Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Жолдошбай Осмонов, 2019. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 21-марты

Жолдошбай Паязович ОСМОНОВ

Айла кеткенде

(Аңгеме)

 

Быйыл кыш негедир узака созулуп туруп алды. Март айы ортолоп калгандыгына карабастан күн такыр жылыбай, кардын дегеле кетээр түрү байкалбайт. Баарынан дагы элеттиктерге абдан кыйын болду. Кыш кыйынчылыгы алардын кабыргаларын кайыштырып, шаштысын алып турган чагы.  Малына камдаган тоюттары эчак эле түгөнүп, чөптүн куну да аябай өсүп, чөп менен беде быякта турсун, самандын баасы дагы асмандап көтөрүлүп кетти. Эки күн катары менен кар жаап, бир жумадан бери күн бети көрүнбөй, теребел бозоруп, кыш аязы аябай күчөп турат. Кылычын узун таштаган кыш айы негедир жаздын кезегин кечиктирип, элдин шайын оодарып, атайылап сынап жаткандай туюлат.

 Жумушта олтурсам айылдагы жакын тууганым Асранкул акем кирип келди.

Ассолому алейкум иним, ден соолук, иштериң жакшыбы, Келиним менен бала-бакыраң аман-соо жакшы жатышабы?,— деп учурашып калды.

Кудайга шүгүр, жакшы турабыз, жеңем, карындаш— инилерим менен тууган-уруктар, айыл-апа  тынчпы?, – деп акем менен кол алыша жылуу маанайда учураштым.

Баары тынч үкөм, болгону шайтан ургур кыштын азабы эсибизди оодарып, шайыбызды кетирип турат,— деген капалуудай көрүнгөн акем стулга олтурду.

Оомийин иним, жигиттин пири Шаймерден колдоп, ишиң дайыма илгери жүрүшө берсин. Эли-журтубуз аман-эсен болсун!,-  деген акем алаканын жайып, бата кылды.

Жумушуңа тоскоол болбодумбу?,-  деди акем.

Мусурманым, койсоңузчу тамашаңызды, сиз келгенде бардык иштер күтө турат, — дедим анын көңүлүн көтөрө.

Жакшы экен, андай болсо мындай кылалы, мен сага бир иш боюнча акылдашканы келдим. Убактың болсо жайынча олтуруп, башка жерде кең-кесири сүйлөшсөк кантет?

Мейлиңиз аке, сиз сыртта күтүп туруңуз, мен мобуреки кагаздарды катчы кызга берип коюп, артыңыздан бачым чыгайын.

 Асранкул акем менен ичимдиги кошо  сатылуучу ашканага кирдик. Экөөбүз жолукканда илгертен эле кичинеден сеп этмей адатыбыз бар. Ашкананын төр жагына өтүп олтураарыбыз менен кардарларды тейлеген кичипейил кыз оокаттардын тизмесин алып келди.

Карындашым, бизге экиден шашлык койдуруп, үндүктүн шорпосунан бер, анан бир бөтөлкө таза  арагыңды алып келе  кал,— дедим.

Тигинисин жөн эле койсок кантет, негедир көңүлүм чаппай турат. Анан калса сени менен бир маселени акылдашайын дегенмин,— деди акем бир аз кыйпычыктагансып.

Бүтпөгөн иш барбы бул дүйнөдө аке, бүтүрөбүз. Күн суук тартып турганда бир аз ичибизди жылытып албасак болбой калат ко,— дедим. Экөөбүз жүздөн алгандан кийин, маңдайы нымшып, тердей түшкөн акем сөзүн улады.

– Келгенимдин жөн жайы мындай иним, марттын башынан эчкилерим тегиз төлдөй баштаган. Жалкысы жок, улактар жалаң эгизден. Анан калса эки эчким үч эмден улак төлдөп салган. Бул жагы жакшы болгону менен эчкилер чөп-чардан тартылып калгандыктан сүттөрү жакшы чыкпай, улактары такыр тойбой жатат. Уйлардын сүтү болсо музоолорунан ашпай калды. Тоют болсо өп-чап, чөп берсең анан сүт чыгат экен да,— деген акем мени муңайым жалооруй карады.

Деги канча эчкиңиз бар өзү?

Тууту жыйырма болчу, төлдөгөн улактары болсо отуздан ашып кетти. Сүткө такыр тойбогон улактар маараса барбы, кулак-мээңе жетип, зээниң кейип кетет экен. Кечинде жеңең кичине балага жолугуп, дүкөндөрдө кургатылган ун сыяктуу сүт сатылат экен, ошондон алып кел, улактарга кошумча сүт берейин деп мени сага жөнөткөн,— деди акем.

Анда анын жарасы жеңил турбайбы.

Кеп ошол жеңил болбой жаткандыгында болуп жатпайбы. Сага келгенге чейин бир нече дүкөндөрдү кыдырып чыктым. Түгөтүкү куруп калгансып, кургатылган сүт биринде дагы жок болуп чыкпадыбы,— деди акем кайгыргандай түр менен.

Көп кыжаалат боло бербең,  эң оболу мобур эки «бөдөнүн сүтүн» алып жиберели да анан  улактардын сүтүн  ойлонуштуралы,— деп шишеде калганын экиге бөлүп туруп, шап алып жибердик. 

Чындап эле дүкөндөрдөн кургатылган сүттү таппай койдук. Сатуучулардан сурасак «түшүп турчу эле, акыркы мезгилдерде эмнегедир кем келип калды. Ал импорттук азык катары Россиядан келет болчу» деген жоопторун айтышты. Асранкул акемдин маанайы ансайын чөгүп, калдайган денеси көз алдымда кичирейгенсип, ансайын шалпая түшкөнсүдү. Ошол учурда бир баласын колунан жетелеген , ымыркай кызын колуна көтөргөн орус келин дүкөндүн сатуучусунан балдарга буламык жасап берүүчү «Малыш» сүт азыгынан эки даана сатып алды.

Эврика, таппасаң сыйпалап калгыр десе, таптым аке, буйруса улактарыңыз ачка калбайт!,— деп акемди далысынан чапкылап жибердим. 

Кандайча дегендей ал мага суроолуу тигилди. Мен акемди акырын четке тартып, балалуу орус келинди көрсөттүм. Аларга көз жүгүрткөн акем эч нерсе түшүнө албай, кайра өзүмө суроолуу тигилди. Мен акырын кулагына шыбырадым.

Тигил келин дагы балдарына кургатылган сүт сатып алып жатпайбы,— дедим. Ошондо акем кайрадан орус келин эмне сатып алып жатканына көз жүгүртүп, анан дүкөндүн текчесине тигилди. Сүйкүмдүү татынакай наристе баланын сүрөтү тартылган буламык сүт азыктары болгон «Малыштар» текчеде бир кылка жайнап, аскерлердей тизилип турду. Акем мени колдон булкулдата тарткылап, сыртка карай жетелеп жөнөдү.

Деги сенин эс-акылың жайындабы өзү?!  Балдардын ырыскысын талашып, кудайга кесирлик иш жасагандай болбоймунбу, бул эмне деген орунсуз кылыгың!,— деген акем мага ачуулана бурк этти. — Тапкычтыгын кара мунун! Тамекисин түтөткөн акем  анысын дембе-дем тартып кирди.

Сунуш кылыш менден, кабыл алыш, же кабыл албай четке кагуу ал сиздин ишиңиз аке. Ачка калган улактарыңыздын убалын дагы ойлобойсузбу. Сиз сатып алчу балдардын «Малыш» буламыгынан килтейген Совет өлкөсүнүн экономикасы эңшерилип кетпейт!

Бир саамга ойлуу тунжурап турган соң акем кайра мага кайрылды.

Улактар муну ичип, эмээр болду бекен, кандай дейсиң?

Ой жарыктык десе, керек болсо улактарыңыздан мурда өзүңүз талашып ичээрсиз. Бул азыкта витамин дегениңдин баары бар,— дедим акемдин кызыга баштаганына ичимден компоюп калдым. 

Бирок, сиз жеңеме айтып коюңуз, буламыкты аталадай коюу кылбай, сүт сыяктуу суюк кылып кайнатсын. Ушул саам мага акем  Асранкул ачка калгандыктан улам маарап жатышкан  улактарын көз алдына элестетип жаткандай туюлуп кетти.

Макул алса алайын, мындан башка арга дагы калбады окшойт,— деген акем тамекисинин калдыгын тебелеп өчүрдү. Анан кайра желкесин кашып, ойлоно калды.

Садыр, кызык иш эми башталмай болду окшойт. «Келе балам, мага бир кап тигил буламыктан бере салчы?» деп дүкөнчү кыздан кайсыл бетим менен сураймын.  Жо-ок  мен мындай кордукка чыдай албаймын! 

Ай жарыктык десе, аларга соода  жүрсө болгону да. Сиздин канча алып жатканыңыз  аларды ныпым кызыктырбайт. Бошогон текчелерин эртеси эле кайрадан толуктап коюшат.

Жо-ок болбойт!,— деп кесе айтты акем, — Дүкөндөрдү кыдырып, ар биринен аз-аздан сатып алабыз.

 Ошентип буга чейин  кыдырган дүкөндөргө кайрадан баш багып жүрүп, Асранкул акемдин бир кабын  наристелердин «Малыш» азыгына толтурдук.

Эми иним болоор иш болду, бул шермендечилик жоругубузду экөөбүздөн башка эч ким билбегидей болсун.

Бул «диверсанттык»  ишибизди үчөөбүздөн башка эч ким билбеши керек деп айтсаңыз,— деген мен  акемдин чочулоосун ансайын козутуп койдум.

Кайдагы үчүнчү адамды айтып жатасың?,— деген акем алактай автобекеттен эки жагын элеңдей каранды.

Үчүнчү «кылмышка шектүү» шеригибиз жеңем болот да.

Обу жок шакаба кылганыңды токтот!,— акем мени жактырбагандай карады. Анан кайра бат эле капасы тарап, жалбаргандай мага кайрылды.

Байболгур, андан көрө кургатылган сүттү издеп көрчү? Тигил чоң дүкөндөгү келин айтты го, силер издеп жаткан кургатылган сүт шаардагы чоң дүкөндөрдө болушу мүмкүн деп.

Макул аке, караштырып көрөйүн. Жүрүң эми «улактар ачка калбасын» операциясын ийгиликтүү чечкендигибизди белгилеп койбойлубу?,— деп акеме кайрылдым.

Акемдин таалуу жерин жакшы билемин. 

Антпесек дагы болбой калды, суук тим эле чучугума жете түштү окшойт, тоңуп калдым. Мен бул капты автобуска салып келе калайын.

Асранкул акемдин өтүнүчүн аткарып,  бир жумадан кийин шаардан кургатылган  сүт унун таап, айылга жөнөтүп жибердим. Апрель айы ысык келип, табият да көркүнө чыгып, адырлар бат эле жашыл майсаңга бөлөнүп чыга келди. 

Аптаптуу жай келип, отпускага чыгууга камылга көрүп жатканмын. Жумуштан үйгө келсем сүйүнүчкө баткан келинчегим кудуңдап жакшы кабар айтты.

Иштерман акемдин баласы келип кетти, келаткан ишембиде үйүнө мейманчылыкка чакырыптыр. Кичине баланы жатып кетиңиз десем көнбөй койду. Атасын жазбай тартып, баласы дагы иш билги,— деп келинчегим тимеле жетине албай кубанып алыптыр. Столдогу дасторкондун үстүн даам ырыскылардын көркүн келтирип, айылдан берип жиберишкен тандыр наны, сары май, каймак, идиште кымыз турду. Асранкул акем экөөбүздүн «улактар ачка калбасын» окуясын эстеп, бырс этип күлүп жибердим. Улактары жетилип, союшка жарап калган окшойтко сыягы.

Сени кайсыл шайтан кытыгылап жатат, кайсыл арыңа күлүп жатасың?,— деген аялым жактырбагандай кабагын чытый мага карады.

Асранкул акемдин ичип алгандагы бир окуясы эсиме түшүп кетти,— деп жанымды жедим.

Сен иштерман акеме күлбө, өзүңө күл. Ал акем ичсе чени менен ичет, бирөөгө эч жамандыгы жок. Айылдагы менмин деген байлардын бири, аны пешене тери менен иштеп тапкан,— деп келинчегимдин саймедиреп акем менен жеңемди обу жок мактап, божурагандары кулагымдын сыртынан кетип жатты. Колума бир сындырым тандыр нанын алып, аны моокумумду кандыра жыттадым. Көз алдыма тоо этегине жайгашкан айылымдын элеси, анда өткөн балалыгым тартылды. Ушул тапта айылыма болгон кусалык менен сагыныч көөдөнүмө батпай, ашып-ташып толкуп турду. Көрсө кызык иштер мени алдыда күтүп тургандыгын анда мен билбеген экенмин. Мен болгону айылыма барчу күндү, ишембинин келишин чыдамсыздык менен күтүп жаттым.

Айылга күн ысый электе жетип алуу максатында жолго эрте чыктык. Үлп эткен жел жок дымыган жай аптабы күчөгөн маалда, түшкө чукул Асранкул акемдикине жетип келдик. Калың алма багындагы сөрүгө атайын жай даярдалыптыр. Арыкта шылдырап тунук суу агып жатат. Асранкул акем менен Шайыргүл жеңемдин биздин келээрибизге күн мурунтан астейдил камылга көргөндүктөрү дасторкондун молдугунан даана байкалып турду. Учурашып, ал-ахыбал сурашкандан кийин дасторконго олтуруп, бутубузду кенен жаздык. Арыкта шылдырап  агып жаткан сууга салынган чоң көк түстөгү кастрюлдан бир чыныдан муздак кымыз сунулду.

Мал жандыктарды кичи жайлоого чыгарып салганбыз. Ысыкта бул жерде кармаш кыйын. Жаңгактуу токойлор жай мезгилинде мал бакканга абдан ыңгайлуу,— деп Асранкул акем сүйлөп олтурду. 

— Азыр бардык күч-аракетибизди кышкы тоютту арбын камдоого жумшап жатабыз. Өткөн кыш бизге эстен кеткис катуу сабак болду. 

Кичине бала, Сайрагүл даамдардан алып олтургула?,— деген Шайыргүл жеңебиз ырыскыга жайнаган дасторкон үстүнө дагы кошумчаларын келтирип, биздин келгенибизге тимеле жетине албай жүрөт.

Сайрагүл жеңем жаңы келин болуп түшкөндө бизге бөлүнгөн колоттон жаңгак тергени барганбыз.  Жаңгагы шумдуктуудай мол болгон чоң түп жаңгакка курттай ирбелеңдеп тырмышып жатып чыгып, ылдый жакты карабай туруп, жаңгактын бутактарын катуу силкилдетип, күүп жибердим. Бышкан жаңгактар мөндүрдөй дыбырап, жерге төгүлдү. Артынан эле жеңемдин ачуу чаңырыгы  жаңырды.

Коку-ууй башым жарылды, бул эмне кылганыңыз бала, менден ала албай жүргөн өчүңүз бар беле!,— деген жеңем олтуруп алып, уңулдап ыйлап кирсе болобу.

Өзүңүз эмнеге жаңгактын түбүнө туруп алдыңыз, мен сизди эбак жылган экен дептирмин,— деп айтканым менен абдан ыңгайсыз абалда калдым. Жеңем болсо тимеле тыйылбай солкулдап ыйлап жатты. Айтоор жеңем бир  кыйладан кийин соолукту.

Жеңе кечирип коюңуз, мен сизди чын эле байкабай калыптырмын,— дедим жаңгактын башында туруп. Жеңем мага тултуюп, капа болгон таризде үн катпады. Мен дагы өчөшүп, көк беттикке  салдым,  жаңгакты күүбөй, бутакта бутумду салаңдатып олтура бердим. Бир маалда Асранкул акем келди.

Ой эмне олтурасың, мен буга чейин силерди бир түп жаңгакты күүп болушуп, жаңгагын терип коюшса керек деп келатпаймынбы,— деди. — Кайда жүрөт тигил тирмезек?,— деп жеңемен сурады.

«Тирмезек» жаңгактын башында олтурат,— деп бийиктен үн салдым. Жеңем болсо бырс этип күлүп жиберди.

Эмнеге олтурасың ал жерде үкүдөй болуп, күүбөйсүңбү жаңгакты?!,— деди акем мага ачууланган түрүн көрсөтүп.

Силерди жаңгактын алдынан качан жылат экен деп саргайып күтүп олтурбаймынбы. Жеңем болсо жоолугу менен башын катуу оронуп, чулганып алган окшойт, жылыңыз десем такыр укпай жатпайбы,— деп өлө албай жатып, жеңеме тийише кеттим.

Полундура, урматтуу жарандар, сактангыла, жаңгакты күүгөндү азыр баштаймын, башыңарга көк жаңгак тийчү болсо мага таарынбагыла!,— дегенимде жеңем менен акем жаңгактын түбүнөн шашкалактап, бачым качып чуркап чыгышты. Мен жаңгак бутактарын катуу силккен сайын бышкан жаңгактар мөндүр сымал  катуу дыбырап, жердин бети кыпкызыл болгон жаңгакка жайнап жатып калды. Шайыргүл жеңемдин менин үстүмөн акеме арызданып, даттанбаганына ичимден ыраазы болуп калдым. Ошондогу кымча бел сулуу жеңем азыр толмочунан келген жылдыздуу аял. Андагы жаңгактын башында маймылдай бутактан-бутакка секирген арык, бирок  чыйрак жана шамдагай чапсаң  «кичине бала» болсо чачын күмүш аралаган салабаттуу киши болуп калган. 

 Кой союлуп, туугандардын баарынын башы биригип, оо түн бир оокумга чейин өткөн-кеткенден кептер козголуп, күрү-гүү түшүп, жакын туугандар аябай шаттуу жана көңүлдүү олтурушту. Асранкул акем экөөбүзгө төшөктү салкын болот деп атайын бактагы сөрүгө салдырды. Айылдын түнкү салкын абасынын  касиетиби, негедир уйкум качып турду. Бир маалда Асранкул акем тууралган эт салынган табак менен бир бөтөлкө арагын көтөрүп келди.

Баары жатышты окшойт. Эми экөөбүз ага-ини катары өзүбүзчө божурашып, боор тартышалы,— деген акем арактан чыныларга бөлө куйду.

Келе иним, туугандыктын туурун  бек кармап, бир боордуктун  ыйык каада-салтыбыздын бекем болушу үчүн алып жиберели.  Чоң аталарыбыз жатындаш болгон экен, биз алардын тамырларын жайып, минтип көз тийбесин, опурап көбөйүшүп олтурабыз. Туугандардын арасында көзүңдүн майын коротуп, чарчап чаалыкпаган илимге жакыны жалгыз өзүң болду. Зоболоң мындан ары дагы арта берсин, иним!,— деген соң чыныларды кагыштырып алып жибердик. Сатил чайнекке куюлган кымыздан чоң чыныга куюп алып, рахаттана аз-аздан ууртап коюп олтурдум.

Сабыр, көздөй көргөн эң жакын иним өзүңсүң, сага ыймандай сырымды айтпасам болбой калды?,— деген акем мени сырдуу тиктеди.

Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт дегендей айлам куруп калды. Эртели-кечпи ал баары бир ачыкка чыгышы керек болот.

Ой жарыктык десе, маалкатпай ачык эле айтпайсызбы, дагы эмне болуп кетти,— дедим кош көңүл гана.

Сага кандайча түшүндүрсөм экен, кыскасы башка катындан дагы бир балам бар, айтайын дегеним сенин дагы бир иниң бар.

Койсоңузчу?!,— уккан кулагыма ишенбей акемди теше карадым.

Ушундай иш болуп кеткен үкөм, балам быйыл бешинчи классты бүтүрдү.

Андай ишке качан үлгүрдүңүз? Кой оозунан чөп албаган акем бар деп жүрсөм, кеп быякта деңизчи. Көрсө Дон Жуан да өзүбүздөн турбайбы,— дедим. Акем тамашалап жатабы дейин десем андай түрү байкалбайт, олуттуу айтып жаткандай.

Дон жубаның эмнең?,— акем мени суроолуу тиктеди.

Дон жубан эмес, Дон Жуан — катынпоз деген болот. — Көрсө кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгонмун деңизчи. Ала жипти аттаганыңызды деги жеңем билеби?

Акырын сүйлө, кеп ошол жеңеңдин биле элегинде болуп жатпайбы.

Ээ маселе быякта деңизчи, пачактын иши чатак дегендей «кечиккен махабатыңызды» жеңеме мен айтышым керек окшойт го, эгерде мен жаңылбасам.

Жеңең сени аябай сыйлайт, сен айтсаң балким туура кабыл алып, түшүнөөр беле?,— акемдин түрү мага жалынып жаткандай аянычтуу көрүнүп кетти.

Ойноштун жыргалын, ысыгын, кыял-жоругун таткан сиз болсоңуз, «иттик акемден кетти, жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт экен, эми акемин иттигин кечире көрүңүз» деп мен мокочо азезилдей көрүнүп, ортого түшүүм керек экен да!,— дедим чындап жиним келип. Акем туура айтасың дегендей башын ийкегиледи.

Жок аке, боткону өзүңүз бышырдыңызбы, эми өзүңүз ашай бериңиз!,— деп мен дагы өктөм айттым. Акем уурулук менен кармалган жаш баладай башын жерге салып, үнсүз үңкүйүп олтурду. Бир саамдан кийин акеме боорум ооруп, аны аяп кеттим. Кантсе да жакын агам эмеспи.

Болоор иш болуп, боёосу каныптыр, эми кейигенден пайда жок. Анын да бир айласы табылаар,— деп арактын калганын чыныларга толтура куюп, өзүмдүкүн шап тартып жибердим.

Түнгө караганда таңдын иши акжолтой деп коюшат. Калганын эртең сүйлөшөлү,— деп жатууга камындым. Кайгы жокто кайненем өлдү дегени ушул турбайбы деп койдум өзүмчө. Асранкул акем да оор үшкүрүнүп алып, төшөгүнө кыңкайды. Ал түнү менен уктай албай, ары-бери ооналактап чыкты.

 

***

Анда союздук Совет өлкөсү күтүрөп, күчөп турган учур болчу. Асранкулга колхозго бөлүнгөн жаңы «Нива» комбайны тийген. Жай келип, ыргалган эгин талаалары орулуп жаткан кез. Комбайнчылар ишти күн чыгарып, шашкеде башташат. Анткени түнкүсүн шам түшүп, эгин талаалары бир аз нымдаша түшөт. Ылдыйкы чөл тарапта эгиндер эрте бышып, ал орулган соң комбайнчылар улам өрдөп, тоо тарапка жылып олтурушат. Мындай кезде комбайнчылардын «ити чөп жеп», аларга акча менен арагын көтөрүп чуркагандардын аяктары такыр үзүлбөйт. Баарына буудай керек, колхозго да, элге да. Буудай эккендер да комбайнчылардын көздөрү менен тең айланышып, алардын артынан калбай акмалап калышат. Ушундайда комбайнчылар кадырын капка салышып, «колхоздун буудайы орулуп бүтмөйүн силердикин оро албайбыз!» дешип, каадаланып бойлорун көтөрүп калышат. Канткен менен колхоздун иши да жүрүшүп, элдин эгини да орула берет.Комбайнда эгин оруп жаткан Асранкул атчан абышканы алыстан эле байкады. Аксакал буудай талаасынын башында анын чыгышын күтүп турду. Асранкул эгин тааласынын башына чыгып, артка бурулганда абышка мындай түш дегендей камчысын жаңсады. Асранкул комбайндын бийик кабинасынан чыгып, тепкичтери менен жерге түштү.

Ассолому алейкум аба, жолуңуз болсун, келип калыпсыз.

Ва алейкум ассолом, кырманың кызылга толсун иним. Жөн келмек белем, сенде жумушум бар үчүн келдим,— деген аксакал колун сунду.

Колдон келсе аткарабыз аксакал.

Кеп мындай иним, тээтигил адырдын арткы капталына арпа эккенмин. Азыр тегиз бышып, чымчык-куштар шаштыны ала баштады. Эбин таап, оруп бересиңби деп алдыңа келгендеги жайым. Шериктериңе кайрылсам комбайны жаңы, коромжуга учуратпай оруп берет дешип сага жөнөтүштү. Айткан кызмат акыңды деле берейин балам,— деди абышка.

Аба караштырып көрөйүн, көрүп турасыз колхоздун буудайы дагы бышып, дандары төгүлүп жатпайбы. Анан калса чоңдорубуз дагы бизди катуу көзөмөлдөп калышкан. Аракет кылайын аба,— деди Асранкул.

Ошенте көр балам, эптеп оруп бер, дагы кимге жалдырамак элем. Качан кабар алайын балам?

Ушул талаанын эгинин батыраак бүтүргүлө дешкен, ошондо кабарлашаарбыз.

Андай болсо мындай кылалы иним, ашпозчуңар Айша менин карындашым болуп кетет. Ороор күндү ага айтсаң, ал мага кабарлап коёт,— деген абышка Асранкулду иштен калтырбайын деп коштошуп, долоного байланган атын карай басты.

 Түшкү тамакта ашпозчу Айшага тулку бою маралдай келишкен, кымча бел, кош эмчеги көкүрөгүн тепкен, ак жуумал айдай чырайлуу, жылдызы келишкен чырайлуу сулуу кыз жардамдашып жүрдү. Комбайнчылар менен эгин ташыган айдоочуларга, саманды престөөдө иштеп жаткандарга түшкү жана кечки тамакты Айша жасап берет. Эртең менен чайды эгин оргондор өздөрү самоордо кайнатып ичишет. Түшкү тамак адаттагысындай эле төгүл-чачыл жана берешен мол болду. Тандырга жабылган ысык нан, кымыз куюлуп, эки бөтөлкөнүн «шапкеси» ыргып кетти. Тамак ичилгенден кийин комбайнчылар менен айдоочулар бөлүнүп алышып, карта чапмай оюнун башташты. Утулган тарап кечкинин «кызытмайын» сатып алмай.

Ой жеңе, кызганбай сиңдиңизди чакырбайсызбы, жакындан таанышып алалы!,— деди бир аз кызып калган мамадана айдоочу Муктар.

Сиңдиме силердин «тишиңер» өтпөй калды го. Эл сүйлөсө дагы сен Муктар көзүңдү курулай кызартып, шилекейиңди агызба!,— деп Айша жооп кайтарганда олтургандардын баары кыраан-каткы түшүп, күлүп калышты. Баары карта ойноп жатканы менен көздөрүнүн кыры менен Айшанын сиңдисин жутуп жиберчүүдөй теше тиктеп жатышты. Асранкул дагы бир эки курдай бейтааныш маралдай келишкен кызды суктануу менен көз чаптырууга үлгүрдү.

 Түштөн кийин Асранкул ишке жөнөп жатканда Айша жанына басып келди.

Акем алдыңа бардыбы?

Аксакалды айтасыңбы, ооба келди.

Убактысын таап, арпасын оруп берип койчу кудай жалгагыр. Кымыз менен нанды акем кызынан бергизип жибериптир, соопчулук иш кылып, кары кишинин батасын ал,— деди Айша.

Кам санаба, аксакалдын арпасын сөзсүз өзүм оруп беремин,— деди Асранкул.

Эртеси күн бүркөлүп, жайкы ак жамгыр майдалап жаап кирди. Мындай учурда эгин чабууда иштегендер комбайн менен техникаларды карай турган бир кароолчуну калтырышып, калгандары үйлөрүнө эс алганы тарап кетишет. Кезек Асранкулга келгендиктен бул сапар эгинчилердин жайкы талаа станында ал жалгыз кароолчулукка калды. Жамгыр такыр токтобочуудай тынбай майдалап жаап турду. Асранкул коколой башы менен чатырда жалгыз. Күчүн уйкуга чыгарып, курсагы ачканда балык консервасы менен уйдун тушенкасын ысытып жеп алат. Курсак ток, кайгы жок, болгону чатырда жатмай.

 Чатырды дыбыратып жайкы жылуу жамгыр майдалап бир калыпта жаап жатты. Асранкул партком таштап кеткен гезитти окуп жаткан.

Аке барсызбы?,— деген сырттан кыздын жагымдуу үнү угулду. Сыртка чыкса Айшанын өткөндө келген сиңдиси колуна түйүнчөк кармап туруптур.

Саламатсызбы аке, сизге үйдөгүлөр тамак берип жиберишти эле,— деди  Айшанын акжуумал сүйкүмдүү сиңдиси.

Ка-ап, убара болуптурсуң да, кир чатырга жамгырда турбай. Бир чети келгениң да жакшы болду, эки күндөн бери адамдын үнүн угууга зармын,— деди Асранкул.

Сиз тамакты муздатпай жылуусунда жеп алыңыз?— деген кыз түйүнчөктү чечип, дасторкон жайды.

Мага шерик бол, чогуу тамактаналы?

Ырахмат аке, мен тамактанып алганмын,— деген кыз колуна «Советтик Кыргызстан» гезитин алды.

Партком өткөндө таштап кеткен, КПССтин  XXV сьездиндеги генеральный секретарь Леонид Брежневдин докладын окугула деген,— деди Асранкул.

Анан окуп чыктыңызбы?,— деди кыз гезитке көз жүгүртүп жатып.

– Окуп чыктым, бирок болгону «узакка созулган дүркүрөгөн кол чабуулар» дегени гана эсимде калды,— деди Асранкул. Кыз чын дилинен кыткылыктап күлдү Тамашөкөй окшойсуз.

Таанышып алсак кантет, менин атым Асранкул.

Өткөн жолу келгенимде эжем мага силерди сыртыңардан тааныштырып, сизди аябай мактаган. Мага такай отун жарып берип, суу ташууга кол кабышын аябайт, от жакканга керосин дагы камдап берген деген, атым Айганыш.

Ата-энең атыңды  өзүңө куюлуштуруп эң туура койгон экен. Аппакай болгон Айдын канышасы турбайсыңбы.— деди Асранкул.

Үйүңүздөгү балдарыңызды, аялыңызды сагынбадыңызбы аке?

Кызым менен уулумду аябай сагындым. Ал эми аялыма болсо мен эмес, менин иштеп тапкан пулум кызыктырат. Көп пул иштеп таппасаң үйгө келбей эле койгун деген,— деп  тамашага салганда Айганыш дагы кыткылыктап күлдү.

 Асранкул Айганышты боз үй көрүнгөн жерге чейин узатып барды. Ошондон тарта басса-турса Асранкулдун оюнан акжуумал тарткан апакай Айганыш кетпей, анын жылдыздуу жүзүн көз алдына кыялданып элестетүү ага жагымдуу сезимди жаратчу болду. Күн ачылгандан эртеси түштөн кийин Асранкул дем албай, комбайндагы жарым бункер буудайы менен Таштан чалдын арпасына оргону түштү. Арпа аянтын жарымдатып оруп калганда атчан Таштан аксакал, артынан кымыз куюлган идишин көтөргөн Айганыш келди.  Асранкул комбайнды өчүрүп, Таштан абышка менен учурашты.

Арпаңыз аябай жакшы болгон турбайбы, эки айланганда эле бункерим толуп калды. Данды кайсыл жерге төгөбүз?

Муктар шопур менен сүйлөшүп койгонмун, ал үйгө түшүрүп бермек болгон,— деди аксакал.

Андай болсо Муктарды чакырып келиңиз, арпаны биротоло анын машинасына төгүп, калганын дагы оро салайын,— деди Асранкул. Чал атына минип, талаа станынан Муктарды чакырганы кетти.

 Асранкул менен Айганыш бийик өскөн долононун көлөкөсүндөгү көк майсаң чөпкө олтурушту. Айганыш чоң чыныга кымыз куюп, Асранкулга сунду. Ал чыныны алып жатып, анын жумшак апакай болгон назик жумшак билегин  кармалап жиберди. Жүзү заматта кызарып, албыра түшкөн Айганыш уялыңкы жер карады. Асранкулдан ал мындай орунсуз кылыкты  күтпөгөн эле.

Коюңузчу аке, бала-чакалуу кишинин минткени уят иш эмеспи, же күйөөдөн чыккан келинге боло берет деп шылдыңдап жатканыңызбы?!

Жүрөгүмдү биротоло багынтып алсаң кантейин Айганышым,— деген Асранкул чыныдагы кымызды бир дем албай жутуп жиберди. Айганыш унчукпай ордунан туруп, комбайндын көлөкө жагына айланып басып кетти. Капа кылып, таарынтып алдым окшойт деген кыязда Асранкул кыжалат болуп калды. Бир саамдан кийин Асранкул Айганышка үн салды.

Айганыш мен кечинде сага барамын, чыгаарсың? Андан жооп болбоду. Машинанын дүрүлдөгөн добушу угулганда  Асранкул комбайнды жүргүздү. Данды машинанын кузовуна төгүп, арпанын калганын оруп кирди. Таштан чал менен Муктар долононун көлөкөсүнө олтуруп, кымыз ичишти. Айганыш болсо ары жакта башка дарактын көлөкөсүндө олтурду. Калган арпанын даны дагы машинага төгүлүп, Таштан аксакал аны үйүнө түшүргөнү Муктар менен кетти. Атын ошол жерге аркандап, тушап койду.

Кымызды ичип, идишин Айша эжеме берип коюңуз. Мен боз үйгө барайын,— деди Айганыш Асранкулга тике карабай.

Мейлиң Айганыш, бирок мен түндө сөзсүз сага барамын, чыгаарсың?

Сизден суранамын, келбеңиз!— деген Айганыш тез-тез кадам таштап жөнөп кетти.

Баарыбир барамын, оюңа жаман ой келбесин, мен сени менен баарлашып, болгону сүйлөшкүм гана келет!— деди Асранкул узап бараткан Айганыштын артынан.

 Ал күнү Айганыш чыккан жок. Асранкул таң сүрө баштаганда көңүлсүз чатырга кайтты. Катуу капа кылып, чындап таарынтып алган окшоймун деп кечке маанайы суз жүрдү. Кечинде элдин баары уйкуга киргенде Асранкул дагы боз үйгө карай жол тартты. Боз үйгө жүз кадамча калганда Таштан чалдын картаң дөбөтү эки-үч курдай үрүмүш болгонсуду. Жайдын салкын түнүндө Асранкул көк чөпкө чалкасынан түшүп, асмандагы жылдыздарды карап жатты. Анда-санда сүтак сайрап, чегирткелер тынымсыз чырылдайт. Түнкү асманда болсо саманчынын жолу созула керилип жатат. Арадан эки саатча убакыт өткөндөн кийин кимдир бирөөнүн кадамынын шыбырты угулду. Жаткан жеринен акырын турган Асранкул өзүн карай келаткан Айганыштын караанын көрүп, жүрөгү бир башкача дүкүлдөп согуп кирди. Айганыш болсо түнкү периште сымал жай гана каалгый басып келатты.

Өжөр экенсиз, кече келгениңизди билгенмин, өзүмдү мажбурлап чыкпадым. Мени унутаарсыз деген элем, бүгүн болсо чыдай албадым, өзүм келдим, сизди көргүм келди,— деди Айганыш акырын шыбырап.

Айганышым, мени аярыңды, акеңдин сезимин тебелебей сыйлаарыңды билгенмин. Бассам-турсам сенин элесиң көз алдымдан такыр кетпей калды,— деген Асранкул Айганышты аярлай өзүнө тартып, жүзүнөн жумшак гана сүйдү. Айганыш болсо бетин ала качып, башын Асранкулдун көкүрөгүнө койду. Айганыштын денесинин жагымдуу жыты, түнкү табияттын кереметтүү сулуулугу Асранкулду ансайын магдыратып, ого бетер балкытып турду.

Кече кирпик какпай таң аттырдым, бүгүн болсо  сизди чындап аядым. Чыдай албай алдыңызга  өзүм келдим, эси жок окшоймун,— деди Айганыш.

Антип айтпачы жароокерим, жараткан өзү экөөбүздү табыштырып жатпайбы. Сени алгач көргөнүмдө эле жүрөгүмдөн биротоло түнөк тапкансың,— деген Асранкул Айганыштын бети-мойнунан аймалап өпкүлөп кирди. Асранкулдун колу Айганыштын жумшак эмчегине тийгенде ал алсыз назик кыңкыстап, сакалы өскөн Асранкулдун бетинен сүйдү.

Акетайым, менин асылым, кайдан дагы сизге кезигип калдым, мени мынча азапка салдыңыз?!— деген ал жалбарып шыбырай сүйлөп жатты. Эркектин күчтүү колун, жагымдуу демин сезген Айганыш ага эч каршылык кылбай, балыктай туйлап, анын ыгы менен болуп жатты. Кайта-кайта «менин акетайым, менин асылым» деп жалбарган  Айганыш ошол тапта коргошундай балкып, өзүн булут үстүндө калкып, учуп жүргөндөй туйду. А  пакай жүзүнөн, жумулган көздөрүнөн, азгырган алкымынан аймалап, өпкүлөп жаткан Асранкул «менин периштем, менин асылкеч жароокерим» деп Айганышка жалынып да, жалбарып да, суранып да жатты. Жайкы кайталангыс кереметтүү түн миң түркүн талаа гүлдөрүнүн жытына аңкып, айлуу теребел бир башкача ажайып сулуу жана кайталангыс кереметтүү болуп турду. Анда санда сүтактын чочугандай үн созгону, булбулдун сайраганы гана түнкү жымжыртыкты бөлүп турду. 

 

***

Кийинки күнгө бизди Боромбай абамдын тун баласы Туралы бизди баш кылып, туугандардын баарын үйүнө мейманчылыкка чакырган. Эртең мененки чай ичилип бүткөндөн кийин Асранкул акемди басып келели деген шылтоо менен үйдөн сыртка сууруп чыктым.

Кайда барабыз?— деди акем сыртка чыкканда.

Боромбай абамдыкына,— дедим алдыга түшүп. Экөөбүз тең башыбызды жерге салып, таарынышкан адамдардай мен алдыда, агам артымдан ээрчип, ар кимибиз өз ойлорубуз менен алпурушуп бараттык. Түндө эле акемдин маселесин туугандардын ортосуна салып чечүү бүтүмүнө келгенмин. Боромбай абам үйдүн айбанчасында, калың салынган төшөктө үргүлөп олтуруптур. Жашы сексенге жакындап, кулагы оорлошуп, анан калса көзү дагы жакшы көрбөй калган. Эки жакка чыкса неберелери жетелешет. Көбүнчө абышкасын айланчыктап, чоң апабыз Макбурат чалына кам көрүп, жанынан такыр алыстабайт. Жөжөлөрүнө жем берип жаткан чоң апабыз биздин келгенибизди көрүп, алдыбыздан утурлай тосуп чыкты.

Келгиле айланайындарым, келгиле, бу карга богун чокубай жатып, саарлап келип калыпсыңар, иши кылып дегин жайчылыкпы?,— деген чоң апабыз абабыздын жанына төшөктү улай салды.

Үкөлөрүң келиптир,— деп чалынын кулагына эңкейип, катуу кыйкырды.

Чоң ата, демдүү олтурасызбы?,-  деп абамдын колун өзүмө алдым. 

Сен ким элең?,— деген абам нуру качкан көзүн жүлжүйтүп, мени тиктеди.

Ортончу кайнагамдын шаардагы баласы Сабыр!,— деген чоң энем чалынын кулагына дагы кыйкырып кайталады.

Аа, дурус балам, кабар алганы келгениңе рахмат, кайда болбогула тынч, эсен-аман болсоңор болгону, ошонусуна каниет, шүгүрчүлүк кылалы,— деди Боромбай абам. Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин абамды чоң ата деп калганбыз.

Мен Асранкул үкөңүзмүн, жакшы жатасызбы?,— деп менден кийин акем учурашты.

Бул чоң кайнагамдын баласы!,— деген чоң апам чалынын кулагына дагы кыйкырды. Мага чоң апам абама тилмечтин вазыйпасын аткарып жаткандай туюлуп кетти. Кулактын иши чатак турбайбы  деп койдум ичимден.

Абаңар карылыкка моюн сунуп калган, бирок эс акылында жана жеп ичкенинде эч айып жок,— деди чоң апабыз.

Мен чай демдей салайын, силер абаңар менен баарлашып тургула,— деген чоң апамды токтоттум.

Чоң апа, биз чайга ыраазыбыз, камтама болбоңуз. Силер менен бир орчундуу жагдайды акылдашканы келдик. Мүмкүн болсо үйгө кирип сүйлөшсөк,— дедим. Антпесек биздин жашыруун өтчү маслетибиз бүт айылга угулчуудай.

Мейли, мейли, андай болсо абаңарды үйгө жетелегиле,— деди чоң апам. Үйгө кирип жайланышкан соң чоң апабыз коюңуз дегенибизге көнбөй жатып, дасторкон жайып, чоң чыныларга айран куюп келди.

Кептин төркүнү мындай чоң апа, Асранкул акемдин күтүүсүздөн буга чейин биз билбеген жаңы баласы табылып калды,— дедим.

Эмне дейт, капырай, койчу ботом, кайдагы шойкомду баштабай?!,— деген чоң апам да уккан кулагына ишене албай чындап чочуп кетти.

Ошондой, ошондой, бөркүңөрдөй ишене бергиле, мага ишенбесеңер өзүнөн уккула,— деп акем жакка башымды нускадым. Чоң апам Асранкул акеме суроолуу тигилди эле ал башын шылкыйтып, дасторконду мелтиреп тиктеген бойдон башын көтөрө албай койду.

Ушундай иш, чоң апа, аны жеңебизге кантип угузаарыбызды билбей башыбыз маң болуп жатат. Ак никеси кордолгон байкуш жеңем тополоң-тоз, ызы-чуу салып, акемди картайганда үйүнөн кууп чыгып, эл-журтка шерменде кылбаса экен деп тилеп жатамын.

Эмне деп жатат?,— деген абам чоң апама кайрылды. 

Кемпир чалынын кулагына кыйкырды.

Асранкулдун экинчи катынынан баласы табылыптыр. Келинге кантип угузабыз деп келишиптир! 

 Асранкул акем аны бирөө шибеге менен сайып жибергендей ордунан так секирип кетти.

Жарыктык десе, акырын сүйлөңүзчү, бүт айылга угулмай болду.

Токолундагы баласы канчага чыгыптыр,— деди абам.

Он экиге чыгып калды,— деди акем үнүн пас чыгарып.

Он экиге чыгыптыр!,— деген кемпир адаттагысындай эле дагы катуу кыйкырды. Асранкул акем бул саам да селт эте чочуп кетти. Анан ордунан туруп, кеттик дегенсип мага ишаарат кылды. Мен акемди жеңден тартып олтургузуп, чоң апама кайрылдым.

Чоң апа, сиз абама болгон ишти жайынча түшүндүрүңүз. Туралы акем мейманчылагандан кийин жалаң аксакал башчы туугандар калып, акемдин баласын жеңеме эптеп угузалы. Аны ачыкка чыгарбасак болбой калды. Кайниңизди сар-санаага чөктүрүп, балакет басып дартка чалдыктырып албайлы. Калган туугандар менен кечке чейин кабарлашып, кеңешкиле. Ал жерде абамдын сөзү өтүмдүү болоорун өзүңүз жакшы түшүнөсүз. Ага дейре Шайыргүл жеңемдин билбей турганы эле оң,— деп биз эгиз козудай ээрчишип үйдөн чыктык.

 Көңүлү өтө кайт болгон Асранкул акем эми ал алдыга түштү. Мен аркасынан илкий эрчип келемин. Кечинде анын үстүнөн болуучу туугандар соту менин дагы тынчымды алып, чындап кооптоно баштадым. Шордуу акем «ит талаган түлкү кейпин кийбесе экен» деп тынчым кете баштады. Кантсе да болоор иштин эрте болгону дурус дедим ичимден. Байкуш жеңем, күтүүсүз бул турмуштук соккуну кандай кабылдаар экен? Ушул жагы мага табышмак туюлуп, кимисине жан тартаарымды билбей, күн мурунтан   эзилип жаттым. Эртең бул кабар айылга дүңк этип тараары турган нерсе. 

 Асранкул акем почтальондун атындай мени түз эле дүкөнгө баштап келди. Бир бөтөлкө арак алып, үн-сөзү жок тең бөлүп салдык. Сыртка чыккандан кийин акем мага кайрылды.

Сен үйгө бара бер, мен малдан кабар алганы тоого кеттим.

Кечинде сөзсүз келиңиз?

Келбегенде эмне, келемин. Жеңең менин башымды кесип алмак беле!,— кара булуттай түнөргөн акем тоо тарапты карай жөнөдү. Мен үнсүз аны тиктеп кала бердим. Менин да үйгө барганга бутум такыр тартпай турду. Кыйла тургандан кийин айылдын четиндеги бийик дөңсөөгө чыктым. Айыл ичи алаканга салып койгондой кашкайып, чар тарабы тегиз көрүнүп турду. Мен билгенден ак мөңгүсү башынан түк кетпеген Бабаш-Ата тоосу шаңкаят. Айыл ичи кыйла өзгөрүп, көптөгөн жаңы тамдар түшүптүр. Ар бир үйдө мөмөлүү дарактар олтургузулуп, бир кылка тигилген теректер көккө карай бой тирешет.

 Түшкө жуук үйгө келдим. Көңүлү көтөрүңкү Шайыргүл жеңем күлүмсүрөй алдыман тосуп чыкты. 

Кичине бала, акеңиз кана?

Жайлоодогу малдардан кабар алганы кетти. Кечке жуук келип каламын деди.

Жүрүңүз үйгө кирели, силерди күтүп, тамактанбай олтурбайбызбы,— деген жеңем алдыга басыңыз дегендей мага жол бошотту. Ушул саам жеңемдин алдында ак никенин шертин бузуп, кыянаттык жосунсуз жорукту Асранкул акем эмес эле мен жасагандай жеңемдин көзүн тике карай албай, өзүмдү ала качып, күнөөлүү адамдай кара терге түштүм. Байкуш кана шордуу жеңем, кечинде сай-сөөккө жетчү суук кабарды укканда кандай абалда калаар экенсиз? Тамакка такыр табитим тартпай турду. Жеңем менен келинчегим болсо өздөрүнчө бир нерсени кызуу талкуулашып, көңүлдөрү абдан шат. Шайыргүл жеңемдин алдында, болгондо да ал жайган ак дасторкондо сыр бербей тымпыйып олтуруу мен үчүн оор азап, оор күнөөдөй сезилип турду. Акыры чыдай албадым.

Мени Сапар досум жолуксун деген экен, ага өтүп, учурашып келейин. Кечинде мени күтпөй Туралы агамдыкына өтө бергиле, мен кечирээк барамын,— деп эшикке чыкканга шаштым. 

Аракты эби менен ичип, кадырыңды кармангын, көчөдө чаңга оонап калып, туугандарга шерменде болбойлу,— деген аялымдын үнү артымдан узатып калды.

Койсоңчу Сайрагүл, кичине бала өзүнүн нарк-насилин сактай билген абройлуу жигит,— деген жеңемдин колдогон сөзү мени башка чапкандай эле болду. Чакырбаса деле Сапардыкына барып, кечке эптеп убакытты өткөрүүнү чечтим.

 

***

Туралы акемдикине келсем чакырылган туугандардын баары эчак эле жыйналып калышыптыр. Баарынын көңүлдөрү көтөрүңкү маанайда шайыр-шат, күлүп жайнап олтурушат. Шорпо тартылгандан кийин Асранкул акем экөөбүз сыртка чыктык. Ал тамекисин дембе-дем тартып, алдыда болуучу талкуудан тынчы кетип, жүрөкзаада болуп жатты. 

 Устукандар тартылып, беш бармак желгенден кийин дасторконго бата кылынды. Анан сөздү Боронбай абам алыстан баштады.

Араңарда эң улууңар жана аксакалыңар менмин. Кудайга шүгүр, баарыңарга ыраазымын. Ар дайым мени сыйлап, сөзүмдү эки кылбай урматтап келесиңер. Эчкинин жашындай өмүрүм калды. Эртели-кечпи көзүм өтүп кетсе туугандардын башчысы Туралы болот. Андан кийин Асранкул менен Сабыр турат. Ынтымакчылыкты бекем кармангыла, жакшылык менен жамандыктарда тикеңерден тик тургула, эң башкысы бири-бириңе күйүмдүү болгула. «Туугандын топурагы алтын» деген насил сөз элибизде тегин жеринен айтылган эмес. Элчиликтен эч качан чыга көрбөгүлө, туура айтып жатамынбы?!,— деген абам баарыбызга кайрылды.

Эң туура аба, калыс ак сөздү айтып жатасыз!,— деген эркек-аялдар бир добуштан дуулдап коштоп кетишти.

Андай болсо дагынкысын уккула. Туугандар арасында ар кандай иштер, түшүнбөстүктөр, ушак-айыңдар ойноп кетет. Пенденин башына эмне деген гана мүшкүл иштер түшпөйт. Андайда жашырбай ортого салганды үйрөнгүлө. Тээ атам замандан бери ата-бабаларыбыз  кандай гана маселе болбосун ачык айтып, ак сүйлөп чечип келишкен. Айып иш кылгандарды өзүбүз эле калыстык менен жазалап, оң жолго салып, тескеп тарбиялап келгенбиз. Чындыкты айтып жатамынбы же калппы?!,— деген абам дагы баарыбызга кайрылды.

Адилет сөз, эң туура айттыңыз, ак сөзүңүздө калет жок!,— деп баарыбыз чалды бир ооздон коштодук. 

Элибизде «Өзөндөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман», «Кеңешип кескен бармак оорубайт» деген алтынга татый турган накыл сөздөр бар. Ар нерсени өз учурунда чечкен оң болот,— деген абам баарыбызды кыдырата бир сыйра карап чыкты.

Өзүбүздүн ичибизден ийри жылан чыгып олтурат, Шайыргүл балам, Асранкул сенин алдыңда оор күнөө иш жасаптыр!,— деген Боронбай абам жеңеме тике карады. Буга чейин абамдын сөзүн кунт коюп, муюп угуп олтурган Шайыргүл жеңемдин ордунан селт этип, чочуп кеткендигин баарыбыз байкадык. Эч нерсеге түшүнө албай турган жеңем «Эмне шумдук болуп кетти» дегендей Боронбай абама тигилди. 

Ооба балам, ак төшөгүңдө, койнуңда жаткан күйөөңдүн башка аялдан да баласы бар экендигин мага бүгүн айтышты. Ал бала 12 жашка толуп калыптыр,-деген абам тамагын кыра жөтөлүп, саамга тыным алды. 

 Шайыргүл, анын үстүнө кимдир бирөө муздак сууну жаба куюп жибергендей тулку денеси муздап, ичиркенип үшүп чыкты. Заматта өңү купкуу тарткан Шайыргүл күйөөсү Асранкулду ушунчалык жек көрүү жана жийиркенүү менен тике карады. Денесин майда калтырак басты. Дем алууга аба жетишпегендей, көзү караңгылашып кетти. Үйдө чымын учса угулчуудай болгон жагымсыз жымжырттык, ыңгайсыз тунжуроо орноду. Оңтойсуздукту туудурган жымжырттыкты кайрадан Боронбай чалдын өктөм чыккан бийик үнү бузду.

Баарыңар уктуңар, бала тестиер тартып, ак менен караны ажыратканга жарап, эс-акылына кирип калыптыр. Ал атасы жок жетим деген суук сөздү, тек-жайы жок нокотек деген заар сөздү угуп жүргөндүр!,— деп абам катуу кыйкырып жибергенде аялдар гана эмес эркектердин баары селт эте чочуй түшүп, ордуларынан козголо түшүштү.

Жеткен наадан экенсиң Асранкул, сенде адамдык ар намыс деген калбаптыр! Өлтүрүп жатса да нымтырабай чындыкты мурдараак айтпайт белең бизге?!,— деген Боронбай чал ызырынып, титиреп чыкты. 

Иттин гана баласы десе, сага эмне дешти дагы билбей калдым!

Өзүңүздү кармаңыз абышка, «жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт» демекчи, кайним бир жаза тайып, жаңылыптыр, ал кимдин башына түшпөйт, «кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзмөк беле» дегендей тигил токолдо дагы иш болсо керек да,— деген чоң апам Макбурат ортого түштү.

Мен сүйлөп жатканда сен куюшкандай кыпчылбай, жым олтургун!,— деген Боронбай чал заардуу көзү менен кемпирин олурая карады. 

Мен ашка тоёмун, бирок туугандын башына эч качан тойбоймун! Мага баарынан тууган улук. Биздин урукта балдар эч качан ызаага батып, кордолуп шорлобоосу, ийменип жалтактабашы, көз жашын көлдөтүп төкпөшү керек! Муну баарыңар оң кулагыңар менен дагы сол кулагыңар менен дагы жакшылап угуп алгыла. «Жакшы ат эч качан камчы салдырбайт». Тез аранын ичинде ал баланы мага алып келгиле, эл журтка шерменде болбой өз тукумубузду тааныштырып коёлу. Эй, Асранкул, эркекмин десең шүмүрөйбөй башыңды бийик көтөрүп, намыска тургунуң! Баарыбыздын алдыбызда Шайыргүл баламдан азыр кечирим сурагын?!,— деди үнүн бийик жана өктөм чыгарган Боронбай чал.

Шайыргүл, сенин алдыңда күнөөлүүмүн, кечирим сураймын. Эгер кечире алсаң, кечиргин?,— деген Асранкул да сөзүн баары уга тургандай даана жана так чыгарды. Шайыргүл болсо баарына кайдыгер болгондой купкуу кейпинде бир жерди үнсүз тиктеген бойдон, таштай катып турду.

Шайыргүл балам, мен сага миң мертебе ыраазымын. Ылайым уул-кыздарыңдын убайын көргүнүң. Күйөөңдүн орунсуз-опсуз иши үчүн улуу башымды кичүү кылып, жалпы туугандардын атынан өзүм дагы кечирим  сураймын.  Бул иш мындан кийин ар бириңе сабак болсун, эми баарыңар үй-жайыңарга тарагыла!,— деди Боронбай чал.

 

***

Асранкул менен Сабыр ал түнү Туралынын үйүндө жатып калышты. Боронбай чалдын бүгүнкү кечте айткандары баарына каттуу таасир калтырды. «Карынын сөөгүн апта сакта, айткан кебин капка сакта» деген макалдын маани-маңызын эми түшүнгөндөй болушту. «Атанын сөзү — акылдын көзү» демекчи, Сабыр абасына чындап терең ыраазы болуп калды. Аксакалдын акылынын тунуктугу менен баамчыл көрөңгөлүгүнө, айткан ар бир кебинин салмактуулугуна ынанбаска, моюн сунуп көнбөскө арга жок эле. Анын айткан ар бир  сөздөрү олтургандарга таамай тийди.  Баракелде аба, бар болуңуз! Сөздүн улуу күчүн, анын кенчин, маани-мазмунун баалаганыңызга, анын баркы менен нарк-насилин тутунганыңызга рахмат! Сабыр абасына өмүр тиледи. Бакайдай карыбыз бар, ырысыбыз бар экен.

 Асранкул болсо буга чейин көп жылдар бою  кыйнап жана эзип келген оор жүктөн, бычаксыз кескилеп келген сар-санаадан түбөлүккө кутулгандай, кыйла жеңилдей түшкөнсүдү. Ким эмне десе ошол десин, эми ал баласы бар экендигин эч кимден жашырып корунбайт. Эң башкысы, өмүрлүк жубайы Шайыргүлдөн кечирим сурап алды. Бул ага чоң канааттануу сезимин жаратты. Шайыргүл кандай кадамга барса да, кандай бүтүм чыгарса да ал баарына эми ал кайыл болот. Баласы Самаган эми көмүскөдө болбойт, аны туугандары өзүбүздүн кулун деп кабыл алды. Асранкул Боронбай абасын кучактап өпкүсү, аны аздектеп төбөсүнө көтөргүсү келди. Көрсө, абасы кандай киши экендигин буга чейин сокур адамдай жакшы билбей, аңдабай келген турбайбы. Анын көзү кечеги окуядан кийин биротоло ачылды. Асранкул он эки жыл чече албай келген маселени абасы жарым сааттын ичинде заматта чечип салды. Карылардын кыйындыгы алардын нарктуу кебинде, алардын ак батасында турбайбы көрсө.

 Чай үстүндө Туралы Асранкулга кайрылды.

Сары майдай сактап, бизден жашырган жаш токолуң кайсыл айылдан, аты-жөнүн билсек болобу? Бырс этип күлүп жиберген Сабыр аз жерден ысык чай куюлган пиаласын колунан түшүрүп жибере жаздады.

Кызыл-Үңкүрдөн, Таштан деген чалдын кызы, аты Айганыш. Көргөнгө ушунчалык ашыгып жатсаң көрүндүгүн бер, алпарып тааныштырып келейин,— деди  какшыктаган Асыранкул.

Шайыргүлдүн жини таркасын, анан бир союшту алып, атамды баштап алып, баладан кабар алып келбесек болбойт. Атам эң туура айтты, тууган деген базарда сатылбайт, кеп ушундай,— деди Туралы каадалуу маселени чечип жаткансып.

Сен дагы эр экенсиң, кысталактын баласы. Биз бир катынды эптеп бага албай жүрсөк, бул пысмык кылгылыкты кылып коюп, он эки жыл сыр бербей жүргөнүн көр, ой-тообо! Дегеле сөзгө жок чоркок, дундук элең ал келинди кантип тузагыңа илип ала койдуң, ушуга такыр акылым жетпей койду. Эми чоң катыныңдан сак боло көр, эки-үч жума көзүнө такыр көрүнбөй эле койгонуң дурус. Кантсең да этияттан, майып кылып койбосун. Колунан эч нерсе иче көрбөгүн, уу берип коюшу мүмкүн,— деген Туралы мазактай каткырып күлдү.

Сүйүүнүн күчү керемет, ал эмне гана дедиртпейт дегендей акем ал жеңебизге асмандагы айды алып беремин деп өпкө-жүрөгүн жерге бир чапса керек да,— деп мен да Асранкул акемди чымчылап кеттим.

Силерге эми кудай берип калбадыбы, колуңардан келеби жасагыла, катыныңардын көйнөгүнө баш каткандан башка колуңардан пок да келбейт!,— деген Асранкул колун шилтеп, ордунан турду да сыртка чыгып кетти.

Оо, сага жетиш кайдан, биз эми бир бечарабыз да. Андан көрө элде жок өнөрүңдөн бизге да үйрөтүп койсоң жакшы болот эле?,— деген  Туралы артынан каткырып күлүп калды .

 

***

Үйүнө келээри менен Шайыргүл төшөккө күп түшкөн бойдон жатып калды. Денеси таштай муздап, ичиркенип калтырап жатты. Күйпөлөктөгөн Сайрагүл айланчыктап жанында жүгүрүп жүрдү. Өңү купкуу тарткан апасын көргөн кыздары дагы алаңдашып коркуп кетишти.

Жеңетай мобур эки дарыны ичип алыңызчы, оңоло түшөсүз?,— деген Сайрагүл ага даары берип, карагаттын шириндиги кошулган ысык чай ичирди. Ошондон кийин гана Шайыргүл бир аз өзүнө келип, бетине кызыл жүгүрдү.

Мен дурус болуп калдым, кабатыр тартпай силер барып эс алгыла,— деген Шайыргүл кыздарын бөлмөдөн чыгарып жиберди.  Абысыны Сайрагүл төшөгүн анын жанына салды. Термоско чай демдеп, Шайыргүлдүн башына коюп койду. 

Шайыргүл түнү менен кирпик какпай, ойлонуп чыкты. Канчалык аракет кылса да күйөөсү он эки жыл мурун көзүнө кантип чөп салганын такыр эстей албай койду. «Кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзөбү» дегендей аягы суюк кандай шуркуянын тузагына  илинип калды экен. 

Жо-ок деди Шайыргүл, балалуу болуп калганына караганда ал иш далайга созулган.

Ал кечинде айтылган сөздөрдүн маанисин таразалап кирди. Кайнатасы катары болуп калган Боронбай чалдын «Мен ашка тоёмун, бирок башка тойбоймун. Мага баарынан мурда тууган артык!» деп айтканы кулагынан такыр кетпей койду. Күйөөсүнүн котур ташы койнунда экендигине ушунча жыл бирге жашап, билбегендигине, сезбей келгендигине өзүн зекип жемелеп, өткөн ишке катуу өкүндү. Аялдык ар-намысы тебеленгендигине аябай ыза болуп, көзүнө жаш тегеренди. Кайра эле Боронбай чалдын сөздөрү кулагына жаңырып туруп алды. «Кой, арам сийдик дегизбей эртең эле ал баладан кабар алайын. Балада ненин күнөөсү» деген Шайыргүл бир бүтүмгө келди.

 

***

– Аба, сизди апам тез келсин деп чакырып жатат?,— деди Асранкулдун баласы Самат.

Атаңды дагы чакырдыбы?— деди Сабыр.

Жок, сизди эле келсин деди.

Барып тур, азыр аркаңан барамын. Самат чыгып кетти.

Жеңемден алгачкы шыбаганы мен жейт окшоймун,— деди  тынчы кеткен Сабыр.

Кам санаба. Сага кичине шыбага тийет. Чоң шыбага баары бир Асранкулдуку болот. Ал шордуу келин да акыры ызаасын кимдир бирөөдөн чыгарышы керек да. Кечинде эс-учун жоготуп коё жаздабадыбы, бечара,— деди Туралы.

 

***

Эки абысын бир нерсени кызуу талкуулап жатышкан экен. Сырттан кирип келген Сабырды көрүшөрү менен экөө бирдей заматта токтоп, тынчый калышты.

Жакшы олтурасыздарбы жеңе?

Аа, кичине бала, келдиңизби, чайга олтуруңуз?

Ырахмат жеңе, азыр эле Туралы акемдикинен чай ичип чыктым,— деди Сабыр.

Сизди мени бир жерге алпарып келээр бекен деп чакырттырдым эле?,— деди Шайыргүл.

Макул, барып келели жеңе.

Анда эртерээк жолго аттаналы, кайра кеч кирбей кайтып калгыдай бололу. Кичине бала, сиз машинаңызды жүргүзө бериңиз, мен кем-карчымды  ырастай салайын,— деди Шайыргүл.

 Машина айылдан чыккандан кийин Шайыргүл кайнисине кайрылды.

Сиз билчү белеңиз, кичине бала?

Жок жеңе, шаардан келген күнү айтты. Кайрадан ортодо ыңгайсыз жымжырттык орноду.

Ой, кокуй десе, акылымды даана ит жеген турбайбы. 

Деги кайда барарыбызды сиз билесизби, кичине бала?

Кайда барышыбыз керек өзү?

Билмексендикке салбай эле коюңуз, акеңиздин ушунча жыл бизден жашырган жаш токолуна барабыз.

Жеңе, сөзсүз бүгүн барыш керекпи, кийинчерээк барсак болбойбу?,— деди Сабыр башын кашып.

Болбойт кайним, темирди кызуусунда сок дейт! Көрөйүнчү акеңизди азгырган ал шуркуя бетпак сойкуну, кандай неме болду экен,— Шайыргүлдүн заары бетине чыгып, ызырына титиреңдеп ачуулана сүйлөндү. Кайрадан ортодо ыңгайсыз жымжырттык орноду, экөө тең сүйлөшкөндү каалабай турду. Алыстан айылдын элеси көрүндү. 

Дүкөн бар жерге токтотуңуз кичине бала?,— деди Шайыргүл. Айылдын орто чениндеги дүкөнгө токтошту. Шайыргүл дүкөндөн таттуу шириндиктерден алды. Акчасын жеңесинин көнбөгөнүнө карабай Сабыр төлөдү.

Таштан  чалдын Айганыш деген кызынын үйү кайда экендигин айтып бере албайсызбы?,— деди Сабыр жаш дүкөнчү кыздан. 

Ал эже кийинки айылда турат. Барганыңызда сурасаңыз, үйүн көрсөтүп коюшат,— деди сатуучу кыз.

 Айылдын кире беришинде крандан суу алып жаткан кыздан даректи дагы такташты. Айтылган үйдүн алдына машинаны токтотуп, Сабыр дарбазаны такылдатты. Алгач иттин үргөнү угулуп, анан бирөөнүн келаткан кадамы угулду. Дарбазаны кыз бала ачты.

Келиңиздер,— деди кыз бейтааныш адамдарды карап.

Айганыш эженин үйү ушулбу?,— деди Сабыр.

Ооба ушул үй, кириңиздер, апам азыр келип калат,— деген кыз дарбазанын калиткасын кенен ачты. Үй бышык кыштан салыныптыр. Короонун ичи кенен келип, бардык буюмдар орду ордуна коюлгандыгы байкалып турат. Үйдүн алды күзгүдөй таза шыпырылган. Иреттүүлүк менен тазалык дароо эле көзгө урунат. Кыз сөрүдөгү төшөктүн үстүнө үйдөн дагы жаңы төшөктөрдү алып чыгып, калыңдатып салды.

 Элпек кыз заматта алдыбызга дасторкон жайып, чай демдеп келди.

Атың ким балам?,— деген Шайыргүл кызга кайрылды.

Самара, эже,— деди жылмайган кыз. — Сиздер чай ичип, олтуруп туруңуздар, мен казан аса койоюн,— деген ал ордунан турду.

Кой убара болбо балам, апаң келсе биз учурашып, бат эле кайтабыз,— деди Шайыргүл.

Убаркерчилиги жок эже, апам да келе турган маал болуп калды,— деген Самара үй жагына кирип кетти.

Тыпылдап тетиктигин караң кичине бала, жакшы тарбия көргөн кыз экен,— деди Шайыргүл. — Иши кылып бул кыздын атасы дагы акеңиз болуп чыкпаса болду?,— деген Шайыргүл Сабырга мыскылдуу карады. Ал үн каткан жок.

 Сөрүдө олтурган адамга үйдүн чарбачылыгы алаканга салгандай даана көрүнүп турду. Картошкалар тегиз гүлдөп калыптыр. Жөөктөрү катарлаш эгилген помидор, капуста жана болгар калемпиринин түшүмү берекелүү болуптур. Атайын жасалган тосмонун ичинде ондон ашуун тооктор кукулуктап жүрүшөт. Аңгыча дарбаза тарсылдап калды. Кыз чуркап чыгып, дарбазанын калиткасын ачты.

Келдиңизби апа, бизге меймандар келишти.

 Гүлдүү көйнөгү өзүнө жарашкан, экиге бөлүнүп өрүлгөн чачы белинен ылдый түшкөн, ачык маңдай, ак жуумал тарткан жылдыздуу келин биз менен жылуу учурашты.

Куш келипсиздер, күттүрүп койгон жокмунбу?,— деген ыймандуу келин жеңем менен кол алышып учурашты, мага акырын башын ийкеп койду.

Самара, бизге ысык чай демдеп, оокаттын аракетин көрө бер кызым?,— деген Айганыш сөрүнүн четине коомай олтурду.— Нандан алып, чайдан ичип олтуруңуздар?,— деди келин.

 Айганыштан аялзатына таандык болгон бардык мыкты сапаттар көзгө даана байкалып турду. Келишимдүү бой келбети, ак жуумал тарткан чырайлуу өңү, моймолжуган кирпиктүү көзү өзүнө жарашып, жылмайганда пайда болчу бетиндеги чуңкурча анын сулуу зайыптыгын айгинелеп, чырайын ансайын ачып турду. «Кызга алмашкыс жубан бар» дегендей, Айганышта бир караган адамды өзүнө арбап салаар табигый сулуулук менен наздуулук оттой болуп жанып турду.

Уулуң көрүнбөйт да?,— деди Шайыргүл.

Достору менен сайга чөмүлгөнү кетсе керек,— деди Айганыш. — Өзүңүздөрдү тааныштыра  олтуруңуздар,— деген Айганыш Шайыргүлдү карады.

Сен тууп алган баланын атасы менин күйөөм болот,— деген Шайыргүл Айганышты сынагандай теше тиктеди. Акжуумал Айганыштын жүзү дароо кызарып чыкты. Анан акырын гана:, — Жакшы экен,— деп койду.

Мен бир аз сейилдеп, басып келейин,— деп ордумдан турдум.

Мейлиңиз кичине бала, биз күндөштөр өзүбүзчө кең-кесири сүйлөшүп алалы. Катындардын кебин аңдыганыңыз сизге жарашпайт,— деди Шайыргүл. Айганыштын бети ансайын кызарып чыкты.

 Мени дарбазадан чыгарып койгону чыккан Самарадан балдар каерде чөмүлүшөөрүн сурадым.

Бир аз жогору бассаңыз сайга кеткен жалгыз аяк жол бар. Ошол жол сизди туура эле балдар чөмүлчү жерге алпарат,— деди кыз. 

 Ит аяк жол менен ылдыйлай түшүп жөнөдүм. Сайга жакындай бергенде эле балдардын чуру-чуу түшкөн үндөрү даана угула баштады. Бир топ балдар белдеринен келген тунук сууга жыргап-куунап чөмүлүп жатышыптыр. Ал эми балдардан бир топ жогору жагында кыздар көйнөктөрү менен чөмүлүп жатышат. Мен дарактын көлөкөсүндө аларды тамаша кылып, кыйла олтурдум. Чөмүлгөндүн кызыгына батышкан балдар мени байкашкан деле жок. Бир саатча убакыт өткөндөн кийин балдар кийине башташты. Анан бир аяк жол менен жогору карай чубалып, өрдөп чыга башташты. Алар менин тушумдан чубалжып өтө баштаганда мен балдарга кайрылдым.

Саламатсыңарбы балдар?,-  мен ордумдан турдум.

Саламатсызбы,— дешти балдар бир ооздон жабыла. Алардын жүзүнөн бул чоочун киши ким болду экен деген таңыркоо менен кызыгуу пайда болду.

Араңардан Самаган деген кимиңер болосуңар?,— дедим. Балдардын арасынан бирөө бөлүнүп чыкты. — Самаган менмин,— деди бала. Бир эле караганда баланын жүзүнөн ак жуумал тарткан апасынын да, Асранкул акемдин да окшоштугу көзгө даана уруна түштү.

Мен да сууга түшөйүн дедим эле, бирок суу өтө эле тайыз экен,— деп баланы кепке тарттым.

Тээтигил жерде терең жери бар, чоң кишилер ошол жерде чөмүлүшөт, жүрүңүз алып барайын?,— деди Самаган.

Кой азыр эмес, эмки келгенимде түшөөрмүн.

 Калган балдар бизден жыйырма кадам алдыбызда баратышты.

Самаган, сен кимдин уулу болосуң?

Асранкулдун, а сиз ким болосуз?

Мен атаңдын иниси боломун, атым Сабыр, сага аба боломун,— дедим. 

Жакшы экен,— деген Самаган күрүчтөй болгон аппак тиштерин көрсөтүп, жылмайып койду. Үйгө жакындай бергенде машинаны көргөн Самаган кайра мага кайрылды       

– Кызыл жигули сиздикиби?

Ооба, меники.

Келатканыңызда суусу кайнап кеттиби?

Жок кайнабады, биз салкында келип алдык. Бала мени карап дагы жылмайып койду.

Самаган, атаң сага келип турабы?

Келип турат, бирок мектепке эле келет. Үйгө жүрүңүз десем, такыр көнбөйт,— деди бала сумсайыңкы. 

Мен айтып коёмун, эми үйүңөргө дагы келип турат.

Чын айтып жатасызбы, үйгө дагы келип турабы?!,— деген Самаган чындап сүйүнүп кетти.

Келет, сөзсүз келет, мен өзүм алып келемин. Сага абаң катары убадамды беремин! 

Мени караган ал дагы жылмайып койду. Самаган дарбазаны ургулап такылдатканда калитканы эжеси ачты. Самаган экөөбүз кол кармашып, сөрүнүн жанына келдик.

Экөөбүз таанышып алдык, туурабы Самаган?,— деп ага кайрылдым. Ооба дегенсиген ал башын ийкеп, жылмайды.

Келегой балам, учурашалы?,— деген Шайыргүл Самаганды маңдайынан өөп, башынан сылап койду. — Чоң жигит болуп калган турбайсыңбы.

Ай кичине бала, машинаңызды ачып бериңизчи, култтап койгон экенсиз, белек-бечкектеримди ала албай олтурамын,— деди Шайыргүл.

Жүр Самаган экөөбүз алып келели,— деп аны колунан жетелеп алдым. Шайыргүл жеңемдин маанайы көтөрүңкү экендигинен улам аялдардын сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү болгондугун баамдадым. Экөө тең биринен экинчиси калышпаган зайыптардын кыйындары экендигинде шегим болбогон. 

Шайыргүл жеңемдин Самаганга алып келген костюму бир аз чоңураак олтуруп калды. Башына калпак кийгизди.

Сарпайың куллук болсун, Самаган!, — деп ага кайрылдым.

Рахмат аба,— деген ал дагы бир жолу күрүчтөй болгон тиштерин көрсөтүп, жылмайып күлүп койду.

Бар балам, эми колу-бутуңду жууп, көйнөгүңдү алмаштырып чык, азыр  чогуу тамак ичебиз,— деди Айганыш.

Түштөн кийин, күн салкындап калганда кайрадан жолго чыктык. Шайыргүл жеңем арт жакта ой дүйнөсүндө ойлуу келатты.

Жеңе, уйкуңуз келген жокпу?

Жок кичине бала, эмнеге уктамак элем. 

Бир топ жолду арбытып калгандан кийин кайрадан жеңеме кайрылдым.

Жеңе, сиздин улуулугуңузга башымды ийдим, сизге кулдугум бар, рахмат сизге,-дедим.

Коюңузчу кичине бала, муну турмуш дейт. Турмушуң кургур бул жашоодо пенделерин каалагандай калчайт турбайбы. Ага моюн сунбаска, баш ийбеске аргаң да жок. Ал эми балада эмне айып, аны өксүтүүгө акыбыз жок, — деди алдыдагы узун жолду ойлуу тиктеген Шайыргүл…

 

Август айы, 1998-жыл

Жалал-Абад шаары

 

© Жолдошбай Осмонов, 2019

 


Количество просмотров: 125