Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© А. П. Чехов
© Кыргыз тилине которгон Б. Шаматов, 2020. Бардык укуктар корголгон
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2022-жылдын 20-майы

Бахтияр ШАМАТОВ

Ионыч

(Аңгеме)

 

I

Губерниялык С. шаарына келгендер бул жердеги турмуштун бир жактуу тажатма жана эриктирме экенине наалый баштаганда, ага арданып актангансыган жергиликтүү тургундар тескерисинче, С. шаарында баары ойдогудай экенин, шаарда китепкана, театр, клуб иштерин, үлпөт кечелер өтүп тураарын, анан да таанышууга ыктай турган акылдуу, кызыктуу жана жагымдуу үй-бүлөлөрдөн куржалак эмес экендиктерин актана айтып калышчу. Ошолордун ичинен эң эле билимдүү жана таланттуу бүлө катары Туркиндердин үй-бүлөсүн аташаар эле.

Булар башкы көчөдө, губернатор отурган имараттын жанындагы өзүлөрүнүн менчик үйүндө жашап турушчу. Бүлө башчысы Туркин Иван Петрович болпойгон эткээл, кара чачтуу, коюу сакалын жаагын каптата бапыратып коё берген келбеттүү адам болуп, кайрымдуулук иретинде үйүндө ар кандай оюн-зоокторду өткөрүп тураар эле; өзү картаң генералдарды ойноп, баарынан да алардын жөтөлгөнүн абдан күлкүлүү кылып туураганга маш болчу. Ал анекдотторду, куйкум курч тамашаларды, макалдарды ченемсиз көп билчү, тамашалашканга, чымчылап тийише сүйлөгөнгө уста эле, карап турсаң кебете кепширин да билип болбогон түшүнүксүз, же тамашалап, же олуттуу айтып атканын билбейсиң. Аялы арык чырай, келбети жагымдуу, pince-nez (тегерек көз айнекчен) тагынган айым Вера Иосифовна повесть, романдарды жазчу, аны келген конокторуна жан дили менен окуп бергенди жакшы көрчү. Алардын бой жетип калган жаш кызы Екатерина Ивановна болсо роялда ойночу. Кыскасы, бул шыктуу үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү кандайдыр бир өнөргө ээ эле. Туркиндер келген конокторду кучак жая тосуп алып, өзүлөрүнүн талантын аларга куунак маанай менен чын жүрөктөн тартуулашаар эле. Алардын кенен таш үйү жайкысын салкын боло турган, терезелердин теңи жазында булбул сайраган көлөкөсү коюу эски бакты карап турчу; коноктор үйдө отурганда ашканадан бычактардын такылдаганы угулуп, бүт короо куурулуп жаткан пияз жыттанып тураар эле, бул дайыма берекелүү жана даамдуу кечки тамактан кабар берип турчу.

Мындагылар жаңы эле айылдык врач болуп дайындалып, С. шаарынан тогуз чакырым алыстагы Дялижге жайгашкан доктор Старцев Дмитрий Ионычка да интеллигент адам катары Туркиндер менен таанышып алыңыз дешкен. Анан бир жолу аны кышында көчөдөн жолуккан Иван Петрович менен тааныштырышкан; аба ырайы, театр, келте оорусу туурасында кеп салышып, Иван Петрович аны конокко чакырган. Кийинчерээк жазында, — Вознесение майрамы болчу, — бейтаптарды кабыл алып бүткөн соң Старцев бир аз алаксып, сейилдеп, анан анча мынча буюм -тайым сатып алганы шаарга жөнөдү. Шашпай жөө (өзүнүн аттары жок эле) басып, кайсы бир ырдын жадында калган: мен али турмуш кесесинен көз жаш иче элекмин... деген сабын улам кыңылдап коюп баратты.

Шаарга келип түштөндү, бакта сейилдеп басып жүрүп Иван Петровичтин конокко чакырганы эсине түшүп кетти да Туркиндерге барып таанышып, алардын эмне болгон адамдар экенин көрө кетмей болду.  

— Саламатсызбы, мархамат, — деди аны кире бериштен жадырап жайнап тосуп алган Иван Петрович. — Сиздей жагымдуу мейманды көрүп турганыма абдан курсанмын. Жүрүңүз, сизди жубайым менен тааныштырайын. Мен бу кишиге айттым, Верочка, — деди ал докторду аялына тааныштырып жатып, — өзүңүздүн ооруканадан чыкпай отура бергенге сиздин эч бир римдик укугуңуз жок, эс ала турган бош убактыңызды коомго арнаңыз дедим. Туура айтыптырмынбы ия, жаным?   

— Мына бул жакка отуруңуз, — деди сыпайчылык менен Вера Иосифовна мейманды жанына отургузуп. — Сиз менин көңүлүмдү ала берсеңиз болот. Менин күйөөм кызганчаак, бул накта Отелло, бирок биз өзүбүздү ал эч нерсе байкабагандай алып жүргөнгө аракет кылабыз. 

— Ах сениби, эрке жөжөм десе... — деп назик күбүрөгөн Иван Петрович аны маңдайынан өөп койду. — Сиз абдан убагында келдиңиз, — деди ал кайрадан конокко кайрылып, — менин жубайым жаңы эле чоң роман жазып бүттү, бүгүн аны окуп берет.

— Жанчик, — деди Вера Иосифовна күйөөсүнө, — dites que lon nous donne du thé (чай апкелгиле деп койчу – франц).

Старцевге Екатерина Ивановнаны тааныштырышты, бул арыкчырай, ыйманы ысык, апасына куюп койгондой окшош кыз экен. Жалжылдаган баёо көз карашы баланыкындай, бели да бир тутам ичке, турган турпаты назик, кош алмасы тирсие тирелип бойго жеткен, дени чың, жаз жөнүндө, чыныгы жазды бериле сүйлөгөн сулуу кыз эле. Анан кыям, бал, конфет жана даамы ооздо эриген печенье менен чай ичишти. Кечке жуук бирин-серинден коноктор келе башташты, алардын ар бирин көздөрү күлмүңдөгөн Иван Петрович кире бериштен тосуп алып жатты:

— Саламатсызбы, мархамат, куш келипсиз!

Кийин келгендердин баары конок бөлмөгө чогулуп, олуттуу түр менен ойлуу отурушту, анткени Вера Иосифовна өзүнүн романын окуп жатты. Ал: «Аяз күчөгөндөн күчөп баратты...», — деп баштаптыр. Терезелердин баары аңкайта ачык эле, ашканадан бычактардын такылдаганы угулуп, куурулган пияздын жыты келип турду... Мамыктай жумшак, терең креслого бата магдырап отурган өзүнчө ырахат эле, иңир чалган конок бөлмөдөгү чырактар мээримдүү жумшак нур чачып турду; көчө жактан үндөр, шарактаган күлкү угулуп, короодогу сирендин аңкыган жыты мурунга уруп турган жайкы кечте аяздын кандайча күчөп баратканын, уясына отуруп бараткан күндүн муздак нурлары кар баскан мейкиндикти аралай жолдо жалгыз кетип бараткан жолоочуга кандайча тийип жатканын түшүнүү кыйын эле; Вера Иосифовна өзүнүн кыштагында мектеп, оорукана, китепкана куруп жаткан жаш, сулуу графиня жөнүндө жана анын жер кезип жүргөн сүрөтчүнү кантип сүйүп калганы туурасындагы романын окуп жатты, — ал дегеле жашоодо эч качан болбой турган нерселер туурасында окуп жатса да аны угуп отуруунун өзү жагымдуу,  жайлуу болчу, коноктор бейкапар көшүлө, жан жыргаткан ойлордун кучагына малына, эч ким ордунан козголгусу келбей, тула бойду бошоштурган магдыраган сезимдерге балкып отурушту.

Түзүк... — акырын үн катты Иван Петрович.

Угуп отурса да ойлору алда кайда кезип жүргөн коноктордун бири аны угулаар угулмаксан кубаттап койду:

Ооба... чын эле...

Бир саат, эки саат өттү. Жакын жерде жайгашкан шаардык сейил бакта оркестр ойноп, хор ырдап жатты. Вера Иосифовна дептерин жапканда отургандар беш мүнөттөй унчукпай калып, хор аткарып аткан «Лучинушканы» тыңшап калышты, романда жок бул ыр дегеле турмушта болбогон нерселерди отургандарга жеткирип жаткандай эле. 

Сиз чыгармаларыңызды журналдарга бастырасызбы? — деп сурады Старцев Вера Иосифовнадан.

Жок, — деди ал, — мен эч кайда бербейм. Жазам да шкафыма катып коём. Бастыруунун эмне кереги бар? – деди ал. – Бизде жан бакканга каражатыбыз  жетиштүү.

Отургандар эмнегедир тегиз улутунуп алышты.

Эми сен бирдеме ойноп бер, Котик, — деди Иван Петрович кызынан сурана.

Роялдын капкагын ачып, даяр жаткан ноталарды жая салышты. Екатерина Ивановна отурду да эки колу менен клавишаларды урду; анан күчүнүн болушунча дагы урду, кайра дагы, дагы урду, ийиндери менен көкүрөгү титиреп кирди, ал бир эле жерди өжөрлөнө ургулай берди, тимеле клавишаны роялдын ичине кага киргизип жибермейинче токтобочудай сезилди. Конок бөлмө каңгыр-куңгур добушка толуп чыкты; пол да, эмеректер да баары калдыр -шулдур түшүп жатып калды... Екатерина Ивановна дал ушул татаалдыгы менен кызык, чубалжыган узун, тажатма татаал бир пассажды ойноп жатты, аны угуп отуруп Старцев бийик тоодон тынымсыз таш кулап жатканын элестетип кетти, батыраак эле токтосо экен деп тилеп атты, ошол эле маалда чыңалуудан жүзү албырып чыккан, кайраттуу, чечкиндүү, кулпурган чачы маңдайын жаап калган Екатерина Ивановна ага абдан жагып да турду. Дялиждеги оорулар менен мужиктер арасында өткөн кыштан кийин мындай кудайы пейил конок бөлмөдө отуруп мына бул жаш, сулуу, аруулугу шек жаратпаган айжаркын жандын ойногонун жана кулактын кужурун алган тажатма болсо да маданияттуу добуштарды угуп отуруу ушунчалык жанга жагымдуу, ушунчалык бир башкача жыргал эле...

— Жарайсың, Котик, бүгүн сен тимеле укмуш башкача ойнодуң го, — деди эреркеп көзүнөн жашы кылгырып кеткен Иван Петрович кызы ойногонун бүтүп ордунан турганда. — Өлүп кал, Денис, мындан артык жаза албайсың.

Баары кызды тегеректеп куттуктап, суктанып, мындай музыканы көптөн бери угушпаганын айтып жатышты, кыз болсо ууртунан жылмая мактоолорду угуп жатты, туруш-турпаты бийлеп алган салтанатка балкып турганы байкалып турду.

— Мыкты! Укмуш!

— Сонун!— деди көпчүлүктүн шаңына ыктаган Старцев да. — Сиз музыкага кайдан окудуңуз эле? — сурады ал Екатерина Ивановнадан. — Консерваториядабы?

— Жок, мен консерваторияга эми кирейин деп атам, азырынча бул жерде эле, Завловская айымдан сабак алып жатам.

— Бул жердеги гимназиянын курсун аяктасаңыз керек?

— О жок! — кызы үчүн жооп бере салды Вера Иосифовна. — Биз мугалимдерди үйгө чакырганбыз, а гимназияда же институтта терс таасир деген болушу ыктымал да, туурабы; бойго жетип бараткан кыз энесинин гана таасири астында болушу керек.

Мен консерваторияга баары бир барам, — деди Екатерина Ивановна.

Жок, Котик апасын гана жакшы көрөт. Котик апасы менен атасын капа кылбайт ээ?

Жок, барам дедимби, барам! — деди Екатерина Ивановна, анан эркелей кылыктана жер тепкилеп да койду.

Кечки тамактын үстүндө болсо өзүнүн талантын эми Иван Петрович көрсөтүп отурду. Ал көздөрү менен гана күлүп, анекдот айтып, элдин баарын куйкум тамашага салып атты, күлкүлүү бир табышмактарды берип алардын жообун кайра эле өзү таап, чоңдуу, тезүк, тыраң чыраазымын деп өзүнүн азилдешкенге кайра кайра машыга берип такшалган өзгөчө тилинде гана сүйлөп жатты, бул ага адат болуп калса да керек...   

Бирок баары муну менен гана бүтүп калган жок. Курсактары ток, ыраазы болгон коноктор чыга бериште топурап өзүлөрүнүн пальтолору менен кол таяктарын алып жатканда алардын жанында малай Павлуша, же биердегилер Пава деп коюшкан он төрт жаштардагы чачы тегиз кыркылган болтойгон балакай айланчыктап жүрдү.

Кана, Пава, көрсөтүп койчу! — деди ага Иван Петрович.

Пава позага тура калып, колдорун жогору көтөрдү да кайгылуу үнү менен:

Өлүп кал, шордуу! – деди.

Баары каткырып калышты.

«Кызык экен», — ойлоп койду сыртка чыгып баратып Старцев.

Ал кайра ресторанга кирип пиво ичти да Дялижди көздөй жөө кетти. Жол бою:

Сенин үнүң мага назик жана кумарлуу... деп ырдап баратты.

Тогуз чакырымды жөө басып уйкуга жатканы менен ал чарчоо дегенди түк сезген жок, тескерисинче, дагы жыйырма чакырымды ыракаттана басып өтүүгө даяр эле.

«Түзүк...» — деген эсине түшүп кетти уктап баратып, анан күлүп койду.

 

II

Старцев Туркиндердикине баргысы келип турганы менен ооруканада иши чачтан көбөйүп кеткенинен ныпым бош убакыт таба албай койду. Ошентип көшөрө иштеп жалгыз жашаган бир жылдан ашуун убактысы өтүп да кетти; анан бир күнү ага шаардан көгүш конвертке салынган кат келди...

Вера Иосифовна эчактан бери эле шакыйдан жабыркап жаны кыйналып жүргөн, бирок Котик консерваторияга кетем деп күн сайын коркута баштаганы талмасы ого бетер күчөп, бат-баттан кармай баштаган болчу. Туркиндердин үйүнө келбеген шаардык дарыгерлер калган жок; анан акыры кезек айылдык дарыгерге да келип жетти. Вера Иосифовна ага жан кейиткен узун кат жазып, андан келип мүшкүлүн жеңилдетип кетишин өтүнүптүр. Старцев дароо эле жетип келди да ошондон кийин Туркиндердикине бат-баттан каттап турчу болду... Ал чынында эле Вера Иосифовнага кичине жардам кылгансыды, ошондон улам ал келген коноктордун баарына Старцевдин колу жеңил, өзгөчө дарыгер экенин айтып мактай баштаган. Бирок ал Туркиндердикине Вера Иосифовнанын шакыйын айыктыруу үчүн гана келип жаткан жок эле...

Майрам күн болчу. Екатерина Ивановна роялда өзүнүн узундан узун эриктирме көнүгүүлөрүн ойноп бүтүп, анан ашканага киришти да чай ичип көпкө отурушту. Иван Петрович болсо демейдегидей эле күлкүлүү бирдемелерди бабырап отурду. Бир оокумда эшиктин коңгуроосу басылып калды, кожоюн кире беришке чыгып, келген кайсы бир мейманды тосуп алышы керек эле; Старцев жагдайдан дароо пайдалана койду да өрөпкүй түшүп Екатерина Ивановнага шыбырады:

— Кудай акы, сизден жалбарып суранам, мени кыйнабаңызчы, жүрүңүзчү, бакка чыгалы!

Кыз ийнин куушуруп койду, ага эмне керек экенин таптакыр түшүнбөгөнсүп таңдангандай түр көрсөттү, бирок ордунан туруп жөнөдү.

— Сиз эки үч саат роялда ойнойсуз, — деди ал кыздын артынан ээрчип баратып, — анан апаңыз менен отурасыз, ошондуктан сиз менен сүйлөшүүнүн эч бир ылаажы болбой атат. Мага жок дегенде чейрек саатыңызды арнап коюңузчу, жалынып жалбарып суранам...

Күз жакындап калгандыктан эски бактын ичи маанай түшкүдөй суз, жымжырт болчу, аллеядан тынымсыз жааган саргарган жалбырактар бут алдында жайнайт. Эрте эле иңир кире баштаган эле.

— Сизди көрбөй калганыма бир жума болду, — кебин улантты Старцев, — мунун мен үчүн кандай азап экенин билсеңиз кана! Отуралычы. Мени угуңузчу.

Экөөнүн бакта жакшы көргөн жери боло турган, бул бутак шагы кенен жайылган эски клёндун астындагы отургуч болчу. Азыр да ошого келип отурушту. 

Эмне айтайын дедиңиз эле? — кургак, кайдыгер сурады Екатерина Ивановна.

Мен сизди бир жума бою көрбөй калдым, үнүңүздү бир жумадан бери уга элекмин. Cиздин үнүңүздү абдан уккум келет. Сүйлөй бериңиз.

Кыз аны аруулугу, көздөрүнүн, жүзүнүн баёолугу менен суктандырып турду. Жадагалса, келбетине куп жарашкан көйнөгү, туруш-турпатынын жупунулугу, ийкемдүү баёо кыймылы аны өзгөчө кылып көрсөтүп турду. Бирок ошол эле маалда мунусуна карабай, кыз ага абдан акылдуу, жаш болсо да маалынан эрте жетилгендей сезилип жатты. Старцев аны менен адабият, искусство, дегеле эмне туурасында болбосун сүйлөшүп, ага жашоодогу арманын же башкаларга карата сынын айта берчү, бирок мындай олуттуу сүйлөшүү учурунда кыз күтүлбөгөн жерден өзүнөн өзү күлүп жиберип, же үйгө кире качып кетип калчу. Ал бардык шаардык кыздардай эле китепти көп окучу (С. шаарында дегеле китеп окуган адамдар аз эле, ошондуктан жергиликтүү китепканачылар айткандай, эгерде жаш жөөттөр анан кыздар болбогондо китепкана небак жабылып тынмак); бул Старцевге абдан жакчу, ал дайыма толкундануу менен кыздан акыркы күндөрү кайсы китепти окуганын сурай берчү, кыз окугандарын айтып берип жатканда ынтаасын коё уга турган.    

— Биз көрүшпөй калган бул апта ичинде эмнени окудуңуз? — сурады ал. — Айтыңызчы, өтүнөм сизден.

— Писемскийди окудум.

— Кайсы чыгармасын?

— «Миң жанын», — жооп берди Котик. — Писемкийдин аты абдан күлкүлүү экен: Алексей Феофилактыч!

— Сиз кайда? — жүрөгү түшө сурады Старцев, кыз күтүлбөгөн жерден тура калып үйүнө жөнөгөндө. — Мен сиз менен сүйлөшүшүм керек, сизге баарын айтышым керек... Жок дегенде беш мүнөт отура туруңузчу мени менен! Жалынып суранам!

Кыз бирдеме айтчудай болуп токтоп калды, анан анын колундагы бүктөлгөн катты олдоксон суна койду да чуркаган бойдон үйүнө кирип кетип, кайра роялына отуруп алды.

«Бүгүн, түнкү он бирде, — деп окуду Старцев, — көрүстөндө, Деметтинин эстелигинин жанында болуңуз».

«Ушу кантип болсун, — ойлоду ал эсине келе. — Мында көрүстөндүн кандай тиешеси бар? Бул эмнеси

Котик аны жөн эле шакабалап атканы түшүнүктүү эле. Түн ичинде тээ шаардын тышындагы көрүстөнгө жолугушууга чакырган кимдин оюна келет, жөн эле көчөдөн же шаардагы бактан жолукса болбойбу? Ашыктыктын айынан үшкүргөнү, кыздан кат алганы, келесоодой болуп түн ортосунда көрүстөнгө темселеп барганы, айтор жадагалса, гимназисттер бир жери менен күлө турган жоруктарды жасаганы эми ага, кадыры бийик, салабаттуу кыштак докторуна жарашабы? Мындай ашыктык аны эмнеге алып бараар экен?  Достору укса эмне дейт? Клубдагы столдордун жанында айланып жүрүп Старцев ушуларды оюнан сыдырды, анан саат он жарымдарда күтүлбөгөн жерден шарт турду да көрүстөнгө жөнөп кетти. Анын эки ат чегилген арабасы жана баркыт чыптама кийген арабакечи Пантелеймон бар эле.

Ай жумшак жарыгын чачыратып турду. Айлана бейкут жана жылуу эле, бирок күздүн илеби келип турду. Шаардан чыга берердеги мал сойгон жерде иттердин улуганы угулат. Старцев аттарын шаардын четине калтырды да өзү андан ары көрүстөнгө жөө кетти. «Апендичилик ар кимде бар эмеспи, — ойлоду ал. — андай Котикте да бар окшойт — ким билсин? — балким ал тамашасы жок эле чынында келип калаар», — деген татуу, бирок үмүтсүз ойго алдырды, ушул ой эле аны эңги-деңги кылып турду.

Жарым чакырымдай талаа менен басты. Көрүстөн алыстан дүпүйгөн токойдой же чоң, калың бактай карарат. Тигине, ак таштан жасалган тосмосу менен дарбазасы көрүндү...  Айдын жарыгында дарбазадагы: «Ар кимге убакты саат келет...» деген жазуу окулуп турат. Старцев ичкери кирери менен адегенде эле көзүнө ак кресттер менен кенен аллея бойлой тизилген эстеликтер, алардан жана теректерден түшүп турган узун кара көлөкөлөр урунду;  тегеректин баары тээ алыска дейре ак, кара түскө малынып турду, уйкусураган дарактардын ийилген бутактары агарат. Бул жерде талаадагыдан көрө жарыгыраактай сезилип турат; клёндун бака таман жалбырактары аллеянын сары кумунда жана таштан бетинде кескин өзгөчөлөнүп, эстеликтердеги жазуулар даана көрүнүп турду. Старцевди таң калдырганы, ал эч нерсеге окшобогон, айдын жарыгы жумшак тийип, кудум өзүнүн бешиги тургандай, тирүүлүк жашоо жок, болбой да турган, бирок карарып турган ар бир теректе, ар бир мүрзөдө тынч, сонун, түбөлүк жашоону убада кылган кандайдыр бир купуя сыры ачык сезилген дүйнөнү көрүп турду, мындайды ал эми көрө албастыр. Тунжураган жымжырттыкта жылтыр муздак таштар менен куурап калган гүлдөрдөн күзгү жалбырактардын жыты менен кошо кечиримдүүлүк, кайгынын илеби келип тургансыйт.

Теребел кулак мурун кескендей жымжырт жана ээн; асмандан баарына кайдыгер кайыл жылдыздар кайдыгер титиреп турду, буга Старцевдин кычырата баскан кадамы коошпой жаткандай. Качан чиркөөнүн сааты кага баштаганда гана ал өзүн бул жерге түбөлүк көмүлгөн өлүк деп элестетти, кимдир бирөө аны карап тургандай сезилип кетти, бул жанды тынчтандырган бейкуттук же тынчылык эмес, кайгы муңга баткан өлүү жашоо, жан алакетке түшкөн аргасыздык экенин бир мүнөттөй ойлонуп туруп калды...

Өйдө жагына периште коюлган сааткана түрүндөгү Деметтинин эстелигинин таржымалы бул: бул жерде кай бир заманда италияндык опера өтүп баратып, ырчы айымдардын бири каза болуп калган экен да, сөөгүн ушул жерге жашырып, ушул эстеликти орнотушкан экен. Аны эми шаарда ким эстеп жатыптыр дейсиң, бирок кире бериштеги илме чырактын айдын шооласына жылтырап турганына караганда ал кыязы, күйүп турат окшоду.      

Тегеректе шырт эткен жан жок. Жарым түндө бул жерге ким келмек эле? Бирок айдын жарыгы делөөрүтө ышкысын козгогон Старцев кыялында кыз менен айкалыша кучакташып өбүшүп жатканын элестете аны ашыгып күтө берди. Эстеликтин жанында жарым сааттай отурду анан туруп капталдагы аллея менен басты, колуна шляпасын кармаган бойдон бул жердеги мүрзөлөрдө бир кезде түнкүсүн азаптуу ышкыга берилип махабаттын отуна күйгөн канчалаган татынакай аялдар жана кыздар жатканын ойлоп баратты. Чын эле эне жаратылыш адам пендесинин үстүнөн кандай гана шылдыңдаарын аңдап сезүү кандай өкүнүчтүү! Ушундай ойлорго малынган Старцев эмне каалап жатканын, эмне болсо ошол болсун, ал махабат күсөп турганын айтып кыйкыргысы келип кетти; эми көзүнө ак мармар таштар сымбаты келишкен кылаңдаган апакай денелерге айланып, алар бактардын артына ыйбаа кыла жашынып тургансыды, алардын жылуулугун сезгендей, зарыга күтүүсү ого бетер азапка айланып баратты...        

Анан бир маалда көшөгө жабылгансып ай булуттардын арасына кирип кетти да теребел тегиз караңгылыкка чөктү. Старцев дарбазаны араң тапты, күзгү түн көзгө сайгыс караңгы эле, — ал аттарын калтырып кеткен чолок көчөнү издеп, дагы бир жарым сааттай тегеренип жүрдү.

Мен чарчадым, бутумда араң турам, — деди ал Пантелеймонго.

Анан арабага ыракаттана отуруп жатып ойлоп койду:

«Ох ата, семирбеш керек эле да.

 

III

Эртеси кечинде ал кыздын колун сураганы Туркиндердикине жөнөп кетти. Бирок ыңгайы болбоду, Екатерина Ивановна бөлмөсүндө чачтарачка чачын асемдете кырктырып аткан экен. Кыз клубдагы бий кечесине жөнөп туруптур.

Дагы ашканада узакка чай ичип отурууга туура келди. Коноктун ойлуу тартып эригип отурганын байкаган Иван Петрович аны алаксытыш үчүн төш чөнтөгүнөн каттарды алып чыгып, немис башкаруучунун күлкүлүү бир катын окуп берди.

«Булар кызына септи жакшы эле берсе керек», — анын айткандарын элегей угуп жатып Старцев ушинтип ойлоду.

Уйкусуз өткөргөн түндөн кийин жан көшүлткөн ширин бир уктатуучу нерсе ичиргенсип анын тула бою талыкшып турду; жан дүйнөсү бүдөмүк тартып турса да көңүлү шайдоот эле, ошол эле маалда башынын кандайдыр бир муздак, оор үзүмү ага акыл айтып жатты:

«Кеч болуп кала электе токтосоңчу! Бул кыз сенин теңиңби? Ал эрке өскөн, кылтыйма мүнөз, түшкө чейин уктайт, сен болсо бир дьяктын уулусуң, кыштак дарыгерисиң...»

«Эмне экен? — ойлоду ал. — Мейли да».

«Эгерде сен ага үйлөнө турган болсоң, анда анын туугандары сени земстводогу кызматыңды таштатып, шаарда жашаганга аргасыз кылышат».

«Эмне экен? — ойлоду ал. — Шаарда болсо шаарда да. Сеп беришсе эле калган шартты түзүп алабыз да...»

Ошол маалда балга кийчү көкүрөгүндө ачык тилими бар көйнөгүн кийген супсулуу, татынакай Екатерина Ивановна кирип келди, кызды көргөн Старцев суктанганынан оозуна бир да сөз кирбей, тилден калгансыды, жалдырап карап гана жымыя күлө берди.

Кыз коштошо баштады, ал да ордунан козголду, бул жерде калып отургандын эми ага кереги деле жок болчу, ошондуктан үйгө барайын, бейтаптар да күтүп калды деген болду.

Мейли эмесе, эмне кылабыз, — деди Иван Петрович, — жөнөңүз, баса, Котикти ала кетип клубга таштай өтсөңүз.

Короодо жамгыр шыбыргактап турган экен, көзгө сайгыс караңгы болгондуктан Пантелеймондун кыркырай жөтөлгөнүнөн гана аттардын кайда турганын билсе болоор эле. Арабанын чатырын өйдө көтөрүштү. 

— Мен килемден басып баратам, сен да калпты айтып баратасың, — деп бирдемени күбүрөдү Иван Петрович кызын арабага отургузуп жатып, — ал да калп айтып келатат... Айда! Жакшы баргыла, мархамат!

Жөнөп кетишти.

— Мен кечээ күнү көрүстөндө болдум, — сөз баштады Старцев. — Бул кылганыңыз жакшы эмес, кичине аясаңыз болмок мени...

— Сиз көрүстөндө болдуңузбу?

— Ооба, мен сизди ал жакта эки саатка чейин күттүм. Кыйналып кеттим...

— Эгерде тамашаны түшүнбөсөңүз, анда кыйнала бериңиз.

Ашыгына ушинтип амалкөйлүк менен тамашалаганына жана аны ушунчалык катуу сүйүп жатышканына маашырлана түшкөн Екатерина Ивановна каткырып күлүп жиберди да анан күтпөгөн жерден кыйкырып жиберди, анткени так ушул учурда аттар клубдун дарбазасын көздөй кескин бурулгандыктан, араба бир жагына оой кыйшайып кетти. Старцев Екатерина Ивановнаны белинен кучактап алды; кыз болсо коркуп кетип ага жабыша калды эле, ал өзүн кармай албай кыздын эриндеринен, ээгинен аймалай өпкүлөп жиберди да кучагына ого бетер бекемирек кысты.

Жетишет, — деди кыз кургак бурк этип.

Бир ирмемден кийин эле бошой түшкөн арабаны карап клубдун жарык болуп турган кире бериш жагында турган сакчы Пантелеймонго жагымсыз үнү менен бакырып коё берди:

Эмне туруп калдың, карга? Бошот жолду, жөнө!

Старцев үйүнө кетти, бирок бат эле кайра кайтты. Бирөөдөн сурап алган фракты кийип, мойнуна кыкыйта байланып алган галстугу улам жакасынан ылдый жылмышкан Старцев түн жарымында клубдун конок бөлмөсүндө Екатерина Ивановнага токтоно албай бадылдап сүйлөп отурду:

— О, эч качан сүйүп көрбөгөндөр эмнени билмек эле! Менимче, махабатты эч ким так сүрөттөп бере албас, мындай назик, шат, жанды кыйнаган сезимди деги сүрөттөп болобу, сүйүүнү жок дегенде бир эле жолу башынан өткөргөн адам аны сөз менен айтып бере албас. Деги эле мунун эмне кереги бар? Чечендиктин не кереги бар? Менин сүйүүм чексиз... Суранам, жалбарам сизден, — деп жиберди Старцев, — мага күйөөгө чыгыңызчы!

— Дмитрий Ионыч, — деди ойлоно түшкөн Екатерина Ивановна абдан олуттуу түр менен. — Дмитрий Ионыч, мени урматтаганыңыз үчүн сизге абдан ыраазымын, мен сизди абдан сыйлайм, бирок... — кыз ордунан туруп сөзүн улантты, — бирок, кечиресиз, сиздин аялыңыз боло албайм. Олуттуу сүйлөшөлү. Дмитрий Ионыч, билесизби, мен өмүрүмдө искусствону баарынан артык көрөм, музыкага жанымды берүүгө даярмын, ага бүт өмүрүмдү арнагым келет. Мен артист болсом дейм, мен атак -даңкты, ийгиликти, эркиндикти каалайм, сиз болсо менин ушул шаарда калып, эч бир пайдасы жок, маңыздан куржалак, мен эчак тажап бүткөн жашоону улантуумду каалайсызбы. Аялым бол дейсизби? — о жок, кечиресиз! Адам эң жогорку, жаркырап жанган максатка умтулууга тийиш, ал эми үй-бүлөлүк жашоо менин колу бутумду бир өмүргө тушап салмак. Дмитрий Ионыч (кыз акырын жылмайып койду, анткени «Дмитрий Ионыч» деп атып «Алексей Феофилактыч» дегенин эстеди), Дмитрий Ионыч, сиз ак көңүл, асыл, акылдуу адамсыз, сиз баарынан мыктысыз... — анын көздөрүнөн жылтыраган жаш кылгыра түштү, — мен сизге бүт жүрөгүм менен тилектешмин, бирок... бирок сиз мени түшүнөрсүз...

Кыз ыйлап жибербес үчүн тескери бурулду да конок бөлмөдөн чыгып кетти.

Кептин ток этерин уккан Старцевдин опкоолжуп соккон жүрөгү ордуна келди. Клубдан сыртка чыгаары менен адегенде эле мойнун кыскан катуу галстугун шыпырды да төшүн кенен жая кере-кере дем алды. Кыз анын намысына тийгени үчүн бир аз оңтойсуздана уялып да турду, — ал кыздан баш тартат деп күткөн эмес эле, — анткени бүткүл арман кыялдары, жанынын кыйналганы, үмүттөрү акыры келип аягы оюн сүйүүчүлөрдүн койгон кичинекей спектаклиндегидей минтип келесоолук менен бүтөөрүнө ишенбей турду. Өзүнө өзү боор ооруп, бөөдө кеткен махабаты үчүн өзүн өзү аяп, шолоктоп ыйлап жибергиси келип кетти, кол чатырынын сабы менен Пантелеймондун жайык далысына болгон жаалы менен тартып жибергенге да кайыл эле.

Үч күн иши колунан түшүп жүрдү, тамак, уйку дегенди унутту, анан Екатерина Ивановна Москвага консерваторияга окууга кетиптир деген имишти укканда биротоло жаны тынчып, мурдакы калыбындагы жашоосуна кайра түштү. 

Кийин темселеп көрүстөнгө барганын, шаарды түрө кыдырып фрак издегенин эстеген сайын ыкшоо кериле кобурап:

— Абдан түйшүк тарткан турбаймынбы, көрсө! – деп койчу болду.

 

IV

Төрт жыл өттү. Старцевдин шаардагы иши кыйла кеңейип калган. Ал күн сайын эртең менен Дялиждеги ооруканада сыркоолорду шаша-буша кабыл алып коюп, анан баягыдай кош дөңгөлөк эмес, жылаажындары шыңгыраган үч ат чегилген араба менен шаардагы бейтаптарга жөнөп кетер эле да үйүнө дайыма кеч кайта турган. Кыйла толуп, салабаттуу болуп калган, жөө басканды жактыра берчү эмес, анткени деми кыстыгып кетчү. Ат кошчусу Пантелеймон да семирип, туурасына өскөн сайын ал да үшкүрүп, өзүнүн армандуу жашоосуна нараазыланып калчу болду: арабакеч болуп жүрүп эзилип бүттү бул бечара да!

Старцев көптөрдүн үйүнө барып, ар кандай адамдар менен ымалалашып жүрдү, бирок алардын эч кимисине жакындап, тыгыз мамиле күткөн жок. Анткени карапайым адамдар өзүлөрүнүн сөзү, турмушка болгон көз карашы менен, алтургай, тышкы кебетелери менен анын итиркейин келтирип турчу. Муну ал жеке тажрийбасынан билет, кээде мисалы, бирөө менен карта чабышып, же ичип отурасың, ал сага тыш келбети жагымдуу, акылы деле жетик адамдай көрүнөт, анан эле тиш өтпөгөн бирдемелер туурасында, айталы, саясат же илим туурасында сүйлөшө келсең эле ошол замат туюкка кептелип калат же өзүнүн акыл парасатына шайкеш дөөпөрөс бир философиясын айтып кирет дейсиң, кол шилтеп туруп басып кеткенден башка аргаң калбайт. Бир жолу Старцев акылы зирек, эркин ой жүгүртө билет дешкен бирөө менен аңгемелешип көрөйүн деди, ага кудайга шүгүр, адамзат алдыга адымдап баратат, бара-бара паспорттун деле кереги болбой калат, өлүм жазасы да жоголот деген пикирин айтты эле, тиги болсо ишенбегендей аны жүлжүйө карап туруп: «Демек, анда ар ким эле көчөдө баратып кимди болбосун союп сала берсе болот экен да?» — десе болобу. Кээде Старцев коомчулуктун арасында, же башкалар менен тамак ичип отуруп эмгектенүү керек экенин, эмгексиз жашоо болбосун айтканда, башкалар муну жеме катары кабыл алып, ачуулана баштачу да мазесин ала талашып кирчү. Анан да алардын баары эч жерде иштебегендиктен, эч нерсе менен дегеле алектенбеген кыпкызыл бекерпоздор болгондуктан, мындайлар менен эмне туурасында сүйлөшүүнү ойлоп табуу да кыйын эле. Андыктан Старцев ар кандай сүйлөшүүдөн качып калган болчу, тамагын да унчукпай ичип, винт ойносо да чурк этпей ойноп, туруп кетчү болгон. Кээде кимдир бирөөнүн үйүндө үй-бүлөлүк майрамдын үстүнөн чыгып калчу, аны баары тамакка чакырышчу, ал отуруп дың деп ооз ачпай табакка тигилген бойдон тамагын жей берчү; бул убакта бери жактагылардын сөздөрү ага таптакыр кызыксыз, ныпым чындыгы жок жана түккө турбаган кептер эле,  ал итиркейи келип каны кызый түшсө да унчукчу эмес, ошондуктан мындай жүрүм-туруму үчүн шаардагылар ал эч качан поляк болбосо да ага «кекирейген поляк» деп ат коюп алышыптыр болчу.

Ал концерт, кино деген көңүл ачуулардан оолактап турганы менен карта чабышканга дилгир эле, күн сайын кечинде кеминде үч сааттай ырахаттана ойноп кетчү. Анын бара-бара сезилбей көнүмүшкө айлантып алган дагы бир көңүл ача турган эрмеги – кечинде отуруп алып күнү бою шыкай берип чөнтөктөрүнө толуп кеткен, атыр, сирке, чиркөө түтөткүчү, балык май жыттанган сары, жашыл майда кагаздарды алып чыгып санап отурчу, кээде алардын саны жетимишке чейин жетип барчу; анан бир нече жүзгө жеткенде Старцев аларды ич ара насыя Коомуна алып барып, өзүнүн учурдагы эсебине салып койчу.

Екатерина Ивановна кеткенден кийинки төрт жыл ичинде ал Туркиндердикинде болгону эки гана ирет, дагы эле шакыйдан жабыр тартып дарыланып келаткан Вера Иосифовнанын чакыруусу менен болду. Екатерина Ивановна болсо жай келген сайын ата-энесине конокко келип учурашып кетип турду, бирок ал аны бир жолу да көргөн жок, экөөнүн жолу кесилишпеди.

Ошентип төрт жыл өтүп кетти. Жылуу, мемиреген тынч күндөрдүн биринде ага ооруканага бир кат алып келип беришти. Вера Иосифовна Дмитрий Ионычка аны абдан сагынганын айтып, бир келип акыбалын жеңилдетип кетүүнү сураныптыр, баса бүгүн туулган күнү экенин да эскертип коюптур. Каттын аягында: «Апамдын өтүнүчүнө мен, К. да кошулам» деген кошумча жазуу да бар экен.

Старцев ойлонуп туруп, кечинде Туркиндердикине жөнөдү.

— А, саламатсызбы мархамат! — деген Иван Петрович баягыдай эле көздөрү күлүңдөп тосуп алды. — Бияка бонжур (француз сөзү) этиңиз.

Чачтары агарып, кыйла картая түшкөн Вера Иосифовна Старцевдин колун кысып, жасалма үшкүрдү да:

Доктор, сиз мени карагыңыз да келбей калыптырго, үйгө да келбей койдуңуз, кыязы, мен сизге картаң көрүнүп калдым окшойт. Бирок мына жаш бийкеч келди, балким ал бактылуу болоор.

Котик кандай болуп калды экен? Ал жышыла арыктап, өңү кубарып, ого бетер ажарлуу, сымбаттуу болуп кетиптир; ал эми баягы кылтыйма мүнөз жаш кыз Котик эмес, Екатерина Ивановна болчу; анда баягыдай аруу, балалык баёолуктун изи да жок эле. Көз караштары да, жүргөн турганы да кандайдыр бир жаңы эле – бир нерседен ийменгендей, күнөөлүүдөй жалтактап, өз үйүндө өзүн жаттай сезип турду.

— Канча жыл, канча кыш өттү! — деди ал Старцевке колун сунуп жатып, жүрөгү түрсүлдөп согуп атканы байкалып турду; анан кызыгуу менен анын жүзүнө тигиле карап туруп улантты: — Абдан толуп алыпсызго! Күнгө тотугуп, салабаттуу да болуп кетипсиз, бирок анча деле өзгөрбөптүрсүз.

Кыз ага азыр деле жагып турду, абдан жагып турду, бирок баары бир бирдеме  жетишпегендей болуп атты, же тескерисинче, бирдеме артыкча болуп жаткандайбы кандай, — мунун эмне экенин ал айта алмак эмес, бирок түшүнүксүз бир күдүк ой анын мурдакы сезимине жолтоо болуп турду. Ага кыздын кубарган өңү, башкача көз карашы, алсыз жылмайганы, үнү, анан кийген көйнөгү, отурган креслосуна чейин, дегеле өзү аз жерден үйлөнүп кала жаздаган кыздын өтмүш турмушу да жакпай баратты. Ал мындан төрт жыл илгери жүрөгүн жаралап убайымга салган сүйүүсүн, кыялдарын, үмүттөрүн эстеди да, өзүн ыңгайсыз сезип кетти. 

Таттуу токоч менен чай ичишти. Анан Вера Иосифовна көнүмүш адатына салып жазган романын окуду, дегеле жашоодо болбой турган нерселер туурасында окуп жатты, Старцев болсо анын бубак баскан алмадай келишимдүү башын карап коюп, качан бүтөр экен деп тажай күтүп отурду.

“Повесть жазуу колунан келбегендер зээнсиз эмес, — деп ойлоду ал. – Аларды жазып, бирок анысын жашыра албагандар зээнсиз”.

Жаман эмес, — деди Иван Петрович. Анан Екатерина Ивановна роялда отуруп алып каңгырата көпкө чейин ойноду, ал бүткөндө баары жабыла узакка чейин алкап, өнөрүнө суктанганын билдирип жатышты. 

«Буга үйлөнбөй калганым ырас эле болгон экен», — ойлоду Старцев.

Кыз болсо аны улам карап коюп, кыязы, качан бакка чакыраар экен деп күтүп атты окшойт, бирок ал унчуккан жок.

— Келиңизчи сүйлөшөлү, — деди ал Старцевке өзү жакын басып келип. — Кандай жашап атасыз? Эмне болуп атат, иштериңиз кандай? Ушул күндөрү мен сиз жөнүндө ойлодум, — улантты ал туталангандай, — сизге кат жазайын дегем, өзүм эле сиздикине Дялижге барсамбы да дегем, бирок ал оюман кайттым, — сиз эми мага кандай мамиле кылаарыңызды бир кудай гана билбесе... Бүгүн сизди абдан толкундана күттүм. Суранам, жүрүңүзчү, бакка баралы.

Алар бакка чыгышты да төрт жыл мурда отурган эски клёндун астындагы баягы отургучка отурушту. Караңгы эле.

— Кандай жашап жатасыз? — деп сурады Екатерина Ивановна.

— Акырындап, кыбырап турабыз, — жооп айтты Старцев.

Айтаарга башка сөз тапкан жок. Унчукпай калышты.

— Мен толкунданып турам, — деди Екатерина Ивановна колу менен бетин баса, — бирок сиз мага көңүл бурбай эле коюңуз. Үйгө келгени өзүмдү абдан жакшы сезип атам, баарын көргөнүмө абдан кубанычтамын, көнө албай да турам. Эскерүүлөр ушунчалык толтура дейсиз! Сиз менен таң атканча сүйлөшсөк да кебибиз бүтпөйтко дегем.

Эми Старцев кыздын жүзүн, жылтыраган көздөрүн жакындан көрүп турду, ал караңгыда бөлмөдөгүгө караганда баягы балалык баёолугу кайра ордуна келгендей, кыйла жаш да көрүндү. Кыз чынында эле өзүн бир кезде жалындап, ушунчалык бериле назик сүйгөн бактысыз адамды жакындан көрүп, түшүнгүсү келгендей ага баёо кызыгуу менен тигилип турду; кыздын көздөрү ага ошол махабаты үчүн үнсүз ыраазычылык айтып жатты. Өткөн иштин баарын Старцев да аки-чүкүсүнөн бери эстеди, көрүстөндү кантип кыдырып жүргөнүн, анан таң атаар алдынан чарчап чаалыга үйгө кайтканын эстеп, бир оокумда шаабайы сууй түшүп, өткөндү аяп да кетти. Көөдөнүн жылт эткен от ысытып чыкты.

— Мен сизди клубдагы кечеге узатып барганым эсиңиздеби? — деди ал. — Жаан төгүп, капкараңгы болуп турбады беле...

Көөдөнүндөгү от улам күчөп, эми сүйлөгүсү, жашоого нараазылана арманын төккүсү келип кетти.

— Эх! — деди ал улутуна. — Мына сиз кантип жашап атасың деп менден сурап жатасыз. Бул жерде биз кантип жашап атабыз дейсиз? Кайдагы жашоо. Картайып, семирип, чөгүп баратабыз. Күн түнгө алмашат — сутка өтөт, эч кандай таасири, маңызы жок кунарсыз бир жашоо өтүп атат да... Күндүзү пайда издемей, кечинде клубка бармай, картачылардын, араккорлордун, бакырчактардын чөйрөсүнө аралашмай, аларды көрөйүн деген көзүм жок. Мунун эмнеси жакшы?

Бирок сиздин ишиңиз, жашоодо асыл максатыңыз бар да. Сиз бейтапканаңыз туурасында айтып бергенди абдан жакшы көрчү элеңиз. Мен ошондо бала экенмин да, өзүмдү улуу пианистка деп ойлоптурмун. Эми айымдардын баары эле роялда ойногонду билет, көрсө, мен деле башкалардай эле ойноп жүрүптүрмүн, менде өзгөчө бир шык деле болбогон экен; мен апам жазуучу болгондой эле пианистка болгон экенмин. Ошондуктан ал кезде сизди түшүнбөптүрмүн, бирок кийин Москвада жүрүп сизди көп ойлодум. Чынында ойлогонум эле сиз болдуңуз. Дарыгер болгон, жабыр тарткандарга жардам берген, элге кызмат кылган кандай бакыт... Кандай бакыт! — эреркей кайталады Екатерина Ивановна. — Москвада жүрүп ойлогонумда сиз мага ушунчалык идеалдуу, бийик сезилчүсүз...

Старцев болсо күн сайын чөнтөктөрүнөн ырахаттануу менен алып чыкчу кагаздарды эстеп кетти да, ичиндеги от ошол замат жалп өчтү. Ал үйгө кирмекке ордунан турду эле, кыз аны колтуктап алды.

— Сиз мен өмүрүмдө билгендердин ичинен мыкты адамсыз, — улантты кыз. -  Биз эми жолугушуп турабыз да э, чынбы? Мага убада бериңизчи. Мен эми пианистка эмесмин, эми бул жагынан түк адашпайм, сиздин алдыңызда ойнобойм да, музыка туурасында да бир ооз сүйлөбөйм.

Үйгө киргенден соң Старцев кечки жарыкта анын жүзүн, муңайым, ыраазычылык толгон, өзүн сынай караган көздөрүн көрүп, тынчсыздангандай бир сезимге кабылды да кайрадан ойлоп койду:  

«Ошондо жакшы эле буга үйлөнбөй калган экенмин».

Ойлоду да коштошо баштады.

— Сиз кечки тамакты ичпей кеткенге эч кандай римдик укугуңуз жок, — деди аны узатып атып Иван Петрович. — Бул сиз тараптан өтө кайчылаш иш болуп калды. Кана, көрсөтүп койчу! — деди ал кире бериштеги Павага.

Баягыдай балакай эмес, эми кер муруту бар жаш жигитке айланган Пава позага турду да колун жогору көтөрө кайгылуу үнү менен:

— Өлүп кал, шордуу! – деди.

Мунун баары Старцевдин итиркейин келтирип турду. Арабага отуруп атып бир кезде көзүнө сүйкүм жана кымбат көрүнгөн мобул карарган үйдү, бакты карап, ошол замат баарын эстеп кетти: Вера Иосифовнанын романдарын, Котиктин чуусу артык ойнун, Иван Петровичтин тапандыгын жана Паванын кайгылуу позасын эстеди да бүткүл шаар боюнча таланттуу деген адамдар ушунчалык зээнсиз болсо, анда шаар кандай болушу керек деп ойлоп койду.

Үч күндөн кийин Пава ага Екатерина Ивановнадан кат жеткирип келди.

«Сиз биздикине келбей койдуңуз го. Эмне үчүн? — деп жазыптыр ал. — Мен сиздин мамилеңиз бизге өзгөрүп калдыбы деп чочулап турам; минтип ойлогон сайын коркуп жатам. Келип менин көңүлүмдү тынчтандырып, баары жакшы экенин айтып кетсеңиз. Мен сиз менен сүйлөшкүм келет. Сиздин Е. И

Ал катты окуду да анан ойлонуп туруп Павага минтти:

Достум, мени бүгүн келе албайт, иши абдан көп болуп атыптыр деп айтып койчу. Үч күндөн кийин келет экен де.

Бирок үч күн өттү, бир жума өттү, ал чыгынган жок. Бир жолу Туркиндердин үйүнүн жанынан өтүп баратып, келем дегени эсине түштү да, бир мүнөткө кире калсамбы деди, бирок ойлонуп туруп кирбей кете берди. Ошол бойдон ал Туркиндердин үйүнө барбады.

 

V

Дагы бир нече жыл өттү. Старцев ого бетер толуп, семирди, кышылдап араң эле дем алат, басканда да башын чалкалай көтөрө басчу болду. Баарынан да үч ат чегилген жылаажындуу арабасында келатканы өзүнчө бир шаң, томпойуп кыпкызыл болуп чалкалай отурган бойдон келатат, эткээл далылуу арабакечи Пантелеймон да так кожоюнундай толуп, семирип алган, жыгачтай болгон колдорун алдыга сунган бойдон баратып, утурлай келаткандарга «Оңго чык!» деп кыйкырса, тимеле арабада адам эмей эле, бутпарас кудай келаткандай сүрү бир артык.

Старцевдин иши кыйла кеңирип, дем алганга чолосу жок эле, бирок мээнетинин үзүрү кайтканы бул: шаарда эки имараты, эки үйү бар, дагы жакшыраак бир үй алсамбы деп ойлонуп карап жүргөн чагы, ич ара насыя Коомундагылар ага сатыкка коюлган үйлөрдүн кайсы бирин айтаары менен эле ал ошол үйгө шак жетип барат да бардык бөлмөлөрдү кыдырып чыгат, ал жерде ага таң калып жүрөгү түшө караган аялдарга, балдарга көңүл да буруп койбой, улам бир эшикти таягы менен сайгылай уруп:

Бул кабинетпи? Бул уктоочу бөлмөбү? А бул жакта эмне? – деп сурай берет.

Күшүлдөй оор дем алып, маңдайынан чыбырчактаган терин улам сүрүп коет.

Үлгүрө албай, түйшүгү башынан ашып турса да земстводогу иш ордун да түк бошоткусу жок; ачкөздүгү ашынып, тиги жакта да бул жакта да иштесем дейт. Дялиждегилер да, шаардагылар да аны эми жөн эле Ионыч деп алышкан, — «Ионыч кайда баратат болду экен?» же: «Консилиумга Ионычты чакырыш керек го?» деп турушат.

Кекиртегин май басып кеткендиктен анын үнү да өзгөрүп, чыйылдап ичке, кескин чыкчу болду. Мүнөзү да оорлошуп, ар кимге зиркилдеп, сиркеси суу көтөрбөй калды. Бейтаптарды кабыл алып жатканда да кучунашы кармап кетип ачууланып алат, таягы менен полду ургулай, чыйылдаган жагымсыз доошу менен:

Суроолорго гана жооп бериңиз! Сүйлөшпөңүз! – деп куйкасы курушат да турат.

Коколой башы жалгыз жашап келатканы. Жашоодон чарчап тажагандай эми эч нерсеге деле кызыкпай калган.

Дялижде жашап турган мезгилде анын көңүлүн шат кылган бир гана нерсе, кыязы, акыркы да кубанычы — Котикке болгон махабаты эле. Эми кечинде клубга барып алып ар ким менен карта чабышат, андан кийин чоң столго отуруп кечки тамакты жалгыз ичет. Аны бул жердеги таанымал болуп калган эң тажрийбалуу эски кызматкер малай Иван тейлейт. Ага шараптын лафит №17 делинген эң өзгөчө мыкты сортунан беришет да анан бул жердегилердин баары – клубдун чоңдору, ашпоз жана малай анын көзүн гана карап турушат, анткени ага эмне жагаарын алар жакшы билишет, ошондуктан анын көңүлүн алууга болгон аракетин жумшашат, антпесе ачуусу келип, таягы менен полду ургулап кириши турган кеп.

Кечки тамакты ичип атып ал кез-кезде кайрыла калып, бирөөлөрдүн сөзүнө аралашып калат:

— Эмне дейсиңер? Ия, кимди айтып жатасыңар?

Кээде кошуна үстөлдө отургандар Туркиндерди кеп кылып калышса ал:

Кайсы Туркиндер? Аа, алиги кызы фортепьянада ойногон немелерби?

Ал туурасында айта турган баян ушул.

Туркиндерчи? Иван Петрович картайган жок, түк өзгөргөн да жок, баягыдай эле шайыр тамашаларын, анекдотторун айтып шайдоот жүрөт; Вера Иосифовна болсо мурдагыдай эле келген конокторго жазган романын жан дили менен окуп берет. Ал эми Котик күнүнө төрт сааттай роялда ойнойт. Ал кыйла карый түшкөн, ооруп да жүрөт, ошондуктан жыл сайын күзүндө энеси менен Крымга жөнөп кетет. Иван Петрович болсо аларды вокзалдан узатып жатып, поезд ордунан жылганда көз жашын сүртөт да:

Кошуңуздар, мархамат! – деп кыйкырып кала берет.

 

А. П. Чехов, 1898

 

Кыргызчага которгон Бахтияр ШАМАТОВ


Количество просмотров: 155