Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© И.А. Бунин
© Кыргызчага Таштанбек Чакиев которгон, 2021. Бардык укуктар корголгон
Котормо котормочунун кат түрүндө уруксаты менен жарыяланып жатат.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 20-декабры

Таштанбек Темирбекович ЧАКИЕВ

Караңгы аллеялар

Аңгемелер

Иван Буниндин китебинин которулушу. Котормонун фрагменти.

Бул китепти И.А. Бунин мекенинен алыста, тагыраак айтканда Францияда жүргөндө жазган. Өз өлкөсүндө болуп жаткан большевиктик революциянын жана Биринчи Дүйнөлүк Согуштун кесепеттери жазуучуну катуу түйшөлткөн. ”Караңгы аллеялар” деген цикл алдында жазылган чыгармалар адамдын кейиштүү тагдыры, мекенге болгон кусалык өңдүү тематикада жазылган. Арийне, жазуучу өз ангемелеринде негизинен эки адамдын ортосундагы аруу сүйүү жана анын күнгөй-тескей маселелери тууралуу баян этет. Орус тилинен которгон Таштанбек Чакиев. Кыргыз тилинде биринчи жарыяланышы

 

 

Жамгыр көнөктөп жааган күздүн күнү Тула шаарынын баткагы белге жеткен  көчөлөрүнүн бири менен келе жаткан кир тарантас[1] жыгачтан ашталып салынган үйдүн алдына жетип токтоду. Үйдүн бир тарабында мамлекеттик почта станциясы, ал эми экинчи жагында атайын жолоочулар үчүн салынган  мейманкана жайгашкан.

Арабага чегилген аттардын үчөөнүн тең жедеп ылайга чыланган куйруктары түйө байланып коюлган. Тарантастын алдыңкы арабакеч отурчу секичесинде бүрмөлүү чапанын белинен бекем бууган, коюу кара сакалчан, кара тору, нары олуттуу, анан калса тээ илгери айтыла калып жүргөн укмуштуу окуялардагы каракчы кебетеленген, кең далылуу адам, ал эми тарантастын ичинде жакасы тик николай шинель кийген, башында чоң аскердик картузу[2] бар карыя отурду. Кою кара каштары түктүйүп, ак аралаган сыйда мурутунун жогору көздөй чыйратылып коюлган учу бубак баскан күмүш түстүү саамайы менен биригип кетерин байкоого болор эле; ээги тыкыр кырылган ал бир көргөн адамга ошол мезгилде падышалык дооранын сүрүп жаткан жана кебете-кешпири, баскан-турганы жагынан аскер адамдары арасында сыймыктануу менен сөз боло калчу кадимки Александр II ге да окшоп кетчү.

Тарантастын эшиги ачылып, адегенде анын сыйда, жылмакай кончтуу аскер өтүгү көрүндү. Карыя жерге түшүп, колундагы замшы мээлейин чечпестен шинелинин эки өңүрүн жогору көтөргөн боюнча  үстүңкү кабатты көздөй тепкич өйдө көтөрүлүп бара жатты.

– Улуу  урматтуум,  солго бурулуңуз! – деп арабакеч кыйкырган болду да,  бою узун болгондуктан, эшиктин керегесин сүзүп албайын деген ниетте төмөн ийилип, сол тараптагы бөлмөгө кирип кетти.

Конок бөлмө таза жана жылуу эле: сол бурчта таза дасторкон  жабылган стол жана анын үстүндө  алтын түстүү кайсы бир пайгамбардын айкели, таза кырып-жышылган отургучтар; оң бурчта жаңы эле акталып коюлган ашкана меши жана анын бооруна жөлөй коюлуп, ак үртүк менен жабылган диван турат. Мештеги казанда бышып  жаткан тамакка кошулган  лавр жалбырагынын, уй этинин жана эзиле бышкан капустанын кошул-ташыл жыты аңкыйт.

Мейман  шинелин чечип, отургучтардын бирине илип коёр замат үстүндөгү мундири[3] менен бутундагы жалтыраган өтүгү ансыз да жарашыктуу мүчөсүнө көрк кошуп жатып калды. Ушундан соң ал колундагы мээлейин жана башындагы картузун чечип, кан-сөлү кача түшкөн апакай манжалары менен төбөсүн  сылаган болду. Чап жаак, ак жуумал жүзүнөн качандыр бир мезгилдердеги чечек оорусунун билинер-билинбес издерин көрүүгө болот эле. Конок бөлмөсүндө эч ким жок болгондуктан,  ал эшикти кыңайта ачып, өктөм үн катты:

 Эй, бирөө-жарым барбы?!

Аз өтпөй конок бөлмөгө жашы өтүп калганына карабай кыз кезиндеги  сулуулугунун эпкини дагы деле болсо сакталып калган кара белдемчелүү  аял баш бакты. Анын меймандын өзүндөй эле чачы-башы кара, бир көргөн көзгө цыган аялындай элес калтырган, толмоч,  бирок  кыймыл-аракети шайдоот,  кызыл кырмызысынын ичиндеги  эки эмчеги али да болсо тирсийген,  анан калса эриндеринин үстүн  жаш уландын кылкан муруту сымал суйдаң каралжын түк баскан элеси мейманды аргасыз көз кырын салууга мажбур кылды. 

– Кош келипсиз, улуу даражалуум! – деди ал. – Тамак жейсизби же самоор коёлубу?

Мейман анын али да болсо кубаты кайта элек ийиндери менен бутундагы эскире түшкөн татар чокоюна көз чаптырып өтүп, кош көңүл бурк этти:

– Самоор койгун. Сен эмне бул жердин кожоюнусуңбу же кызмат кылып жүрөсүңбү?

– Кожойкеси болом, улуу даражалуум.

– Түшүнүктүү, демек кожойкесимин дечи.

– Ооба, дал ошондой.

– Өзүң чуркап кызмат кылып  жүргөнүң кандай,  эмне жесирсиңби?

Жок, жесир деле эмесмин, улуу даражалуум. Көртирлик деген ушул экен. Анын үстүнө,  чарбачылык кылганды да жактырам.

 Аның жакшы. Баардык жерде тазалык...

Аял андан көзүн албай, сынай тиктеп турду.

Тазалыкты абдан сүйөм. Кезинде кожоюндарга кызмат кылгам, анын баары мага жакшы сабак болду, Николай Алексеевич.

Ошол замат ал көзүн алайтып, аялды бир карап алды да, кызарып кетти.

Надежда! Капырай, чын эле сенсиңби? – деди ал шашкалактап.

  Ооба, Николай Алексеевич, дал өзүмүн.

  Чын элеби, ой тобо! - деди ал үстөлгө отуруп жатып, көргөн көзүнө ишене бербей. — Ким ойлоптур! Деги канча жыл көрүшкөн жокпуз. Калп айтпасам, отуз беш жылдын жүзү болуп кетти окшойт?

  Туура отуз жыл болду, Николай Алексеевич. Мен азыр кырк сегиздемин, а сиз алтымыштарга барып калдыңыз го?

  Кыязы, ошондой го... Ой то-бо-о, ушундай да болот экен ээ!

Анын эмнесине мынчалык таң калдыңыз?

  Жетишет, болду эми... Сен түшүнбөгөн киши болбой эле кой!

Ал чарчаганын унутуп, жер караган боюнча бөлмө ичинде нары-бери баса баштады да, бир маалда тык токтоп:

Ошол мезгилден бери мен сен тууралуу эч нерсе билбейм. Сен мында кандайча келип калдың? Эмнеге кожоюндар менен калган жоксуң? — деди бети албырып.

Сиз кеткенден аз өтпөй эле кожоюндар мага азаттык беришкен.

Анан, андан соң каякта жашадың?

  Айтып отурса көп сөз, төрөм.

  Демек, күйөөгө чыккан жокмун? - дечи.

  Чыкканым жок.

  Эмнеге? Бул келбетиң менен сен кайсы гана эркектин болбосун башын айландырып алат элең го?

  Менин антүүгө дитим барган жок.

  Эмне үчүн? Мен бир гана сизди күтүп жүрдүм дегиң барбы?

  Аны эми айтып отуруунун кажети жок го — дейм, Же чыны менен эле сизди өлүп-талып сүйгөндүгүм эсиңизден чыгып кеттиби?

Ал бирөөнүн бир нерсесин кытып алып, колго түшкөн тестиер балача кызарып кетти да, кабагын салган боюнча нары-бери баса баштады.

  Баардыгы өтөт тура, сүйүү, жаштык... Мунун баары убактылуу гана көрүнүш окшобойбу. Анын үстүнө, ага анча маани берүүнүн деле кажети жок. Жылдар агылып, өзү менен кошо болгон жакшы нерсенин баардыгын ала кетет тура. “Бүгүн көргөн эртең жок” дегендей, качанкы бир көргөн түш сыяктуу гана элес калтырат. Ооба, дал ошондой: болору болду, боёосу канды...

  Ал Николай Алексеевич, кудайдын кимге эмне бергендигине жараша болсо керек. Айтайын дегеним, жаштык чиркин баардыгына бирдей кол булгалап жөнөп кетет, бирок сүйүү деген – башка нерсе.

Дал ушул учурда ал токтой калып, аялга жүз бурду да, башын чайкай тек гана жылмайган болду:

  Койсоңчу, садагасы! Өмүр бою бир гана мени күтүп, мага болгон сүйүүнүн деми менен жашап келе жатам дегени   турасыңбы!

Ооба, билсеңиз дал ошентип эле жашап келе жатам. Убакыт учкан куштай зымырап, артына бир кылчайбай өтүп жатканы менен көкүрөктөгү аруу сезим дымып, жиксиз жоголуп кеткен жок. Сиздин мурдагыдай эмес, таптакыр өзгөргөнүңүздү, ал тургай, анын баары сиз үчүн бир көргөн жакшы түш сымал гана элес калтырганын да билгем, бирок мындай... Болору болду, эми өкүнгөндөн пайда жок. Чынында, сиз мени катуу уяткарып таштап кеттиңиз, башкасын айтпаганда да, мен ал күндөрү ызама чыдабай өзүмө-өзүм кол көтөрөйүн деп ойлоп жүрдүм. О, андагы биздин күндөр! Мен анда сизди эркелетип Николенька дээр элем, а сизчи, сиз болсо мени... Мүмкүн эсиңиздедир? Кайдагы бир “Караңгы аллеялар” тууралуу ырларыңызды да окутар элеңиз деди ал ууртун тарта жылмайып.

О, ошондогу сенин сулуулугуң! деди ал башын чайкап. – Турган турпатың, а көздөрүңчү көздөрүң! Чиркин ай-е! Эсиңдеби, сени көргөн эркек аттуунун барысы бир саамга эстерин жоготуп коё турган.

  Эсимде, таксыр! Сиз дагы жигиттин гүлү элеңиз. Бекеринен мен сизге жаштыгымды, сулуулугумду бербесем керек. Жок, мындайды кантип унутууга болсун.

  Жаңылышасың! Баардыгы өтөт-кетет, баардыгы унутулат.

  Өтөөрүн өтөт деңизчи, бирок баардык эле нерсе унутулбайт.

  Болду, бар эми — деди ал, бурулуп терезе түбүнө басып келип. – Жетишет...  Мына ушундан кийин ал чөнтөгүнөн жүз аарчысын   алып   чыгып,  көздөрүн алмак-салмак аарчып: Эмне  кыл дейсиң, Кудай өзү кечирсе болду. Сен го кечирипсиң, — деп аялды жалт карады.

Аял   эшик   тушка басып келип, токтой калды да:

 Жок, Николай Алексеевич, мен сизди кечирген жокмун. Кеп сиз экөөбүздүн аялуу сезимибизге барып такалгандыктан, бир нерсени айта кетүүм керек: мен сизди түк кечире алганым жок. Ошол кезде бул жарык дүйнөдө мен үчүн   сизден кымбат нерсе жок болгон болсо, кийин соңунда да болбогондуктан сизди кечирүү эч мүмкүн эмес эле. Болуптур эми мунун барын эскерип отуруунун кажети жоктур.

 Ооба, туура. Эскерип отуруунун эми канчалык зарылчылыгы бар?  Андан көрө деди ал терезе түптөн бери имерилип, — эшиктегилерге айт, аттарды жолго камдашсын.  Бир нерсени айтып коюум керек. Бул өмүрдө мен дагы бакыт деген эмне экенин билгеним жок.  Сага оор тийсе кечирип кой, бирок аялымды абдан катуу сүйөөр элем. Ал болсо, көзүмө чөп салганы аз келгенсип, мени таштап баса берип, аёосуз ызалады. Меникине салыштырмалуу, сен көргөн ыза эч нерсе эмес!..   Аркада калаар туягым! деп уулум чоңойгуча кандай гана ичим элжиребеди дейсиң. Адам болуп, урмат-сыйга бөлөйт го десем, жүзү курусун, уят-сыйыт дегенди билбеген акмак болуп чоңойду!  Э-э, айттың-айтпадың... Бул деле кадимки эле жексур турмуштун бир көрүнүшү эмеспи. Болуптур, аман бол, садагасы. Сен сыяктанып, мен деле бул турмушта сени менен байланышкан эң кымбат нерселеримди жоготуп алдым деп   ойлойм. 

Аял басып келип, аны колунан өпкөн соң ал да эңкейе берип эрдин аялдын колуна тийгизген болду.

 Айт, тездешсин...

Арабада баратып: “Чынында эле, кандай гана сулуу жан эле! Аялзатынан бир бөтөнчө чырайлуу эмес беле!?” – деп ойлоду. Айткан акыркы сөзү менен колунан өпкөнүн эстеп, уялып, анан кайра уялып жатканын ойлоп бушайман болду.  -  “Эмне, өмүрүмдөгү  не  бир  аялуу,  жакшы көз ирмемдерди дал мына ушул аял тартуулаганы калппы?” – деп  өзүнүн азыркы кылыгына кыжыры келди.

Күн дигерден ылдыйлап калган.  Аттарды желдирген тейде жолдон жол тандап, арабакеч да ойлуу. Бир маалда ал артына кылчая берди да, кабагын үйрүп мындай деди:

– Биз жөнөп кеткиче тиги аял терезеге келип, бир далайга чейин бизден көзүн алган жок. Тээ илгертеден тааныштыгыңыз  бар беле?

 Ооба, Клим, бири-бирибизди илгертеден таануучубуз.

Аял эмей эле – акылдын кенчи. Элдин айтуусу боюнча байыгандан байып эле бара жатат. Ашык акчасын күрөөгө берет имиш.

Берсе эмне экен?

Эмне экен дегениңиз кандай? Кимдин эле жакшы жашагысы келбесин! Анан да акчасын өз маалында кайтарсаң жакшы, бирок кечиктирем же бербей коём деп ойлобой эле кой. Анда эле шоруңдун катканы ошол.

 Ооба, туура айтасың, Клим, шоруңдун катканы... Ылдамда, бай болгур, ылдамда!  Поездден кечигип калбайлы...

Күндүн акыркы нурлары ээн жаткан талаа бетине тегиз чачырап тийип жатты. Текирең-таскак уруп   бара жаткан аттардын туягы алдындагы чөөттөр баткак аралаш туш келди чачырайт. Ал болсо коюу кара каштарын түктүйтө, аттардын улам жарк этип көзгө көрүнө калып жаткан темир такаларына үңүлөт. “Ооба, шоруңдун катканы ошол. Кандай гана баа жеткис   мүнөттөр эле. Баа жеткис гана эмес, бир өзгөчө сыйкырдуу эле го!  Анан ошондогу ыр эсине кылт этти:

 “Айланада кызгылтым

 өсүп турчу ит мурун, 

кең аллея караңгы, 

липа багы дүкүйүп...”

“Бирок, мен аны ошондо таштап басып кетпей, бирге өмүр кечиргенимде кандай болмок? - деп ойлой калды да анан: — Жок, болбогон кеп! – деп өзүнчө күбүрөндү. Мына ушул жүргүнчүлөр конуп өтүүчү үйдүн ээси – Надежда менин Петербургдагы үйүмдүн ээси жана балдарымдын энесиби?”

Ал көзүн жумуп, башын чайкады.

 

1938-жылдын 20-октябры

 

Стёпа

Кечкурун Чернге бараткан узак жолдо Красильщиков аттуу жаш көпөс көнөктөп жааган жамгырда калды.

Жакасы көтөрүлгөн күрмөсүнүн өңүрүн кымтып, жамгыр суусу тынбай тамчылап жаткан башындагы картузун баса кийип, узун кончтуу өтүгү менен арабанын алдыңкы тээгин чирене тээп алган. Колундагы жедеп суу болгон божуну улам-улам силкип, ансыз да текирең-таскак менен  бара  жаткан аттардын шаштысын кетирет; сол жагында, тынымсыз чимирилип жаткан алдыңкы дөңгөлөк тушта – желип-жортуп кара-күрөң пойнтер[4] келет. Дөңгөлөк тийген чөөттөр шалп эте  тең экиге жарылып, ылай туш-тушка чачырайт. 

Алгач Красильщиков арабаны таштак жолду бойлой жаткан  тар, кара топурактуу жалгыз аяк жолго салып айдап, качан гана ал жол тыным албай төгүп жаткан жамгырдан улам көбүкчөлөр калкыган чөөттөргө айлангандыктан, арабаны кайрадан таштак жолго салды. Көнөктөп төгүп жаткан нөшөрдөн улам тиги көмкөрүлүп жаткан асман менен демейде көөшүлүп жаткан талааны көрүп болбойт. Кудум акыр заман жылып келе жаткансып, аяк-башы билинбей түрмөктөшүп, кара сур тартып чубалып жаткан булуттардын арасынан чагылган чартылдайт; бирде анын огу жарк-журк этип, анда-мында бир көрүнүп жок болсо, бирде  асман бойлой узатасынан тартылат да,  доошу дүңгүрөп,  ушу турган  асман азыр  чарт этип тең ортосунан бөлүнүп, зуулдаган боюнча келип бир тийип, жердин таш-талканын чыгарчудай төбө чачыңды тик тургузат. Ал анткен сайын  ат кулагын жапырып, башын чулгуй кошкурук атат, арабанын каптал жагында атка куйрук улаш келе жаткан ит чагылгандын огу жарк эткен сайын бүрүшө токтой калат да, анан кайрадан арабынан артынан түшөт...

Красильщиков Москвадан билим алып, кайсы бир университетти бүткөн. Жайкысын Тула шаарындагы бак-шактуу, дача кыязындагы үйүнө келип калганда өзүн ошол жактагы мужуктардын[5] арасынан чыккан помещик-көпөс[6] катары сезип, лафит[7] ичип,  алтын буусу менен жалатылган тамеки кутучасынан чылым алып чеккенге маашыр. Үстүнө тик жакалуу көйнөк, бутуна жалтырата майланган өтүк кийип, теги орус экендигине сыймыктанат. Ал эми мына бул өңдүү нөшөрдө, башындагы шапкесинин маңдайкы кыры аркылуу мурду ылдый жаандын суусу агып, дирилдеп көк муштум болуп үшүп чыкканында айыл турмушунан безе качып кеткиси келе турган. Бул жайда ал белгилүү бир актриса  Кисловодск шаарына жөнөп кеткиче же июль айына чейин аны менен Москвада азап чеккен мурдагы жылкы жай мезгилин такай эстей калып жүрдү: бекерчилик, ысык аптап,  мурун өрдөгөн жагымсыз жыт жана кыйма-чийме жолдордогу күн нуруна эзилип жаткан асфальттан чыккан буу, эртең мененкисин болсо Кавказга кетүүгө даярданып жаткан Кичи театрдын актёрлору менен Троицк ашканасында тамактануу,  Трамблэ кофейнясында чогулуп отуруу, кечкисин булгаары менен капталган  эмеректери, асма шам чырагы бар жана да нафталин жыттанган качанкы бир сүрөттөр илинген өз батиринде аны чексиз күтүү... Москвадагы жайкы кечтер өтө узак, түнкү он бирге барып араң көз байлангандыктан, аны керели-кечке күтүп отурмай. Акыр аягында эшиктин коңгуроосу кагылат да, ал жайкы жука көйнөкчөн кирип келип, демиккен түрдө мындай дейт: “Кечирип кой, бай болгур, башым ооруп күнү кечке былк этпей жаттым. Чай розаң такыр соолуп калган го? Абдан шашкандыктан арабакеч жалдоого туура келди, өзөгүмдүн    карарганын айтпа...”

Нөшөрлөгөн жамгыр жана күндүн күркүрөшү басаңдап, айлана агара баштаганда  таштак жолдун сол тарабында кемпири каза болуп калган  Пронин деген мещанин[8] абышканын үйү көзгө урунду. Шаарга дагы жыйырма чакырымдай бар, күтө туруу керек деп ойлоду Красильщиков. Ат болсо чарчады, дагы эмне болуп кетерин ким билет, тигине дагы деле болсо батыш тарап түнөрүп, кабак чытыйт... Текирең таскак менен келе жаткан атты ошол калыбынан жазбай айдап келип, Красильщиков арабаны жыгач чатырлуу аянтчага токтотту да:

Абышка! — деп катуу бир кыйкырып алды. – Мейманды кабыл ал!

Бирок жыгач менен ашталып, чатыры эбак дат баскан тунуке үйдүн терезелери караңгы эле. Анын бул кыйкырыгын деле уккан адам жоктой. Ушундан соң Красильщиков колундагы божуну мамыга байлап, алдыга чуркап өтүп кеткен иттин артынан жогору көтөрүлдү да, мында дагы эч ким жок экендигине ынанган соң, башындагы картузун өйдө көтөрүп, шөлбүрөп суу болгон күрмөсүн чечип, жалаңкат, бели күмүш жасалгалуу кур менен курчалган көйнөкчөн калды. Чекесинин терин жеңи менен сүртүп, ылай болгон бетин аарчып болгон соң камчынын сабы менен өтүгүнүн кончун тазалоого киришти. Кире бериштеги бөлмө эшиги кыңая ачык тургандыгына карабастан: “Негедир үйдө эч ким жок окшобойбу, сапарымды улай берсем кантет? деген ой менен талааны бир карап койду.  Кечки аба ным тартып, оорлошуп, оңой менен ордунан жылбай турган болуп тунжурайт. Эгин талаасынын ар кайсы жеринен бөдөнө үн катат. Жамгыр   токтогону   менен жер жана асман бети бирдей түнөрүп, тиги таштак жолдун ары жагындагы   дүкүйгөн калың токойдон нары дале болсо түрмөктөшкөн кара булуттар илээлеп, жүрөктүн үшүн алат. Красильщиков кире бериш бөлмөнүн эшигин тартып ачып, андан соң төркү бөлмөгө кире турган эшиктин туткасын сыйпалап таап, ичкери кирди. Бирок төркү бөлмө караңгы болгондуктан көзүнө эч нерсе   көрүнгөн жок, болгону каяктандыр дубалга илинүүчү сааттын чыкылдаганы угулуп жатты. Эшикти тарс эткизе күч менен жаап, сол тарапка бурулуп коңшу бөлмөнүн эшигин ачканында шыпта конуп отурган уйкулуу чымындардын дың эте нары-бери учканы болбосо, мында дагы башка жан адам жок болуп чыкты.

– Эмне, кырылып калышканбы баары! – деп айтар замат нарыраакта турган мештин секичесинен жылмышып түшүп келе жаткан кожоюндун кызы Стёпанын нары жагымдуу, жаш баланыкындай жумшак үнү угулду:

– Василь Ликсеичсизби? Ашпозчу катын күйөөсү менен чатакташкан соң, үйүнө кетип калган, ал эми атакем кызматчы жигит экөө жумуштап шаарга кетишти, бүгүн кайра жетишип келип калышары күмөн...  Күндүн күркүрөгөнүнөн коркуп жалгыз-жарым жатканым аз келгенсип, тыңшасам кимдир бирөө кирип келе жаткансыганынан андан бешбетер эсим чыгып кетти... Арыбаңыз, анан да мени кечирип коюңузчу, бай болгур...

Красильщиков чөнтөгүнөн ширеңке алып чыгып күйгүзүп, кыздын карагаттай көздөрүнө бир саамга кадала тиктеп турду да:

– Эсенсиңби, эси жок десе, мен дагы шаарга бара жатам, бирок карабайсыңбы эмне болуп жатканын, күтө туруу керек болуп жатат... Ошентип, каракчылар келип калган го деп ойлодум дечи? – деп мыйыгынан жылмайды.

Ширеңке күйүп бүтөйүн деп калганына карабастан анын албырып чыккан жүзүн, мойнундагы маржан шурусун, сары чыт көйнөгүнүн алдынан үрптөрү билинер-билинбес баш баккан кичинекей эмчектерин даана көрүүгө болот эле... Анан дагы тулку-бою Красилщиковдукунан дээрлик эки эсе кыска болгондуктан, көзгө тестиер кыздай эле көрүнө турган. 

Красильщиковдун көз албай тиктеп турганынан улам оңтойсуздана түшүп:

– Мен азыр чырагданды күйгүзөйүн, – деп, стол астындагы шам чыракты алып чыкмакка ашыкты. – Сизди кудай өзү жиберген тура, болбосо мен жалгыз кантет элем? – деп өйдө туруп, калтаарып, чырагдандын шишесин чыгарууга аракет кылып жатты.

Ушул учурда Красильщиков ширеңкенин кутучасынан экинчи талды алып күйгүзүп, кызды дагы бир ирет башынан аягына чейин сыдыра тиктеп алды.  

Анан бир маалда:

– Коё тур, кереги жок – деп  колундагы ширеңкенин кутучасынын ыргытып жиберип, кызды белинен кармап өзүн көздөй имере тартты. – Коё тур деп жатпаймынбы, андан көрө бир мүнөткө мени карачы... Кыз чоочуп, алгач далысын салып турган тейде бурулуп карап, кийин колдорун ылдый түшүрүп, артын көздөй имерилди. Өзүн көздөй ыктай тарткан тигиге каршылык көрсөтпөдү, бар болгону аң-таң болуп, башын артка чулгуй, боюн оолактатты.

– Эмне, жанагыдан да катуу коркуп жатасыңбы? – деп Красильщиков күлүп жиберди да, эңкейип кыздын божурайган көздөрүнө кадала тиктеди. 

Кыз кучагынан бошонууга аракет кылып:

 Василь Ликсеич… Ка-кантесиз? – деди мукактана.

– Кантесиң дегениң кандай? Токточу, токтой турсаң, мен эмне сага жакпаймынбы? Жашырбай эле кой, мага көз кырыңды салып жүргөнүңдү жакшы билем.

– Ооба, сиздей адамды бул дүйнөдөн жолуктурууга болбостур, — деди ал деми кыстыгып.

Мына, бая эле ошентпейт белең...

Ал аны эми имере тартып бооруна кысты да, бөйтөйгөн эриндеринен аймалап өбө баштады. Колдору белинен ылдый май сооруну көздөй жылмыша баштаганда, кыз чыны менен   турумтайдын чеңгээлинде калган таранчыдан бетер жан-алакетке түшүп, тыбырчылап жиберди:

Василий Ликсеич... Кудай үчүн... Атыңыз чатыр алдында байланган боюнча калды... Атакемдер келип калышы мүмкүн... Василий Ликсеич! дейм... Оо, кудай...

Жарым саат өткөндөн кийин ал сыртка чыгып, атты короого алып кирип, cуулугун чыгарып, алдына арабадагы жаңы чабылган көк чөптөн салып, чайыттай ачылып кеткен асмандагы жымыңдаган жылдыздарга бир саам суктана карап, анан үйгө кирди.  Үй ичинде кулак-мурун кескен тынчтык өкүм сүрүп, терезеден кирген тээ көктөгү жылдыздардын жарыгы караңгы менен жуурулушуп, бөлмө ичин үрүл-бүрүл жарык кылат.

 Кыз башын шылкыйтып, от жакчу мештин үстүндөгү секичеде деңдароо абалда жатты. Ал минтип айттырбай басып калган азап менен жан жыргаткан лаззатка бир туруп ыйлап, бир эсе кубанды... Бирок  лам деп ооз ачкан жок.  Анан барып көз жаштан кургай элек туз татыган жүзүнөн аяр сүйүп, башын ийнине сүйөй, саамай чачынан аяр сылап,  оң колундагы тамекини улам кайтып соруп, андан чыккан түтүндү  жогору көздөй  үйлөп жаткан жигиттин демин тыңшап жатып, уктап кетти. Василий болсо караңгыны ойлуу тиктеп жатып, маашырлана жылмайган болду: – “Атакемдер шаарга кетишкен...” Мына сага кетишсе! Бирок эми кантет? Ойлогонуңду  уктап  жатып  түшүндө  көргөн тиги  көкшүн чал эмне болгонун  дароо байкайт эмеспи... Мас кезинде жаагын жанган бул чүкөдөй карыя кайсы күнү өлөрүн гана билбеген айыбы болбосо, адамдын эмнени ойлоп, нени коюп жатканын илгиртпей баамдай турган... 

Ал таң куланөөк болгончо көз ирмеген жок. Бир кезде башын буруп, терезеден чыгыш тарапка  көз чаптырды да, андан соң колдорун жогору  көтөрүп, кудайдан тилек кылып  жаткан бурчтагы дин кызматкеринин элесин жазбай тааныды. Ал  өзүнө: –  “Шашпа! Сен экөөбүз жолукчу күн да келет!” – деп жаткандай туюлду. Мындан соң ал кызга жүзүн бурду:  ал болсо, баардыгын унутуп калгандай үч бүктөлгөн боюнча дале болсо таттуу уйкуда! Байкуш кыз, көргөндөн көрө элеги көп байкуш кыз...

Болгон үнүнүн бардыгынча короз кыйкырып, таң сөгүлгөн учурда ал туруу үчүн ордунан обдула бергенде кыз чочуп ойгонуп кетти.  Чатыша түшкөн чачына жана көйнөгүнүн көкүрөк тушундагы бүчүлөрүнүн чечилип калганына да кайдигер капталдай отуруп, не болуп кетти дегенсип,  айран-таң боло тигиле карады.

– Стёпа, – деди жигит колдон келишинче үнүн аяр чыгарып. – Мен кайтайын.

– Кетип жатасызбы? – деди да, кыз бир саамга дендароо түшүп отургандан кийин, эмне болуп жатканын аңдаар замат  көкүрөк тушун чокунуп жаткансып айкалыштыра ургулап жиберди да:

Каякка барасыз? Мен эми сиз жок кантем? Эми эмне   кылуум керек? — деп безилдеп жиберди.

Стёпа, мен жакында кайра келем...

 Келерин го келесиз дейли, атакем үйдө болот да...  Мен сизге кантип жолугам! Сиз менен жолугуу үчүн тиги таштак жолдун ары жагындагы токойго деле бармакмын, бирок үйдөн кантип чыгам?

Ал чымырканып туруп кызды түртүп жиберди. Кыз чалкасынан түшүп, колдорун жая берип, көз ачып-жумганча үстүнө чыга калып, мойну-башынан өпкүлөп жаткан эркектин салмагы алдында дене бою көшүп: “О Жараткан!” деп өлүм алдында жатып, куру-бекер өткөргөн өмүрүнө өкүт кылган кишиден бетер аяр үн каткан болду...

Бир аздан кийин ал тиги чыгыш жактан жаңы эле кылтыйып чыгып келе жаткан күнгө артын салып, колуна камчы кармап, картуз жана жалаң кат көйнөкчөн мештин жанында турду. Кыз болсо мештин секичесине чөк түшүп   отуруп алып, оозун нары-бери чормойтуп, өпкөлөп ыйлап жатты:

Василий Ликсеич... Кудай үчүн... Асманда падышалык кылган Христос үчүн, мени аялдыкка алыңыз! Отуңуз менен кирип, күлүңүз менен чыгайын! Василий Ликсеич... Кааласаңыз ирегеңизде уктайын – алып кетиңиз! Мен өзүм деле сиз менен кетип калмакмын, бирок мени ким коё берет...

Жаагыңды басчы! деди Красильщиков үнүн өктөм чыгарып. Жакынкы күндөрү келип, атаңа жолугуп, сага үйлөнөрүмдү айтам. Уктуңбу?

Кыз боздогонун тык токтотуп, чөгөлөй отура калды да, жашы мөлт этип кулап кетүүгө даяр турган көздөрүн бакырайта ачып:

Чын элеби?деди.

Албетте, чын.

Мен  Иисусту чокундурган майрам күнү он алтыга кеттим, деди кыз шашыла.

Эң жакшы, демек жарым жылдан кийин никелешүүгө да болуп калат...

Красильщиков үйүнө кайтып келип, ал ошол замат жолго камылга көрө баштады да, кечкурун үч ат чегилген жеңил араба менен темир жолду карай бет алды. Ал эми эки күндөн кийин ал Кисловодск шаарына келип түштү.

 

1938-жылдын 5-октябры

 

© Бунин И.А.

© Кыргызчага Таштанбек Чакиев которгон, 2021. Бардык укуктар корголгон

 

Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган

Китеп шаарыбыздын китеп дүкөндөрүндө сатылууда. Чекене түрдө сатып алуу үчүн борбордук аянтта жайгашканСонун гокитеп дүкөнүнө кайрылууга болот. Байланыш телефону: 0706 960796

 



[1] Тарантас – Төрт дөңгөлөктүү, үстү жабык жеңил араба.

[2] Картуз – XVI-XX кылымдарда Түндүк жана Чыгыш Европада (айрыкча немистерде, голландиялыктарда жана орустарда) кеңири тараган эркектердин кыры катуу, жеңил формада тигилген баш кийими.

[3] Мундир —  атайын аземделип тигилген аскердик же граждандык кийим.

[4] Пойтнер – Түбү Англияга тиешелүү аңчы иттердин пародасы.

[5] Мужук – орус же украин дыйканы

[6] Помещик – көптөгөн жер үлүштөрүнүн ээси

[7] Лафит – XIX кылымда Россияга кеңири жайылган Франциянын кызыл шарабы.  

[8] Мещанин – Падышалык Россияда  — шаардык сословиенин адамы. Бул жерде майда мүдөөлүү, идея жана коомдук түшүнүгү тар киши.

 


Количество просмотров: 510