Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Руханий адабият / Философия жана илим
© Мамбеталиев Аскар, 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 28-апрели

Аскарбек Эркинович МАМБЕТАЛИЕВ

Жашоо мааниси

Бул китепте байыркы бир акылман-философ падышанын бул жашоо тууралуу түбөлүк өчпөс ойлору, кеңештери жана тыянактары жазылган. Китептеги ойлор универсалдуу, таалим-тарбиялык, адеп-ахлактык рухка терең суугарылган.

Жашоо мааниси. Байыркы семит жана грек тилдеринен которулуп, бир жыйнакка келтирилди. – Бишкек.: 2006. – 16 б. китебинен алынды

ББK 87

УДК 1/14

ISBN 9967-23-472-5

Ж 0301020000-06

 

*

“Бардыгы курулай убарагерчилик! — деген экен илгери бир акылман. Адам баласынын ачык асман астында кара жанын карч уруп мээнеттенгенинен не пайда? Эч нерсе деле өзгөрбөйт: муун артынан муун, күн артынан күн өтсө да кара жер калыбынан жаз-ган жок. Туш тараптан канчалаган бороондор соксо да, канчалаган суулар океaнга куйса да бир нерсе өзгөрдүбү? Жок! Бороондор дале баягыдай согууда, суулар дале океанга куюлууда, океандар болсо ашып кетпеди. Бул кубулуштардын баарын толук түшүндүрө да албайсың, анткени уккандан уга элегиң, көргөндөн көрө элегиң көп болуп чыгат. А бирок өткөндөгүлөр келечекте дагы кайталанат, илгери жасалган нерселер, алдыда кайрадан жасалат. Ушундай экен бу дүйнөң түшкүр, эч бир деле жаңылык жок экен бул жалганда! Кээде: “Жаңылык эле жаңылык!” — деп чырылдашат, а чынында анысы жаңылык эмей эле, тээ илгери, биз төрөлө электен мурда болуп өткөн бир нерсе болуп чыгат.

Байыркынын баарын болгонун болгондой эстеп калган эч ким жок, азыркы убак менен тээ кийинки келечектин ортосунда орун ала турган окуяларды так жаттап калган да эч ким жок.

Мен борбор калаада жашадым, падышачылык тактыда олтурдум. Бу дүйнөдөгүнүн баарын изилдедим, акылыман өткөрдүм. Ушундай түйшүктү Жараткан мендей пендесинин мойнуна жүктөдү. Бу дүйнөдө эмнени гана көрбөдүм? Ачыгын айтсам баары эле курулай убарагерчилик экен! Кыскасы, кыйшыкты түздөй албайсың, жокту бар дей албайсың. ‘Мен өсүп-өндүм, мага чейин падышачылык кылгандардын баарынан билимдүүмүн. Акыл менен наадандыктын, эстүүлүк менен эси жоктуктун эмне экенин жакшы билем’, — дечүмүн. Кийин, бул убара болуп жүрүп, билип алганың деле арзыбаган нерсе экенин түшүндүм. Анткени, акылың арткан сайын, азабың, билимиң арткан сайын кайгың артат экен!”

 

**

“Бу бир келген өмүрдө ойноп-күлүп алайын”, — деген да убагым болду. А бирок кийин андай кылуудан да жашоонун маани-маңызын таппадым. ‘Ойноп-күлгөн – бул акылсыздык, күлүп жүрүп ким эмне пайда тааптыр? Шарап ичип, шапар тээп, жыргап-куунап да көрдүм го !’ – деген тыянакка келдим . Анткени акыл-эсим жайында туруп, “акылсыздыкка” атайылап бой урган учурларым да болгон. Көп адамдардын бу жашоодо “жападан жалгыз бакыт” деп эсептегендеринен мен да татып көргөм.

Бул жашоонун маңызын заңгыраган имараттарды куруп, не бир ажайып сонун жүзүмзарларды өстүрүүдөн да издедим. Сейил-бак жасап, ичин не деген гана жемиштүү дарактарга толтурдум! Аларды сугарыш үчүн суу сактагычтарды каздырып, сатып алган кулдарым менен күңдөрүмдү бала-чакасына чейин иштеттим. Бу калаада мага чейин жашагандардын эч кимиси мендей төрт түлүк малга карк болбоптур! Башка улуттардын падышалары менен ак сөөктөрү тартуу кылган алтын-күмүш, асыл таштарга карк болдум. Эркек-аялдардан мыкты ырчы-бийчилерди жалдап, көңүл ачтым. Эркек эңсеген не бир сулуулар меники болуп, рахатка бөлөндүм. Даңкым таш жарып, атагым алыска кетти. Бу калаада жашап өткөндөрдүн эч кимиси мендей даражага жете албаптыр. Ушунун баарын акыл-билимим менен жасап, көзүм түшүп, көңүлүмө жакканга жетиш үчүн эч нерсемди аянбадым. ‘Бул кылган мээнетимдин үзүрү, оор эмгегим менен жеткен рахатым’ дедим . Анан, бир күнү артыма кылчайып, кылган иштеримди таразалап, терең ойго чөмүлүп, баарын көз алдымдан чубуртуп олтуруп, ушунун баары тең эч маанисиз убарагерчилик, арзыбаган нерселер экенин түшүндүм!

Акылмандык деген эмне, акмактык менен наадандык деген эмне экенин да терең изилдедим. (Менден кийин такка олтурган киши деле мен кылгандан ашык кыла албаcтыр.) Акылмандыкты акылсыздык менен акмактыкка салыштырып көрсөм, жарык караңгыдан кандай айырмаланса, акылмандык да акылсыздыктан ошондой айырмаланат экен. Акылмандын көзү көкүрөгүндө болот экен, акылсыз болсо караңгыда кайпастап жүрөт экен. А бирок, экөөнүн тең башында бир өлүм! Ошондо өзүмө мындай суроо бердим: “Акылмандын да, акылсыздын да барар жери бир болгон соң, акылман болгондугумдан не пайда? Аттиң убара-дүйнө! Акылманың да, акылсызың да акыры өлөт да унутулат! Баарыбыздын тең атыбыз өчөт! Ушуну ойлогондо, жашоодон тоюп да кетет экенсиң. Анан кантесиң, кылган ишиңдин баары эле жанды ооруткан, убара-герчилик болсо?

Маңдай териң төгүп тапканыңдын баары башка бирөөгө ка-ларын ойлогондо кылган ишиңден да көңүлүң сууй түшөт экен! Артыңда калар кишинин кандай болорун ким билет? Акылдуу чыгабы, наадан болобу? Ким болсо да кара жаныңды карч уруп, акыл эмгегиң менен тапканыңдын үзүрүн ошол көрөт! Аттиң дүйнө, бул да маанисиз түйшүк болбогондо не! Аркамда кала турган иштеримди ойлоп, сар-санаага батам: эмне үчүн акыл-билимимди, шык-жөндөмүмдү колдонуп, жыйып-тергендеримди менден кийин чыпалагын да кыймылдатып койбогон кишиге калтырышым керек?! Бу катачылык гана эмес, адилетсиздик да! Ушундай болгон соң, күнү-түнү эмгектенгенибизден не пайда? Өмүр бою тырышып, азап тартып жүрүп өтөбүз. Жаныбыз тынбай мээнеттенебиз. Жаздыкка башыбыз тийгенден кийин да санаабыз салаа-салаа. Убара болуп жүрүп өтөт экенбиз го, чиркин!

Адам баласынын өз жыргалчылыгы үчүн кыла ала турган эң эле жакшы нерсеси — бул жеп-ичип, кылган ишинин үзүрүн көрүү окшобойбу. Мындай ырыскыны да Кудай берет тура. Адам баласы Кудайды ары жыйыштырып койсо, ичкени ирим, жегени желим болот экен. Жараткан жактырган адамына акылмандыкты да, билимди да, рахатты да берип, күнөөкөргө болсо өмүр бою мээнеттен башы чыкпай өтүү түйшүгүн берет экен. Мунусу аз келгенсип, анын тапкан-ташыган оокатын башка бир өзүнө жаккан адамга алып берип коёт экен. Анан бул күнөөкөрлөр үчүн курулай убарагерчилик болбогондо не?”

 

***

“Төрөлө турган убак бар, өлө турган убак бар.

Тиге турган убак бар, жула турган убак бар.

Өлтүрө турган убак бар, өстүрө турган убак бар.

Буза турган убак бар, кура турган убак бар.

Ыйлай турган убак бар, жыргай турган убак бар.

Боздой турган убак бар, тойлой турган убак бар.

Чача турган убак бар, жыйнай турган убак бар.

Кучак жаяр убак бар, оолак качар убак бар.

Издей турган убак бар, иргей турган убак бар.

 

Сактай турган турган убак бар, сарптай турган убак бар.

Тиле турган убак бар, тиге турган убак бар.

Сүйлөй турган убак бар, cүрдөй турган убак бар.

Сүйө турган убак бар, күйө турган убак бар.

Кырылышаар убак бар, жуурулушаар убак бар.”

 

“Түйшүк тартып, убара боло бергениңден не пайда табасың? – деген түбөлүк суроого жооп издөөнү Кудай ар бир адам баласынын мойнуна жүктөптүр. Кудай өз убагында баарын эң сонун жаратып, адам баласынын жүрөгүнө ушундай түбөлүктүү нерселерди катып коюптур. Ошондой болсо да Жараткандын иштерине пенде баласынын башы толук жетпейт. Демек, адам баласынын колунан келген эң эле жакшы нерсе — бул жашоодон рахат алып, ичип-жеп, кылган ишинин үзүрүн көрүш керек, анткени бул Кудай-дын ага тартуу кылган ырыскысы болуп эсептелет. Ал эми Кудай жараткан нерсенин баары түбөлүк боло берет. Эч ким ага эч нерсе кошумчалай да албайт, кемите да албайт. Кудай бир нерсе жасайм десе, баары анын алдында ийменип, ыйбаа кыла тургандай жасайт. Ал эми азыр биздин тушубузда болуп жаткан нерселер тээ илгери эле болуп өткөн нерселер. Келечекте боло турган нерселер да бир кезде болгон. Кудай баарын кайра-кайра боло тургандай кылып койгон.

Ошону менен катар эле калыстык боло турган жерде калыссыздык, адилеттик боло турган жерде адилетсиздик өкүм сүргөнүн көрдүм. Анан ичимен мындай дедим: ‘Кудайдын бардык нерселер үчүн алдын ала белгилеп койгон убакты-сааты, өз-өз орду болсо, анда демек адил менен бузукунун да сот алдында жооп берер маалы келет.

‘Кудай пенделерин cынап, айбан менен адамдын барар жери бир экенин түшүнсүн деп атат ко’ – деген ой келет экен ушунун баарын карап олтуруп. Чынында эле адам менен айбандын бараар жери бир: ар биринин башында бир өлүм, баары бирдей дем алат, андыктан ажал алдында адам баласы айбандан артык эмес. Эх, маанисиз дүйнө ай! Баарыбыздын бараарыбыз топурак, топурактан жаралганбыз, топуракка кайта кетебиз. Aдам баласынын жаны асманга кетерин жана айбандын жаны жер түбүнө түшөрүн толук түшүнүүгө кимдин мээси жетет?

Адам баласы үчүн кылган иштеринин үзүрүн көрүп, ошондон рахаттангандан пайдалуу эч нерсе жок окшобойбу! Адам баласынын энчиси ушул окшойт. Көзү өткөн соң, эмне болорун да эч ким билбейт?”

 

****

“Байкасам, айланамда кор болгон эле адамдар. Байкуштардын көз жашы көл, же сооротору болсочу, а бийлик эзүүчүлөрдүн колунда. Бечаранын таламын талашып, чекесинен сылары жок. Ошондо азыркыларды аяп, тээ мурда эле дүйнөдөн өтүп кеткендерге суктандым. Эч качан төрөлбөгөн, эч качан бу дүйнөдө болуп жаткан жамандыктарды көрбөгөндөр бактылуу экен дедим!

Адамдар эмне үчүн жанталашып, мээнеттенишет билесиңерби? Бири бирине көз арткандыктан, бири-биринен ашып түшүү үчүн! Анан бул маанисиз, курулай убарагерчилик эмегенде эмне?! Кээ бирөөлөр: “Иш кылбай, колубузду куушурган бойдон бу дүйнөдөн өткөнүбүз акмактык!” — дешет. А балким алардын айтканын да да бир чындык бардыр, бирок керээли кечке тынбай эмгектенип, убайым жегенден көрө, азга каниет кылып, тынч жашаган өйдө.

Бул дүйнөдө дагы бир убарагерчиликти көрдүм: туяктан да, туугандан да айтпаган, дос да күтпөгөн бир таанышым бар. Жанталашып, качан көрсөң иштегени иштеген. Тапкан-ташыганына канааттанып, топук кылбайт. Ошол киши бир күнү: “Ким үчүн мынчалык кара терге түшүп иштеп жатам?” деп үшкүрүнгөнүн уктум. Ийе, чынында анын кылганы да өзүнчө бир убайымдуу маанисиз түйшүк.

Жалгызга караганда жаншериги барга жакшы, анткени алар кылган ишинин үзүрүн чогуу бөлүшөт. Себеп дегенде, кокус бири жыгылып калса, экинчиси жардамга келет . Бири-бирине жөлөк-таяк болушат. А жалгызга кайгы ! Жыгылып кала турган болсо аны ким тургузат? Жалгыз жатканга караганда экөө жатса, бири-бирин жылытат. Жалгыз жаткан өзүн өзү кантип жылытат? Жалгызга караганда жан-жолдошу барды жеңиш кыйын. Үч кат өрүлгөн аркан да оңой менен үзүлбөйт.

Башын бубак баскыча кеңеш укканды билбеген наадан па-дышаны бир карапайым, бирок акылдуу жаш улан алмаштырганын көрдүм . Бул улан зынданда олтурганда эле кылкылдаган эл аны ээрчий баштады. А бирок кийин бул уланды да жактырышпагандар чыкты. Доору бүткөндө аны да унутушту. Ушундай маанисиз бул убайым дүйнө.”

 

*****

“Ыйбадатканага барганыңда абайла. Катасын сезип, кечирим сурагандын ордуна курмандык чалганга шашкан акылсыздардай эмес, Кудайдын сөзүнө дитиңди бур. Ойлонуп сүйлө, обу жоктонуп, алды артыңды карабастан Кудайга акаарат келтирип алба! Кудай асманда, а сен болсо жердесиң, ошондуктан оюңа келгенди оттобо! Түйшүгүң көбөйгөн сайын түшүң да көбөйөт. Көп сүйлөсөң, көп жаңылышасың. Кудай акылсыздарды жактырбайт. Андыктан оозуңдан чыккан сөздү аткарганга шаш. Сөзүңө тура албасаң убада бербе! Кесир сүйлөп алып, “жаңылдым жаздым!” деп ыйлактаба. Кудай иштеп тапканыңдын баарын жок кыла алат, андыктан анын кыжырына тийчү сөз айтпа. Куру кыял менен маңыздыктан майнап чыкпайт, андан көрө Кудайдан корк!

Эгерде бир жерден кембагалдын кордолгонун, адилеттүүлүктүн ордун адилетсиздик басып калганын көрсөң таң калба! Себеби ар бир мамлекеттик кызматчынын башчысы бар болгондуктан адилеттик дегениң ошолордун иш кагаздарында адашып, табылбай калат.

‘Эр эмгегин жер жебейт’, ал тургай начар падышага да жемишин берет. А бирок…

 

«Акча деп эт бетинен кеткен адам,

Жарыбайт, эч убакта болду дебейт.

Байлыктын аркасынан түшкөн адам,

Тынч алып, бакыт кушу конду дебейт.

Бул дагы куру бекер убара да,

Энтеңдеп, жел артынан кубалоо да!

Оокатың арткан сайын ооз көбөйөт,

Артыңдан сая кууган “дос” көбөйөт.

Көз албай күнү-түнү карагандан,

Башка не пайда сага, байлыгыңдан?

Ачпы, токпу, кедейдин уйкусу тынч.

Бай болсо мүлкүн ойлоп, башын мыкчыйт.»

 

******

“Бул дүйнөдөн адамдын мазесин алган мындай бир нерсени байкадым: Адамдардын жыйнаган байлыгы алардын өз башына түшкөн кайгыга айланат экен. Бир кырсык болуп, заматта эле тапкан-ташыганынан айрылып, балдарына мураска калтырар эч нерсеси жок куржалак олтуруп калат. Адам баласы бу дүйнөгө жылаңач келип, жылаңач кетет. Жыйган-тергендеринен эч нерсени о дүйнөгө өзү менен алып кете албайт. Бул да адамдын мазесин алган оор убайым. Адам баласы бул дүйнөгө кандай келсе, ошондой бойдон кайра кетет. Анда, анын эмгегинен не пайда? Же ал өмүр бою шамалдын артынан кубалап жүрүп өтүп кеттиби? Өмүр бою түйтөлөңдөп, кабагын чытып, азаптан башы чыкпай, күнү-түнү байлык жыйбады беле?

Мен бир нерсени түшүндүм: биз үчүн Кудай берген бул кыска өмүрдө жеп-ичип, ойноп-күлүп, кылган мээнетибиздин үзүрүн көргөндөн артык рахат жок экен. Адам баласынын тагдыры ушундай тура. Кудайдын бизге берген ырыскысы — оокат-аштуу, мал-мүлктүү болгонубузда, ошондон рахаттанып, кылган мээнетибиздин үзүрүн көрүү экен. Ушундай кылсак өткөн күндөрүбүзгө өкүнбөйбүз.

Бул дүйнөдөн бир жаман нерсени байкадым, ошол жамандык адамдарды эзет экен: Кудай адамга байлыкты, кадыр-баркты, үй-мүлктү, дегеле эмнени кааласа, ошонун баарын берет экен да, ошолордун үзүрүн көрүүнү анын өзүнө эмес, башка бирөөгө ыйгарып коют экен. Бул да адам баласы үчүн куру бекер убарагерчилик, оор азап болбогондо не? Миң балалуу болуп, узак өмүр сүрүп, а бирок жыйнаган байлыгынын үзүрүн көрбөсө, көз жумганда татыктуу шааниси менен көргө коюлбаса, узак жашаганынын ага пайдасы не? Андан көрө бойдон түшүп калган бала бактылуураак эмес пи?! Анткени бойдон түшкөн бала бул дүйнөгө кокус келип, жарык көрбөй кайра кетет да, аты өчөт. Күндүн көзүн көрмөк түгүл, анын бар экенин да билбей кетет . Рас экөөнүн тең барар жери бир болгон соң, маа десе эки миң жыл жашап, жашоонун рахатын көрбөгөн тиги кишиге караганда бойдон түшкөн баланын дүйнөсү тынч, топурагы торко. чынында, адам баласын иштеткен анын кулкуну, кулкунуна куя берет, куя берет, эч качан тойбойт.

Акылман киши акылсыздан эмнеси менен артык? Кыйынсынгандан кембагалга ге пайда?

Көзгө көрүнгөндүн артынан чуркай бергенден көрө, колдо барга каниет кылуу өйдө. Ачынында булардын баары тең маанисиз. Азыр болуп жаткан нерселер тээ мурдатан эле белгиленген. Ар бир адамдын тагдыры да илгери эле чечилген. Андыктан алсыздар алдуулар менен алышкандан пайда таппайт.

Кыска, маңызсыз, көлөкө сыяктуу жок болуп кетчү бул жашоодо адам баласы үчүн эмненин эң жакшы, эмне жаман экенин ким билет? Ал өлгөндөн кийин көк алдында эмне болорун ким билет?”

 

*******

“Кымбат баалуу атыр жыттангандан, жакшы аттуу болгонуң, төрөлгөн күнүңдөн, көз жумган күнүң жакшы. Тойго баргандан көрө, ашка барган өйдө, анткени тирүүлөр да акыры бир күнү өлөрүн эстеп турушу керек. Каткыргандан көрө, кайгырган пайдалуу, анткени капалуу жүз жүрөктү тазалайт. Акылсыздын эси-дарты көңүл ачуу, ал эми акылман өлүм тууралуу ойлойт. Акылсыздын таптаганынан, акылмандардын какканы өйдө. Акылсыздын күлкүсү отко асылган казандын түбүндөгү чыртылдап күйгөн менен чычаладай табы жок куурайдай. Акылсыздын күлкүсү ушундай пайдасыз. Бирөөлөрдү кысымга алмакчы болгон “акылман” акылсыздардын кебин киет. Пара алам деген адам өзүнүн кулк-мүнөзүн бузат. Ар бир иштин башталышынан аягы жакшы. Керсейүүдөн кең пейилдик өйдө.

Ачууга тез болбо, анткени ачуу акылсыздардын досу».Илгери баары сонун болчу?” дебе! Акылсыздар ушундай дейт. Бай болгондон көрө акылман болгонуң өйдө. Акылмандык деле байлык сыяктуу жашооңду жеңилдетет. Ал эми чыныгы билим болсо чыныгы өмүргө жетелейт. Кудайдын кылган иши тууралуу ой жүгүрт. Билип кой: Кудай ийрейткенди эч ким түздөй албайт. Ишиң жүрүшүп турган күндөрүңдүн үзүрүн көр, ал эми башыңа мүшкүл түшкөндө ойлон, анткени жакшы күндөрдү да, жаман күндөрдү да Кудай жиберет! Дагы кандай күнгө туш болоруңду сен өзүң билбейсиң.

Бу бейоопа турмушта нени гана көрбөдүм: жакшы адамдын жаш кетип, жамандын узак өмүр сүргөнүн көрдүм. Андыктан өтө эле “жакшы” болуп, акылмансына бербе да, өтө эле катаалданып, өзүңдү өзүң жеп тынба? Акмак болуп, күнөөгө батпа! Мезгилсиз өлгөнүңдүн эч кажети жок. Өйдөдө айтылгандардын ортосунда болуп, тигинисине да мунусуна да ообо. Эгер Кудайдан корксоң ушундай кыласың. Колунда бийлиги барлардан үмүттөнгөндөн көрө акылмандыкка таянганың өйдө.

Жер жүзүндө ар дайым ак жашап, эч качан күнөө кетирбеген адам болбойт, андыктан эл айткандын баарын эле тыңшай бербе, анткени бир күнү өз кулуңдун сени ушактап атканын угуп калышың мүмкүн. Өзүң деле башкаларды далай жолу жамандаганыңды унутпа!

Мен ушул айткандарымдын баарын акылдан өткөрүп чыккам. Мындан да акылдуу болгум келди, бирок жеткилең боло албадым. Көп нерсе бизден алыс да, терең да, жашыруун да экен. Ошондой болсо да билим издеп, акылмандык, эстүүлүк деген эмне экенин түшүнүүгө дитимди бурганымды койбодум. Ошондо жаман болуу — бул акылсыздык, наадандык экенин түшүндүм.

Ажалдан да жаман нерсе бул ойсоңдогон аял экен, анткени анын азгырыгы сыйыртмак сыяктуу. Мойнуңа колун ороду дегиче чынжыр менен бекем байландың дей бер. Кудайга жаккан адам андан качып кутулат, күнөөкөр болсо тузагына түшөт.

Ушунчалык акылмандыка жетип, көп нерсени кылдаттык менен изилдеп чыксам да, жаным бир нерсени дале издеп жүрөт: миңдин ичинен бир акылдуу эркекти таптым, бирок миңдин ичинен бир да аялды алиге чейин таппадым. Дагы бир нерсени билдим: Кудай бизди түз жаратыптыр, биз өзүбүз кыйшайып кетиптирбиз“.

 

********

“Акылман адам гана ар нерсенин маани-маңызын түшүнөт. Акылмандык адамдын жүзүн жарык кылып, катаалдыгын өчүрөт. Падышанын буйругуна баш ийгениң оң, бул Кудайга жагат! Падышанын алдында турганыңда, сабырдуу бол, четке чыкканга шашпа! Көк беттенип жамандыкка жулунба! Анткени Падыша эмне кылгысы келсе, күчү жетет. Падышанын сөзү — өкүм! “Эй, сен эмне үчүн мындай кылып жатасың!” — деп эч ким ага сөөмөйүн кезей албайт. Анын буйруктарын сактаган адам жамандык көрбөйт.

Акыл-эстүү адам ар иштин көзүн табат жана анын убакты-саатын билет. Анткени ар бир нерсенин өз убакты-сааты, жолу болот. Биздин кемчилигибиз — ошону жеткиликтүү билбегенибизде. Келечекте эмне болорун эч ким билбеген соң, бизди эмне күтүп турганын да эч ким билбейт. Ооздон чыккан желди кармап кала албаган сыңары, эч бир адам өлөр күнүн өзгөртө албайт. Качып кутулгус согуш майданы сыңары, адепсиздик тузагына түшкөндөрдү оңой менен коё бербейт.

Бул дүйнөдө жүрүп жаткан иштерге дитимди буруп, байкоо жүргүзгөнүмдө, ушулардын баарын көзүм чалды. Кээде, бир адам башка бир адамга үстөмдүк кылам деп, өзүнө зыян келтирeт.

Адепсиздин сөөгүн коюшканын көрдүм. Коюп бүтүп, жолдо аны мактап келатышты. Мына дагы бир маанисиздик!

Жаман иштерди өтө эле создуктуруп, кеч соттогондуктун кесепетинен улам азыр адам баласы жамандык кылгандан коркпой калды. Мисалы, күнөөкөр жүз күнөө кылса да жашай бериши мүмкүн . Ошондой болсо да мен бир нерсени жакшы түшүндүм: Кудайдан ыйбаа кылган адил адамдын жашоосу жакшы болот. Ал эми Кудайдан коркпогону үчүн адепсиздердин жашоо күндөрү көлөкө сымал тез эле жоголот.

Жер бетинде дагы бир маанисиздик бар экен: кээде адепсиз ала турган жаза адилетке тиет да адилет ала турган сыйлык адепсизге тийип калат. Мына дагы бир маанисиздик!

Ойноп-күлө турган учурду да пайдаланып калышыбыз керек! Себеп дегенде, бул өмүрдө биз үчүн жеп-ичип, ойноп-күлүп, жашоонун рахатын көргөндөн артык нерсе жок. Бу жалган дүйнөдө Кудай аманаттаган жашоо күндөрүбүздө кылган эмгегибиздин үзүрүн жок дегенде ушундайча көрөбүз.

Акылдуу болгум келип, бул дүйнөдөгү нерселердин баарын таанып-билгим келди, бирок күнү-түнү көз ирмебей издесең да Кудайдын кылып жаткан иштерин толук биле албайт экенсиң деген бүтүмгө келдим. Мага десең төбөң менен жер каз — эч качан ага акылың жетпейт. Акылдуумун дегендер да чындыгында эле жеткилең биле беришпейт».

 

*********

“Ушулар тууралуу көп ойлондум. Түшүнүүгө аракет кылдым. Акылман, адилеттүү адамдар кылуучу иштер Кудайдын ко-лунда экенин жана адамдардын башына кандай күн түшөөрүн эч ким билбей тургандыгын билдим. Адилет менен адепсиздин, жакшы менен жамандын, адал менен арамдын, динчил менен динсиздин келечеги бир тура! Такыбаа менен күнөөкөрдүн, Кудай алдында жанын жеп калп убада берип карганган менен андан корккондун да барар жери бир тура! Көрсө, бу дүйнөдөгү бардык нерселердин кайгылуу жери — баарынын тагдырынын бирдейлигинде экен. Мындан да жаманы — адамдар өмүрү өткөнчө жамандык менен акмактыкка толгон көөдөнүн көтөрүп жүрүп, күтпөгөн жерден о дүйнө кете бергендигинде экен. А бирок, бу дүйнөдө кыбыр эткендин баары бир нерседен үмүт кылып жашайт».Өлүү арстандан көрө, тирүү ит өйдө” деген кеп бар. Анткени тирүүлөр жок дегенде өлөрүн билишет, ал эми өлүктөр болсо эч нерсени билишпейт . Өлгөн соң адамга кандай сыйлык берилмек эле? Сыйлык тургай, эч ким эстеп да койбойт! Сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кумарлары да – баары тең өздөрү менен кошо көмүлөт. Мындан ары бул дүйнөдө болуп жаткан иштерге катыша алышпайт. Демек, Кудайга иштериң жагып жаткан убактарда жырга, ич, же, жасана кийин, көңүлүңдү куунак, жүзүңдү жарык кыл. Бу дүйнөдө Кудай сага бөлүп берген убайымдуу күндөрүңдүн бардыгында сүйгөн жарың менен кошо рахатка бат, анткени сенин бул дүйнөдө өткөргөн оор, түйшүктүү өмүрүңдөгү энчиң ушул. Кызмат да, ой-максат да, билим да, акыл-мандык да жок жайга — көрүстөнгө барасың. Андыктан азыр колуңа тийген ишти бүт күчүңдү үрөп, майын чыгара жасап кал.

Мен бул дүйнөдөн дагы бир нерсени байкадым: маара дайым эле күлүктөргө, жеңиш дайым эле эр жүрөктөргө тийбейт экен. Оопа дайым эле акылмандарга, байлык дайым эле акылдууларга, даража дайым эле шыктууларга берилбейт экен. Ар бир нерсенин өз убакты-сааты бар экен. Андан да, кырсыктуу күндүн качан башка түшөөрүн эч ким билбейт экен: ырайымсыз торго түшкөн балыктай, таш боор тузакка түшкөн чымчыктай, адам баласы да капыстан башка түшчү оор убактарга капыстан кабылып калат экен.

Бул дүйнөдө мен көргөн мынабу акылмандык мага абдан чоң таасир калтырды: Чакан, эли аз бир шаарды күчтүү падыша курчап алып, чептерин талкалап, басып кирүүгө камынды. Ошондо, бир кембагал өзүнүн акылман кеңеши менен шаарды сактап калды. А бирок кийин кембагалды эч ким эстеп да койгон жок! Ошондо мен мындай дедим: акылы күчтүү миңди, билеги жоон бирди жыгаары баарына маалым болсо да, кембагалдын акылын эч ким таназарына да албайт, ага баа да беришпейт.

Акмактардын башчысынын кыйкырыгынан, акылмандын акырын айтылган кебине кулак салган пайдалуу. Согушта курал-жарактан акылмандыктын пайдасы зор, ал эми бир күнөөкөрдүн айынан эл көп жеңиштен кур жалак калышы мүмкүн.”

 

**********

“Бир кумалак бир карын майды чириткендей, кичине акылсыздык чоң акылмандыкты бузат. Акылмандын жүрөгү оңго умтулат, ал эми акылсыздыкы солго жулунат. Акмак кандай жол менен басса да жаза басып, баарына акылсыздыгын жарыя кылат.

Эгер башчың ачууланса, өчөшүп, жумуштан кеткенге шашпа! Сабырдуулук чоң каталарды оңдоп кетет.

Бул дүйнөдө бийликке байланыштуу мен бир начар нерсени байкадым: ак сөөктөр четте жүргөндө акылсыздар чоң орундарды ээлегенин, тектүүлөрдүн кул сыяктуу жөө жүргөнүн, ал эми кулдардын алчактата ат минип жүргөнүн көрдүм.

Ким башка бирөөгө чуңкур казса, ошого өзү кулап түшсүн.

Ким бирөөнүн дубалын бузса, аны жылан чаксын.

Таш кескич менен отун жаргыч каргашага жакын болот, анткени таш кесем деп, же отун жарам деп өздөрүн майып кылышы мүмкүн.

Балтаң мокок болсо, шайың оойт, акылың мокок болсо, ишиң бүтпөйт.

Уулуу жыланды арбоону билем деп, бирок ага чактырып алсаң, анда сенин кебиң куру сөз.

Акылмандын сөзү анын кадыр-баркын көтөрөт, ал эми акылсыздын тили өзүн азапка бөлөйт. Акмактын оозу былжыраган сөздөр менен ачылат да, алжыган сөздөр менен жабылат. Акылсыздын тили узун да болот.

Келечекте эмне болорун эч ким билбейт, биз өмүрдөн өткөндө артыбызда эмне болорун да бизге эч ким айтып бере албайт.

Акылсыздын кылганы өз башына түшкөн балээ болот. Акмак өз үйүнө аман алып барчу жолду билбейт.

Падышасынын боштугунан пайдаланып, башчылары таңатпай жеп-ичкен элге кайгы! Падышасы бышып жетилген, башчылары мас болуш үчүн эмес, кубаттаныш үчүн өз убагында жеп-ичкен эл бактылуу.

Жалкоонун шыбы салаңдайт, эринчээктин үйү эңшерилет. Той — ойноп-күлүү үчүн, шарап — көңүл ачуу үчүн, бирок акчаң жок болсо той да, шарап да жок.

Падышаны сыртыңан гана эмес ичиңен да сөкпө, атүгүл жалгыз олтурсаң да аны ушактаба! Учуп бараткан чымчык сөзүңдү жеткирип барышы мүмкүн!”

 

***********

“Наныңды сууларга агыз, бир топ күндөн кийин ал өзүңө кайта келет. Акчаңды ар жакка бөл, анткени эртең өз жериңде эмне балээ болуп кетерин билбейсиң.

Шамал караган үрөн сеппейт . Булут караган эгин орбойт. Жатындагы кызыл этке кандайча жан киргенин билбейсиң, ошонун сыңарындай бардыгын жараткан Кудайдын иштерин да толук түшүнө албайсың. Ошондуктан эртели-кеч тынбай эгиниңди эге бер, анткени кайсыл убакта эккен үрөнүң өнүп чыгарын билбейсиң: балким эрте менен эккениң өнүп чыгаар, балким кечинде эккениң өнүп чыгар, а балким эки убакта тең экениң өсүп чыгаар.

Жер бетинде нур сулуу, ошондуктан көзүң күндүн жарыгын көрүп турганына ыраазы бол. Өмүр барда рахаттан, алдыңда узакка созулган караңгылык күтүп турат. Артта калган караңгы күндөрүң-дү да унутпа, андай күндөр али жашооңдо көп болот. Али далай убайым көрөсүң. Күлгүн курак, жаш кезде шапар теп. Көңүлүң каалаганын кыл, көзүң кызыкканын ал. Болгону, бир нерсе эсиңде болсун: бардык кылган иштериң үчүн Кудай алдында жооп бересиң! А бирок, көңүлүңдү муңайтпа да, жаныңды сыздатпа, анткени жаштыгың зуулдаган бойдон өтүп кетет.”

 

************

“Жаш кезиңде Жаратканыңды эстей жүр! Башыңа оор күндөр түшүп: “Эч жакшылык көрбөдүм!” дей турган убагың келет. Күн тунарып, ай карайып, жылдыздар жымыңдабай, кара булут каптап, күн тынбай нөшөрлөгөн мезгилдер келет. Карууң бошоп, балтырларың шалбырап, тишиң түшүп, көзүңдү мунарык басып, көчөдөгү шыбырт тургай, чайнаганыңды араң угуп калчу убак келет. Көчөдө чымчык чурулдаганча эле көзүң тикчийип, өр тарта бассаң энтигип, түз менен бассаң чалынгандан коркуп, чачың куудай болуп, өзүң ийнеликтей үлдүрөп, эч нерсеге табитиң тартпай калган убагың келет. Баарыбыз тең түбөлүк үйүбүзгө кетебиз, арка быздан көчө толо эл сөөгүбүздү көтөрүп, ызы-чуу түшүп, өкүргөн бойдон кала берет. Жаратканыңды эстей жүр: күмүш жибиң үзүлүп, алтын аягың сынып, карапа идишиң талкаланып, бараң быркырап, топурагың жерге, жаның Кудайга барат. Анткени денең топурак — жерден чыккан, ал эми жаныңды Кудай берген. Убараланып жүрүп акыры өлөсүң!” — деген экен Акылман.

Бу киши акылман да, ар кандай накыл сөздөрдү жыйнаган, изилдеген илимпоз да, билгендерин башкаларга окуткан устат да болгон экен. Сөз төркүнүн изилдеп, насаат нускаларды так жазып калтырыптыр».Акылмандын сөзү жакшы чабандын чыбыгындай туура жолго кайтарат, насааттары житире кагылган мыктай. Акылман сөздөрдү баарыбыздын улуу Чабаныбыз болгон Кудай өзү берет”, — деген экен ал.

“Уулум, — дейт улуу Акылман, — жогоруда айтылгандардан ашыкчасынан сак бол! Китеп чыгара берсең чыгара бересиң. Көп окугандан болсо көзүң ооруйт. Баарынын ток этер жери бул: Кудайдан корк да анын буйруктарын сакта! Бул адам баласынын мойнундагы парыз. Себеп дегенде, Кудай баарын: жакшы ишибизди да, жаман ишибизди да, ал тургай жашыруун кылгандарыбызды да сотто ачыкка чыгарат”.

 

© Мамбеталиев Аскар, 2006

 


Количество просмотров: 2960