жибек байпакчан казтаман бутунан балга кийген туфлийсин чечип атышканын үрөйлөрү уча жардана карап турушту. Ал дагы эле диртилдеп атты. Айттырбай келип капысынан баса калган шум ажалга эзели моюн сунгусу келбегендей өлүм менен жанталаша кармашып жатты. Башын ары-бери кейкеңдете чулгап, союлган немедей киркиреп атты, көздөрү мастыкынан бетер аңтарылып ары кеткен эле... Аны шаша-буша ылдыйкы коридордун аркы башындагы тар, эң начар, ным жана суук кырк үчүнчү номурга көтөрүп кирип керебетке жаткырышканда корсет тиреген көкүрөгү ачык, чачтары жайылган кызы чуркап келди, анын артынан түшкү тамакка жасана кийинген, жүрөгү түшкөнүнөн оозу томолок болуп ачылып калган аялы жете келди... Так ушул учурда ал башын ары-бери чулгаганын токтотту. Чейрек саат ичинде мейманканадагы абал жөнгө салынып, баары тынчыды. Бирок жакшы башталган кеч ойдо жок жерден бузулду. Бирөөлөр артка кайтып калган тамагын унчукпай жеп кирди, баарынын маанайы пас, таарынгандай түрү бар эле, ал ортодо кожоюн күнөөлүүдөй түр менен ийин куушура улам ар кимдин жанына барып, болгон иштин «абдан жагымсыз экенин» түшүнөөрүн, ал мындан ары мындайды болтурбоо үчүн «колунан келгендин баарын жасаарын» айтып убада кылып жатты; тарантелла бийин кийинкиге жылдырууга туура келди, артыкбаш жарыктын баарын өчүрүп коюшту, коноктордун басымдуу бөлүгү шаарга, пийво ичкени сейилдеп чыгып кетишти, мейманкана чымын учса угулгудай тынч эле, алтургай, вестиюблдеги сааттын чыкылдаганы угулуп турду, кайсы бир бурчта капаста илинип турган тотукуштун бирдемени айтып күңкүлдөгөнү угулуп, анан көп өтпөй ал да чалкасынан түшүп эки бутун асманга тырайта уктап кетти окшойт. Сан-Францисколук мырзаны болсо денени сайгылаган жүн жууркандардын астында арзан темир керебетке жаткырып коюшту, төбөдөн үлдүрөгөн гана бир чырактын алсыз жарыгы анын бетине тийип турду. Муз салынган баштык анын нымдашкан муздак маңдайынын үстүндө салаңдап тамчылап турат. Анын көгөрүп чыккан өлүү жүзү акырындап муздап баратты, алтын чагылышкан ачылган оозунан чыгып жаткан киркиреген доош барган сайын азайып бастап баратканы. Бул киркиреген Сан-Францисколук мырза эмес, — ал эми жок болчу,-  таптакыр башка бирөө эле. Башка эмне кыла алышмак, аялы, кызы, доктор, кызматчы төртөө андан көз албай карап гана турушту. Анан бир оокумда баары жанатан бери күтүп корккон иш болду – киркиреген доош биротоло үзүлдү. Баарынын көз алдында маркумдун өңү акырындык менен кубарып барып анан жазылып, жарыша баштады...Ушул маалда мейманкананын кожоюну кирип келди. «Già é morto» (жаны үзүлдү), — деп шыбырады ага доктор. Кожоюн кайдыгер гана ийнин куушуруп койду. Жашы жаагынан ылдый куюлуп, үнсүз азага баткан миссис ага жакындап келди да маркумду эми бөлмөсүнө алып барса болобу деп иймене сурады.— О жогуңуз, мадам, — шашыла, бирок эми эч бир сыпайычылыгы жок, анан да баштагыдай англисче эмес, французча жооп айтып каршы болду кожоюн, эми ага Сан-Францискодон келгендер анын кассасына калтыра турган жарыбаган тыйын-тыпырдын таптакыр кызыгы жок эле. — Бул таптакыр мүмкүн эмес, мадам, — деди ал, анан түшүнүктүү болушу үчүн дагы минтип кошумчалады: ал өзү нан тапкан бул жайды абдан барктайт, ошондуктан эгерде ал мадамдын каалоосун орундата турган болсо, анда бул дароо эле бүткүл Каприге дүңк этет да туристтер оолактап качып, бул мейманканага таптакыр келбей коёт деди. Аны жанатан бери таң кала караган мисс, үстөлгө отурду да бет аарчысы менен оозун баса эчкирип ыйлап жиберди. Бирок көз жашы дароо эле кургай түшүп кайратынан келгенсип бети албырып чыкты. Аял эми үнүн көтөрө өз тилинде азыр эле айтканын кайра талап кыла баштады, аларга болгон баштапкы сый урмат эчак жоголгонун элес алган жок. Кожоюн суру бузула түшсө да айымдын оозун сылык гана жапты: эгерде мадамга мейманканын тартиби жакпаса, анда ал аларды түк кармабайт; маркумдун сөөгүн таң заарда алып чыгып кетүү керек, полицияга да кабар берилген, алардын өкүлү азыр жетип келет да керектүү болгон жол-жобосун аткарып кетет деп ныгыра сүйлөдү... Мадам Каприде жок дегенде кадимки эле жөнөкөй даяр табыт тапса болоор бекен дейби? Тилекке каршы, мунун эч бир ылаажы жок, эч ким жасап да үлгүрбөйт. Мадам ошондуктан башка бир жолун табыш керек... Мисалы, мейманканага англис суусу салынган чоң узун жашиктер келип турат. Ошонун тактайларын алса болот деди кожоюн...

Түнчүндө мейманкана тегиз мемиреп уйкуда эле. Кырк үчүнчү номурдун бийик таш коргондон астындагы куураган банан өскөн бактын төрүн караган терезесин ачып коюшту, — жарыкты өчүрүп, эшикти ачкычка жаап салып кетип калышты. Маркум караңгыда жалгыз калды, анын жүзүнө көгүш жылдыздардын шаңгалат жарыгы түшүп турду, кайсы бир жерде, бактын ичинде же дубалдабы, саратан бейкапар чырылдап жатты...  Жарыгы үлдүрөгөн коридордун терезесинде эки кызматчы аял отуруп алып, бирдеме тигип отурушту. Колунда толтура көйнөк көтөргөн Луиджи кирип келди.— Pronto? (Даярбы?) — абдан сарсанаа болгонсуп катуу шыбырай сурады көзү менен коридордун этегиндеги маркум жаткан эшикти көрсөтө. Анан бош колу менен ошоякты жаңсай шилтеп: Partenza! (Жөнөдү!) деп поездди узатып жаткандай шыбырай кыйкырды, — поезд станциядан жылганда Италияда ушинтип кыйкырышат, — терезде отурган эки кызматчы аял боорлору эзиле үн чыгарбай бүлкүлдөшүп, бири биринин ийнине жөлөнө күлүп калышты. Ойрон Луиджи обу жоктоно бутунун учу менен жеңил секирип эшиктин жанына барды да акырын чертти, башын бир жагына кыйшайта ызаат кыла акырын сурады:— Íà sonato, signore? (Чалдыңыз беле, синьор?). Анан тамагын жасай ылдыйкы ээгин алдыга сунуп, тияктан жооп берип аткансып колдураган доошу менен өзүнө өзү:— Yes, come in... (ооба, кириңиз) деди. Берки аялдар болсо боорун тырмап калышты.

Таң жарышканы кырк үчүнчү номурдун терезеси агарып, нымдуу шамал банандын жалбырактарын шуудуратып кирген, таңкы көк асман шаңкайып, Капри аралына алгачкы нурларын чача аралды жана Монте-Соляронун даана көрүнгөн чокуларын Италиянын алыстагы көпкөк тоолорунун артынан көтөрүлгөн күндүн алтын нурлары тегиз боёп, аралдагы туристтер басчу жөлөк жолчолорду оңдогон кыш кыноочулар келип жаңыдан жумушуна кол урган кезде, — кырк үчүнчү номурга сода кошулган суунун узун жашигин алып келишти. Бир нече убакыттан кийин жашик оорлошуп чыга келди да аны Капринин жантайыштарынан жол боюндагы жүзүмзарларды аралай бирде өйдө, бирде ылдый ийрелеңдеген бойдон улам ылдыйлап отуруп, тээ деңизге чейин кеткен ак шоссе жол менен жалгыз ат чегилген арабага жүктөп алып жөнөгөн арабакечтин тизесине такалып оорутуп кирди. Тыржыйган, көздөрү кыпкызыл, түнү менен тратториядан (чакан италиян рестораны) өлө ичип, сөөк атмай ойноп чыккандыктан башы зыңылдап ооруп турган эски кастүмчөн арабакеч атын чапкылап, уруп салып баратат. Ал кечээ түнү жанында сокур тыйынына чейин уттуруп жибергенине кападар эле, ошондуктан унчукпай дулдуюп, жолу болбогон өзүн сөгүп коюп баратты. Бирок деңиз жээгиндеги кашкайган таңдын абасы таза, адамдын көөнүн ачат, ооруган башын басып, бат эле баягы жайдары калыбына кайтарат. Анан калса арабакечти соороткон нерсе – жансыз башын шылкылдатып артындагы жашикте келе жаткан кайсы бир Сан-Францисколук мырзадан түшкөн күтүүсүз тыйын акы эле. Неаполитан кысыгын назик коюу көгүш нур каптап турду, тээ ылдыйда коңуз сыяктуу көрүнгөн чакан пароходчо акыркы гудогун берип жатты, анын доошу ар бир ташы, бурулушу дапдаана көрүнгөн бүт аралга жайылып, дымыккан аралда таптакыр аба жоктой эле. Ошол тапта машине менен түнү бою уктабай ыйлап чыккан көздөрү шишиген Сан-Францисколук мырзанын аялы менен кызы да пристанга жетип келишти. Он мүнөттөн соң пароходчо сууну шарпылдата жирей Сан-Францисколук үй-бүлөнү Каприден Соррентого, андан ары Кастелламареге биротоло алып жөнөдү... Арал кайрадан бейкуттукка чөмүлүп тынчый түштү. Уламышка ылайык, мындан эки миң жыл мурда бул аралда өзүнүн жан кумарын кандырган жагынан кишинин оюна келгис ыпылас жоруктары менен атагы чыккан ырайымсыз, миллиондогон адамдарды бийлеп, өзүнүн чектен чыккан карамүртөздүгү менен азапка салып турган бир адам жашаган имиш. Адамзат ошонун атын түбөлүккө эстеп калып, эми ошол неме жашаган аралдагы таш үйгө зыяраттап келип турганды адатка айлантып алыптыр. Мына ушул керемет танда Каприге так мына ушул максат менен келгендер али мейманканада уктап жатканда кызыл токумчан кодолектерди мейманкананын жанына жетелеп келе башташты; эми алардын баары уйкудан ойгонуп курсактарын жакшылап тойгузушкан картаң жаш америкалык, немис жана англичан эркек аялдарды отургузуп алышып, таштак жолчолор менен тоого, Монте-Тиберионун тээ чокусуна чуркап жөнөшмөкчү; тамырлары көөп чыккан тарамыш колдоруна таяк кармаган каприлик кедей кемпирлер болсо бул кодолектерди артынан түшүп айдап барышмакчы. Алар менен чогуу бармакчы болгон Сан-Францискодон келген, бирок жок жерден каза болуп калып баарынын жүрөктөрүн түшүргөн абышканы Неаполго жөнөтүлгөнүн угуп санаалары тынган саякатчылар али катуу уйкуда эле, арал тынч, шаардагы дүкөндөр ачыла да элек. Болгону ортолук аянтта балык жана көк-сөк саткан жалгыз чакан базарча иштеп атты. Ал жерде жалаң карапайым адамдар болчу, арасында бүткүл Италияга атагы чыккан узун бойлуу кайыкчы, кезинде ой-тоого уруна дуулдап шапар тээп, далай ургаачыны куруткан аягы суюк, анан да нечендеген сүрөтчүгө модель болуп да кызмат кылган эркектин сулуусу Лоренцо абышка да бар эле. Ал түндө кармап келген эки омар балыгын ит бекер эле сатып ийген, баса, андай балыктын далайы Сан-Францискодон келген мырзанын үй-бүлөсү жашаган мейманкананын ашканасындагы ашпоздордун этектеринде бултуңдап жүрбөдү беле, эми жылдыр-жулдур кийимчен, башына кыйшайта кийип алган кызыл жүн топучан Лоренцо карыя чопо мүштөгүн соруп коюп, падышадан бетер жан -жагына каадалана көз чаптыра кечке дейре жайбаракат жүрө берсе болот. Монте -Соляронун тик түшкөн жарынан, аскадагы кесилип чегилген байыркы финикиялыктардын таш жолунун тепкичтери менен Анакапри тараптан эки тоолук түшүп келатты. Бирөөсүндө кайыш терисинин астында эчкинин тыбыты менен капталган эки чоорлуу волынкасы (музыкалык үйлөмө аспап), экинчисинде жыгач цевница (орус , украиндердин байыркы үйлөмө аспабы) өңдөгөн бирдеме бар эле. Алар түшүп келатышты, тамандарынын астында көргөн көздү кубанткан кооз, күнөстүү бүтүндөй ажайып өлкө жайкалып жатты, аралдын таштак урчуктары, аралды кучагына чүмкөп алган жомоктогудай көгүш мейкиндик, чыгышты көздөй таң эртеңден деңиз үстүнөн күмүштөй кубула жылтылдай көтөрүлгөн буу, көздү уялтып барган сайын табы куйкалап келаткан күн, Италиянын туман чулгаган асман ыраң алыс жакын тоолору баары алардын буту астында жатты, табийгаттын бул керемет кооздугун сөз менен айтып жеткиргенге адамдын сөзү алсыздык кылаар. Жарым жолго жеткенде алар кадамын басаңдатышты: жолдун үстүндөгү Монте-Соляронун аскалуу дубалын оюп кирип кеткен үңкүрдүн ооз жагында күн нуруна малына чагылышкан апакай гипс кийимчен, башында бороон-чапкындан коргогон алтын түспөл ханыша таажычан, көздөрү үч ирет бата алган уулунун түбөлүк колдоочулары менен бактылуу шайыктары турган көккө тигилген ыйбаа жана мээрбан бүбү Мариям турду. Алар баш кийимин шыпырышты да ошол замат ооздорунан күнгө, таңга, бул оомал-төкмөл дүйнөдөгү азап чеккендердин колдоочусу аруу бүбү энеге жана анын алыскы Иуда жергесинин Вифлееминдеги үңкүрүңдө койчунун кембагал турагында жатынынан түшкөн уулуна болгон баёо, ыйбаа — шаттуу салават алкоолор куюлуп кетти...

Сапар маалында капылет акка моюн сунган Сан-Францисколук абышканын сөөгү болсо үйүнө, кабырга барып жатмакка Американын жээктерине кайтып баратты. Көрбөгөн кордукту көрүп, адамдардын кайдыгерлигинин азабын куп тартып, улам бир порттон портко которулуп отуруп ал акыры өзүн кечээ жакында эле урмат сый менен Европага жеткирип келген баягы атактуу кораблге кайрадан туш болду. Эми аны тирүүлөрдөн бекитип салышты — чакыч шыбалган табытка салып туруп тереңдеги караңгы трюмга түшүрүп коюшкан. Корабль кайрадан өзүнүн узак деңиз сапарына чыкты. Түнкүсүн ал Капринин аралдарын кыйгап өттү, аралдан туруп карагандарга анын карарган деңизден бир көрүнүп бир көрүнбөй калып жаткан оттору муңдуу эле. Бул түнү да оттору жаркыраган кораблде адамдар кыжылдаган шөкөтү артык бал өтүп жатты. Баягыдай эле ээ жаа бербеген бороонду аралап, көңүл чөгөрө гүүлдөгөн океандан тарамданып аткан тоодой күмүш көбүктөрдүн үстүнөн чайпалып бараткан кораблде үлпөт кече экинчи да, үчүнчү да күнү улана бермек. Карлуу борошодон улам кораблден сан жеткис жыбыраган оттуу көздөрү Гибралтардын аскаларынан баары жоктун баарын байкап турган Желмогузга араңдан зорго көрүнө калып жатты. Желмогуз аска таштай зор болгону менен бирок карт жүрөктүү Жаңы Адамдын дымагы менен курулган көп кабаттуу, жайнаган морулуу корабль да андан кем калышпас эле. Көз ачырбаган борошо анын кардан апакай болуп калган тулку боюн канчалык чапкылабасын ал бекем, тоготпос жана үрөй учурарлык зор болчу. Анын чатырынын кар куюндап сапырылган тээ төбөсүндө жарыгы араң бүлбүлдөгөн жалгыз бөлмө көзгө урунуп турду, анда кораблдеги тырс эткен дабышты тыңшап, санаасы тынчыбаган баягы молоташ өңдөгөн айдоочусу бүт кемеге көз салып коюп жамбаштап жатканы. Ал бороонго тумчуккан сиренанын улуп-уңшуп, жанды кашайта чарылдаганын тыңшап келатат, бирок ары жагында эмне болуп атканы белгисиз, күдүктөнгөн көңүлүн брондолгон каютанын жакындыгы гана сооротуп турат, ал жакта бир туруп күүлдөгөн сырдуу добуш угулса, бир туруп башына темир алкак кийип алган кубакай өң телеграфисттин айланасына чачырап жарылып жаткан көгүш оттордун чытыраганы угулат. Айбаттуу «Атлантиданын» тээ түпкү курсагында болот шаймандар күңүрт жылтылдайт, бууга ышкырган эбегейсиз алп мештердин, сан жеткис башка машиналардын ысык суу менен май бүркүп атканы, кораблди кыймылга келтирип жаткан тозоку от жагуучу мештер үрөй учургудай баркылдап кайнап, болгон күчтү баш аягы көрүнбөгөн жер астына, жарыгы араң жылтыраган тегерек узун тоннелге жеткирип берип атыры, ал жакта болсо өзүнүн майланышкан жатагында кынтыксыз кыймылы менен адамдын жанын сууруп алчудай, тоннелге чубалжып жатып алган тирүү нак желмогуздун кекиртеги өңдөнгөн килейген вал жайбаракат айланып атканы. Ал эми «Атлантиданын» ортосундагы ашканалар менен бал өтчү жайлар жаркыраган нурга балкып, жасана кийинген адамдардын опур-топурунан дуулдап, аңкыган жыпар жыттуу жаңы гүлдөр бажырайып, кыл аспаптардын оркестри ойноп жатты. Түркүн түс адамдардын шаңдуу тобунда, нур чачкан оттордун, шуудураган жибектердин, брилианттардын жана айымдардын жылаңач ийиндеринин арасында кээде байкабай бири бири менен түртүшүп да кеткен жалданма ашыктардын чыбыктай ийкемдүү жубу: чачы жөнөкөй асемделген, кирпиктери төгүлүп, көз карашы айыптуу жупуну кыз менен кара чачтарын башына чаптап алгандай нооча бойлуу, пудраланган бети купкуу, жылтырата лакталган бут кийимчен, этеги узун ичке фракчан жигит – килейген сүлүк куртка окшогон келбети келишкен азамат экөө аргасыз кыйноо тарта буралып бийлеп жүрүштү. Бирок бул жуптун уят-сыйытсыз муңдуу музыка астындагы жыргалдуу азапка баткан жасалма бийден небак тажап бүткөнүн да, анан тээ ылдыйда, капкараңгы трюмдун түбүндө, көзгө сайгыс караңгылыкты, океанды, бороонду кыйнала жиреп бараткан оор кеменин зулмат жана ысык кучагынын бир бурчунда эмне жатканын да бир жан билген жок...

 

Октябрь, 1915

 


Количество просмотров: 649