Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© Лариса Кеффель-Наумова, 2020
© Орусчадан которгон Айдарбек Сарманбетов, 2021
Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 1-апрели

Лариса Кеффель-Наумова

Римдеги өргүү

(аңгеме)

Орус кызынын махаббаттын айынан Рим шаарына барганы, сырдуу аян,  тайкы тагдыры кызыктуу чагылдырылган. Жаштарга сабак болчу жагдайлар да бар.

 

«Сүйүшкөндөр — баягы эле жиндилер»

(лат.)  

 

Лера бошонуп алып, качып жөнөдү. Ал, эчтемени көрбөй-билбей, кайда баратканын да элес албастан, алдынан чыккан кишилерге урунуп-беринип чуркап баратты.  Көз  жашы көздөрүн ачыштырат. Артына кылчайып койбостон чоочун, кишилери кыжылдаган, кудук сыңары тар, көлөкөлүү көчөлөрдү аралай туш келди чуркап жөнөдү, артынан нааразыланган кыйкырыктар чыкты:

— Синьорина... Көзүңүз жокпу?...

 Ал, кечиримин кайталай суроого гана жарады.

— Scusi… Scusi...[1]

— Pazza... Stupida![2] —  деп, артынан жекирип жатышты .

Акыры, чуркоодон Леранын баштагы жаны ачынуусу кайта түштү. Оор дем ала токтоду. Тынчыраак жер тапмакка эки жагына элеңдей каранды. Июлда Римдин борборунан ээн жер кайдан табылсын. Байыркы урандылардын биринин бурчуна жөлөнө калды да, баарынан жүз үйрүп колдору менен бетин басты. Ага жигити азыр эмне деп кыйкырды? Эки жума өтө элек жатып аны макоо, сойку деп атабадыбы! Өз бетинче жашап жүргөн бейкүнөө москвалык кызды сүйөөрүн кайталай айтып, үйүнөн, өз мекенинен азгырып алып келип алып эми тебелеп салбадыбы... О Кудай! Бул эмнеси? Бу чоочун, текеберленген, дем ала алгыс аптаптуу шаарда кыз эмне кылып жүрөт?

Анын мындай жинденүүсүн алгачкы жолу көргөнүндө коркуп, түшүнө албай дапдаарып калган болчу. Жигити тез эле эсине келе калып, кыздын колдорун ала коюп, аяр кыскан. Ал жолу ошону менен эле бүткөн болчу. Бирок, кыздын аны менен бирге болуусуна түшүнүксүз коркуу сезими көрүнбөс бөгөт болуп, анын мындай, кудум жомоктогу катынбаакы жан алгыч Көк Сакалдай кейпин көргүсү келбей калган...

Лера кайсыл бир кайрылышка келип, бодурлуу, чаң жана көк жыттанган дубалга далысын сүйөй таштын үстүнө шалдайып олтура кетти. Абдан ысык эле. Тандырдай кызып чыккан шаар эрип, аптапка батып турган. Ал олтура кеткен таш да жаңы эле бирөө туруп кеткендей жылуу болчу. Суусаганын айтпа! Ал, суусунун калып калган жон баштыгында экенин эстей койду. Паспортунун да ошол жакта экени эсине түшө калып, чочуп кетти. Портмонесине батпай койгон болчу. Канча акчасы бар? Капчыгын алып чыгып, акчаларын санай кетти. Карабаскыр лирлер. Жүз лир, миң... Алары канча болот? Эмне сатып ала алат? Тизелерин кучактап, аларга чарчаңкы башын жаздап алып олтуруп калды. Көз алдына жинденүүдөн өңү бузулган Витторионун жүзү тартылды. Ага эмнесинен жаңылды экен? Болгону, бир боз улан менен сүйлөшө кеткен...

 

Треви фонтанынын четине олтуруп, колдорун жылуу сууга салды да курбусу,  Марусянын курсташы – португалиялык режиссёрду эстей кетти. Сүйкүмдүү, дайыма кыялкеч Жуан! Ал, Лераны “Феллининин айымы”, алтын чачтуу Анита деп атай турган... Курстук иштеринде аны тартам дечү эле.

Фонтандын жанындагы жигит ага бир нерсе деди. Кыз жооп кыла жылмайып койду. Чачындагы кыпчууру жылып, чачтары бошоп кетиптир. Андан бейтааныш жигит каяктан келгенин сурады. Кыз Россиядан экенин айтты. Россиянын кыздары сулуу деди жигит. Кыз чачын оңдомок болду эле, капысынан кыпчууру фонтанга түшүп кетти.

— Сен путана-сокудай болуп жатасың!— деп, Витторио кишилерди аралай аны  жулкулдатып жөнөдү.— Макоо! Көрүнгөндүн баарына эле жылмаңдай бересиңби? Тажап бүттүм. Сен эмне, каякта экениңди биле элексиңби? Бул жер деген сенин саткын Россияң эмес!

— Вито, бул эмнең? Мен болгону... –тиги аны сүйлөтпөдү. Аркасынан катуу түрткүлөп кирди. Өңү кумсарып, ызырынып алган:

— Basta cosi! Sono un cretino! Sono un completo idiota! Pinocchio![3] Andiamo! Мейманканага кеттик! Сapisci?! — деп, буюра айтты. — Allora? Perché batti gli occhi? Forza, andiamo![4] Орус аялдардын баары желп этек экенин жакшы эле билгем! Stronza!

Ал, кызды жөнсүз эле айыптап, жинин андан чыгарып жатты. Лера кантээрин билбей селейип, жалооруй карагандан башкага жарабады – кудум, бул кишини алгачкы ирет  көрүп жаткандай.

— Эчтеме эмес, эртең менен бул цирк акыры бүтөт! Кетебиз!— эркек кыйкырып, кыздын каруусун кабыштыра кармады.

— Коё бер! Ооруп кетти!

Кыз жулкунуп, бошой түштү. Бул, эмне дегени! Кызга эч ким эзели антип катуу айткан эмес. Анын ичи ачышып, үнү буулду. Акыры, колун жулкуп алып, качып жөнөдү.

— Токто, келесоо! Токтогун деп жатам! Каякка? Лера-а!

Качкын кыз баш адашкан булуң-буйткалуу римдин көчөлөрүнүн бирине чуркаган бойдон кирип кеткен болчу.

 

Лера эми ордунан кайра туруп, каяккадыр барууга алсыз болуп турду. Чоң катачылык кетиргени аны кудум шал кылгансып, эми анысын оңдоп же өзгөртө албасын даана билип,  амалы куруду... Ошол кезде жакын эле жердеги коңгуроонун катуу кагылган үнү капыс чыгып калды. Лера эсине келе түштү. Башын көтөрүп, кырка тизилген аркалардын нары жагындагы короодон италиялык чакан чиркөөнү көрдү. Же ал капелла беле? Имараттын чатырынын алдында DOM [5]деген эски жазуусу бар экен. Эсине Тоораттын бир үзүндүсү келе калды: “... Сүйүүгө баткан Кудайга да батат, Кудай анын өзүндө”. Алардын сүйүүсүндө Кудай барбы?.. Деги эле ал Кудайга жага тургандай сүйүүбү?

 

Ал, башын силкий селт этти. Ойлору ага баш ийбей жатты. Деги эле мунун баарын ойлоп жатканы кызык. Анын башка неосени ойлоосу керек болчу. Эми мындан нары эмне болот?.. Эчтеме. Үйгө кайтуу керек. Бирок, кетээр билети мейманканада болчу, жигити ыргытып эле жибербесе. Артка кеткенге эмне билет алдың деп да Вито урушкан болчу. Билетинин убактысы да жетип калган. Кааласа эртең учуп кетсе да болот. Мейманканага жигити жете электе озунуп барып калуусу керек. Ойлору чаташып жатты. Денесин майда калтырак басты. Жок. Жетише албайт, Миланга чейин да учуп баруусу керек. Кантип үлгүрсүн? Эч мүмкүн эмес. Эми биротоло эркектин туткуну болуп калды. Бүттү. Жигити болсо аябай өзгөрүп кетти! Мурда анын беш беттик узун каттары, кеч кирген сайын телефон чалуулары, Бриндизиден алдырган керемет жасмин бутактары жалган беле... Москвада ал аябай сылык, камбыл болчу – же түстүү айнектери улам алмашкан балдардын калейдоскобу сымал капыс учуп келип, кайра тез эле жок болуп, алмашып турган мүнөзүнөн аны толук аңдай албай калганбы? Түнкүсүн да башкача болуп кетти. Кудум жин ургандай. Ар бир эле “столбага” кызгана берип тажатып жиберди. Мына, эми бул балага да... Ашынган акмакчылык!     

Витторио аны таба албай калды. Эсине келе түштү. Кишилерди жөөлөп, түрткүлөп, кызды кууп жетүүгө жандалбастады, токтогун, кайрылгын деп да кыйкырынды, болбоду. Чуркап баратып чалынып, тизесин сыйыртып кулап да түштү. Тура калып, төкөрөңдөй чуркады. Жолдун соңундагы карабинерлерди – жигит менен кызды көрө салып, аларга шашылды. Бийкечин табуусу керек. Сөзсүз...

 

Лера ордунан турду. Барышы керек. Бирок, кайда? Кайда болсун... Жолдо бир чечимге келет да. Футболкасы денесине жабышып калыптыр. Аны тартып, чолок шымынын артын күбүп койду. Жайылып кеткен чачтарынан улам ысып, тердеп чыккан. Дагы жакшы, чачтары аксаргыл болуп ысыктан коргойт. Жоголгон кыпчууру гана өкүнтөт. Кыз кишилерге көз салып коюп кете берди. Алар көңүлдүү, баары жакшы, калааны кыдырып жүрүшөт, миң жылдык тарыхты сиңирип, эстеликке сүрөт тартышууда. Жардамды кимден сураса? О, Кудай, мени уксаң боло! Дароо жардамга келүүчү Николай Угодник кайдасың?

Леранын артына кайрылып баргысы келбеди. Жигитин көрөйүн деген көзү жок. Абалын ойлонуп алуусу керек. Баарын таразалап чыгышы зарыл. Мейманканадагы бөлмөсүнө төлөөгө акчасы жете койбостур, баарыбир документисиз бөлмөнү беришпейт. Балким, кайсыл бир олтургучта түнөп алуусу керектир? Кечээки кечи эсине түштү. Парктардын биринде олтурушпады беле. Ал кайсыл жер эле? Римдин жогору жагында, Палатин дөңсөөсү тушта беле?

Кыз шаарды божомолдоп билип калган. Анын баштагы ачуусу кайтып, демин басты. Виктор Эммануилдин эстелигине баруучу жолду туш келген жолоочудан сурап алды. Дөбөгө ошол эстелик аркылуу өтүшкөн болчу. Лера эки тарабында тең открыткалар, магниттер жана пиво ачкычтар сыяктуу майда-бараттары тирелген күркөлөр каз катар тизилген ичке көчө менен баса берди. Ал, чачын кыстарып алууга жарактуу бир нерсени издеп баратты.  

Түндө анын түшүнө баягы түш дагы кирген болчу. Эмнегедир ал көп кирчи болду. Эки жумада эки ирет кирди. Биринчиси, эки жылдай илгери экзаменге даярданып жатып – искусство тарыхынан, аялдардын башына кийген түрлүү кокошниктерден, байыркы кездемелер менен көрүнчүлөрдөн жинди боло жаздаганда кирген болчу. Ошол кезде ал университеттин китепканасындагы Лика аттуу кесиптешинин жоруусуна ишенген болчу. Ага түшүн айтып берген. Лика түш жоруганды биле турган. Аны төлгө тартып, кара магия менен шугулданат дешчи, бирок антет деп ишене албайсың. Кантип эле ошентсин! Лика бирдемелерди жасап, дене-башын сыйпалап, кызыктуу жөрөлгөсүн аткарып бүтүп, түшүнүксүз сүйлөп кирди:

— Мен көрүп жатам...— деди жай,— сен эч качан “жеңүүчү” атын алып жүргөн киши менен бирге болбошуң керек, антпесең ал – түштөн келген – каза табат.

— Эмнеге?— Лера түшүнбөй калды.

— Мен көрүп турам...— Лика өжөрлөнө кайталады. Ал, дегеле сөзгө сараң болчу.

Витторио менен Лера капысынан, Ликанын көзү ачыктыгынын алдында эле таанышкан. Италиядан келишкен туристтердин тобу түшкөн автобуста акчасы алдын ала төлөнүп коюлган бир бош орун бар болуп чыкты. Туристтер Чоң театрга барышмак. Рита деген котормочу курбусу телефондон тим эле чырылдап жиберди:

— Тез! “Космостун” тушундагы аялдамадан сени күтөбүз. Күтө тургун деп айдоочуга айтып коём.

Чоң театр. “Кусалык”. Соткилава. Мындай мүмкүндүк дагы качан болмок эле! Билети аябай кымбат болчу, колдон келбейт, бул жолу болсо – бекер... Лера аялдамада күтүп турган “Икаруска” тим эле учуп кирди. Автобустун ичиндегилер жандана түшүштү. Жалгыз гана аны күтүп жатышыптыр. Ал, саякатчылардын кызыга караган көз караштарын тулкусу менен сезип, ортодогу өтмөктөн өтүп жөнөдү. Бардыгы сыпаа,  алдыдагы көңүлдүү кечтин шооратынан улам шаттуу болушчу. Кай бирлери аны менен итальянча учурашып да жиберишти. Италиялыктардын бардыгы чын эле операны ушунчалык аздектешеби? Же, аларга атактуу Чоң театрдын жасалгасын көрүү аябай кызыктыр?..  Ритка ага орто  чендеги бош орундукту көрсөттү. Анын жанындагы орундукта орто жаштагы, смокинг кийген эркек олтуруптур. Лера аны учкай карап койду. Кызыктуу экен, көздөрү акылгөй. Эркек да ага карап, кечирим сурап, орундуктагы пальтосун колуна алып алды. Кийинки үч саат бою анын көз карашы кызды ээрчип жүрдү.

Аларды театр адаттагысындай кызыл килемдер төшөлгөн мармар тепкичтери, алтын жалатылган адеми жасалгалары, оймолуу, кооздолон жалтыр паркети менен текеберлене, сөөлөттүү  тосуп алды. Алда кандай кереметти чыдамсыздана күтүп, бул босогону ал канча ирет аттабады! Дайыма жаңылыкты, ачылыштарды күтүп, керемет кыялдар менен түштөрдүн ширелүүсүнөн жаралып, арбап алган сырдуу Музыканы дайыма эңсеп келер эле. Ал – бүтүндөй дүйнө сүйлөгөн, бардык жандардын дилинин тили болчу. Анда бакыт толуп-ташып турар эле. Эмнеге адам бактылуу болгондо – ырдайт?.. Же өзүнүн эң сүйүктүү,  Жараткандын скрипкасынан чыккандай кереметтүү күүсү менен жан дүйнөсүн жайгарып, аны менен ааламга атып чыга тургандай музыканы самайт. Пушкин өзүнүн генийлигине дал ошондон кубат алган, Толстой да балким кымча белдүү, шөкөттөлгөн көйнөкчөн Наташа Ростованы кыялында дал ошондой абалда элестетип, алгачкы жолу чыгармасына бел байласа керек, Тургенев да балет менен ооруп, Полинаны тапкан. Алардын көзгө көрүнбөс арбактары ушул жерде учуп жүрүшкөн сымал. “Улуу да, катаал  да” Чоң театрдан кол үзүп кете албай жүрүшкөндөй. Мельпомендин алтын арабасы канчалаган бейкүнөө жандарды жерге күм-жам тепселебеген! Канчалаган Одиллийлер  акылынан айнып, сайрандаган Одетталар анын курмандыгы болушпады дейсиң. Операнын арбактары. Не деген жеңиштер менен кыйроолор, жаңжалдар менен пуантага салынган айнектер, ишке ашпаган үмүттөр менен кыйраган тагдырлар болуп өтпөдү. Эки жүз жылдык театрдын, тукаба орундуктар менен пардалардын эски жыты мурунга уруп турат. Лера театрды көзүн жуумп туруп таанып алмак.

Ритка театрдын секисинде, арткы орундукка каадалуу олтуруп алып, Витторионун жөлөнгүчүнө таянып аны менен спектакль бүткүчө шыбырашып чыкты. Котормочулук кылып жатканы. Көбүнчө андан Витторио сурап жатты. Лиранын куйкасы курушуп, алардын шыбырын тыйганы менен Ритка менен италиялык бир саамга гана басыла калгандары болбосо басылышкан жок. Каварадоссинин ариясы... Анын ошол учурда  уккусу келип, көксөгөнү жалгыз ошол болчу. Албетте, Кореллиден өтүп кетүү мүмкүн эмес дечи! Соткилава да чынында эле мыкты болчу.

Ритканын  кулак тушунда тынбай шыбыраганы болбосо Лера тигилерге кошулуп алып ырдап кирмек беле:

...Курмандыгың болгум келет,

Курмандыгың болсомун дейм...

Ошондо жашагым келген эмес,

Жашагым келген эмес! [6]

Италиялыктар ар бир ариядан соң “браво!” деп кызуулана кыйкырып, сүрөп жатышты. “Музыка баары бир адамдарды бириктирет экен” деп ойлоду Лера, аларга кошулуп алакан чаап жатып. Орус искусствосунун салтанатынан анын жүрөгү өз өлкөсү үчүн, айрыкча бул – Чоң театрда сыймыктанууга батып турду...

Спекталь бүткөндөн кийин, кийим чечкичтин жанында Ритка Витторио менен учкай сүйлөшүп бүтүп, Лерадан сурай кетти:

— Ага сенин телефон номуруңду берейинби?

— Дагы эмне, ошол эле калыптырбы!

Лера даректерин берүүдөн караманча баш тартты. Бүтүндөй кечти бузганы аз келгенсип, эми телефон чалып турмак экен да! Энеси аны эч түшүнбөйт. Айдоочу Гоша аны Дмитровка туштан түшүрүп койду. Үйүнө жеткичекти ал аялдамада үшүп, кыйлага чейин унаа күтүп туруп калды.

Витторио аны көпкө чейин таба албай жүрдү. Лера Риткага дарегимли эч айтпагын деп катуу буйруган болчу.    

— Жинди турбайсыңбы!— деген Ритка аны бир ирет жактырбай, башын чайкап,— Деги сен анын ким экенин билесиңби? Ал деген профессор! Ал мага визиткасын калтырган болчу. Абайлагын, куру жалак калып жүрбө! Минте берсең кара далы болуп өтөсүң. Ал болсо дал сага ылайыктуу. Искусствонун кишиси.

Саресептей көрүнгөн курбусу туура эле айтып жаткан. Лера Ритканы жакшы билчи. Ак жүрөктүгү жанда жок. Бирок, ашкере “акылдуусынган” жагы да бар. Бул Ритканын сөзү. Ал, орток тааныштарынын “бөтөнчө жактарын” таамай айтат. Тим эле мөөр баскандай. Ритка болсо шакабадай көрүнгөн аларды башкаларга жакшылык кылып, жакшы жолго салуу үчүн ойлоп табат... Анысын эч ким суранбаса деле жасай берет.    

— Мына, Женька Австралиядан чалып жатат... Тим эле жомоктой жашайт!

Ритка суктанып, көздөрүн сүзөт. Женька Ритканын сиңдиси, спортсменка-жөө күлүк, аны да австралиялык, кайык жарышынын тренерине “кошуп койгон”.

— Ал кандай, жарышта утпаган кенгурусу калыптырбы, деги?— Лера мыскылдап койду.

— Кусаланып жатыптыр. Ыйлады.— Ритка жактырбай сүйлөндү.— Эмне, ал бизди жыргап жатат деп ойлойбу?

— Байкуш...

— И, эми аны аяп киргин. Ал дагы сага окшогон кыялкеч!— Ритка чылымын соруп, жекирип койду.— Блин! Өзүңөрдүн бактыңарды билбейсиңер!.. Буларга жан тартып жатса... Ырахмат да айтып коюшпайт...

— Мен өкүнбөйм,— Лера ийнин куушуруп койду.

— Өкүнбөйсүңбү!— Ритка жинденип кетти.— Өзүңө карап көрчү, кимге окшошуп турасың деги? Жок. Бул мексикалык чычкан эмес! Бул, тим эле шанхайдын илбирси!

— Болду, шылдыңдаба,— Лера жүн моюн орогучун моюнуна ороп, учтарын тонунун ичине шашыла катты.— Мен чуркадым.

Ритка аны өбүмүш этип, артынан жекире карады:

— Колундагысын алдырды, макоо.

 

Босогодон Витториону көрө сала Леранын эсине Лика айткан коркунучтуу сөздөр түшө калды. Аларга ишенерин же ишенбесин билбейт. Көпкө чейин жанына жакын жолотподу. Тиги болсо өжөрлөнүп, акидей асылат. Колунан келген бардык мүмкүнчүлүктөрүн: СССР-Италия коомуна мүчөлүгүн пайдаланып улам учуп келе берди. Лера окуп жаткан. ОВиР документтерин создуктуруп, анан институтту бүтүрүп, андан  соң италиялыктар көпкө текшеришти. Италиянын түштүгү жабык аймак болчу. Тим эле аябай создугуп кетти. Эми мына, Римде да ошол эле түшү – күйгөн отко жай куйкалагандай кыйноо кайрадан кайталанып жатат. Ал бүгүн өзүн от жалмап кеткендей ээн, кайдагы бир талаада жалгыз, кызыл кумду жай кечип келатканын канчанчы ирет көрдү. Алыстан караганда четтери өйдө, асманга созулуп кеткенсиген мавритандык сепилдей көрүнгөн ак курулуш даана көрүнбөй мунарыктайт. Тим эле асманга умтулуп турат. Далинин “акылдан айнуусундай”. Бул кызыл чөлдөн эми эзели чыга албай калдым го деп ойлоп, Лера коркуп кетти. Ошондо капысынан эле бирөө артынан келип, бала кездеги “күзгүбү же таракпы” деген оюндай  алакандары менен көздөрүн жаап калды. Желкеси туштан анын ысык демин тим эле даана сезип турду. Эагымдуу жана жеңил боло түштү. Ал, артындагынын АЛ экенин түшүнө салды. Өзүнүн жашоосу. Дүйнөсү. Көздөрүн анын колдорунан бошотуп, ага бурула берди... да ойгонуп кетти. Дагы эле дал ошол учурда ойгонду. Анын жүзүн дагы да көрө албай калды. Лерага  ал Витториодой сезилди. Москвада ал бир жолу алаканы менен чекесин баскан эле. Ошондо андан түшүндөгүдөй жылуулук келген. Бул түштүн жандырмагы кандай? Эмнени айтмакчы? Эмнеден сактаганы жатат? Билсе кана. Ликанын олуялыгы аян-белги болуп жатпасын? Кутула алгыс коркунуч же эскертүүдүр. Тигил, талаадагы ким? Витобу?

 

Лера Венеция аянтына чыга келди. Ал жерде эл көп экен. Аны бул, көпчүлүктүн ичинде денесин балкыткан өзгөчөлүк ээлеп алды. Аны мында эч ким тааныбайт. Өзү да эч кимин билбейт. Эс алып алууга болот. Ойлорун топтоп алуусу керек. Же эчтемени ойлобой коюу керек. Аттиң, адамда кайсыл бир убакытка чейин ойлонууну, санаа тартууну өчүрүп сала  турган кнопка болсо...

Адамдардын бардыгы Палатин дөңсөсүнө агылып баратышат, андан түшүп, нары, шаардын борборуна умтулгандары да бар. Эстеликтин жанында кандайдыр бир акция  өтүп жатыптыр. Лера сары чатырчаны жана аны жандай кырка тизилген столдорду, аларга жайылып коюлган түркүн түстүү буклеттерди, гезиттерди, бардыгы окшош сары кепка менен «CEIS — Contro la droga е AIDS» [7]деген жазуусу бар майкаларды кийип алышкан балдар менен кыздарды көрдү. Бардык жерде кызылга боёлгон илмек тасмалар жайнайт. Кудум кишилердин моюнуна салынчу сыйыртмакка окшош. Ал, өзүнүн абалы али жаман эместигин сезе койду. Тигил байкуштардын болсо ишинен кутулуп чыгышы керек. Топтошуп,  сары кийинишкен жаштар шаракташып, аянтта баракчаларын таркатып, баш аламан дүрбөп жүрүштү. Кызыккан кишилер жыйма столдорго басып келишип, алардын жанындагы сымбаттуу кыздар, жигиттер менен маектешип жатышты. Көмөктөшүүнү каалагандар брошюраларды барактап көрүп, эңкейишип, бир нерселерге кол коюп жатышты. Жакын эле жерден англисче сүйлөгөн үн чыкты. Чолок шым, олчойгон ак мокасын  кийген толук америкалыктын оозундагы сагызын балчаңдата чайнап келип, бир баракчаны жактырбай алып, биринчи эле жолуктурган таштанды челегине таштап салганын Лера кызыга карап турду. Жасалма жылмайышкан улгайган немис жубайлар акча төлөө керек болгон бардык жерди айланып өтүп баратышты. Япондор акцияны колдой тургандарын ачык эле көрсөтүшүп, сылык жүгүнүмүш этип коюп көпчүлүккө кошулуп кетип жатышты. Алардын чыңкылдаганы бул, вавилондук гүрү-гүүдө өзгөчө чыгып, аянттын баш-аягына угулгансыйт. Көпчүлүкүн опур-топуруна карабай, саякатчылардын кай биринин буту алдынан уча качып-конуп жүргөн таранчылар ичүүчү суусун атырылткан фонтандын жанындагы көлчүккө тынбай чөмүлүшөт. 

Лера бир бутунан сылтый басып, эстеликтин түбүндөгү кенен тепкичке бет алды. Сандалынын ичине таш кирип кетип, бастырбай, жан оорута катуу сайгылап жаткан болчу. Маңдайынлагы таш командорду жактырбай карап койду, тагыраагы ал – бириккен Италиянын алгачкы королу, улуу Витторио болчу. Дагы бирөө. “Мунусу дагы жеңүүчү. Аларды кайдан жеңе алмак элек! Бири-бирибиз менен кызыл чеке болуп талашуу жеңил, аялдарды болсо жөн эле сындырып, алсыз канаттарын жулуп, же темене менен көпөлөктөй сайып туруп, коллекциясына кошуп алса болот. Ар башка салмактагылар. Жеңүүчүлүрдү табышканын!” Керсейген Витторионун артында зорлугуна жараша өтө табитсиз “Витториано” сарайы кербезденет. “Ушундайды да курушабы!”— Лера жактырбай ойлоп койду. Бардык диктаторлор ири-гигантизм архитектурасын жактырышат, тим эле зор курулуштардын арасында өзүлөрү да алп болуп кетишчиден бетер. Муссолини да ошондой болчу. Акырында башын салаңдатып, кыйчылдаган даргада  чайпалып кала берди. Анын жубайы гана аянычтуу. Ал, жаңылыш тапкан Бенитосуна “ок гана берип турган”. Тозоктун чыныгы эркек шайтанын аял сүйгүлүк кылбасын! Лера эклектиканын бул шедеврине аргасыз таң калып турду. Буларда баары “нео”. Неоклассицизм, неореализм, неоидиотизм!..

Батып баркаткан күнгө чагылышкан канаттуу араба-эстеликтерди көрө сала көздөрүн жүлжүйтүп калды. Аларда булгаковдук бир нерсе бар. Ироддун сарайы. “Бул, жасалма кудайлар... Алтындан жасалган!”

Капыстан артынан келген бирөө көздөрүн жаап калды. Лера күтүлбөстүктөн чочуп кетти. “Витобу? Ушунчалык тез эле таптыбы?” Ал, тааныш жылуулукту сезди... Алакандардан түшүндөгүдөй жылуулук келип жатты. Кимдир бирөө тим эле кучактап алгандай.

Ал, колдорду кармалап көрүп, жандырмакчы болду эле, белгисиз неме колдорун бекем кармап, күлүп жүберди. Анан колдорун жазып, өзүнө каратты.

— Лючия! Акыры келдиңби?

Лера белгисиз жигитти көрдү. Чоочун! Кызык. Анын бетмаңдайында дал Витторио тургандай, тим эле анын көчүрмөсүндөй, бирок андан жашыраак, кыйла жаш. Жигиттин жадыраган күлкүсү жүзүнөн дароо учуп кетти.  

— О, кечирип коюңуз, синьорина! Сизди башкага окшоштуруп алыптырмын.

— Аныңызды түшүндүм,— деп жылмайды Лера.— Эмне, сиздин кызыңызга ошончолук эле окшош бекемин?

— Ооба. Анын чачтары да сиздикиндей алтын сымал.— Ал, ыңгайсызданды.— Ал менин курсташым.

— Ал эмне деген окуу жайы болду экен, алтын чачтуу Люциялар окуган?

— Флоренция университети.

— Кандай окшоштук! Мен азыр эле ошол жактан келатам.

— Ошондойбу? Анда Римде эмне кылып жүрөсүз?

— Римде эмне кылууга болот?— ал, суроого суроо менен жооп узатты.— Башкалар эмне кылышса мен дагы ошентип жүрөм.

Жигит аны кызыга карап калды.

— Сиз... сулуу экенсиз!— Ал көздөрүн албастан суроосун бекемдегендей сурады.— Сиз, оруссузбу?

— Бул эмне, орус кыздарын Италияда дароо таанышып, бөтөнчө сыпайылык көрсөтө беришеби?— Лера өзүнүн кызарып баратканын сезе салды. Бул, жагымсыз адаты тез-тезден кайталанып турчу.— Эмне, “кайра куруудан”  кийин орустар каптап кетиштиби? URSS[8]тин кыздарынын “маданий баскынчылыгыбы”?

— Кечириңиз!— деп, тигинин үнү буулду.

Ошондо гана ал жигиттин сары футболкчан экенин Лера байкай салды. Түшүнүктүү. Бул, тигил – СПИД менен күрөшүүчүлөрдүн бири турбайбы. Жигит да эсине келе калгансыды.

— Биз бул жерде акция өткөрүп жатабыз,— деп түшүндүрө кетти ал, анын көз карашын узата карап.

— Аны Сиздин футболкаңыздан түшүндүм.

— Бизге кошулбайсызбы?

— Ой!— Лера бырыша кетти.

— Эмне болду?— деп, тиги сактана түштү.

— Сандалыма таш кирип...

Кыз аргасыздан жигиттин колуна таяна кетти. Ал тепкичтерге чейин узатып барды.

— Сизге кошулсам болобу?— жигиттин да олтургусу келип турду.

— Андан көрө сиз мага баракчаңыздан алып келип берсеңиз жакшы болмок. Айтыңызчы, силер эмнеге бул ишти өткөрүп жатасыңар?— Кыз бир мүнөткө болсо да жалгыз калып, башынан  өткөндөрдү түшүнүп алгысы келди.

— Сиз кетип калбаңыз!

— Кетпеймин.

Лера бутундагы сандалын силкий чечип жиберип, кайра кийди. Ал, эмнеге экенин өзү да билбей жигитти көзү менен издей берди. Жигит болсо артын кылчактай карап, кишилерге урунуп, кетип баратты.

— Эй! Абайла, балакай!

— Кечириңиз!

Ал Витого аябай окшош болчу – бирок, баарыбир башкача. Саал узунураак. Кара чачтары да бөтөнчө, саал тармалданып турат. Көздөрү – түпсүз. Байкуш Лючия. Бул, сымбаттуу экинчи “Давидге” кайдыгер болуу мүмкүнбү? Арийне, жаш италиялыктардын бардыгы эле “давиддер” эмеспи. Түндүктүктөрдүн көзүн жарк ачкан жарык. Жигит римдикпи? Жыйырма жаштабы? Улуураакпы? Ал эмне деп жатат? Ооба. Анын колдору... Ал эмнеге Витториону аргасыз эске салды? Кыз өзүн баягы кызыл талаада жүргөндөй элестеп кетти.    

«Давид» кайра кайрылып жете келди.

— Мына, эми биз бирге олтура алабыз.— Лера тепкичтин четине жылып, орун бошотту.— Мен эми сизге кунт коюп, эркиңиз менен болом. Айтыңызчы, СПИД менен күрөшүүңүздүн маңызы эмнеде?

— Тамаша кылбаңызчы, анын мааниси аябай чоң,— жигит ага бир баракты сунду.

— Мен тамашалабай элемин. Сексуалдык революция небактан бери өрчүп жатат. Алгач биз бардыгын башыбыздан өткөрүп көрөбүз, анан жакшы кишилер бизди дарылай башташат.— Лера окуп кирди.— Бул жерде эмне дейт?

— Биз католиктик жаштардын лигасыбыз. Кыйноо тартышкан, адашкан, оорулуу, СПИДди жугузуп алышкандарга жардам беребиз. Биз дарылоо борборлорун ачууга, дарылоого акча чогултуп жатабыз.

— Сиз гомосексуалистсизби?— Лера тигиге шектүү тигилди.

Анын чагымчыл суроосуна тигил камаараган жок.

— Жок, эмне, окшошуп турамынбы?

— Италиялыктардын көбү аларга окшошуп кетет.— Лера бул, талаштуу сөздү уланткысы келген жок. Досу гомосексуалистпи? Эмнеси бар экен! Кээ бир аялдарга жыныстык жараксыз эркектер менен жашоо жакшыдай көрүнөт. Лера мыскылдуу жылмайып койду. Бирок күйөөсү гомосексуалист болсо ал, маскара.— Кайсыл жерине кол коюшум керек?

— Бул жерге,— деди жигит калемсабын сунуп.— Бирок сиз али окуй элексиз да...

— Аракетиңер жакшы. Ансыз деле түшүнүктүү. Окуганда эмне? Жардам бериш керек. Мен сизге ишенемин. Сейилдегенге чамаңыз жок го дейм?— Кыз кол коюп берди.

Жигит кол тамгага тигиле карады.

— Бул жерде аты жок го?

— Бул атамдын аты. Түшүнө албайсыз.

— Атыңызчы?

— Валерия. — Лера күлө багып жигитке колун сунду.— Сиздин атыңыз кандай?

— Мен – Лоренцомун,— жигит кыздын колун кысып, саамга коё бербей турду.

— Медичи эмеспи?— кыз тамашалап, колун аныкынан сууруп алды.

— Жок. Мариелли.

Кыз ток ургандай селт этип кетти. Балким, бул биздин “Иванов” дегендей жайылып кеткен фамилиядыр?

— Эмнеге чочудуңуз? Сизге эмне болду?

— Эч нерсе,— Лера бир нерсени кубалап жаткансып көздөрүн сүрттү.— Ошондой бир таанышым бар эле...— деп, колун шилтеди.— Мааниси жок.— Ал кыска шымынын чөнтөгүнөн капчыгын алып чыгып, андан акча алып чыгып тигиге сунду.— Жетеби?

— Кереги жок?— Тиги Леранын сунган акчасын кайра түрттү.

— Эмнеге? Мен дагы өз үлүшүмдү кошкум келет. Алыңыз!

Жигит тутамдалган акчанын үстүнкү бирөөнү гана сууруп алды.

— Ушул эле жетет...— Жигит көздөрүн көтөрүп, баамдай койду.— Сиз жана, кайрылганыңызда кимди көргүңүз келди эле? Бирөөнү күтүп жатасызбы?— Анын өзү да ыңгайсызданып жаткан болчу. Кызды кооптуу карады. Анын толкунданганы Лерага да жуга түштү.

— Мага “сен” эле дечи?— кыз бүтүм чыгаргансып колун жаңсап койду. Жигит күлүп калды.

— Муну кыздар гана сунушташы керек. Жан дилимден...— жигит тура калып колун сунду.— Валери десем уруксатпы,— Жигит, француздарча кыздын атынын акыркы муунуна басым жасай айтты. 

— Өзгөчө экен,— деп, кыз макул боло башын ийкеди.—Мени минтип эч ким атаган эмес.

— Yes! — Ал кубана манжалары менен  «V» (Victory-жеңиш) тамгасын көрсөттү. — Мен биринчи жана акыркысы боломун. Жүрү, биз кетебиз деп эскертип коёюн.

— Каякка?— Лера түшүнбөй калды.

— Валери! — Жигит оң колун жүрөк тушуна коюп, тамашага чала баш уруп койду.— Кофе же балмуздак менен сени коноктоого уруксат бекен? 

— Сөзсүз да, Лоренцо.

— Энцо. Жөн гана Энцо.

— Рахмат, Энцо, — Лера жигитке эки колун тең созду эле, ал күч менен өзүнө тартып алды. Атайылап эле ошентиштиби, экөө бири-бирине беттеше түшүштү.

— Ак чөп башта,— деген жигит кызды тигиле карап, коё бербей турду. Кыз болбой, бошонуп кетти.

 

— Балмуздак жебегениме аябай көп болду... Жаңгак кошулганын айрыкча сүйөм десең,— кыз бошогон чөйчөгүн узун кашыгы менен кырып жатып сүйлөндү.

— Анда дагы алдырайын!— жигит кызматкерге колун жаңсап жиберди.

— Тим эле кой,— Лера көнбөстөн башын чайкап жиберди,— Жарылып кетем.

Жигит маашырлана күлүп калды.

— Сенин мейманканаң кайсыл? Узатып коёюн. Эгерде дагы убактың бар болсо Римди көрсөтө аламын. Кечки Рим – керемет шаар! Макулсуңбу?— Лоренцо башын кыйшайта жооп күтүп, кызды кунт коё карап калды.— Мен архитектура менен живописти изилдеп жүрөм. Сулуулукту жана аны кайсыл тарабынан көрсөтүүнү жакшы билемин. Сага антип эч ким көрсөтө албайт!— Кыз суз гана жылмайды. Жигиттин аны кызыктырууга болгон баёо аркети Лерага жагып жатты.

— Рахмат, өкүнүчтүүсү сенден озунуп кеткендер бар.— Жигиттин суроолуу көз карашын көрүп, кошумчалап койду:— Мага көрсөтүштү.— кыз кашыгын жалады.— Ошентип, сен кечигип калдың.

— Ошондойбу? Ал ким болду экен?— Лоренцо кызга шектүү карады.

— Сенден бөлөк адисттер бар да.— Лера келекелегенсип койду.— Энцо,— деди жемелегендей башын чайкап,— кел, экөөбүз сөздү бүтүрөлүк. Сен мени бул жактагы жалгыз орус деп ойлоп жатасыңбы?

— Анын бул жерде кандай тиешеси бар...— ал сөзүнө такала түшүп, түшүнүксүз  кошумчалады,— “орустардын”? Сен башкачасың.

Кыз ыраазы болгондой күлүмсүрөдү. Бул түшүндү, тигил болсо түшүнгөн эмес. Андан эмнеге көзүн тартып ала албай жатат? Ага эмне болду? Эмне болуп жатат? Бул – ОШОЛ... Бул АНЫН колдору... Бул түш аны жинди кылат го! Лоренцонун үнүн жөн гана угуу, жанында басуу ага жагымдуу болчу. Алар кафеге баратышканында жигит кызды колунан  баладай жетелеп алып, жулунушкан автолор менен мотороллерлерди аралай оңду-солду  карап жатып алып келди. Римди билбеген кишилер шаарда жол эрежелери эч сакталбай, ар ким өзү каалаган жагына кетип, ээнбаштык кыла бергендей көрүнөт. Никитиндин “Мени майдандан өткөрүп койчу” деген саптары эске түшөт. Жигиттин эркине көнүү  кызга жагымдуу эле.

— Эл көп. Бири-бирибизден адашып калуу оңой эле,— деди жигит кыздын оюн таба.

— Ооба. Сеники туура. Оңой эле.

Лера негедир өкүттүү жылмайып койду.

 

Лера эки жагына ишенимсиз каранды. Күүгүм кирип бараткан. Римдин кызара ысыган күнү кайсыл бир мейкиндикке акыры чөгүп баратты. Жигит сугалак көздөрүн кыздан эч албай койду, анысы ыңгайсыз болчу. Кудум эле олуяны, же рыцарды көрө калгандай. Жок. Ал – Давид эмес. Аны кыз эми даана байкады. Өкүнөрлүгү, жигит... Ооба! Андреа дель Сартонун фрескасындагы коргоочуну эске салып жатты.

Ал, кимдир бирөөнү издеп жүрүшкөндөй көрүнүшкөн карабинерлердин кафенин жанынан өтүп баратышканын көрүп калды. Лера столдордун арасына кире качты.

— Мен азыр келем.

Мени таап алышат деп корккон Лера ажатканага өтүп, көпкө чейин жашынып олтурду.

— Жайчылыкпы?— эмнегедир бул суроо кызга уяттуудай сезилди.

— Ооба. Жөн гана...

— Эмне болду?

— Энцо...— кыз улутунду. Жакын жерде полицейскилер көрүнгөн жок.— Мен сага бир нерсени айтуум керек.

Лера капысынан эле шыбырап сүйлөдү. анын жүзүндө чечкиндүүлүк байкалды.

— Мен качып жүрөм!— деди ал коркконунан көздөрүн алайтып. Ал сөзүн улантмакчы болду эле жигит аны бузуп койду.

— Аны билгем.

— Мени издешет...

 — Ажатканага баргын.

— Эмнеге?

— Ошол жакта болгун. Мен сага кийим алып келип берейин. Меникиндей.— деп, футболкасына кол жаңсады.

— Жакшы болот!

Бир нече мүнөттөн кийин жигит аялдардын ажатканасына келип, акырын чакырды:

— Валери?

— Мен бул жактамын,— кыз жашынган жайынан чыкты.

— Бол! Тезирээк. Мына футболка. Бейсболка. Кийимдериңди мага бергин.

Кыз чечине салып, өзүнүн футболкасын жигитке ыргытты. Ал, анын башына кийилип калды. Жигит аста күлүп, үн катты.

— Эй! Стриптизди акырын көрсөткүн.

— Эмне дейсиң?— Кыздын башы көрүндү.— Ой, кечирип кой.

— Бол, тез. Кечиримди анан сура.

Жигит футболканы жон баштыгына ката салды.

— Карабинерлер тегеренип карай башташты.

— Ой!— Лера коркконунан чочуп кетти.— Менин паспортум жа жок!

— Анын кереги деле жок. Артка кайрылып баргың келбесе эмне кереги бар?

Улгайып калган аял ажатканага кирип келди.

— Эй жигит, эмне, адашып кеттиңби?

— О! Кечирип коюңуз!

— Деги жаштар эмне болуп кетишти!— аял нааразылана эшигин каңк эттире жапты. Лера кабинкасынан чыга калды. Эми аны акция өткөрүүчүлөрдөн айрып болбойт эле. Бейсболка дайыма өңдү өчүрөт эмеспи. Кыз жигитке бурулду:

— Эми кандай?

— Супер! Аманда Лир болуп калдың!

— Мен Аманда Лирди эркек деп окудум эле!— Лера Энцого делдейе карап, ишенимсиз нааразыланды.— Эмне деген мактооң? Таң калычтуу салыштыруу!

— Кеп анда эмес. Ага ишенбе, ал укмуштай!— Бир нерсени эстей койгон Энцо чөнтөгүнөн бир нерсени алып чыгып:— Мына! Бул сага. Жолдон сатып алдым.— деп, колун сунду.— Чачыңды жыйнап ал.

Ал, Рим канчыгынын элеси түшүрүлгөн чач кыпчыгыч болчу.

— Рахмат! Кичи пейил экенсиң.

— Билем.

Алар кафеден чыга беришти. Күүгүм болуп калыптыр. Ичинен жарык күйгөн “Витториано” сарайы сырдуу көрүнүп, кемтиктери билинбей калыптыр. Экөө аянттан чуркап өтүшүп, чатырчага жете келишти.

— Кууланып кирдиңби?— деген узун болуу, алыбеттүү жигит Лоренцону ийнинен кармай өзүнө тартты.— Биз бул жакта жанталаша иштеп жатсак.— Ал, Энцонун артына чочуркай жашынып турган Лераны байкай калып, анын шапкесинин кырын көтөрө сала жүзүнө үңүлдү.— Түшүнүктүү. Бизге толуктоо келдиби?

— Сага эмне түшүнүктүү? Биздин автобус кайда?

— Массимо балдарды бекетке жеткирип кетти.

— Шайтан алгыр! Ал мага керек болчу.

— Виллага чейин жакын эле да. Басып барасыңар.

— Кайсыл вилланы айтып жатат?— Лера сөздүн төркүнүн түшүнө албай экөөнө алмак-салмак карады. Италиялыктар сөздүн аягын жутуп, тез сүйлөшөт эмеспи.

— Джиджи! Көп сүйлөбөчү!— Лоренцонун жини келе түштү.— Болуптур. Жыйнашканга жардам бере албай калганыма таарынба. Үйдөн жолугабыз.

— Мени эмне, адам эмес дейсиңби? Түшүндүм.

— Силерге университетте эмне тамак берет?— деп таң калды Лера.— Тиги аябагандай алп экен.

Караңгы кирип калды. Тез эле түн түшүп, тегеректи өзгөртүп жиберди. Алтургай эки миң жылдык шаарды да сыйкырлап салыптыр. Коллизейдин “жалындаган” урандылары, эстеликтер менен мамылар прожекторлордун жарыгында сүрдүү көрүнүшөт. Сандаган чиркөөлөрдүн, кечилканалардын чатырлары тумандуу бозоргон Римдин асманында майрамдагыдай салтанаттуу боюн созушат. Мындай көрүнүшкө Нерон да ыраазы болмок! Шаарды тозоктун отундай алоолонгон оттун жарыгына чулгап, ар кай жерде урап, жоголуп бараткан храмдардын урандылары делебени козгойт. Ага азыр да ээликкен муза келбей коймок эмес... Ал чындыгында эле жаман эмес акын болгонбу? Бирок “генийлик менен караниеттик – эч качан каны кошулбас нерселер”! Микеланджелочу? Шедеврди жаратып жатып, натурщигин өлтүрүп салган? Бул эки сапат бир адамга кантип батты экен?! Ал эми Неронго келсек, өткөн эки миң жылдын ичинде эмнелер гана болгон жок: болору болуп, боёосу канып бүттү. Азыр баары баатыр. Өлгөн арыстанды эшек дагы тебе алат. Болгондо да – өлгөн Неронду.

Байыркы шаардын жаркыраган көрүнүшү өчүп, артта, көрүнбөй калды. Кезектеги бадалдан суурулуп чыгып, алар Тибрдин жээгинде, так эле бүгүн күндүз Вито экөө  Виргилис храмы менен Санта-Мария-ин-Козмедин базиликасын көрүп жүргөн аянттын алдында болуп калышты. Римдин борбору болгону менен караңгыраак экен. Бирок кыз ал жерди тааный койду. Оюнда Вито бет алдынан чыга калып, жемелей, үнсүз тиктеп тургансып кетти. Ал азыр кайда болду экен? Үмүтсүз, жинди сүйүүсүнөн улам ал кайсыл бир жерде өзүн коёрго жай таба албай жинденип жатканын кантип билбей коймок эле?

Анын жин ургандай ээликме сүйүүсү Лераны башында коркута турган. Анысын билген соң экөөнүн ортосунда бакыт сыяктанган кайсыл бир сезимдин болоруна ишенбей калган. Эми, болору болуп бүткөн соң ал ашынган албууттук менен карандай шерт берүүлөрдөн, ойго келбес талап коюлардан жакшылык күтүүгө болбой калды... Балким, анын баарына бул – Түбөлүк шаардын каргашалуу карааны себепкердир? Өткөндүн жапайы сезимдерин Витодо ошол ойготуп жаткандыр? Анын Неронго окшоштугу бар эле.  

 

Лераны Лоренцо элдүү көчөлөлөргө чыгарбоо үчүн белгисиз көчөлөрдү аралатып, эски таштардан курулган жапыз дубалдардан секиртип, тикенектүү зымдардан сойлотуп алып баратты. Жигит анын колдорун бир ирмемге да коё бербей секиргенге, ийилгенге жардам берип, тосуп алып жатты.

— Сен Римди жакшы билет экенсиң!— Лера таңданып койду.

— Мен анча эмес. Джиджи – накта римдик. Тигил, аянттагы жигитчи!— Лоренцо Палатин дөбөсү тарапка башын жаңсап койду...-Мен бул жакта жөн гана көбүрөөк жүрөм.

— Сен жмне, Римден эмессиңби?— Кыз каякта жүргөнүн билгиси келип жатты. Болжолдоп болсо дагы. Ал эмнеге бул жигиттен коркпой, ишенип калды?

— Мен түштүктөн, Пулийден болом.

Лера ордунда катып калды. Анын түкшүмөлү денесине чагылгандай ачуу тийип, эс-акылын тешип өтүп, Римдин таштак жерине кирип кеткендей боло түштү.

— Биз кайда баратабыз?— Лера жигитке өзгөчө тигиле карады. Ал күлүп, айыптуудай:

— Сенин мындай көз карашыңдан тимеле жүрөк токтоп калчыдай. Мындай көз жогору жактан берилет,— ал сөөмөйү менен асманды көрсөтүп койду.— Жашыл көздөрдү... 

— Биз кайда баратабыз деп жатам?— Лера атайылап анын сөз багытын бузуп жиберди.

— Биз азыр Джиджинин дал өзүнө баратабыз.

— Кандайча? Анын үйүнөбү?

— Ооба. Анын ата-энелери Сардинияга кетип, бизди акциянын убагында үйүндө турууга уруксат беришкен.

— Мен бул жакта, бир жерде эле олтуруп турайын.— Жигиттин аны түшүнбөй караган көздөрүнөн улам чалды-буйду, шашыла шылтоо таап кирди.— Билесиңби, мен ойлорумду топтоп алуу үчүн жалгыз болгум келет. Баары үчүн сага чоң рахмат, мындан нары сени менен бара албаймын.— Кыз капысынан ыргылжың боло токтой калып, колдорун бошотуп алды.

— Эмне-е?— жигит таң кала түштү.— Сен башкача түшүнүп жатасың!— Өзүнүн шектенүүсү жигиттин сөөгүнө жете түшкөнүн Лера түшүнө салды, жигит өктөм башын чайкап, кызга күлүмсүрөй үңүлдү.— Сага тийише коёюн деген эч ким жок!

Кыз ага ишенимсиз карады.

— Ал жакта он бештей киши бар. Баары тең менин досторум.

— Кыздарчы?

— Бар. Сен аларды жана аянттан көргөнсүң.— Жигит кыздын колдорун кайрадан алды.— Сен эс алып аласың, калганын эртең менен ойлонобуз.

Алар соолуп калган өзөндү жээктеп жөнөштү.

— Мен Тибрди Арнодой чоң дайра деп ойлогон болчумун!

— Ал, кышында толуп чыгат. Негизи, чоң деле эмес. Бул жакта ысык ошондон улам, ал айрыкча жайында тартылып кетет.

Түндү сиренанын ачуу үнү бузуп жиберди. Алардын нары жагынан, бактардын артынан көк жарыгын тегереткен бир, артынан башкасы, полицейскилердин машинелери чубаша өтүп кетишти. Лера калтырап кетти. Машинелер алыс эмес, аянтка жете токтошту. Кишилердин сүйлөшкөн үндөрү угулду. Караандар улам жакындап келатты.

— Коркпогун! Кел мага...— Лоренцо кыздын бейсболкасынын козырёгун капталына кыйшайта тегеретип, өзүн өөдө кылды да бакка такап, кучактап, аны тосуп калды. Лера аны түртүп салмакчы болду.

— Акырын, тынч, унчукпа...— жигит ага кулагын, ачыла түшкөн эриндерин кытыгылай акырын шыбырады. Эмне болуп жатканына ишене албай, экөө бири-бирине аста, түркүн заряддуу бөлүктөрдөй, инь менен янь сымал тартылышып, белгисиз, башкара алгыс күчкө баш ийип, эрип баратышты. Жигиттин кубаты эркке койбой, үстөмдөндү. Бирөөлөрдүн күлкүсү угулду. Кыязы, карабинерлер жакын эле жерде кызыга карап турушса керек. Лоренцо эчтеме укпагандай түр көрсөттү. Ал кызды ысык кучактап, аны менен эрип кетчидей, өзүнө бүтүндөй сиңирип алчудай көрүндү.

Лера эс-мас болуп, жардан кулап бараткандай алып-учуп, эркектин эркине аргасыз баш ийе берди. Тартип сакчыларынын:

— Va bene, da questa parte, piccioncini... Innamorati![9]— дегени кудум башка планеталыктардын үнүндөй алыстан жаңырыктады.

— E Certo. Due pazzi piccioncini![10] — бирөө күлүп калды, — Абайлагын, жигит, кызыңды өлтүрө өөп салып жүрбө

Тигилер жанынан өтүп бара жатышып, кол чырактын жарыгы менен эсине келтирүү үчүн гана аларды бир жаркытып коюшту. Бара-бара баскан кадамдардын доошу алыстап кетти. Жигит эсин жыя салып, оолактай берди.

— Кечирип кой. Алар документтерди текшерип калышы мүмкүн эле.— анын энтиккени басыла элек болчу. Көздөрү менен али өпкүлөөсүн улантып жаткансыйт.   

— Рахмат. — деди Лера уялыңкы.

— Эчтеме эмес.

Ортодо ыңгайсыз үнсүздүк орной түштү. Экөө тиктешип калуудан чочулап, эки жакка карамыш этип туруп калышты. Анан сапарын кайрадан  жай улантышты. Бирок, ошол кезден баштап баары өзгөрдү.

Алардын экөө тең Түбөлүктүү шаарда эч күтүлбөгөн, кайдандыр келген добул сыяктуу албуут, зор өзгөрүү жан дүйнөсүндө болуп өткөнүн туюшту. Аны сезүү менен алар бирге болуудан ырахатка батышып, сапарын үнсүз улантышты. Экөө бадалдарга калкалана  басышып, түнкү Тибрди бойлой басышты. Түнкү шам чырактар Москванын чет жакасындай ар кай жерден жарыгын чачат.

 

— Дагы көп барбы? Менин алым келбей калды. Ал жакта душ барбы?

— Бар.— Жигит жон баштыгынан жеңи жок жикет алып чыгып, чөпкө жайып жиберди.— Кел, олтур. Он беш мүнөттөй дем алалык.— Өзү кыздын катарына  олтура кетти.

— Такси чакырсак болбойт беле?— Лера эгер бир мүнөткө кыйшайса эле дароо уктап кетчидей чарчап турду.

— Жок. Карабинерлерге сенин сүрөтүңдү небак таркатып беришсе керек.— Жигит колдорун жазданып, чалкасынан жата кетти.— Аз калды. Чыдай тур.

Экөө тең унчукпай калышты. Кайсыл бир тынчы жок чымчык бактардын арасынан уйкусурай үн салып жатты. Аларга аккордеондун үнү, ырдагандардын доошу, жакынкы жердеги үйдүн жайкы сөрүүсүндө бакылдашкан кишилердин үндөрү угулуп турду. Үзүл-кесил тынчтыкта шылдырап аккан суунун шоокуму угула калып, абада “SOS! SOS! SOS!” деген коога асылып тургансыйт. Ал, чочулаткан белгисиздиктен Лера тынчтана албай, алда кандай болуп кетээр экен деп көңүлү тынчыбай жатты. Римдин түнүндөгү чегирткелердин чырылдагынан, жигит менен жанашуудан, эми мындан наркы күнүм алда  кандай болор экен деген түпсүз санаадан жүрөгү токтоп кала жаздай опколжуп жатты. Кыз, керемет болгону менен чоочун шаардын шооратынан, анын белгисиздигинен санаркап, түнгө кулак төшөп олтурду. Энцо мурдагысындай эле унчукпастан, башын колдоруна жаздап жата берди.

 

— Сенин менден эсиң ооган чыгар?— Лера жигиттин ийинине колдорун акырын тийгизди.

— Эмне?— ал ойгонуп кеткенсиди.— Эсим ооп? Ооба. Антип айтса да болот. Бир гана суроо мага тынчтык бербей жатат.

Жигит башын көтөрө калды. Олуттуу тарта түшүптүр.

— Кечирип кой. Сен жооп бербей койсоң да болот.

Лера жигиттин капталынан ага көз бакты. Жараткандын кудуретин кара! Жигиттин чекесинен тарта ээгине чейин сыдырып, керемет жүзүнө колун тийгизгисип көргүсү келип кетти. Жигит башын ага буруп, кунт коё тиктеп калды.

— Тиги эркек ким эле? Ортоңордо эмне болду эле? Ал сени мажбурлап кыйнадыбы, күчкө салдыбы?

Лера жүзүн ала качты.

— Азыр ал жөнүндө сөз кылууну каалабай турам!

— Эмнеге? Сага кандай жардам кылуумду менин билишим керек.— Жигиттин өктөмдүгү кызды чочуркатты. Ага баарын түшүндүрүүгө милдеттүүбү?

Кыз башка жакты көгөрө тиктеп олтура берди.

— Мейлиң. Каалаганыңда өзүң айтарсың.

— Андан көрө кел, жылдыздарды карайлык. Карачы, Римдин үстүндө кандай кызык жарык болуп турат?— Лера сөздү башка өңүткө бургусу келди.

— Римде эч качан жылдыздар көрүнбөйт.— деди жигит.

— Эмнеге? Мен көрүп жатам. Карачы, канчалык көп!— Лера кубанып, бүтүндөй Ааламды батырчыдай кучагын жайды.

— Балким байкабай жүрсөм керек...— Лоренцо римдик керемет түндүн жайыгынын четинде жупуну гана кыйшайып жаткан айдын орогунун ичке кесиндисине көз кырын салып койду. Кудайдын атылган отунан чачыраган учкундардай жалтыраган жылдыздар үстүдө бажырая күйөт.— Бүгүн тим эле таң каларлык!— деди ал түнкү асманга таңдана карап.  

— Сен жөн гана жылдыздарды карабай жүргөн экенсиң!— деди Лера керемет сулуулукка суктанып.— Жүрөгү менен караган адам дайыма көрө алат. Ким кайдыгер болсо алардан жашынышат.

— Ооба. Сеники чын. Асманды дайыма кароого убакыт жок.

— Азыр карабаганда качан карамак элек?— Лера асмандан көз албай, терең дем алып сүйлөнө берди.— Бул, үстүбүздөгү сулуулукка, жылдыздуу чексиздикке суктанбай коюуга болобу?

Жигиттин өзүн карап жатканын сезе салган кыз жылдыздын тамчыларын кароосун токтото салды. Лоренцо асманды карабай эле, кызды тиктеп туруптур. Ал, азыр Врубелдин Азирейили кейиптенип турду. Анын тигиле кароосу Лераны сүрдөтүп жиберди. Кыз оолактай берди. Жигит көздөрүн ала качты. Таштуу шаардын күндүзгү ачуу аптабынан кутула жаздагандай дарактардын кабыгы кургак шуудурагансып кетти. Экөөнүн аркасындагы сейилбакта кулач жайган жазы жалбырактуу пиниялар менен карт кара жыгачтарды толкута салкын жел жүрүп өттү. Андан жакынкы өзөндүн серүүнү келип, экилене кайдадыр житип кетти. Толкундап турганын билдирбеске аракеттенген Лера:   

— Сен искусствонун сырларын окуп жатасың да, ал – табигаттын өзү. Сага окууң жагабы?— деп, кызыга кетти.

— Жагат.— Жигит саамга унчукпай калып,— Исусство – бизди Кудайга жакындаткан жалгыз касиет.— деп, ойлуу кошумчалады.

— Ал сага маанилүүбү?

— Мага маанилүү эле болчу. Атам талап кылган, мен бөлөктү самачы элем.

— Анда эмнеге атаңды угуп калдың?

Энцо билбейм дегендей ийнин күйшөп койду.

— Ал дагы архитектор. Анынүстүнө мен анын жалгыз баласымын. Атам тил албасаң каргаймын деген.— Энцо кургак чөптүн талын үзүп алып, тиштегилеп кирди.

— О, Кудай! Ал эмнеси?

— Себеби, мен... динчил такыба болоюн дегем.— Жигит үндөбөй калып,— Мага кечилканада жашоо жагат.— деп, толуктап койду.

— Сагабы?!— Лера таңдана чочуду.

Кыз эмне дээрин билбей калды. Беш мүнөт мурда эле ал эсин жоготуп коё жаздаган адамы кечил болмок беле... Баягы жылуулук дагы келе калды. Ал, ОШОЛ. Эмнеге, жигит күтүп жаткан Лючия болбой калды экен ал?..

— А Лючиячы?

— Мен айтпадымбы, ал – курсташым!— Энцо кыздын колун катуу кысып, жок дегендей башын чайкады.— Курсташым гана, уктуңбу?— жигит кыздын көздөрүнө тике карады.

— Болуптур, ал маанилүү эмес!— Лера үнүнө шаңдуулук бермекке аракеттенди эле, тескерисинче, үнү буулуп, шыбышка айланып калды. Жигит анын колдорун эрдине тийгизди. Эркектин назик эрини тийгенден Леранын денеси дүргүй түштү. Ал каршылык кылган жок. Эркектин жылуусу кызга өтүп, жашоонун, бакыттын таза булагы агылып кирип жаткандай сезилди. Түшүнүксүз. Албуут. Элжиреткен. Кудум эле, өмүр берип жаткандай.

Лераны таң калычтуу, жөндөн-жөн эле кубаныч басты. Бир эле кезде уялып да, учуп кетчидей элөөрүп да жатты. Аны жин баскандай. Мындай болушу мүмкүн эмес эле. Бул жигит менен өзү... Бул эмнеси?

— Ошону үчүн кайрымдуулук жасап жүрөсүңбү? Минтип акция да жасап? Ыя?

— Билесиңби, мен ал кишилерге үмүтүн кайрып бергим келет. Жашоону кайрадан сүйүшсө дейм. Бу дүйнөдө өздөрүн кайра таба алышса. Көздөрүн ачышса деп жүрөм.

— Ошону үчүн өзүңдөн кечип кеткиң келдиби?— Лера сөзүн жутту. Тамагы буулду. Сөз айтуу кыйын эле.— Өзүңдүн жашооңдон, сүйүүңдөн, Кудайга кызмат кылуудан баш тартасыңбы? Эмнеге? Сен эмнеден баш тартып жатканыңды билесиңби?

Жигит кызга суз карады.

— Билем го дейм.

Лера түшүнбөй жер тиктеп:

— Жүрү. Дем алып бүттүм.  — деди.

Сиреналар кайрадан угулду. Бул жолу дайранын наркы, каршы тарабынан чыкты. Жакын эле жерден иттердин үргөнү угулду.

— Бол, тез. Иттер сенин жытыңды алып калышпасын. Шамал да жок.

Алар чуркап жөнөштү. Үйгө жеткичекти Леранын өпкөсү көөп, дем ала албай энтигип калды. Вилла түндөсү учтары кара кипаристердин артынан капыс чыга келди. Алар кудум эле караңгыда күтүп турган каардуу жоокерлердин найзаларынын учтарындай болчу.

 

Үйдүн ичине музыканын үнү чыгып жатты. Ким бирөө гитараны кыңгыратып жаткан.

— Ал Джиджи. Тез эле жыйнап бүтүшкөн экен,— деди жигит кыздын үнсүз суроосуна. Алар кенен, меймандар бөлмөсүнөн өтүштү.

— Рояль барбы?— Лера анын капкасын ачты. Баскычтарын аяр баскылап да жиберди. –Жакшы экен.

— Джиджинин апасы пианистка.— деди Лоренцо кыздын суроосуна.— Сен ойногонду билесиңби?

— Бир аз гана.

— Анан ойноп бересиңби?

— Макул. Мага душту көрсөтүп койчу?— деп өтүндү кыз.

Кыз салкын суунун алдында туруп, жигиттин киргенин туйду.

— Сага сүлгүр менен таза футболка алып келдим. Ал меники.— деди ал.

— Рахмат.— Лера жылмайып койду.

Алар көп өтпөй Джиджинин ырдаганын угуп олтурушту. Бөлмөдө беш-алты адам бар болчу. Лоренцо алардын баары менен тааныштырды.

— Бул Массимо, тигинде Нандо, Лаура, Кьяро, Джино.

Аты аталгандар ордунан мээримдүү тура калып баш ийкешсе, жакындары колдорун сунуп жатышты.

— Ciao! Russa?[11]

— Valerie? Piacere…[12]

— Molto lieto, Valerie…[13]

Энцо каяктандыр орус кызын ээрчитип келгенине эч кими деле таң калган жок, суроолорун да жаадырышпады. Ал Лерага жагып турду. Чарчаган болчу. Жөн гана Джиджини угуп, олтура берди.

Ал, алптын үнү жумшак, жагымдуу экен. Алар Лерага белгисиз ырларды ырдап жатышты. Англисче болчу. Кичине столдо болсо минерал суулары, пиццанын желбей калган калдыктары жыйнала элек бош кутулар. Лера “Сан Пеллегринону” ырахаттана ичип жатты. Дүйнөдө андан артык эчтеме жоктой.

— Пиццадан же. Кайсынысын каалайсың?— Лоренцо тура калып кызга суроолуу карап калды.

— «Фрутти ди марени».

Джиджи Стингди ойноп жатты.

 

— Рахмат. Аябай даамдуу экен!— Кыз Лоренцого ыраазы боло тиктеди. Ал башын ийкеп койду.

— Мага Моранди, деги эле силердин эски: Модуньо, Вилла жагат.— Лера жука кагаз менен оозун аарчып, гитеристке кайрылды.

— Сен канча жаштасың?— деп күлдү Джиджи.

— Жакында жыйырма үч болот.

— Ошондойбу? Кызык. Россияда биздин ардагерлерди дагы эле угушабы?

Ал мыскылдагандай «Канцоне д’аморе...» ни ырдап кирди. Лера аны бузуп жиберди:

— Кана, мени кошточу! Жаңылып калба. Анда речитатив бар.

— Койсоңчу, жаңылбайм.— Джиджи намыстанып кетти.

Лера акырын ырдап кирди:

Io odio settembre, io odio la sera.

Questa’aria pulita rinfresca l’immagine cara.

Mi spiace molto, pensare a qualcuno che non cˋé

Ma torno a giocare con questo dolore

Pensando a te…

Баары кызыга кулак төшөп калышты. Джиджи ырчынын үнүн басып кетпегенге аракеттенип, жумшак аккорддорго өтүп, акырын ойноп жатты.

Tu, gridi aiuto e nessuno ti ascolta.

E sopratutto Lei aspetti la fine del telegiornale e dopo, a letto vai.

Vorresti volare e invece rimani

Lí fermo su questa terrazza…

Dall’ultimo piano a guardare…[14]

Джиджи жай аккордго өтүп, капысынан тере баштады. Акыркы аккорд бүткөндө:

— Бали!— деп, бардыгы кол чаап жиберишти.— Сен италиялыкчаны кайдан билесиң? Тилчисиңби?

Лера жок дегендей башын чайкады:

— Жөн эле. Өзүм үйрөнүп алгам.

— Сен бу кызды каяктан таптың эле?— Джиджи толкунданып, Энцону тизеге таптап койду.

— Ошояктан. Эми ал жакта жок!— Энцо көңүлсүз жылмайды.— Сен ойнойм дебедиң беле.— Ал Лераны карады.

— Качан?— кыз жалтактады.

— Сен ойногонду да билесиңби?— Джиджи таңданып, турбасаң болбойт дегендей сурана карап калды.

— Кана, антпесең мени эле жалгыз кыйнай беришет.

Бардыгы меймандар бөлмөсүнө чогулушту. Кыздардын бири, Кьяра, шамчыракты күйгүзө койду.

— Жарык аз экен. Көрбөй калат.-   Экинчи кыз – Лаура, бүтүндөй жарыкты жандырмак болду.

— Жок, жок. Жарык жетишет.— деген Лера аспапты текшерип көрдү. Анын жанына баары топтолуп калышты. Лера тамагын кырына жөтөлүмүш этти да, өзүн өзү коштой ойноп,  ырдап кирди. Ал Лоренцого улам карап коюп жатты. Анын өңү өзгөрүп, көлөкөлөр каптап алды. Же алар үлпүлдөп күйгөн чырактын алсыз жарыгынан ошондой көрүнүп жатты бекен? Жигиттин жүзү көңүлсүз, кайгылуу дээрлик болчу. Лера клавишаларды терип, жарым үн менен ырдап кирди:

Сен мени таң менен ойготосуң,

Жылаңайлак узатып, ойлоносуң.

Сен мени эми унутпайсың,

Сен мени эч көрө албайсың...

 Ал бүттү. Баары үндөбөй калышты.

— Бул ыр эмне жөнүндө?

— Бул, орус композитору Рыбниковдун “Юнона менен Авось” деген рок-операсы. Спектакли да бар. Алар бизге да келишкен.

— Юнона – аял кудайбы? Экинчи сөзүчү?— Кьяра нур чачкан көздөрүн жалжылдата күлүп, ынаткандай Леранын колун кармады.— Керемет музыка, туурабы?— деп, баарына кайрыла кетти.

— Алар эки кеме.— Лера ойлорун топтой, саалга тынчый түштү.— Николай Резанов деген граф, саякатчы болгон. Ал Штаттар менен сооданы күчөтүү үчүн Калифорнияга келип, бий кечеден Кончита атуу губернатордун кызын көрөт. Алар бири-бирине тартылышып, сүйүшүп калат.— Лера жалгыз гана Лоренцого айтып жаткандай андан көзүн албады.— Бирок, экөөнүн туткан диндери башка эле. Католичкага баш кошуу үчүн падышанын уруксатын алууга граф Россияга кайтып баруусу керек болчу. Жолдо ал ооруп, өлүп калат. Кончита аны отуз беш жыл күтөт. Кийин, Калифорнияга келген орустардын бири Резановдун өлгөнүн ага угузганда ал өмүр бою сүйлөбөй аза күтүүгө ант кылат.— Лера унчукпай калды да,— Бул ыр – алардын коштошуусу.— деп, толуктап койду.

— Кандай кайгылуу. Ал кыз канча жашады экен?— деп сурады африкалыктардай тармал чачтуу Лаура, өкүнүчтүү башын чайкап.

— Көпкө чейин жашаган.— Лера чарчагандай жооп кайтарды.— Азыр мен уктап калганы турам.

— Э, жок! Мен үйдүн ээси катары сизге бир бий карызмын.— Джиджи аны дароо көндүрө айтты да кулагына,— Бар. Тиги менен бийлегин. Мен сен үчүн ойноп берем.— деп шыбырап, жай вальсты аткарып кирди.

Лера музыканын киришүүсүн угуп, саалга аярлай калды. Ал, өтө муңдуу жана тааныш өңдөндү. Аны каяктандыр уккан, бирок эстей албай жатты, кайдан: “Ал, Манчини” эмеспи?

Лоренцо Лерага жакындай келип:

— Сени бийге чакырууга уруксат бекен?— деди.

Кыз жигиттин ийнине колдорун койду. Ал, колдорун алып, өзүнүн мойнуна артты. Анан кызды эңкейип белинен өзүнө тартты. Лера анын жүрөгүнүн кагышын өз денеси менен сезип, эрдинин жылуу илебин да сезди. Жигит кыздын чачынын жытын искеп, чекесинен жаагына ысык деми келип жатты.  

Жарык дээрлик жок болчу. Караандар, көлөкөлөр билинбей жылып, бири-биринен ажырашса өлүп калышчыдай эле.

  

Алар ээн бөлмөгө келип киришти.

— Керебет бирөө эле, мен креслого деле жатып алам.— деди Лоренцо.

Лера тамдын чети жакка айбыга жатты да:

— Орун жетишет. Чет жагына жатсаң болот.— деп койду.

Лера көздөрүн жумду. Уйкусу качты. Бүгүн кандай гана окуялар болбоду. Сүйүүсү биротоло таш капты. Ал, деги сүйүү беле? Бул, жанындагы жигит ким? Бу дүйнөдө мындан жакын адам жоктой сезилет. Ушундай да болобу? Лера кыймылсыз жатты. Лоренцо ага бурулду. Караңгылыкта анын тиктеп турганын кыз сезип жатты. Бир саамга жүрөгү токтоп калгансыды.

— Уктай элексиңби?— Жигит тыңшап, унчукпай калды.— Сен чарчадың. Укта! Эчтеме болбойт. Мен сага тийбеймин.—  Ал туруп барып керебеттин үстүндө, дубалга асылып коюлган Иисустун крестке кадалган келбетин чыгарып  алды. Өзү четке жатып, Изольда экөөнүн ортолоруна Тристан кылычты койгондой ортолоруна келбетти чек ара кылып жаткырып койду да:  

 — Укта! — деп, шыбырай буюрду, бир аздан соң кыз уктап кетти.

Кайтадан баягы талаа. Кимдир бирөөнүн колдору. Бул ирет ал  бурулганга үлгүрүп, аны көрдү. Лоренцо экен. Бул, сенсиңби? Качантан бери сени көрө албай жүрдүм. Сен турбайсыңбы! Лера анын бетинен, чачтарынан сылады. Лоренцо... Сен эмнеге мынчалык  кечиктиң?

— Валери, ойгончу! Сага эмне болду?— Лера көзүн ачып, анын кабатырланган жүзүн  көрдү. Лоренцо демин басууга аракеттенип:

— Сен уктап  жатып онтоп, мени чакырып жаттың.— деди.

— Ошенттимби?— Лера али биротоло ойгоно албай, аны тиктеди.

Жигит кыздын бетинен чачтарын алып койду.

— Мен түш көрдүм. Ал көптөн бери мага кирет.

— Кызык!— деп таңданды жигит.— Мага да көптөн бери бир түш кирет.

— Кандай? Айтып берчи.— Лера акырын өтүндү.

— Кызык түш... Коркунучтуу эмес, бирок кандайдыр мааниси бар болсо керек. Өтө маанилүү. Мен анын сыры жөнүндө көптөн бери ойлоном...— Лоренцо ойлуу сүйлөндү.— Мен Тарантодон алыс эмес Пулияда төрөлгөм. Ал жер чөлдүү. Кактустар, кумдар, анан кызыл, таштак жер. Менин атамдын үйү тарапка баратканым түшүмө көп кирет. Ал, башкача, эч кимдикине окшобогон үй болчу. Чатыры жок, жалпак, сюрреалисттик көрүнгөн ал үйдү атам өзү ойлоп тапкан. Анын четтери күнгө эригенсип, мына-мына асманга сиңип кетчидей сезилчи. Ошондой... Мына... Мен баратам, саал алдымда ак бирдеме кийген кыз да баратат. Анын өңү көрүнбөйт, карааны эле бар. Мен аны өзүмө каратайын дейм. Артынан барып, алаканым менен бүгүн аянттагы сени окшош көздөрүн жаап калам, кыз мага кайрыла баштайт. Ошол кезде мен дайыма ойгонуп кетем.— Жигит жаңы эле ойгонуп кеткенсип кызды карады.— Сенин түшүң кандай?

Лера жооп бербестен төшөгүнө ыкчам олтура кетти.

— Эмнеге дагы эле караңгы?

— Сен бир сааттай эле уктадың.

— Калың бактуу парк эсиңдеби? Римдин өйдө жагындагычы? Экиден кошоктолгон эски чырактары, жарым-жартылай бузулган мунарасы бар эмес беле?— Лера жигитке үмүттүү карады.

— Ооба, ал...

Лера анын сөзүн бузуп жиберди:

— Мени азыр ошол жерге алпарчы, суранам!

— Эмнеге?!— жигит эчтемеге түшүнбөй, таң кала түштү.

Лера анын оозун алаканы менен жаба салды:

— Акырын. Менин артка барышым керек.

— Эмнеге?

— Каалап жатам, мага керек.

— Түшүндүрчү, эмнеге?— Жигит макул болбогондой башын чайкады.— Мен сени эч кайда алып барбайм! Аларга жолукпашың керек.

— Суранам! Ошентишим керек.

— Жок!

— Эмнеге?

— Ошого,— Жигит кызды кучактайын деди. Лера аны көкүрөгүнөн итерип, каршылык көрсөтүмүш этти.

— Жок, Энцо,— Антпечи!

— Эмнеге?

Жигит жактырбагансып, артка боло берип, кыздын айласы кеткен, таарына түшкөн жүзүн көрдү. Анын ээгинен өөдө көтөрдү. Лера үнсүз ыйлап жатыптыр.

— Сен эмнеге ыйлап жатасың?

Лера жигиттин ийнине жүзүн катып, эчкирип, кайталай берди.

— Сурабачы. Мени алып барчы.

— Сен мени эмне кыйнап жатасың! Мен сени андан кийин эч качан көрбөй каламынбы?— Жигит кызды өзүнөн ажыратып, алакандары менен жаагынан кыса анын өңүнөн бир нерсени көрчүдөй тирмие карады.— Кетпечи?

Лера жаштуу көздөрүн бакырайта ачып, жигитке карап араң айтты:

— Мен аны сүйөм.

— Жок! Жалган!— Жигит кызды ийнинен силкилдетти.— Мага карачы. Сен аны сүйбөйсүң! Ишенбейм! Мага муну эмнеге айтып жатканыңды мен билем. Сени бербеймин, уктуңбу? Мен сени...

Лера анын оозун алаканы менен жаба салды. Жигиттин эмнени айтарын ал түшүнгөн болчу.

— Эчтеме айтпа. Ошондой туура. Энцо, мени кыйнабачы.

— Ал кимге керек?

— Мага!

Энцо амалы куруй кызга карады. Баары бүттүбү? О, Кудай, эмнеге азыр?.. Өзүңдүн чоң кайрымыңды Өзүң көрсөтөсүң да, кайрадан алып коёсуңбу?! Жигит бурулуп, жай турду да, издеп таап, кроссовкасын кие баштады, алдыда эмне болорун ойлобоого аракет кылды.

— Беш мүнөттөн кийин сыртка чыккын. Эгер гараж ачык болсо Джиджини ойготпойбуз.

Кыз өзүнүн убактылуу баш паанегине бир сыйра көз жүгүрттү. Бырышкан керебетте Иисустун жыгач келбети дагы эле жатыптыр. Лера ага барды да аны алып, дубалдагы мурдагы ордуна илип койду. Чокунуп алды.

  

Лоренцо машинени токтотту. Унчукпай алдыга тирмие карайт:

— Ущул жер.

Алар паркка таң эрте жетишкен болчу. Лера ал жердин кандай аталарын да биле албай калды. Ал:

— Эми мен жалгыз барамын.— деди.

— Жок!— Жигит караманча каршы болду.— Мен да барам.

— Жок, Энцо. Мен жалгыз баруум керек.

— Сени узатып коёюн. Бул жерде цыгандар менен селсаяктар көп.

— Болуптур. Бирок, кези келгенде дароо кеткенге убадаңды бергин.

— Убада берем!

Парктын ичи али караңгы болчу. Таң алдында гана болуучу күңүрт караңгылык. Али сууй элек түштүк шаарынын нымдуу ысыгы. Экөө кол кармашып алып, жай баратышты. Көз ирмем болсо да бирге болгулары келишет. Шагыл таман алдында шыгырап, уюган жымжырттыкты бузат. Тээтиги, аллеянын соңунда баягы орундук болуу керек. Ооба. Так ошондой. Нары жагында мунаранын көзгө өөн урандылары жатат. Лера кечээ түнү Вито менен ушул жерде болгон. Бул жерде ал... Эми анын мааниси жок. Ал, ушул жерге келиши керек. Лераны ал ушул жактан издейт. Кыздын ойлонуп алуусу керек. Баарын эстеп. Жыйынтыктап. Жанында келаткан кишиден арылуу зарыл. Аны кетириши керек. Бул эссиздиги эмес. Антпесе болбойт. Лера караңгылыкта Лоренцону даанараак көрүүгө аракеттенди.   

Эгерде Вито бул жерге келбесе анда ал мейманкага кайра кетет. Андан кечирип коюусун суранат. Ага бир шылтоо таап, айтат. Анан алыска, алыска качуу керек... Үйүнө. Москвага.

Аллеянын караңгылыгында чылымдын жарыгы жылтырады. Лера коркконунан токтой калды. Жайлатылган кинотасмадай, Бир караандын орундуктан жай туруп жаткан кыймылын көзү чалгансыды. Лоренцо да аны көрө койду, бирок кыз андан озунуп кетти. Лера кучагын жая аны тосо калды. Жетишти. Мылтык атылып, оту жарк этти. Эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн Лоренцо кыздын артынан жете барып, аны колтугунан ала кармап калды. Лера денесин кармана албай, жылмыша берди...

Лоренцо кызды кучактап, терметкенсип, жерде олтурду. Вито эмне кылып жибергенин жетик түшүнө бербей, экөөнө карап, сенейип турду.

— Менин оюмда жок болчу...

Лоренцо чокунуп кирди. Витторио өз колу менен жасаганга: кайдандыр, кантип бул жерге келип калган баласына жана анын колундагы ашыгына түшүнө албай карап турду. Анын чакчелекей түшүп, албууттанган акыл-эсинде – эми эч качан кайталангыс өткөнү кайталанып жатты... Үшкүрүктөр көпүрөсүнүн алдындагы гондолада кызды өпкүлөп жатканы... Көнбөй койгонуна карабастан Венера Медичиге окшош келбетин кармап калуу үчүн камерасын жарк эттире аны сүрөткө тартканы... Кечээки таң – алардын Ыйык Пётр соборунун жанындагы эң соңку таңы... Кыска шымчан Витториону динчил ичкери киргизбей койгон болчу. Анын тепкичке олтуруп алып, гезит окуп кызды күткөнү жаңырыктады. Ошондо Лераны көрө сала ал ордунан тура калып, сенейип калган.

— Сенин өңүң ыйык кишиникине окшошуп калыптыр! Сени эмне мынчалык таң калтырды?    

— Микеланджелоун “Пьеттасы”,— деп жооп берген кыз.

 

Орусчадан которгон Айдарбек Сарманбетов

© Лариса Кеффель-Наумова, 2020

 

Шилтемелер:


[1] Scusi… Scusi (итал.) — Кечириңиз! Кечирип коюңуз!

[2] Pazza... Stupida (итал.) — Айныган... Жинди .

[3] Basta cosi! Sono un cretino! Sono un completo idiota! Pinocchio! (итал.) — Жетишет! Акмак! Көкмээ! Маскарапоз, Пиноккио!.. 

[4] Andiamo! Сapisci?! Allora? Perché batti gli occhi? Forza, andiamo! (итал.) — Кеттик! Түшүнөсүңбү? Эмне, жалдырап калдыңБол, тез!

[5] DОМ (лат.) — собор.

[6] «…E muoio disperato, E muoio disperato, E non ho a mato mai tanto la vita, Tanto la vita!» (итал.) — Каварадоссинин ариясы «E lucevan le stelle», «Жылдыздар жанып».

[7] «CEIS — Contro la droga е AIDS» (итал.) — Италиялык биримдик борбору «Наркотикке жана СПИДге каршы».

[8] URSS (итал.) - СССР.

[9] Va bene, da questa parte, piccioncini… Innamorati! (итал.) — Мына, сага! Көгүчкөндөй гүүлдөшөт Сүйүшкөндөр!

[10] E certo. Due pazzi piccioncini! (итал.) Өзү. Жинди болгон эки чымчык! 

[11] Ciao! Russa? (итал.) Салам! Оруссуңбу?

[12] Valerie? Piacere… (итал.) — Валери? Мархамат

[13] Molto lieto, Valerie… (итал.) — Өтө кубанычтамын, Валери…

[14] Сентябрды жек көрөм мен, кечти дагы жек көрөм. Таза аба бул Ыйык сүрөттү эске салат. Ал мага түк да жакпайт... Сен жардамга чакырасың, сени болсо эч ким укпайт Эң алгач ал кыз дагы. Учсам дейсиң, бирок Кыймылсыз турасың бул сөрүүдө. Кабаттан эң акыркы турасың... тиктеп...



Количество просмотров: 639