Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2022-жылдын 20-февралы
Топурак
(аңгеме)
Султан Раевдин «Топурак» аңгемеси 2018— жылы жазылган. Автордун “Пусу” (“Турар” басмасы. 2019.)аттуу аңгемелер жыйнагына кирген. Аңгеме ыймандык, адеп— ахлактык, адам баалуулуктары, мекенчилдик маселелерин чагылдырат. Аңгеме бир нече тилдерге которулган.
Мурат апасынын акыркы сөзүн укпай калды.
Алыскы Швецияда иш сапар менен жүргөн.
Мурат узак жолго сапар тартар алдында Ошко келип, апасынын жанында көпкө отурган. Жарым жылдан бери төшөктө узак жатып калган апасынын акыбалы күндөн күнгө оорлоп, өңү өчүп, купку тартып, жаак эти шылынып түштү. Кумсарган жүзүндө тирүүлүктүн изи өчүп бараткандай сезилди. Иреңи суз. Ара чоло эриндери бүлк-бүлк этет. Ичинде жыландай уюп жаткан ооруунун зардабы, жанын жан алдырбай каттуу ичтен бурап, эртели кеч онтототуп чыгат. Дүйнөсү чарк айланган кемпирди ажал тушап, сары чырмооктой жабышты. Көзүн жумса эле көргөн актыгы шүүдүрүмдөй кулап, жуумулган көздүн карегине уюлгуйт. Алп урушкан өмүр булуттай ыйлап, узун түш жаадында көз жаштай кулап, өткүн мисал төгүп өттү. Ушул аралыкта шамалдай сапырган буулуккан ойлору асылып турат. Күн алыс сайган ийне да дене чыйралтып, демине дем кошо албады...
Мурат апасынын колун кармады. Узун арык манжалардын сүлү качканын сезди ал...
Жарым жылдан бери апасынын денесинде тирүүлүк менен өлүмдүн кармашы жүрүп келет. Керебетке жабышкан денеси оңоюу менен оңдурбай калды сыягы Күн алыс үч маал сайылган ийне жан кашайткан ооруну бир азга тыным алдырат да, кайрадан эле түн бою онтотуп чыгат. Таң эрте келген дарыгер да , апасын айланчыктап отурган кыздарына, алыска сапар улап жаткан Муратка кеп ачыгын айткан . Ашып барса ”эки жумалык ” өмүрү калды деп. Бу сөздү укканда ортончу карындашы зиркиреп ыйлап жиберген. Ал да алыста, үй-бүлөсү менен Оруссияга иш артынан кетип, апасынын оор абалына чыдабай,баарын таштап, бир жумадан бери ушерде. Апасынын кашында. Бүтпөгөн бу жашоонун арманына... көр оокаттын айынан алыста өтүп жаткан турмушуна кейип, “жаныңдан чыкпай жатсам кана” дегендей өкүсүп, утуру-утуру үн кырып ыйлап алат. Азыр да догдурдун айтканы кейишке түшүрдү. Ачуу ыйлатты. Кыз киши энеге жакын болоорун Мурат сезип турду. Ыйы жаныңды эзет. Эркек киши жүрөгү мересирээк болобу, апасынын бу акыбалына жан үрөп кейине албай, түк үйрүлүп түшө албады. Апасы уул-кыз арасынан Муратты айрыкча жакшы көрөр эле. А, балким эркек балага болгон мамиле ушундайбы?.. Кайран апасы ага бир башка жанын чабып, үйгө келген сайын “садагаң болоюн” деген сөзүн оозунан түшпөйт эле. Ага аспейит мамиле кылар эле. Мурат элүүдөн ашса да энеге, баягы баягыдай эле баладай сезилчүбү...же, уулдун орду кыздардан башкабы...
Апасы бойлуу, сөөк-сактуу аял эле.
Эстесе... апасынын буга дейре ооруганын, жаны жер тартып бүк түшүп жатып калганын эстей албады. Апасы тиричиликке тың аял эле. Өткөн күндөр дем күчүн уурдап, төшөктө чүкөдөй кемпир жатты. Бу кемпир жашында ургаачынын өңдүсү, кебетеси келишкен ажарлуу жан эле. Анын баары какымдай учуп, калтардай кара чачтарын бубак басып, кенептей купкуу. Көзүндө жарыгы жок.
Мурдагы жолу келгенде апасы алда канча тың, сөзгө чыйрак, ал гана эмес ал-акыбал сурап, кыйла тирик көрүнгөн.
Азыркыдан бир аз алдыруук эле. Тили чалыштабай, күрмөгө келип, кеп сөзгө жарап турган. “Кандайсың, садагаң болоюнум?... Бала-чакаң тынчпы, аялың демдүүбү?”,— деп шыпшына алсыз сүйлөгөн... Бу саам апасы уй мүйүз тартып отурган кыздарына кайрылып, “Силер бир азга эшикке чыга тургула, агаңарга айтаар кебим бар...”,— дегендей ишаарат берген. Кыздар да бу сөзгө такат бербей, ордунан козголуп, сыртка чыкты.
Бөлмөдө экөө калды.
Апасынын арык колдору уулунун колун кармады. Кармады да, деми сууп бараткан оозуна уулунун колун жакындатып, жансыз эриндери менен жыттап, акырын өөптү. Кургак өөптү. Ал апасынын саамайынан жытап, колу менен аппак чачтарынан сылап, энесинин бырыштуу маңдайынан сүйдү. Эне уулунун колун бекем, алсыз, тамыры ташына тепкен ипичке манжалары менен кысып, кургак эриндери менен Мураттын колун өөптү. Кусалуу өөптү... Ушу саам эненин көзүнөн сымаптай жаш баш бакты. Көз кудугу эбак кургап калаган апасы бу жылтыр жашты жан тамырынан сыгып чыккандай болду. Эки сымаптай көз жашы... уулуна болгон бүткүл энелик кусасын төгүп ийгендей көрүндү ага. Апасы үн чыгарбай, ичинен койгул көзүнөн жаш чыгарбай кыйналып ыйлады. Денеси да бүлк эткен жок. Үнсүз ыйлады. Уулунун көзүнөн каканактаган жаш каректен бери сыртка чыгалбай койду...
Экөө бир паска уюп калды.
Эне көз караш менен сүйлөдү. Уулунун не деп айтаар сөзү оозунан учуп, сай сөөгү сыздап ийди. Энеси бир эки сөз айтууга күчүн жыйнады.
— Кудайга ыраазымын. Өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жактым. Баарына кайылмын... Баарына ыраазымын..., — Кемпирдин үнү алсыз кысылды. – Мен Жаратканыма керек болуп калдым окшойт... – Апасы бу тарткылыкка моюн сунгандай, мусапыр кейиптенди. – Мобу, — Кемпир муштумдай башын өйдө жакка карай буруп, — Жастыктын алдын кара, сага аманатым бар эле... – деди.
Кемпир бир аз башын көтөргөнгө аракет жасады.
Ал колун жастыктын алдына салды. Колуна кичинекей калатача урунду. Ал калтачаны алды...
- Ичин ач, — деди кемпир.
Ал калтачанын жибин тартып, оозун ачты. Бу калтачада алакандай топурак экен. “Топурак...” ал бу сөздү билдирбей кайрып алды...
— Бу топуракты... — деди кемпир дармансыз. — бир ай мурда Алайга... Кабылан-Көлгө барганда алып келгем... – деди апасы. – Ата конушумун топурагы уулум... Жаман айтпай жакшы жок... ичер суум түгөнүп, кокус ары бурулуп кетсем, жайыма ушу... бир ууч топуракты таштап кой... – деди кысылган үн менен. – Бу ата конуштун топурагы... өлгөндү топурак суутат уулум...
Калтачадагы топуракты ал бекем кармап, акырын жыттап да көргөн. Ал бу топурактан жытты да, апасы не себептен калтага бекемдеп салып алганын түшүнбөдү... көзү али тирүүсүндө эле о дүйнө камданып алганын түшүнбөдү...
Мурат апасынын кашында күүгүмгө дейре отурду.
Топуракты плащынын оң чөнтөгүнө салып, апасынын көңүлүн көтөрөйүн дедиби, орунсуз тамалашты... “Апа, мен келгиче өлбөй тур ээ...” деди. Кемпир акырын шымшынды “...а жагы кудайдан балам... Өткөн өмүр – өчкөн от... өзүң аман-эсен барып кел”, — деди да, арык колун алакан жаза көтөрүп бата кылды... Үнсүз “Омийин!” деп бата берди.
Мурат апасы менен коштошту да, өңү көгүлтүр тартып бараткан апасын дагы бир ирет теше тиктеп алды. Эне бала үнсүздүкө арбалган көз караш менен акыркы жолу жүз чайып турганын сезип турушса да, аны билдирбегенге аракет кылды. Оюнун түбү от болуп турду. Үмүт... көр үмүт ушу. Кемпир акырын гана “макул” дегендей жансыз ээк какты.
***
Мурат негедир бир ууч топуракты өзү менен кошо Бишкекке алып кеткен...
Ал алыста жүргөндө, таң эрте апасынын үзүлгөнүн укту.
Аны да Муратка аялы кабарлады. Аялы менен кыска гана сүйлөштү да түз Стокгольмдон Москвага, Москвадан Ошко учаарын айтты. Келинчеги Бишкектен Ошко карай жол алмак болду...
***
Алыста жүргөн балдары жетип келсин деген тейде, апасынын сөөгүн бир күн кармады.
Мурат кеч иңир аралаш, тээ жердин бир бурчунан Кара— Сууга жетип келди. Россияда жүргөн бир туугандары да буерде экен. Карындаштарынын үнү кулак тунутуп, “Апа!..”, “Жаным, Апа!..” деп азалуу да, кайгылуу да чыгып, армандуу ыйлап жатты. Кичинекей карындашы кошок кошуп, апасын жоктойт. Анын үнү баарынан бийик чыгып жатты.
Мурат апасынын сөөгү жаткан боз үйгө киргенде сөөк башындагы карындаштарынын ыйы күчөдү. Апасы жаткан керебетке тизелеп кулады. Колу менен апасынын жансыз жасатын кыса кармап өнөбою титиреп кетти. Ыйы кургак чыкты. Көзүнөн жашы качып турду... Буердегилердин бирөө апасынын жүзүн ачты...
Көзү жумулган, улуу уйкуга кеткен апасынын жүзү ага ажарлуу тартылды. Ошо жүзүндөгү ажары улуу уйку баскан ааламга апасын жетелеп баратты... апасынын ууртунда өлүмгө баш урган белгисиздик турду... Эркек үнсүз ичтен сыздайт. Көзүнө жаш, көмөкөйүнө өкүрүк келбей буулугуп турду Мурат...өкүрө албай, үнү буулугуп, денебоюн карактаган бир күч, кайгы-касирети анын ичиндеги ириңин жаралбай турду...
Таң эрте апасын жерге берээрде “баягы калтачадагы топурак” жаадына келди. Апасынын аманаты... Суук кабарды угаары менен көңүлүнөн баары көтөрүлүп кетиптир. Кече түнү аялына айтып койсо... ал деле ошол калтачаны ала келмек.
Апасынын сөөгүн түшкө барып чыгарат.
***
... Ал шаарда калган он жашар кызына телефон чалды.
Шаарда өсүп калган кызына эжелеп атып араң түшүндүрдү... Калтачага салынган топуракты ал жумушчу столунун ылдыйкы кутчасына салган эле. Кызы араң тапты. “Папа, а что делать с этой глиной. Это же глина”, — деди кызы.
Ушу күнү тан эртең шоопуру да учмак бу жакка. Ал шоопуруна телефон чалды да... үйүнө барса кызы ага бирдемке берерин айтты. Эмне экенин эжелеп түшүндүрбөдү. Аны “сөзсүз ала кел” деди кыска.
Түш чамалаш шоопуру жетип келди.
Апасын сууга алып, жаназасы окулду. Сөөктү эркектер желкеге алары менен, кыздардын ыйы катуу чыкты. Бу ый бир тууган карындаштарынын ыйы. Көпчүлүк сөөктү желкеге көтөрүп, мазарды карай бет алды.
Мурат айылдын көрүстөнүнө жетер жеткиче апасынын сөөгү коюлган табытты көтөрүп барды. Желкесинен түшүрбөдү. Эч ким менен алмашкан да жок.
Куран окулуп, сөөктү гөргө койду.
Эң оболу ал баягы калтачадагы топуракты жайга салды. Салардан алдын алаканындагы топуракты баягы апасын сыга кучактап жытын искегендей, топуракты жыттады. Топурактын жытын эми сезди ал. Бу топуракта апасынын жыты бардай сезилди. Ал биринчи жолу топурактын жытын сезди. Топурак апасы жыттанды...
Жайга топурак сала баштады.
Колу менен жаңы эле казылган жайдын топурагынан да уучтап алып, сөөк жаткан казанакка таштады...
Шиленген топурак жайга толуп чыкты.
Уулу эми түшүндү... көрсө апасы – ата конуштун ыйык топурагын койнуна кысып жатайын деген тура... Мурат апасынын “топурак сенден буйрусун уулум” деген абалкы сөзүнүн маанисин эми болгоду...
***
Апасынын өткөнүнө жыл айланды. Турмуш өз нугу менен өтүп жатты.
Бу сапар ал иш менен Жапонияга келди. Күн чыгыш өлкөсүнөгү бир жума көз ачып жумгуча учкан куштай зымырап өтүп кетти. Жапонияны кандай элестетсе, ошондой эле экен, а бирок өз көзү менен көргөндө ал ойлогондон да бу өлкө башкача таасир калтырды...
Кетээр күнү Токиодон эки жүз чакырымдай алыс турган Ыйык Фудзи тоосуна барып келүүнү чечти. Бу тоо тууралуу көп уккан, көп окуган. Атактуу жапон сүрөтчүсү Кацусика Хокусайдын “Фудзинин 36 көрүнүшү” сүрөт түрмөгү жөнүндө эчен ирет окубады. Сүрөтчүнүн бу Ыйык Тоого болгон сүйүүсү түбөлктүүлүк символундай көрүнөр эле. Тээ алыстан Фудзи апасы койнуна ыйык топурагын кысып жаткан Алай тоолоруна окшоп кетти. Фудзини жапондор Ыйык Тоо катары таберик тутат. Ушул тоого зыяратка келген ар бир жапон көкүрөктөгү сырын төгүп, арманын арылтып, жакшылык ниетин байытып кетет. Хокусай Фудзинин туш тарабынан тарткандай эле бу тоону кай жагынан караба, улуу сырды катып жаткан купуя дүйнөгө окшойт. Таң эрте жапондор Фудзиден күндү тосот. Уясынан чыккан алоо Күн Фудзиден көтөрүлүп Батышка карай жол улап кетет. Анын жолу бийик тоолуу, ак кар, көк муз баскан алыстагы мекенинин асманынан да Күн жүрүшүн басып өтөт.
Мурат Фудзинин этегине барып, колуна бир ууч топуракты алды. Топурак жытын сезди.Топурак жыты Мураттын алай-дүлөй болуп турган дүйнөсүнө жапон акыны Сайгёнун таржымалын салды, кайран акын үч сап ыр жазам деп ааламды безип, бу Фудзинин боорундагы тамтыгы чыккан алачыкта жашап, жалгыз аяк жолдо өмүрү өтүп, ыр кучактап чирип өлгөнү... жалгыздык жан Кудайына айланып, адамдардан оолак жашап Фудзинин дарактарында безеленип учкан куштар менен, шылдыр аккан суу менен, шамалга дирилдеген жалбырак менен, түнкү тунук ай менен, таңкы Күн нуру менен сүйлөшүп, жалгыздыкты жан соога чалган Сайгёну эстеди... Аны үч сап ырын эми, Фудзинин жели болгон саптарын эми түшүндү... Тирүүсүндө түрткүнчүк болуп элден сүрүлгөн Сайгё өлгөндөн кийин даңкталып, уламышка айланды. Даңкталыш үчүн өлүм гана кажетпи?..Мураттын жаадына Сайгёну пир тутуп, анын караанына табынган Басёнун үч сап ыры келди...
Фудзи боорунан келген жел!
Шаарга алып барам сени желпигичке салып,
Эң баалуу белек деп...
Мурат бу үч сапты ичинде күңгүрөндү да, Фудзинин желаргысында жашаган тирүүлүккө бетин тосту. Ал Фудзиге келбегенде, бу ырдын маңызын да түшүнмөк эмес.
Мурат алакандагы топурактан жоготкон дүйнөсүн издегендей кусалыкты искеди...
Апасы ата конуш топурагын бекем кысып жерде жатпаганда... ал деле буердин топурагына маани бермек эмес, жыттамак эмес, алаканына салып алыскы мекенин эстемек эмес. Бир ууч топурак алыскы мекенин сагынттырды...
Эртең өз жерине жол алат.
Мурат канча ирет бу ыйык жерге келсем деп тилек кылып, ниет байлап жүргөн ичинде. Мына, ал ошол Ыйык Жерде, жетимишке келгенде бу ыйык тоону жанындай сүйүп, Фудзинин отуз алты... тарабынан сүрөткө тарткан Хокусайдын тоосунда турду. Тоонун сүрү, калдайган карааны, деми, кубаты аны бир саамга кыял бешигине терметти. Ал кыялында жарыктык апасы менен ушул ыйык тоонун боорунда жүрдү. Экөө Күндүн алоо нурларын элден мурда тосуп чыкты. Апасы ошо Күн нуруна жүзүн чайды, нурга жүзүн жууду... Ал бу тоонун боорунда кыялы ээлеп-желеп болуп, Фудзинин учу булут челген чокусунда... кадимки Ясунари Кавабата жазган миң канат турналардай учуп жүрдү... апасы да турнага айланып кетиптир... Тээ бийик булуттарды аралап, көк ирим деңиздин жарышкан толкундарын куш бийиктигинен карап турду... Кыял дүйнөсүндө термелип жатып бу ыйык жердин олдо керемет касиетин сезди...Бүт ааламды жаңыртып “Апа!” деп бакыргысы келди... Көзү умачтай чачырап, кыялы тээ тиги тоо этегиндеги деңиз толкундарын минип алып көк ирим улуу сууга сиңип баратты...
Мурат тоо этегинен бир ууч топуракты алды да, чөнтөгүндөгү бет арчысына салып, бекем түйдү. Ал бул топуракты апасы жаткан жайга алып барайын деп тилек артты... А, мүмкүн апасынын руху да анын жанында жүргөндүр... о дүйнөдөгүлөр бу жалган жазмыштай жерге, элге, тилге да бөлүнбөйт... бу ыйык жердин топурагынын касиетин апасы да сезсин деди...
Ал кечке маал Фудзиден Токиого кайтты. Эртең таңга маал учат...
***
Нарита аэропорту.
Мурат каттодон өтүп, чемоданын жүккө тапшырды. Жапониянын аэропортунда эч бир жүргүнчүүгө маселе жаралбайт. Кезек күтпөй, бат эле өтөт.
Ал самолеттун салонуна отурду. Ортодон орун алды. Жүргүнчүлөрдүн баары өз жайына отуруп, бир аздан соң самолет асманга көтөрүлөт. Мураттын жанынан картаң жапон аял жай алды.
Бир маалда салондон стюардессаны үнү эшитилди.
Мурат ага дале көңүл бурган жок. Картаң аял, апасынын жашына чамалаштай көрүндү. Жапон кемпир ага башын ийип, сылык учурашты. Ушу саам стюардессанын үнүн кулагы кайрадан чалды. Бу үн анын ысмын айтып жаткандай угулду. Чындап эле стюардесса Мураттын ысмын жарыя айтты. Укту да сөзгө түшүнбөдү. Шу тушта стюардесса менен полиция кийиминдеги эркек киши келди да, Мураттын паспортун сурады. Ал костюмунун төш чөнтөгүнөн паспортун алып чыкты. Экөө жапон тилинде ага түшүнүксүз сөздөр менен сүйлөшүп жатты. Алар акырын сылык гана “биз менен жүрүңуз” дегендей ишарат берди. Ал англис тилинде “Кайда?” деп суроо бергенге үлгүрдү. “Биз менен жүрүңүз” деп кайра баш жаңсады стюардесса.
Муратты борттон түшүрмөк болдубу же адашып башка самолетко отуруп алдыбы. Өзү да айраң . Башка самолет болушу мүмкүн эмес, анын уча турган самолету ушу. Жаңылышы да мүмкүн эмес. Мураттын оюнан ар кайсы бүдөмүк ойлор учту. Эчтекеге акылы жетпей турду.Мээсине “мени кайда алып баратат?” деген беймазе ойлор. Булардын ага ашкере сылык мамилесине карганда чоочулай турган деле эчтеке жоктой сезилди. Муратты полицейскийдин кичинекей бөлмөсүнө алып келди. Бул бөлмөнүн ортосундагы столдо чемодан турду. Ал чындап эле Муратка таандык чемодан эле. “Сиздин багажбы?”— деди полицейский. “Ооба, меники”, -деди. Оюнда жаман ойлор дале ойку-кайкы учуп жүрдү. Астыртан тынчсызданып, майда калтырак басканын да сезип турду.
“Ачыңыз”, — деди полицейский.
Мурат чемоданын ачты. Өзүнүн кийимдери, анча-мынча сатып алган буюмдары. Мындан башка эчтеке деле жок. Полицейский кийимдердин арасынан кече Фудзиямага барып, бет арчысына оролгон топуракты алып чыкты да, ага көрсөттү. “Бу эмне?” –деди полицеский. “Бул топурак, Фудзинин топурагы, — деди Мурат шашкалактап. Полицейски топуракты, целофан баштыкка салды да, “Муну алууга болбойт”, -деп кыска сөз айтты да, “Самолетту кармабай, пассажирди салонго алып баргыла,” – деди англис тилинде.
Эч ким ага эчтеке деп толук түшүндүргөн да жок. Болгону бет арчыдагы топуракты гана чемодандан алып калды.
Мурат кайрадан самолеттун салонуна стюардессанын коштосу менен келип отурду. Жүргүнчүүлөрдүн баары аны түшүнө бербей олурая карап калды...
Самолет абага көтөрүлдү.
Иллюминатордон Жапон аралы көрүндү... Улуу суунун ортосундагы Жапон аралы көрүндү. Кемпир аралды өзгөчө сүйүү менен каргандыгы анын көзүнөн да, жүзүнөн да көрүнүп турду.
Мурат да асман алдында калган Жапон аралын карап, ойлуу тигилди да, жанында отурган кемпирге үн катты. “Мен бир ууч жапон топурагын өз өлкөмө алып кетейин дедим эле... ырым кылып... багажымдан алып койду...” деди Мурат.
Кемпир бир саамга унчукпай, акырын гана үн катты.
— Жапондун жери ыйык, – Аял ойго тунжурады, — Биз бир ууч топуракты да сыртка чыгарбайбыз... – деди.
***
Самолет барган сайын бийктеп баратты...
Мурат көкүрөгүн уялап, жан тамырында ээрий албай турган Басёнун үч сап ырын эстеди...
Гүлдөгөн алчага тең келалбай
Өңү өчтү булуттуу мунарыкта
Уяла түшкөн ай....
...Самолет барган сайын бийктеп баратты
Уулу Суунун арасында энесинин бир тамчы көз жашындай Жапон жери жатты...
© Раев С.А.
«Пусу» аңгемелер жыйнагы.”Турар” басмасы, 2019.
Количество просмотров: 1191 |