Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Котормолор
© Каблов В.Ф., 2020. Бардык укуктар корголгон
© Котормосу Айдарбек Сарманбетов, 2021. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 2-марты

Виктор Федорович КАБЛОВ

Кыргыз балдары

(Повесттен үзүндү)

 

Кыргыз балдары – Кудайдын керемети. Жүрөк козгогон салт

 

      

   

 

Кыргыздардын балдары бардык эле балдар сыңары өтө адеми. Алардын өзгөчөлүгү — каратору бетин чайыган кызгылтым жылдызы менен акылдуу жана бакырайган капкара көздөрү. Алардын чың ден соолугу бетине чыгып, тим эле жүзүндө жанып турат. Кудум оттой жалындаган кызыл мандалак! Керемет тукум. Кыязы, кыргыздар байыртадан баштан кечирип келген оор сыноолор менен көчмөндүк турмуш ал, бекем жана чың тукумдун калыптануусуна себеп болгондой.

 Киндик каным тамган Куршаб тууралуу тартылган тасманы көрүп жатып бала кездеги тааныш атмайданды – андагы жашыл түздүктө ар кандай мелдештерди гана эмес, көчмө артисттер менен бийик тартылган асма-арканда ойногон дарчылары бар кызыктуу циркти көргөнүм эске келет.

Талаада баласын көтөргөн аял турат. Аларды көздөй талаанын экинчи четинен топ кыздар жарыша шаңдуу чуркап баратышат. Алар балалуу аялга жүгүрө жете барышып, кыздардын бири баланын колунан аяр өөп калды. Мен ал аялды төрөт үйүнөн (ал жакын жерде) жаңы гана чыгып, аны  туугандары менен тааныштары кубана тосуп алып жатышса керек деп ойлогом. Аңгычакты, шатыра-шатман чуркашкан жаш аялдар да аларга жете барышып, алардын бири баланын колунан, бетинен өпкүлөп кирди. Алардын соңунан улгайып калышкан аялдар да каздай майпаңдаша чуркап жете барышты да баланын колунан өпкүлөп калышты. Айланада кубанычтуу кол чаап, чуркагандарды сүрөй кыйкырышкан кишилер дүрбөп, шатыра-шатман. Акырында алы-күчү кайта элек эркектер жабыла чуркап жөнөштү. Алардын алдыңкылары баласын көтөргөн аялга жете барышты да баласын өпкүлөп калышты.

   

Бул тасманы көрүп койгула:

Тушоо кесүү. Назик Куршаб

https://www.youtube.com/watch?v=XMoVuxiMSKU

 

Булардын баары төрөтканадан чыгып келген аялды тосуп алуу эмес, башка, бөтөнчө окуя экенин түшүнө койдум. Анда тартылган тасманы кудуретимдин жетишинче түшүндүрүп берейин: бул өзгөчө мелдеш, салт, анын жеңүүчүсү мөрөй катары баланын колунан же бетинен өбүү укугуна ээ болот.

Мындай тушоо кесүү салтанатында чуркап келгендердин алдыңкысы бир жашар баланын буттарындагы тушала байланган жипти кесип, баланы жетелеп, жүзүнөн сүйөт. (тасмада көрүнүп турат). Калгандары баланы колдон жетелеп, кезектешип бастырышат. Бул элдик салт жана ал тушоо кесүү — баланын жашоодо чалынбай, түз, бекем басуусун каалоо ырымы экенин кыргыз досторум мага айтып беришти. Баракелде! Керемет салт жана аны шаңдуу өткөрүү!

Бул тасмаы көрүшкөн жердештерим мага тушоо кесүүгө катышкандардын бардыгы жергиликтүү гимназиянын мугалимдери, ал эми баланы көтөрүп турган аял небересине салтанат өткөрүп жаткан гимназиянын деректири экенин айтып беришти.

Бала болсо кудум эле Кудайдын бир учкунундай болчу. Бул талаадагылардын баары кубанып, өздөрүн бактылуу сезип жатышты.

Бир кезде бардыгы кутуга салынган конфет, торттордон, аялдар – түркүн түстүү жоолуктардан сыйлыкка алышып, күлкүгө батып, бирин бири куттукташып жатышты.

Карапайым, шаттанган адамдар. Өздөрүнө өзүлөрү шаттуу майрам жасап алышты.

Бардыгы кубанычтуу! Керемет!

Кыргыздын элет жериндеги алыскы айылы...

Мен жердештерим үчүн кубанычтамын. Бир гана жери, бир кездеги орустары көп Кыргызстандын айылында орустар дээрлик көрүнүшпөйт. Сүйүктүү Куршабымдагы салтанатка бар аз өкүткө бата көз салам. Ошентсе да бул майрамда кандайдыр орустун деми бардай. Капысынан чыккан мусумандарды намазга чакырган азан гана бул жердин кантсе дагы Азия жери экенин эске салат. Кыргыздар Азия элдеринин арасынан өзгөчөлөнүп орус маданиятынын көпчүлүгүн өздөрүнө жугузуп алышты. Мейли, кыргыздардын үйлөнүү тойлорубу, же мектепти бүтүрүүдөгү кечеби — баары бизге жакын, окшош. Албетте, кыргыздарга мүнөздүү маанайы сөзсүз бар дечи.

 Арийне, жашоо өз өктөмүндө агып барат. Кыргыздарга байсалдуу болсун!

1990— же 2010-жылдардагы өзбектер менен кыргыздар кагылышкан кандуу окуялар кайталанбасын. Орустарга тийишкен эмес... ал тууралуу кийинчерээк жазам.

 

https://www.stihi.ru/2019/06/24/7610

 

Которгон Айдарбек Сарманбетов

 


Количество просмотров: 1019