Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Искусство, театр / Публицистика
© Жыргалбек Касаболотов

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Акылбек Асанов: “Жашоо – бул символ”

Гений деген дарыянын башына жеткен лосось балыгына окшош

«Асаба» газетасы, болжолдуу 1992-1993 жж.

"Формула Земли была в виде огромной слезы”

Кендзабуро Оэ

Эки адам төмөн карады: бирөөнө көлчүк,

экинчисине жылдыздуу асман көрүндү.

Н.Довженко

Бүгүнкү маектешибиз – Акылбек Асанов, кыргыздын алгачкы символист-сүрөтчүсү. Кесиби боюнча архитектор. Символизм – хоббиси жана дүйнөнү кабылдоо ыкмасы. 15 жылдан бери графика менен алектенет.

Акылбек байке, кыргыз журтчулугу сизди кыл калемдин жардамы менен үлкөн маселелерди көрсөтө билген кыргыздын алгачкы сүрөткери катары жакшы билишет. Искусствонун көп агымдарынын ичинен символизмди тандап алганыңыздын себеби эмнеде?

– Себеп көп. Баарыдан мурда буга өзүмдүн адистигим түрткү болду. Анткени архитектура жалпылаштырып ой жүгүртүүнү талап кылат, ар бир көрүнүштөн идея тапканга мажбурлайт, анан өз ишиңе болгон жоопкерчиликти күчөтөт. Имараттын долбоорун туура эмес түзүп алсаң аны курулуп бүткөн соң кайра оңдой албайсыц да. Дегинкиси кесибим архитектор болбосо мындай чыгармалар жаралат беле, ким билсин. Анын үстүнө мен илимге көп кызыгам. Ал эми илим, өзгөчө философия биринчи иретте абстракцияга түртөөрүн өзүң билесиң.

Илим демекчи, ал искусство менен жуурулушуп кетиши мүмкунбү?

– Албетте. Биздин сүрөткерлердин негизги эле өксүгү – алардын көбү жаңы маалымат алгандан, өзүнчө терең ой жүгүртүүдөн качып келатышат, жалкоо. Өз вазийпасын аткарып бүткөн соцреализмдин чегинен али да чыга албай келатканыбыздын бирден бир себеби ушул болсо керек. Чынында буга чейинки көркөм өнөрүбүз адамдын жан-дилин уйгу-туйгу кылып, өз алдынча философиялык ой-толгоолорго түрткү болбой эле, тек жөнөкөй гана натуралисттик дүйнөтаанымдын мектеби бойдон калгандай.

– Албетте, өз кезегинде бул да абдан чоң жетишкендик болгон. Бирок азыр мезгил башка, бүгүнкү сүрөт күйөрманы чөйрөнү жөнөкөй чагылдыруу менен чектелген чыгармалардан жадай элек деп ишениш кыйын. Учурда элдин көбү билимдүү, андыктан алар өз деңгээлинде ой жүгүртүп, маселе коё билген көркөм идеяларды күтүшөт. Менин пикиримде мезгилдин талабынан артта калган өнөр тарыхый экспонаттын ролун гана аткарып калаары бышык.

Демек, философиянын залкар ачылыштары искусствонун өркүндөшүнө жардам гана берет деп түшүнөм.

– Азыр реализмден алыс багыттардын негизинде чыгарма жараткан жаштар көбөйүүдө. Аларга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Өтө карама-каршылыктуу. Албетте, чылгый натурализмден качып, издене баштагандары жакшы дечи. Бирок бул жаштардын көбү тек гана Батыштын ыкмаларын көчүрүп алгандай таасир калтырат. Айтайын деген ою белгисиз.

Абстракционизмдин ыкмаларын үйрөнүп алгандардын баарын эле чыныгы сүрөткер деп айтууга болбойт да, туурабы? Ал кандайдыр бир жаңы ой бериш керек да, анан ал оюнан кыйналып, ошо кыйналганынан өйдө чагылдырыш керек да. Ал эми боёкту каалагандай сүртө салып, үстүнө кумдан сээп таштап, анан аны "шедевр чыгарма" деп жарыя салыш ар адамдын колунан келер нерсе. Эгерде кыжынган ою, кыйнаган көйгөйү болбосо ал чыныгы сүрөт эмес, жөн гана фотография.

– Өз чыгармачылыгыңызда саясатка, жалпы адамзаттык дөөлөттөргө кайрылышыңызга эмне түрткү болду эле?

Билесиңби, булардын баарын акыры бир чыгармачыл адам сүрөттөн чагылдырышы керек эле. Бул  тек гана адамдык милдет болчу. Саясат жалаң гезит бетинен, "жалпы адамзаттык” деп аталган үлкөн процесстер көркөм адабияттан кездеше турган мезгил артта калды. Бүгүнкү сүрөткер өзү жашаган турмуштун күрөө тамыры менен кошо кагып турбаса өзунө-өзү эч качан ыраазы болууга тийиш эмес. Бул искусствого аралашып жургөн ар бир адамга тиешелүү милдет. А бул милдетти аткарыш үчүн мен символизмден артык багытты көрө элекмин. Анын ичине бүт ааламды батырсаң да бата берет. Бул ушундай бир чексиз дүйнө.

– Көп эле мыкты чыгармаларды карап отуруп, "бул адамдын колунан келбейт эле, ким тартты экен?" деген ойго такаласың. Балким бул “жарк” эткен теңирдин оттугудур, же бар болгону өжөр изденүүнүн жемишиби?

– Менимче бул сен айткан "жарк" эткен учкунду өжөрлөнуп издөөнүн жемиши. Шыгы жок адам болбойт, бирок өнөрду бакпаган адамдар көп. Анын сыңарындай гениалдуу ойлор пенде баласынын баарына эле келет, бирок аны жазып, тартып чыккандар аз да. Ошол "жарк” эткен жан учкунун сактап калып андан тамчы жасап чыгыш үчүн абдан зор эмгек керек. Сен өзүң ал идеяга айланып, кубулуп кетишиң керек. Чыныгы символизм деген ошо. Бул искусстводогу мода эмес, керек болсо бүгүнкү турмуштун философиясы. Азыр элдин көбү абстрактуу ой жүгүртүүгө үйрөнүп алышкан. Жашоонун баары символго айланды. Муну билгендер билет.

– Сиздин оюңузча учурда жамы журт искусстводогу жаңы агымдарды кабыл алууга даярбы?

– Менимче даяр эле. Мурдагы жылы Ленин китепканасына көргөзмө ачкан элем. Эл келип көрүп жатты. Ошондо эч кандай түшүндүрмөнүн деле кереги болгон жок. Демек, кыргыздар символизмди түшүнөт экен деп калдым. Буга таң калып деле кереги жок. Болмушту символ аркылуу чагылдыруу биздин каныбызда кошо жашап жүрөт. Болбосо улуттук оюм-чийимдерде сакрал белгилердин бар экени бекеринен дейсиңби? Же Саймалы-Таштагы космикалык формулалардын купуя сыры тегин бекен? Дегинкиси жакшы нерсени жакшы деп эле түшүнөт эл. Ага өз оюн жеткире албаган сүрөтчүнүн өз убалы өзүнө. Адам бир нерсе жасаар алдында 1-2 кылымдан кийин колдонулгудай кылып жасабайт да, туурабы? Ошондуктан бүгүнкүлөр түшүнбөгөн сүрөткерди бүгүнкү сүрөткер деп эсептей албайм.

Кечиресиз, андай болсо генийлер кайдан чыккан?

– Лосось балыгын билесиңби? Ошол балык деңизден тоодогу өзөнгө атайын сүзүп барып урук таштайт экен. Жолдон далайын кишилер кармап жеп, далайын жырткычтар түгөтүп, дагы бир тобу кайра кайтып, бирин-сериндери гана дарыянын башына жетип, урук таштайт экен. Гений деген мына ушу дарыянын башына жеткен лосось балыгына окшош. Азыркы "атактуулардын" ичинен элдин эсинде кимиси калат, ким билсин.

– Эмнеден коркосуз, байке?

– Эмнеденби... Эсимде турат, бир жолу мага бир чоң спонсор табылып калды. "Акылбек, мынабу 100 миң сомду ал, өзүңө галерея ач, акчаң акталганда кайра бересиң" дейт. Алдым. Иштей баштадым. Жетишпей турган болгондо, шабашка жасай баштадым. (Анын эмнеси бар экен, сүрөтчүнүн баары жасайт). Анан бир күнү байкасам, көөдөн түпкүрдөгү нукура өнөрдун көрөңгөсү үзүлүп бараткансыйт. Акчанын кумары турат башын кылтыйтып. Коркуп кеттим. Акчаны ээсине кайра бердим да, кечирим сурап кете бердим. Ушундан азыр да корком. Көңүлдүн бир бурчунда бейкапар уктап жаткан нукура жөндөмдү жоготуп алгандан корком. Азыркы сүрөтчүлөр үчүн баарынан жаман нерсе ушул.

– Акыркы суроо, байке. Жашоодон үмүтүн үзө элек адамдарга сиздин каалооңуз?

– Көөдөндө көпөлөгү тирүү бойдон кала берсин. Тилегим ошо.

 

Маектешкен Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, атайын кабарчы

 


Количество просмотров: 1256