Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Жылкычы Жапиев, 2017. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 11-октябры

Жылкычы ЖАПИЕВ

Умай эне

Өрнөктүү өмүр

Мамутова Жумаш Мамутовна – өз кесибин сүйүп жана так аткарган улуу дарыгер жана педагог. Миңдеген наристелерди жарык дүйнөгө алып келип, алардын киндик энеси болуп аталган – Умай эне

 

 

Кыргызстан медициналык энциклопедиясында Мамутова Жумаш Мамутовна жөнүндө анын өмүр баянын камтыган кыскача маалыматтар бар. Анда Жумаш эженин каерде туулганы, кайсы окуу жайын аяктаганы, эмгек жолунун урунттуу жерлери кабарланып, аягында өкмөттүк сыйлыктырынын тизмеси берилет. Ошол куш тилиндей болгон маалыматтардын сырын ача келсек, ал өзүнчө эле айтып түгөткүс кенч экенин баамдайбыз. Себеби, Жумаш эженин өзү турган турушу менен кенч болучу. Демек, анан өмүр жолу, аткарган кызматтары, адамдар менен болгон мамилелери, үй-бүлөдөгү жана кесиптештеринин арасындагы кадыр-баркы көпчүлүккө үлгү боло ала турган улуу касиет экендиги ырас. Эженин өмүр жолуна көз чаптырып көрүп, кыргыздын “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” деген накыл сөзүнүн калети жок экенине дага бир ирет күбө болосуң.

Ал эже 1923-жылы Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айлында туулган. Октябрь Революциясынан кийинки жылдардагы мезгилде элдин турмушу эң татаал экендиги бизге тарых беттеринен гана эмес, ошол кездердин күбөсү болгон улуу муун өкүлдөрүнүн өз ооздорунан уккан жайыбыз арбын. Жумаш эженин энеси Кенже апа он төрт бала төрөптүр. “Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн” дегендей, катаал мезгилдин каарын көтөрө албай, табиятта тырмактай да күнөөсү жок наристе ымыркайлардын тогузу чарчап калып, бешөө гана аман-эсен чоңойгон экен. Кудайдын мунусуна да шүгүр дебеске чара жок!

Мындай абал бир эле бул үй-бүлөдө эмес, бүтүндөй кыргыз элин, атургай бардык Совет өлкөсүн каптаган кара жоолуктуу каргашалуу көрүнүш экени маалым. Ушуларды өз көзү менен көрүп чоңойгон Жумаш эже толук эмес орто мектепти аяктаган соң 1936-жылы Фрунзедеги медициналык техникумга кирип, 1939-жылга чейин билим алат да ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институнун даярдоо курсуна тапшырып, 1940-жылы аталган институттун дарылоо факультетине өтүп, аны 1944-жылы ийгиликтүү аяктайт. Андан соң бир аз мезгил терапевдик госпиталда оорукананын ординитору болуп иштеп, 1945-жылдан 1949-жылга чейин КММИнин акушердик-гинекологиялык клиникасынын ординатурасында билим алган. Аны бүткөн соң эже өмүрүнүн акырына чейин шаарыбыздын төрөт үйлөрүндө, КММИнин акушерлик жана гинекология кафедрасында эмгектенип келген. 1966-жылы “Жаш жана жашы өткөн курактагы аялдардын алгачкы кош бойлуулугу жана төрөтүнүн өтүшү” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Эженин бул илимий изилдөөсү медицина тармагында кеңири колдонулуп, азыркы күндө да төрөт жаатында практикаланып, актуалдуулугун жоготкон жок.

 

 

Жумаш эже борборубуздагы жүздөгөн наристелердин ушул жарык дүйнөгө келишине себепкер болуп, алардын киндик энеси аталышынын өзү эле канчалык түйшүктүү эмгектин ээси экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Ал жеке эле борборубуздагы жаңы төрөлгөн ымыркайлардын Умай энеси аталбастан, Кыргызстан аймагынын бардык чөлкөмдөрүндө да далай энелердин төрөтүн кабыл алып, көптөгөн наристелердин киндигин кескен. Жылына бир нече ирет алыскы райондорго санавиация менен учуп барып, ал эми жайлоолорго, кыштоолорго аттуу-жөлүү жетип, ондогон энелер менен наристелердин өмүрүн сактап калган учурлары көп кездешет. Айрым кездерде алыскы жактарга атайын чакырык менен барып, эч бир шарты жок жагдайларда төрөттү кабыл алууга, гинекологиялык жана акушерлик ар түрдүү татаал операцияларды жасоого туура келген. Андай мезгилде эне менен наристенин өмүрү коркунучта болуп, ажал акмалап турганда Жумаш эже өз колу менен өмүр тартуулаган учурларын пациенттери ушул учурга чейин өтө ыраазылык менен эскеришет.

Ал гинекологиялык жана акушерлик жаңы технологияларды ишке киргизүүдө, ошондой эле аны тажрыйбада колдонууда медицина жаатына чоң салымдарын кошкондугу медициналык окуу жайларда эженин айрым эмгектерин атайын сабак катары өтүлүп жаткандыгы күбө. Ал гинекология жана акушерликтин  өтө маанилүү маселелерине арналган 30дан ашуун илимий макалалардын автору, анын ал илимий иштери окумуштуулардын арасында өтө кызыгууларды жаратып, көбү медициналык өндүрүшкө киргизилген. Мына ушундай жетишкендиктеринин жана медицина илиминдеги новаторлук ишмердигинин натыйжасында эже убагында акушер-гинекологдордун Бүткүл союздук съездине эки жолу делегат болуп шайланып, бөлөк республикалардагы кесиптештерин өзүнүн илимий иштери менен тааныштырып, медицина жаатындагы окумуштуулар тарабынан жогору бааланган. Ал “Ардак белгиси” ордени, “Эмгектеги каармандыгы” жана төрт жолу Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылдагы күжүрмөн эмгеги үчүн медалдары менен сыйланган. Эже Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары, СССР жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамоталарынын, баалуу сыйлыктарынын ээси болгон. Фрунзе шаардык жана Свердлов райондук Кеңештеринин депутаттыгына шайланганда медицина тармагында эмгектенген  кесиптештеринин турмуш абалын, жашоо шарттарын жакшыртууга, ошондой эле медициналык окуу жайларындагы студенттердин билим алышына керектүү шарттарды түзүүдө өкмөттүк деңгээлде маселелерди көтөрүп, аларды иш жүзүнө ашырууда чоң салымын кошкон. Эженин демилгесинин натыйжасында убагында алыскы райондор болуп аталган Алайда, Тогуз-Тородо, Ысык-Көлдүн сырт тарабындагы айрым ооруканаларда акушердик-гинекологиялык бөлүмдөрү ачылганы маалым. Ал төрөт бөлүмдөрүнөн андан бери миңдеген наристелер жарык дүйнөгө келип, миңдеген үй-бүлөлөр  балалыктын аруу, таза дүйнөсүнө аралашып, адамзат тукумунун уланышынын эч нерсе менен ченеп, теңеп болбогон улуу вазипасын аркалап келет. Буга Жумаш эженин салымы өтө зор экендиги көпчүлүккө белгилүү.

 

 

Жумаш Мамутовна педагог катары да өз кесиптештеринин арасында кадыр-баркы бийик болучу. Анын сабагын алып,тажрыйбасын үйрөнгөн жүздөгөн шакирттери азыр өзүбүздүн республикабызда жана андан тышкары өлкөлөрдө өтө жооптуу жана асыл кесипти аркалап жүргөндүгү устаттын бир кылымга жакын өмүрү текке кетпегенинин күбөсү экендигин ырастайт. Эне менен баланын чың ден соолугу үчүн күч-кубатын, ишмердигин, бүткүл өмүрүн арнаган эженин элеси ар дайым эсибизде. Ага эки дүйнөдө тең ыраазычылык билдиребиз.

 

Жылкычы ЖАПИЕВ

 


Количество просмотров: 2063