Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© Генрих (Геннадий) Дик, 2017. Бардык укуктар корголгон
© Кыргызчага которгон Улан Жунушбаев
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 25-июлу

Геннадий ДИК

Чоӊдор үчүн жомоктор

Аңгемелер жыйнагы

Генрих (Геннадий) Дик ― Германиядагы белгилүү жазуучу кыргыз окурмандарына өзүнүн жомокторун тартуулайт. Бул жомоктордун адамды терең ойлорго чулгай турган, дүнүйөгө демейдегиден башкача көз караш жүгүртүүгө чакырган касиети бар. Белгилеп кетчү нерсе, автор – биздин жердешибиз, Кыргызстанда туулуп өскөн.

Генрих (Геннадий) Дик. Июль периси жана моюл: Чоӊдор үчүн жомоктор. — Бишкек: Турар, 2017. — 20-б. китебинен алынды.

УДК 821.112.2

ББК 84.4

Г 34

ISBN 978-9967-9043-6-1

Г 4703010100-17

 

Июль периси жана моюл

Июль айы аяктап бараткан кез. Ушул Июль айынын периси токойду аралап учуп бара жатып, моюлдун жемиштерин татып көрдү. Анын ойлору ар кандай шашылыш иштер менен алектенгендиктен, моюлдун ордуна шилбинин ашын татып койгонун байкабай калды. Башы тегеренип, канаттары алсырап, жашыл жалбырактуу жана торсойгон кара мөмөлүү бадалдын түп жагына эптеп барып конду.

– Жардам бергилечи, – чөпкө отуруп, шыбырады ал. – Менин атым Июля, Августина болсо келе элек. Мага сыркоологон жана уктаган болбойт.   

– Моюл – бул сенин жасаган ишиң! – жакын жерде өскөн эки кызыл карагай шуулдады.

– Ооба, ушул ууландырды, – уулуу Белладонна бадалы үн чыгарды. – мен күбөмүн.

– Биз бардыгыбыз күбөбүз, –  тегеректеги дарактар ачууланып айыптуу шуулдашты.  Апакай темгил болуп токойдун ачылган жерлерин каптаган  бир гана назик ромашкалар каршы болушту:

–  Моюлдун жемиштери оозду куруштурат, бирок уулуу эмес.

Бирок алардын назик үнүн айыптагандардын ойбойлогон, карылдаган, күрүлдөгөнүнөн эч ким уккан жок.

– Кара куюнду чакыргыла, – бак-дарактар күбө болушун айткандан чарчаганда кыйкырды Белладонна бадалы.– Мынабу оӊбогурду түп-тамырынан бери жулуп салсын.

– Кара куюн! Кара куюн! – токой жаӊырды – Күтөбүз! Келгин да жазалагын!

Көз ачып жумгуча асманды кара бүркөө булут каптады. Тээтиги алыста коркунучтуу чагылган чарт-чурт этти. Күн күркүрөп, морт бутактарды сындыра, жалбырактарын жула качып токойду шамал аралады.

Ошол чакта Июль периси эсине келди, моюлдун жемиштерин тере кетип, үстүнөн учту да, айран-таӊ калган дарактардын көзүнчө аларды жеп салды.

– Эмне болгон ызы-чуу болуп кетти? – сүйлөдү ал. – Эмне үчүн бул жерде куюн жүрөт? Ал башка жакта болуш керек эле да.

Бардык айыптоочулар жер карап унчукпай калышты.

Моюл да унчукпады. Ал ойлонуп турду: пери азыр учуп кетет, мен болсом бул жерде каламын, ушул токойдо күн көрүшүм керек. 

 

Амалкөй план

Падыша ырахаттануу менен сулуу бийкечтин чебер бийин тыӊдап отурду, анысы ийнеликтей чимирилет – колдору шамдагай кыймылдаганынан, кыздын эки колу төрттөй көрүнөт, буттун учуна тура калып, алтын түстүү кийми менен кооз сайма сайгандай кыймылынан көпөлөк сымал учуп кеткиси келет.

Шамдар үлбүлдөп турду. Хан сарайдын кире беришинде сакчылар кыймылсыз турушат. Жумшак төшөктө отурган жөкөрлөр музыкага  термелишет. Султан айым өтө жек көрүү менен бийди карап турду. Анын эринин көптөгөн токолдору болгон, бирок бирисине да мурда мындай кызганган эмес. Султандын жубайы, атасы талаадагы бир өлкөнүн ханы, өз эрин аны курчаган, мейли сонун болсун, бирок – буюмдарга, кантип эле кызгансын?  Бирок бул бийкеч – Гүлфия – жөн гана токолу, буюму болбостон, ысымын жана кадырын тапты. Султандын өмүрүнө чыныгы махабат алып келди, ырлар, назиктик, кусалык орун алды...

Ал – Амира – ысымы алыска тараган жана даӊазалуу, ишенимдүү, азыр ушул жөнөкөй маӊыроо бийчи кыз менен бир деӊгээлде болуп калбадыбы!  

Мындайды болтурбоо керек!

Бүгүн бардыгы чечилет... План түзүлгөн – амалкөй план. Гүлфиянын бир тууганы -Салаваттын бар болгону кандай жакшы. Ал Султандын малайы болгон, азыр султан айымга эле кызмат кылат.  

Гүлфия бийлеп бүткөндө, султанга таазим кылып, жакындайын дегенде, Амира алаканын чапты:

– Салават! Мага шараптан алып келчи. Гүлфиянын бийлегени сонун болду. Башым тегеренип кетти! Шараптан ичиш керек, болбосо мен ушундай суктануудан тумчугуп баратам.

– Ооба,  кана шараптан алып келгиле! – буйруду султан, жубайына ыраазылык менен күлүмсүрөп. – Тойлойбуз!

Алтындай шарап куюлган идишти алгач Амира колуна алды. Эч кимге билдирбей, колундагы шакектен идишке акырын ууну кошуп, Гүлфияга жакындады. Бийчи кыз султандын  бутунда таазимдеп отурат, падышанын колу анын жүзүнөн, кулагынын учтарынан сылайт.

– Сен биринчи ичип кой, – көзүн түшүрүп, идишти сунду. – Бүгүн татыктуу болдуң.

Кыз идишти алып, бери карап акырын сүйлөдү:

– Мен биринчи ууртабаймын. Жемиш багындагы жөнөкөй гүл багбансыз суу иче алабы? Суранамын, менин багбаным – кожоюнум…

Султандын жүзү жаркырап,  идишти колуна кармап акырын оозуна алып келди. Амиранын өӊү бузулуп кетти, башын жерге түшүрүп, күйөөсү жакка эптеп көз карашын таштаганда, султан анын жанында турганын көрдү.

– Мен – багбанмын, – деди султан, – Амира – сен менин суу куйгуч идишимсиң. Кымбатым, сен биринчи ууртагын…

– Ырахмат, кожоюнум! – калтыраган колдору менен идишти алып, ылдыйкы эриндин учун тиштеп, чечкиндүү кадам таштап, малайына басып барды.

– Эгерде мен суу куйгуч идиш болсом…– күлүп сүйлөдү ал, – ушул шарапты ким алып келсе, ошол ичсин.

Малайы кыңк этпей идишти алып, шарапты ичип жиберди, анан тырышып, оозунан көбүк кетип, ак сарайдын жылмакай төшөлгөн ташына кулады.

– Салават, сага эмне болду!? – бийчи кыз кулаган балага чуркап барды. Колдору титиреп, жүзүнөн жашы шорголойт.

– Султаным! – каардуу сүйлөдү Амина, – ушул экөө мени уулантып өлтүрөйүн дешти... Бирок Сиздин да өмүрүңүзгө коркунуч келтирилди. Буйрук бериңиз, буну камап салышсын.

Жан жөкөрлөрү ордунан тура качып, падышаны карап турушту.

– Жок, кожоюнум! Бул жалган! – Гүлфия жалынып-жалбарып бутуна кулады.

Султан ордунан акырын турду.

– Мен – багбанмын, Гүлфия – гүлүм, Амира – суу куйгучум. Гүлдүн бир тууганы – гүл, суу куйгучтун ээси багбан. Суу куйгучка ким ууну кошуп салды? Мен өзүм эмеспи? Мен бүгүн бардыгыңарды кечирдим… Анткени бүгүн багбанмын. Бирок эртең мен кайра султан кебетемди кийемин.  Азыр болсо кеткиле! Кеч боло электе…               

 

Ушул дагы жашообу?

Бир кичинекей кызыл балык чоң, терең көлмөдө жээктен жээкке сүзүп, чөмүч баштын жалбырагына жашынып, жыш өскөн камыштын түптөрүндө оттоп же сөөлжан-курттар менен тамактанып жүрүп, өзүнө окшогондорго даттануусун койбойт:

– Ушул да жашообу!? Жайкысын ысык, же шамал удургуп, чагылгандар түшөт, кышкысын – калың муз каптайт, бороон-чапкын үйлөйт. Дайыма сак болуш керек, сары чоң балык уюлгуп толкунду кесип чыга келет, тиштүү чортон октой сызат, жаян дөңгөчтөй болуп сүзүп келет. Эх, эгерде күн болбосо, башка жерде жашамак белем.

Мына ошондо жаздын бир күнү суудагы балырдын ичкесин чекесинен кертип тамактанып жүргөнүндө бир шамдагай бала чакан торчосуна аны кармап алды. Суу куюлган банкасына салып, үйүнө алып келди да куйругу узун кыйпычыктаган балыгы бар аквариумга салды.

– Биз эми экөөбүз, – кызыл балыкты көрүп, бул жерде көптөн бери жашап келген балык сүйлөдү. – Тынч бул жерде, курсагың ток, жылуу-жумшак, бирок ушул да жашообу?..

– А күн тийеби бул жерге? – сурады кызыл балык.

– Азыр күйгүзүшөт, – үшкүрдү балык.

Аквариумдун үстүнөн лампа жагылды.

Кызыл балык аны көпкө чейин тиктеп, тынч, жылуу-жумшак, курсагың ток жерде күндү көрсө өчүрүп, же күйгүзүп койсо болот турбайбы деп ойлонуп калды.

 

Жылдыздардын бильярды

Түн киргенде, эки алп – жылдыз периштелери бильярд ойношот. Оюн талаасы эбегейсиз чоң, ааламдын бир четинен экинчисине чейин тартылган, ошондуктан аны көрүш үчүн жылдыздардын көз айнегин кийиш керек.

Сизде ушундай көз айнек жокпу?

Анда сурап алгыла!

Кимден?

Түнүчүндө бильярд ойногон жылдыз периштелеринен.

Шарлар тоголонушат. Мээлеп ургандан лузага – кара тешикке кирип кетишет. Бардык жылдыздар оюнду жымыңдашып, үңүлүшүп байкап турушат, от чачышуу менен бирге талаага жаңы шарчаларды ыргытышат.

Мезгил суудай агат, жылдыздар болсо эрикпейт. Оюн уланууда, бильярд шарчалары кагылышып, ааламда сапар улашат – бүт мейкиндик жылдыздардын жарыгында.

Очко карызга бердиби?

Жок!

Бушайман болбоңуз. Эгерде түнүчүндө көпкө чейин асмандагы жылдыздарды санап карап турсаңыз, сөзсүз бильярд ойногон жылдыз периштелерин көрөсүз.

 

Эки толкун

Түбөлүктүн эки толкуну космосто жолугуп, бири-бирин таӊыркап карап калды.

– Бу кандай сонун, – узунураак жалы менен толкун ойлонду, жылдыздар көбүгүндө жымыӊдашат.

 – Ушул укмушту көрүш үчүн, – экинчиси ойлонду, – мен четке карай бараттым эле.

Жүз жыл өтүп кеткенде, чоӊураак толкун сурады:

– Каяка баратасыӊ?

– Ааламдын наркы четине. Сенчи?

– Мен дагы!

Дагы жүз жыл өттү.

– Демек, мен четинде турбаймынбы! – чоӊураак толкун сүйлөдү.– Мындан нары жол жок.

– Жол бар болуш керек,– үшкүрдү экинчи толкун,– бирок сен менин жолумда турасыӊ.

Экөө унчукпады, мезгил болсо өтө берди.

– Кел анда кучакташабыз, – узунураак толкун сунуш кылды, – анан бирге саякаттайбыз.

Бирок жообун уккан жок. Тегерек четин карап, алыска жанган жылдыздын нурунда жаркыраган планетадан сурады:

– Каяка кетип калды? Менин жакшы көргөнүм?

– Кайсы бир түбөлүктө бараткандыр... 

     

Кагаз гүл

Падышанын ак сарайы конокторго толо. Баркытка жана парчага оронгон ханзаадалар, атласка чумкуланган бектер жана байлар аркы-терки басып жүрүшөт, тирөөчтөрдүн жанында турушат, алтын отургучтарда отурушат. Алар падышанын өзү жана анын кызы качан чыгышат деп күтүп жатышты. Акыры тигилер кирип келишти: падыша зыгыр кездемеден кенен сырт кийимчен, падышанын кызы – калыӊ кендир кездемеден тигилген көйнөкчөн. 

Бул жерде чогулган ак сөөктүн бардыгы делдейе түштү: тургандар кыймылдабай калды, басып жүргөндөр – токтоду, отургандар – утурлай тура качты, ооздорун ачып сенейип калышты. 

– Бүгүн кызым он сегизге чыкты, – камаарабай жарыялады падыша, кызын белинен кучактап, бет алдына койду. –  Бул назиктиктин жана жөнөкөйлүктүн  курагы. Чыныгы сулуулук кооз жана кымбат алкакка муктаж эмес. Мырзалар, белектериӊер каякта? Алып келгиле! Биз аларды баалап көрөбүз.

Бирөө алакан чаап баштады, бир аздан кийин көпчүлүк кошулду – ак сарай кол чабууларга толду, күрүгүү, чуру-чуу түшүп калды, кызы менен атасы турган жерге белектерин биринчилерден  тапшырайын деп шашкандар бирин-бири түртүшөт.

Бир саат убакыт өткөндөн кийин ханзаада кыздын алдында кымбат кездемелерге толгон ачык сандыктар, бермет, жакут толо жыгачтан жасалган кутучалар, темирден жасалган үкөктөрдө шакек-сөйкөлөр, билериктер, шуру мончоктор,төөнөгүчтөр,медальондор. Шамдын жарыгында алмаздар жаркырайт, кырдалган рубиндер кызыл учкун ыргытат, сапфирлерден көк от чачырайт, зымырыт жашылдан жылтылдайт... Наар түшүрүлгөн кооз оймолуу батыныста күмүш жана алтын кумгандар, кумуралар, куйгучтар, фарфор жана хрусталдан идиштер.

Падыша белектерди кабыл алууну аяктагандыгын жарыялайын деп турганда, ак сарайга жакшы кийинген, татына көрүнгөн жаш жигит кирип келди, колунда жөнөкөй айнектен ваза, жезден жасалган сабагында бозала кагаз гүл салынган.

– Сакчылар, – чакырды падыша.– мынабу мырзаны кармагыла да, түрмөгө отургузгула.

– Эмне үчүн?! – кыжырданды тигил. – Мен ханзаада айымга эң жөнөкөй белек бербедимби...

– Чыныгы сулуулук кооз жана кымбат алкакка муктаж эмес – бул туура, – накыл кебин айтты падыша.– Бирок ал акчага муктаж эмес деп силерге ким айтты?..

 

© Генрих Дик, 2017

© Кыргызчага которгон Улан Жунушбаев

 


Количество просмотров: 201