Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Котормолор
© Давид Маркиш, 1982. Бардык укуктар корголгон
© Кыргыз тилине которгон А. Сарманбетов, 2019. Бардык укуктар корголгон
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2019-жылдын 26-ноябры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Сагызганды өлтүргөн Кадам

Мергенчинин тарыхынан

ДАВИД МАРКИШтин романынын котормосу

Орус тилинен которгон Айдарбек Сарманбетов

Кыргыз жергесинде өмүрүнүн 60-жылдардагы бир мерчемин жашап кеткен еврей жазуучусунун (азыр Израилде жашайт) көзү менен кыргыз эли, жери, Кужайназар, анын уулу Кадам сыяктуу алайлык адамдардын Совет бийлиги келген оомалуу-төкмөлүү замандагы тарыхы жана кийинки турмушу романда кызыктуу баяндалат. Автордун орусча түп нускасынан которулду.

Давид Маркиш. Сагызганды өлтүргөн Кадам: Роман /Котор. А. Сарманбетов. – Б.: Турар, 2019. – 240 б. китебинен алынды.

УДК 821.161.1

ББК 84 Р 7-4

М 26

М 4702010201-19

ISBN 978-9967-15-871-9

 

Энеме арнаймын

«Эгерде ток болгуң келсе, колуңду булгагандан коркпо»

(кыргыз макалы)

БИРИНЧИ ТАРЫХ

 

КАДАМДЫН АТАСЫ

 

1

Бул, очойгон, кызгылт-күрөң заңги таш, тоонун бурчугун тепчий  айланып өткөн чыйыр жолдогу, атчан-жөө кишилердин таманы алдынан жаралган сүйрү, алакандын отундай аянтчанын так үстүндө асылып турчу. Атсыз адам киши ордуна саналбай, жарты жан катары карала турган бул тарапта жөө жолоочулар өтө сейрек боло турган. Аянтча көлөкөлүү, кургак келип, күн анын жарга такалган учун гана куйкалап турчу. Капчыгайды тынымсыз үйлөп турган учкаяк шамал таштын түбүнө жете берип жоошуп, аянтчада дем жыйганы токтой калган жолоочунун жанын жыргатат. Камкор бирөө жерге кагып койгон казыкка аттарын байлап коюп, таштын түбүндөгү көлөкөгө олтуруп алышкан кишилер жыттуу пияз кошулган тандыр нандан жеп, чаначтагы балкыта баш айлантып, денеге дем-кубат берүүчү кымыздан кере-кере жутушмайы адат. Таш болсо аларды үстүндө, үйүндөй калкалап турчу, анын капыстан үстүнө күп эте кулап түшөрүн ойлобогон энөө, же жеткен сабырдуу киши гана коога тартпай нанын жей турган. Кыязы, аны эч ким деле ойлобойт көрүнөт. Эс алып алган кишилер Кызыл-Суудан бу, Алтын-Кийикти жандай кеткен жалгыз аяк жол менен сапарын улап кете беришет. Бул тарапка мындан башка жол келбейт, андыктан ушуну менен келип, көлөкөлөп алып, сапарын улашат.   

Бу ташты кандай күч буерге алып келгенин да, анын төмөн, капчыгайдын таманы жакка жылмышып, аңкилдек атып кулап кетпей тоонун чөптүү жонунда кандай күч кармап турарын да эч ким билбейт. Капчыгайды түндүктөн түштүктү көздөй өрдөп кеткен тоо кыркасы кесип өтүп, жогорку, батыш учу Улуу мөңгүнүн тили учуна илинген өзөндүү өрөөнгө жайылып кетчү. Мөңгү, Памирдин тереңине жүз чакырымдай батып барып, анын муз талаалары алыстан агарып, жети миңдик бийик чокулар жапжакын – кол сунса жете тургандай көрүнчү. Ал талаалар менен чокулардын артында Кытай же Афганистанбы, же башка мамлекетиби, баштала турган.   

Улуу мөңгүгө эң жакын, кишилер байырлаган акыркы жер Алтын-Кийик айылы болот. Таң эрте Кызыл-Суудан чыккан атчан Чоң ташта саал эс алып алган соң кеч бешимде Алтын-Кийиктин тамдарына жетип барат. Жол – атка да, атчанга да оор, тажатма: капчыгайдын капталы менен чубалган жалгыз аттык жол эзели бүтпөчүдөй сезилип, ээрден төмөндү карагың келбейт – жарым чакырымдай ылдыйда таштан ташка урунуп, чабыла тийип, гүрүлдөп аккан суунун доошу кулактын кужурун алат. Ат улам төмөнгө чочуркай көз кыйыгын буруп, кулагын жапырган сайын, үстүндөгү кишини ар кандай ой-санаа басат. Анткен менен ат да, киши да төтө жолдон төмөндөгү тик туңгуюкту карабай коюуга эрксиз, жалтактап, ичиркенип, жүзүн бурганы менен кайра эле чочулап, улам көз кыйыгын сала берет. Чоң таштын алдындагы аянтчада гана аттан түшүп, жыгачтай ката түшкөн бутту жазып алууга мүмкүн болот.   

Ошентип, чоң таш болсо жолдун үстүндө асылып турат, кыргызбы, өзбекпи ар кими өз түйшүгү менен сапарын улап, аны жандай келип-кете беришет. Кызыл-Суудан Алтын-Кийиккеби же тетирисинчеби, кишилер көп деле катташпайт, ошондон улам карышкырлар, кийиктер гана болбосо жолдо адамдын караандары сейрек. Кыргыз, өзбектер көбүнчө ойлуу, мурдунан кыңылдай ырдап коюп жол арбытканды жакшы көрүшөт. Орустар болсо Кызыл-Суудагы чек ара тосотунда.

 

2

Кызыл-Суу тосотун Иуда Губельман башкарат.

Губельмандын кол алдында пулемёту менен отуз беш кылычтан турган өзгөчө маанидеги атчандар отряды бар. Ал, Сөөк ашуусуна чейинки бүтүндөй Алай өрөөнүн көзөмөлдөйт. Туурасы жыйырма чакырымдык тоолуу өрөөндү жердегендер аз: үч айыл, анан жайыттан жайытка мал айдаган малчылар. Жыйырмадай китебин көр оокатына кошуп, өзү менен калтырбай алып жүрүүчү Иуда Губельман Алай өрөөнүнүн элинин баары басмачылар же аларга жан тарткандар, ошондуктан өз жетекчилерим берген жобого ылайык менин башкы милдетим аларды жок кылуу деген бүтүмгө келгенине көп болду. Анан, ал басмачылыкты Москвадан башталган социализмге каршы жергиликтүү азиялыктардын согушу гана деп түшүнөт. Мындай ачылыш Иуда Губельмандын өзүнө да жакчы эмес, ал, өзү окуган китептердеги карапайым кишилердин интернационалдык биримдигине эч кандай дал келбей да турган. Өзү да кедей болчу: китептери, курал-жарактары менен минип жүргөн атынан башка эчтемеси жок. Ондон ашуун оштук басмачыларды губельманчы кишилердин огу менен кылычынан өзү билип куткарып, өрөөндөн качырып чыгаргандыгы үчүн тосоттун дубалына такалып атылган чабан Керим да ошондой эле кедей болчу. Дал ошол кедейлер Иуда менен Керимди дүйнөлүк социализм менен бактылуу жашоо үчүн биргелешкен күрөшкө да эч бириктире алган эмес. Адамдардын түбөлүк бакытка жетүүсүнө Керим жолтоо болгон, дал ошонусу үчүн аны атып салышкан. Социализмдин бактысы жакыр кепелердин босогосуна чейин жеткичекти керимдейлердин дагы далайы атыла бермекчи.

Каскак болуп, Иуданын өзү да дал ушул Памирде, бардык адамдарды бактылуу турмушка жеткирүүгө болот деген ишениминен тайып жатпайбы. Иуда Губельман көк киши болчу, бирок, өзүнүн  жаңылганын моюндады. Алты жыл мурда, ак поляктар менен айыгышкан согуштарда, андан кийин бит баскан согуш госпиталында кара тумоодон өлүп каларында, Харьковдогу Өзгөчө комиссияда жан дилинен берилип кызмат өтөөсүндө ал ишенимин ыйык тутуп, эч кимге шек кетиртпей бекем  турбады беле. Ал эми бул жерде, Памирде, анысынан тайыды: өзүндөй кедей малчылар менен мергенчилер губельмандын жалпы бактылуулук үчүн күрөшүн каалашпады. Алар ээн-эркин көчмөн турмушту ыйык тутуп, аны башка жашоого алмаштыргылары келбеди. Орус, немис бир туугандарынын тарткан азаптарын уккулары да жок. Ошону үчүн Губельман аларды ачык согушта да, тосоттун дубалына да такап атышы керек. Алардын эч майнапсыз өжөрлүгүнөн улам дүйнөлүк революциянын чабуулу такалып жатканын Губельман түшүнөт, бирок ошол эле учурда аларды тукум курут кыла кырып салууну кечеңдетип да жатты. Эгерде  воронеждик атаманчылар же тулалык кулактар болгондо эч качан кылчактамак эмес; тигилер өз болчу да. Ал эми бул, жыртык чапанчан жүлжүк көздөр – бөтөнчө, кечеңдеткени ошондон улам.

  Албетте, мылтык асынып, башчысынын башкаруусу менен калың катарга биригип алышкан атчандар башка – ал, андайларды артынан сая түшүп, куба жетип, аёосуз кырып келет, андайда өз кишилеринен да айрылбай койбойт дечи. Бирок, Керим!..

Керим негедир атчандардын катарына да, басмачылардын бандасына да кошулбай калган.

Иуда Губельманды өзү келип колго түшкөн, куралсыз Керимдин жазаланып, өлтүрүлүшү кооптондурган жок. Өзүнүн толук чын экендигине күмөнсүүсү кутулгус санаага салды. Ал, алыскы келечекте айылдык топураган балдарды бактылуу кылуу үчүн эң алгач ал балдарды жетим кылып, аталарын өлтүрүп, ажайып тоолуу өрөөндү көрүстөнгө айландыруусу керек. Ал, мындай ойлорго жоокерлери менен кыштактарды кыдырып жүргөнүндө, бул, келечекте бактылуу болчу балдардын орустарды көрөр замат таан тийген жөжөлөрдөй туш-тушка чачырай качканында тушуккан болчу. Ал ойлорду өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жок кылынуучу эркектерди көргөнүндө да ойлогон.  

 Ал, сактап жүргөн китептерин карабай, аларды барактабай калганына да көп болду. Россияда бардыгы башкача, жөнөкөй болчу. Кээде ал өзүн карып калгандай, бардыгы ошого байланыштуудай сезилчи. Ал, жакында эле жыйырма жетиге чыкты, анысын капысынан эле туулган күнүнөн бир жума өтүп эстей койгон. Граждандык согушта, мындан беш жыл илгери бардыгы башкача элестелчи. Кандай гана жол болбосун жеңүү, жеңиш керек – ошол кездеги башкы жана жалгыз максат болчу, ал эми жеңиштен кийин бардыгы жакшы жана керемет болмок... Жеңишти. Эми бул жерде буктурмага олтуруп алып керексиздерин кылычтап, атышы керек, анткени, Москвада Кытай менен Афганистанга түз чаап баруучу маанилүү жолду түптөө керек деп чечишкен. Революция – жалпы бакытты кылычтын мизинде алып барат. Жол болсо өрөөндү кесип өтүүсү зарыл, орустарга кас жергиликтүү эл болсо маанилүү жолду салууга жолтоо болушууда. Ошондуктан бул жердин элин жок кылуу керек. Бардыгы ачык, айкын. Революциялык ой жүгүртүүдөн караганда бардык Керимдер менен Кудайназарлар интернационалдык боордоштук дегенди түшүнүшпөйт, ага булардын акыл-дарамети жетпейт.

Арийне, Кудайназар тууралуу...

 

3

Ал – Алтын-Кийиктик Кудайназар тосотто капысынан эле кечке жакын пайда болду. Жүнү жылтылдаган карагер айгырды минип алыптыр, алдына беш жаштардагы тоголок баш баланы өңөрүп алган. Ээринен түшпөй туруп ал өтүгү менен дарбазаны түртүп көрдү, анын бек экенине көзү жеткен соң жыгачты камчысынын арты менен бир нече ирет катуу каккылап жиберди.

Анын ар бир кыймылын өөдөдөгү күзөтчүлөрдүн бийик мунарасынан жоокер Бабенко Николай, Ивандын бир тууганы, кечки күндөн уялган көздөрүн жүлжүйтүп карап турган болчу.

– Сага эмне керек?– деп кыйкырды Николай Бабенко мунаранын тосмосунан саал артыла калып,– Эмнеге келдиң?

– Эмне кыйкырасың?– айгыры менен күзөтчүгө бурула берип Кудайназар зоңкулдады,–  Келгенден кийин керек да.

– Келгениңди көрүп турам,– Николай ага одураңдады. Анын үнүн  жоонойтконунан өңү чыңала кызарып, самандай сары, ийрийген каштары суюк, сары кирпиктүү көк көздөрүнүн үстүндө жыйрыла түшүп, чекесинде бириге кетти,– Сокур эмесмин!.. Сен кимсиң деп сурап жатамын?

– Кудайназармын,– атчан келгин чылбырын катуу тартып, дарбаза тарапка кайрылды.

– Ачкын, буга!– эми тосоттун ичине эңкейген Бабенко бирөөгө өктөмдөндү.

Анын буйругун күтпөй эле жүгүрүп келген нөөмөтчү туурасынан тосулган темир артылманы калдырата ачып, дарбазанын тешигинен шыкаалап калган болчу.

– Мен начальникке,– Кудайназар нөөмөтчүгө сөз кайрып, короого кирди да аткананын жанынан атынан түштү. Ал, айгырын мамыга байлаганча бала ээрден түшпөй, серейип жалгыз олтура берди. Ага ат үстүндө олтуруу аябай кызык көрүнүп жаткан, какая, жайланып олтуруп, көкүрөгүн керип, кудум кол жеткис аттын кожоюнундай жан жагына үстүртөн, компоё  карап жатты. Мамынын  артында жемишке чагып олтурушкан аскерлер болсо бирде күрсүйгөн, күчтүү атка, бирде ал атты минип, тосотко келген олбурлуу, балбан мүчө кыргызга кызыга карап олтурушту. Айгыр чынында эле керемет болчу.

– Жүрү, Кадам,– деп, Кудайназар баласын ээрден түшүрдү.

Жемишкенин кабыгын түкүрүнүп, гимнастёркасынын бооруна түшүп калган кабыктарын күбүп, мамыга Бабенко Иван, күзөтчү Николайдын эгизи чайпала басып келди. Ал, Кудайназардын кулагынын тушунан  келип, далылуу, чымыр болчу.

– Жоргобу?– деди Иван Бабенко сыр билгилигин көрсөтө, анан айгырды эркелете бийик жонунан сылап койду,– Жакшы мал экен... Алмашпайлыкпы?

– Жорго,– деп ырастады Кудайназар шашпай.– Сен бул өрөөнгө келгениңе көп болдубу, орус? Бизде ат менен камчыны алмашпайт. Белекке берет,– деди да чапчаң бурулуп, короонун төр жагындагы үй тарапка басып жөнөдү.

Кадам атасынын артынан ээрчий басты.

– Андай болсо мага белек кылгын, мен аламын!– алыстап бараткан Кудайназардын артынан Иван тамаша-чыны белгисиз кыйкырып калды. Эгиздер катуу сүйлөгөндү жактырышчы. Кудайназар токтой калып, Бабенкону суз карап, ага накыл айткандай:

– Чыныгы доско гана белек жасалат. Сен мага жатсың,– деди да кете берди.

Мамынын артында олтурушкан аскерлер жапырт күлүшүп, өздөрүнчө дуулдай кетишти:

– И, оозуң жап болдубу!

– Жиндини тапкан экен, “белекке бер деп” тимеле!

– Анын атын алгычакты, катынын алган жеңил!

Кудайназар артына карабай, эчтемени түшүндүрүп олтурбастан жапыз далистен өтүп, бул убакта күңүрт тартып калган бөлмөгө кирип барды. Үстөлдүн наркы жагында жапыз, кичинекей терезеге далысын салып Иуда Губельман менен командир олтуруптур. Иуда борпоң, салаалаган манжаларына ээгин таяп, үстөлгө чыканактап алыптыр. Анын чыканагынын тушунда атчан аскерлердин шапкеси, чай куюлган, чети кетик чыны, кир канттын сыныгы менен жаңы тандыр нан көмкөрөсүнөн жатыптыр.

– Олтур, – деди Губельман кайчылаштырган манжаларынан ээгин албастан үстөлдүн маңдайындагы олтургучка башын жаңсап.

Кудайназар үндөбөстөн олтургучка көчүк басты, анын капталына ыктай Кадам жайгашты. Анын башы үстөл менен тең келип, үстөлдүн  үстүндөгүлөрдү кыдырата карап, нанды жактыра бербей тиктеп калды.

Губельман жылмайып, акыры колдорун ажыратып, нанды оңдоп, оодарып койду.

– Эми туурабы?– деди ал Кадамга карап, бала уяла түшүп, ордунда күйшөлүп койду.

– Биздин салт ошондой,– деди Кудайназар баласын ийининен тарта өзүнө кысып,– Ким нанды көмкөрөсүнөн койсо, курсагы тойбойт, андай үй нанга жарыбайт.

– Билем,– деди Губельман кайрадан ээгин колдоруна такап,– Байкабай калыптырмын.

Алар – Кудайназар менен Иуда Губельман саамга үндөбөй олтурушту. Кыргыздар жөндөн жөн эле Кызыл-Суу тосотуна өздөрү келе беришчи эмес.

Кудайназар коңкогой мурун, тегерек бет, тоонун карандай ысык күнү менен муздак шамалынан эриндери жарылып, калбайган, сөөктүү, томпок кабагынын алдындагы чоюн түстүү тостойгон көздүү командирге ачык эле кызыга карап жатты.

Губельмандын төрт чарчы маңдайын кыйгачтай кеткен кызгылт тырыгы кайраттуу, кара чачын аралай кесип кеткен.

– Силердин өзбек ашпозчуңар жыгылып кетти деп уктум,– деди Кудайназар тосоттун командиринен көзүн албай,– Буту сынды дешет.

– Туура,– деди Губельман, аны ырастай башын ийкеп,– Буту да, колу да сынды... Сен эмне, жалданайын дедиңби? Мен сени ишке алат элем, убактылуу, калганын көрө жатарбыз.

Азырынча убактылуу, деп ойлоду Иуда Губельман, калганын көрө жатарбыз. Качан өзбек бутуна турганда муну мүмкүн атчы, же жол көрсөткүч, же дагы бир жерге жайгаштырып коюуга болот. Балким тилмеч болор. Бул кыргыздын бир билгени бар. Ал эмне болду экен, кеп ошондо.

Кудайназар бел боосунун бүктөмүн жазып, андан таза, чүпүрөк баштыкча алып чыкты да аны үстөлдүн үстүнө, нандын жанына коюп койду.

– Мен мергенчимин,– деди Кудайназар,– өзүмө өзүм кожоюнмун. Өзбек айыкканда сага палоо бышырып берет... Бул – мумиё.– Кудайназар баштыкчасынан бир нече кара-күрөң, майланышкан кесектерди күбүп түшүрдү.– Муну өзбекке берсең ал он күндө бутуна туруп кетет.

– Эмне, ал сенин тууганыңбы?– деди Иуда үстөлдөгү кара-күрөң кесектердин бирин  манжасы менен томолото карап көрүп, күмөнсүду. Ал, Памир тоолорундагы мумиё тууралуу көп эле уккан, бирок аны алгач ирет көрүп жаткан болчу.

– Кайдагы тууган!– жини келбесе да, Иуданын божомолун Кудайназар чечкиндүү какты.– Ал өзбек, мен кыргыз. Өзбектер соодагер, же ушундай ашпозчу болушат. Биз, кыргыздар болсок мергенчи, же малчыбыз... Адам баласы – дарыланышы керек!

– Анан сен ошону үчүн атайын келдиңби?– Иуда Кудайназарга учкай, тирмие тиктеди.– Сен өзүң кайдан болосуң?

– Алтын-Кийиктен,– деди Кудайназар,– Өзбектин бул жерде эч тиешеси жок, ал өзү башын да сындырып алмак...

– Анда эмне демексиң?– Губельман сурактагыдай такып кирди.

Кудайназар капысынан баё жылмайды.

– Эмнеге минтесиң, начальник...– деди Кудайназар,– Сени көрүп, сүйлөшүүгө кызыктым да келдим. Сен – өрөөндө кожоюнсуң, мен өзүмдө, Алтын-Кийикте. Биз коңшу эмеспизби.

Иуданын көздөрү тегерек тартып, оор, темир дөңгөлөкчөлөргө окшой түштү.

Ал, тамагына такала калган күлкүсүн жашырып, калп эле жөтөлүмүш этти.

– Бул жерде Совет өкмөтү кожоюн,– деди Губельман мейманга жылуу көз сала,– Өрөөндө да, сенин кыштагыңда да. Түшүндүңбү мергенчи?

– Жок,– Кудайназар чечкиндүү айтты,– Мурда бул, Кызыл-Сууда Узбой олтурчу. Сен аны өлтүрүп, ордуна олтуруп алдың. Демек, совет бийлиги деген сенсиң... Биздин Алтын-Кийикте болсо чоочундар жок.– Анан ал. сыймыктана кошумчалап койду,– Менин мекеним ушул жер!

– Сен жакшы жигитсиң,– деди оор дем алып Губельман,– Канча жаштасың?

– Жыйырма алтыдамын,– деди Кудайназар.

– Деги сен билесиңби, мен бул жакка эмнеге келдим, киммин?– Губельман кебин улантты.

– Сен оруссуң,– Кудайназар буйдала түштү. Анткени, ал өзүн жаман, ыплас сөз айтып жаткансып кетти.

Иуда тартайган колун шилтеп:

– Мен орус деле эмесмин, билсең еврей болом! Сен билесиңби ал деген эмне экенин? Бир кезде уктуң беле?

Кудайназар ийинин сыпаа күйшөп койду.

– Бизге баары бир, начальник...

Иуда кайрадан көздөрүн чекирейтип, башын чайкап алды.

– Маселен, сенин атаң ким эле?

– Аны үч жыл мурда көчкү басып калган,– деди Кудайназар.– Табылбай калды.

– Мен ал жөнүндө эмес,– колун жай шилтеп койду Губельман,– Сенин атаң сендей жашап, сендей ойлонгон... Меники болсо...

Губельман оозун жыйып үстөлдөгү атчандардын шапкесине тигилип калды. Алтын-Кийиктик мергенчи Кудайназарга Гусятич жергесиндеги челекчи маркум Лейб-Аврум Губельман жөнүндө эмнени айтмак? Анын жакырлыгынбы? Же, арткы короодогу чатырчанын алдында челектерди каңдабастан, чекесине чокунуучу кутуну илип алып синагогага барбай, дүйнөдөгү көз көрүнөө теңсиздикти жоюп, келечектеги жалпы бакыт үчүн согушка гоялар менен кетип калганы үчүн өзүн, Иуданы каргаганын айтмакбы?.. Кызык, куралдуу атчандар менен түбөлүктүү бакыттын жандырмагын таап алган Кудайназар Гусятичке ат коюп кирсе маркум Лейб-Аврум кантмек эле? Кыязы,  эчтеме деле кылбаса керек: үйүндө олтура бермек, же коңшу бир жерге көчүп кетмек. Иуданын өзү кантээр эле? Өзүнүн мекени Гусятичини коргоп, согушат беле? Ай, ким билет.

– Эгерде мен Алтын-Кийикке аскерлеримди жиберип, совет бийлигин жарыяласам сен мага каршы согушат белең?– деп сурады Иуда.

– Ооба,– деди Кудайназар,– Согушамын, начальник.

– Бирок, аныңдан майнап чыкпайт да!– Губельмандын жаны кашайып,– Сен эмнени коргойт элең? Эчтемең жок да, менде да эчтеме жок! Биз эмне үчүн согушмакпыз?

– Кантип, эмне үчүн!– Кудайназар кабарып, үстөлдөн оолактай берди,– Алтын-Кийик үчүн. Бизге Кызыл-Суунун кереги жок, кааласаң бул жерде жашай бергин.

– Сен өлүп каласың да,– деди Губельман,– Сен өлүп калаарыңды билесиңби?

– Аскерлериңди жибербегин,– деди Кудайназар чечкиндүү,– Бизде ала турган эчтеме жок. Карачы, өрөөндө канча жер бар, бул жерде эле тура бергин, начальник!

– Жейсиңби?– деди Иуда бир саамдан кийин нандан сындырып, жарымын Кудайназарга сунуп.

Тиги нанды алып, четинен кетип, шашпай чайнап кирди.

– Ме, канттан алгын!– Иуда үстөлдүн артынан көзү гана жылтырап көрүнгөн Кадамдын алдына алаканынын кыры менен канттын бир сыныгын жылдырып койду.– Алгын, коркпогун... Мына, сен,– ал кайрадан Кудайназарга бурулуп, үстөлдүн четине төшүн такай эңкейди,– балаңдын мектепке баруусун, окуганды үйрөнүүсүн каалайсыңбы?

– Бул башка кеп,– Кудайназар нандан жанагысынан кичирээк үзүп алды,– Мен – каалабайм. Азырынча каалабайм. Эгерде кааласам аны окутканы шаарга жиберем, ал жакта мектептер бар.

– Мына, көрдүңбү!– Губельман кубанып кетти,– Аны каяккадыр жиберип кереги эмне, Алтын-Кийиктин өзүндө эле мектепти ачып, бардык балдарды окутсак болот.

– Балдардын баарын окутуп кереги жок,– деди Кудайназар акырын,– Ким кааласа окусун. Бардыгы окумуштуу болуп кетсе кими-кимисине ишенет? Кишилер алардын кимисин сыйлайт? Баары иттей тытышып калышпайбы: ар бир акмак башкасынан акылдуумун деп чыгат... Анан чоң чатак чыгат, начальник.

– Сен эмне,– Губельман орундугунда чарчаңкы чалкалады,– караңгылык – бакытка алып барчы жол дейсиңби?

– Бул тарапта бир гана жол бар,– Кудайназар жүлжүйө түштү,– Алтын-Кийиктен Кызыл-Сууга чейин, анан кайра... Мына сен окумуштуусуң, мен жок. Анда сен менден бактылуусуңбу?

– Сен экөөбүз тең түккө арзыбайбыз,– Губельман күңкүлдөдү,– Сен Алтын-Кийик менен Кызыл-Суудан бөлөк дүйнөдө эчтеме жок деп ойлойсуң. Дүйнөдө болсо кишилердин көзүнөн жаш ордуна кан агып жатат, анткени аларга оор, аябай оор!

– Анан кандай болмок эле!– Кудайназар жандана түштү,– Биз – адамбыз да, дайыма бири ыйлайт, бирөө күлөт. Кимге жаман болсо анын жаны ачышат, жаны оорулууга эч кандай окуу менен жардам бере албайсың: антсең ал колуна бычак алат, кишилерди союп кирет... Биз үчүн Алтын-Кийикте эле жакшы, сен болсо аскер жиберем дейсиң, тоонун артындагы кишилер ыйлап жатышат деп, мени өлтүрөм дейсиң. Андан эмне, башкаларга жакшы болуп кетеби? Жок, жакшы да, жаман да болуп кетпейт. Мен эмнеге жер жазданып жатып калышым керек, айтчы, начальник?

– Эх, сен китеп окуганды билсең кана,– деди Губельман, бет алдына китептей кылып, алакандарын жайып,– анда мындай тантык суроолорду бербейт элең.

– Биздин Алтын-Кийикте,– деди Кудайназар, ага келишпей,– бир абышка бар, Абдылда деген, ал куран окуйт, тамга тааныйт – бирок, ал мендей, биздей эле ойлонот.

– Демек, ал башка китептерди окуп жатат,– деди Губельман,– Куран!..

– Андай болсо,– Кудайназар шыр кетти,– бактылуу болуш үчүн башка китептерди эмес, ага керектүү китептерди эле окуу керекпи, башкалары жарабайбы? Бирок, адамдар жансыз таш эмес да: эгерде кишилердин жарымы ошондой китептерди окуп, калганы башкаларын окушса, анда кимиси туура? Биринчилериби, же экинчилериби? Ар бир киши өзүн туура санайт, башкаларды келесоо, акмак деп ойлойт. Анда эмне, акылдуу болуш  үчүн согушуп, кыштактарды өрттөө керекпи? Мен эмнени билбей жатканымды мага түшүндүрчү, начальник!

Иуда лимондун кычкыл кесимин оозуна салгандай бырыша түштү – ал капысынан качандыр бир кездеги унутулуп бараткан жыттуу, тилди таңдайга тарткан кычкыл даамды даана эстеп кетти. Ал, акыркы жолу лимонду качан жеди эле? Кыязы, үйүндө, бала кезинде болсо керек эле: жапыз бөлмө, дубалдан дубалга жеткен узун, оор үстөл, стакандагы кызгылт чай, анан ошол кычкыл, айнек идиштеги кичинекей күн сымал...  Кызык, баарын эстей койду. Эмнеге? Бул мерген эмне деди: “кыштактарды өрттөйлүбү”?

– Кайдагы кыштактар...– Иуда терең улутунду,– Сен мага айтчы: сен лимонду ооз тийип  көрдүң беле? Сапсары...

– Лимон?– Кудайназар кайра сурады,– Ал, эмне, таттуубу?

– Таттуу,– деди Иуда,– Мейли, таттуу болсун.

– Жок,– деди Кудайназар,– Эч жеген эмесмин.

– Болуптур, жакшы, жакшы,– деди Иуда,– Эгерде мен аскерлерим жок,  жалгыз барсамчы? Мейманга?

– Келе бер,– деди Кудайназар ойлонуп туруп,– Кой союп беремин.

– Хоп,– деп жыйынтыктады кепти Иуда, алакандары менен үстөлдү акырын чаап.– Эмне, сенде бирөө элеби,– деди, жанатан бери үнсүз, атасын күтүп олтурган Кадамга көзүн жаңдай,– Же дагы барбы?

– Азырынча бирөө эле,– деди Кудайназар баласынын башынан сылап,– Сен мумиёну өзбекке берип кой, таң эрте ичсин... Алтын-Кийикке келесиңби?

– Барамын,– деп, Иуда ордунан турду,– сенин үйүңө кономун,– Ал, бир моюн, тарамыштуу билеги ичке, манжалары назик дегидей шадылуу, узун кол неме болчу.

Жоокерлер дагы эле ат мамынын артында жемишкелерин чагып, үч катар топчулуу аспабын кыңылдата ырдап жаткан Бабенко Иванды ойлуу угуп олтурушкан:

– Россия ардагым!

Үйүмдүн кечки түтүнү

Көрүнбөйт алыскы дөбө артынан... -жоокер өзү үчүн ырахаттана, жан дилинен берилип ырдап жаткан. Кудайназарды көрө салган Бабенко гармонун четке коё сала анын жолун торой басты.   

– Токто, эй, жорго!– деп кыйкырды Иван шашыла баскан Кудайназарды кудум кучагына алчудай кулачын жайып,– Атыңды белек кылбасаң да кел, экөөбүз бычак алмашалык, эстелик болсун. Сенин бычагың хандыкы окшойт: сабы оймолуу. Кел, сараңданба!

– Бычакты белекке берүү жамандыктын жышааны,– деп, Кудайназар токтой калды,– Бири-бирибизге душман болуп калабыз.

– Анда эле сага жаман, тууган!– деди Бабенко жайгара,– Кааласаң мен өзүмдүкүн берейин, Бережныйдын алдында актан тартып алгамын. Ме, алгын, ичим ачышпайт!

Кудайназар канжарды алып, нары-бери оодара кунт коё карап чыкты: эки миздүү, курч, таза темирден жасалган, сабы алаканда сыйгаланып кетпегидей быдырлуу. Кадимки ажалдын куралы.

– Болуптур, суранып калдың,– деди Кудайназар кайдыгер, белиндеги курунан өз бычагын чечип жатып.

– Досчулукка болсун!– Бабенко Кудайназардын адеми бычагын оодара карап алып, кубана кетти,– Сага немистики, мага чучметский. Карасаң, сабы күмүш экен!

Кубанып жаткан Бабенкону Кудайназар айланып өтүп, ат мамыга келди да, айгырынан көз албай карап жатышкан аскерлерге карап койбостон атын чечип, ээрге Кадамды көтөрүп миңгизип, анан өзү ыргып минди да тосоттун короосунан чыга жөнөдү.

 

4

Базар аянтындагы күркөдөн эмнени алууга болот? Кересин алуу керек, жарым мүшөк ун. Оттук таш ишенимдүү болсо да ширеңке алыш керек, Кемингүл кубанып алсын. Дагы эмне?

Бүттү го. А, самын! Эми бүттү... Алтын-Кийиктен Кызыл-Сууга ат чарчатып, алыскы эле туугандарга күн түшө конуп, керели кечке эт менен жүндүн баасы сыяктуу жел сөздөрдү бекер угуптурбу. Эми:

– Эй, сатарман! Мага кересин, ун, ширеңке, самын бер.

Алтын-Кийикте күркөнүн болбогону жакшы болгон экен. Арийне, бир чымчым туз үчүн да шылтоолоп Кызыл-Сууга келе аласың. Андан да он кадам жерден мылтык менен кийикке тийгизе албаган сатарманды күнүгө тиктеп, көзүңдү жоорутпайсың. Адам баласы өз жанын өзү багышы керек, сатарман болсо бөлөк бирөөнүн күмүшүн четинен чычкандай кемирип жеп, башкаларды багат. Аттын башындай алтындан күмүштүн сыныгын жогору койгон гөрпенде! Өз чөнтөгүндөгү өзгөнүн акчасын эсептеген көркоо.

– Эсепте, сатарман!

Абдылда абышка да тыйындарды биринин үстүнө бирин тизип эсептегенди жакшы көрөт, анын бул адаты Кытайга кетчи кербен жолдогу каракчылыгын калтыргандан кийин пайда болгон. Эми болсо ал Алтын-Кийиктеги суу тегирменининдеги тыйындарынын үстүнө жайма жай олтуруп алып сөзүн уккусу келгендерге каракчылыкка караганда жай жашоонун артыкчылыгын саймедиреп айтып олтурат: санааң тынч, эчтемеден коркпойсуң дагы, анан өз тандырыңдын наны өзгөнүкүнө караганда таттуу эмеспи деп коёт дагы. Мадыра баш балдар болсо аны укканды жакшы көрүшөт... Керек болсо Абдылданын азыр да адамды бир шилтем менен ээрине чейин бөлө чабарлык алы бар: эси да, күчү да жетиштүү. Сатарман эмне? Чаначтан айырмасы жок!

– Бол, тездегин, сатарман!

Абдылданын ачкөздүгү гана жаман. Алтын-Кийик боюнча жалгыз ошонун сүт тарткычы бар, анысын эч кимге бербейт. Аял байкуштар сааттап чаначтагы сүттү бышып жатып май алышат, Абдылда болсо колун тегеретип коёт да, бүттү. Ошол сүт тарткычын жарым саатка сурап көрчү, угуп да койбойт. Акчага да бербейт. Ал ушундай, сүт тарткычка кароо киши! Мээси болсо аябай иштейт. Кызыл-Суудагы орус начальникке барарды угар замат тегирменинен дароо чуркап келе калды, айланайын Кудайназар, ал жакта эмнеси бар, кандай экен, алардын келбеши үчүн пара  берсекпи, жакшылап байкагын... Бул, коңкогой мурунга кантип акча бересиң! Антсең балким атып да салат, ал эми сөзү менен болсо сени баары бир көргө кулатат. Өзүнүн Орусиясына кетип, ошол жакта айтчы сөзүн айта бербейби! Алтын-Кийикке мектеп курамын дейт. Алгач мектепти, анан күркөсүн курат да. Кишилер битиреп, акча санаганды үйрөнүп, анан жаны азапка батса. Бардык эле окумуштуулар чоң үстөлдө олтурсам дешет, баарын окутуп койсо үстөл жетишпей калбайбы, анан ал үстөл үчүн бири-биринин кекиртегин жула башташат. Маселен, кишилердин баарын сатармандыкка окутуп койсо, дүйнө эмине болмок? Анда ким тоодогу кийиктерди атып, илбирстерди кармап, түнкү жайга от жагат? Кудай анын бетин нары кылсын, эркин кишилер сатармандыкка окуй көрбөсүн.

– Сатарман, бол, тездебейсиңби?

Бул, коңкогой мурун сатарманга окшобойт. Анын эмнени окуганын ит билеби. Аты да орустардыкынан башкача. Орустарыңды ким билсин... Убада кылганындай ал Алтын-Кийикке келсин, ошондо анын чын каалаганы эмне экени түшүнүктүү болор. Аны го паралай албайсың, келгенинде мектебинин да, бакытынын да бизге кереги жок экенин өз көзү менен көрөт да келген жолуна түшөт. Ал, көпчүлүк айткандай зулум деле эмес көрүнөт.

– Бүттүңбү сатарман? Анда куржунга салгын. Жүрү, Кадам, кеттик.

Тээтигине таш, чоң муштумдай болуп кырда салаңдап турбайбы –  бүтүндөй бейгам, сезгич дүйнөгө коога салып, жакынкы асмандагы күндүн алтын нурлары менен түбүндө жашыл суусу бар көгүш жардагы сейрек адамдар менен карышкырлардан куралып. Ал, ошончолук эле коркунучтуубу? Балким жолоочу же карышкыр, асман менен суунун күрүлдөгү сымал бу дүйнөнүн ажырагыс бир бөлүгүдүр? Анын көлөкөсү да сергек, салкын, кырлары да салмактуу жана сулуу. Качан аянтчадан төмөн, туңгуюкка караганыңда денеңди коога басып, туңгуюктун сайгылаган суугу жаныңа сойлоп кирет, сен ошондо артыңдагы ташты  кубаттуу колдоочуңдай көрүп, асканын капталында бекем асылып турганына кубанып да кетесиң.

Чылбырды тартып, Кудайназар аянтчанын жогору жагындагы казыкка атын байлап, өзү түштү да Кадамды ээрден алып жерге койду.

– Дем алып алалык,– деди Кудайназар,– Ме, карма!– Кадам үндөбөй, сунулган нан менен кийиктин кара кабыргасын алып, шашпай жеп кирди.

– Ал оруспу?– деп сурады Кадам эттин биринчи үзүмүн жутуп жиберип, пиязга колун сунуп жатып,– Жанагыл начальник?

– Орус,– деди, Кадам ойлуу,– Орус да. Бирок, оруска окшобойт.

– Ал, ошол жактан келди да,– деди Кадам тоонун артындагы тээ, жердин түбүндөгү  Россия тарапка колун жаңсап.  

– Ошол жактан,– деди Кудайназар өкүттүү,– Ал жакта пилимот жасашат.

– Орусия деген эмне?– деп сурады Кадам,– Өрөөнбү?

– Аябай чоң өрөөн,– деп бышыктады Кудайназар,– Чеги жок. Ал жакта алардын падышасы бар, аны азыр Ленин дешет.

– Падыша Иленин бизге орус начальнигин эмнеге жиберди?– деп кызыкты Кадам,– Эмнеге?

– Бизге эмес,– деп тактады Кудайназар,– Ал, аны Кызыл-Сууга жиберди, бизге, Алтын-Кийикке эмес.

– Эмнеге,– деп, Кадам кызыкканын койбоду,– Узбой хан Иленинге кол салды беле?

– Андай болгон эмес,– аянтчанын четинен эңкейе берип, Кудайназар негедир жиндене туңгуюкка түкүрдү,– Узбой эч кимге кол салган жок. Ал жөн гана өрөөндүн моюнуна кароолчуларын койгон болчу, ошону үчүн начальник Иуда аны өлтүрүп салды.

– Сени да өлтүрөбү, ата?– Кадам атасынын жеңинен тартты,– Мени, апамды да өлтүрөбү?

– Аны билбеймин,– Кудайназар уулуна эңкейип, түшүндүрүп кирди,– Эгерде падыша Ленин ага Алтын-Кийикке бар деп буюрса, мен апаң экөөңдү Мөңгүгө жөнөтөмүн да орустар менен согушамын.

– Сенин билимотуң барбы?– деди уулу атасына шектүү шыбырап.

– Жок,– деди ага атасы,– Билимот жок... Бирок менин беш атарым менен кара мылтыгым бар. Абдылданын да кара мылтыгы бар.

– Анда жакшы,– деди уулу, атасын туурап, туңгуюкка чыйт түкүрүп.

Ал, таштар менен жалгыз аяк жолдон төмөндөгү туңгуюкта, эркек-ургаачы эки куш жолоочулар менен атчандарга билине бербеген шамалдын агымында бир орундан жылбай, артка кайрылган ничке, узун канаттарын билинер-билинбес шилтеп коюп, каалгып турушкан. Алар канчалык алга учкансыганы менен ордунан эч жылбай, капчыгайдын моюнунан башына чейин өрдөгөн таза шамал аларды кыйгап өтүп жаткан. Таман жол менен капчыгайдын көгүш таманынын ортосундагы алар, баш айланткан туңгуюк менен көгүлтүр ажайыптыкка кулап өлүүнүн өктөм коркунучун сездирүү үчүн күбөгө калтырылган сымал. 

– Кеттик,– деди Кудайназар,– Кеч жакындап калды...

Ал, айгырына барып ээрин оңдоп, аттын бийик капталына тизесин такай коюп басмайылын жулка тартып койду. Анан айгырын жолго чыгарып, туңгуюкка дагы бир ирет көз кырын салды – куштар ал жакта жок болучу, эч ким деле байкабас жылаңач, коогалуу мейкиндик капчыгайдын таманы менен дайранын таштарына барып такалып жатты.

– Кеттик...– деп, күңкүлдөдү Кудайназар, ээрге олтуруп жатып. Ал, өзүнө эмне керектигин деле билген жок, таманы алдындагы туңгуюктагы эки кушка жете албай калбадыбы. Аянтчадан чыга берип, айгырын жорго салыш кыла коё бергенде, куштар эсинен чыгып кетти.

Терсагар ашуусунда капчыгайдын эки капталы кошулуп, анын таманы, асмандагы булуттар: дүйнөнүн төрт тарабы биригет. Терсагардын күнөстүү шамал менен кардуу бороону жылмалаган жонунда турсаң дүйнөгө эң бийик төбөсүнөн карап тургандай, сенден өөдө эч ким, эч нерсе жоктой сыймыктуу сезимге тушугасың.  

Мындай ашуулар Памир тоолорунда көп.

Терсагардан ылдам өтүп кетүү керек; көпкө кызыгып, кылчактоо жарабайт; кеч жакын, Алтын-Кийикке түшүү узак жана тик, сегиз жүз кулачтай болот. Албетте, оор, төмөн түшүүнүн алдында, ашуунун кыл чокусунда көз ирмемге чылбырды тартып, токтой калууга болот. Бет алдыңда, Мук-Суу капчыгайынын арткы бетинде алты миңдиктердин мөңгүлүү жана аска таштуу үч чокусу сени калдая тиктеп турушат, аларды башыңды өөдө көтөрүп, же башыңдагы калпагыңды баспай туруп эле кароого мүмкүн. Алардын, кечки күндүн таза нурлары дааналаган ортоңку чокусу мүйүздөрүн жонуна кайырган алтын кийикке окшоп кетет... Ал эми төмөндө, ат туягынын алдындагы тереңдикте жашыл жана кызгылт турак, адамдар, мал менен жайыттар – Алтын-Кийик кыштагы, Кудайназардын үйү.

Ат ашыгып, чылбырды сурайт, төмөнгө: кызгылт, жашыл, жайлуу туракка көз чаргытат, кыктын жагымдуу жытын сезип жатат.

– Ийе, жаныбарым!

Сегиз жүз кадам калды.

 

5

Серүүн, жыттуу караңгылыкка чулганган кыштакка ата-бала жете келишти: кечки гүлдөрдүн, тезектин түтүнү, эттин сорпосу жыттанып жатты. Жолдун сол тарабындагы арча түбүндөгү Абдылданын сак ити үн салган болду. Жалгыз бой жашаган, суур менен коёндордун аңчысы Кулмаматтын жолго жакынкы такырдагы кепесинин бүтүйгөн көзүнүнүн жарыгы үлпүлдөдү. Кыштактагы кыргыздар али жаш Кулмаматтын кылыгын жактырышчы эмес: коён оюнчук сыңары, болбогон жандык, суур болсо арам, сасык болуп эчтемеге: казанга да, баш кийимге да арзыбаган макулук. Өзбектер менен орустар гана суурдун этин чечекке каршы дары болгон улардын этинен айрый албай жей беришет. Бирок, Кулмамат тажик болуп төрөлсө да жүзүмдүү Гармдан Алтын-Кийикке чыгып келген, ошону үчүн ал, тоонун чөбү жыттанган жапайы эчкилерге аңчылык кылса жарашмак. Тажик Кулмаматка карышкырлар менен илбирстерди аткын деп да эч ким кеңеш берген эмес. Ойлоруна да келбеген. Кулмамат жоош, жүзүмдүн кишиси.

Жоон-жолпу Төлөгөн тескерисинче каны кызуу, тартайган, карылуу неме. Аны арык, жаш кезинде, он жыл мурда үч жашар кунан арткы буту менен как чекеге тээп, тырыгы менен кызуу кандуулугу ошондон калган.

Каны козголгон кезде Төлөгөн чулу таштарды аскадан сууга безилдей ташып, ыргытып, өзүнчө жинин басат... Төлөгөндүн кепеси караңгы, морунан түтүн  көрүнбөйт: ал, күнү бою машакат тартып, чарчаганынан кушубак уктап жатса керек.

Кемингүл уктай элек, Кудайназарды күтүп жатат; топурактан ийленип салынган кепенин жапыз терезесинен жүрөккө жагымдуу оттун жарыгы бүлбүлдөйт. Аял, адатынча күйөөсүн таң эртенин алгачкы, же кечки ымырттын соңку нурларына чейин күтө берет. Ал, дайыма, өмүр бою аны күтүүгө тийиш, анткени аны күйөөсү калың берип, ата-энесинин үйүнөн алып кеткен, ошону үчүн мейли, алыс-жакынга мергенчиликке кетеби, же Кызыл-Сууга өз иши менен барабы, эч качан максатын ачык айтпаса да баары бир, күтө берет.

Бул ирет күйөөсү Кызыл-Сууга, тосоттогу орустарга барарын айткан болучу. Бүгүн болсо, ачык айтканына ыраазычылыгы катары Кудайназардын ишин бүтүрүп, өзү зарыл санаган кезде келерин чыдамсыз күтүп олтурду. Күйөөсүнүн орустар менен жолугушуусу аны коогага салып жатты. Палоого сабиз туурап жатып аял Кудайназардын орус начальникке барганын жактырбай, анын ордуна таш ташыгыч, жээликме Төлөгөн, же бойдок Кулмамат барса болмок деп ойлоду. Жылма тактайга сабиз туурап жатып, ошентип санаа тартты.

Кудайназар Кадамдын артынан, ага удаа кирип келди, үрүл-бүрүл бөлмөдөн катынын көрүп, палоонун жытын канагаттана искеп, базардан  сатып алган оокаттары салынган куржунду бурчка таштап, үнсүз жылмайып койду. Тоолордогу узак сапардан кийин үйүнө, Алтын-Кийикке келүү кандай жагымдуу. Очокко жакын, кийиздин четине олтуруп Кудайназар бутун суна кетти, Кемингүл ага келе калып өтүгүн тартып алды. Кадам болсо чаначтын оозу байланган кайыш боону чечип, кымыздан ачкөздөнө жутуп кирди.

– Жакшы...– деди Кудайназар, чаначтан аптыга кымыз шимирип жаткан уулуна карап. Анын “жакшы” деген сөзүн кимге айтып жатканы:  куркулдата кымыз жутуп жаткан Кадамгабы же акыры үзөңгүдөн бошогон буттарынабы, белгисиз болгону менен, Кемингүл өзүнө карата айтылганын жазбай түшүндү. Ал, назик алакандары менен күйөөсүнүн буттарын сылай берип, Кудайназарга ылдыйдан өйдө көзүнө карап, жылмайды. Ал ажарлуу  болчу, жыйырма экидеги Кемингүл акжуумал, алкымы апакай, бөрсөйгөн эриндери кызгылт келген жулдыздуу келин эле. Денеси али сынынан да, кунарынан да кете элек, жаңы кыйылган чыбыктай солкулдап, кербезденип турчу. Шамдагай бирок каадалуу кыймылдап, көйнөгүнүн алдындагы төрсөйгөн көкүрөгү баёо күчүктөрдөй былкылдап турар эле.

– Сен орусту көрдүңбү?– деп сурады Кемингүл, койдун жүнү шыкалган жаздыкты күйөөсүнүн чыканагына коюп жатып,– Ал коркунучтуу бекен?

– Көрдүм,– Кудайназар башын ийкеди,– Ал, кызык орус экен.

– Төлөгөндөйбү,– деп сурады Кемингүл санаалуу.

– Жок,– Кудайназар ойлуу, толуктап койду,– Андан башкараак. Төлөгөн – чалагайым, тигил баарын ичине катып турат экен.

– Чалагайым кишиге жеңил да!– Кемингүл чынында эле орус начальниги Иуда Губельманды аяп койду.

– Ал, келемин деп сөз берди,– деди Кудайназар түшүнүксүз башын чайкап. Бул, Алтын-Кайыктагы кепенин очок кашына орус начальнигинин жакында келүүсү, чынында эле ойго келгис окуя сезилди,– Жалгыз, аскерлери жок келемин дейт.

Каалга акырын ачылды. Босогодон жеңил, тоос куштар менен жалгыз мүйүздүү аттар саймаланган жашыл-көгүш бейкасам хорезм чепкенинин үстүнөн илбирс тонду желбегей жамынган Абдылда чал көрүндү. Мындай адеми чепкендерди үч жүз жыл илгери тигише турган, эми алкымы бузук кишилер эски кабырларды кайрадан казып, ээсинин куураган сөөктөрүн күбүп салып чепкендерди сыйрып алышчы. Хиванын кара жыгачтар  баскан көрүстөндөрүнүн топурактары абдан кургак келет, көмүлгөн сый чепкендер мурдагысындай эле жаңы бойдон, али сыйлуу.

– Салам алейкум!– деди Абдылда босогодон ичкери аттай берип,– Алла сенин ийги сапарыңды узарта берсин, Кудайназар...– Абышка Кудайназардын кулагына буудай жүздүү, күмүш баскан сакалдуу жүзүн такай берип сырттан кулагы чалган сөздү шыбырады:– Жалгыз, аскерлери жок келет бекен?

– Ал, ошентип айтты,– деп, башын ийкеди Кудайназар,– Кел, олтур, Кудайназар. Кемингүл, палооңду алып кел!  

Абдылда тонун чечпестен от кашындагы кийизге олтура кетти. Ак илбирстин ала темгил терисинин алдында байыркы хивалыктардын чепкени көгүш жалын чачып, жалтылдап жатты.

– Аллах улук, белегинин да куну жок,– деди Абдылда кыска манжалуу, чымыр алаканын шуудурата сыйпалап,– Ал бизге орус начальнигин аскерлери жок, жалгыз жиберип жатат... Мен сага кара мылтыгымды беремин, Кудайназар, ал дайыма таамай атат.

– Жок, Абдылда,– Кудайназар мыскылдуу, бирок өктөм сүйлөдү,– Палоодон ал.

– Ал, каапыр эмеспи!– Абдылда ачык эле таң кала кетти,– Биздин меймандостук салтыбыз ага жарашпайт. Анан, аны сөзсүз эле сенин кепеңде союш керек эмес.

– Туз берчи, Кемингүл!– Кудайназар дасторкондон четте олтурган аялына кайрылды. Кадам бурчтагы кийиктин мамык терисинде уктап жаткан.– Аксакал, мен сага айттым го: жок!

– Ал ишти Төлөгөнгө тапшырсак да болот,– деди Абдылда ойлуу, отко тиктеп,– Анын каны кызуу.

– Жок,– деди саал ойлонуп, Кудайназар,– Эгерде ал аскерлери менен келе турган болсо биз баарын кырып салабыз.

– Сен, өзүң айтып жатпайсыңбы, аны аскерлери жок келет деп!– Сакалын сылай берип, Абдылда аны жайгара сүйлөдү,– Андай болгондо тынч да, оңой дагы. Айла кетсе Төлөгөн аны балталап да салат. Андан ким жооп сурап олтурмак эле! Аллах аны бекеринен акылдан айнытып, күч, денесин ашыкча жаратып койгон жок да. 

– Төлөгөн өз ташын ташый берсин,– деди Кудайназар, палоосун шашпай чайнап. Ал, майлуу тамакты үч манжасы менен алып, күрүчтү ыкшап, үч бурчтук кылып оозуна алып барып, бир да данды түшүрбөстөн жеп жатты.– Аксакал, канчага келдиң? Жетимишпи? Сексенби?

– Жетимиш, сексен...– деди Абдылда так жооп бербеди,– Аллах менин күндөрүмдүн эсебин санап жатса, мен эмнеге пайдасыз сандар менен башымды оорутушум керек? Мен эсепти жакшы билемин, аны өзүң деле билесиң Кудайназар, бирок мен Аллахтын ишине кийлигишким келбейт.

– Болуптур,– деди Кудайназар,– Сен жашооңдо көптү көрүптүрсүң. Эмне, Төлөгөн орус начальнигин союп салса сенин чепкениңди сырып албайт дейсиңби? Биздин бардыгыбызды бир бакка асып салышпайбы!

– Мен Ооганстанга кире качам,– деди Абдылда кербезденип.

– Ал жакка жолду унуткан жоксуңбу?– Кудайназар мыскылдуу сурады.

– Жок,– деди Абдылда койдун сөөгүн али бекем тиштери менен мүлжүп жатып,– Демек, сен коркот экенсиң да.

– Мен коркпоймун, аксакал,– Кудайназар кебин таптай, токтоо айтты. Ал, көздөрүн жүлжүйтүп, абышкага ачуулуу тигилди.– Мен, жөн гана Алтын-Кийиктен Ооганстанга кетким келбейт. Бул жерде жашап, бул жерде кала беремин.

– Сеники туура, Кудайназар, туура!– Абдылда шашыла макул болду, анын же тайсалдаганы, не ийинин куушурганы белгисиз күйшөлүп койду. Илбирс ичиги  ийнинен жумшак жылмышып кийизге түшүп кетти, ал, эми жибек чепкенчен калса да чымыр, алыбеттүү көрүнүп турду.– Алар баарыбызды кырып, бардыгын тартып алышат.

– Кеп анда эмес!– Кудайназар тиш арасынан кыжынды,– Мен ал орусту өлтүргүм келбейт!

– Ооба,– Абдылда дагы макул болду,– Сен чыныгы эркектей, акылгөй ойлоп жатасың. Начальниктин эмнесин алмак элек? Өтүк менен чапанынан башка. Ал, Узбойдон тартып алган алтындарын бул жакка көтөрө келмек беле. Тигинин алтындан башкалары да бар болучу, мен жакшы билем. Күмүш, акак таштары, кымбат чепкендери...– Абдылда палоодон майланышкан манжаларын бирден шашпай жумуп эсептеп кирди. Ал, санаганды жакшы билчи.

Кудайназар күлүп жиберди. Ал, үн чыгарбай күлө турган, башын чалкалатып, колжойгон кокосу гана өйдө-ылдый жылып, сууну куркулдата жутуп жаткансып, кызыл тамагы чыңалып чыкчу.

Абдылда эсептеп, жумган манжаларын алдыга сунган бойдон үй ээсине таң кала карап калды.

– Кеп, аларда эмес,– деди Кудайназар күлкүсүн басып,– Мен ага кол көтөрбөйм, эмнеге дегенде ал... сага кантип айтсам... ал мага жагып калды!

– Жагып калды...– Абдылда таң кала оозун ачты,– Кандайча?

– Ал, кызык киши экен,– Кудайназар түшүнүксүз сүйлөдү.

– Ии, де...– Абдылда акыл токтото, башын ийинине ойлуу кыйшайтты. Ал, түшүнө албай жаткан, Кудайназардын өзү да кызык неме: аялы беш жылда араң бир бала төрөп берди, башка катын алгысы келбейт. Анан бу күлкүсү...

Сырттан бирөөнүн алдын ала шек бере жөтөлүп, басып келе жатканы угулду.

– Бул, Кулмамат,– деди Абдылда,– Мен ага жолдо келатып кирген болчумун. Ал дагы орус начальниги жөнүндө уксам дейт.– Жоош Кулмаматтын артынан Төлөгөн кирди. Төлөгөн сергек, кыймылдары тың экен. Орус начальнигине ал көп деле кызыкпайт. Бурчтагы кымыз куюлган чаначты көрө коюп аны ичкенге Кемингүлдөн кесе сурап алып, чулкулдата куйду да кылкылдата жутуп кирди. Ал, өзүнүн кечки сапарынын башкы маанисин унутуп калган сымал. Анын чалагайым мээсинде таштарды ташуу, же кымыз ичүү гана туруучу. Бир эле кезекте кымыз ичип, анан орус начальниги жөнүндө ойлоо ага оор, кереги да жок. Кымыз аябагандай ширин, майлуу да болчу.

Кулмамат болсо жооштугунан жакын келип кийизге да олтурган жок, босогодо эле керегеге далысы менен жөлөнө көчүк баса кетти. Палоодон да баш тартып койду.   

– Бир чыны чай ичпейсиңби, азиз Кулмамат,– Абдылда жан тарта сүйлөдү,– Чай ичти жылытып, башты бузук кандардан тазалайт... Биздин Алтын-Кийикке жакын арада орус начальниги мейманга келет экен. Аны Кудайназар чакырыптыр.

Бул сөздөрдү угуп, палоо жеп жаткан Кудайназардын бети тишине сөөк тыгылгандай  бырыша түштү.

– Кудайназар орус менен маанилүү сөздөрдү кеңешет экен,– Абдылда Кудайназардын унчукпаганынан улам сөзүн улай берди,– Маркум Узбой Кызыл-Суудан бизге бир да жолу келген эмес эле.

Кымыздан кана ичкен Төлөгөн палоого жакындай келип олтурду.  

– Ооба, ие,– деди Төлөгөн, жез табактан койдун карчыгасын алып жатып,– Мен да ошондой ойлойм... Орустун жаңы ханына илбирс ичик жабуу керек. Сенде үчөө бар эмеспи Абдылда, өткөн жумада аларды күнгө жайып, кургатып жатканыңды өзүм көргөм. Орус ыраазы болуп, бизге кайталап келбей калат.

– Белек тартуу кылганга эч шашпоо керек,– тамагын жеп жаткан Кудайназарга сактана карады Абдылда,– Оруска илбирс ичиктин эмне кереги бар? Бир белекти алган соң, ал кийин баарын күч менен тартып алгысы келип калат. Бизде болсо ала турган эчтеме жок.

– Болду.– алаканынын сырты менен оозун аарчып, Кудайназар сөзгө аралашты,– Эгерде орус келсе кой соёбуз, ага илбирс ичик жагып калса – туртуу кылабыз. Ал мага да, сага да Абдылда бир тууган болуп бербейт, эмнеге дегенде ал башкача киши, өзүңөр көрөсүңөр, биз аны менен бир бешбармактан ашык олтурганга чыдабайбыз. Бирок, ал өзүнүн орустары менен Кызыл-Сууда турганында биз аны менен согушпайбыз жана ага жамандык жасабайбыз.  

– Алтын сөздөр, алтындай сөздөр!– деди Абдылда чынысындагы чайдын чамасын бурчка төгө берип,– Бирок, ал орус өрөөндөгү биздин бир туугандарыбызды союп жатат, ал үчүн Аллах баарыбызды жазалайт.

– Мен – хан эмесин, мергенчимин,– деди саамдан кийин Кудайназар,– Алтын-Кийик менин ата журтум, менин эч кандай бир туугандарым жок. Өз жайларынан өрөөнгө качып барып, каңгып жүрүшкөн бекерпоздор менен коркоктор мага тууган эмес. Мен аларды да Алтын-Кийикке киргизбеймин, бул жерде эч акылары жок. Эгерде алар үйлөрү үчүн жакшылап урушканда орустар Кызыл-Сууга чейин келе алышмак эмес... Ал эми сага, Абдылда, Ооганстандан Аллахтын да колу жетпейт.

– Эгерде Аллах кааласа сени мухиттин түбүнөн да таап алат,– Абдылда билимдүүлүгүн көрсөтө тил кайырды,– Андай үңкүр жок...

– Сен аны кайдан билесиң, абышка,– Кудайназар тигинин сөзүн бөлө кыйкырып жиберди,– Аллахтын эмнени каалап, эмнени каалабасын? Сен эмне, Аллахтын тилмечисиңби? Өзүң айтып жатпайсыңбы, жашымды эсептебейм, ал Кудайдын иши деп. Анда сен Аны менен күнүгө бир аяктан бөлүшө кымыз ичип жаткансып ишине эмнеге кийлигишип жатасың?!

– Мен окуганды билемин,– Абдылда коргонууга аракет жасады,– Ыйык Куранда...

– Окуганды билем!– Кудайназар мыскылдай сөз бөлдү,– Сен кудум эле Орустун тиги, Иудасы окшойсуң! Ал дагы оку, оку... эле дейт. Сага ким айтты: сен окуганың менен Кулмаматтан акылдуусуң деп?

– Койсоңчу, Кудайназар!– Кулмамат аста унчукту,– Абдылда көптү билет...

– Көрдүңбү...– Абдылда Кулмаматты жактыра карады.

– Эгерде Кулмаматка сенин жибек чепкениңди кийгизсе,– Кудайназар ызырына мыскылдады,– ал башкача сүйлөй баштайт. Кызыл-Суулук сатармандай батыраак эсептегенди үйрөнсүн десең алтын тыйындарыңды да кошуп бергин.

– Ар ким өз ишин жасайт,– Абдылданын жеңилгиси келбеди,– Мен эсептегенди билем, Кулмамат суур кармаганды жакшы билет. Ошондой жаралганбыз, ошондой болушу керек.

– Кандай болуш керек экенин сен кайдан билесиң, абышка?– Кудайназар үнүн көтөрбөстөн Абдылдага тирмие тигилди, көздөрүндө айнектин сыныгы бардай тигини канга жошолото тилгилеп жибергенсиди – тим эле чепкендин жеңи менен кан аарчысаң болчудай.

– Жакшы палоо болуптур,– деди Төлөгөн, курсант боло манжаларын өтүгүнүн кончуна аарчый берип.

 

6

Иуда Губельман Кудайназар ойлогондой өзүнүн тууралыгына ошончолук эле ишене берчи эмес. Качандыр бир кездеги бактылуу да, кандуу да, дүйнөнү кызыл менен карага гана бөлгөн кезең небак өтүп кеткен. Кызыл эместер албетте, ак көрүнүп, кызылдардын салтанаты үчүн алар тез арада жок кылынып, тамырынан жулунуп салууга тийиш болучу. Ал экөөнөн башка ортодо көк да, кызгылт да, алтургай кара да болбоого тийиш эле. Актар – сөзсүз кара болчу, бардыгы жөнөкөй, жеңил.

Ал кездер өтүп кетти, ал кезеңдеги адамдар да эми жок. Басмачылар менен согушуу үчүн Памирге бекитилгенинде Иуда Губельман ал жактан кечээгидей ачык-кызыл күндү табамын деп үмүттөнгөн. Бирок, эски атчандардын шапкеси өткөнгө жол ачып бере алган жок. Кызыл-Суу тосотундагы өзүнүн командирлик столуна олтурганында Иуда өткөндөгү ачкачылык менен азаптарды, уйкусуз, көп күндүк куугундарды, согуштук шыпааканалардын бүргөлөрүн эстеп, куса болчу. Жалпы бакыттын артынан түшүүнү эми карабайсыңбы: жаңы дүйнөнү куруу эмей эле, жашоодо жаңы, жылуу орун табууга айланып калды. Терезеден өрөөн менен учтуу тоо чокуларына көз багып, командир,  өзүнүн жаш аскерлери бул жерде жергиликтүү элдин бактысы үчүн эмес эле, түштүккө кетчи маанилүү жол үчүн согушуп калганын ойлоп, бул согуш Иуданыкына – тазалагыч, өзүнүкү болбой калганын туюп турган. Жан дүйнөлөрү ууздай таза аскерлери өздөрүнүн орус кыштактарына же украин айылдарына кайтып барышканында азаптуу бул тоолуу өрөөндү, өздөрү жек көргөн жүлжүк көз малчылар менен мергенчилерди эстеп да коюшпас. Иуданын болсо барар жери жок: эки түстүү Харьков менен Воронежде эмне калды? Курулай, жат элестер...           

Кудайназарга Иуда эки күн өтүп, Оштогу жетекчиликтен мөңгүнүн чет жакаларын чалгындоого: басмачылар мөңгүдө барбы, Каракөл чек ара тосотунун аскерлерин мууздап салган хан Усулбектин көмүскө муз жол менен Ооганстанга өтүп кеткен-кетпегенин аныктоого буйрук алганынан кийин аттанды. Командир коштоочуларсыз, жалгыз, таң атары менен жолго чыкты. Алдында жергиликтүү, чайпала баскан, тоолордо жүрүүгө чыдамкай, кыска буттуу бир асый айгыр. Атчандардын ээринен салаңдаган асынма баштыгында үч тандыр нан, чүпүрөккө оролгон койдун майлуу эти, бир бөтөлкө спирт жана Кудайназардын баласына деген бир уучтай кант. Беш атарын Иуда колго жакын болсун деп ээринин астына кундагын чыгара сойлотуп койгон.

Жол аны чайпалтып, эргитет. Иуда чоң ташка түштөн өтө жете келди; күн төбөдөн ооп, таштын кыска көлөкөсү кырдын капталына кыйгачтай тийип калган. Иуда көлөкөнүн багытына көз кырын салды, анан ал кырдын бетинен төмөн сыдыра карап, капчыгайдын тереңиндеги таманында бууракандап агып жаткан көк-жашыл дайрага бурулуп, чыйрыга түштү. Ал, айгырына сылай камчы салып, таштын алдына токтобостон түз өтүп кетти. Дайыма зуулап турган желаргы тазалап койчу аянтча аны азгыра алган жок: сапарда өтө эле зарыл учурда болбосо, жөндөн жөн эле дем алууга токтогонду ал жактырчы эмес.    

Терсагар ашуусунда Иуда шайдоот бараткан атынын оозун тартты. Бул бийиктикте дем алуу оорлоп, ызгыган шамал туу чокулардан суук кардын муздуу бүртүктөрүн ала келчү. Бул, оор жана жарык өтө алгыс, кудум мокок сүргү менен жылмалагандай асманды тоңголок таштуу ашууга такап койгонсуп, төмөндөгү жашыл-кызгылтым бакчалар, күмүш балыктуу жылуу дайралар менен анын жээгиндеги айылдардагы кишилер – бүтүндөй дүйнө дал ушул ашуудан башталгандай сезилет. Кишенден бошонгондой азоо, гүүлдөгөн муздак шамалда Алтын-Кийиктеги тар болсо да жылуу кыргыз кепелерин элестөө таттуу кыялдай көрүнөт. Мына, жапжакын, бир сааттык жүрүштөн кийин эле төмөндөгү тар жана жылуу кепелер күтүп турат, али жаш, жаңы эле бир асый болгон айгырдын оозун коё бергенде ал жумшак жолдо эргий басып, ылдыйдагы дүйнөгө алып жөнөдү. Чылбырды коё берсең эле жетиштүү – ылдыйдагы дайранын жээгиндеги кепенин жапыз каалгасын түртүп кирип барасың. Чынында эле ал мүмкүнбү – чылбырды тартпай бош коюп, тик жолдон аты менен тирүү, аман-эсен түшүп барып, жылуу жана тар жашоого аралашуу!     

Зуулдаган шамалы басылбаган Терсагар ашуусунда туруп, үй  тууралуу ойлоо таттуу жана коогалуу болчу.

Иуда ашуунун таштак жолуна айгырынын башын буруп, чылбырын бош таштап койду.

 

Бир чакырымдай тик, салаңдаган аскаларды этектей аккан жайык дайралуу өрөөн, же күрөң кочкул таштагы жашыл так – Алтын-Кийик дал ушундай көрүнөт экен... Тыбыттуу, жашыл үзүк – чөптүү талаа, арчалар, топтоло өскөн кара жыгачтар. Алардан нары кара-көк суу, мөңгүдөн ойноп келип тизилген өткөөлдүн таштарын кемирип, ылдый, тажик аймактарына өтүп кетет. Суу – кир, азоо: кудум эле боз тери капталган булчуңдай, буркулдайт.

Суу көптөн бери кирбей жоошуп калган, тартылып кеткен дайра тарамдалып, таңкысын көпүрөгө ташталган бактын ничке бутактарындай көрүнөт. Кечке жуук болсо күндүзгү күндүн талыбас ишинен кийин эриген сууларды мөңгү өрөөнгө жай бүркүп, дайра күчүнө кире күргүштөп, көбүрүп-жабырып, койдой, атургай аттын жарымындай таштарды калдырата агызып жөнөйт.  

Бул, жер алдынан чыгып жаткандай күрүлдөккө Алтын-Кийикке улам жакындап келаткан Иуда Губельман сонуркай кулак төшөп келет. Арчалардын арасындагы жайыктарда төрт-беш кепе көрүнүп, айгыр өзү эле жакынкы кепелердин бирине шайдоот бет ала жөнөдү.

Килейген, сары ит жер алдынан чыга калгансып кайдан-жайдандыр арсылдай жете келди да, жоон мойнундагы чоң башын жиндене созуп, атчанды шыйрагынан тиштеп түшүрчүдөй улам секирип, атты жандай чуркады.  Кооптонгон Иуда наганын кабынан алып чыгып, ыңгайын таба ээрден эңкейе калып итти наганынын түбү менен дал чекеге керилип туруп уруп калды. Ит аянычтуу “каңк” эте жаагын дароо басып, терең ойго баткансып башын жерге сала теңселип барып арчанын түбүнө жетип,  жатып калды. Иуда атынан түшүп, уюп калган буттарын жай шилтеп, иттин үргөнүнө чыга келген Абдылданы утурлай жөнөдү.

– Салам алейкум, аксакал,– деди Иуда Абдылданын кызыл жүздүү бетине тигилип,– Мен мергенчи Кудайназарды издеп келдим эле. Ал кайда жашайт?

– Өкүмдар Аллах эч качан жаңылбайт!– көргөн көзүнө ишенбей, таң калган Абдылда өзүнчө сүйлөндү,– Ал, орус начальнигин менин кепеме алып келиптир... Ырахмат сага Аллахтын элчиси, бул, макулуктун күнүн кыскартканыңа.– Абдылда кандуу башын калчылдатып, буту алдына жете келген итке түкүрдү.

– Бул сенин итиң беле?– деп сурады Губельман,– Ал мени каап ала жаздады.

– Мунун тиштерин да күбүп салсаң болмок,– деди Абдылда итине ичи ачыша карап,– Тиштегенди мен да билемин, үргөндө Алтын-Кийикти жаңыртып деле катуу үрчү эле. Эми манасчыдай созолонуп калар, таңга чейин өлбөй калса.

– Мейли, созолоно берсин,– деп, макул болду Губельман,– Кудайназар кайда жашайт?

– Азыр мен ага алып барамын,– деди Абдылда,– Ага чейин менин үйүмдөн чай иче кет. Бул, биздин, кыргыздардын салты...

– Макул,– деди Иуда,– Өзүң айткандай Аллах мени үйүңө алып келген соң...

Кепенин кенен бөлмөсүндөгү очоктун жанында эки аял олтуруптур – бири кемпир, экинчиси жоолугун кымтый салынган жалпак бет, чекир жүздүү, кырктардагы жашыраак аял. Кийизде койдун талпагын жамынып, суусар тебетейчен эркек жатыптыр. Очоктогу от тамга такай коюлган сандыктын үстүндөгү сүт тарткыч менен бурчтагы тегирмендин кичирээк жаргылчагын жарык кылып турду. Жаргылчактан нары, суу жагымдуу шылдыраган караңгы тешикке ар кандай жыгач, кайыштар чубалып кетет экен. 

Өкүм кол шилтөөсү менен Абдылда үйдөгүлөрдү бөлмөдөн чыгарып жиберди. Биринчи болуп талпак жамынып жаткан суусар тебетейчен эркек кожоюндун ушул кол жаңсоосун эле күтүп жаткансып сыртка чыга жөнөдү.

– Уулуң го сыягы?– деп сурады Иуда, олтурганга орун издеп жатып.

– Э!– Абдылда ийинин түшүнүксүз күйшөп койду,– Ар кандай кишилер келет, чай ичишет, укташат... Үстөл бар, азыр сарайдан алып келе салайын.

– Кереги жок,– деди Иуда, кийизге олтуруп, буттарын ырахаттана сунуп жатып,– Кишилер ушул жердикпи?

– Ушул жердик эле,– деп, ырастады Абдылда,– Бул бала Тажикстандан картөшкө алганы келиптир. Биздин картөшкөлөр аябай жакшы. Келгенине бир жума болду, меникине түнөп жүрөт,– Абдылда тизелей олтуруп, жарылган капталы темир менен ашталган тоголок, кызыл чайнекке чай демдеп жатып сүйлөндү.

– Чоң сөз бар, начальник,– Абдылда Иудага чыны сунуп жатып шыбырады,– Мага билимот сатчы!

– Эмне кыласың?– Иуда анын суроосуна таң калбай сурады.

– Кантип, эмне!– Абдылда жагалдана таңданып койду,– Сен – чоң начальниксиң, мен Алтын-Кийиктеги сенин катчың болоюн. Катчы!– Абдылда жат сөздү атайын чоюп кайталады.– Чоң начальниктин катчысына билимотсуз эч болбойт.

Иуда чайдан жай ууртап, Абдылданы караманча унутуп калгансып ойго тунуп, үндөбөй калды.

– Мен билимот үчүн сага үч жибек чепкен менен илбирстин терисин беремин,– деп, сунуштады Абдылда кылтыйып.

Иуда унчуккан жок.

– Илбирстин эки териси болсун,– Абдылда дагы кошумчалады,– Дагы, тишинде кызыл ташы бар кытайдын алтын ажыдаар шакегин берейин. Ыя?

– Пулемётту эмне кыласың?– деп сурады акыры Иуда.

– Кытайдын эски жолуна барам,– деди Абдылда,– Нары-бери өткөндөрдөн жол акысын алып турамын. Алтын-Кийикте болсо азырынча өзүмдүн катчым Төлөгөндү калтыра турамын.

– Болду го,– Иуда Абдылдага кызыга дагы бир жылмая карады,– Чай ичип бүттүк... Сен эмне абышка, эски кытай жолун сенден башкалар кайтара албайт дейсиңби?– Ал өөдө турду,– Чайыңа рахмат. Кеттик.

– Анда башкалар кайтарып калышкан го...– Абдылданын ындыны өчө түштү,– Билесиңби, начальник, Кудайназарга билимот жөнүндө эчтеме айтпа. Кытай шакегин да айтпай эле кой. Ыя, начальник?

– Эмнеге?– Иуда босогого жете берип сурады.

– Ал, билимотту мен аламын деп ойлоп жүрөт,– деди сакалдарын сербеңдетип Абдылда.– Билимот кимде болсо ажыдаар шакек да ошондо болушу керек. Дайыма ошондой.

– Ал эмне, сенин байлыгыңды тартып алабы?– Иуда токтой калды.

– Кайдан тартып алсын!– Абдылда аптыга түштү,– Анын бетин нары кылсын, өзүм эле алып жүрөмүн.

Кеп, эт тартылганда уланды.

– Эт – курсакты чыңдап, жүрөктү жумшартат,– деди Төлөгөн сөөктү тиши менен мүлжүп жатып,– Семиз киши – жакшы киши. Арык киши – жакшы эмес киши.

Додолонгон койдун эти көк чарада булоолонуп жатты. Ал, дасторкондун ортосуна коюлуп, эркектер аны тегеректей олтурушту. Дасторкондо сындырылган тандыр нандар, майда пияздар менен үч чыны бар болчу: спиртти Иуда, жөн билги Абдылда менен жүзүмдүн кишиси – Кулмамат ичип жатышты.

Абдылда пиязды кытырата тиштеп, өкүттүү бырышты: арык Иуда Төлөгөндү туура түшүнбөй калышы мүмкүн.

– Сен, аябагандай баатыр киши экенсиң, начальник,– деди Абдылда, абалды жөндөп кеткенге аракеттенип,– Орус начальниги тоодогу кыштакка сакчылары жок эч качан келген эмес.

– Мен, согушканы келген жокмун да,– деди Иуда ооз учунан, анан Кудайназарга кайрыла кетти,– Хан Усулбек Алтын-Кийик аркылуу өткөн жокпу?

– Кийинки жылда бир дагы чоочун жан өткөн жок,– деди Кудайназар, анан саал ойлоно калып,– Мен Алтын-Кийикке эч кандай аскерди киргизбеймин. Бул биздин жер, биз бул жакка чакыргын адамдарыбызды гана кийиребиз.

– Алтындай сөздөр,– Абдылда коштой кетти,– Акак сөздөр!

– Усулбек сурап олтурмак эмес,– Иуда тиштене кетти,– Анын элүү атчаны бар. Ал эмне, сенин чакырыгыңды күтүп олтура берет дейсиңби?

– Аны билбейм,– деди Кудайназар супсак,– Келе турган болсо же ал олтурат бул жерге, же мен.

– Эмнеге ал бу жерде олтурмак эле!– чыныдагы спиртти чайкап жатып Иуда сүйлөндү,– Ал мөңгүгө кетет, андан нары Афганистанга өттү да кетти.

– Билбейм,– деп кайталады Кудайназар,– Мөңгүдөн ат менен эч ким өтө албайт, топоздор керек. Топоз бизде жок. Анда ага Алтын-Кийиктин эмне кереги бар?

Абдылда оор дем алып алды, анын көөдөнү менен ийини көтөрүлүп, кайрадан басылды. Алтын-Кийикте чынында эле топоздор жок, бирок байкаганга топоздордон кымбат нерселер: тегирмендин жаргылчактарынын бирине катылган сары, салмактуу тегеректер бар. Эгерде байкагыч киши Абдылданын үйүнөн жакшылап издесе аларды сөзсүз табат. Хан Усулбек байкабай коёт дейсиңби?

– Келгиле, түз сүйлөшөлүк,– деди Иуда, алаканын бети алдында өйдө-төмөн шилтегилеп. Чарчап калган ал кызый түшкөн болучу, аны кеч түшүнүп, ичкенине өкүнө түштү.– Басмачылар силердин кыштакты өтмөк катары пайдалана электе – мындайча айтканда Алтын-Кийик аркылуу алар өтө элегинде, силерге кеңеш бийлигинин эч кандай доосу жок, мен кишилеримди бул жакка жибербеймин. Басмачылыр келишсе, мен дагы келемин. Бөлөк жол жок.

– Кеңеш бийлиги деген эмне?– деп сурады акырын Кулмамат,– Орустардын жаңы падышасыбы? Биз, бул жакта уктук, бирок так билбейбиз...

– Падыша деген жми жок. Еңеш бийлиги – элдин бийлиги. Силер, мен – бийлик деген ошол.– Иуда айласы куруп, мукактана түштү, анан колун кайдыгер, чарчаңкы шилтеп, чыныдагы спирттин калганын оозуна куюп жиберип, чарадагы этке колун созду.

Эркектер эт жеп жаткан мейманды күтө унчукпай калышты. Иуда да үндөбөдү.

– Анда, биз – бийлик болсок,– Иуда этин жутуп жибергичекти күтүп туруп Абдылда аяр сүйлөдү,– Кызык экен...

– Бизге кереги жок,– деди капысынан Төлөгөн түнөрүп, түксүйө түшүп.

– Эмнеге?– деп сураган Иуда тактап койду,– Эмнеге кереги жок?

– Ар ким өз ишин аткарат,– Төлөгөн жактырбай түшүндүрө кетти,– эмнени жактырса.

– Төлөгөн таш ташыйт,– деди мыскылдуу жылмая Абдылда Иудага жүз буруп.

– Ошондой,– Төлөгөн аны ырастады,– Ооба, ошондой. Эгерде мен бийлик, Абдылда да бийлик, Кудайназар менен Кулмамат да бийлик болсо, анда сен эмнеге начальниксиң?

– Ай, Төлөгөн!– Кудайназар башын чалкалата күлдү,– Азаматсың, Төлөгөн!

– Болуптур,– деп, Иуда да күлдү,– Мунун баары оңой нерсе эмес, баарын эки сөз менен түшүндүрө албайсың... Акыры, кайсыл бийлик болсун кишилердин кандай жашоосу  маанилүү.

– Ал, туура,– Абдылданын көңүлү көтөрүлө макул боло калды,– Сен муну так айттың. Ал эми падышабы, падыша эмеспи – бизге баары бир.

Иуда Абдылдага салкын, тигиле карап, башын чайкап койду, бирок аны менен талашкан жок.

– Мен, башкача айтайын,– деди Иуда,– түшүнүктүү болсун үчүн... Мына, Кудайназар, сенин канча балаң бар?

– Аныкы бирөө эле,– бала жандуу Төлөгөн көңүлсүз сүйлөндү.

– Кел бери, Кадам!– Кудайназар уулун чакырды. Жанатан дубалдын жанында олтурган бала атасынын жанына келип, саал арткараак олтура кетти.

– Мына,– Иуда сөзун улантты,– Бирөө гана. Кеңеш өкмөтү болсо бала бакча курат, балдарды дарылоого догдурларды жиберет. Мага демектен сенде он бала болсун, баарын багат.

– Эмне, кеңеш бийлиги ага бала төрөп береби?– Төлөгөн бырс күлдү.

– Бул, абдан туура!– Абдылда колдой кетти,– Чунугу бийлик деген ушул. Он бала! Экинчи аялды болсо Гармдан жыйырмадай койго сатып алса болот, ал жакта кыздар көп.

– Токто, токто!– деп, токтотту аны Кудайназар,– Адам деген кой эмес да. Койлор да...

– Адам – Аллахтын кою,– Абдылда насааттай оңдоду,– Аллах бизди Жердин жайытында кайтарат. Койлор Аллахтын эркинен сырткары боло албайт.

– Эмне, орустардын начальниги да кой болуп калабы?– Төлөгөн жаман ойсуз тамашалады.

– Ал, сенин ишиң эмес!– Төлөгөн Абдылданы кесе токтотту,– Аллах бардык эле адамдарды койдой жаратпайт. Сен, маселен эшекке окшошсуң.

– Ие,– Төлөгөн кубана макул болду,– Ооба... Мына, менин канча балам бар.

– Балдарды жаратуу ар бир макоонун да колунан келет,– Кудайназар өкүттүү бетин бырыштырды,– Биз балдардан сурап коюптурбузбу, жарык дүйнөгө келесиңби, же келбейсиңби деп. Балдар менен бизге жакшы, күчүктөй ойноп, анан мактанып калабыз: менде ону, а менде он беши бар деп! Эмнеге жараттык?

– Кантип эмнеге?– момун Кулмамат чыдабай кетти,– Эмнеге дегениң эмне, айланайын Кудайназар? Тукум улантышат да!

– Балдарың – сенин өзүң, майдалана кесилген. Кудай аялды бизге бала төрөгөнгө жараткан. Ансыз аялдар аял эмес, ысык эттин бир гана кесими.

– Алгач алар ысык кесим эт, анда алар жакшы да жагымдуу,– Төлөгөн чечмелеп кирди,– Анын курсагы чандайганда алар аялга айланышат. Ал да жакшы.

– Тукум уланткыч!– Кудайназар мыскылдай сүйлөдү,– Кандай тукумду? Эмне, менин же сенин урууң барбы, Кулмамат? Сен – өзүң менен өзүңсүң, бөлөк киши сенин балаң болсо да – өзү менен өзү болот. Неберелериң менен алардын неберелери балким сен жөнүндө эчтемени угуп-билбей калышат. Тукум, уруу!.. тиги Абдылданын балким жыйырмадайдыр – алар кайда, каякка кетишти? Атасы болуп өзү билбейт.

– Бирөө Гүлчөдө жашайт,– Абдылда жумшак оңдоп койду,– Аны өзбек катын алды дешет.

– Эгерде эртең мени Иуда Керимдей кылып атып салса Кадам менен Кеминкүлдүн күнү бүтөт,– Кудайназар күйүнүп кетти,– андан дүйнөнүн эмнеси өзгөрүп кетмек эле? Чөп чыкпай калабы? Мөңгү эрип кетеби?

– Эгерде балдарың көп болсо кегиңди кууп алышат,– деди Абдылда сөздү кунт коё тыңшап олтурган Иудага сактана карап.

– Андан нары эмне болот?– деди Кудайназар,– Мени койдой мууздап салса да башкалардын кегимди кууганынын кереги жок. Мен өзүмдү өзүм коргосом дейм, өлүмдү да өзүм тандап алам... А сенин кунуңду Гүлчөдөгү балаң келип кууп алабы, Абдылда?

– Келбейт ал,– деди Төлөгөн,– Ал жактан төрт күндүк жол.

– Сенин канча балаң бар, начальник?– деп, кызыга кетти жоош Кулмамат,– Бирөөбү, экөөбү? Же көппү?

– Менин балдарым жок,– деди Иуда,– Үлгүргөн жокмун, азырынча. Катыным да жок.

– Орустар бирден ашык катын сатып алышпайт,– деди билермандана Абдылда,– Орустар шаарда жашашат, алардын койлору аз, картөшкөлөрү көп. Экинчи катынды багуу кыйын. Туура айтып жатамынбы, начальник?

– Мен орус эмесмин, евреймин,– деди Иуда, эмнеге антип айтып жибергенин өзү да билбей, өкүнүп калды.

– А,– бул жаңылыкка сыйда үн катты Абдылда.

Ал, еврейлер жөнүндө кулагы чалган болчу, бирок эмнени экенин так эстей алган жок.

Иуданын бөлөк сөздөрү алардын кулагына кирген жок, майлуу тамакты сиңирип, жай олтурушту.

Иуда маңдайындагы кишилердин ар бирине кызыга карап, сөздөрүнүн таасир этпей жатканына таңданып, арасында еврей олтурса да көңүл кош болгонуна келише албай жатты. Кай бирлер мындайда – “Эмне дейсиң? Мунуң укмуш го!” деп, еврей киши айдан түшө калгансып, ал жакта таш жеп, өзүнөн өзү эле көбөйүп жаткансып, айран таң  таң калмак.  Кээлери болсо эчтеме болбогондой: еврей болсо эмне экен, андайлар боло берет, андан да жаман нерселер көп эмеспи дегендей түр көрсөтүшөт. Үчүнчүлөрү да болот: балдарынын жаман чыкканына, аялдарынын ала жипти аттап кеткенине, же  жашоодон жолу болбой жатканына сен күнөөлүдөн бетер жек көрө карап, кудум карышкыр көрүшкөнсүйт. Анан төртүнчүлөрү, алтынчылары... да бар. Бирок, бул, Алтын-Кийиктин кепесиндеги кишилер орус начальниги Иуда Губельмандын еврейлиги эч кызыктырбагандай, бейкапар гана тамактарын сиңирип олтурушту.

– Мен – евреймин!– Иуда сөзүн көгөрө улантты,– Атын дагы орусча эмес. Деги силер Иуданын ким болгондугун билесиңерби?

Тигилер билишчи эмес. Алтургай, көптү көргөн Абдылда да эчтемени эстей албай жатты.

– Болуптур, мейли,– деди Иуда кыжылыттана кабагын чытып,– мен алда качан эле Иван, же Пётр болуп алмакмын, ал оңой эле колумдан келмек. Антип алсам мени эч ким сөөмөйү менен чукуй көрсөтмөк эмес. А мен болсом атымды алмаштыргым келбейт, себеби мага еврейиби, орусубу же кыргызбы – баары бир. Еврейлер өзүн башкалардан артык сезишет, орустар да ошондой. Эч ким өзгөлөрдөн артык эмес. Дал ошол “артыкчылыктан” бүтүндөй элдер бири-биринин башын кыйып жатышат.

– Оруска караганда еврейлер жакшы,– Абдылда абалды кең пейилдене баалай койду.– Орустардын жини чукул, биз менен сүйлөшкүсү келбейт.

– Ал орустугунан сүйлөшпөй жаткан жок,– Иуда каршы болду,– акылсыздыгынан, караңгылыгынан улам ошентет. Еврейлердин макоолору да орустардыкынан аз эмес.

– Ие, ким жинди болсо, албетте...– Абдылда каршы болгон жок.

– Мына, сен он бала деп жатасың,– Кудайназар сөздү башкага бурду. Бул кеп ага көбүрөөк кызыктуу болчу, меймандарга да. Үргүлөп бараткан Төлөгөн селт эте, көздөрүн ача калды.– Эмнеге ону бирөөнөн артык болот – ушуну түшүнгүм келет! Төлөгөндүн, кадырлуу Абдылданын да топ баланы жаратып койсо эле – адамдардын баарына милдет болуп калабы.

– Тоок да – жумуртка тууйт,– Төлөгөн нускалуу боло түштү,– Адам болсо ырахат алат... Көп жумуртка тууган тоок жакшы делет. Кой да, катындар да ошондой, аны баары билет.

– Козуларды биз союп, жейбиз,– Кудайназар олуттуу унчукту,– Биздин балдар чоңоюп, бири-бирин казан үчүн союп жатканы жок да. Аны да баары билишет. Анан эмне, ал да туурабы?

– Ошондой болуп жатпайбы,– момун Кулмамат өкүнө сүйлөдү,– Мында эч ким күнөөлүү эмес.

– Мына, мына-а,– Иуда сөзгө өктөм аралашты,– Бул жөнүндө баары эле ойлонот, ар бир киши... Сен эч ким күнөөлүү эмес дейсиң. Жок, күнөөлүү! Бүткүл дүйнөдө жалпы теңчилик болгондо – бири-бирин эч ким соймок эмес, кайсыл бир жинди же оорулуу эле болбосо. Биз Россияда ошону үчүн, теңчиликти орнотуу үчүн согушканбыз.

– Орноттуңарбы анан?– Абдылда шектене сурады.

– Азырынча жок,– деп, чынын айтты Иуда,– Балким, ал үчүн дагы он жылдай керектир. Кишилер туура эмес жашаганга көнүп алышкан, андан баш тартуу оор.

– Ооба, ал чын,– деди Төлөгөн,– Эгерде бирөө бир нерсеге же жегенге көнүп алса, андан бар тартуусу кыйын... Менин коркконум, начальник: биз бул жакта, тоодо туура жашайбыз, анда сен эмнени алмаштырганы келдиң?

– Эң башкысы, баарында баары тең болушу керек,– Иуда ишенимдүү айтты,– Бирөө бай болуп, анын үч жылга жетерлик наны болсо, кедейдин азыр жегенге наны жок болбошу керек.

– Мал менен кийимдеричи?– Абдылда кызыга кетти.

– Алар да тең болушу керек,– Иуда түшүндүрө кетти,– Силердин эчтемеңер жок, бөлүшүү да оңой.

– Тиги Абдылданын сүт тарткычы бар,– деди Төлөгөн,– Ал, бирөө болсо аны кантип бөлөбүз.

– Аны эмнеге бөлүү керек,– деди Иуда,– Кимге керек болсо келсин да, пайдалана берсин, бүттү.

– Антсек кана,– деп улутунду Кайназар,– Андан эчтеме чыкпайт, начальник. Адамдар жаман жагынан гана окшош. Жакшы жагынан – ар кимиси өз жолун издейт, ал жолу үчүн коңшусун да аяп койбой, кекиртегин жулуп алат.

– Эчтеме чыкпайт,– деп кайталады эртең менен да Иуданы узатып жатып Кудайназар,– Чынында эле өкүнүчтүү.

Айылга келчи жол менен чоочун кишилер келип калбасын деп, ашууга Алтын-Кийиктин кишилеринен коюп, саксактап турууга экөө макулдашты. Иуда басмачылардын келүүсү мүмкүн деген оюна көндүрүүгө аракеттенди эле, Кудайназар аны жуутпады.

Ошентип кыргызыбы, өзбегиби же орусубу, “чоочун кишилер” дегенге көз салмак болушту.

 

7

Кулмаматка күзөт иши жагып калды, ал ашуунун алдына кылтак салып, суурларды кармоого өттү. Андан сырткары Кулмамат кыялкеч келип, жалгыздыкты ыната турган. Чатырда койдун терисинен жасалган тонуна оронуп алып ашуу, суур, өзү, асман, күн деген оюна келе калган сөздөрдөн жамакташтырып алган ырларынан кыңылдап коюп, олтура берчү. Кээде үнүнүн бардыгынча зоңкулдап ырдап да жиберчи, үнү бирде муңдуу чыкса, кээде аргасыздыктын арманы угулат. Кулмамат Алтын-Кийиктеги кепесинде, адамдардын арасында минтип кенен-чонон ырдай алма эмес, ошондон улам  ашуудагы жалгыздыгы ага жагып, таланты ойгонуп келаткандай сезип, өзүнчө жеңилденип, эргип да кетүүчү.

Кулмаматтын жыртык чатыры андан чыкпай туруп, Кызыл-Сууга чейинки капчыгайдын капталы Чоң таштын нары жагындагы бурулушка чейин көрүнүп тургудай болуп тигилген болучу. Таш болсо бул жактан саргыч-жашыл кырга  капталынан кынаптап чапталган кара-күрөң төрт бурчуктай калдаят. Жалгыз аяк жолдун үзүгү даана көрүнбөгөнү менен сезилип турат, Кудайназардан алган турнабайы менен караганда гана Кулмаматка чыйыр жолдун бурулуштарына жээктей тизилген таштар байкалып, жарга жеткирбей жолду түзөйт.

Турнабай менен айланага көз салуу Кулмаматка кызык болчу, ал кээде ырын да токтотпостон шыкаалап олтура берчи. Жолдо болсо адатынча эч караан жок, жайдак. Ага Кулмамат кейибейт деле, ошентсе да кайсыл бир атчандын карааны бурулуштан чыга калса деп эңсечи. Андай болоруна ишенбегени менен көзү талыганча турнабайга жабышып, аз да болсо ичи ачышып, өкүнүп алчу.

Качан атчандар пайда болгондо алгач ал коркуп кетти: алар бешөө болчу, жалгыз аяк жолдо биринин артынан бири чубашып, аркасында кара казыктай соройгон  мылтыктарынын учтары чыгып турган. Кулмамат чатырынан шашыла чыкты да, бээсине ыргып минип, арчанын майлуу бутактары чогултуп коюлган ашуунун кырын  көздөй чаап жөнөдү. Мелжеген жерине жете берип, кересинден чачып, беш жерге от жагып жиберди, кызгылт жалын соймоңдоп, кара-кочкул түтүн бурала көтөрүлдү. Оттун жанында саамга турду да, Кулмамат кайрадан чатырына келди. Атчандар жай келатышат, жакындаганы да билинбейт. Турнабайдын шыкаалагычын бурап, Кулмамат тигилерди кайрадан санап чыкты: ооба, бешөө.

Эми аларды да, Кудайназарды да күтүү калды.

Кудайназар Абдылда менен Төлөгөндү ээрчите чаап келди. Атынан секирип түшө калып, Кулмаматтын колунан турнабайды жулуп алды: тигил бешөө капчыгайдын бурулушунан Чоң ташка чейинки жолдун жарымына келип калышкан. Бул, ашуудан, ничке жол чөптүү өрөөнгө түшөт – аны менен аттарды текирең таскак коё берүүгө да болот, андан Чоң ташка үч чакырымдай жете бербей, жол асканын кыры менен өрдөп, алакандай ичкерип кетет. Тигил бешөө текирең таскак эмес, аттарын желдире да алышпайт: алардын бийик аттары кулактарын корко жапырышып, аска жакка улам көз кырын салышып, буттарын араң шилтешет.

– Кел, мындай кылалы,– деди Кудайназар үзөңгүгө бутун сала берип,– Сен, Кулмамат, ылдыйга түшүп, катын-балдарды Кайыңдынын үңкүрүнө алып баргын. Эртеңкиге чейин ал жакта болгун. Эгерде биз түнү менен сага барбасак – Тажикстанга кеткиле, Бол, тез!

Ээрине плтура берген Кудайназар “чү!” деди эле, жоргосу турган жеринен эле атырылып жөнөдү. Анын артынан узун куйрук, боз айгырын миңген Абдылда чаап жөнөдү, анын куржундары салпылдап, атынын капталын чапкылап баратты. Төлөгөн акыркы болчу. Анын кыска буттуу, чапчаң бээси көздөрүн алаңдатып, ооздугун кемирип, Кудайназардын жоргосунун оордугу эсине келип жаткандай.

Чоң ташка жай, кандары кызып калган аттарын жоошута сылай, бастырып келишти. Көлөкөлүү аянтча кенен, салкын эле. Тосоттон үйүнө кайтып бара жатышкан Кудайназар менен Кадам ушул жерде эс алышкан болучу. Андан кийин капчыгайда бир жакшылык болгон көрүнөт: же кийиктер келишкенби, же уларлар учуп өтүшкөнбү... Эми ал маанилүү эмес.

– Байлап жиберчи!– Кудайназар чылбырды Төлөгөнгө ыргытып, чуркаган бойдон Чоң ташты айланып өтүп, таманы дээрлик түз, жол тарабы таш менен корголгон асканын жараңкасына көтөрүлүп барды. Абдылда онтолоп, Кудайназардын артынан булгаары гөлөчтөрүн сүйрөп, зорго жетишип жатты.

Эми турнабайдын да кереги жок болучу: тигил бешөө беш жүз кадамдай жерге келип калышкан.

– Эңкей!– Кудайназар жекире шыбырады эле, Абдылда жерге эңкейе калды.

Анын Кулмаматтын ордунда, Кайыңдыдагы үңкүрдө олтурганы жакшы эмес беле! Айтты-айтпады, Кулмамат канчалык жоош болсо да Аллах аны катын кылып жараткан жок да. Ал – али жаш, башкалар сыңары эле мууздап, мылтык атууну үйрөнүп алмак. Абдылда болсо атышып бүттү, эми илбирс окшоп аскаларды кезип, карыган башын окко тосуп жүрмөк беле.

Кудайназар тизелеп, беш атарын алдына тосулган таштарга ыңгайлап коюп жатты.

– Кара мылтыгыңды алгын да, бул жерге келгин!– деди ал бурулуп койбостон.

– Мен сенин катчыңмын айланайын Кудайназар, Төлөгөн болсо менин катчым,– деди Абдылда жерде жаткан боюнча чыйпылыктап,– Төлөгөндү чакырганга макул бол, ал, аттардын жанында эмне кылып жүрөт! Төлөгөн – үңкүрдө, Кулмамат да үңкүрдө, мен алардын ордуна кара мылтык менен атышым керек. Мен сөзсүз кыйшык атамын, айланайын Кудайназар, баарын бузуп алам...

– Кара мылтыгыңды алгын,– деди Кудайназар жиндене жерге түкүрүп,– Аттарга бар, эски чанач!

– Алтын сөздөр!– деп, кубана шыбырады Абдылда,– Асыл сөздөр!

– Мени уккун!– деди Кудайназар Төлөгөндүн кулагына ийиле берип,– Качан мен айтканда алдыңкысын аткын, жүз кадамдай келгенде. Мен акыркысын атасын. Түшүндүңбү? Азырынча мээлебе, көзүң талып кетет.

Бешөө сүйлөшпөй, үнсүз келе жатышты. Эегерде колдорунан келсе аттары окшоп кулактарын жапырып алышмак. Алдыңкы, кызыл аскердин шинелин кийген атчан  куйрук улаш келаткан жанындагылардан жыйырма кадамдай алдыга чыкты.

Качан алар Чоң ташка элүү кадамдай калганда Кудайназар башын көтөрбөстөн кыйкырды:

– Эй! Артка кайткыла!

Алдыңкысы жооп бербестен токтой калып, артындагы төртөөнүн келишин күтүп калды.

– Сен кимсиң?– деди башкысы жоон үнү менен, жооп болбогон соң дагы кошумчалады,– Биз мергенчиликке баратабыз.

– Кайткыла!– деп, кайталады Кудайназар.

– Калп айтканды койгула!– алдыңкы неме башын тегеретип, үн чыгып жаткан Чоң таштан өөдө карады,– Карасаң басмачыны...– деген менен ал өзү да, жанындагылары да ордунан жылган жок.  

Алар тез, кыска сүйлөшө кетишти.

– Эй, угуп жатасыңбы?– асканын жылчыгын көрө коюп, алдыңкы кыйкырды,– Кана, бери чыккын деп жатамын! Сыйың менен чыккын!

Кудайназар үндөбөдү.

Аңгыча алдыңкы неме атын теминип жиберди, ага удаа анын артынан мылтык атылды, ал, мылтыгын ийнинен ала коюп атып жиберген экинчиси болучу.

Ок, алдыдагы тосулган ташка тийип, зуулдап кайып кетти.

Башын ийнине каткан Төлөгөн тиштенип, энтиге дем алып жаткан. Көздөрүн жүлжүйтө мээлеп калган Кудайназар көзүнүн кыйыгын ага бурду, Төлөгөндүн жини кармаарда ошентип оор дем алып калчы.

– Башта!– деди Кудайназар алгачкы атчандын аты кош аяктап тура калып, алдыңкы буттары жерге кайра тие бергенде. Тиги да мылтыгын ала коюп, ийинине такап калыптыр.

Кара мылтык Кудайназардын беш атарынын кургак үнүн баса тарс этти. Алдыңкы атчан колунан мылтыгын түшүрүп, колдорун жая берди да атынын жалына бети менен кулап, өбөктөп калды.  Анын коркуп кеткен аты бир нече секирик менен Чоң ташка жете барып, аянтчанын оозуна жетип, жардын жылчыгынан көрүнбөй калды.

Арткы атчан ээринен мүшөктөй шыпырылып түшүп, буттарын аскадан салаңдата жолдо жатты. Аты аны жыттап, ордунан тургузгусу келгендей кежигесинен тумшугу менен улам түрткүлөп коёт.

Чоң таш менен жолду тороп жаткан арткы атчандын ортосунда камалып калышкан үч атчан тар жолдо аттарын артка буруп кете алышпай, ордунда топурап калышты.   

Төлөгөндүн кара мылтыгы дагы тарс атылды эле жакынкы ат тик секирип алып, ээси менен кошо аскадан туңгуюкка кулап кетти. Аман калышкандардын экөөнүн бири атынан жылмышып түшүп, ээсине тумшугун такап турган арткы атка жетип барып, аны жулкулдата жолго бурду да жонуна ыргып минип, келген жагына чаап жөнөдү.

Экинчинин бээси жинденип, ооздугун чайнап, Кудайназардын айгырынын бышкырыгына жээлигип жатты. Анын пайдасыздыгын билип, жүгөнүн коё берген ээси  мышыктай жөрмөлөп барып, качып кеткен шеригинин атына ыргып минди. Ат кош аягына тура  атырылып кетти. Жаңы ээси үстөккө босток чокусуна камчы уруп жатып жолдо өлүп жаткан шеригинин үстүнөн атты секиртип өттү да далбалактап качып берди.  

Жээликкен бээ моюнун созуп, Чоң таш тарапка, Кудайназардын айгыры жакка желип жөнөдү.

– Бүттү,– деди Кудайназар, өөдө болуп,– Ылдый түшөлүк. Эй, Төлөгөн!

Төлөгөн, жаткан жеринде чекесин ташка такап, тиштерин кычырата кырылдап жатыптыр.

Өз аты аянтчага алып келген башкы атчандын шинели менен өтүгүн чечип алып, Абдылда эми анын кызгылт кыймалуу шымын чече баштады. Алыбеттүү кызыл аскердин денеси нымдуу кум толтурулган куурчактай оор, шалактап эби жок болгондуктан Абдылда шымын чечип ала албай кыйла машакат тартты.

Оор дем алган Абдылда жеңил болсун деп денени чалкасынан оодарды эле саргыч беттүү неме алсыз кыңылдагандай болду. Эңкейип, Абдылда анын жүзүнө кулагын тосту: ал билинер-билинбес дем алып жатыптыр.

Абдылда денени айланып өтүп, баш жагына тизелей олтурду да дармансыз денени  ийининен көтөрүп, анын тер баскан саман чачтуу башын жыгачка жаткыргансып моюнунан тизесине жаткырды. Баш Абдылданын эки тизесинен ылдый салаңдап, моюну ачыла түштү.

Белин байлаган жоолугунан Абдылда оймолуу, чоң, болот бычагын алып чыгып, бышылдап, күч менен кызыл аскердин кекиртегине сайды да, бышыктап мууздап жиберди. Ал, күрөө тамырга тийбеген соң, кан чачырабай, булганган жок.

Абдылда тура берип, жанына дабышсыз келген Кудайназарды байкай койду. Ал, чачтары чекесине жабышып, чалкасынан жаткан Николайдын эгизи, Иван Бабенконун жансыз жүзүнө тигиле карап туруптур.

Саамдан кийин Кудайназар абышкага кайрылды.

– Мунун куру кана? Сен алдыңбы?

Абдылда лам дебей жанында жаткан куржунуна колун сойлотуп, ага салынган Ивандын шинели менен өтүгүнүн алдындагы сабы асемделе кооздолгон кыргыз бычагы тагылган аскердик курду алып чыкты. Кудайназар бычакты алып, мизинин курчтугун сынап көрүп, шымына шашпай аарчыды да бир кезде Бабенко Ивандан алган немис канжарын белиндеги курунан кесип алып, жерге таштады.

– Кийимдерди алсам болобу?– деди анын жанына келген Абдылда,– Тигинже дагы бирөө жатат, аты да. Мен сенин катчыңмын, Кудайназар...

– Жыйнагын,– деди Кудайназар жылмайып,– Мен кийин бөлүштүрүп беремин. Баарына тең болсун.

 

8

Кудайназардын кепесинин жанындагы аянтчада бөлүштүрүштү. Төлөгөн мылтык менен атты алды, Кулмамат да. Абдылдага өлгөн аскерлердин кийимдерин беришти.

– Сен – хансың, Кудайназар, Алтын-Кийиктин ханысың,– деди Абдылда, кийимдерди куржунуна салып жатып,-Сен эмне десең, биз аны аткарабыз.

– Сүт тарткычты алып келгин,– деди ошондо Кудайназар. Абдылданын өңү сакалындай кубара түштү,– Төлөгөн, сен Абдылда менен барып, алып келгенге жардам бергин,– деп буюрду Кудайназар.

– Мен өзүм,– деди Абдылда өчүңкү үн менен,– Өзүм алып келемин...

Сүт тарткыч оор эмес, алып келүү оор болчу. Өзүм! Дал эле орус Иудага айткандай  болду. Кеп, сүт тарткычты куру жатын Кеминкүлдүн тартканында эмес, аны небак эле айдап салыш керек болчу, Абдылданын небереси, же небереси эмеспи, майды сүттөн таяк менен сайгылап жатып алганында болуп жатпайбы. Ал неберени да, же ал башкабы, шайтан алып кетсин дечи! Аны Алтын-Кийикке шайтан алып келген, кайра да алып кетет... Кеп, эми сүт тарткычтын тегирменде эмес, Кудайназардын кепесинде турганында болуп жатпайбы. Эми ал сасыган сандыкта туруп калат. Жалтыраган сүт тарткыч Абдылданын байлыгынын, анын бийлигинин белгиси эле да. Сүт тарткыч менен бирге Абдылданын бийлиги, балким байлыгынын баары Кудайназарга өтүп кетпегей эле. Эми ар бир акмак да сүт тарткычтын алдындагы сасыган сандыкта тегирмендин барасына катылган алтын тыйындар сакталып жатат деп ишенип алышат эмеспи. Ошентсе да Абдылда сүт тарткычты алып келе жатып, ахыбалдын анчейин деле жаман эместигин ойлоду. Кишилер мейли, кандай ойлошсо ошондой ойлошсун, азырынча бара өз ордунда жатат, акылгөй киши катчы катары али башы жаш Кудайназардын амалын таап, көп пайдасын көрбөй койбойт. Кожоюн башкарат, кеңешчи аны багыттайт. Катчы дегениң кеңешчи да. Кеңеш – шыбырап айтылып, буйрук – кыйкырып берилет. Кудай алгыр Кудайназар кыйкыра берсин. Ошенткен менен азыр заман оомалуу: эртең сүт тарткычтын кайда турарын бир Аллах билет, билким биле да албастыр...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Давид Маркиш, 1982. Бардык укуктар корголгон

© Кыргыз тилине которгон А. Сарманбетов, 2019. Бардык укуктар корголгон


Количество просмотров: 92