Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асанбек Токтомушев, 2020. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 20-февралы

Асанбек Токтомушевич ТОКТОМУШЕВ

Дүрбөлөң

(Жеке ойдон чыккан ой толгоо )

 

Ош шаары. 2010 жыл. Апрел айынын башы. Түн ортосу. Доктур Султан Жумабаевич жаңы эле операциясын бүтүп мээлейин чечип, боюн түзөп, уюп калган денесин керилип-чоюлуп жазып, кофе ичейин деп көчүк басканда телефон «чыр-р» дей түштү...

 

«Мындай, түн оогондо… ким болду экен!» деп  коопсузданып телефонду көтөрдү.

Бул мэриядан, обулустун депутатымын, − деп тааныштырды да, − шаарда коогалаң башталды, тезинен оорукана жамаатын топтоп, даяр болуп тургула. Өлүм-житимдер да бар. Операция жасоочу жайыңарды тезинен ачкыла, жабыркагандарды мына азыр алып бара башташат, байланышып турабыз, − деп каргылданган үн телефонунун номерин берди.

Мындай суук кабарды угуп, оозунан ламы заматта түшүп суроо да бере албай калды. Кичинеден кийин телефон кайра шыңгырап, баягы үн катуу эскертти: «барымтага алып  жатышыптыр, чара көргүлө, эгер ошондой болсо, айласын таап, бирдеме жасагыла акыл менен, бирок «паникага» түшүртпөңүз коллективиңизди. Баарына жеке керт башыңыз менен жооп бересиз. Эптеп эртең мененкиге дейре чыдап тургула», – деп үрөйдү учурган сөзүн бүтүрдү. Ишенбейин десе, үн баягы тааныш обулкеңештин депутатынын үнү. Ал киши ооруканага көп жардам берип жүрүп, жамаатка таанымал да болуп калган эле. Муну угары менен врачтын заманасы кууруп, жүрөгү ачыша түштү. Көз алдында унутулуп бараткан улут аралык кандуу чатак келе калды. Ага мурун өзү катышып көрбөсө да, уккан. «Асстапрылла» деп жакасын кармады. Башкы врач бул тымызын улут аралык ички тирелишүүлөрдү байкап жүрсө да, мындай чоң жаңжал чыгып кетери оюнда да жок эле. Бушайман болду. Түн ооп баратат, кимдерди чогултам деп жаңы эле ордунан обдулганда, күзөттөгү оорукананын врачтары менен мээрман айымдар топурап, оорукананын башчысына эшик какпай эле кирип келишти. Үрөйлөрү учкан. Баары бул каргашалуу окуяны угушуптур. Сакайып бараткан сыркоолор дарбып эшикке чыгып, короого чогулуп калышыптыр. Чогулгандардын тынчсызданганы жүздөрүнөн эле билинип турат. Башкы врач мындай абалды көрүп, өзү да буга кыжаалат болуп атса да, шек билгизбегенге аракет кылып, топту таратты. Мындай кырдаалда эмне айтып, эмне дешти да билбей калат тура адам деген. Бирок Султан өзүн жоготпой, элдин удургуган демин суута кеп сүйлөп, аларды жайлады. Түпөйүл ой башкы врачты катуу ойлонтту. Эми эмне, башка түшкөндү көрөлү, «война, так по военному» дегендей иш жасаш керек го деп башкы врач ичинен чыйралып, учурду жөнгө келтириштин жолун издей баштады. «Ойчул ойлонгуча, тобокелчи кыр ашыптыр» дегендей, шарт-шурт этмей мүнөзү да бар. Кол алдындагыларына көрсөтмөлөрдү берип, сыр билгизбей, кудай кылса, кубарыңдын акысы жок дегендей, ишти баштады. Ушул өзгөчө бүдөмүктөшкөн мезгил өзүнө да чоң сыноо болгонун туюнду. Муну менен бирге кандайдыр бир кубаттуу ишеним, дем келгенин өзү да байкабай калды. Мындайда токтоолук кылбай, кызуу кандуулукка алдырганда кырдаал, кадимки эле козу жамырагандай болуп, көз ачып жумгуча тополоң-тос болуп кетмек. Ошентип, башкы врач белди бууп ишке киришти өзгөчө шартта.

Таң сүрөйүн деп калган. Көзүң жамандакты көрбөсүн, шаардын ортосунан коюу кара түтүн оргуп, асманды бербей калды. Шашкеге жетпей ушуга окшогон буралган түтүндөр шаардын ар тарабынан көрүнө баштады. Кагылушудан жаракат алгандар четинен түшө башташты. Операция жасалчусуна жасалып, жеңил-желпилерине жардам көрсөтүлүп турду. Иштин кызуусунан, «эмне болду, ким күнөөлү» деп териштире турган да адам болгон жок. Эл ичиндеги күбүр-шыбырлардын аныгы эми баарына түшүнүктүү болду көрүнөт. «Ай, мамлекет болбосоң куруп кал ай, ушуга да алып келесиңби ?!»

Оорукана четирээк жайланышкандыктан жаракат алып бейтапканага түшкөндөр анча көп деле болгон жок. Бирок ар бир кишиде ичтеги сар-санаа андан чыккан кыжалаттык кадимкидей байкалып турду ар бир кишиде. Медиктер баш-оту менен жумушка кирип кетишти. Учур кадимкидей курчуп турган убак. Жамааттын алаксыбай берилип эмгектенгенине, бир четинен, үй-бүлөлөрүнөн кабардар болуп турганы себеп болду окшойт.

Коогалаңдын экинчи күнү. Түн кирип калган кезде ошол жерде көп жылдан бери кызмат өтөгөн  өзбек улутундагы ардагер апа башкы врачка көз жашын көлдөтүп кирип келди. Колунда көтөргөн ымыркай бала бар. Султан отурган ордунан тура калды. Апанын ыйы сөөгүңдү зыркыратат. Бул киши жамаатта көп жылдан бери эмгек өтөйт. Кадыр барктуу жаштар алдынан бура басып өткөндөн айбыгышат. Улуу-кичүүгө бирдей жылуу мамилеси турганы турган.  Буркурап боздоп туруп: «мусулман катары,  апаңыз катары сизден суранарым ушул,» деп ыйлап аткан баланы селкилдетип буларды айтты:

− Кыз-күйөөм бир жума мурун ушул ымыркайын алып биздикине келишти эле. Эми буларды бир баш калкалатып бериңиз, жанымды чабайын. Бул балекетти ким баштады, эле кылымдан бери эки эл кыз узатып, келин алышкан журт эмес белек эми эмне кылабыз? Соопчулук кылыңыз, жардам бериңиз бизге, биз да кудай деген кишибиз, Султан уулум, деп буркураса, жанына киши тура албайт. Мындай жүрөктү эзген муңду укса да, көргөн эмес башкы врач.

– Болуптур, биякка алып келиңиз – деген врачтын сөзү байбичени ого бетер эреркетип, айтар сөзүн да айта албай, буулугуп турган жаны жалынып-жалбарып ийди. Көрсө, кыз-күйөөсүн ооруканага катып коюптур. Өзү көрөйүнчү деп аны менен кошо тышка чыкты. Четирээк жактагы эски оорукананын кичине имаратын карай басышты.

− Биякта, – деп байбиче узун, караңгы коридор менен басып, кичинекей бөлмөчөгө алып келди. Жакындаганда каалганын ары жагынан шыбыр-шубур үн угулду. «Бул жерде бир эле киши эмес го» деп Султан коопсуздана түштү. Качкындар эшикти ичинен илип алышыптыр.

− Эшикти ачкыла, − деген  апанын сөзүнөн улам эшик «кыйч» этип ачылды. Султан тиги кишинин артынан кирип, көргөн көзүнө ишене албай чочуп кетти. Бул жерде эки эмес, топ адам. Султанды көрүп эмне айтар экен дешип жалдырап карап калышты. Өзү да чочуп, коркуп да кетти. Ээрчитип келген апа муну көрүп, оозунан кеби түшүп жалдырап калды. Мындай көп адам чогулуп кетерин билбептир апа. Султан тигил кишиге көзүн алайтып бир карап алды да, күч менен күрсүнүп койду. Апа башын ылдый салып уялып жер карай түштү. Колундагы баланы ыйлабаса да, селкилдетимиш болуп туруп калды.

Бир-эки кишини ооруканага батырмак көп деле оорчулук алып келбейт го деген ойдо  келгендегиси ушул болуп отурбайбы. Санап көрсө, тогуз адам. Алар: «Биздин өмүр сиздин колуңузда, эгер чыгып кеткиле десеңиз, унчукпай чыгып кетебиз сооп үчүн, жан соога. Үрккөн койлордой көздөрү жалжылдап аянычтуу бир бурчка тыгылып турушат. Башкы врачтын кулагы чуулдап, мээ тамыры чыңалып кетти окшойт, оор үшкүрүп алды. Сүйлөйүн десе, тамагы буулугуп, тили кургап кызыл өңгөчү ысый түштү.  Жан деген чиркин кыйын тура көрсө, апанын кызынын артынан жансоога болоор деген тилек менен алар да басышыптыр. Жакындары деле эмес окшойт, апанын кыз-күйөөсүнөн башкасы. Ушул кишинин арты менен башпааналайлы деп келишсе керек үмүт менен. Эмне кылышсын, кыйын кезең моюндарында турганда. Муну байбиче деле билбептир. Мына ушинтип заматта башкы врачтын башына бир эле эмес, эки түйшүк бир келип  жүдөтүп ийди.

Жалдырап хирургдан жардам сурап тургандардын өтүнүчү Султанга көнүмүш болуп калган. Бирок бул «качкын» адамдардын жүздөрү башкача аянычтуу. Мынабу алдында мүңкүрөп, баштарына запкы түшүп, эртеңки жашоосу күмөн болуп турган карапайым адамдардын өтүнүчүн аткаруу өзүнө парс деп кабыл алды.  Бул үчүн алдыда эмне тагдыр күтүп турса да, тобокел деп бел байлады.

Ушундай жаңжалда каршылашкан тараптын адамын жашырган кишинин тагдыры эмне менен бүтөрүн Султан жакшы билет. Көп ойлонгон жок. Болгонунун баарын подвалдын төрүндөгү эски акыр-чүкүр сактаган бир бөлмөсүнө киргиздирип эшигин кулпулап, тиги апаны буга жооптуу кылып дайындап чыгып кетти. Бирок жүрөгү өйүп калды. Башка жумуш бир тең, бул бир тең болду. «Кой, жеке эле моюнума жүк кылбай андан көрө шаардан мэриясына болгон жайды түшүндүрөйүн» – деп аякка телефон чалса, «эптеп өзүң айласын тап» – деп турубканы таштап коюшту. Авал кыйындап баратканын сезди. Акыры кырдаал кандай болсо да аларды катып, кармап туруш керек деген чечимге келди. Буюрса, бул көпкө деле созулбаса керек деп ичинен кайрат кылып ишке киришти.

Тыш менен байланыш үзүлүп, ооруканага шам-шаркыт кирип чыгуу кескин токтолду. Электр энергия, азык-түлүк маселеси мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учурап жатты. Газ бериш толук токтоду. Операция, ооруларды жайгаштыруу, алардын маселелерин так жана туура чечүү жамааттын ар бир мүчөсүнөн талап кылынып турду. Ал го ал, көнүмүш оокат го, бирок бир Султандын жүрөгү өйүткөнү бир маселе баягы качкындар болду. Алар жөнүндө бир-эки эле киши билет. Абал курчуп турганда бирөөлөрдүн байкап калышы өтө опурталдуу. Бул тууралуу көп сөздүн кереги жок деген ой башкы врачтын негизги күн тартибине киргизилди. Бирок кээде тең салмактуулуктан чыгып кетип, олку-солку ойго келген учурлар да болуп кетип атты. Бирок бул кишиде эрк бар эле, өзүн карманды. Буга кырдаал да сабак берип ийди окшойт. 

Качкындар өп-чап болсо да, оорулардын тамак-ашына ортоктошуп оокат кылып турушту. Апа жалынып-жалбарып ыйлап келет, ыраазычылыгын дембе-дем айтып. Оорукананын айланасындагы эл кандай гана улуттан болушпасын, түн жамынып тамак-аш алып келип турушту ооруканага. Мындан жөнөкөй элдин бул коогалаңга эч кандай тиешеси жок экендиги ачыктан ачык билинип турду. Кызыгы, бейтапканадагы оорулуулардын, кайсыл тараптан болбосун, бири-бирине жасаган жылуу мамилелерин көрүп ыраазы болосуң. Бир-эки күн өткөндөн кийин бир топ жигиттер сүр менен келишип: «Өзбек улутунан дарыланып жаткандар жокпу? − дешип, башкы врачка да ишенишпей, бир-эки палатаны кыдырып, анан чыгып баратышып: –Сиз көргөн жоксуз булардын жасаган мыкаачылыктарын, байкаңыз, ава, бирөөлөрдү катсаңыз эчтекеге карабайбыз», –  деп кетишти. Бул зекип айтылган сөздүн маанасинин тереңдигин, эмнеден кабардар кылып атканын толук билет башкы врач. Деле мейли, ажал ушундан болсо, аны көрөйүн, «муунуп өлүш бешенеге жазылса, сууга чөкпөйт» деп, чындап тобокел кылып, ишин орундата берди. Эки-үч күн өтсө да, тыш тынчыгандай деле эмес. Баягылардын акыбалын билейин деп кечке жуук Султан подвалга кирди. Жанында баягы апа. Эми жалынгандарын айтпай эле гой. Көбүнчөсү орто жаштан өтүп калышкан аялдар, балдар. Арасында чачы куудай болгону менен чырымталы жаш бир жигит бар экен. Көрсө, ал апанын күйөө баласы экен. Сүйлөгөнү таза орусча, илмеги жок сүйлөт экен. Билимдүүдөй көрүнөт. Көзү тирик.

Подвалдын ичи кенен, бир четинде оорукананын иштен чыгып калган эски-уску буюмдары ирээтсиз жыйылган. Башкы врач мурда бул жакка деле келбептир. Келсе да, ооздо жайланышкан чакан мастерскойго эле келип калчу.

Тигил качкын капысынан минтип калды: «Кечирип коюңуз, сизден уруксатсыз тигил эски-уску делген буюмдардын бир-экөөн бөлүп койдум, оңдоп, кайрадан иштетсе, толук жарайт, советтик буюмдар эмеспи, − деп күнөөлүдөй болуп, болоор-болбос жылмайып врачты карады. Көрсө, бирөө кир жуугуч машине, экинчиси стоматологдорго эң керек болчу «сухожарный шкафы» экен.

− Муну ушул эле жерден оңдоп коëм аспаптар эле болсо болду, чарба жүгүрткөн жардамчыңыз мага жолукса, ал киши менен бирдикте буларды иштетип берем, − деп ишеничтүү айтты.

− Көрөбүз, − деп алардын абалдарын көрүп чыгып кетти. Айласы кеткенинен айтып атабы, көп буга деле ишенген жок. Болуптур мунун да бир билгени бардыр деп жардамчысына тапшырма берди: «Заман мындай болуп атса, сен эми запчас издемек белең, колдон келгенин бер да тим бол, бычак-сычак бербе ».

Эки күн өтпөй башкы врачтын жардамчысы келип:

−Жумабаевич! Тиги жөн сарт эмес окшойт, тан бердим, тобо. Бирөө сегиз жыл, бирөө үч жыл мурун иштен чыкты деп акт жазылган буюмдарды тигиниң  суткага жеткирбей иштетип койбодубу, − дейт. Сүйүнүчүн жашыра албаган чарба жүгүрткөн жигит:

− Коë туруңуз, – деп эшикти ачып, секретарь кызга бир деме дегендей болду. Анан башкы врачты көзү менен ымдап, башын ийкеп, тышка чыгыңызчы дегендей ишарат кылды. Эскилиги жеткен кир жуугуч машина менен баягы стоматологдор ак-эткенде так-эткен стерилизаторду туура секретардын столунун маңдайына алып келип коюшуптур. Иштеп атат деп аны токко да сайып көрсөтүштү. Тышынын эскилиги жетсе да, дагы бир топко иштеп берет деп тиш догдур  жылмайып койду. Кичине болсо да кубанычтын жышааны даарып кеткенсиди тургандарды. Чарбачы жигитти алып калып: Качкындардын тамак-ашына, тиричиликтерине көз салып тур, муну эч ким билбесин – деп дагы каттуу эскертип туруп,−  билесиң го кечээки запкы көрүп, жандары күйүп калган биздин ооруканага баш баккан топту, бул аларга билинсе, − деп сөөмөйү менен кекиртегин  чийип койду барыбызга − «кирдык» деп.

Ооруканада иш баягыдай эле кызуу. Түнү автоматтын татыраган үнү бирде жакындан, бирде алыстан угулат. Шаарда коменданттык саат орнотулган. Али да болсо, күндүз эшикке эркин чыгып басыш жок. Кечинде баягылардан бир кабар алайын деген ой менен Султан подвалга кирип калды. Жалынып-жалбарып тосуп алышты. Карып эле болуп калышыптыр. Чоңдору эмес, кичине эки  кыздардын көздөрү жалжал этип жалдырашат врачты карап. Кирген кишинин оозунан эмне деген кабар чыгып кетер дегенсип суроолуу телмиришет. Бир ууч конфетти кыздарга берсе, апаларын суроолуу карашат эмне кылсак деп. Адамды кырсык басканда мусапыр болуп калыш каш кабактын ортосунда экен. Кечээ эле секирип ойноп жүргөн мына бу секелектер киндик каны тамган, өз эли, өлөң төшөгү болуп калган жерде качкындын кейпин кийишип, мына эми караңгы жерде, отурушпайбы. Согуш чыгаргандар муну билбей калышты дейсиңби, билип туруп эле жасашты да кыянаттык кылып. Султандын да ушуларга окшогон кыздары бар. Карап туруп төбө чачы тик турду. Кудай мындайды адамдын башына келтирбесин. Башкы врач мусапырчылык дегенди өз көзү менен көрүп атат. Кинодон көргөн, жеринде согуш оту каптаган качкын афгандыктардын кейпин кийип калышыптыр заматта. Аларга кадимкидей жаны ачып боору ооруду. Тиги ак чач киши унчукпай карап турду эмне деген сөз чыгар экен дегенсип. Ушундай авалда болсо да, сыр билгизбейт, тескерисинче оор салмактуу, бирок кез-кези менен тамагын жасап жөтөлгөнү, ички кыжалааттыгы кадимкидей сезилип турат. Анткени менен көз карашы жалтаң эмес. «Жөнөкөйлөрдөн эмес окшойсуң,» деп койду башкы врач. Балким, коогалаңга катышкандардын бирөөбү деген ой менен ичи деле жылыган жок. «Болду, эми аны унут, жакшы баштап келатып кетенчиктебе деп өзүн-өзү жооткотуп коюп, алардын ал-айын сурап, эртең бүрсүгүндөрдөн силерди чыгарып кетет, деп кичине болсо да көңүлдөрүн көтөрүп  коюп, тиги кишиге мени менен чык дегендей ишарат кылды.

Бала көтөргөн келин анын жолун тосуп врачты карап ыйлап ийди

− Эмне кыласыз, тигилердин колуна салып бересизби? Баягы биздин апа ортосуна түшүп, бир деме деп айтып ачуусу менен ары түртүп ийди.

− Менин андай оюм болсо, силерди кабыл алып, катмак да эмесмин, −  кичине  ачуулана да кетти башкы врач. Тиги киши унчукпай артынан илкий басты. Подвалдын түпкүрүрөөк жагына жардамчысына айтып бөлөкчө жай жасаттырып койгон, ал кишиге өзүнчө эмгегин баалап. Анын үстүнө аялдар менен туруу чекилик эле. Ичи тазаланып, ирээтетилип коюлган эки орунтугу менен кроваты бар бөлмөчө даяр экен. Алгач Султан Жумабаевич сөз баштады аякка кирип жай отурушкандан кийин:

– Сизден ким экениңизди, кайдан келгениңизди сураган деле эмесмин. Муну жаса, тигини жаса деген өтүнүч ойдо да жок болчу мындай кыжалаттык учурда. Рахмат,  өзүңүз билип иш кылып, бизге жардам бергениңизге, эми өзүңүз жөнүндө айта кетпейсизби эгерде айып көрбөсөңүз, кыргыз-өзбек биринин артынан бири дайым эле куушуп жүрмөк беле, мындан ары деле жакшы күндөр болот, −деген башкы врачтын кебине жооп кылып:

− Билбейм бул чатак ырбап кетпесе эле болду, − деп тигил киши ишене бербей аяр жооп берди. Султан ага тигилип суроолуу карап:

− Эмне, буга сиздин бөлөк оюңуз барбы?

− Жок, жок, деги эле ошондой болсо экен жараткан, − деп тигил чочуп кетип, тайсалдай түштү. Анын жообунан кийин, бул эмне ичинде котур ташы барбы деп бүшүркөп калды.

Отуруп кыскача таржымакалын айтып берди, Аты Камал экен. Бир топ кыйнчылыктар башынан өтүптүп, анысын укса тим эле шайтан боору ооруп ыйлап ийчүдөй. Өзү зирек адам көрүнөт. Турмуштун запкысына моюн бербей, мен дагы өзүмдү көрсөтөм деген намыс менен иш кылган киши окшойт башкы врачтын баамында. Бир топ өнөрдүн сырын  билген адам экен. Колунан баары келчүдөй. Аны Султан байкады. «Майда-бача» делинген совет убагындагы профтехучилищаларды* бүтүрүп, бир топ кесиптин ээси да болуптур. Бирок айтышына караганда ат тезегин суутпаган, бир жерде көп отурукташа албаган киши окшойт. Ал эле эмес Киевдеги университеттин философия факультетинен окуп жүрүп акыркы курсунан балдар менен чатакташа кетип абакта да отуруп келиптир аякта. Мунун баарын кыскача ачык, толук ишеничте айтып берди. Адамдын ичине кирип, ишеничин тартып алчу кызыктуу ойлорду айтканына караганда, бул киши жөн эместигин байкады  Султан. Сөз улангандан-уланып баратты. Кез-кези менен башкы врач суроо берип, ал тууралуу оюн айтып койгону эле болбосо, тиги кишинин ары кызыктуу, ары трагедиялуу турмуштук окуялары чоң сөзгө өттү. Башкы врач кой деген  жок. Негедир экөөнүн кээ бир турмуштук көрүнүштөргө карата позициялары айкалышып тургандай болуп сезилет. Султан тигинин сөзүн бериле угуп, буга алаксып тамекисинин гүлүн чертип түшүрө албай да калат кепке уюп.

– Байкашымда сиз баскан жер дайым чуулгандуу көрүнөт окшойт? − деп какшыктаганга ал киши түшүнө коюп:

− Бул коогалаңга менин эч кандай тиешем жок, ишениңиз, − тике карады башын чайкап. − Өзбекстанда да жашап келдим, үй-бүлөлүү болдум, бирок чынын айтканда алардын менталитети биздикиндей эмес, тыштан келдиң дегендей сын көз менен карашат экен. А жердеги турмушту жыйыштырып кайра келгем. Мына үч жыл болуп калды, кечирээк болсо да, кайра да үйлөндүм, чүрпөлүү болдум, эми мындан аркы түзүк жашоого ишенич пайда болду эле көөдөндө, эми карабайсызбы. Туугандарым бар, алардын кээ бири кыргыздар менен каны аралашып кетишкен, мындай ишке акмактар гана барат, буга мени байланыштырбаңыз. Деги менин жолум катуу, сиз жарым-жартылай туура айттыңыз. Орустар айткандай, «счатья тогда, когда тебя понимают» дегендей, жашым кырктан ашып баратса да, мени киши түшүнбөй койду. Эх, атасынын көрү, бир шише алдырып келесизби доктур аке, жашоо кыйындап кетти окшойт. Уулум төрөлгөндөн бери ичпей калдым эле, мындан ары турмушум өйдөлөбөстөй көрүнүп турат. Кечирип коюңуз, ушундай адамгерчилик көрсөтүп жатасыз, көңүл бөлүп кайгыбызга ортоктош болуп атканыңыздан улам сизге сырымды жашырбай айтып атам.

− Аны көрөбүз, − деп главрач сөздү бөлөккө буруп, өзү бир кызыккан темага буруп ийди. Жаңы эле кеп башталганда, Султанды чакырттып кетти тышка.

Түндүн бир убагында Султан бир бөтөлкө аракты койнуна салып, кичине «закускасы» менен баягы адамга келди. Негедир айланада тынчтык сүрө баштагандай сезилет, алыстан кез-кези менен ракета эле атылганы болбосо. Жайланышып отургандан кийин:

− Ии, айт дагы эмне деген муң-зарың бар ичиңде? деп Султан бир чети тамашалап сөз баштады,  − и, баса, жана айтып ийдиңиз го бул чатак жөн эле бүтө койбойт деп. Эмне себептен айтып калдыңыз, Камал ака? − өзүбекче акцент менен суроо узатты тамашалап. Тиги кичине ойлоно калып: − Бул кыргыз калкы чынында эле маңыроо эл экенсиңер, капа болбоңуз, дарыгер ака, − деп, капыстан намыска тийчү кеп баштады «качкын». − сиздер эмне ушундай жаңжал болуп кетээрин билчү же сезчү эмесиздерби. Акыркы үч-төрт жылда бул маселе өзүбек арасында билинип эле калган. Муну ички иштер мекемелеринин же мамлекетти коргоо органдарынын кызматкерлери билбей калышыптырбы, билишчү. Бирок буга мамлекет караган да жок. Караса, муну болтурбай коймок.  Алдын ала чара көрүш деген түшүнүктөн толук ажырашкан. Аларга муну байкоонун деле кереги жок болсо керек бири-бири менен жакалашышып жүрүшсө. Ошонун азабынан билип иш кылам дегендер четтей баштаган. Чиновниктердин арам тамакка кызыгып жүрүшүп, элдин  мындай болуп каларын билген да, туйган да эмес.  Мына ушулардын кээ бири элдин мээнет кылып тапкан маңдай теринин акысына, силердин майга бышкан ак боорсогуңарга окшоп борсоюшушкан чиновниктердин көздөрүн май басышып, бут кийимдеринин боосун бирөөгө байлатып калышса, анан кайдагы иш. Булар эмне айлык маянасына көөп атышабы? Жо-ок, койнунда котур ташы бар сепаратистердин акчасына алаксып, кыраакылыктан тайышкан.

Жаңжалдын башы Өзбөкстандан даярдалынып келди дейсизби? Өзбек мамлекети калыпталынып, өнүгүп келаткан мамлекет, тиги-бул деген менен. Биздин кыргыздашып кеткен өзбек туугандардын аларга тыйынча да кереги жок. Жердин да кереги жок. Билишет кыргыздарга тийишсе, кылымдык согуш тутанып кетээрин. Аякта да силерден кем калбаган мээлүүлөр бар. Өзбекстанда тартип бар бул жерге салыштырмалуу. Ош шаарынын ортосунда машинаңды ачык таштап кетип көрчү эмнеден чыгаар экенсиң, аякта бирөөнүн мүлкүнө карасанатайлык кылсаң, бери дегенде эле 10 жыл абакта отуруп келесиң. Ал эми улут маселесин козгоп көрчү, атылып кетпесең да, жарым ден соолуктан айрыласың. Алардын өзүлөрүнүн проблемалыры өзүлөрүнө жетмектен ашып да кетет. Ошондуктан тияк-биякка алаксыбай өзүлөрүнүн маселелерин чечиш үчүн иш кылууда. «Аны жасалып жаткан иштеринен көрүп байкаса болот. Муну билүүгө көп деле акылдын кереги жок. Бир мамлекет экинчисине жең ичинен кыянатчылык иш жазаса, ал эртең эле эл аралык деңгээде билинип, айыпталып, аброю кетет.

«Демократия», «демократия» деп Акаев баштагандан тартып дүрбөлөңгө түшүп эле эл дүргүй баштады. Кыргыздардын өзүнүн илгеритен келаткан демократиясы бар да, Түптөлгөн түпөктүү элсиңер. Силерден үйрөнчү көп эле нерселер бар. Саясатчылар өз ара кызыл чеке болбой, акыл токтотуп иш жасаганда мындай болбойт эле го. Же биздин башчылар демократияны өтө жакшы түшүнөбү, бөлөк кошуналаш элге караганда. Кечирип коюуңуз, өткөн кылымдын башында болгон Американын бир президенти минтип айтыптыр убагында: «если мужик может стать королем, не думай, что в королевсте уже демократия» деп. Мындай айтылган качкындын ою Султандын ичинен түнөк тапкандай боло түштү.

Кептин экинчи жагы болсо мында. Өзбеги болобу, кыргыз-казагың болобу, жалпы менталитети түптөш, канатташ эл. Кандары аралашып кеткен журт бир мейкиндикте көчүп-конуп жүрүшүп. Бул курулай күчөтмө кеп эмес. Буга сиз деле ооба дейсиз да. Негедир экөөнүн ортосунда мурунтан тааныш теңтуштардай сезим пайда болгонсуп келатты кеп уланылып атканына караганда. Астадан «качкын»  статусунан бара-бара чыгып бараткандай сезилди тыштан байкаганга тигил киши. Орустун төл сөзү менен бөтөн сөзүнө сугарылып, жалтанбай таамай айткан кеби,  билимдүүлүгү жагып турду Султанга.

− Айта бер, айта бер алаксы болбой деп башкы врач башын ийкеп койду тайсалдай кычык сөз айтканына.

 − Тарыхтан билесизби, ушул Орто Азия аймагында жашап турган азыркы түркмөн, казак, кыргыз, тажик элдери өз ара согушканын? Болсо, болгондур Чынгызиддердин убагында, 13-15 кылымдарда бир элге бир элди чагыштырган саясаттан, мансапчылыктан чыккан уруштар. Өзүңүз билесиз монголдор, ойроттор менен биздин, канат-куйрукташ элдердин философиясы, дин ишеними караманча окшошкон эмес да. Ушул мейкиндикте жашап келаткан эл, убагында, бир асабанын тегерегине биригишип илгери Гун мамлекетин түзүп,   дүйнөнү бийлеп турган Рим империясын, биз кыйынбыз деген готтордун жазасын колуна беришкен. Илим-билими чагатай тилинде жүргүзүлгөн бир эл. Адеп-акалак, улуу-кичүүнү,  кичүү-улууну сыйлоо мына ошолордон калган. Кийи-ин, мынабу эле 20 — кылымдын башында эмне болуп кетти. Эволюцияны жасалма жылдыруу бул жакшыга алып келбейт окшойт. Атаганат, Совет мамлекети кезинде тигиндей элек, мындай элек деп калабыз. Бир тараптан караганда, ага кирген ар бир республика «феодалдык» тепкичтен «капитализмди» аттап «социализмге» жасалган секирик бир далай «маданиятка» алып келди. Мунун баары кийинки муундардын талдоосуна коюлат, агы-карасы аныкталат, такталат. Бара-бара орустун шовинистик тарых саясатынын чыгып, ар бир мамлекет өздөрүнүн тарыхын табышат. Буга мен толук ишенем. Биздин өнүгүүбүздө бул жол чын эле тарихий зарылчылдыкка таңсык беле же бизге тыштан таңууланган бирөөлөрдүн экспериментке тете ою беле. Бирок бир чоң мамлекет болуп турушта ар улут үчүн утуштар болду деңизчи, бирок мусулман дини калып, жалпысынан, атеист болдук го. Муну бат эле унутуп калабызбы? Адам адам болуп жаралгандан кийин бир немеге ишенич болуш керек экен. Ооба, совет доорунда «коммунизм − биздин келечек», «дин − бул апийим» деген жалпы ишенич менен келдик. Анткени менен илимдүү болдук, билимдүү болдук дегендей. Бирок ислам дини берген ыйман сабагы биздин чыгыш элдеринен качкандай болдубу дейм. Эмне үчүн батыш мамлекеттеринде, Америкада биздей динден ажырап калышпайт аларда христиан конфессиясы гүлдөп-өсүп эле келатат, диний мамлекет болбосо да. Керек болсо, президенти баштап чиркөөгө барышат, чокунушат, ар түрдүү ырым-жырымдарын расмий өткөрүшөт.  Мунун бирдемеси бар да, негизгиси ага ишенич − кудай бар. Аны дайым айтышат, буга алар кадимкидей эле сугарылган. Бала бакчасынан тартып аскер бөлүктөрүнө дейре сыйынчу жайлары бар. Эсимде жок бир газетадан  социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгын окудум эле, «Бакыт деген эмне?» деген темада. Анда мындай бүтүмгө келишиптир: бакыттын маңызы бул жеке  эле акчада эмес, буга үч нерсе гана бириккенде анык бактылуулук деп айтса болот деп жазат. Булар, ынтымактуу үй-бүлө + көп досторду күтүү + кудайга ишенүү. Бул статистикалык расмий маалымат батыштагы христиан дининдеги ири 4-5 мамлекеттеринен жыйылган респонденттердин негизинде алынган экен. Көрбөйсүзбү, кудайга ишенип жашоо бул бакыттын бир негизги жышанасы турбайбы.

Ислам динин сыйлап, ага кайрылуу, илимпоздордун тактоолоруна караганда, акыркы жылдарда өсүү жолунда экен. Мусулманчылык өтө таза ары абройлуу. Дин жолуна түшүү эч качан кеч эмес. Эгер биздин динде кемчилик болсо, дүйнөнү дүңгүрөткөн америкалык мушкер Мухаммет − Али мусулманчылыкты кабыл алмак беле (жеке эле ал эмес). Бирок дүйнөгө белгилүү мусулман инсандар бөлөк динге өткөнүн уга элекмин, бул жагынан маалымым жок. Динди жеригенибиздин кесепетинен, бизге одоно болгон батыштагы көнүмүштөр аста-астадан кире баштаганын өзүбүз да билбей калдык Совет доорунда. Муну менен биздин калыпталган, ата-бабалардан калган мурас − салт-санаалар бузула баштаган, кала баштаган тымызын. Ошентип, аягында келип элибиздин рухий-маданият түркүгү − ислам динин өгөйлөттүбү, өгөйлөттү.

− Кылымдардан бери келаткан тууганчылыгыбыз кетип жоолошконго дейре келип атабыз минтип, деп кадимкидей кабагын түйүп. Кыргыздар деле бизге окшоп ала чапан, ала топу эле кийип жүрчү элеңер го илгери. Эмне болуп кетти. Деле билинчү эмес, кимиси өзбек кимиси кыргыз экени. Кылымдар бою коюн-колтук алышып, улагалаш кошуна жашап келишкен бул эки эл. Элди ширеткен күч эмнеде эле. Бул жалпы мусулманчылыгыбызда болчу. Андан тайыдык. Алысташтык, чек ара койдук жардырчу минасы менен. Бири-бирибизди көргөндө жаманчылыкты аяшпай калдык. Демократия ушубу? Эмне үчүн мен туулуп-өскөн элимде, жеримде корголоп эски оорукананын акыр-чүкүр сактаган сасык подвалында отурам? Сиздин көзүңүздү карап турам жалдырап, деп чындап эле буркан-шаркан болуп баратат зээнди кейитип.

– Ошол сен айткан ала допуңар менен ала чапаныңарды биз бекер кийиппиз. Жеңил кийим, шартыбызга ылайыктуу деп кие коюп. Ошонун азабынан Анжиян менен Ферганадагы жерлерибизден айрылганбыз, аны билесиңби, философ? Совет бийлиги жер жерлерге топограф-жер ченегичтерди жиберип, чек араларды чийдирип жүргөндө силердин ала допуңар зор роль ойноптур Өзбекстан үчүн. Муну билесизби? Москвадан келген орус картографтар кайдан билсин кими кыргыз, кими өзбек экенин. Анын үстүнө жардамчыларынын баары Ташкенден болуптур. Ошентип, ала топу, ала чапанчандарды өзбектер деп, алардын жери кылып  картага түшүрүшкөн. Мунун азабын азыр тартып жатабыз, − деп Султан сүр менен айтты.

– Муну, Султан аке, билбейт экемин, − деп кутула берди тигил.

− Эмне эле көбүрүп жабырып калдың. Токтот кебиңди, сен эмне, жанакы «хизбут-тахрирденсиңби», Азия мусулмандарын бириктирип «Бирдиктүү халифат» жасайбыз деген. Чын айтамбы? − деп Султан коопсуздана тигиге тике карап.

− Жок, андай эмесмин. Алардын жолу таза эмес, бир кылымга кечигип калышты.

– Бир кылым мурун болгондо башкача болмокпузбу? − деген суроого такалбай туруп:

– А балким, Султан аке, башкача болмокпуз. Мусулманчылык улутчулдукка жол бермек эмес. Шарияттын жолу менен жашамакбыз.

– Эй, алтыным, укчу, менин оюмча, сен өзүңдүн чамаңдан озуп кеттиң окшойт. Орустардын революциясы биякка келбегенде ушул өзүбүз өз алдыбызча түтүн булата алмак белек? Билесиңби ошол учурда тияктан Улуу Британия, бияктан «өзүбүздүн» эле түрктөр сагаалап, көздөрүнүн кырларын салып турганын.

– Коюңузчу, сиз экөөбүз советтердин окуу китебине сугарылганбыз да. Оюбуз ошондой калыптанган. Көрбөдүкпү эми, мындан кутулуш керек да, − деп Султандын кебин четке кагып:

  Аягы эмне болду? − кайра башкы врачти жарга такады.

– Ой, мусулманчылыктагы мамлекттер деле өз ара жаңжалдашып жүргөнүн билбейсиңби, маселен Иран менен Ирак, Ирак менен Кувейт, мен билгенден, − деди Султан аны жактырбагандай.

 – Буларга тыштан келген провокация күнөөлүү, маселен, Америка буга жооптуу. Муну учурунда мен эмес алардын конгрессинде деле президенттин оппоненттери ыр эмес, жомок эмес айтып жүрүштү го.

 – Көзүңдү ач, мындайды тышка чыгып айтып көрчү, сени Американын президенти эл аралык сотко берип, акеңди таанытсын. Азыркы подвалда отурганың бейиштин төрүндөй болуп сезилет анда.  Өлалбай жатып чоң кепке киргенди эмне кыласың. Андан көрө тыштагы, өзүбүздүн үйдөгү коогалаңдын тынчышын тилеп, бул жерден аман-эсен бүлөң менен чыкканды ойлосоң. Сени «алиги» ээликтирип атат го, деп койду Султан.

– Сүйлөсөм, унчукпай угасыз, кепке конок берген экенсиз, ошого карап оргуштап кетипмин, кечирип коюңуз, − деп шаабайы түшө жер карады да куюлган аракты шап этип тартып ийди. Кичине туруп бир силкинип алып кайра сөзгө кирди:

− Мусулманчылыкта улут маселелери айтылбайт, биз ушуну менен биригип турабыз, ынтымагыбыз бар ич-арада. Иран, Ирак, Египетке тийбеңиз, алардын маселелеринин төркүнүн билбейбиз. Биз өзүбүздүн маселебизди чечсек гана, атаганат. А сиз билесизби, совет өкүмөтү орноп аткан жылдарда басмачылар чыгышканын. Булардын башында ар бир улуттун журт аталары, акылмандары болгон. Сен өзбек, мен кыргыз дебей бир ислам асабасынын алдына биригишкен. Анан биз аларды эзүүчү тап, сүткор, эл душманы деп айдап отко салдык. Куран да окулбай калды мусулмандарга. Ал эми революциялык ишти так аткарып, тарыха киргендердин ысымы азыр аталып атабы? Маселен жалындуу революционер Таабалды Жукеев-Пудовкиндин, Логвиненконун аттары. Азыркы күндөрү Лениндин, Сталиндин туулган күндөрүн майрамдагандар барбы, Султан аке? Жок, бир коммунисттерден башкасы, − деп ырсаңдап күлүп калды. − Тескеринче, Россияда, кээ бир шериктеш мамлекеттерде убагында болшевизмге жем болгондорго эстелик тургузулуп жатат го. Падышалык монархияны жактаган Колчак, Деникиндерге аста-астадан мурунку абройлору кайтарылууда. Муну кинодон көрүп да атабыз. Мына ушинтип Маркс – Энгельс – Лениндин окуулары тамам болду го. Туура эмес турбайбы көрсө. Же эрте баштап коюштубу коммунизм курушту?

– Сен эмне ушул аймакта өткөн басмачы Көр-шерматка, Мойдунга, Хал-Муратка, эстелик тургузалы, куран окуталы дегени турасыңбы? − деп Султан суроолуу карады тигиге. − Болду эми, чоң маселе козгобойлу. «Бывают благие намерения,  однако, не суждено осуществить никому …» деп Некрасовдун бир чыгармасында айтылгандай, ушуларды билип айта жүргөн да жакшы. Аналитикалык оюуңуз ордунда экен, болду эми, тарыхка саякатыбызды токтотолу, − деп Султан турмак болду эле.

− Султан ака, болоору болду дагы кичине айта кетейин көөдөндөгү ойду аягына дейре, − деп эки алаканын ушалап Султандын кабагын карады. Ал унчукпагандан кийин «философ» үзүлгөн кебин улады алигиден алып ийип.

Теңдешсиз эне сүтү, эне жыты менен келген чыгыш үрп-адаттары ушул тапта европалыктардын, америкалыктардын маданиятына туруштук бере албай сүрүлүп баратышабы, же бул закон ченемдүүлүкпү? Бир улгайып калган кошунам он-онбеш жыл мурун Германияга барып конок болуп келди. Немистердин жашоодогу турмуш деңгээли алдакайда кеткенин суктануу менен кеп кылып келип эле, бир денени дүркүрөткөн нерсени айтып кетти. Ошол барган жакындары менен кечки тамакка отурганда (жалаң аялдар экен) үйдүн бойго жеткен кызы апасына мындай деп кайрылат имиш: − Апа, жигитим күтүп калды, кеттим деп кол баштыкчасын даярдап кетип атса, апасы, «сак бол, «алигини» унутпай алып алдыңбы, боюңа бүтүп калбасын, кызым»,− деп эскертет имиш. Мына ушундай мусулман баласы жиркенээр «адаттардын» азабынан…

Чын эле жан күйгөндөн чыккан кеппи же жасалмабы деген ой да келди Султанга. Камалдын ичип жүргөн адам экендиги билинип турат, улам-улам тиги бөтөлкөнү карап койгонуна караганда. Бирок сыр аяктын сыры кеткени менен сыны кетпейт дегендей, жасаган ишине, сүйлөгөн сөзүнө караганда, мында сыр бар окшойт деп койду ичинде Султан. Бир чети, боору ооруду тигинин тагдырына. Айтылган ойлорунун логикасы бар, чагымчы деле ырайы байкалбайт. Бир-эки стакан алгандан кийин, балекет басып, кептери солгундай баштады качкын философтун. Туруп  кайра кыргыздарга жабыша баштады авалын байкабай. Балеке-ет, буга эмне арак бере койдум эле деп Султан кейий да түштү. Бирок билгизген жок сыртынан. Дагы эмне дээр экен деп сынамакка жөн койду.

− Кыргыздар бийликти жакшы көрөсүңөр, аны кармап калыш үчүн баарына барасыңар. А эгер кызматтан тайып калышса, өлөрүңөрдү самайсыңар, Султан ака, бул − чындык, капа болбойсуз аны өзүңүздөр деле айтып жүрөсүңөр. Бекеринен силерде айтып калышат эмеспи илгери бирөөн селсоветтик кызматтан түшүрүп коюшса, печетин бербей бир топ убара кылыптыр деп.

– И, айта түш, − деп главврач күлүмүш болуп койду. Бирок сөзүн бурган жок. − Сиз билесизби, эгер өзбек жумуштан түшсө эртеси эле намыстанбай туруп, керек болсо, кара жумуш иштөөгө даяр. Совет мамлекети убагында Өзбекстандын премьер-министри Худайбердиев кызматтан четтетилгенден кийин бир ай өтпөй өзү туулуп-өскөн жеринде кетмен кармап талаа жумушуна чыккан. А сиздерде болсо, тескерисинче, айрыкча акыркы мезгилдерде, үлкөн кызматтан түшкөн «чоңдоруңар» аялдарды же айыл аксакалдарын топтоштуруп, уюштуруп митинг жасатып, тиешелүү жерлерге жибересиңер. Кызматтан түшүү аза күтүү менен барабар силерде. Чоңдоруңарга акча берсе, баарына даяр, сатылып кетишет. Сепаратчылар силердин кирпигиңерди көрүп, иш жасап атышпайбы. Башын чайкай, сөөмөйүн өйдө көтөрүп, «өзбек» жөн эл эме-ес,» − деп үнүн жасап көтөрүлө сүйлөдү.  Султан муну угуп ачуулана түштү:

– Эй ит, атаңдын оозун урайын, жөн койсо деле кой, сен баягы антифашист Юлис Фучиктин өлүм жазасын күтүп, түрмөдөгү жазган «репортаж с петлей на шее» дегенди кайталайын дедиңби? Философияңды токтот! Анан деле кой, жан айласын таппай биякка корголоп кирет да,  жөн койсо мага «чаар китептен»* (дин китеби) дарс окуйт. Же арак денеңди жибиттиби,? − деп башкы врач катуу айтты.

− Эмне үч-төрт киши сатылып кетсе, бүт «силер» деп жалпы элди күнөөлөгөнүң келеби? Болуптур, мансапкорлукту айттың, буга кошулуп жалкоолук да аз эмес кыргызда, бирок көзүңдү ачып сүйлө, «философ». «Ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын», деп кыргыздын жооштугуна, ишенчээктигине карап туруп жасабадыңарбы!? Өчө элек тамекисин столдун чекесине мыжыгып, жини келип тура калды.

− Сенин жазайыңды колуңа бербесем деп эшикти карс жаап чыгып кетти. Тиги ак деген да жок, көк деген да жок, жалдырап кала берди.

Ачуусу менен кабинетине келип: «Көчөгө чыгарып иейин муну, көрсөң энеңди урайын сарт десе, жакшылык кылса, сүйлөгөнүн көрбөйсүңбү... Унчукпай, эмне дээр экен деп койсо… энеңди урайынды… же милийсанын колуна салып берсемби, бул жаңжалга катышкан неме окшойт го,»  деп тутуланып турганда телефон шыңгырап калды. Башкы врачты тезинен мэрияга чакыртты.  

Кайра келсе, качкындарды бир «УАЗ» машинеге салып, жай-жайларына жеткиргени кетип жатышыптыр Шаар тынчып калган. Машине аскерлердин карамагында экен. Баягы киши машинанын арткы орунтугунда отуруптур. Терезени ачып Султанды карап колун булгалап койду. Жүзүнөн кубаныч деле байкалбайт. «Сенде бир мандем ба-ар» деп аны сүрдүү карап койду башкы врач…

 

-----------------------------------------

* «кирдык» − өлүм деген маани

*профтехучилищаларды − Кесипчилик училищасы

* «чаар китептен»* − (дин китеби)

 

© Асанбек Токтомушев, 2020


Количество просмотров: 818