Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© Жек Лондон
© Кыргыз тилине которгон Б. Шаматов, 2019. Бардык укуктар корголгон
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2019-жылдын 16-декабры

Бахтияр ШАМАТОВ

Бѳрү баласы

(Ж. Лондондун аңгемесинин котормосу)

 

Кыргызчага которгон Бахтияр Шаматов

 

Эркек өзүнө жакын, жанбирге ургаачынын баркын анчалык биле бербейт – мындайча айтканда, үй-бүлөсүнөн айрылмайынча, аялды чындап баалай албайт. Ал аялзатынын үйдөгү эң кылдат, байкап билип болбос жылуулугун элес албайт; бирок андай кут жоголоору менен анын жашоосунда аңылдаган боштук пайда болот, эркектана өзүнө эмне жетпей атканын билбей, көөдөнүн эзген бүлбүлдөгөн эңсөө менен кусалыкка батат. Эгерде жанындагы жолдоштору жашоодо кагылып-согулуп көрбөгөн өзүнө окшогон немелер болсо, аны катуу таасир эте турган дары-дармектер менен шыкагандан башкага жарашпайт. Бирок бул куткарбайт – тескерисинче, эркектин жан дүйнөсүн ого бетер мыжып, эзип, чыдагыс кыйноого салат, адам пенде ошондо кадересе жашоого болгон табитин жоготот; барган сайын үңкүйүп чүнчүйт; анан ичин сыйра жеп, өйкөгөн боштукка таптакыр чыдай албай калган чекке жеткенде, оюна бир нерсе кылт этет.

Мындай акыбалга Юкондо жүргөн адам кабылып, эгерде иш жай учурунда болсо, демейде ал кайыгын белендеп кирет, ал эми кышкысын болсо иттерин чанага чегет да, түштүктү көздөй салып уруп жөнөп берет. Бирок ышкысы түндүккө абдан байланып калчу болсо, бир нече айдан соң ал жакка аялы менен кайтып барат, тагдыр кошкон колуктусу ошондо анын эгерим жылыбас бул кыйырларга болгон азгырык сүйүүсүн, ага кошо болгон азап-тозогун тең бөлүшүүгө тийиш. Нукура эркектик өзүм билемдиктин ашып түшкөн далили ушул болоор! Ушул жерден Бирюк Маккензинин эсине башынан өткөргөн эзелки бир окуя түшөт; ал замандарда Клондайк элди тегиз азгырып, козуткан алтын дүрбөлөңү менен эмес, лосось балыгы мыкты ууланган жер катары даңкы чыгып турган кездер эле.

Бир караганда эле Бирюк Маккензинин турпатынан алгачкы жер өздөштүргүч адамды көрүүгө болот эле. Анын тотуккан жүзүнө жаратылыштын ырайымсыз күчтөрү менен тынымсыз кармашып келаткан жыйырма беш жыл өз тагын аёосуз түшүргөн; баарынан да ага Түндүк уюлдун астында катылып жаткан алтынды издеген акыркы эки жыл бөтөнчө машакаттуу болду. Жалгыздык жүрөгүн кысып келгенде ага кападар болуп же таң калган деле жок, анткени ал абдан бышык, тиричиликке бүйрө адам болчу, анан калса жашоосунда жалгыздык мээнети чырмаган пенделердин далайын көргөн. Ошондонбу, азапка салган бул ооруну ал сезип да койгон жок, ого бетер шымалана түрүнүп, мурдагыдан да баш көтөрбөй, катуу иштечү болду. Жай бою чиркейлер менен согушуп, башталаары жакын калган кен казуудагы болочок үлүшкө деп чогултуп алган шаймандарын алып, Стюарт дарыясынын этек жагында кумдан алтын чайкамай менен алектенди. Андан соң жоон-жоон бакыбат дөңгөчтөрдөн сал курап алып, Юкон менен Кыркынчы милге чейин жетти да, ал жерде өзүнө мыкты алачык тургузуп алды. Алачыгы абдан бекем, жашаганга жайлуу болгондуктан, аны Бирюк менен бөлүшсөк деп күсөгөндөрдүн да бир тобу чыга келди. Бирок ал жамырап келгендерди кыска жана таамай айтылган эки ооз сөз менен үмүтүн таш каптырып, келген изине кайтарды да, бул жердеги жашоо мөөнөтүн ченемдеп туруп жакыныраак турган дүкөндөн тамак-аштын эки эселенген көлөмүн камдап алды.

Жогоруда айтылгандай, Маккензи ишке тың, абдан бүйрө адам дебедикпи. Бир нерсени көздөсө ага жетмейинче жаны тынбайт, бирок ошол эле маалда, эски адаттарын да таштабайт, беттеген багытынан да кайтпайт. Бел майышкан оор эмгек менен опурталы күч сыноолор Маккензиге кеп эмес эле, бирок болгону өзүнө аял издейм деп иттер менен алты жүз миль муз бетин басып, андан ары океан аркылуу эки миң миль сүзүп, анан акыры мурда өзү жашаган жерге чейин дагы миң миль аралыкты басып өтүүгө анын эзели каалоосу жок эле. Жашоо ансыз деле кыска эмеспи. Андыктан ал иттерин чегип, чанасына керектүү жүгүн артты да, батыш жагындагы боорунан Танана дарыясынын башаты агып чыккан тоо кыркасын көздөй бет алды.

Ал сапар жүргөндө чарчап чаалыгуу дегенди билчү эмес, иттери болсо Юкондогу эң бышык, ылдам, ал эми чанасы жол тандабас болуп эсептелчү. Үч жумадан кийин ал уруп салып отуруп Танананын баш жагындагы стикстер уруусу байырлаган жерге жетип келди. Аны көрөөрү менен уруу адамдары жапырт дүрбөп тосуп чыгып, таң кала ооздору ачылып карап калышты. Танананын башатын мекендеген бул уруу жаман атагы менен таанымал эле; булар куба жүздүүлөрдү түккө турбаган нерселер үчүн — балтасы курч болсо, же мылтыгы сынып калса деле жан тындым кылып салган учурлар көп болгон. Бирок Бирюк Маккензи аларга коколой башы менен жалгыз келди, кадыресе сырткы турпатында көргөн жанды өзүнө тарткан ызат кылуу, элпек жөнөкөйлүк, салкын кандуу токтоолук менен ар кандай опуртал кадамга даяр бетпактык менен чогоолдук бар эле. Түркүн курал сыяктанган мындай сапаттарды ийгиликтүү пайдаланып, кайсынысын кайсы учурда ишке салуу үчүн жапайылардын пейил-кулкун терең билүүгө да чоң өнөр керек болчу; бирок алчы таасын жеген Маккензи мындай иштерде ченемсиз чебер болгондуктан, качан жагалданып, шыйпактап, кайсы убакта буркан-шаркан түшүп, жаалын чачканды эң жакшы билчү.

Адегенде ал уруу башчы Тлинг-Тиннехке ызаат көрсөттү, ага памил чай менен тамекинин бир нече кутусун карматып, дароо эле сыйлуу кайрымына ээ болду. Анан уруунун жигит кыздары менен таанышып алды да, ошол эле күнү кечинде алар менен белек алмашып чыкты. Кечке жуук болсо кар бетинде узуну жүз футка жакын, туурасы жыйырма беш фут келген тегерек аянтча тапталды. Ортосуна оттон чоң жагып, эки тарабына кенен-кесир отургудай кылып карагайдын бутактарынан төшөп чыгышты. Анан уруу адамдары алачыктарынан жапырт топурап чыга келишти да баш аягы болуп жүз чакты киши ыраактан ат арытып келген коноктун урматына индеецтердин көөнө ырларынан созолонтушту.

Бул жылдар аралыгында Бирюк Маккензи индеецтердин тилин жакшы эле билип калган эле – бир нече жүз сөздү, таңдайдан чыкчу добуштарды, башкаларды таң калдырган сөз айкаштарын, урматтоону билдирген сөздөрдү, бөлүкчөлөрдү жана аффикстерди эсине бекем түйүп. жадыбалдай жаттап да калган. Эми ал индеецтердин алгачкы поэзияга жык толгон тилине окшоштуруп, анча-мынча орой болсо да безелене көркөмдөтүп, ыгы жок салыштыруулардан аянбай, чеченсинип сайрап кирди. Тлинг-Тиннех менен бакшы да ага ошол эле таризде сый менен жооп узатып жатышты, анан ал эркектерге майда-барат белек берип, аларга кошулуп ырдап, тигилердин жанындай көргөн кумар оюну «элүү экиде» да өзүнүн эч кимди алдына салбас чебер оюнчу экенин көрсөттү.

Ошентип анын белегин алып, тамекисин тарткан уруудагылардын баары ага ыраазы эле. Бирок жаштары жактырбагансып, дагы эле обочолонуп турушту – мында тымызын ызырынган чакырык да, эрдемсинген текебер мактаныч да сезилип турду; кыткылыктап шыңкылдашкан жаш кыздар менен оозунда тиши калбаган кемпирлердин орой ишарасын байкап кулак түргөн кишиге иштин жайы эмнеде экенин түшүнүү кыйын эмес эле. Алар өңү кубакай адамдарды – Бөрүнүн Уулдарын – көп деле билишчү эмес, бирок так ошол бир ууч ак жүздүүлөр буга чейин бир нече жолу аларга жакшылап туруп көргүлүктү көрсөтүп коюшканы али эстеринен кете элек болчу.

Сыртынан бейкапар көрүнгөндөй барбалдаңдаганы менен Бирюк Маккензи мунун баарын астыртан тыкыр байкап турду. Анан түнкүсүн уктоочу мүшөгүнө оронуп алгандан соң кырдаалды бир сыйра кайра оюнан сыдырып чыкты, болуп көрбөгөндөй олуттуу ой калчады, алдыда боло турган иштин мерчемин тыкандап тактап атып, тамеки шыкалган канжанын неченин тартып да салды.

Кыздардын ичинен анын көзү бирөөнсүнө гана түшкөн, ал кимдир бирөөнүн эмес, болгондо да уруу башчысынын кызы Заринканын өзү эле. Ал уруулаш башка кыздардан кескин айырмаланып турат; жүзү жайдары, ар кандай эркек атмайдын написисин агыткан эликтикиндей жалжылдаган сурмалуу көздөрү, келишкен сымбаты, назиктиги, айтор, бул кыз ак адамдын аялдын сулуулугу туурасындагы түшүнүгүнө толугу менен жооп берер эле. Маккензи алса дал ушул кызды аялдыкка алат, аны… ооба… Гертруда деп атайт! Ушундай бекем чечимге келген соң гана Маккензинин жаны жай алгансыды, капталына оодарылды да коңурук тарта уйкуга кирдиопурталы күч ишке башын сайган бул адамжеңүүчүлөр тукумунун чыныгы уулу боло турган.

Бирок ойлогонун ишке ашыруу оңой эмес эле, ал убакыт менен тынымсыз аракетти талап кылып турду, ошондо ойрон Маккензи куулугун ишке салды, анын эч нерседен бейкапар, маңыроо чалыш көрүнгөн кебетеси индеецтердин көөнүн тынчытып, биротоло жолдон урду. Ал уруудагы эркектерге өзүн көзгө атар мерген жана теңдеши жок аңчы экенин көрсөтүүгө аракет кылып, алты жүз ярд аралыктан туруп килейген багышты сулата атты эле, конуштагылардын ооздору ачылып, бири калбай дуулдашып, тегиз алакан чабышты.

Бир жолу кечинде ал уруу башчы Тлинг-Тиннехтин багыш менен бугунун жумшак мамык терилери төшөлгөн алачыгына учурашканы барды, дардалаңдап тынбай мактанып, тамекисин да аяган жок. Ушундай эле урмат-сыйды бакшыга көрсөтүп коюунун да ыңгайлуу учурун куру кетирбеди: анткени Маккензи уруу башчы сыйкырчынын ар бир сөзүн угаарын жакшы билчү, ошондуктан тезинен анын да көөнүн таап, колдоосуна ээ болгусу келди. Бирок керсейген дымактуу бакшы аны дегеле тоготчу түрү жок, заарынан кайтып, кичине кайрымдуу болчудай да эмес, ошончүн көңүлү жипкирген Маккензи аны эч ойлонбой туруп душмандарынын тизмесине киргизип койду.

Заринка менен сүйлөшүүнүн да оңтою келбей жатты, бирок Маккензи өзүнүн ички ниетин билдирип, кызга улам улам жалооруй карап коюп жүрдү. Насили ургаачы болгон соң тиги кыз албетте, анын оюн эң жакшы түшүндү, бирок наз көрсөтүп, кылыктанып, анан да дайыма топ кыздардын курчоосунда жүргөндүктөн, аны дегеле жанына жууткусу жок, бирок Бирюк кызга башка жигиттер ыраактап кетер замат жакындап бара алмак. Ошентип ал шашпады, анүстүнө кыздын жүрөгүнө чок ыргытып койгонун, ошондуктан кыз кааласа, каалабаса ал тууралуу эрксизден ойлоорун билчү, — мейли, дагы бир-эки күн ойлоно турсунчу, ага ушу гана керек.

Акыры бир күнү кечинде аракет кыла турган маал келди деди; Маккензи ордунан шак туруп, уруу башчынын тамекиге ышталган алачыгынан сыртка чыкты да, калың карды кырчыллдата ылдам басып кошуна алачыкка кирип барды. Заринка демейдегидей эле топ кыздардын ортосунда экен; баары иш менен алектенип отурушуптур: жумшак чокойгобу же кийимдергеби топчу шуруларды тигип атышкан окшойт. Маккензи кирип барганда кыздар дуу каткырып жиберишти, ошол замат туш-туштан аны менен Заринканын дарегине шыңкылдаган тамаша азилдер ыргыды; бирок ал каадаланып отурбастан, кыздарды чыйылдатып, биринин артынан бирин апчый кармап туруп алачыктан түз эле сырттагы карга ыргытты, алар болсо чуру-чуу түшүп, болгон ишти элге жайыш үчүн конушту чарк айлана чуркап жөнөштү.

Маккензи айта турганын кыздын тилинде абдан ишенимдүү кылып айтты да, бир сааттай отурган соң кетмекчи болуп ордунан козголду.

— Демек, Заринка ак кишинин алачыгына барып жашайбы? Жакшы! Мен азыр сенин атаң менен сүйлөшөм, балким ал дароо эле макул боло койбостур. Мен ага толтура белек берем, бирок ал ашыкча эч нерсе сурабасын. Ал кокус «жок» дечү болсо, сен өзүм кетем деп айта аласыңбы? Болуптур эмесе! Заринка баары бир ак кишинин алачыгына барып жашайт.

Ал эшиктин төбөсүнө илинген терини өйдө көтөрүп сыртка чыкмакчы болду эле, бирок кыз бирдеме дегендей болуп акырын үн каткандыктан, дароо артына бурулду. Заринка ошол бойдон жерге төшөлгөн аюунун мамык жүнүнө тизелеп отурат; жамалы тимеле Обо эненин үр кыздарындай нурданып чыгыптыр; кыз туруп жакын келди да, ыйбаа тартына Маккензинин курун акырын чечти. Тиги болсо айран таң, бирок тыштагы шырп эткен ар бир доошту да кулак сыртынан кетирбей, кызды карап турган ордунда катты. Бирок кыздын кийинки кыймылы анын бүдөмүк шегин биротоло таратып, ыраазы кыла жылмайтып жиберди. Заринка өз колунан чыккан буюмдары салынган мүшөктөн багыштын терсинен жасалып, не бир кооз мончок шурулар менен тышы асемделе тигилген кынды алып чыкты. Маккензинин белиндеги килтейген аң бычагын алып, анын устарадай курч мизине урматтоо менен карап койду да, манжасын тийгизе этияттап кармалап көрүп, акырын жаңы кынга салды. Анан аны курга кайра кийгизе байлап, сол жамбаштагы кадимки ордуна жылдырып койду.

Бул чынында эле тээ алыскы өтмүштөн алынган көрүнүштөй: үлбүрөгөн айым менен анын рыцарынын жолугушуусу эле. Маккензи кызды өйдө тургузуп, анын бышкан гиластай мала кызыл жумшак эриндерине өзүнүн туурулган одуракай эриндерин тийгизди, кыз өмүрү татып көрбөгөн мындай эркелетүү Бөрүнүн эркелеткени эле. Таш доору менен болот доору ушинтип жолугушту.

Колтугуна кысып алган килейген түйүнчөгү бар Бирюк Маккензи Тлинг-Тиннехтин алачыгынын босогосунда кайрадан пайда болгондо тегеректин баары жандана түшкөнсүдү. Чуру-чуу түшүп конушту тегерете чуркаган балдар белектер коюла турган жерге бутактарды жана куурайды сүйрөп келип жатышты, аялдардын тыным албаган кажылдагы улам катуулап баратты, жаш аңчылар болсо обочолоно топтошуп алышып, үңүрөйө күңкүлдөп, өз ара бирдемелерди сүйлөшүп атышты, бакшынын алачыгынан болсо ак уруп дуба окуган, жөрөлгөсү кесепеттүү үндөр чыгып жатты. Уруу башчы айланбай токтоп калгансып күңүрттөнгөн көздөрүн бир чекиттен албай телмирген кемпиринин жанында отурду, бирок бир карап эле Маккензи анын азыр эмне айтаары небактан бери белгилүү экенин түшүндү. Ал белиндеги шуру менен кооздолуп тигилген бычак кынды баарына көрүнгүдөй кылып ортолото жылдырып койду, бул Заринка менен никелешүү болгонун билдирген белги эле. Анан ошол замат ишке киришти.

— О стикс уруусунун жана бүткүл Танана өлкөсүнүн, аюу менен багыштын, бугу менен лосостун кудуреттүү өкүмдары, Тлинг-Тиннех! Ак кишини сага улуу максат жетелеп келип отурат. Ай бир канча ирет жаңырса да анын алачыгы дагы эле бош жана ал жалгыз. Анын кусадар жүрөгү тынчтыкта жатып алып азап чегүүдө жана анын эңсегени аял – ошондуктан анда да аял болсун, алачыгында аны менен кошо отурсун, ал аңчылыктан кайтып келген сайын тосуп алып турсун, очокко от жагып, тамак бышырсын. Ак кишиге таң каларлык кереметтер аян берди, анын кулагы кичинекей чокойлордун дүпүрөгөн доошун жана балдардын күлкүсүн укту. Бир жолу түндө жатып ал түш көрдү. Сенин бабаң Карга – стикстер уруусунун атасы чоң Карга – ага келип, сүйлөштү. Карга жалгыз жаткан ак кишиге мындай деди: «Чокоюңду кийгин да лыжа байлангын, узак өтмөктөрдү басып өтөөр чанаңа уруу башчы Тлинг-Тиннехке арнаган кымбат баа белектерди жүктө да, жаздын күнү барып батаар жер кыйырын беттеп, анан кудуреттүү Тлинг-Тиннех аңчылык кылган жерлерди көздөй сапар тарткын. Сен ал жакка бапыраган, берешен белектерди алып барасың жана менин уулум – Тлинг-Тиннех – сага ата болуп калат. Анын алачыгында мен сага арнап өмүр демин салып койгон кыз бар. Мына ошол кызды аялдыкка аласың». О башчы, улуу Карга мага мына сөздөрдү айтты. Сенин бут астыңа мына бул белектерди коюп жатканым да ошол аяндан. Сенин кызыңды аялдыкка алам деп келип турганым да ошондон.

Карт башчы падышадан бетер келберсиген кыймылы менен жүн чепкенин кымтынды, бирок жооп бергенге шашылган жок. Ушул маалда чатырга шып кирип келген балакай башчыны уруунун кеңешинде күтүп жатышканын чаңк эте кабарлады да кайра ошол замат көздөн кайым болду.

 — О биз Багыштардын үшүн алгыч деп атаган, ошондой эле Бөрү жана Бөрү Баласы деген аты менен таанымал ак киши! Биз сенин Улуу уруудан экениңди билебиз; сен биздин кадырлуу коногубуз болгонуңа сыймыктанабыз; бирок кызыл балык лососко жуп эмес. Ошонун сыңарындай эле Бөрү да Каргага жуп эмес.

 — Болбогон кеп! – кыйкырып жиберди Маккензи. – Мен Карганын кыздарын Бөрүнүн лагерлеринен – Мортимердикинен, Трежидгонукунан, Бэрнебиникинен жолуктургам, — алардын алачыгына аял муз эки жолу тоңгондон мурда кирген; көзүм менен көрбөсөм да башкалары да бар экенин укканмын.

— Сенин айткандарың туура, уулум менин, бирок бул никелер жарыбайт: бул никелер суу менен кумдун, кар менен күндүн никесиндей эле. Сен Мейсон деген адам менен анын аялын жолуктурган эмес белең? Жок? Ал Бөрүлөрдөн биринчи болуп, муз он жолу тоңгондон мурда бул жерлерге келген болчу. Аны менен кошо гризли аюусундай болгон дөө, иванын бутагындай сымбаттуу, жүрөгү жайкы толукшуган айдай алп чогуу келген эле. Мына ошону…

— Ооба, ал Мейлмют Кид болчу! – деди Маккензи башчынын сөзүн бөлүп. Сүрөттөп киргенде эле анын бүткүл Түндүктө атагы чыккан адам экенин ошол замат билген эле.

— Алп так ошонун өзү. Бирок сен Мэйсондун аялын көрдүң беле? Ал деген Заринканын бир тууган эжеси болчу, — деди башчы.

— Жок, башчы, мен анын аялын көргөн эмесмин, бирок ал туурасында укканмын. Түндүктүн тээ бир алыс-алыс жагында кылым жашаган карт кызыл карагай кулап кетип, Мэйсонду басып калып, ал мерт кеткен болчу. Бирок анын аялына жанган махабаты чексиз эле, алтыны да көп эле. Аялы ошол алтынды, андан калган уулун алып, узак сапарга аттанган, көптөгөн өтмөктөрдөн ашкан соң кышкысын күн тийген өлкөгө жеткен… Азыр деле ошол жакта жашап жатат, ал жакта чыкылдаган каардуу аяз жок, кар жок, жайкысын жарым түндө күн чыкпайт, кышкысын болсо, чак түштө караңгылык өкүм сүрбөйт.

Алардын кебин ушул жерден кирип келген экинчи чабарман бөлүп, уруу башчынын кеңешке келсин деп жатышканын кабарлады. Сөзгө жолтоо болгон немени желкесинен сүйрөп чыгып карга ыргыткан Маккензи көз кыйыгы менен уруу кеңеши чогулган улуу оттун тегерегинде теңселип турган караандарды байкады, эркектердин жоон үндөрү менен бир демде жайбаракат ырдап жатканын укту жана бейжайланып алган бакшы адамдардагы жек көрүүнүн жалынын ого бетер күчөтүп жатканын түшүндү. Күтүп отурууга убакыт тар эле. Маккензи уруу башчыга кайрылды.

— Уксаң! – деди ал. – Мен сенин кызыңды аялдыкка алгым келет. Карачы: мына тамеки, мына чай, көп кадак кант, мына жылуу жууркандар жана кооз бышык жоолуктар, бул болсо чыныгы мынтык, ага кошо абдан көп дүрмөт, патрондору менен аласың.

— Жок, — деди абышка астына жайылган бапыраган байлыкка азыгырылбоого абдан тырышып. – Азыр менин уруум кеңешке чогулду. Ал Заринканы сага бергенимди каалабайт.

— Бирок сен деген жол башчысың да.

— Ооба, бирок жаш жигиттердин жаалы кайнап турат, анткени Бөрүлөр алардын болочок колуктуларын тартып кетип жатышпайбы.

— Укчу, Тлинг-Тиннех! Бул түн күнгө алмашканча, Бөрү өз иттерин Чыгыш Тоолорун жана андан ары – алыскы Юконду көздөй кубалап жөнөйт. Заринка болсо анын иттерине жол салып берет.

— А балким бул түн оогучакты менин жигиттерим Бөрүнүн этин иттерине салып берер, анын сөөктөрү жазгы күн келип эрип кеткичекти кардын астында чачылып жатаар…

Коркутууга коркутуу менен жооп болду. Маккензинин жез түспөлдөнгөн буудай өңү албырып чыкты. Доошун бийик көтөрдү. Ушул мүнөттөн тарта кайдыгер көрарманга айланган уруу башчынын кемпири анын жанынан жыла басып сыртка чыкмакка кам урду. Ыр токтоп, кобурашкан үндөр угулду. Маккензи жөрмөлөгөн кемпирди орой аткый кармап туруп, жумшак териден жасалган ордуна кайра ыргытты.

— Сага кайрадан чакырык айтып кайрылам, о Тлинг-Тиннех - укчу,! Бөрү жаагын душманынын кекиртегине карыштырган бойдон өлөт, бирок ал сенин урууңдун эң күчтүү деген он жигитин өзү менен кошо ала жатат, — эркектер болсо силерге керек, анткени аңчылыктын маалы жаңыдан гана башталып келатат, балык уулоонун мезгили келерине да ай бир-эки жолу жаңырган убакыт калды. Ошондуктан мени өлтүргөндөн сага не пайда? Мен сенин элиңдин үрп-адаттарын жакшы билем: мен бере турган байлыктын көбү сенин үлүшүңө тийбей деле калышы ыктымал. Кызыңды мага бер – ошондо байлыктын баары жалгыз өзүңө калат. Сага дагы муну айтып коёюн: бул жакка менин бир туугандарым келет – алар көп, алардын көзү эч нерсеге тойбойт, — жана Карганын калган кыздары да өз балдарын Бөрүнүн алачыгында төрөй башташат. Менин уруум сеникинен алда канча күчтүү. Жашоо тагдыр деген ушундай. Кызыңды мага бер, бул байлыктын баары сеники болот.

Сыртта, чокойлордун таманы астында кардын кычыраганы угулду. Маккензи мынтыгын ийнинен түшүрүп, оңтойлото кармады да, куруна илинүү кош тапанчанын кабын чечип койду.

— Бергин, кызыңды, о Тлинг-Теннех!

— Менин элимдин берер жообу — «жок»!

— Бергин да, мына бул байлыктын баарын ал. Элиң менен анан өзүм сүйлөшүп алам.

— Мейли, Бөрү каалагандай болсун. Мен тартууларыңдын баарын алайын, бирок эсиңде болсун, мен сага эскерттим.

Маккензи ага белектерин тапшырды, мынтыктын бекиткичин көтөрүп койгонду унутпай, белекке кошо көз жоосун алган шайы жоолукту да карматты. Ушул жерден беш-алты жаш жоокердин коштоосунда акшыңдаган бакшы кирип келди эле, бирок Маккензи алардын баарын тайманбай эки жакка түртүп салып, чатырдан чыгып кетти.

— Камдана бер! – саламдашкандын ордуна ал Заринкага кыска гана ушу сөздү айтты кыздын алачыгынын жанынан өтүп баратып, анан шаша-буша иттерин чанага чеге баштады.

Бир нече мүнөттөн кийин ал сапар тартууга беленделген чанасын сүйрөгөн бойдон кеңешке келди; кыз жанында баратты. Түз эле барып тапталган аянттын төр жагынан, башчынын жанынан орун алды. Заринкага болсо өзүнүн сол ыптасынан бир кадам арттагы орунду көрсөттү, эрдин зайыбы отура турган жер ошол эмеспи. Анүстүнө минтип опуртал кысмактап турганда бул жапайылардан ар нерсени күтсө болот, ошондуктан сени бирөө артыңдан калкалап, көз салып турушу зарыл эмеспи.

Оңдон, солдон ортодогу обого жалбырттаган отко карай ыктап эңкейген эркектердин дооштору эски, жарым унутулган ырлар менен куюлушуп турду. Бул ырды уккулуктуу деп айтканга деле болбос – баш аягы түшүнүксүз, күтүлбөгөн секириктерден, кокус тыныгуулардан, жадатма кайталамайлардан турган ыр эле. Аныгыраак айтканда, муну уккан кишинин жүрөгүн муздатып үрөйүн учурган ыр деп атаса болот. Аянттын аркы четки этегинде он чакты аял бакшыны тегеректей чимирилип, ырым-жырымды туюндурган бийин бийлеп жатышты. Каарын чачкан бакшы болсо ырым бийин аткарууга жан-дили менен аракеттенбей жаткандарды улам зиркилдей тилдеп, урушуп жатты.Карганын канатындай жайылган капкара чачтары беттерин жарым жапкан бийчи аялдар жайбаракат бирде артка, бирде алдыга жүткүнө теңселип турушту, алардын тынымсыз алмашып жаткан ыргакка көнгөн денелери абдан ийкемдүү эле.

Бул таң каларлык көрүнүш эле, мезгил кудум оошуп калгандай. Мындан ары түштүктү карай он тогузунчу кылым соңуна чыгып баратты, анын акыркы он жылдыгы бүтүп баратты, — бул жерде болсо тарыхка чейинки үңкүрдө жашаган жапайы адамдын көлөкөсү, Байыркынын унутта калган сыныгы — алгачкы адам гүлдөп өнүгүп турду. Лакыйган сары иттер жырткычтын терисине оронгон кожоюндарынын жанында соксоюп отурушат, кээде отко жакын жерди талаша ырылдашып, кармаша кетип да жатышты; обого жалбырттаган жалындын жарыгы алардын кан толгон көздөрүндө, нымдалышкан азууларында биликтей бүлбүлдөп ойноп турду. Закымдай көрүнгөн калың кар жамынган түнт токой мындагы болуп жатканды тоготуп койбой, түк ойгонгустай уктап жатат.

Конушту айланчыктай жабышкан чытырман токойго кыска убакытка кире калган Ак Мунарык баары жоктун баарын чүмкөп алууга даярданып жаткандай; асмандагы жылдыздар демейдеги Улуу Сууктун убагындагыдай дирилдеп титиреп, бийлеп турушту, Уюлдун Арбактары өзүлөрүнүн жаркыраган оттуу кийимдерин самсаалата бүткүл асман мейкиндигине жайып салышкандай.

Бул көрүнүштүн жапайы улуулугун элес-булас сезген Маккензи жүн кийимчен кыймылсыз отургандарды түгөлдөгөнсүп сыдыра карап чыкты. Карап келатып кокусунан энесинин ачык төшүн эч нерседен бейкапар чолпулдатып соруп жаткан наристе көзүнө урунду. Нөлдөн ылдый кырк градус – жетимиш градустан ашык аяз чыкылдатып турду. Маккензи өз элинин назик аялдары туурасында ойлоп кетип, аргасыз салыштырды, үтүрөйө жылмайып алды. Бирок ошол аялдардын бири төрөгөн өзү жер жүзүнүн бардык кыйырларында ага жана анын туугандарына кургактын да, суунун да, айбанаттар менен адамдардын үстүнөн берчү бийликти мурастап калган. Азыр эми туулган жеринен ыраакта, арктикалык кыштын чордонунда, мына бул жапайы жүз адамга жалгыз өзү каршы туруп, ошол мурастын чакырыгын – бийликке болгон эркти, опурталдарга жык толгон, акылдан адаштырган, ышкысы мына бул жалбырттаган оттой ысык махабатты, жоокер сезимин курчуткан күжүрмөн жалынды, башта бир өлүм деген кара башын тобокелке сайган чогоол чечкиндүүлүктү анык сезип турду.

Ыр менен бий тып токтоп, бакшы бажырап сүйлөп кирди. Индеецтердин бай уламыштарынан алынган татаал жана чаташкан мисалдар менен эсеңгиреп аңкайып, ооздон чыккан сөзгө опоңой ишенген угармандарга билгичтик менен таасир этип жатты. Айткандары күчтүү, ынанымдуу эле бакшынын. Жаратмандыктын башаты катары ал –согушчулдуктун жана кыйратуучулуктун башталышы болуп кубулган деп наалат айтып, Бөрү-Маккензини Каргага каршы койду. Бул башталыштардын ортосундагы кармаш руханий гана эмес, адамдар деле – ар бири өзү тайынып сыйынган ишенимдин салтанаты үчүн күрөшөт. Стикстердин уруусу – Желкс менен Прометейдин отун алып жүргөн Карганын тукумдары; Маккензи – Бөрүнүн уулу, башкача айтканда, шайтандын тукуму.

Бул эки башталыштын ортосунда эзелтен бери уланып келаткан согушту токтотууга аракет кылуу, уруунун кыздарын айгышкан кас душманга аялдыкка алдырып жиберүү – барып турган саткынчылык менен мазактап кордоо дегенди билдирет. Айларкерлик менен ишенимге кирип алууну көздөп жаткан мына бул уулуу жылан, шайтандын адамы Маккензиге эң эле ачуу сөздөрдү, эң эле карасанатай акааратты айтса да аздык кылат. Бакшы ушул жерге келгенде угармандар күбүрөнө түшүп, айбаттуу күңкүлдөп алышты, бакшы болсо сөзүн андан ары улады:

— Желкстин кудурети күчтүү, агайындарым! Бизди жылыта турган отту Жерге ошол алып келбеди беле? Бизди көрсүн деп асмандын ийиндеринен күндү, айды жана жылдыздарды алып чыккан ошол эмес беле? Бизге Ачкачылыктын жана Аяздын арбактары менен күрөшкөндү үйрөткөн ошол эмес беле? Эми болсо Желкс балдарына каары келип туру, бир кезде сан жетпеген уруудан минтип жарыбаган бир ууч топ гана калдык, Желкс аларга жардам кылбайт. Анткени алар аны унутушту, жаман иштерге малынып, жаман чыйыр менен басып калышты, анын душмандарын өз алачыктарына киргизип, коломтосунун жанынан орун берип жатышканы. Пейил-кулку бузулган балдарына Карганын да кайгырып турганы. Бирок алар өзүлөрүнүн канчалык пастыкка барып жатканын терең аңдап, Желкске кайта тургандарын далилдешсе, анда Желкс караңгы түпкүрдөн чыгат да, аларга жардамга келет. О агайындар! Отту алып жүрүүчү бакшыга ал өз эркин айтып, амирин билдирди – эми аны силер да уккула. Биздин жигиттер кыздарды өзүлөрүнүн алачыктарына алып кетишсин, аның үчүн чектен чыккан мына бул шайтандын уулу — Бөрүгө атырылсын жана алардын жек көрүү сезими эч качан байыбасын! Ошондо аялдар бала төрөп, Карга элинин саны көбөйөт, кудурети артат. Карга Түндүктөн алардын ата-бабаларынын улуу урууларын баштап чыгып, анан алар Бөрүлөрдү өткөн жылдагы оттун күлүнө айландырып салмайынча алар менен салгылашат да, кайрадан өз өлкөсүнүн кожоюндары болуп калышат. Желкс Карга мына ушинтип айтты!

Колдоп куткарып кала турган Желкстин жакында келе турган кабарын укканда стикстер кыркыраган ач айкырык ызы-чуу менен ордуларынан тура калышты. Маккензи эки колунун тең бармак башын мээлейден бошотуп, камдана күтүп калды. «Түлкү! Түлкү!» деген ызы-чуу кыйкырыктар аба жарып, улам барган сайын катуулап баратты; акыры жаш аңчылардын ичинен бирөө алдыга чыкты да сүйлөп кирди:

— Бир туугандар! Бакшы эң даанышман кепти айтты. Бөрүлөр биздин аялдарыбызды тартып алып жатат, бизге бала төрөп бере турган эч ким калбай калды. Биз бир ууч гана топ калдык. Бөрүлөр биздин жылуу жүнүбүздү тартып алып, ордуна бөтөлкөгө катылган каардуу шайтанды жана илбирс менен сүлөөсүндүн терисинен эмес, чөптөн жасалган калдыркан кийимдерди берип бизди алдап жатышат. Бул кийимдер эзели жылуулук бербейт жана биздин адамдар түшүнүксүз оорулардан каза табышууда. Менде, Түлкүдө, аял жок. Эмнеге? Мага жаккан кыздар эки жолу Бөрүнүн конушуна ээрчип кетишти. Мына азыр да мен Тлинг-Теннехтин батасын алайын, кызы Заринкага үйлөнөйүн деп суусардын, багыштын, бугунун терисин мол чогултуп койдум. Эми карабайсыңарбы, ал кыз тигине, лыжа байланып Бөрүнүн иттерине жол салганга даяр турат. Мен өзүмдүн гана кара башыма кейибаткан жерим жок. Аюу деле мен айтканды айтмак. Ал да Заринканын балдарынын атасы болсом деп жүрөт, Тлинг-Тиннехке берем деп териден да арбын чогултуп койгон. Мен үйлөнө элек бардык жаш аңчылардын атынан сүйлөп жатам. Качан караба, Бөрүлөр дайыма ачка. Ошондуктан алар шыбаганын эң мыктысын алып, бизге, Каргаларга болсо жарыбаган калдыктар гана калып жатат.

— Мына карагыла, бул Гукла! – Түлкү орой кол силкип отурган аялдардын бирине жаңсады; ал майрык эле. – Мунун буттары кайыктын капталындай болуп ийилип кеткен. Ал отун менен куурай жыйнай албайт, аңчылардын артынан өлгөн илбээсинди көтөрүп жүргөнгө жарабайт. Муну Бөрүлөр тандадыбы?

— О! О!, — жактыра кыйкырып жиберишти Түлкүнүн агайын туугандары.

— Мынабу Мойри, — кебин улантты ал. – Жин шайтан анын көзүн кыйшайтып салган. Жадагалса, муну көргөн наристелердин да жүрөгү түшөт, ага керек болсо, аюунун өзү жол бошотот деп жүрүшөт. Муну Бөрүлөр тандадыбы?

Кайрадан кубаттаган айбаттуу үндөр абаны дуу жарды.

— Мына бул жерде болсо Писчет отурат. Ал менин эмне деп атканымды укпайт. Ал эч качан куунак аңгемени да, күйөөсүнүн үнүн да, баласынын балдыр тилин да уккан эмес. Ал өмүр бою Ак Мунарыкта жашап келатат. Бөрүлөр ага жадагалса, кылчайып карап койдубу? Жок! Аларга кыздардын эң мыктылары тиет экен да бизге болсо – мамындай сокур, дүлөй, мунжу калдыктары калат экен да... Бир туугандар, мындан ары мындай болбошу керек! Бөрүлөрдүн биздин оттун тегерегинде жойлогону жетишет! Мезгил келди!

Түндүк уюл жаркырагынын ченемсиз зор оттуу тасмасы – кара кочкул, жашыл, сары жалын – асман кыйырын баштан аягына дейре чүмкөп, дирилдей түштү. Ошондо башын чалкалатып, эки колун көккө тайына сунган Түлкү кызуулана бакырып жиберди:

— Карагыла! Биздин ата-бабалардын арбактары ойгонду! Улуу иштер ушул түнү болот!

Түлкү ушуларды айтып, артка чегинди, анын артынан жолдоштору улам түртмөлөгөн жаш аңчы чечкинсиз алдыга кадам таштады. Анын бою башкалардыкына караганда бир баш өйдө эле, аязга өчөшкөнсүп, кенен төшүн да дагдайта ачып таштаптыр. Ал улам бир бутунан экинчи бутуна салмагын салып турду, мунун тилинен сөз чыга турган түрү жок, анүстүнө абдан тартынчаак, уялчаак да окшобойбу. Бети да кишинин үрөйүн учургудай шумдук: бир кезде оңбогондой тийген катуу сокку жаак этин сөгө айрып, кебете-кешпирин таанылгыс кылып, ырайын суук кылып салган окшобойбу. Акыры жаш аңчыбарскандай муштуму менен барабан каккансып, көкүрөгүн дүңк дедире бир койду да тилге кирди; үнү океан жээгиндеги үңкүрдө шарпылдап турган толкундай күңкүл эле.

— Мен Аюу, Күмүш Найза жана Күмүш Найзанын уулумун. Менин үнүм кыздыкындай ичке кезде сүлөөсүн, кийик жана бугу атып жүргөм; ал капканга чабылган суусардыкындай угула баштаганда мен Түштүк Тоолорду ашып түштүм да, Ак дарыя уруусунан эрегишкен үчөөнү жайладым; доошум Чинуктун айкырыгындай чыккан кезде мен гризли аюуну жолуктурдум, бирок ага жол бошоткон жокмун.

Ал бир аз жайлап, өңү сурдана түштү да, алаканы менен бетиндеги каардуу тырыктарын сырдана сылап өткөн соң, сөзүн кайра улады:

— Мен Түлкү эмесмин. Менин тилим кыштагы дарыядай тоңуп калган. Мен куюлуштура сүйлөгөндү билбейм. Менде сөз кыска. Чеченсинген Түлкү: «Бул түнү улуу иштер болот» деди. Болуптур! Сөз анын тилинен жазгы кирген дайрадай агылат экен, бирок ишке келгенде ал анчалык деле кыйын эмес. Мен бүгүн түндө Бөрү менен салгылашам. Аны өлтүрөм, Заринка болсо менин алачыгыма кетет. Мен, Аюу, айтаарымды айттым.

Дуулдаган тегерек тимеле тозоктой жалбырттап турду, бирок Маккензи өзүнө бекем эле. Мылтыктын мындай кыска аралыкта ишке жарабасын жакшы билгендиктен, тапанчаларын ишке салууну көздөп, байкатпай туруп, курундагы эки кабын тең ачып салган, манжалары эркин болгудай кылып, мээлейин да ылдый түшүрүп койгон. Эгерде мобулардын баары ага жапырт жабылса, ишене турган эч нерсеси жок экенин түшүнүп турду, бирок азыр эле мактангандай, өлсө да чеңгелин душманынын кокосунан чыгарбай туруп жан таслим кылгандан башка аргасы жок эле. Бирок ызырынган агайындарын Аюу өзү кармап калды, жулунгандарын барскандай оор муштуму менен туш-тушка ыргыта чапты. Жанатан бери удургуп турган бороон аз-аздан бастап баратты, Маккензи көзүнүн кыйыгы менен Заринканы карап койду. Кыздын туруш-турпаты укмуш эле. Койкоюп лыжа байланып алып турат, эриндери жарым ачылып, таноолору дирилдеп атыры – тимеле ана-мына секирчү ургаачы жолборстой. Туугандарын оопкоолжуй караган бакырайган көздөрүндө коркунуч да, жектеген чакырык да бардай. Тула бою кере тартылган саадактай чыңалып, дем алганды да унутуп койгонсуйт. Бир колун бооруна кыса, бир колу менен узун шапалакты бекем кармаган бойдон катып калыптыр. Бирок Маккензи карап койгондо кыз кадимкидей бошошо түштү, чыңалып турган булчуңдары жайылып, терең дем ала кооматы түздөнө түштү да, чексиз берилген көз караш менен жооп кылып жалжылдай карады.

Тлинг-Тиннех бирдеме айтайын деди, бирок үнү калаймакан түшкөн кымгууттан угулган жок. Ошондо Маккензи алдыга чыкты. Түлкү оозун ачайын деп келатып ошол замат жаагы жап болду, анткени Маккензи аны жутуп жиберчүдөй заар көз карашы менен жалт караган эле. Түлкүнүн мыш болгону ошол замат дуу эткен күлкүгө алынды – эми анын уруулаштары Маккензинин сөзүн угууга даяр эле.

— Агайындар!, — деп баштады Маккензи. – Силер Бөрү деп атаган ак киши силерге жакшы ниети менен келген. Ал иннуитке (индеецтердин уруусу) окшоп калпты айтпайт. Ал силерге дос катары, бир тууган болсом деп келди. Бирок силердин жигиттериңер айта турганын айтты, ошондуктан кадыресе жай сөздүн убагы өттү. Эми менин айтканымды угуп тургула: эң алды менен силердин ыйык санаган мына бул бакшыңар – ызага буулуккан келжирек! Бул калп пайгамбар, анын силерге айткан эмелеки сөздөрү От алып жүрүүчүнүн айткандары эмес. Анын кулагы Карганын айткандарын укпайт, мунун баарын ойдон чыгарган өзү, бул силерди алдады. Бул деле алсыз пенде, колунан бок келбейт. Силер аргаңар түгөнгөндө иттериңерди союп жеп, курсагыңарды чокойдун терисиндей чийки даам оорутуп турганда; карылар кырылып жатканда, наристелер энесинин төшүндө өлүп жатканда; силердин жериңерди караңгылык чүмкөп, шырп эткен тирүү нерсенин баары күздөгү лосостойкырылып жатканда; же ачкачылык силерди каптаганда – силердин мобул кыйынсынган бакшыңар аңчылардын жолун ачып бералдыбы? Силердин курсагыңарды этке тойгузган ушул бакшы сөрөйүңөр болдубу? Дагы бир жолу айтам: бакшынын колунан бок келбейт! Мына, карагыла, мен анын бетине моминтип эле түкүрөм!

Уруунун баары болуп көрбөгөн мындай адепсиздиктен ооздору ачылып туруп калышты, дым деп үн чыгарган бирөө да болбоду.Аялдар өз ара күбүр-шыбыр боло түшүштү, болуп көрбөгөн мындай окуядан толкунданган эркектер болсо кандайдыр бир керемет болуп кетерин туйгандай күтүп калышты. Баарынын тигиле караганы ортодогу эки каарман эле. Кадыры менен бийлигинин көз көрүнөө колдон кетип баратканын түшүнгөн бакшы болгон амалына сала кайрадан коркутуп-үркүткөнгө шайлана берди эле, бирок ошол замат токтоду – анткени муштумун бекем түйүп, көзүнөн от жанган Маккензи аны көздөй умтулуп калган эле. Ошончүн болгону бырс эте каарын чачкан бакшы артка чегингенге аргасыз болду. Маккензи дагы айкырды:

— Кана, күтүлбөгөн ажал мени жыга чаптыбы? Же мени чагылган урдубу? Же асмандан жылдыздар кулап түшүп, мени басып калдыбы? Түү! Мен бул итке айтарымды айттым. Эми мен силерге эң кудуреттүү, жер бетиндеги кыбыр эткендин баарына өкүмүн жүргүзгөн өзүмдүн уруум жөнүндө айтайын. Биз адегенде мен сыяктуу жалгыздап аңчылыкка чыгабыз. Анан үйүрүбүз менен аңчылык кылабыз да, жайнаган кийиктер сыяктуу жер-суунун баарын ээлейбиз. Биз алачыгыбызга киргизип алгандар гана тирүү калып, калгандарды өлүм күтөт. Заринка чымыр, сулуу, күчтүү кыз, ал Бөрүлөргө жакшы эне болуп берет. Силер мени өлтүрүп салсаңар деле ал баары бир Бөрүлөргө эне болот, анткени менин бир туугандарым көп жана алар менин иттеримдин изи менен артыман издеп келишет. Эми Бөрүнүн мыйзамын уккула: эгерде сен бир Бөрүнү өлтүрсөң, анда анын кунун силердин онуңар өз өмүрү менен төлөйт. Мындай бааны Бөрүлөргө көп жерлерде төлөшкөн, али да көп жерлерде төлөшөт.

Эми менин Түлкү менен Аюуга да айта турган кебим бар. Аларга да бул кыз жагып калган экен. Ошондойбу? Бирок көрүп турасыңар – мен аны сатып алдым! Ана, Тлинг-Тиннех менин мынтыгыма сүйөнүп туру, башка берген буюмдарым да анын очогунун жанында жатат. Бирок буга карабай, мен жаш аңчы жигиттерге адилеттүү мамиле кылгым келет. Сүйлөй берип тили кургаган Түлкүгө мен беш чоң куту тамеки берем. Оозун нымдап алып, анан жыйында каалаганча бакылдай берсин. Аюуга болсо – аны менен таанышканыма сыймыктанам – эки жууркан, жыйырма чыны ун, Түлкүнүкүнө караганда он эсе ашык тамеки берем; эгерде Аюу менин менен Чыгыш Тоолоруна кете турган болсо, анда так Тлинг-Тиннехке берген тетиги мынтыктыктан да бирди карматам. Эгерде ал каалабасачы? Мейли, болуптур! Бөрү сүйлөй берип чарчады. Бирок ал дагы бир жолу мыйзамды кайталап койгусу келет: эгерде сен бир Бөрүнү өлтүрсөң, анда анын кунун силердин онуңар өз өмүрү менен төлөп берет.

Маккензи сөзүн аяктап жылмайды да, арттагы ордуна чегинди, бирок санаасы тынч эмес эле. Теребелди чүмкөгөн көөдөй капкараңгы түн ныгыра басып турду. Маккензинин жанында турган Заринка тынбай быдылдап, Аюу бычакташып салгылашып аткан учурда кандай кыйтыр айла-амалдарга барарын айтып жатты, Маккензи болсо аны кунт коё угуп турду.

Ошентип бүтүм бул болду – экөө салгылашка чыгат. Ондогон чокойлор заматта оттун тегерегиндеги аянтчаны тапырата таптап, кеңейтип жиберишти. Эл көзүнчө шерменде болгон бакшынын жеңилиши туурасындагы уу-дуу кептердин да аягы басылбай турду; айрымдар бакшы күчүн дагы көрсөтөт дешсе, башкалары мурдагы ар кандай окуяларды эсине түшүргөн сайын Бөрүнүн айткандарын туура көрүп жатышты.

 Аюу алдыга чыкты, колунда аңга алчу мизи жалаңдаган орус бычак бар эле. Түлкү жарданып турган элдин назарын Маккензинин тапанчаларына бурду эле, тиги ошол замат курун чечти да Заринкага карматты, мынтыгын да кошо берди. Кыз болсо ата албасын тастыктагандай башын чайкап койду: мындай кымбат баа куралды кантип пайдаланганды катын киши кайдан билсин.

— Анда, эгер коркунуч арт жактан болсо, минтип катуу кыйкыр: «Күйөөм!» деп кыйкыр. Жок, минтип: «Менин эрим!» де, макулбу?

Кыз түшүнүксүз англис сөздөрүн өзүнчө чулдурады эле, Маккензи каткырып күлүп жиберди да, анын ээгинен сылай чымчып коюп, кайра ортого кайтты.

Эңгезердей Аюунун бою гана узун болбостон, күрөктөй болгон колдору да тартаят, бычагы да эки дюймга узунураак болуп чыкты. Бирюк Маккензи буга чейин деле нечен ирет душманынын көзүнө тике караганы менен бир бакканда эле маңдайында азыр чыныгы эркек турганын ошол замат түшүндү; бирок оттун жарыгына жылтыраган болотту көрөрү менен тула бою кызып чыкты, ата-бабанын чакырыгына жооп кыла баш ийген каны дүргүй түшүп, тамырларынан ылдамыраак чуркап жөнөдү.

Аюу Маккензини кайра-кайра бирде отко, бирде терең карга ыргыта уруп жатты, бирок далайды көргөн тажрыйбалуу мушкер катары Маккензи да бош келбей, улам тура калып качырып, аны борборго кысканга умтулат. Каршылашын дуулдаган кыйкырык-чуу менен сүрөп, мактап, кеңеш айтып, сактантып атышса, Маккензиге лам деп колдогон сөз айтып, дем берген бир жан болбоду. Ошентсе да Маккензи бычактардын мизи шаңгырап кагылышканын уккан сайын тишин бекем тиштенип, же чабуулга өтүп, же өз күчүнө болгон ишенимден жаралчу салкын кандуулук менен чегинип коюп жатты. Адегенде анда эрксизден душманына карата урматтоо сезими ойгонгон. Бирок бул сезим өзүн коргоо инстинктинин алдында шак жоголуп кетти да, анын ордунда кан ичмеси кармады. Ошентип өлүм менен ажалдын ортосундагы өлө-тала кармашта цивилизациянын он миң жылы Маккензиден кабыктай сыйрылып түштү да, ал ургаачы талашып салгылашып аткан кадимки эле үңкүр адамы болуп чыга келди.

Ал Аюуну бычак менен эки жолу уруп, өзү териси да чийилбей буйтап кеткенге үлгүрдү; бирок үчүнчү жолу соккудан буйтайм деп, Аюу менен жакындан кармашып калганга арагасыз болду – каршылаштардын ар кимиси бош колу менен бири биринин бычак кармаган колун кыса кармап, кайрып киришти. Мына ошондо Маккензи душманынын үрөйдү учурган оңбогондой карылуу күчүн болушунча сезди. Тарамыштары карышып, чыңалуудан көөп чыккан кан тамырлары жарылып кетейин деп турду… орус бычактын мизи болсо жакындагандан жакындап келатыры… Каршылашынын кысымынан жулкунуп чыгам деп атып тескерисинче, шайы ооп калды. Экөөн шакектей тегерете курчап алышкан жүн кийимчен адамдар ого бетер кысмактай тыгыздап курчап келишти – мына азыр акыркы бир эле сокку урулса, кармаш ошону менен бүтөөрүнөн эч ким шек санабай турду. Баарынын чыдамсызданып, жүткүнө моюн созгону, каалаганы да мына ошол акыркы шумдук соккуну көрүп калыш эле. Бирок жоонун колуна оңой өлүп берер Маккензи бекен, тажрыйбалуу балбандын ыгына салып туруп, четке буйтап чыга берди да, атаандашын башы менен карс урду. Артка чалкалай түшкөн Аюу тең салмагын жогото түштү. Маккензи ушул ирмемди пайдаланып, болгон салмагы менен Аюуга атырылып тийип, аны көрармандардын чөйрөсүнөн алыс, тебеленбеген терең карга ыргыта сокту. Ал жактан араң туруп чыгып келген Аюу күшүлдөп кайра Маккензини көздөй умтулду эле, так ушул учурда:

— О, менин эрим! — деген Заринканын доошу чыңк этти, бул сак бол деген белги эле.

Чымырата тартылган жаа жибинин күүлдөгөн үнү кулакка угулду, Маккензи ылдый бүгүлө калганга үлгүрдү, — учу сөөк жебе анын үстүнөн зуулдап учуп өтүп, Аюунун төшүнө кадалды да, ал аз жерден жетпей калган душманын баса кулап түштү. Секунда өтпөй Маккензи кайра ыргып турду. Аюу былк этпей жансыз сунала жатып калды, бирок оттун ары жагындагы бакшы экинчи жебени коё бергенге камданып калган экен.

Маккензи оор бычагынын миздүү учунан кармап туруп кыска шилтеп жиберди. Чагылгандай жарк эткен бычак оттун үстүнөн учуп өтүп, бакшынын так кекиртегине сабына чейин сайылды. Темтеңдей түшкөн бакшы жалбырттап алоолонуп аткан оттун үстүнө кулап түштү.

 Клик! Клик! – Тлинг-Тиннехтин колунан мынтыгын тартып ала койгон Түлкү патронду мынтыктын октогуч сайына сала албай, куру убара тартып атты, анан Маккензинин каткырыгын укканда мынтык колунан ыргып кетти.

— Демек, кыйынсынган Түлкү али бул оюнчукту кантип пайдаланганды билбейт экен да? Демек, ал катын турбайбы? Келе бери! Мынтыкты бер, кантип октогонду мен сага көрсөтөм.

Түлкү ыңгырана туруп калды.

— Келе дебатам, биякка!

Түлкү кагуу жеген күчүктөй жакындап келди.

— Мына минтип эле октоп коёт муну, болду.

Патрон ордуна салынып, машаа тырс этти да, Маккензи мынтыкты ийнине илди.

— Түлкү бүгүн түнү улуу иштер болот деди эле, чын айткан экен. Улуу иштер болду, бирок аларды Түлкү кылган жок. Эмне, ал дагы эле Заринканы алачыгына алып кетсем дейби? Ал да бакшы менен Аюу кеткен жакка кеткиси келеби? Жок? Жакшы!

Маккензи акырая бир карады да, ары бурулуп барып бакшынын кекиртегинен бычагын сууруп алды.

— Балким, муну жаш аңчылардын ичинен кимдир башка бирөөлөр да каалап тургандыр? Эч ким каалабайбы? Жакшы. Тлинг-Тиннех мен сага бул мынтыкты экинчи жолу берип жатам. Эгер качандыр бир кезде Юконго баргың келсе, анда муну бил: Бөрүнүн алачыгында сени дайыма оттун жанындагы орун менен дүйүм тамак күтөт. Эми түн күнгө алмашып баратат. Мен кетип баратам, бирок кайра кайрылып келишим да ыктымал. Акыркы жолу дагы айтып коёюн: Бөрүнүн Мыйзамы эсиңерде болсун!

Маккензи Заринкага жакын келди, калгандар болсо ага кудурети күчтүү кереметке карагандай аңкайып, жардана карап турушту. Заринка чананын алды жагындагы ордун ээледи да, бир орунда тура берип буулугуп калган иттер кар ызгытып, желе жорто жүрүп кетишти. Бир нече мүнөттөн соң алар закымдай бүлбүлдөп көрүнгөн токойго кирип кетип жок болушту. Ошондо ордунда катып турган Маккензи лыжасын байланды да, алардын артынан кетмекке кам урду.

— Бөрү, беш чоң куту тамеки берем дегенин унутуп калдыбы?

Маккензи акырая карап Түлкүгө бурулду да, бирок ошол замат күлкүсүн араң тыйды.

— Мен сага кичинекей эле бир куту тамеки берем.

— Мейли, Бөрү айткандай болсун, — акырын айтты да Түлкү колун созду.

 

© Жек Лондон
    © Кыргыз тилине которгон Б. Шаматов, 2019

 


Количество просмотров: 370