Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Кадыров Ысмайыл, 2015. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 28-сентябры

Ысмайыл КАДЫРОВ

Дил мүрөк

(Ырлар, балдар ырлары, проза)

Акын, жазуучу, Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ысмайыл Кадыровдун бул китебине жаңы чыгармалары менен катар, мурдагы жыйнактарынан алынган чыгармалары да кирди. Жыйнак шарттуу түрдө үч бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүнө ар кыл ырлар, экинчи бөлүгүнө балдар ырлары жана балдар үчүн ырлар, үчүнчү бөлүгүнө прозалык чыгармалары кирди.

Кадыров Ысмайыл. Дил мүрөк. Ырлар, балдар ырлары, проза:– Б.: “Бийиктик плюс”, 2015. 556 бет. китебинен алынды

УДК 821.51

ББК 84 Ки 7-5

К 13

ISBN 978-9967-33-093-1

К 4702300200-15

 

Жаңыласа, жан дүйнөсүн козгосо,

Жазгандарым жалгыз эле кишинин.

Эмгегимдин акыбети кайтканы,

Өтөлүнө чыгып кылган ишимин.

Бирдики онго, ону жүзгө уланаар,

Анда эле мен эң бактылуу кишимин.

 

Математикалык ойломго бай ырлардын ээси Ысмайыл Кадыров

 

Ы.Кадыров балдар адабиятына 90-жылдары келди. Адегенде балдарга арнаган ырлары мезгилдүү басма сөздөргө, анын ичинде "Байчечекей" балдар басылмасына жарыяланып жүрдү да, 1998-жылы басмадан жарык көргөн биринчи "Түстөн чыккан түркүн сөз" жыйнагы окурмандар тарабынан сүймөнчүлүк менен кабыл алынды. Албетте, бир жагынан акындын начар чыгарма жаратышы мүмкүн да эмес болчу. Анткени, өзү көп жылдар бою "Энциклопедияда" иштеп, балдардын табияты талап кылчу энциклопедиялык билими жетиштүү болгондуктан, ички рухий жактан балдар поэзиясына батыл кирүүгө даяр болчу. Экинчиден, бул мезгилде кичинекейлердин көркөм сөз өнөрүндө жаңычыл адабий тажрыйба да жетиштүү эле. Акын адегенде балдар адабиятындагы бардык жаңычыл адабий салтты жакшы өздөштүрдү. Анын чыгармачылыгында балдар акындары кийинки жылдары жараткан тамга үйрөнүү алиппеси, улуттук дүйнө таанымга байланыштуу түшүнүктөрдү өздөштүрүү боюнча жаңы жанрдагы ырлар, жаңы жаңылмачтар, табышмак ырлары кездешет. А бирок, Ы.Кадыровдун ырлары даярдалган адабий тажрыйбага өзүнүн жаңылыгын кошо албаса, анда ал балдарга ыр жазууга аракет кылгандардын арасында аты билинбей кала бермек. Ал ушул мыйзам ченемди туура түшүнүүгө жеке инсандык кудурети да, ички илимий билимдерди өздөштүрүү мүмкүндүгү да жеткен соң, балдар ырларына жеке салымын кошуунун үстүндө иштей алды. Ал кайсы салым? Калемгердин жеке индивидуалдуу көркөм дүйнө жаратышы капыстан келчү нерсе эмес. Бул жагынан акын "Байчечекей" журналынын тегерегине баш кошкон "Самудиновдук мектепке" таандык балдар акындарынын тобуна кирет. Аны акындын өзү да ачык мойнуна алганы ага таандык жакшы сапат. Бул анын "Байчечекей" журналына арнап жазган ырынан көрүнүп турат:

 

Түркүн түскө чулганып,

Чыгып турдуң кызыктуу.

Балдар түгүл чоңдор да,

Мазмунуңа кызыкты.

 

Сөз оюнду мурда жок,

Таап бердиң балдарга.

Сөздөн сөздү жаратып,

Саап бердиң балдарга.

 

Балдарга татыктуу чыгарма жазуу үчүн изденүү керек экендигин сезген акын адегенде жеке индивидуалдуулукту түстөн издеп көрдү. Анын "Түстөн чыккан түркүн сөз" жыйнагы "Түстөн чыккан түрмөктөр" деген бөлүм менен башталат. Ак түстөн баштап, 26 түскө мүнөздөмө берген бул ырлар балдарды да, чоңдорду да кайдыгер калтырбай турган деңгээлде жазылган. Ырлардын максаты түстөргө гана мүнөздөмө берүү эмес, түстү билдирүүчү сөздөрдүн башка маанилерин чечмелөө, алардын этномаданий маанисин балдарга таанытуу, түшүндүрүү болуп эсептелет. Бул боюнча автордун бир топ изденүүлөрүнүн акыбети кайтып, ар бир түстү туюнтуучу лексикалык бирдиктин андан башка маанилери аркылуу балдарды эне тилиндеги сөздөрдүн ички мазмунунда кулпуланган туюнтмасын терең өздөштүрүүсүнө жардам берүүчү жакшынакай ырларды жараткан. Айталы, "ак" деген сөздүн сүт менен кардын өңүн билдирүүдөн башка да суунун агышы (ак деген этиштик маани), абийирдин тазалыгы үчүн колдонулуучу "жазыксыз", "таза" (сын атооч маанисинде) деген мааниде колдонулушу, аксакалдардын, улуулардын ак пейилден берилген "ак батасы", "ак жаан" сөз айкашынын мааниси, "ак жүрөк", "ак кол", "ак көңүл", "ак дил", "ак жол" сыяктуу ондон ашык маанисин чечмелөө менен бирге ырдын аягы "ак" деген сөз жакшылыктын символу деген логикалык жыйынтык менен корутундалат (Бир гана "ак кол" деген сөз айкашынын мааниси автордун көз жаздымында калган). Ар бир улуттук тилдеги сөздөрдүн мындай этномаданий мүмкүндүктөрүн изилдөө, аны кийинки муунга үйрөтүү азыркы учурда дүйнөлүк лингвистикада эң актуалдуу проблемалардан болуп турган шартта Ы.Кадыровдун бул багыттагы изденүүлөрү жаш окумуштуулар үчүн да керектүү материалдардан болуп саналат. Ошондой эле "Ала-Тоо" деген сөздө колдонулуучу "ала" түсүнөн келип чыккан: "ала салуу", "ала шалбырт", "ала булут", "ала дөң", "ала бата" деген сөз маанилерин чечмелөө, алардын жасалуу жолдорун түшүндүрүү аркылуу бул ырдан чыккан жыйынтык пикир — адамдар арасын ала сөз араласа, ыркы кетип бөлүнөт. Мындай жыйынтык пикирдин келип чыгышы да элдик дүйнө тааным менен тыгыз байланышта. Убагында кара сөздүн даркан жазуучусу Т.Сыдыкбеков өзүнүн "Көк асаба" романында сөздүн наркын билген кыргыз элинин Улуу сөз системасын көркөм интерпретацияга алуу менен "ала сөздүн" маанисин чучукка жеткендей айткан эле. Демек, мындай сөз туюнтмаларын талдоого алуу жана аларды кийинки урпактарга үйрөтүүнүн мааниси жалаң гана балдардын сөз байлыгын өстүрүү менен чектелбейт. Анын андан терең этномаданий жана тарбиялык мааниси бар.

Жыйнак көлөмү чакан болгонуна карабастан, улам кийинки "түстөн чыккан түркүн сөз" маанилери улам татаалданып олтуруп, чоң эмгекке сыйчу фразеологиялык сөз айкаштарынын туюнтмаларын ачып берет. Айталы "кер" деген түстөн келип чыгуучу "кер кашка", "кер мурут", "кер сары", "кежигеси кер тартуу", "кер какшык", "кер аяк", "кер ооз" сыяктуу сөз айкаштарына окуу китептеринде берилген супсак эрежелерге караганда, ыр аркылуу берилген алардын түшүндүрмөсү балдарга анда канча кызыктуу. Түстөрдүн Ы.Кадыровдун ырларындагы көркөм интерпретациясы тил сабагында "Сөздүн көп маанилүүлүгү", "Омоним сөздөр", "Фразеология", "Туруктуу сөз айкаштары" деген темаларды өздөштүрүүгө жардам берүү мүмкүндүгү бар.

Жыйнактын экинчи бөлүмү "Сөз оюндар" деп аталат. Автор өзү белгилегендей, "Байчечекей" журналынын рубрикалары аркылуу балдар поэзиясындагы жаңы жанрдык белгиге ээ болгон таанып-билүү ырларынын үстүндө акындын үзүрлүү эмгектенгени байкалат. Ал "Анаграмма", "Логогриф", "Метаграмма", "Шарада", "Акроыр" аталган сөз оюндарынын учкул кыял үлгүлөрүн жаратты.

Башы жалпак,

Аягы балчак.

Көзү тосток,

Аябай коркок, — деген акындын "Акроыры" бала бакчадагы балдар үчүн кызыктуу да жеткиликтүү да. Ырдын баш тамгаларынан: б+а+к+а=бака сөзүн наристелер оңой жасай алышат жана текстти жаттап калышат. Акроыр мазмунуна табышмак, оюн элементин камтып, балдарга затты, кубулушту жакшы аңдап таанууга үйрөткөнү менен кызык. Акындын "Амал менен окусаң", "Баш тамгасын өзүң тап", "Эмне болот?", "Оң тетири окусаң", "Курап оку" сыяктуу сөз оюндары балдар поэзиясында 80-90-жылдары жаралган эстетикалык табылгалардын учугун татыктуу улап кетүүчү келечектүү балдар акыны экендигине кепил боло алат. Ошол эле учурда биз сөз башында белгилегендей, ар бир калемгер өз салымы аркылуу гана адабиятта аты калат. Ушул көз караштан алып караганда, Ысмайыл Кадыров балдар поэзиясында таанып-билүү ырларын эсеп ыры менен байытты. Акындын математик болушу, анын жан-дүйнөсүндөгү жөндөм, албетте, чыгармачылыгына өз изин калтырууга тийиш болчу жана ошондой болду. Акындын биринчи эле балдарга арнаган жыйнагында "Канча чымчык?", "Канча мышык?", "Канчадан жешкен?" ырларында коюлган суроолор сурама ат атооч маанисинде эмес, кадимки математикалык ойлом менен жазылып, балдардан логикалык ой жүгүртүүнү жана математикалык жоопту талап кылат.

 

Карасаң мына кызык,

Төрт бурчта бирден мышык.

Чокчоюп олтурушат,

Таранып, сыланышып.

 

Маңдайында ар биринин,

Олтурушат үчтөн мышык.

Кана эмесе тез эсепте,

Бардыгы канча мышык? (Жообу: төрт)

 

Акындын дал ушул жөндөмү анын балдарга арнаган экинчи "Сандар санаты" деген жыйнагын жаратты. Балдар акындары А.Кыдыров менен Т.Самудинов тамга таануунун, үйрөнүүнүн, өздөштүрүүнүн өзүнчө "Ыр-Алиппесин" жаратса, Ы.Кадыров "Математика-Алиппесин" жаратты. Акындын бул багыттагы изденүүлөрүн анын азыркы балдар адабиятына кошкон жеке салымы катары эсептөөгө негиз бар. Чакан жыйнакка "Сандар санаты" деген аталманын өзү да жакшы коюлган. Ы.Кадыровдун "Сандар санатында" саноо гана эмес, сандарды таануу, алардын ар бирине таандык шарттуу белгини башка бир нерсеге ассоциациялоо аркылуу маанисин түшүндүрүү максаты көздөлөт. Жыйнак сандардын табышмактуу сырлары математика илиминин мазмунун түзөрү жөнүндөгү ойду образдуу берип, сандыктын сүрөтү менен коштолгон ыр менен ачылат:

 

Бул сандыктын ичинде

Бирдик, ондук сандар бар

Бүт бардыгын салууга,

Батпай калды калгандар.

 

Нөлдөн онго чейинки бирдик сандарга аныктаманын ордуна берилген эки сап ыр балдарга алгачкы математикалык түшүнүктөрдү: бирдик, ондуктарды жеңил өздөштүрүүгө жардам бере алат. Мындай иштелмелер балдар үчүн гана эмес, бала бакчанын тарбиячылары, башталгыч класстын мугалимдери үчүн эң керектүү дидактикалык материал боло алат. Ыр саптарынын түзүлүшү балдарды ойнотууга, сандын атынан сүйлөтүүгө негиз түзөт. Балдарга сандар жазылган кагаз корона кийгизип, бирдиктерди жыйынтыктоочу чакан сабак-сценка өткөрүү аркылуу окуучуларды математикага кызыктыруу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени ыр саптарындагы

 

О: Мен деген нөлмүн,

О тамгасына окшотуп көргүн, — деп катары менен өзүн тааныштырып турган 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 бирдиктеринин аягында 10го сөз кезеги тиет да, анын:

Мен он деген чоңдукмун,

Кенжесимин ондуктун, — деген жыйынтык сөзү менен сандар өзүнөн өзү баладай сүйлөп, ойноп турат.

Акындардын ичинде кичинекейлерге ыр жазбаган калемгер жокко эсе. Бирок алардын арасынан башкалардан айырмаланган өзгөчө айтар ою болбосо, жазылган ыры окурмандын эсинде калбайт, балдар да аны тааныганга аракет кылбайт. Ал эми Ысмайыл Кадыров балдар адабиятына аралашканы аз гана убакыт болсо да, окурман ой токтото турган, наристелердин жарпын жазууга татыктуу чыгармаларды жаза алды. Аны азыркы учурда адабий коомчулук башка ишмердүүлүгү менен бирге балдар акыны деп тааныган кез.

 

Үмүт Култаева,

филология илимдеринин доктору

 

 

ЫРЛАР

 

МУРДА ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРГЕ КИРГЕН ЫРЛАРДАН

 

“ТАҢ ТОСУУ” ырлар жыйнагынан

(“Мектеп” басмасы, 1988-ж.)

 

 

Сөз

 

Сөз берсең аткар аны,

Өзүңдү сыйла, демек.

Ата Журт очогундай,

Сөздү да коргоо керек.

 

26.10.1981.

 

 

Тил

 

Баарынан жакшы тамак,

Баарынан жаман тамак

Бир гана тил, — деп Эзоп

далилдеп ынандырат.

 

Сүйлөсө бал тамызып

Ийитип жыланды да,

Дүйнөдө тилден артык

Жакшы жок чындыгында.

 

Эбиреп ушак айтса

Бейкүнөө жабыр тартса,

Ок болуп атып турса

Жаман жок тилден башка.

 

Күйүнтүп же сүйүнтүп,

Адамга баарын жасап.

Билмексен болуп гана

Ооздо бугуп жатат.

 

14.07.1986.

 

 

Ат чабыш

 

Куу!.. Кетти күлүктөр,

Тартылган жебедей.

Бөлүндү карагер,

Жаштыгын элебей.

 

Чабендес боз бала,

Камчы урат такымга.

Саяпкер насааты,

Калбаптыр жадында.

 

Мара али алыста,

Чыгабы карагер!?

Сыноого алгачкы,

Туруштук берегөр!

 

Сары таман чабдар ат,

Келатат такымдап.

Дүңгүрөйт дүбүрттөр,

Марага жакындап...

 

4.09.1979.

 

 

* * *

Салааланып төгүлүп,

Саамай чачы өрүлүп.

Сабаа бышат секелек,

Саамал ачыйт көбүрүп.

 

Беш көкүлчөн секелек,

Бала бойдон, эселек.

Быша түшсүн сабааны,

Бал кымызга жете элек.

 

Өмүр өргө жетелеп,

Өсөт улам көкөлөп.

Кымыз жыттуу кыз келет,

Кыя жолдо төтөлөп.

 

1988

 

 

Коломто

 

Энем келип айылдан

Эки күн жатты дагы:

— Эч кандай себеби жок

коломтонун оту өчүп калган жаман.

Томсоруп турду бекен түтүн чыкпай

калган үй атаңардан.

Жалгызсырап жүрөт дебе

чыга элекмин айыл-ападан.

Каникулда жиберип ий неберемди

тажадым шаарыңардан.

Эмгек өтөп жүрсөң болду

эл ичинде эсен-аман,-

деди да жөнөп кетти,

узатпай да бир кечти.

Ошондо сезип калдым,

коломтодон чыккан түтүн

кут болуп адам үчүн,

аралап булуттарды

аңыз кылып үйдүн күчүн,

булаарын бүт ааламга даңазалап

маңызын тирүүлүктүн.

 

1988

 

 

Реквием

 

Оюмду чогулта албай,

Таруудай чачыраган.

Көктөмдө көңүл чөгүп,

Олтурам жашып улам...

 

Урушчаак кемпир элең,

Бир тентек балдар үчүн.

Жаштыктын күбөсү элең,

Айылдаш чалдар үчүн.

 

Бирөөгө барксыз болсоң,

Мен үчүн залкар элең.

Аска тоом – энекебай,

Таянаар аркам элең.

 

Жердей зор жүрөк менен,

Турмушту сүйөөр элең.

Мезгилдин канатында,

Күн көрүп күрөш менен.

 

Кайгы бар, кубаныч да бар,

Заманды доору бүткөн.

Көрчүмүн бир өзүңдүн,

Жүзүңөн чыйыр түшкөн.

 

Катарың келген күнү,

Пенделик учур жетип.

Көңүлүм сыздап турду,

Жүрөктү, жүлүндү эзип...

 

Тургуздум зор эстелик,

Кыш кынап, таштан чегип.

Айланта гүл айдадым,

Турсун деп сени эскерип.

 

Көп өтпөй жер титиреп,

Эстелик калды кулап.

Тиккен гүл кышка жетпей

Көркү өчүп, калды куурап.

 

Дүйнөдө изиң калбай,

Өчтүңбү энекем-ай?!

Жок! Жок! Жок! Сен энесиң!

Сен өлбөссүң энекебай.

 

Өзүңө өзүң түбөлүктүү

Эстелик койгонсуң сен.

Жашоонун кыйырында өмүрүңдү

Улантып келемин мен.

Жерден боорун көтөрүп

Там-туң басат бир неберең.

 

1980

 

 

Алгачкы таң тосуу

 

Таңды тостум мен бүгүн,

Эң алгачкы тосушум.

Тоо башынан куюлган,

Нурга толду кочушум.

 

Кочушуман ташкындап,

Нур салаамдан чуурду.

Жерде тирлик башталып,

Күн нуруна жуунду.

Ээй! Сүйүнчү адамзат,

Дагы бир күн туулду.

 

* * *

Уйкудабы же турдубу дегенсип,

Шыкаалаган күнгө тоодон кылтыйып.

Жылкы тосуп тоо бетинде жүргөн мен,

Салам берем кучак жая кыйкырып.

 

Ажырашпай, жуурулуша көрүшүп,

Азга туруп, нурларына чайынып.

Жүрүп кетем жылкы менен дүбүрттөп,

Обон сала астын үйгө кайырып.

 

 

Чал жана деңиз

 

Шамал, шамал ыйлап жатты уңулдап,

Көтөрүлүп, сапырылып көл үстү.

Карт балыкчы чыкпай калды сапарга,

Таң шоокумдан толкун менен көрүшчү.

 

Чалды күтүп, айбат кылып толкунга,

Жетимсиреп жээкте турду кайыгы.

Долуланат көл өзгөчө удургуп,

Күндөгүдөй бейкут сүзбөй балыгы.

 

Жалгыз эле, айкөл эле абышка,

Деңиз болчу анын жалгыз эрмеги.

Деңиз сезип, деңиз бүгүн шарпылдап,

Күттү, күттү, а абышка келбеди.

 

 

Автовокзал

 

Үргүлөп түнкү экиде,

Ойгонот таңкы беште.

Кыймылдын тынымы жок,

Күжүлдөйт таңдан кечке...

 

Бапырап келип кеткен,

Балдарынын сагынганы.

Окшошот автовокзал,

Энеме айылдагы.

 

9.11.1983

 

 

Түнкү жайлоо

 

Күмүш нуру тоо кыркалай чачырап,

Күн күлүңдөй уясына жашынат.

Уй, кой үйгө, жылкы чубап жайытка,

Акырындап түн пардасы тартылат.

 

Суу шарынан күңгүрөнүп капчыгай,

Тээ кайдадыр иттер үрөт абалап.

Көөдөй түндө жуушамакка жылдыздар,

Түшүп келет кой короону сагалап.

 

 

Кемпир өлгөндө эл ичинде айтылган сөздөрдөн

 

“Кемпир эле чүкөдөй бир,

Такыр тыным албаган.

Карыганча талбай иштеп,

Калкка өмүрүн арнаган.

 

Адам эле кадыры бар,

Кадыры бар элине.

Моюн сунбай шум ажалга,

Жашай түшсө эмине.

 

Чалы, уулу согушта өлгөн,

Жетим эле куурагыр.

Ага болбой ажал алды,

Же аныкы туурадыр”.

 

 

1945-жыл. 6-август. Хиросима

 

Пролог

 

Ал күнү япон бала сүткө барып,

Келатса деңиз жээктей сүтүн алып.

Алдынан бака чыгып, сууга кирди

Артынан бала түштү жетпей калып.

 

Колунда бакасы бар кармап алган,

Не шумдук! Япон бала чыкса суудан.

Эмеле киреринде аман турган,

Бир боору Хиросима кыйрап калган...

 

Баланын монологу

 

Капырай ушундайда сезилет бейм,

Мезгилдин учкулдугу, күлүктүгү.

Маң болом башым жетпей, акыл жетпей,

Көргөнгө көз ишенбес бүгүнкүнү.

 

Мемиреп шаарым жаткан бейкуттукта,

Бака кууп сууга эмеле мен киргенде.

Не шумдук! Кайра чыксам кыйрап калган,

Кыямат кайым болуп кеттиби же!?

 

Бул шумдук, бул ааламат эмне экенин,

Чоң болсом мүмкүн баамдап билет белем!?

Энекем, атакем ай кайдасыңар,

Турчу элек кандай сонун тилек менен!?

 

Түшүмбү же жомокпу көргөндөрүм,

Балким сен эки көзүм алдабагын!?

Жомоктун жомогуна ишенчү элем,

Чындыктын кыйрашына таң каламын.

 

Эпилог

 

Бейкүнөө кыргын менен кыйроо көрүп,

Буркурап турду бала деңиз жээктей.

Адамдын адамзатка бүлүк салып,

Жамандык кылганына баамы жетпей.

 

23.02.1982

 

 

Согуш тагы

 

Чылым болуп түтөп сорулуп,

Ич кайгысы болуп ичинде.

Жетим кемпир жашайт кусалуу,

Эски тамда, айыл четинде.

 

Набыт болгон чалы согушта,

Кайтпай калган уулу согуштан.

Суранса да анда ал жакка,

Жиберишпей аны коюшкан.

 

Колхоз койгон камдап отунун,

Окуучулар багат музоосун.

Ошондо да бири кем тура...

Неберенин кеспей тушоосун.

 

Калат кемпир кээде кемшиңдеп,

Чалы менен уулун эскерип,

Ушундайча көрдүм согушту,

А жеңиштен кыйла кеч келип.

 

Чылым болуп түтөп сорулуп,

Ич кайгысы болуп ичинде.

Жетим кемпир жашайт кусалуу,

Согуш тагы кетпей сезимде.

 

 

9-май күнү

 

Арымы жок таштап кадамын,

Аяр шилтеп, колдо таягын.

Азиз адам келет көчөдө,

Гүл кучактап жандап аялын...

 

Эңсеттирген бейпил күн үчүн,

Эки көздү берген, алмашкан.

Согуш сыйы – жыгач бир буту,

Кандай адам укмуш кайратман.

 

Гүл кучактап алган сол колдун,

Кан майданда калган манжасы.

Ошондо да наалып, майышып,

Түтөбөстөн ооздо канжасы.

 

Наристенин шайыр күлкүсү,

Бузулбасын тилейт жүрөгү.

Бейпилдиктин ырын ырдашып,

Чымчыкты да жандап түгөйү.

 

Арымы жок таштап кадамын,

Аяр шилтеп, колдо таягын.

Азиз адам келет көчөдө,

Өчпөс отко жандап аялын...

 

 

Эки кемпир

 

Бири-бирин келин дешип

Чымчышып, азилдешип.

Коюшат көздү сүртүп

Кез-кезде жашып кетип...

 

Ага-ини балдарына

Бир күндө келген экен,

Тергешип бири-бирин

Абысын болгон экен.

 

Өткөрүп бир айылда

Кийинки өмүрлөрүн

Болушуп эриш-аркак

Эки абысын бөлүнбөдү.

 

Төрөдү бири беш уул

Экинчиси жалгыз перзент.

Эр жеткенде согуш чыгып

Аттанышты алтоо тең

Элди жерди коргоону эңсеп.

 

Көзүнө келип жашы

Бирөөсү уулун эстейт.

Жалгызым бир атадан,

өрт эле, — деп коёт да

Согушту ичтен жектейт.

 

Бирөөсү аман кайткан

Беш уулдун кенжесинин

Алпештеп уулун багып,

Убайын көрөт уулдун

Келсе да буту майып.

 

Тагдырдын салганына

Экөө тең моюн сунуп,

Эскеришет шыпшынышып,

Кез-кезде улутунуп...

 

Бири-бирин келин дешип

Чымчышып, азилдешип

Олтурат эки кемпир

Самоордун чайын ичип...

Капталда арча бешик...

 

 

Жолугушуу

 

Ардактуу мейман болуп

Согушка катышкандар,

Өткөрдүк жолугушуу

Угушту муюп балдар.

 

Жолугууга келгендерден,

Сүйлөөгө кезек жетип,

Сулайман ата чыкты

Кызына жетелетип.

 

— Жөнөдүк башталганда

Ааламат согуш деген.

Төрт айлык даярдыктан

Өттүк биз тездик менен.

 

Согушка кирген күнү...

(Айта албай бошоп жүүнү,

Күч жетпей улантууга

Дирилдеп турду үнү...)

 

...Бир нерсе тийип бетке

Куладым келбей кепке.

Жатыпмын госпиталда

Эсиме келген кезде.

 

Көзүмө чачыраптыр

Минанын сыныктары...

Бир күн да согуша албай

Арманым ичте калды...

 

Ал күйүт, ошол арман,

Биз менен өтүп кетсин!

Түбөлүк тынчтык болуп,

Көрбөсүн согушту эч ким!?

 

...Жумулуп турган көздөн,

Балбаалап акты жашы.

Жанында турган кызы

Солкулдап ыйлап жатты...

 

 

Кошуналар

 

Кошуна эки келин,

Улантып күпүр кебин

короодо олтурушуп,

капыстан кергиштеди

кызганып бир эрин.

 

Жедирбей бир бирине,

Жебиреп коргоп жемин.

Бош коюп мурунтугун,

экөө тең чабуулга өттү

агытып сөздүн селин...

 

Жан курдаш күйөөлөрү,

Эртеси саламдашты

кыбырап араң эрин...

Арадан үч күн өтпөй,

Баарлашып отурушту

Баягы эки келин...

 

4.08.1987. Баетов

 

Ысмайыл Кадыров. Тарткан сүрөтчү Урмат Осмоев, май, 1980-ж.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Ысмайыл Кадыров, 2015

 


Количество просмотров: 197