Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Сын, адабият таануу, Адабият таануу / Публицистика
© Мамасалы Апышев, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 23-январы

Мамасалы Аткаевич АПЫШЕВ

“Нобель жумалыгы” жана Кыргызстандыктар

Макала

 

Өткөн жумада кыргыз коомчулугу Нобель жумалыгына байланыштуу бир “дүрт” этип алып, кайра эле дароо бир тынымга “жарк” дей түшкөн үмүтү “жылт” этип, жалп өчкөндөй эле болду...

Көрсө, бул жылы Нобель сыйлыгын адабият боюнча алган америкалык ырчы (!), бард-акын Боб Дилан өмүр баянында өзүнүн чоң энелеринин бири генеалогиялык бутагында “кыргыз” каны бар деген сыяктуу маалыматты калтырган деген маалыматты бериптир!..

Бирок, ошол кыргыз деген сөз этникалык идентификация жөнүндө болуп жатабы, же тек гана ата-тегинин аты-жөнүнө таандыкпы (аты, фамилиясы “Кыргыз”, же “Кыргызбай” деген башка улуттардын өкүлдөрү сымал), муну эч ким тактоого далалаттанган жок. Анткени, аны тактоо да мүмкүн эмес. Дал эле, мындан беш-алты жыл илгери бир сабатсыз адабиятчы сөрөй “Чыңгыз Айтматов Нобель сыйлыгын алган болчу, бирок, бул жөнүндө биз эч кимге айтпай койгонбуз” деген жомокту ойлоп чыгарган сыяктуу...

Дегеле, дүйнө жүзүндөгү глобалдык катастрофа, экономикалык кризис дүйнөдөгү эң эл барктуу болгон сыйлыктын дагы кризиске кептелгендигин тастыктап тургансыйт. Буга (так илимдерди айтпай эле коелук, — алардын табияты да, критерийлери да такыр башка!) соңку он беш-жыйырма беш жылдан бери бул сыйлыкка кимдер татыктуу болушканына үстүртөн көз жүгүртүп чыгуу эле жетиштүү болот.

Дал ушул “Нобелдик жумалык” күндөрү мурдараак адабият боюнча лауреат болгон Дарио Фо дүйнөдөн кайтты. Италияда өз лауреатын даңктап, урмат-сый менен узатышканына карабастан, башка өлкөлөрдөгү адабий–маданий коомчулук бул кабарды угушса да, кайдыгер гана кадыресе кабар сымал кабыл алышканы эле таасын көрсөткүч болуп турбайбы. Мындан үч-төрт жыл илгери эле, Нобель сыйлыгынын лауреаты, ХХ кылымдын улуу жазуучуларынын бири Габриэль Гарсиа Маркес дүйнөдөн кайтканда такыр башкача резонанс болгондугу маалым. Көпчүлүк адамдар муну жекече өздөрүнүн жоготуусу катары, жүрөктөрүнө абдан жакын кабыл алышкан эмес беле. Көрсө колумбиялык Маркес дүйнө жүзүндөгү ар кандай өлкө жана улуттардын айрымаларына карабастан, дээрлик ар бир үйдүн “мүчөсү” (китептери аркылуу) сыяктуу болуп калган экен да!?

Ал эми Дарио Фо, Боб Дилан жана башка соңку жыйырма-жыйырма беш жылда лауреат аталып калгандардын жөнү болсо такыр башка. Алардын бары да, жогу да адамзатка жана адабий-маданий аба-ырайына эч кандай деле таасир эте албайт. Себеби, адабият-маданият кризиси тушундагы, жедеп девальвацияланган, жасалма критерийлердин натыйжасында, кокусунан лауреат боло калган ысымдар обьективдүү сыноолорго эч кандай туруштук бере алышпайт. “Мезгил сыноосу” деп аталган, автору көз жумган соң, чейрек кылымдан тартып, жарым кылымга чейинки созулуучу обьективдүү процессти айтпай эле коелук.

Азыркы кезде, ал “атактуу лауреаттардын” көздөрү тирүү кезинде эле: “өткөн жылы Нобель сыйлыгы кимге ыйгарылды эле?” деген эң жөнөкөй гана суроо асманга асылып, жоопсуз кала берип жатпайбы!.. Ал эми ошол лауреаттардын чыгармаларынын эл арасына кандай таркап, жайылтылып жатканы жөнүндө сөз кылуунун да зарылчылыгы жок.

Баарынан кызыгы, бир кездеги абройлуу сыйлыктын тегерегиндеги мындай кырдаал азыркы адабият абалы биротоло деградацияланып калгандыгынан улам эмес, коомдук-саясий критерийлердин заман агымына, коомдук тенденцияларга жараша жасалма түрдө өзгөртүлүп жаткандыгында. Маселен адабият боюнча быйыл бул сыйлыкка чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери туруктуу талапкер болуп келе жаткан америкалык чыгаан жазуучу Филип Рот, же америкалык япон жазуучусу Харуки Мураками алышы мүмкүн деген божомолдор айтылып келген. Калыс жана мыйзамченемдүү жыйынтык чыгарылса дал ошондой эле болмок. А бирок, тилекке каршы, андай болгон жок.

Ал эми мурдагы постсоветтик мейкиндиктеги жазуучулар жөнүндө сөз кыла турган болсок, эгемендик жылдарында байыркы адабият салттары калыптанган грузиндер эң соңку ирет Нобель сыйлыгына Отар Чиладзенин “Авелум” аттуу, көзү өтөргө жакын жарыяланган акыркы романын көрсөтүшкөн. Бирок, бул роман “болжолдуу талапкерлердин” тизмесине да кирбей калган. Ошондон соң, улуттук мүнөзүнүн эң таанымал белгилеринин бири болгон “гордый грузиндер” Нобельге карата өздөрүнөн бир дагы талапкерди жылдырышкан эмес. Өздөрүнүн Шота Руставели атындагы мамлекеттик сыйлыгын “керек болсо аны Нобельден да артык көрөбүз” дешип, өтө баркташып, ага татыктуу деп аталган чыгарма жок болуп калган кезде, тек гана сыйлыкты бербей, бош калтырып коюп келе жатышат...

Ал эми улуу орус адабиятынын мураскери болгон бүгүнкү орус адабиятындагы абал такыр. Улуту абхаз болсо да, орус адабиятынын өкүлү саналып келген акыркы могикандардын бири Фазиль Искандер ушул жайда – эки-үч айча мурда дүйнөдөн кайтты. Тирүү болсо да, анын Нобельди алып калышы абдан күмөн болчу. Атактуу адабий сынчы, интеллектуал-гуманитарий Евгений Сидоров “Менин эркиме кое турган болсо, Искандерге Нобель сыйлыгын эч ойлонбой ыйгармакмын!” – деп качантан бери талбай кайталап, айтып келген. А бирок, бул изги тилек ишке ашкан жок...

Ал эми бир кезде совет адабиятынын жеткен эң жогорку бийиктиктеринин айкын критерийлери катары бааланып калган Лениндик, жана М.Горький атындагы Мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу дагы жайма базардагыдай майдаланып, аты-жыты жок акын-жазуучуларга бериле баштаганына көп болуп калды. Дагы эле болсо, талантуу акын-жазуучулар, бийик үлгүдөгү чыгармалар такыр эле жоктугунан улам эмес, алардын баягы эле учурдагы саясий-коомдук критерийлер талабына дал келбей, четте калып жатышкандыгынан улам!..

Олуттуу кеп кыла турган болсок, Швед академиктеринин мындай мамилелери бүгүн эле кокусунан жарала калган жок. Алар мурунку учурларда деле жылдар бою иргелип, тандалып чыккан ондогон татыктуу талапкерлердин ичинен эң соңку тандоону жасоодо дайыма саясий коньюнктурага ашкере басым жасап келишкен. Социалисттик система менен капиталисттик системанын идеологиясы таразага түшүп калса, капитализмге (чыгарманын өзүнө эмес!) артыкчылык беришип, социалисттик системадагы эки жазуучу туш келип калса, алардын ичинен кимиси диссиденттик маанайда болсо, ошону көтөрө чалышып... Айтор, дал ушундай субьективадүү мамиледен улам, бул сыйлык бир кезде өзүн өзү жок кылып алуу коркунучуна да кабылган. 1938-жылы Швед парламенти (!) өзү Нобель сыйлыгынын Тынчтык үчүн (!) деген номинациясы боюнча Адольф Гитлерди “демократияны дүйнөгө жайылтып жатканы үчүн” көрсөтүп, аз эле жерден албай калган. Эгерде алып калса, албетте, кийинки Нюрнберг соттук процессинде Гитлерди колдоп, моралдык дем беришкен күбөлөр катары суралары анык болчу!..

Ал эми ХХ кылымдын улуу жазуучуларынын бири, адабий агымдын өнүгүшүндө жаңылык, бурулуш жасаган аргентиналык жазуучу Хорхе Луис Борхес бир кезде диктатордук режимдердин бирин колдоп койгону үчүн гана бул сыйлыкты бербей коюшкан. Ошентип, ал бул сыйлыктан өзүбаш тарткан улуу Лев Толстой баштаган “Нобельди албаган улуу жазуучулар” тизмесинен туруктуу орун алып калган...

Азыр биротоло деградацияланып, майдаланып, биротоло жок болуп бара жаткан Нобель сыйлыгынын ой-кырлары тууралуу дагы узун сабак сөз кылууга болор эле.

...Андан көрөкчө, ошол дүйнөлүк маданий окуяга удаа эле, кыргыз саясий-маданий коомчулугунда дагы жоон топ адамдарга ар кандай тармактардан тандалып алынып, жогорку маданий сыйлыктар тапшырылганы жөнүндө сөз кылганыбыз орундуу болуп тургансыйт. Албетте, Сапар Исаков сыяктуу айрым жаш жетекчилердин президент колунан (өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин колунан!) сыйлык алгандыгы этикага канчалык сыярын айтуу кыйын. Адатта коомдук-саясий ишмерлерге кайсыл бир этаптын жыйынтыгы, мааракеси катары, же ардактуу эс алууга узатуу алдында гана жогорку сыйлыктар ыйгарылары бекеринен калыптанган жөрөлгө эмес. Антпесе, иш процессинде активдүү аракетте жүргөн күчтөр дайыма “мактаган кыз тойдо осурат” деген сыяктуу коркунучтун алдында калып, жүрө беришет эмеспи!..

А бирок, башка орден-медаль жана наам алгандардын тизмеси деле, — айрым гана сейрек, татыктуу ысымдарды алып таштай турган болсок, дал жогоруда айтылгандай, Нобель сыйлыгынан бешбетер, — бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда сыйлык-наамдардын баркы кетип бүткөндүгүн дагы бир ирет тастыктап койду.

Бир кезде Надырбек Алымбековго “Кыргыз Эл акыны” деген наам ыйгарылганда, муну улуттук адабияттын, анын ичинде поэзиянын кризиске кептеле баштаганынын белгиси катары караган элек. Тилекке каршы, ошол кризис уламдан-улам тереңдеп бара жатканын дал ушул эле сыйлык-наам “барометри” аркылуу баалап алсак болот. Гүлсайра Момунова ошол наам алгандардын ичинен эң эле таанымалы, бараандуусу болуп калганы эле көп нерсени тастыктап турат. Буга комментарий берүүнүн дагы зарылдыгы жок. Ал эми проза жанрында, союз маалынын соңку кезинде “Интергельпо” деген өндүрүштүк, саясий-коньюнктуралуу документалдуу очерк сымал, роман чалыш чыгармасы менен катардагы, ортозаар жазмакерлердин катарын толуктаган, башка көзгө көрүнгөн олуттуу чыгармасы деле жок Калканбай Ашымбаев азыр кадыресе “классикке” айланып калган учуру. Бул факт дагы комментарийсиз эле түшүнүктүү. Ал эми калган талапкерлер тууралуу, азырынча эч сөз кылбай эле кое туралык.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты соңку эгемендик жылдарда кимдерге ыйгарылгандыгы жана бул сыйлыкка талапкер катары кандай чыгармалардын көрсөтүлүп жаткандыгын карап чыгуунун өзү эле – азыркы адабий-маданий, руханий кризистин терең сазын күзгүдөн көрүү сымал таасир калтырат. Эриксизден, кыргыздын “Иттин уулу Байгара деле...” деген таасын баасы эске түшөт. Бул сыйлык комитетинин мүчөлөрүнүн ой жүгүртүүлөрүнүн примитивдүүлүгү таң калтырбай койбойт. “Болгону ушул болсо, эмне кылабыз!” – деп эле алакандарын жайып, улам бир халтурага бере бербей, татыктуусу жок болуп калса, сыйлыкты берүүнү убактылуу токтотуп, же анын мөөнөтүн эки жылда бир эмес, беш жылда бир бериле турган кылып узартылса, бул кадам сыйлык престижин гана көтөрүп тим болбой, адабият-маданияттын өсүшүнө дагы кошумча стимул түзүүгө шарт түзө алмак.

“На безрыбье и рак рыба” демекчи, президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө карасак, Кыргызстандын “брендине айланган”, бирок, азыркы орус профессионал музыка критерийи менен караганда, ортозаар ырчы Светлана Назаренко (“Город-312” тобунун солисткасы) ашкере макталып жаткандыгы башка бир кооптуу тенденцияны ойго салат. Минтип жүрүп олтурсак, кыргыздын “кыдыкычы” бард-акыны Сагынбек Момбеков кийинки жылдарда азыркы кыргыз поэзиясынын эң бийик жетишкендиги жана демократиялык баалуулуктарды жайылткандыгы үчүн (Боб Дилан сымал!) Токтогул мамлекеттик сыйлыгына өтө олуттуу талапкер болуп калышы да толук ыктымал.

Айтор, бул жылы “Нобель жумалыгы” чыныгы чыгармачылык критерийлерге улам барган сайын жасалма, коньюнктуралуу критерийлер үстөмдүк кыла баштагандыгын дагы бир ирет тастыктап койгондой болду. Башкача болушу да мүмкүн эместей. Чыныгы руханий, көркөмдүк-эстетикалык, философиялык туу чокунун критерийлери орун алганда, дүйнөлүк коомдук-саясий жагдай жана азыркы геосаясий абал, жалпы адамзат маанайы да такыр башкача болмок.

 

© Мамасалы Апышев, 2016

 


Количество просмотров: 164