Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Шахсанем Мюррэй, 2015. Бардык укуктар корголгон
© Кыргызчага которгон Карыбек Байбосунов, 2021. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2022-жылдын 14-апрели

Шахсанем МЮРРЭЙ

Муздак кѳлѳкѳлѳр

(Cold hadows)

Роман-триллер

Кыргызчага которгон Карыбек Байбосунов

 

Бул окуя 80чи жылдардын аягында ɵтɵт. Бул китептин каармандары ар башка ɵлкɵлɵрдɵ жашашат. Бири-бирине келишпиген турмушу менен. Бирок, абдан кызык окуя менен поездде Фрунзе-Москва жолунда. Кичинеден баштап баш-аламан окуя чечиле баштайт. Каармандардын чырмалашкан тагдыры, ачыла баштайт. Алардын кесиптери, сүйүү арам -залыктары кесилинет. Радикалдуу саясий ɵзгɵрүлүш жана эки шпиондун оюну катышуучуларды баш аламандыкты салган. Аларды бириктерин оор сыноолорду багыттайт. Бирок эӊ маанилүү нерсе — сүйүү

 

 

КОТОРМОЧУДАН

Улуту кыргыз, жарандыгы Шотландиялык жазуучу кызыбыз  ШАХСАНЕМ Мюррэйдин бул роман-триллери айтылуу “Кансыз согуштун” акыркы жылдарындагы окуяларды чагылдырган керемет китеп экен. Мындай чыгарма менен котормочулук жаатында иштөө мага зор эстетикалык жана психологиялык ырахат алып келди.

Өткөн кылымдын акыркы 10-15 жылдары аралыгындагы күрдөөлдүү дүйнөлүк өзгөрүүлөр менен кошо, инсандардын керт башына келген тагдырларындагы чукул бурулуштар,  адамдын бүйүрүн кызыткан окуялар чыгармада таасын сүрөттөлгөн. Шпиондук жана чалгын иштериндеги айоосуз кагылышуулар, ошону менен бирге, көп катмардуу окуяларга жык толгон сүйүү темасы психологиялык жандуу көркөм каражаттар менен берилгендиги суктандырбай койбойт.

Шахсанем Мюррей адамдагы негизги баалуулуктардын бири – инсан эркиндигин баркын терең түшүнгөн терең гуманист жазуучу катарында заманбап дүйнөлүк адабиятта өзүнүн ордун аныктады десек жаңылбайбыз. Себеби, эркин коомдо өскөн адамдардын жүрүм-туруму менен тар коммунисттик чөйрөдө жашаган адамдардын ой жүгүртүүсү, дүйнөгө көз карашы баары бир айырмаланбай койбойт. Ошондуктан, бул триллер мамлекеттик саясатты түптөөдө жарандардын ойлонуу, сөз сүйлөө жана ишмердиктеги эркиндиктеринин баасынын канчалык мааниси бар экендигин эске салып тургандай. Автор өзу жазгандай, идеологиялык чектөөлөрдөн тыш, эркин коом адамзат үчүн аба менен суудай керек нерселер экен. Ансыз адам баласы бактылуу болушу эч  мүмкүн эмес!

“Муздак көлөкөлөр” роман-триллери жанрдык жагынан дагы өзгөчөлөнүп, эпохалык драматизмге сугарылган, көп пландуу  детективдүү тариздеги чыгарма болуу менен, өз окуучуларын көңүлкош калтырбайт деген ойдомун.

Бардык адабият ышкыбоздору жана тарых, детектив, саясат таануу ынтызарлары  тарабынан позитивдүү кабыл алынат деген ишенимди билдиргим келет.

 

Биринчи бап

Июль, 2014-жыл.

Шотландия, “Тумандуу Дөбө” жергеси.

— Ай сеники өттү, саксайган гана шүмшүк! Азыр жалпайта чаап салайынбы? – деп айылдын бир орундук ооруканасында жаткан абышка кайра-кайра жабышкан чымынды гезити менен кууган болду. Ал шүмшүк ансайын оорулуу неменин тегерегинде ызылдап, айласын алты кетирип жатты.

Шамалга термелген бактардын шуулдаганы басылып, терезе сыртында түнкү салкын аба тунжуроого батты. Терезе пардалар акырын термелип, сеңселип жатты.

Жанараак “Тез жардам” машинеси шаардын четиндеги урандылардын артындагы көлмөгө чөгүп өлмөк болгон бир жанкечтини алып келди. Ошол пациент эми тийиштүү дары алган соң шылкыйып тынчтанып калган болчу да, тажаткан чымынга көз кырын салып, шалдайып олтурган. Чымындын ызылдагы ансыз да  муңайым турган жанды эзип, абышка бир нече жолу терисине жабыштырылган резина жабышкакты үзүп салууга канча далалат кылганы менен, алсыздыктан анте алган жок. Ошол жабышкак аркылуу анын жүрөгүнүн согуусу ийри жылан сыяктуу сызык менен тыкыр белгиленип турмагы.

Терезе артында акырындык менен караңгылык кире баштады. Күчтүү прожектор көчөнү күндүзгүдөй жарык кылып турду. Оорулуунун көзүнө кандайдыр бир белги салынган жаныбарлар көрүнгөнсүп, алардын көлөкөлөрү палатаны толтургансып, ошол элестер анын оюн чачыратып жатты. Өткөндүн бурмаланган көрүнүштөрү оорулуунун ой— кыялдарына такыр туура келбей жатты.

Бул эмне, галлюцинациябы? Же чын эле ошол окуялар азыр болуп жатабы? Же бул мен эмес, башкабы?

... Башын чайкап, жини келип, Шотландиянын көз карандысыздыгы үчүн референдумга үндөгөн өлкөнүн биринчи Премьер-Министр Алекс Салмонддун карикатураларына жана сүрөттөрүнө жык толгон гезитти бүктөп алып, алиги чымын менен алышып жатты абышка. Эл экиге бөлүнгөн болчу: бир даары “көз карандысыз болобуз” дешсе, башкалары “Улуу Британиянын эле курамында болобуз” дешип.

Саясатчылардын шакаба жана какшык менен коштолгшон  сүрөттөрү гезиттин бардык беттеринде толгон. Ошентип, Шотландия өз тагдырын чечип жатты. Мобул кичинекей шаарчанын жашоочуларынын пикирлерин уккан деле эч ким болгон эмес, бирок ар бир атуул өлкөнүн келечеги үчүн толкунданып жатканы чындык болчу. Шотландиялыктар талаш-тартыштан улам чырдаша кетип, өзүн токтото албай, катуу кетишкен учурлар болду.

Өзгөчө пенсия курагындагылар катуу талашап-тартышып жатышканы менен, аларды олуттуу уккан эч ким болгон жок. Пабдардагы кечелерде ичимдик ичүү менен болгон бака-шака чыр-чатактар, эч ким эч кимди укпаган тейде аяктап жатты.

Атаганат, жергиликтүү саясатчылар өзүм билемдикке алдырып, элдин да башын айлантып бүтүштү. Алар элге эгемендиктен бешка эч нерсе керек эмес деген ойду таңуулап жатышты. Акыры, алардын идеялары ишке ашкан жок.

 

***

Капыстан кире берүүчү каалганын жагымсыз кыйчылдагы угулуп, кимдир бирөөнүн калдайган карааны көрүндү. Ал көлөкөнү ээрчий, күтүүсүз дооштор оорулууну чоочутту. Демин басып, бир нече жолу гезитин булгалап, керебетинин баш жагына коно калган чымынды чабууга ниеттенди. Доош катуулап, тигил көлөкө кишинин сөлөкөтүнө айланганда, оорулуу коркконунан анын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй туйлап кетти. Бул оорулуунун аты Фред Роджер болчу.

Шоокум тынчып, көлөкө токтой калды. Далистин күүгүм жарыгында тигил сөлөкөт төбөдөгү лампочкага кол созуп, аны чыйкылдатып толгой баштаганы көрүндү. Капилеттен жарк эткен электр жарыгы оорулуунун көзүн уялтып ийди да, чала жабылган эшиктен кадимки дежур доктур жигиттин сөлөкөтү эшиикти такылдатты. Роджер көзүн чакчайтып, дагы эле оор дем алып олотурган эле. Доктур жигит бөлмөгө акырын кирди. Оорулуу доктурдун жүзүн таанып алууга ниеттенип карады эле, анын келбети кандайдыр бир өткөн замандагы бирөөнү элестетти. Роджер ал жөн гана өзү элестетип алган бирөө го деп ойлогон эле, себеби ал шектенүүсү күч адам болчу.

Ушул чакта медкызматчы беткабын чечти да,  оорулууну коркунучтуу арсайган тейде карады. Оорулуунун жүрөгү ого бетер тездеп сого баштады. Күндүз эле коюлган монитор жүрөктүн согуусунун нормадан ашып бараткандыгын көрсөтүп калган эле. Роджер медкызматчынын катаал манерасын байкады. Тигил болсо бөлмөнүн ортосуна олтургучту коюп, бутун бутуна учкаштырып олтургандан кийин, чөнтөгүнөн белгилүү бир маркадагы сигарет алып чыгып, шашпай, аста-секин гана ширеңке чагып, сигаретин күйгүздү. Түтүндү абдан терең оп тартты да, оозунан шакек-шакек түтүн чыгара баштады.

Абышка тигини тааныды, бирок ким экенин эстей албай маң болду. “Ким эле? Менден буга эмне керек?” деген суроо мээсин тешип жатты  да, жүзү күмөндүү тырышты.

Роджер бир канча убакыт ордунда катты да, тиги лөкүйгөн неме “Жаңгактын гүлдөгөнү ушул айлуу түндө керемет эмеспи, ээ?” – деген сөздү айткыча дем чыгарбай күттү.

Эсине бая экөө жолугушууларда колдогон сыр сөздөр түшүп жатты: “Ооба, жаңгак ай толгон керемет түнү гүлдөйт” – деп көнүмүш болгон сөздү айтып, былк этпей олтура берди.

Роджер  тиги кишини билчү! Бул түнү ага эч ким жардамга келмек эмес. Кырдаал аны биротоло шөмтүрөттү. Дежур медкызматчынын кейпин кийген неменин суук көздөрү ырайымсыз эле! “Өч, өч” дегенсип, теше тиктеген жаналгычтын көздөрү ай!

— Тиги кана?! – деп Шульц заардуу киркиреди.

“Тигил” дегени мурунку коллегасы болчу. Ага Роджер Чыгыш Германиянын “Штази”  чалгындоо уюмунан уурдалган документтерди жеткирмек экен. Анадан кийин Будапештте будуң-чаң уюштурушмак экен. Ошол оюнда бир тарап жетиштүү маалыматка ээ болгон соң, дүйнөнү чаңдатышмак.

Тээ “кансыз согуш” маалында таймашкан эки тарап ошондой бир калайманды баштамакка камданышып, керектүү кырдаалды күтүп, британдык, россиялык шпиондор өз ара коркунучтуу оюндарды уюштуруп баштаган эле. Идеологиялык кармаш акырындык менен башка түргө өтүп, болочок согуштун пландары чийилип баштаган. Ошондой учурда, жоголгон маалымат ким тарабынан гана болбосун, тийиштүү “конпканы басканга” абдан маанилүү болгон. Эки тарап тең адамдарды коркунучка кептеп турууга аракеттенген менен, кырдаал акырындык менен жумшарып, “темир тосмо” ачыла баштаган болчу.

Эмнелер гана болбоду! Бирок, интригалар менен куру таймаш күчүн жоготуп калган болчу. Анын үстүнө документтердин жоголгону көптөгөн бузуку уюмдар үчүн сокку болду...

Роджер шилекейин жута кекечтенип жатып суроо салды:

— Ким, каяктагы? Эмне?

— Менин аялым Лорен! – деп Шульц ордунан секирип турду да, анын тиштенген ырайы Роджердин маңдайында кумсарды.

— Аялым дейсизби? Ким ал? – деп Роджер анткорлонуп, билмексенге салууга далалат кылды.Коркууданбы, же “Лорен” деп аталган ысымдын  айынанбы, Роджердин беттери ысып чыкты. Ошол зайып менен болгон бир нече окуя анын көз алдынан чубуруп өттү. Эки бетин алакандары менен жаба калды.

— Эй, бери кара! Мен сени менен сүйлөшүп жатам го! – деп бакырды Шульц.

— Ой кечириңиз. Алиги экөөбүзгө берилген тапшырманы апкелип, мен кофе даярдай калгыча качып жоголгон аялбы? – деп билмексен болмокчу аракети оңойгө турган жок. Дагы жакшы, Лорен байкуш жанында эмес. Ошону ойлоп, коркуу сезиминен алыстады көрүнөт, бирок Роджер баары бир  Шульц менен болуучу баарлашуу оңойго турбасын жана узак болоорун боолгоп турду. Эми ал өзү дагы ошол сүйүктүүсүнүн кай жакта жүргөнүн билүүгө дилгир эле.

— Ии ооба, дал өзү! Артынан жанталашып чала французча булдурап чуркап жүрбөдүң беле, ишинен алаксытып!Шульц “Честерфилд” деген сигареттин пачкасын алып чыгып, бирди чеге баштады. Кутуну кайра төш чөнтөгүнө сала берип, тамекинин түтүнүн оозунан шакекче кылып чыгарып, Роджерге тигиле тиктеп олтурду. Экөө бирин бири тиктеп, баягы жаштык кез артта калганын сезип олтурушту. Экөө тең көздөрүн чала жумуп, өткөн окуяларды тизмектеп, көздөрү кобра жыландай арбашып, купуя суроолорго жооп издешкендей.

Роджер эми өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү келгенин сезип, качанкы окуялар менен адамдарды бирден көз алдынан  өткөрө элестетип жатты. Элестер көшөгөсү арылап, өзүнө суроо салды ичинен: “Өткөндү унутууга болобу? Жок!” деп өзүнө катаал жооп кайтарды ичинен. Өмүр бою артка кылчаюуну билген эмес, ал эми эстутуму кечээги менен эртегинин ортосунда кыпчылып, өмүрү кайчы тилкеде калган эле.

Эми, эстутум канчалык эзип жатса дагы, канчалык өткөндү унутуп, жашоосунан сызып салууга аракет кылса дагы, болбоду! Эстутум тирүү нерсе экен! Андан кача албайт экенсиң. Ал сенин кан-жаныңа бекем сиңген, андан кутулбайсың!

Эми минтап “өмүр” деген жардын кырында туруп, узак мезгил мурунку күрдөөлдүү окуяларды тизмектеп жатты.

... Ошондогу элес. Ээсиз калган кооз имараттын ичинде оор парданын ортосунан күн шооласы көзөп өтүп, алтын буусуна кармаган алкагы бар чоң күзгүлүү кенен бөлмөгө бир аз жарык берип турду. Арыдан бери коюлган эмеректер ыңгайлуулук сезимин берип тургансыйт да, ортодо кымбат баалуу жаңгактан  атайын буйрутма менен жасалган ийри буттуу күрөң рояль турат. Арыда капкагы чала ачылган патефондон жакшынакай обон кайрыктары угулат. Ошол кеч Роджердин оюна түштү. Адамдардын шоокумдары бир пайда болуп, бир жоголуп кетип, үндөрү акырын чыгууда.

Роджердин көңүлүн өзүнө бурган айым менен мырза болду. Айым сымбаттуу денесине чып жабышкан кечки үлпөт көйнөкчөн, чач саркечи 30-жылдардагы формда жасалгалаганган, аны мырзасы белинен тарта, кулагына бирдемелерди французча күбүрөйт. Роджер кулак сала, айрым сөздөрүн түшүнө тыңшап турду. Лорен менен бейтааныш мырза аңгемелешкен боюнча тепкичтен ылдый түшүп кетишти да, үндөрү угулбай калды.

Ушул элести Роджер эс тутумунда кайталай берди. Кыялында, Лорен. Жалгыз-жарым жүргөндө ал айым дароо көзүнө тартылып, Роджер канчалаган сааттар, күндөр, айлар бою ошол элес менен жашады. Ал эми Лорен болсо Роджерди гана күттү. Ана, керебетке боюн таштап, буркурап ийди эле, ошол замат Роджер пайда боло калат да, тизесин секин сылаган болот. Лорен  моймол көздөрүн ачат. Роджер каны кызый Лорендин бал көйнөгүн айрып жиберет. Өзүн жомоктогу Минотавр сымал элестетип... апей, сүйгөнүнүн көздөрү башкада эле. Лорен тигил бейтааныш менен бийлеп, анан алар акырын тепкичтен ылдый түшүп кетишти.

Кайра эле ошол элес. Роджер мейкиндикти кеңейте салып, Лоренге тигил бейтааныш неме жакындабаса экен деп тиленет. Аттиң, болбой эле тигил желмогуз кайра пайда боло калат. Оюнда байкуш Роджер алиги бейтааныш мырзага уттурган болот.

 

***

Роджер эсин жакшылап жыйууга аракет кылып жатты. Ал өзүн чоң даракты кучактап алып, буркурап ыйлап жаткан тейде элестетти. Анткени, жакынкы эле окуялар анын эсин эки кылып, баштапкы кыялдары, өткөн өмүр жылдары, жетпей калган сүйүүсү, өзгөчө Лоренге болгон арзуусу аны уялтып да, ардантып да жүрдү. Бул купуя сыр өз ичинде гана сакталып, аны аялына да айтпаган. Аялы тирүү кезинде, баягы кызыл көйнөк сулууга болгон арзуусун ачыктайын деп оолжуп барып токтогон болчу...

Роджер өзүнүн ойлорунан чыгып, бир силкинип алды да, терең үшкүрдү. Аялынын доошу кулагында кадимкидей жаңырат: “Мен баягы жаштыгыбызды кайра-кайра эстей берем. Каакым-куукумду  үйлөп, апакай чачыктарын желге айдачу эмес белек. Кандай гана шарттар болбосун, үмүт менен жашадык го. Каакым-куукумду кантип шамалга каршы үйлөсүн десең! Бирок, мүнөзүбүз ушундай бала кыял эмес беле! Сага болгон таарынычым ичимде кайнап, көз жашымды көрсөтпөй, ызам эстутумумдун тереңинде катылган. Эми өткөндү эстегенде эмне, Роджер, туурабы?” – деп курагы элүүдөн өтүп калса дагы, анын “сыр аяктан сыны кетпеген” ак жүздүү байбичеси сөзүн бөлүп сайрай берүүчү. Эми анын жаны асманда.

Баары калды. Роджер түнү бою адашкан карт мышыкка окшоп, түнкүсүн бакка жөлөнө буркурап, бугун чыгарып-чыгарып алчу болду. Анысына өзү кайра уялат.

Илгери, ушул дарактын түбүнө аялын жетелеп келип, “Мен башка жубанды сүйөм, сенден кетем” деп айтмакчы болгондо, келинчеги анын сөзүн бөлө, “койчу жаным, биз өз доораныбызды сүрдүк, өткөн өттү, сенин азабың, тарткан мээнетиң артта калды. Эми кайрадан биргебиз!”

Роджер алыста экенин сезген аялы, күйөөсүнүн көңүлү башкада экенгин сезгендей, ыйлап алчу. Бирок тигил айым ким экенин билгиси келчү эмес. Шордүүнүн өмүрү коркунуч менен күтүүдө өттү. Ушуга да каниет кылды. Тагдыры ошол экен...

 

***

Экөө ошентип ар кимиси өз билгенин ойлоп, канча олтурганы белгисиз, бир маалда Шульц тамекисин кайра түтөттү. Роджер көзүн ачып, реалдуулукка кайтты. Шульц андан эмнени талап кылаарын түшүнүп турду. Ал алиги Лоренди коштогон эркек болчу. Роджердин эстутуму өткөндүн ар бир окуясын майда-чүйдөсүнө чейин кармалп калыптыр. Ушул нерсе ага тынчтык бербеди. Эстутум менен кыял желелери чапталышып, чаташып калды. Анын жашоосу да ушул желеге байланды. Сүлүк курттай жабышкан өткөн окуялардын элестери ушул оорукананын бөлмөсүнө кирип, жык толуп алгандай туюлду.

“Эстутум”. Роджер акырын башын чайкап, Шульцка билгизбей ыржайган болду. “Демек, эч нерсе унутулбайт. Баары жашоодо, мына азыр тирүү. Жаныңда.

Ушуларды ойлогон Роджер арык колу менен сызылып чыга калган көз жашын билгизбей сүртүп алды. Шульцтун алдында алсыз болууну каалабады. А тиги болсо, Роджерди жаман көзү менен тиктеп турган. Анын суук көзү роджердин бүтүндөй тулкусун муздатып жатты.

Шульц эмнеге келди экен бул жерге? Ал кантип Роджерди көп жылдар бою эзген окуялардын туткуну болуп алды?

Таноолору кеңейип, өткөн-кеткен иштер жаман жасалган кинодой чубалып жатты.

 

Экинчи бап

“Булуттуу дөбө”. Кечээги күн.

Жайдын жылуу желаргысы башты айлантып, бир сонун жортуйт дейсиң, күндүзгү үп кайда кеткени да билинбей калат. Атлантиканын туздуу шамалы ушул кооз жерди сылап эркелетип тургансыйт. Тептегерек ажайып Ай тээ бөксө тоонун арт жагынан сары кызыл тоголок болуп, кылайып чыкты.

Ошол сыйкырдуу түндөр жомокко окшош эле. Анда-санда ары-бери каттаган машинелер фаралары менен жылт-жулт эттирип, узун, ийри жолду жарык кылып жатты. Бул эми негизинен жайкы эс алуусун өткөрмөккө келишкен туристтер эле.

Жалгыз сөлөкөттүн карааны бирде көрүнүп, бирде жоголуп кетип жатты.

“Ха-ха-ха! Ии, мажар жаркөптүн сырын бизге айта салсаң! Ха-ха-ха, шпион имиш!” деген тейдеги шакаба чалды ээрчип алды. Ал түн ортосунда эч кимге көрсөтпөстөн жыгач шатыны бийик эмендин капталына жөлөп, киши-караан жокпу дегенсип, эки жагын каранып алды. Жолду жакшылап жарык кылганга жарачу чакан  кол шамын жандырып, абышка айланага кулак түрдү да акырын жолго чыкмак болду.

Анын сабырын алган шылдыңдар, каткырык шоокумдар түн уйкусун бузуп, жинди кыла турган. Кээде ойгоно калып, өзүнө түшүнүксүз бир нерселерди катуу-катуу кобурап калат. Аябай арыктап да кетти. Үстүндөгү кийими салбырап кенен келип калганы да ошондон.

Роджер депрессияга бат-бат учурачу болду. Өзүн күзгүдөн карагандан да коркот. Эми мындан ары андай шартка чыдоого болбой калды. Ал кайткыс чечимге келип алды: план даяр! Анын оюн ким билмек эле.

— Көрсөтөм силерге венгер гуляшты... Түү акмактар! Караңгы шүмшүктөр! – деп ал апарык муштумун тээ шаар жакка кезеди.

Роджер эртенки планды таптак ойлоштурду. Керели кечке жер тытып иштеген кошуна аялдын шатысын жертөлөсүнөн акырын уурдап алды да, байкатпастан илгерки жакшы окуялар эсте калган жерге жеткирди. Бир кезде үйрөнүп алган өнөрү азыр кереги тийип жатканына кубанды.

Айлана жымжырт. Жайдын капортосунун салкын түнү эле.

Ары-бери чабагандаган машинелердин көз уялткан жарыгы аны улам чоң бактарга жашына калууга аргасыз кылып жатты. Баш-аягы жок чөлкөм – орто бышып калган буудай талаасы болчу. Обонун жай созгон желаргыга кошулуп, кара чегирткелер үн салып жатты. Түндүн сакчысы үкү анда-санда өз доошун чыгарып, талаа  ырларын коштоп жатты.

Эсинде калган качанкы бир окуя Роджерди эзе бермейи бар эле да.

Жаштык курак. Аскердик кызматка жаңы гана келген Роджер өсө турган кыял менен, ар кимден шексинип, эч ким менен чыныгы достук курган деле эмес. Достошуунун кажети деле жок эле. Кызмат өтөө – бул жайбаракат эс алуу эмес да. Ар кандай алака-мамилелер, арзыбаган баарлашуулар анын карьерасына пайдасыз экенин билип, байланыштарды болушунча кыскарткан болчу. Бир гана француз улутундагы айымга гана бир кечеден жолугуп калгандан баштап байланып калган эле.

Жумуштан кийин эшигин бекемдеп жаап, чогуу кызмат өтөгөндөрдүн бир кружка сыра ичип койбойлубу деген сунуштарын да четке какты.

Албетте, адамдар анын түшүнүксүз кыялын ар кандай түшүмөлдөп жүрүшкөнүн Роджер билген. Тигилер болсо, “тим койчу ошону” деп ийнин куушуруп тим болушкан. Жолуккан жерден салкын гана учурашып, кетээрде да ошондой ооз учунан гана коштошуп койоор эле. Элдин баары тарап кеткенде, эшигин акырын жаап, узун далис менен бөлмөсүнө өтүп, эки жагын аста каранып, терезе пардаларын жаап, анан классикалык музыканы коюп алып, француз тилин окуп кирээр эле. Үмүтү – алиги айымды багындыруу болчу.

Шашылыш тапшырмаларды ташыган татынакай кыз кээде Роджерге аста көз кырын салып коюучу. Роджер болсо кызмат учурунда кездешүүлөр жакшылыкка алып келбесин ойлогон.

Арийне эртеси таңда ошол айымга жолугууга дегдеп туруп алды. “Атаңгөрү, ушул кенен бөлмөдө жолуксам ээ?” деген кыял ээрчитти. Ооба, ал тигил айымдын көңүлүн бурууга далалат кылып жүрдү. Тигиниси болсо Роджерге да кызыгуу менен карап калчу.

Ал жинди кыял менен ошол айымды баса калгысы келип турса дагы, өзүн тизгиндеп жатты. Мындай оолугууну бир убактарда сүйгөн өз аялына да жасаган эмес.

 

Лиза менен таанышуу

Роджер аны биринчи жолу жергиликтүү чиркөөдөн жолуктурган болчу. Лиза органда Бетховендин “Ай сонатасын” ойноп жаткан.

Ошол көз ирмемде Роджер ошол кыздын көздөрүнөн оргуган кыялды, толкундоону сезген. Музыканын толкунунда термелген угуучулар күндөлүк убайымдарын унутуп, муңайым музыканын сыйкырына багынып, кайдадыр алыска көкөлөп учкандай болушту.

Роджер күтүлбөгөн  сырдуу сезимге тушукту. Музыкага канат байлап, сезимдери эргий, кыялдары алып учту. Ошол селки аны арбады да калды. Мамиле курууга аракеттенди, бирок алыскы периштедей болуп, ал кыз байкамаксанга салып, жооп бербеди. Кийинчерээк айтып жатпайбы, Роджердин күлкүлүү, эпсиз кыймыл-аракеттери жакчу экенин. Чакан шаарчанын жашоочулары Роджердин сулууну багындырууга болгон аракетин мыскылдап жүрүштү. Роджер ансайын кычап, ого бетер жанданды.

Бир күнү ал кызга  “чет жакка сейилдеп келсек кантет?” деп сунуш кулды эле, кыз сунушту четке какпады. Жайнаган каакым-куукумдардан аябай көп үзүп келип, Лизаны “жел соккон тарапты карап туруп үйлөчү” деди эле, кыз таңыркай калды да, бирок  жигиттин айтканын кылды. Ошол замат ак тыбыт анын бети-башын каптап калды эле, Лиза катуу каткырып жиберди. Анан... Роджер тизелей калып, “мага турмушка чыкчы!” деп жиберди. Лиза күтүлбөстүктөн толкунданып кетти да, эсин жыя элек жатып, “макул” деп жиберди.

Ошол кечте Роджер сүйгөнүнө убадаларды кабат-кабат соктурду бейм. “Менин кызматым экөөбүздүн үй-бүлөлүк бактыбызга тоскоол кылбайт” деп да жиберди.

Арийне, мунун баары кооз убада, арзыбаган кептер болчу. Үйлөнүп, уулдуу болгон соң, ал үйгө жолобой да калчу болду. Ээлеген кызматы ал үчүн биринчи орунда эле.

 

Үчүнчү бап

“Будапешт” операциясы.

1989-жылдын 25-чи августу.

Кызма өтөөдө кандайдыр бир “дресс-код” болоор эле. Бардык кызматкерлер боз костюм, ак көйнөк, клеткалуу бозомтук галстуктарында тогоолуу бүчүсү болор эле. Ооба, бул кийимдер атайын буйрутма менен тигилчү. Ар бир комплектинин өзүнчө санариптик коду болуп, тамгалар белгилүү тартипте жайгашып, агенттин ысым-дайындары жашырылган. Непадам ошол кийим жоголуп кетсе, талаада калдың дей бер. Сен эч ким эмес болуп, таптакыр жоголосуң. Баарынан жаманы, атаандаштар кодуңду колдонуп туруп, изин жашырып коюшу да мүмкүн болчу. Ошол тогоону ар бир кызматкер көздүн карегиндей сактоого аракет кылышкан. Ошол агенттерди даярдоочу жогорку жактан коюлган талап дагы ошондой эле.

Роджер бала чагынан французча мыкты сүйлөсөм деп кыялданчу. Бирок, анын багына ангеме жана орус тилдерин өздөштүрүү тапшырмасы туура келди. Окуу практикасын өтөгөндөн кийин, кыбачылардын (эксперттердин) байкоосу боюнча Роджерди биринчи тапшырмага аттантышты. Роджерге Британдык Интеллиженс Сервис Польшага багыттама берди. Ал жакта Роджер өзүн мыкты көрсөтө алды да, тапшырманын баарын кадиксиз аткарды. Бул анын карьерасынын ийгиликтүү башаты эле.

Тийиштүү мүнөздөмө менен катар күжүрмөн даярдыктагы Роджер “Будапешт” операциясына мыкты делип тандалып алынган болчу. Анын миссиясы – Советтер Союзу менен Германиянын ортосунда белгисиз себептер менен жоголуп кеткен илимий долбоорду жанына кошуп берилген эки агент менен чогуу издеп табуу болчу.

Биринчи агент менен эч тоскоолдуксуз жолукту. Балээ басып, экинчисине кезиге албай, колго түшүп кала жалдап, кара башын эптеп кутултуп кетти.

 

***

Михаил Горбачевдун Демократиялык Германияга жасаган иш сапарынан кийин күтүлбөгөн окуялар болуп кеткен. 1989-жылдын 9-ноябрында Берлин дубалын уратышты. Бул дубалдын мурдатан эле кажети жок белем, эки Германиянын калкы ураалап, кубангандан секирип, эйфорияга батышты.

Ушул окуя дүйнөлүк саясий оюндарга канчалык таасир этээр экен, “кансыз согуш” басылаар бекен? – деген собол турган ошондо.

 

***

Роджердин миссиясын аткарууга тоскоол болгон кызык окуя болду. Ал андайга такыр даяр эмес эле. Адатта, мындай операциялар «экилтик же үчилтик» агенттердин айынан же ар кандай кутумдардын аркасынан үзгүлтүккө учурачу. Шпиондун баарына бул маалым. Анын акылы жетпей койду. Бирок баардыгы ойдогудан татаал болуп чыкты.

Калың пардага жашынып алып, Роджер тамекисин буркуратып, кыжаалат болуп турду. Байланышчы дээрлик эки саатка кечигип жүрүп албаспы! Жашыруун миссия аягына чыкпай калды, бирок Роджердин мында күнөөсү жок эле. Картайган кезинде ушул өткөндү аки-чүкүсүнө чейин кайра-кайра эстеп жатты.

Түстүү эмес телевизорду коюп, жаңылыктардын арасынан ошол операциянын үзгүлтүккө учурашынын себептерине тийиштүү азыноолак материалдарды издеп жатты. “Честерфилд” деген тамекинин толук кутусун тартып бүтүп, саат механизми орнотулган сейфтин чыкылдаганын эшитти. Демек, же сейфти ачып, тийиштүү документтерди алып, кайра жабыш керек, же кодду өзгөртүп, анан бир саатка бекитиш керек. Ал сейфке басып келди. Ачып, бир пакетти алып чыкты. Ошол пакетти ачкан соң, ичиндеги нерселерди кароодон мурда толкундап, сестене калды. Бир нече көз ирмем өзгөчө жашыруун аскердик долбоор чагылдырылган  кагазды тиктеп турду. ички туюму айтып тургандай, качыш керек болуп калды! Арийне, ал сабыр кармап, эки булактан тең маалыматты алганга чейин күтүүнү чечти. Оолуккан Роджер бир аздан кийин документти кайрадан бекитти да, кодду алмаштырып, каныша Елизаветанын жаш кездеги сүрөтүн ордуна илип, сейфти көрүнбөй турган кылды.

... Эч ким чалбады. Эч ким байланышка чыкпады. Дагы бир саат өттү.

Роджер капилеттен бир мандем болорун сезип жаткан. Күткөндөй эле, капыстан телефон шыңгырап, тааныш үн өкүм буйрук берди:

— Тезирээк кетиңиз! Болгону алтымыш секунда убактыңыз бар! Машине күтүп турат, шаардан ылдам чыгып кетиңиз! ... үзүк-үзүк зуум. Урушта туруш жок!

“Алтымыш секунда? Балээ баскырдыкы!”

Адреналин мээсине бир урду. Болгон ташпишин шаша-буза колуна алган бойдон эшикке умтулду. Чыгып бара жатып, сейфтин “тыңң” эткенин кулагы  чалды. Күтүп турган унаага жетээри менен айдоочуга буйрук кылды:

— Тезирээк, бол тез!

Роджер арткы олтургучка боюн таштады. Аңгыча, ойго да келбеген иш болду: айдоочу менен Роджер катуу жарылууну эшитишти. Жакын жерде жайгашкан үйлөрдүн терезелеринин айнектери көчөгө себилди. Жашыруун агентуранын штабы аркыраган өрттүн ичинде калды. Мына ошол жерде байланышчы менен жолугушуу болмок болчу. Бир мүнөттөн кийин Будапешттин көчөлөрү полицей машинелеринин сиреналарынын ызылдактарына толду.

 

***

Бир аз көз ирмемдер мурун...

Роджер  байланышчыны эң үстүңкү кабатынан чыдамсыздык менен күткөн имараттын артынан айнектери караңгылатылган мини-бустан бою бийик, денеси чымыр эркек чыкты. Кызмат порумундагы костюм кийген. Бир нече минута мурда чачына парик коюп, мурут тагына калган. Өрт коопсуздук тепкичтери аркылуу жогорку кабатка тез эле чыга калды. Ошол Роджер турган имарат Будапешттин борбордук аймагында жайгашкан.

Тигил эркек кол саатын улам карап, ар бир секунданын маанисин сезгендей.

Чатырдын үстүнө чыгары менен айланасын карап, люкту ачып, өйдөкү кабатка мышыктай шамдагайлык менен түштү. Демин тартып, эңкейе калды. Анан батирлердин биринин кочкул жашыл эшигине кулагын түрө тыңшап, чөнтөгүнөн отмычка алып чыгып, кулпуну ачып, үйгө акырын кирип барды да, артынан эшикти секин жапты.

Далис менен ичкери кирип, пистолетин октоду. Чоң бөлмөгө өтүп жатканда, үнү кулакка жагымсыз эски кара телефон чырылдап жаткан. Британдык байланышчы бир нече секунд мурун ушул бѳлмѳдѳн шашылыш чыгып кетип, артынан терезени жапканга да үлгүрбөй калыптыр.

Мыйыгынан күлүп, бөлмөдө оңко баш аткан бойдон терезеге жетип, аны жапты да, кухняга өтүп, газ түтүгүнөн келген шланганы сууруп алды. Чоң бөлмөгө кайтып келип, Елизаветанын портретин ары жылдырып, кодду терип, сейфти ачып, документтерди алып, төшчөнтөгүнө салды. Андан кийин телефондон коллегасына  “жыйырма беш секунда” деп чорт айтып салды да, бөлмөдөн атып чыкты. Бир нече минутадан кийин телефон кайрадан шыңгырайт. Ошентип, аппараттын ичиндеги кыпындай учкун көз ирмемге жетпей зор жарылууну пайда кылмакчы, анткени бөлмө газга абдан тыгыз толгон болчу.

Тигил киши сыртка чыгаарда жарылуунун доошун укту. Ичи толгон-токой угуучу аппараттарга жык толгон, айнектери караңгылатылган мини-буска секирип кирди. Ал жердеги кулакчындарды тагынып олтурган шериктеши “баары мыкты” деген ишаратты көргөздү. Экөө бирине бири башын ийкешти да, берки мурут менен парикти сыйырып, кол капты чечти. Документтердин  дааналыгын эки киши менен айдоочу чогуу текшергенден кийин, машине токтогон жерден байкатпоого аракет кылып жылып кетишти. Жолду карай полиция менен өрт өчүргүч машинелер зуулдап өтүп жатышты.

Жарылуудан бир нече секунда мурун подъездге кара машине келип токтоп, андан кара көз айнек тагынган зыңгыраган киши чыкты. Ал дагы келишкен кара костюм кийинип алган. Подъезден атып чыккан кишини көрүп, ордунда катып калды. Бирок ал Роджер эмес эле. Бир нече көз ирмемден кийин болгон жарылуу ал адамга капилет болду. Чоң айнектердин сыныктарынан коргонуп, ал колундагы билегине бекитилген чемодан менен башын жаба калды. Машинеден чыга калган айдоочу анын амандыгына ишенгенден кийин, тигил кишини коштоп машинеге кайра келишти.

Эмне болуп кеткендигин түшүнбөй, машинени атырылткан бойдон жөнөштү да, арыраак барып токтошуп, андан аркы болуучу окуяларга байкоо салып турушту. Алар өрт өчүргүчтөр менен полецейлердин келишкенин деле таназар алышкан жок.

Абдан мыкты эстутумдуу агент акырын жылып кетип бара жаткан кара айнекчен машинени жакындан байкады да, айдоочунун өңүн даана эстеп калды. “Шашпа, сени жердин астынан болсо да табамын!” деп ичинен кекенди. Бул издөөсүнө бүт өмүрү сарп кылынарын ал ошондо кайдан билсин?

 

Төртүнчү бап

Москванын темир жол вокзалы.

1989-жылдын август айынын аяк чени.

— Оо Кудай, эл-журт, биякка! – деп узатуучу аял айгай салды. – Биякка, алтынчы купеге! Кудай сактайгөр!... Милиция, биякка!!! Жолдош милиционер! – деп сары чачтуу, оозун кыпкызыл кылып боёп алган, кырктар чамасындагы толмоч келген, темир жол кызматчысынын кийиминдеги  аял чуркап келе калган милиционерди алтынчы купеге карай ээрчитип жөнөдү.

— Канча убакыт болду муну көргөнүңүзгө? – деп кичи лейтенант өзүн сабырдуу кармоого аракет кылып, “дежурный” суроолорду бере баштады. Ал мында эки ай гана мурун бул жерге Фрунзе-Москва багытындагы поездде чөнтөкчүлөрдүн, билетсиздердин, алдамчылардын алдын алуу үчүн кызматка келген болчу.

— Ой мен азыр эле...! Эшикти ачсам, мына кызык... келдим. Анан кыймылсыз жатып калыптыр. Ошол... – деп чыкыйынан куюлган терин аарчый тигил катын кичи лейтенантка такылдап түшүнүк берип жатты.

Адат боюнча узатуучулар поезд акыркы станцияга жетерине жарым сааттай убакыт калганда купелердин эшиктерин каккылап, уктагандарды ойготуп, жүргүнчүлөр буюмдарын унутпай тыкан-бүйрө болушун эскертишет.

Номур алтынчы купенин полунда жашы элүүлөр чамасындагы, “Сессон” деген саркеч порумдагы  чачы кочкул кызыл кылып боёлгон бир аял төбөсүнөн кара кочкул кан агып кыймылсыз жатат. Бир аз бүкүр сыяктуу. Көзү ачык бойдон, акыркы арманын айтып үлгүрбөй калгандай.

— Ушул аял менен шериги башынан эле шектүү көрүнгөн. Эки жакты элеңдей карап, купеге ылдамыраак жайгаштырышымды менден талап кылып шаштырышкан. Эрди-катынга окшобойт. Эркеги бир башкача неме экен, тигинден көп жаш кичүү көрүндү. Тимеле жабышып кучактап болбойт, баскан-турганы эби жоктой, колдоюп. “Аа, альфонс экенсиң” деп койгом ичимден. “Биздикилерге” негедир окшобойт десең. Кыжалат болуп эле жатты. Костюму кызматчыныкындай, апакай көйнөк, шахмат сүрөттүү, тогоолуу боз галстук тагынган. Мындай майда-барат нерселерди биз, аялдар гана байкайт эмеспизби. Галстугунун тогоосу бир башкача. Ишенип коюңуз, жолдош лейтенант, — деп тынымсыз саймедиреп, башын ийкегилеп түшүнүк берип кирди. Өзүнө келе албай жатканы сезилип турат.

— Алас-алас, маркумдун жанын тынчтандырагөр, оо Кудай! – деп өзүнчө зикир чала калат.

— Сиз эч нерсе уккан жоксузбу, жардамга чакырган кыйкырыктарды, же кармашкан кишилердин дыбыр-дыбыр дабыштарын? – деп милиционер өлүп калган аялдын тамырын текшерип жатып. – Бейкут поездде минтип киши өлтүрүү болуп жатат!

— Карасаңыз, жолдош лейтенант, муштуму түйүлгөн бойдон калыптыр. Ачып көрбөйлүбү?

— Акылыңызга баракелде! Жанагы сиз айткан тогоо мына!

“Кармаш катуу болгон окшобойбу. Тигил аял жанталашып коргонгон. Галстугунан бекем кармаган. Кызык, себеби эмнеде болду экен? Хм, тогоо-бүчүнү жулуп алганын карабайсыңбы...” – деп жаш лейтенант болгон окуяны элестетүүгө аракет кылып жатты. Өзүн кыйын тергөөчүдөй элестетип, иштин логикасын түзүүгө далалат кылып жатты.

— Мүмкүн канкор  шашканынан жоготкон нерсесине назар сала албай калганбы ыя? – деди дагы эле оор деп алып бышылдаган узатуучу.

— Сиз чыныгы Шерлок Холмс экенсиз, айым! – деп милиционер рация аркылуу командирине доклад жасап жатып, тигил айымды бир мактап өттү.

— Жолдош капитан, тезинен медиктерди, криминалисттерди жиберсеңиз, поездди жакшылап аңтаралы! Бул жөн эле адам өлтүрүү эмес, кызганычтан чыккан үй-бүлөлүк чыр-чатак эмес. Фактылардын түрү башкача болуп жатат... Жок, жолдош капитан, булар эрди-катын эмес. Бардык жүргүнчүлөрдү вокзалдын короосунда  кармап турабыз, күбө катары түшүнүк алууга. Тамам.

Көтөрмө үналгы кытыраган жагымсыз добуш чыгарып өчтү.

Жетип келишкен медиктер жансыз денени замбилге салып, “Тез жардам” машинесине жүктөп, шаардык өлүкканага кырсыктын себебин аныктамакка  алып кетишти.

Ыкчам топтун бир мүчөсү номур алтынчы купени абдан дыкааттык менен изилдеп чыкты. Криминалисттин таң калганы, купе мизилдете таптаза жыйнаштырылган экен. Өтө шектүү акыбал жаралды. Эч жерде бармактын издери да жок. Мушташтын изи көрүнбөдү. Болгону тигил муштуму түйүлгөн колдогу тогоо-бүчү, аялдын моюнундагы кызарган так. Терезенин айнеги таптаза десең! Кармашта маркум терезеге урунган окшобойбу. Кесипкөй немеден бешбетер, канкор баарын мизилдетип тазалап кетиптир. Кандын бир дагы тагы жок. Экинчи жүргүнчүнүн стаканында да манжалардын тагы жок экен. Тимеле үч күн бою эч нерсе ичип-жебегендей. Атүгүл күл түшүргүчтө да так жок.

Кичи лейтенант аялдын сумкасын ачып, анын паспортун алып чыгып, буюм-тайым, косметичкасын бүт карап чыкты. Аялдын өздүгүнө тиешелүү маалыматтар керек болчу.

Милиционер паспорттогу сүрөттү тигилип карады. Аялдын алда канча жаш кези экен. Көзү анча-мынча чалырдай. Эриндеринин уурттары бир аз ылдый карап, мойну ачык, чачтары анын кыска моюнун жаап турат. Түссүз фото экен. Болгону жүндөн токулган кардиган, башка кийим өзгөчөлүктөрү билинбейт.

Комарова Людмила Афанасьевна. Жашаган жери: Фрунзе шаары, Кыргыз ССРи. Станислав Петрович Комаров менен никелүү.

“Олда байкуш аял, карыганда капсалаңга жолуккан экенсиңда! Шайтандаган экенсиң да!” – деп ичинен тилденди кичи лейтенант Зверев. Анын бул чаташкан окуянын жандырмагын чечүү үчүн жоопкерчилиги чоң эле. Аракет кылып, бул киши өлтүрүүнүн сырын ачыш керек. Бул жөн гана кокустук эмес экени бештен белгилүү болуп жатпайбы. Бул — жүз пайыз чындык!

Башы катты.  Чөнтөкчүлөр менен билетсиздерди кармап жүрүп, мындай абалга биринчи гана жолу тушугуп олтурат. Эми тергөөчү менен чогуу тээ бейтааныш Кыргызстанга учуш керек. Бул тоолуу өлкөнү географиялык картадан жана телевизордон гана көргөну болбосо...

Эми чаташкан трагедиянын сырын Фрунзеде издеш керек. Тигил аялдын күйөөсү, кийин көрсө, окумуштуу тура, ошол кишинин изилдөөлөрүндө кеп бар тура. Оо, бул иш абдан зор тыкандыкты талап кылаары шексиз!

Чакырылган эксперт лупасын кармап алып, купенин булуң-бурчтарын бир саат бою изилдеп чыкты. Ал шашылбастан иштеп, ага эч ким тоскоол болуп, шаштырбашын суранды. Көптөгөн майда-чүйдө нерселерди изилдеп чыккан соң, кичи лейтенатты чакырды:

Колундагы пинцет кыпчуур менен “Честерфилд” деген сигареттин калдыгын кармап:

— Мына, жолдош Зверев! Чет өлкөлүк сигарета экен. Бизде мындайлар сатылбайт, — деди терең үшкүрө дем алып, табылгасына маашырлана желкесин кашыды. – Шордуу аял кармашып жатып, тамеки күлүн түшүргүчтү көнтөрүп алган да, калдыктар купеге чачылган. Канкор шаша-буша баарын тазалап жатып, мобул кууш тешикке кирип кеткен калдыкты байкабай калыптыр. Аялды муунтуп өлтүрүү максатындагы кармаш катуу болгон. Аял жанталашып каршылык көрсөтөм деп, башы менен күл түшүргүчкө катуу тийип, тамекинин калдыктары чачылып кеткен. Аял жан алакетке түшүп, тигинин галстугунан бекем кармап тарткан.

Криминалист чын эле мыкты адис экен. Кичи лейтенант Зверев оозун ачып эле калды. Аба жетишпегенсип, фуражкасын чечип, бетин желпий баштады. Үп болчу. Суусап да чыгышты. Бул иш Зверевди оп тартып алды.

— Эми бизге иш табылды бейм. Сиз мага жардам бересизби, кичи лейтенант? Жүрүңүз шаардык өлүкканага барып, экспертизанын жыйынтыгын көрөлү. Аялдын денеси али муздай элек болчу. Болжол менен бир саатка чукул убакыт мурун өлтүрүлгөн. Патологоанатом айтат го, өлүмдүн себебин. Ага чейин жыныстык катнаш болду бекен... Эгер болсо, канкорду табуу бир кадам жакындайт эле, — деп көзүн жүлжүйтүп тамеки калдыгын тикирейе тиктеп туруп кобурап жатты. Аны Зверев менен “Москва-Фрунзе” поездинин узатуучусу таң кала аңырайып карап турушту.

Капысынан Ошол Зверев окшуп, сыртка атып чыкты. Көңүлү айныды.

“Өзүмдү колго албасам болбойт” деп кайраттанган болду. Албетте, бул иш – анын кызматына тиешелүү эмес. Ал чөнтөкчүлөр менен билетсиздерди гана кармаганга  коюлган.

Арийне, Зверев өзүнүн командиринин тапшырмасы менен дүйнө кезүүгө да даяр. Иштин аягына чыгыш керек! Мүмкүн, аны башка бөлүмгө которушат: өзгөчө коркунучтуу кылмыштар менен иштөө бөлүмүнө. Ал өзү деле криминалистика бөлүмүнө которулсам деп жүрчү эле, минтип көктөн издегени жерден табылып олтурат.

Өспүрүм чагынан детективдерди казып окуп, өзгөчө британ жазуучусу Конан Дойлдун китептерине кызыгуусу арткан. “Шерлок Холмс менен Конан Дойлдун окуялары” деген китепти дээрлик жатка билип алган. Ал эми бул жерде чаташкан иш пайда болду! Ойноштор, “Честерфилд” тамекисинин калдыгы, галстуктун бизде жок бүчү-тогоосу! Тимеле эң бир кыйсыпыр түшкөн детективдүү таржымал башталып олтурат. Эми ал – тергөөнүн катышуучусу. Ал окуп алган шпиондук кармаштар, атайын кызматтардын агенттери, деги койчу...

Зверев тамекиге жок эле. Атасынын дачада паровоз сымал буркурата тамекини тартып жатканын элестетти. Эми гана Зверев атасы Шерлок Холмс жөнүндөгү анын китебин билгизбей окуп койгонун сезди. Таң эртеден “Правда” гезитин бетке кармап, мүштөгүн түтөтүп кайкайып олтурар эле.

Өз абалына ыңгайсыздана кечирим сурап, Зверев бетин мелүүн сууга жууду. Анан изкубар экөө “ГАИ” тамгасы бадырайган “Жигулинин” артына лып олтурушту да, Москванын көчөсүндө сиренаны озондотуп, өлүккананы карай зымырап жөнөштү.

 

Бешинчи бап

Арадан көп жылдар өттү...

2009-жылдын январы. Бишкек, Кыргызстан.

Ошол күнү Тамара демейдегиден эрте турду да, керилип алып, кашын серпе жылмайды.

Кышкы момосуй халатын жамынып, таңкы таттуу уйкуда жатышкан кызы менен улгайган ата-энесин ойготуп албайын деп ашкана тарапка секин өтүп, экинчи кабаттын терезесинен сыртка көз чаптырды. Кар жамынган жылаңач бактарды тигиле карап, анан короодогу ачык жаткан люкту көрдү да, башын чайкап, терең үшкүрүндү.

Көчөдөгү селсаяктар менен жакында болгон жаңжал кошуналарын да таң калтырган. Эч ким аларга жертөлөдөгү жылуу түтүктөрдүн жанынан түнөк-паанага уруксат бербей койгон. “Аа кокуй, Союз маалында ушинтип талаада калчу беле киши?” дешип чогула калган кошуналар кобурап жатышты.

Ооба, Союз таркап, жаңы замана өкүмүн жүргүзүп жаткан.

Шаардын тентимиштерине боор ооруганы менен, абал өзгөрбөйт эле. Кечкисин жылуу люктарга уурданып кирип түн күзөткөндөн кийин, эртең менен эрте участкалык милиционерге кабылып кала электе качып кетип жүрүштү тигилер.

Ойноок балдар чоңдорду туурап “бомждорго” кээде ар нерселерди берип жатышты. Бир селсаякка сыя кызыл түстөгү жалкы өтүк тийди. Чунак балдар аны кайдан таап алышканы деле белгисиз.

Жумуштан кайтып келатып, Тамара көчөдөгү кайырчыга майда тыйын таштап коймой адаты бар. Капилеттен анын жүзүнөн тааныш кишини байкап калды. э кокуй, бул Тамаранын устаты го! Чоң окумуштуу киши!

Тамара каңырыгы түтөп анын ысымын кайталай берди: “Станислав Петрович, это Вы, профессор?”

Жооп болбоду. Жашоодон үмүтүн үзгөн адамдын кейпин көрүп, ыйлап жиберди. Профессордун ындыны өчкөн көздөрү, калчылдаган колдору, саксайып өсүп кеткен куу чачы, тегереги сынып калган көз айнеги анын кайгылуу турмушун үнсүз баяндап турду.

Станислав Петрович бирдемени күңгүрөнүп жатты, эмне экени түшүнүксүз. “Эртең менин темамды коргоого келесизби? Темам менин... Сиз ким болосуз?”

Тамара чыгынып, абышканы шаардык ооруканага жаткырып, доктурларга жакшылап дайындады. Тамак киргизип, бат-бат барып турду. Эски дареги боюнча анын аялын табууга далалат кылды. Көрсө, алар мурда жашаган кварталды сүздүрүп, шаар бийликтери жаңы имараттарды сала башташкан экен. Тегеректегилерге суроо салып жатып, профессордун аялы өзүнөн жаш эркек менин ээрчишип кеткенин эшитти. Кетээрден мурда, үй-жайын сатып туруп, акчаны жымырган экен. Ал катындын кайда экенин билишке мүмкүн болбоду.

Мындай кабарды укканда Тамара шок болду. Баягы учурунда жакшынакай турмушта жашаган окумуштуунун башына келген мүшкүл Тамараны селт эттирди. Өзүнүн мурунку илимий жетекчисине кантип жардам берерин билбей дал болду. Түн уйкусу качты.

Анан, абышка түндөрдүн биринде капилеттен жоголду. Бул окуя Тамараны ого бетер мүшкүлгө салды. Врачтар анын оору таржымалын табышты. Көрсө, ал эбакта эле психиатриялык ооруканага катталган экен.

Абышка кайдадыр жоголуп кетип, кайра кайтып келе берген. Улам эле өзүнүн тартипсиздиги үчүн кечирим сурай берчү дешет. Тамара менен жолуккандан кийин профессор врачынан тизелеп туруп, “Ушул айымды мага такыр жолотпосоңуз экен?!” деп суранып ийген экен.

 

***

Тамаранын эсинде профессор арыкчырай,  чекене бойлуу шыпылдаган киши бойдон сакталып калды. Эскилиги жеткен жашыл-боз плащ, кара каптамадагы калың көз айнек жылдын төрт мезгилинде анын болгон дүнүйөсү эле. Профессор көздөрүн жүлжүйтө калып, кыялы кайдадыр алыста жүргөндөй сезилчү. Ал жашоодо баарына кайыл кишидей көрүнчү. Жашоосу башка чен-өлчөмдө жүргөндөй эле.

Илимпоз кээде коллегаларын үйүнө чакырып, коноктоор эле. Жыты келишкен закусканы, мурдатан маринад кылып койгон пияз менен атлантиканын туздалган селедкасына кошуп, кара калемпир сээп, анан укроп менен кооздоп, сонун даярдай турган. Ичкени –“Пшеничная” деген мыкты арак. Аны алтын жээк хрусталь рюмкасы менен каадаланып иччү.

Аялы болсо, кыялы тескерилигин көрсөтө, колго түйүлгөн кыпкызыл кардиганын кийип алып, ашканада “Бородинский” бөлкөсүн нааразы немедей күңгүрөнүп шашпай кесип келип, анан эч ким менен коштошпостон өз бөлмөсүнө кирип жатып алчу. Анын бул кылыгы келген меймандарды ыңгайсыз абалда калтырчу. Аялынын андай кыялын күйөөсү анча таназар алчу деле эмес. Тээ түн оогон кезде коноктор акырын тарап кетишчү.

“Эми эмне дейли, жолдоштор, — деп баштачу сөзүн профессор, — ишимди жакын арада бүткөрөм да, буюрса, Москвага кайтаармын кайрадан... эгер теориям далилденсе. Андан ары атүгүл Демократиялык Германияга кетип каламбы... Бул ишке бүт өмүрүм сарпталды” — деп сыймык менен айтып калаар эле.

Анын көгүш көздөру кыялдануунун белгисин чагылдырып, бирок ошол эле маалда муңайым карап тураар эле. Кечки үлпөттөрдө коллегалары менен талашып-тартышып, бакылдап жатып, аракты эс учун жоготкуча иччү. Бул адат анын мээсин жайнаган идеялардын “тыткынынан” коргоп, алардын ишке ашпай турган оорчулугунан алыстатаар эле.

Эртеси эртең менен жумушуна барып, лабораториясында керээли кечке эле эмес, түн ортосуна дейре иштечү...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Шахсанем Мюррэй, 2015

© Кыргызчага которгон Карыбек Байбосунов, 2021

 


Количество просмотров: 359