Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© Евгений Хвальков, 2021. Бардык укуктар корголгон
© Кыргызчага А.Сарманбетов которгон, 2021. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 9-июлу

Евгений Александрович ХВАЛЬКОВ

Алронд жана сыйкырдуу түлкү

(Жомок)

 

Россиялык профессор-жазуучунун балдарга арналган жомогу алгачкы ирет кыргыз тилине которулуп сунушталды. Аны менен таанышуу жаш муундарга да, балдар жазуучуларына да пайдалуу деп ойлойбуз.

 

Сиз, Алронд жана сыйкырдуу түлкү жөнүндөгү окуяны уктуңуз беле? Аны айтуу оор деле эмес.

Канткен менен сыйкырдуу түлкү бүгүнкү күнгө дейре кайсыл бир жерде жашап жүрөт. Аны кармоо дегеле мүмкүн эмес, анткени алар сыйкырды аябагандай жакшы билишет. Кээде, андай түлкү токойду аралай чуркап баратканда, куйругу бутактарга же  бадалдарга тийип кетсе куйругунан учкундар асманга чейин чачырап, кайра жерге учуп түшөт; адамдар ал учкундарды жылдыз учту деп коюшат. Ал эми, кээ кезде сыйкырдуу түлкү кишилердин арасында да пайда болот. Биздин кеп ошол жөнүндө болмокчу.

Кайсыл бир кезде деңиз жээгинин Бертоари деген тумшугунда карыган рыцарь жашаган экен, анын үч уулу болуптур. Качан ал карыя каза болгондо, улуу уулу салт боюнча атасынын сепилин жана бардык жерин мурастап калат, ортончу уулу айылдагы чиркөөнү жана анын кызматын мурастайт, ал эми кичүүсү Алрондго атасынын шпагасы менен карыган аты гана тиет. Улуу агасы Алронддун жол азыгына нан менен бир аз бууга бышырылган чочконун этинен берип, өз байлыгыңды өзүң таап алгын деп кубалап жиберет.

Жолго чыгар алдында Алронд Адтиарндагы Таравон падышасынын сарайына барсамбы деп ойлойт. Угушунча ал падыша эр жүрөк жана акылдуу ак сөөктөргө көп маяна төлөп берет экен. Ошентип, ал Адтиарн шаарына бет алат.

Жолдо аз жүрдүбү, көп жүрдүбү Алронд чарчап, курсагы ачып, тамак жеп алайын деп токойдун четине олтура кетти. Анан эле караса бадалдын артынан түлкүнүн мурду чыгып турат. Түлкү Алрондго, Алронд болсо түлкүгө тигилет. Аңгыча түлкү:

— Кутман күнүң менен, жигит! Жеп жаткан этиң укмуш көрүнөт. Мага деле андан бир үзүп берсең жакшы болот эле?— дейт. 

Алронддун нан менен ошол этинен бөлөк эч нерсеси болбосо да, ал боорукер  болчу,  түлкүгө этинен үзүп берип, ага-инилеринин ага эмне кылгандыгын жана эми Адтиарндагы  Таравон падышага бара жаткандыгын айтып берет.

— Андай болсо, — деди түлкү, — балким, мен дагы сени менен бирге барып өз бактымды сынап көрүшүм керектир? Байкасам сен өтө эле аккөңүл жигит экенсиң, мен ар кандай айла-амалдарды жакшы билем, балким мен деле сенин керегиңе жарап жүрбөйүн? Адтиарнга жетер менен сен Таравон падышанын тандалган күзөтчүлөрүнө кызматка орношосуң, мен болсо канцлер Беренгардын котормочусу болуп алам. Мен көптөгөн  тилдерди билем: гарегинче, аделнианча, ал тургай, игерулддардын да тилинче.

— Болуптур, — деди Алронд, — бирге барсак жолдо да көңүлдүү болот. Кеттик!

Ошентип, алар Адтиарн шаарына жол тартышат. Алар көздөгөн жерине келишкенде Таравон падыша биздин Алрондду өзүнүн күзөтчүлөр кызматына ишке алды, анткени күзөтчүлөрдүн башчысы жигиттин маркум атасынын эски досу болчу, ал эми Алронд  болсо атасынын өңүн, кайратын жана акылын даана тарткан эле. Түлкү болсо канцелярияда жайгашып, көп тилдерди билүүсү менен баарын таң калтырап жатты: катчылар, кеңешчилер, канцлер менен падышанын өзү да түлкүнүн акылына аябай суктанып, таңданып  бүтө албай жатышты.

Падышанын бойго жеткен кызы бар эле. Ал, Алронду көрөөрү менен, ага аябай ашык болуп калды; жигит да ханбийкеге кайдыгер эмес болчу. Бирок, падышачылыкта ханбийкенин өзү каалаган адамын тандай алчы эмес, ошондой эле атасы — падышанын өзү да, бардык падышалыктардай эле, кызын өзү жактырган адамына кудалай алчы эмес; чоң мелдеш өтүшү керек эле, ким анда жеңип чыкса, ошол гана ханбийкенин колуна ээ боло алат. Ханбийке Таравон падышанын бойго жеткен, жалгыз кызы болгондуктан, тезирээк мелдеш өткөзүңүз да, ханбийкени күйөөгө бериңиз деп, карып калган падышаны канцлери менен кеңешчилери тажата башташты.

— Бизге,— дешти алар, — сиздин мураскериңиз болуп — даңктуу, эр жүрөк, акылдуу жана бардык жагынан татыктуу ханзаада же рыцарь тандалышын каалайбыз; бизге андан башкача  падышанын кереги жок!

Падыша алардын айтканына көнүп, мелдешти өткөрмөк болду. Ошол күнү Алронд кызматынан капалуу кайтат, түлкү андан:

— Эмнеге мынча кайгырып, кабагың салыңкы, досум?— деп сурайт.

— Кантип капаланбайм! — деп жооп берет Алронд.— Падыша мелдеш уюштурмак болду,  анда ким жеңсе, ал ханбийкеге үйлөнөт, ошентип менин сүйүктүү ханбийкем чет элдик ханзаадага же рыцарга кеткени жатпайбы.

— А сен эмнеге мелдешке катышпайсың? — деди түлкү.— Сенин атаң кедей рыцарь болуп, сен андан да жакыр болгонуң менен урууң тектүү, байыркылыгы боюнча кайсыл бир падышалардыкынан кем эмес. Анын үстүнө сен күч жана тапкычтык жагынан куру эмессиң!

— Ал туура дечи,— деди Алронд, — бирок, ал жердеги сыноолор: найза сайышып, жаа атышып же кылыч менен чабышып дегендей мен билгендерден эмес  деп ойлоп жатам.

— А менчи? Падышанын сыноолорунда мен сага жардам берем.— деди түлкү.

Алронд ойлонуп көрдү да, макул болду. Ошондо түлкү куйругун бир силкип койду эле, жигиттин үстүнө алтын учкундар жаап жиберди — Алронд мурда канчалык келишимдүү, эр жүрөк болгону менен, эми ал сыйкырдуу жаркырап, отуз эсе күчтүү  боло түштү.

Качан мелдеш башталганда, Батыш Жээктин бардык жерлеринен, ал турсун  Архипелагдын аралдарынан да толгон падышалар, княздар, герцогдор, графтар, барондар жана рыцарлар Адтиарнга чогулушту. Алгачкы үч күн ичинде жекеме-жеке беттешүүлөр, аңчылык жана салтанаттар менен өтүп, Алронд алардын бардыгында – найза сайышта, кылычташып, жаа атууда чет элдиктер менен рыцарлардан алдыда болду жана баарынан мыкты бийлеп, өзүн  ханбийке үчүн чыныгы талапкер дегидей сылык-сыпаа алып жүрдү! Бирок, падышанын сыноолору сарайда бийлөөгө караганда кыйла оор болчу. 

Алгачкы сыноонун кези да келип жетти. Падыша мындай деди:

— Өткөн жылы герцог Лархельм Моремонт мага беш жүз эсе түшүм берген укмуштуу  үрөндөрдү берди, анын унунан жасалган нан укмуштай касиеттүү экен, бир үзүмүнө эле чоң киши тоёт экен. Менин дыйкандарым ал укмуш үрөндү талаама себишти, чынында эле эгин мурда болуп көрбөгөндөй өнүп чыкты. Бирок, кырсык болуп: ким бирөө түн ичинде келип, эгинимди жеп кетип жатат, Мен күзөтчүлөрүмдү ал белгисиз ууруну кармоого жөнөткөнүмдө, алардын бардыгы уктап калып жатышат. О, баатыр рыцарлар, кимиңер менин талааларымдагы укмуштай буудайды коргоп, табышмактуу каракчыны да  кармап алып, мага алып келип бере аласыңар?

Бардык падышалар, княздар, герцогдор, графтар, барондар жана рыцарлар ойго батып калышты, Алронд да ойлонду. Ал үйүнө келди да падышанын тапшырмасы  жөнүндө түлкүгө айтып берди. Түлкү болсо:

— Мен буудайды ким уурдап жатканын билем – ал, узун мурун желмогуз. Менин сөзүмдү ук, азыр жакшылап уктагын, түн ичинде экөөбүз ууруну аңдыганы барабыз. Ошондо кулагыңды бүтөп алганды да унутпагын.

Алар так ошондой кылышты. Түн ичинде бардык падышалар, княздар, графтар, барондар жана рыцарлар талааны кайтарууга келишкенде, узун мурун желмогуз алардын жанына келип, үнүн катуу созолонтту эле — бардыгы уктап калышты. Түлкү алдын ала эскерткендей Алронд кулагын бүтөп алгандыктан уктаган жок. Качан ууру келип, падышанын эгин талааларына оттоп киргенде — Алронд менен түлкү ал узун мурун желмогузду кармамак болуп кууп жөнөштү. Алар аябай убара болушту, акыры түлкү желмогуздун үстүнө секирип чыгып, анын мойнуна аркан чалманы сала койду. 

Эртеси таң атары менен Алронд узун мурун желмогузду падышага түткундап алып келип тапшырды. Падыша таң калып, Алронду мактап, ага алкыш айтып жатты. Чет элдик падышалар, княздар, герцогдор, графтар, барондор менен рыцарлардын Алрондго ичи тарып, күйүнгөндөн жаны чыгып кете жаздашты: Алронд менен түлкү бул желмогузду кармап жатышканда, алар түнү бою уктап калышкан да! Алар ичи күйүшкөндөн Алрондго бир жамандык кылууну ойлошту, бирок, азырынча аны ачык жасашшкан жок.

Экинчи сыноонун убактысы да келди. Падыша минтип айтты:

— Өткөн жылы Дамириянын падышасы Этельстан мага алтын жүндүү койлорду берген болчу. Эми алардын жүнүн кыркып алууга кез келди. Алардын жүнү таза алтын, бирок койлор аябай азоо болгондуктан аны эч ким кырка албай жатат. Даңктуу рыцарлар, силердин кимиңер ал койлорду кыркып, алтын жүнүн чогултуп, мага алып келе аласыңар?

Бардык падышалар, княздар, герцогдор, графтар, барондар жана рыцарлар катуу ойлонуп  калышты, Алронд да ойлонду. Ал үйгө келип, падышанын жаңы сыноосу жөнүндө түлкүгө айтып берди. Түлкү ага:

— Бул кыйын эмес, досум Алронд. Мени уккун да, азыр жакшылап укта, эртең барып, алтын жүндүү койлорду кыркабыз.— деди.

Эртеси эртең менен, ханбийкеге үйлөнүүнү каалагандар алтын жүндүү койлорду кармоого киришти, бирок койлор аябай азоо болгондуктан, аларды эч ким кармап, алтын жүнүнөн бир үзүм да кыркып ала албай койду. Акыры кезек Алрондго келди. Ошол кезде   анын ишенимдүү досу болгон түлкү, койлор жайылып жүргөн дөңсөөгө олтура калып, коюнунан чоорун алып чыгып, ойноп кирди. О, анын кандай шумдуктуу музыка экенин элестетип көрсөң! Бардык койлор түлкүнү тегеректеп алышып, музыкага арбалгангансып жайбаракат жатып калышты, Алрондго болсо аларды кыркып алуу оор эмес болчу.

Койлор эле дейсиңби! Музыканын тунук, керемет үнү падышаны, сарай кызматчыларын жана ал жердегилердин бардыгын суктандырды; эч бири унчукпай, арбалып калгансып кыймылдабай, аң-таң боло угуп жатышты. Токойдогу жапайы  жаныбарлар да өзүлөрүнүн ийиндери менен үңкүрлөрүнөн чыга калышып, түлкүнүн керемет  музыкасын тыңшап калышты. Бардык жырткычтардын падышасы арстан да укмуштуу музыканы бузбоо үчүн арылдаганга батынбай, карышкыр болсо улуганын, жапайы бугу мөөрөгөнүн унутуп койду. Ал тургай Кулама-Жарда жашап, урушчаактыгы менен аты чыккан карган Грета да (ал бирөө менен урушпай тура алчу эмес) жайынан чыга калып музыканы суктана тыңшап калды. Түлкүнүн чоорунан чыккан күү бүт айлананы музыканын дүйнөсүнө азгырып алды.

Алронддун экинчи тапшырманы аткарганына падыша кубанып, ал эми мындай керемет музыканы укканына эки эсе кубанычтуу эле. Ал, Алронд менен түлкүгө чын жүрөктөн алкышын айтты, ал эми чет элдик падышалар, княздар, герцогдор, графтар, барондар жана рыцарлардын ичи тарып, жиндери келгенден аз эле жерден жарылып кете жазашты. Ошндо алардын бири Гернеб Лотиродский мындай деди:

— Эгерде бул рыцарь үчүнчү сыноодон өтсө, анда ал ханбийкеге үйлөнөт, биз болсо мөрөйсүз калып, атүгүл маскара болуп кайтып кетебиз, биздей мартабалуу ак сөөктөрдөн кайдагы бир кедей жоокер артык болуп калып жатпайбы! Биз эртең мененки үчүнчү сыноонун алдында аңдып туруп аны өлтүрүп салалы да, абийирибизди сактап калалы. 

Алар ошентип чечишти. Бирок алар ошол учурда түлкү көшөгөнүн артында туруп алып, баарын угуп жатканын билишкен жок. Ал үйгө келип, чет жерликтердин арамза ойлору жөнүндө Алрондго айтып берди.

— Анда кандай кылышым керек?— деди жигит.

— Мага ишенгин, — деп, жооп берди түлкү, — Биз эртең душмандарыбызды да жеңип, акыркы сыноодон да өтүшүбүз керектигин унутпа!

Үчүнчү жана акыркы сыноого да убакыт келди. Падыша мындай деди:

— Мен болочок күйөө баламдын өз сепилинде дүр-дүйүмгө толгон дасторконун  жайып, мени коноктоосун каалайм, Сый көрсөтүүлөрдүн бардыгы падышалык жогорку деңгээлде болушу керек! Мен кызымды кедейге бербеймин!

Чет элдик падышалар, княздар, герцогдор, графтар, барондар жана рыцарлар дүрбөлөңгө түшүп калышты. Албетте, алардын өз жеринде укмуштуудай кооз хан сарайлары менен сепилдери бар – бирок, ал жерге бир күн ичинде падышаны алып бара албайсың, ошондой эле ал сарайлар менен сепилдерди башың менен жер казсаң дагы Адтиарнга алып келе албайсың да! Эң бай төрт падыша жүздөгөн куруучуларды жалдап, аларга борборго жакын жерге сепилдерди курууга буйрук кылышты – бирок бир күн ичинде сепилди кантип кура алмак эле! Алронд да абдан капалуу көрүнгөн, бирок түлкү аны капталга нукуп:

— Мен, падышаны кабыл алуу үчүн сепил алып келгени кетемин, сен аңчылыкка чыкканда чет өлкөлүктөрдөн оолак болгун!— дейт.

Ошентти да түлкү Кроморган сепили тарапка чуркап жөнөдү. Айтып коюшум керек, бул сепилдин ээси аябагандай коркунучтуу, мыкаачы желмогуз болчу. Кроморган сепилинин жанынан өтүшкөн көптөгөн саякатчылар ошол желмогузга жем болушкан эле.  Бирок, ал түлкүлөрдү эмес, адамдарды жегендиктен, биздин түлкү эч корккон жок; анын үстүнө ошол учурда ал желмогуз үйүндө жок болчу — аңчылыкка чыгып кеткен. Түлкү эң алгач сепилди кайтарган гнолл Грау, гоблин Гроу жана гремлин Грахахам окшогон желмогуздун кызматчыларынан кутулууну чечти. Ал, дарбазага чуркап барып:

— Аман калам дегендер болсо качкыла! Бул жакка падыша жер жайнаган аскерлери менен жүздөгөн  сыйкырчыларын ээрчитип келе жатат — алар чагылгандары менен баарыңарды өрттөп жиберишет!

Желмогуздун кызматчылары дүрбөлөң түшүп калышты. Эмне кылуу керек? Түлкү аларга:

— Тезинен жашынгыла; балким падышанын аскерлери менен сыйкырчылары  силерди көрбөй калышат!

Троллдун кызматчылары коркок болчу, алар күзөт орундарынан небак качып  кетишкен эле. Гнолл Грау сыранын чөмүчүнө, гоблин Гроу шарап куйчу бочкеге, ал эми гремлин Грахахам өзү жакшы көргөн кальвадос шарабынын челегине жашынып калышты. Биздин түлкү алардын бардыгынын оозун бекитип туруп, сепилдин дубалынан орго ыргытып жиберди — ошол жерде сүзүп жүрө беришсин!

Ошол эле маалда үйдүн кожоюну, мыкаачы желмогуз кайтып келип, кызматчыларынын жоголуп кеткенине аябай таң калды, андан да өзүнүн сепилинде кайдан-жайдан чоочун түлкүнүн пайда болуп калганы ага кызык болду. Бирок, биздин түлкү өтө сылык, кичипейил мырза болгондуктан, оңой эле желмогузду тынчытып койду. Анын  мактоону  абдан сүйөрүн билген түлкү, ал желмогуздун мыктылыгын жана ал тууралуу  падышалыктарда кандай мактоо сөздөрдүн айтылып жаткандыгын оюнан чыгарып, саймедиреп берди.

Айта кетүүчү нерсе, бул желмогуз эки баштуу болчу жана алар көп учурда бири-бири менен урушуп кетише турган. Түлкү куулук кылды — ал улам бир баштын мыктылыгын экинчисине айтып, мактай берип, акырында алар эрегишкенден өлөрүнө карабай урушуп киришти. Ошол кезде түлкү чөлдөгү төө баккычтардын согуша турган курч, ийри кылычтары илинип турган желмогуздун бөлмөсүнө акырын барды да кылычтарды алып туруп, желмогуздун эки башын тең кыя чаап салды. Ошондон тартып ал жакта жолоочуларды туткунга алып, өлтүрбөй калышты! 

Ошол учурда Таравон падыша өзүнүн сарай кызматчылары, жан-жөкөрлөрү жана эсиңерде болгондой Алронду өлтүрмөк болушкан падышалар, князьдар, герцогдор, графтар, барондар менен рыцарларды ээритип алып аңчылык кылып жүргөн.   Эликтердин артынан кууп жүрүп Алронд көпчүлүктөн бөлүнүп, жалгыз калат, аны көрүшкөн чет элдиктер артынан кууп жөнөшөт. Алардын кылычтары суурулуп, жаалары октолуу эле, ошол кезде түлкү болбогондо жигиттин күнү бүтмөк!

Түлкү болсо каардуу желмогуздун укмуштай кооз сепилин ээлеп алган соң, чыныгы падышалык сый тамак даярдоого тапшырма берип коюп, аңчылык жүрүп жаткан токойго шашыла жөнөдү. Ошол кезде ал токойдо өтө эски, чирип калган көпүрө бар болчу. Качан душмандар Алронду кууп жетип жаа менен аткылай башташканда – ал сыйкырдуу түлкү эмес беле! – досун түлкүнүн кейпине келтирип, ийинге ката койду да өзү Алрондун дал өзүндөй жигит болуп кубула калды, аны силер дагы айырмалай албайт болчусуңар! Чет жерлик палышалар, канзадалар, герцогдор, графтар, барондор менен рыцарлар жигитти кууп жөнөштү, Алронд болуп кубулган түлкү болсо чаап бараткан атынан түшө калып эски көпүрө аркылуу наркы жээкке чуркап өтүп кетти. Чет жерликтер аны кармап алмак болуп артынан кууп баратышканда чириген көпүрө аларды көтөрө албай сынып кетти – ошентип алардын баары сууга кулап, агып кетишти.

 Ал арада падыша ачка болуп, кечки тамакты күтүп олтурган эле. Түлкү болсо Алронду адамдын, өзүн түлкүнүн кейпине кайрадан келтире салып, экөө падышага кайтып келишти.

— Улуу урматтуум, — деди түлкү салтанаттуу, — Алронд мырза сизди өзүнүн сепилинде тамактанууга чакырып жатат.

— Кантип эле, Алрондбу?— деди падыша таң калып.— Сенин атаңдын сепили бул жерден он күндүк аралыкта эмеспи, анан ал сенин агаңа гана таандык да?

— Ишенип коюңуз, улуу урматтуум, — деди түлкү шашылып, — Алронд мырзанын өз  сепили бар, ал укмуштай кооз.

Түлкү Алронд менен падышаны бардык кызматчыларын кошуп мурда желмогузга  таандык Кроморган сепилине алып барды, азыр ал түлкүнүн досу, рыцарь Алрондго таандык болуп калган. Алар сепилге жеткенде, падыша аябай сүйүнүп кетти —  анткени, Кроморган сепили падышанын сарайынан кем эмес кооз эле; түлкү менен Алрондун падышага жана анын кызматчыларына көрсөткөн меймандостугу чындыгында эле падышалык деңгээлде эле. Падыша абдан ыраазы болуп, ошол эле кечки тамакта Алронд менен ханбийкенин кыз-күйөө болгонун жарыялап, Алрондду тактынын мураскери кылып жарыялады.

 Ал эми сыйкырдуу түлкү эмне болду? Той бүткөндөн кийин түлкү баарына сылык жүгүнүп коюп токойго качып кетти; кийин досуна кээде конокко келип турганы болбосо ал баары бир жапайы жаныбар эмеспи.

Мына ушундай досторум! Алронд түлкү үчүн колунда болгон нерсесин аяган жок, анын аркасында акыры ал падыша болду.

 

Орусчадан которгон Айдарбек Сарманбетов


Количество просмотров: 715