Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Касымов Т., Кыпчаков А., 2017. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 11-октябры

Тыныбек КАСЫМОВ

Ɵрнѳктүү ѳмүр

(Социалисттик Эмгектин Баатыры, жетекчи, уюштуруучу, үлгү болчу чоң үй-бүлѳнүн атасы Кыпчаков Абдулланын бир кылымдык мааракесине арналат)

 

Касымов Т., Кыпчаков А. "Өрнөктүү өмүр". – Ош: "Кагаз ресуртары", 2017. – 192 б. китебинен алынды

Бул китепте  Социалисттик Эмгектин Баатыры, «Даңк» медалынын ээси Абдулла Кыпчаковдун басып ѳткѳн үзүрлүү эмгек жолу, ал жѳнүндѳ эскерүүлѳр жана Караван айылында жашаган калктын санжырасы баяндалган.

УДК  821.51 

ББК  84 Кт 7-4 

К 28

ISBN 978-9967-471-40-5

К 4702300100-17    

 

 

Баш сѳз

2018 жыл коомдук ишмер, персоналдык пенсионер, Социалистик Эмгектин Баатыры, В.И.Ленин орденинин, «Даңк» медалынын  ээси Кыпчаков Абдулланын юбилейлик жылы. Эгерде маркум А.Кыпчаков тирүү болгондо 100 жашка чыкмак, тууган-уруктарын, жакындарын шаттыкка бѳлѳп жүрмѳк.

Ар бир жердин же чѳлкѳмдүн урмат-сыйына арзырлык инсандары болот. Мына ушундай Караван чѳлкѳмүнүн элинин урмат-сыйына татыган инсандарынын кѳрүнүктүү ѳкүлү Кыпчаков Абдулла десең аша чапкандык болбос деп ойлойбуз. Себеби Кыпчаков Абдулла ѳзүнүн  майтарылгыс  эрки, кѳздѳгѳн максатынан кайтпастан ак эмгеги менен элине, мамлекет башчыларына ар тарабынан жагып, ѳзүнѳ жүктѳлгѳн милдеттерин, коомдук иштерин талаптагы чектерге жеткиче аткарып, олуттуу мамиле жасап, жогорку жоопкерчилик менен дайыма аткарып келген. Анын ар кандай инсанга үлгү болотургандай адеби, мамилеси кѳптѳгѳн коомдук иштер менен алектенген атка минерлерге жашоо жана турмуш сабагы боло тургандай деңгеелде болгон. Кайсыл жерде гана болбосун, кандай милдетти аткарбасын анын эмгекке болгон мамилеси бешене  терине негизделген(звеновойдон, Жаңы-Ноокат райисполкомунун тѳрагалык кызматтары).

А.Кыпчаков иш билермандыгынын натыйжасында Ɵкмѳт же партия кандай гана уюштуруучулук кызматтарды тапшырбасын ак-алал, тууганчылык, жердешчилик, дос-жарчылык, куда-сѳѳктүк, жаман адаттарга жолобостон, нээтин  түздѳп, жашоонун оптималдуу жолун тандоо менен ишмердүүлүк жүргүзүп келген.

Жолуна кере тартылган душмандарынын кылтактарына илинбестен ѳмүрүнүн аягына чейин ошол принциптерден жазбай келди. Ɵзүнүн перзенттерин да ошондой тарбиялады. Атасына окшошуп балдары да чындыкты туу тутушуп келе жатышат. Мамлекеттик иштер менен үй-бүлѳ иштерин айкалыштырып, бул эки багыттын аткарар иши бир экендигин тез аңдап жетти.

Анын адаттан сырткаркы жѳнѳкѳйлүгү, ыймандүүлүк сапаттары, инсандык баалуу касиеттери ар дайым анын жүрүш-турушунан адамга жасаган мамилелеринен дайыма кѳрүнүп турган. Бирѳѳгѳ карата одоно сүйлѳѳгѳ окшогон маданиятсыздык белгилерин анын мүнѳзүнѳн издеп табуу кыйын болгон.

А.Кыпчаковдун бул жарыкта 93 жыл жашашы биринчи кезекте анын жалпы элге карата болгон мамилесинин кеңдиги, кѳлѳмдүүлүгү десе болчудай. Анын эч кимге жаман ойлобогондугу, кеңпейилдүүлүгү, камкордугу, кылдат мамилеси. Бул анын ыймандуу үй-бүлѳдѳ тарбия алып, чоңойгондугунун натыйжасы.

Ал ѳзүнүн ѳмүр баянында : «Мен Караван селосунда кедей-дыйкандын үй-бүлѳсүндѳ туулганмын. Энесинен 1919 жылы, ал эми атасынан 1932 жылы жетим калып, атасынын жээндеринен болгон Султанов Карабектин үйүндѳ 1939 жылга чейин жашадым. 1939 жылдан сельсоветтин катчысы болуп иштеп, башкаруу чѳйрѳсүнѳ активдүү катышып, бирде ат минип, бирде жѳѳ жүрүп дегендей иштеп келди. Айыл чарбасынын кѳп тармактуу ѳндүрүшүнүн  түрдүү процесстерине же жетекчи, же уюштуруучу болуп иштеп, тапшырылган иштерин абийирдүүлүк менен аткарып келген.

Кыпчаков Абдулланын ѳмүрү үлгү болууга татыктуу. Ɵсүп келе жаткан муунубуз ушундай ар тараптан ѳнүккѳн инсандардан тарбия алса ашыкча болбойт. Айрыкча анын элине, жерине болгон сүйүүсүнүн туруктуулугу, берилгендиги, ага чын дили менен кызмат кылууга далалай танганы чыныгы патриоттуулуктун үлгүсү.

Кыпчаков Абдулланын ѳрнѳктүү ѳмүрүнѳ кайрылгандыгыбыздын бирден бир себеби, мындай инсандар бир топто бирѳѳ жаралат. Алардын эли жери үчүн аткарган иштери кайталангыс.

Бул китепке А.Кыпчаковдун ѳмүрүнүн кээ бир гана эпизоддорун киргизе алдык. Китепке киргизилген материалдардын дээрлик кѳпчүлүгү эл оозунан жазылып алынган тарыхый материалдардын фактылары. Кээ бир гана жерлерине кѳркѳмдѳгѳнгѳ аракеттендик.

А.Кыпчаковдун ѳмүрү кээ бир инсандарга практикалык жактан жардамы тийип калса, биз ѳтѳ ыраазы болмокчубуз.

Авторлор

 

I-бѳлүк. Көк-Чапан сонун кыштоо

Бүгүнкү аба ырайынын ырайы жылдагыдай эмес, жылуу, жаз айынан алашарбытындай болуп, күндүн нуру желкеге  тийсе ылытып, дене— боюңду жибитип, жан-дүйнөңө рахат тартуулагандай болуп турат. «Кок-Чапандын дөңсөсүнүн кээ бир жерлерине көк чөптүн уруктары өнүп чыга баштаптыр, ой— тообо ушундай да жыл болот экен ээ-деп, Калмурза  ата эки жагын  каранып, постунунун  этегин  атынын жамбашына кымтылап алды. Ага чейин Көк— Серкеси бир топ кой эчкилерди артына ээрчитип дөңсөнү аша Кара-Суу жөгөсүнө карай жол алып  калган экен. Калмурза ата шашыла атына темине: « Чү, жаныбарым, тез жетпесең Көк-Серке кой-эчкини ээрчитип, жөгөнүн быягындагы уйгак баскан чатка жетмей болуптур, аны аралап кетишсе койлордун жүнүнө уйгак жабышып, тырыштырып коет. Чамда, тезиреек жетели, антпесек, «жандыктарыбыз кыштан чыкпай калат го» — деп темине атын жорттуруп, кой-эчкилерин көздөй жөнөду. Жөнөгөндөн эле кыйкырып, «ээй бөөрү жегир Көк-Серке , «кайт», «кайт  деймин», «кайт» же оңолбодуң, же өлбөдүң кудай урган Көк-Серке» деп тилдеп бара жатты. Көк-Серке да ээсинин сөзүн түшүнгөндөй бир азга токтоп, кайрылып артын карап эч нерсе болбогондой, баскан жазыгынан тайбастан көздөгөн максатына карай жолун улай берди. Ат дагы бул мезгилде желе-жорто жандыктарга жетип, катарлашып калды. Атынын тизгинин оңго бир азга буруп, малдын алдынан   чыгып, колундагы тээри тасмадан өрүп жасаган узун табылгы камчысы менен Көк-Серкени чаап алды.  Камчы Көк-Серкенин шыйрагына аралаш тийгенби эмнегедир ал арткы оң бутун көтөрүп, бүкүрөйүп, башын солго алып, көзүн жумган бойдон бурулуп, жасаган ишине бушайман болгондой абалда келген жагына карай качып калды.

Калмурза ата Көк-Серкени камчы менен өтө эле катуу деле чапкан жок. Бирок анын азыркы абалын байкап, жан дүйнөсүнөн өзүн кайра-кайра жекирип, күнөөлөп жатты. Себеби 7-8 жылдан бери ушул Көк-Серке малынын алды болуп, серкелик милдетин аткарып, белгилүү болсун үчүн мойнуна илинген коңгуроону  жатса-турса мойнунан түшүрбөй өз милдетин алы жеткенче  аткарганга аракетттенип келе жатат. Айрыкча Көк-Серке баш болгондон бери малына оомат келип, өзүнөн-өзү көбөйүп, берекелүү болду. Азыр эми мынча кой-эчкини өзү бакканга алсыздык кылып бара жатат.

Аны билгенсип Көк-Серке  да кээде минтип тилин албай эркелегендей болот. Мейличи деди Калмурза ата, мал эмеспи малдыгына барат сенин сөзүңдү кайдан түшүнсүн, эгерде адамдай сөзгө түшүнгөндө эчки-койлорду кар ээрип, карарып калган жерлердеги жумшап калган чөптөргө ээрчитпейт беле деп кобурап алды. Ички дүйнөсүндөгү оюн сыртка үн чыгарып айтып жибергенинен чочуркап, «мени бирөө угуп калбадыбы» деген ойдо эки жагын чоочуркагансып карап  алды. Чын эле чоочуркаганындай эле бар экен. Тээ Карван айылы жактан Калмура атаны көздөй бир караан келип жатыптыр. Колун чекесине алып кайра-кайра караса да тааный албай койду. Жалгыз караан Калмурза атага жакындагандан жакындап келе жатты.

Түштүктөн өткөн күндүн нурунун чагылышынан улам караандын ким экендигин айрып тааныганга мүмкүнчүлүк болбоду. Бирок Калмурза ата караанга болгон кызыгуусу күчөгөндөн-күчөп бара жатты. Чыдамы кеткенинен миңген атынан түшүп, ээрден казык, аркан азык-оокат салып алган куржунун жерге алып, жибин чыгарып, учун ноктонун тогосуна байлап, аттын оозунан жүгөндүн суулдуругун чыгарып, жүгөндү чечип  куржунга салып, ээрдин кашына эки үзөнгүнү карама-каршы абалда илип, ээрдин басмайылын бошотуп, жерден чыккан булакты бойлой чыккан ажырыкка алып барып, атынын темир казыгын жерге какты. Шаша-буша « караан кайда карай басты экен» деген кызыгуу менен  дөңгө карай ыкчамдап жѳнѳдү.

Эртеден бери аркы-терки баса бергенден уламбы жандыктардын 50-60 тайы булактын боюндагы ажырыкта, ал эми дагы 20-30 дайы Көк-Чапандын чыгыш жагындагы күзгү буудай себилген аянтта топ-топ болушуп оттошуп жүрүшүптүр. Караан кайда кетти деп караса, ал да жакындашып калыптыр. Эми ал дап-даана таанылды.  Калмурза атанын коргонунун  түндүк жагына пакса дубал менен үй куруп , кошуна жашаган  Апшыр-Сайдын Кереге-Ташынан көчүп келген Эргеш экен. Анын өңүнѳн  жакшылыктын жышааны байкалып турат. Денеси болсо ныпчып тердеп алган.  Ɵзү да апкаарып алыптыр. Эмнеси болсо да жакшы кабар менен келген экен деген ой Калмурза атанын сезиминен кылт этип өттү. Анысына канаатана бербей: — «Аа Эргеш мынча шашып кайда жөнөгөнсүң иним» деп сурады.

— Мен сизге келе жатамын бай ата, сүйүнчү бериңиз деп калды. 

— Аа болсун, болсун. Эмнеге сүйүнчү берейин деп сурап калды.

— Жеңем көз жарды. Тайчабарыңыз кулдук болсун деп жетип келип Калмурза атанын колун бекем кысыгып,    «үйдөгүлөр  сүйүнчүлөгөнү мени жиберишти» – деп, кубанычын жашыра албай, Калмурза атанын колун бир нече жолу силкип жиберди . Калмурза  ата эмне деерин билбей калган эле. Эми гана эсине келип, үй-бүлөсүнө дагы бир наристенин кошулгандыгын аңдап жетип, Эргешти карап: «Баатырым, мен эңсеген кабарды алып келдиң, жашымды жазга айланттың, жашымды жаш жигитке айланттың, сүйүнчү сага да болсун, малымдын көрктүүсү, «Көк-Серкени» сүйүнчүңө ал деп жиберди. Эргеш болсо, «кулдук бай ава, кулдук, мал-калиңизге береке берсин» деп алкоо айтып, «Сиз эми үйгө бара берсеңиз болот бай ава, бешин өтүп кетти, кечке чейин мен багып барамын» – деди. Калмурза ата ага көнбөй «Сенин кайтканың туура болот, коңшу-колоң, тууган-уруктардын жаштарынан чогултуруп отун даярдагыла. Тамдын артында жүз жылдык тыттын куруган сөңгөгү, эки курук кайрагачтар да бар ошолорду аралап отун камдагыла, жашым өтүп бара жаткандагы көргөн неберем таттуу болчудай» – деп жүзү албырап, өтө кубанып турганы байкалып турду. Эргешке кайрылып, « Эртең Кызыл-Кыяга көмүр кенине жумушка барганыңда кендин ээсинен бир араба көмүр сура, ала бер  деген болсо акчасын мен төлөймүн. Сен болсо жумушка ат арабаны минип барып жүктөй келесиң» — деди.

— Макул бай ава айтканыңыздай жасайбыз – деп Эргеш кетүүгө уруксат сурады. 

— Барсаң да боло берет деп туруп, баса, токтой турчу Эргеш Жаңыл келинимдин абалы кандай дешет – деп сурап калды.

— Айбарчын жеңенин айтүүсүна караганда «кара басып, толгоосу оорлошуп бир азга кыйналып көз жарды» дегендей болду, бирок бай ава бул сөзгө анчейин деле көңүл бөлбөңүз, анан эмне кыйналбастан жыргап туруп төрөмөк беле, эң негизги эне да, бала да соп-соо, демейдегидей эле деп, Калмурза атанын көңүлүн алган болду.

— Бара гой Эргеш, бара гой, калган сөздөрдү кечинде жайынча сүйлөшөбүз. Сени сөзгө кармаганым болбочудай, өтүгүңдүн мыгы суурулуп калган бейм. Аны оңдотуп алсаң болот экен, ага чейин менин үйдө кийилүүчү массы-галошумду кийип алгын, маакулбу? деп Эргештин даалысынан 3-4 жолу таптап койду. Эргештин оюндагы иш болбодубу, эртең ташкөмүр кенине жумушка кантип барамын деп сар-санаа болуп турган. Көктөн издегени жерден табылганына ыраазы болуу  менен үйүн көздөй жөнөдү. Жакшы адам жакшы  эле болот экен го, эч бай аванын жамандыгын көрбөдүм. Таш көмүр кенине жумушка орношом деп келип, жашаганга жер жок аялымды ээрчитип ушул Калмурза авама келгенде «Сен ким элең» дебестен коргонунун ичиндеги кичине үжүрөсүн жашап турганга берип турду. Ал аз келегенсип, жаңы үй-бүлө курган бизге азык-түлүктөн жардамын аяган эмес. Эч нерсебиздин жоктугун көрүп туруп, коргонунун сыртына жабыштыра пакса, гүвалак менен кичикей-кичикей эки бөлмө куруп алууга уруксатын берген. 

— Калмурза ата келинчегим экөөбүздүн атабыздай эле болуп калган. Анын жасаган адамгерчилигин эсептелүү гана инсандар жасоосу мүмкүн деген ойлор менен алпурушуп Карван айылын көздөй кетип жатты.

Эргеш кеткенден кийин Калмурза атанын маанайы көтөрүлүп, атын минип аркы-терки чапкыласамбы деген ой жан-дүйнөсүн бүтүндөй бийлеп алды. Бирок «элге уят» деген чылбыр, мойнунан көгѳндөп турду. Ага да карабастан жандыгын тоскон болуп, аларды имергенсип чапсамбы деп да ойлоду. Кой-эчкилер короого кайтар убактысын сезишкендей Карван жакты улам-улам карашып коюшуп, кардын нымына жалчимандай болуп жумшаган самандын калдыгын буудай орулган талаадан теришип жешип жатышкан Теребел өкүм сүргөн айлананы бузуп коюудан чочуркап, жандыкты үркүтүп албайын деген, тарзда ал оюнан кайтты. Атынын казыгын сууруп, ноктодон жибин бошотуп, чечип алып,куржунунун бир көзүнө салды. Ошондо гана ал бүгүн түштөнбөй калганын сезди.  1-2 сааттардан бери толкундоолор менен алпурушуп жүрүп, түштөнүүнү да унуткан экен. Ичинен: «эми түштөнүү үйдө болот» — деп койду. Ага чейин байланбай турган аты ажырыкты күрүлдөтө чайнап аз-аздап жыла баштаган экен.  Ээй жаныбарым жээрдем,эч  нерсе менен ишиң жок, курсагың  эле тойсо болду, бир нерсени сездиңби деп ага жакындады. Жээрде да эми эле түшүнгөндөй эки кулагын тикчийтип ээсин карап калды. Акырын басып барып куржундагы жүгөндү алып, суулдуругун жаак тиштерин аралата салбай эле аттын башына кийгизип койду.  Бешенесиндеги көкүлүн түздөп, сылап сооруна шапалагы менен акырын-акырын эки жолу уруп, басмайылын тартканга киришти. Басмайылын тартып жатканда бүрүлгөн куржунду жазып, ээрдин кашына илинген үзөнгүлөрдү кайра бошотуп, атты мингенге камынды. Ээрди кармап атты мингенге аракет жасады, бирок мине албады. Себеби өзү, төмөнгө туруп аты жогоруда туруп калган эле. Ошондо, «кайран жаштык кайдасың» мындай жерлерде эгерди кармап— кармабай эле секирип минип кетчу элем го» —  деп жиберди. Ат да ээсинин жоругуна таңыркап, анын мине албаганына өзүн күнөөлүдөй сезип, төрт бутун жерге таканчыктатып турат эле. Дөңгө карай атын жетелеп, узун камчысын жерге суйролтүп, «азыр кыш эмеспи, калың кийинип алганмын. Болбосо эмне, өзүмдү-өзүм көтөрө  «албай калган абалга жете элекмин го» — деп өзүн-өзү ынандырып бара жатты. Дөңгө чыга берерде малын караса баары кызуу оттошуп жатышкан экен. Алардан бир чакырымдай жерде бир караан өйдө-төмөн болуп бир нерсени терип жүрөт. Саздак-Сайдын берки кырында болсо илгерки жылы  Кокондон сатып келген  Ак-Кал эчки жалгыз өсүп калган жапайы  жийденин бутагына асылып эмненидир терип жеп жаткансыйт. Эчки деген эчки экен да кайда болбосун бир нерсени баштайт. Ак-Калди көргөн башка эчкилер да бир аздап чууруп келишип жатышат. Болбосо талаада азык жетишерлик кызыл-мия, шоро, жантак, кара шыбак, самандын калдыгы, куруп калган ажырык. Ушуларды жебестен жалгыз жапайы жийдеге келе жатышат. Анын эмнеси болуусу мүмкүн? Бар эле дегенде бутактарынын ачамайларына күзүндө туруп калган жалбырактары болушу мүмкүн. Андан башка эмне бар эле? Эч нерсе. Ак-Калдын адамга окшоп эки бутуна туруп асылганына караганда мен билбеген дагы да бир нерсеси болуусу мүмкүн.

Калмурза ата өзү дөңгө туруп, бутун үзөңгүгө илип,оңой эле атына минип эчкилеринин астынан чыгып, кайрып айдап койду. Ак-Кал болсо кожоюнунун оюн түшүнгөндөй жийдени таштап, эчкилердин артынан чуркады. Анын чуркаганын көрүп, Калмурза ата: « ай шайтан алгыр десе, эчки дегениң – бул бир балее эле. Карабайсыңбы анын кылыгын, менин жактырбаганымды билип, алдын ала жолго түшүп» — деп мыйыгынан күлүп койду. Жандыктарды баш жагынан буруп жатып, баягы, эрбеңдеп жүргөн жалгыз караандын алдына жетип келгенин да сезбей калды. Караса Карвандаги Акпар экен. Бир үйдө аялы экөө гана жашашат. Жаштары кырктарга келишип калышкандары менен алигече балалуу болуша элек. Канча жолу Апшыр –Атага, Олуя-Атага, Кожою-Билалга, Айнек-Мазарга, Азиретим –Атага алып барып, олуяларга сыйынышып, бала тилешкени менен эч кандай натыйжа болгон жок. Тууган-уруктарынын «аялыңдын талагын берип, башка жуванга үйлөн деген кеңештерине көңүл бөлбөй жашап келе  жатат. Ар дайым ал « мага ушул Айшаханымдан дурус аял жок» — деп тастыктаганы-тастыктаган. Болгон өнөрү дыйканчылык. Жазы менен Ирадан айылына чекаралаш жерге мака  эгет, ак жүгөрү, буудай себет. Эшигинин астына  5 түп шабдалы, 5 түп бак алма эгип алган. Дыйканчылыгы жеринин башында каарып калган эки түп өрүгү бар. Үйдө болсо бир уй торпогу менен жана бир аңги эшеги бар. Ал кыйкырганда бардык Карван элине угулат. Ошентип анын жашоосу орто дыйкандын жашоосундай эле. Акпар аттуу кишилерге Кудайым ченемсиз күч берип коебу билбеймин, Акпар эки колдоп эки жагындагы шыбакты оңой эле жулуп,утуру дасталап, кийин жип менен байлап кеткенге ыңгайлаштырып коюп кетип жатат. Калмурза атанын жакын келип калганын аңдап, ишин токтотуп, салам айтмакчы болду эле, андан мурда демилгелүүктү ала коюп, Калмурза ата «Ассалому алейкум Акпар, иштер илгери болсун» деп салам айтты. Аны алик алып Акпар да валейкум ассалом  Калмурза аке, жол болсун деп калды. 

— Эмне үйдө отун калбадыбы?

— Ооба ака кышка камдаган отунубуз барган сайын азайып бара жатат деди.

— Кээде таш-көмүр кени эмгек акы бере албай акчанын ордуна көмүр берип жатыптыр, Эргешке жолуксаң болот экен! Мен көпчүлүк учурларда Эргештен эле сатып алып турамын деп атынын башын буруп, «кош»-«кош» арам өлгүрлөр бир азга эле нары болсоң баштары ооган жакка карап жайылышып кетишет» —  деп наалып,    аты менен ошолорго карай жөнөдү. Аттын үстүндө ѳз-алдынча кыялга батты. Таң кала турган нерсе – деди ал.

Жакыныбыздагы  Ирадан айылында да ушуга окшош Акпар деген киши бар. Жашы алтымышка барып калды, бирок күчтөн тая элек. Зеби деген кемпири бар. Экөө бир уул, бир кыздуу болушкан, бирок, балдары турбады. Экөө гана жашашат. Ушул эки Акпардын да жашоосу тагдырлаш. Же буларды Алла жаратканда эле ушундай болосун деп коет бекен? Ираданга катмыга барганымда жолдон Ираданчы Акпарди жолуктуруп калдым. Шыбакты жулуп кыларкан менен ушундай чырмап байлап, колтурамач кылып көтөрүп алыптыр, ал жерде бир эшек арабанын жүгү кетип жатат десем алпырткан болбойм. Ɵзү да колу буту узун неме, менин атым менен барабар тездикте басып кетти.

— Ай Акпар дем албайсыңбы десем,

— Бай ава 70-80дерге барганымда дем алармын— деп жылмайып койду. Ой тообо, Кокондун хандары билишпесе керек. Билишкенде алышып кетишикен болот эле деп күрсүнүп алды.

Кыштын күнү өтө кыска болот бешин өтсө эле болду,күн уясына карай шашып жөнөйт. Ана-мына дегенче кеч да кире баштайт. Үйгө да кайтчу убакыт болуп калган окшобойбу. Жандыктарды топтоштуруп Карванди карай жыла баштоо керек деген ой келди. Жандыктарын караса дагы эле жайылышып кызуу оттошуп жатыптыр. 86 жандыкты жыйнасаң топудай эле болуп калат. Минтип жайылып кетсе миң малдай болуп калганы эмнеси-деп майда малдарын суктанып карап калды. Бардык эле мезгилде жашоо бирдей боло бербейт. Атам ѳз мезгилинде эки короо коюбузду атайын койчумандар бакчуу, анын тозуп жок болуусуна Ак Падышанын кесири тийбедиби! Ак Падыша келип ишке жарамдуулардын баарын Орусияга согушка алып кетет экен, барбайбыз дегендерди  атып салат экен деген каңшаар сөздөр ар бирибиздин үйүбүзгө, жан дүйнөбүзгө  кирип, бүлүк салып, дүрбөтүп, түн уйкубузду бузуп, алактатып жибербедиби! Имиш-имиш деген ушак сөздөргө алданышкан элдердин көпчүлүгү малдарын арзан баада сатышып, жандык малдарды болсо катарынан союшуп жешип, жылкыларын болсо арзан баада Ак Падыша алып кетип, мал жандуу кыргыз эли үчүн өзүн жоготкондой эле болбодубу. Анын пайдасын ким көрдү? Бийлик иштерине аралашып Ак Падышанын бийлигин көтөрмөлөп жүргөндөр. Мына ошолор элдин малын арзан    алышып, кайра кымбаттатып сатышкандар. Алар элди гана алдабастан  Ак Падышаны да алдашты. Элден жыйналып  алынган малдарды болсо Ак Падышага үч эсеге кымбатка пулдашып, байлыкка туйтунушуп калышты. Шоруң кургур эл Кытайга, Ооганыстанга качабыз дешип даярданашып, кээ бирлери качып да көрүштү. Чон-Алайдын ашуусуна же болбосо Ооганыстандын  чек араларына араң дегенде жетишип, кээ бирлеринде бар алтын акчаларын авантюристтерге тонотуп, жегенге малы калбай сандалышып кайра келишти. Мунун ортосунда орус ынкылабы чыгып, түштүк чөлкөмүндө Кызыл-Кыя менен Сүлүктү, Таш-Көмүр кендери анын борборуна айланышты. Мамлекетке баш ийбеген кандайдыр бир бийлик бутактары пайда болду. Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр кендеринде  жакында эле алданып, ач жыңалач калган элдерди сактап калуу  максатында коммуналар, кооперативдер уюштурула баштады. Ɵзүн-өзү коргоочу куралданган ыңкылап аскерлери пайда болуп, аларды Солнышко жана  Едренкин деген орустар башкарышып турушту. Аларга ырахмат эл менен жолугуп, сүйлөшүп, ар дайым колдорун сунушуп жатышат. Азыр эми элдин жүрөгүнүн үшүн алган дагы бир балее башталды. Элдин баарынын оозунда Мадаминбек менен Мойдунбек. Булардын да имиши катуу чыгып бара жатат. Эки айдай болду окшойт, Мойдунбек Карвандан өтүп бара жатып, элдин колунда барларын мечитке чогултуп «Биз кыргыз жерин эч кимге бербейбиз, кашык каныбыз калганга чейин урушабыз. Бизге да жардам берчуу адамдарыбыз бар» — деди. Чынында да жүздөн ашык жигиттери бар экен. Сонун куралданышыптыр ар бир жигитте бирден барденке же беш атар карабин, жамбашында кылычтары илинүү. Дагы мындай деди, «жакында жардамга жакшы куралданган кошумча күчтөр келет, биринчиден аларга ишенсек, экинчиден сиздерге ишенебиз, бар мүлкүңөрдөн бөлүшүп, жигиттерге каралашып туруңуздар мусулмандар» — деди эки жакты караганда  көзүнөн от жалындап турат. Аны көргөндө  жүрөгүм ушүп, денемди кандайдыр бир коркунуч каптап калды.    Ак Падышадан калганын эми бул тонойт  окшойт деген ой эс тутумумду ээлеп калды. 

Ошол жолугушуудан келип, атам менен болгон сөздөр боюнча кеңештим. Мунун ортосунда атамдын эки бирдей короо кайтарган Чоң-Алайдын бөрү басарларынан бири  борсулдап үрүп калды. Жалгыз аттын дүбүртү коргондун дарбазасынын алдына келип токтоп калды да «Калмурза ака, оой Калмурза ака» деген үн чыкты. Атам мага  «эшикке чыкчы ким келиптир» — деди. Ордумдан ыргып  туруп  эшике чыксам дарбазанын шыңаасынан мени тигиле  тиктеп бир жигит турган экен.

— Оо мейман келиңиз дедим.

— Келип калдым эле, тиги Жүлгөнүн Толманындагы Секине  эжемдин иниси баласын үйлөп жатат, тойго чакырды, катми да болот экен, амекиси Алимкулду да алып алсын деди, деп атынын башын буруп калганда, «мейман чай даяр бир пияла чайдан ичип кетиңиз» деген сөзгө кѳнбѳй», дагын тойго чакыруучулар көп баарын айтып үлгүрүш керек» деп, ырахматын айтып атын жорттура жөнөдү. Карвандын төрт  көчөсүнүн алды гана эл менен  жыш отурукташылбаса калган жерлерде коргон-коргон болуп, агаиндер, бир туугандар бир коргондун ичинде 4-5 үй-бүлөдѳн болушуп, коргонунун ортосунда малдарынын короолорун орнотушуп алышып жашай беришкен, дарбазасы да бирөө эле болгон.

 Үйгө кайра кирип, Кыпчак, атасы Калмурзага чакыруучунун кабарын угузду. Ага Калмурза ата да чын дилден сүйүндү, ал мындай деди «Күчүн, жөндөмүн кайда короторун билбей жатышкан Мойдунбектин жигиттери бекеринен жеп кеткенден көрө  жандыктын ичиндеги эң чоң беш ирикти Кудамдын тоюна жетелеп баргыла» деди. Аны угушкан үйдөгү жаш балдар топуларын көккө ыргытышып тойго барат экенбиз, тагалардын үйүнө барат экенбиз дешип, курсанчылыктарын жашыра алышпай коргондун ичинде ары-бери тынбай чуркаша баштады. Неберелеринин ырайыларынын көтөрүлүшү Калмурза атанын да ырайын көтөрүп демине дем кошуп жиберди. Эмнеси болсо да өзүбүздүн кыргызыбызга караганда оруста ынсап бар деген сөзгө терең ишинемин деди уулун карап туруп. Эмнеге дебейсиңби? Мисалга алсак Кызыл-Кыядан Едренкин келип эл менен жолугушуп, «Карвандыктар эч кимден коркпогула силерди биз коргообузга алабыз. Бирдиктүү бололу душмандардын ар кандай провокацияларына алдырбайлы, алдамчыларга  азгырылбайлы, бийлик эми биздин колдо, сиздерден эч нерсени аябайбыз. Барыңыздарга арзан баада көмүр беребиз, шахталардын тамаркаларын уюштуруп жатабыз, өзүңүздөрдөн ашкан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн  үрөндөрүнөн бизге да бересеңиздер деп суранды. Андай дебей эле үйүңө кирип, коркутуп, башыңа тапанчасын такап үрөндү бер десе бербей коет белең? Бермексин. Ушудан улам аларда ынсап бар деп ойлоймун. Алар берген сөздөрүнүн өдөсүнөн чыгып, күнүгө болбосо да 2-3 күндө  Хрипченконун отряды күнү да , түнү да келишип, алыбыздан кабар алышып турушат. Ал эми Мойдунбектин жигиттеринен эл корко баштады. Жакында эле орустардын тыңчысы деп бир кишини дарга асса, бир кишини ташкомүрдүн коруна күйгүзүштү. Мойдунбектин жигиттери келет деген сөздү укса энелери бойго жеткен кыздарын көрпөлөрүнө ороп  жук-кертимге ороп коймой болушту.Балакатка жете электерин болсо беттерине казандын көөсүн сыйпашып, таанылбагандай абалга жеткире коюшуп жатышат.

Күн өткөн сайын жашоо кыйындашкандан-кыйындашып бара жатат. Эмне кылсак, кантип ойлойсуң деп  уулу Кыпчакты жалдырап тиктеди. Кыпчак да эмне деерин билбей унчукпай отуруп калды. Аны көргөн атасы Калмурза сөзүн кайра улап, «угушума караганда Тоо-Моюн тоосунун түндүк-чыгышындагы чоң дөбөнүн астындагы кыргыз  үйдө жашап, жылына мал-кали менен жайлөөгө Чоң-Алайга барып жүргөн Таш ажи да былтыр жайлөөгө  чыга албай калды.  Мойдунбектин жигиттери  « Ажы ава жигиттерибиз ач калды бийлик колго тийгенде төлөйбүз» дешип, эки уй, 10 койду айдатып кетиптир. Алардан коргонуу максатында Карвандан чоң бака теректин астынан  канча бир теше     жер сатып алып бир ай илгери көчүп келген экен. Кечее түнүндө жигиттер издешип келишип, «Ажы ава жардамыңыз керек, кыйналып калдык» дешип, 2 уй, бир кунажын, 20 кой, 10 эчкини айдашып кетишиптир. Бектерге Таш ажы өтө нараазы болуп калыптыр. Бул кабарды бүгүн эртең менен өзүнүн оозунан уктум. Намаздан кийин Солнышко менен Хрипченкого барып жолуксамбы деген оюн айтты – деди. Мындай сөздөн кийин Кыпчакта да кооптонуу сезими пайда болду. Ошол мезгилде Калмурза ата уулуна кайрылып калды, «Кыпчак сөз менен болуп жатып жандыктарды унутуп калыппыз го, Миң-булак суусунун боюнан айдап келгиле, балдарың ойноку балдар да оюнга берилишип малдарды тиги төөлөстөр тарабына өткөрүшүп жиберишпесин. Иңир да кирип бара жатат «жеп тойбогон, жалап тойот беле» бастырма короого киргизгиле. Калган сөздөрдү чайлашып отуруп алып, улантарбыз – деди. Кыпчак чуркаган бойдон буйрукту аткаруу үчүн бет алды. 

Малдарды короолорго жайлап үйгө киргенде атасынын ойлуу отурганын байкады. Ошол себеп менен сандал жабылган көрпөнүн  бир четин көтөрүп, суукта үшүй баштаган буттарын сандалды көздөй сунуп жиберип, «атам эмне деер экен» деп ата жакты карады. Эми уулум деди Калмурза ата биринчиден «ат чабарың» куттуу болсун, өмүрү   узун болсун, өзүңөргө кут кылып, бактылуу жигит болуп, жакшы күндөрдө жашасын, Жаратканым паам-парасат берсин, силерди урматтап, ызаттаган перзенттерден болсун! оомин аллаху акбар деп дубасын берди. Эми экинчи маселеге келчүү болсок баягы ойдун учугун улап кетсекпи деймин. Бул өтө орчундуу маселе. Таш ажы мечитке келер сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары эмне менен аяктаганын ал кишиден билебиз. Ошого карап аракет жасоо зарыл болот. Бул маселени аягына чыгарбасак болбойт. Бизге да Мойдундун жигиттери бир-эки жолу келсе бардык жаныбарлардан кур-жалак калабыз. Карванда да Мойдундун адамдары бар, бардык ишти сөөмөйлөп турат. Алигече биз жөнүндө кабар да жеткен болуусу мумкүн. Мал берүүгө каршылык көрсөтсөң «Полот— кушбегинин күйөө баласы, Карван айлынын имамы ушинтсе калгандары кантет эле дешип,  бозого тоюп жүрүшкөн жигиттер аяп коюшабы? Ошентип терең калчай турган орчундуу маселе пайда болуп турат» – деди. Кыпчак да сөзгө кошулуп, «туура айтасыз ата жандыктарыбызды 5-6 дан кылып бөлүп, тууган уруктарга убактынча берип койсок кандай болор экен» деп сурады. Ага Калмурза ата жооп катары «качанга  чейин тууган-уруктарыбыздыкына бекитебиз аларга да оңой эмес, аларга да марал келет»— деп койду. Бир азга үйдүн ичи жым-жырт боло түштү. Ошол мезгилде үйдүн эшиги кыйчылдап ачылып кошунасы Эргеш кирип келди.

— Кел Эргеш балам деди Калмурза ата. Келе, бутуңду сандалга улактыр, отун жардырам деп  үшүп да калыпсың, жакын отур, бутту сандалга сун. Кана эмесе Оомийин Аллаху акбар деп бетине бата тартты. Кош келипсиң азаматым  өтүнүчүнтѳрүмдү жай-жайында аткарып койдуң окшойт, эми биз менен чай ич деп кубанганын ачык билдирди. Ага кошула Кыпчак да ырахмат айтып, атасына баласын сүйүнчүлөп баргандыгы үчүн Көк-Серкени  тартуу кылгандыгын билдирди. Калмурза ата өтө ыраазы болуп калды. Эргешке карап, «үйүңө кайтканда Көк-Серкени ала кеткин балам» – деди. «Маакул бай ава кулдук» деп ийиле   ыразычылыгын билдирди.  Ошол эле мезгилде эмнегедир ойлонуп калды. Аны байкаган Кыпчак  Эргештен сурады, «кандай көйгөй пайда болуп калды» деп. «Көйгөй деле эмес бирок ойлоно турган иш болуп калды» деди. Эгер сыр болбосо кандай иш экен» деп Калмурза ата кайра сурады. Эргеш  кызарып – татарып, «Серкени го алам, бирок кайда алып барамын» деп сар-санаа болуп турбаймын. «Эгер мүмкүн болсо 1-2 күн малыңыздар менен туруп турса, жай даярдап андан соң алып кетсем жакшы болот эле деген оюн билдирди. 

«Качан алып кетсең  өзүңдүн ишин, алып кеткичең малдар менен жүрө турат» деп Калмурза ата Эргештин көңүлүн тынчытты.

«Ырахмат бай ава» деп Эргеш ыраазычылыгын билдирди. Абсынынын көз жарганына байланыштуу эң кичүү келини келип,чай-пай демдеп, үйдөгүлөрдүн оокат, тамагын караганы биринчилерден болуп келген. Калмурза атанын жөнөкөйлүгү ушунчалык даражада 5 уулунун келинчектерине «кызым» деп кайрылчуу. Келиндери да кайын атасынын мамилесине ыраазы болушуп, колдорунан келгенче урматташып, сыйлашат. Колдо бар оокат ашын, казанда кызарта бышырылган, бетине сары май сыйпалган нандарды сандалдын бетине коюп шыпылдаган бойдон чайды алып келгени аркы үжүрөгө кетти. Кана эмесе балдар нандан алгыла чай келгиче нанга сары май сыйпап жеп отургула, намаз маал болуп калган турбайбы, жүрү Кыпчак намазыбызды окуп алалы деп үйдүн төр жагына кетишти.

Эргеш болсо үйдөгү өспүрүмдөр менен калды. Ичинен мен да намазды үйрөнбөсөм болбойт окшойт, мындайда ыңгайсыз абалда калат экенсиң  деп, акырын жанындагы балдарды карады. Алардын эч нерсе  менен иштери жок. Кээ бирлери нанга толто сыйпаса, кээ бири айранга нанын малып, кээ бири болсо оозуна нанды биринчи салып, анын артынан бир кырым сары майды жиберип курсакты тойдуруу аракети менен бант болуп жатышыптыр. Аңгыча чай да келип калды. Эргеш пиялага чайды куюп, нанды четинен сындырып айранга тийгизип жей баштады. Калмурза молдоакенин бир небереси 

Эргешке кайрылып, «алдагы май , толтодон нанга сыйпап алып отуруңуз» — деп жагымдуу мамилесин көрсөттү. Эргеш өз ичинен , «молдоакем бекеринен Бухарада окуган эмес да, балдарын, неберелерин карабайсыңбы баары тарбия көрүшкөн, адептүүлүгүн кара» — деп эснегендей болду. Анчада намаздарын аякташып ата-бала да келишип кошулушту. Бош турган пияланы алып, Эргеш чайдан куюп Калмурза атага сунду.

— Балли балам балли, өзүң да тамактардан алып отур, үшүп да калдың окшойт деп Калмурза ата Эргешти аяп жатты. Кыпчакка кайрылып балаңдын төрөлүшү  эсте кала турган болду, эми мындан тагасы үйлөнгөн жылы төрөлгөн дейбиз эстегенге  ыңгайлуу болот. Баса баланын атасы ойлонуп койдубу?»— деп Кыпчак жакты сырдуу тиктеп койду. Тойду өткөрүп апаң келсе сиздин  жетекчилигиңизде ойлонуштуруп көрөбүз да» — деп Кыпчактын ѳңү уялганынан кызарып кетти. Калмурза ата Кыпчактын абалын сезип калып, сөздүн нугун буруп, баланын киндик энесин да унутта калтырып койбогула, Карван базарга,  бүгүн Ɵзгөн жактан Кытайдын шайы, жибек маталаары келиптир эң жакшысынан тандап алып, козуларды жандатып соога кылгыла» деп буйрук берди.

— Айтканыңыздай болот ата – деп Кыпчак дилгирленди.

Биз да жаштыгыбызда Кашкарларга барып, көптөгөн жашоого зарыл маталарды алып келип дүкөндөргө таратуучу элек. Азыр эми минтип …. Деп колун жайып койду.

Калмурза атанын Кашкарларга барып, күн чыгыш мамлекеттерине барып, чочубастан жүргөнүнө таң калып Эргеш сурады : «Молдо ака Кытай жерлеринде коркпостон кантип жүргөнсүздөр? Же сизди атайын адамдар коргошуп жүрүшкөн беле?

— Ээ Эргеш кайдагы коркуш, керек болсо биз коркутат элек. Карвандын жигиттериндей курч жигиттер чанда жолугат деп сыймыктанып койду.

Неберелери да сөзгө кошулуп, «азыр да соодагерлик менен алектенсе болобу чоң ата» дешип сурашып калышты.

— Кантип болбосун, сооданын пайдасы өтө таттуу, ага үйрөнүп калсаң уйкуң  да келбей эсепке берилип каласың. Соода менен алектенүү адамдан абдан көп күчтү, эркти талап кылат. Ошого чыдай аласыңарбы? Чыдасаңар оомат өзү силерди издеп табат. Соода менен алектенге болгондуктан Карванга да Ɵзгөндөн соодагерлер келишиптир. Ойлоп көргүлөчү отуз тѳѳгѳ, он жылкыга товар жүктөшүп келишиптир. Айрыкча кыш мезгилинде мынча товарды  алып жүрүү оңой иш эмес. Кантын урушсун. Мен аны, муну айтип бере беремин. А силер болсо алдыңарга коюлган назы-нематтарды алып отургула. Чайдан ичкиле, дем алыш убактысы да келип калды көрүнөт. Эшике чыгып, какырып – түкүрүп, жөтөлүп-мөтөлүп кайра кириш керек. Бир жумача болду Айтамгадагы Жусуптун семиз  бээси» Жабылыда оттоп жүргөн жеринен карышкырлар жыра тартып, жеп кетишиптир, сак болуу лаазым.

— Ата бөөрүбасарларыбызды короонун айланасындагы жүгүртмөгө байлап коелубу же тим эле коелубу деп, Кыпчак атасынан сурады.

— Байлаганыңардан көрө  бош койгонуңар жакшы себеби иттерибиз анча-мынча карышкырларга алдыра койбойт. Эмнеси болсо да өз үйү эмеспи. 

Ушул сөз менен баары тарады. Көк-Серкеге  ээ болгонуна кубанып Эргеш да «жакшы түш көрүп жатың бай ава»  деп, шыпылдай үйүнө шашты.

Кыпчак болсо атасынын тапшырмасын аткарайын деп короону айланып жөнөдү. Очоктун табы супада жатышкан  балдардын төшөгүнө илең-салаң жетип турду. Кыпчак сырттагы таза абадан дем алып, серүүндөп келип Калмурза  атага, «жакшы түш көрүп жатың» деп, коңшу бөлмөгө бет алды. 

-« Сен да пахта түш көрүп жат» деп Калмурза ата сандалдин бир көзүн ээлеп, постунун башына коюп, уктай албай, бир топко чейин оюна ар нерселер келип, жайынча эле көзүн жумуп алган абалда мемиреп жата берди. Качан уйкуга киргенин да сезбей калды. Түшүнө Мойдунбек кирип, элге салык салып жатканын көрүп, терс бурулуп басып кеткендей болду.

 

II-бѳлүк. Ынтымак бар жерде ырыс бар

Кыштын түнү узаргандан узаргансыйт, таң атпай төшөктөр да жамбашыңа өтүп кетет. Мечитке адамдар келе баштаган болсо керек деп Калмурза ата келини  коюп койгон чайдөштөгү жылуу сууга даарат алып мечитке барууга камына баштады. Күнүгө ити-куштан сактанып жүргөн шилби таягын издей баштады. Ал көзгө уруна бербеди.  Ошодон улам Кыпчакты чакырып, «Ай Кыпчак таягымды  таап берчи! Ага көзүн түшпөдүбү» деп сурады. Атасынын үнүн уккан Кыпчак төшөгүнөн ыргып туруп, жооп кайтарды.

— Жок ата. Азыр таап беремин, бир ирмемге күтө туруңуз – деп, шашылып кийине баштады. 

— Сен да мечитке барасыңбы деп  Калмурза ата сурады.

 — Барса барайын, бүгүн барбай эле тагамдын тоюна даярдансамбы деген ойдо болдум эле. Мейли…

— Мечитке барсаң кайра кайтканыңда Карасарт менен Алымкулду озүңө кошо ээрчите кел. Эргешке айт бүгүнчө арабаны Кызыл-Кыяга айдабасын. Эртең айдайт. Силер болсо койлорду бутунан байлап, арабага жүктөп, өзүңөр да отуруп алып катмиден кечикпей жетип баргыла! Билдиңерби жиберген согумуңар кандай чыгыптыр? Шорполугу бар бекен? 

— Ооба согумду союшкан Толмандык Ганыдан «согумуңар эттүү экен, союп даярдап койдук» деген сөзүн кече  мал айдап келгени бара жатып укканмын. Ала айгырды да союшуптур. Байкаган эмес турбайсызбы, мына таягыңыз, дарчанин дакчасина коюп койгон турбайсызбы. Мына алыңыз.  Макул ата сиз баса туруңуз артыңыздан барамын деп, бөлмөсүндөгү наристенин үнүн угуп, эмнеси болсо да жоош экен, түнү бою эч ыйлабай жатты. Энесин эмгиси келди окшойт ымыркайым. Бул да болсо Жаңылымдын бактысы. Көп энелердин чачтарын  кыйык балдар агартат эмеспи. Кудайга шүгүр жоош экен деген ойду кайра-кайра эс тутумунда кайталап, бөлмөгө кирип барганын да сезбей калды. Киргенден эле кана менин чабандесим, тайчагым деп Кыпчак ымыркайды чөргөө менен жогору көтөрүп, «Чооң, бактылуу, жигит болгун, өмүрүң узун болсун, биздин бактыбызга ыймандуу бала болгун» — деп бөбөктүн бешенесине тийер-тийбес кылып эриндерин тийгизип ѳѳп койду.  Атасынын аракеттерине көңүл болбой ал бакыра баштады.

— Ме Жаңыл, өзүң сооротпосон соорогудай эмес, али атасын тааный элек да деп күлүп койду. Баса атын кандай коебуз деп Жаңылдан сурап калды.

— Үрп-адат боюнча неберелеринин аттарын чоң-ата, чоң-энелери коюшат. Биз да чоң ата, эне болгонубузда, Кудай буйруса, коебуз. Бул суроону атам менен энеме бериңиз» — деп Жаңыл жаңы төрөлгөн уулун энелик мээрим менен эт-жүрөгү элжиреп карап, «балбанторум», деп эркелетип оозуна эмчегин салды. Бала да ушуну зарыгып күткөндөй, эриндерин бүлкүлдѳтүп эме баштады.

— «Келин бала сени карап турар, калган баарыбыз тойго барабыз. Кайра келегенибизден кийин торутуайыбызга жарашыктуу ат тандайбыз, неберелеридин энчисинин алдын ала элге той кылып беребиз деп атам айтты» — деди. Мен кеттим  таң агара баштаптыр, намазга баруу керек, кыскасы иштер көп, жакшы тургула –деп ылдамдай басып, эшикти көздөй жѳнѳду.

— Ит деген ит экен да күн кур эмес ушул жолдон өтөм, мени көрсө  үргөнү-үргөн,таанып калчуудай эле болду го деп таягына жеңил-желпи сөйөнө мечитти көздөй Калмурза ата бара жатты. Мына мечитке да жетип калды. Мечиттин ичинен Алим жөөттүн уулу Колдоштун үнү чыгып жатыптыр. Акылыңызга балли, ажы ава эң туура жасаптырсыз. Антпесеңиз бешенее териңизди алдырып жибересиз. Күндөн-күнгө бешенесиндеги бир аз малдарынан куржалак калган адамдардын саны көбөйүп бара жатат. Буга жаңы бийликтин колу жетпейт көрүнөт. Ошол жака алып барыңыз Атамкул жездем бага берет – деди.

— Эмнени бага берет? – деп мечитке жаңы эле кирген Калмурза ата сөзгө аралаша кетти.

— Келиңиз молдоаке, келиңиз. Ассалому алейкум молдоаке деп Таш ажы ордунан туруп,молдоакенин  колунан алып, көрүшүп, намаз убактысы да болуп калды. Намаздан кийин сизге төкпөй-чачпай айтып берейин молдоаке, дубалдын да кулагы бар дегендей, бул соз кээ бирөөлөргө» жетчүү болсо башыбыз кетип калуусу турган кеп деп, башындагы пахтадай болгон апакай селдени ары-бери оңдоп намаз окууга даярдана баштады.

— Таш ажы эмнеге эле мынчалык коркту, дагы кандай кеп болуп кетти деген ой менен минбарга карай жылып жөнөдү. Эшиктен бир топ жашы отузга жетпеген жаш жигиттер колдоруна чайдөштөрдү көтөрүшүп дарат алышып, киришип келишти. Аларды көрүп, Молдоаке ыраазы болбогондой ырай менен, «ар дайым ушундай, жаштары отузга барып калса да бала бойдон жүрүшөт, эмне карыяларча жокпу, эмнеге алардан үйрөнүшпөйт, сүйлөшсө да эч кимди тоготушпай – деп жаштарга нараазы болгондой абалда болуп калды. Минбарга  1-метрдей жетпей намазды  Кураны-Каримдин «Фатиха» сүрөөсүн окуу менен баштап жиберди. Баары бул жалган дүйнөнүн камкордуктарын жадынан  чыгарып, мусулмандын беш парзынын бир парзын аткарууга киришишти. Намаз да аяктады молдоаке минбарга чыгып  Алланын жердеги өкүлү  Мухамед саллаху аалайхи вассалам пайгамбарыбыздын шариат талаптарынын кээ бирлерине токтолуп, мусулмандарды ыймандуу болууга, шариат  талаптарын так аткарууга үндөдү. Бир топко каалоо сөздөрүн айтып, Фатиха жана Ыхлас сүрөөлөрүн окуп, колун жайып, «Оомийн Аллаху Акбар» деп бетине бата тартты. Намаздагылар акырындап бирин-серин үйлөрүнө тарай башташты. Таш ажы да ордунан туруп үйүнө жол алганда Ажым баягы сөздү улантсак болор беле деген Молдоакенин  үнүн угуп, токтоп туруп калды. Молдо Калмурза тѳрдѳгу килемдин үстүнө отурууну сунуштады. Мечитте экөө гана калган эле. Башка эч кимдин жок экендигине ишенишкенден кийин Калмурза сөз баштады «коош Ажы аке ошентип Ядренкинге  бардыңызбы, эмне масел  чечилди, сунушуңузга эмне дешти дегендей  суроолорун айтты.

— Ооба, бардым, сүйлөштүм, макул болушту. Эшме-Булакабы, көмүр кенинеби тандалган жериңизге келиңиз, тынчтыгыңызга кепил болобуз дешти. Акысына жылына эки беш жаштан кем эмес жылкы бересиз дешти. Байкап көрсөм Эшме-Булак менен 1-1 бис көмүр кенинде эл көп экен. Эшме-Булактын айланасында жайгашкан эл көп, ал эми 1-1 бис көмүр кенинде жалаң кенчилер. Барып экөөң тең   көрүп 1-1 бис көмүр кенин тандадым. Кендин айланасы тоютка мол экен, азыр да мал ач калбайт. Кендин алдында сегиз үй-бүлө жашайт экен. Тез күндөрдө көчсөм деп турамын.

— Башкаларды да коргоого алышат бекен деп сурап калды Калмурза ата?

— Эң чоңу Солнышко деген немее  окшойт, канча кааласаңар келе бергиле, биздин жаңыдан куруп жаткан мамлекетибиз ушу сиздерге окшоп кыйналышкандарды коргоочу мамлекет болот. Али апапакай 2-3 кабаттуу үйлөрдү, кен жолдорду, түтүктө келген булактарды курабыз. Эч нерседен кем болбойсуздар-деди. 

— Адам менен мамилелери кандай адамдар экен, баары орус болсо керек  ээ деп койду. 

— Кандай улуттан экендиктерин ким билсин. Бирок ишеничтүү сүйлөгөндөрүнө караганда, жакшы адамдар.

Аб-балли деп калды Калмурза ата, жакшы иштерди бүтүрүп келген турбайсызбы,ойлоно турган иш экен. Ɵзүңүз айтмакчы ушул сөздөр экөөбүздүн арабызда эле калсын, чындыгында дубалда да кулак болсо болот. Бул маселе боюнча кечиктирбестен үй-бүлө менен масилааташпасак болчудай эмес. Тойду өткөрүп келип, сүйлөшөлү. Антпесе кийин кеч болуп калып жүрбөсүн. Баса Кыпчак жандыкты эмне кылаар экен, балдарга талаага айдатса го жакшы,а эгер айдатпасачы? Атымды минип келип каңтарып койгон өтө эле сонун болгон экен – деп атын минип үйүнө карай бастырды. Аны утурлай шыпылдап басып Кыпчак келе жаткан экен. Андан эмне болуп кетти, кайда бара жатасын деп Калмурза ата сурады.

— Сизге деп жооп берди ал.

— Эмне маселе?

— Сизден сурап калбапмын жандыктарды эмне кылабыз?

— Эмне кылат элең неберелердин бир-экөөн калтырып кой, айдап чыгышып багышсын.

— Биз да барабыз деп көнүшпөй жатышат.

— Чоң атаң айтты дегин. Алар Курбан айт майрамы келсе жалдырамага барышып айтташип келишет.

— Маакул ошентейин деп артына кайтып шашкан бойдон басып кетти. Калмурза чоң ата болсо атын теминип алып, Жүлгөнүн Толманын көздөй бастырды.

Кечки иңир кирерде Калмурза ата атына небересин учкаштырып тойдон кайтып, дарбазасы жабык болгондуктан аны камчысынын сабы менен каккылады. Ичкериден бул ким экен деген кенже келинин үнү чыкты.

— Ач кызым, бул биз, тойдон кайттык деп Калмурза ата атын кетенчиктекти. Дарбаза ачылып келини сурап калды,  ата эмне энемдер кайтышпадыбы деп сурады. Артыбызда, арабада келе жатышкан – деп, атын чу деп коргондун ичине кирди. 

— Дарбазаны ачып эле кой алар да бир демде келишип калышат – деп,небересин билегинен кармап, салаңдатып аттан түшүрүп, өзү да бутунун учун үзөңгүгө илип, ээрди бекем кармаган абалда этияттык менен ичи толо куржундун  калакат бергенине карабастан акырын түшүп, «оо бутум уктап кеткен турбайбы деп, тамтаңдай басып, атын айлама казыка байлап, «ме жеңең  менен көтөрүп үйгө алып киргиле» — деп небересине кайрылып, куржунду жерге койду. Ɵзү болсо тойдон келгенче эле коргонунда чоң өзгөрүү болуп кеткендей, коргонун дыкаттык менен айландыра карады.

— Аа малдар короого киргизилиптир, курсактары токтой эле көрүнөт. Дурус эле багышкан экен – деп ыраазы болуп калды. Акырын жыла басып үйдүн пешайванына кирип галошун чечип, көнүмүш болуп калган сандалина  бутун создү. «Бүгүн өрүктүн голосунан  чок жасап сандалга салган экен, өрүктүн жыты келип жатат» деп ойлоп койду. Аңгыча арабада келишкен неберелери да чуркашып киришип келишти. Бөлмөнүн ичи шаңга бөлөнүп кетти.

— Баягы дарбазды карабайсыңбы, көзүн байлап алып, ошончолук бийик дарда коркпостон басып жүрөт— деп, бир небереси таңыркаганын жашыра албады.

— Ай дарбаздын баласын айтпайсыңбы, басыш тургай, дарында чуркап жүрөт го!

— Мага баягы жерде ойноп жаткан баласы жакты. Айрыкча минип алган атычы… Мага чаап келип токумду тиштегилеп  тартса болобу, кыймылдай албай, жаным  чыгып кетчүдөй болду!

— Мен да байкадым ыраңың бозоруп, жолдун топурагындай болуп калдың.

 — Тиги Додондон келген ырчынын дарбазды кошуп ырдаганы мени таң калтырды. Дарбазчы өзү да таң берди окшойт, жаңы чепкенди алып келип ырчынын үстүнө жаптыго!

Анчада Калмурза ата кепке аралашып Секине чоң энеңер кайда, келбеди го деп сурап калды. Чоң энем жеңем менен эмненидир сүйлөшүп жатат. «Атаң менен макулдашабыз» деген сөзүн угуп калдым» – деди небереси. Атам болсо арабадан аттарды бошотуп, каңтарып жатат деп жооп берди.

Бир топ көз ирмемдерден кийин эне бала ээрчишип, кирип келишти.

— Келип калдыңарбы деп Калмурза ата сурады.

— Ооба келип калдык. Секине эне жооп берди. Кана? Менин атчабарым кана, алып келгилечи мага? – деп жаңы небересин эстеди. Анчада кенже келини наристени чоргоо менен көтөрүп алып келди. Оо мыйтыйган мыйтыгым  Кыпчагымдын мурдунан түшкөндөй болуп, баламдын өзү го. Оо Жаңылың түшкүр окшоштурбасаң, окшоштурбай кал. Баламдын канаты болуп, ата-энең менен болуп, бакыт-таалайлуу жигит бол. Баарыбыз жакшы күндөрүңдү көрөлү. Ɵмүрүң узун болсун деп батаасын берди.Үйдөгүлөр баары кол жайышып бата берип калышты. Кыпчакка дасторконду көрсөтүп, мага алып берчи деди. Дасторкондун ичиндеги бир кийимдик атлас  материалын алып, «Ме сага бул сүйүнчү үчүн. Мына бул дилде балдакты бизге кочкордой уул төрөп бергендиги үчүн Жаңыл келиниме тагып кой. Бир аз өпкөмдү басып алып, Жаңылды өзүм барып куттуктаймын –деди. 

— Ай кемпир небереңдин жарыка келгенине да эки күн болуп калды, атын эмне деп коебуз деп кайрылды.

— Неберелердин аттарын дайыма сиз коюп жүрөсүз, сиз турганда бизге нөөмөт жок, алигиче ойлонгонуңуз жокпу деп, жылмайып абышкасын карады.

— Ойлончудай да боло элекмин деп Калмурза ата эки жагын каранып, бир нерсесин жоготкондой ыңгайсыз абалга кабылып, Секине  бул жолу  балага сен ат кой деп байбичесинен чын дилден суранды.

— Жок, андай болбойт, сиздин ордуңуз башка, меним ордум башка, сиз турганда мен анте албаймын, деп макул болбоду.

— Ат коюу да жооптуу учур, ата-эненин жооптуу  учурларынын  бири, буга терең ойлонуу менен мамиле жасабасак болбойт. Макул эртеңге чейин ойлонойун. Кана эмесе балдарым тойдон тоюп келсек да үйдүн тамагына жетпейт, чай-пай койгула, баарыңар келгиле, тойдун кешигинен алып келгиле, жатар курсака өзөк жалмап алалык – деп, баарын дасторконго чакырды.

Секине ордунан туруп «учурдан пайдаланып Жаңылыма кирип чыгайын» деп коңшу бөлмөгө жол алды. Кыпчак болсо апасын ээрчип, Жаңылдар отурушкан бөлмөгө жөнөдү. Алар киришкенде Жаңыл жаңы төрөлгөн наристени эмизип жаткан экен.

Атчабар кулдук болсун Жаңыл! Чабандести мага берчи – деп Жаңылды карай колун узатты. Мына деп чөргөөдөгу баланы Жаңыл кайненесине берди. Ɵзүңдөн айланайын балакайым – деп небересин колуна алып, маңдайынан өөп, баштын чокусун жылуу карма, антпесең «пыркы» болуп калат – деп, акыл үйрөтүп, тезинен мына бул жолукту алып, ордуна пахта салынып шырылып тигилген «күла» кийгизгин деп айтты. Кыпчакты карап, «бөлмө суугураакпы же мага ошондой туюлуп жатабы» деп сурап калды.

Кыпчак болсо ыңгайсыздана «ооба апа көмүрдү үнөмдөп жатабыз. Отун байый түшүптүр, эртең Эргеш көмүр кенинен алып келип беремин деп сөз берген деп актанды.

— Ошент балам, көмүрдү аябагыла. Жандүүраак жаккыла антпесе балага суук тийип калат. А сен болсо, Жаңыл, аркы үйдөгү пахталуу кемзирди кийип, белиңди бел боо менен каттуу байлап алгын. Баса сүйүнчүң алтын балдак жактыбы деп сурап калды.

— Ооба деди Жаңыл,өтө эле көркөмдүү экен, өзүңүз эле тагып албапсыз эне деп кайын энесин жагынгандай болду.

— Чын эле сага абдан жарашкан экен. Айрыкча балдактын асты жагына илинген майда папиктери адамды көркүнө чыгарып жиберет турбайбы. Балдагың кулдук болсун балам деп ыраазычылык сезимдерин жашыра албады. 

— Кулдук эне, кулдук, сизге да Кудайым узун өмүр, бакыт, таалай берсин. Биздин бактыбызга көп жашап бизге баш болуп жүрө бериңиз деп Жаңыл жан дүйнөсүнөн фонтандай болуп атырылып чыкан, азиз сезимдерин жолдоду.  

— Тиги голо жыгачтардан очоко салып жагып койсоң балам деп Кыпчака кайрылды. Кыпчак болсо денесине ийне сайылгандай болуп чоочуй түшүп, унчукпастан жыгачтан араланган кололорунан алып келгени сыртка чыгып кетти.

Анчада дасторкон жайылып, чай коюлуп сиздерди күтүшүп жатышат деген кабарды айтышты. Секине эне «Биссмиллахир рахманир рахийим» деп жерди таяна туруп, жакшы дем алгыла деп коюп кең бөлмөгө жѳнѳдү. Кең бөлмөдө эчак эле чогулушуп , бардык нерселерин белеңдешип алышып күтүшүп жаташыптыр. Секине эне да келип, жазы сандалдин төр жагынан абышкасынын жамбашынан орун алды.

Калмурза ата сөз баштап, кана эмесе, «Оомийин Аллаху акбар»  кешиктен ооз тийеличи, алып отургула деди. Баары каада-салтты сактоо менен кол сунуп, нандан, майдаланган эттерден алыша башташты. 

— Эски кадырдандардан  кимдер келишиптир, Кокон жактан да келишиптирби деп, Кыпчак, атасынан сурап калды.

— Ооба «Ак-Таш боорунан Мадмар-арактын балдары, «Жака-мистеден» Эрмат каарынын балдары, «Зындан-Дөбө», Маргаландан да Бостондор келишиптир. Алардын баарын Молдо-Ырыстыкына коного бөлүшүптүр. Эмнеси болсо да Молдо-Ырыстардын алар менен илгертен бири-бирине жакшылык-жамандыкта каттоолору бар. Эрмат каары өтө каарый түшүптүр болбосо бүгүн үйгө келбей, элибиздин санжырасын айттырып, бир кумардан чыксамбы деген оюм бар эле. Ал киши, көңүл үчүн, эски байланыштарыбызды эстен чыгарбай тойго келген экен. Мени араң  тааныды, бошошуп калыптыр. Ал кишиге окшогон инсандарыбыз эсептүү эле калды. Билгендерин жазып калтырса го жакшы, жазбаган болсо элибиз көп нерседен кур жалак калаары бышык. Азыркы жаштар андай тарыхый окуяларды капарларына да алышпайт, кызыгышпайт да. Барып-барып эмне болор экен? Бара – бара элибиздин ким экендигин да билбей калар бекенбиз? Башканы коеюн, өзүмдү алсам билимим да бар өзүбүздөн тарагандардын санжырасын жазып койсом болбойбу? Болот. Бирок ага убакыт кана? Дүйнө тынч эмес. Айтүүларына караганда жаңы бийлик коммуналарды түзөт имиш. Коммуна дегени, узун-узун бир чакырымдай үйлөр курулат экен. Эркеги да, аялы да, балдары да ошол үйлөргө киришип алышып жашаша беришет экен. Уят-сыйыт деген жоголот окшойт.

— Коюң ээ андай болчуу беле, кайдан уктуңуз? Орустар өздөрү андай жашашпайт экен го, биздин эл ошондой жашашат бекен? Анда жашоо кандай болсун! Бул болбогон кеп болсо керек. Буга ишенүүгө кыйын – деп Секине эне кызуулана кетти. 

— Кызууланбачы байбиче, укканымды айтамын да. Кечээ эле Ак падышанын заманында андай болбой, кембагалардын заманында ушундай болот дегендерине мен да ишене албаймын. Бирок кандайдыр бир даражада ишенүүгө туура келет. Байкап көрчү,  мындай болот деп ким ойлоптур, Мойдундун жигиттери ой-боюна карабастан эле колго кирген мал— калды алып кетип жатыптыр. Буга да ишенбейсиңби?

— Буга ишенсе болот. Кайда барсаң ушул кеп. Чет жактан курал жарак, акча келип турат экен. Бул эргулдарыңдын жашаганга үйү жок, кийингенге дурусураак кийими жок, айлап жуунбай биттешип кетишкендери да бар экен дешет-деп Секине эне кошумчалады. 

— Аларды өз жайына коюп эттерден, бечек канттардан алып отуруңуздар, алар бийлик үчүн салгылашып жүрүшкөндөр, аларды тим коюп, өзүбүздүн көйгөйлөрүбүз боюнча сүйлөшө отурсак жакшы болот эле деген сунушун, Кыпчак ортого салды.

— Ооба деди Калмурза ата өзүбүздүн көйгөйлөрүбүз да жамгырдан кийин чыккан козу карындай болуп күндөн-күнгө арбып бара жатат. Эч болбогондо малды бир жерге жашыра турганыбызда дурус болот беле? Ушинтип эле турбаса керек? Ана-мына дегенче элдин да, жердин да ээси чыгат. Ошого чейин бул  маселени чечпесек Таш ажыдай болуп каларыбыз бышык. Бир алдың алган малдарынын жарым-жартылай акысын  беришкен болсо, акыркы мезгилде кийин беребиз деп тил кат берип эле алып кетишип жатышыптыр. Жадагандан Таш ажы Карванга көчүп келди.  Аны алар бул  жерде да тынчытышпагандыктан Кызыл-Кыядагы отряддын башчысы Едренкин, көмүр кени башчысы  Солнышко менен сүйлөшүп, №1 бис-бис көмүр кенинин жанына көчүшүп кетишип жатышат. Биз да алдын алышыбыз керек, маселе өтө олуттуу. Угушума караганда Мойдундун жигиттери 300-кишиден  ашып калыптыр. Алар чымчык атып жемек беле, бизге окшогондорго, 1-2 кара малдары барларга келишет. Элде имиш жүрөт Төө-Моюнга бара жаткандагы «Жабылы»  ашуусундагы жана «Айлама-Кара-Таштагы» өлтүрүлгөн адамдар ошонун жигитеринин иши деген. Чынында ошондой болсо алар эч кимди аяшпайт. Болбосо 10-дон ашык кишини сулатышып атышып салыша алышпайт да. Жадаганда 10-дон ашык кишинин аты, байгелери, улактан тийген эттери, алды-кеттиден тийген белектеринин баарын алып кетишкен. Бул каракчынын же каракчылардын иши эмес. Жакшы куралданган адамдардын иши.  Керек болсо өлгөндөрдүн ичинде, өлтүрүлгөндөрдүн тыңчысы да болгон. Кудай өзү сактасын, кайда бара жатабыз. Каякты караба, коркунуч. Ушундай шартта сергек болгон абзел. Сен эмне дейсиң байбиче? 

— Эмне демек элем. Чындыгында  бешене – терибизди өзүбүз сактабасак, бирөө сактап бермек беле. Сиздин сөздөрүңүгө толук кошуламын. Чарасын көрүү зарыл. 

— Же биз да Эшме-Булактын жанынабы, же «Кызыл-Кыя» трестинин кеңсесине жакыныраак көчүп барсакпы? Же мына бу адырыбыздын «Тытту-Булак» же сайга тереңиреек кирсек «Камыш-Булак деген жерлер бар ошол жака таш короо куруп, жанына түнөгөнгө бир бөлмөлүү үй куруп көчүп барсакпы? Короолорду курууга эң ыңгайлуу жалпак  таштары кенен, булактардан ичүүгө боло турган суусу шылдырап чыгып турат. Жайытты кенен, мал бакканга өтө ыңгайлуу. Андан ары барсак Талды-Булак деген жер бар, суусу мол, жандыкка жайлуу жер. Түштүгү Эгер-Ташка түндүгү болсо кадимки Керкиданга чейин мал жайыты бар. Ал жака да барса болот. Ал жерлерде мылтыгың болсо малды гана эмес, кекилик, кашкулак атып өзүңдү баксаң болот. Сайларына кышында карабоор учуп келип кыштайт. Кээде тоодак, тартарлар учуп конушуп турушат. Керкидандын түштүгүндөгү тегиздигине күзүндө турналар да конушуп дем алышып, учушуп кетишет. Майда малга чөп дайыма бар. Кышын-жазын жандыкты бага берсе болот. Адырдын ичинде саяк адам гана жүрбөсө, жергиликтүүлөр жүрүшпөйт. Анча мынча саяк адамды бөөрүбасарлар да жакындата коюшпайт. Күнүндө да, түнүндө да экиден киши малды караса болот. Бул маселенин кооптуу жери, кыргыз эли бекеринен айткан эмес «өзүңдөн чыккан жат жаман» деп, чочуганым өзүбүздүн Карванчилер эле сатып коебу деп коркомун. Эгер ушундан  четте болсок,  адыр өтө ыңгайлуу жер. Ойлонуп көргүлө, муну неберемдин жентек тоюна чейин бир жактуу кылышыбыз керек. Билинип-билинбей жүрүп элдин колундагы малдары кескин азайып бара жатат. Жашоо да супсакташа баштады. Жүлгөдөн бир топ үй-бүлө Шааркан менен Асекеге көчүшүп кетишиптир. Кудайга шүгүр Карван эли али тынч. Элибиздин тынчтыгын соода иштери сактап турабы деген да ойго келемин. Мал базарга аягы    Каратегин, Чоң-Алай, быягы Парикана, Кокондон бери келишет. Элибиз мындан жакшы эле пайдаланып  жатат. Баса,  Эргеш балам сүйүнчүгө берилген Серкесин алып кеттиби? – деп сурап калды.

— Ооба алып кетти, боло турган базар күнү аны  сатып, ордуна эки-үч чебич алып  ата-энеме жеткирем деп жатат деп, Кыпчак Серкенин кабарын угузду. 

— Ошентсин. Туура ойлоптур, Кудай берекесин берсе Апшыр-Атанын жери да кең, көбөйтүп алат деп, Калмурза чоң ата канаатангандай болду.

— Секине эне да сөзгө кошулуп, «ошол эки чебичти силер эле берип койбойт белеңер» деп калды.

— Ээй байбиче ал сөзүңдү Кыпчакка айткын. Сүйүнчүлөгөн Эргеш, Серкени тартулаган мен деп, тамашалап күлүп калды.

— Бир жагынан туура болуптур, неберебиз да Көк-Серке жандыктарыбызды артынан ээрчитип, оттотуп, башкарып жүргөндөй, неберебиз да элдин алды болуп, элге күйүмдүү жетекчилерден болсун деп эки колун жогоруга которүп бата берди. Отургандардын баары кошулушуп, кошотошо жапырт бата беришип калышты.

— Ооба байбиче ээй, мындай каалолорду кандай табасың, кулагыңа бир периште шыбырап турабы? –деп таңыркай карады.

— Ооба,периштелер шыбырашып турушат деп Секине чоң эне абышкасына күлүп койду.

— Анчада небереси, чоң эне ар кандай адамдын эки мүрүсүндө ак жана кара периште отуруп, ошол адамдын күн жана түнү бою эмне иштерди жасагандыгын, бирин калтырбай жазып турат дешет экен. Эмне сизге кулагыңызга шыбырашып турабы деп, көздөрүн алайтып, таң калып энесин карап калды. Анын мындай Жаңылгына таң калгандыгы ырайынан сезилип турду.

— Неберемди чочутуп албайын деп, биз каарыган адамдарбыз, периштелер бизге окшогондорго шыбырашат, а жаштарга болсо жакындашпайт, чочубай эле кой айнанайын деп чачын такырайта алынган башынан эркелете сылады. Небереси чоң энесинен дагы бир нерсени сурайын деди эле чоң атасы сөзүн бөлүп, « чоң энеңер ошондой инсан да керек болсо периштелер дайыма акыл болуп артынан ээрчип жүрүшөт» – деди. «Ошондуктан бардыгыңар чоң энеңердин балдары болгондугуңардан акылдуу, эстүү балдар болдуңар» деп мактап койду. Отурушкан неберелеринин көңүлдөрү көтөрүлүп, беттерин жылмаюу каптап калды.

Мактаганды ким жактырбасын, неберелеримдин убактысы чак болуп, ыймандык жана инсандык баалулуктарына күч-кубат бердим окшойт – деп ичинен ыраазы болду Калмурза чоң ата.

Сөзүнө кошумчалады «бүгүн тойдо болуп абдан чарчап-чалыктыңар эми бөлмөлөргө барып дем алгыла, эртеңден баштап жентек тойдун даярдыгын көрөбүз. Элди чакырып бала-чакаларыбыздын аманчылыктарын тилеп, тойчук өткөрүп коелу. Эртең арабаны Эргешке бергиле көмүр алып келмей болгон. Сен болсо байбиче Жаңылга жардам бер. Бөбөктай ыйлагыраак көрүнөт. Көптөбөсөңөр болбойт – деп эшикти көздөй жөнөдү.

Секине эне да «кана балдарым эми жай-жайыңарга барып жаткыла. Бир маал болуп калыптыр, демиңерди алгыла, эртең да силерди канчалаган иштер күтүп турат. Күн да самсаалап калыптыр, эртең эмне болот бир Алла билбесе башка эч ким билбейт. Эмнеси болсо да тойдун өтүп кеткени жакшы болду. Силер болсо жентек тойго шашпастан даярдана бересиңер. Убакыт бар. Бара койгула кагылайындарым» деп узатып калды. Бала, неберелери чыгышып кетишкенден кийин үйдүн ичи « аң» деп бош калып Секине чоң энени ойго салды. «Балалуу үй базар, баласыз үй мазар» деген ушул турбайбы. Азыр эле бөлмө толо күбүр-шыбыр менен толуп турган болсо, карачы эми, эч ким болбогондой томсоргонун. Балдарың болбосо мындай абалда тумчугуп өлгүдөйсүң  деп ичинен жетимсирегендей болуп кетти. Анчада чайдөшүн колуна кармап, даарат алып абышкасы да кирип келди. Абышкасын көрүп Секине жандана түшүп, «эч кимди жакындарынан Кудайым айрыбасын. Эми эле башым үйдүн ээндигинен эңгирей түштү эле, сиздин киришиңиз менен үй толо түшкөндөй болду деп абышкасын мактагандай болду. Калмурза чоң атанын да көңүлү көтөрүлө түшту. «Ээй байбиче ушунча жыл бирге жашап, бири-бирибиздин кадырыбызды билип калбадыкпы. Биз эки кулака тагылган сыргага окшоп калганбыз. Сырганын бирин алып койсок, ал жарашпай калгандай, үйдө бирибиз болбой калсак, бөлмө да бошой түшкөндөй болот. Бала, неберелер да энем кана, атам кана дешип сураша беришет. Үй-бүлөбүздүн бактысына бар бололу. Биз менен эле кара жер тоюп калмак беле» – деп намаз окушка бет алды.

Секине  эне сандалдин эки жаккы көзүнө балыштан эгиз коюп, дем алганга төшөк салды. Ошондо гана өзүнүн абдан чарчаганын сезди. Төшөкө сол жамбашы менен кыңтайып уктап кеткенин да билбей калды. Короздун кыйкырганынан улам ойгонуп терзени караса жерге жарык түшө баштаптыр. Шашыла туруп абышкасын караса эчак эле намазын баштаган экен. Келининин жылуу суу куюп койгон чайдөшүн колуна алып, намазымды дагы каза кылып коймой болгон экенмин, шашылуу зарыл деген ой менен эшике жөнөдү. Таң атып, айлана-чөйрөдө кыймыл аракеттер жанданды. Эшикте дыбырап жаан жаай баштады.

Секине  чоң эне сөз баштады, «балдардын атасы быйыл кыш болбойбу деймин. Минте берсе жер нымга тойбой калабы. Быяктан кыйналганыбыз аз келгенсип, ным болбой, чөп чыкпай, «Миң-Булактын суусу тартылып, курукчулук болуп кетеби» деп коркомун. Кудайым сактасын Карван элине  жабир болуп калабы  деп эсим эки болот. Карванга башка жактан суу алып келүүнүн башка илаажиси жок бекен аа…» деп калды. 

— Башка жактан кайдан алып келет? Жүлгөнүн кара суулары Карвандан бир топко төмөндөн агып өтөт, аны бөгөп алып келүү  өтө оор. Баарына шүгүр кылбагандан башка арга жок байбиче. Чай-пай койдуңарбы? Нанушта-панушта кылабызбы, балдар да турушкандыр – деп сурап калды.

— Кайда шашасыңар, жамгыр карга айланып бара жатат. Короонун үстү жабылган камыш жукараак окшойт, бир-эки жерден  чаки тамып жатат. Бооланган камыштан балдар дагы бир катар тизишсе болчудай. Эгер антишпесе жамгыр өтүп жандыкты өл кылат окшойт.

— Эгер кар көбөйсө короонун чатырына ашыкча жүк болот. Шашылбай тура туралычы деп  Калмурза ата тыйып койду. Андан көрө бардыгын нануштага чакыргыла. Кыпчак мечиттен келдиби? Ал жерде кандай сөз бар экен? Эч нерсе дебедиби, деди. 

— Жоок эч нерсе дебеди. Арабаны Эргеш минип кетиптир. Мойдун болсо Ноокаттын Сахабасындагы «Чагатай-Каапырдын» дөңүн ээлеп, борбор кылып, тегерегиндеги эл жашаган айылдарды ошол жерден башкарып жатыптыр. Ооматы келишип калганбы Ташкенден бери жаңы бийликтин адамдары сүйлөшкөнү бирден, экиден болуп келишип келишимдерди түзүшө баштаптыр. 

— Нануштага кечеги кешиктерден койгула. Коңшу-колоңдорду да бүгүн чакырып коесуңарбы деп Секине энени карады.

— Ооба бүгүн түштөн кийин чакырып коелу деп турабыз.

— «Ɵрдөк жокто чулдук бий дегендей» дагы эле бизге Орусия менен мамиле жасаганга туура келет экен, ошолор менен келишим  түзүп кыргыздардын бийлигин түзүп алса болот го, өзүнүн аскери менен Мойдун кайда барат эле. Бул түгөнгүрдүн курал-жарагы жетиштүү болбосо, жегенге дайым тамагы болбосо, Орусиядай мамлекет менен кантип тең тайлашса болот? Мындай иште терең ойлонуу менен аракеттенүү керек эле. Буга чейин бул жолду басышып көрүштү, эмне болду?Бөөдө жазыксыз эл кырылды. Ушул мисал акылдарына келтирүү керек эле. Кокон хандыгы эбин таба албаган Орусияны Мойдун эпке келтиреби?  Бул кырдаалды түшүнбөстүк. Карапайым элдин буга акылы жетип турат. Жетекчилер маани бербейт. Ушундай болуп турса, ана-мына  дегинче болуп өткөн иш кайрадан кайталануусу мумкүн. Карапайым эл эмне тур десе турат, өл десе өлөт. Мындайда карапайым элдин жоопкерчилиги бийликтин мойнунда болот. Мойдун   жоопкерчиликти  мойнуна алдыбы? Ал албайт. Ал андайга кадыр эмес. Ал чулдуктун кейпинде, ѳрдөктүн келүүсүн күтүүдө. Анын сугунушуна жемдерин белеңдеп олтурушат.

Азыркы заманда көлөкөңдөн корко турган  болдуң киши. Карванга салабатуу киши эле келсе, ал ким экен, эмнеге келиптир, эмне дейт, мүдөөсү эмне экен дешип элдер кулак түрүшүп калмай болушту.

Баары эле акырын аңдып, кимдин үйүнө түшөт, ким менен сүйлөшөт, байкашып турушат. Кайра кайтып кеткенден кийин ар түрдүү имиш-имиштерди чыгарышып, божомолдошуп эле сүйлөшө беришет. Элде ушак көбөйдү. Кичикей дөңдөй маселени тоодой кылышып салышат. Кудайдан да коркушпай калды го, Алла айтат экен  ушакчыга аркы дүйнөдө  тилинен шыкка илемин–деп. Ошону билишип турушуп кайра эле ушак айтыша беришет. Ал ушактар мечитке чейин жетип келет. Болбосо эмне, алдагы Тѳрѳгелдинин баласы Манап  оозу, мурду кыйшайбай «жакында Мойдун Карванга  барамын, ѳзүм көзүм менен көрөмүн, өзүнүн Ɵкмөтүн колдой албагандардын эмне кереги бар,үйүн өрттөп, балдарын Маргаланга алып барып кул, күңдүккө сатамын – деп, ызырынып, кыжыры кайнап жатыптыр» – деп айтса болобу! Ошондой да болчу беле? Мойдун эмнеси болгонда да өзүбүздүн балабыз го, Найман уруусунан. Наймандар түптүү уруу. Бий, бектик, хан болуп келген эл, андайга баруусу мүмкүн эмес – деп ишенбедим. Андай маанисиз кепти эл ичинде айтпа – деп тыйып койдум.  Элди ушак араласа урууларыбыздын ыркы кетет, ансыз да кырылышып жатып үркөрдөй бир ууч кыргыз калдык. Мындай наадандыкты  эми тыйуу мезгили келди, аны түшүнбөсөк «өз убалыбыз, өзүбүзгө» деп Калмурза ата ачык кейип жиберди. «Уруу демекчи биз «Чапан» уруусунан болобуз. А Чапандар болсо «оргуларга кошулат. Биз оргубуз деп эле башка урууларды кемсинтип, паска урушубуз керек эмес. Бул жөнүндө балдарыма дайыма айтамын. Айтуудан максат балдарым кайдан пайда болуп калгандыктарын билишип калышсын деймин. Кыргызда жети атасын билбеген «кул»  дешип коюшат. Ойлоп көрсөм туура сөз турбайбы, көрсө 7 атаны билсең кандай түзүлүшкө ээсиң, эмнеден турасың,  тегиң ким, сыймыктана турган эмнең бар дегендей суроолорго жооп алат турбайсыңбы. 7 атасын билген тууганчылыкты билген абалда  кыз берип, кыз алууну токтотот. Акыркы мезгилдерде «алыстап кетет экенбиз» деген  сөздү бетке тутуп 2,3 ата өтүп эле туугандар биринин кызын бири келин кылып алыша башташты. Ал эмнеге алып барат? Кандын кембагалдашына, натыйжада перзентерибиздин бою, акылы пас болуп кетсе, тукум куучулук ооруулар көбөйүп кетсе эмне кылабыз! Быягы чатак болуп жатат. Илгерки ат көтөрө албай, топоз минип жүргөн баатырлабыз кана? Чанда бирөө жолукпаса көз көрүнөө майдаланып бара жатабыз» — деп наалыды.

— Күн өтүп жатат атасы, Кыпчактын баласына ат койбойбузбу? Башкаларга капа болгондон көрө, небереңизге ат койсоңуз! Алигече кулагына азан да айтпаптырсыз. Балдырыбыз Казакпайды, Карасартты, Алымкулду, Кыргызбайды, Бостонду балдардан жиберип чакыртайынбы деп Секине эне сурап калды. – Чакыртсаң чакырт, кече тойдо көрбөсөм бир жумадан бери көрбөй сагынып да кеттим. Бешинден кийин эле чакыргыла көчө балчык болуп жатып калды. Дагы  эле жамгыр токтобой жаап жатабы деп ысык чай алып келе жаткан келининен сурады? – Бир аздап жамгыр карга айлана турган болуп жатат. Кар учкундай баштады ата – деди келини.

— Неберенин атын ойлогонго да убакыт жок. Эми бир жолу балдар келишсин сураштырып анан коелу.  Ошентелиби балдарым деп нанушта жасашып жатышкан неберелерин карады. Неберелери да биринен бири озунуп «Учкунбек» коелу, «Жалынтай» коелу ата дешип кобурашып калышты. Макул балдарым аваларыңар келишсин, биргелешип бул маанилүү маселени чечебиз деди:

— Чайлашып бүттүңөрбү балдарым деп неберелеринен сурады. Ооба чоң ата, ооба ата дешип жооп беришти. Анда эмесе дасторконго бата кылалы «Оомин, Аллам берерин унутпасын, ырыскыңарды кемитпесин, өзүңөр менен өзүңөр болуп өнүп жүрө бергиле»  Аллаху Акбар деп бата берди. Баары жапатырмак беттерине бата тартышты. Балдарым деп эскертти Калмурза чоң ата, дагы бир жолу Жандыктын малканасынын үстүндѳгү камыштарын карап койгула. Чаки өткөн болсо дагы калыңдатуу керек экендигин эскертти. Кыпчакка кайрылып, «балам эстен чыга электе айтып коеюн жылкыларыбыз кантти экен, алардын баарын чогултуп, эсептеп койсоңор болот эле. Жылкы уурулардын саны көбөйүп бара жатат дешет. Бир  жумадан бери кабар ала албадыңар. Бир карап койсоңор болот» деген кеңешин айтты.

— Маакул ата, 4-5 күндөй болду бир айгыр менен 3 бээ Карасарт акамдардын үйүнүн тушунда жүрүшкөн экен. Калгандары көзүңө чалдыкпады эртең, бүрсүгүнү чогултамын деди.

— Ошент балам,ошент. Көңүлүбүз тынчып отурабыз го деп  Калмурза чоң ата ойго батты. Бир четтен, жадынан, билген адамдардын аттарын өткөрө баштады. Анысы андай, мунусу мундай деп көптөгөн адам аттарын жактырбады. Кайра-кайра эми эле эскерген аттарына келип такалып жатты. «Ат» коюу да ушунча кыйын болобу өзүмдүн 6 уул бир кызымдын аттарын элимдин жана уруулардын аттарын коюп эле, маселени чечип койгон элем. Минтип, карабайсыңбы небереге келгенде болсо, бир аз алдастай түштүмбү? Эмнеси болсо да небере да, менин койгон атым Кыпчака, Жаңылга жагабы же  жакпай калабы деген кооптонуу болот турбайбы деп, башындагы селдесин алып башын сылай баштады.

— Кайрадан кыш келдиби, кар көбөйө баштады деди Секине эне.

— Азыр жамгырдан көрө кар жакшы эмеспи, эмнеси болгондо да жер тоңуп, бутуңа ылай жабышпайт, тазалык болот, анча мынча оорулар жоголот деп Калмурза чоң ата кошумчалады. Балдарга  чакыруучу жибердиңерби деп кызыкты. 

— Ооба жибердик, бир аздан кийин келишип да калышар деди. Аларга кандай тамак жасасам дурус болот дейсиз деп абышкасына кайрылды.

— Тамак жасагыдай эмнеңер бар?

— Гүрүч да, ун да, эт да бар жаса дегениңизди жасай беребиз.

— Анда эттен көбүрөк түймөч жасап, сөлдүү кылып, лагман эле жасачы, көптөн бери лагман жебей сагынып да калдык окшойт байбиче. Эмне дейсиң, болобу?

— Болот, өзүм да ошентсемби деп ойлоп турдум эле деп, кичи келининин алдына жөнөдү. Аңгыча айтүүчү болушуп кетишишкен эки небереси, атка учкашышып келишип калышты.

— Чакырып келдиңерби? Баары үйлөрүндө  эле бекен ? Баары келише турган болуштубу деп Секине чоң эне сурап калды. – Ооба келишет Алымкул чоң авам Кува жака түшүп кетиптир. Келсе эле жиберебиз дешип калышты. Карасарт ава Марказдын мал базарына кеткен экен. Эртең мал алып келет экен.  Келбей калат окшойт деди. Секине  чоң эне кабарды билдиргени абышкасына кирди.  Келген кабарды төкпөй-чачпай айтып берди. Эми насип кылганы жейт, тамакты жасай бергиле. Ушул ишти бүтүрүп коелу, али да өтө эле чозулуп кетти. Небереме жарашыктуу атты таап койдум сандалга отур айтып берейин деди.

— Макул, барып  тамак жасай бергиле деп келейин, кыштын күнү ушунчалык кыска, тез эле кеч кирет. Балдардын келер маалы болуп калды деп Секине эне шашыла сырты карай, умтулду.

— Ассалому алейкум ата ! Тынч отурасыздарбы деп эшиктен Бостон кирип келди.

— Алейкум ассалам бала – бакыра, коңшу-колоңдор баары тынчпы? – деп алик алды. Араларынан бир аздан убакыт өтүү менен башка уулдары да келишип сандалды төгөрөктөшүп, атасын «ат чабар» менен кутукташты. Бирин-бири сурашып бүтүшкөндөн кийин, Калмурза  чоң ата силерди чакырганымдын себеби биринчиден, көргүм келди, экинчиден Кыпчак жигиттүү болду, баарыбыз чогулуп аны кутуктайлык деген ойдо болдум. Үчүнчүдөн Карван элине бир кичине тойчук жасап берсек деймин. Силердин оюңарды билейин дедим.  Аягында баланын аты коюла элек. Бул боюнча да оюңарды билгим келет деди.

— Ой жарыктык ата ээй. Сизден башка ким ат коймок эле. Небере эмес  биздин да аттарыбызды өзүңүз койгонсуз, кандай деп койсоңуз ошондой болот. Биз да сиздей болгонубузда «ат коюп каларбыз – деп үчүнчү баласы «Сизди  угабыз» дегендей унчукпай калды. Казакпай үнүн оңдоп «атты таап койгондурсуз ата» деп калды. Калмурза чоң ата, «ооба балдарым чамалап койдум, эми силердин оюңарды угабыз да» деп балдарга карай акырын мойнун буруп сырдуу тиктеп койду. Келгиле балдарым деп эшиктен Секине эне кирип келди. Балдары жакшысызбы апа деп ден-соолугуңуз  чыңбы, тойлорду өткөрүп келдиңизби дешип ордуларынан турушту. Рахмат, рахмат отура бергиле мен атаңарга жанаша отурайынчы. Эшик өтө эле сууп кетти, жарым карыштай кар түштү. Атаңар эртеден бери сандалда, мен да бир азга жылынып алайын деп, абышкасына жанаша «Төөлөс төрүн талашат, өлсө гөрүн талашат» деген экен деп күлүп, төр жака отурду.

— Балдарым ойлонуп, кайра-кайра ойлонуп жатып бир атка токтолдум, эмне деер экенсиңер деп баарын айландыра карап койду.

— Ал кандай ат экен  айта бериңиз ата дешип балдары кысташып калышты.

— Тарыхтан билгенибиздей ислам дининин негиздөөчүсү Мухамед салай Аллаху вассалам  христиан жылнамасынын 569 жылы апрель айында Мекке шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын уруусу даңктуу, Мекедеги белгилүү уруулардын бири Курейш уруусунан болот. Ошол уруунун эки бутагы ага-инилер Хашем жана Абу Шемстер. Хашем Мухамеддин бабасы Мекке шаарына өзүнүн таасирин тийгизип турган. Бул шаар таштак өсүмдүк өспөгөн жерге жайланышып, өткөн мезгилдерде тамактанууга жарамдуу азык-түүлүктөн кемчил болгон. 6-кылымдын башталышында Хашем жылына эки жолу, биринчиси кышында түштүк Аравияга же Йеменге карай, жайында Сирияга соода караванын жиберген. Натыйжада соода караваны шаарга жегенге  тамак жана башка товарларды алып келе башташты. Ал эми Мекка шаары соода борборуна айлана баштады. Каравандын көпчүлүк соодагерлери Курейш уруусунан болгондуктан алар жыл санап байый башташты.

Бул мезгилде Хашем Каабаны сактоочу болуп турду. Бул иш Мекке шаарындагы эң күчтүү, эң көрүнүктүү урууга тапшырылат эле. Себеби ошол мезгилде Каабага зыярат жасаганы көптөгөн эл келет эле. Ишеним көрсөтүлгөн уруу алардын тынчтыгын камсыз кылат эле. Ыйык шаар Меккени, элинде, белгилүү гана уруу коргой алат эле.

Хашем өлгөндөн кийин анын ишин улантуучу, анын уулу Абд-ал-Муталиб, болуп калды. Ал Меккеге  ар  дайым агып келип турган Абиссина Христиандарынан, алардын пил жана аскерлеринен арылышты. Бул багыттагы ата менен баланын ыйык шаарга жасаган кызматы Хашемдердин үй-бүлөсүн алдынкы катарга чыгарды.  Ɵз кезегинде ал көрө албастардын бөйрөгүн кызытып, аларга болгон душмандыктарын ашырды. 

Абд-ал-Муталибдин көптөгөн уулдары жана кыздары бар эле. Алардын тарыхта белгилүүлөрү: Абу-Талиб, Абу Лакаб, Аббас, Хамза жана Абдуллах. Эң акыркысы кенже уулу болуп аны жакшы көрүүчү, Абдуллах ошол эле Курейш уруусунан бир топ алыскы бутагынан болгон Амина деген кызга үйлөндү. Абдуллах мусулман аалымдарынын айтуусүна караганда сыртынан өтө таң кала тургандай сулуу  жигит болгон экен. Ал үйлөнгөндө ошол эле Курейш уруусунун 200 кызы жүрөк оорусунан жан берген дешет. Мухамед ата-энесинин жалгыз  уулу болгон. Ата-энесинен жашынан жетим калып, чоң-атасы Абд-ал Муталибдин үйүндө жүрдү. Абд-ал Муталиб карыган чакта аны чоң уулу Абу Талибди чакырып, ага тапшырды. Балдарым буларды силерге айтып жатканымдын себеби, биринчиден, ыйык инсандарыбыздын аткарган иштери силерге сабак болсо деймин. Экинчиден, Кыпчактын баласына пайгамбарыбыз Мухамед салал Ааллаху вассаламдын атасы Абдуллахтын атын койсок деймин. Ушул кишидей болуп биздин уулубуз дагы жакшылыктын жышаанасы болсун. Элине жана жерине пайдасы тийген кабылы инсан болсун. Эмне дейсиңер? 

— Бизге да абдан жакты ата дешип үйдөгүлөр ыраазычылыктарын билдире башташты.

— Эгер силерге жаккан болсо Кыпчактын бөлмөсүнө кирип, баланын кулагына азан айтып, атын угузуп чыгалы. Кана эмесе баарыңар жүргүлө, жүрө бергиле,  балдар да барышсын деп ордунан шагдам туруп, өзү баш болуп, калгандарын ээрчитип Калмурза чоң ата кадамдарын аңдаштыруу менен майда-майда коюп, коңшу бөлмөнү көздөй жөнөдү. Анын артынан, атайын буйрук болгондой жашын сактоо менен үй-бүлө мүчөлөрү жөнөштү. Алардын мындай аракеттери балдарын ээрчип жөнөгөн өрдөктү элестетип турду. Кыпчактын бөлмөсүндө мусулманчылыктын  шан-шөкөтү  жөрөлгөлөрдүн талабына ылайык ымыркайга «Абдулла» деген ат коюлуп, кулагына азан айтылып, кол жайышып, жапырт баары Абдуллага узун өмүр, ден-соолук, дөөлөттүү жашоо каалашып бата беришти. Маанилүү ишти аткарышканына шаттыкта болушуп баары дасторкон жайылган бөлмөгө жөнөштү. Айрыкча жаш  балдардын курсанчылыктары коюндарына батпай «сонун ат коюлду ээ» дешип мулуңдашып бара жатышты. Бөлмөгө баары киришип орду-ордуна отурушту. Секине энеден келини сурап калды : лагманды кандай салайын баарын табактарга эле салайынбы же балдарга ар бирине касага салып берейинби деп? Секине эне сөзгө аралаша  чоң адамдарга сапал табактарга, ал эми балдарга болсо кесеге салып бер деп кеңеш берди. Ана-мына дегиче, ачып көздү жумгуча жаш  келини лагманды салып келип кайын энеси айткандай тарзда баарына таратты. Секине  ичинен «бактылуу болсун ылайым,өтө эле дилгир келиним бар» деп сүйүп кетти, бирок сыртынан эч нерсени сездирбеди. Калмурза чоң ата болсо, «алдыңарга аш койду, эки колду бош койду» даамдан сыза олтургула, ала бергиле деп, табактагы лагманга кол сунду.  Баары тамактануу менен алектене баштады. Айлана тынчтыка бөлөнүп, тамактануу гана шарпаси угулуп турду. Кыска мөөнөткө түзүлө калган бейпилдикти бузуп, Секине эне келини жөнүндө мактана кетти. Кандай лагман болуптур ыя? Даамдуу бекен? Мындай лагманды Кашкардын өзүндө гана жейсиң. Бул жерде менин келиним гана ушундай таттуу лагманды жасай алат. Анын өзүнчө бир сыйкыры бар. Бул лагманды көпчүлүк жасайт, жеп эле жүрөбүз, бирок келинимдин лагманындай даамдүүсүн  татып көрө элекмин. Дагы, сени мактады деп айтып койбогула маакулбу деп дасторконду төгөрөтө отурган балдарына жана неберелерине кайрылды. 

— Жок ээ апа, — деп катуу соргондон лагмандын үйрөсү барып мурдуна жабышып калган бир баласы үйрөнү мурдунан алып жатып, «антип кантип болсун, келиниңизди мактоону өтө эле көкөлөтүп жибердиңиз шекилди. Муну биздин байбичелер угушуп калышса сизден капа болушуп калышпасын» деп барсулдап күлүп калды. Ага кошулушуп баары күлүп, бул сөзүңүз бүгүнкү күндүн эң алды болду окшойт дешип, эркелешип калышты.

Калмурза чоң ата болсо, «байбиче курут аталаланы  келтире жасаган келиниңди эстебедиң го, же половду ашыкча даамдуу жасаган келиниң да мактоого татыктуу, аларды да айтып койбосоң балдарың капа болушуп калышпасын» деп кыстырма койду. Атасынын оорутпай чымчып жатканын сезе коюшуп балдары да «Апам биздикине барганда айтууга аны даярдап койгон болсо керек» дешип тамашалашып калышты. 

— Ээ балдарым « ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө» дегендей чылбырдын учу барып балдарыма тийип өткөнбү, кызууланып бара жатышат деп, тамашалай, алар жака башын бүрдү. Апасынын сөзүнө маани беришип, «чектен өтүп кетпейли» деген мааниде унчугушпай калышты.

— Лагманды таттуу кылган эт да, эти болсо камыр менен этти казанга салып, туздун татымын ырастап кайната берсең өтө даамдуу тамак болот – деп дагы бир баласы кошумчалады. 

— Лагмандан алгыла аны – муну сүйлөйбүз деп суутуп да алмай болдук, «сөздү аз кылып, тамак жешти көбөйтүү мезгили келди окшойт, кеч да кирип кала турган болду» –деп Секине эне балдарын шаштырды. Лагмандан дагы салып келесинби ? Жетишерлик даярдалган  деп Секине эне балдарынан сурады. Ырахмат, эми кетейли, кеч да кирип кала турган болду дешип, колдорун чачыка аарчышып, ата-энесинен бата тилешип турушту. Анда эмесе силерге уруксат балдарыңарды өөп койгула, келиндерге болсо ысык салам айта баргыла деп, колун жайып Оомийин Аллаху Акбар деп, колго суу алып келгиле деп бир небересин жумшап, Калмурза чоң ата ордунан туруп балдарын узатууга камданды. 

— Эч кыймылдабаңыз ата, ушул эле жерден коштошолу, убара болбоңуздар, апам экөөңүздөр жылуу отуруңуздар дешип, сыйга ырахматын билдиришип эшикти көздөй жыла башташты.

— «Мен узатып келейин» деп Кыпчак алардын артынан эшике карай жол алды. Меймандарды үйлөрүнө узатып, чоң ата менен чоң эне, неберелерин карашып күндөгүдөй абалда калышты. Бирок жүздөрүндө ыраазы болгондой ырай нурданып турду.

 

III бөлүк. Бийлик алмашуу кыяматтары

1921-жылдын жай айы эле Карван айылынын ар бир көчөсүнө кирип, бир аттуучан   киши «Мечиттин алдындагы Ɵмурзак дөмөнүн дөңүнүн астына баргыла, колхозчулар   атылат» деп жарыя айтып жүрдү. Элдер үйлөрүнүн чыгышып, дал болгонсушуп, кимди атат экен? Эмнеге атат экен? Качан атат экен? дешип бири-биринен сурашып жатышты. Бүгүн бешин намазынан кийин атышат экен деп, аялдардын ортосуна   чыгып алып Касиет түшүндүрүп жатты. «Кимдерди атышат деген суроого»  эч ким жооп бере албады. Ираданчы Кожомкул: «угушума карганда «Ɵрнөк» колхозун уюштуруп жүргөн «Кошчу» Эгемберди менен элди колхозго кирүүгө чакырган Абдрасул миң башы экен…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Касымов Т., 2017

© Кыпчаков А., 2017

 


Количество просмотров: 156