Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Айдарбек Сарманбетов, 2018. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2019-жылдын 27-ноябры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Капсалаң доор. Карга аке

Тарыхый-көркөм роман

Кыргыз тарыхындагы эң кайгылуу жунгар-калмак баскыны, Кокон хандыгынын коогасы, Абылай хандын “Жайыл кыргыны” ж.б. окуялар орун алган коогалуу доор, ХVIII кылымдын башынан ХIХ кылымдын биринчи чей-регине чейинки мезгилде жашап өткөн кыргыз элинин “түшпөс бий”, “акелердин аксакалы” аталган тарыхый инсаны – Карга Мендегул уулунун (1718-1828) өмүрүндөгү урунттуу учурлар, эл кызыкчылыгындагы ишмердүүлүгү, акылмандыгы даректүү далилдердин негизинде көркөм ча-гылдырылды. Ошондой эле Карга акенин “баш тоголо-туусунун” аркасында Боронбай Меңмурат уулунун бугу уруусуна жана жалпы эле Көл өрөөнүндөгү элдерге чоң манап-султан болуусу, кыргыз элинин Бугу уруусунун Рос-сияга кошулушу ж.б. тарыхый окуялар романда даректүү-көркөм баяндалат. Роман Карга Мендегул уулунун 300 жылдыгына карата жазылып, жалпы окурмандарга арналды.

Сарманбетов Айдарбек. Капсалаң доор. Карга аке: тарыхый-көркөм роман. – Б.: Принт Экспресс, 2018 китебинен алынды.

УДК 821.51

ББК 84 Ки 7-4

С 20

С 4702300100-18

    ISBN 978-9967-472-98-3

Карга МЕНДЕГУЛ уулунун 300 жылдыгына арналат

 

КАСИЕТТ КАРГА АКЕ

Ар мезгилдин заманына карай адамы.

Кеңеш убагында талапка карай «тап», «тап күрөшү» өкүм сүрүп, мурунку аттуу-баштууларды, бардар адамдардын көбүн тап катары жойгону замандын агымын буркан-шаркан түшүргөн. Ага ак-карасы да, маскарасы да аралаш аккан.

Эзелтен эл башында билги, эстүү адамдар турган. Эл ичинде төбөсү көрүнүп баш көтөргөндөр барк, сөз билгендер нарк күтүшкөн. Кадырмандары жок калк болбойт. Ошондой кадырман адамдардан каралык, абройлуудан алалык издеп кыйкымдап, жерип келбедикпи. Бий, байлардын балдары билинбөөгө аракет кылып, кылмышкердей кымырынып ойлорун да, бойлорун да жашырышкан. Жашоо парзы ушундай.

Мурунку капшапка кабылган, унутула баштаган эстүү-баштуу адамдардын атын эми батынып, баш көтөрүп айтып жатабыз. Жетимиш жыл бою аларды акаараттап келип, айткан сөздөрүнүн далайынан ажырап, аларды билгендердин көзү өтүп кетип, өкүткө дуушар болдук. Эгемендиктин аркасы менен Ысык-Көлдөгү акелердин арбагы козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Карга аке (1718-1828) – оозунда сөзү, калкка калыстыгы бар адам. Аркы кылымдарда жашап, калмак-жунгарлардын калабасынын да капшабына кабылган: «Жонгорлуу жоодон сактасын, жоболоңдуу доодон сактасын», «ойроттон шок чыгат, оюндан от чыгат», «коктуу калмак кор кылды, колотуңду тор кылды», «калмак каймагыңа көз артпайт, аймагыңа көз артат», – деп калк тагдырына кабыргасы кайышкан, жоого кыраакы болууга чакырган.

“Карга ата”, “Карга бий”, “Карга аке” аталып келген улуу адамдын өмүрү да идеологиялык коркунучтан улам өзүнүн эле атка минер, тың чыкма урпактарынын ата-тегинен коркуп-үркүүсүнүн айынан унут болууга айланган.

Бир чеченден:

– Кол баштоо кыйынбы? Жол баштоо кыйынбы? Сөз баштоо кыйынбы, – деп сурашат.

Анда чечен:

– Кол баштоо кыйын эмес – көк найзалуу эриң болсо, жол баштоо кыйын эмес – ээрчиген элиң болсо, мына, кыйындын кыйыны – сөз баштоо, – дептир.

Анын сыңары, түп аталардан сөз баштоо түмөн түйшүк, түйүндүү иш болуп, айсыз караңгыда карайлап, жол боолголоп бастырган жолоочунун кейпине жараша иш экен.

Элде калган элес-булас учкундан шоола издеп, Карга акенин жарыгынын жалынын, адамдыгы менен арымын, эси менен элесин көз алдыга келтирүүгө аргасыз аракет кылат экенбиз. Аралык алыс, үч кылымга тете мезгил өтүп, уламалар унут калган. Мезгилдин боз бороону көп нерсенин көзүн бүтөп салган. Эселек кезде аталардын сөзү ар-намыс, чоң мурас экенин билбеппиз, көңүлгө илбеппиз.

Совет доорунда таалим-тарбиябыз башкача болду, жаңы заманды жар салып, эскини эстен чыгардык. Мурдагы чыгаан адамдар, акылмандар сөзү эскилик, эскини көксөө катары бааланып, аны сөзгө алгандар, жазгандар өз көлөкөсүнөн үркүп калган. Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Казыбек эл бийлеген бийлердин, байлардын сөзү кечээги күнгө чейин куугунтукталып келгени төгүн да, тегин да эмес. Ата-жотону унутуп, азыркы жаштардын көбү өз атасынан ары, өткөнүн билбей калды.

Көлдө акелерди ачык айта баштаганыбызга да аз эле убакыт болду. Алардын айрым тукумдары деле аталарын атоодон айбыгып, кызматка залалы тийбесин деп жашырынып-жамынып, кай бири башка атанын атын тутуп, амалданып келишпедиби. Мезгил, шарт, заман ошондой болчу.

Эгерде элдин рух дүйнөсү өчсө, аны эң сонун мамлекеттик түзүлүш да, дүркүрөп өскөн экономика да өлүмдөн сактап кала албайт.

Ѳзөгү чирик бак-дарак акыры кулап түшөт. Мүмкүн болгон эркиндиктердин ичинен уятсыздыктын, абийирсиздиктин эркиндиги биринчи орунга жулунуп чыгат.

«Биздин жан дүйнөбүздүн кыйрап жатышы – өтө коркунучтуу келечек», – деп орус жазуучусу Александр Солженицын эң таасын-таамай айткан.

Жан дүйнөбүздөгү улуттук руханий дөөлөтүбүздүн эгемен болгон заманда да солгундап тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Ѳткөндү унутсак, келечек бизди курутат.

Жети акебизди жете билгенибиз жакшылыктын жышааны. Улуттук маданиятыбыздагы жакшы жышааналар: манасчылык, төкмөлүк, комузчулук, салттуу оюн-зооктор кайрадан көңүл чордонуна алынып, өркүндөтүлүп жаткандыгы үмүт отун тутантып отурат.

Кудай сүйгөндөн Карга акеге кылымдан артык (110) жаш, акылман баш, он уул берген.

Бугунун Желдең уругунан чыккан Карга акеөмүр бою бий болгон. Бий болгондо да калыс бий болгон. Калыстыгы казак, кыргызда аңызга айланган. «Калыстыкты Каргадан тап» деген калк сөзү бекер айтылбаган. Калыстык жөнүндө Карга акенин айткан сөзү да бүгүнкү күнгө айтылгандай таасир калтырат: «Калыстыгы жок акимдин калкка кереги жок», – деген экен.

Бул улуу инсан 1718-жылы жарык дүйнөгө келген. Андан бери үч жүз жылдай убакыт өттү. Канча заман, кандай алааматтарды баштан кечирбеген. Кийинки акелер аке аталганга чейин эле Карга аке Карга аке болуп аталып келген. Ага далил окумуштуу Нурбек Акматовдун (Ысык-Көл топонимиясы, Каракол-2009, 181-бет) китебинде «Карга акенин өстөнү (арыгы)» деген топонимдин Жаргылчакта жолугарын: «Бул арыкты Карга аке жер иштетиш үчүн чаптырып, суу алган арык болгондуктан, ушундайча аталган», – деп жазган. Экинчиден, Карга акенин жаткан жайын «Карга акенин коргону» деп биздин ата-бабалар абалтан бери айтышкан. Азыркы муундар да ошондой аташат. Согушка кеткенде ырым кылып, касиет көрүп, топурагынан ала кетишкен. Демек, өстөндүн да, коргондун да Карга акеге таандык аталышы көз жумгандан мурда эле Карга акенин «аке» аталганын айкын-ачык айтып турат. Биздин эле чоң энелер Карга акени «Сагызган аке», «Сагызган ата» деп тергешкен. Атын түгүл «Кар» деген муунун да айтуудан айбыгып, ыйбаа-ызаат кылышкан. Карды «күртүк», караны «ымырт», картөшкөнүн кар дегенин айтпай, тим эле «төшкөй», карынды «курсак» деп тергешкен. Эгерим «кар» катышкан сөздөрдү да оозго алышкан эмес. Карыган дебей «улгайган» деше турган. Бул өзү Карга акенин касиетин сыйлоодон, ага таазим кылуудан келип чыккан. Мындай касиет окумуштуу этнограф С.М.Абрамзондун китебинде да айтылганы кошумча далил. Үчүнчүдөн, Карга акенин уулдарынын улуусу – Чотон, Чотондон Жүзбай, Жүзбайдан Жоомарт молдо. Ал Карга акенин тукуму жана чоң молдо болгону үчүн түрмөгө отуруп чыккан. Казыбек өңдүү эле казалчы болгон экен. Тилекке каршы ал кишинин толгон кол жазмаларын байбичелери катып жүрүп, Турусбек деген молдо:

– Байбиче, Молдокемдин кол жазмасы бар экен. Эч кимге көрсөтпөй окуп туруп, кайра берейин, – деп алып, ошол боюнча өзү каза болуп, аялы артынан удаа көз жумуп, кол жазма кайта колго тийбей калат. Турусбек молдонун артында жалгыз кызы калган имиш, ал да кайда тийип кеткенинен дарек жок. Анын деле артынан сая түшөр киши көрүнбөйт. Кайып-каскагынан чемодандагы гезиттин астында байкалбай арап ариби менен жазылган бир аз бет кол жазмасы калып калган экен. Кийин ал кол жазманы Бектемир тууганы мага берип, анын айрым саптарын «ZAMAN» газетасына бастыргам. «Алтынды дат баспайт» демекчи, 18-кылымдын башында туулган Карга акенин дайын-дареги ушу күнгө чейин урпактарга жеткени ал кишинин элге кылган эмгеги, артында калган асыл сөздөрү болуп отурат:

Кудайдын бергени угулбайт,

Жалгаганы туюлбайт.

Эр менен эрдин эрегишинин эбин тапса болот,

Эл менен элдин эрегишинен кудай сактасын.

Эр эрегиши мал менен бүтөт, эл эрегиши кан менен бүтөт.

Казак коргон болбосо, кыргыз ойрон болот.

Кыргыз бел болбой, казак калмакка тең болбойт.

Аздын шору арбын.

Тең туугандан кем тууган жаман.

Эрин сойсоң – эли бар,

Малын чапсаң – беги бар.

Араздыктын айласы акыл менен табылат.

Жамандык жанга батканда жан аялбайт.

Жер жабырын казган билет,

Калк кадырын азган билет.

Жол катуусун баскан билет,

Жан таттуусун качкан билет.

Жылдыздын сырын асман билет,

Жылкынын сырын баккан билет.

Туякка – жер тирек,

Канатка – жел тирек

Карага – мал тирек,

Канга – эл тирек.

Ынтымак – ырыстын иши, ырк кеткен – уруштун иши.

Коркоктун чокмору койнунда чирийт.

Көлдү көзүңө сүрт, бутуңу малба.

Алачыктын уугу жер таянат, адамдын улугу эл таянат.

Жоголуп табылган мал олжо, ооруп айыккан жан олжо.

Көлдө көлөкө жок, көпкөндө береке жок.

Жараганы керекке – жеген малда береке.

Мал күткөн марыйт, малсыз жан кантип жарыйт?

Күткөн малдан береке.

Көтөрүмдүн көпкөнүн көз тоюнганда көр.

Илкиген мал ирденет, тири карак тирденет.

Жетесизди жетелеген убара.

Күнөө кылгандын күйүтү ичинде.

Алтынды таш катат, акылды баш катат.

Сабыр – сакалдууда, санаа – акылдууда.

Эл көрүп сөзү ачылат, жер көрүп көзү ачылат.

Жалгызды тул дейт, жаманды кул дейт.

Темирди корго малат, телини шорго малат.

Сөздүн көбү дурус эмес, төбү дурус.

Тең тууганга текебер кылба.

Сараңга бересе болбо, санаасы бузукка келеке болбо.

Кыргыз мал асырайт, сарт там асырайт.

Жүз жашка жүк оор, жүдөөгө түк оор.

Жылың жай өтсүн, жаның бай өтсүн.

Сараң санаадан өлөт.

Бир үйдү билген аялда чен барбы.

Төөнү буйла жетелейт, төрөнү айла жетелейт – сыяктуу толгон акыл насаат кептери – келечек муунга калтырган Карга акенин мурасы.

Карга аке – калыс, акылман, алдыны көрө билген, көсөмдүгү менен калкына кадыры өткөн адам. Ой чабыты кенен, чечен, эл тагдырын ойлогон, элге жакшылык тилеген, элге жакшылык жасай билген, батакөй инсан болуптур. Анын калк ынтымагын жогору баалап: «Эккенден дан чыгат, эрегиштен жан чыгат», «ынтымак оңдуу болбой, ырыскы жөндүү болбойт», «калыстыгы жок бийдин калкка кереги жок» өңдүү акылман сөздөрү бүгүнкү күн үчүн да, келечек муундар үчүн да айтылган керээз, насааттай туюлат.

Артына сөз калтырбаса, акенин акелик касиети кайсы. Бийликти да, байлыкты да, душман запкысын да башынан өткөргөн улуу даанышмандын турмуштук көз караштары өзгөчө баалуу.

Элде: «Калыстыкты Каргадан үйрөн», «Карга акенин касиети, оозунда осуяты бар», – деген кептер бекеринен сакталып калган эмес.

Карга аке журт биримдигин, жоодон сак болууну, коогалаңдуу жаңжал кор кылгандыгын, ойрот, калмактар оң кылбасын кабыргасы кайышып, өтө тынчсызданып: «Чыккан күндүн да батаары бар, тирүүнүн кайтаар катары бар. Улуу жаштын учурунан өттүм. Бизге чейин да бир катар акылмандар өткөн. Калктын тынчы кетип, калмактын азабынан кайда барбады, кайда калбады.

«Калмак – кара көпөлөк, каптаса чаңды көтөрөт», – дешчү эле. Жоонун жоругун билбей, кордугун көрдүк. Жоо бар жерде жоболоң, ырк кеткен жерде тополоң. Жоонун жолунан чыккылык кылбасын. Жоо аябайт, жаш-карыңа карабайт. Алсыз басынат, арсыз чабылат. Алыңа карап айбат кыласың, карууңа карап кайрат кыласың. Жоо күчтүү болсо – качасың, кайгыга батасың. Эр башынан эмне өтпөйт. «Калмактын камчысы кайрылбасын, калкым көлдөн айрылбасын», – деген ичимде бугум, көңүлдө зарым жаныма тынчтык берчү эмес. Кудай элдин тилегин кабыл кылды. Калмактын камчысын каруусунан какты, калмак жоо ниетинен тапты. Бешенебизге жазган Көлүбүз өзүбүзгө буюрду. «Ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың». Биримдикте, бир тилекте болуп ырыскыга буюрган ата конуш жерибизди, чакан элибизди бириктирип, таштын уюлундай биригели.

Бирлик болбогон тирлик курусун. «Чачкын болсок – чабылабыз, бир балаага кабылабыз. Бүтүн болбосок – бүлүнөбүз, санаасы бузукка бүгүлөбүз», – деп айткан экен.

Карга калыс да, алыс да, караган адам болгон экен.

«Атаганат, оруска көл кыргызы эле эмес, бүт кыргыз карасак, ошондо күчтүү болор белек? Арга түгөнсө, ар кайсыга баш катат тура?» – деп татар миссионер менен эчен жолу ой бөлүшөт. Бул иш көл бийлеринин баарынын көңүлүндөгү көйгөй эле. Карга аке бул иштин чоо-жайын Боронбайга айтып, акыры Боронбайдын аракети менен ишке ашкандыгы ар кимге аян. Оруска кошулуунун жолу да оңойго турган эмес. Анын да азап-машакаты арбын болгон. Ошентип, тагдыр таразасы оруска кошулууга оогон. Бийлерди үгүттөп, тилмечтик кылып, орустардын маалыматын берген Файзулла көл кыргызынын оруска кошулуусуна ынтызар болгон, көп эмгек жумшаган.

Көл өрөөнүнүн оруска кошулушунун дипломатиялык жолун Боронбай султан эң кылдат таап, кыраакы чечкен. Албетте, мында Карга аке баштаган акыл кошор адамдардын да, орустун түшүн жоруган, эки элдин тилин суудай билген, данакер татар Файзулла тилмечтин да эмгеги зор.

Карга бийдин өмүрү кайнаган калаймандын чордонунда өткөн. Калмак жапырыгы, бөлөк эл, бөтөн жерде болуу, чабылып-чачылуу, көлгө келүү, ыдыраган элдин биригүүсү, оруска кошулуу маселелери, эл тагдыры анын жанына жай берген эмес.

Ал эл бирдигин туу тутуп, ынтымакты көздөө менен, терең, акылмандыкка сугарылган олуттуу ойлорду айткан даанышман болгон.

Үсөнбек Асаналиев,

филология илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

 

АВТОРДОН АЛГЫ СѲЗ

ХVIII кылым толук, ХIХ кылымдын башында бүтүндөй дүйнөдө капсалаң доор өкүм сүргөнү тарыхтан таасын белгилүү. Дүйнөнү дүрбөткөн окуялар удаама-удаа өкүмдөнүп, цивилизация ар тараптуу жаңырууга ык алып, катуу “толгоо тартып” турган кез эле. Европанын өзөктүү өлкөсүнүн бири болгон Австриянын тактысы үчүн франко-испан менен англистер ортосунда кандуу талаштар жүрүп, француз-англистердин деңиз согушу күчөп, жети жылдык узак согуш башталып, атактуу Рим империясы биротоло кулап, Францияда улуу көтөрүлүш чыгып, аёосуз жазаланып, Россия болсо Турция менен согушуп жаткан Австрияга кошулуп согушка кирип, ага удаа шведдер менен согушуп, прусстарды талкалап, германдар жапатырмак Россияга көчүп кирип, Жер Ортолук деңизине жандими умтулуусунан орус-түрк согуштары күчөп, ал ортодо Е.Пугачёв көтөрүлүшү чыгып, Европа бүтүндөй дүрбөлөң түшүп жатса, жердин наркы бөлүгү да дүрбөп, Түндүк Америкада англистер менен француздар Түндүк Американы талашып кан төгүлүп, көз карандысыздыгына умтулушкан жергиликтүү индеецтердин көтөрүлүштөрү улам чыгып, кан төгүүлөр менен алар күчтөп басылып, дүйнөдөгү күчтүү деңиз державалары болушкан Англия, Испания, Франция, кийин Турция кошулуп, Австралияны басып алуу аракеттерин күчөтүп, Англиянын колониясы болгон Индияда катуу ачарчылык болуп, эли кырылып... капсалаңдуу доор өкүм сүрүп жаткан.

Мындай “оорудан” Азия, анын чордону болгон Борбордук Азия элдери да сырткары калышкан эмес. Көөнө кытай империясынын тирөөчтөрү “эскирип”, алсызданып, өз алапайын таппай жатканда манжурлар өкүмдөнүп, алардын батышындагы Жунгария күчөп, Азиянын борборунда үстөмдөнүп, баскынын күчөткөн. Түндүгү Алтайды, батышындагы кыргыз менен казактарды жеринен сүрүп чыгып, Ташкенге чейинки зор аймакты каратып алган. Акыры айбаты катуу хан Цеван Доржу өлгөндө анын тактысын талашуу күчөгөндөн пайдаланган Цинь-Кытай коогалуу Жунгарияны талкалап, ойрот-калмактарды кырып, калганын кыргыз-казактар талкалап, кутулуп чыккан азыноолагы Эдилдеги (Волга) калмактарга барып кошулуп, орустардын карамагында болуп калышкан. Ошенткен менен эски журтунун кокту-колотунда жашырынып, аман калышкандары кыргыздардын четки, бейгам жаткан айылдарын чаап, малын, кишилерин айдап кетип, дагы эле кандуу чабыштарды улантып, биротоло тынчып калышкан эмес.

Ошол, опурталдуу заманда Кокон хандыгы да “көз жарып, телчигип”, баралына толуп, коңшуларына коога жарата баштаган. Оош-кыйыш мезгилинен биротоло өтүп кете албаса да, ордосун бекемдеп алган соң жакынкы кыргыз, казак эл-жерин ээликтеп, көз каранды кылып алууга умтулган.

Көлдүк жети акенин аксакалы, даанышман Карга Мендегул уулунун (1718-1828) өмүрү дал ушундай капсалаңдуу доорго туш келген. Анын 110 жылдык тагдырына түндүк кыргыздары үчүн эң кайгылуу – Жунгар-калмактарынын кандуу чапкыны, Кокон хандыгынын баскынчылык аракеттери, ага удаа Абылай хандын баскыны окшогон олуттуу окуялар туура келген. Жунгар-калмактардын баскынынан “казактар кайың саап, кыргыздар Гысар, Көлөпкө тентиген” калайман кезеңде жаш Карга өзүнүн бугу уруусу менен бирге Ысык-Көлдөн Кетмен-Төбөгө сүрүлүп барып, баскынчы калмактарга каршы кандуу согуштарга Эр Солтоной Бердике (саруу), Тынай, Атаке (сарыбагыш), Ныша (солто), Качыке (саяк) ж.б. атактуу кыргыз баатырлары менен бирге катышып, акыры ата-журтун баскынчылардан тазалаган соң эли менен бирге кичи мекенине кайрадан көчүп келип, жайгашканы эл оозундагы санжыралардан, урпактарында айтылып калган маалыматтардан улам белгилүү. Карга Мендегул уулу өзүнүн Желдең уруусуна 70-80 жылдай бий болуп, “түшпөс бий”, кийин “аке” аталганы ушул кезге чейин эли ичинде аңыз болуп айтылып келет. Ошол, калган-каткан калмак жасактарынын тынчыбаган чапкындары, коңшу Кытай империясынын, Кокон хандыгынын тымызын бузукулук, баскынчы аракеттери, алдуу-күчтүү казактардын айрым журт башчыларынын чагым, баскыны коога салып турганын кылдат баамдай билген Карга аке – Көл башындагы бугу урууларын бириктирип, Россиянын колдоосун алуу менен сырткы күчтөрдүн басып алуучулук коркунучтарынан элди-жерди куткаруу аракетин демилгелеп, ал аракеттерге чыйыр салып кеткен даанышман инсан. Ал ойлорун, далилдүү булактарда айтылгандай, Боронбай Меңмурат уулун алгач Бугу уруусунун, андан он эки жыл өтүп, жалпы Көл өрөөнүнүн башкы бийчоң манаптыгына дайындалуусуна, ал жана кийинки албан иштерди ишке ашырууда Боронбай чоң манапка кеп-кеңештерин берип, насааттап, багыттоосу аркылуу ишке ашырган. Ал өз мезгилиндеги адилет, эл тагдырынын келечегин көрө билген көсөм чечим болгон. Кийинки, Кокон хандыгына моюн бербөө, Кытай империясынын көз артуусунун токтоосу, сарыбагыш-бугу согуштарында ал чечимдин тууралыгы толук ырасталган. Кыргындуу Үркүндү жана Кеңеш өкмөтү мезгилиндеги улуттук басынууну бетке тартып, бугулардын Россияга алгач кошулуусун айыптап, жаңылыштык катары санап жатышкан “акылмандар” тереңден ойлонушса: бир жарым кылым мурда бытыранды кыргыздар Кокон хандыгына же Кытайга букара болуп калышса анын соңу кандай болмок? Ѳз алдынча, бирдиктүү мамлекет боло албагандан улам сырткы коркунуч-коогалардан баш калкалаган Чүй, Нарын, Талас кыргыздары он жыл өтүп Россияга кошулуп, бугулардын тууралыгын ырастаган жокпу? Кокон хандыгынын курамында калышкан түштүк кыргыздары канчалык катуу каршылык көрсөткөнүнө карабастан 1876-жылы Россия тарабынан күчтөп каратылып алынбадыбы. Ошондо Кокон хандыгы кыргыздарды коргоп кала алган жок. Ѳз башынын алапайын таппай, катуу кризистеги Кытай да коргой албайт болучу. Падышалык Россиянын сүрү менен алардын кыргыздарга карата арам ойлору басаңдаган. Россия Федерациясы өзөгүн түзгөн кийинки Кеңеш бийлиги падышалык Россиянын каскагынан улам чыккан Үркүн трагедиясында Кытайга ооп кеткен кыргыздардын кырылып калбай, мекенине кайтуусуна шарт түзүп, Кыргызстанга жалпы сабаттуулукту, электр энергиясын, жеңил-оор өндүрүштү, жол тармактары сыяктуу стратегиялык маанидеги өнүгүү тармактарын алып келгендигин, алардын аркасында дүйнөлүк цивилизацияга кошулуубузга эгедер болгонун кантип танабыз? Кийинки, падышалык, тоталитардык бийликтин запкысын бетке тартуу, бөрктү аңтарасынан кийип алуудай эле акылсыздык. Алардан карапайым орус элинин өзүлөрү да катуу запкы тартышканы жалганбы? Азыр, эгемендүү мамлекет болуп турганыбызда деле Россиядан биротоло кол үзүп, “эркин” болуп кеттикпи? Али да сырткы коркунучтарыбызда башкы таянычыбыз, миллионго чукул мекендештерибизди батырган башкы өнөгүбүз... Россия болууда. Ошондой, ооматтуу өнөктөн өз кызыкчылыгыбызды коргоп кала албаган өзүбүз күнөөлүү экенибизди бөйрөктөн шыйрак чыгарган сасык саясатчы, тайыз тарыхчылар тааныгысы келбей, өзгөлөргө доо оодарышат.

Карга аке ошондой, жүз жылдаган келечекке кеңири алкакта ой жүгүртө алган акылман, алысты көрө билген көсөм болуу менен бирге өз жеринин, аймак элдеринин арасында ата журтунун кызыкчылыгын, келечегин алгач ойлоп, баарынан жогору койгон мекенчил, өз менен өзгөгө бөлбөгөн баарыга калыс, адамдык акылгөй сапаттары аркылуу жалпыга үлгүлүү, тарыхый инсан болгону белгилүү. Ушундай, сейрек, бийик жана элдик сапаттарды туу туткандыгы үчүн аны айланасындагылары гана эмес, коңшу элдер да “аке” аташып, урматташкан. Ага Карга акенин 110 жыл татыктуу өмүр сүрүп, өз замандаштары арасында баарынан улуу аксакал адамы болгону да өз таасирин тийгизсе керек. “Жаш сурасаң Карга акеге бар” деп тегин жерден айтылбаган. Көл кылаасында жаш айырмасына карата “байке”, “ава”, “аксакал” деп сый-урмат менен кайрылуу адат. Ал эми жүздөн ашкан, болгондо да акылман, элдик, урматтуу адамды “аке” деп сыйлап атоо мыйзам ченемдүү. Мындай, “аке” элдик даражасына татыган көлдүк (жалпы эле кыргыз калкында) жети аке тууралуу сөздөр, алардын татыктуулугунун айланасында чейрек кылымдан бери чоң-кичине жыйындарда, ММКларда жетиштүү эле айтылды. Алардын аксакалы Карга аке экендиги да айрым талаш-тартыштар, ынанымдуу далилдер аркылуу айныксыз далилденди. Ага эки жүз жылдан бери эл оозунда унутулбай айтылып келаткан “Карга акенин коргону”, “Карга акенин өстөнү” деген аталыштар, 1996-жылда өткөн акебиздин 280 жылдык мааракесинде элдик академик, токсон бештеги атактуу тилчи-энциклопедист Кусейин Карасаевдин “Калыстыкты Каргадан тап” деген сөздү аталардан уккамын, Карга аке – акелердин акеси, аны аке дебеске аргабыз жок” деген сөздөрү даана далил. Мындай көптөгөн далилдерди кайра чайнап олтуруу орунсуз.

Мына, улуу инсаныбыздын удулу келип, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү тарабынан “Карга акенин 300 жылдыгы” расмий, мамлекеттик деңгээлде белгиленип олтурат. Анын шарданында улуу инсаныбыздын урпактарынын демилгеси менен өзү негиздеген Даркан айылында эстелиги орнотулуп, ушул “Капсалаң доор. Карга аке” тарыхый-көркөм романы жазылып, коомчулукка сунушталды.

“Акынды тагдыры жараткандай” эле, улуу инсандарды да өз заманы, доору жаратат. Анткени, жамандыктын жакшылыгы, каранын агы сыяктуу жеңишчил мыйзамченеми болгондой эле кандай гана оомал-төкмөлүү заман болбосун ага жараша кыйынчылыктардан жол тапкан акылман, жеңиш-жакшылыкка баштаган эл башчыларын да жаратат. Жамандыкты жакшылык, караны ак дайыма жеңет. Жашоо көчү ошентип уланат. Ал алмустактан берки адамзат тарыхынан канык белгилүү. Табигаттын татаал мыйзамченеми ошондой. Ошол өңүттөн алганда Карга аке да өзү жашап өткөн капсалаңдуу доордун шооратынан жаралган. Андай көсөм, даанышман инсанга ошол кездеги эли-жери муктаж болчу. Адамдын кимдиги, бийиктиги менен кемдиги өз заманындагы орду менен аныкталат. Карга акенин инсандык парасатын аныктап, көрсөтүү үчүн ал жашаган “капсалаң доор”, ошол учурдагы алыскы, коңшу элдердин ахыбалы, коогалары, өз замандаштары менен бирге каралганы ошондон улам. Ансыз курулай мактоо, куру кыйкырык болуп калмак.

Бул романда Карга акедей тарыхый, бийик инсан тууралуу замандаштарга кенен маалымат берүү менен катар аны келечектеги муундарга насыйкаттоо максаты көздөлдү. Анткени акелердей элди алдыга, акыл-эстүүлүккө жана биримдикке үндөгөн акыл казынасынын уюткусу кыргыз элинин бардык муунуна керек зарылдык. Акыл казынасысыз, ынтымаксыз адамга улут катары алгалоо, өсүп-өнүү жок. Ошондой эле кийинки кездери турмуш бүктөмүндө калып, баа берилбей келаткан кыргыз элинин көөнө, улуттук каада-салттары, адеп-ахлагы, муундар ортосундагы сый мамилелери сыяктуу улуттук бай дөөлөттөрдү жаш муундардын “кулагына күмүш сырга” катары “тага” кетүү бул романда максатталды.

Карга акенин алтынчы урпагы Берикбаев Болотбек Жумагулович мааракеге карата китеп жазып берүү сунушу менен мага алгач кайрылганда эле ушундай түйшүктүү, бирок адилет, угуттуу максатты көздөйлүк деген сунушумду ал дароо колдоду. Экөөбүздүн капыс табышуубузга элдик өнөрдү туу тутуп, татыктуу көтөрүп келе жаткан манасчы-доктор Талантаалы Бакчиевдин салымы зорлугун да айта кетпесем болбойт.

Ишибизди эң алгач Карга акенин Даркан айылындагы коргонуна барып, урпактары менен биргеликте арбагына куран окутуудан баштадык. “Арбайылар ыраазы болмоюн, тирүүлөр баркталбайт” эмеспи. Ошондон улам болсо керек, аракетибиз башынан эле ийги жүрүп кетти. Санжырачы, тарыхчылар издетпей табылып, көмөктөшүп, зарыл материалдар, китептер, кепкеңештер туш-туштан колго тийип, кыйынчылык жокко эсе болду. Мында, албетте, Болотбек инимдин аракеттери албан экени анык. Куран окутуудан кийин кышкы жердин тоңгологуна карабай Жуукуну өрдөтүп, Кызыл-Үңкүр, Кулаган-Таш, андан наркы ак карлуу Желе-Карагайга чейин алып барып, Карга аке байырлаган тарыхый жерлерди көрсөтүп, билген окуяларды, жер-суу аталыштарын айтып берип, санжырачытарыхчылар менен жолугуштуруп, Оргочор айылындагы санжырачылардын музейине жеткирип, архив жазмаларын табышып... романдын жазылуусунан жарык көрүүсүнө чейинки түмөн түйшүктөрдө башкы да, жалгыз да колдоочу Болотбек иним болгонун ыраазычылык менен баса белгилегим келет. Анда да “мени эч жазбай эле коюңуз” деп, бийик жупунулугун көрсөттү. Урпагың болсо ушундай болсун! Атанын уулу деген ушул.

Романдын негизги булак-өзөгүн Карга акенин бешинчи урпагы, профессор Үсөнбек Асаналиевдин, тарых илимдеринин доктору, профессор Эгемберди Маанаевдин, илимпоз-адабиятчы Кашымбек Асанбековдун, санжырачы Абдымамбетов Арсардын, жазуучу Туратбек Касымовдун жыйнаган, жарыялаган далилдери түздү. Башкасын айтпаганда да “Манас” эпосунун түп мааниси бир болгон жүздөй варианты, алтургай кара сөз түрүндө бир канча жазылышындай эле мен да Карга аке тууралуу жогоруда аталган инсандардын даректүү эмгектерине, тарыхый документтерге, окуяларга, санжыраларга, урпактарынын баяндарына таянуу менен аларды өз табылгаларым менен толуктап, Карга аке тууралуу өз “вариантымды” жазып чыктым. Анткени, Карга акебиз тууралуу, роман тарыхый, даректүү болгон соң белгилүү далилдерден четтеп, экилене көркөмдөп, каалагандай калчап, ойдон чыгарууга жол берилбеси баарыга белгилүү. Сөз удулу келип турганда романдан улам кабар алып, кеп-кеңештерин айтып, издеп-сураган материалдарымды таап беришип, мени менен бирге күйүнүшкөн көлдүк калемдеш агаларым Кыргыз эл акыны Омор Султановго, акын-жазуучу Жээнбай Күлөнбек уулуна, “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин баш редактору, акын Абдыжапар Эгембердиевге ыраазычылыгымды элге угуза айта кетпесем болбойт.

Албетте, 200-300 жыл мурдагы тарыхты, андагы талаштуу да, чаташтуу да окуяларды жазуу өтө оорго турду. Колдогу бул китептен бери эле дегенде беш эсе көп булактарды таап, кайра-кайра окуп чыгып, жаңы далилдерди издеп, аларды салыштырып, ачакейлерин тескеп, иргеп, жалпысынан да, жалкысын да ойлонуп... бир бүтүм чыгаруу менен урунттууларына таянып, сөз тандап жазуу канчалык азап экенин калемгер журту жакшы билишет. Анын үстүнө убакыт да өтө тар эле. Беш ай аралыгында күнү-түнү, баш отум менен киришип, мурда болуп көрбөгөндөй жакшы максатта “ооруп” иштөөгө туура келди. Карга аке жана киндик каным тамган Көл элинин тарыхын жазуу мен үчүн чоң сыймык. Чынымды айтсам жазуучу катары көптөн бери ушундай даректүү-тарыхый чыгарма жазууну тилек кылып жүргөн элем. Ага айтылуу жазуучу, тилчибиз Аман Саспаев, устат калемдешим Абдылда Карасартов, белгилүү адабиятчы, философ Чоюн Ѳмүралиев, адабиятчы Смальтбек Темиралиев өңдүү калемдештердин мени шыктандырып келе жаткандарына кыйла болуп калган. Акыры ак оюбуз минтип ишке ашты.

Албетте, бул китеп менен эле Карга аке тууралуу чыгармалар, иликтөөлөр токтоп калбайт. Анын кылымдан ашык өрнөктүү өмүрү, капсалаңдуу доор дагы да иликтенип, жазыла берет. Ѳзүм да бул тууралуу ишимди токтотпой, дагы да толуктап, кеңейтип жазамын деген тилегим бар. Анткени Карга акенин өмүрү, доору өтө кенен, терең, кыргыз тарыхында али толук изилдене элек. Бул ойлорум жалпы эле көлдүк акелерге тийиштүү.

Колго тийген тарыхый булактардын негизинде атактуу Боронбай Меңмурат уулунун алгач 1814-жылы Жети-Ѳгүздө бугу элинин (Кыргызстан тарыхынын маселелери, Бишкек, 2009. №27-архив документи, Кыргызстан-Россия, Бишкек, 1998), андан кийин 1824-жылы Жыргалаңдагы чоң жыйында жалпы Көлдүн чоң манабы-султаны болуусунда, Көл элин Россияга кошуусунда (Кыргызстан-Россия, док. №32, 1-2-3, Бишкек, 1998) Карга акенин “баш тоголотуп”, башкы демилгечиси, кеңешчи-насаатчысы болгону анык көрүндү.

“Карга акенин көздөгөнүн улантуучу Боронбайдын залкар эмгеги бийик баага татыйт. Устаты Карга экенине талаш жок... Карга акенин осуятын Боронбай манап турмушка ашырды деп санжыранын, тарыхый романдын жана топтолгон архивдик материалдардын негизинде бүтүмгө барганымды терең ой калчап кабыл аларын тарых илими жаатындагылардан, окурмандардан өтүнөм. Анткени, бул улуу миссияны ишке ашыргандар Ысык-Көлдүн акелеринин аксакалы Мендегул уулу Карга жана шакирти Боронбай Меңмурат уулу болгон” (К.Асанбеков, “Кыргызстан тарыхынын маселелери”, Бишкек, №3, 2009). Мындай бүтүмгө келген иликтөөлөр, эмгектер жетишерлик, табыла электери да болуусу толук мүмкүн. Карга акенин келечектүү аракеттеринин тууралыгын кийинки турмуш, тарых өзү даана көрсөттү. Анын акылгөй алгы максаттарын шакирти Боронбай Меңмурат уулу өзүнүн акылмандык, талыкпастык менен жүргүзгөн эмгегинин аркасында 1855-жылы 17-январда өзү жиберген өкүлдөрдүн башчысы катары Шералы Качыбек уулу Омск шаарындагы орус, татар, казак элдеринин даражалуу өкүлдөрү катышкан салтанаттуу аземде бугу кыргыздарынын атынан ант берип, Россиянын катарына өтүү менен акыры өтөсүнө ийгиликтүү чыгарган.

Эгемендикке ээ болгон чейрек кылымдан саал ашык убакыттан бери бизде жоктолуп келе жаткан мамлекеттик идеологиянын өзөгү – өткөн тарыхыбыз, адабият экени талашсыз. Анткени, сөз улук. СѲЗ, ТАРЫХ, АДАБИЯТ – ар адамдын, жалпы улуттун жан дүйнөсүнө – дээрине улуттук рухий дөөлөттөрдүн үрөнүн сээп, ошол улуттун өкүлү катары жарандык сыймыктанууга, көөнө кыргыз көчүн татыктуу улантууга шыктандырат. Мында атактуу акелерибиздин, Карга аке сыяктуу элдик, акылман, өмүр жолу өрнөктүү инсандарыбыздын өмүрү, элдик эмгектери уюткулук милдет аткарат. “Капсалаң доор. Карга аке” романы ошондой орошон максаттарды көздөп жазылып, жалпы коомчулукка сунушталды.

Автор

 

“Кол баштоо кыйын эмес – көк

найзалуу эриң болсо. Жол баштоо

кыйын эмес – ээрчиген элиң болсо.

Кыйындын кыйыны – сөз баштоо”.

Чыгыш накылы

 

КАПСАЛАҢ ДООР

 

Биринчи бөлүм

 

ЭКИ ПАДЫШАНЫН ЖОЛУ – ЖУУКУ

 

“Ысык-Көлдөй көл болорбу,

Жуукудай жер болорбу!”

Карга аке

 

Күмүш-тунук мөңгүлөрү жалтыр күнгө чагылышып, үстүндөгү ала булутка тумандаган чокулары көк челе шаңкайган касиеттүү Ала-Тоо. Этегинде ыйыктыгы андан кем эмес, туңгуюк ааламды алпейим чагылдырган көпкөк ЫсыкКөл. Ошондой, алмустактан бери ак кар, көк мөңгүсү кетпеген туу чокудан көк темгилдүү ак илбирс төмөндөй жыла түшүп келе жатты. Мындай, көнүмүш, көгала-буурул эмес, өзгөчө, кардай аппак илбирс өтө сейрек. Ошондон улам чокуну учкай чулгаган ак булут, карда ал көзгө даана уруна бербейт. Ал, тоо шеринин учу өөдө кайрылган узун куйругу кар чийип, басканы шырп алдырбай, жумшак. Күн ачык. Үстүдө көмкөрүлгөн көкмөк асман, төмөндө аскалары азуу тиштердей аркайган, капталы карагайчерлүү жашыл, кууш капчыгай. Ал – Жууку. Дайыма батыштан удургуп келчү ак булуттар алыстан чуудалана жылып келатат.

Илбирс ток, андан улам шашылбайт. Ызгаары келе баштаган кыш алдында аз да болсо жылынып алайын дегениби, же дайыма жалгыздап жүрүп караан сагынганбы, куйругун чубалта жай басып, төмөндөй берди. Жоон билек таманын жеңил таштап, дабышы чыкпайт. Аны ылдыйдагы көк аска учунда аркайып, кароолдо турган теке да, тоо капталдай жайылып жүргөн семиз эчкилери да кызыктырбады. Төмөндөгү тик аскалуу Бүркүт-Уядан бийикке көтөрүлүп, негедир бул чокуну каалгый айланып калган бүркүткө да кош көңүл. Токпейил күздүн күчүндө турган кези эмеспи, кычыраган, жуттуу кыш болгондо бу мүйүзү кылычтай, майы таман чыкчу теке эмес, тээ ылдыйда шакылыктаган сагызган да көзүнөн учуп калмак.

Эки кулачтай чубалган илбирс бийик асканын чокусуна келип баш көтөрүп, айланага жай көз багып турду да ыктуулап таш ортосуна бөгө кетти. Тээ, алдыда жылма тегизделген көк жакуттай чалкыган Ысык-Көл алгач көзгө толот. Дайыма ушундай. Арбалуу, көрк, касиетиңден айланайын! Үстүнө чоктуу күндүн сыныктары чачылып түшкөндөй тигинде-мындан жакуттай жалт-жулт этип, Ала-Тоосуна айкалышып чалкыганы чалкыган. Мындай керемет сулуулук болорбу?!

Бул чокудан баары алаканга салгандай көрүнөт. Жууку аталган бу капчыгайды өрдөгөн жол Кызыл-Үңкүрдө үч тарамга айрылат же кошулат. Чыгыш жолу Жети-Ѳгүз менен катташтырса, батыштап барып түштүк тараптагы Бедел ашуусун ашып кеткен жол Кытайдын Акчий тарабынан чыгып, Кашкарга алып барат. Аккочкор сынчынын бул жерлерди көрүп “Ылаңдуу мал келсе айыгаар, эки падышанын жолу экен...” дегени ошондон улам болсо керек. Ал эми ортоңкусу – өз, жайлоо жолу. Ошол, ортоңку жолдун төмөнүндө, Жети-Ѳгүз сындуу көл жээгин кыйгай кеткен кызыл тоолор баш алган Кызыл-Үңкүрдүн тушуна, Жуукунун көк кашка суусун бойлой боз үйлөр кыркалай тигилип калыптыр. Ар кими өз түйшүгү менен алектенип, оголе тынч албаган кишилердин бу жолу да жаны тынбай боз үйлөрдү аралап, кудум түйшүгү бүтпөс кумурска сымал. Деги, ушул адамдар кызык. Төмөндө, жан багуу үчүн жай албай дайым кыбырап, түгөнбөс машакаттары менен алпурушкандары аз келгенсип, тоо чокуларына чейин келип капкан, кылтак салып, тарсылдата аткылап кетишкендери неси? Ылдыйда жыйып алган мал-азыктары жетпейби аларга, же ушул бирин-экин илбээсин, кайберенден тоюнуп, байып кетишеби? Кайдан, эки-үч күнгө гана жетсе жетер, арасындагы дайыма пейили ач, нысапсыздарынын эле зардабы болсо керек. Деги булардын түйшүк, каскагы качан бүтүп, жай алышат?..

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Айдарбек Сарманбетов, 2018


Количество просмотров: 34