Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© А.Л. Зеличенко, 2021. Бардык укуктар корголгон
© Кыргызчага Б. Шаматов которгон, 2021. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 17-июну

Александр Леонидович ЗЕЛИЧЕНКО

Сакал

(Болгон окуя – аңгеме)

 

…Мурутумду тээ милициянын Жогорку мектебинин курсантынын формасын кийип жүргөн кезден тарта эле кастарлачумун. Чоңдордун: «Кырып сал!» деген катуу тыюусуна карабай саптык кароолордон, курс командиринин кыраакы назарынан эптүүлүк менен ойт берип жүрчүмүн.Наряддардан башым чыкчу эмес, качан караба, кезексиз картөшкө тазалагандын үстүндө элем, бирок кырып сал деген буйрукту аткарчу эмесмин.

Начальниктер сүрөтүм так ошол мурутум менен Окуунун алдыңкыларынын жана ага кошо, — шаардагы мыкты лекторлордун Ардак тактасына илингенде жайыма коюшту, «Жаш лекторлордун мектебин» генерал өзү көзөмөлдөчү...

Ишке келгенде баары кайра кайталанды. Баса, «ылдыйда» жүргөндө менин өйдөкү эрдимдинүстү жагында эмне өсүп атканы менен эч кимдин иши жок болчу, кылмыштын бетин ачканга

үлгүрсөң болду эле. Баары борбордук аппаратка келгенде башталды. 

Бир жолу Министрдин көзүнө урунуп калбайымбы, чакырды эле, эреже боюнча тарсылдата басып барып аты -жөнүмдү айттым. Бирок мурдакы партиялык кызматкерге мындай аскер каадасы дегеле таасир эткен жок. Ошенткен менен мурутумду көрдү. Жакпай калды окшойт. Өзүнүн жаагында болсо туулгандан бери эркекте боло турган түктөн ныпым эч нерсе өспөгөн көрүнүп турат...

«Бул эмне болгон «мулявка» (Владимир Мулявин, СССРде таанымал болгон «Песняры» белорус тобунун жетекчиси)?! А эгерде форма кийүүгө туура келип калсачы!? Тезинен жогот, — деди.

Кыязы, ички иштер министринин менин мурутумдан башка кылаарга иши жок болуп калса керек...

Жарым жылдай мышык чычкан ойнодук. Мен эпчилдикке салып министрдин көзүнө көрүнбөй жүрдүм. Бирок бир жолу...

Православдардын Пасхасы күнү күтүлбөгөн жерден тревога жарыяланып калды. Мындайда ала жүрчү – ичине сакал алгыч, самын, таза шейшеп, суткага жетээрлик азык-түлүк салынган чамадан дайыма даяр болчу. Сезон боюнча униформа кийип 45 мүнөттүн ичинде жетип келдим да дежурныйга катталдым. Байкасам, тикелей иштешкен чоңдорум ыраазыдай.

Анан эле жалпы сапка тизилүүгө буйрук берилди. Туй ата, кароону министр өзү өткөрө баштаса болобу! Эми мында бекинип кала албайсың, «опуртал» тизмеде ар бир офицер жазылып турат.  Оңдурбайт ко эми деп турам...

Текшерүүчүлөрдүн тобу биздин сапка тушташа келип калды. Мени тигиле караган «Биринчи» сөгүш берейин деп эми эле оозун ачып келатып, кайра ойлонду окшойт, көзүнөн гана заарын чача карап алды. Жүрөгүм болк дей түштү: «Бекеринен минткен жок», — дедим ичимен. 

Министр мартабалуу сөөмөйүн чычайтты:

— Фамилияң?

— Лейтенант Зеличенко, кылмышкерлерди издөө Башкармалыгынан.

Катардан чык!

Куп болот!

Кана, лейтенант бизге тревога чамаданыңды көрсөтчү. Устав талап кылгандын баарын алдыңбы?

Ачып ичиндегилерди бирден көрсөтүп атам. Иш азык-түлүк паёгуна жетти. Начальниктер эмнегедир оролгон гезитти ач деп калышты. Анда ала жүргөн эле тамак-аш: жарты бөлкө нан, килькинин банкеси, кичинекей шоколад бар.

Боёлгон жумурткалар кана?! – дейт.

Биз жумуртка боёбойбуз.

Момундай былчыйган мурутуң, анан да хохолчо фамилияң туруп жумуртка боёбойбуз деп коёсуң да?!!

Арткы саптан бирөө: «Шымынын топчусун чечип көрсөтсүн!» — деп кыйкырып калды:

Баары тегиз каткырып калышты. Начальниктер андан ары кетишти.

Министрдин арамза ою мээме кийин жетти. Көрсө, Ички иштер министрлигинин офицеринин тревога чамаданындагы боёлгон жумуртканы саясат кылып, мага дин менен жытыгышып же динди таратып жүрөт деген кинени оодара салса болот турбайбы. Андай болгон күндө ошол замат комсомолдон куулуп, сүйгөн ишиңден да кол жууп калуу турган кеп болчу. Кыязы, министр менин иудей экенимди, православдык майрамдарды белгилебей турганымды билбесе керек. Ошондуктан буга чейин өмүрү эч ким текшербеген азык паёгунан Пасхага карата сырдалган жумуртканы сөзсүз таап алам деген окшойт...

Андан көп өтпөй мен Талас шаардык ички иштер башкармалыгына начальник болуп которулдум. Андан кийин Москвага СССР ИИМ Академиясына окууга кеттим. Андан кийин Ысык-Көлдө областтык кылмышкерлерди издөө башкармалыгын жетектедим. 

Арадан 10 жыл өттү.

Борбордук аппаратка майор наамында кайра келдим. Сакал коюп жүрөйүн дегем, анткени мага абдан жарашчу, өргүүдө жүргөндө коюп көргөм.

…Эркектердин жаагындагы үч күн кырылбаган түк азыр эми кадыресе көрүнүшкө айланды, алтургай, кыйындыктын белгиси болуп калды. Совет доорунда болсо мамлекеттик кызматтагылар таптаза кырынып гана жүрүшчү. Жаагына бирдеме өстүрүүгө эркин кесиптин ээлерине гана – сүрөтчүлөргө, айкелчилерге, жазуучуларга ж.б. уруксат берилчү. Ошондон улам азыр советтик доорду чагылдырган тасмалардагы «беттери түктүү» атайын кызматтардын, милициянын офицерлерин, аскер чиндегилерди көргөн сайын сүйлөнө берем. Биздин убакта кыйын болсоң сакал коюп көрчү! Мен талант шыгына карабай кырынгандан баш тартканы үчүн гана жогорку окуу жайына окутуучулук жумушка албай коюшкан адамдарды билем. Ошол эле себептен улам канчалаган адамдарды да чет мамлекеттерге чыгарбай коюшкан!

Биздин министр болсо таптакыр башка адам эле, кесипкөй да, демократ да болчу, анүстүнө заман да өзгөрүп кетти. Бир жолу доклад кылайын деп ага кирип калдым. Карасам, маанайы жакшы экен, — оперативдик максатта сакалымды өстүрүп алайын, кылмышкерлер милиция экенимди билбесин деген өтүнүчүмдү айттым. Кызыга карап калды да: «Көрөлү. Рапорт жаз», — деди.

Бир ай өттү. Коллегиянын жыйыны аяктап бараткан, анан эле Шеф күтүлбөгөн жерден: «Пландалган бардык маселелер каралып бүттү. Бирок дагы бир маселе бар. Мына бул жерде баңгизатка каршы күрөшүү Кызматынын начальниги рапорт менен кайрылды. «Оперативдик» сакал өстүрөм деп атат», — деп калды.

— Зеличенко!

— Мен!

— Оюңан айныган жоксуңбу?

Жок!

Аялың деги тааныйбы анан?!

— Аялы аны башка жагынан тааныйт (залда күлкү чыкты)

— Болуптур, сакалыңды коё бер. Бирок эсиңде болсун: кызматтык көрсөткүчтөр жакшырбай турган болсо Пётр Биринчи боярлардыкын кырккандай кылып сакалыңды өзүм кырып салам…»

Ошентип алты жыл сакалчан жүрдүм, белгилүү бир имидж жараттым. 1996-жылы болсо шак эле чачым жыдып түшүп, кашкабаш болуп чыга келдим. Бул ушунчалык бат болду, кыязы бул тукумумда болсо керек. Жадагалса, менин апсагай кебетеме көнүп калган жакын досторум, кызматташтарым деле тааныбай калышты. Адегенде атайлап ушинтип атышат ко деп жиним келип жүрдү. Кийин көнүп калдым.

Бирок менин сакалы жок калганым кебетемди канчалык өзгөрткөнүн бир окуядан кийин билдим, бул факт…

Баңгизаттарга каршы иштер боюнча республикалык атайын кызматтын жогорку чиндеги бир офицери менен бир топ убакыт кызматташып калдык. Достошуп да кеттик. Анан ал Москвага которулуп кетти, ал жактан генерал наамын алды. Көпкө чейин көрүшпөй да калдык.

1997-жылы мен баңгизат ташыган трафикти бууганы Ошко кеттим. Чек ара аймагында иштешим керек эле. Кызматтык этиканын талабына ылайык жергиликтүү чек ара начальниктерине кирип өзүмдү тааныштырдым. Кабылдамадан баягы эски кесиптеш атайын кызматчыга жолугуп калдым. Генералга баарына уруксат берилген эмеспи – терезени кең ачып коюп тамеки тартып турган экен. Акырын артынан барып: «Петрович, ден соолук каалайм», — деп шыбырадым. Тигинин болсо кежигесине чейин титиреп кетти! Шак эле бурулуп карап калды, тааныбай турду. Үн го меники, жүзүм чоочун болуп атат да. Мен эми мындайга көнүп калгам го: «Петрович, бул менмин, мен. Полковник Зеличенкомун».

«Саня, сенсиңби! – деди да анан эңкейип түз эле кулагыма минтет: — Мыйзамсыздарга аралашайын деп аткан экенсиң да, ошого даярданып аткансың го? Жооп бербей эле кой, көрүп турам. Укмуш!», — деди да баш бармагын өйдө көтөрүп койду...

 

Кыргызчага которгон Бахтияр Шаматов

 


Количество просмотров: 305