Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / "Манас" эпосу, кичи эпос
© Жапарали Осмонкулов, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 28-декабры

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Эр Төштүк

Кичи эпос

 

ЭЛЕМАНДЫН ТОГУЗ УУЛУ

Илгери-илгери бир өткөн Манас баатырдын заманында Көкөтай кандын уулу Бокмурун атасына аш[1] берет. Аш Каркыра жайлоосунда өтөт. Ага кытай, казак, калмак, тажик, өзбек жергесинен кара курттай кыжылдаган көп эл келет. Көкөтайдын ашы байгелүү мелдештер менен коштолот, даңазалуу салтанатта өтөт. Ашта өткөн айтылуу аламан байге көргөндүн бүйрүн кызытат. Эр эңиш менен жекеме-жеке эр сайыш шумдуктуудай кызык өтөт. Төө чечмей менен төө жарыш, көк бөрү оюну кызыгуу туудурат. Ошентип кезек балбандардын жөө күрөшүнө келет. Калмак тараптан табиятында бирөөдөн жыгылып көрбөгөн Жолой деген балбан күрөшкө шайланат. Манас баатырдын буйругу менен Кошой кан кыргыз тараптан Жолой дөөгө каршы балбан тандай баштайт. Үрбү менен Көкчө баатырга барса, алар: “Жолой менен күрөшкөнчө, күрөшпөй койгон жөн”, – деп, караманча баш тартып коюшат. Журтка башы көрүнүп калган Жамгырчы менен Сынчыбек баатырлар күрөшкөндөн жаа бою качышат. Андан чыгып Кошой кан эр Төштүккө келет. Ал дагы: ”Жети жыл болду дегенде жер алдынан чыктым. Аяктан келгениме алты күн араң болду. Жер алдындагы нечен дөөлөрдү жеңдим. Ошондуктан менде болгону бир кашык каным, көк жашык этим калды. Кур намыс менен чыгып алып, жыгылып калып, кыргыз журтунун убалына калбайын”, – деген себебин айтат.

Келип-келип күрөшкө акыры Кошой балбандын өзү чыгат. Эки балбан көпкө кармашат. Букаларча челишет, кочкорлорчо сүзүшөт, арстандардай алышат. Алып-чарчаганда, тыным алып кайра күрөшөт. Кошой карылыгы жетип калганына карабастан, экинчи күнү калмактын Жолой балбанын көтөрүп чабат. Оо, ошо кездеги уткан тараптын ызы-чуу кыйкырыгын айтпа! Бир заматта термелбеген дарактар термелип, сүйлөнбөгөн даңазалуу сөздөр сүйлөнүп, теребел шаң-шөөкөткө бөлөнүп кетет. Ошентип, Кошой балбан чоң эрдик кылат, өз утушу менен кыргыз журтун сыймыкка бөлөйт.

...Эми көпчүлүккө айтар жомогубуз Элемандын сырттаны эр Төштүк жөнүндө болуп жаткан соң, ал жер астына кантип түшкөндүгү, аякта эмне үчүн жети жыл кармалгандыгы тууралуу таржымалдан баштайын.

...Ошо Манас доору жүрүп турган заманда Элеман деген бай өмүр сүрүптүр. Анын эсепсиз төрт түлүк малы, анан тогуз уулу болуптур. Жылкынын көптүгүнөн басып өткөн жолу бир заматта такырайып калчу экен. Балдары жылкы артынан жүрүп, жылкы мүнөз күтүп, кайрымы жок өсүптүр. Мал артынан ээрчип, мал менен күн өткөрүп жүргөн балдар абат болобу? Ата-энесине каралашмак тургай, дайын-отун таптырбай жоголушат. Арадан айлар өтөт, жыл тогошот. Элеман карыя менен Күлайым кемпир бала азабын тартат. “Өлөйүн” дешет, өлө алышпайт. Карыган чакта кабарсыз кеткен балдарын издеп көп убара чегишет, бирок таба алышпайт. “Элеман куу баш” атыгат. Алар мазардан мазар кыдырып, кудайдан бала суранышат. Барбаган жери калбайт. Акыры атагы алыска угулган Баабединдин мазарына барып сыйынышат. Абышка менен кемпир жер кучактап жыгылат. Кудайга ыйы жеткидей жаш төгүшөт, бозоргон мазар дубалын өбүшөт. Эки карыпка кошулуп жибек чачы төгүлгөн топ кайың, үлп эткен желге ыргалган тал-терек ыйлагандай шуудурайт. Азып-тозуп чарчап келген чал-кемпир тон-чапанын жамынып уктап кетишет.

Ошондо Элеман карыянын түшүнө Кызыр[2] кирет. Ал:

– Карыя, бала издеп аябай кыйналыпсың. Мен сага жардам берем. Кемпириң экөөңдүн тилегиң кабыл болот. Колуңдагы боз алманы санасаң тогуздур, оң колуңдагы чоң алманы жесең дагы уулдуу болосуң. Атын Төштүк кой. Ал отко салсаң күйбөгөн ойрондук жайы бар, сууга салсаң чөкпөгөн султандык жайы бар адам болот. Кудайдан тогуз уулуңду сураганча, жалгыз Төштүктү сура. Анткени, ал өзү жалгыз тогуз уулга тең баатыр чыгат. Азаптанбай таңкы үрүлдөн эли-журтуңа кайта бер. Кемпириң сөзсүз уул төрөйт, – деп, көздөн кайым болот.

Элеман эртеси Кызыр айткандай кылат. Эрте күндү кеч кылбай, кемпирин жетелеп, үйүнө кайтат. Кызыр айткан жакшылык жышаанын күтүп жүрө берет. Арадан күндөр өтөт, айлар жылжыйт. Ошо айларда кемпири уул төрөйт. Атын Төштүк коёт. Эл чакырып той берет. Балалуу болуп туруп, бала эңсеген чал-кемпирдин багы кайрадан ачылат. Мойнуна тумар тактырып, бакмачыга бактырат.

Тогуз уулдун кенжеси жакшы жетилди, кичинесинен эрен чыкты. Жолунан чыккан балдарды карсылдата сабады, каалагандай баштады. Он экиге келгенде катылгандын катыгын берди. Аябай тентек өстү, ошондон “Төштүк тентек” атка конду. Адаттагыдай дагы бир күнү урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай жолдо келатса, алдынан бир бала чыга калбаспы. Адатынча ошо балага чочоңдой чоңдугун сала баштаганда, анысы “атакелеп” чакырды, “энекелеп” бакырды.

– Эй, куу такым Элемандын баласы, дагы адатыңа бардыңбы? Бирге ойногон балдарды оңдурбай, баарын кырганы калдыңбы? Аларда сенин тогуз агаңдын өчү жок. Ушунча кыйын болсоң атаңдын малын талаган кара кытай калкын чаап албайсыңбы?! Жоголгон тогуз агаңды издеп таппайсыңбы, намысы жок эрке талтаң бала! Билсең, эл арасында: “Агаларын таап алалбаган акмак Төштүк!” деген сөз жүрөт. Жок дегенде, ошого намыстанбайсыңбы! – деди баласы бакырчак кемпир.

Агалары жөнүндөгү кепти укканда Төштүктүн кабыргасы сөгүлдү. Көзүнөн жашы төгүлдү. Жоголгонуна ичи күйдү, аягандан боору толгонду, туугандары бар экендигине жүрөгү элжиреди. “Төгөрөктүн төрт бурчун кыдырайын. Өлүү, же тирүү экендигин билейин” деп, тамак ичпей жумалап жатып алды. Не кылар алапайын таппай атасы Элеман менен энеси Күлайым кошо ыйлады.

– Айланайын кулунум, тогузун издеп сен кетсең, карыган биз эмне болобуз?

– Оой, атаке, атаке, эл эмне дейт? Билип туруп Төштүгү жатып алды дебейби. Аларды таап, элге кошпосок, ошондо шермендебиз чыгат. Мен аларды сөзсүз таап келем. Уруксат бер, атаке! – деп көзү өрттөй жайнаган Төштүк тишин кычырата чайнады.

– Мейли, издесең изде, балам, – деп, Элеман баласына күлазык камдады.

Ээлигип калган эр Төштүк жоо жарагын түгөл байланып, агаларын издеп жөнөдү. Көп чоочун жерди басып өттү. Бирок тогуз уулдан илинчек таппады. Алты ай болду дегенде араң көп жылкынын изине түштү. Белеси бийик бел ашты, учу кыйыры билинбеген көдөөлүү талаага туш келди. Ошо кең талаага Камбар ата тукуму жык толуптур. Жылкынын көптүгүнөн бут коёрго жер таппай баатырдын башы адашыптыр. Тирүү десе санда жок, өлүү десе көрдө жок агалары жылкылардын артынан жүрүп көп жылдарды өткөрүп ийиптир. Тогуз уулдун эң улуусунун сакалы агарып, ортончусунуку көгала тартып, эң кичүүсүнүкү карала болуптур. Теңир урган көп жылкы айдаганга көнбөй тескери чубап калыптыр. Ошончо көп жылкыдан кысыр тай кармап жей албай, айбан чалыш болгон тогузу аябай арып-чарчаптыр. Төштүк агаларын чогултуп, келген жүйөсүн айтты. Алты кысыр, кырк байталды жаа менен жыга атты. Баарын союп, агаларын казы-картага тойгузду, мазардагы кара сууга салды. Кычы эттерин кылыч менен кырып, кымыз менен жууганда бир топ жеңилденип калгандай болушту. Андан кийин алты күн майга бөлөп салды. Куржунун ачып тон-чапанын, тоо текенин терисинен ийленип тигилген кандагай шымын кийгизди. Баарына желбеген жорго мингизди. Ошондо гана өңү-башына кан жүгүрүп, агалары кадимкидей оңолуп калгандай болду. Көптөн бери көңүл иритип жүргөн кайгы-капалары таңкы туман тарагандай тарады.

– Айланайын агатайлар, уругуң ким, элиң ким? Унутуп калбадыңарбы, ошондон сүйлөгүлөчү, – деди, эт-жүрөгү эжиреген Төштүк.

– Кыргыз элинин кыпчак уруусунанбыз, – деди, тогуз уулдун улуусу. – Атабыз Элеман бай, энебиз Күлайым. Бир атадан тогузбуз. Бирок малдан айырмабыз жок доңузбуз. Доңуз болбой не болдук? Ата менен энеге кымындай жакшылыгыбыз тийбей, жылдап мал артынан жүрүп, мал болуппуз. Тогуз уулун жоготуп ата-энебиз зарлап ыйлап, эмдигиче бизди күтүп жүргөндүр, – дегенде тогузунун көзү жашылданып кетти.

– Агатайлар, ата-энем мазардан мазарга тентип жүрүп мени тааптыр. Атымды Төштүк коюптур. Эрезеге жеткенде карыган ата-энемди таштап, жоголгон агаларымды издеп чыктым. Минтип силерди таап, кубанычым койнума батпай турат. Эми биз үйгө кайтып барсак, ата-энебиз да аябай кубанат болуш керек, – деди Төштүк, ээнсиреген кең өзөндү көргөндө көңүлү ачылып.

 

ТӨШТҮК МЕНЕН ПЕРИНИН КЫЗЫ АЙСАЛКЫН

Кудайдын бейишиндей көрүнгөн кооздукту жараткан Чук-Терек капчыгайына суктана карап турду, Төштүк. Ошо кооздугунан бул жерге алты айда бир жолу перинин кырк кызы келип ойноп кетишчү тура. Кырк кыздын ичиндеги Айсалкын деген сулуунун сыйкыр-күчү, керемет-касиети башкалардан өзгөчө болуптур. Ал өзү сыяктуу эле Төштүктүн башкалардан өзгөчө эр экенин билиптир. Ошол үчүнбү, эрте сөзү кеч болуп, эки көзү төрт болуп Төштүккө ашык болуп калат. Сөзсүз ага жетүүнүн айла-амалын кылат. Балдай ширин сөздүү, ботодой кара көздүү нур кызынын сулуу жүзү да Төштүктүн көңүлүнө төп келет. Бири-бирин арзыган эки жүрөк биринчи жолу ошо жер сонуну болгон Чук-Теректен кез келет.

– Төштүк, мен бир күнү агаларыңды издеп келериңди билгем. Ошондон Чук-Терекке сейилге чыгар күндү тоском. – Айсалкын сулуу кылыктана күлө сүйлөдү. – Мени менен жети күн гана бол. Ошо күндөрү экөөбүз каалагандай тамаша куралы, бири-бирибизге аруу сүйүүбүздү арнайлы. Бирок кыяматка нике кыйып кой. Мен жөн кыз эмесмин, сыйкырчы перинин кызымын. Ошон үчүн сенин шоруң көп экендигин билем. Жети жыл жоголгон баатырдын жесири болгум келбейт. Азыр мага аманат сөзүңдү айт, Төштүк, – деп, баатырдын жүзүнөн сүйдү.

– Кыл көпүрө, тар жайда жакшы жолдош болууга убадамды берем, – деп, жети күндүн ичинде кылыктанган кыз ордосунда көп кызыктарга батты, эр Төштүк.

Кетерде Айсалкын колундагы алтын шакегин чыгарып берди.

– Бу шакекти сага белекке бердим. Элиңе аман-эсен жетип, тогуз кыздын кенжеси Кенжекени колукту кылып ал. – Айсалкын ичинен кыжалат ойго кептелгендей бир башкача түнөрдү. – Төштүк, ак ундун камырындай жуурулушкан жети күн бекер өтпөптүр. Сенден боюмда калды. Буюрса, уул болот. Сен андан камтама болбо. Курсакта калган баланы куу баш чалга берип, анын сообуна калам. Аты Бокмурун коюлар. Ошо куу баш чалдын аты атпай журтка белгилүү кан Көкөтай. Ал алтымыш катын алса да туяк көрбөй, азаптанып жүрөт. Көкөтайдын дүйнөсү көктөмдө чыккан чөптөй көбөйүптүр. Дүнүйөсү мол болгону менен баласы болбогон адамдын жашоосу курусун. Бала деп барбаган мазары, кайрылбаган табыбы калбаптыр. Кудайлап ыйлайт, андан бала сурайт. Бирок тилеги таш каап, балалуу болбой башы кайгыга малынат. Ошентсе да көз жашын көлдөй төгүп, кудайга жалынат. Эми ошо Көкөтай кандын көз жашын аяп, балалуу кылып таштайын, – деп, жамгырлуу булут чакырды, перинин кызы Айсалкын сулуу.

Күндү заматта алай-дүлөй чалдырды. Айлана тегеректи боз мунарык каптады. Төштүктүн көөнүн калтырып, кара жамгырын шыбыргактатып жаадырып, кумга сиңген бир тамчы суудай көздөн кайым болду, перинин кызы.

Арадан толук тогуз ай өткөндө Айсалкындын ичи ооруп, толгоо тартты. Жанында жан күйөр адамы жок ай талаада өзү төрөдү. Чаңырып түшкөн баласынын киндигин өзү кести. Ошо бойдон чыңырта курмушуга ороп, куржунуна салды. Көкөтай кан өзү жакшы көргөн кызыл төөсүн кармап алып, өркөчүнө куржунду бек байлады.

– Айланайын кызыл нар, айбандан башка жаныбарсың. Өркөчүңө капшырган ымыркай баланы өзүңө тапшырдым. Бу аманатты Көкөтай байкушка бере көр, ыракматын ала көр, – деп, өзү жан бирөөгө көрүнбөй изин суутту.

Ошол кезде Көкөтай бай Мааникер тулпарын минип, балбан-баатырларынын коштоосунда адырлуу талаада аң уулап жүрүптүр. Төө тигилер турган өрүшкө келгенде канаттуу куштай сызган, желдей ышкырып учкан Мааникер тулпар баспай туруп алат. Көкөтай кан эчтемеге түшүнбөй башын чайкайт. Атына жалынып жалбарат. Ал тургай камчылайт, бирок түк ордунан жылбайт. Ошондо Көкөтай тулпарына катуу капаланат.

– Бир күүлөнгөндө күн чыгыш менен күн батышты басып өткөн, жел жетпеген күлүк элең. Бу сапар сага эмне болду, арам өлгүр! – Көкөтай кан алая камчы чабат. – Ким ойлоптур “Айбан малдын пашаасы Мааникер тулпар жүрбөй калат. Ээсин азапка салат” деп. Баладай көргөн тулпарым, ичим күйүп, боорум чок. Тулпарым баспай талаада туяксыз өтөмбү? “Артымда тукум калсын” деп жаратканга жалынып, сан түмөн малымды бей-бечарага тараттым. Мазарлуу жерге түнөдүм, анда да бала көрбөдүм. Кырк миң төөгө алтын, күмүш жүктөтүп, жер жүзүн кыдырдым. Барган жердин баарына садага бердим, ак селдечен кожолордон бата алдым. Бирок мында да бала көрбөдүм. Мааникерди мингенде алаксып калчумун, бир аз болсо да бала дегенди унутчумун. Ошон үчүн башка жанга ишенбей Мааникерди өзүм карадым. “Кыштын суугу тиет” деп жабуусун калың жаптым, ак сарайда кармадым. “Күн аптабы тиет” деп тоо башында бактым, чөптүн бүрүн бердим. Эми мени уят кылып отурат. Не жазыгым бар, а?

Ачуусуна чыдабай камчы менен атын тартып-тартып алды, Көкөтай кан.

Ошондо да Мааникер жер чапчып туруп алды, ордунан козголбоду. Аңгыча бет алдынан асманга көтөрүлө оргуган чаңга таң кала карады. Астейдил караса төө султаны кызыл нар чуудаларын сеңселтип чаң сапырып келатат. Жылына кызыл нарды бир жолу көрүп турбаса куса болуп кетчү, кан. Ошондонбу ууртунан жылмайып, ичинен кубанып турду. Төрт аягы тыбырап, маң-маң желип келаткан кызыл нар, ойдо жок жерден Көкөтай кандын жанына келгенде дароо чөктү. Кызык кайра башталды. Себеби төөсүн “тур” десе да, камчыласа да турбады.

– Бул караң калгырларга бүгүн эмне болду? Бири баспай кыйнаса, экинчиси турбай кыйнады. Дагы кандай шойком моюнга мингени турат? – деп кылыч менен төөсүн тең экиге бөлө чапмак болгондо, өркөчүндөгү кызыл куржунга көзү түштү.

Андан барылдап чыккан баланын үнү, чаңырган ыйы Көкөтайды жинди кылып жибере жаздады. Мааникер аттын үстүнөн учуп түштү. Калдактай чуркаган кандын оюна: “Эркек бекен, же кыз бекен?” деген кызыктай ой келе калды. Бала эркек экендигин көргөндө эт жүрөгү болкулдап, дене бою солкулдап, бир башкача сүйүндү, жан алекетке түшө күйүндү. Бир саамга боору эзиле карады да:

– Өңүмбү, же түшүмбү? – деп, кан Көкөтай баланы ала койду, кудуңдай маңдайынан жыттады. – Чырагым, баш мүлжүрүм менин! Атың Бокмурун болсун. Кудайым сураганымды берген экен. Ээсиз малды көп жыйдым. Ошондо да тилеген муратыма жетпедим. Кызыл нар төөгө бу дүйнөдө ыраазымын. Ал мени бактылуу ата кылды. Эми минген атым Мааникерди айтуякка[3] чалам, – деп карбаластап калды.

Аңгыча кайдан-жайдан келгени белгисиз, айгыр жетелеген олуя киши пайда болду.

– Арбаңыз, момун пенде.

– Бар болуңуз, жолоочум.

– Минген атыңызды айтуякка чалат элем деп шашпаңыз, момун пендем. Аны али көп уруштарда минесиз. Казатка минер тулпарыңыз ушу Бокмурун балаңызга ылайык. Андан көрө мобул айгырды айтуякка чалыңыз. – Олуя жетелеп келген айгырдын чылбырын бакытка бөлөнүп турган пендеге кармата койду.

– Балаңыздын мойнуна тумар тагып, жетиге чыкканча жети жүз кара торпокту садагага бериңиз. Аянбаңыз, балаңыздын өмүрүн тилеңиз. Балаңыз Бокмурун аман болсо “Кан Көкөтай ашы” деп, төгөрөктүн төрт бурчунан көп эл чакырар. Болуп көрбөгөндөй байге сайып, атыңызды ааламга чыгарар, – деп, олуя киши эриген коргошундай көлкүлдөп барып, аты-жыты билинбей көздөн кайым жоголду.

Көкөтай айылына келгенде байбичеси Күлканыш жетине албай, аябай күйүндү.

– Бала көрбөс Көкөтай балалуу болду! – деп журтуна кабар бердирди.

Кары-жашы жүгүрдү, калың эли сүйүндү. Келген элге кан бээ баштаган беш миң төрт түлүктү союп той кылды. Ошентип Бокмурун Көкөтай уулу болду. Кан Көкөтайдын тилегени кабыл болуп, жыргап-куунап жашап калды.

 

ЭЛЕМАНДЫН БАЛДАРЫНА ТОЙ БЕРГЕНИ ЖАНА АЛАРГА КЫЗ ИЗДЕГЕНИ

Агаларын аман-эсен тапкан Төштүк Кашкардын ары жагындагы, Кебез-Тоонун бери жагындагы Элеман атасы турган жайга кубанычтуу кайтты. Тогуз уулу он болду, дөөлөтү ашып, атасы өз элине кан болду. Үзүлгөнү уланды, чачылганы жыйналды. Мал-мүлкү жер үстүнө толуп, журтуна май көл, сүт көл орноду. Бирок балдарына той берүүнү унутта калтырды. Ошондо өз элинен чыккан Алаңбай деген киши мындай дебеспи:

– Калайык калк, Төштүктөн бөлөк караан жок, маңдайга бүткөн бараан жок. Алтын таажы кийгизип, аны кан көтөрүп алалы. Ошондо Төштүк алакандай кыргызга коргон болуп берет. Андыктан ай-ааламды чогултуп, ат чаптырып, элде жок той кылып берели. Кандай дейсиңер, урматы улук агайын-туугандар?

Той дегенде тоодон топурап түшкөн кыргыз не демек эле? Алаңбайдын айтканына түгөл кошулду, той жегиси келген эл. Ал тойго ай-ааламдан көп киши чакырылды. Көк-ала калкан байланып, көк темирден найза алып, Алатоодой заңкайып, ак кулжадай маңкайып эр Төштүк да тойго аттанды. Той дегенде томпоңдоп тогуз агасы кошо жөнөдү. Той боло турган айылга жакындай бергенде, бак түбүндө оюн сала шаңкылдаган топ кыз тийиштик кылды.

– Атыңдын оозун бура тур, Төштүк. Эми эле киши болгонсуп, тепеңдеп жөнөп калганын көр, мунун. Агаларыңды атаң сүннөткө отургузду беле? Ошону билесиңби, билсең көрсөтсүн! – дешти, сай сөөгүн сыздата чымчый сүйлөп.

Төштүк кыздардын айтканына арданып кетти.

– Агатайлар, атам силерди сүннөткө отургузду беле? – деп сураганда, ак сакалы кара сакалын, анысы кийинкисин карады. Ошентип баарынын айыбы ачылды.

– Атамдын сараңдыгы ай, малга кароо болгону менен жанга битир экендиги билинди. Тоюң менен топураң кал, тойго барып не кылабыз. Агалар, андан көрө жан кишиге көрүнбөй кетип калалы. Аңги атанып жүргүчө, туулбай туна чөгөлү, – деп орто жолдон кайра тартты да, таарынып жатып алды.

– Малың менен жерге кир, какбаш! Пайдасыз малды жыйыпсың, топ уулуңдун баарын бүрүк кылыпсың, какбаш! – деп, байбичеси Күлайым абышкасын тилдегенде, жети өмүрү жерге кирди.

Арданып калган Элеман эсеби жок мал союп, тогуз уулун баш, эң кенжесин төш кылып сүннөткө отургузду. Баарын адалдап, эсте калгыдай чоң той кылып берди.

Тойдун эртеси да болду. Сараң киши сараң бойдон калат окшобойбу. Же бирин жасаса, экинчиси эстен чыгып калабы? Айтор, Элеман ата катары милдеттүү түрдө жасачу дагы бир маанилүү парзын унутуп калыптыр. Ага дагы бир боло турган той себеп болду көрүнөт. Капыстан эле Элеман менен катарлаш өскөн Сараңбай деген киши Элемандын Төштүгүнө алтын таажы кийгизип, алтын такка мингизип, кан көтөрүп алуу зыяпатын кылып, той берүүнү чечти. Журт чакырып, көп мал сойду. Кулак угуп, көз көрбөгөн калктын баарын жыйды. Элемандын балдары жөн турабы, чү-чүлөп тулпар минип, алар дагы тойго топурап жөнөп калыптыр. Той ордого жакын калганда баягы кыздар алдынан чыга калып жана акыйнек айтса болобу.

– Төштүк болбой куруп кал, сен! Бука болуп булкунбай, теңиңерди таап катын албайсыңарбы, отун жыйбайсыңарбы?! Алдың куу баш чал болдуң. Эмнеңерге адыраңдайсыңар? Эл го тойго баратат, а силер аңгиленип кайда баратасыңар? – деп, шарактаган топ кыз дагы балээ ашырды.

Төштүк тык токтоду. Бетинен түгү көрүнүп, ачуулана:

– Катыныңар барбы? – деп сураганда, алар бири-бирин карады.

– А, билдим, агатайлар. Силерге катын алмак кайда? Оңбой калган экенбиз. Атам бизди үйлөнтпөй ушуга дейре не кылып жүрдү? Шорубузду кайнатыпсың, ата. Кыздарга шылдың кылдырып, баарыбызды бой калтырыпсың. Эми өчкөн отту тамызып, балдарыңа катын издеп жөнө. Антпесең тогузубуз тогуз жакка кетебиз, балалыктан безебиз, ата, – дегенде, Элеман бай карбаластап калды.

– Макул, балдарым, айтканыңарга көнөйүн, шаар-айылды кыдырып жөнөйүн. Баарыңа катын алып бербесем Элеман болбой өлөйүн. Сан дүйнөмдү чачайын, карап турбай басайын, – деп, төөлөргө алтын арттырды.

Ошентип күлүктөрүн байлатып, күлазыкты жайнатып, беш жүз жолдошу менен Элеман бай балдарына ылайыктуу кыз издеп жөнөдү.

Кыз издеп көрбөгөн жери, аралабаган шаар-айылы калбады. Ошондон аябай арып-чарчады. Жалгыз кызды алалбай, тогуз кызды табалбай көрбөгөн азапты баштан кечирди. Ай эсебин алган жок, күндө тынып калган жок. Жолуккандан сурай берди, туш келген жерден издей берди. Бир күнү келатып сыйкырчы кемпирге жолукту.

– Эй, Элеман, бир аз демиңди бас. Мен ай-ааламды көп кыдырган, турмуштун ысык-суугун таткан, көптү көргөн кемпирмин. Мен көрбөгөн мазар, мен баспаган тоо, мен жүрбөгөн жер жок. Жер алдында Көкдөө деген дөө бар. Анын жети баштуу сыйкырчы кемпири Төштүктү жер үстүнөн азгырып, жер алдына алып кетем деп ай эсептеп жүрөт дейт. Муну да айтып коёюн. Менин жети уулумду да сыйкырлаган экен, кайып болуп кетти. Ошондон бери уулдарымды таппай зарлап жүрөм. Ушундан жүрүп отурсаң Сарыбай деген байга кез келесиң. Анын колунда тогуз кызы бар деп угам. Улуу кызынын чачы агарып, ортончусунуку көгала болуптур. Тогуз кыздын кенжеси болгон Кенжекенин чачын атасы өзү өрүп берет дейт. Кенжекени ким алса, ошонун ырыс-кешиги көбөйөт имиш. Сырттан балаң Төштүккө алып берер кыз ошо. Андыктан түзеле Сарыбайдын үйүнө барып түшүңүз. Тогуз уулга, тогуз кыздын башын байлай салыңыз, – деп, сыйкырчы кемпир Элеманды жолго салды.

Анча өтпөй издегени табылып, желе-жортуп жөнөгөн Элеман Сарыбайдын ордосуна келип түштү. Кол куушуруп, саламын бак-бак айтып, Сарыбайдын үстүнө кирип барды. Байлар алик алышты, кол кысышты. Элеман оң капшыттагы илинип турган тогуз сөйкөнү көрүп, кемпирдин айтканы чын экен деп жүрөгү элжирей түштү.

– Ии, карыя, жол болсун. Кайдан келатасыз, кимди издеп жүрөсүз? Сүйлөй отуруңуз, мен Сарыбай деген бай болом. Казаным толук, кардым ток, мал жагынан капам жок. Тогуз кызыма, тогуз күйөө бала табалбай күйүттө жүрөм. Тогуз уулдуу адам табылса, кыздарымды бермекмин. Кенжеке деген кызыма, кенже күйөө тең келсе, айбан туруп сүйлөгөн жылкылардан өзгөчө Чалкуйрук деген тулпарымды мингизем. Ок өтпөс Чайыңги деген тонум бар, аны да Кенжекеге кийгизем. Жолсуз жерге жол салган болот өгөөм бар. Өкчөп койсом ат болгон, алтын сакам, жайып ийсе мал болгон шумдук килемим дагы бар. Эмнесин айтайын, тогуз кызымды алчу, тогуз уулду таппай көчүгүм жоруду, көңүлүм ооруду. Сиз дагы оңой киши көрүнбөйсүз. Мындан чыксаңыз, сиз дагы ырым кылып: “Сарыбай тогуз кызын, тогуз уулдуу адамга чын көңүлүнөн берет экен” деп калайык калкка кабарлап койсоңуз, – дегенде Элемандын көздөрү жайнай түштү.

– Мен Элеман деген бай болом. Мен дагы сизчилеп тогуз уулума, тогуз кыз табалбай кыйналып жүрөм. Экөөбүздүн сөзүбүз бири-бирине төп келди, максат-мүдөөбүз бир жерден чыкты. Сиздин тогуз кызыңыз, менин тогуз уулума ылайык экен. Тогуз уулдун кенжеси, баатырдыгы башкача болгон Төштүк сиздин Кенжеке кызыңызга тең экен. Кыздарыңызга сөйкө салайын, кулдук уруп, кудалашып кайтайын, – деп, кубанычы койнуна батпай Элеман кулдук уруп турду.

Тогуз уулдуу Элеман менен тогуз кыздуу Сарыбай заматта ак буудайдын унундай жуурулушуп калды. Тогуз уулга, тогуз кызды токтотпой нике кыйды. Кыздарды көчүрүп кеткени баары келип, Төштүгү гана кай бир себептерден улам келбей калды. Сарыбай көбүнөн артык бай экен. Мал-дүйнөсүнө карабай кыздарына септи очойто берди. Күйөө балдарына тон кийгизди, кызыл тулпар мингизди. Төөлөргө алтын, күмүш жүктөтүп, күтүрөгөн сан жылкы айдатты. Бир гана кенже кызы Кенжеке тонун “кий” десе кийбеди, тулпарды “мин” десе минбеди. “Аттан” деди болбоду. Атасы айтса да көгөрүп туруп алды. Көзүнүн жашын көл кылып, бүк түшө жатып алды. Санаасы санга бөлүнүп, Сарыбай атасы жалынып-жалбарып кирди:

– Төркүндө кыз ыйласа башка мүшкүл түшчү эле. Мени көп кыйнабачы, кызым! Кыздын барар жери күйөө. Айткан тилимди ал, Төштүккө бар, кызым. Аташкан жары болуп бер, балам. Каалаганыңды алып кет, балам. Кудай урсун, мен сенден эчтемемди аябайм, – дегенде, долуланган Кенжеке кызы ичинен “жым” дей түштү.

– Макул, атаке, сенин тилиңди алайын, Төштүгүңө барайын, ата! Өгөөңдү берсең күйөө балаңа белек кылайын. Касиеттүү саканы, төөнүн лөгү Чаар ингенди кааладым, ата! Энелигиң чын болсо, ок өтпөс Чайыңги тонду кийгиз, апа! Айбан туруп сүйлөгөн Чалкуйрук тулпарды мингиз, ата!

Берекелүү Сарыбай “бербейм” деп айталбады. Энеси да каршы чыга албады. Экөө тең кызы Кенжекенин айтканын аткарышты, каалаганын беришти. Ошондон кийин гана тогуз кыздын баары тең аттанды. Кыздардын себин жүктөгөн, алтын, күмүшүн төөлөргө артынган көч артынан чаңын ызгытып жөнөп калды.

 

АЙСАЛКЫНДЫН КЕНЖЕКЕГЕ, ЖЕЛМОГУЗ КЕМПИРДИН ЭЛЕМАНГА ЖОЛУККАНЫ

Кыз көчүрүү шааниси талаа-түздү шаңга бөлөдү. Элеман жолду ката көчүп-конуп отурду. Перинин кызы Айсалкын Төштүк Кенжекеге үйлөнүптүр деп угуп, көчтү белеске келгенде кууп жетти. Күнүлөштөр ошо белестен бири-бирине биринчи жолу бет келди. Анткени Айсалкын да, Кенжеке да эр Төштүктүн никелеген зайыбы эмеспи. Ичи күйүп, чок болуп турса да Айсалкын куттук айтты.

– Минген атың Чалкуйрук, кийген тонуң Чайыңги, жетелеген Чаар ингениң кут болсун, Кенжеке! Тийген эриң эр Төштүк, бир өзүңө жуп болсун, Кенжеке!

– Перинин кызы Айсалкын астымды тосуп чыгыпсың да. – Кенжеке шашпай жообун берди, сөз кычысын таап айтты. – Аташканың Төштүккө жети күн катын болупсуң. Тууп алган балаңды Көкөтай канга берипсиң, бетпак! Астымдагы Чалкуйрукту атам берди, мен миндим. Сеникин тартып алганым жок, долу. Чайыңги тонду апам берди, мен кийдим. Сеникин тартып албадым. Жетелеген Чаар ингенди атакем берди, мен алдым. Сеникин тартып алдымбы, бетпак? Эр Төштүккө атакем кошту, мен тийдим. Сеникин тартып алдымбы, долу? Жолумду тосуп тургудай кара доого калдымбы? Угуп кой, Төштүк сага эр болбойт, аны сага берчү мен эмес, долу!

– Сен да билип кой. Элеман уулу Төштүккө бу дүйнөдө тийбейм. – Айсалкын теригип кетти. – Бүгүн көргөн эртең жок, атаңдын көрү, дүйнө бок. Кенжеке, кулагыңа күмүш сырга, Элемандын сырттаны бу дүйнөдө сеники, о дүйнөдө меники! Куттук айтсам, сен куураткандай кеп айттың, калжактап жөнү жок мени уруштуң, долу! Аташканың сырттанды жети жыл катар көрбөй кал, долу! Эр үчүн какшап зарланып, тирүүлөй жесир болуп кал, долу! – деп, жазгы күнкү чартылдаган чагылгандай “чарт” эткен Айсалкын изин калтырбай жоголду.

Күнүлөшүнүн кебин угуп, Кенжеке карбаластап калды. “Бул жерден батырак башка жакка көчүп кетели” десе кайнатасы ынабады. Малын тосуп жүрө берди. Бай экени курусун, малга кароо Элеманга жолугуп, жети баштуу желмогуз кемпир мүшкүлдү салар чагы экен. Ал ошону билдиби, билбедиби адырдагы бүт малын жыйып, сугарганы сууну көздөй айдады. Көзүнө сууда калдактап агып келаткан өпкө көп дүнүйөдөй көрүндү.

– Өпкө да болсо кармап, канжыгама байлап алайын. Даңгыт, Маңгыт деген иттерим бир тоюнуп алсын, – деп дүйнө тапкан эмедей укуругу менен бир сайганда өпкө жарылып кетти.

Жана кармап аларда колдон жылмышып агып кетти. Эл байкабас, жан көрбөс жардын кабагына келгенде өпкө кызыкты көрсөттү. Өпкө дегени жети баштуу желмогуз болуп чыкты. Элеманды ары булкуп, бери булкуп төшүнө минип алды. Сакалын бирден жулуп, азабын колуна берди. Олжодон көрдү кордукту, байкуш чал. Желип-желип койгондо кабыргасы быркырап, жаны көзүнө көрүнө түшүп атты.

– Аман калам десең айтканыма көнгүн, сураганымды бергин. Айтканыма көнбөсөң, азыр менден өлөсүң. Мен желсем жел жетпеген, бассам мал жетпеген жети баштуу желмогуз деген болом! – дегенде, Элеман жалына кетти.

– Айланайын байбиче, төгөрөктүн төрт бурчун төрт курчаган малым бар. Баарын ал, бирок жанымды аман кой!

– Сен өлгөндө сан малың меники эмей, кимдики, ары жок какбаш чал? – деп ансайын кычырата басты.

– Бир өпкөгө кызыгып, Желмогуз кемпирге туш келгенимди кара. Каран калган дүйнөгө тойбой жүргөн экемин! Ургаачынын төрөсү, тогуз уулдун энеси байбичем Күлайымды берейин. Жанымды калтыр, – деп, жанынан түңүлө айтты.

– Сен өлгөндө катының меники эмей, кимдики, какбаш?

– Тогуз уулду берсем, жаным тынч алабы?

– Сен өлгөндө тогуз уул меники эмей, кимдики, куу баш?

– Толгон уулдун сырттаны Төштүктү берсемчи...

– Ии, эми өзүңө келдиң. – Желмогуз кемпир өзүнө келгендей мулуйду. – Төштүктү берсең алайын. Бербесең көзүңдү чукуюм, какбаш! Сарамжалдуу Кенжекенин алтын сандыгы бар. Анын түбүндө эр Төштүктүн жаны болгон өгөө катылыптыр. Сен ошо өгөөнү сурап ал! Өгөө колго тийгенде, аны коломтонун башына сайып кет. Өгөөгө келген Төштүктү так ошол жерден кармап албай жаным жокпу? Антпейт экенсиң, талаадан кармап алып ичиңди жарам. Жол үстүнө сүйрөтүп чыгып, сөөгүңдү иттерге таштайм. Андан калса тукумуңдун баарын уу ичкендей кылам.

– Төштүгүмдү ал, жанымды калтыр, – деп Элеман бай соодасын бүтүрдү.

Анан калп жерден оорумуш болуп, керээзин айтып жатып алды.

– Ээ, Кенжеке, бул оору мени тооруп, акыры өлтүрөт окшоп калды. Төштүктүн болот өгөөсүн мага берчи, балам, бекитип алайын. – Кыңырыла сүйлөдү кайнатасы.

Бербейм деп айталбай, же кайнатанын көөнүн калтыра албай, өгөөнү апкелип берди. Анткени өз уулуна Элеман жоо болот деп ойлободу. “Кайнатам өлүп кетпесин” деп жашы менен карысын көчүүгө мажбурлады, тажаалданган Кенжеке. Карбаластап атып, өгөө кайда экенин жоктобой, калың кыргыз элине аман барып конду. Төштүк менен Кенжеке жолугушуп, болгону жети күн жыргал өмүр сүрдү. Элеман калкын чогултуп той өткөрдү. Кудай алган чал ошондо журтка өзү калтырып кеткен өгөөнү:

– Кара көзүм кашайып, өгөөнү унутуп таштап кетипмин, балдар! – деп айгай салды.

– Атаке, ага мынча кайгырдың? – Төштүк токтоолук менен кеп салды. – Билерман карыялардан сурасам, ал менин жаным экен. Демек, эсебин өзүм табам. Жоо болсо жоолошом, балбан чыкса күрөшөм. Өгөөнү таба албасам, дүйнөгө бүлүк салам.

Элемандын Төштүгү кашкая күлүп, жай-жарагын белендеди. Калайык ыйлап, жалпы ыйлап, алыскы сапарга аттандырды.

– Элемандын Төштүгү биздин бактыбызга туулган эр эле. Калайыктын баарына калап койгон чеп эле. Аны айгайлашкан эң кыйын чууга салып көрбөдүк, же чаң-тополоң аламан дууга салып көрбөдүк. Арка-жөлөк кылып Төштүктү, же кан көтөрүп албадык!

– Бир кудай билет, ал өгөөнү аман-эсен таап келээриңди. Атаңдан азап кеп уктук, журтта калган өгөөнү жалаңкыч алды деп уктук. Бу да болсо Төштүктүн маңдайына жазылган шору окшойт, – деп, эли-журту чуру-чуу түшүп кала берди.

Айтылган кепти кенебеди, айткандардын баарысын бучкагына теңебеди, эр Төштүк. Бирок намыс кылбай бир гана колуктусу Кенжекенин айтканын бүт аткарды. Агыны катуу суу чыкса көпүрө болгон, урушуп калса найза болгон касиеттүү саканы унутпай жан баштыгына катты. Суусаса суусун кандырган, курсагы ачса тойдурган, миң жылга жетер күлазык салынган кол башындай ак баштыкты алды. Катындын аты дебестен, Чалкуйрук тулпарды минди, мээр чөптөн жасалган күлазыгы бар ат жабууну алды. Катындын тону дебестен, Чайыңги кылторкосун кийди, алтын саптуу Наркескен кылычты байланды.

– Келесиңби, жоксуңбу, аны бир кудай билбесе, эч ким билбейт, ардагым Төштүк. Сенден боюмда калды. Сен жети жылдан кийин келээриңди биз билебиз. Ошончо жыл күйөбүз, ошончо жыл чыдап күтөбүз. Чаар инген менен Актулпар үчөөбүз чарчабай күтө беребиз. Сапарыңдан кайтып, бизди аман көрсөң, ошондо төрөйүм! – деп колунан коркурата бек жыттап, кала берди, керемети күч Кенжеке колуктусу.

 

ТӨШТҮКТҮН ӨГӨӨНҮ АЛЫП КАЧКАНЫ

Төштүк калың кыргыз журтунан алыстаган сайын талаа-түз, адыр-тоо ээндей берди. Көп жол басты. Бир убакта көз чаптырса тоонун башы көрүнбөгөн, талаанын учу билинбеген капчыгайдан чыгып, бетегелүү түзөңгө бет келиптир. Кайда экенин биле албай, теребелди таңгала карап турду. Ошондо эр Төштүккө бугудай мойнун буруп, Чалкуйрук адамча сүйлөп кайрылды.

– Эрдиги бар, эси жок Төштүк, дагы эле эчтемеден ишиң жоктой капарсызсың. Айбан да болсом менин тилимди ал, албасаң чымындай жаның чыркырап кетет. Себеби мен туйганды туйбадың, мен билгенди билбедиң. Бир аз бассаң түбү терең орго кез келесиң. Анын ээси – жансыз соку ат минген, сокбилекти камчы кылган жети баштуу желмогуз. Кыз көчүрүп келатканда, атаң суудан өпкөнү көрүп балакетке калыптыр. Жети баштуу желмогуздун айтканына көнүп, өгөөнү Кенжекеден алып, ага берип коюптур. Ошондуктан, ал желмогуз кемпир сени атайын жолуңдан тосуп чыгыптыр. Мен азыр сени ошо кемпирге алып барам. Ага барганда айрыкча кыраан бол, адамдан артык акылгөй бол, Төштүк. Мен өгөөгө жакын турам. ”Арбаңыз, кандай турасыз, эне киши?”– деп салам айт. Ал: ”Шүгүрчүлүк, бала киши. Өзүң кайда жөнөдүң? Эмне жоготтуң, жоолаганың ким? Ошодон жобурачы, балам”, – дейт. Сен: “Жоготконум бир нерсе, жоолаганым бир неме. Мен эр Төштүк деген болом. Эне өгөөнү алып бериңизчи”, – де. Ал кайрадан: “Турсам, отура албайм, отурсам тура албайм, балам. Белим бекчейип, эки көзүм чекчейип өзүм араң турам! Мени кыйнабай, өгөөңдү өзүң эле ала кой”, – деген жообун берет. Сен дагы көп маалкатпай: “Мен дагы аттан түшсөм мине албайм, себеби күч-кубатым аз. Өзүм томолой жетиммин. Өзүңүз эле өгөөнү алып бере салыңызчы, энеке!”– дегин. Ошондо кемпир жакшылыктуу амал таппай тырышат. Кымыз куйган чаначтай дардаят, эки бети мантаят. Сен жөн турба, кебиңди минтип улант: “Энеке, жети күн жердин астын, жети күн жердин үстүн чалыпсыз. Ошентип, аалам жердин баарын кыдырган жортуулуңуз мол болсун. А Көкмончок менен Акмончок кыздарыңыз эмне кылып жүрөт артыңызда!?”– де. Ошондо кемпир чочуп кетет да, мындай дейт: “Аапи-ий, татай-көтөк, эси жок кыздар бул жактабы? Алар бул жакта эмне кылып жүрүшөт? Балким эл кыдырып, эр издеп жүрүшпөсүн, эси жоктор?” – деп, артына кылчая караганда, коломтодогу өгөөнү ала коюп, чү койбой жаның жокбу, – деген акылын айтат, Чалкуйрук.

Төштүк акылдуу тулпарынын айтканына көнөт. Тулпары эки капталынан канатын чыгарып, аркырап учуп кемпирдин алдына тезеле барат. Тизгинди тарткан барабар Чалкуйрук тулпардын айтканын айткандай, дегенин дегендей так аткарат. Желмогуз кыздарына алаксып, артын карай калганда, Төштүк өгөөнү эңип ала коюп, чү коёт. Кемпир онолуп, сокусун минип, сокбилегин камчылаганча бир топ узап кетет.

– Ор, ийрегим оргун, ылдам жетип Элемандын Төштүгүн аты менен соргун! – деп сүйлөнө, кемпир куугунун токтотпой, сокосун сокбилеги менен чапкылап артынан кууп жөнөйт. – Төгөрөктүн төрт бурчун, төрт айлана куубасам, кемпир атым өчсүн! Күүлөнүп барып күчүңдү алам, жетер менен союп салам, ары жок Төштүк? – деп, кулак-мээнин тынчын ала айкырат.

Желмогуздун ийрелеңдеген ийреги эр Төштүктү оруп кете жаздайт. Ийректин күүсүн сезгенде, Төштүктүн билегинен күч, жүрөгүнөн кан кетет. Адам жүргүс, жан баргыс чөлгө кире качат. Тоодон зоого, коодон төргө өтө качат. Ошондо да:

– Ор, ийрегим, оргун! – деп тажаалдана кыйкырган кемпир артынан калбайт, каруу-күчтөн талбайт.

Бир кезде Төштүк кылчая караса, желмогуз куйрук улаш келип калыптыр. Ошондо ал чыдабай кетип, атын камчылап жиберет. Камчы тийбес Чалкуйрукка, катуу камчы тийгенде, араандай оозу ачылат. Канатын шумдуктуудай күүлөйт, шамалдай сызып жөнөйт. Ошондо эби кетсе да, амалы кетпеген кемпир:

– Бөлүнгүрдүн кара жери бөлүнгүн, жарылгырдын кара жери жарылгын! – деп колундагы сыйкыры күч ийректи Төштүктүн башынан ашыра ыргытат.

Ийрек жерге түшкөндө айлананы кыямат кайым каптагандай, жүрөк түшүрө дүркүрөгөн добуш чыгат. Заматта жер тең экиге бөлүнүп, оңурая жарылып кетет. Желмогуздун балакет баскан амалы жолду ушинтип торойт.

Чалкуйрук тулпар көктөн төмөнгө карай атылган жебедей сызып келатты. Ээси не кылар айласын таппай, атын тизгиндөө менен убара. Бирок катуу күүлөнүп алган ат тизгин тартканга карабады. Оозун бурдурбай жер астына түшүп кетти. Көрдөй караңгылык Элемандын эр Төштүгүнүн үшүн алды. Жүрөгү лукулдап, башы ооруду. Желкеси тырышты. Тулку бою оорлошуп, көңүлү айланды. Көзүнө эчтеме көрүнбөдү. Бир оокумда Кенжеке даярдаган күлазык эсине түштү. Ак баштыкка колун салды. Күлазыктан таңдайына так эттире таштады. Шимире баштаганда уюган жери басылды, көзү умачтай ачылды. Караса чөлгө барып түшүптүр. Көзүнө көз талыткан боз дөбөлүү адырлар урунду. Кызыгы артып, айланасын сынай карады. “Жер астында деле турмуш кызуу өтүп жатыптыр. Чөл-адыры, тоо-ташы, бак дарагынын кооздугун айт. Жер үстүндөгү көргөн нерсеңден эч айырмасы билинбейт. Эми ушул кооз жердин падышасы ким болду экен?” – деп ойлоп, адыр аралай ичинен кыңылдап келатты.

 

ТӨШТҮК ЖЕР АСТЫНДА

Аңгыча тунжураган мунарыктын ары жагынан эрбең-сербең этип жүгүрүп жүргөн бирөөнү байкап калды. “Карап көрөйүн. Ак ниеттиги бар болсо жолдош кылып алайын. Кара ниеттиги билинсе дароо тындым кылайын”, – деп ойлоду, Төштүк. Астейдил караса, тикилдеген сөзү, тик караган көзү бар адам экен. Анысы аз келгенсип тегирмендин чулу ташын мойнуна илип алыптыр. Ошонусуна карабай текирең-таскак эте секирсе бирде көктөн, бирде жерден көрүнгөнү кызыктай туюлду. Эр Төштүк Чалкуйрук аттын оозун буруп, ал-жайын сурады.

– Эй, өөдө-төмөн желиккен сен кимсиң өзү? Душмансыңбы, же доссуңбу? Ачык айтып, ак сүйлө. Болбосо менден бирди көрөсүң.

– Жер үстүнөн эр Төштүк деген баатыр жер астына түшөт деген кабар келген. Астындагы Чалкуйрук деген атынын дүбүртүнөн ар кандай жан өлөт деп уккам. Ошондуктан алапайымды таппай шашкандыгым чын. Мен желгениме жел, басканыма мал жетпеген Жейрен секиртпес Маамыт деген болом. Элемандын сырттаны Төштүк келсе, жөө күлүгү болуп берем деп күтүп жүргөм.

– Жейрен Маамыт, бу жакшы ниет. Кел анда, кол кармашып дос бололу. Жети күндүк дүйнөнүн кызыгын бирге көрөлү. Сен кандай дейсиң?

– Кандай демек элем, жакшы дейм. Мен айтканыңды кабыл алам, эр Төштүк.

Экөө андан ары жөнөдү. Боз дөбөгө чыга келгенде өөдө-төмөн тоңкоңдоп, жерди тыңшап желиккен дагы бир адамга жолукту.

– Эй, ары-бери аңтаңдап качып жүргөн сен кимсиң?– деп суроо салды Төштүк.

– Шашканым, качканым да чын. Менин тилегимди кудай берди. Эгер мен ойлогон Төштүк сен болсоң, Төштүккө кызмат кылуучу Жер тыңшаар Маамыт мен болом. Күн чыгыш менен батыштан эмне угулса айтып берем. Өөдөдө өбөкмүн, ылдыйда жөлөкмүн.

– Абдан жакшы, Жер тыңшар Маамыт. Кел анда достошолук, – деп, Төштүк кучагын жайды.

Сапар андан ары уланды. Аңгыча алардын жанына дагы бирөө жетип келди. Анысы атка минсе кишидей, жөө жүрсө желмогуздун тишиндей болгон кичине неме көрүндү. Кичинекейлигине карабай шайырдыгы билинди.

– Тогуз уулдун кенжеси, берен Төштүк эсенсиңби? – деп саламын айтты, кичинекей киши. – “Төштүк келер бекен?” деп күтүп жүргөн, атка жеңил, тайга чак Куюн Маамыт деген мен болом. Сенин келишиң менен менин абийирим жабылды. Жер астында Көкдөө, Кара кан деген падышалар бар. Алар бизге кас, ошон үчүн сени келер бекен деп күтүп жүрдүк. Көкдөөнүн кызы Күлайым Элемандын Төштүгүнө ашык экен деп угам. Кызды го колго тийгизебиз, бирок Көкдөөнүн жети баштуу жезкемпирин не кылабыз? Анын колунда коркунучтуу темир ийрек тору бар. Көкдөөнүн адам түшсө чыга албас абдан терең ору бар. Аларды кайтарып турган жалгыз көздүү балбандары, барган жанды кайнаткан кырк кулачтуу казаны дагы бар. Сен ушуну билип ал, Элемандын сырттаны, – деди Куюн Маамыт.

Анан экөө ийин кагыштыра кучакташып дос болду.

Аңгыча ачып көздү жумгуча, алардын жанында Көрөгөч Маамыт пайда боло калды. Ал да эр Төштүктүн келерин билген экен. Келсе аны менен акыреттик дос болом деп жүрүптүр. Эңсеген тилегине жетип, Көрөгөч Маамыт Төштүктүн күн чыгыш менен күн батыштагы аралыкты көрүп берер жолдошу болду. Ошентип Элемандын Төштүгү жер алдына түшүп, төрт Маамытка жолукту. Алар менен жолдош болду. Кучакташып достошту. Жамандык-жакшылыкта бир болууну чечишти.

Кайрадан жолун улаган Төштүк кыялай бастырып, белеске чыкты. Жол азабы, көр азабы дегендей, чарчаганын сезди. Демин басты. Айлананы суктана карады. Аңгыча кулагына адырдын төмөн жагынан чыккан чыркыраган ачуу добуш угулду. Мойнун созуп караса, кичинекей тектирчеде жолборс жатат. Көзүнөн шоросу куюлуп, жүдөй түшүптүр, байкуш. Дагы адамча үн катканы таң калтырды.

– Өчүп бараткан отумду жандырып, суу берчи, Төштүк! Кайран буттан айрылып, бир үзүм этке зар болдум, Төштүк! Чымындай жаным чыркырап чыгып кетпесин, тамырыма кан, өзүмө жан берчи, Төштүк! – деп зарлаган жолборсту аяп кетти.

– Элимен азган мен байкуш, бутунан азган сен байкуш. Жолборско жакшылык кылбасам болбойт, – деп ылдый жүгүрүп түштү.

Караса жолборстун бутуна чөңөр кирип кетиптир. Чөңөрдүн киргенине көп болгон го. Бутун ириң тээп, баса албай калыптыр. Төштүк дароо болот кестигин кындан сууруп чыгып, чөңөрдү сууруп алды. Суурулган жерден ириң аралаш кан акты. Бир аздан кийин жаралуу жолборстун жаны жай ала түштү. Оорусу басылып, көзү умачтай ачылды.

– Төштүк баатыр, жаныңа мүшкүл иш түшсө мени чакыр. Жардам берем, – деп мурутунан жулуп берди. – Ушуну түтөтсөң дароо келем, – деди да көздөн кайым болду.

Кайра жүрүш уланды. Калың токойго кирип келгенде: “Оой, Төштүк, мага жардам бер!” – деген аюунун бакырыгы кулагына шаңк этти. Дароо жетип барды. Караса килейген аюу түбү терең орго түшүп калыптыр. Капталдары тик жардан чыгам деп тырыша берип, тырмактары сыныптыр. Мынча келбесе аюу өлүп калмак экен. Төштүк ойлонбостон узун кулач арканды орго таштады. Бир учун атынын ээрине байлады.

– Арканды белиңе бек оро! Азыр тартып чыгабыз! – деп бакырды.

Аюу Төштүктүн айтканын аткарып, арканды белине чырмады. Чалкуйрук тулпар даярдыгын билгизгендей ооздуругун кемирип, туйлап турду.

– Чү жаныбарым! – деп соорусуна урганда аюуну ордон сүйрөп чыкты.

– Эр Төштүк, бу жакшылыгыңды өмүр бою унутпайм. Башыңа мүшкүл иш түшсө, ушуну түтөт. Дароо жетип келем, – деп мурутунан жулуп берди.

Төрт Маамытты ээрчиткен Төштүктүн жүрүшү кызыктарга бай болду. Ийри-буйру жолдордон өтүп, учу-кыйыры жоктой мелтиреген талаага кез келди. Бет маңдайдан уюлгуган түтүн көккө көтөрүлгөнүн көрүп, шашып келди. Өрттүн чыкканына бир топ болуптур. Дөңкөйгөн дөбөчөдө кумурсканын уюгун көрүп, Төштүк аттан секирип түштү.

– Айланайын төрт Маамыт, мени уккула! Кумурскаларды өрттөн сактап калбасак болбойт. Өнөрүңөрдү эми көрсөткүлө, – деди Төштүк күйүгө.

Андай-мындай дегиче Жейрен секиртпес Маамыт кийизди суулап келип, эр Төштүккө кармата койду. Ал суу кийиз менен отту сабап кирди. Көп өтпөй алоолонгон өрт кумурсканын уюгуна жетпей жалп өчтү. Кумурска өрттөн аман калды.

– Эр Төштүк, жаныбызды аман алып калдың. Ага чексиз ырахмат, – деди кумурскалардын пашаасы ыраазычылыгын билдирип. – Бизди кичине дебе. Учуру келгенде кичине неменин да көмөгү тийет. А көрөкчө, мобу бутумду ал, – деп бир бутун жулуп алды. – Мээнеттүү башыңа иш түшсө түтөтө сал. Дароо жетип келип, жабыла жардам беребиз, – деди.

Төштүк “Макул” деп андан ары жол жүрдү. Жүргөндө да мол жүрдү. Кулан аңдып, аркар кууп, кең талааны тепчип келе берди. Ээрчиткени төрт Маамыт ээн талаада оюн салды. Чарчаганда баары калың чийдин түбүнө эс алганы токтошту. Чыканактап тынч алып, алп уйкуга батышты. Тараза жылдыз батты. Таң кылайып атты. Ошондо гана Төштүк ойгонду. Жер тыңшаар Маамыт туталана кеп айтты.

– Өөдө бол, Төштүк! Жер алдындагы падышалыктын каны Көкдөө сенин келериңди эбак билиптир. Кандын Күлайым деген кызы кусадар болуп, сени күтүп жүрүптүр. Ошо кызы сенин айыңдан ат башындай алтынды жезкемпирге бериптир. Ал дуба окуп, көз байлап, сени жер астына азгырып алып кириптир. Өзүң байкоо салып барып кел. “Макул” десе, ошо кызды алып кел. Жер астында андан өткөн сулуу кыз жок. Сени келди десе аябай сүйүнөт, эт-жүрөгү эзилет. Күтүп жүргөн ашыгыңдан кабар албасаң болбойт. Акыреттик төрт Маамыт ушул жерден күтөбүз, – деди ашыгына шаштырып.

 

ТӨШТҮК МЕНЕН КҮЛАЙЫМ

Элемандын Төштүгү күндөй сулуу Күлайымды көрүүгө ашыкты. Ашыктыктын айынан Көкдөө эрдин шаарына шапа-шупа аттанды. Канча жол жүргөнүн, канча убакыт өткөнүн билбеди. Күн кечкирип, таң атканда Чалкуйрук атына тил бүттү.

– Төштүк, эрдигиң бар, эсиң жок энөө экенсиң. Мен көргөндү көрбөй, мен билгенди билбей кайда шашасың? Тээтиги, мунарыктын этегиндеги карарган немени көрдүңбү?

– Ай, Чалкуйрук бууданым, айбан да болсоң акылың зирек. Мени билесиң да. Караңгыда суу ичип, көзүмдү кудай уруптур. Түгөнгүрдүн көзүнө түк эчтеме көрүнбөйт. Анан калса кечээтен бери жол жүрүп, катуу чарчап калыпмын.

– Кокуй Төштүк жан досум! Олбуй-солбуй камчы уруп, оң-тетири темин. Ачып көздү жумганча, алып жетип барайын. Тээтиги карарган Көкдөөнүн журту. Ал сени келет деп капкачан эле элин көчүрүп кетиптир. Сени сүйгөн, сени күткөн Күлайым сулуу: “Сүйгөнүм Төштүк качан келет? Канткенде мага жетет?” – деп алтын кулак сөйкөсүн эски журтуна белги кылып таштаптыр. Ошол жерге жете көр. Сөйкөсүн жоктогон Күлайым эски журтуна сөзсүз келбей койбойт. Сен ага ошол жерден жолугасың. Кызга жакын калганда, сөйкөгө жетип барганда: “Кубул, Чалкуйрук, тез кубул!” – деп чылбырдан катуу силксең, мен алтын сакага айланам. Күлайым үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган мыкты жар болот. Ушуну эсиңе түй, баатыр. Тизгинди тартпай, жай карма. Эми кара сооруга камчы чап, Төштүк! – дегенде Чалкуйрук айткандай кылды.

Такымга камчы урган Төштүк тизгин жайып, атты жайына койду. Чалкуйрук ээсин муундуу чөптүн үстү, булуттуу көктүн асты менен алып жүрдү. Адам барып, эл көргүс жерге барды. Алмасы аттын башындай бакты, көк тиреген чынар теректи аралатты. Ал теректин бутагына Күлайым сөйкөсүн илип жүрүптүр. Анткени ал сөйкө алыстан эле Төштүктүн көзүнө илинди. “Оо, жараткан, жолум болгону турат. Эми дароо илип албасам болбойт”, – деп кудайлап, сөйкөнү алар замат, жан кисеге жашырды. “Кубул, Чалкуйрук, тез кубул!” – деп тизгенди катуу силккенде, тоодой болгон Чалкуйрук алтын сакага айланды. Саканы ала коюп жан калтасына бекитти. Аңгыча алды жагынан чаң ызгытып келаткан аттын топураган добушу чыкты. “Мына кызык, бул дагы эмнеси болуп кетти?” – деп аң-таң калган Төштүктүн жаны чырылдап, жүрөгү дүп-дүп сокту. Шашпай байкоо салса, түзеле ага карай кара аргымак минген бирөө учуп-күйүп келатат. Үстүндөгү мингени Күлайым кыздай өңдөнөт. Мелтиреген кара көздүү эр Төштүктү көргөндө, кусага баткан кыздын жүрөгү кубангандан жарылып кете жаздады.

– Өңүмбү, же түшүмбү?! Ээ, кудай, канча жыл самаган Төштүгүм келип калганбы?! Бу жалган дүйнөдөн сени көрбөй өтөм го деп ойлогом. Күнү тынчым кетти. Түнү уйкум качты. Жүрөгүм күйүп от болду. Өлөйүн десем өлө албай, саргайып нечен жыл күттүм. Атакемдин багында жети баштуу жезкемпир бар эле. Жети күндө жердин асты-үстүн чалып турган жан эле. Өткөн айда атакемдин казынасын ачып: “Элемандын Төштүгүн бир көзүмө көргөз. Жер астына алып түш”, – деп ошо жезкемпирге эбегейсиз көп алтын бергем. Ал убадасына туруптур, бет алдыман сени көрдүм. Эр Төштүгүм, эми мени жер үстүнө алып кет. Бирок Көкдөө атама шек алдыра көрбө. Себеби анын эрдиги мыкты, заары күч. Адам чыккыс ору, күн чыгыш менен күн батышка жеткен тору бар. Аска-зоодой чокмору, бийик тоодой балбандары оголе көп. Катылгандын өз шору. Менин атама келгендер көп болгон, асти, андан соо кеткени болбогон. Ошондуктан береним Төштүк, кебимди ук. Көркөмү сулуу турпатыңды жоготуп, ылжыраган таз кейпине өт. Ошондо тирүү каласың, – деп баштыгынан тон алып чыгып, Төштүккө жапты.

Керемет тонду кийгенде Төштүктүн көз суктанткан кебетеси жок болуп, ылжыраган таз кейпин кийди. Көкдөөнүн кызы Күлайым максатына жетип, тазды аргымагына учкаштырып алды да, чапкылаган бойдон жүрүп кетти.

 

ТӨШТҮК УЙ КАЙТАРГАНДА

Ортодон анча өтпөй кара кашка аттын дүбүртү чыгып, Көкдөөнүн ордосуна келип токтоду. Төштүк бала болуп башына түк чыкканы мындай шумдук көрбөгөн. Өзүнө өзү ишенбей, мөлтүрөгөн кара көзүн ачып-жуумп ийип атты. Астапырылда, ушундай да болобу? Чоңдугу тоонун теңиндей, көрүнгөндү жегидей, тоодой тулпар ат минген, карагайдай камчы алган, кылычын кынсыз байланган Көкдөөнү көрүп оозу ачылды. Анын алдында Элемандын Төштүгү койдун коргоолундай көрүндү. Көкдөө кан муруттарын түктөйтүп, күүлөнүп келип кызы Күлайымга сүйлөнүп калды.

– Ырыска туулган чырагым, аркаңа учкашкан кайсы түрү суук таз? Касиеттүү кызымдын аркасына арбайып таз мингени эмнеси?! Мен мындай жорукка чыдай албайм. Бу түрү суук таздын эсебин азыр табам. Чыркыратып чымчыктай башын кыя чабам! – деп чокморун алып күркүрөп, качырып сала берди.

Ушуну эле күтүп тургандай Көкдөөнүн аялы чырылдай жетип келди. Кенеден бешбетер чылбырга чап жармашты. Каарданган Көкдөөнү коё бербей токтотуп калды.

– Оңбогон гана какбаш дөө, кайратыңды койбойсуң. Кызыңа тийсең сен какбаш, бу дүйнөдө оңбойсуң! Таздын көөнү болбосо да, балким кызыңдын көөнү бардыр. Сен аны кайдан билмек элең. Билсең ушу турган Күлайым кызың ургаачынын узу. Сенин эмнең кетип атыптыр. Тазды жактырбасаң төөчү кылып, төө кайтартып кой. Андан калса уйчу кылып, уй кайтартып кой. Сан түмөн малды багууга ушундай кулдар керек, – деп, апасы ортого түшүп, ата-баланы арачылап калды.

Аялынын сөзүн туура көрдү, Көкдөө. Анын сөзүн эки кылбай Төштүккө уй кайтартып койду. Ошентип кара тазга дагы бир таз кошулду. Экөө кечке уй кайтарат. Кечинде айдап келип саадырат. Болгон жумушу ушу.

Ошондой күндөрдүн бир күнү уйлар сайгактап, дарыянын аркы өйүзүнө өтүп жатты. Төөдөй таштарды агызган дарыя уйлар кечүүгө киргенде тизеден чыкпай калганы Төштүктү таң калтырды. Уй, торпок-тананын баары өтүп бүткөндө, кайрадан мурдагы калыбына келип калганы кызыктай туюлду. Мурдагы калыбына келген дарыя жүрөк түшүрө шаркырап-күркүрөп акты. Төштүк эчтемеге түшүнбөй, бу сыйкырга андан бешбетер маң болду. Уйлардын жуушап жатканынан пайдаланып, шеригине суроо салды.

– Ыя, досум, салкын түшкөндө бул жерден уйларды кантип айдап чыгабыз?

– Андан камтама болбо, тазым. Таягымды алам да, дарыяга жетем. Дарыядан биринчи болуп керең уй кечүү баштайт. Артынан жорго торпок түшкөндө дарыяда жоон санга жетпеген суу калат. Үйүмө атчан жетем. “Байлангыр уюм байлансын”, – десем байланып, “Саалгыр уюм, саал”, – десем саалып калат. Көкдөөнүн үч саанчы кызы уй кайтарган акыма карын толо май берет. Аны жеп жыргап калам.

– Жакшы сыйкырың бар экен, тазым. Эл-журтту көрбөй эригет экенсиң. Бир оюн курсак кантет. Балким кумарыбызды жазып, чертишмек ойноп жүрбөйлү. Сен башкы уйчу эмессиңби. Андыктан сенин жолуң улуу, башкы уйчу катары биринчи черт, – деп Төштүк кезекти кара тазга берди.

Төштүк туруп берди. Кара таз катуу чиренди. Эси-көөнүнөн кеткис кылып, өлтүрө чертейин деп ойлоду. Бирок анын аракети текке кетти. Анын черткенин чиркей чакканчылык көргөн жок, жаңы таз. Анан кара таз турду. Ал ашыккан жок. Ойноп гана чертип койду. Бирок ошо чертүүнүн арты жаман аяктады. Уй кайтарган шеригинин башы быркырап, турган жеринде жан берди. Төштүк ары карады, бери карады. Көзүнө бөлөк-бөтөн киши урунбады. Ошондо гана шашылыш аң казды. Ичинен бирдеме деп күбүрөп, тазды аңга ыргытты. Топурак шилеп, үстүн тегиздеп салды. Күн шашке болгондо уйларды жайытка айдады. Дарыяга келгенде ошончо көп уйдун бири сууга түшсөчү. Кыйкырса да түшпөдү. Колундагы таяк менен күрс-күрс токмоктоду. Үркүтө өкүрүп-бакырды. Ага да көнбөдү, көгөргөн көп уй ордунан жылбады. Анткени кара таз айткан сөздү унутуп калыптыр. Эстей албай кыйналды. Ошентип жаны аябай кашайды. Ачуусу күчүнөн көрүндү. Каарына чыдабай колуна тийген уйларды биринин артынан бирин, Көкдөөнү көздөй көкөлөтө ыргытты. Өйүздөн Көкдөө жаны чыга бакырды.

– Эй, кутурган таз, сени элеби! Уйдун баарын ыргытып, мени таптакыр кууратмак болдуң. Эй, кутурган көк мээ, “Кечүү башта!”– деп айда, “Жорго торпок!”– деп айда, акмак таз! – деп чаңырды.

Төштүктүн ошондо эсине келди. “Керең уй, кечүү башта”, – деп көк өгүздү чапканда, дарыя тушарга чыкпай калды. “Жорго торпок башта”, – дегенде уйлар артынан сууга кирди. “Байлан уюм, байлан”, – деп бакырыкты салганда, уйдун баары байланып калды. “Саал уюм, саал”, – дегенде саалып калды. Ошондон кийин гана уйларды сарайга калтырып, өзү эс алууга кетти.

 

ТӨШТҮК ЖАНА ЖАЛГЫЗ КӨЗДҮҮ ЖЕЛМОГУЗ

Кийинки күнү Элемандын сырттаны уйлар турган сарайга кызыгы артып, карап көрмөк болду. Сарайдан бешөө экен. Баары тең бири-бирине куюп койгондой окшош салыныптыр. Уйкананын ичинин кенендиги, сыртынын бекемдиги өзүнчө эле укмуш. Таң калтырганы түнү беш сарайдын баарын кара кулпу кайтарганы кызыктай туюлду. Күндүзү гана ачык болот экен. Эчтемеден кабары жок Төштүк сарайдын бирине баш бага калып чочуп кетти. Көзүнө жалгыз көздүү желмогуз көрүндү. Чоңдугу тоонун сеңириндей бар. Анысы эчтемеден бейкапар дардайып уктап жатыптыр. Мышыктай болуп бырылдап тарткан коңуругу майда жандыктын жүрөгүн түшүрчүүдөй күркүрөйт. Уйкусу катуу көрүнөт. Кез-кез ары оодарылып, бери оодарылып чукуранып коёт. Же түш көрүп жатабы, түшүнүксүз бирдемелерди булдураган болот. Тири шумдук өңүн көрсөң жүрөгүң түшөт. Уктап жатпаган болсо, адам деген пендени шапалак менен чымын өлтүргөндөй мойсомок тура. Төштүк, Төштүк болгону, Төштүк атка конгону мындай шумдук көрбөптүр. Аңгыча бутуна чачы оролгон, кермаралдай керилген бирөө келип Төштүк менен амандашып калды. Көзүнө жылуу учураган неме өз элиндеги Быйты деген күң экен.

– Чачымды жакшылап өрүп, башымды азат кыл, Төштүк. Мен жер үстүндөгү Кайып кандын кызы, ургаачынын узу элем. Жети баштуу жезкемпир мени азгырып келип, адам чыккыс темир торуна салып койду. Бу желмогузду өлтүрбөсөң сени да соо койбойт. Жети күндө жердин астын, дагы жети күндө жердин үстүн кыдырып келет, бу желмогуз. Он төрт күнүн ушинтип уктап өткөрөт. Он бешинчи күнү ойгонуп, дароо темир шишин колго алат. Анткени курсагын кампайтуунун камын жебесе болбойт да. Адатынча төрт төөнү катар союп, отко кактап бышырат. Анан тойгончо карсылдатып жей берет, жей берет. Анан тегирмендин ташын айланткан бир арык сууну ичип коёт. Сен өңүтүн таап, өз шиши менен жалгыз көзүн оюп ал. Антпесең жолуң ачылбайт. Ал тирүү эле турса, эч бир пенденин алы жетпейт. Азыр жезкемпир кызуу уйкуда. Кыябын таап, көзүнө шишти таамай сай. Өчтү ушинтип алып бер, эр Төштүк, – деп жобурап ийди, Быйты күң.

Төштүк ойлонуп турбастан, кыпкызыл болуп кызып турган темир шишти астейдил колуна алды. Шатыга чыгып желмогуздун өлө турган жерин издеди. Анан:

– Жайнаган жалгыз көзүм ай! – деп кыпкызыл болуп кызыган шишти матыра сайды.

Темир тийгенде көздөн дыркырап сары суу акты, кареги “топ” этип жерге түшүп калды. Желмогуз жанталпастап ары чабылды, бери чабылды. Тилекке каршы, колуна эчтеме урунбай, кансырап жатып калды. Ошондо Элемандын Төштүгү Кенжеке берген узун шамшар бычакты жүрөгүнө сайып, сууруп алды. Кан атып кетти. Быйты күң чуркап жетип, кочушун тосту. Желмогуздун канынан ырымдап үч ууртам жутту. Ошентип чоңдугуна карабай ажалы жеткен жети баштуу жезкемпирдин жаны чыкты.

 – Төштүк, өрттөнгөн жүрөктү куп бастың. Чымындай жанды куткарып кеттиң, ээ. Эми тилимди алып, желмогуздун сөөгүн өрттөп, күлүн көккө сапырып жибер, – деди.

Төштүк Быйты күң айткандай кылды. Жалгыз көздүү желмогуздун кай тарапка кеткени билинбей жаны тындым болду. Эң маанилүүсү, анын кантип өлгөнүн эч бир жан билбей калды.

 

ТӨШТҮКТҮН КҮЛАЙЫМГА ҮЙЛӨНҮШҮ

Ай бөксөрүп, күндөр жылжыды. Көкдөөнүн кызы Күлайым боору кызыл алмадан үчөөнү таап, жоолугуна түйүп алды. Турмуштан теңин таппай жүргөнүнө кейинип, көптөн бери ичинен сыздап жүргөн, байкуш. Ошо күнү булакка келип кызы жоолугун агын сууга салганын атасы Көкдөө байкап калды. Жоолуктагы алманы көрүп, ачылбаган оозу ансайын ачылды. Эмне экенине түшүнбөдү. Эли-журтун түп көтөрө жыйып, калайык-калкка каарды катуу салды.

– Алманын жөнүн ким билет? Сыры эмнеде, дароо билгиле. Болбосо баарыңдын башың кетет! Мени айтпады дебегиле! – деди кылычын көтөрө чуркап.

– Каныбыздын бу не дегени? Кайдагы бир алма менен биздин кандай ишибиз бар, – деп, аксакалы кара сакалын карады.

Кара сакалы боз балдарды карады. Коркуп кеткен боз балдары ойлонбостон туш-тарапка тарады. Жандарын алып качты. Көкдөөнүн каарынан бириндеп үркүп отуруп, жанында эч ким калбады. Караса анын жанында жалгыз аялы гана калыптыр.

– Ай, катын кулак салчы. Шумдуктуу алма таптым. Чоң алмасын кармасам баары эзилип кетти. Ортончусун кармасам орто жери эзилди. Кичинекейи, табында экен. Аны жей берсе болчудай. Бул эмне болучу? Алманын жөн-жайын жакшы иликтеп жоручу.

– Эрдиги бар, эси жок какбаш десем таарынасың. Ушуну да билбедиңби. Мен айткан сөзгө көнүп, же кыздарыңды эрге бербедиң. Эзилген чоң алманын жайын сурасаң, ал улуу кызың Урпайымың, какбаш. Саамай чачы бурул тартып, кемпир болуп калды. Ортончу кызың Булбулбек өзү эрге тие албай, же даап бирөө алалбай жарты өмүрү калыптыр. Кенже кызың Күлайымдын күйөөгө тиер чагы экен. Үч алманын жайы ушундай, какбаш. Эми үч кызыңа, үч алма бер. Сараңдыгыңды коюп, көп малдан сапырылта сой. Тулпар жетчү жерге чейин чабарман чаптыр. Айтылбаган эл, чакырылбаган журт калбасын. Баарына тегиз айттыр. Алардын келишине Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык даярдат. Эл жыйылып келгенде, чубатууга сал. Ошондо кыздарың көңүлүнө жакканын алма менен урсун. Алма мейли сокур, же чолокко тийеби, мейли жинди, же байга тийеби, ошону күйөө бала катары кабыл ал. Ошондон кийин кыздарыңдын тоюн бер, – деп акыл үйрөттү, аялы.

Көкдөө каарын басып аялынын акылы менен болду. Жөнөкөй эле нерсени билбей жүргөнүнө, аялын укпай койгонуна ичинен бушайманданып да алды. Акыры аялы айткандай аткарды, бүт калайык-калкты чакырды. Эл чогулуп бүттү дегенде, баарын чубатууга салды. Түркүн түстөгү, түркүн келбеттеги, түркүн диндеги түркүн-түркүн кийинген эл чубап атат дейт. Бир оокумда улуу кызы Урпайымдын урган алмасы кандын уулу Канбачага барып тийди. Ортончусу Булбулбектин алмасы бателе бектин уулу Бекбачаны тапты. Чоң кызы менен ортончу кызынын багы ачылып, күйөөлүү болуп тынды.

Кенже кызы Күлайым маралдай кериле басып, жыйылып келген көп жандан эч кимисин тандабады. Алмасы колунда калды. Көкдөө кумурскадай жайнаган элдин шорун кайнатып, көп жолу кайра чубатты. Ошондо да эч бирин бучкагына теңебеди. Атасынын каары кайнап, балбан, желдеттерине буйрук кылды.

– Жер астында жан калбасын. Баарын айдап келгиле! – деп күн чыгыш менен күн батышка, түндүгү менен түштүгүнө чабарманын чаптырды. – Ак сакалдуу карысы, акылы жетик баарысы келсин. Жарлыкты укпай калдым дебесин, кыбыр эткендин баарына кабар айткыла! Келбегенин желкелеп алып келгиле! – деген буйрук түшүрдү.

Кандын жарлыгын угуп, төрт Маамыт да келди. Жер тыңшаар Маамыты жетик көрүндү. Көкдөөдөн коркпой-нетпей минтип айтты.

– Көкдөө арстаным, келбеген жан калбады. Ойлоп көрсөк, өз уюңду кайтарган бир гана уйчу таз калыптыр. Ошого желдетиңди жиберсеңчи, – дегиче алты балбан, кырк желдети тазды желкелеп келип, чубатууга кошуп ийди.

Уйчу тазды көргөндө Көкдөөнүн эрке кызы Күлайымдын бетине кызыл жүгүрдү. Жарк этип, көзү жайнай түштү. Канча жылдан бери күлбөгөн уурту күлкүгө толду.

– Кудайым сүйгөнүмдү келтирди. Эми багым ачылар бекен? Алтын алмам, таз кейпин кийген эр Төштүккө барып тий! – деп колундагы алмасы менен тазды уруп калды.

– Ай, ай, бу эмнеси?! ...Кандын кызы жаңылдыы-ы!.. – деген кыйкырык чыкты.

– Ээ, кокуу-уй, шерменде! ... Эми таздын башы алындыы-ы!.. – деген муң чыкты.

 Ушинтип эл чуру-чуу түшүп калды.

Көкдөө ачуусуна чыдабай элин кайра-кайра чубатууга айдады. Күлайым да чарчадым-чаалыктым дебеди. Колундагы алмасы менен кайра-кайра урду. Урган алмасы кайра-кайра тазга барып тийе берди. Тийген сайын Көкдөө кыжырлана көктүгүн көрсөтө берди. Элин тыным алдырбай дагы чубатууга салды. Дагы чубатса, алмасы дагы тазды тандады. Таздан бөлөгүнө барбады, сүйгөнү эр Төштүктөн айрылбады, байкуш Күлайым. Он кайталап чубатса, он кайталап урду. Ону тең тазга барып тийди. Ушинтип ата менен кыздын көктүгү элдин эсин эки кылды. Көкдөөнү кыжалаттык басты. Чыдай албай башын мыкчыды. Бирде отура калса, кайра тура калып атты.

– Ырыска туулган кулунум, тазга тийчү сен эмес! Ар ким тең-теңи менен тезек кабы менен болгону жакшы. Мен сенин бул тандооңду түк кабыл албайм! – деп бакырды.

– Баатыр да сендей болобу? Шүк койсо, тимеле каарданып болбойсуң. Элиңди бүт жыйып алып, чубатууга салдың. Эл чарчаса да, кызың экөөң чарчабадың, – деп аялы чырылдап кайрадан ортого түштү. – Чоң кызыңдын тийгени кандын уулу Канбача болду. Ортончу кызың бектин уулу Бекбачага тийди. Кенжесинин тийгени ылжыраган таз болду. Мунун эмнесине теригесиң?! Кыздарың өзү тандады. Эми ошо тандаганы менен бактылуу болушсун. Же башка да айтарың барбы? Болсо айт, болбосо ушунусуна шүгүр кылалы. Бүтүмүңдү чыгарып, жарлыгыңды айта бер, каным! – деди аялы, жалооруй тигилип.

 

КӨКДӨӨНҮН КҮЙӨӨ БАЛДАРЫН СЫНАГАНЫ

Бу жолу да Көкдөө аялынын айтканын эп көрдү. “Кыздарым кимди тандаса, ошо өмүрлүк жар болсун”, – деген жарлыгын токуду да, элге кабар айтылды. Бирок күйөө балдарына ичи чыкпай, чийки май жуткандай кыйналып жүрдү. Көп өтпөй каардуу кайната күйөө балдарын сынамак болду. Желдеттерин жөнөтүп, күтүп калды.

– Атаңдын көрү дүнүйө! Же кандыра калың бербеди, же тойдура той бербеди, булар. Не дейин, арманым аттын башындай. Күйөө балдарды тез чакыргыла! Кызматын көрсөтсүн. Тун куландын өзүнөн токсонду атып келсин. Антпейт экен, көзүмө көрүнбөй ошондон ары жоголсун. Мага колунан иш келбеген күйөө балдардын кереги жок! – деп ичтеги бугун чыгарып алды, Көкдөө.

Бирок кол ийрисине тартып кетти. Кантсе да Канбача кандын уулу, Бекбача бектин уулу эмеспи. Аларга өзгөчө сый көрсөттү. Ал тургай ок өтпөс тон кийгизди, ок жетпес ат мингизди. Жаа, жебесин мол берди. Уйга кошуп, уйканага жайгаштырган тазды күйөө бала ордуна көргөн жок. Ушинтип көз көрүнөө бөлүп койду. Кенже кызы Күлайымдын ичи өрттөнүп, атасына чуркап келди.

– Атаке, адам адамдан кем эмес. Күйөө балаңыз жөө жалаң жүрүп кантип аң уулайт, кантип кулан атат. Жок дегенде менин күйөөмө бир ат бериңиз. Кудай үчүн, сизден суранып калайын, ата.

– Таздын кулан атты дегенин такыр укпаптырмын, кызым. Ачуума тийбей ары турчу, – деп атасы кызын тыйып койду.

– Ыя, какбаш, кызыңды ыйлатып эмне таптың? Жок дегенде тиги койго жетпес Коңурбоз кашаңды бер. Бастыра албай белде өлсүн. Белде өлбөсө мээ кайнаткан чөлдө өлсүн. Кызыңдын көөнүн оорутуп эмне таптың? Тазды жоготуунун амалы ушу. Болбосо тиги кара буураны келаткан жолуна айда. Коңурбоз жүрбөй калганда, тазын атына кошуп эки бөлүп таштасын. Ошентип бир ок менен эки коён атпай жаның жокпу? – деди аялы кырдаалды жөндөп.

– Макул, сен айткандай болсун, – деп Коңурбозду эптеп токуп, аткарып жиберди.

Төштүк Коңурбоз кашаңды уйканага байлап коюп сакасын өкчөдү. Сака Чалкуйрук тулпарга айланды. Тулпарды минип ууга жөнөп калды. Ээн талаанын экинчи бурумуна жеткенде алдынан жинденген кара буура чыкты. Атты үстүндөгү киши-пишиси менен жуткудай түрү суук неме тик качырды. Жини кайнаган Төштүк булдурсун менен капталга чаап-чаап жиберди. Булдурсун тийген буура үч жыгылып, үч турду. Жаны кыйналып кабыргасы сөгүлдү. Аны таштай коюп, ээн талаага чапты. Караса Канбача менен Бекбача ал жерден аркар-кулжа куумак тургай чычкан таппай дөөдүрөп, курулай тентип жүрүптүр. Кийик-кайберен атып көнгөн Төштүк, адатына салып, кийикти ойдон кырга, кырдан ойго кубалады. Эсепсиз жыкты. Чалкуйрукту чынарга байлады. Жан казанга чүйгүн эттен толтурду. Отту алоолонто жагып, бышырып алды. Казы кертип, жал жеп атканда Канбача менен Бекбача кулдук уруп келип, Төштүккө жалына минтишти.

– Баатыр, бизди шерменде кыла көрбө. Жыккан кийигиңден бизге да бер.

– Аркар, куландан каалашыңарча берейин, бирок бир шартым ошону аткаргыла. Ага көнсөңөр айтайын, көнбөсөңөр кайтайын.

– Айт, айт, баатыр!

– Анда шымыңарды шыпыргыла. Жамбашыңарга тамгамды басам. Ошондо ушул аткан кийиктен экөөңө тепе-тең кылып бөлүп берем. Өзүм бир сан алсам оңбой калайын.

Кандын уулу Канбача, бектин уулу Бекбача бу сунушка катуу ойлонду. Чырлашып да кетти. Анткени кайнатасы Көкдөөнүн алдына куру кол барышты уят көрүштү. Анткени ок өтпөс тонун, ок жетпес атын, саадагы толо жебеси менен жаасын берип жатса, кантип куру кол барышат.

– Уят болгончо өлгөн артык. Ошондуктан бет күйгөнчө, көрүнбөгөн жамбаш күйсүн. Сенин айтканыңа көндүк, баатыр! – дешти.

– Көнсөңөр жакшы, – деди Төштүк ысык темирди оттон чыгарып жатып. – Анда жамбашыңарды тоскула! – деп мөңкүтө секиртип, экөөнө өзүнүн эн тамгасын басып-басып алды.

Эттин баарын артып берип, үйүнө кайберендин ич эттерин гана алып келди. Күлайым ич этинен тамак жасады. Көкдөө Канбача менен Бекбачанын өргөсүндө отуруп, кайберендин этинен татты. Татканы курусун, жегени аш болбой кан аралаш кусту. Ошондо кенже кызы бал кылып бышырган ич этти алып келип:

– Атаке, биздикинен да ооз тийсеңиз? – деди жайдары мүнөзү менен.

– Койчу ошо таздын ашын. Кан менен бектин кадырлап берген тамагы көңүлүмө жакпай кан кустуруп жатса, кайдагы ылжыраган тазды айтасың да. Тазга тийгениң үчүн сени балалыктан кечкем. Экинчи мага кайрылба, – деп туураланып койду, атасы.

Кыз көңүлү он бөлүнүп, көз жашы көлдөй төгүлдү. Өлөйүн деп өлө албай, же өз жанын өзү кыялбай кыйналды. Кызынын ахыбалын көрүп, ары жактан апасы жетип келди.

– Оңбогон какбаш, дагы баштадыңбы. Балалыктан кечкемин деп тескери карабай, кызыңдын жасаган тамагынан ооз тийип койсоң өлөсүңбү?! Качан ушул мүнөзүңдү коёсуң, ыя! Кызыңдын убалы кимге? Мелтиребей ооз тийип кой! – деп көкүттү.

Көкдөө аялынын сөзүн эки кылбай, чыпалагын чычайта салып татып көрдү. Тамактын таты таңдайында эриди. Ооруган ичи тып басылды. Окшуганы токтоду. Анан беш манжасын салды. Тамактын таттуулугунан өз манжасын тиштеп алды.

– Ырыска туулган жан элең, кызым. Күйөө тап десем кайдагы ириңи башынан куюлган тазды таптың. Калың эл: “Кызын тазга берди”, – деп мени шылдыңдап күлүп атпайбы. Жер астындагы ааламдын падышасы болуп туруп, арданат экенсиң. Мейли кызым, бүгүнкү тамагың өзгөчө таттуу болуптур. Окшуганым токтоду, ооруган жерим басылды. Ушуга шүгүр дейли. Эй, желдеттер, суу боюна ак өргөө көтөргүлө. Таз үй-бүлөсү менен болсун, уйканадан ошол жакка көчүргүлө, – деди да, ордосуна жөнөй берди.

 

ТӨШТҮКТҮН АЛПКАРАКУШ МЕНЕН ДОСТОШКОНУ

Арадан күндөр зымырады. Бир күнү Көкдөө элин шашылыш жыйды. Алтын тагына олтуруп алып, калкына жар чакырды.

– Калайык калк, баарың ук! Укпадым дебегиле. Бүгүн тулпар чаар бээнин тууй турган күнү. Быйыл тууса туптуура кырк тулпар тууган болот. Арийне, жылда тууганы жылда дайын-оту жок жоголот. Кулундардын кайда кеткени, ким колдуу болгону билинбей ушу кезге дейре жүрөгүмдү мыжыгып келет. Түнү уйкум качат, күнү тынчым жок. Күйөө балдарым жоголгон кырк тулпардын дайын-отун билип келсин. Казынадан жортуулга ылайык келген каалаган буюмдарын алсын. Атканадагы миң тулпардан тандаганын минсин, каалаганын коштоп алсын. Бирок кулунду колума тийгизсин. Антпейт экен, күйөө балдарымдын төрт тарабы кыбыла. Көзүмө көрүнбөй жоголсун.

Кандын уулу Канбача менен бектин уулу Бекбача казынадан алган алтын, күмүшкө жан калтасын толтурду. Тулпарын тандап миништи, коштоп жүрчү атын да алышты. Жоо жарагын жонуна илишти. Жарлыкты уккан төрт Маамыт Төштүккө жетип келди.

– Төрт Маамытым, акыреттик досторум, – деп кучактай кетти, Төштүк. – Үзүлгөндү улаганга, чачылганды жыйноого жардам бергиле. Күнү баскан жолум, түнү көргөн көзүм болгула. А сен алтыным, Күлайым, атаңа барып менин мине турган атымды сурап кел. Мен да эл көзүнө ат мингендей болоюн, минип алып туш-тарапты чалайын, – деп, колуктусун Көкдөөгө жөнөттү.

Күлайым келгенде атасы ат бербей кызын азапка сала кыйнады. Ортого чырылдап баягы эле апасы түшүп, төөгө жетпес Жоргобозду шанаңдап минип келди. Төштүккө белгилүү эмеспи, Күлайым минип келген Жоргобозду союп, төрт Маамыттын курсагын кампайтты. Мингич аттын кызматы ушуну менен бүттү.

– Төштүк, Алпкаракуш деген кыраан куш бар. Ал кырк жылдан бери чынар теректин башына уялап жүрөт. Жети күнү жер асты-үстүн кыдырып, чабыттап келчү өнөрү бар. Бирок жылда чыгарган балапандарын, жылда ажыдаар жеп коюп, ичи чыкпай кыйналып жүрөт. Байкуш, ошентип тукумун улай албай азап чеккенин көрүп зээниң кейийт. Быйыл да балдарынан айрылса, чыдай албайт. Боюн аскадан таштап өлөрү бышык. Сенин келериңди билип, жол карап жүргөнү да чын, – деп Көрөгөч Маамыт көргөнүн айтты.

– Акылдуу Алпкаракуш: “Кырк тулпардын артынан бир күнү Төштүк келбей койбойт. Ошондо мага пайдасы зор тийет”, – деп чаар бээ тууган кулунду жылда алып кетип, Эркин жайлоосунун төрүнө багып жүрөт, – деди Жер тыңшаар Маамыт.

Ал аңгыча болгон жок, каяктандыр Куюн Маамыт анталаңдап жетип келип:

– Төштүк, ыя, Төштүк, жакшы кабар. Алпкаракуш бүгүн жер астын чабыттап чыкты. Ал тулпар чаар бээнин тууй турган кулунун дагы илип кетүүгө камданып калыптыр. Сен да бүгүн катуу тур. Балким, чаар бээ тууган кулунду ажыратып каларсың. Ошондуктан жарагың колдо, көзүң тоодо болсун, – деди шашкалактай.

Бул кабарды уккан Төштүк Чалкуйругун ары-бери чапкылады. Бателе карагайлуу беттин жайыгынан чаар бээни тапты. Караса бээ толготуп, туур мезгили жакын калыптыр. Бээни тапканына сүйүнүп, аны кайтарууга алды. Жанбаштап тынч жатпады. Түнү бою кирпик какпай кайтарып чыкты. Кудай берип, таң сөгүлүп атканда чаар бээ кулундады. Кудай бетин көрсөтпө, ушуну эле күтүп жаткандай, ал аңгыча асмандан чоңдугу тоонун теңиндей болгон Алпкаракушту көрдү. Каккылаган канатынын күүсүнөн учуп кете жаздады. Коркконунан алактап калды. Эси кетти. Карай салса Алпкаракуш сол бутуна кырк бугу, оң бутуна кырк бугу мыкчып алыптыр. Айта-бута дегиче, көздү ачып жумганча, ал чаар бээнин кулунун илип кетти. Көтөрүлө берерде, ажалдан коркуп качпаган Элемандын сырттаны жаасын кере тартты. Бир көзүн ачып, бир көзүн жуумп астейдил мээледи. Ошондон кийин тээгин коё берди. Желден мурун учкан жаа жебеси кулундун куйругун үзүп кетти. “Дагы кандай балакет басты?” – деп коркуп кеткен Алпкаракуш артын карабай көздөн кайым жоголду.

“Бу куштун сары изине түшпөсөм болбойт. Артынан калбай жүрөйүн”, – деп, күндөп-түндөп артынан калбай ээрчиди, Элемандын сырттаны. Көк жашыл адырлуу, миң булактуу, аркар-кулжасы, бугу-маралы көп жер соорусун басты. Чырпыгы чынардай, чымчыгы улардай, алмасы чирип көң болгон, жаңгагы кулап сай болгон керемет жерлерди көрдү. Ошентип табияттын сонун жерлерине суктанып жүрүп олтурду. Ал аңгыча бет алдынан асманга түркүк кылып жөлөп койгондой чоң чынар теректи көрдү. Төштүк Төштүк болгону мындай чынарды көрбөптүр. Таң калгандан эси эндиреп калды. Анын ар бир бутак-шагына дүйнөнүн түрлүү канаттуу куштары өз-өзүнчө уялашканы андан бешбетер кызыктай туюлду. Алпкаракуштун уясы да как ушул жерде экенин билди. Куштун келер жерин тапкандан кийин жаны жай ала түштү. Атынын тизгинин тартты. Бейиштин төрүндөй болгон жерге эс алганы токтоду. Чарчап-чаалыкканын эми гана сезгендей. Чалкуйруктун ээрин алып жайдактап, бутун тушап отко койду. Өзү ачкан курсагын чың тойгузду. Анан эр-токумун жазданып, уктап кетти.

Эртеси ойгонгондо жерге жарык түшүп калыптыр. Ал аңгыча чынардын бутагы ары-бери чайпалгандай шуудурай түштү. Куйругу чынардын башында, соймоңдогон ача тили аягында жүргөн, маңдайында мүйүзү бар, узуну токсон кулач келген өңү чаар ажыдаарды көрдү. Төштүк Алпкаракуштун эки баласы турган бутакты көздөй келатканын айттырбай билди. Ажыдаарды көргөндө дене бою дикилдеди, бирок өлөт экем дебеди. Ажалдан коркподу. Кайра ачуусу катуу келген Элемандын сырттаны болот кылычын кындан сууруп чыкты. Андай-мындай дегиче кылыч кыя шилтенди. Ажыдаардын башы топ эте жерге кулады. Токсон кулач денесин кылычы менен кескилеп, адамча сүйлөгөн Алпкаракуштун балапандарына бөлүп берди.

– “Биздин аман каларыбыз Төштүктөн”, – деп көп айткан энебиз. Ошо биз күткөн Төштүк сен болуп жүрбө? – деп суроо салды, эки балапан.

– Ооба, ошо Төштүк менмин.

– Абдан жакшы, эми Төштүк бизди жакшылап ук. Энебиздин келер убагы болуп калды. Ал келатканда күндүн көзү бузулат. Ааламды кара булут басат. Айлананы жөө туман каптайт. Күн күркүрөп, жамгыр аралаш мөндүр жаайт. Антип келген себеби: “Балдарымды ажыдаар сорду. Уям куру, мен дагы тукумсуз калдым”, – дегени. Энебиз келип конгондо чынардын башы жерге үч тийип, кайра үч өөдө көтөрүлөт. Сен андан коркпо, жаныңда биз барбыз. Сени коргоп калбай жаныбыз жокбу? – дешти.

Балдар мындай дегиче, күн күркүрөп, жамгыр жаады. Жыгачтар кыйчылдап, тоо-таш бир башкача силкинди. Балдар кубанса, Төштүктүн кабагына кар жаады. Алпкаракуш чынарга келип конгондо үч ийилип, үч көтөрүлдү. Силкингенде жүнүнөн ар кандай шумдук добуш чыкты. Аманат жандан түңүлүп калган Төштүк үндөбөй тура берди.

– Кагылайын балдарым, силер кантип аман калдыңар? Бу өңүмбү, же түшүмбү? Мен азык издеп кеткенде ажыдаар түпкө жетчү эле. Кырк жылы тууп, кырк жылы катар сордурдум. Бу сапар силерди аман көрүп, жүрөгүм жарылып кете жаздады. Курсагыңар ачса бугу жегиле, балдарым.

– Бугуңду жеп нетели, эне! Көп күйүнө бербе, бизге жыргал доор келди, энеке!

– Жыргал деген сылык сөз, күлкү деген арзан сөз. Күйүттү айтып, ажыдаар башын мага көрсөткүлөчү, балдарым.

Балдары ажыдаардын башын көрсөткөндө, энеси “алп” эттире сугунуп койду.

– Күйүткө баткан башымдын багы бүгүн ачылды. Кырк балам бүгүн тирилгендей болду. Курсагым бүгүн тоюнду, балдарым. Жыргал деген эмне? Эми мага ошону көрсөткүлөчү, – деди Алпкаракуш, болот тумшугун бутакка жанып.

Энеси айтып жаткандан кийин балдары не десин. Канатынын алдына калкалап бекиткен Төштүктү алып чыгышты. Алпкаракуш оозун араандай ачты. Төштүктү “балп” эттире сугунуп, “курк” эттире жутуп койду. Балдары чыркырап ыйлап коё берди.

– Эне болбой жерге кир, сен! Жакшылыкка жамандык кылган неме экенсиң! Төштүктү бизге аман бер! – деп экөө энесине жабышып, жемсөөсүн тытмалап ийишти.

– Оңбогон гана силерди! Мынча шашмасыңар? Төштүктү сууга салса чөкпөгүдөй, кылычтаса өтпөгүдөй кыларда, неге шаштырдыңар? Ата-а, балдар, шаштырдың, мына Төштүк, мына! – деп кусуп жибергенде, Төштүктүн мурдагы келбети дагы чоңойгонсуп, кубаттанып калыптыр. – Өчкөн үмүттү жандырып, өлгөн жанга жан киргиздиң, Төштүк. Балдарымды көркоо ажыдаардан куткарып калдың. Өзүн барса келбес жайга салдың. Жакшылыкка жакшылык, мен сени жер үстүнө алып чыгам. “Адамдын пайдасы көп тиет. Бир күнү чаар тулпардын кырк кулунун издеп келет” деп багып жүргөм. Кечээ аткан жебең кулундун куйругун жулуп, менин жемсөөмү көзөп өттү. Ошондо сенин эрдигиңди билгем. Башыңа мүшкүл иш түшсө, мобу канатты түтөт. Мен дароо жетип келем, – деп канатын жулуп берди.

Ошентип экөө кыяматтык дос болду. Төштүк кырк бир чаар күлүк ат айдап жолго түштү. Көкдөө канга жөнөбөстөн, Канбача менен Бекбача бажаларын издеп тапты.

– Биздин эл караган жүзүбүздү, жер каратпа, Төштүк. Күлүктөрдү бирге айдап баралык. Кантсе да бажа эмеспизби, бизди шерменде кыла көрбө, – деп жалынды экөө.

Не десин, Төштүк бажалардын айтканына көндү. Кырк тулпарды айдатып ийди. Канбача менен Бекбача кан ордого айдап келген кырк күлүккө эл аң-таң калды.

– Капырай, буларды кайдан тапты?

– Жолдуу жигитке даба жок тура! – деп көпчүлүктүн кызыгы артты.

– Кырк тулпарды табуу оңойбу?! Биз да көп азапты көрдүк. Төгөрөктүн төрт бурчун кыдыруу оңойго турган жок. Акыры мээнетибиз кайтты, таап келдик, – дешти алар.

Канбача менен Бекбачанын мурундары дардайып, келбеттери калдайып көп ичинде мантайып турду. Ал аңгыча эл арасына алтын жаак айбалтасын билегине чалган, сыр найзасын колтойто сунуп алган бирөө кирип келди. Кылычын кынсыз байланыптыр, жоо кийимин толук кийиниптир. Жарагы шай баатырды мурда эч ким көрбөптүр. Ошондонбу көк арстандай чамынып кирип келген баатырга элдин көңүлү бурулду. Төштүктүн Төштүк экенин эл ошондо көрдү, ошондо билди. Баатырдын сүрдүү айбатынан корккону андан, качканы мындан көп. Кыскасы Төштүк аларга укмуштай баатыр көрүндү.

– Бу кайдан келген эрен!?

Эл аң-таң калды чуркурап.

– Бу Элемандын сырттаны Төштүк баатыр деген эрен ушу, – деди көп балбандын ичиндеги бирөөсү сыймыктана.

Ошо Төштүк деген керемети келишкен баатыры көпчүлүккө угуза бакырды.

– Кандын уулу Канбача, бектин уулу Бекбача мени уккула! Тилимди албасаңар экөөңдүн тең башыңды алам. Мен айдаткан кырк тулпардын дайын-отун, ким айдатканын айткыла. Оо, эл журт, ишенбесеңер, бу эки уурунун санын азыр ачып көргүлө. Анда мен койгон эн тамга бар.

Көкдөөнү курчаган сан түмөн желдеттери менен балбандары ордунан козголгончо ичиндеги Конокбай дегени ордунан атып турду. Ал Төштүктүн Төштүк экенин билчү экен. “Сырттанга сырдаш болсом, арманым жок эле” деп кыялданып жүргөн. Конокбай берен дароо жетип, Канбача менен Бекбачанын шымын шыпырып, элге көргөздү. Төштүк айткандай алардын жамбашында ал койгон тамганы көрүп, эл чуру-чуу түштү. Канбача менен Бекбачанын ууру экени ушинтип айгине болду. Көпчүлүктүн алдында шермендеси чыкты.

 

КӨКДӨӨНҮН ТӨШТҮККӨ ЖЕТИ МӨРӨЙДҮ ТАПШЫРГАНЫ

Аңгыча кан Көкдөө эр Төштүккө чамынып калды. Каарын аябай чачты.

– Кызым кара тазды тандады десем, ал таз эмес эле Төштүктүн өзү экен. Ал таз болуп кубулуп, кызымды алганы атайын келиптир. Калайык журт, сөзүмдү ук! Төштүк эмес, менин өзүмдүн балбандыгымдын, баатырдыгымдын ай ааламга жетер күчү бар. Мен өзүм атактуу кан Көкдөө болсом, Элемандын Төштүгү жер үстүнөн тентиреп келген болсо, мен кантип ага кызымды берем. Ошончо эле кыйын болсо, менин айтканыма көнсүн. Көнбөсө кырк аркан салса бойлогус орго салам. Андан калса кирген адам кутулгус темир торго камайм. Той жебей, тентигенге кыз берген теги жок Көкдөө дейсиңби? Мен сени жакшы билем. Сенин болот өгөө жаның бар, Чалкуйрук деген атың бар. Эми мени жакшылап ук. Сага жети мөрөй берем. Аткарсаң кызымды берем. Аткарбасаң жаныңды тындым кылам, сөөгүңдү иттерге талатам. Эгер мөрөйду аткарсаң, эмне десең көнөм.

Кан Көкдөө кытмыр жылмайды.

Төштүк макулдугун билдиргендей башын ийкеди. Мындай чыга бергенде анын жанында Конокбай пайда болду. Анын келгени да жакшы болуптур. Ал Көкдөөнүн тапкан амалын, каткан сырын Төштүккө толук ачып берди. Көкдөөгө каршы өз амалын сунуштады. Сыйкыр сөзүн үйрөттү. Ошондо экөө акыреттик дос болууну чечишти. Төштүк баардыгы ойдогудай бүтсө Конокбайды Көкдөөнүн ордуна кан көтөрүүгө убадасын берди. Айтып сөздү жыйганча, Көкдөө балбандарына темир дөңгөчүн көтөртүп келип, элдин алдына таштатты. Кийизден оюлуп жасалган балтаны колуна карматты.

– Кийиз балта качан темир дөңгөчкө өтчү эле. Бу Көкдөөнүн кылган амалы. Эми чындап Төштүктүн шору кайнады.

– Атаңдын көрү заман эй! Азыр Көкдөө Төштүктүн башын алат. Сөөгүн жолго сүйрөтүп, иттерге таштайт, – деди калайык калк, эти дүргүп.

Мына ошондо эр Төштүк Көкдөөнүн балтасын алып, дөңгөчтүн жанына койду. Колун ушалап, кайра алган балтасы Конокбай баатыр камдаган тышы кийиз, ичи болот балта болду. “Эзилген темир жарыл!” – деп, чиренип туруп чапканда, темир дөңгөчтүн быт-чыты чыгып кетти.

– Мөрөйдү Төштүк алды, темир дөңгөчтү бөлө чаап салды! – деп, чуру-чуу түшкөн журт көтөрүлө колдоп кетти.

 Аңгыча ары жактан кериле басып Күлайым сулуу көрүндү. Кол жоолугу менен темирдин таарындысы чийип кеткен жерин назик аарчыды. Ошондо Төштүктүн ооруган жери басылды, көңүлү көккө көтөрүлдү. Биринчи мөрөй ушинтип аяктады.

Көкдөөнүн ансайын ачуусу күчөдү. Каарын сала жети баштуу Жезкемпирин чакырды.

– Ай, Жезкемпир, бери кел! Көкдөө Көкдөө болгону мөрөйдү алдырып көргөн жан эмес элем. Бирок бүгүн алдырып ийдим. Көктулпарыңды алып чык. Жарышка салабыз. Сыйкырың күч жан элең, айласын тап. Мөрөй биздики болсун! – деп бакырды.

Жезкемпир шапа-шупа кыймылдап, Көктулпарын минип келди. Көктулпар кан билгендей, жылкыдан бөлөк көрүнгөн, канаты бар мал экен. Кан мыйыгынан күлдү.

– Тулпар табында экен. Жезкемпир, эми өзүңө сак бол. Тизгинди бош койбо, тарта карма. Тулпарың учуп кетип, ай талаада жыгылып калба. Жакшысы, болжогон жерге жеткенче кум жүктөп ал. Эр Төштүктүн Чалкуйругу менен чоң жарышты сал. Көктулпар чыгып келсе, чоң мөрөйдү алам. Элемандын Төштүгүн ошо замат курмандыкка чалам!

Төштүктүн санаасы санга бөлүндү. Аңгыча ачып көздү жумганча, анын жанында төрт Маамыт пайда болду. Аларды көргөндө сүйүнүп кетти.

– Силердин келгениңер жакшы болду, урматтуу менин жер алдынан табышкан досторум. Мен Көкдөөдөн жети тапшырма алдым. Конокбай деген жолдош таптым. Эми мени менен алтоо болдук. Тирүү болсок бир дөбөдө бололук, кокустан өлүп калсак бир чуңкурга тололук. Көкдөөнүн мөрөйүн албасак, баарыбызды калтырбай кырып салгыдай. Ошондуктан Чалкуйрукту кимиң минип чабасың? Мөрөйдү кимиң аласың?

Көпчүлүк акылдашып, атка жеңил, тайга чак Куюн Маамытты тандашты.

Ошентип Көктулпар менен Чалкуйруктун жарышы башталды. Эки тулпар биринен-бири калбай арыш керет. Адыр-адыр тоолор, какыраган кумдуу чөл артта калды. Жакындаша түшсө үтүрөңдөп үксүйө калышат. Болжогон жерге жеткенде ат чалдырышты. Жезкемпир сыйкыр өнөрүн ушул жерден көрсөтмөк болду. Топуракка күбүрөп-шыбырап тескери демин салды.

– Эки күн уктап кал, – деп Куюн Маамыттын бетине чачып жибергенде, ал уктап калды.

Чалкуйрук тулпардын боор жүнү болукшуп, ордунан жыла албай кыйналды. Ошондо жети баштуу Жезкемпир жүктөп алган кумун алып ыргытып, аттын оозун коё берди. Көктулпар төрт аягын кере чуркады. Көзгө бирде илешип, бирде илешпей зымырык куштай учуп жөнөдү. Жертыңшаар Маамыт жерди тыңшап, эмне болгонун айттырбай билди.

– Ээ, кокуй күн. Чыйраксынган Куюн Маамытты Жезкемпир алдап коюптур. Чалкуйрук тулпар болукшуп, окуранып жер чапчып Куюн Маамытты ойгото албай жатат. Кашайгыр десе, же анысы ойгонсо эмне? – деп күйбөгөн жери күл болот Жертыңшаардын.

– Досум, көп кейине бербе. Мен көргөндү силер көргөн жоксуңар,– деп Көрөгөч Маамыт кызыкты баштады. – Анаке, айбандан эстүү Чалкуйрук оң кулагын жапырды. Жер кыртышын шилеп, Маамытты көздөй сапырды, достор. Ээ, кудай өзүң колдой көр! Кызуу уйкудагы Маамыттын көзү ачылды. Кемпир аны алдап кеткенин дароо билди. Атка кайра минди. Илгери кеткен кемпирдин артынан саргара кууп кетти, достор. Чалкуйрук баскан таштар быркырап чар тарапка чачырайт. Куюндай жерди сапырып, арышты арбын салды, жаныбар. Бозоргон боз адырга келгенде, Көктулпарды кууп жетти. Алданып калып ичи өрттөнгөн Куюн Маамыт кара жаак айбалтасын колго алды. “Жаныңа келген адамды сыйкырлап уктатып салып, адыраңдап Көкдөөгө шашкан сенсиңби?” – деп, Жезкемпирди “каңк” дедире төбөгө тартып жиберди. Ай, жаныбарым, Чалкуйруктун артыктыгы ошондо көрүндү. Көктулпарды артка калтырып, сегиз бута алдыга озду. Дүбүртү жакындап маарага жеткени аз калды. Мынаке, анын өзү, – деди Көрөгөч Маамыт өзгөчө кубанып.

Мөрөй алган Чалкуйрукту Күлайым сулуу ооздуктап жетелеп алды. Басмайылын бошотуп, кызыган этин суутту. Суусунун кандырып, шиберлүү чөбүн салды. Мөрөйдү Төштүк алды. Көкдөө дагы куру калды.

Кан Көкдөөнүн утулушу анын каарын гана келтирди. Элине кайра бакырды.

– Элемандын Төштүгү эмне эле мөрөйдүн баарысын ута берет. Мен утулуп кала беремби? Жок, андай болбойт. Аны жана сынап көрөйүн. Кийинки мөрөйүм ушу болсун. Азыр жөө күлүктөрдү жарыштырабыз. Күлүгү артта калса башын алам. Озуп келсе кызымды бере салам. Ошондуктан мыктысынган эр Төштүк жөө күлүгүн камдасын.

– Мөрөйүн аткарбайм десем кызы таттуу көрүнөт. Күлайымдан ажыраганым – өлгөнүм. – Төштүктү ой чырмады. – Эми эмне кылдым? Жети мөрөйүн аткармайын, ал мени коё бербейт окшойт. Шорум кайнаганы ушу эмеспи.

– Баатыр Төштүк сырттаным, тобокел кыл, – деп Жейрен секиртпес Маамыт жардамга келди. – Кайгынын арты мүшкүл иш. Жарышка түшчү күлүгүң менмин. Мойнумдагы тегирмендин ташын алып койсом булутту чапчып, кайра түшөм. Бу мөрөйдү сөзсүз алып берем. Сен андан камтама болбо, эр Төштүк! Көкдөөнүн жөө желдети менден өтүп келе албайт, – деп өзүн-өзү сүрөп турду, Жейрен секиртпес Маамыт.

Көкдөөнүн кол жаңсоосу менен жөө күлүктөрдү тулпардан бетер айдатты. Журт дүрбөп калды. Жөө күлүктөрдү адам чыдап тура алгыс чөл аркылуу айдады. Суусу терең кечмеликтен айдады. Айдаганы Көкдөөнүн жети баштуу Жезкемпири. Ал жел жетпес жорго минип алып Жейрен секиртпес Маамыт менен Жөө желдетти ойдон кырга өткөрүп, кырдан талаага салып, тындырбай тыбыратты. Эзелтен кылып келген жаман кылыгын жана кылды. Жезкемпир жерден топурак эңип алып, ага эки күн уктап калуучу тескери демин салды. Анан Жейрен секиртпес күлүктүн бетине үйлөп жиберди. Жезкемпирдин сыйкыры ошо замат таасир этип, Маамыт эки күн уктап калды. Эки күн өткөндө, араң ойгонду. “Жезкемпир сыйкырын пайдаланып, жаман адатын дагы кайталаган экен”, – деп ойлоду. Мойнундагы тегирмендин ташын алып койгондо, зымырык куштай чү койду. Эчак алдыга кеткен Жөө желдетти басып өттү. Маарага жакындай бергенде калайык калк чуру-чуу түшүп, сүрөп калды.

– Кокуй, достор, Жейрен секиртпестин эти кызып калыптыр. Аны токтотуп калбасак, бөөдө өлүмгө кабылат. Болгула, бачым кыймылдагыла! – деп Төштүк шашып калды.

Үч Маамыт жибек торун, Конокбай балбан керме арканын тосту. Жейрен секиртпес болжогон жерден өткөндө, ага тор жайышты. Жибек торду үзүп, керме арканга барганда кучактап кармап калышты. Төртөөлөп тегирмендин ташын мойнуна иле коюшту. Ошентип, ал Маамыт аман-эсен калды. Жөө жарыштын мөрөйүн жана Төштүк алды.

Көкдөөнүн каарынан жанына эч ким тура албай калды. Кара жер айрылып кетчүүдөй солкулдады, күйөө баласын тытмалап жечүүдөй болкулдады.

– Төштүк, канчалык кыйын болбо, баары бир ажалың менин колумдан. Бүгүнбү же эртеңби, анын мааниси жок. Азыр тогуз кап кара тарууну ушу турган өрөөнгө айланта чачтырам. Бир данын жерге калтырбай терип бересиң. Аны кылбайт экенсиң каратпай көзүңдү оём, каргантпай тилиңди кесем, анан барып жаныңды алам! – деп заарын чачты.

Төштүк эмес, эчен алптарды жалмаганын билген калайык кан Көкдөөгө каяша айталбай кашайып турду. Ал аңгыча Көкдөөдөн буйрук алганбы, жети баштуу Жезкемпир тогуз кап тарууну кан айткан өрөөнгө айланта чачты. Төштүк ушинтип балээге калды. – Тогуз кап тарууну кантип терип берем? – деп башы катты.

Күн кечкирип, түн кирди. Ээси капаланып турганда айбандан эстүү Чалкуйрукка тил бүттү.

– Эрдиги бар, эси жок Төштүк кантейин? Акылы бар, ары жок азаптуу Төштүк кантейин? Жер алдына түшкөн күн эсиңден чыгып кеттиби? Токумуңду сууга салып, күйүп жаткан кумурсканы куткарып калганыңды эстечи. Кумурсканын пашасы: “Башыңа мүшкүл иш түшсө, ушуну түтөт”, – деп өз бутун жулуп бербеди беле. Эми ошо бутту түтөтпөйсүңбү. Кумурскалар келип жер жайнаган тарууну терип, сенин алкышыңды албайбы, – дегенде, Төштүктүн оюна кумурска түштү.

– Азаматсың Чалкуйрук, өз убагында эстеттиң!– деп жан баштыгынан бутту алып чыгып, түтөткөндө кумурска жайнап кетти.

Кумурсканын пашасы чолоңдой басып келип:

– Саламатсыңбы, күйгөн отту өчүргөн Төштүк! Башың эмнеге катып отурат. Айт, эмне десең жумушуңду кылып беребиз, – деди.

– Саламатчылык, менин кичинекей досторум! Достор, башыма кыйын иш түшүп турат. Көкдөөнүн чачкан таруусун бирин койбой терип бербесеңер болбой калды, – деди кырдаалды түшүндүрө.

Сунуш айтылды, иш башталды. Андай-мындай дегиче, жер жайнаган кумурска тогуз кап тарууну терип, капка салып берди. Кылдат байкоо салып турган жети баштуу Жезкемпир кумурскалардын Төштүккө кызмат кылып жатканын көрүп, тарууну бирден жоктоп чыкты. Санаса бир баш таруу жетпей калды. Митайым Жезкемпир кара жаак айбалтасын көтөрдү.

– Өзүң күбөсүң, мөрөй биздики. Кымбат жаныңды бир баш тарууга алмаштырдың, Төштүк. Өзүңдөн көр, эми башыңды тосо берсең болот, – дегиче, бутун берген кумурска күшүлдөп-бышылдап жете келип, акыркы тарууну санака кошту.

Бир аз эле кечиксе, Төштүктүн башы кетмек экен. Кумурска жакшылыкка жакшылык менен жооп берди. Балакеттүү Көкдөө ошону менен эле токтоп калган жок. Жана мөрөй камдады.

– Бу сапар менин ак жолборсум менен күрөшөсүң. Калыстык үчүн айтып коёюн, күрөшкө калайык журт баам салып турат. Ошондуктан жыгылсаң жаның кетет, жыксаң кийинки мөрөйдү берем. Кызымдын калыңына тору жорго ат минбей, же томуктай жилик эт жебей, Чолпондой кызым Күлайымды жөнеле сага бере койбойм! – деди жекире тиктеп.

Төштүк жан баштыгынан жолборстун мурутун алып чыгып түтөттү.

– Өлгөн жанды тирилткен Төштүк, мен келдим. Буйругуңду бер, баарын аткарам. Жоолаган жооңду чалып берем! – деди, заматта жетип келген жолборс ырылдай күркүрөп.

– Кан Көкдөөнүн Күлайым кызын алып, күйүткө батып турам. Атасы мөрөйдүн артынан мөрөй берип жадатты. Бул бешинчи мөрөй. Эми жолборс менен күрөш деп кыйнап жатат. Анын жолборсун көрсөң жүрөгүң түшөт. Жанында адам чыдап тура албайт. Өтө айбаты күч неме экен. Ошону жыгып мөрөй алып бербесең болбойт.

– Анын эмнесинен коркосуң, Төштүк. Мен күндө ысык кан ичкен, жапайы токой жолборсумун. Ал бир кашык каны, көк жашык эти калган, камоодо багылган жолборс. Кармаша кетсек буйдамга келтирбей кокосун үзүп алам. Өзүн Көкдөөнүн алдына көтөрүп урам, – деди, мээнетке бүткөн кызыл жолборс.

Добулбасы кагылып, керней-сурнайы тартылып бүткөндө, Көкдөөнүн желдети байлоодогу жолборсун майданга коё берди. Элемандын сырттаны да жолборсун жетелеп келди. Көкдөөнүн калкы топурап, күрөштүн кызыгына батууга шай отурушту. Кармаш башталды. Саман курсак жолборсту, жапайы жолборс коёбу? Күркүрөгөн жапайы жолборс айт-буйт дегиче, байлоодогу жолборсту моюндан тиштеди. Төштүктүн алдына көтөрүп келип, жерге көтөрүп урду. Көкдөөнүн жолборсу туралбай жатып жан берди.

Ошентип, Төштүк беш мөрөйдү утуп алды. Дагы эки мөрөй калды.

– Эми аюу менен аюуну күрөштүрөбүз. Камыңды көрө бер, – деди Көкдөө чамына.

Төштүк аюунун мурутун түтөткөндө, ал дароо жетип келди.

– Сени алмадай башыма күч келгенден чакырдым. Жамандыкта жолуккан жакын аюум сенсиң. Ошондуктан Көкдөөнүн аюусун жыгып, мөрөй алып бер, – деп суранды.

– Сен ага башыңды оорутпа, Төштүк. Ал байлоодогу жел курсак аюу. Мен болсом суур улап, эркин оттогон тоо аюусумун. Кармашсам жөн койбоюм, – деп көңүлүн улады.

Майпаңдай баскан аюулар ортоңку майданда беттешти. Күрөш көпкө созулбады. Төштүктүн жапайы аюусу Көкдөөнүн аюусун көпчүлүктүн көзүнчө көтөрүп чапканда, арка моюну үзүлүп кетти. Элемандын сырттаны эл алдында алты мөрөй алып, мантайып турду. Дагы бир мөрөй алса колу-жолу эркин болорун эстеп, элжиреп алды.

А Көкдөөнүн ичи от болуп жанды. Эптеп кызын Төштүккө бербей коюунун амалында күндөн-күнгө каары күчөгөндөн күчөдү. Шылтоосу көбөйдү. Кайра элин жыйып, эң кыйын деген жетинчи тапшырмасын берди. Ага барса келбес жактагы кырк кулактуу казанды алып келүүнү буюрду. Казандын сыйкыры да, касиети да чоң өңдөндү. “Кырк кулактуу казаным кайнагын!” – дегенде дүйүм тамак даяр болуп, аалам журттун баарысын тоюндурган күчкө ээ тура, анысы.

– Көкдөөнүн азабы өттү го, чиркин! Казанын колуна карматпасам, жаным тынгыдай эмес, – деп эр Төштүк ээлигип калганда, Быйты күң менен Күлайым чыркырай түштү.

– Сени Көкдөө кулак угуп, көз көргүс жакка жумшап жатыптыр. Мындан ары жол жүрсөң, кызыл чөлүн, мойнок белин басасың. Андан ашып түшкөндө Ит ичпестин көлү бар. Ошол көлдүн четинде кайтпастын кара ташы деген бар. Анын айланасында канча бир дөөнүн башы жатат. Менин тилимди алып, Чалкуйруктун айткан сөзүнөн чыкпа. Мен сени кырк күн күтөм, Төштүк. Анткени казандын иши кыйын иш. Ошо кырк күндө келбесең ажалдан мурун өлөм. Казанды алып келгенде Көкдөөнүн айтканына көнбө. Бер десе да казанды бербе. Себеби бери тартканда, сени кармап алууга ал көркоо кан көп кол камдап койгон, – дешти.

– Жер астындагы азапты жети жылдан бери эле көрүп келе жатам. Ошондон бери же атаңдан кордугу менен зордугу бүтпөй койду. Деги анысы качан бүтөт? – деп күңгүрөнө кынсыз кылыч байланып, жөнөөгө кам урду Төштүк.

Күлайым менен Быйты күңгө кошулуп төрт Маамыт кошо жаш төктү. Конокбай балбан да көзүнө жаш алды.

– Төштүк сырттаным, казанга барган көп болгон. Бирок кайрылып келгени болбогон. Ал жакка барсаң бир кашык каның, көк жашык этиң калат. Ал тургай жер алдынан токсон алп барып, казанды алалбай токсону тегиз кырылган. Укканыма караганда, ал казандын бир кулагында ажыдаар, бир кулагында ааламдын баарын өрттөгөн, кудайдын жети каары бар сыяктуу. Казанды аман-эсен алып кел. Кенжеке берген күлазыкты Чалкуйрук атка бере бер. Мынча болду төрт Маамытты таштабай, өзүң менен ала кет. Жаныңа караан болот, – деди Конокбай балбан тынчсыздана.

Төштүк макул көрүп, төрт Маамытты ээрчитип жолго чыкты. Күндөп-түндөп адыр-күдүр жол жүрдү. Ит ашпас белин ашып, Ала-Көлгө барганда жол боюндагы кара ташты көрдү. Анда: “Жер үстүнөн токсон алп, жер астынан токсон алп казанды алып кетүүгө жыйылып келип, баары кыргын болду” деген жазуу бар экен. Кара таштын тегереги шагыраган алп-дөөлөрдүн башына толуп чыгыптыр. Ал аңгыча Чалкуйрукка тил бүттү.

– Төштүгүм, башыңа мүшкүл иш түшсө, мен кантип жардам бербей тура алам. Мени дароо жайдактап, көлгө сал. Кырк кулактуу казан ушул көлдүн түбүндө. Ай, Төштүк, сен оңбой кал. Күлайым сулуу экөөң түндү шыңкылдашып өткөрүпсүң. Таң сүргөндө кашайып уктап кетипсиңер. Ошондо Көкдөөнүн жети баштуу Жезкемпири сенин жаның болгон болот өгөөнү уурдап, кырк кулактуу казанга бере салыптыр. Амалы көп Көкдөө кайнатаң: “Барса Төштүк өлсүн, кыямат жүзүн көрсүн”, – деп сени ушул жакка жөнөткөнү ошондон экен. Мен ошо өгөөнү казандан тартып алганы барам. Көлдөн көбүк аралаш кан чыкса, менден түңүлө бер. Эгерде агарган көбүк оргуса, тилекти кудай бергени. Мен казанды суу түбүнөн сүйрөп чыкканым. Төрт Маамыт менен бешөөлөп, казанды тартып ала көргүлө, – деди тулпары акыл үйрөтүп.

Төштүк Чалкуйрук айткандай аткарды. Атын жайдактап, кулагын мыктылап бууду. Көкүлүн көк шайы менен бууп, куйругун куу шайы менен түйдү.

– Кагылайын Чалкуйрук, айбан да болсоң адамга каралашкан бууданымсың. Өлүм орток, жан бирге, сенден айрылып, кантип тирүү жүрөм? Же эсил атам кайда деп эсине алар балам жок. Чалкуйрук көзү жумулса, мени кошуп төрт Маамытты кошо соробу? Катуу болду азабы, Көкдөөнүн кырк кулактуу казаны. Кайра Төштүгүңдү көргөнчө аман бол, Чалкуйрук бууданым! – деп зарлап, тулпарды көлгө кийирди.

Чалкуйругу курусун, сууга түшкөн барабар кайып болуп кетти. Ошо замат Жертыңшаар Маамыт алаканын шак койду.

– Төштүк менен үч Маамыт, мен көргөндү көрбөдүңөр, мен туйганды туйбадыңар. Сормо көлдүн түбүнө Чалкуйрук жетиши жетти. Кырк кулактуу казан күтүп жатканбы, тулпарды камынта койбой каршы алды. Азапты куп эле салды. Экөө бири-бирин аяшпады, катуу тебишти. Талыкпай кармашты. Бирок токмокту Чалкуйрук көп жеп калгансыды. Канаттары кайрылып, жаныбарым Чалкуйрук күч-кубаттан тайып барат. Бирөө көмөккө барбаса жаны биротоло көлдүн түбүндө калчуудай аянычтуу түрдөнөт.

– Ит ичпестин Ала-Көл, кызык кыргынды менден көрөсүң! – деп тиштенип турду Төштүк. – Сени бакалар чардап жатчу чалчык кылбасам, Төштүк болбой өлөйүн. Чалкуйрукту бербесең, сабап көлдү чачам, туш-тарапка кыян кылып агызам! – деп кара жаак булдурсун менен көлдү сабай баштады.

Ага төрт Маамыт кошулду. Түрсүлдөктөн жер титиреп, көл толкуду. Суу чачылып, жер казылды. Кулагын жерге такаган Жертыңшаар Маамыт сүйүнүп кетти.

– Бери келгиле! – деп үч Маамыт менен Төштүктү чакырды. – Чалкуйруктун кыйындыгын кара. Колго тийгизген сенин кереметтүү болот өгөөңдү Чалкуйрук жутуп алды. Кырк кулактуу казандын бир бөйрөгүн жара тээп таштады. Чалкуйруктун оозу-мурдунан кан кеткенине карабай, казанды тиштеп алды. Бирок муратына жетпей, алы кеткен Чалкуйрук сен үчүн жанын берди, – деп Жертыңшаар кайгыга салып койду.

– Бул жакка жандан айрылганы келдик беле? Чалкуйрук кайда барбайын канатым элең. Эми ошо канатымдан айрылып сопол болот окшоюм. Мүйүзүмдөн айрылып, токол болот көрүнөм. Токточу, Чалкуйрук айтпады беле: “Каза болсом көлдөн кан аралаш жин көбүк оргуп чыгат”, – деп. Карасам кара кан чыгып жаткандай, шорум эми каткандай. Дагы эт бышым күтө турайын. Ошондо да чыкпаса, анан жанымды өзүм кыям. Чалкуйруктун артынан көлгө түшүп өлөм! – деп Элемандын сырттаны даярданып калды.

Арадан кыйла убакыт өттү. Эр Төштүктүн жаны тынбай кайрадан көлгө көз жүгүрттү. Мурунку чыккан кандуу көбүк жоголуп, ак көбүк чачып калыптыр. “Иштин оңолгону ушу эмеспи. Эми жылкы пири Чалкуйругум аман көрүнгөй эле”, – деп көл үстүнөн көз айырбай турду. Ал аңгыча ичинен кубанган Төштүктүн так алдынан Чалкуйрук тулпар көрүндү. Ал казанды көтөрүп алыптыр. Ошондо баары: “Баабедин!” – деп бакырып, “Төштүк!” – деп ураан чакырып, казанды имере тартып алышты.

– Эй, балакетке жаралган куу казан, сен желмогуз болсоң, Көкдөөнүн шаарын басчы! – деп ыргытып ийди, эр Төштүк.

Казан күүлөнгөн бойдон барып, Көкдөөнүн шаарын “дүп” басып калды.

Төштүк баштаган төрт Маамыт омуртка сөөгү оркоюп, кабырга сөөгү каркайып алы кеткен Чалкуйрукту жетелеп жөнөдү. Жолдо кардын тойгузуп жүрүп отурду. Бир убакта Кенжеке берген күлазык менен ат жабуу эске түштү. Жабууну сөгүп, ичинен күлазыкты алып чыгып Чалкуйрукка берди. Ал алты чайнап бир жутуп, жерге жата калды. Туура жети жолу оонаганда ачкан курсагы тоюнду. Арыган жаны семирди, ооруган жери басылды. Өздөрү да жанга дабаа Кенжекенин күлазыгынан жеп-ичти. Төштүк менен төрт Маамыт күчүнө келип күүлөнүп, жоого каршы турууга даяр болушту. Жолдо бөкөн, куланга аң уулап, тамашага батышты.

 

ТӨШТҮК КАРАДӨӨ МЕНЕН КӨКДӨӨНҮ ӨЛТҮРҮП, КОНОКБАЙДЫ КАН КЫЛГАНЫ

Таң сөгүлүп атканда Жертыңшаар Маамыт Төштүктү сөзгө тартты.

 – Төштүк, Көкдөө Карадөөгө бирдеме деп кобурап жатат. Кулак түрсөң. “Кырк кулактуу казан менен кармашам деп Төштүк арып-чарчап келди. Каны качып, өлгөнү араң турат. Аты ыргайдай, өзү торгойдой болгон неменин эсебин тап, чокморуң менен бөлө чап. Энеңди өлтүргөн Төштүктөн өчүңдү ал. Көзүмө көрсөтпөй өлтүр”, – деп көкүтүп, Көкдөө Карадөөсүнө буйругун берди. Тоодой боз ат мингизип сени көздөй жөнөттү. Ошондуктан өзүңө сак бол, Төштүк, – деди Жертыңшаар.

Айтып сөздү жыйгыча, алдынан бир боз сеңир көрүндү. Тоо дегени зоо экен. Бул өңдөнгөн капырды Элемандын Төштүгү эзели көрбөптүр. Ал кайраты бийик, заары күч Желмогуз кемпирдин уулу Карадөө деген дөө тура. Тоодой даңкайган, тиши канжардай калкайган неменин колуна тийип калчу болсоң ат-тонуң менен жуткудай.

– Төрт Маамытың баарың кел, Конокбайың, кыйынсынган Төштүгүң кошо келсин. Эр болсоңор алтооңор алмак-салмак мобу кол башындай боз баштыкты жерден эңип алып, ээр кашка салгыла. Ошондо силерге багынып берем. Болбойбу, баарыңды кырып таштайм, – деп, Карадөө боз баштыгын жерге таштады.

Көрөгөч Маамыт качырып барып баштыкты эңе баштаганда эле томолонуп түштү. Жертыңшаар Маамыт дагы жыгылды. Жейрен секиртпес менен Куюн Маамыт да ишке жарабады. Экөө бирдей торойду. Ошентип Төштүктүн ишенген төрт Маамыты кыргын тийген эмедей кыйрады. Төштүк таңдана, олбуй-солбуй камчы уруп качырып кирди. Кол башындай баштыкты жерден эңип алганда кабыргасы кайышты. Астындагы Чалкуйруктун сөөктөрү сынып кетчүүдөй кычырады. Аттын курсагы жерге үч тийип, көккө үч чыкты. Төштүк баштыкты колунан коё бербей катуу тырышты. Атына сүйлөнө:

– Андай-мындайда кыйын элең, Чалкуйрук. Эми мен баштыкты эңип алганда алың кетип чарчап калдыңбы? Жөн турбайсыңбы! – дегенде, былк этпей туруп берди.

– Ээ, Төштүк, балбандыгыңда сөз жок экен. Кан Көкдөөнүн кызы Күлайымды бекер албапсың. Боз баштык атым менен өзүмдүн оордук өлчөмүм болчу. Эңемин деп эси кеткен нечен дөөнү сойгом. Сен эр экенсиң. Эми өйүз-бүйүз туруп, найзалашууга кандайсың? – деди, үйдөй болгон кара балтасын имере кармаган Карадөө.

Ансыз деле Чайыңги тонун кийген Төштүк, Карадөө менен бир кармашып алууга эки көзү төрт болуп турган. Андай-мындай дегиче, Карадөө Төштүккө жетип-жетпей найза сайып өттү. Ушуну эле күтүп тургандай, астындагы Чалкуйрук коёнчо ойт бергенде найза жаза кетти. Ал аңгыча Конокбай балбан чаап келди.

– Баары бир башта бир өлүм. Эр Төштүккө мен караан болбосом, ким караан болуп берет, – деп, Алайгырына камчы уруп, Карадөөнү көздөп калды. – Оң далынын бети, омуртка сөөктүн чети! – деп күүлөнүп барып найзасын сайып алды.

Карадөөнүн көзү тунарып, үзөңгүдөн буту тайды. Мындайда Төштүк карап турабы. “Чү” дегенде Чалкуйрук аткан жебеден мурун жетти. Жеткен жерден эр Төштүк учу болот, сабы жез найзаны урганда Карадөө тулпар үстүнөн томолонуп түштү. Тургуза койбой шилиге кылычын матырып, сууруп алды. Конокбай келип такыр колтугуна кылычын кандады. Карадөөдөн эптүү кан кеткен жок. Башын кесип алып, тоодой үйүлгөн отунга кошуп өрттөп ийишти. Күлүн желге сапырышты.

Анан эки эрен аттарын көк тулаңга чалдырды. Жамбаштап жатып алып, аңгеме-дүкөн курушту. Андан кийин тоо булагына чайынып, күлазыктан ичишти. Көп өтпөй ок өтпөс тондорун кийишти. Аттарын токушту. Жай-жарагын белен байлашты. Кароолдоп келаткан Конокбай бет маңдай тараптан калың караанды байкады.

– Ыя, Төштүк, тиги жакты карачы. Караниет Көкдөө жайнаган колун алдына салып айдап алганбы. Арасында керик мингени, пил мингени жүрөт. Найза кармагандар, кылыч чапчуулар өзүнчө, балбан-баатыры башка-башка келатат. Аламан уруш болот, сыягы. Кырк чаар тулпарын таап келгенде жакпаган, барса-келбес кыямат казанына барганда, жети мөрөйүн аткарганда жакпаган сен, эми Карадөөсүн өлтүргөндө жагасыңбы? Жок, жакпайсың. Калың кол менен кармашсак шорубуз кайнайбы дейм! Бирок кармашууга туура келет. Ошондуктан найза сайсаң, ыктуу сай, кылыч чапсаң шыктуу чап, – дегиче, Көкдөө жер жайнаган желдеттерин айдап жетип келди.

– Азып-тозуп тентип келген Төштүктү аябагыла! Кылычтап башын алгыла. Жок, коё тургула. Жакшысы миңиң миң жактан кол салгыла. Ээси оогондо кармап алып, кордоп, аябай кыйнап өлтүргүлө! – деп, Көкдөө желдеттерине буюра бакырды.

Төштүк жайнаган калың колдон корккон жок. Алардын көптүгүнө да карабады. Чалкуйругун ачуу теминди. Бет келгенин найза сайып кулатты. Кылычтап уруш салды. Бир жагынан Алайгырчан Конокбай сүрүп кирди. Уруштун кызуу жеринде эр Төштүк Көктулпарын минип, темир калкан тон кийип, камандай чамынган кан Көкдөөнү көрдү. Көрөр замат тик качырды. Ал да оңой жоо көрүнбөдү. Баатырларча каршы алды. Экөө көпкө найзалашты. Найзасы кыйрап калганда Айбалта чабышты. Ал да быркырады. Кезек Чоюнбашка тийди. Кезектешип чабышып, тулпарлар бели майышты. Аркы-терки сүрүшүп, акыры жаага өттү. Темир тулга тытылды, ок өтпөгөн чопкут тон канжыгадай тилинди. Көргөндөр жандан түңүлүп, айгайлап турушту. Бир убакта айласы кеткен Көкдөө кача берди. Төштүк аны узата койбой кыр аркасына найзасын булуп алды. Көкдөө атынын күлүктүгүнөн гана аман калды. Желдет-балбандарын жыйып агынан жарылды.

– Көкдөө, Көкдөө болгонум, Көкдөө атка конгонум далайы менен кармаштым. Далай алп-баатырын, дөөсүн тындым кылгам. Асти, Төштүктөй кыраан көрбөпмүн. Омурткамды оёо сайып, менин түбүмө жетмек болду. Бүгүн эсим кетип, өтө кайгырып турам. Жети баштуу Жезкемпиримден айрылдым. Жети күн катар кармашып Карадөөмдү союптур. Жети мөрөйдүн жетөөнү катар сомдоду. Кулак угуп, көз көрбөгөн бу кандай балээ эр эле? – деп Көкдөө көз жашын көлдөтө, арманын айта баштады.

Бирок ага арманын айттыра койгон жок. Жаңы эле баштаганда, Конокбай балбан сызып келип, башынан тулгасын учура чапты. Артынан ызырына чаап келген Төштүк акыры мүдөөсүнө жетти. Кылычын көккө булгалаган баатыр кадимки Көкдөөнүн башын быркырата шилтеди. Ошентип бадырайган Көкдөөнүн көзү сүзүлүп, жаны үзүлүп кетти. Көкдөөнүн өлгөнүн көргөн желдет-баатырларынын баары аттан түшүштү. Чуркурап келип, жалына тизе бүгүштү.

– Каныбыздын акмактыгы түбүбүзгө жетти. Калың журтта не жазык? Жеткире кырсаң биз мына. Баатыр эки тизгин, бир чылбыр колуңа тийди. Эмне кылсаң эрк өзүңдө, Төштүк, – деп, камчысын мойнуна илип турушту.

– Жигиттер, силерде күнөө жок. Кан айтканы менен болгон элде не күнөө? Эми силердин каныңар бөлөк болот. Ал адилеттүү, эли-журтуна күйүмдүү кан болсун! – деп Төштүк Конокбай баатырды жер астына кан көтөрдү.

Төштүктүн аркасы тийип, сөөлөтү бийик кан болгон Конокбай, баатыр досунун урматына чоң той өткөрүп берди.

 

ТӨШТҮКТҮН ЧОЮНКУЛАК ДӨӨНҮ КУТКАРГАНЫ ЖАНА АЛПКАРАКУШТУ МИНИП, ЖЕР ҮСТҮНӨ ЧЫККАНЫ

Жер астына түшкөндөн бери жети жыл өтүптүр. Карыган ата-энемдин күнү не болду? Ошончо жыл өз эли-журтуңду, ага-тууганыңды көрбөй жашоо кыйын экен. Эми кандай айла табармын, – деп өз дартын өзү козгоду.

Мууну бошоп шылкылдап, Чалкуйрук тулпарын чылбырдан алып булкуп-силкип жиберди. Тулпары ошо замат сакага айланды. Саканы ала коюп жан баштыгына катты. Алпкаракуштун канатын алып чыгып түтөттү. Ойлонуп оюн жыйганча, төмөн куушурулган Алпкаракуштун дүркүрөгөн добушу угулду. Канатынын күүсүнөн жыгач сынып, таш кулады. Эр Төштүктөн башка жан болсо, эбак эсинен танмак. Себеби тоонун теңиндей чоңдугун, көлдүн ордундуй көзүн, темирдей бекем текөөрүн көргөндөр жүрөгү түшүп өлмөк. Катылган жанды жөнеле эки чокуп, бир жуткудай.

– Алпкаракуш, мен азыр аябай капаланып турам. Чоң ишке жарап бербесең болбойт, досум. Мени батырак ата-энеме, эли журтума, сүйгөн жарым Кенжекеге жеткир. Ошондо санаам тынчыйт, көңүлүм ачылат.

Төштүк ичиндеги дартын билдире айтты.

– Сен экөөбүз акыреттик досбуз. Менин балдарымды ажыдаардан сактап калдың, досум. Сага кантип жардам бербей коём. Берем. Самаган жериңе жеткирем. Бирок жакшы азыктанбасаң күч кайда дегендей, менин тамагым жаман. Бат-баттан азыктанып турбасам, канатым оорлошот. Алым куруйт. Ошондуктан сапарга чыкканда оң бутума кырк, сол бутума кырк бугу ил. Алар мага азык болот. Жети күндө жер үстүнө чыгабыз. Өзүм деле ушул күндү жети жыл күттүм, досум.

Айтып оозун жыйгыча, Төштүк өзү аткан бугудан оң-сол бутуна кырктан илип берди. Күлайым, Быйты күң, Төштүк кыркалекей отурушту. Алпкаракуш учуп жөнөдү. Көп күн тынбай учту. Убакыт өткөн сайын Алпкаракуштан ал кетти. Канат күүлөшү басаңдады, жүрүшү акырындады.

– Төштүк, сен өзүң бир чоң тоодойсуң, Чалкуйругуң да чоң эки тоого барабар. Үч тоону көтөргөн менде кайсы ал калды дейсиң? Азыгың болсо алып чык, өзөрүп өлүп калбайын. Эки күндүк жол калды, – деди алсыраган Алпкаракуш.

Анткени анын жүрүшү өр тартпай, кайра улам ылдыйлап бараткандай сезилди.

– Жер алдына түшкөндө эле тозоктун эмне экенин билгем, – деди эр Төштүк эрдин кесе тиштенип. – Чечкиндүүлүк кылбасам ошондо чындап өлөм. Орто жолдо калам.

Төштүк ойлонбостон эки ийри такымынан көнөктөй болгон эки сулп этти шарт кесип алып, Алпкаракушка жедирди.

– Ох, кандай таттуу неме эле. Мындай эт эзели жеп көрбөпмүн. Мага берген ушул этиң миң бугунун эти менен тең болду, досум. Жети эсе артык күч топтодум. Канатыма күч-кубат бердиң, – деп жер үстүнө чыгып, оркойгон тоонун урчугуна барып конду.

Жер үстүндөгү шуудураган токой, андагы булбул үнү, дарыя шоокуму Төштүккө бейиштин төрүндөй сезилди. Жер бейишин сагынып калганбы Чалкуйругун минип, ырахаттана ой-тоого чапкылады. Аң уулады. Бугу, аркар атып, көп жылдык бугун чыгарды. Көп күн уйкусун кана кандырып, ойдогудай оюн салды.

Бир күнү адаттагыдай аң уулап чыккан. Капыстан так бет маңдайынан алтын мүйүз ай бугу ойт берип калбаспы. Төштүк оң-тетири теминип, артынан көпкө кууп отурду. Алтын мүйүздүү бугу жеткирбей белестен белеске, ойдон-тоого качты. Ал күнү жетпей калды. Түнү эс алып, аң уулоосун таң атырбай кайра баштады. Күн шооласы жерге толук жайылганда гана аткан жебеси бугуну оңко сайдырды. Этин жиликтеп, баканга илип койду. Чалкуйрук атын жайдактап, даракка аса байлады да терең уйкуга кирди. Канча уктаганы белгисиз, бир убакта кулак-мээни тундурган үндөн ойгонуп кетти. Акырын жыла басып тыңшаса, үн чуңкурдан чыгып жаткандай. Чуңкур дегени кашаты темир тор менен курчалган кырк аркан бойлогон ор экен. Элемандын сырттанына ор түбүндөгү эти качып, сөөгү эле калган бир укмуш жан жалбара кайрылып калды.

– Төштүк баатыр, мен да сен сыяктуу эр элем. Атым Чоюнкулак. Бирок жер асты-үстүнөн чыккан токсон алп сыйкырлап кармап алып, ушул орго таштаганы кырк жыл болду. Мен сенин келээриңди билгем. Мени ушу азаптан куткарып кал. Айтканыңа көнөйүн, жан жолдош болуп берейин. Жерден муздак сыз өтүп, аябай кыйналып турам. Жок дегенде Чалкуйрук тулпарыңды багып бергенге кантип жарабай калайын.

Эр кадырын эр билет экен. Төштүк баштыгындагы кырк бир кулач арканын ор түбүнө таштап Чоюнкулакты тартып алды. Өлгөнү калган немеге майга кууруп эт берди. Тамак-ашын түрдөп берип, жакшы бакты. Аз эле күндө сүйрү бетине сүт, ийрисине эт толгон Чоюнкулак оңбогондой оңолду. Курсагына май байлаган сайын оңбогурдун оюна ар кандай жаман ойлор келе берди. “Элемандын Төштүгүн билинтпей баса калып, көзүн ойсом, оңбогондой олжого ээ болот элем. Катындары да мага калмак”, – деп нечен түргө бөлүндү. Ошентип күнүгө күчүн сынады. Күн өткөн сайын кайраты ашып, күчкө толо берди. Күчүн сынап, чынар теректи орду түбү менен жулуп алды. Буга ал аябай кубанды. Төштүк Чоюнкулактын амандыгын тилеп багып жүрө берди. А ичи калтырак, сырты жалтырак Чоюнкулак алптын ойлогону ою жамандык болду. Акыры ал жакшылыкка жамандыгын көрсөттү.

– “Төштүк” десе барбайып, кеңсинип калат экенсиң. “Төрө” десе, тимеле эрсинип калат экенсиң. Мындан кийин сенин сөзүңдү укпайм. Чалкуйругуңду карабайм. Эми сен ал тулпарыңды алып келип, мага токуп бер! Менин тилимди албасаң, азыр менден өлөсүң, кыяматтан көрөсүң! – деп күйбөгөн жерин күл кылды.

– Атаңдын көрү Чоюн ит. Кечээ эле өчкөн отуңду тамызып, өлгөн жаныңды тирилттим эле го! Бүгүн эмне деп жатасың!?

– Жакшылыкка жамандык, күч-каруума келип турганда сени менен чабышам, өлтүргөнчө алышам, – деп, Чоюнкулак көк букадай чалып кирди.

Экөө аркы-терки кармашты, балбандарча чалышты. Төштүктүн чамасы алпка чак келбей, алсырагандан алсырады. Балакетүү Чоюнкулак дөө барган сайын аны кансыратып күчүнө кирип барат. Ошондо Быйты күң балта ала чуркады. Күлайым жакасына жармашты. Үчөөлөсө да алы жетпеди. Бир убакта Чоюнкулак чокмордой муштуму менен Төштүктүн оозу-мурдун канжалата урду. Күчтүү соккудан аласалып барып тырп этпей, жер кучактап жатып калды. Чоюнкулак Күлайым менен Быйты күңдүн чыркыраганына карабады. Чалкуйрукту минип, Чайыңги тонду, катындарды олжолоп алдына салып айдап алды. Ашуусу бийик бел ашты, капчыгайлуу төр басты. Заматта эки катындуу болгон алп, өз билгенин кылып, аң уулап жүрө берди. Көп кызыктарга батты.

Ошо кезде Алпкаракуш балдары менен жер үстүн айланып жүргөн. Ой-тоону кыдырып келатып, тоонун сеңиринде кыймылсыз жаткан адамга көзү түштү. Балдарына көз ымдай:

– Бүгүн көңүлүм жайында эмес. Тээтиги жерде бир адам өлүп жатат. Адамдын эти таттуу болчу эле, тез баралы. Боорун татып, бир жашарып алалы, – деди канатын күүлөй.

Жарышып учкан үч кара куш жетип-жетпей таң калды.

– Айланайын балдарым, бу жаткан өлүк өткөндө силердин жаныңарды куткарган Төштүк эрдин өзү экен. Кокуй, Төштүк, өлбөй кал! – деп кан ичмеси кармап, Төштүктү “кулк” эттире жутту.

Энесинен мындай жорукту күтпөгөн балдары чыркырай түштү.

– Жакшылыкка жамандык кылганың эмне, энеке! – деп көкүрөгүн тытмалап ийди.

– Ата, балдар, оңбой калгыла! Жаным бирге сырттанды азык кылсам оңомбу? Аны асыл менен сугардым. Балбандыгын миң эсе артык кылып чыгардым, – деп, “өк!” деп кусуп жибергенде Элемандын сырттаны күлүп тура калды.

Ооруган жери басылып, Алп каракушка ыраазычылыгын билдирди. Куштар жайына кетти. Баатыр ойлонө өзү менен өзү сүйлөштү.

– Катыным менен Чалкуйрукту, ок өтпөс тонумду кантип караниет Чоюнга олжого таштап кетейин. Андан көрө, эрте күндү кеч кылбай анын сары изине түшөйүн. Караниеттин башын алайын, чамам келбей баратса, ошондо өлүп калайын, – деп желгенине жел жетпей чуркап жөнөдү.

Акыры Чалкуйрук изин тапты. Күндөп-түндөп жол жүрдү. Агыны катуу суу кечти, ашуусу бийик бел ашты. Бир убакта караргандын ары жагынан, түнөргөндүн бери жагынан көктү карай булаган көк түтүндү көрдү.

– Көрүнө барбай эбин табайын. Күлайым жарымдын көөнү Чоюн алпка бурулуп калбады бекен? Ошону билейин, андан кийин бир шумдукту салайын, – деп өзөндөн өтө бергенде, суу алууга келген Быйты күңгө жолугуп калды.

Төштүктү көргөн Быйты чыдай албай бышактап жиберди.

– Кокуй, Төштүк, өлбөй кал. Чоюн туткундап кеткенден биздин шорубуз кайнады, багыбыз байланды. Жарыкчылыкты көрөр күнүбүз бар окшойт, – деп бөйрөгүнөн болкулдады. – Тынымы жок ары-бери чапкылап Чалкуйрук жоор болду. Биз “Төштүк качан келет?” – деп күндө кудайга жалынабыз. Күлайым катыныңа сыр ачпа. Ал Чоюндан бир эркек бала тууду. Чоюнкулак дөөнүн эсебин өзүм табам, – деп чуркап кетти.

Эбедейи эзилип, эт жүрөгү жазылып Күлайымга сүйүнчүлөдү. Экөө терең ор казды. Ага Төштүктү бекитти. Быйты Чоюнкулак алпты кантип колго түшүрүүнүн амалын үйрөттү. Катындар айткандай, ал аңдан кеч келди. Эки катынын караңгы үйгө камап өлө сабады. Төштүктүн сай-сөөгү сыздаган менен жардам бере албады. Бирок түн тынч өттү. Таң куланөөк атканда Төштүк колуна шибеге алып, бешиктеги баланын майкуйругуна матыра сайды. Бала “бар-бар” этип, бакырып ыйлады.

– Атаңдын көрү Быйты күң, барчы, бала эмнеге ыйлап жатат? – деди Чоюнкулак.

– Эмне деп ыйласын? “Атама айтып кой, айгыр менен текенин, бука менен кочкордун этине тойгузбаса ыйлай берем”, – деп жатат, – дегенде дөө күрүлдөй каарданып, айтканын аткарууга аргасыз болду.

Алып келген эт менен Төштүктү бакты, эки катын. Каруу-күчкө толгон Төштүк Быйты күңдүн акылы менен болуп, улам дөөнүн баласын шибеге менен кытыгылап коёт. Баланын ыйлаган ыйы кулак-мээни жеп, доошу алыска тарайт.

– Быйты күң, бери келчи! Бала эмне деп ыйлап жатат, ошону жакшылап жоручу.

– “Атакеме айткын,– дейт. – Мени чындап балам десе, жанына жанымды кошом, канына канымды кошом. Эр жалгызы атама караан болуп берем”, – дейт.

– Сен билбеген, сен туйбаган балээ жок, бу жашоодо. Сен оңбой кал, Быйты! – деп, Чоюнкулак дөө катындарды ыраак айдап таштады.

Ошондон кийин ымыркай балага сырын ачты.

– Айланайын жалгызым, сага жан билбеген сырымды айтайын. Менин жаным кайда экенин сурасаң, жөнү мындай. Адам буту баспаган, бараңдын үнүн укпаган, кайыптар жүрөр коктунун ооз жагындагы чынар теректин түбүндө алтын кудук бар. Ошо кудуктан дайыма жети аркар суу ичет. Жети аркардын ичинде курсагы салаңдаган кара аркары бар. Ошо аркардын ичинде темир сандык, темир сандыктын ичинде жети кара кучкак бар. Ошо менин жаным. Кан-жаныңды барып ошого кош, менин алтын берекем – деп айтып, Чалкуйрукту токуду да аң уулоого жүрүп кетти.

Терең аңда жаткан Элемандын сырттаны баарын укту. Курал-жарагын шай кылды. Кара аркарды атып алууга, Чоюнкулак алпка балакетти салууга кам урду. Кечке жер кезип, издеген жерин да тапты. Эч бир жанга көрүнбөй, кара аркарды аңдып жатты. Аңгыча үстүнөн таш кулады. Караса адырдан жети аркар түшүп келатыптыр. Жыт алган бирөөсү:

– Атаңдын көрү алты аркар, адам жыты жыттанат. Мен бул жерден суу ичпейм, – деп дыр койгондо, калганы артынан калбай сызды.

Ичи салаңдаган кара аркар гана калып калды.

– Ичимдеги сандык менен мен кайда барам. Мен эбак өлгөн аркардын биримин. Андан көрө мени атып алып, адам уулу бир тойсун, – деп булакка түштү.

Төштүк карап турабы. Жебесин кериле тартып, кара аркардын курсагын жыра атты. Күткөн сандык жерге түштү.

– Оор жүктөн арылттың, Төштүк. Мен эгиздин түгөйү болчумун. Козу кезимде Чоюнкулак кармап алган. Сыйкыр менен жети кара кучкачын темир сандыкка, андан менин курсагыма салган. Мен аны канча жыл көтөрдүм. Эми аны колуңдан чыгара көрбө, Төштүк, – деп, аркар көздөн кайым жоголду.

Төштүк болот кылычын ала коюп сандыкты бөлө чапты. Оозун ачкан алты кара кучкачтын башын жулуп алды. Бирин жарым өлүк кылып жан баштыгына салып алды. Чоюнкулак алптын ажалы көзүнө көрүнүп, онтоп жатып калды. Ошого карабай эки алп кочкордон бетер сүзүштү, айгырдан бетер алышты, бөрүдөн бетер жулкушту. Чала өлүк болгон кучкач Төштүктүн омурткасына барып сайылды.

– Бул дагы эмнеси, Быйты карачы, – дегенде, Быйты койнуна колун салды. Омурткасына барып сайылган кара кучкачты жулуп алды.

– Айланайын Быйты күң, эмне десең көнөйүн. Ушул кара кучкачты оозума салып жиберчи, – деп жалынды, Чоюнкулак дөө.

Ошондо Быйты күң дөөнүн жаны болгон кара кучкачтын башын жулуп алды. Дөөнүн көзү сүзүлүп барып, чалкасынан түштү. Быйты күң менен Күлайым Чоюнкулак алптын денесин керки менен кескилеп, балта менен чапкылап, ийне менен тешкиледи. Анан сөөгүн өрттөп ийди. Күлүн көккө сапырды.

Күлайым бешикте жаткан баласына тигиле карады.

– Баланы таштап мындай жылалы. Күңгүрөнүп ыйласа Чоюнкулактыкы. Демек ажалынын жеткени ошо. Ачык ыйласа сеники. Калтырбай алып кетебиз, – деди энеси.

– Макул, – деп мындай жөнөй бергенде, бешиктеги балага тил бүттү:

– Төштүк, сенин тукумуңду кырам, тамырыңды жулам. Атамдын өчүн албасам Чоюнкулак дөөнүн баласы болбой калайын! – деп бакырык салды.

Аны уккан Чалкуйрук безилдей мындай деди:

– Чоюнкулактын баласын тез арада менин куйругума байлагыла. Мен аны сүйрөп жүрүп өлтүрөм. Төштүк, алым жетпей баратса камданып тур. Сенин алдыңдан өтөм. Ошондо башын кыя чаппай жаның жокпу?! – деп сүйрөп жөнөдү.

– Сени элеби, Чалкуйрук тулпар! Азыр оңдонуп алсам, куйругуңдан кармап, көтөрүп чабам! – деп, Чоюнкулактын баласы чырылдай каарданды.

Чалкуйрук үлгүрүп калды. Бир аз кечиккенде баары күм-жам болмок. Бар күчүн жумшап, Төштүктүн алдынан өтө бергенде, Элемандын сырттаны дөөнүн баласынын башын кыя чапты.

 

ТӨШТҮКТҮН ЭЛИ-ЖУРТУНА КЕЛГЕНИ

Төштүк акыры үйүн көздөй жол тартты. Арадан жети жыл өтүп кетиптир. Быйты менен Күлайымга желбегей торко кийгизди, желбеген жорго мингизди. Жолдон аларды жаш кезинде баш кошкон Кенжеке менен уулу, камбар ата тукуму кара бээ менен ойсул ата тукуму чаар инген тосуп алды. Эр Төштүк учурунда келиптир. Мынча келбегенде атасы менен апасы кайгыдан чөгүп, тура албай калмак экен. Жети жыл кабарсыз кетип, анан өзү келген Төштүгүнүн урматына атасы Элеман чоң той берди. Төштүктүн тоюна он эки кан баштаган калың журт келди. Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык даярдалды. Той кызуу башталды. Ачытылган кымыз ичип кутурган он эки кан өз ара чырдаша кетти. Ошондо эр Үрбү: “Көпчүлүктүн көзүнчө Манас мени камчы менен урган”, – деп таарынды. Кара жолтой эр Көкчө: “Катынымды Алмамбет булгап кетти. Алымды Манас алды. Мен кур жалак калдым”, – деп анысы туураланды. Текечи Шыгай кан менен Эштектердин Жамгырчы каны: “Жакынды жакын дебейт же бизди кырк чорочо көрбөйт. Биз эмне андан кембизби?!” – деген тескери оюн билдирди. Оогандын Кыйба каны: “Кечээ Ооганды чапканда бизге олжо таштабай баарын алып кеткен”, – деген доосун айтты.

Кыскасы, кымыз ичип мас болгон он эки кан: “Манасты чаап алабыз. Ким андан аянса ат байланган мамыдай сыйда болуп өтөлү”, – деп, чыбык кармап, ант беришти.

Сөз кызып отуруп, акырында жети гана кан калды.

– Ээ, кандар, эмне деп жатасыңар? Кыргын тийген эмедей, баарың кыйраганы жүрөсүңбү?! – деди Төштүк, баарын кыдырата карап. – Мен ушундай болорун күн мурунтан билгем. Ошон үчүн тойду топот кылат деп эр Манасты тойго чакырбай койгом. Ичиңде Манастын кадырын билгениң бар. Билбегениң “чаап алсак” деп тарталаңдап жүрөсүң. Эгер ал жинденсе ай-ааламды буй кыларын, жети канды айдап кетерин билесиңерби!? Ошондуктан көп кыжылдабагыла. Силерге менин теңелер алым жок. Тойго келбей эле Манаска жаңжал салам деген чатакка келген турбайсыңарбы. Атаңдын көрү, жети кан, аскер баштап, кол жыйып, аттанып чаап алуучу кытай эл эмес, ал. Арамдык кылбай тилимди алгыла. Айтканыңардан кайткыла! Манас баатырдын жети кандык алы бар. Силерде кайсы ал бар? Өзүңөрдү эр санасаңар, башканы шер санагыла! – деди.

Желигип турган жети кан айтканынан кайтпады.

– Элеман уулу эр Төштүк, сен Манаска жолдош-сырдаш турбайсыңбы, – деп, аны түк жаратпай таштады. – Төштүк мактаган Манас дөөсүн төбөсүнөн баскыла. Төр-төрүндө токмоктоп, абийирин төгүп, төрт түлүк малын кошо чачкыла. Боктоп-сактап күүлөнүп, жинин катуу каккыла. Айылын жылан сыйпагандай кылып, сып-сыйда чаап алгыла, Аккуласын мингис кылып салгыла. Төрүнөн кудук казгыла, төшүнө казан аскыла! – деп, Таздын уулу эр Үрбү эсепсиз элди күүлөп жиберди.

– Бали, Үрбү баатыр! Сенин тапкан бул акылыңды ишке ашырбагандын жети атасы капыр болсун! – деди арбалаңдаган жети кан.

– Төштүктүн тоюн көргөнү келип, эселек кандардын айынан өлгөнү турат окшойбуз, – деп жети кандын аскери өз ара шыбыр-күбүр сөз айтты.

Жамгырчы менен Үрбү кан, Текечи менен Шыгай кан, Музбурчак менен Кокондун каны Козубек, Сынчыбек менен Алабек, Малабек кандар миңден мыкты аскер чыгарды. Алар кан Кошойго да катуу тийиштик кылышты.

– Кошой кан, кана, сенин колуң? – деп катуу үрпөйүштү.

– Атаңдын көрү жети кан, силер айылын талап-тоноп, өзүн чаап алуучу Манас оңой эр эмес. Эркексинген жети кан, эр Манаска барбай койбойсуң, сөзсүз барасың. Бирок ээлигип алган жети кан, билип кой, ошондо элиңди шорго саласың. Кош жети кан, өз убалыңар өзүңөргө, эмгегиңер кара төбөңөргө! Айтсам болбодуңар, эми ар кимиң маңдайыңа жазылганын көр! – деп, кан Кошой аларга кошулбай, тескери бурулуп кетти.

Кошойдун тилин укпай, “Манастын айылын чаап алабыз, өзүнө көргүлүктү көрсөтөбүз!” – деп, жети кан адыраңдай жолго чыкты.

Ошентип, Төштүктүн тою улуу Каканчынга башталчу чоң казаттын чыгышына себеп болду. Кымбаттуу окурман, ал өзүнчө узун сабак жомок. Ал жөнүндөгү кеп оролу кийин болсун. Сүйлөштүкпү, анда эмки жолугууга чейин!

 

2013-жылдын 7-декабры,

2014-жылдын 7-январы

 

© Жапарали Осмонкулов, 2016



[1] Аш — өлгөн кишинин бир жылдык зыяпатына арнап даам берүү.

[2] Кызыр — бакыт-таалай алып келүүчү касиеттүү адам.

[3] Айтуяк – курмандык чалуу


Количество просмотров: 1954