Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Лариса Кеффель Наумова, 2020. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 5-ноябры

Лариса Кеффель-Наумова

Тыйын

(Аңгеме)

 

Ныксырап жаткан Сергей көзүн ача салды.

– Серёжа-аа!

Кира чакырып жатыптыр. Чындыгында эле аябай үп болуп турса да, анын сууга түшкүсү келбей турду. Испаниянын ысыгын кудай алсын. Кишилер ушундай жерде кантип жашашат? Даана  тозок! Ал, өмүр бою мындай ысыкта жашай алмак эмес. Малоярославецте, азыр керемет болсо керек! Ал жакта кандай сонун, курулуштары кантип жатты экен? Ансыз, баары ээн-эркин, бекерпоздукка батып, жыргап жатышса керек. Жумущчулар ырас анчалык ач көз эмес экен. Кира ким менен иштешкенди жакшы билет эмеспи.

Сергей жактырбай колун шилтеп койду. Кира ансыз деле калың эриндерин чүйүргөнүн байкап калды. Ал, ага жылмайып, болочоктогу балдарынын энеси экенине, узак жылдар бою  бирге жашап келатканына ыраазы боло ичтейинен жактырып турду.  Бирок, алардын балдардан жолдору болбой койду... Киранын эки ирет боюнан түшүп калды. Боюна бүткөнү менен көз жара албады. Кош бойлуу кезинде Кира айрыкча түн ичинде чатак салып, алтургай колу да тийди.  Тим эле жинди болуп кетет. Андайда Сергей аялын акылынан айнып кеткенби  деп да ойлоп, коркуп кетчи. Анын баарына балалуу боло албай жатышканы себепкер. Аялын да түшүнчү. Кыркка таяп калды, иши да жакшы. “Опурталдуу токсонунчу жылдары” ал микротолкундуу меш сатып байып алган. Башкалардай эле тобокелдикке барып, бир курбусунан (бөлөктөргө жыйырмадан берсе, ал тил табышып, он пайыз үстөгү менен) очойгон акчаны карыз алып, бир айдан соң карызын да толук кайтарып берип, өзү да жакшы марыган болчу. Кийинкилеринде да ити чөп жеди. Топураган көңүлдөштөрдү каалагандай калчаганы менен эңсеген  бактысын таба албай койду. Түнкүсүн кучагында балкып жаткыдайы чыкпады. Ал өзүнчө маашырлана жылмайып алды. Өзү Кираны им эле эритип жиберчү...  

Кира андан түңүлө колун шилтеди да, сууга боюн урда. Ал сууда жакшы сүзчү. Жээктеги испан эркектери анын кериле чабак урганына суктана тигилишет. Анын сабак алганы дароо эле байкалып турат. Ит чабактан башканы билбеген катындардын кызганычтары дароо ойгонот:

– Vamos, vayamos. Жетишет, кеттик! Шилекейиңди агызбай эле кой!

Мындай көрүнүш Сергейге жакшы маалым: ушундай бир кыйкырыктан кийин (кээде бир эле жекире кароодон соң) кайсыл бир катындын кулу айыптуу немедей  балдарын суудан сүйрөп чыгып, бөпөңдөп, сүлгүрү менен шашыла сүрткүлөй салат да кожойкесинин артынан бөжөңдөп жөнөчү. Сыртынан карасаң тим эле эркектин эркеги!

Сууда сүзгөндү болсо Кирага совет доорунда космос менен байланышы бар окумуштуу атасы үйрөткөн. Малоярослоцтеги курулуштун “суу куйдуларын” азыр ошол “төбөл” башкарып жатат. Дал Сергей Бочаровдун өзүнө ал хансарай куруп жатат!

 Көк муштум болуп үшүгөн балакайлар тиши тишине тийбей титирешип, көгөрүп чыккан эриндери эпке келбей испанча бирдеме деп чулдурашып энелерине нааразы боло жанынан топураша чуркап өтүштү. Ал, испан тилин телевизордо көргөн ачуулуу коменданте Фидель жана өзүнүн классташы – испаниялык Домингес менен байланыштырчу. Домингес 30-жылдары Россияга келип, туруп калышкан азганакай  бактысыз республикачылардын тукумунан эле. Ал, өтө түнт жигит болчу. Дайыма негедир кардай аппак трикотаж свитер  кийип жүрөр эле. Анысын кантип кирдетпей жүрдү болду экен?

 Испандык эркектер аябай баласаак келишет! Дегеле, өзүнүн тукумдарына Греция, Италия, Португалия сыяктуу Европанын түштүк жактагы элдеринин эркектери  өтө урмат-сый менен мамиле жасашарын байкаган. Азыр да энелери жээкте магдырап жатышса,  күйөөлөрү жаналакетке түшүп күйпөлөктөшүп, бирде сууга кире калып  балдарын ала коюп артка чуркап, кайра туруп балдарын көтөрүп дааратканага шашылып, аларынын жалаяктарын алмаштырып, кийимдерин кургактап жүрүштү... Сергейге мунун баары кошоматтык көрүнчү: “Катындарынын көзүнө чөп салып, же кумардан уттуруп коюшту да эми жасакерленип жатышат”.  Биздин эркектердин көпчүлүгү мындайды кемсингендик санашат, ошондуктан муздаткыч-баштыгында көтөрө келген, же ушул эле жердеги чатырлардан сатып алган сырасын каадалана кылкылдатып жатышат. Мындайда анын жалгыз көздөгөнү колдо болгонун түгөтө салып, аялынын “Дагы баштадыңбы? Жетишет!” деп кыйкырганына чейин жаңы бөтөлкөгө чуркап барып-келүүгө жетишип калуу.

Сергейдин көңүлү чөгө үштү. Аны энеси булардай бөпөлөгөн эмес. Анын акыл-эс  түпкүрүнүн белгисиз жеринен унутуп калсам экен деген элестер негедир кайра жанданып, өчүп-күйө баштады. Ооба, дал азыр эсине түшө калган эски пальточон, паркта үшүп турган бала өзү эместей сезилип, чоочундай көрүнүп кетти. Пальтосунун ичи дээрлик жок калган. Аны мектептин кийим илгичине илүүдөн да уяла турган.

Серёжа улам бир бутуна солбуп коюп, өздөрүнүн терезесине улам карап, энесинин ойношу менен кезектеги сайранын токтотуп, коммуналканын жарыгын өчүрүүсүн күтүп жатты. Өзүн столго ысык тамагын коюп алып, эч кимдин күтпөй турганын жакшы билет. Шагыраган бош бөтөлкөлөр менен желгенден калган колбасанын калдыктары, оңтою келсе ойношу кетип, керебетинде тууралана сулап жаткан мас энеси гана калат. Болбосо, экөө бирге жатып алса алардын жанындагы жерге эски килемчени төшөйт да жатып алат. Кээде мас болуп алышкан алардын  шыбыртынан уктай албай, керебеттин кыйчылдаганынан тирукмуш үндөр чыга турган. Андайда ал энесинин ахалап, ойношун шаштырган үнүн уккусу келбей төшөгүнөн туруп, ашканага качып кетчү. Ал, орток ашканада өмүр бою гальваникалык чехте иштеп, эми астма менен ооруп, азаптанган Федя байке да уктай албай олтурчу. Тизеси чоюлуп, жуула берип өңү өчүп калган ыштанчан, аракечтин чоюлган эски майкесин кийген ал энеси Лиза кемпирден жашынып алып терезенин форточкасына үйлөп коюп, тамеки тартып жаткан болот.  

— Эмне? Дагы башташтыбы?— Федя байке баарын айттырбай билип коёт.— Чыда, жигит. Жетимдер үйүнө караганда энеси менен жашоо жакшы.

Мурда, ал кичине кезинде энеси аны жалгыз бекитип кетчү. Бир жолу ал баласын байлап койгон батареянын жанына бир бөтөлкө айран, бир нан койгон бойдон эки күн “унутуп” да койгон. Бирок ал кошуналар билип коюшпасын деп кыйкырган эмес.

— Бул эмне кылганың Милка? Кудайдан корксоң боло!— деп, алда кандай жамандыкты сезген Лиза кемпир эшиктин артында өнтөлөп жүргөн.— Серёжатай? Серёжка? Деги тирүүсүңбү?— деп, боору ооруй каалганын алдыңкы тешигинен улам чакырып коёт. Серёжа мени аяшса экен деп тилегени менен сууга чыланган шымынан уялып, көз жашын муштуму менен шалтактата бетине сүртүп коюп үн чыгарбай ыйлай берчи! Батареядан чечип, бошотуп коюшса дечи. Баарынан да чыдамым жетпей калып, энесинен токмок жеп калбайын деп коркчу.

  Короодо май айынын акыркы күндөрү өтүп жаткан. Терезеге чоюлуп, ал короону, жакынкы парктагы ак буласы учуп жаткан мырза  теректерди көрдү. Ошол учурда Колька деген алыбеттүү, күзүндө аскерден келген бала экинчи күн дегенде акыры эшикти сындырып, кирип келди. Кощуналар ошондо энесин балдар үйү менен катуу коркутушкан. Милка аз да болсо эсине келгендей болду. Серёжа деген боорукер да келген, аны “тергөөчү” дешкени эсинде калыптыр... ал, Серёжаны аяп, башынан сылап, кемселинин чөнтөгүнөн кирдеп калган момпосуй да алып чыгып, берген. Аны Серёжа соруп киргенде тамеки жыттанганы менен чоочун эле кишинин мээриминен анын али баёо жүрөгүнө жылуулук кирип, калыстык менен кубаттын илеби келип, эсинде эч унутулгус болуп бекем орноп калган эле.  Кийинчерээк, мектепте окуп жүргөнүндө тергөөчү боломун деп чечкен эле.

 

 Сергей селт этти. Ага суу чачырап кеткен эле. Жаңы гана суудан чыга келген колдорун, чачын силкип, суу болгон боюнча үстүнө жата кеткен эле. Алдындагы жыгач такта кычырай түштү.

— Болду-болду, Кира!

— Дагы эле кыялданып жатасыңбы? Сени сууга сүйрөп да кире албайсың!

Сүлгүрү менен сүртүндү да ал, күнгө күйгөн али нымдуу денесин күнгө жалтырата, тактага ырахаттанып сунала жата кетти. Ал, күнгө өтө күйүп кетпей, папуасттар сыңары денеси текши күрөң тартып, жакшы күйүп жаткан болчу. Ага анысы жарашып турду.

Денесин сүртүнүп жаткан Кирага сугун арта карап, жанынан  испандык эркек өтүп кетти.

— Вах! Кандай ширин бышкан шабдаалы!— деп, Сергей кавказдыктардын тилине сала туурап, испандыктын оюн айткандай тамшана аны шылдыңдай узата карады.

— Кыйынсынба! Билесиңби, азыр эле мага бул жердин канча деген эркектери жабышты дейсиң?! Алар мени жалгыз деп ойлошту көрүнөт. Мен: “Күйөөм бар, хасбенд!” десем, ишенбей каткырышат. Сен менин күйөөмсүңбү, же жокпу? Сен качан ачыкка чыгасың, “Савва Игнатыч”?

  Анын бул сөздөрүндө аялдардын дайымкы күйөөгө чыгуу үмүтү бар болучу. Алар расмий үйлөнүшө элек. Сергей анын кызганычын ойготоюн дегенин билип эле турат, бирок анын жалкоосу кармап турган. Бардыгын тамашага айлантайын деди:

— Сага тийишкен кимиси? Кана, ал? Алып кел, бул жерге!— ал, экилене кашын каардуу түйүп койду.— Сен аларга күйөөңдүн органда иштегенин айттыңбы?

— Ой! Аларга сенин органыңдын эмне кереги бар!..— Кира мыскылдай башын чайпап койду.— Алардын өзүнүн органдары бар!— шыңкылдай күлдү.— Болгондо да кандай дейсиң!

— Жап оозуңду, катын!— Сергей дагы кавказдык эркекти туурады.

— Болуптур, тынчтангын! Унуталы...— Кира сойлоочу болуп жаралгандын эч качан уча албасын туурап, колдорун жаңсап койду. Токтоо Бочаров канчалык жакшы эркек болсо да эч бүркүт боло албасын, андан испандыктардын ысык ышкысын күтүү — сокурдун сүрөт тартуусун  күткөндөй эле орундалбас куру кыял экенин түшүндүрө кыйытканы болчу.— Балмуздак сатып келейинчи. Сага да алайынбы?

Сергей жок дегенсип башын чайкады. Ал, деңизге телмире карап калган. Аялы анын бул жерде эмес экенин сезе койду. Сергей өзүнчө ойго бата берүүчү. Аялы анысын ишине байланыштырчу. Ал, бурулуп баратып тапичкесин кийип, суу чачтарын кыпчыгычка кыстарып, жай кете берди. Анын мүчөсү абдан келишимдүү эле! Денеси чымыр, жумуру, бели ичке. Албетте, төрөй элек аялдыкы. Сергей болсо кайрадан энесин эстеп жаткан.

 

Алар Москванын борборунда жашашчу.  Серёжа бир көчө нарыдагы, англис тилине басым жасаган атайын мектепте окучу. Ар кандай кыйынчылыктарга, жетишпестиктерге карабастан жакшы окуй турган. Дайыма сыр алдырбай баарын ичине катып, тартынчаак эле. Ал, досторун үйүнө алып келе алчы эмес, эгерде алар чакырып калышса жан деп баруучу. Анын өздөрүнүн муздак, көңүлсүз бөлмөсүнөн бир саатка болсо да чыгып келгиси келчү, өкүнөрлүгү, андай учур чанда гана боло турган. Эчтемесине карабастан энесин жакшы көрчү – аяй турган... Кандай болгон  күндө да! Ал үчүн эне – сөзсүз, туруктуу ыйыктык... жана жалгыз. Качан коңщулары көнүмүш адаттарынча орток ашканага чогулуп алышып уят сөздөрдү илгебестен жакындарын ушактап жатышканын укканда ал жинденгенинен кыпкызыл тартып ашканага чуркап кирчи да:

  — Менин энем жөнүндө силердин минтип айтканга акыңар жок! Менин энем – баарынан жакшы!— деп кыйкырып кирчү.

Мындай күтүүсүздүктөн коңшулар бир саамга тилден кала түшүүчү. Оор жымжырттыктан кийин кайра чыгып баратканында анын артынан:

 — Дегеле кой. Коргоочусун мунун!..— деген сөздөрдү угуучу.

 Ооба! Ал, энесинин коргоочусу да, “күйөөсү, атасы, бир тууганы” да болчу. Үйгө келгенинде энесинин жамынбай уктап жатканын көрсө ал аярлап жаап, ооруп калса өзү картөшкөнү сууга бышырып, полду жууп, дарыларга да чуркап барып, келе калуучу. Энеси кыйналганда ал баары болучу!

— Сережка, менин кандай жакшы баламсың. Эмнеге ушундайсың? Атаң жинди эле... мен дагы... Мен бир кезде сулуу болчумун. Менин колумду бир кезде Слава Раевский деген азыр атактуу режиссёр сураган болчу, мен жинди болсо ага макул болбой койгомун. Ал кезде сенин атаң гитарада ойноочу, ага көз артышкан кыздардын көбүн айтпа-а-а!.. Тим эле артынан үйүгүшүп чуркашчу. Анын мени жактырып калганына корстон болуп жүрбөймүнбү.

 Ал, айтылып бүтпөгөн бул тарыхты жүз жолу укса керек, бирок ар бир жолкусунда кайра эле чыдамкайлык менен керебеттин четине олтура кетчү. Энеси ага алсыз үнү менен Гумилёвдун, Цветаеванын, Волошиндин... ырларын окуп берчү. Мындай “эскерүү кечелеринде” ал энесинин мас болгондорун да, дайыма куру жана кир муздаткычты, таарынууларын – бардыгын кечирүүгө даяр болчу. Энеси жаралуу чымчыктай болчу. Кызык...

Алардын үйүнө көндүм бакыбаттык чоң атасы Сергей Павловичтин өлүмү менен бүттү. Таланттуу сүрөтчү, табиятты тартуунун устаты эрте каза болуп калды. Алардын бакыбаттыгынын өзөгү анын чыгармачылыгында эле. Анын сүрөттөрүн сатуудан түшкөн акчага жашашчы. Акырында Жогорку Масловкадагы Сүрөтчүлөр үйүндөгү батирди бир аз үстөгү менен ушул, кепеге алмаштырышты. Мила искусство таануучулукка окуп, чоң энеси эзели иштеген жан эмес. Чоң атасы аны сүрөт тартып барган айылдан ээрчите келген. Серёжка төрөлгөндөн көп өтпөй чоң энеси да кайтыш болуп калды. Эки жылдай өтүп, алардын жашоосунун бир жери бузулду. Серёжанын атасы кайдадыр жоголуп кетти. Жөн гана кечкисин үйгө кайтпай калды. Мила курбуларынын баарына чалып чыкты. Көп өтпөй үч жаштагы Серёжаны керебетинде калтырып коюп, пальтосун үстүнө салат да издеп жөнөчү болду. Бир нече ирет экөө бирге келишти. Кийин, жалгыз кайтчу болду. Андайда ыйлай турган. Энеси андай болуусу мүмкүн эмес десе дагы бардыгы анын эсинде... Ага удаа, күйүттөн, достору, отуруштар... башталды. Соороткучтар. Кийин алар да жоголушту. Бардыгы күйөөгө тийип кетишти. Чет өлкөлөргө кетишти. Ал жактан Милага болор-болбос белектерди ала келишчү. Бирөө соска алып келиптир, Серёжа болсо ал кезде бала бакчага барып жаткан болчу.

Кайсыл бир жолу энесинин классташы Ира министрликте начальник деген күйөөсү менен аларды отпускасында чет өлкөгө бирге ала барышты. Серёжа ошондо биринчи жолу деңизди көрдү. Баары эртеден кечке чейин сууга түшүп, кечкисин жасанып алып жээкке сейилдеп чыгыша турган. Энесин курбусу өз кийимдеринен берип, кийинтип алышчу.

Өзүнө өзү батпай турган Серёжка кечээ эле сатып беришкен чыныгы, түлөгөн “Леви Страус” жинсасы менен “Адидас” кроссовкасын кийип, таякчага сайылган аябагандай таттуу, жаңгактуу балмуздактан сугунуп коюп артта келатышкан аялдардын сөзүн угуп калды. Ира эжекеси энесин ийнинен кучактап сүйлөп жатты:

— Мила, көрөсүң го, баары ордуна келет! Сен менин аябай сулуу курбумсуң! Акылдуусуң! Серёжкаңды карачы, кандай жакшы бала!

 Энесинин мурда уга элек өзгөчө шыңгыраган коңур күлкүсү, андагы толуп-ташкан сыймык доошу, аялдардын бири-бирине күлкү аралаш сырдана шыбырашканы, Ира эженин күйөөсү менен бөлөк эркектердин кымбат сигараларынын жагымдуу жыты, теридеги туз даамданган деңиздин жыты, төмөндөгү пляжды жандай баскан испандык балмуздак сатуучунун чоочун тилдеги кыйкырыгы, долу толкундардан жулунуп чыгып, ак үч бурчтуктай асманга кайкыган ак чардактардын ачуу чаркылдагандары, алардын өзүнө керектүү абанын агымын таап алып канатын жая чайпалып, көзгө көрүнбөс деңизде кулач керген бийчилердей ордунан жылбай асыла калгандары, чуру-чуусу – бардыгы бөтөнчө, аны жарылып кеткидей бакытка чулгап турду!

Булардын баары акыры бүтөрүн ойлоп алып ичи ачышып да, коркуп да уктаарында эч кимге билгизбей жуурканы алдында ачуу ыйлап алчу. Ал, чокунганды билбегени менен чоң энесинен калып, каякта калганы белгисиз иконадагыдай сүрдүү Кудайдын бар экендигине ишенчи. Ал, асманда бар, баарын көрүп турат, анын колунан баары келет. Серёжа чокунуп жаткандай алакандарын жалгаштырып алып үмүттүү “Кудайым! Мага жардам берчи! Сен үчүн оңой эле го! Бардык самолёттор менен пароходдор учпай, сүзүп жүрбөгүдөй кылчы, биз бул жактан кетпей, түбөлүккө калалык!!!” Таң куланөөк тартып, бозоро баштаган чыгыштагы  вулкан тараптын кызарып ойгоно баштаганын көргөндө гана Серёжа өзүнчө күлүмсүрөп, санаасы тына акыры уйкуга кетчү.

Алар туруп жаткан үйдүн ак карлуу чокусу жалтыраган жанар тоо  тараптагы меймандар бөлмөсүнө эки курдай энесинин курбусунун кызыктуу тааныштары чогулушту. Алар роялда ойноп, музыка угушуп олтурушса, апакай кийинип, чачын бапестеп тараган Серёжа үстөлдөрдү аралай чуркап, кичинекей тарелкаларда калган пирожкилердин арткандарын жеп, тоюп, дүйнөсү кушубак эле. Ира эженин күйөөсү бүтүндөй ал кечеде энеси менен гана бийлеп жүрдү. Ал жай өмүрүндөгү эң бактылуу   учур эле...

Чоң кишилер айтышкандай, ал үйүнө кайтып жатканында дагы кайрылып келейин деген тилек менен деңизге тыйын ыргытты. Кээде, ал жерге дагы кайрылып барышса эле энеси мурдагысындай бактылуу, шайыр болуп кетчидей сезилчи. Ошол сапарда Ира курбусу энесине деңиздин толкуну түспөлдүү бир көйнөк сатып берген. Абдан жарашыктуу эле. Кийин ал кийим салгычта көпкө чейин илинип турду, Серёжа кээде эч кимге көрүнбөй көйнөккө жүзүн катып алып, өксүп-өксүп ыйлап алчу. Энесинин ал жайда аябай шайыр, бактылуу болуп, ажарына да чыгып, экөөнүн сууга бирге түшкөнүн эстеп жүрдү. Андан кийин ошондогусундай бактылуу күлкүсүн эч уккан жок... Экөө жарыша чабак уруп, чумкуп, суу чачышып жыргалга тунушту эле. Ошол учурдагы тамчылар менен керемет кездерде биротоло калып кала алса эмне, убакытты токтото алса... Кийин энеси ал көйнөктү сатып жиберди. Бир жума бою ичип жатты... Ира эже болсо ошол бойдон келген жок.

Жогорку класста Сергейге “жакшы бүлөнүн кызы” деп айтылган бир  кыз жакчу. Энеси – консерваторияда мугалим, атасы – белгилүү хирург болчу. Алар Сергейди үйүнө чакырышканы менен көп деле маани беришчи эмес. Ал болсо аябай азапка батчы. Коңшу дүкөндө жүк ташыгыч болуп иштеп, кызга гүл да тартуулап жүрдү. Сүйүүдөн акылынан айрылгыча элеп-желеп боло кубанычка батып кыздын барктуу сталиндик үйүнө мейманчылап барганында, анын батирине кирерден мурда кооз кайыш тартылып, алтындалган мыктар менен кыдырата кагылган каалгадагы коңгуроону басуу керек болчу, шарактаган кенен лифтке түшүүдөн ал эмнегедир коркуп, төртүнчү кабатка эки-үчтөгөн тепкичтерди бир аттап жетүүдө көкүрөгүнөн ыргып кетчидей дүкүлдөп чыккан жүрөгүн терең, кайталай дем алып басып ала турган. Кызга “жолугууга” ушундай жооптуу учурлар үчүн атайын базардан сатып алып, катып жүргөн жалгыз батиңкесин кийип, “аябай жасанып” келе турган. Кыздын ата-энеси өкүткө жараша анын достугуна каршы болушчу: бузулбас дубалдай бекем турушуп, алгачкы, назик сезимди талкалап салышты. Кыязы, алар өздөрүнүн деңгээлине тете бирөөнү күтүшсө керек.  

Энеси улгая берди, көңүлдөштөрүнүн да барган сайын катары суюлду. Ичкилик менен шаттыкка акчалары жок калды. Серёжа университеттин юрфагында окуп жаткан. Ыңгайын таап, кай жерде болсо да иштей коёт. “Токсонунчу каат жылдар” аяктап бараткан болчу. Сергей жакынкы УВДга тергөөчүнүн жардмчысы болуп орношуп алды. Ал жерде универитетти окуп жатканда практикасын өткөн. Иштеп, ишине бышты. Бир ирет каракчылык боюнча ишти иликтеп жаткан болчу. Байманалуу бир аялды тоноп кетишиптир. Ошентип, өзгөчө бизнес чөйрөсүнүн аялдары менен аргасыз тааныша баштады. Баягы, “жакшы үй-бүлөнүн кызы” врачтын окуусун бүтүп, Германида жашого кетиптир. Анын  “ахматовдук” дөңсөөсү бар кырдач мурду, көк-жашыл кылыктуу көзү, арбаган калың, кара чачы менен жалгыз гана ага мүнөздүү жыйнаксыздыгы Сергейдин эсинен кетпей койгон. Анын Кирасы – ошондой аялдардан болчу. Эркектер негизинен бир эле аялдардын ошондой түрлөрүн жактырышат. Эгерде бир эркектин үч аялын алып карасаң бардыгы жалпысынан бири бирине окшош келишет! Беш сыйра  текшерсең деле ошол, анан эмнеге азаптанып артыгын издеп, тыртыгына туш келишет десең...

Энеси өзүнөн өзү эле ичпей калды. Карыды. Дайыма дүкөндөрдөн арзан тамак, самын, ажатканага кагаз издеп убара батып жүрө берет. Баласынын аз айлыгы менен өзүнүн пенсиясына эч жерден жарытылуу эчтеме ала албайсың. Бир жолу ал кетип баратып энесин көрүп калды: пальтосу шөлбүрөп, суюк чачтары кыстырмасынан чыгып, салбырап кетиптир. Кудум, алда неден корккон каргага окшоп кетти. Улам, эки жагына кабатырлана элеңдеп, кезек сурагандарга шашыла жооп берип жатыптыр. Сергей аны көрмөксөн болуп өтүп кетти. Жүрөгү сайгылашып кетти. Ошондо ал өзүнө “мындан нары энем эчтемеге муктаж болбойт!” деп, өзүнө өзү бекем шерт кылды.

Эми энеси телевизор көрүп, же орток үйдүн тургундары менен ашканада ушак айтышуу менен алек. Федя байке өлүп калган. Лиза кемпирди болсо карылар үйүнө алып кетишкен. Алардын батирин эми Армениядан келишкен тыңчыкма жигиттер ээликтеп алышкан. Баарына кайырмак таштап: батирлерин кантип жакшыртууну, шаардын байманалуу райондорун, үстөктөрүн сунуштап, шаардын четиндеги үйлөрдүн артыкчылыктарын сайрап, азгырышат... Бирок, орустар эмнегедир “багынбай”  жатышты. Баягы, эшикти сындыра тепкен Коля небак эле аял алып, балалуу да болгон. Баарынан да ошол өзү айткандай “хачиктерди” жууткусу келбей койду. Эми да пенсионер-десантчы Коля ашканага кирип келгенде тыңчыкмалар өз бөлмөлөрүнө акырын жылып жөнөштү.

— Чебуректер каптап кетишти! Жакында булар бүтүндөй Москваны сатып алып коюшат! Бизге көрүстөндөрдө гана орун калды.

— Койсоңчу, Коля! Алар деле киши эмеспи!— Сергейдин энеси ага кошулбады.

— Кишилерби ушулар? Батирлер тууралуу ЖКХдагы Галинаны буза баштаганын уктуң беле? Мына!— Ал ишенимдүүрөөк болуш үчүн сөөмөйүн чочойтту.— Сен, Людмила, баягы эле интеллигенттигиңе салып жатасың! Мына, силер, интеллигенттер бүтүндөй өлкөнү алдатып жибердиңер, мен болсом ал үчүн канымды төккөмүн.— Николай оолуга баштады.

Мила Коляны жактыра берчи эмес. Ага бал тилдүү, жылма армяндар көбүрөөк жакчы. Алар ага “менттин” энеси катары урмат жана кылдат мамиле жасаша турган. Дагы эмне болуп кетерин ким билет! Коля менен сүйлөшүүсү аскердик темага өтө баштаганда Мила газдагы чайнегин алчы да бөлмөсүнө кирип кетип, баласынын иштен келишин күтүп, олтура берчү. Сергей ишинен кечигип калса ал УВДга телефон чалчу. Кабатыр тартат да. Бандиттер менен кармашып жүрбөйбү. Өлтүрүп салышпагай эле. Телевизордон эмнени гана көрсөтүшпөйт! Жадгыз каламын деп коркчу. Баласы ага керек болуп калган.

Сергей үйүнө келип, орундукка олтуруп, куурулган картошканы банкасы терезенин кырында турган чала туздуу бадыраң менен  апылдата жеп кирчи. Ал, жашоосунда ушундан өксүк тартып калган. “Жакшы үй-бүлөдөгүлөр” бала кезинде эңсегендерин энелеринен өз энчисиндей алышса, ал эми гана аларга жетип, ырахат алчу. Өксүгүн ошентип толтурчу.

 Бир ирет ал жумушунан келип, энесинин бөлмөдөгү үстөлгө эски сүрөттөрдү жайып алып, карап олтурганын көрдү.

— Серёжа! Ира эжекең эсиңдеби?

— Сөзсүз, ал эмне болуптур?— Сергей үстөлгө жакындады, сүрөттөн ага үрпөйгөн балакай менен сууга түшүүчү ич кийимчен эки аялдын бактылуу жуздөрү көрүндү. Бардыгы жылмайышкан.— Сенин мүчөң келишимдүү болчу.

Энеси анын көз карашын таба койду.

— Муну Вадик тарткан. Ал, чалды.

Энеси унчукпай калды.

— Ира каза болуп калыптыр. Жакында мен да өлөм,— ал, жашып, кургак манжалары менен бетин аарчып койду.

— Койсоңчу, апа!— Сергей өдүктөрдү көп көрө турган. Ал тууралуу сөздөрдө жактырчы эмес.— Маңдайга жазганын жашайбыз. Ал жакка шашканда эмне!

— Ал кезде Вадик мага ашык болчу.— Энеси башын чайкап, эмнегедир жылмайып алды.— Ал жакта баары керемет эле! Бир көрүп алсак, атаганат!— деп, кыялдана улутунуп койду.

 — Мен ал жакта деңизге тыйын ыргыткан болчумун,— Сергей эстеп кетти.

— Бар, колуңду жууп кел.— деди энеси эскерүүлөрдөн суурулуп чыгып, сүрөттөрдү жыйыштыра,— Кечки тамагыңды жылытып жиберейин.

Анан ал өзүнчө дагы сырдуу жылмайып койду:

— Тыйын...

 

Сергейдин иши өз нугунда өтүп жатты. Тоноо. Карактоо. Бандиттер. Бири-бирин сатуулар. Өч алуулар. Кезектеги наамды жуушкан болчу. Антпесе болбойт. Бөлүмү үйдөн алыс эмес. Бул да ыңгайлуу.

Ичкиликтен кийин бейгам, төшүн ачынып коюп түз, кыска  жол менен келеткан. Сейилбак аркылуу жолду кыскартууну чечкен болчу. Капысынан эле бийик, жылаңач дарактардын коюу жагынан кыйкырык чыгып калды. Аялдын карааны көрүндү. Артынан эки караан жармаша калышты. Сергей жолго секирип чыга калды. Жолтандабас. Анын эшиктери менен арткы жагы ачылган. Анын жанындагы эркек күңкүлдөп, сөгүнүп жатты. “Айдоочу”— Сергей түшүнө коюп, тилденип алды. Тайгак жолдо тайталаңдай жүгүрүп баратып, тапанчасын суурап алды. Катуу чуркагандан кулактары чуулдай түштү. Бүгүн көп ичип коюшкан экен. Өзүнүн күшүлдөгөн демин угуп жатты. Кол салгандардын бири жерже жаткан аялды муунтуп, ишенимдүүрөөк болсун үчүн тизеси менен басып алыптыр. Экинчи шериги аялдын сумкасын санитардай арта салып алып, чөнтөктөрүн аңтарганга жанталашып жатат. Сергей күү менен барып “санитарды” жыга согуп, оодарып, колдорун кайырып жиберди. Экинчисине тапанчасын кезеди.

— Начальник, начальник, атпа! Атпагын! Бүттү! Бүттү! Багындым!

Ой! Энеңди-и! Гарик менен Карен! Өзүнүн орток үйүндө жашаган армян-достор. Сергей карлуу жерден тура албай окшуп жаткан аялга кыйкырды:  

— Полицияга чалгын!

Көрсө, энеси айткандай “жакшы балдар” түнкүсүн каракчылык кылышчы тура. Болгондо да дал Москванын борборунда! Аман калган бай аял алардын көптөгөн курмандыктарынын бири экен. Ашынып кетишкен немелер “ченемден ашыкча”, күүгүм кирери менен эле жортуулга чыга башташыптыр. Айдоочуга болсо артындагы жүк салгычтан азык-түлүк салынган баштыгын алып берейин деп чыга калганында газ баллону менен көздөрүнө чачып жибериптир...

Коштошорунда, селки анын сунган колун саамга коё бербей туруп:

— Сизге рахмат!— деп, визиткасын сунду.— Мен – Кирамын!

“Мен – Англиянын ханышасымын!” дегендей эле айтты. Сергей эч кимге баш ийбеген аялдарды жактырчы. Жолдуу. Өзгөчө. Анын үстүнө экөө коңшулаш да экен. Бардыгы коңшу короодо болуп жатпайбы. Айрыкча, ал, капталынан караганда баягы, сталиндик бийик үйдө жашаган кызды эсине салды. Хм, бош кезинде аны менен колду кайчылаштырып— “брудершафт” ичүүгө неге болбосун?..

Кира тубаса бизнес-айым болчу. Атаандаштарын оройлонбостон, тапкычтык менен бекем, таазим кылгыдай ийкемдик менен макулдатып койчу! Ал, өзүнүн иштерине Сергейди аралаштырчы эмес, бирок, ал анын офисинде болгон. Көп эмес. Дайыма эскертип туруп баруучу. Алгачкысында өзүнүн эссизигинен улам капысынан кирип калган. Кире беришинде ойсоктогн катчы кызы жок экен. Анын чала жабылган эшигинен баары угулуп жатты.

 — Танька! Жинди экенсиң! Сен эмне, селсаяктардын баарына эле ишене бересиңюи! Ооба, де: алар сага чынын айтышат... Болгондо да Израилде. Ошол калпка сен ишенип жатасың! Алар менен көчөдө сүйлөшөсүң. Алар бизден бай! Министрликке чалат имиш... Дал мына ошол жакта селсаяктарга боору ооруган кемпайды шылдыңдап күлүп жатышса керек! Мен селсаяктарга эч качан, эчтеме бермек эмесмин!

 Башка аялдын өкүнүчкө толгон үн ага келишпей жатты:

— ... ошентсе да Кира Борисовна! Ал аял мага айтпадыбы, эгерде балага операция жасабаса ал өлүп калат деп, андай операцияны израилдин Өлүк деңизиндеги клиникада гана жасашат экен!

— Ой, эми Өлүк деңизиби? Бери уккун, оорулуу көкмээ! Бардык акчаны алар укч умрер замат бандиттердин көзөмөлчүсүнө алпарып беришет. Ал болсо менттер менен бөлүшөт, алары болсо жогору жакка берет...

 “Бул кайдагы билерман?” деп ойлоду Сергей. “Менттер”, “жогору жак” дегендерге кыжыры кайнап кетти.

— Сен, сен өзүңдүн Германияңда кайыр берчи белең?! Сага беришчү! Кайра качып келдиң. Сени менин кабыл алганыма ырахмат айткын! Сен балаң экөөң каткан нанды кемирип олтурмаксыңар. Келесоо! Бар нары!..

 — Кеп аларда эмес,— деди айласы кеткен үн,— бизде тура.

Эщиктен жаш чайыган кыз чыга келди. Сергейди көрө салды.

“Экөөбүз окшош экенбиз!”— дегиси келди анын.

— Мен Кира Боримовнага келдим эле. Бочаровмун.

Кира чыга калды.

— Сен эмнеге эскертип койбодуң?

— Мен бул тарапка келип калдым эле...

Кудум эле бөлөк кишидей! Анын сөз таппай, колунда эрип жаткан Кирасы. Азыр болсо алапайын таппай калды – бет маңдайында чыныгы “акула” турду! Жапайы Батыштын бизнестен башка, кечирип коюңуз, адамдык касиети жок таш боор О, Генринин Додсону сыяктуу... “Боливар экөөнө түтө албайт”.

Сергейден алтүгүл тер да чыга түштү. Кабинетке кирип баратып артынан:

— Таня! Чай! Чай! Дагы, анан тиги... баарын, коньякты да...

Сергей сыйыгынан жылмайып койду: карасаң, менттерди кандай сый менен кабыл алышат!— ал эмнегедир көптүк санда ойлонуп койду.

Кабинет хай-тек деген жаңыча жасалгаларга окшоштурулганы менен бир кезде аны комсомолго кабыл алышкан мурдагы райкомдун “кызыл бурчун” элестетип турду. Коньяктан ысылык кылып, артынан лимон менен ачууну басып, “дүжүр” нанга сүйкөлгөн икрадан ооз тийип саамга олтурду. Кетип баратканында көмүскө жерде чиймеленген пластик доска көзүнө уруна калды, андагы маркер менен шашылыш чийилген тегеректер, стрелкалар, бурчтуктар менен акчалардын агымы көрсөтүлгөнү билинип турду.

“О-о!!— деп ойлоду ал. Чынында эле “О-о!” дегидей эле бар экен. Ошондон кийин ал, кабарлап туруп келчи болду. Антпесе, жөн жеринен башыңа балээ тилеп алчыдайсың!

 

Сууга түшпөсө болбой калды. Деңиз абдан жылуу экен. Бирок, чаңгылт, кир. Күн лапылдап ысык. Ал өзүн бактылуу сезди. Жанында балдар ата-энелерине суу чачып, ызылдап жатышты.

— Болду! Болду!— келишимдүү испан аял суу чачкынынан колдору менен далдалана шаңкылдай күлүп жатты. Сергейдин делдейе ынаткан көз карашын байкай салган ал, ага суроолуу карап, кылыктуу жылмайып койду... 

 

Алгач Кира Сергей үчүн эне деген эмне экенин түшүнгөн эмес. Бирок, анын өзгөчө, андан артык турарын аял катары баамдап, ичинен кызгана турган. Бир жолу ачуусу менен: сенин энең ашынып кетти, ага эмне эле чуркайсың, мен ага эми барбаймын, сен да барбайсың деп жиберди.

Сергей унчукпастан кийимдерин чемоданга салды да кетип калды. Мурда эч кими минтчи эмес. Кира бир жума да чыдай алган жок. Кайрадан элдешип алышты. Эми анын сырын билип калды. Орток үйдү бошоттуруп, оңдотуп да беришти. Эми энеси төрт бөлмөлүү үйдө жалгыз калды. Ага Кира “таз”, бырыш-тырыштуу бирок, кымбат мышыкты белек кылды. Кемпир: “Шумдугуң түшкүр! Муну түн ичинде көрсөң кекеч болуп калгыдайсың!”— деп коркуп кетти. Мышыктын ордуна күлкүлүү мопс итин сатып берди. Сергей Мурзик (мышыктын атынан калган) менен сейилдеп, энесине да барып келчи болду. Энеси аны улам кетпегин, олтура турчу деп жеңинен тарткылап, сүйлөнө берет.

— Сенин Кираң мага толтура баштыгы менен айдоочусун жибере берет. Мынчалык тамактын кереги эмне? Мына, бүгүн да кулпунай берип жибериптир, эми аны эмне кылам?

— Кыям жаса,— деп, бурк этти Сергей үстөлүнөн туруп жатып.

 

Сергейдин уйкусу келбей жатты. Капталына оодарылып, электрондук сааттын жазуусуна карады. Үчтөн жаңы эле ашыптыр. Төшөгүнөн акырын суурулуп чыкты. Ашканага барып, коньякты тапты да идиш салгычтан рюмканы алып, толтура куйду. Олтургуч муздак экен, ичиркенип кетти. Терезеге бурулуп, төртүнчү кабаттан шаарды карады. Өзү туулуп, өскөн шаар мемиреп уктап жатты. Ал, шаарга коргоочунун көзү менен кароого небак көнүп калган. Анын жашоосу менен жашап, колунан келишинче анын тынчтыгы үчүн кармаша берет. Адамдарга калыстык керек. Ал, күн бою базарларда, күмөндүү кожоюндары айлап маяналарын бере албай, кыйрап бараткан ишканаларда каржалган эл — андан үмүтү үзүлбөсө дейт. Өлкө болсо не кыларын билбей, кылмыштуулук милиция менен шилекей алышып, бандиттер болсо эптеп оокатын кылып, жанарга кылып жаткан кишилердин анча-мынча бизнесин тартып алып жатышат. Сергей ошондой көтөн зордукка каршы турушу керек.

Бирок, бүгүн анын калыстыкка болгон бекем ишенимине  катуу доо кетти. Бөлөк бирөөнүн куурчагы боло бербей, акыры “кооз көз айнекти” чечүүгө кезек келген эле. Байлардын пайдасын бөлүшүү үчүн ал бандиттер менен бирге өз өмүрүн сайышы керек болду. Болор-болбос тыйынга эле кара жанын карч ура бермек беле. Мамлекет дегениң анын жашоосун жакшыртууга түк ашыкпады! Адам деген зор мамлекеттин кенедей эле бир бурамасы окшобойбу. Ага сенин керегиң жок, баары бир турбайбы! Бүгүн Сергейдин эң жакын досун аз жерден өлтүрүп коё жаздашты. Эмне күнөөсү үчүн? Акча бөлүшө албай калышыптыр. Бири-бирин аткылашып, акыры тил табышып, басылышат. Байлары чет өлкөлөргө качып кетишет. Бандиттери туш тарапка зуу коюшат. Славка болсо Склифте-ооруканада... Жок. Ал, мындайды эч күткөн эмес болчу. Эмне, бардыгы – бала кезинде самаган баатыр тергөөчү болуу тилеги баё, куру кыял беле. Чынында эле дүйнө сен элестеткендей, керемет эмес экен.

Ал мыскылдуу жылмайып, коньякты шыпкай ичип жиберди. Ачууркана бырышып алды. Киранын акырын келеткан шыбыртын угуп, бирок ага кайрылган жок.

— Серёжа?

Кира уйкулуу баш бакты. Ал, жарыкты күйгүзбөстөн халатын кымтылана жанындагы орундукка олтура кетти.

— Коёнек, сен эмне уктабай олтурасың?

“Коёнек” унчукпастан аны жандай карап, терезнин артындагы караңгы асманга тигилди.

 — Бирдеме болдубу? Ишиңдеби?

Кира өзүнө коньяктан куюп алып, ичип жиберди да айнек идиштеги печеньеден алып, чайнап койду. Сергей ага жүзүн бурду.

— Кечээ Славканы жарадар кылышты. Бандиттер. Ал азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Кира аянычтуу кейип алды. Славка Сергейдин ишенимдүү, кеңешин уга турган жалгыз досу. Мектептен бери экөө бирге. Демек, Сергейдин абалы кандай кейиштүү экенин билүү кыйын эмес. Кира аны үнсүз карап, эмне деп айтарын күтүп калды. Өзү айтарын жакшы билет.

— Ал, көптөн бери кичи ишкана ачалы деп айтып жүрчү. Мен келесоо, ага болбой жүрдүм. Мыкчыгерлерди коргоо менин ишим эмес дечимин.

Сергей дагы үндөбөй, өзүнө коньяктан куйду да ичип жиберди.

— Кира... Мен сага айтайын деп жүрдүм эле. Эгер Славка аман чыгып калса...

Сергейдин үнү титиреп кетти. Жаак эти карыша түшкөнүн Кира байкап турду.

— Эгер Славка аман чыкса – ал айткандай кылам. Фирма ачабыз.

— Небак эле ошентиш керек болчу. Сен менин акылманымсың!

Кира макул боло башын ийкегилеп, жан тарта анын колуна колун койду.

— Анан дагы...

Сергей ойлорун топтоп, оор дем алып алды.

— Сен бийлик менен ойногонуңду токтото турган кез келди. Кысып кирсе мен сага эч нерсе жасай албай калам.

— Эмнеге!— Кира ага сырдана карады.

— Азыркы кез ошондой опурталдуу. Жөнөкөйүрөөк башка иш кылчы.

Сергей саамга үндөбөй калып, сөзүн кайра жалгаштырды.— Дүкөн ачып көрбөйсүңбү.

Кира каршы болоюн деди:

— Ооба де! “Чатырчы”? Таза иштетишпейт. Былчыйтып салышпайбы.

— Таарынтпачы, кымбатым, менчи? Сен үчүн мен баарынын жаагын басам!

— Чын элеби?

— Ооба!

Сергей Киранын колун алып, өөп койду.

— “Чатырың” болот. Шойкомдуу ишиңди таштачы.

Сергей коньяктын калганын ичпп жиберди.

— Жакшылап ойлон, Кирюш! Сен менин акылдуумсуң да. Ошонуң үчүн сени сүйөм.

Кира бир нерсе айтайын дегенче Сергей ордунан туруп, анын колдорун коё бербестен ээрчитип жөнөдү.

Бүттү! Жүрү, уктайлык.

 

Славка аман калды. Айткандай фирма ачышты. Мурдагы тергөөчүлөрдүн бир нечеси да келип кошулушту. Мурда байкап жүрүшкөн кардарларынын тизмесин түзүп, иш башталды. Адвокат, юрфактагы курсташы Вениамин аларга кошулмай болду. Кыскасы, иш акырындап жакшыра берди. Кира болсо фирмасын сатып, электр жабдууларын сатчы чоң дүкөн ачып алды.

 

Сергей беш-он мүнөттөй сүзүп жүрдү. Бир маалда токтоп, тегерегине көз жүгүрттү. Чокулары кар баскан тоо шаңкаят. Ооба... Ал, жанында турду...

Сергей көпчүлүк пляжды жакшы көрчү. Опур-топур, балдардын ызылдагы зериктирбейт. Кишилерге сыртынан байкоос салып, алардын тагдырларын таап, болжоп, ойноо кызык көрүнчү. Бул да болсо ишинен адат болуп калса керек.

 — Акыры түштүңбү? Чын элеби! Жолдош полковник сууга түшүптүр!— деген Кира да сууга кирмек болду.

— Кел, эми бир чөмүгүн да үйгө кетелик. Ысып кетти!— Сергей суудан чыга берди.

— Jawohl, mein General! – Кира шакаба кылып, солдаттарча честь берип, жүгүрүп кетти. 

Сергей гаражга бет алды, жолдо ысык, сүйрү нан сатып алган эле. Бул жактын наны эмнегедир дайыма даамдуу.  Түштүк жактын баарында салттуу. Айрыкча таң эрте сүт менен жесең укмуш.

Сергей көнүмүш адатынча тепкичтен жүгүрүп өттү. Бул вилланы сатып алышканына эки жыл болду, анын жерден шыпка чейин жеткен терезеси дагы да таң калтырат. Сыртта болсо не бир түстүү жүзүмзар, андан нары чокусун канттын улпагы басып калгансыган ак карлуу жанар тоо. Оң тарапта болсо учу-кыйыры жок, толкундары күнгө чагылыша жалтылдаган деңиз.

Желдеткичтин салкын жели денени эркелете жеңил сылайт! Сергей азыр жумшак креслого кулап түшүп, магдырап жатууну гана күсөп турду. Бирок курсагы аябай ачып калган экен, жанына даярдап коюлган чайга лимондон салып, ысык нанга татымалдан сүйкөп туруп апылдата жеп жибергиси келип кетти.

 Ошол учурда бирөөнүн жеңил баскан бир кадамын уга койду. Үйдүн ашканасы тарабынан аял чыгып, колдорун жая жакындап келатыптыр:

— Серёжа, сен кайда жоголуп кеттиң? Саат үчкө келип калабыз дебедиң беле? Кончита тамагын даярдап алып силерди күтүп, кабатырланып жатпайбы!

Улгайган ал аял абдан жасалгалуу эле. Жайкы көйнөгүнүн түсү  деңиздин толкуну сымал. Тырмактары боёлгон. Чачы жарашыктуу. Күлкүсү ажайып... Ал – анын энеси болчу.

 

 © Лариса Кеффель Наумова

 

Кыргызчага А.Сарманбетов жана М.Мухина которгон

 


Количество просмотров: 95