Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Котормолор
© «Mara» басмасы, 2013.
© АКШ элчилиги, 2013. Китептин Кыргызстандагы басылмасын Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги каржылаган.
© Кыргызчага которгон Таалай Абдиев.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 13-январы

Таалай АБДИЕВ

Луиза Мэй Олкотт. Кичинекей айымдар

Little women by Louisa May Alcott

«Кичинекей айымдарда» 19-кылымдын акырында энеси төрт кызы менен жашаган, атасы согушта жүргөн бир үй-бүлөнүн образында америкалык провинциялык жашоо-тиричилик баяндалган. Үй-бүлө бири-бирине карата өтө эле камкор жана абдан эмгекчил. Кыздар өспүрүм куракта, ал эми ата-энеси аларды болгон күчтөрү менен эмгектенүүгө, достукту баалоого, жакындарга жардам берүүгө үйрөтүүгө аракеттенишет.

Кичинекей айымдар. Англисчеден кыргызчага которулду / Сүрөтчү Б. Жайчибеков. – Б.: Mara, 2013. – 360-б. китебинен алынды.

УДК 821.111 (73)
    ББК 84.7
    Л 83
    ISBN978–9967–11–411–1
    Л 4703040100–13

Тиражы 3000 нуска. Сатыкке эмес. 

Которгон Т. Абдиев
    Басманын редактору Ы. Кадыров

 

 

Луиза Мэй Олкотт – америкалык жазуучу аял. Өзүнүн үч эже-сиңдинин чөйрөсүндө чоңоюшу жөнүндө эскерүүлөрүнө негизделген «Кичинекей айымдар» романы менен атагы чыккан. Ал роман 1868-жылы жарык көргөн. Луиза 22 жашында «Гүлдөр жөнүндө тамсилдер» («Flower Fables») деген биринчи китебин жазган, ага Ральф Уолдо Эмерсондун кызы Эллен Эмерсон үчүн жазылган аңгемелери кирген. Олкоттун эң белгилүү жана кеңири тараган китеби – «Кичинекей айымдар». Мында Марчтардын үй-бүлөсүнүн төрт кызы: Мэг, Жо, Бет жана Эми жөнүндө баяндалат. Мэгдин прообразы катары эжеси Аннаны алган, өзүн Жонун образында көрсөткөн, ал эми Бет менен Эминин образдары тиешелүү түрдө сиңдилери Элизабет менен Мэйге таандык.

 

Биринчи бап. ПИЛИГРИМ ОЮНУ

Белек-бечкексиз кантип Рождество болсун, – деп күңкүлдөгөн Жо килемчеге кыйшая кетти.

– Кедейлик курусун, – деп үшкүрдү Мег, эски көйнөгүн карап.

– Кээ бир кыздардын кооз буюмдарынан башы айланат, айрымдарынын болсо эч нерсеси жок, ушул да адилеттүүлүкпү? – деп ыйламсырап, тагдырына таарына кетти кичинекей Эми.

– А бирок биздин ата-энебиз, эже-сиңдилерибиз бар да, – деп жайгарды бурчта отурган Бесс.

Муну укканда кичинекей кыздардын каминдеги оттун жарыгы түшкөн жүздөрү бир саамга жаркый түштү, бирок аны да Жонун сөзү суу сепкендей өчүрдү:

– Атабыз жок азыр, ал көпкө чейин келбейт.

Тиги «а балким, кайтпай калышы да мүмкүн» деп айтпаганы менен алыс жакта согушуп жүргөн атасын ойлогон кыздардын ар биринин оюна ушул келди.

Бир саамга унчукпай калышты, анан Мег башка бир үн менен сүйлөп кирди:

– Апам эмне үчүн Рождестводо белек беришкенге тыюу салганын билесиңер да. Кычыраган кыш келатат, анан да эркектер кан кечип согушуп жүргөндө акчаны болбогон бир майда-чүйдө нерселерге сарптай бербейли деп айтпады беле. Биздин колубуздан эч нерсе келбейт дечи, бирок биздин да курмандыкка чала турган нерселерибиз бар, чалганда да кубанып туруп чалышыбыз керек. А бирок мен кубана албай турам. – Мег башын чайкап, кыялданып жүргөн кооз нерселерин ойлоп салбырап отуруп калды.

– Менин оюмча, биздин тыйындарыбыздан пайда деле жок. Болгону бир доллардан акчабыз бар, ошондон эле армия жыргап кетмек беле. Мен, макул, апамдан да, силерден да белек күтпөйм, бирок «Ундина жана Синтрамды»* сатып алам. Мен аны качантан бери эңсеп жүрөм, – деди китеп десе эт-бетинен кете турган Жо.

(*«Ундина жана Синтрам» (1811) – немис романтик жазуу чусу Фридрих де ла Мотт Фукенин чыгармасы.)

– А мен жаңы нота алсамбы деп жүрөм, – деди Бесс, бирок анын үшкүрүк аралаш күбүрөгөнүн чайнек койгуч менен шыпыргы эле уккандай болду.

– А мен бир куту түстүү карандаш албасам бол-бойт, – деди Эми тыкылдап.

– Апам биздин акчабыз тууралуу эч нерсе айткан эмес, баарынан баш тарткыла деп деле айтпайт болуш керек. Ар кимибиз каалаганыбызды алалы да, кичине кубанып калалы. Анан калса ошого жараша эле жан-талашып иштеп атпайбызбы, – деп чаңкылдаган Жо жамалган туфлисинин өкчөсүн кекирейе карап койду.

– Баарынан да мен өтө кыйналдым, жанагы чурулдаган балдарды керээли-кечке окутуп. Тим эле үйгө качып кеткиң келет, – деп муңканды Мег.

– Сеники меникине караганда оңой да, – деп чыкты Жо. – Жанагы кежир кемпирдин жанында отурасың, ал да жеткен чыргоо, жаныңа батканда жөн эле терезеден ары секирип кеткиң же өңгүрөп ыйлагың келет.

– Эми арыз-арманды айта берген өзү жакшы эмес, бирок идиш-аяк жууп, үй жыйыштыргандан оор иш жок болсо керек. Кыжырым кайнап, колдорум сенейип калат да, ойной да албай калам. – Бесс куудураган колдорун карап, баары уккандай кылып үшкүрүп койду.

– Менимче, менчелик эч кимиңер азап тартпайсыңар, – деп чыңкылдады Эми. – Анткени силер мектепке барбайсыңар, желмогуздай кыздар менен отурбайсыңар. Алар сабакта жооп бере албай калсаң, өлгүдөй жамандашат, атаңды таптакыр кедейге чыгарып, көйнөгүң эски, же бир мурдуң жак-шыраак болсочу деп шылдыңдашат.

– Жамандашса жамандады деп айт, бирок атамды чыгарып таштаган идишке салыштырба да, – деди Жо күлүп.

– Мен эмне деп жатканымы жакшы билем, антип мени какшыктабай эле кой. Жакшы сөздөрдү колдонуп, сөз байлыгыңды көбөйткөнгө эмне жетсин, – деп Эми да моюн берген жок.

– Айтышпагыла, кыздар. Атамын биз кичине кездегидей бай болушун сен каалабайт белең, Жо? Ай, кудайым ай, эгер убайым чекпесек, кандай бактылуу, кандай бейгам болор элек, – деди бактылуу кездери эсинде калган Мег.

– Өткөндө биз Кингдин балдарына караганда бактылуубуз, алар бай болгону менен урушуп-талашкандан башка эч нерсе билбейт деп айтпадың беле?

– Айтканым чын, Бесс. Азыр да иштеп жүргөнүбүз менен алардан бактылуураакпыз деп ойлойм. Анткени биз көңүл ачканды билебиз, Жо айткандай, «жинди кампаниябыз».

– Бул капкайдагы жаман сөздөрдүн баарын сүйлөй берет, – деди Эми, килемчеде сулап жаткан Жону карап.

Жо дароо өйдө болуп отурду да, колун чөнтөгүнө салып, ышкырып кирди.

– Койсоңчу, Жо, эркек балдардай болбой!

– Мен атайлап ышкырып жатам.

– Тарбиясыз, орой кыздарды жаман көрөм!

– А мен чоёктогондорду жек көрөм!

– «Уядагы балапандар чурулдашып сайрашат» деп Бесс күлкү келерлик түрү менен ырдап ийди эле, баары кыткылыктап, «балапандар чокулашпай калышты».

– Чынында эле, кыздар, бул кылганыңар болбойт, – деп Мег эже катары акыл айта баштады. – Жозефина, сен эми чоңойдуң, жанагыдай кылык-жоругуңду таштап, кыздай болуп жүрүшүң керек. Кичинеңде го анчалык билинбейт эле. Эми минтип бой тартып, чачыңды «чоңдордукундай» тарай баштагандан кийин бала эмес, бийкеч экениңди эстен чыгарбашың керек.

– Мен бийкеч эмесмин! Чач эле болсо, анда аны жыйырмага чыкканча кош өрүм кылып жүрө берем! – деп кыйкырган Жо башындагы торду жулуп алды эле, коюу чачы жайыла түштү. – Чоңоюп, элдин баары мисс Марч дешерин, чубалган узун көйнөк кийип, кытайдын астра гүлүндөй болуп чоюлуп турганымы ойлогум да келбейт! Эркек балдардын оюнун, ишин, жүрүм-турумун жакшы көрүп туруп кыз болгондун өзү эле кандай кордук! Эркек бала эмес экениме эч көнө албай койдум. Азыр ого бетер кыйын, анткени майданга барып, атам менен кошо согуша албайм. Анын ордуна минтип карыган кемпирдей болуп байпак токуп отурам! – Жо колундагы көк аскер бай-пагын жин тийгендей жерге чапты эле, шиштери шаңгырай түшүп, түймөк жип секирип кетти.

– Байкуш Жо! Бирок эми эмне кыласың, ушун-дай да. Атыңды эркек баланыкындай кылып, бизге агаини болуп тим болосуң да, – деди Бесс, Жонун уйпаланган чачын кичинекей колу менен сылап. Канча идиш жууп, канча үй жыйыштырбасын, бый-тыйган колу назиктигин жоготпоптур.

– Ал эми сен, Эми, – деп сөзүн улады Мег, – өтө эле көйрөңсүң. Азырынча бул күлкүлүү, бирок убагында токтотпосоң, бир аңкоо казга окшоп калышың мүмкүн. Сенин тарбия көргөндүгүң, кооздоп сүйлөгөнүң мага жагат дечи, бирок анын да эби-чени болуш керек. Жанагы айткандарың Жонун жаргон сөздөрүнөн кем калышпайт.

– Жо тентек бала, Эми аңкоо каз экен, анда мени да айта кетпейсиңби? – деп сурады Бесс, өзүнө тиешелүүсүн укканга даярданып.

– Сен сүйгүнчүксүң, болгону ошо, – деди Мег аны эркелете. Буга эч ким каршы чыккан жок, анткени бул «чычканды» баары жакшы көрүшчү.

Жаш окурмандар «адамдардын кебетеси кандай болду экен» дайым кызыккандыктан, ушул жерден декабрдын көз байланган күүгүмүндө тышта үлпүлдөгөн кар каалгый жаап, от чыртылдап күйгөн үйдө отурган төрт эже-сиңдини сыпаттай кетели. Бөлмө жайлуу эле, килемченин өңү өчүп, эмеректер жөнөкөй болгону менен дубалда бир нече жакшы сүрөт илинип, шкаф китепке толуп, текчелерде гүлдөгөн хризантемалар менен кичинекей розалар жанды жай алдырып турат.

Кыздардын улуусу Маргарет он алтыга келип калган татынакай кыз болчу: толмочунан келген, ак жуумал, бото көз, жибектей жумшак кара чачы бар, оозу оймоктой, колдору өзү сыймыктанганчалык апапак. Он беш жаштагы Жо болсо узун бойлуу кыз болчу, тартайган узун колубутунан улам кулун-га окшоп турчу. Оозу чийилгендей болгону менен мурду бир аз теңирейип, баарын көрүп тургансыган кой көздөрү бир туруп каар төгүп, бир туруп күлүп, бир туруп ойго батып турчу. Узун коюу чачы аны көркүнө чыгарып турчу, бирок тиги неме аны да жөн койбой жолтоо болот деп түйүп туруп, тор кийгизип койчу. Колубутунун узундугунан уялгандай бир аз бүкүрөйүп жүрчү, үстүбашына деле анчалык маани берчү эмес. Ошентип, ал аялзатына айланып бараткан, бирок ушунусуна нааразы бир кыз эле. Ал эми он үч жаштагы Элизабет (аны баары Бесс деп коюшчу) сыйда чачтуу, көздөрү бакырайган, тартынчаак, момураган жоош кыз болчу. Атасы аны «Кичинекей бейкуттук» деп койчу, өзүнүн бактылуу, бейкам дүйнөсүндө жашап, андан өзү ишенген, сүйгөн адамдар менен жолугушуу үчүн гана чыга турган кызга бул ылакап ат абдан бап келчү. Эми кыздардын кенжеси болгону менен үйдөгү эң таасирлүү киши болуп эсептелчү, башкалары болбосо да өзү ушундай ойдо болчу. Көк көз, алтындай тармал чачы далысына түшкөн, ак жуумал, чыбыктай ийилген бул кыз кадимки бийкечтей болуп жүрчү. Ал эми бул төрт эже-сиңдинин мүнөздөрү бара-бара белгилүү болор.

Саат алты болгондо Бесс каминдин чогун бери тартып, апасынын үйдө кийчү башмагын жылып турсун деп жанына коюп койду. Эски башмакты көргөн кыздар сүйүнүп кетишти, анткени азыр апасы келет. Мег насаатын токтотуп, чыракты күйгүздү, Эми эч ким айтпаса деле жайлуу креслосун бошотуп чыга берди, Жо чарчаганын унутуп, тезирээк жылысын деп апасынын башмагын отко жакын кармай баштады.

– Бул өтө эскирип кетиптир, апама жаңысын алып бериш керек экен.

– Мен алып берем, – деди Бесс.

– Жок, мен! – деп кыйкырып ийди Эми.

– Мен улуумун, – деп баштады Мег, бирок анын сөзүн Жо бузуп ийди:

– Атам жокто үйдө эркек мен болгондон ки йин, мен сатып берем, анын үстүнө атам апаңды кара деп кеткен.

– Мен бир нерсе ойлоп таптым, – деди Бесс. – Ар бирибиз өзүбүзгө эч нерсе албай туруп апама белек алып берели.

– Ай-иий, таппасаң сыйпалап кал! Эмне сатып алабыз? – деп сүйүнүп кетти Жо.

Бардыгын бир саамга ой баса түштү да, бир маалда Мег татынакай колу шыбырай койгондой айтты:

– Мен ага сонун мээлей сатып берем.

– Аскер туфли, мындан артык кандай белек болмок эле! – деп кыйкырды Жо.

– Бир нече бет аарчы, тамгасы менен, – деди Бесс.

– Мен кичинекей атыр сатып берем. Апама ушул жагат, анын үстүнө кымбат эмес, карандашка да акча калат, – деп кошумчалады Эми.

– А белектерибизди кантип беребиз? – деп сурады Мег.

– Баарын столго коёбуз да, апамы чакырып, белектерди ачып жатканын карап турабыз, – деп жооп берди Жо. – Мурун туулган күндөрдө ушундай болчу эмес беле, эсиңердеби?

– Кезегим келип, чоң креслого таажы кийип отурганда, баарыңар тегерене басып, белек берип, өпкөнүңөрдө мен аябай коркчумун. Белектериңерге, өпкүлөгөнүңөргө сүйүнчүмүн, бирок белектерди ачып жатканда карап отурганыңар жакчу эмес, – деди Бесс, өзү отко кактап отурган токочундай кызарып.

– Апам өздөрүнө белек алышкан экен деп ой-лосун, анан биз ага сюрприз кылалы. Белекке эртең түшкү тамактан кийин баралы. Рождество келип калды, а жасай турган иштер көп, – деди тартайган Жо, узун колдорун аркасына алып, ары-бери басып жатып.

– Бул менин мындай оюнга акыркы жолу катышканым болот болуш керек. Чоңойдум да, – деп калды мындайда шоктонуп, жаш бала болуп кетчү Мег.

– Ак көйнөк кийип, чачты жайып ийип, алтын түстүү кагаздан жасалган жасалгаларды тагынып алып ары-бери басып жүргөндөн кантип баш тартмак элең. Сен биздин эң мыкты актрисабызсың, эгер сен сахнага чыкпай калсаң, биздин театрдын иши бүтөт, – деди Жо. – Келгиле, андан көрө дароо репетицияга киришели. Эми, бери кел, жанагы се-нин эсиң ооп кала турган жерди кайталайлы. Сен каккан казыктай болбой бир аз ийилсең.

– Эми эмне кылайын? Эси оогон кишини мурда-кийин көрбөсөм. Сендей болуп тарс кулап түшүп, бети-башымы көгөртүп жүргүм келбейт. Эгер жай кулай албасам, анда креслого кулайын, менимче, ошондо жакшынакай болот. Мейли, анан Гуго пистолети менен келе берсин, мен андан коркпойм, — деди Эми. Анын артисттик таланты деле жок болчу, бирок көшөгөнүн артына сүйрөп кетиш оңой болгондуктан, башкы роль тийип калган эле.

– Мына мындай кыл: колуңду минтип, ары-бери теңселип, анан: «Родриго! Мени куткара көр! Кут-карып кал! – деп чыңыр. – Жо ушинтип чаңырганда, беркилер калтырай түшкөндөй болду.

Эми аны туурайын деди эле, бирок эмнегедир колу түптүз сунулуп, кыймылы бурап койгон оюн-чуктай олдоксон болуп, чыңырганы да азап чеккендей эмес, бирөө ийне менен сайып ийгендей чыкты. Жо айласы кетип онтоп ийди, Мег күлкүсүн тыя албай калды, Бесстин оозу ачылып калган экен, как-тап отурган наны күйө түшүптүр.

– Болбойт экен! Болуптур, билгениңдей кыл, бирок көрүүчүлөр боорун тырмап күлүшсө, менин күнөөм эмес. Эми сен, Мег.

Калганы шыдыр кетти: кыздын атасы дон Педро эки беттей узун сөзүн бир дем менен айтып, бүт дүйнөгө чакырык таштады; сыйкырчы Хейгар казан толо уулуу бакасын акырын кайнатып жатып дуба-сын окуду; Родриго, башкы оң каарман, чынжырын үзүп-үзүп ыргытты, ал эми жек көрүндү Гуго бир чети мышьяктан, бир чети абийир сотунан азап чегип өлүп баратып, ошондо да жөн өлбөй, «ха, ха, ха!» деп жүрөк түшкөндөй каткырып атып өлдү.

– Бул – биздин койгон оюндарыбыздын эң мыктысы, – деди Мег, өлгөн Гуго өйдө болуп, сыйрылган чыканагын кармалап жатканда.

– Сен ушундай оюндарды кантип ойлоп таап, коюп жатасың, Жо? Шекспир болуп кеттиң го сен! – деди Бесс. Ал эже-сиңдилеринин бардык жагынан таланттуу экенинен эч шек саначу эмес.

– Жок, андай деле эмес, – демиш болду Жо. – Менимче, «Сыйкырчынын дубасы» деген операм жаман эмес, бирок Банконун арбагы чыга турган жери бар сахна болсо, мен сөзсүз «Макбетти» коймокмун. Мен киши өлтүргүчтүн ролун эле ойногум келе берет. «Менин көзүмө канжар көрүнүп атабы?» деп күбүрөдү Жо, бир жолу театрдан көргөн атактуу трагикти туурап, көзүн чакчайтып, колун сермегилеп.

– Жок, бул нан кактаган айры, анда апамдын туфлиси турат! – деп кыйкырды Мег, анан ошентип репетиция каткырык-күлкү менен бүттү.

– Көңүлүңөр ачык го, кыздарым, – деген апасынын кубанган үнү чыкканда, актёрлор менен көрүүчүлөр бурулуп карап, апасын көрүштү. Узун бойлуу аял энелик мээримин төгө карап: «Эмне кылып жардам берсем» дегендей болуп турду. Кийими жөнөкөй болгону менен келбеттүү эле, кыздардын оюнча, жөнөкөй боз плащ менен модадан чыккан шляпа дүйнөдөгү эң жакшы апаны жашырып турчу.

– Кана, алтындарым, бүгүн мен жок эмне кылдыңр? Бизде бүгүн жумуш көп болду: Рождествого посылка даярдадык, түштө үйгө да келе албадым. Эч ким келген жокпу, Бесс? Сасык тумооң кантти, Мег? Жо, сен аябай чарчагандай болуп турасың го. Кел, өбүшөлү, Эми, кичинекейим менин.

Миссис Марч ушинтип сурап атып суу болгон плащы менен шляпасын чечти, жылуу башмагын кийип, жайлуу креслого отуруп, Эмини бооруна кысып, түйшүктүү күндүн эң бактылуу учуруна камынды. Кыздар карбаласташып, ар кимиси өз ишин кыла башташты. Мег дасторкон жайды, Жо камин-ге отун алып келип, отургучтарды тарстурс эттирип коё баштады, Бесс жыла басып ашкана менен залдын ортосунда жүрдү, ал эми Эми болсо отуруп алып баарына буйрук берип атты.

Баары столго отургандан кийин миссис Марч жылмайып:

– Кечки тамактан кийин мен силерге бир нерсе көрсөтөм, – деди.

Кыздардын жүзү жайнай түштү. Бесс кармап турган печеньесин унутуп колун кайчылаштыра калды, Жо болсо майлыкты көккө ыргытып:

– Кат, кат! Жашасын атам! – деп кыйкырды.

– Ооба, узун, сонун кат жазыптыр. Ден соолугум жакшы, сууктан деле кыйналган жокмун дейт. Бардыгыбызды Рождество менен куттуктап, силерге өзүнчө мындай деп жазыптыр, кыздар, – деди миссис Марч, чөнтөгүн аялуу кармап.

– Анда болгула, тамакты тезирээк жейли! Эми, чоюлбай тезирээк бол! – деп кыйкырды Жо, чайын ууртап жатып. Шашканынан май сыйпалган нанын да түшүрүп ийди.

Бесстин тамагынан аш өтпөй калды, баягы караңгы бурчуна барып, жыргал учурду күтүп отурду. Акыры баары даяр болушту.

– Атам жашы улуу болгонуна, ден соолугу начар экенине карабай согушка капеллан болуп кетпедиби, – деди Мег.

– Мен согушка добулбасчы же vivandiere* болуп баргым келет. Же медсестра болуп атамдын жанында жүрсөм, – деп ийди Жо.

(*vivandiere – маркитанка /франц./)

– Биз баарыбыз аракет кылабыз! – деп безилдеди Мег. – Мен кебетеми көбүрөөк ойлонуп, иштегенди сүйбөйм, муну билем, бирок эми андай болбойт, аракет кылам.

– Мен дагы атам айткандай «кичинекей айым» болгонго аракеттенем, калжаңдабай, албууттанбай, ар кайсыны эңсей бербей, үйдөгү милдетимди жакшы аткарбасам, – деди Жо, бирок үйдө калган түштүктүк козголоңчулар менен бетме-бет согушкандан да оор болот болуш керек деп ойлоп койду.

Бесс эч нерсе деген жок, баягы көк байпак менен жашын аарчып алып, убакытты текке кетирбей, өз милдетин аткара баштады. Эмки жылы атам кел-генде, ал каалагандай болуп тосуп албасам деп ичинен өзүнө убада берип отурду.

Миссис Марч Жонун сөзүнөн кийин өкүм сүрө калган тынчтыкты бузду:

– Кичинекей кезиңерде пилигрим болуп ойногонубуз эсиңердеби? Кыркынды салган баштыктарды аркаңарга асып, шляпаларды кийгизип, колуңарга таяк, насаат жазылган кагаз карматып, Талкаланган шаар деп аталган жертөлөдөн ар түрдүү кооз нерселерден курап, Көктөгү шаар* деп атап алган үйдүн чатырына жөнөтчү эмес белем?

(*Бул оюндун негизин англис диний жазуучусу Жон Беньяндын «Пилигримдин саякаты» (1678) поэмасынын сюжети түзөт. Мен аны бала кезимде окугам – окуса боло турган китеп...)

– Айрыкча арстандардын жанынан өтүп, Аполлион менен согушуп, каардуу эльфтердин өрөөнүнөн өткөн укмуш эле, – деп кыйкырды Жо.

– Мен баарынан да баштыктарыбызды ыргы-тып, алар тепкич менен ылдый кулап кеткен учурду жакшы көрчү элем, – деди Мег.

– Мага болсо үйдүн чатырына чыккан жак-чу, анда карапага өстүрүлгөн гүлдөр жана башка кооз нерселер бар болчу, анан биз күн нурун көргөнүбүзгө сүйүнүп ырдачу элек, – деди Бесс, ошол сонун кездерди башынан өткөрүп жаткандай жылмайып.

– Менин эсимде жертөлөдөн, караңгы кире бериштен коркконум эсимде калыптыр, бирок чатырда сүт ичип, пирожки жегенди жакшы көрчүмүн. Чоңоюп калбадымбы, болбосо азыр да ойномокмун, – деди он эки жаштагы Эми бир топ жашка барып калгансып.

– Алтыным, бул оюнду чоңойгондо да ойной берсе болот, анткени биз аны өмүр бою ойнойбуз. Баштыктарыбыз дайыма аркабызда, жолдорубуз алдыда, жакшылык менен бакытка умтулуп, көптөгөн оош-кыйыштар аркылуу жан көшүткөн бейкуттукка – Көктөгү шаарга барабыз. Азыр болсо, менин кичинекей пилигримдерим, чындап ойноп көрөлү да, атаңар келгенче ким канчалык илгерилей аларын байкайлы.

– Чын элеби, апа? А баштыктарыбыз кайда? – деп сурап ийди демейде көп толкунданбаган Эми.

– Баарыңар өз жүгүңөрдү айттыңар. Бир гана Бесс унчуккан жок. Анын жүгү жок окшойт деп калдым, – деди миссис Марч.

– Менин жүгүм бар, ал – идиш-аяк жууп, чаң сүртүү. Анан жакшы фортепьянодо ойногон кыздарды көрсөм ичим күйөт жана элден корком.

Бесстин түйшүгүн угуп баары каткырып жибе-ре жаздашты, бирок капа болуп калабы деп деп эч ким күлгөн жок.

– Анда жолго чыгалы, – деди Мег ойлуу. – Пи-лигрим болуп ойноо – жакшы болууга умтулуунун башкача бир аты. Балким, бул оюн бизге жардам берет, анткени биз жакшы болууну каалаганыбыз менен бул биз үчүн оор түйшүк, анан калса кээде көздөгөн максатыбызды унутуп, колдон келе турган нерселерди да жасабай коюп жатпайбызбы.

– Бүгүн биз Көңүл чөгүүнүн сазында отурдук эле, апам келип, китептеги Үмүт сыяктуу бизди сууруп чыкты. Бирок колубузда насаатыбыз жок, аны кайдан алабыз? – деп сурады Жо. Ал бул оюн көңүлсүз милдетти аткарууга аз да болсо романтика алып келерине сүйүнүп турду.

– Аны Рождествонун таңында жаздыгыңардын алдынан таап аласыңар, – деп жооп берди миссис Марч.

Карыган Ханна дасторконду жыйнаганча, жаңы планды сүйлөшүп отурушту. Анан төрт себетти алып чыгышып, Марч жеңеге шейшеп тигишти. Бул тажатма иш болгону менен эч ким качкан жок. Жо узун тигиштердин ар бирин төрткө бөлүп, аларды Европа, Азия, Африка жана Америка деп атайлы, анан тигип жатканда ушул континенттеги ар түрдүү өлкөлөр жөнүндө сүйлөшөлү деп сунуш киргизген соң иш ого бетер кызыды.

Саат тогузда баары ишти токтотуп, жатардан мурун бир нече ырды ырдашты. Эски фортепьянодо Бесстен башка эч ким ойной алган жок. Саргарган эски клавиштерди аяр басып, ырдап жүргөн жөнөкөй ырларды ойноо анын гана колунан келчү.

Мегдин үнү флейтаныкына окшош болчу, ал апасы экөө хорду башташчу. Эминики чегирткеникиндей чыйылдап, бакыттан башы айланган Жо муңдуу ырды да экилентип ийип, кээде үнү обу жок кыркырап ырды бузуп ийип жатты. Кыздар тили чыккан-дан эле ырдап жүргөндүктөн, анан калса апасы да тубаса ырчы болгондуктан, мындай кечки ырлар үй-бүлөлүк салтка айланып калган. Таңдагы алгачкы үн бөлмөлөрдү кыдырып баарын торгойдой ойготкон апасынын ыры болор эле. Соңку үн да аныкы болор эле, анткени кыздар апасынын көнүмүш бешик ырын укмайынча укташчу эмес.

 

Экинчи бап. БАКТЫЛУУ РОЖДЕСТВО

Рождествонун буурул таңы атканда, биринчи болуп Жо ойгонду. Камин жакты караса, белек салынган байпак көрүнбөйт, көңүлү сууй түштү. Бир жолу да ушундай болгон, бирок анда байпактагы белектер оор болгондуктан, жерге түшүп калган экен. Анан апасынын убадасы эсине түшүп, жаздыктын алдына колун сойлотту эле, чымкый кызыл мукабалуу кичинекей китепче таап алды. Ал бул китепчени жакшы билчү, анда бир укмуштай сонун өмүр баяндалчу. Алыс жолго чыга турган пилигрим үчүн мындан ашык белек болмок беле. «Рождествоң кут болсун, Мег!» – деп шаңкылдап эжесин ойготту да, жаздыгыңдын алдын кара деди. Ал жактан да ушундай китепче чыкты, мукабасы эле жашыл болбосо, ичиндеги сүрөттөрү, апасынын жазган сөздөрү бирдей экен. Анын жазып бергени кыздар үчүн кымбат эле. Ойгонуп кетишкен Бесс менен Эми да күмүш түстүү жана көк китепчелерин таап алышып, белектерин карап, божураша башташты, ал ортодо чыгыш тарап кызгылт тартып келатты...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Файлды PDF форматында толук тексти менен, китепти сүрөттөрү менен ачуу

 

© АКШ элчилиги, 2013. Китептин Кыргызстандагы басылмасын Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги каржылаган. Кыргызчага которгон Таалай Абдиев

 


Количество просмотров: 1027