Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Бурулуш Сатиева, 2017. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 15-марты

Бурулуш Казаковна САТИЕВА

Эки тарап

Биринчи бөлүк

Бул романда, биздин өлкөнүн элинин 90чу жылдардан тартып ушул мезгилге чейинки жашоосундагы өзгөрүүлөр жөнүндө баяндалат. Ал өзгөрүүлөр бири-бирин сүйгөн эки адамдын тагдыры аркылуу чагылдырылат. Турмуштун татаал жолдору экөөнү эки жакка бөлүнүп кетүүгө аргасыз кылат. Баштарынан мин түркүн окуяларды өткөрүп, көптөгөн жылдардан кийин экөө, эчак экиге бөлүнүп кеткен жашоонун карама-каршы тараптарынан кезигишет. Экөө өзгөрүп аткан жашоону өз түшүнүктөрүндө ар кандай кабыл алып, алардын жеке турмушу ошол көз караштарына жараша өтөтРомандагы каармандардын көпчүлүгу жашоодон алынган образдар, окуялардын да көп бөлүгү турмуштан алынган. Мен болгону окуялар менен адамдардын тагдырларын бири-бирине байланыштырып, кызыктуу роман жазганга аракет кылдым.

 

Ал кичинесинен эркин өсту. Эне-атанын тарбиясын деле көргөн жок. Энеси Алмаз он бир жашында каза тапты. Аракечтикке берилип кеткен атасы балдарын чилче таратып, жалан гана куу кекиртектин айынан өлбөстүн күнүн көрүп жүрдү. Өз тентуштары менен ынак боло албаган Алмаз, жалгыздыкты жолдош кылып, өзүнө түшүнүксүз көп нерселер жөнүндө ой жугуртчу. Ар бир өзүнүн суроосуна жооп таап, ошол өзү тапкан жоопту ырас деп ойлочу. Ага акылын айтып, андай эмес, мындай, деген бир да жан болгон жок. Эл ичинде жүргөндөн көрө тоо ташты аралап, жаратылыштын керемет кооздугуна суктанып, ар кандай жан-жаныбарлардын ун салгандарын тыншап жүрө бергенди жактырчу. Мектепке кандайдыр бир оор милдетти өтөгөндөй келчү. Үйдон сабак даярдамак кайда, ал түгүл тыныраак чай ичүүгө болбогон үйүнө түнөгөнү да дайыма келчу эмес. Сабактан чыгаары менен анын бараар жери сай ичиндеги үйдөй таштар. Алардын ар бирөөнүн тиешелуу ролдору бар. Бириси жомоктогу ажыдаар, бири желмогуз, бири болсо пери, деги койчу, кимдер гана жок ал жерде! Алар менен өзүнүн кыялындагы оюндарын ойноп, өзүнө дайыма баатырдын ролун ыйгарып, алсыздарды ажыдаардан куткарып, ошонусуна эрдемсип, кыялы кыйлага закымдачу. Анан сайды бойлой өөдө журуп отуруп тоо койнуна житип кетчу. Жерди боордоп өскөн арчалардын арасынан ар кандай жан жаныбарларга окшошторун тандап алып, алардан түрлүү оюнчуктарды жасай турган. Купулуна толгондой бир нерсе пайда болгондо, ал буюмду ынгайлуу бир жерге орнотуп, анын ары жак, бери жагын жакшылап карап, анан гана көнүлү жайлана, алда нени ойлоп отуруп калчу…

 …Эй, Алмаз, атам тирөөч кыйып келгиле дейт, жүрү! – деген агасынын үнүнөн кичинекей балта менен мылтык жонуп отурган Алмаз чочуп кетти.

– А, мен билем кайдан кыйышты, жүрү, жанагы четинди кыйып келебиз, – деди эдирендей, башын көтөргөн Алмаз. Агасы экөө кыя жол менен өөдө жүгүрүштү. Жаныдан тоого көчуп келип орун-очок алып жаткан кездери эле. Жүк жүктөлгөн машиненин үстүндө келе жатышып, түптүз койкойгон четин көрүшкөн жана.

– Апаз, тетигини карачы, мен сага ошондон мылтык жасап берем, – деген Алмаз. Алмаздан улуураак болсо да Апаздын муун-жууну бошураак боло турган, мурдун шуу тарта:

– Экөөбүз сайга барып атышмак ойнойбуз ээ, – деп кубаттаган. Азыр алар жарыша ошол четинге жүгүрүп бара жатышты. Ангыча четинге жете берээрде, алдыларынан бала өнөргөн энеси чыга калды. Экөө чурулдай:

– Эне, атам тирөөч кыйып келгиле деди, мынабу четинди кыйган атабыз, – дешти. Энеси четинди бир карап алып, эмнегедир өнү өзгөрүлө түштү. Сезимтал Алмаз аны дароо байкады. Энеси атын тууралай тартып, андан женил секирип түшө калды да, тизгинди Апазга карматып, узун мойнун созуп, жашыл жоолук салынган жаш келиндей сенселген четиндин бутагын аяр сылады.

– Капырай, сулуулугун кара, көздүн жоосун алат тим эле, – деп өзүнчө кобуранып, – кыйбай эле койгулачы, жаш экен, – деп уулдарынан өтүндү. Балдары жалдырап энесин тиктеп турушту. Энеси көз кумарын кандыра четинди тиктеп турду. Алмаз сыйкырланып калгандай энесинен көзүн алууга кудурети жетпеди. Балалык баёо сезими менен энесинин сулуулугуна суктанды. Ушул тапта энеси дүйнөдөгү аял затынын эн сулуусу, эн акылманы болуп сезилди Алмазга. Эмне учун ушул убакка чейин энесинин сулуулугун байкаган эмес?! Энеси мойнун каалгый буруп:

– Алмазтай, муну кыйбай эле койгулачы, башка карыган четиндер деле толуп атпайбы, жаш экен, карачы кандай сулуу четин, кой, кыйбай эле койгулачы, – деп өтүндү. Эселек Алмаздын сезими бир булкунуп алды, энесин аяп кетти. Бир саам энеси менен тиктешип калган Алмаз, көзүн ала качып, өзүн күнөөлүү сезип, жер карады.

– Макул эне, муну кыйбайбыз. Эй Апаз, журу башка тирөөч издейли, – деди. Жакшы мылтыктан кол жууган Апаз тултуюп тетири басты.

– Тирөөчтөн артканынан мылтык жасап берем дебедин беле, – деп Алмазды зекиди.

 – Башка четинден деле жасап берем, жүрү эми, – Алмаз агасын женинен тартып, ушул жерден тезирээк кетип калгысы келди. Энесин ушул четиндин жанында жалгыз калтыргысы келип, энеси үчүн ушул четин кол тийгис ыйык болуп калганын сезип, четиндин сулуулугуна арбалып турган энесин ушул четин менен сырдашып алсын деп ойлоду. Агасын алдына салып кетип бара жатып энесин бир бурулуп карады. Энеси эми бул дүйнө менен иши жоктой, четиндин шуудураган доошун тыншап, жалгыз гана өзүнө тиешелуу кандайдыр бир сыйкыр дүйнөгө кирип кеткендей, дене-боюн кун нуру чайып, Алмаздын кыялындагы жомоктун перисиндей сенселип турду. Алмаздын жүрөгү бир булкунуп алды.

 Ошол кундон көп өтпөй, энеси күтүлбөгөн жерден каза болду. Көрсө сыртынан билинбегени менен энеси ооруп жүргөн экен. Оорусу өтүшүп кеткенин өзү да билбей калыптыр.

 

…Эми дайыма Алмаздын көз алдына ошол четинди аяр сылап турган энесинин элеси тартылчу. Энесин эстегенде дал ошол күнкүдөй болуп жүрөгү туйлап кетет. Себеби ошол куну эч ким байкабаган, байкашса да түшүнбөгөн энесинин ички дүйнөсүнүн сулуулугун, кандайдыр бир жаратылыштын белгисиз күчү Алмазга көрсөтүп, Алмазга туюндуруп, энеге болгон баланын эн бир ыйык суйуусун жандырган тура! Эми ал энесинин ордуна ошол четинди караан тутчу. Ал азыр канат-бутак байлаган, барпайган ыйык тал болгон! Ооба, Алмаз учун бул ыйык четин болуп калды. Кичинекей эселектердин оюнда өлүм жазасына буйрулган бул четинди аман алып калып, көп өтпөй өзү дүйнөдөн кайтып кеткедигин, энем өз өмүрүн ушул четинге берип кетсе керек, деп тушунчу Алмаз. Улам эс тартып чонойгон сайын четинге да улам жакыныраак болуп, аны көпкө көрбөй калса, энесин сагынгандай сагынып калчу. Анын бул сырын өзүнөн башка ошол четин гана билчу. Дайыма телмире Алмазды күтүп турчу. Анын жанына келгенде бардык кайгы капасы унутулуп, четиндин бутактарын аяр сылап, анын буркураган жытын искеп, баригинин шуулдаганын тыншап кусалыгын жазаар эле. Токойдо өскөн жапайы адамдай четин түбүндө көпкө отурчу.

Энесинин сулуулугун эч ким сезбегендей, Алмаздын да жазы ийиндуу, чымыр булчун, буркут кабак, өткүр көз жигит болуп чоноюп келе жатканын эч ким элес албады. Кичинесинен табигат мене тагдырлаш өскөн Алмаз адамдардын арасындагы жашоого эч кандай деле маани берчу эмес. Ал учун адамдар баары эле бирдей, бары эле окшош сезилчу. Жашоо ушундай бир калыпта өтө берет деп тушунчу. Өз жашоомо өзүм гана ээ болом деп ойлочу. Башкаларга кошулбай, ушул тоо койнунда гана өмүрүн өткөрүүгө, эптеп мектепти бүтсө, биротоло ушул тоо койнунан орун-очок алып, атасына да, бир туугандарына да көрүнбөй, эч ким менен иши жок ушул четинди караан тутуп, ушул тоолор менен сырдаш болуп жашай берем деп кыялданды. Энем тирүү болгондо эмне!

Бирок Алмаздын өзүнө-өзү түзүп алган жашоо шарты эркине каршы бузулду. Мектепти толук бүтүрө албай калды. Тогузунчу класс окуп жүргөн кезинде бир окуя болду. Адаттагыдай сабактан чыгып келе жатып артынан:

– Эй, Акматов, токточу! – деген өкүм үндөн бурулуп караса, класс жетекчиси экен. Алмаз токтоп калды.

– Бери бас, – деп кыйкырды агайы. Алмаз агайынын жанына басып келди.

– Мынабу немене ыя? – агай полдо былжырап жаткан түкүрүктү көрсөттү.

– Билбейм агай, муну мен жасаган жокмун, – деп бурулуп баса берээрде, агайы Алмазды кулак түпкө бир урду.

– Эй эшек, жетишет сенин кекирейгенин, жала мынабу полду, – деп Алмазды каруудан алып өзүн көздөй тартты. Жини келе түшкөн Алмаз агайынын колун катуу силкип жиберди. Анын мынчалык карылуу экенин билбеген агай «иий» деп онтоп жиберди. Анан арданып кетип Алмазды мурун талаштыра бир урду. Эми чындап жаны кашайган Алмаз мугалимди болгон кучу менен түртүп жиберди эле, ал чалкасынан полго ыргып түштү. Балдардын баары айран тан болуп калышты. Алмаздын мурдунан кан жая берди. Башы айланып кеткенинен тамды жөлөнүп туруп калды.Ангыча жанына классташ кыз Арсар жете келип:

– Алмаз, ылдый болчу, – деп кол жоолугун бере салды. Алмаз кол жоолук менен мурдунан аккан канды сүрттү.Ушул учурда эсине келе түшкөн мугалим ордунан тура калып, кайра Алмазга атырылды. Бирок анын көтөрүлүп келе жаткан колун ортого кире калган Арсар тосту.

– Агай, ким күнөөлүү экенин билбей туруп эле жазалай бересизби? – деп мугалимге бир тийди. Бирөө чакырып келе койгонбу, же өзү келе калдыбы, директор жетип келди.

– Абдылдаев, сизге эмне болду? Бул эмне деген жорук? – деп өкүм сурады.

– Кечирип коюнуз, мынабу акмакты бир аз тарбиялап коёюн дедим эле, – деп мукактана жооп берди класс жетекчи. Тамга жөлөнүп, кан жалап турган Алмазды көргөндө, директордун шаштысы кетти.

– Ай, Акматов, сага эмне болду? Жайнакова, сен эмне турасын, бол суу алып кел тез, – деп кыйкырды алдасы оозунан түшүп турган Арсарга. Арсардын кеткенинен келгени бат болду. Бир банка суу алып келип, Алмздын бетин жууп жиберди бурчтагы чакага. Алмаз өөдө болгондо, Арсар суу чүпүрөк менен анын көйнөгү сүртүп жиберди. Өмүрүндө биринчи жолу кыздын колу денесине тийгенде, Алмаздын бүткөн бою дүркүрөп, нымшып чыкты.

– Рахмат сага, Арсар! – Алмаз кыздын жүзүн мээримдуу карап, анын үлбүрөгөн жумшак колун акырын кармап төшүнөн алды да, шарт чыгып кетти. Ошол бойдон мектепке экинчи кайрылган жок. Мектептеги мугалимдер анын тагдыры менен кызыгышкан деле жок. Кийин анын тентуштары мектепти бтүргөндө, жалан уч коюлган Алмаздын аттестатын үйүнө алып келип беришти. Үйүнө деле бара турган себеби жок, Алмаз ошол бойдон тоодогу малчыларга баш бааналап кетип калды. Кимиси болсо да жумушу чыгып калса Алмазды издешет. Колдон колго өтүп, ар кимдин малын караганга жардамдашып, кнүн өткөрө берди Алмаз. Мал четинде журуп кыялданган Алмазга эми бул жалганда бир гана адам жакын сезилчү. Ал жылдызы төгүлгөн, боорукер кыз Арсар эле. Кээ күндөрү кечкурун айылга тушуп келет Алмаз. Издегени эле Арсар. Кээде аны капарсыз кыздар менен күлүп бараткан жеринен, кээде кудуктан суу алып жаткан жеринен көрөт. Көрүп, көнүлү тоюп, «и, аман жүрсөн эле болду», деп ичинен каниет кылып, кайра тун жамынып тоого жөнөйт. Ушундай күндөрдүн биринде ага военкоматтан чакыруу кагазы келиптир. Үйүнө кирээри менен стол үстүндө жаткан кагазды алып окуду да, кагаз колун өрттөп бараткансып аны шак ыргытып жиберди. Кайра чыгып кеткиче шашты. Бирок короодо адатынча мас болуп келе жаткан атсы менен сүзө кезикти. Атасы аны жакадан алып:

– Ии, баатыр, кайда шашып, токто сөз бар, – деп барылдады. Өнгөдөн да атасына кезигүүнү каалабаган Алмаз, аргасыз токтоду. Жулкулдата жетелеп үйгө сүйрөп кирди атасы.

– Кх, бу сен таптакыр эле жапайы болуп кеткенсин го ыя? Сүйлөчү деги, кайда эле жүрөсүн? – деп оозунан ичкиликтин жагымсыз жытын буркуратты. Алмаз үндөбөдү.

– Оёнкоматтан кагаз келген көрдүнбү?

– Көрдүм.

– Көрсөн ошо, жөнө эртен оёнкоматка.

– Барбайм.

– Эмнеге?

– Жөн эле, барбайм дедимби барбайм, – Алмаз жулкунуп чыгып кете турган болгондо, атасы жакасына жармашып токтотту.

– Токто иттин баласы, көрүнгөндүкүндө шимшип жүргүчө бар, аскерге барып эки жыл болсо да баш бааналап кел! Сен эмне, тоодо жүрсөм эле эч ким таппайт деп ойлойсунбу? Табат, ишо как табат, таап туруп кесип жеберет! Мына ошондо тиги Аргындын баласындай болуп көрөсүн көрүлүктү!

Алмаз атасынын колун силкип жиберип тышка качып чыкты. Ызасына чыдабай атка секирип минип, тоону көздөй чапты. Мындайда бараар жери баягы четин. Четинге жетип, аттын ооздугун чыгарып коё берди. Дале уктабай баласын кутуп турган энедей болуп, четин сары-кызыл баригин шуудуратып телмире кутуп турган экен. Анын мээримдуу шуудурашы: «Балам, капа болбо, башка түшкөнүн көтөрүп эрктүү бол кагылайын, эр жигит эл четинде, жоо бетинде деген эмеспи, эл көргөндү сен да көрүп кел» деп шыбырап жаткансып туюлду. Алмаз энесин эстеп көзүнө жаш тегерене тушту. Бала кезинен баарына бышып бүткөн ал эч качан ыйлачу эмес. Канчалык ыйлагысы келип турса да, көзүнө келген жашты токтотуп, бир оор ушкурунуп алып, ошонусу менен көкүрөгүндөгү букту чыгарып салып тим болчу. Бул жолу антүүгө кудурети жетпей калды. Четин түбүндө көмкөрөсүнөн түшүп, өпкөсу өпкөсүнө батпай көпө ыйлады.

– Энеке, энеке, жок дегенде бир көрүнүп койчу, сагындым сени, эне, энеке! – деп бакырып, түнкү мелмилдеген тынчтыкты бузду. Ыйы далайда барып басылды. Ыйлап бүткөн сон, көкүрөгү кандайдыр бир оор нерседен кутулгансып, деми ылдыйлап калды. Жашоо башка баскычына өтүп жатканын жан дүйнөсү менен сезип, өзүнө-өзү кайрат айтты. Ою он тала болуп отуруп, акыры Арсарга барып такалды. Кусалыгы артып, аны азыр эле коргүсү келди. Ал мени сөзсүз түшүнмөк, деп ойлоп койду ичинен. Эгерде Арсар макул болсо, айылга бир да мүнөт турбай, аны менен ушул сырга бекем тоо койнунда жашамакмын. Экөөбүз эн бактылуу адамдардан болмокпуз! Арсар менин энемдей боорукер, мээримдуу аял болмок, деп ойлоду. Ага азыр эле барып кезигип келсем кандай болот? Бул оюнан өзү да чочуп кетти. Кантип кезигет? Кезиккенде эмне деп айтат? Балким анын бул убакка чейин башка сүйлөшкөн жигити болсочу? Жүрөгүндө кызганыч пайда кылган бул ойдон кутулгуча шашты. Эмнеси болсо да бара көрөөрмүн. Нарыда оттоп жүргөн атка секирип минди да, кайрадан айылга жөнөдү. Мындайда аты кайда бараарын өзү деле жакшы билет. Тизгин тарттырбай Арсардын үйүнүн жанындагы чон теректин түбүнө келип токтоду. Эки жагын элендей караган Алмаз, жанып турган терезеге үмүттүү үнүлдү. Ышкырууга же кыйкырууга кудурети жетпеди. Кокус башка бирөө чыга калсачы? Же өзү чыккан күндө деле эмне деп сүйлөшөт, кантип сөз баштайт? Ошентип ой жоруп турганда, терезедеги жарык жалп өчтү. Аны менен кошо Алмаздын Арсарга кезигем деген үмүтү да өчтү. Аттын чылбырын сүйрөп ойлуу келе жатып, алдынан чыга калган Молдогазыны да байкабай калды.

 – А, Алмаз, мурдунду урайын, сенсинби? Жети түндө кайдан жүрөсүн кабылан? – деп бажактаган үндөн чочуп кетти Алмаз. Молдогазы андан бир топ жаш улуу боло турган. Алмаз салам айтты.

 – Салам алейкум ава! – кош колун сунду.

 – Алейкума ассалам, ой сен эмне жер тиктеп, ыя? Элдин баары эле сени жапайы дешет, же сен чын эле жапайы болуп калгынсынбы ыя? – Молдогазы Алмаздын кыжырына тийди. Бурулуп басып кете турган болгондо, Алмаз тигинин чылкый мас экенин байкады. Ары бери тенселген Молдогазы жыгылып кете жаздады. Алмаз аны жөлөп калганга үлгүрдү.

 – Ап баракелде, бу сен жапайы эмес эле настоящий жигит болгонсун го! О далдайган мурдунду урайын десе, – Молдогазы Алмазды ары-бери жулкулдатты.

 – Аба, келиниз, атка мининиз, үйүнүзгө жеткирип коёюн, – Алмаз Молдогазыны атка мингизгенге аракет кылды. Бирок ал аракети текке кетти.

 – Ой атандын оозун урайын десе, бу сенин кучун аюнукундай эле болгон го ыя?! Коё бер дейм колумду сындырасын, – Молдогазы жулкунуп бошонуп, ары жакта жаткан устунга отура калды.

– Мен бугун үйгө барбайм, жанагы анкоо женен мени жоктоп ыйласын, андан көрө кел муну жайлайлы, – Молдогазы койнунан бир арак сууруп чыкты, – сенин эр жигит болгонунду майлайлы, кел отур жаныма, – деп, ары жылып Алмазга орун бошотту.

 – Жок аба, мен ичпейм, андан көрө жүрүнүз, үйүнүзгө жеткирип коёюн, бул аракты эртен эле ичиниз, – Алмаз Молдогазыдан батыраак кутулгусу келди.

 – Жок, мен үйгө барбайм, – анысы эпке келчу түрү жок, – мен барсам жанагы анкоо женен мени жеп коёт, түшүнөсүнбү? Ал эртен мени эч жакка чыгарбайт, ошондуктан мен бүгүн ичишим керек, понимаешь?

 Алмаз кандай кылаар айласын таппай Мологазынын жанына отурду.

 – Во, молодес, андан көрө айтчы, сен кайсы войскада служить эттин эле? – Молдогазы Алмазды онурая карап калды.

 – Эмне дейсиз? – Алмаз анын суроосун түшүнбөй калды.

 – Ай, кайсы войкада служить эттин деп атам? Деги аскерде болдун беле сен?

 – Жок, мен аскерде боло элекмин. Эми барам, – деп жиберди Алмаз, – мени жаны эле чакыртып атышат.

 – А, ошондой де, мен сени барып келген экен деп атпаймынбы. Алдагы далдайган кебетен менен эмдигиче аскерге бара элек турбайсынбы анда? Деги канчага чыктын өзүн?

 – Он сегизге чыктым.

 – О, сен анда эми барат турбайсынбы аскерге, бу кебетен менен сени же десантка же морфлотко алат анда! Айтты койду дебе! – Молдогазы Алмазды далыга таптап каткырып алды.

 – Аба, морфлот деген эмне? – Алмаз десант дегенди укканы бар, бирок морфлот деген эмне экенин уккан эмес алиге.

 – Тууй иттики, – Молдогазы жерге бир тукурду, – сен морфлот дегенди билбейсинби? Ой бу сен чын эле жапайы турбайсынбы. Ой, морфлотко баргандар кандай кадыр барктуу болот билесинби? Аякка крүнгөндү ала бербейт билсен, и десантка да ошондой болот, түшүндүнбү?

 – Түшүндүм, – Алмаз уялганынан жер карады.

 – Вот мурдунду урайын десе, давай аскерге жөнөгүнүн, сени сөзсүз же десантка, же морфлотко алат. Сенин ден соолугун аюнукундай эле бар, же оорукчансынбы? – Молдогазы сынагандай энкейип, Алмаздын жүзүнө үнүлдү.

 – Жок аба, менин эч жерим оорубайт.

 – Вот, вот, мен көрүп турбаймынбы, сенин ден соолугун беш болуш керек, давай жөнө аскерге! – Молдогазы Алмазды азыр эле аскерге жөнөтүп ийчүдөй сүйлөдү.

 – Аба, аскерге барбай койсо эмне болот? – Алмаз Молдогазыны астыртан карап абайлап сурады.

 – Эмне? – Молдогазы соолуга түшкөндөй болду, – ой бул эмне дейт? Тууй иттики, бу сен лөкүйгөнүн менен коркок немесин го ыя? Эмне, аскерге барганда таяк жейм деп коркуп атасынбы? Ой таякты керек болсо бул жерден деле жейсин, это раз деп кой! Экинчиден элге шылдын болосун, баягы аскерден качыптыр деп, это два! Анан өкмөт сени дезертир деп кесип ийет, это три! Анда эмне кыласын? – Молдогазы Алмазды суракка алып жаткан прокурордой карады.

 – Мен аскерден качкан жерим жок, жөн эле кызыгып сурап атам, – Алмаз азыр карангы болуп турганына суйунду. Уялганынан кызарып чыккан беттерин Молдогазы байкабай калды.

 – И, ошондой десен, кел андан көрө момуну алып ий, сен деген эр азамат болгон турбайсынбы, ошону майлайлы, – Молдогазы колундагы стаканга капортосунан арак куюп Алмазга карматты.

 – Жок аба, мен ичпейм, аны өзүнүз эле алып жиберинизчи, – Алмаз стаканды кайра өзүнө сунду.

 – Ой мурдунду урайын десе, ал коркпо, жигит деген өмүрүндө баарын көрүшү керек, алып жибер эч нерсе болбойт. Бирок мага окшоп кубалап кетпе. Мен жанагы кара жаак женене өчөшүп ичип атам, – Молдогазы стаканды Алмаздын оозуна такап акедей асылды, – биринчи жолу аракты баарыбыз эле ушинтип ичкенбиз, коркпо алып ий эми! – стаканды Алмаздын оозуна бекем такап, ичпеген оюна койбой ичирип салды. Алмаз аракты ууртап алып, ичи өрттөнүп баратканынан, ичин басып отуруп калды. Заматта көзү карангылай тушту.

 – Ой, эмне болду сага? – Молдогазы коркуп кетти, – ой бу сен чын эле арак ууртап көргөн жан эмессин го?

Алмаздын ичи өрттөнгөнү басылып, бир аздан сон көнүлү көтөрүлө баштады. Молдогазы бөтөлкөдө калган арактын баарын куюп туруп өзү ичип жиберди.

 – Всё, арак түгөндү, сага күөп бербейин, ик, – Молдогазы ыктыта баштады, – сен эми мени йгө жеткирип кой, ик, макулбу? Жанагы кара жаак женендин сазайын окутайын, давай кеттик, – Молдогазы ордунан турам деп барып, темтендеп жерге кулап тушту. Алмаз аны жаш баланы көтөргөндөй жерден так көтөрүп атка арта салды да, аттын чылбырын алып Молдогазынын үйүн көздөй жөнөдү. Үйгө жете берээрде абалап үргөн иттин үнүнөн Молдогазынын аялы тышка чыга калды. Атка арта салынып келе жаткан эрин көргөндө, өлүп калган экен деп ойлоду.

 – Э кокууй, бул эмне деген жорук, шорум иий шорум, ой эл журт барсынарбы? -деп бакырып кирсе болобу. Жанындагы үйдөн бир далдайган эркек жугуруп чыга калды.

– Ой эмне болду?

– О кокууй шорум, өлүп калган турбайбы! Эми эмне кылам кокууй? – Молдогазынын аялы өкүргөнүн күчөттү. Алмаз эмне болуп кеткенин түшүнбөй дендароо болуп тура берди. Мээсинин тумандаганы тарабай, жанагы ичкен арак мээсинин иштешине тоскоол болду. Ангыча тиги кошунасы жете келип:

 – Ой, бул кайсы жерге өлүп калыптыр? – деп сурады. Алмаз эсине эми келди.

 – Молдогазы абам тируу эле, – деди.

 – Ой кокуй кун ой, анан бая эле айтпайсынбы жалдырабай, – ары жакта чачын жулуп ыйлап аткан Молдогазынын аялына кыйкырды, – ой басыл эми, эрин өлбөй эле мас экен.

Молдогазынын аялы тып басылып, тигилерди тиктеп калды. Ангыча үйдөн шоролонуп ыйлаган Молодогазынын балдары чыкты. Коншулар да бат эле чогулуп калышты. Бири түшүнсө, бири түшүнбөй, эмне болуптур, деген эле кишилер. Молодогазыны аттан сүйрөп түшүрүштү. Элдир– селдир эсине келген Молдогазы:

 – Ой, эненди урайын катын, азыр сенин сазайынды берем, – деп дылдырады. Чогулган эл эми түшүнүп, баары күлүп жиберишти. Молдогазынын аялы эринин тирүү экенине көзү жетип:

 – Иий, өлүгүндү көрөйүн тирүү бекен? – деп алаканын шак койду.

 – Ой жене, эмне, өлдү деп сүйүнүп кеттин беле? – жанагы кошунасы аялга тийишти.

 – Ий өлүгүндү көрөйүн чычым. Бул эмне дегенин? – бир аял анын жаагын басты.

 – Ай, кой эми, көп ызылдабай үйгө алып киргиле, – дагы бирөө Молдогазыны колтугунан сүйөп, ордунан тургузду.

 – Бар эми, жеткиргенине рахмат, – бирөө Алмазга аттын чылбырын карматты. Аран эсине келген Алмаз, чылбырды сүйрөп ары басып кетти. Тунку салкын аба Алмазды таза эсине келтирди. Торунун тизгинин бош таштап ойлуу келе жатты Алмаз. Демек аскерге барууга туура келет окшойт. Чын эле десантка же морфлотко алып кетеби? Же Молдогазы абам мастыгы менен айтып койдубу? Ай ким билет деги, аскерден качып кутула албайт окшойм.

 Эртен мененки күндүн жумшак нуру Алмазды бетинен сылап ойготту. Көзүн ачса, четиндин түбүндө чалкасынан тушуп жаткан экен. Ары жакта оттоп жүргөн тору башын көтөрүп, бир бышкырып алды да, деги аман болсон эле болду, деген кыязда жумушун улантты. Алмаз ордунан туруп, он кадам жердеги булактын суусуна жүзүн жууду. Андан сон четин түбүнө кайра келип отурду да, бир нерсени эстей койгонсуп четиндин түбүн каза баштады. Бир топ алек болуп, кагазга оролгон бир нерсени сууруп чыкты. Кагазды ачып, анын ичинен кичинекей, жалтырак жипке илинген жүрөкчөнү алып чыкты. Жаны эле тоо башынан кылтыйган кундун нуруна мин кубулуп чагылышты жүрөкчө. Алмаз анын нуруна далайга суктана карап, анан кайра чүпүрөккө ороп, аны кагазга ороп, жерге көмүп койду. Бул жүрөкчөнү тиги сайдан чопо казып атып таап алган. Адегенде топурак болуп калган жүрөкчө жөнөкөй эле нерседей көрүнгөн. Алмаз аны сууга жууса, тири укмуштай чагылышкан таш экен. Бирок мунун баасы канча экенин ким билет. Алмаз бул табылгасы жөнүндө эч кимге ооз ачкан эмес. Эгерде ушул жүрөкчөнү Арсарга белек кылсам кандай болот эле, деген ой кылт этти. Ал менин белегимди алабы? Эгерде албай койсочу? Балким бул жөнөкөй эле таштыр? Ай ким билет, эгерде жөнөкөй таш болсо мынча кубулбайт эле го деп ойлоду. Капыстан карындашы эсине келе түштү. Мындан уч жыл мурун аскерге кеткен агасы да эмдиигче кайтып келе элек. Анын өлүү же тирүү экенин да эч ким билбейт. Атасы аны сураштырмак тургай, эстеп да койгон жери жок. Агасы аскерге кетээр күнү эртен менен Алмазды ойготуп:

 – Алмаз, мен аскерге жоноп атам, карындашына жакшылап көз бол, атандын алын көрүп турбайсынбы, тоого көп эле жоголо бербесен, жакшы кал эми, – деп Алмазды кучагына бекем кыса коштошту. Андан барып уктап жаткан карындашынын бетинен өптү да, дайындап койгон баштыгын алып, чыгып кеткен. Апаздын ага катары Алмазга айткан сөзү ушу гана болду өмүрүндө. Адегенде аскерден эки жолу кат жазды, ошол бойдон дайын жок. Карындашын болсо алыста жашаган таэжеси келип алып кетти. Кыз баланын энесиз өсүп куурап кеткенин көргөн таэжеси, эжесин эстеп бир топ ыйлап алды да, Айгулдун кийим кечегин чогултуп алып кете берди. Ошентип Алмаз атасы экөө калды куту качкан үйдө. Атасы бир азаптан кутулганына суйунуп, аракты өчү бардай ичип, Алмаз менен эч кандай иши болбой калды. Алмаз болсо карындашынын кеткенине бир эсе ичи ачышып бир эсе суйунуп журду. Таэжеси бардар жашоодо жашайт, күйөөсү да жакшы киши, карындашым кор болбос деп ойлойт. Алмаздын оюн тээ кырдан үн салган бирөө бузду.

 – Алмаз, ээй Алмаз, -деп кыйкырган караанды көрүуп, Алмаз чочуп кетти. Торуга эки аттап жетип, өөдө карай чапты. Берегинин жанына келсе Калдар акенин уулу Кубан экен.

 – Сени атан издеп келиптир, бол тез, – деп шаштырды. Алмаз шылкыя тушту.

 – Алмаз, сени аскерге чакырып атат дейт, чынбы?

 – Чын.

 – Ой, Алмаз, сен кандай бактылуусун!

 – Анын эмнеси бакыт? – Алмаз таныркай Кубанды карап койду.

 – Аскерге барын эле ала бербейт да, – Кубан кейиштуу ушкурду. Калдар акенин баласынын оорусу бар экен, аскерге жарабай калыптыр, деген сөздү өгүнү бирөөнөн укканын эстей коюп оозун карманып калды Алмаз. Үйгө келишсе, ичкиликтен көздөрү тоодой болуп шишиген Алмаздын атасы Калдар акеге арызданып отуруптур. Тыштан Алмаз киргенде унчукпай калды.

 – Алмаз уулум, сени аскерге чакыртып атыптыр дейт, барбасан болбойт го балам, – деди Калдар аке. Ал бир сүйлөгөн адам эле. Алмаз аны аябай сыйлачу. Ар кимдикинде урунду– беринди болуп жүргөнүндө, Калдар аке аны биротоло ушул уйго жаша деп калтырып койгон. Алмазды өз балдарынан кем көрбөй, ага абдан жакшы мамиле кылды.

 – Балам, сен азыр жашсын, ар кимдикинде жүрө берип, ар кандай тарбияда болуп калып жүрбө, туура көрсөн мындан ары ушул үйгө эле жаша, мен сенин эмгегине караган жерим жок, сенин келечегинди ойлоп атам, – деген. Алмаз сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш тегерене түшкөн. Көрүнгөндүкүндө жүрүү Алмаздын өзүнө деле жакчу эмес. Калдар акеникине келгенде өзүн эркин сезип, жыргап калчу. Калдар акенин, аскерге барууга туура келет го, деген сөзү Алмаздын жүрөгүндөгү дүпөйүлдү биротоло кетирди. Эгерде Калдар акем барышын керек десе барышым керек, деп чечти.

 Ошентип Алмзаз аскерге кетээр күнүнө военкоматтан кагаз алып келген күнү Калдар аке бир коюн союп, тегеректеги чабандарды чакырып түлөө өткөрдү. Молдогазынын айтканы туура келди. Алмаз баардык жагынан десанттык бөлүккө ылайык болду. Анысына өзү ичинен корстон болуп журду. Эртен кетем деген куну кечинде:

 – Айылдан Токторбайдын баласы да кетет экен аскеге, совхоз машине болуп бериптир, сен да районго ошолор менен кетсен кандай болот? – деп кенешти Кубан. Алмаз анын айткаын туура көрдү. Кечинде четин түбүнө барып көпкө отурду. Бир убакта ордунан туруп, четиндин кызыл кабыгынан аяр сылап, «мына эми, мен кетип атам аскерге, аман болсом эки жылда кайтып келем, мен келгиче аман бол, менин караан тутканым жалгыз сенсин» деп, бир оор ушкуруп алды. Четин менен ошентип коштошту. Анан өзү тааныган малчылардын баарын кыдырып коштошту. Кубан экөө эки атты минип айылга тушуп кетишти.

 – Балам, ак жолун ачылсын, эр азамат болгонун ушул, милдетинди так аткар, ылайым энендин арбагы колдоп журсун сени, – деп бата берди Калдар аке аттанаарда. Энесин эстей калганда Алмаздын көзүнө жаш тегеренди. Бирок ошол замат өзүн колго алып:

 – Рахмат сизге, мен кайтып келгиче күүлүү-күчтүү турунуз, мен сизди уят кылбаганга аракет кылам, – деп жөнөп кетти. Токтобайдын уулу Алмаз менен бир класста окуган бала эле. Аны узатууга классташ балдар, кыздар келишиптир. Алмаз алардын арасынан Арсарды издеп, анын келбесине көзү жеткенде, эч кимге айтпай акырын чыгып кетти. Торуну минип тааныш теректин түбүнө келгенде, баардык терезеледен жанган жарыкты көрүп жүрөгү опкоолжуду. Ушул маалда көчөнүн башынан унулдаган тез жардам келип Арсарлардын уйунун жанына токтоду.Үйдөн кымкуут болгон топ киши, бирөөнү көтөрүп келип тез жадамга салышты. Машине кайра анылдап жөнөп кетти. Үйдөн чыккандар кайра кирип кетишкен сон, көчөдө сербейип жалгыз караан калды. Айдын жарыгынан анын Арсар экенин тааныды Алмаз. Баятан демин ичине алып, Арсар бир нерсе болгонбу, деп кооптонуп турган жигиттин жүрөгү ордуна келди.

 – Арсар, ай Арсар, – деп акырын кыйкырып жибергенин өзү да сезбей калды.

 – Сен кимсин? – эки жагын элендей карады Арсар.

 – Мен Алмазмын, бери келсен?

 – Алмаз? – Алмаздын келишин күтпөгөн Арсар, адегенде тан калып, андан сон сүйүнүп кетти.

 – Арсар, коркпо, мен коштошойун деп эле келдим, – Алмаздын жүрөгү дүкүлдөп чыкты.

 – Коштошоюн дейсинби? Эмне, сен бир жакка кетип жатасынбы? – Арсар жакын басып келди.

 – Ооба, аскерге кетип жатам.

 – Качан?

 – Эртен.

 – Эртен? Кандайча?

 – Ооба Арсар, мен эртен кетип атам аскерге. Арсар. Жанагы машине алып кеткен ким?

 – А, ал менин энем, ооруп калыптыр, жүрөгү кармап…

Алмаз эмне дээрин билбей ойлонуп калды. Сөздү Арсар өзү улады.

 – Алмаз, көрүнбөй эле кайда жүрөсүн?

 – Тоодо эле.

 – Мектепти да бүтпөй кетип калдын, – Арсар кейиштүү жылмайды.

 – Ошондой болуп калбадыбы... – Алмаз онтойсуз абалда калды. Бирок кыздын жүрөгүндө кандайдыр бир жылуулук бар экенин сезди.

 – Арсар, мен сага бир нерсе айтайын дедим эле, – Алмаз кызды болушунча узагыраак кармагысы келди.

 – Кызыктуу нерсе болсо айта бер, – кыз кылыктанды.

 – Жок, өтө деле кызыктуу эмес, бирок мен учун өтө маанилуу.

 – Ал эмне болгон нерсе, айта берсен эми.

 – Жок, мен туура эмес айтып алдым, мен сага бир кичинекей белек камдап койгом, ошону берейин дегем, – деди Алмаз болгон демин жыйнап.

 – Анда бере турган белелгинди бере бер, мен каршы эмесмин. – Арсар алаканын сунду.

 – Бирок ал бул жерде эмес, ал тоодо.

 – Тоодо? – Арсар таныркай оозун ачты, – мына кызык, мага бере турган белегинди тоого калтырып, өзүн мында келдинби?

 – Жок, мен аны жана ала келем деп унутуп коюптурмун, бирок азыр сени ала барып берсемби дегем…

 – Ой, тоо алыс да, ага качан жетип барып келебиз? Өзүн эртен менен аскерге кетип атсан!

 – Биз тез эле барып келебиз. Сени атка учкаштырып алам да. Тору басыгы кыйын ат, заматта жетип барабыз. Суранам сенден, жүрү , тез эле келебиз, ашып кетсе эки саат, – Алмаз Арсарды жалооруй тиктеди.

 – Болуптур анда, көндүрдүн, мага өтө кызык болуп атат сенин тоого катып койгон белегин. Сен бир аз күтө тур, мен женемден суранып чыгайын, болбосо мени издеп убара болушпасын. Ансыз деле бирөө ала качып кетет деп, жөжө баскан тооктой басып отурушат мени, – Арсар кыткылыктай күлүп үйүнө кирип кетти. Анын жакшы маанайынан Алмаздын да маанайы көтөрүлдү.

 Тору арышын кенен таштап, көнүмүш жол менен бара жатты. Алмаздын жүрөгү өрөпкөп, атты улам теминип коёт. Жаныбар да анын шашып жатканын сезгендей улам басыгын тездетет. Асманда толуп турган ай да бугун Алмаз тарапта болду. Анын жолуна жарыгын төшөп, торунун басыгы менен тен жарышып асманда каалгый сызат. Алмазга бекем жабышып отурган Арсар, тоонун тунку салкын абасына жүзүн тосуп, асмандагы айды карап, тоонун кооздугуна суктанып бара жатты.

 – Капырай, түн ичинде да тоонун арасы ушундай кооз болот экен ээ?!

 – Ананчы, айрыкча айлуу түндө тим эле жомок да! – тоонун Арсарга жакканына эрдемсиди Алмаз. Четиндин жанына жеткенде, мына келдик, дегенсип, тору кыска кошкуруп токтоп калды. Алмаз аттан секирип тушту да колун Арсарга сунду.

 – Колунузду бериниз периштем, келип калдык!

 – Куп болот таксыр, – Арсар Алмазга колун сунду. Алмаз аны аттан так көтөрүп алды. Ай нуруна боюн чайып, тегерегиндеги анча-мынча бадалдардан өзгөчө бийик, өзгөчө туптуз болуп койкоюп турат четин. Алмаз четиндин тунку абага сенселип, шуудурап турган баригин карап, бир саам үндөбөй калды. Анан четиндин кабыгынан аяр сылап, алда нении ойлогондо эншериле түшкөн жан дүйнөсүнүн бүлүгү Арсарга да өттү. Ушул жерде бир сыр бар экенин туйду кыз. Акырын Алмаздын жанына басып келип, анын четинди сылап турган колунун үстүнө колун койду. Экөө үнсүз ширелишип көпкө турушту. Бир убакта Арсар айдын жарыгынан Алмаздын көзүнөн дабышсыз агып жаткан жашты көрдү. Кандайдыр бир себеп менен ушул четин Алмаз үчүн өтө кымбат экенин сезди кыз. Бирок эч нерсе деп сурабады. Мындай учурда сөздүн эмне кереги бар? Алмаз көзүнүн жашын суртуп:

 – Арсар, кечирип кой мени, мен жөн эле, – деп, кызды колунан тартып, кучагына бекем кысты. Арсар эч каршылык көрсөткөн жок. Алмаздын жүрөгүнүн согушу кулагына даана угулуп, ошол жүрөктүн кагышынан анын абалын түшүнүп турду.

 – Арсар, мен энемди сагынганда ушул жерге келем, билесинби, түшүнөсүнбү, мен энемди аябай сагындым. – деп буулугуп ыйлап жиберди. Арсар да Алмаздын көкүрөгүнө толгон мунун кошо бөлүшүп, карегине толо түшкөн жаш эрксиз мөлт деп төгүлдү.

 – Кечир мени Арсар, сенден башка айта турган бир да адамым жок менин, сен мен учун бул жашоодогу жалгыз жакынымсын! – Алмаз кыздын көзүн көргүсү келип, аны кучагынан бошотуп, жүзүнө үнүлдү. Кыздын көзүнөн учкан жылдызды көрдү, кайгысын кошо бөлүшкөн жылуулукту, ааламга нур чачкан сулуулукту, эч качан чыккынчылыкка барбай турган улуулукту көрдү! Кыздын көздөрүнө арбалып, жашоодогу баардык жамандыктарды унутуп, көөдөнү асмандагы айга чейин алып учуп, ушул көз карашты түбөлүккө карегине чөгөрүп алды!

 Экөө четин түбүндө көпкө отурушту. Алмаз четин жөнүндө Арсарга айтып берди.

 – Билесинби Арсар, энем өз өмүрүн, суйуусун, айтылбай ичте калган арманын ушул четинге айтып кеткендей сезилет мага, ошодуктан мен энемди сагынганда ушул жерге келем. Арманымды, кубанычымды, баарын ушул четинге айтам, бугумду чыгарып ыйлап алам, анан женилдеп, кайра жаралгандай боло түшөм!

 – Алмаз, бул жашоодо баарынан кымбаты эне экенин мен азыр түшүнүп отурам. Менин энем эми аман-эсен келсе экен деп кудайдан тилеп отурам, эгерде башкача болуп калса мен кантем? – кыз Алмазга суроолуу тигилди.

 – Арсар, алтыным, антип айтпачы, энен сөзсүз айыгат, азыр доктурлар күчтүү, айыктырышат! Энесин сагынып куса болгон кандай болоорун мен эле билейин, сен андай азапты билбей эле кой! – Алмаз Арсарды мандайынан сылап, анын нымдалышып турган көзүнөн өптү. Көкүрөгүн жара тээп чыккан үшкүрүк, мемиреген түнкү бейилдикти жаныртып, теребелге синип кетти. Далайга өкүм сүргөн жымжырттыкты Алмаз бузду.

 – Арсар, баса, мен сага берейин деген белегимди унутуп аткан турбаймынбы, – деп ордунан тура калды.

– Ооба, чын эле, бирөө белек берем деди эле, -Арсар тамашага чалды, – кана, эмне белек болду экен ал?

– Жөн эле бир оюнчук, баалуу деле эмес, – Алмаз жандалбастап, белегин каткан жерди каза баштады.

– Алмаз, мага белектин баалуусу керек эмес, сен мага эмне белек берсен дагы ал мен учун баалуу болот! Алмаз, мен сүйүү деген эмне экенин билбейм, бирок мен… мен сени сүйөт болушум керек, – Арсар өзүнүн сөзүнөн өзү уялып жер карады.

 -Эмне дейсин? – Алмаз уккан кулагына ишенбей туруп калды, – Арсар менин жүрөгүмдү оорутпачы, сен тамашалабай элесинби?

 – Алмаз, мен тамашалабай элемин, – Арсар болгон демин жыйнап, башын көтөрүп, Алмазга тике карады.

 – Арсар, – Алмаз кызды өзүнө тартып, бекем кучактады, – Арсар, сүйүү деген эн бир сонун керемет сезим болсо керек, сүйүү деген өмүр бою жүрөктө сактала турган сезим болсо керек! Адам баардыгын сүйө алат, жерди, тоону, мекенин, эне-атасын, кептин баары ошол сүйүүнү өчүрбөй өмүр бою жүрөктө сакташта болсо керек!

 – Алмаз, сен мунун баарын кайдан билесин?!

 – Мен жашоо жөнүндө көп ойлоном, билесинби, кээде менин оюма ушундай бир шумдуктуу ойлор келет дейсин! Сүйүү жөнүндө да көп ойлоном, – Алмаз жүрөгүндөгүсүн айтты.

 – Алмаз, а сүйүү деп сен эмнени түшүнөсүн?

 – Мен сүйүүнү сүрөттөп же аныктап бере албайм, сүйүүнү жөн гана жүрөгүн менен сезишин керек го деп ойлойм.

 – Алмаз, а сен менин сүйүүмдү сезип атасынбы? – кыз акырын шыбырап сурады.

 – Арсар, мен сенин сүйүүндү сен айта электе эле сезгем, баягы мектептеги окуядан кийин, сен менин жүрөгүмдө жашап келесин, бирок мен кээде жанылып атамбы деп коркчумун. Азыр болсо сенин сүйүүндү жүрөгүм менен сезип турам!

 – Алмаз! – кыз башын Алмаздын төшүнө жөлөдү, – а мен сени ошол окуядан алда канча мурун эле сүйгөмүн, сен унчукпаган, жапайы болгонун менен биздин балдардын эн сулуусу болчусун! А мен болсом сулуу деле эмес элем да, ошондуктан өзүмдү сага татыксызмын деп ойлочумун.

 – Арсар, мен дагы так эле сендей ойлочумун, сен кыздардын эн сулуусу болчусун, а мен өзүмдүн түрү суук кебетемден уялчумун, сен мени эч качан карбайт го деп ойлочумун. Сен мен үчүн дүйнөдөгү эн сулуу кызсын! Сени ушинтип кучактап турам деп уч уктасам түшүмө кирген эмес! – Алмаз кыздын көздөрүнөн өптү. Кыз каршылык көрөткөн жок, ого бетер ага кыналып, экөө бири биринин жүрөгүнүн кагышын даана угушту.

 – Алмаз, мен сага деген сүйүүмдү өмүр бою жүрөгүмдө сактайм, – кыз Алмаздын көзүнө тике карап ант берди.

 – Арсар, мени күт, макулбу? Мен кайтып келгенде экөөбүз ушул тоо койнуна уй салабыз, макулбу?

 – Макул, мен сени керек болсо өмүр бою күтөм!

 – Жок, өмүр бою күтүүнүн кереги жок, анда сен карып кемпир болуп, мен кемшендеген абышка болуп калбаймынбы! – экөө кыткылыктап күлүп алышты. Ошол учурда Алмаз жүрөкчөнү эстей койду кайра.

 – Арсар, мен белегимди тапшырайын эми сага, кана көзүндү жумуп турсан бир мүнөт.

 – А сен аны эмнеге жерге көмүп койдун бэле? Картошка эмеспи анын деги? – Арсар кылыктана тамашалады.

 – Койсончу Арсар, ал картошка эмес, ал менин жүрөгүм, кана, жум көзүндү!

 Алмаз жүрөкчөнү ороочунан сууруп чыгып:

 – Кана, эми көзүнд ач! – деди.

 – Эй Буратино, а мен баарын көрүп койдум, – Арсар кыткылыктап күлүп жиберди.

 – Мына, бул сага! – Алмаз кыздын тамашасына көнүл бөлбөй, жүрөкчөнү жибинен кармап өөдө көтөрдү.

 – Ой– ий! – ай нуруна чагылышкан жүрөкчөнү көргөндө Арсардын көздөрү алайып калды, – мунун укмуш го тим эле!

 Алмаз жүрөкчөнү кыздын мойнуна такты. Анын нуру туш тарапка чачырап, Арсардын жүзүнө да ойноду. Дале болсо көз кумары канбай, Арсар жүрөкчөнү тиктеп турду.

 – Алмаз, бул өтө кымбат баалуу буюм го? Сен муну кайдан алдын?

 – Балким, балким кымбат болсо керек, мен мунун баасын билбейм, билгим да келбейт, муну мен жерден чопо казып атып таап алгам. Эми бул сеники!

 – Рахмат сага Алмаз! Мен муну эч качан жоготпой тагынып жүрөм. Мен алтугул буга ат таап койдум. Мен муну «Эненин жүрөгү» деп атап коём, макулбу?

 – Сен буга сонун ат таптын, бул чын эле эненин жжүрөгүнө окшош. Карасан, тун ичинде айлананы жарык кылганын, бул жашоодо эненин жүрөгүнөн күчтүү, эненин жүрөгүнөн жарык эмне бар?!

 – Алмаз, рахмат сага! – кыз Алмаздын жүзүнөн өптү. Анан Алмазды кумар толгон көздөрү менен көпкө карады. Ушул көз караш менен жүрөгүндөгү сүйүүсүн тартуулады. Алмаз да аны тиктеп турду. Кызды акырын колунан тартып, анын үлбүрөгөн эриндеринен, көзүнөн, чачынан өптү. Арсардын жүрөгү өрөпкөп, кабынан чыгып кетчүдөй дүкүлдөп согуп, ырахаттын туу чокусуна чыкты. Тээ бийик көк асманда калкып жүргөндөй башы айланып, бирок ошол баш айлануудан түгөнгүс бакыт алып, ушул мүнөттөрдүн түбөлүккө созулушун каалап, өзүн бутун бойдон Алмаздын эркине тапшырды. Кыздын бакытка балкыган абалын сезип, өзү да бакыттын, ырахаттын туу чокусуна чыгып, кызды кумарын кандыра өпкүлөп, андан сон кучагына бекем кысып, сезимдерине асмандагы толуп турган ай күбө болуп, көпкө турду Алмаз. Бирок убакыт өз ишин улантып, бир мүнөт да токтоп турган жок. Толуп турган ай бир убакта нурун жоготуп, томуктай булуттун артына жашынды. Заматта айлананы чулгап калган карангылыктан эстерине келишти.

 – Алмаз, биз кайтышыбыз керек го, – Арсар акырын шыбырады.

 – Ооба, кайтышыбыз керек, бизди танкы алтыда жолго чыгасынар деген, -Алмаз кызды дагы бир жолу көздөрүнөн өөп, кучагынан бошотту. Экөө торуну минип кайра айылга бет алышты.

 – Ой, деги барсынбы? Сени издеп кулала болдум. Качып кеткенби деп ойлодум эле. Бол тез, машине кеткени калды, аз жерден сенсиз кетип кала жаздады, – деп барылдап коё берди баятан Алмазды издеп убара болгон Кубан. Алмаз отураары менен, машине райондун борборун көздөй жол тартты.

 

 Ошол Алмаз кеткен күндөн көп өтпөй эле Арсардын энеси каза болуп калды. Ооруканадан эле анын өлүгүн алып келишти. Арсардын асманы антарылып, таянган тоосу кулап, тозоктун отуна тирүүлөй түшкөндөй болду. Жүрөгүн өйүгөн кайгы аны көпкө эзди. Бул жашоодо энесин жоготуу кандай азап экенин өз башынан өткөрүп, ошондогу Алмаздын абалын эми жон териси менен сезип, экөөнүн тагдыры окшош болуп калганына тан калат. Арсар мектепти бүткөндө дароо окууга кетип калбаганынын себеби да ошол энесинин оорусу болчу. Оорукчан энесин аяп, бир жылча болсо да жанында болуп, уй тирилигине кол кабыш кылайын деген ойдо айылда калган. Эми минтип энесинен кол жууду. Энесинен айрылгандан бери күлбөй да калды. Керээлден кечке көр оокат менен алек болуп, кечинде чарчап өз бөлмөсүнө киргенде, баягы Алмаз берген жүрөкчөнү алаканына салып көпкө карап отурат. Бир гана Алмазды ойлогондо арманы арыла түшкөнсүйт. Ал аскерге кетип жатканда экөөнүн тоого барганын эстеп, өнүндө жылмаю пайда болот. Ошондогу Алмаздын жылуулугун, ушул азыр жанында тургандай сезип магдырайт. Кусалыгы артып, аны азыр эле көргүсү келет. Алмазды сегизинчи класс окуп жүргөндө эле жакшы көрүп калган. Алмаз өзүнүн боюн дайыма тыкан алып жүрө турган эле. Коюу, кара чачтарын суулап, өөдө тарап алса, кадимки эле индиянын киносундагы жигиттерге окшоп калчу. Алмаз жөнүндө кыздар кеп кылып калса, тымызын ичинен кызганып да журчу. Анын көп сүйлөбөгөн мүнөзү абдан жакчу Арсарга. Кийин, баягы тогузунчу класстагы окуядан кийин, Алмаз мектепти таштап салганда, аны көргүсү келип өтө сагынчу. Көчөдөн кокус көрүп каламбы деп, көчөгө чыкса элендеп эки жагын каранып, анын караанын издечу. Ушинтип ойлору менен далайга алпурушуп, анан жүрөкчөнү сандыкка салып бекититет да төшөгүнө кыйшая жатып, дагы далайга ойлордун ороосунан чыга албай жатып, кандай уктаганын өзү да сезбей калат.

 

 Алмаз да аскерге келгенден бери, ойлогону эле Арсар. Адегенде аскердик жашоого көнө албай, бир топ түйшөлдү. Бирок башкаларга караганда ал эрте көндү. Анын тоодо жүргөндө эрте туруп, жаанга, карга, бороонго карабай, мал артынан түшүп жүрүп, бышып калганынын ушул жерде пайдасы тийди. Башка жоокерлерге караганда алда канча чыдамкай, чымыр, шамдагай. Аларды адегенде орустардын бир чон шаарында уч ай «учёбкадан» өткөрүштү. Андан сон самолёт менен Афганистанга келишти. Афганистандагы жашоого абдан тан калды Алмаз адегенде. Элдердин жашоосу тээ илгерки революциядан мурунку жашоону элететет. Боз чаны буруксуган кунарсыз бир кыштактын четине келип орношушту. Кыштактагы адамдар аларга доспу же каспы, так билүүгө эч мүмкүн эмес. Учурмасында шифери жок, боз топурактан салынган жалпак үйлөрдө, кабактары эч качан ачылбаган, жашоодон эч жакшылык күтпөй калгандай болгон адамдар жашашат. Алмаз ушул жердин эмне мынчалык мааниси бар экенин түшүнө алган жок. Башынан эле Володя аттуу бир орус жигит менен ынак болуп калды. Алмаз бала кезинен эле орус тилин жакшы билчу. Жайкысын алардын айылына эс алууга орустар көп келе турган. Айылдын секелек балдары өрүк– алмасын көтөрүп алышып ошолорго сатышат.Ошентип жүрүшүп эле орусчаны үйрөнүп алышчу. Кечки эс алууда тамга жөлөнүп Арсар жөнүндө ойлонуп отурса, жанына Володя келди.

 – Сен эмнени эле мынча ойлоносун? – деп сурады ал досунан.

 – Мен өзүмдүн сүйгөн кызымды ойлоп отурам, ал мени күтөт болду бекен?

 – Алмаз, а сен аны менен сүйлөшчү белен? Эгерде сүйлөшүп жүргөн болсон албетте күтөт.

 – Мен аны менен бир күнү гана сүйлөштүм. Бирок ошол бир күн деле жетиштүү болду мага, – деди Алмаз жылмайып. – а сен өзүндүн Наташан менен көпкө сүйлөштүнбү?

 – О, мен аны менен дайыма кезикчүмүн. Ал экөөбүз бир группада окучубуз да, – Володя да өз сүйгөнүн эстегенде жылмайды.

 – Мына, көрдүнбү, а мен болсом сүйгөн кызым менен бир жолу гана сүйлөшкөм.

 – Анан сен ошол бир жолу сүйлөшкөнүндө эле сүйүп калдынбы аны?

– Жок, мен аны андан эки жыл мурун эле сүйүп калгам.

– А эмне үчүн анда мурунтан эле кезиккен жоксун ага?

– Мен аны чочутуп алуудан коркчумун. Сен билесинби, биздин тоолук кыздар өтө эле тартынчаак, уян болушат.

 – А, менин Наташам болсо өтө эле шайыр тетирисинче. Ал эч нерседен тартынбайт. Мен аны бир көргөндө эле сүйүп калгам. Экөөбүз ошондон баштап эле сүйлөшүп жүрчүбүз. Буюрса мен бараарым менен күркүрөтө той өткөзүп үйлөнөбүз! Сени да чакырам биздин тойго, келесинби? – Володя Алмазды көзүнүн кыйыгы менен карап койду.

 – Албетте барам, анан сен менин тоюма келесин. Ошондо биздин тоолорду көрөсүн! Биздин тоолор ушундай керемет кооз дейсин! Эх, мен тоолорду да абдан сагындым!

 – Алмаз бул жерде деле жалан тоолор го, анан сене эмнеге тоолорду сагынып атасын?

 – О, бул жердеги тоолор таптакыр башкача тоолор. Бул тоолор биздин тоолорго эч окшобогон кунарсыз тоолор. А биздин тоолордо карагай, чер, жапжашыл килемдей шибер, туптунук кашка суулар, жер жайнаган гүлдөр, деги койчу, биздин тоолор шумдук кооз!

 – Алмаз, ар кимге өз жери кымбат. Ушул боз чаны асманга сапырылган талаалар менен кунарсыз тоолор ушул жердегилер учун табылгыс болсо керек, – Володя бир сыр билген адамдай маанилуу карап койду Алмазды.

 – Ооба, балким сеники туурадыр, болбосо булар эмнеге ушул жер учун ушунча каршылык көрсөтүшөт?

 – Себеби бул жер алардын мекени, башкасын бирөө бербейт…

 Экөө тунжурап копко унчукпай калышты. Ошол күнү түнкүсүн да далайга чейин уктай албай ойлонуп жатты Алмаз. «Биз эмне учун ушул жерде жүрөбүз? Бул согуштун кимге кереги бар? Тилектештиктин милдетин өтөгөнү келгенибиз чын болсо, жергиликтүү калк эмне учун бизди жек көрөт? Кичинесинен чонуна чейин ичинен ызасы кайнап турат. Бизди бул жерге жибергендердин чыныгы максаты эмне?» Бирин-бири кубалап, биринен бири озгон ойлор жанына тынчтык бербей көпкө чейин ары– бери оодарылып атып аран уктады Алмаз.Түшүндө тору атты көрдү. Атты минип алып, жайлоонун күнгөй бетинде чаап бараткан экен. Тиги кырда энеси супсулуу болуп, аппак көйнөк кийип Алмазды күтүп турат. Ангыча кайдандыр бир шамаал келип, энесин куюндатып алып кетет.Алмаз энесине жете албай, торуну онду солду камчыланып, бетине урган шамаалга карабай кырга ашыгат. Энесин алып кеткен куюн, ага жеткирбей көздөн кайым болгондо, Алмаз «эне» деп бир бакырып алып ойгонуп кетти. Ойгонсо палатканын ичи. Түшү экенин далайда барып түшүндү. Эми энем чын эле эч качан келбейби? Эмнеге? Көкүрөгүнө батпай кеткен кусалыгы ээ бербей, көзүнөн жашы куюлду. Жаздыгын бетине басып алып өксүп ыйлап алды.

 Кунарсыз күндөр күзгү жалбырактай күбүлүп, Алмаздын аскерге келгени бир жылдан ашып кетти. Бир күнү Алмаздын мекенин, тоосун, Арсарды сагынып чөгүп жүргөн көүлүн ого бетер чөктүргөн бир окуя болду. Аскердик болук жайгашкан чакан кыштакты үч жоокер аралап бара жатышкан. Сержант Павлов күлкүлүү анекдоттордон айтып, баары убактылуу кайгы капаларын унутуп, шатыра шатман каткырып баратышты. Ангыча алдыларынан бозала болуп чанга оонап алган бир тестиер бала жүгүрүп чыкты. Бир колун койнуна катып алган баланын жүзүнөн Алмаз коркунучтун жышаанын сезип, токтоп калды. Ушул көз ирмемде баланын койнунан суурулуп келе жаткан гранатты көрүп, «жаткыла» деп кыйкырды.Алмаз көмкөрөсүнөн жалп дей жыгылды жерге. Ал ангыча болбой, «банн» деген үн айлананы жаныртты. Алмаздын кулагы тунуп калды. Асманга сапырылган чан тумандай тарап, кайра жерге төшөлгөндө Алмаз акырын башын көтөрдү. Өзүнүн эч нерсе болбогонун түшүндү. Ары жакта тамга жөлөнүп отуруп калган Павловду көрүп жүрөгү түштү. Өлүп калганбы? Акырын туруп анын жанына барды. Бетине чачырап кеткен кан топурак менен жуурулуп, анын жүзү адам тааныгыс болуп калыптыр. Бирок Павлов аман эле экен. Анын бетине ары жакта сулк жаткан ураин жигиттин каны чачыраптыр. Бир колу ийнинен жулунуп кеткен украин жигит жансыз экен. Бала гранатты алыс ыргытканга күчү жетпей калганбы, өзү да жабыр тартып, канга жуурулуп ары жакта жатат. Анын күбүрөнгөн үнүнөн тирүү экенин билишти. Алмаз баланын жанына басып барды.

 – Атам үчүн, атам үчүн, жоголгула бул жерден, – деп шыбырады бала өз тилинде. Алмаздын жүрөгү антарылып кетти. Ангыча артынан тытыраган автоматтын үнү чыкты. Бала бир нече жолу жерден өөдө көтөрүлүп барып кайра түшүп, денеси калбыр болуп тынчып калды. Алмаз эсине келип артын караса, автоматты кыса кармаган Павлов таштай катып калыптыр. Алмаз көргөн көзүнө ишенбей, заматта жер астын үстү болуп, заманасы куурулуп кетти. Бул окуяга жаны кейиген күн да оор булуттун артына жашынып, айлананы күнүрт каптап калды. Адамдардын ушунчалык акылсыздыгына жаратылыштын да жаны кейип, ооруп тургандай болду…

 Ошол окуядан кийин Алмаз оорулуу болуп калды. Демек согуш дегенин ушул экен го. Келгенден бери тынч эле жашап жүргөндүктөн, Афганистанда кан күйгөн согуш жүрүп атыптыр деген кептер жөн эле го деп да ойлоп калчу кээде. Башкалардын окуяларын укканда эмнегедир ишенип ишенбей, эмнеге анда биз тынч эле жүрөбүз деп ойлочу. Жашоосунда биринчи жолу ажал менен бет мандай кезиккени ушу болду. Согуш эч кимди аябайт турбайбы! Баса-турса көз алдынан канга жуурулган баланын элеси, бир колу жок жансыз жаткан жолдошунун элеси кетпейт. Тамакка да табити тартпайт. Түрмөктөшкөн түбү жок ойлор эзет. Эмнеге? Эмнеге? Эмнеге? Ал оюнда баланы да, жоокерди да бейкүнөө каза болду деп ойлойт. Бирок эмне учун? Алардын өлүмүнүн кимге пайдсы бар? Тээ жогору жакта отуруп алышып, он гулунун бири ачыла элек жаш балдарды өлүмгө жумшагандардын максаты эмнеде? Тамга жөлөнүп ойлуу отурган Алмаз Володянын жанына басып келгенин да байкабай калды. Досунун кайгысын кантип бөлүшөөрүн билбей, ал да бушайман болуп жүргөн. Дегеле ал жалгыз гана досунун кайгысы эмес, баардыгынын кайгысы экенин ал жакшы түшүнчү. Өлгөн жоокердин ордунда алардын кимиси да болсо болуп калышы мумкун эле да.

 – Алмаз, кайгыны ой менен жене албайсын, болоору болду, алдыда мындан да жаман окуялар болуп калаарын унутпа, – Володя Алмазды оюнан бөлгүсү келди.

 – Жетишет, болду! Мен мындай согушту каалабайм! – ордунан ыргып турган Алмаз автоматын ыргытып жиберип, жин урган немедей жүгүрүп жөнөдү.

 – Алмаз, токто! – Володя артынан жүгүрдү. Ангыча Алмаз бурула калып Володяны ыргыта чапты. Володя кулап түшкөн жеринен дароо тура калып, Алмаздын жолун тороду.

 – Тур дейм мындай, мен мындай согушту каалабайм, мен көзүм көргөн жакка кетем, анан эмне болсо ошо болсун! Болбосо атып сал мени! – деп бакырды. Ары жактан жете келген жоокерлер Алмазды арандан зорго басышты. Жаратылышынан карылуу жигитке каны кайнап чыкканда күчүнө күч кошулуп, беш-алтоонун айласын кетирип жиберди. Эгерде Алмазды тынчытпаса чон окуя болуп кетээрин жакшы түшүнгөн Володя аны талуу жерге кундак менен бир салды. Алмаз эсин жоготуп жыгылды.

 Ал анткиче болгон жок, бул кичинекей окуя болбой эле чон чууга айланды. Капитан Волков жоокер Акматовдун жоопко тартылышын талап кылды. Совет өкмөтүнүн саясатына каршы чыгып, жоокерлер арасында чуу салды деп айыптады. Полктун жетекчиси полковник Степановго рапорт менен кайрылды. Алмазды штабга чакыртышты.

 Полковник Степанов мандайында турган жоокерди көпкө карады да, күтүлбөгөн суроо берди.

 – Акматов, сен Кырызстандын кайсы жеринен болосун?

 Полковниктен башканы күткөн Алмаз бир саам үндөбөй карап калды. Тигинин тамашалабай эле турганын көргөндө:

 – Ысык-Көлдөн болом, – деп ордунан тура алды.

 – Отур, отура бер, – полковник колун жансады, – эне-атан барбы?

 – Атам бар, энем каза болуп калган.

 – Канча бир туугансын?

 – Үчөөбүзбүз.

 – Акматов, сен жаман ишке кабылыптырсын, өгүнкү сенин жоругунду чыккынчылык катары бааласа болорун түшүндүн беле? – полковник Алмазга тике карады.

 – Жок, жолдош полковник, – Алмаз чынын айтты. Анын көзүнөн чынын айтып атканын сезди полковник.

 – А эгерде түшүнгөн болсон, ошондой кылат белен?

 – Ооба, – Алмаз такалбай жооп берди. Полковник ойлонуп калды.

 – А сен тайманбас экенсин, – полковник баа бергендей карап койду, – мен жоокерлердин ошонусун жактырам, – деди. Алмаз үндөбөдү. Полковник ордунан туруп терезе тушка барды.

 – Айтчы Акматов, сен эмне үчүн бул согушка катышкын келбейт? – тетири карап турган тейден суроо берди полковник.

 – Себеби мен эмне үчүн согушуп атканыбызды билбейм, түшүнбөйм, – деп жооп берди Алмаз.

 – Жүйөөлүү себеп, – полковник оор ушкуруп алды.

 – Мен да ошндой деп ойлойм.

 – Билгин келсе Акматов, мени бул жакка жиберип жатышканда мен таптакыр башкача ойдо элем, эми болсо, – полковник сөзүнүн аягын жутту.

 – Биздин элде, эки дөө кагышса, ортосунда кара чымын кырылат, деген кеп бар, балким ошондой болуп жүрбөсүн? – Алмаз полковникти суроолуу карады. Полковник ордуна келип отурду.

– Жакшы кеп экен, таамай айтылыптыр. Акматов, сен кандай деп ойлойсун, Улуу Ата Мекендик согуштан бул согуштун эмне айырмасы бар?

 – Абдан чон айырмасы бар. Ал согушта кимдин иши акыйкат экени айдан ачык болчу. Биздин мекенибизге баскынчылар кирип келишкен. Ал эми бул жерде болсо, куюшканга кыпчылгандай абалдабыз. Бейкунөө адамдар биз тараптан да, тигилер тараптан да өлүп атышат. Деги биз кимге жардам берип атканыбызды түшүнбөйм такыр! – Алмаз үнүнүн бийиктеп кеткенин сезбей калды. Полковник унчукпай угуп отурду.

 – Акматов, мен сени Союзга жөнөтүп жиберүүгө көмөктөшөйүн, макулсунбу? – деп сурады. Иштин мындай жакка бурулуп кетээрин ойлобогон Алмаз буйдалып калды.

 – Жок, жолдош полковник, таптакыр каршымын, мен бул жерден кетпейм, бирок бир да душман өлтүрбөйм. Ажалым жетсе өзүм өлөөрмүн, бирок өзүм эч кимди өлтүрбөйм, мен коркок эмесмин.

 – Ошондой дечи, эмнеге бир да душман өлтүрбөйсүн?

 – Себеби мен алардын менин душмандарым экенине көзүм жетпейт. Кантип тестиер бала менин душманым болсун? – Алмаздын көз алдына жанын жай алдырбай кубалап жүргөн баланын көз карашы тартылды.

 – Акыр аягы, кайран башка бир өлүм дечи. Акматов, мен сени түшүндүм. Сенин ордунда болгондо мен да ушул жерде акыр аягына чейин калмакмын. Экөөбүз тен мекен алдындагы жоокерлик парзыбызды өтөп жатабыз да, калганын убакыт таразалаар. Сен бошсун Акматов, бара бер, – деди полковник Алмазды мундуу карап.

 – Жолдош полковик, мумкун болсо бир суроо?

 – Бере бер.

 – Капитан мени жазалоону кайра талап кылсачы, андан көрө азыр эле…

 – Аны мага кой, капитан менен мен өзүм сүйлөшөм, – деди полковник.

 – Рахмат жолдош полковник, аман болунуз, – Алмаз полковникти кучагына кысып жибергиси келди, бирок аскердик тартип ага жол бермек эмес. Ордунан туруп полковникке честь берди да чыгып кетти.

 Ошол күндөн тартып Алмаз өлүм жөнүндө таптакыр ойлобой калды. Анын жазаланбай калганына кубанган Володя мурдагыдан да жакын болуп жанынан чыкпайт. Бир аз колдору бошой калса эле экөөнүн сөзү мекенинде калган сүйгөн кыздары жөнүндө. Балким өлүп калсам, сөөгүмдү цинктелген кутуга салып, мекениме жөнөтүп жиберишет. Анан Арсар көчөдөн бирөөлөрдөн менин өлүмүм жөнүндө угат. Эл көзүнө сыр бербегени менен үйүнө келип алып боздоп ыйлайт го, деп ойлойт. А балким тирүү калсамчы? Ал мени күтүп жүрөт болду бекен, же… Оюнун аягына чыгуудан коркот. Андан көрө чын эле өлүп калсам, эч болбосо Арсардын жүрөгүндө түбөлүк жашайт белем?! Ошентип Алмаз ажалды издеп, ажал андан качып жүрдү. Душмандар менен бир нече жолу кыска кагылыштар болду. Бирок Алмаздардын бөлүгүнөн бир да жоокер каза болгон жок. Башка жактагылар жөнүндө ар кандай кептерди угуп калышат. Бир куну Володя Алмазга полковник Степановдун кетип жатканын айтты. Муну укканда Алмаз оор жоготууга учураган кишидей мүнкүрөй түштү. Анын эмне себеп менен кетип жатканын билүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калды Алмаздын. Ошол күнү алардын кошунун баша жакка которууга буйрук келди. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин гана «Полковник Степановдун иши начар экен» деген каншаарды укту. Эми полковник аскердик трибуналга туш болбосо экен деп, Алмаздын канырыгы түтөп кетти.

 

 Арсардын күйүтү акырындык менен мокоп баратты. Убакыт баардыгына дабагер болот деген чын го. Тагдырына моюн сунуп, эми энесин көп ойлой бербей, бөбөктөрүн жакшылап багууну ойлоп калды. Атасы да энесинен кийин боюн таштап, мурдагыдай иштей албай, жүүнү бошоп калды. Эми баардык түйшүк Арсардын мойнунда болуп, чыйралбаса болбосун түшүндү. Бир гана Сауле женеси менен сүйлөшөт. Женеси кызга өтө жакын. Анын көз карашынан жараты айыгып келатканын байкады келин. Кайынсиндисинин көнүлүн бир аз болсо да көтөрүүнү чечип:

 – Кызыке, мен сага бир нерсе айтсам таарынбайсынбы? – деп сурады бир күнү.

 – Жок жене, эмнеге таарынмак элем, айта бериниз, – деди Арсар женесине жылмайып.

 – Би здин айылга жаны агроном бала келбеди беле, билесинби? – женеси шектүү жылмайды.

 – Укканым бар, бирок көрө элекмин.

 – Кызыке, ошол жигит өгүнү мага кезигип, кайынсиндин менен тааныштыр дейт, чычым, – женеси калп эле бетин чымчып койду.

 – И, ал мени кайдан көрүп жүрөт экен?

 – Кайдан көргөнүн ким билет, көргөн го, аябай жактырып калдым дейт. Таанышып көрбөйсүнбү кызыке, ал аябай жөндүү жердин баласы дешет го. Коншу айылдык эле экен өзү.

 – Жене, мага жигиттин кереги жок. Эгерде дагы бир жолу кезиксе ошентип айтып коюнуз, – Арсар кесе жооп берди. Кайынсиндисинин чорт кыялын билген женеси сестенди.

 – Мейли кызыке, ошентсе ошентейин. Бирок сен аны менен бир жолу сүйлөшүп көрсөн болмок.

 – Жене, мен айттым го, мага жигиттин кереги жок. Менин күткөн кишим бар, – Арсар бул сөздү биротоло токтоткусу келип, сырын айтып салды.

 – Апеей, ошондой беле?! – женеси жалдырап карап калды, – кызыке, анан эмне ушул убакка чейин айткан жоксун сен мага?

 – Жене, учуру келбесе эле мен кантип айтат элем сизге? Мына, эми айтып атам го, мага ар кимди кудалаганынызды коюнуз, менин сүйлөшкөн жигитим бар, – айтаарын айтып алып Арсар уялып кетти. Анын жүзү албырып, жүрөгү дүкүлдөп чыкты.

 – И, ал бактылуу жигит ким өзү? Кана айтчы карагым? – женеси Арсардын жанына келип аны белинен кучактады.

– Жене, а сиз эч кимге айтпайсызбы?

– Ой өлүп кетейин, эч кимге айтпайм, мен сенин сырынды качан бирөөнө айтчу элем! – женеси калп таарынып оозун чурмуйтту.

 – Алмаз. Менин күткөн жигитим Алмаз. Ал азыр аскерде, буюрса күздө келет, – деди Арсар энтигип.

 – Алмаз? Кайсы Алмаз? А, тиги сүйлөөк акемдин баласыбы?

 – Ооба, ошол жене, бирөөнө айтсаныз өмүр бою таарынам.

 – Жок кызыке, мен эч кимге айтайм! Мен сен үчүн кубанычтамын! Мен сени жигит менен сүйлөшкүдөй боло элек деп жүрсөм…

 – Жене, тиги агрономго катуу эле айтып коюнуз, мага экинчи сөз айттырбасын.

 Жарайт кызыке, мен эми аны сен жакты карагыс кылам, – женеси Арсарды бетинен чоп эткизип өөп койду. Бирок агроном оной эле багынган жок. Арсарды андып, куру шылтоолор менен алардын үйүнө байма-бай келчу болду. Арсар аны бир көргөндө эле иренжип калды. Бул бир шылуун неме көрүнөт, эмне эле биздикине келип атат, деп кыжырданды ичинен. Бирок тагдыр ага күтүлбөгөн окуя камдап койду.

 Атасын пенсияга чыгарууга документтерин даярдап райондун борборуна барган Арсар ойдо жок жерден Сабырбекке кезикти. Кун кечтеп калгандыктан автобус келээр келбеси белгисиз болуп санааркап турган Арсар. Ошентсе да ушул Сабырбекке кайрылгысы келген жок.

 – Чон кыз, келиниз ала кетейин, эми автобус келээрин кудай билет, – деп жылмандаган жигитке таптакыр каршы болду. Сабырбек кетимиш болуп ары жактан андып турду далайга. Бекетте эл аягы суюлуп, күүгүм кире баштады жерге. Арсар эми чындап кабатыр боло баштады. Кап, жанагы неме менен кете бербей деп ойлогуча болбой, Сабырбек кайра машинеси менен алында пайда болуп калды.

 – Ой, дагы эле кете элексинби? – Сабырбек калп анткорсуду, – кел эми отур, ала кетейин.

 – Мен автобус менен эле кетем, – Арсар кесе жооп берди.

 – Автобус эми келбейт, ушул жерге түнөмөк белен, кел отур, ала кетейин, коркпо, мен тиштеп албайм, – Сабырбек акедей асылды. Арсар ойлонуп калды, чын эле эми автобус келбесе, ушул жерге түнөмөк белем.

 – А сиз жана эле кеттим дебединиз беле? Эмнеге кайра келип калдыныз? – деп сурады Арсар шексинип.

 – А, мен бир кагаздарымды унутуп калыптырмын, ошон үчүн кайра келдим, ырас эле келген турбаймынбы, кел отур, – Сабырбек машиненин эшигин ачып жылмайды. Өнү жылма болгону менен, эмнегедир кишиге жагымсыз неме экен, Арсар ичиркенип алды. Бирок отурууга аргасыз болду. Жолдо ката жойпуланып, ар нерсени сүйлөп, Арсарды сөзгө тарткысы келди Сабырбектин. Арсар анын сөздөрүнө кыска жооп берип, сүйлөшүүгө көнүлү жоктугун билдирип отурду. Райондун борбору менен айылдын ортосу бир саатттан ашык жол. Тезирэээк жетсек экен деп тынчсызданып, терезени улам карайт. Бир убакта машине жүткүнүп барып токтоп калды. Арсар Сабырбекти суроолуу карады.

 – Ой, эмне болуп кетти, май түгөндүбү? – машине эмнеге токтоп калганын Сабырбек өзү да түшүнгөн жок. Түшө калып капотту ачып, бир нерсе кылып, кайра отуруп от алдырса, машине жүргөн жок. Айласы түгөнүп Арсарга күнөөлүү жылмайды.

 – Азыр, азыр онолот машине, – деп кайра капотко асылды. Ошол учурда анын мээсине бир ой келе калды. Калп эле бир нерселерин чукуламыш болуп көпкө турду. Арсардын жүрөгү опкоолжуп, жаны тынч албай, улам коюланып кирип келе жаткан карангылыкты карап отурду. Деги качан онолот мунусу? Сабырбек машинени кайра от адырып көрдү. Машине бир аз дыркылдап туруп өчүп калды кайра. Ал жини менен колундагы чүпүрөктү машиненин рулуна бир урду.

 – Иттики, бу эмне болуп атат деги!?

Машинеден тушуп, аны артынан туртуп, жолдон обочороок жерге койду. Арсар эмне болуп атканын түшүнбөй отура берди. Сабырбек кайра машиеге отурду.

 – Эмне болгонун түшүнбөй атам, бул машинени жаны эле алгам, өзүм да жакшы билбейм кантип ондошту, бир аз отура туралы, балким тааныш бирөөлөр өтүп калабы. Болбосо сени башка машинеге салып жиберейин, – деди кейиштүү. Арсар эмне дээрин билбей унчуккан жок. Айлананы карангы чулгап, машинелер бирин серин эле өтүп жатты. Сабырбек терезеге үнүлүп, тааныштарын издеп аткан киши болуп отурду. Өзүнүн арам оюн ишке ашыргысы келип, Сабырбек эптеп убакытты чоюп атканын сезген жок Арсар. Бир убакта чыдамы кетти кыздын.

 – Мен жолго чыгып жол тосоюн, болбосо бүгүн үйгө жетпей калам го, атам кабатыр болот, – деди.

 – Мейли, тоссо тосуп көрөлү, мен да чыгайын, – Сабырбек кошо чыкты. Бирок жолдогу машинелердин аягы суюлуп, бир-экөө токтобой кетти. Ала жайдын куну болгон менен түнкүсүн аба суук эле болот экен. Женил көйнөкчөн Арсар үшүп кетти.

 – Сен машинеге кирип отуруп тур, мен эле тосоюн, – Сабырбек калп жылмайды.

 – Бир аз жылынбасам, үшүп кеттим, – Арсар машинеге кирип отурду. Бир аздан сон Сабырбек да кирди машинеге.

 – Ичикий, жана күн кайнап атты эле, эми суук болуп атканын кара, – эки ийнин ушаламыш болуп койду, – бирөө жарым чыгып калаар, кан жол эмеспи, кабатыр болбо, – деп жооткотуп койду Арсарды.

– Кап, атам сары сана болуп атат го, эртерээк эле чыксам болмок экен, – Арсар кеч калганына кейип, бирок айласы куруп отурду. Сабырбек кайдан – жайдан сууруп чыкканы белгисиз бир вино алып чыкты.

 – Бир аз жылынбасак болбойт го, – Арсарды карап, мадайындагы алтын тиштерин кашкайтып жылмайды.

 – Жок, мен ичпейм, рахмат, – деди Арсар.

 – Ой бул өзү ичимдик деле эмес, мына, болгону он бир градус, буга мас болуп деле калбайбыз, бирок бир аз жылытат. – деди Сабырбек жандалбастап.

 – Жок, рахмат, мен ичпейм, өмүрүмдө вино ичип көргөн эмесмин, – Арсар караманча каршы болду. Сабырбек стакандын түбүнө бир аз куюп кызга сунду.

 – Мен айтып атам го, мындан эч нерсе болбойт, бул сок сыяктуу эле, эгерде ичпесен, жол тоспой коём анда, – деп оюн – чындан коркутту.

 – Жок, мен ичпейм, тоспосонуз, мен өзүм эле тосом, – деди Арсар. Бул ото текебер неме го, деп ойлоду Сабырбек ичинен. Шашпа, эми сени колдон чыгарып жиберсем ит болбоймунбу.

 – Мейли, ичпесен ичпей эле кой, жөн эле бир ууртап ооз тийип койчу, сунган колду суутпай, – деди Сабырбек таарынгансып.

 – Болуптур, бир эле ууртап берейин, – Арсар тигинин, сунган колумду суутпа, дегенинен уялып кетти. Стаканды колуна алып бир ууртайын дегиче, Сабырбек анын колун бекем кысып, стакандагы винону Арсардын оозуна куюп жиберди. Арсар какап-чакап чон ууртап алды.

 – Бул эмне кылганыныз!? – жини менен стаканды ыргытып жиберди. Сабырбектин өнү замата өзгөрүп, көздөрүнүн чаары чыгып калыптыр. Аны көрүп Арсардын жүрөгү түштү. Ал эсине келгиче болбой Сабырбек аны жулкулдата кучагына кысты.

 – Келчи бери мага, канчадан бери суусатып жүрөсүн деги? Сен эмне, кол тийгис немесинби? – деп кыздын каршы болгонуна болбой, аны аймалап жиберди.

 – Коё бер дейм, болбосо азыр же сен өлөсүн, же мен өлөм! -Арсар Сабырбектин кучагынан бошонууга аракет кылды. Бирок тиги канча кылса эркек да, аны кучагынан бошотмок тургай, ого бетер катуу кысып, өпкүлөй берди. Вино денесине тарап, Арсардын башы айлана баштады. Денеси акылына баш ийбей, колдорунун алы кетип, эмнегедир эркине каршы уйкусу келе баштады. Айлананын баары көчүп, көздөрүн канчалык чон ачууга аракет кылса да ача албай баратты. Сабырбек да өзүнө өзү жооп бере албай, козголуп калган делебесин тыя албай, кызды арыдан бери жулмалап чечинте баштады. Арсар таптакыр каршылык көрсөтүүгө жөндөмү жок сулк жыгылып калды. Сабырбек виного уктаткан дары кошуп, жана эле ушуга дарданып койгон. Дарынын күчү ишин кылып, Арсар уктап калды…

 

 Поезд күшүлдөп, чарчаган аттай бышкыра токтоду. Бекеттин ичи-тышы толгон эл, жөнөп жатканы, келип жатканы. Чакан дипломатты колуна кармаган Алмаз, поезд токтоп– токтой электе эле секирип түштү. Ошентип Афганистан артта калды. Ал жерден кетип жатканына сүйүнүп турса да, кандайдыр бир жүрөгүн өйүгөн нерсе жан дүйнөсүнө тынчтык бербей, кунарсыз боз талаага көз чаптырып, ичи уйгу-туйгу болуп, бир үшкүрүп алган. Антпей анан, канча адамдын каны төгүлдү ушул жерде, канчасы дайынсыз жоголду, канчасы мүчөлөрүнөн ажырап, түбөлүккө майып болуп калды. Алмаз денесинен жаракат албаганы менен, жүрөгүндө, ан-сезиминде өчпөс так калды. Туулган жердин анкыган жыпар жыты ошол ичиндеги бушайманын жууп жибергенсиди. Тагдырдын бул буйругуна ыраазы боло, көкүрөгүн кере дем алды да, автобекетти көздөй жөнөдү. Ал жерден автобуска отуруп, көлгө бет алды. Боомго келгенде, көлдүн тентек абасы аны утурлай чыкты. Автобустун терезесин ачып алып, ойлуу келе жаткан Алмаз копшолуп алды. Айылына улам жакындаган сайын сагынычы артып, деми делбирейт. Оюна кылт этип четин түшө калды. Кантти экен, бирөө кыйып салган жокпу деги? Көйкөлгөн асылым, баягы мен кетип аткандагыдай болуп, турат го көйкөлүп. Мына эми, буюрса кайрылып келе жатам! Мени сени менен Арсар гана күтүп жатасынар, билем. Арсарды ойлогондо жүрөгү дүкүлдөп, кетип жатканда коштошкон түндүэстеди. Кыздын жытын жыттоону энсеп, көзүн жумуп, магдырады.

 Айыл четиине келгенде автобустан түшүп калды. Күзүндө муздай түшкөнүнө карабай, туз эле жээкке барды да, үстүндөгү кийимин ыргытып салып, көлгө секирди. Миндеген ийнелер тызылдата сайгылап, жол журуп шалдырай түшкөн денесин заматта чыйралтты. Ушуну канча энседи! Кагылайын касиеттүү көлүм, сени энсеп канчалаган адамдар, канчалаган жол басып келишет жылда! Эгерде сенин кудуретин, касиетин ушунча кучтүү болбогондо, алар эмнеге убактысын, акчасын сарптап келет эле? А мен болсо эми сага жол арытып, акча сарптабай эле каалашымча түшөм! Мен дүйнөдөгү эн бактылуу адамдардын биримин го! Алмаз моокуму кангыча ары-бери чабак урду. Качан гана үшүй баштаганда көлдөн чыкты.

 Айылдагы үйүнө баргысы келген жок. Атам азыр сөзсүз мас болсо керек, түз эле тоого жөнөйүн деп чечти. Айыл четиндеги тоого кетүүчү жолго түштү. Арышын кенен таштап, Калдар акеникине үч сааттын ичинде кирип барды. Анын келишин күтпөгөнгөбү, кечки тамакты ичип бүтүшүп, жатууга кам уруп калган үйдөгүлөр, шарт кирип келген Алмазды карап дендароо болуп калышты.

 – Алмаз? – биринчи болуп Кубан эсине келди.Жүгүрүп келип Алмазга секирип, аны кучактап калды. Анын артынан калгандары үймөлөктөшүп, Калдар аке ордунан туруп калдандап тигилердин кайсы жеринен Алмазга жакындаарын билбей туруп калды. Алмаз тигилердин кучагынан бошонуп, Калдар акесин ордунан так көтөрүп, тегеретип жиберди. Баары шатыра шатман күлүп калышты.

 Сагынычтарын таратып, Алмазга суроолорду үстөккө– босток беришип, ал түнү танга жуук жатышты.Эки жылдан бери канбай келаткан уйкусун түгөтө уктаган Алмаз сергек турду. Тышка чыкса, күн небак жаа бою көтөрүлүп, анын турушун күтүп жылмайып турган экен. Ээсин сагынып калган күчүктөй, этек женине асылып, жанынан кетпей айланып, жорткон тоонун салкын абасы Алмаздын артынан калбай ээрчип жүгүрдү. Мамыда байланып турган тору, келип калдынбы, дегенсип, турган ордунда туйлап, кошкурук салды.

 – О, жаныбарым, сен келишкен сулуу жигит болуптурсун го! – Алмаз торуну жонунан, тумшугунан сылап учурашты. Тору да сүйүнгөнүн билдирип улам ага карап башын чулгуп эркеледи. Торуну мамыдан чечип, ага жайдак секирип минди да, кокту ылдый чаптырып жөнөдү. Жел менен жарышкан ат арышын кубанычтуу таштап, тизгин тарттыбай эле четинге жете келип токтоду. Четинге жакындай бергенде, балким четин түбүндө энем күтүп турбасын, деген ой санаасын сапырып жиберди Алмаздын. Жалгыз телмирип турган четинди көргөндө деми басылып, эмелеки жалган умут калп айткандыгы үчүн коркуп кеткен немедей кырдан ашып жашынды. Алмаз аттан секирип түштү. Четин картайып кеткен өндүү. Анын барпайып, туш тарапка тарап өсүп аткан бутактарынан аяр сылап, «сенин да болсо аман турганына шүгүр» деп каниет кылып койду. Четиндин түбүндө далайга отурду. Тоонун абасы ага дем-куч берип, эми буюрса ушул улуу тоолордон эч жакка кетпейм деп ойлоду.

 Алмаз кайра келсе, Калдар аке небак эле бир койду сойдуруп, казанга салдырып коюптур. Тегеректеги чабандар бирден-экиден агылып Алмаз менен учурашканы келип атышты. Өзү тааныгандардын баарын аман көргөнүнө сүйүнүп, Алмаздын көнүлү болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Эл деген жакшы экен го!Улам бирөө кайра башынан мурункулар берген суроолорду берип, Алмаз кайра башынан аларга жооп берип отурушуп, кундун кандай өткөнү билинбей калды.

 – Ой сен жөн эле батыр болгонсун го! Эки ийнине эки киши отургудай болуптурсун го! – Кубан Алмаздын аябай чоноюп, чыналып келгенине суктанып бүтпөйт. Өзүнүн аскерге жарабай калганына ичинен тымызын ичи ачышып тургандай. Алмаз да анын абалын сезип:

 – Кубан, мен сага ушундай көнүгүүлөрдү үйрөтөм дейсин, сен менден да чон, менден да күчтүү болосун, – деди чын дилинен. Оюнда чын эле Кубанды машыктырмай болду. Элдин келгенине канчалык сүйүнүп турса да, күндүн батышын андан да күттү Алмаз. Оюнун баары Арсарда болуп, аны барып көргүсү келип, керек болсо аны дароо эле ушул тоо койнуна алып келип алгысы келди. Калдар акеси анын үйлөнүшүнө каршы болбосун билди. Каршы болмок тургай сүйүнөөр! Ооба, Арсар каршы болбосо аны дароо алып келип алууну чечти. Эл тарап, күн тоо башына энкейгенде Алмаз торуну токуп минди да, айылды көздөй жөнөдү.

 Арсар болсо Алмазды мурункудай күтпөй калды. Аны бирөө алмаштырып койгондой болуп, таптакыр башкача болуп калды. Анын эмне болуп жүргөнүн эч ким билбей баары эле бушайман. Женеси да анын эмне болуп атканын билбейт. Алмаздын келгени айылга бат эле жетиптир. Сауле аны угаары менен Арсарга жетип келди.

 – Кызыке, сүйүнчү, – деди босогодон эле. Арсар эч нерсе түшүнбөгөн көздөрү менен жалдырай карады женесин. Сауленин бүткөн бою дүркүрөп чыкты. Деги мунун акыл-эси ордундабы?

 – Кызыке, сүйүнчү, Алмазын келиптир аскерден! – кыздын көзүн жалдырай карап, үнүн басандатып айтты женеси. Арсардын өнү бир саам гана өзгөргөнсүдү. Ага бул жанылык кубаныч эмес эле, өкүнүч алып келгендей. Андан сон үнсүз үйгө кирип кетти да, бекинип алды. Эч нерсеге түшүнбөгөн Сауле бир топко чейин далдырап турду да, бир үшкүрүп алып, аргасыз чыгып кетти. Арсар адегенде уккан жанылыгынын терен маанисин жете албай, жүккө жөлөнүп мелтиреп көпкө отурду. Алмаздын кашкайган аппак тиштерин жайнатып кулуп турган элеси көз алдына келгенде, мөлт этип жашы төгүлдү. Анан өзүн кармана албай, бетин басып буркурап ыйлап жиберди. Көпкө ыйлап, көкүрөгү сууган сон, бир барак кагазга Алмазга деп кат жазды. Катка болгон окуяны баяндап, аны күтө албагандыгы учун кечирим сурады. Катты конвертке салып,ал конвертти дагы башка конвертке салып,экинчи конверттин ичине катты Алмазга берип коюусун өтүнүп, Сауле женесине тил кат жазып салды. Анан анын тышына «Сауле женеме» деп жазды. Андан сон сандыктан таза кийимдерин алып чыгып, которунуп кийинди. Андан сон энеси ичип түгөтпөй калган бир куту дарыны колуна алды да, төрдө илинип турган энесинин сүрөтүн карады.

 – Энеке, кечир мени, мен жашоого татыксызмын. Мени тосуп ал эне, мен сага баратам, – деп шыбырады. Кутудагы дарынын баарын алаканына салып, бир саам тиктеп турду да, баарын оозуна салып, артынан бир чыны суу жутуп алды. Анан кайра жүктүн түбүнө барып отурду. Алмаз аскерге кетээр түнү коштошконун, ага «мен сени өмүр бою күтөм» деп берген антын эстеп, жүрөгү жанчылды. «Сени күтө алган жокмун алтыным, кош бол эми» деп шыбырады. Башы аздан айланып, көзү карангылай баштады. Көзүн канчалык ачууга аракет кылса да, кирпиктери чапталышып, уктап бара жатып, эшикти бирөөлөр данылдатып жатканын кулагы эшитти…

Алмаз айылга жеткиче карангы кирип кетти. Адегенде атасына барып учурашууну чечти. Бирок атасы үйдө жок экен. Эшик алдындагы тепкичке бир аз отурду да, үйгө кирүүнүн деле эмне кажети бар деп, кара кулпуну бир карап коюп, туруп кетти.Тору илкий басып Арсардын үйүнүн жанындагы чон терекке келип токтоду. Алмаз көргөн көзүнө ишенбей, алдасы оозунан түшүп туруп калды. Так эле өзү аскерге кетип аткан күндөгүдөй, Арсарлардын үйүнүн баардык терезелеринен жарык күйүп туруптур. Эшик алдында тез жардамдын машинеси да турат дал ошондогудай. Бул эмнеси? Алмаз ойлонуп калды. Энеси дагы ооруп атканбы? Аныча үйдөн топ киши чыгып, бирөөнү тез жардамга салышты да, кайра топурап үйгө кирип кетишти. Тагдыр дегенин өзү тамашакөй болот го, так ошол күнкүдөй болуп, көчөдө сербейген жалгыз караан калды. Арсар го деп ойлоду Алмаз.

 – Арсар, Арсар, бери келсен, – деп чакырды акырын.

 – Ким бул? – одоно чыккан үндөн, караандын Арсар эмес экенин тушунду Алмаз.

 – Мен, – Алмаз буйдала түштү, – мен Алмазмын.

 – Алмаз?! – тиги караан таныркай сурады. Анын үнүнөн не кубанычтын, не өкүнүчтүн доошу угулду.

 – А, мен, тиги, Арсарга кезиксемби дедим эле, – Алмаз кандай кылаарын билбей күнкүлдөдү.

 – Алмаз болсон бери келчи анда.

 – Эгер мумкун болсо Арсарды эле чакырып койбойсузбу? – Алмаз акырын тиги караанга жакындады.

 – Ооба, ошол Арсар жөнүндө айтайын дегем, ал кичине сыркоолоп азыр доктурга алып кетишти, – Сауле ызаланып ыйлап жиберди.

 – Эмне болду сизге? Же Арсар ошончо эле катуубу? – Алмаз үнүнүн калтырап кеткенин сезбей калды.

 – Ооба, ал ууланып алыптыр шордуу.

 – Ууланып дейсизби? Эмнеге?! – Алмаз кыйкырып жиберди.

 – Дары ичип ууланып алыптыр кургур, эгерде убагында көрбөй калсак өлүп калмак экен шордуу. Өзү өлгүсү келген го, – Сауле ыйын тыя албай шолоктоду.

 – Сабыр кылыныз эми, ага ошончо бир нерсе себеп болгон го, болбосо эмнеге антет эле? Сизге айткан жокпу себебин?

 – Мага кайдан айтат эле, айтса мен билет элем да эмне болгонун, ал сага кат жазып таштаптыр, балким ошол катта жазылуу себеби, – деди Сауле жашын сүртүп.

 – Кат дейсизби? Магабы?

 – Ооба, сага кат жазып таштаптыр, сен тура тур, мен алып чыгайын, – Сауле шашылып кирип кетти.

Ал катты алып чыккыча бир кылым өткөндөй болду Алмазга.

 – Мына, – Сауле төрт бүктөлгөн кагазды сунду.

 – Рахмат, жакшы турунуз анда, мен кетейин, – Алмаз Сауленин жообун күтпөй атка секирип минип, чаап жөнөдү. Эми мунусу да бир нерсе болбосо экен, Сауле Алмаздын караанын узатып туруп калды.

Жараланган аюудай четиндин түбүндө көпкө отурду Алмаз. Эми эмне болот? Ушундай да болобу? О, кудай, эмнеге менин тилегимди орундаткан жоксун? Мен кимге ушунча жамандык кылдым эле? О, кудай, бар экенин чын болсо Арсарды аман алып кала көр! Кааласан менин жанымды ал! Эмне учун абийирсиз бирөөнүн айынан күнөөсүз адам жабыркашы керек? О кудай, барсынбы деги сен?! Жүрөгүн эзген кусалык көкүрөгүн тытып, өрттөп, тебелеп-тепсеп атты. Мен өч алышым керек, мен Сабырбекти жер менен жексен кылам, андан ары эмне болсо ошо болсун! Ушул оюна эрдемсип, ордунан труду да атты минди. Жерге жаныдан тан супа салып келаткан эле.

 

 Арсардын ууланып, доктурга жатканын угуп, Сабырбектин төбө чачы тик турду. Эми эмне болот? Эгерде өзүнүн кылганы билинип калса, башы менен жооп берээрин жакшы түшүндү. А эгерде өлүп калсачы? Жүрөгү таштай муздап, эмне кылганы эми мээсине жетти. Кандай кылышым керек? Ары-бери басып көпкө ойлонду. Ит болгон турбаймынбы, эми кантем? Эгерде ал бирөө-жарымга болгон ишти айткан болсо, бери дегенде он жылга кетем! Жүрөгү дүкүлдөп, азыр эле аны милисалар кармап кетчүдөй болуп, эки жагын элендей карады. Ай, бирок кишиге деле айта койбос. Кантип айтат? Бирок ким билет? Эми кандай кылам? Али эрте болгодуктан кенсеге эч ким келе элек эле. Бир убакта аттын дүбүртү угулуп, кенсеге шашылып кирип келе жаткан кишинин дабышы чыкты. Жүрөгү түшкөн Сабырбек келе жаткан адам жамандык алып келе жатканын сезди. Жашына калайын дегиче болбой, анын кабинетине Алмаз кирип келди. Бопбоз болгон өнүнөн жини кайнап турганы көрүнүп:

 – Сабырбек деген сенсинби? – деп бакырды.

 – Ооба, – Сабырбек калтырап чыкты.

 – Ме, оку момуну, – Алмаз чөнтөгүнөн катты алып чыгып, Сабырбекти бетке чапты.

 – Бул эмне? Сен кимсин? – Сабырбек эмне болгонун түшүнүүгө кудурети жетпей, көздөрү чамгарактап, шаштысы кетти.

 – Менин ким экенимди эмне кыласын? Эми кудайдан тиле Арсардын өлбөй калышын, болбосо сен да жашабайсын бул жашоодо! – Алмаз кармана албай Сабырбекти кекиртектен алды. Анын карылуу колдору Сабырбектин мойнун кычырата кармап, жулуп салчудай болду. Сабырбек дем ала албай көгөрүп чыкты.

 – Эми түшүндүнбү менин ким экенимди? Ушул чирик башынды бир толгоп жулуп коём! Акмакчылык менен Арсарга кол тийгизгидей сен кимсин? Сен эки аяктуу айбансын! Сендейлер жашоого татыктуу эмес! Эгерде Арсар бир нерсе болсо, сени жердин жети катарынан таап туруп жок кылам! – Алмаз Сабырбекти полдон так көтөрүп туруп ыргытып жиберди. Тамга бир урунуп, анан полго сулк кулап түштү Сабырбек. Көпкө чейин эсине келе албай, деми кырылдап чыгып кыйналды. Бир аз болгондо өлүп калмакмын го, бул кайдан чыга калган неме деп аран эсине келди. Тигинин чыгып кеткенин көрүп, акырын ордунан турду. Ооруп калган мойнун улам ушалап, ушул тапта кенседе эч ким жок болгонуна тобо кылды. Эми кандай кылам? Демек кат жазып кеткен тура, өлбөй калганы абийир болгон турбайбы, болбосо бул мени азыр эле өлтүрүп салмак экен. Өзүнүн аман калганына алда недей сүйүнүп, бирок эми бир айла кылбаса майып болуп калаарын ойлоду. Милисага берсемби деген оюнан дароо кайтты. Себеби милисага берсем, тиги катты көрсөтсө, өзү да жоопко тартылып, оной эмес мөөнөткө кесилип кетээрин түшүндү. Бир убакта оюна бир чечим келди. Ооба, ошондой кылыш керек, башка арга жок.Сабырбек кенседен чыгып, үйунө жөнөдү. Эшик алдынан кезигип калган секретарь келинге бүгүн жумушка келе албасын айтты. Сабырбектин кебетесин көрүп чочулаган келин, аны артынан анырая карап узатып кала берди.

 Сабырбек башын жерге салып унчукпай отурду.

 – Иттин баласы, ушуну кылмак белен? Эл караган бетимди жер караттын! Ысмайыл куданын бетин кантип карайм эми? – атасы жанын коёрго жер таппай үй ичинде ары бери баса берди.

 – Болдучу эми атасы, балан жаштык кылды да, балким баары жакшы болуп кетээр, – Сабырбектин энеси астыртан унчукту.

 – Бас жаагынды шуркуя! Ушул сенин трабиялаган балан! Кудалашкан жерге эмне деп жооп беребиз ыя? Алар деген аттуу– баштуу жер, бизди эки чайнап бир жутаарын түшүнөсүнбү ыя?

 – Анан эми баландын кесилип кетишин каалайсынбы? Кесилип кетсе деле албай калат ал Ысмайылдын кызын. Сен өзүн түшүнүп атасынбы деги абалды?

 – Анда эмесе алып бер ошол шуркуяны, ал кайсы тарбия көргөн кыз дейсин? Тарбия көргөн неме болсо ушинтет беле? Кунаажын көзүн сүзбөсө, болду да! – атасы колун шилтеп чыгып кетти. Сабырбек башын көтөрүп энесин карады. Энеси ойлонуп калды үндөбөй.

 – Эне, мен доктурга барып келейин, – деди Сабырбек бүжүрөп. Энеси аны бир карап коюп унчукпай отуруп алды. Эми энесинин да жинине тийип алуудан корккон Сабырбек кайра жер карап отуруп калды.

 – Балам, ушул кылган иттигиндин азабын өмүр бою тартаарынды түшүнөсүнбү? Эми ошол кыз сага тийүүгө макул болсо жакшы, болбосо шорун катат го, – энеси токтоно албай ыйлап жиберди.

 – Эне, мени кечирип коюнузчу, – Сабырбек ооз учунан мынкылдады.

 – Мен кечиргенде эмне? Мен кайда бармак элем сени кечирбегенде! Сени кудай кечирээр бекен? Ошону ойло эми. Кудайдын каарына калыптырсын балам! – кемпир ордунан туруп, баласын акшырая бир карап, чыгып кетти.

 

 Четин түбүндө көпкө отурду Алмаз. Эми кандай кылышым керек? Же ушул жерден көзүм көргөн жакка басып кетсемби? Жок, болбойт, качып кайда барам? Эми мен Арсардын айыгып кетишин күтүшүм керек. Мен эми аны менен чогу кетем. Балким Москвадагы Володя досума барам. Володя мага сөзсүз жардам берет. Ооба, ошентейин. Эми Арсарга деле бул жерге калуу оной болбойт. Мен аны ооруканадан чыгаары менен алып кетем. Кой, андан көрө ооруканага барайын. Ал кантип калды экен? Балким бир нерсе керектир. Алмаз ушул оюна бекиди да ордунан туруп торуга минди.

 Райондук ооруканадан Арсар жаткан бөлүмдү тапты. Бирок аны Арсарга киргизбей коюшту.

 – Азыр ага кирүүгө болбойт, анын абалы абдан жакшы боло элек, – деди Арсардын дарыгери.

 – Балким ага бир нерсе керектир, мен айтканынардын баарын аткарам, – Алмаз Арсар менен сүйлөшө албай калганына өкүнүп, эч болбосо ага колунан келген жардамын бергиси келди.

 – Жок, ага эч нерсенин деле кереги жок, ага болгону тынчтык керек. Ал эч кимди көргүсү келбегени түшүнүктүү. Мындай окуяга душар болгон адамдардын биринчи ирээтте мээси жабыркайт. Анын үстүнө Арсар уктаткан дары ичкен, андай дарылар адегенде мээнин иштешин жайлатат. Ал өзү да эч кимди киргизбөөбүздү суранган, ал түгүл атасын да киргиздирбей койду.

 – Ошондойбу? Демек ага кайра өзүнө келүүгө көп убакыт талап кылынат экен да?

 – Туура айттыныз, эми анын дартын убакыт гана дарылайт. Баса, ага ошондой ишке барууга эмне түрткү болгонун билбейсизби? – дарыгер Алмазды сынай карады, – анын жакындары да эч нерсе билишпейт экен.

 – Жок, мен деле билбейм эмне болгонун, – Алмаз калп айтып жатканым билинип калды го деп бушайман болду. Дарыгер анын баарын билээрин түшүндү.

 – Болуптур анда, айткыныз келбесе жөн коюнуз. Эми анын эч деле мааниси жок го. Ал эсине келе электе көпкө жөөлүдү. Ошондо улам эле «Алмаз, кечир мени» деп кайталай берди. Ошол Алмаз сизсиз го деп ойлогом, – деди дарыгер кейиштүү. Алмаз башын жерге салды.

 – Ошол Алмаз менмин, кечирип коюнуз, бирок мен айта албайм эмне болгонун, – деди Алмаз.

– Болуптур анда, эгерде ошол Алмаз сиз болсонуз, анда сиз эми убара болуп келе бербениз. Ал эми өнгөдөн да сизди көргөнгө кудурети жетпейт азыр. Ишенип коюнуз, мен муну билген учун айтып жатам. Мындай учурда адам өзүн кимдин астында күнөөүү сезсе, ошол адамына жолуккусу келбейт. Ага жолугуу өтө оор болот. Аны коргөндө кайрадан депрессияга тушуп кетиши мумкун. Ошондуктан сиз сабырдуулук кылышыныз керек. Мындай ооруларды убакыт гана дарылай алат, чындыгында биз деле аз жардам бере алабыз, ошондуктан кутунуз, – деди дарыгер.

 – Болуптур, рахмат сизге, мен түшүндүм баарын, – Алмаз ордунан туруп, дарыгер менен кол алышып коштошту, – жакшы турунуз, мен эми канча болсо да күтөм.

 – Жакшы барыныз, ошенткениниз он болот, – дарыгер Алмаздын баарын туура түшүнгөнүнө көзү жетти. Алмаз чыгып кетти. Эми күтүү керек. Мен канча керек болсо ошончо күтөм эми. Ооба, дарыгер туура айтат, ал азыр өнгөдөн да мени көргүсү келбейт. Бирок эмнеге менин алдымда өзүн күнөөлүү сезет? Күнөөлүү адам башка да. Эми мен ал шүмшүккө жашоо бербейм, Алмаз кандайча муштумун туйуп, кычырап жибергенин сезген жок. Автобуста анын жанында отурган аял, анын бул кылыгына таныркай карап койду.

 Алмаздын бир нерсеге өтө бушайман болуп жүргөнүн Калдар аке сезди. Бул балага эмне болду деги? Келгенде жакшы эле келди эле, бул жерден бир жаман ишке кабылып алдыбы? Кой, эмне болуп атканын билиш керек, деп ойлоду. Бир күнү кечинде үйдө Алмаз экөө жалгыз калганда, акырын сөзүн баштады.

 – Э балам, бу сен эмне эле болуп жүрөсүн? Бир нерсеге капа болуп жүрөсүн го. Мен сага жардам бере аламбы? – деп сурады. Мындай суроону күтпөгөн Алмаз буйдалып калды.

 – Жок, мен эч нерсени деле ойлогон жерим жок, – башын жерге салды.

 – Э балам, мен жер үстүндө ушунча жыл бекер жашады дейсинби? Алдагы көзүндөн эле көрүп турбаймынбы бир нерсе болгонун. Сен антип өз азабынды өзүн тартып жүрө бербей, мени менен кенешсен, балким мен жардам бере алам сага, – Калдар аке Алмазды мээримдуу карады, – балам, мен сени өз баламдай көрөм, эгерде мага ишенсен айтчы эмне болгонун?

 – Ата, мен сизге кантип ишенбей калайын, сиз деле мага өз атамдайсыз, – Алмаз мукактанып сөзүнүн аягын жутту.

 – Э балам, алынды сураган адамга арманынды айт, деген. Сенин абалынды көрүп мен да бушайман болуп атам, бирок айткын келбесе мажбурлабайм, балким ал жеке өзүнө тиешелүү сырдыр, – Калдар аке сакалын сылап отуруп калды. Таарынып калдыбы, Алмаз астыртан акырын карады. Бирок карыянын жүзүнөн тарыныч деле көргөн жок, түйшөлүп отурганын сезди. Эми кандай кылышым керек? Кантип айтам? Айтпай коюуга да болбой турат.

 – Ата, мен үйлөнөйүн деп атам, – Алмаз болгон демин чогултуп сүйлөдү.

 – Ыя? – ойго чомулуп кеткен карыя чочуп кетти, – үйлөнөйүн дейсинби?

 – Ооба, үйлөнөйүн деп атам. Бирок үйлөнгөндөн кийин бул жерге калбашым керек.

 – Э кокуй кун, бул эмне дегенин? Үйлөнгөнүн жакшы, мен өтө кубанычтамын балам. Андай болсо ойлонуп жүрө бербей, бая эле айтсан болмок. Бирок бул жерден кетем дегенин кандай? Эмне учун кетесин? Же бизге оорчулук болот деп атасынбы?.

 – Жок ата, силерге оорчулук болот деп ойлогон жерим жок, бирок кетүүгө туура келет. Мен анын себебин айта албайм. Ата, мен өзүм үчүн эмес, ошол ала турган аялым үчүн кетишим керек бул жерден, – Алмаз эми башын көтөрүп Калдар акеге тике карады. Анын чын айтып атканын түшүндү карыя.

 – А, балам, болуптур анда, үйлөнсөн үйлөн, сени үйлөнтүп коюуга кудуретим жетет. Өзүндүн тапкан эмгегин деле бар. Эгерде кетүүгө туура келсе кетесин да, бирок мага ушул жерде болгонунар эле ырас болот эле. Үйлөнүп алсан өзүнчө бир короо кой алып багып, жер алып, үй салып дегендей, өзүнчө түтүн булап отурукташсан болот эле да. Бирок эми шартына кара, -карыя өзүнүн жаш кездеги бир кылыгын эстей калды, – андай болсо качан үйлөнөйүн деген оюн бар?

 – Мен үйлөнө турган кыз азыр ооруканада, ошол чыгып келээри менен эле үйлөнсөмбү дейм.

 – А, ошондой де, анда тойдун камылгасын көрө берели. Ал кыз кайсы айылдан?

– Ал биздин эле айылдан, – Алмаз башын жерге салды кайра.

 – Биздин айылдык болсо жарасы женил экен го. Балам, антип башынды жерге сала бербей, намыскөй бол, көтөр башынды. Үйлөнгөндүн эмнеси уят экен. Эл катары эле болосун, баары жакшы болот! Калынына тиги чабдар атты жетелеп барам өзүм, тыйын– тыпыр деле бар, – Калдар аке Алмазга дем берди..

 – Рахмат ата, өмүр бою унутпайм жакшылыгынызды, – Алмаз башын көтөрдү, – биз бир аз убакытка кете турушубуз керек, бирок кайтып келебиз сөзсүз.

 – Балам, өз тагдырын өзүндүн колунда, кете турсанар кете тургула, шаарды да барып көргүлө, – Калдар аке кетели деген Алмаз ала турган кыздын шарты го деп ойлоду. Болбосо өз ыктыяры менен кете койбойт эле бул жерден. Алмаздын тоого кандай берилгендигин жакшы билчу Калдар акеси.

 – Рахмат ата, мен Кубанга барайын, жаан жааганы калды го, койду тосушуп келейин, – Алмаз ордунан турду. Калдар аке үнсүз башын ийкеп койду. Алмаз эми санаасы тынгандай, шайдоот чыгып кетти.

 Сабырбек да тойдун камылгасын көрүп безеленип журду. Бирок көчөгө чыккандан коркот. Баягы неме дагы кезигип калабы деп ойлогондо жүрөгү ылдыйлай түшөт. Ошондогу мойнунун ооруганы алигиче тарай элек. Атасы аны кемирип– кескенин токтотпой, анын башка кызга үйлөнөөрүнө ошол кыз күнөөлүү деп, келе элек келинине да жини келип жүрдү. Бир гана энеси ичинен сызып, унчукпайт. Ал баардыгына өзүнүн баласы күнөөлүү экенин жакшы түшүндү. Баласынын женил ойлуу болуп калганына абдан өкүнөт. Бирок Сабырбекти атасынын да, энесинин да абалы кызыктырган жок. Анын оюнун баары Арсарда болду. Эми ал мага күйөөгө чыгууга макул болсо экен, болбосо же кесилип кетем, же өлүп жаным тынат го, мени кайсы шайтан сайды экен, деп ойлору түмөн. Анткен менен Арсарда көнүлү деле бар. Ал чынында эле Арсарды жактырчу. Арсардын атасын жумушка чакырып, алардын үйүнө барганда, короодо кир жууп аткан Арсарды биринчи жолу көргөн. Арсар анын келгенин да байкаган эмес. Ошондон кийин Арсарга кандай да болсо жетишим керек деген максатты койгон өзүнө. Бирок Арсар ал жөнүндө уккусу да келген жок. Ошондо ал ага жетуунун башка жолун ойлогон. Ал кылыгынын аягы ушундайча болоорун эч ойлогон эмес. Арсарга үйлөнгүсү келсе да, атасынын каарынан коркчу. Атасы аны эбак эле өзүнүн жакын досунун кызына кудалап койгон. Ал кыз деле керилген сулуу кыз. Бирок Сабырбектин көнүлү эмнегедир Арсарда болуп туруп алды. Акыры өзү жарга такалганда атасына да баарын ачык айтууга мажбур болду. Эми минтип тойго даярданып жүрөт. Бир эсе Арсарга акыры үйлөнөөүнө сүйүнүп да жүрөт. Бирок болбой эле жүрөгүнүн башында бир бүдөмүк бар. Арсар мени сүйө алабы эми, деп ойлогондо дүнүйөсү тарып кетет. Ал Арсарды алган күндө да андан өзү энсеген жылуулукту ала албасына көзү жетип, ичинен ызасы кайнайт. Жанагы далдайган немеге кат жазып кетсе, демек көнүлү ошондо экен го. Эгерде ошо кат болбогондо Арсардын ичин куйгузуп, балким тиги кызды эле алып алат элем, деп ойлойт чолок акылы. Райондук оорунканага байма – бай катап атып акыры Арсар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

 – Арсар, кечир мени, мен сага үйлөнөт болчумун да. Сен эмнеге ушундай кылдын? – Арсардын алдында бүжүрөп отурду Сабырбек. Арсар буга чейин да көп ойлонгон. Сабырбектин келип жүргөнүн укканда бир чечимге келген. Ал Сабырбекке чыгууну туура тапты. Эмдигиче айыл ичинде ушак– айын желче тараса керек. Эми атамдардын абийирин коргош үчүн Сабырбекке тийишим керек, башка жол жок деп ойлоду. Өлбөй калганына ичи ачышып, эми ага мындан аркы жашоосу кандай болоору баары бир болуп калды.

 – Макул, мен сага чыгам. Бирок менин бир шартым бар, – деди Арсар көп сүйлөп отургусу келбей.

 – Эмне шарт, айта бер, мен баардыгына макулмун, – Сабырбек сүйүнгөнүнөн ордунан тура калды.

 – Мени, мен ооруканадан чыккан күнү алып кетесин. Үйдөн, атамдан колумду сурап алып кетесин, шартым ушул, – деди Арсар Сабырбект карабай. Ооруканадан чыккандан кийин Арсар бир күн да үйүндө калгысы келген жок.

 – Ой, мен сени ушул жерден деле алып кетүүгө даярмын, ошол элеби! – Сабырбек сүйүнгөнүн жашыра алган жок.

 – Жок, ушул жерден алып кетүүнүн кереги жок. Мен ооруканадан чыккан күнү, үйдөн алып кетесин, эгерде бир күн кечиксен, мени таппай каласын, – Арсар сөзүм бүттү дегенсип, ары карап жатып алды.

 – Макул, макул периштем, мен сөзсүз ошентем. – Сабырбек энкейип, Арсардын бетинен өпмөкчү болгондо Арсар кымтынып алды. Сабырбек шаабайы сууп, бир саам туруп калды. Мейли, ошенте бер, менин торума түшөсүн акыры, мен шашылбайм, деп ойлоп чыгып кетти. Сабырбек чыгып кеткенден кийин Арсар ошол чүмкөнгөн тейден боздоп ыйлап жиберди. Кош бол эми Алмаз, түбөлүккө кош бол, мен сени түбөлүк эмес, эки жыл да күтө алган жокмун! Эми менин жашоом тирүүнүн тозогуна айланды. Мейли, сенсиз жашоо тозок болгону жакшы! Мен эми ошол тозокко оз каалоом менен бара жатам. Эми сенин жолун ачылсын эч болбосо! Сен бактылуу бол! Мага бербеген бакытты сага берсин эми кудай! Сен эми менден күдөрүндү үз! Мен кеттим тозокко! Арсар көпкө ыйлады. Жарылып кеткен журогу болуп көрбөгөндөй ачышып, жан дүйнөсү алоолонгон отко күйүп, эми жашоосунун бүткөнүн ойлоду. Эми мен тирүүнүн өлүгүмүн, эми мен жок адаммын, эми мага баары бир! Акыры көз жашын тыйып, төшөктү алып ыргытты да, бир чекитти тиктеп, мелтиреп отуруп калды керебетке.

 Жайылып жүргөн койлорду карап ойлуу отурду Алмаз. Арсар кантти болду экен? Олда кургурум ай, эмнеге ушинттин? Мен сени эч качан таштабайт элем го. Сабырбектин кылган акмакчылыгы үчүн эмнеге сен азап тартышын керек эле? Сабырбек өз кылганы үчүн өзү толук жооп берет. Арсарга үйлөнүп, аны менен башка жакка кетип калгандан сон, бир күнү келип Сабырбекти майып кылып кетүүнү ойлоду Алмаз. Азыр мен биринчи ирээтте Арсарды ойлошум керек. Эгерде Сабырбекти азыр тозокко салсам, өзүм түрмөгө тушуп калышым мүмкүн. Анда Арсардын тагдыры эмне болот? Эми ал бул айылда тынч жашай албасын түшүндү Алмаз. Ошондуктан Арсарды алып кетишим керек көз көрбөгөн жактарга. Бүгүн кечинде барып Арсардын акыбалын билип келүүнү чечти. Ооба, бүгүн сөзсүз барышым керек, Сауле жене дагы барып келем дебеди беле, билип келсе керек абалын. Алмаз койлорду ышкырып чогултуп, үйдү көздөй айдады.

Тору конумуш адатынча чон теректин алдына барып, бышкыра токтоду. «Туура келдимби» дегенсип Алмазды мойнун чулгуп бир карап койду. Алмаз аттан шап секирип түшүп ,өтүп бара жаткан тестиер баланы жанына чакырды.

 – Иничек, мынабу үйдөн мага Сауле женени чакырып бересинби? – деп өтүндү.

– Апам үйдө жок, конокко кеткен, – деп жооп берди бала.

– Сауле сенин апанбы? – Алмаз алда нени сезип тынчсызданды. – апан кайда конокко кетти?

– Апам Арсар эжемди күйөөсүнө алып кетти, – бала шаштысы кетти.

– Токточу, эмне дейсин? Арсар эжен күйөөгө кеттиби? Ал ооруканада эмес беле?

– Эжем бугун эртен менен келген ооруканадан, анан түштөн кийин кудалар келип аны алып кетишти. Апам ошолор менен кеткен, – бала колдон суурулуп, жүгүрүп жөнөмөкчү болгондо, Алмаз аны женден алып токтотту.

 – Токточу, а Арсар эженди кимге күйөөгө беришти? Ал кайда кетти?

 – Арсар эжем Сабырбек деген балага кетти күйөөгө. Биздин агрономчу, билесизби?

 – Ооба, билем, – Алмаз баланы коё берди. Бала аны таныркай бир карады да, жүгүрүп жөнөдү.

 Алмаз далайда эсине келди. Демек бүткөн экен да! О, куураган жаным ушундай болоорун эмнеге мурунтан ойлогон жокмун? Оор уютку болуп орноп калган кусалык, анын ан-сезимин, жан– дүйнөсүн, бүтүндөй денесин ээлеп алды. Ичи ачышып,өзөгүн өрттөгөн отту кантип өчүрөөрүн билбей турду. Оюна эмнегедир Молдогазы түштү. Ооба, ошого барыш керек!

 Молдогазы кудай жалгап үйүнө жете элек экен. Аны темтендеп кетип бараткан жеринен тапты Алмаз.

 – О, мурдунду урайын далдайган! Сен келип калдынбы аскерден? – Молдогазы Алмазды көрүп чекеси жарылгыча сүйүндү.

 – Салам алейкум ава, аман-эсен жүрөсүзбү?

 – Ой көрүп турбайсынбы, мен баягыдай элемин. Андан көрө өзүн качан келдин? Ии, аскер деген кандай экен? – Молдогазы Алмазды онурая карады.

 – Аскер жакшы эле экен, эгерде согуш болбосо, ава, мен ошол аскерге барганымды сизге майлап берейин дедим эле…

 – А, мурдунду урайын, анда жакшы, мына, атанын баласы айттырбай билет, аван бугун маяна алды, сен майласан, мен жууп берем, – деди Молдогазы бакылдап.

 Экөө эки арак алышып, баягы биринчи кезиккен жерге келишти. Молдогазы капортосунан куюлган стаканды өөдө көтөрүп тост айтты.

 – Сенин аскерден аман-эсен келишин учун! – аракты калтырбай алып жиберди. Алмаз өзүнө да капортосунан куйду да:

 – Аман-эсен көрүшкөнүбүз үчүн, – деп, Молдогазынын алып ий, дегенин күтпөй алып жиберди аракты. Молдогазы аны анырая карап калды. Бул ит аракеч болуп келгенби аскерден?

 – Ой, сен башкача болуп калыптырсын го бугун?

 – Ооба, ава, мен бугун башкачамын, келиниз ичели, мен баарын унуткум келет, – Алмаз стаканга кайра куюп Модогазыга карматты.

 – Ии, ошондой де, а эмне болуп кетти анча?

 – Аба, эч нерсе болгон жок. Мен жөн эле ичким келип атат, алып жиберинизчи, – деп шаштырды Алмаз.

 – Эй бала, сен бугун башкачасын, бир балээге кабылып жүрбө? Мындайда арак жардамчы боло албайт, сен ошону бир билип кой, андан көрө көйгөйүндү айтып алсан женилдейсин, – Молдогазы кооптонуп калды. Аракты үстөккө – босток ичкен Алмаз бат эле мас болуп калды. Молдогазы ордунан турганга кудурети жетпей, устундун үстүнө сулк жатып калды. Канчалык мас болуп унутуп калайын дегени менен Алмаздын оюнан Арсар кеткен жок. Ал өз көнүлү менен кеткен жок, аны зордоп алып берип коюшту го. Мен аны сөзсүз бошотуп алышым керек! Ордунан темтендей туруп атына минди. Андан ары эмне болгонун билүүгө кудурети жетпей калды. Бир билгени Сабырбектин короосуна аты менен кирип барганы…

 Молдогазы эсине келгенде Алмаздын жок экенин көрдү. Бир арак капортосунан ичилип, дөнгөчтө турат. Бирөөнү толук ичип бүтүшкөн экен. Алмаздын маанайын эстеп, аны бир балээ болду деп ойлоду. Иттин баласы, кайда кетти болду экен? Анын бир күйүтү бар го. Аты да көрүнбөйт, минип кеткен го. Тууй иттики, эми кайдан издейм аны? Молдогазы башын мыкчып отуруп калды.

 Алмаз бетине тийген кундун нурунан ойгонуп кетти. Көзүн ачууга кудурети жетпеди. И, четин түбүнө келип жаткамын го, деп ойлоду адегенде. Бирок эмнегедир салкын соккон жел жок. Бир нерсе жыттанат. Көзүн ачууга аракет кылды. Башын бирөө жара чапкандай, экиге бөлүнүп кеткенби? Же өлүп калдымбы? Балким азыр о дүйнөдөмүн? Бул кайдагы сасыган жыт? Эмне үчүн баары карангы? Жок, тирүү элемин го, өлгөн киши кантип бир нерсени сезсин? Кыймылдап көрүүгө аракет кылды. Ангыча ары жактан бирөөнүн акырын баскан доошу жакындап келип, назик, өтө эле назик колдор анын бетин акырын сыйпалады. Анан ал добуш алыстап, кайра жакындады. Бетине тийген муздак нерседен Алмаз кынкылдап жиберди.

– Чыдай турунуз, бир аздан кийин жакшы болуп кетесиз, – мундуу, назик чыккан үндөн Алмаздын аркы дүйнөгө келгенминби деген ою кайтып кеди. Бул периштенин гана үнү болбосо… А, эми билди кайда экенин, ооруканадамын го? Адатта дарыгерлер ушундай назик болушат го. Бирок дарыгерден башкасынын баары жанылыш эле. Ооба, булл келин дарыгер боло турган. Бирок бул жер оорукана эмес, ушул келиндин уйу. Сабырбек тентуштары менен Алмазды аябай сабашып, атына арта салып коё беришкен. Эгерде ошол жердеги коншу карыя болбосо өлтүрүп да салышат беле.

 – Ай балдар, болдугула эми, жалгыз немени жалпылап сабаганынар эрдик эмес, эртенки күнү элге шерменде болосунар, – деп, ээлигип алган көөдөнсүз жигиттерди токтоткон карыя. Тору илкий басып айыл четине келгенде, алдынан чыга калган торпоктой дөбөттөн үркүп, зорго илинип келе жаткан Алмаз топ этип жерге түшүп калган. Ит адегенде торуну далай жерге кубалап барды да, кайра кайтып келип, Алмазды айланып тегеренип үрө берди. Жаныдан уйкуга кеткен Айжан, Жолборстун абалап үргөнүнөн ойгонуп кетти. Басылып калаар деп күттү. Ит басылмак тургай ого бетер күчөдү. Кап, баланы ойготот экен эми, Айжан ордунан туруп терезеден итти чакырды. Ит шыйпандай терезеге жакын келди да, кайра куйругун чамгарактата жүгүрүп барып, жерде жаткан бир нерсени айланып үрө берди. Бул эмне болуп кетти экен? Бирөөнү өлтүрүп таштап кетишкен жокпу? Жүрөгү оозуна тыгылды. Мындан эки жыл мурун кесилип кеткен күйөөсүн эстей калды. Кудай сактай көр! Келмесин оозуна кармап, эмнеси болсо да тиги жаткан неменин жанына барып көрүүнү чечти. Кыймылсыз жаткан адамды оодарып караганда, Айжандын оозунан «ахх» деген үн чыкты. Кесиби дарыгер болгондуктан адамдын тирүү экенин аныктады. Тезинен жардам көрсөтүү керек! Башка нерсе ойлоого чамасы келбеди. Көпкө алек болуп айласы кеткенде, чон таар алып чыгып, тигини таарга арандан зорго оодарып салды да, үйгө алып кирди. Түндүн бир оокумуна чейин Алмаз менен алек болгон Айжан күн көтөрүлгүчө уктап калган экен. Ойгоноору менен эле оорулууну эстей койду да, ордунан ыргып туруп анын жанына басып келди. Оорулуунун бетин сыйпалап көргөндө, анын эсине келгенин сезди. Тез эсине келиптир, жакшы, деп бүтүм чыгарды да, анын бетиндеги жараттарын жууп, дары сүйкөдү.

 – Абалыныз кечөөкүдөн алда канча жакшы, бирок айылдык ооруканага жеткирүүнүн эч кандай кажети жок, мен райондук оорукандан тез жардам чакыртайын, – деп, угуп жатабы деген кыязда Алмазга үнүлүп карап калды. Эгерде мен ооруканада болбосом, анда ушул келиндин үйүндөмүн го, деп ойлоду Алмаз. Үйдөн баятан бери башка үн чыга элек, демек бул келин жалгыз жашайт го? Алмаз сүйлөөгө аракет кылганда, оозунан түшүнүксүз бир нерселер чыкты. Калбыйып шишип чыккан эриндери ачылбай, тили күрмөөгө келбеди. Айжан анын бул жоругун ооруканага барууга каршы го деп ойлоду.

 – Сиз эмне, ооруканага барууга каршысызбы? – деп сурады. Алмаз дагы сүйлөөгө аракет кылды. Жок, сиз мени туура эмес түшүндүнүз, деген кыязда башын чайкады. Бул жоругун «таптакыр каршымын» деген мааниде түшүндү келин. Кызык, деп акырын кобуранды да, ары басып кетти. Өзүнүн бөлмөсүнө кирди да ойго чөмүлдү. Оорулууда кандайдыр бир сыр бекип жаткандай, эмнеге ооруканага барганга каршы? Үйгө кантип кармайм? Аты-жөнү ким болду экен? Эгер бир жойлоп жүргөн ууру-кески болсочу? Айжан бир бүтүмгө келе электе, көнүлүн терезенин түбүнө келип жер тепкилеп турган ат бурду. Дөбөттөнн коркуп үй жанына жолой албай жүргөн тору, эртен менен итти байлагандан кийин ээсин акмалап келген эле. Айжан атты бир азга тиктеп турду да, Алмаздын жанына келди.

 – Сиздин атыныз бар беле?

 Алмаз башын ийкегилеп жиберди . Кубанып кеткен сымал.

 – Сиз малчысызбы?

 Алмаз кайра башын ийкеди.

 – Биздин айылдыксызбы?

 Алмаз башын чайкады.

 – Үй-бүлөнүз барбы?

 Алмаз башын чайкады.

 – Малынызда бирөө барбы?

 Алмаз башын ийкеди.

 – Сиз анда тынч жата бериниз, мен атынызды байлап коёюн. Турууга же сүйлөөгө аракет кылбаныз. Мен өзүм дарыгермин, ооруканага баргыныз келбесе азырынча менин үйүмдө болуп турунуз. Мен өзүм дарылайын сизди. Атынызга суу берип коюш керекпи?

 Алмаз сүйүнгөнүнөн башын тез-тез ийкеди. Анын бул жоругуна ичи жылыган Айжан, акырын жылмайып чыгып кетти. Алмаз эптеп ачылган көзүнүн жылчыгынан келиндин келишкен сулуу экенин көрдү. Күйөөсү кайда болду экен? Атты кантип байлайт болду экен? Бирок тору акылдуу ат, менин бул жерде экенимди билген үчүн кайра келди да айланып. Жөн эле байлатат болуш керек. Алмаз санаасы тынып калды. Анан өзүнүн кайдан –жайдан ушул үйгө туш болуп калганын билгиси келип, болгон окуяларды башынан баштап эстей баштады.

 Калдар аке Алмаздын түнү менен келбегенинен кабатыр боло баштады. Күн кечке келип калабы деген кыязда жол карайт. Бирок Алмаз күүгүм киргиче да келген жок. Ошондо карыя бир балээ болгонун сезди.

– Э Кубан, Алмаз мынча жоголбойт эле, айылга түшүп барып келсенчи, – деди уулуна.

– Ооба ата, мен дагы ошону ойлоп эртерээк келдим. Мен азыр эле жөнөйүн. – Кубан койлорду короого киргизээри менен жолго камынды.

 – Чай ичип алып чык балам.

 – Жок ата, чайды айылдагы үйдөн деле ичээрмин, – Кубан ата секирип минди.

 – Болуптур анда, жакашылап изде, ал минтип жоголбойт эле, бир баээ болгон го дейм, – Калдар аке калдандап уулунун артынан узата карады.

 – Ата, кабатыр болбой тура турунуз, балким эч кандай деле жаман нерсе болбосо керек, мен тан аткыча кайра келип калам, – Кубан атты чапкан тейден кетти.

 – Ылайым ошондой эле болсун, – абышка кобуранып кала берди.

 Алмаздын денесиндеги шишиги тарап, өзүн жакшы сезип калды. Анын тез сакайып кетишине Айжан да тан калды. Ооруп көрбөгөн Алмазга дары тез таасирин тийгизди. Денесиндеги жараттары сыйкырлагандай айыгып жатты. Өзүн жакшы сезип калгандан кийин, төшөктө жатуу Алмаз үчүн оор болуп калды.

 – Сизге чон рахмат, эми мен кетейин, сизди убара кылдым окшойт, – деп Алмаздын өтүнгөнүно Айжан таптакыр каршы болду. Бир айлампа дарылануусу бүтмөйүнчө эч жакка кетирбесин айтты.

 – Кабатыр болбонуз, мен жеке эле сизге эмес, өзүмө да карап атам. Эгерде сизди чала дарылап кетирсем, дарыгерлик антымды бузган болом, – Айжан мээримдуу жылмайды. Алмаз Айжандын мындай кебине эмне дээрин билбей унчукпай калды. Бирок ичинен бушайман болуп, Калдар аке мени издеп убара болуп атат го, кетишим керек деп бир ойлойт. Бир оюнда ушул үйдөн кеткиси келбей, ушул аппак келиндин мээримине бөлөнүп жата бергиси келди. Арсар эмне болду экен? Аны ойлогондо заманасы куурулду. Эмне болмок эле, эми ошол зөөкүр менен жашайт да. Эмнеге ушундай кылды?

 – Сиз эмнеге капа болуп атасыз? – жанына басып келгенАйжан Алмаздын капалыгын байкады.

 – Жок, мен эч нерсени ойлогон жерим жок, балким мени издеп атышабы деп олоп атам, – деп койду Алмаз.

 – Балким издеп атышкандыр. Бирок сиз таза айыкмайынча мен сизди коё бере албайм. Издегендер акыры табат да. Бул айылда тааныштарыныз барбы? Эгер болсо мен ошолорго айтып коёюн, – деди Айжан.

 – Жок, бул айылда тааныштарым деле жок.

 – А сиз кайдан жүрүп келип калдыныз анан биздин айылга?

 – А, мен аскерден келгенимди майлап ичип алгам, анан бул айылга эмнеге келгенимди деле билбейм. Келип алып бирөөлөргө тийишсем керек. Алар мени жанчып туруп жолго салышкан тура.

 – А, ошондой дениз. Аскерден чогулган күчүнүздү көрсөткүнүз келген го? – Айжан жылмайып койду.

 – Ошо да, аскерден келгенде ушинтип күчүндү кайда жумшаарынды билбей калат экенсин, – Алмаз да күлүп койду.

 – А сиз аскерден качан келдиниз эле?

 – Келгеним бир айдан ашты.

 – Демек сиз менден алда канча кичүү экенсиз го.

 – Жок, менин оюмча сиз менден кичүү болушунуз керек, – Алмаз чынында эле Айжанды жаш деп ойлогон.

 – О, мен мединститутту бүткөнүм үч жыл болду, анан кайдагы жаш болмок элем.

 – Ошондойбу? – Алмаз Айжанды таныркай карап калды, – а сизге жыйырма жаштан ашык бергенге болбойт го.

 – О, абдан жашартып койдунуз го, – Айжан шылкылдап күлүп койду.

 – Мага ошондой эле көрүнүп атасыз, – Алмазга Айжандын күлкүсү абдан жакты.

 – Рахмат сизге, мени абдан жашартып койгонунузга, эми тынчтанып эс алыныз, мен бир аз кир жуушум керек, – Айжан жылмайып чыгып кетти. Кандай керемет келин! Алмаздын ичи жылып, Айжанга ыраазы болду.

 Айжан да кандайдыр бир ички сезими менен Алмазга берилип баратты. Ал оюнан качат. Бирок Алмаздын көздөрү жанын жай алдырбайт. Жок, мындай адам эч качан жамандыкка барбайт. Бул бирөөлөрдөн запкы көргөн адам. Айжан Алмазга кылган мамилесине эч өкүнбөй, тетирисинче өзүнө ыраазы болду. Анан Алмаздын сакайгандан кийин кетип калаарын эстегенде ичи тымызын ачышып, аны биротоло кармап калгысы келди. Бирок антүүгө эч акысы жок. Кой, мындай ойдон алыс болоюн, шайтан азгыргысы келсе бат эле, деп кайра өзүн сооротот. Бирок анткенине жүрөгү эч көнбөйт. Түн уйкусун унутуп Алмазды ойлой берди.

 Алмаздын ою да он талаа. Эмнеге ушундай болуп калды. Арсар эмнеге Сабырбекке тийип алды? Куру намыс баш жарат, деген ушул экен го! Эмнеге адамдар биринчи орунга сүйүүнү, чыныгы бакытты эмес, куру намысты коюшкан? Ушундай эрежелерди ким ойлоп тапкан деги? Каралдым Арсар, эмнеге мени менен бир кезигүүнү каалаган жоксун? Мен сени кулак уккус, көз көргүс жакка алып кетет элем го! Сенин жаратынды айыктырат элем го! Экөөбүз сөзсүз бактылуу болмокпуз! Эми бүттү, баары бүттү. Сен намыскөйсүн, билем. Эми сен никелешкен күйөөндөн кетпейсин. Алмаз оор үшкүрүп алды. Анан ою Айжанга барды. Эмнеге жалгыз жашайт? Күйөөсү менен ажырашып кеткенби? Эгерде мени милицияга беришсе, анан мени ушул үйдөн таап алышса эмне болот? Капыстан келген бул юнан чочуду Алмаз. Же балким күтүлбөгөн жерден күйөөсү келип калсачы? Анда эмне деп актанат? Эгер түшүнүктүү адам болсо бир жөн, эгерде андай болбосо чон чатак кылат го. Мага го эч нерсе эмес, Айжанга жаман болот го. Жакшылыкка жамандыкпы? Жок, мен бул жерден кетишим керек. Айжандан уруксаат суроо кажетсиз, ал мени дарылоосу бүтмөйүнчө кетирбейт го. Кой, бугун кечтен калбай кетейин, Айжанга кийин деле түшүндүрөөмүн деп ойлоду. Айжандын үйү ырас айыл четинде, башка үйлөрдөн обочороок жерде экен. Кийин берилген жерлер болсо керек. Күйөөсү бардар неме го, баарынан мурун үй салып алыптыр. Акырын чыгып кетсем байкабас.

 Кечинде Алмаз Айжандын жатышын күттү. Үйдөгү жарыктардын баарыөчкөн сон дагы бир азга күттү да, акырын ордунан турду. Жарыкты күйгүзбөй, шыбыш чыгарбай кийинди. Кап ай э, ай толуп турган убак экен, бирөө көрүп калбаса экен эми. Алмаз бутунун учу менен басып коридорго чыкты. Коридордо терезе жок болгонго көзгө сайса көрүнгүс карангы экен. Алмаз акырын болжолдоп тышка чыкчу эшикти ачты. Анан эшикти акырын жаап бурулса, айдын жарыгынан жазы керебетте буладай аппак денеси чоюлуп уктап жаткан Айжанды көрдү. Алмаз адашып калганын билип чочуду. Жүрөгү дүкүлдөп, денеси дүркүрөп чыкты. Бир саамга эсинен ажырап, келиндин ич киимчен гана жаткан жыланач денесинен көзүн айра албай турду. Аял затынын жыланач денесин биринчи көргөнгө, Алмаздын акыл-эси канчалык каршы болгону менен, көздөрүн алууга кудурети жетпеди. Жүрөгүнүн кагышы өзүнө угулуп, мас болгон адамдай мээси денгиреди. Алмаз экиге бөлүнүп кетти. Акылы; уят, бул жерден кет тезирээк, дегени менен буттары эркине каршы Айжанды көздөй шилтенди. Айнып калган акылы баш ийбей калды. Келиндин жанына акырын басып келип, демин ичине алып туруп калды. Демин көпкө кармап тура албай, катуу дем алып жибергенде, Айжан ойгонуп кетти. Оодарыла берип, жанында карап турган Алмазды көрүп, жүрөгү оозуна тыгылды. Өлтүргөнү келген го, деп ойлоду дароо эле. Бирок Алмаздын чечкинсиз, өзүн жоготуп койгон түрүн көргөндө чыйрала түштү.

 – Эмне болду? – кыйкырып жибербегенге аракет кылып үнүн акырын чыгарды. Алмаз жооп берүүгө сөз таба албай, чекесинен чыккан терди сүртүп, эми таптакыр эле өзүн жоготуп Айжанды жалдырап карап турду.

 – Мени кечирип коюнуз, мен кетип атам, – дегенге аран жарады бир аздан сон. Анын бул сөзү Айжандын кулагына жанырыктай угулду. Кеткен жатабы? Чын эле кетеби? Эми кара келбейби? Үстүн жамынууну да унутуп калып Айжан Алмазды жалдырай тиктеди. Келиндин көз карашы Алмазды кайрадан акылдан адаштырды. Ал колун акырын Айжанды көздөй сунду. Коштошкусу келгенин, же Айжанды өзүнө тарткысы келгенин билбейт. Ушул тапта Айжан да акылынан адашты. Эми бул кетип калса эмне болот? Мен эми муну башка көрбөй каламбы?Келин анын колун кармады да, ээ бербей кеткен бейбаштык менен Алмазды өзүнө тартты. Өзу да тартылып, жууркан үстүнө отура калды. Биринчи ирет аялдын жыланач денесине колу тийгенге Алмаздын делебеси козголуп, сыйкыр илеп аны биротоло бийлеп алды. Эми чегинүүгө жол жок калды. Төшөккө отуруп, калтыраган колдору менен Айжанды акырын тартып, кучагына кысты. Анан анын көздөрүнөн, жүзүнөн, мойнунан, үлбүрөгөн эриндеринен аймалап, башка жашоо таптакыр жоктой сезилип, ырахаттын түпсүз көлүнө чөгүп баратты. Айжан да сагынып калган эркектин жытына мас болуп, назик колдору менен Алмаздын үстүндөгү кийимдерин чечип, өзүн бүтүндөй Алмаздын эркине берди.

 – Алмаз, Алмазтай, мен сенин келээринди билгем, сенин барынды сени көрө электе эле, биле электе эле билгем, сезгем, – деп Алмаздын кулагына акырын шыбырап, өзүн биротоло бийлеп алган көздөрүнөн өпкүлөдү. Бул сөздөр анын жүрөгүнөн чыгып жатканын Алмаз жан дили менен сезди. Айжанды кучагына бекем кысып, эми ушул түндүн таптакыр бүтпөшүн тиледи. Айжандан башкасы эч качан болуп көрбөгөндөй сезилди. Аалам жалгыз экөө үчүн жарагандай, экөө кумардын чексиз, түбү жок көлүнө чөмүлүштү,.

 Эртеси торуну минип тоого бет алган Алмаз, асыл нерсеси калып жаткансып айыл жакты улам кылчактап карай берди. Беш кун мурун жашоо токтогондой болуп, эми жашоонун деле кереги жок деген Алмаз, кайра жаны жаралгандай болуп, кайгы капасынын баарын кол менен жууп салгандай. Бирок ошентсе да жүрөгүнүн теренинде кусалык айланат. Мен эмне кылдым? Эми Айжансыз кантип жашайм? Кызык, Арсарды ушинтип бат эле унутуп каламбы? Балким Арсар да мени унутуп калган болсочу? Ал күйөөсү менен бактылуу болуп мени таптакыр унутуп калышы деле мүмкүн турбайбы! Жашоо ушундай кызык нерсе экен го. Арсардан ажыраганда өлүп алсам деле баары бир болуп турду эле, эми минтип беш күн өтпөй башка аял менен коюндаш болуп алганым кандай? Алмаз өзүн-өзү түшүнө албай, дегеле бул жашоону түшүнө албай ат үстүндө ойлуу баратты. Бир убакта кыйкыргысы келди. Жан дүйнөсүн бийлеп алган жаны сезим ичине батчудай түрү жок. Торудан секирип түштү да, таштан ташка секирип, шамаал учурган камгак сымал делпилдеп жөнөдү. Анан борчуктуу чон ташка секирип чыгып, үнүнүн болушунча кыйкырды.

 – Эхехей, тоолор! Тоолор! Мен силерди сагындым! Амансынарбы тоолор!

 Тоо жанырып анын бул жоругун кубаттады. Ак кар чалган баштарын ийкеп аны менен учурашып жатышты. Көрдүнбү Алмаз, жашоо кандай айтып бүткүс нерсе дегенсип, тоолор аны кучагын кенен жая тосуп алышты. Ангыча бадал арасынан элендей кён чыга калып, тостойгон көздөрү менен Алмазды алактай карап, кайра булт этип бадалга кирип кетти.

– О, коркок алан көз, коркпо, мен сага тийбейм, – деди Алмаз күлүндөп. Тоолорго тегерете көз чаптырып, таш үстүндө ушул тоолордун толук ээси болуп турду. Кандай сонун жаратылыш! Эмне деген кооздук! Кылымдарды карыткан мынабу карагайлар канча окуяны көрүп, канча сырды катып турушат?!Ушул жер үчүн жаным кетсе да кайылмын! Кагылайын Ала– тоо, сенин суунду ичип,сенин жемиштеринди жеп, сенин абанды жутуп жашаган адам эч качан оорубайт, эч качан карыбайт! Чаны асманга сапырылган боз топурак үчүн деле адамдар жанын беришет турбайбы. Алмаздын оюна эрксизден Афганистан түштү. Жок, кептин баары эле карагай, же тоолордо эмес, кеп ошол жер сенин туулуп өскөн, тээ алмустактан бери ата-бабаларындан калган жерин экенинде го. Кеп ошол сенин тулуп, өскөн жериндин эркиндигинде экен го. Ким эле өзүнүн жерин башка бирөөнө берип койгусу келсин? Алмаз бала чагында бир карыянын оозунан чыккан сөзүн эстеди. «Ээ балдарым, чыр чыкса бир катын талаштан чыгат, же жер талаштан чыгат» деген ал карыя. Анда Алмаз карыянын сөзүнө маани берген эмес. Кантип эле катын менен жер талашышсын? Катындар деле, жер деле толуп жатпайбы деп, ал тугул ал кепке күлкүсү да келген. Көрсө ал карыя көргөнүнөн, билгенинен айткан тура! Мына өзү минтип кечөө жакында эле жер талашка, анан калса катын талашка да катышып отурбайбы. Демек бул жашоонун ачуу чындыгы ушул экен го! Адамдар эмне үчүн жер талашышат? Адамдар жер үстүндө ынтымакта эч качан жашай алышпайт өндөнөт. Себеби жер үстүндө башка бирөөлөрдкүнө көз артып, байлыкка тойбогон адамдар абдан көп экен, алар эч качан түгөнбөйт экен. Алар башкалардыкына кол салат, а алар болсо өз энчисин бергилери келбейт. Себеби аларга да жашоо керек, жашаш учун мал керек, дан керек, дан өстүрүү үчүн, мал багыш үчүн жер керек. Анан бирөө кол салса, бирөө коргонот. Кээ бир учурларда алсыздарды алдуулар кол жоолуктай колдонот экен. Афганистанды эки дөө кагышып, ортодо таламайга салышты го! Алмаздын көз алдына кыргын талаасы, кыйраган эл, төгүлгөн кан элестеди. Анын ою асманда эркин учкан бүркүт сымал чабыттап, энесин, Володяны, Арсарды, Айжанды, тээ алыста кабары жок жоголгон агасын, таэжесине кеткен карындашын эстеп, эмелеки жарык маанайы күнүрттөй баштады. Бирок өзүн сооротуп, аман болсом эмнелер мени күтүп жатканын көрөөрмун, деп ойлоду. Алмаз эми балалыктан биротоло кетип, жашоонун жаны баскычына өтүп жатканын сезди.

 Үй ичинде отту улуу жактырып, казанга жаны союлган койдун этинен ырастап салдырып, Калдар аке эми көнүлү жайланып, төрдө комузун чертип отурат. Керегеге жолонуп ойлуу отурган Алмазды көзүнүн кыйыгы менен карап коёт. Анын аман эсен келгенине мин мертебе кудайга ыраазы болуп, беш күн тарткан санаасын унутту. Алмаз дайынсыз жоголгондо алда нени ойлоп, капкайдагынын баары мээсин жеп, ушул беш күн ичинде ого бетер карып кеткендей болгон. Комуз күүсү менен жуурулушуп, Калдар акенин оюна тээ качанкы өтүп кеткен жаштыгы элестейт…

 …Согуштун залдарын албан эмгек менен артка таштап, эл алдыга үмүттүү карап, жашоо шатыра шатман болуп калган кез эле. Жаныдан баралына келип, иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган Калдар эч жакка шашылбады. Анын ою, санаасы бүтүндөй ушул тоо койнунда. Жылкычы болсом дегенде эки көзү төрт. Куру шылтоо менен жылкычыныкына көп келет. Анын дилгирлигин байкап калган жылкычы бир күнү:

 – Э, айланайын Калдар, мал жандуу неме көрүнөсүн, тиги менин уулум шаарга жөнөйт элем деп атат ,мага жардамчы болсон кандай болот? – деп, Калдардын көксөгөн тилегеин ишке ашыра салды.Аран турган Калдар дароо макул болду. Ошентип көктөн издегени жерден табылып, дүнүйөсү түгөл болуп жүргөн жигиттин жашоосунда күтүлбөгөн окуя болду. Бул эртеби кечпи, акыры боло турган окуя эле. Калдар жылкычынын кызын суйуп калды. Толгон айдай толукшуп турган кыз, тоого эне– атасына жардам берүүгө келген күнү эле Калдар ага ашык болуп калды. Калдардын багына кыз да кылыктана анын жалындуу көз карашына тымызын жооп ыргыткансыйт. «Эмне эле мынча жалдырайсын, айтчу сөзүн болсо айтпайсынбы» деп тургансыйт. Бир күнү ондой берди болуп, жылкы карап чыккан Калдар кымыз жута кетейин деп келсе, Күмүшай үйдө жалгыз экен. Мел-калт куюлган кымызды сунуп жатып, жигитке тымызын көз кырын салган кыздын жүзү тамылжып чыкты. Кыраакы жигит кыздын бул кылыгын көз жаздымда калтырбай, аны шап колдон алды.

 – Күмүшай, сага айтайын деген сөзүм бар эле, – деп, демин ичине тартты. Кыз колун тартып алып, аны сырдуу карады.

 – Айта бериниз, угуп атам, – деди. Калдардын эчактан бери камдап жүргөн мин туркун кооз сөздөрү самандай сапырылып кетти. Мээсине бир дагы ынгайлуу сөз келген жок.

 – Эгерде экөөбүз башка жерден кезигип сүйлөшсөк кантет? – дегенге аран жарады. Кыз үндөбөстөн ирегеде турган эки калай чаканы колуна алып, тышка чыгып кетти. Же кыздын артынан бараарын билбей, же ушул жерде анын кайтышын күтүп отураарын билбей, Калдар буйдалып калды. Э, жигит болсон шок бол, бара көрөөмүн деп ордунан туруп, кыздын артынан жөнөдү.

 Ошол күндөн тартып кыз менен жигит өтө ынак болуп кетишти. Эл ичинде шек алдырбай тымпыйышканы менен, экөөүн тен энсегени кездешүү. Ошентип энөөнүн кумарына толгон күндөр өтө берди. Бири– биринен эч качан айрылбачудай болгон эки жаш, тагдырдын алар учун даярдап койгон тамашасынан али кабарсыз эле. Бир куну Күмүшай көнүмүш жерден кезиккенде:

 – Калдар, эртен мен айылга жөнөгөнү жатам, энем жакадагы үйдү жыйыштырып, чон эненди жуунтуп кел дейт, – деп уруксаат сурагандай жалдырады.

 – Барсан бара гой жаным, бирок айылдагы жигиттерге алаксыбай тез кайт, – Калдар тамашага чалып оюндагысын айтты.

 – Бул эмне, кызганып жатканынбы? Же мага ишенбей турасынбы? – Кыз мурчуюп таарынды.

 – Жок каралдым, жөн гана эскертуум, – Калдар кызды өзүнө тартып, кучагына бекем кысты, – таарынчаагым менин, сени кантип кызганбай коёюн, сен бирөөнү карап койсон эле ичимден кан жүгүрүп кетет, алтыным менин, сендей сулуу кыздарга кимдин гана көзү түшпөсүн, анан кантип кызганбайм, – деп жалынып жиберди.

 – Болуптур, мен эч кимди карабай, көзүмдү бекем жумуп алып жүрөйүн…– деди кыз шылкылдай күлүп.

 – Ошент, анан тезирээк кайтсан, макулбу алтыным, – Калдар кызыдн албырып турган бетинен өөп коштошту.

 Төрдөн жылкы караганы чыккан Калдар, Кумушай канетсе бугун келет го деп, улам ылдый жакка дүрбү салат. Түш оогондо белден өөдө карай унулдап чыгып келе жаткан машинени көрүп сүйүнүп кетти. Канетсе чондор малчыларга чай-чамек алып, эсеп-кысабын жүргүзөлү деп келе жатышат го. Болбосо жайлоого ким машине менен келе коёт эле? Кумушай ушулар менен келет болду бекен? Машине жүрүп отуруп түз эле жылкычынын боз үйүнүн жанына токтоду. А, Күмүшай болду болбоду ушулар менен келди окшойт. Журогу опкоолжуп, кечинде буюрса кызды корооруно суйунуп, атын онду– солду камчылай торго чыгып кетти Калдар. Буурулдун үйүрү төрдө жүрөт деген кечөө кошунасы. Тордон ашып барып Буурулдун үйүрүн бери оодарып, үйгө шашылган Калдар, жанагы машиненин дагы эле жылкычынын уйнун жанында токтоп труганын көгөндө тан калды. А, булар канетсе кымыздын гүлүнө тойгон экен, эми оной менен кетишпейт деп ойлоду.. Үй жанына келип, мамыда байланып турган эки атты көргөндө, жүрөгү алда-нени сезип туйлады. Булар эмнеге келишкен? Аттан секирип түшүп, үйгө кирди.

 – Салам алейкум агалар, – үйдүн ичи толтура чоочун адамдар экенин көрүп салам айтты. Отургандар жапырт алик алышты. Орундарынан копшолуп, Калдарга ылдый жактан орун бошотушту. Дасторкон үстү жайнап, берегилер шайма-шай отургандарына караганда тынччылык эле өндөнөт. Калдардын издегени эле Күмүшай. Ал көрүнбөйт. Балким сууга кетсе керек булакка.

 – Ээ кемпир, алып кел чөйчөгүндөн дагы бирди Калдарга, – деди ангыча жылкычы.

 – Апей ботом, Калдар арак ичмек беле? – кемпири колун этегине аарчып туруп калды.

 – Ичпегенде эмне, крындашынын тоюнда ичпегенде качан ичмек эле, бул да баралына келген жигит да, – деди төрдө отурган кыркма сакал конок. Калдар кептин төркүнүн түшүнбөй, тигилерди кыдырата жалдырап карап калды.

 – Калдар, айланайын, булар биздин Кумушайды келин кылып алыптыр кечөө, бүгүн минтип алдыбызга кулдук уруп келип отурушат, бул Кумушайдын тою, – деди жылкычы дүнүйөкапар карт кекирип. Бир саам уккан кулагына ишенбей энгирей түшкөн Калдар, өзүн-өзү аран токтотуп, лам дебей отуруп калды. Ала күү болгон коноктордун сөздөрүнө көнүл бурбай, ичи эншерилип, эмки оюнун баары эле бул жактан кетүү, болушунча алыс кетүү, экинчи эч качан кайрылып келбөө болду.

 Бир топ жыл шаарда журуп, көкурөгүндөгү жараты айыгайын деп калганда, энесинин өтүнүчү боюна кайтып келди айылга. Бир күнү капыстан Кумушайга кезикти. Болгон окуяны ошондо түшүндү Калдар. Кумушайды эркине койбой ала качып кетишкенин укканда аны кечирди. Турмушунун эл катары өтүп жатканын баяндаган Кумушай, бир жыл мурун экинчи уулдуу болгонун айтып, шашкандыгын билдирип жөнөп кетти. Ошол уулу мынабу Алмаз. Үшкүрүгү таш жарган Калдар аке дагы эле ойлуу отурган Алмазды карап койду. Капырай, энесине ушунча окшош! Атасы деле жараган жигит эле, Кумушай өлгөндөн бери аракка берилип, таптакыр өзүнө келе албай журот. Балким ал дагы Кумшайды чындап сүйсө керек, ким билет? Алигиче жүрөгүнүн түбүндө сактап келе жаткан алгачкы сүйүүсү, кайра жанданып, эми ошол сүйүүсүн, сүйгөнүнүн балсына арнап отурду карыя. Эх түбүн түшкөн жашоо, ушунчалык тез өтөй эле койсо эмне? Күмүшай өлгөндө Калдар эч кимге билгизбегени менен, өзөгү өрттөнүп, жашоонун жарыгы өчүп калгандай болуп, эмне үчүн ага тагдыр таш бордук кылганын эч түшүнө албай, өзүнүн жашап жатканына нааразы болуп, Күмүшайдын артынан кетип калгысы келген. Алган аялы деле түзүк аял болду. Ал деле жаш кезинде Күмүшайдан ашкан сулуу боло турган. Андан сулуу аял алсам, аны унутуп калам го деп ойлогон Калдар. Бирок андай болгон жок. Кумушайды унута алган жок. Унутмак тургай барган сайын кусалыгы күчөп, кандай болсо да аны бир көргүсү келет. Бирок айласы жок. Ажал алып кеткендер кайрылбайт тура. Эми ал экөөбүз о дүйнөдө эле кезигебиз го. Эми анын баласын медер кылып, ал үчүн баардык азаптарды тартууга даяр эле Калдар аке. Алмаздын эмне себептен мынча күн жоголгонун сураганга да кудурети жеткен жок. Анын абалын көрүп туруп, андан кайда жүргөнүн сураган туура эмес болуп калабы деп унчукпады. Алмаз өзү деле унчукпайт. Мейли, балким бир күнү өзү айтаар сырын, деп өзүн-өзү жоошутту Калдар аке. Үйлөнүп алса жакшы болбойт беле, муну эби келгенде тезирээк үйлөн дейин. Кызык, ала турган кызы ким болду экен? Эмне үчүн сөзсүз түрдө кетишим керек деп атат? Деги мында мен билбеген көп сыр бар,деп ойлоду Калдар аке. Атандын гөрү дүнүйө жалган! Калдар аке комузун күүлөп, өзүнүн аты жок күүсүн чертип кирди. Күүнүн кайрыктары Алмаздын да жүрөгүндөгүсүнө шайкеш болуп, анын ансыз да чаташкан ойлорун алда кайда алып учуп, бирде турмуштун жаркын жактары, бирде анын карангы жактары жөнүндө тил безеп, жанырыгы алда кайда угулуп, теребелге синип кетип жатты.

 Алмазды узаткандан бери Айжан санааркап жүрдү. Эми кандай болот деги? Балким бирөөлөр билип калып ызы-чуу болсо эне болот? Күйөөм түрмөдөн келээрине көп бар, бирок ага да кабар жетиши мүмкүн да. Эми мен аны менен кантип жашайм? Менин бетим түгөндү го! Ак никелүү күйөөмдүн башын аттадым, о кудай, кечире көр мени! Жок, эми мен куйөөм менен байласа да жашай албайм. Ал кайтып келгиче мен бул жерден кетишим керек. Бирок кайда барам? Булл жашоодо менин бир да жакын адамым болбосо кимге барып батам балам менен? Ушундай кыйма-чийме ойлор мээсин эзет. Айжан балдар үйүндө чонойгон. Бирок мектепти абдан жакшы бүтүрүп, медиститутка тапшырып, аны аяктаганы калганда Канатка жолукту. Экөө абдан ынак болуп кетишип, Канат ага тез эле үйлөнүүгө кол сунду. Айжан каршы болгон жок. Бирок Айжанды Канаттын эне-атасы жакшы кабыл алган жок.

 – Тектүү жерден куда күтүп, эл катары бололу дедим эле, кайдан жүрүп ушул тексиз жетимди илээштирип келдин? – деп кайын энеси Канатты тилдеп жатканын уккан келгенден бир күндөн кийин эле. Канат адегенде Айжанга тил тийгиздирген жок. Экөөнүн ысыгы тарабай, эч кимге көнүл бөлбөй жашай беришти. Канат жакшы жумушка кирип, ыргыткан ташы өөдө ыргый баштаганда, акырындап өзгөрүп, акыркы күндөрү таптакыр башкача болуп калган. Бала төрөлгөндөн кийин, көп өтпөй эле Канаттын айылдагы бир күйөөсү жок келин менен ымаласы бар экенин укту Айжан. Бирок аны териштирип да, Канаттын өзүнөн сурап да убара болгон жок. Башка бирөөнө көнүлү түшүп жүрсө, мен ага эми жакпай калган экем да деп өзүн күнөөлөдү. Балким балага берилип, ага көп көнүл бурбай калсам керек? Эгерде үй– бүлөсүн жоготкусу келбесе, кайрадан мурункудай болоор, болбосо мандайыма жазган тагдырым ошол да деп ойлочу Айжан. Канат өзгөргөндөн өзгөрүп, акыры Айжанга колу да тийчу болду. Ичкиликти да көп иччу болду. Дайыма эле конокто болгонун айтып ичип келет. Айжан баардыгына чыдап жашай берүүнү чечти. Чыдабаганда кантет? Кимге барат? Кимге даттанат?

 Нечен жылдан берки былыктары чыгып, совхоздун жетекчилери баш болуп, Канат да күтүүсүз жерден кесилип кетти. Андан бери эки жыл өттү. Терезеге телмирип ойлуу турган Айжандын көнүлүн этегинен тарткылап бир нерселерди былдыраган уулу болду. Ачка болуп аткан го. Уулун колуна алган Айжандын көзүнөн эрксиз жаш тоголонду. Ичиндеги бугу көөдөнүн тээп чыкты. Таныркай караган уулун бооруна кысып, өксүп ыйлап алды. Ойдо жок жерден Алмаз менен жакын болуп калганына бир эсе өкүнсө, бир эсе сүйүнөт. Жүрөгү демейдегиден башкача согуп, аны көрүүнү дагы энсейт. Бул жоруктун акылсыздык экенин сезип турса да Алмазды энседи. Анын жытын искегиси келип, анын бажырайган өткүр көздөрүнөн, жумшак эриндеринен өпкүлөп, кайрадан кумардын кучагына бөлөнгүсү келди. Алмазды чындап сүйүп калганын сезди. Канатты эч качан сүйбөгөндүгүн, ага алгачкы, чыныгы сүйүү эми келгенин түшүндү. Экөөнүн жаш айырмасы болсо да, эми Алмаздан баш тарткысы келен жок. Болоору болду эми, бул да болсо менин мандайыма жазылган тагдырдыр. Айжан кайратына келип, көз жашын аарчыды.

Алмаз кетип жатканда, кайра беш-алты күндө келээрин айткан. Бүгүн келип калабы балким. Ангыча терезеден улуу абысынынын келе жатканын көрдү. Ушул тапта Алмаздан башка эч кимди көргүсү келбеген Айжандын көнүлү ого бетер чөктү. Эмнеге келе жатат эми, Айжан абысынын тосуп чыкты.

 – Кандай, аман-эсен жатасынарбы? Апей ботом, тынччылыкпы? – Айжандын кызарып калган көздөрүн көргөндө абысыны чочуп секирди.

 – Тынччылык эле, өтүнүз өөдө, – Айжан шек билгизбей тымпыйып койду.

 – А, абышканды сагынып жаткансын го, – женеси анткор күлдү.

 – Ооба, ошону сагынып атам.

 – Көп эле көзүндүн жашын көлдөтө бербе, атам жакшы тааныштарды тааптыр, буюрса мөөнөтү бир топ эле кыскартылат, эгерде мунапыска туш болуп калса жакында такыр бошонуп келиши да ыктымал, – женеси жакшы кабар айтканына корстон болду. Айжан болсо бул кабарды укканда сестене түштү. Бирок тышынан эч нерсе билгизбегенге аракет кылып, сүйүнгөн түр көрсөттү.

 – И, ырас болгон тура. Жене шашпай отура турсаныз, мен тамак жасап жиберейин, – деди.

 – Менин шаша турган деле жөнүм жок, бирок сен убара болбочу, – женеси сыпааланды.

 – Жок жене, мен бат эле, отура турсаныз.

 – А, болуптур анда, абан да семинарга кетти эле, келгиче барып калармын, – женеси эми шашпай жайылып отурду.

 – И, жене, эмне жанылыктар болуп атат, кобурай отурсаныз, – деди Айжан тамакка камынып.

 – Эч деле жанылык жок. И, баса, өгүнү бирөө кайын энеме айтып барыптыр, Айжандын короосунда көп күндөн бери ат байланып турат деп. Мага айтканынан койсонузчу, кайдагы ат болмок эле,деп койдум, – Айжандын таламын талашканына эрдемсип, мактанды женеси. Айжандын жүрөгү оозуна кептеле түштү.

 – Аны ким жеткирип бара койду экен, бирөөнүн адашкан аты ушул жерден айланып кетпей койгонунан байлап койгом, издесе таап келээр деп, анан ээси таап, алып кеткен ал атты, – деп койду.

– А, ошондой эле болбосо, Айжанга кайдагы атчан неме келмек эле дедим да, – женеси Айжандын жообуна ынангандай болду. Абысыны кеткенден кийин Айжандын жүрөгү дүпөйүл тартып калды. Эми Алмаздын келишин гана күтүп калды. Бирок ал келгенде эмне дээрин ойлоду. Алмазды суз кабыл алып, аны экинчи келтирбей коюуну да ойлоду. Курган жүрөк анын бул оюна таптакыр каршы болду. Түркүн ойду түрүп, чачып, кантип уктап кеткенин да билбей калды Айжан. Аттын кошкуругу чыкканда Айжан чочуп ойгонду. Ордунан ыргып туруп терезеге барды. Итти да уйур кылыр алган Алмаз, бутуна илээшип шыйпандаган итке бир нерсе деп буюрду да өзү үйгө ашыкты. Кадимки үйдүн ээсиндей кылган бул жоругу Айжанды ирээнжитти. Көөдөнү жок неме го? Ангыча Алмаз шарт кирип келди.

 – Амансынары? – кубанычын жашыра албай күлүндөп Айжанга умтулду. Үнсүз башын ийкеген Айжан, ушунусу менен таарынычын билгизгиси келди.

 – Айжан, эмне болду сага? Бир нерсеге капа болуп турасынбы? Же… – Алмаздын деми сууй түштү.

 – Же эмне? – Айжан Алмаздын суроосуна суроо узатты. Эмнегедир анын көзүн карабайт.

 – Же менин келгенимди жактырбай турасынбы? – Алмаз чечкинсиз күнкүлдөдү. Айжан үнсүз турду. Болоор болбос нерсеге таарынып мен эмне болуп атам? Эмнеге мунун көнулүн оорутуп атам? Мен эмне болуп атам деги? Айжан кайра өзүн колго алууга аракет кылды.

 – Жок Алмаз, мен сенин келгенине таарынбай элемин. Келгенин жакшы болду, сүйлөшө турган жүйөөлүү сөздөр бар, – деди Айжан жумшарып.

 – Айжан, айта турган сөздөрүн болсо айтчы тезирээк, менин ичим бышып кетти.

 – Шашылба, анча болгон сон чечинип, жай отур.

 – Жок, мен сенин сөзүндү укмайынча жай отура албайм, – Алмаз Айжанга жакын келди да аны кучагына кысты, – мен сенин эмне деп айтаарынды сезип турам, ал сөзүндү айтпай эле койчу, мен баары бир көнбөйм анына, – деп Айжандын мандайынан өөп койду.

 – Менин эмне айтаарымды сен антип билдин? – Айжан Алмазды таныркай карады.

 – Сенин көздөрүн, алдагы турган турпатын айтып турбайбы.

 – Ошентсе да ме эмне деп айтат элем, айтсан? Балким жанылып аткан болуп жүрбө?

 – Сен мага: «Алмаз экинчи мага келбе, менин үй– бүлөм бар, мындан ары экөөбүз кезикпейбиз» дегин келип турат, туурабы?

 – А балким мен сага, кечөө эмнеге келен жоксун, андан мурдагы куну эмнеге келген жоксун, дегеле мага эмнеге күндө келген жоксун, деп таарынып атам? – Айжан Алмазды мундуу тиктеди.

 – Андай болсо курум мойнумда, – Алмаз чөгөлөй калып Айжандын тизесинен кучактады. Айжандын ичи уйгу-туйгу болуп, көзүнө жаш кылгырды.

 – Кой Алмаз, тамашанды кой, эми мага келбе чын эле, жүрөгүм жамандыкты сезип турат, – деп Айжан буркурап ыйлап жиберди.

 – Айжан антип айтпачы, мен баары бир анына көнө албайм, – Алмаз Айжандын тизесин катуу кысып, эрдин тиштеди. Жана келе жатканда ойлогон бүдөмүк ойлору туура чыкты.

 – Жок Алмаз, сен туура түшүн, эртеби, кечпи бул баары бир бүтө турган иш болгондон кийин, эртерээк бүткөнү жакшы. Өтө терендеп кетсек кайра чыгууга ошончо оор болуп калат, андан көрө эртерээк токтотолу, баары бир экөөбүздүн тагдырыбыз эки башка. Чынымды айтсам, менин сенден ажырагым келбейт таптакыр, бирок тагдырыбыз ушундай болсо кантмекпиз? – Айжан оор үшкурүп алды.

 – Айжан, – Алмаз башын өөдө буруп Айжандын көзүнө карады, – Качанкыга чейин эле тагдырга баш ийип отура беребиз? Ошол таш боор тагдырга каршы чыкса болбойбу? Же биз адамдар ошончо эле алсыз жаралганбызбы? Эмне үчүн дайыма баарын тагдырга шылтайбыз? Эмне үчүн куру намысты жогору коёбуз баарынан? Эмне үчүн, айтчы? Эмне үчүн сен өзүн сүйбөгөн адам менен өмүр бою жашашын керек?

 – Сүйбөсөм да ал менин ак никелуу жарым да, ортобузда балабыз да бар, анын тагдыры эмне болот? – Айжан Алмазды суроолуу тиктеди. Айжандын бул сөзү Айлмаздын ичин туз куйгандай ачыштырды. Ооба, балким бул туура айтат. Мунун да ак никелуу күйөөсү бар. Бул күйөөсүн сүйөөр сүйбөсүн мен кайдан билем? Дегеле бирөөнүн үй-бүлөсүн бузгандай менин кандай акым бар?! Ооба, мен кетишим керек, Айжанды да, Арсарды да унутушум керек эми, деп ойлоду.

 – Айжан, андай болсо мен кетейин, – Айжанды кучагынан бошотуп, четтеди, – сен туура айтасын, ак никенди бузгандай менин эч акым жок, кош бол анда, – Алмаз Айжанды жүзүнөн өөп, шарт чыгып кетти үйдөн. Алдынан шыйпандай чыга калган жолборс, тез эле кетип жатасынбы, дегенсип аны айланып тегеренип, бутуна илээшип жолтоо болду. Жолборсту башынан сылап, кош бол эми сен дагы, мени сен гана түшүнүп турат окшойсун, деген Алмаз бул жерден тезирээк кетип калгысы келди.

 Чын эле кеттиби? Биротоло кеттиби? Эми мен аны эч качан көрбөймүнбү? Айжандын жүрөгү жарылып кетти. О, шордуу жаным, эмне кылдым мен? Айжан жүгүрүп Алмаздын артынан чыкты. Жаны эле каалганы ачып чыгайын деп бараткан Алмазды бир бакырып токтотту. Алмаз кайра бурулуп бир карап, анын көзүнөн шорголоп агып жаткан жашын көрүп, токтоп калды.

 – Алмаз, токто! Кетпечи! Кечир мени! – Айжан жүгүрүп келип Алмазды мойнуна асылды. Алмаз анын жалтыраган капкара чачтарынн сылап, энсеп келген жытын искеп, магдырап туруп калды.

 – Алмаз кетпечи! Мейли, мен баарына көнөм! Башка түшкөндүн баарын көтөрөм. Мен эми сенсиз жашай албайм! Алмаз мен сени сүйөм! – деди Айжан жалооруп.

– Айжан, башка түшкөндү чогу көрөбүз! Айжан экөөбүз эми ажырабайлычы! Мен сени башка жакка алып кетем, макулсунбу?

 – Мен баарына макулмун Алмаз, мен эми жалгыз сен учун гана жашайм! Алмаз үйгө киреличи, – Айжан Алмазга ыктап, суроолуу тигилди. Анын бул коз карашынан кумардын отун көрдү Алмаз. Өз сүйүүлөрүн асмандагы айдан да кызганган экөө, терезени жылчыксыз жаап, өздөрүнө гана тааныш махабаттын ажайып кооз аралына жол тартышты. Экөөнү кана күтүп, мин түркүн кооздуктарга бөлөнгөн, криссталдай тунук булактуу махабаттын аралы бул түнү коюнун кенен ачып, экөөнү кучак жая тосуп алды…

 Ошол сырдуу түндөн бери ай бир нече жолу жанырды. Айжандын үйүнө кээ күндөрү атчан адам келип жүргөнү ооздо-оозго отуп отуруп, акыры Айжандын кайын энесине да угулду. Андытып жиберген улуу келинин чакыртты.

 – Өлүгүндү кана көрөйүн бетпак, киши арыгын сыйласа баш кандайт, деген ушул! Тиги тексиз айбандын үйүнө баягы ат жөн жерден келбептир. Ий бетим ий, элдин бетин кантип карайм эми? Ал атчан неме ат тезегин кургатпай келип калыптыр эми тигиге! – кемпир жоон санын аткый кыйкыры.

 – Коюнузчу апа, аны ким айтат? – улуу келини анырайып карап калды кайын энесин.

 – Ким айтмак эле, эл ичине эпак эле тараптыр бул сөз! Анын келгенин көргөндөр көп экен көрсө! – кемпир өлүп кетчүдөй болуп сыздады.

 – Ошо, мен өткөндө эле шекшигем анын соо эмес экенин. Адашкан ат экен деп коёт өлгүр! – улуу келинине жага бербей калды.

 – Эми аны бир күнү кылмыш үстүнөн кармаш керек да, айдап отко салыш керек! Баламдан айлансын өлүгүндү көрөйүн ит! Зангыратып үстүнө үй салып берип, астына аш коюп берип отурган бизди тебелеген кандай болоорун көрсөтөм мен ал акмакка! – кемпир чындап жаалданды.

 – Туура айтасыз, анын көзүн тазалаш керек. Канатка керек болсо эртен кыз алып беребиз! Башынан эле ушунунар жаккан эмес мага, – келининин чырагына май тамды.

 – Муну ким жактырыптыр дейсин? Укпай койбодубу жанагы эси жок балам, ушул тексиз айбан кимди жыргатат? Тарбия көрбөгөн ит да! Деги анын жытташып жүргөнү ким экенин уктунбу?

 – Угушума караганда өйүздөгү айылдан экен. И, баса, өткөндө Сабырбек аял алганда келип чуу салган неме дейт го.

 – Э ботом, аякка эмнеге чуу салат экен?

 – Кыязында ошол кызды мен алмакмын деген го.

 – А, өлүгүндү көрөйүн көрунгөндүн катынына көз арткан ит турбайбы анысы да! Ал кыз Сабырбекке өз көнүлү менен эле келбеди беле? Аны кол менен алып келишиптир деп уккам.

 – Ой апа, ошол бир уяттуу неме болсо ушинтип көрүнгөн жакта урунуп беринип жүрөт беле? Ошол итке жабышкан биздин Айжан да бир көк мээ да! – келини бетин чымчып салды.

 – Ошону айтсан, өлүгүндү көрөйүн какмар, кайдан журуп келди ушул жетим биздин үйгө, жаным күйөт да тим эле! Катыша турган куда-сөөк да жок! Жакшы эле тарбияладым эле баламды, ушул тексиз айбан баламдын башын айлантып албадыбы! Ай, эми анын көзүн тазалаш керек!

 – Апа, а тиги атам тапкан киши уулду качан бошонот дептир? Балким анын келишин күтсөк кантет?

 – Жок, мен эми анын келишин күтпөйм, уулум келгиче жоготом бул шермендени, – каршылашканын кантарып, алышканын антарып көнгөн кемпир албууттанды, – уулум келээри менен төшөк жанырттырам, эмне, биздин колдон келбейби?!

 – Апа, антсениз деле болот, уулга апасы өбө элек кыз алып беребиз керек болсо, – келини кайын энесин кош колдоп колдоду, – бизге бүлө боло албай жүргөн кыздар толуп атат! А тиги чирик айлансын уулдан! Жыргап отурган жеринен кетип кайда бараар экен көрөм аны. Ошол тентиген селсаяк аны катын кылып алмак беле?

 – Болду, эми сен Айжанды жакшылап анды, күн болобу, түн болобу анын абийирин ачып, эл алдында шермендесин чыгарып туруп айдап жибериш керек!

 Кемпир менен келини көпкө сүйлөшүштү. Айжанга чындап эле жиндери кайнап, эми онтойу келгенин кана күтүп калышты.

 

 Алмаз тагдырга өчөгүшүп, андан өч алмакчы болуп жүрдү. Айжан экөөнүн мамлеси күндөн-күнгө бекип, эми ал экөө да онтойун келтирип туруп бул жерден көз көргүс, кулак уккус жакка кетмекчи болушту. Арсардан ажырап калгандагы күйүтү күн өткөн сайын мокоп, Айжанга болгон берилүүсү күч алды. Айжанга өзүнүн тагдыры , атасы , бир туугандары жөнүндө, ал түгүл Арсар жөнүндө да баардыгын ачык айтып берди.

 – Алмаз, мага сен керексин, сенин кандай тагдырын болсо да, мен сени кабыл алам, эми мага сенсиз жашоо жок. Сен мени сүйбөй турган болсон да мен кайылмын эми. Сен дайыма менин жанымда болсон мен үчүн бакыт ошол! – деди Айжан.

 – Айжан, мен эми баардыгын чечтим, экөөбүз кетели бул жерден. Таалайыбыздан көрөбүз, эмнеси болсо да эми экөөбүз чогу көрүшүбүз керек. Менин азыр алым күчүм бар, силерди бакканга кудуретим жетет, -деди Алмаз чечкиндүү.

 – Мен баарына макулмун. Мени бул жерде кармап турган эч нерсе жок. Жаштык кылып жанылыптырмын мен, бардар жерге күйөөгө чыксам жыргайм деп ойлогом. Андай болгон жок. Мен эми түшүндүм баарын, көр оокат күнүмдүк жыргал алып келет экен, көр оокатка көз каранды болуп жашаган тирүүнүн тозогу экен. Мени эми ушул оокатка толгон үй да, Канат өзү да, анын туугандары да эч кызыктырбай калды. Мага уулум менен сен жанымда болсон болду, ачык асман астына жашаганга да макулмун! – Айжан көзүнүн жашын токтото албай, Алмазга карады. Алмаз анын көз жашын сүртүп:

 – Айжан, мен сенин жанында болсом, кантип сени ачык асман алдына коёюн. Амантайды болсо эч качан өгөйлөбөйм, балада эч күнөө жок. Канатка да, анын туугандарына да туруштук берүүгө кудуретим жетет.Мен силерди эч кимге кор кылбайм, ишен мага! – деди. Ошону менен экөөнүн сөзү бекип, тагдырга каршы турууга бел байлашты. Бирок тагдыр алардан алда канча күчтүүрөөк эле.

 

 Арсар Сабырбекке күйөөгө чыкканы мүнөзү таптакыр өзгөрдү. Үй ичинде кыбырап керээлден кечке көр окат менен алек. Сабырбек менен сүйлөшпөгөнгө аракет кылат. Ал түгүл анын үйгө келбей калышын күндө кудайдан тилейт. Сабырбек Арсардын мунусуна акыры чыдабай калды.

 – Арсар, экөөбүз качан эрди-катын болобуз? – деп сурады бир күнү.

 – Андай болгонубуз качан, – Арсар көнүлкош жооп берди.

 – Жок, экөөбүз эрди-катын боло элекпиз, сен эч качан мени сыйлагын келбейт! – Сабырбек отурган ордунан обдулуп кыйкырды.

 – Сыйлаганда эмне кылышым керек эле?

 – Мен жанылыптырмын, сени катын кылып алсам эле, акыры конот деп ойлогом. А сен болсон бассан-турсан баягы зөөкүр оюнда. Же эмне, мени билбейт деп турасынбы? – Сабырбек ызырына эрдин тиштеди. Дале болсо Алмазды жайына койбогонуна Арсардын жини келди.

 – Сен андан жакшылап эле алдын го өчүндү, – деди.

 – Жок, мен андан баарын толук алып буто элекмин, – ордунан шарт тура калган Сабырбек, азыр эле барып Алмазга бирди көрсөтө турган баштанып, тышка чыгып кетти.

 Күүгүм талаш бутуна тура албай мас болуп келди. Үйгө кантип жеткенин ким билсин, эшик алдына келээри менен эле:

 – Арсаар, – деп бакырды. Кечки тамак даярдап жаткан Арсар, селт эте чочуп, тышка жүгүрүп чыкты. Күйөөсүнүн кейпин көрүп үрөйү учту. Чачтары уйпаланып, көздөрү кызарып, жеп жиберчүдөй болуп турганынан жамандыктын жышаанын сезди Арсар.

 – Эмне жалдырайсын? Бери кел! – деп бакырды Сабырбек. Арсар үндөбөй анын жанына келип, колтугунан сүйөдү. Сабырбек болгон күчү менен аны көмөлөтө түртүп жиберди. Цементтелген короого бети менен жыгылган Арсардын бети сыйрылып, кан жая берди. Темтендеген Сабырбек ал тура калгыча үлгүртпөй далы тушка бир тепти. Анан туш келди алынын келишинче ийлеп, өзү чарчаганда гана басылды. Бир убакта соолуга түшкөн өндөнөт, жерде бүк түшүп жаткан аялын көргөндө, өлтүрүп салдымбы деп чочуп кетти. Арсарды оодара салып карады. Кызыл ала канга боёлуп, эсин жоготуп койгонун көргөндө Сабырбектин чындап үрөйү учту. Аялын үйгө киргизейин деп убара болуп атканда, тыштан энеси келип калды.

 – Өлүгүндү көрөйүн канкор, өлтүрүп салган го, – энеси Сабырбекти түртүп жиберип, Арсарды өзү колуна алды. Арсардын тирүү экенине ынанганда, жүгүрүп барып суу алып келе калды. Арсардын бетин жууп жиберди. Муздак суу Арсарды эсине келтирди. Көзүн ачып, мандайында ыйлап отурган кайын энесин көрдү Арсар.

 – Энекебай, эмнеге, эмне кылганым үчүн? – Арсар көзүнүн жашын көлдөттү. Жаштайынан Сабырбектин атасынан далай кордук көргөн кемпир, эми уулунун да атасын тартып кызыл камчы болуп калганына жаны кейиди. Арсарды жөлөп-таяп үйгө алып кирди да, төшөк салып жаткырып, ысык чай берип, жанынан чыкпай чарк айланып жүрдү.

 Ошол күндөн бери Сабырбек куру шылтоо менен аракты көп иччу болду. Кээ күндөрү кылдан кыйкым таап, Арсарды уруп коёт. Үй– бүлөөнүн ыркы күндөн күнгө кетип, эми мындай жашоо болбосун түшүнгөн Арсар ажырашууну чечти. Ошондой ойлоп жүргөн күндөрүндө Арсар өзүнүн кош бойлуу экенин билди. Тынымсыз башы ооруп, тамакка табити тартпай калганынын себеби ошол экен. Эми такыр айласы куруду Арсардын. Кетип калайын десе баласы менен кайда барат? Кетпей коёюн десе көргөн күнү бул болсо. Анын бушайман болуп жүргөнүн сезген кайын энеси бир күнү:

 – Э балам, көп эле сары санаа болбочу, андан көрө өз жанынды кара, аман-эсен көз жарып алсан токтолооор. Сабырдын түбү сары алтын деген балам, бир аз чыдап койчу, – деп өтүндү. Кайын энеси менен башынан эле ынак болуп алган Арсар. Ага бору ооруп, эки ортодо чайналып жүргөнү көрүп, анын кебин эки кыла алган жок. Балким чын эле балалуу болсок баары өзгөрөөр, дагы чыдай турайын, деп чечти Арсар.

 

 Алмаздын акыркы кезде жакага көп кетип, эки-үч күндөп жоголуп атканы Калдар акени сары санаа кылды. Бул бала ушинтип жүрүп бир балээге кабылбагай эле. Балким бир күнү өзү айтаар сырын деп күтсө, Алмаздын чечиле турган түрү жок. Чечилмек тургай ого бетер ойлуу болуп, эмнегедир көзүн ала качат. Анын бир түйшүгү бар экенин сезди Калдар аке. Сөздү озү баштамай болду.

 – Э балам, – Калдар аке токтоо унчукту, -бери мындай отурчу, айта турган сөзүм бар эле, – деди. Эмеле чыга берейин деген Алмаз токтоп калды. Кайра бурулуп Калдар акенин жанына тизелей отуруп калды.

 – Балам, сенин кээ бир кылыгына акылым айран болуп жүрөм кийинки күндөрү, балким мен бир акылымды кошо алам, чечилип айтчы маселенди, – деди жайбаракат. Алмаз эмне жөнүндө сөз болоорун дароо түшүндү. Жарга камалган эчкидей аласы куруп кетти. Калп айтууга дити барбады.Чынын айтууга дарманы жетпеди. Алмаздын абалын көрүп баарын түшүнгөн Калдар аке:

 – Уулум, баарын толук билбесем да, анча– мынча айын кептерди уктум. Эл оозунда элек жок да, эл ичинде болгон сон угулбай койбойт экен. Балким жаштыгын менен түшүнбөстүк кылып атасын. Бирөөнүн үй– булөсүн бузган, бир шаар бузган менен барабар деген. Эгерде элден укканым чын болсо, ал келиндин күйөөсү бар экен. Ошондуктан аны менен кол үзүшкөнүн жакшы болот го балам, – деди. Айткандарынын кандай таасир эткенин билгиси келгендей Калдар аке Алмазды бир саам тиктеп калды. Алмаз жерге башын салып үндөбөй отурду.

 – Турмуш деген татаал нерсе балам, эмнеси болсо да кийин өкүнбөгүдөй бол, бирөөнүн тагдырын бирөө чече албайт. Эки адамдын ортосундагы мамилени да башкалар түшүнө албайт, ошентсе да абайла балам. Аталык айткан бир сөзүм үчүн жаман көрбө, баардыгын өзүн тарзалап, өзүн чеч, бир гана айтаарым шашылба, – Калдар аке сөзүм бүттү дегенсип унчукпай отуруп калды.

 – Ата, айткан акылынызга рахмат, бирок эми мен бараткан жолумдан кайта албай калдым, – деди Алмаз бир аздан сон. Калдар аке тунжурап бир топко ойлонуп отурду.

 – Анда эмесе ак жол сага. Эми кандай чечим кабыл алсан да мен сен тарапта болом балам. Сен эрезеге жеткен эр жигитсин, өз тагдырынды өзүн чечишин керек, – деди Калдар аке.

 – Ата, рахмат сизге, мен бир чечимге келгем, эми ошону ишке ашырышым керек. Мен бул жерден кетейин деген оюм бар. Мен мурун эл катары үйлөнүп алып, анан кетейин дегем. Ал оюм ишке ашпай калды. Мен алчу кыз башка күйөогө чыгып кетти. Бирок мени тагдыр башка адамга жолуктурду. Ооба, анын ак никелүү күйөөсү бар экен, бирок күйөөсү түрмөдө азыр. Биз эч кимге билинбей бул жерден кетели деп чечтик. Мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ойдо жок жерден ушундай иш болуп атат. Бирок менин жүрөгүм ошону каалап атат. Эми артка кайтууга болбой калды. Балким кийин бир кезде кайтып келээрмин, – Алмаз жүрөгүндөгүсүн айтууга мажбур болду.

 – Балам, эгерде андай болсо эми жолундан кайтпа, мен сага колумдан келген жардамымды берем, кудайым сага бакыт берсин, омийин, – Калдар аке алакан жайып бата берди.

 – Рахмат ата! Биз кетээр күнүбүздү так болжой элекпиз, болжогондо айтам сизге. Мен үчүн кабатыр болбонуз. Мени кечирип коюнуз, сизге жардам бербей кетип жатканым үчүн, – Алмаз башын көтөрүп Калдар акени тике карады.

 -Эч нерсе эмес балам, өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет деген, кайда болсон да аман жур, бирок бизди унутпа, элинди, жеринди унутпа! Сенин тамырын ушул жерде, эртеби кечпи кайтып кел балам, – деди Калдар аке жашый түшүп.

 – Ата, сизге мин мертебе рахмат! Көп жашаныз! Мен сизди эч качан унтпайм, мен сөзсүз кайтып келем, – деди Алмаз эреркеп.

 – Болуптур балам, бара бер эми, – деди Калдар аке.

 – Мен азыр жакага түшүшүм керек, бирок эртен эрте эле келем, жакшы турунуз, – Алмаз ордунан турду. Калдар аке үнсүз башын ийкеди.

 Алмаз торуну минип жакага жөнөдү. Жүрөгү женилдеп калды. Калдар акеме баарын ачык айтканым жакшы болду го деп ойлоду. Кандай жакшы адам! Баардыгын түшүнөт.Качандыр бир кезде ушул адамдын мага кылган баардык жакшылыктарын актай алат болдум бекен? Атам бербеген мээримди ушу киши берди. Баса, атам эмне кылып жүрөт болду экен? Ай, ал шордуу баягы эле арагында жүрсө керек. Эми ага бир нерсе деп айтууга деле болбойт, ал көнгөн адатын оной менен таштай койбос. Ага барып кете турганымды айтуунун деле кажети жок. Ал мени түшүнбөйт баары бир. Эмне кылайын эми, аман жүрсө болду. Алмаз ойлору менен алек болуп отуруп эки айылдын ортосундагы кылым карыткан кургак сайга кандай жеткенин билбей калды. Жолду кыскартуу үчүн ушул сайдын ортосу менен тээ илгери заманда эле жөө – жаландар өтүүчү жол салышкан экен. Алмаз дайыма түн жамынып ошол жол менен өтчү. Бүгүн да илкий баскан аттын кадамына жараша денесин бош таштап келе жатты. Ангыча кулагына алда кандай үн угулду. Же баланын ыйлаганы же жаш келиндин ыйлаганыбы, Алмаз кулак түрүп тыншап калды. Тору да бир нерсени сезгендей, кулактарын тикчийтип, токтой калып, бышкырып алды. Кантсе да жаныбардын туюу сезими күчтүү болот эмеспи, тору сезсе демек үн чынында эле чыгып атат бир жерден. Алмаз эки жагын элендей, көөдөй карангыга үнүлө карады. Эч нерсе көрүнбөйт. Үн дагы угулду. Аялдын ыйлаган үнү, эми даана эшитти Алмаз. Үн чыккан жакка тууралай торуну теминди. Ал ангыча ары жактан ордунан тура калган караанды көрүп, чочуп кетти. Жети түндө сай ичинде жүргөн аялдын жөн жүрбөгөнү бышык, бул бир кордук көргөн аял го, болбосо эмнеге ыйлайт эле? Алмаз торуну теминип, аял жакка бастырды. Өзүн көздөй келе жаткан атчанды көргөндө, аял жүгүрүп качып жөнөдү.

 – Эй, токто, мен сага эч жамандык кылбайм, – деп Алмаздын кыйкырганына да болбоду. Таштак сайда мүдүрүлүп жыгылып, кайра шаша туруп, кете берди. Атчан адам менен жөө адам жарыша алмак беле, Алмаз торуну үстөккө – босток теминип тигинин алдын торой калды.

 – Токто, эмне, сага жин тийгенби? Мен сага эч жамандык каалабайм. Түн ортосунда бул сайда жөө жүрүш коркунучтуу экенин билбейсинби? Бул сайда чөөөр толтура, талап кетишсе эмне болот? – деп тигини жошутууга аракет кылды. Демигип, калтыраган аял, эмнегедир бир заматта боюн түзөй калды.

 – Алмаз! – деп, не кубангандай, не таныркагандай үн катты. Мени тааныган ким болуп кетти бул? Алмаз тигиге үнүлүп карады.

 – Арсар! Сенсинби?! – Алмаз аттан ыргып түштү.

 – Алмаз! – Арсар өзүнө ээ боло албай Алмаздын кучагына боюн таштап, өксүп ыйлап жиберди. Ушул кезге чейин бир да жанга айта албаган арманын ушул ыйы менен чыгаргысы келгендей, жакын адамына эреркеп көпкө ыйлады. Алмаз да аны кучагына бекем кыса, тагдыр экөөнү ушул таштак сайда арман менен кезиктиргенине ичи ачышып, жан дүйнөсү эншерилип турду. Жүрөгүнүн түпкүрүндөгү сезими кайрадан ойгонуп, Арсарды аябай сагынганын сезип, азыр колунан келсе мунун азабынын баарын өз мойнуна алгысы келди.

 – Арсар, эмне болду сага? Болдучу эми ыйлаба, каралдым Арсартай, болдучу. Андан көрө айтчы мага, эмне, күйөөн менен уруштунбу? – Арсардын мандайынан сылай, анын көз жашын алаканы менен сүрттү. Ыйлап алганына бугу чыга түшкөн Арсар чыйралды.

 – Алмаз, мен күйөөмдү өлтүрүп салдым, – деди ыйын токтотуп.

 – Эмне дейсин? Арсар кайра айтчы, – Алмаз уккан кулагына ишенбей Арсарды ийнинен кармап катуу силкти.

 – Мен күйөөмдү өлтүрүп, үйүн өрттөп салдым, – Эми баардыгына кайыл болгон адамдай Арсар чечкиндүү жооп берди. Алмаз анын чынын айтып атканына ынанды.

 – Арсар, эмне үчүн? Эмнеге сен андай кылдын, түшүндүрүп берчи кудай жалгагыр?!

 – Мага кылган баардык жамандыктары үчүн мен андан өч алдым, -Арсардын көз алдына ак халатчан дарыгер тартылды. «Эми сизге балалуу болуу опурталдуу, балким мүмкүн болбой да калды. Сиздин өмүрүнүздү сактап калыш үчүн колубуздан келгендин баарын кылдык, баланы алып салууга туура келди. Күйөөнүз ченден чыккан зөөкүр го, боюнузда бар экенин билип туруп, эмнеге ичке тепкилеген? Бала ичинизден эле өлүп калыптыр» дегени азыр кайрадан кулагына жанырды.

 – Алмаз, ал мени баардыгынан ажыратты. Адегенде сенден ажыратты, андан сон эне болуу укугумдан да ажыратты. Мен эч болбосо балага байланып жашайын дегем, сүйүүдөн жолум болбосо да, балалуу болуп, ошолордун убайын көрүп жашайын дегем. Ал мени ошол кыялымдан да ажыратты. Эми мага баары бир, мени түрмөгө камашабы же өлтүрүп салышабы, баары бир!

 – Арсар антип айтпачы. Балким күйөөн өлгөн деле жок. Сен кантип эле аны өлтүрө сайдын? Сенин ага күчүн жетмек эмес.

 – Ооба, мен да ошентип ойлодум. Чала сайып калып, өлбөй калабы деп, үйдү өрттөп салдым. Мен ал өлгөндө гана көксөөм сууйт, – деди Арсар.

 – Арсар, үйдү өрттөгөндөн бери канча убакыт өттү? – Алмаз айлананы жыттады. Эгерде үй чынында эле күйүп аткан болсо, айлананы күйүк жыт каптамак.

 – Жарым сааттай өттү.

 – Арсар, аны сактап калууга аркет кылыш керек. Болбосо иш өтө чатак болуп калат. Үй өрттөнө элек го, болбосо түтүн жыттанмак эмгиче, – деди Алмаз.

 – Жок Алмаз, аны сактап калуунун кереги жок! Ал өз жазасын алды! Эми мен да өз жазамды алышым керек! – Арсар чечкиндүү жооп берди.

 – Арсар, а үйдө Сабырбектен башка киши жок беле?

 – Жок, кайын атам менен кайын энем Нарындагы кызына кетишкен. Мен ошол учурдан пайдаландым. Алмаз, мен муну мурунтан эле ойлоп жүргөм, ошондуктан аны сактагым келбейт. Андай адамдар жашоого татыктуу эмес!

 – Жок Арсар, эгерде үй өрттөнө элек болсо аны сактап калыш керек. Мен сени бир үйгө алып барып коёюн да, өзүм акырын акмалап келейин, кел, учкаш атка, – Алмаз Арсардын жообун күтпөй, куштун канатыдай женил Арсарды так көтөрүп атка отургузду. Арсардын каршы болгонуна көнүл болгон жок андан ары. Эгерде Сабырбекти аман алып калса Арсардын күнөөсү женилдээрин жашы түшүнүп, өтө шашылды. Арсарды түз эле Айжандыкына алып барды да:

 – Айжан, иш чатак болуп калды, бул Арсар. Арсар ушул жерге тура турсун, мен тез эле кайтып келем, азыр убакыт жок, келгенде баарын түшүндүрүп берем, – деп Арсарды түшүрө коюп, атты чапкан тейден жөнөп кетти. Түн ортосу болуп калган экен, абалап үргөн иттерден башка мыдыр эткен жан көрүнбөдү жолдон. Сабырбектин үйүнө жакындаганда аттан секирип түшүп, аны жол боюндагы талга байлап койду да, өзү акырын өнүп, үйгө жакындады. Үйдүн тегереги деле жымжырт, эч нерсе болбогондой. Бирок билинээр билинбес күйүк жыттанды. Алоолонуп күйүп жаткан үйдү, аны тегеректеп кымкуут болгон элди көрөмбү деген ою текке чыкканына сүйүндү Алмаз. Үй ичи да карангы, тымтырс. Эми кандай кылаарын билбей ойлоно калды. Сабырбек эмне болду экен? Арсар аны өлтүрө сайганын деле кудай билет, бирок жараты женил болгон менен кан көп кетип калса өлүп калаары бышык. Э, атасынын көрү, эрдик кылсан сүрө кыл деген, эмнеси болсо да үйгө кирүүнү чечти Алмаз. Эшик жөн гана жабылуу экен. Аны ачаары менен мурдуна күйүк жыт уруп, көнүлүн айнытып ийди. Улам бир бөлмөнү шашыла ачып, Алмаз Сабырбекти издеди. Бир бөлмөнү ача салса, далп деген жалын чыкты. Жерде жаткан кийизди от ала баштады. Алмаз отту жанталашып буту менен тебелеп, андан сон күрмөсүн чечип алып койгулап өчүрдү. Ушул маалда даарат ушатууга чыккан карыя Сабырбектин үйүнүн терзесинен жарк эткен жалынды көрүп үрөйү учту. Бул эмне болуп атат деп карап калды. Оттун жарыгынан үй ичинде далбастап жүргөн Алмазды даана көрдү. Алмаз жерде сулк жаткан Сабырбекти оодарып карады. Анын акырын онтоп атканынан тирүү экен деп сүйүнүп, тышка алып чыгайын деген ой менен аны көтөрмөкчү болгондо, колуна бычактын муздак мизи урунду. А, ушуну менен сайган го, Алмаз бычакты кончуна тыга салды. Эмнеси блсо да бычакты алыс жоготуш керек, далил болбосун. Кийиз кайра тутанды. Алмаз Сабырбекти жонуна салып көтөрүп чыгайын дегиче тыштан далдайган төрт-беш киши кирип келишти. Алар ай-уйга келбей Алмазды баса жыгылышты.

 

© Бурулуш Сатиева, 2017

 


Количество просмотров: 3748