Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Котормолор
© «Mara» басмасы, 2015.
© АКШ элчилиги, 2015. Китептин Кыргызстандагы басылмасын Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги каржылаган.
© Кыргызчага которгон Таалай Абдиев.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 13-январы

Таалай АБДИЕВ

О. Генри. Тандалган чыгармалар

(O. Henry. Selected stories)

О. Генринин окурмандарга сунушталган ушул «Тандалган чыгармалары» анын 1906–1911-жылдары жарык көргөн айрым китептеринен тандалып алынган. Карапайым америкалыктарды сүрөттөгөн юморлуу новеллалары америкалык турмуштун мозаикалык эпопеясын түзөт. Чыгармалары кызыктуу сюжети, парадокстуу чечилиши менен айырмаланат.

О. Генри. Тандалган чыгармалар. Англисчеден кыргызчага которулду / Сүрөтчүсү Б. Жайчибеков, – Б.: Mara, 2015. – 150-б. китебинен алынды.

УДК 821.111 (73)
    ББК 84.7
    Г 34
    ISBN 978–9967–11–508–8
    Г 4703040100–15

Тиражы 3000 нуска. Сатыкке эмес. 

Которгон Т. Абдиев
    Басманын редактору Ы. Кадыров

 

 

О. Ге́нри, чыныгы аты Уи́льям Си́дни По́ртер – америкалык жазуучу, аңгеме жазуунун таанылган чебери. 1862-ж. 11-сентябрда Гринсборо шаарында (Түндүк Каролина) врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Үч жашында энесинен ажырап, эжесинин колунда тарбияланган. Фармацевттин окуусун бүтүп, Техаста ар кандай жумуштарда иштеген. Адабий чыгармаларды 1880-жылдан жаза баштаган. Андан кийин банкта иштеп, акча жетпей калгандыгы үчүн соттолгон (1898–1901). Түрмөдө Портер аңгемелерди жазып, О. Генри деген псевдоним менен чыгара баштаган. Анын «Королдор жана капуста» деген жалгыз романы (сатиркалык икаясы) 1904-ж. жарык көргөн. Андан кийин «Төрт миллион» (1906), «батыштын жүрөгү» (1907), «Тандалмалар» (1909) сыяктуу көптөгөн аңгемелер жыйнагы чыккан. О. Генри 273 аңгеме жазган, чыгармаларынын толук жыйнагы 18 томду түзөт. Портер 1910-ж. 5-июнда Нью-Йорк шаарында 47 жашында каза болгон. Сөөгү Түндүк Каролинанын Эшвилл шаарына коюлган.

 

«Төрт миллион» жыйнагынан, 1906

 

ОЛУЯЛАРДЫН БЕЛЕГИ

Бир доллар сексен жети цент. болгону ушул. Мунун да алтымыш центи бир центтик тыйындар. булардын ар бири үчүн бакалчылар, жашылча саткандар, касапчылар менен кызыл кекиртек болуп соодалашканын, алардын унчукпай жийиркене карагандарын ойлогондо, жети өмүрү жерге кирет.

Делла кайра-кайра үч жолу санады. баягы эле бир доллар сексен жети цент. Эртеӊ болсо – Рождество. Эски диванга отура калып, буркурап ыйлагандан башка айла жок. Делла да ушундай кылды. Жашоо дегениӊ көз жаш менен үшкүрүктөн жана да күлкүдөн турат, бирок үшкүрүгү көбүрөөк деген бүтүм аргасыздан эске түшөт.

Үй айымы көз жаштан үшкүрүккө өткөнчө, үйгө көз чаптыралы. Жумасына сегиз доллар төлөй турган эмеректүү чакан батир. Итке минген кедейлик деп айта албайсыӊ, бирок аны жашырганга да болбойт. Төмөндө кире бериште кат аттуудан бири кирбей турган кат кутусу жана пенде аттуудан бири чала албай турган электр коӊгуроосу бар. Буга «мистер Жеймс Диллингхем Юнг» деген жазуу кошумча болуп турат. Жазылган аттын ээси аптасына отуз доллардан алып турчу жыргал заманда «Диллингхем» деген ат бадырайып батпай турчу. Эми ал жыйырма долларга түшкөн соӊ, «Диллингхемдеги» тамгалар өзүнөн өзү корунуп, кичирейип, «Д» болуп эле кыскарып алсакпы дегендей түрү бар. бирок мистер Жеймс Диллингхем Юнг үйгө келип, экинчи кабатка чыкканда, сөзсүз «Жим!» деген жароокер үн чыгып, сизге азыр эле Делла деген ат менен тааныштырган миссис Жеймс Диллингхем Юнгдун назик кучагында калар эле. Мындан өткөн жыргал барбы.

Делла ыйлап бүтүп, бетине упа сүрттү. Терезеге барып, бозоргон короону бойлой кеткен боз дубал менен бараткан боз мышыкты карап турду. Эртеӊ Рождество болуп калды, анын болсо Жимге белек алайын деген бир доллар сексен жети гана центи бар! Айлар бою ар бир центти үнөмдөп жүрүп, чогултканы ушул болду. Жыйырма доллар менен бир жума жыргап жашаш кыйын. Чыгымдар ал ойлогондон ашып түштү. Чыгым деген дайым ушундай болот эмеспи. Эми болсо колунда Жимге белек алам деген бир доллар сексен жети гана центи турат. Анын жанындай жакшы көргөн Жимине! Рождестводо эмне белек кылсам деп кыялданып, канча бактылуу сааттарды өткөрдү. Сейрек жолуга турган, башкалардан өзгөчө, Жимге кичине да болсо жага турган бир белек берсе, атаганат!

Терезелердин ортосунда трюмо бар эле. Сегиз долларлык эмеректүү батирдеги трюмодон каранып көрдүӊүз беле? Абдан арык, чапчаӊ кыймылдаган киши тар суурмалардан өзүн улам көрө берип, өзүнүн кандай экенин так элестетип калат. Арык чырай келген Делла бул өнөрдү алда качан эле үйрөнүп алган.

Ал бир маалда терезеден күзгүгө чуркап барды. Көздөрү жанып, өӊү кубара түштү. Кыпчыгычтарын сууруп алды эле, чачы жайылып кетти.

Айта кетчү нерсе, жубайлардын сыймыктана турган эки кымбат нерсеси бар эле: бири – Жимдин чоӊ атасы менен атасынан калган алтын сааты, экинчиси – Делланын чачы. Эгер Сава канышасы маӊдайкы үйдө жашаса, башын жууп, терезеде чачын жайып кургатып отурган Делланын жанында канышанын кийим-кечеси менен жасалгалары шоо на эшпей калмак. Эгер Сулайман падыша ошол үйдө швейцар болуп, казынасын жертөлөгө катып жүрсө, ары-бери өткөн сайын алтын саатын карамыш болгон Жимди көрүп, ичи күйгөндөн сакалын жулмак.

Мына эми Делланын ошол айтылуу чачы кара-күрөӊ тартып кубулуп, төгүлүп турду. Тизесинен ылдый түшүп, бүт денесин жаап калды. бирок ал шашып-бушуп чачын кайра жыйды. Анан олку-солку болгонсуп бир аз туруп калды эле, эскирген кызыл килемге эки-үч тамчы жаш түштү.

Көөнөргөн күрөӊ жакетти ийинине салып, эски күрөӊ шляпасын кийди да, юбкасын буластатып, жашы кургай элек жалооруган көзү менен көчөгө чыкканы ылдый түштү.

«M-me Sophronie. Чачтан жасалган буюмдар» деген көрнөккө барып токтоду да, анан экинчи кабатына атып чыгып, энтигип туруп калды.

– Менин чачымы аласызбы? – деп сурады ал мадамдан.

– Чач алам, – деди мадам. – Шляпаӊызды алсаӊыз, мен адегенде көрүшүм керек.

Баягы кара-күрөӊ кайран чач кайра төгүлүп кетти.

– Жыйырма доллар, – деди мадам, көнгөн колу менен коюу чачты салмактап көрүп.

– Анда тезирээк болуӊуз, – деди Делла.

Кийинки эки саат көз ачып жумганча өттү. Делла дүкөндөрдөн Жимге белек издеп желип-жортуп жүрдү.

Акыры тапты. Шек жок, бул Жим үчүн, ошол үчүн гана жаралган экен. башка дүкөндөрдөн канча издесе да мындай неме жок болчу. бул платинадан жасалган чөнтөк саат чынжыры эле, жылтыр-жултур эмес, жөнөкөй көрүнгөнү менен сапаты бир көргөндө билинип турат. Жакшы буюмдар өзү ушундай болот эмеспи. муну айтылуу алтын саатка ылайыктуу десе да болот. Делла бир көргөндө эле чынжыр Жимдики болуш керек экенин түшүндү. Жимдин дал өзүндөй экен. Жөнөкөйлүк жана асылдык – экөө ушул эки сапаты менен айырмаланып турат. Кассага жыйырма бир доллар төлөш керек болду. Анан чөнтөгүндө сексен жети центи калган Делла үйүн көздөй учуп-күйүп келатты. мындай чынжыр менен Жим ар кандай чөйрөдө саатын тартынбай карай берсе болот. Ал сааты мыкты болгону менен көбүнчө уурданып карачу, анткени анын кайыш боосунун эчак эскилиги жеткен эле.

Үйгө келген соӊ учуп-күйгөнү басылып, ойлонуп калды. Анан чач тармалдаткычын алып келип, газды күйгүздү да айкөлдүк менен сүйүүнүн айынан кесилген кайран чачын оӊдоп-түздөгөнгө киришти. Мунун өзү оӊой иш эмес, кымбаттуу достор.

Кырк мүнөт өтүп-өтпөй эле башында кичинекей тармалдар жайнап кетти да, сабактан качкан өспүрүм балага окшоп калды. Ал өзүн күзгүдөн бир топко кунт коюп, сынай карап турду.

«Жим мени дароо өлтүрүп салбаса, – деди өзүнө өзү, – экинчи ирет карайт да, Кони-Айленд-деги хордо ырдаган кызга окшошуп калыпсыӊ деп айтат. Анан эми болгону бир доллар сексен жети центим болсо, башка эмне кылмак элем, кудай ай!»

Саат жетиде кофе кайнап, газ плитасындагы кызыган таба кой этинен жасалган котлеттерди зарыга күтүп турду.

Жим эч качан кечикчү эмес. Делла платина чынжырды кыса кармап, үстөлдүн четине, эшикке жакыныраак отурду. Көп өтпөй эле тепкичтен анын келатканы угулуп, купкуу боло түштү. Анын күндөлүк турмуштагы майда-чүйдө нерселер үчүн жаратканга жалынып иймей адаты бар эле. Азыр да шашкалактап шыбырады:

– О жараткан, жакпай калбасам экен.

Эшик ачылып, Жим кирип келди. Арык, чаалыккандай түрү бар. Жыйырма эки жашында үй-бүлөлүү болуш оӊой бекен! Пальтосу алда качан эскирген, мээлейсиз колдору да үшүгөн.

Жим бөдөнөнү сезген машке иттей эшиктин жанында катты да калды. Делла анын көз карашынан эч нерсени аӊдай албай, жүрөгү опколжуй түштү. Күткөн сезимдердин бири да – ачууркануу да, таӊ калуу да, айыптоо да, жүрөк түшүү да жок. Ал бол-гону көзүн албай тиктеп тура берди, таӊ калыштуусу жүзү да өзгөргөн жок.

Делла ордунан учуп туруп, жетип барды.

– Жим, алтыным, – деп кыйкырды ал, – мени минтип карабачы. мен чачымы кестирдим да, сатып ийдим, анткени сага Рождестводо белек бербей коё алмак эмесмин. Чачым тез эле өсүп калат. мага жиниӊ келген жок да, чынбы? Башкача кыла албадым. Менин чачым абдан тез өсөт. Кел эми, мени куттуктап койчу, Жим, анан майрамдайлы. мен сага ушундай бир сонун белек алып койдум дейсиӊ!

– Сен чачыӊы кестирип таштадыӊбы? – деп сурады Жим, дагы эле өзүнө келе албай. Ал дагы эле жакшы аӊдай албай турду.

– Ооба, кестирдим да, сатып ийдим, – деди Делла. – бирок сен мени баары бир сүйөсүӊ да? Чачым эле кыска болбосо, мен баягы эле менмин да.

Жим эч нерсени түшүнбөгөндөй бөлмөнү теге-рете карады.

– Издебей эле кой, баары бир таппайсыӊ, – деди Делла. – Айтпадымбы сатып ийдим: кестирдим да сатып ийдим. Эртеӊ майрам, Жим. Мени эркелетип койсоӊ, анткени муну сен үчүн жасадым да. Балким, менин башымдагы чачтарымы санап чыгыш мүмкүндүр, – деп баратып анын назик үнү олуттуу боло түштү, – бирок менин сага болгон сүйүүмү эч ким ченей албайт! Котлеттерди куурайынбы, Жим?

Жим өзүнө келе түштү да, Делланы кучагы-на кысты. Эми бир аз башка бир өӊүттөн карап көрбөйлүбү. Кайсынысы көп: жумасына сегиз долларбы же жылына миллион долларбы? Математик же акылман сизге жаӊылыш жоопту берет. Көзү ачыктар кымбат баалуу белектерди алып келишкен, бирок алардын арасында бир нерсе жок болчу. Эми бул бир аздан кийин түшүнүктүү болот.

Жим пальтосунун чөнтөгүнөн орогон бир нерсе алып чыкты да, үстөлгө койду.

– Мени туура түшүн, Делла, – деди ал. – Эч кан-дай чач менин сага деген сүйүүмө жолтоо боло албайт. муну ачып көрсөӊ: менин эмне үчүн дендароо боло түшкөнүмдү аӊдайсыӊ.

Эпилдеген апакай манжалар орогон кагазды ачып ийди. Ушуга удаа таӊ калган кыйкырык чыкты да, анан аялдын буркураган көз жашы менен улутунган үшкүрүгүнө айланып кетти. Үй ээси болгон айла-амалын жумшап атып эптеп жубатты.

Мунун себеби үстөлдө тарактар, Бродвейдин витринасындагы Делла суктанып карачу, бири артын, экөө капталын тарачу баягы айтылуу тарактар жаткан эле. Накта таш баканын сөөгүнөн жасалып, четтерине жалтылдаган асыл таштар чегерилген та-тынакай тарактар. Өӊү да анын кара-күрөӊ чачына бап болчу. Баасы абдан кымбат эле… Делла муну билгендиктен, ой жеткен менен кол жетпей турганын ойлоп, жүрөгү сыздап кетчү. мына эми, тарактар өзүнүкү болду, бирок эми муну көркүнө чыгара турган баягы кара-күрөӊ кайран чач жок.

Бирок болбой эле тарактарды көкүрөгүнө кысып турду да, бир маалда жаш аралаш:

– Менин чачым абдан тез өсөт, Жим! – дегенге жарады.

Анан чок баскандай секирип, кыйкырып ийди:

– Иий, унутуп калган турбаймынбы!

Жим анын сонун белегин көрө элек да. Шашкалактап алаканындагы чынжырды сунду. Асыл металл анын кубанычын коштогонсуп нурданып турду.

– Сонун бекен, Жим? Бүт шаарды кыдырып жүрүп араӊ таппадымбы. Эми саатыӊы күнүнө жүз карасаӊ да болот. Саатыӊды берсеӊ. Кандай келер экен, көрөйүн.

Бирок Жим аны укпай, диванга эки колун жаз-данып жата кетти да, жылмайып койду.

– Делла, – деди ал, – азырынча белектерибизди ката туралы, бир аз жата турсун. Азыр алар экөөбүзгө ашыкчалык кылат. Саатты мен сага тарак алайын деп сатып ийдим. Азыр болсо котлет кууруй турган кез келди.

Жалпыга маалым, бешиктеги ымыркайга белек алып келген олуялар акылман, абдан акылман адамдар болушкан. Рождестводо белек берүү салтын ошолор башташкан. Алар акылман болгондуктан, алардын белектери да жөнөкөй болуп, жарабай калса, алмаштырып алганга мүмкүн болгон. мен азыр эӊ кымбат нерселерин аӊкоолук кылып бири-бири үчүн курмандыкка чалып коюшкан сегиз долларлык квартирадагы эки апендинин жоругун баяндап бердим. Бирок азыркы акылмандардын кулагына күмүш сырга: белек бергендердин эӊ акылдуусу ушул экөө. белек берип, белек алгандардан ушулар сыяктангандарын гана чыныгы акылман десек болот. Кайсы жерде, кайсы заманда болбосун. Олуялар мына ошолор.

 

САРЫ ИТТИН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮ

Силер, адамдар, жаныбардын көркөм чыгар-масын окуп, таӊ калбайт деле болушуӊар керек. Мистер Киплинг жана башка көптөгөн жазуучулар айбанаттар англисче жакшы сүйлөшөрүн далилдеп беришкен соӊ, азыр бир да сүрөттүү журнал айбанаттын аӊгемеси жок чыкпай калды. Албетте, окурмандарына мурункудай эле брайандын сүрөттөрү менен Пело тоосундагы үрөй учурган окуяларды шыкап берип жаткан айына бир чыкчу эски журналдар буга кирбейт.

Бирок мен эми жаӊгел китептериндеги аюу Беару, жолборс Тамману жана жылан Шеку сыяктуу тил безеп сүйлөй албайм, андайды менин баяныман издебей эле коюӊуз. Өмүрүнүн көбүн Нью-Йорктун арзан баа батиринде өткөрүп, бурчтагы эски сатин юбкада (ага биздин айым леди Лоцшоремендин банкетинде портвейн төгүп алган) жатчу сары иттен чечендикти күткөнгө болобу.

Мен бир сары күчүк болуп туулупмун: качан, кайсы жерде туулганым, ошондой эле ата-тегим менен салмагым да белгисиз. Эсимде калганы: Бродвей менен Жыйырма үчүнчү көчөнүн бурчунда бир кемпир мени себетке салып алып, бир толук айымга сатып аткан. Ал желмогуз кемпир мени жерге-сууга тийгизбей мактап, бул деген таза кандуу померан-гамбльтондук кызыл ирланд кохинхин фокстерьери деп жаткан.

Тиги толук айым сумкасын аӊтарып жатып, чүпөрөк-чапырактарынын арасынан беш доллар таап чыгып берген. Ошондон баштап мен сүйүктүү ит – айымдын сүймөнчүк күчүгү болуп калдым. Айтыӊызчы, урмат-туу окурман, дайыма сыр менен «Эспан» атыры жыт-танып, салмагы эки жүз фунт келген көлкүлдөгөн семиз аял сизди көтөрүп алып, өөп-жыттап: «Ананайын быйтыгыйым, бойтогоюм, тойтогоюм, кенедейим», – деп жалынып эркелетти беле?

Анан баягы асыл тукум сары күчүк чоӊойгондо эле ангор мышыгы менен бир баштык лимонду кошо койгондой сапсары ит болуп калса болобу. Бирок биздин айым буга капа болгон деле жок. Анткени Нух пайгамбар кемесине салган байыркы эки күчүк менин кыйыр бабаларым экенине абдан ишенчү. Бир жолу Мэдисон-сквер-гардендеги Сибирь лайкаларынын көргөзмөсүнө мени киргизип жибере жаздап, эки полиция араӊ алып калган.

Эми жанагы батир тууралуу айтып берейин. Үй кире беришине мрамор, экинчи кабаттан баштап таш плита төшөлгөн Нью-Йорктогу кадимки үйлөрдүн бири болчу. биздин батирге жетиш үчүн үчүнчү кабатка чыгыш… жок, жөрмөлөп чыгыш керек эле. Биздин айым аны эмерексиз киреге алып, ага эл катары эски, миӊ тогуз жүз үчүнчү жылкы жумшак гарнитур, Гарлем чайканасында чай ичип отурган гейшалар тартылган олеография, каучук жыгачын жана күйөөсү менен жасалгалап алган.

Кудай урсун, ага абдан боорум ооручу! Ал сары чачтуу, кулагы меникине окшоп кеткен, кичинекей киши болчу. Дүйнө жүзүндөгү тукандар, фламинголор менен биргазандар чокуп кеткендей болуп турчу. Ал идиш-аякты сүртүп жатып, тыйын чычкан манто кийип керилген экинчи кабаттагы аял эскирип тамтыгы чыккан ич кийимдерин кантип кермеге жайганын саймедиреген айымдын сөзүн тыӊдачу. Мындан тышкары, айым кечки тамак жасап жатканда, мени көчөгө жетелеп алып ойнотуп келгенге мажбур эле.

Аялдар жалгыз калганда эмне кылышарын билишсе, эркектер өлүп баратса да үйлөнүшмөк эмес. Лаура Лин Жиббинин романдары, жаӊгак чагып жеш, мойнуна миндаль кремин сыйпоо (идиш-аяк жуулбаган бойдон тура берет), муз алып келген неме менен жарым саат баарлашуу, таӊгакталган эски каттарды окуп чыгуу, эки пикуль жеп, артынан эки бөтөлкө мальц-экстракт ичүү, анан бозортулган айнектеги атайын жасалган тешиктен маӊдайкы квартирада эмне болуп атканын бир сааттай аӊдып отуруу – мына алардын кылган иши. Күйөөсү жумуштан келерине жыйырма мүнөт калганда, чачтарын оӊдоп-түздөй калышат да, он мүнөттүк комедия ойной коюш үчүн чүпөрөк-чапырагын алып чыгып, бир нерсе тигимиш болуп калышат.

Мен болсо батирде итчилик жашоому өткөрчүмүн. Көбүнчө өз бурчумда семиз аялдын убакытты кантип өткөргөнүн карап жатчумун. Кээ де көзүм илинип кетип, түш көрөм да, мышык-тарды кууп жүргөн болом, алар болсо жертөлөгө кире качышат, же болбосо кара мээлейчен кемпирлерге үрөм – кыскасы, өзүмүн иттик милдетими аткарам. Мындайда тиги мени ичи элжиреп кетип баса калат да, мурдуман өпкүлөп кирет. А мен эмне кылмак элем? Ит сарымсак жеп коё албайт да. Анын күйөөсүнө боорум ооруй турган болду (калп айтсам, мышык болуп калайын). Экөөбүздүн кебетебиз ушунчалык окшошуп калгандыктан, муну көчөдөгү эл да байкап калды. Ушундан улам морган өтчү көчөлөрдү коюп, кедейлер жашаган көчөлөрдөгү былтыркы декабрдан калган кар дөбөлөргө чыкканды артык көрүп калдык.

Бир күнү кечинде сейилге чыгып, мен атактуу сенбернардай түр көрсөтүп, чал болсо мендельсондун «Үйлөнүү маршын» ойногон шарманщикти муун туп өлтүрбөй тургандай айкөл болумуш болуп келатканда, жогору карап, өз тилимде мындай дедим:

– Эмне эле ачыбаган камырдай болуп келатасыӊ? Ал сени өпкөн жок го. Анын тизесинде отуруп, келжирегенин да укпайсыӊ. Ага салыштырганда операдагы либретто маӊызы жагынан Эпиктеттин учкул сөздөрүндөй эле болуп калат. Сен ит болуп калбаганыӊа сүйүнүшүӊ керек. Өзүӊө кел да, көп эле капа боло бербе.

Ал мени жогортон аӊдай албай калган иттей болуп карады.

– Эмне болду, күчүк? – деди ал. – Сен жакшы күчүксүӊ. Сүйлөп жаткандай карайсыӊ да. Эмне болду сага? Мышыкпы?

Мышык дейт тура, ооба, мышык!

Албетте, бул мени түшүнгөн жок. Адамдар ай-бандардай болуп сүйлөшө албайт. Алар көркөм чыгарма аркылуу гана баарлаша алышат.

Маӊдайкы батирде карала терьери бар бир аял турчу. Күн сайын кечинде күйөөсү итин жетелеп алып чыгат да, үйүнө көӊүлү куунак, ышкырып кайтат. бир күнү кечинде карала экөөбүз тепкичтен жытташа түштүк да, сурап калдым.

– Кулак салчы, Тентек, – дедим ага, – бир да эркек элдин көзүнчө ит багар болгусу келбейт, муну сен билесиӊ. Ит жетелеп баратып, өзүн карагандарды жутуп жибергиси келбеген бир да кишини көрө элекмин. бирок сенин ээӊ күн сайын жумуртка оюну оӊунан чыккан үйрөнчүк фокусчудай куунак кайтат. Ал кайдан жүрүп мындай болуп калган? Ит жетелеген ага жагат деп мени алдабай эле кой.

– Албы? – деди карала. – Ал табият берген нерсени кылат. Ышкырат! башында көчөгө чыкканда уялчу. бирок сегиз барга кирип чыккандан кийин, ит жетелеп баратабы, мышык жетелеп баратабы, баары бир болуп калат. барлардагы айланма эшиктерден өтүп кетем деп жүрүп, куйругумун эки дюймдайынан кол жуудум.

Терьердин айтканын угуп, ойлонуп калдым.

Бир күнү кечинде саат алтыларда айым күйөөсүн Сүйгүнчүктү эшикке алып чыгып кел деп калды. буга чейин айтпай жашырып атпадымбы: ал мени ушинтип чакырчу да! А тиги караланы болсо Чаӊкылдак дешчү. бул жагынан андан бир куйрук өйдөмүн деп эсептейм. бирок тоодой-таштай болгон итке «Сүйгүнчүк» деп күчүктүн атын коюш анын куйругуна бош банке байлагандай эле кеп да.

Бир күнү бир тынч көчөнүн ыктоо жеринде жайгашкан азгырма барга жеткенде, жипти тартып, баспай туруп алдым. Анан эшигине чуркап барып, кичинекей Алиса гүл терем деп барып сазга тыгы-лып калганын үйүндөгүлөргө түшүндүрсөм деген иттен бетер тырмалап, кыӊшылап ийдим.

– Көргөн көзүмө ишенбей турам! – деп жалжайды чал. – Бул лимон кептенген сары неме кирип ичип чыкса деп турат. Токточу, деги менин ичпегениме канча болду? Эми болбостур…

Эми мени таштап кетпей турганына көзүм жетти. Ал үстөлгө отурду да, ысык шотланд вискисин иче баштады. Вискилер бир саат бою биринин артынан бири келе берди. мен болсо жанына отуруп алып, түгөнгөн сайын куйругум менен жер чапкылап, официантты чакырып коюп, кымбат ысылыктарды жей бердим. буларды күйөөсү келерге сегиз мүнөт калганда дүкөндөн алып келе койгон биздин айымдын арзан тамагы менен салыштырып болобу.

Кара нандан башка шотланд тамактарынын баары түгөнгөн соӊ, чал мени үстөлдүн бутунан чечип, балык кармап алган немедей жипти алдына салып, мени алга коё берди. Көчөгө чыкканда, каргымы чечти да, ыргытып жиберди.

– Байкушум, – деди ал, – сен жакшы итсиӊ. Болду эми, ал сени өппөйт. Уят да ушул! Бар эми, чуркап барып трамвайга боюӊду таштап жибер да, бактылуу бол.

Бирок мен кетпей койдум. Каминди бойлото салынган килемдеги күчүктөй болуп, аны тегерене чуркап, секирип ойной баштадым.

– Эх, чымчык уулаган осурак мергенчи, – дедим ага, – сен айды карап улуп, коён кууп, жумуртка уурдаганга гана жарайсыӊ, а менин сени таштап кетким келбей турганымы көрбөйсүӊ. Биз экөөбүз токойдо адашкан күчүкпүз, ал эми айым – өгөй эне; ал сени идиш-аяк сүрттүрүп, мени болсо бүргө дары сүйкөп, куйругума кызгылт бантик тагып кууратат. Ушуну кантип түшүнбөйсүӊ? Баарын таштап, акыреттик дос болуп, жер кезип кеткенге неге болбосун?

Сиз, балким, ал муну кайдан түшүнмөк эле дешиӊиз мүмкүн. Талашпайм, балким, ошондойдур. Бирок ысык шотланд вискиси кылгылыкты кылды: тиги ойлонуп туруп калды.

– Күчүк, – деди ал акыры, – биз бул дүйнөгө бир келет экенбиз, анан калса үч жүзгө чыккан кишини да көрө элекмин. Эми ошол тозокко кайра барсам, мени кудай уруп кетсин, кайра барсаӊ, сени кудай уруп кетсин. бүгүн батыш Чыгышты жеӊет деп мелдеше алам.

Мен жиби жок эле ээмди ээрчип, ойноктогон бойдон Жыйырма үчүнчү көчө менен паромго бардым. Жолдо кездешкен мышыктар курч тырмактарын мураска калтырган ата-бабаларына бир ыраазы болушту окшойт.

Паром менен аркы өйүзгө өткөн соӊ, чал вокзалда мейиздүү токоч жеп турган бир бейтааныш кишиге:

– Биз итим экөөбүз Аскалуу-Тоолорго кетип баратабыз, – деп койду.

Бирок баарынан да ал мени кулагыман кыӊшылап ийгенче чоюп туруп, мындай дегенде жарылып кете жаздадым:

– Эх, маймыл баш, келемиш куйрук, сары ит десе, эми мен сенин атыӊы эмне деп коём, билесиӊби?

Баягы атымы эстеп, муӊканып кыӊшылап ийдим.

– Сенин атыӊ эми бөрүбасар болот, – деди ал.

Атаганат, беш куйругум болсо, жакшы бир чимирилте булгалап белгилебейт белем.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Файлды PDF форматында толук тексти менен, китепти сүрөттөрү менен ачуу

 

© АКШ элчилиги, 2015. Китептин Кыргызстандагы басылмасын Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги каржылаган. Кыргызчага которгон Таалай Абдиев

 


Количество просмотров: 2405