Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / "Манас" эпосу, кичи эпос
© Жапарали Осмонкулов, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 28-декабры

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Курманбек

Кичи эпос

 

БАЛА БААТЫРДЫН ЖОРТУУЛУ

Өткөн замандардын бир заманында ойроттордун[1] бийлик зордугу күчөп турган кези экен. Алар жыл сайын кыргыз элинин мал-мүлкүн тоноп, бейкуттугун бузуп туруптур. Жылда алчу алымдарын[2] жыйнап алып, үстөмдүгүн күчөтө берет. Душмандын өктөмүнөн өксүгөн элдин айласы куруйт. Жашоосу кыйындайт. Кыргыз-кыпчак элине кан эсептелген Тейитбек элин душмандардан коргоого кайрат-күчү жетпептир. Анткени, ал үйдө баатыр, жоодо жок болуптур. Анын ордосу Анжыяндын жанындагы, кең Кокондун башындагы Жазы деген шаарда болот. Тейитбек кан элине караганда короодогу малын жакшы көргөн зулум чыгат. Өз элин каалагандай калчаган менен калмактардын кордугуна каршы тура албаптыр. Анан да анын көп аялы болот, бирок эч кимисинен бала көрбөйт. “Куу баш өтөмбү?” – деп зарлап жүрөт. Акыры тилегине жетет. Кырк жашка келгенче перзент үнүн укпаган Зулайка деген аялынын ыйы кудайга жетип, боюна бүтөт. Тогуз ай көтөрүп, уул төрөйт. Тейитбек кан уулунун урматына чоң той берет. Атын Курманбек коёт.

Курманбек балачагынан калмак жоонун көрсөткөн кордугу менен азабын көрүп чоңойду. Ошондон бателе эр жетип, элинин керегине жарагысы келди. Ошон үчүнбү эс тарткандан мингени азоо ат, кийгени жоо кийими болду. Башка балдар сыяктуу эле түнү жылкы кайтарууга барды, кыр-кырлап жоонун жолун тосуп жүрдү. “Болор бала богунан” дегендей, кандын жалгыз уулу кичинесинен чыйрактыгы билинди. Тийишкендин катыгын берди. Алышканды алып жыкты, күрөшкөндү көтөрүп урду. Балтыр эти толуп, эрезеге жеткенде кадимки чоң балбандарча намыска жарап калды. Сөз багып, эли-журтун кастарлап чоңойду.

Анан да ат таптап, найза сайып, кылыч чапканды үйрөндү. Ошондонбу, ата-бабаларынан бери келаткан салтты бузбай, өз элинен кырк жигит курады. Аларга курал-жарак жасатып берди. Кыркына кырк кара күлүк мингизди. Соот кийимин кийгизди. Ээр токумун кошо берди. Анан кырк жигити менен ит агытып, куш салды.

Баарынан да согуш өнөрүнө баш оту менен кирип кетти. Жоо менен кармашуу урушун үйрөнүүгө дилгирленди. Курманбектин ойногон оюну да согуш оюну болду. Улуулардан таалим алып, кырк жигитин аскер өнөрүнө машыктыра баштады. Журтун кайтарып, элин сырткы жоодон коргоо сабагын алды. Аш-тойлордо балбан, баатырларды жеңип, даңазасы коңшу элдерге тарады.

Күндөр өтө берди. Азаптуу элди жоолошкон жоонун кордугунан куткарууну кырк жигит кураган Курманбек баатыр өз жоопкерчилигине алды. Ошондуктан, ал күнү-түнү эл четинде, жоо бетинде жүрдү. Маселе бышып жетилди дегенде бала баатыр Курманбек өткөн кекти, өчкөн өчтү калмактардан алмакчы болду. Алдыдагы боло турган жортуулга кам урду. Ал бу жортуулду качантан бери эле эңсеп келген. Ошон үчүн кырк жигитин жыйып, көкүрөк өйүгөн сөзүн айтты.

– Жигиттер, энеден жалгызмын. Бирок жалгызмын деп жоодон жалтана койчу мен эмес. Анткени оор болсо колдон, жеңил болсо жерден алчу силер барсыңар. Силер турганда кандай гана жоо болбосун тик качыруудан тайманбайм. Себеби силер мага кыркыңар кырк канатсыңар, кыркыңар кырк жоого тийчү найзамсыңар.  Душманга сүрдүү көрүнсүн деп ар бириңдин далыңа калкан тактым. Жаныңарга кылыч илип, колуңарга найза карматтым. Аскер өнөрүнө маш болдук. Баарыбыз калмак жоонун кордугу менен зордугун бирге көрдүк, азабын бирге тарттык. Элибизде “Ырыс алды ынтымак” деген куттуу сөз бар. Ошонун сыңарындай, кордук көргөн элибиз үчүн, тытмаланган журтубуз үчүн аянбайлы, жигиттер! Душманга бир муштумдай тийели, бир туу астына биригели. Качанкыга дейре калмакка кор болуп жүрөбүз. Жоого элди кор кылбай, кыраан куштай кызыл кыргын салалы! Калмактын Экез, Дөлөн баатырын катарынан сулаталы. Өткөн өчтү, кеткен кекти алалы. Кырк күн минсе арып-талыбаган Телтору тулпар алдымда турганда, мени ким жеңе алат? Кана, не дейсиңер жигиттер? Жоолашкан жоонун ташын талкан кылалыбы, же ушинтип эле жүрө берелиби? – деди бала баатыр.

Кырк жигит бала баатыр Курманбектин айтканына чындап ынанды. Кабактары ачылып, санаалары басылды. Жоо жарагы, ат-көөлүгү, эр азыгы мол камдалды. Даярдык бүттү дегенде, кармашууга шай жигиттер жообун беришти.

– Баатыр, айтканың көңүл толкутту. Кармашууга кайрат-шык берди. Айткан кебиңе, ынтымакка чакырган урааныңа бали! Эли-журтубуз үчүн чымындай  жаныбызды аябай калалы. Жүр десең кошо жүрөлү, сүр десең жоону кошо сүрөлү! Телтору атты минсең, жеке өзүң миң жоого тетесиң. Сен турганда биз жалтанар жоо жок. Бир туу астында жоо сайып, кантип эр намысына жарабайлы. Маңдайга жазганын көрөбүз. Тагдыр айтса не дейбиз, ошо күнү өлөбүз. Бирок касташкан жоону кулатып, кайрылып аман келүүгө,  ажалыбыз жетсе сенден мурун өлүүгө биз даярбыз! Баатыр, кана жол башта! Билек түрүп, бел байлап, жоо чабышка кырк жигитиң биз даяр!

– Анда жолубуз шыдыр, жолдошубуз кыдыр болсун! Аттангыла, жигиттер!

Бала баатыр Курманбек шаңдуу жол баштады.

Тейитбек кандын ордосу турган Жазы шаарынын тегиз талаасы урулган добулбастын, созолоно тартылган керней-сурнайлардын добушунан титиреп турду. Кой аксагы менен миң эмеспи. Жалтанбаган баатырлардын катарынан жалтангандар чыкты. Мойнунан байланган ит ууга жарабайт дегендей, коён жүрөк коркогу чыкты. Кыялы корс чоркогунун кабагы ачылбады. Артын кылчак-кылчак карап, муңайым тартты. Ошондой көрүнүштүн болорун күн мурунтан сезген Курманбек баатыр колунан келишинче жигиттеринин көңүлүн көтөрүүгө аракет кылды. Ар демени айтып алаксыткан болду. Эки кыр ашпай, муңайым бараткандар жүрүшкө көнө түштү.

Баары тегиз жоо жаракчан. Кийгендери ок өтпөс соот, темир туулга. Жандарында кылычтары байланган. Колдорунда саптуу найза. Жай айынын толуп турган кези. Теребел жыт аңкыткан кызыл-тазыл гүлдөрдөн керемет көрүнөт. Ордодон аттангандардын жүрүшү шайдоот, маанайлары жарык. Түзеле жоо менен беттешүүгө баратпаган соң, баятан жүрөктөрү дүпөйүл келаткандардын ички санаалары тыным алгандай жоош. Найзалары күнгө жаркылдап, үзөнгү бутта карсылдайт. Жер оёо баскан туяктардан жайлоонун көк шибери жапырылып барат. Чалгынга чабагандап кеткендер Кашкардын эли тынч жатканынан кабарлады.

– Жигиттер, Кашкардын койчусуна тийишип кол салышып жүрбөйлү. Чеченине тийишип таңдайлашып отурбайлы. Кашкардын каны Аккан деген неме. Максатыбыз –   калмактар менен согушуу. Андыктан кармалбай өтө берели. Жортуулдан жолдуу кайтканда Аккан менен достошууга үлгүрөбүз. Тигине, Кара шаардын чеги, калмак жоонун турган жери, – деп Курманбек дүрбү салды.

Аңгыча Кара тоонун кароолчусу, калмак чектин сакчысы болгон атан төөдөй калмак жоокери бөтөн кишилерди  байкап калды. Бүшүркөй карап чочуп кетти.  

– Ээ кокуй, жоо кирип келген турбайбы! Каныма бат кабарлайын! – деп атынын башын ылдый бурду.

Көк жал баатыр Курманбек анын оюн айттырбай туйду. Ошондуктан Телторусун алкынтып, алдын тосо чапты. Бателе жете барды.

– Эй, безери, сен кайда шашып? Токто! Керек болсо сен эмес, элиңди кошо чабам.

Көзү алайган сакчы-кароолчу Курманбектин сүрүнөн жалтанды. Көз жазгырып  качып кете албай, же кылычын кынынан сууруй албай калтырап туруп берди.

– Эй, сакчы, билип кой. Бизди жазыксыз киши өлтүргөн караниет каракчылар экен деп ойлобо. Мен Курманбек деген болом. Калмактан элимдин өчүн алганы келдим. Кырылгандан калганы алым берип жан сактап жатат. Биз тим жаткан элдин тынчын алчулардан эмеспиз. “Андыктан кыргыз журтунун бала баатыры Курманбек деген келди”, – деп Дөлөн каныңа кабар бер. Каның жалгыз келбей, Экез баатыры баштаган көп аскерин коштой келсин. Он миң калмак келсе да биз кармашууга шайбыз. Жеңиш адилеттүүлүк издеп чыккандарда. Демек, биз тарапта. Он эки күн күтөм. Ошо күндүн ичинде келбесеңер өз шоруңар өзүңөргө. Ойронуңар чыгат, ордоңор талкаланат. Түшүндүңбү?

Калмак кароолчу башын бир башкача ийкегилеп ийди.

– Анда жөнө!

Кырк жигиттин түрүнөн, Курманбектин каарынан шайы ооп турган сакчы-кароолчу тирүү калганына тобо келтирип, шаарды көздөй чымын-куюн боло чапкылады. Дөлөн канды ордодон таппай, Экез баатырга араң жолукту. Аптыга келип:

– Баатыр, бизди балээ басты! Жерибизге жоо кирип келди! – деди жүрөгү түшкөн калмак.

– Сен өзү кимсиң? Кайсы тозоттон келген немесиң? – деп сурады баатыры, келемиштикиндей болгон муруттарын сербейтип. – Суудан чыккан сөөлжандай болбой, тез айт. Ал кандай жоо экен?

– Мен Кара тоонун сакчы-кароолчусу болом. Дүрбү салып олтурсам топ караан көрүндү. Алгач соодегерлер баштаган кербенге окшоду. ...Анан мерген баштаган мылтыкчандар кейиптенди. Жакшылап карасам кербен да эмес, мерген да эмес. Мага чын, сизге калп. Көзүмө айбаты кызыл чаар жолборстой көп жоо көрүндү. Мен кача бергенде топ баштаганы токтотуп, канга салам дубай жолдоду. Кудай бетин ары кылсын, каарын төксө, тимеле, асман жарылчудай сүрү бар. “Дөлөн, Экез дөөлөрүңдү баштап кел. Жекеме-жеке эр урушу кылабыз. Мен Курманбек деген баатыр болом! Элимдин кегин кууп келдим. Чоң кармаш болот. Он эки күн күтөм. Ошо күндүн ичинде келбесе катуудан казанын, жумшактан күлүн калтырбайм. Көккө сапырам! Ордосун бузам!” – деди, муштумун түйүп. Экез баатыр, ажалыбыздын жеткени ушубу?!

Кароолчу шөмтүрөй күңкүлдөдү.

Жарытылуу жооп уга албай, түлкүдөн корккон ташбакача башын мойнуна катып, сумсая үшкүрүндү. Жай саратандагы айтылган суук кабар укканды ичиркентип, көңүлүн иритип жиберди. Экез баатырдын өңү шамал бозорткон чүпүрөктөй бозорду. Көрдүн үстүнө коюлган моло таштай мелтиреди. Айласын таппай, котур эчкинин сакалындай бириндеген сакалын улам-улам тутамдай берди. Анан эсине келдиби, жүлжүйгөн көзүн жүлжүйтө Дөлөн канды көздөй сызды. Артынан салпактап аскери чубай жөнөдү. “Кыргыздын кыпчак дегени элинен Курманбек деген баатыр чыгыптыр. Жаштыгына карабай эч кимге жеңилип көрбөптүр. Далай баатырлардын тилегин таш каптырыптыр” деген кабар ага да жеткен. Ошон үчүн шашып келди. Ушунча шашкан экен, аттан түшүп-түшпөй безилдеп ийди.

– Дөлөн кан, Кара тоонун сакчы-кароолчусу суук кабар алып келди. Асыл жерибизге Тейитбек кандын Курманбеги кырк жигити менен келиптир. “Каның, баатырың, бегиң колу[3] менен келсин. Армандары калбасын, ачык талаада жекеме-жеке эр сайышка чыксын!” – дептир.

Жайбаракат отурган Дөлөн кан бирөө ийне менен сайгандай ордунан атып турду. Жоо босогого келип калгандай карбаластады. Капыстан келген ачуусун жутуп алды.

– Курманбектин дайынын мен да уккам. Экез баатыр, кырк киши котологон кол эмес. Балким алар уурулукка келгендир. Сен мындайлардын далайын таш каптыргансың. Сенден өткөн баатыр жок. Андыктан колуңду жый да, шарт жөнө. Артыңдан калган колду жыйнап өзүм барам.

– Каным, Курманбек кыргыздын өткөн кегин кууп келиптир. Атайын келген соң, элинин өчүн албай, мүдөөсү канабы, жаны тынабы? Каным кепке кел, бөөдө каныбыз төгүлөт. Баатырдыгы болбосо бизди жекеме-жеке урушка чакырабы? Ал жөн баатыр эмес. Мен деле жигит курагымда толкуган калың колду тоотпой, урушка кирип кетчүмүн. Курманбектин атасы Тейитбек кандын элин баш, калганын төш кылып, катар-катар чаптык го! Ансыз деле эзилген элди куруттай эзип, канча жыл алым алдык! Эми минтип курагым токсонго келип турганда баатырдын атын уккан сайын сай-сөөгүң сыздайт экен. Андыктан карылык сөзүмдү ук, урматтуу каным. Куру кайрат баш жарат. Экөөбүздү жайласа, артыбызда кайрат кылар ким калат? Ошондуктан эл менен кеңеш, сураганын, малыбыздын экиден бирин берели. Эсен-сообузда Курманбек баатырды алдап-соолап, эптеп  келген жолуна салалы.

Дөлөн кан Экезди угуп эрдин каната тиштеди. Не кыларын билбей, айласы алты болду. Канткен менен баатырынын кеби эптүүдөй туюлду. Ошондуктан калмактын нарктуу-барктуу деген төбөлдөрүн, аскер башчыларын ордосуна шашыла чакыртты. Оюндагысын ортого салды. Эмне бар, эмне жок дедиби, сактана айтты.

– Урматтуу бектер, кара тоонун чегинде кыргыздын бала баатыры Курманбек күтүп турат деп Экез баатыр келиптир. Баатырыбыз карыганда кайратынан жазды, же чындап коркуп калды. Болбосо мал-мүлкүбүздүн экиден бирин берип, жоону эптеп жолго салалы деп айтпайт эле. Баатырыбыздын эрдигинен тайып, эси кетип турганы ушу эмеспи. Мен аны менен макул эмесмин. Карсылдаша чабышпай кантип байлыгымды берем, элимди тонотом. Эмне биздин эл кырк кишиге тең эмес бекен?! Кыргыз эмес, көптүгүнөн жер силкинген кытайды чаба турган күчүм бар. Андыктан ар кимиң миңден тандалма, баардыгы шай келген аскер ал. Жетегиңерде  бирден ат болсун. Мен да карап турбайм, колду өзүм баштайм, – деди кан Дөлөн, кайратына келип.

Котологон калың калмак Дөлөн кандын сөзүнөн улам кымгуут түшүп калды.

 

ЖООНУН ЖЕҢИЛИШИ, АККАН МЕНЕН ДОСТОШУУСУ

Көп өтпөй каарданып калган Дөлөн кан калмактарын шаштырып жолго чыкты. Ошентип эсеби жок калмак колу жөө тумандай жылып жөнөдү. Ушул көрүнүштүн баарына Курманбек ыраактан көз салып турду. Эрөөл талаасына келгенде калмактын каны жылан тилин соймоңдотту:

– Экез баатыр, кылчаңдабай бар демиңди жый. Өмүр бою урушуп келдиң. Көп баатыр сенин найзаңдан өз ажалын тапты. Көп жылдар жыгылсам өбөгүм, урушта жөлөгүм болдуң. Азыр сенден өткөн сынакы баатыр жок. Курманбекти кырк жигитине кошуп жүрөгүн жарып, канын төк. Дагы бир жолу намыска жарап бер! Ошондо сен менден эсеби жок сый көрөсүң, – деди айласы куругандай көшөрүп.

Ичи ойдологон Экез баатыр не демек? Оозун ачпай тымпыйып туруп берди. Анткени ал эр урушка чыкса да өлмөк, чыкпаса да өлмөк. Ошон үчүн башын катырып ойлонбоду, коркокторчо толгонбоду. Каны айтып жаткандан кийин барбай коюу мүмкүн эместигин ал жакшы түшүндү. Ошондонбу шылкыны бошоп, көңүлү биротоло чөгүп калгандай бозорду. Эсине “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” деген лакап кеп кылт этти. Арийне бу сапар кимиси кой, кимиси бөрү экенин аңдабады. Себеби ага эми баары бир. Анткени ушул жекеме-жеке эрөөл урушу, ал үчүн акыркы уруш экендигине көзү толук жетип турган.

– Макул, урматтуу каным. Кандын сөзү качан эки болчу эле, – деди аргасыз башын ийип. – Баары сен айткандай, сен ойлогондой болот. Мен жекеме-жеке сайышка чыгам. Курманбек менен жекелешем. Жеңем, же өлүп тынам, – деп оозу бош айтты.

Анан жымшык көзүн тостойто бакырды. Артындагы котологон колу карап турган жок. Аны жер жаңырта колдоп кетти. Шыктанып калган Экез түпөктүү найзасын булгалап, Курманбекти көздөй зымырай чапты. Курманбек калмак колунун көптүгүнөн тартынбады. Алардын жалаңкычтай айкырыгынан чочубады. Кайра кайраты ашып, каны дүргүдү. Кырк жигитине шык бере, күлмүңдөй кайрылды.

– Жигиттер, эсиңерге түйүп алгыла. Мындай жоодон качып өлгөнчө, кармашып жатып өлгөн жакшы. Экез баатырга каршы өзүм аттанам. Баатыры жыгылып калмактар чубалып качып берсе, күтүп турбагыла. Дароо артынан чабуул койгула! – деп кара чаар жолборстой майдан талаасына атырыла жөнөдү.

Чынында жер жайнаган калмак колуна каршы кырк жигиттин гана келгени көбүн таң калтырды.

– Эмне кыркынын кырк миң жаны барбы? Же алар ок өтпөс, найза тешпес болуп алганбы? Аларды колдогон ким? Ойлогону не? Кырк жигитин гана баштап келген Курманбек баатырда бир мандем бар. Оо, кудай, бүгүнкү уруштан аман сактай көр. Катын-балдарыбызды көрөр күнүбүз бар бекен? – деп уруш талаасына жетпей жатып, жүрөгү түшкөн калмагы мындан көп.

– Экез баатырдын кеңешин угуп, мал-мүлкүбүздүн экиден бирин берип, кыргыз жоону босогобузда сагалатпай капкачан эле жолго салыш керек болчу! – дегени андан көп.

Эми кеч болуп калды. Анткени Курманбек менен Экездин урушу башталып калган. Эрөөл талаа кыргыз баатыры менен калмак баатырынын карсылдата чабышкан урушунан кымгуут түшүп турду. Ар ким өз баатырын сүрөйт. Кайраты кызыл жолборстой чамынган бала баатырды ээрден ыргыта саям деп атып, калмактын карт баатырынын шайы ооду. Найза жеди. Бири күчөсө, экинчиси коргонду. Алыстан көз салып тургандар:

– Жекеме-жеке эр урушу азыр кызыйт. Ким кимди ээрден алып түшөт? Ким кимге алым төлөйт? Кызыгы ушунда, – дегиче бири аттан камгактай эле учуп түштү.

Ушинтип эки баатырдын карсылдаша сайышкан эр урушунун арты кайгылуу аяктады.  Анткени Курманбек баатыр урушту созгусу келбеди. Найзасын туштап:

– Өпкө, боордун тушу, өлөр жери ушу! – деп Экездин как жүрөгүнө найзасын матырып алды.

Урулган катуу соккудан калмак баатыры ээрден тоголонуп түштү. Жыгылган барабар турган жок. Жанын асманга учура сайган Курманбектин сүрү жер жайнаган калмактын жүрөгүнүн үшүн алды. Сүрү качкан калмак колу бир толкуп барып басылды. Ишенген дөөсүнөн айрылган Дөлөн кандын бет түгү түксөйдү. Намысына чыдабай көтү түшкөн аюудай айкырды. Найзасын булгалап, Курманбекти тике качырды.

– Кырк жигитим кырааным, мени көздөй Дөлөн кандын өзү келатат! – деди Курманбек баатыр, урушка кайра шай болуп. – Калмак канын ээрден ыргыта сайбасам, кумарым тарабайт. Андыктан карап тургула, азыр анын тумшугу кандайт. Ошондо калмак ойрон болот. Биздин максат-мүдөөбүз орундалат, – деп кайраттана-шаттана бакырды.  

Анан карап турбады. Телтору тулпарды катуу теминди. Алгыр куштай тап койду.

Эки дөөнүн урушу ушинтип күч алды. Бири-бирине найза сунду. Кайра-кайра беттешти. Найзалар кагышып, күч эрдигин сынашты. Аттар кишенеп, бел майышты. Бир убакта Дөлөн кандын аты жалт кача берди. Бала баатыр Курманбек чапчаңдык кылып кетти. Тике качырып барып, кый сүбөөгө сайып өттү. Эби кеткен Дөлөндүн үзөңгүдөн буту тайды. Сүбөөдөн тийген найза кабырганы аралап, кыр арканы жаралап өттү. Кыл учунда турган Дөлөн кандын жаны минген атынын кыйындыгынан гана аман калды. Ат ээсин ала качып барып, котологон калмак колуна кирип кетти. Курманбек ошондо гана найзасын тартып алды. Ушинтип жекеме-жеке сайышкан эр урушу аяктады. Себеби калмак тараптан башка эч ким чыкпады. Керней-сурнайчылар какап-чакап барып басылды. Добулбастын үнү таптакыр өчтү. Калың калмак колу Дөлөн кандын жанын ала качканын көрүп, көргө түшкөндөй тунжурады. Анча өтпөй жымжырттыкка жан киргизген калмактардын кокуйлаган ачуулуу үндөрү, кыжы-кужу сүйлөнгөн сөздөрү жүлүн куйкалады. Анткени бир заматта калмак аскеринин катары ыдырап кетти. Баары сүйлөшүп алгандай, канынын артынан жабыла жандарын ала качты.

 Курманбектин кырк жигити:

– Төрөм, эми бизге уруксат бер. Качкан жоону кууйлу! Кылчаяр алы калган жок, кылычты канга жууйлу! – дегенде Курманбек ыраазы боло макулдугун берди.

Ошондо кырк жигит карап турабы. Баары жабыла ат койду. Кыйт-кыйттуулап, “Кыргыз!”, “Кыргыз!” деп ураан чакырды. Качкан жоонун жанын ала бакырды. Кара жандан түңүлгөндөрдү жеткен жерден көмөлөтө сайды. Оңду-солду кылычтады. Калмак колунун көбү өлдү, көбү жарадар болду. Калганы дубалы бийик Кара шаарга кире качып, жандарын арачылап калды.

Эр сайыштан эптеп тирүү калган Дөлөн кан жаралуу жанын карап төшөктө күндөп-түндөп жатып калды. Качан сакая баштаганда биринчи айткан сөзү Курманбек болду. Ал эрте күндү кеч кылбай биринчи кезекте Курманбек баатырды кеп-сөзгө тартып, аны менен элдешүүнү чечти.  Антпесе мал-мүлкүнөн гана эмес, элинен да айрылып калаарын сезди. Ал мына ушундан коркту. Эли-журтунун, мал-мүлкүнүн тагдыры бүгүн-эртең чечилгени турганда кыңкыстап жатып алганын өзү да жактырбады. Тез арада Элбек деген чеченин элчиликке шайлады. Максат-мүдөөсүн айтты.

– Экез баатырдын тилин алсам, минтип төшөктө жатпайт элем. Аз жерден өлүп кала жаздадым. Өзүмдү өзүм кылдым. Айткан жүйөлүү кепти укпай кабыргам талкаланып, кыр аркамдан жаракат алдым. Өзүм шайым ооп араң турам. Ошондуктан сени чакырттым. Элбек, сенин сөзүң эптүү. Тезинен барып Курманбектин алдына түш. Биз анын баатырдыгына тан бердик, туубуз жыгылды. Андыктан айдашынча мал алсын, алтын, күмүштөн каалашынча жүктөп кетсин. Жыл сайын алымын төлөп туралы. Ага кошумча тулпарымды тартууга алсын, мени менен достошуп кайтсын. Түшүндүңбү?

– Түшүндүм, каным!

– Түшүнсөң тез аттан! Бүгүн жөнөбөсөң, эртең кеч болуп калат.

Элбек чечен хандын ой-максатын жакшы түшүндү. Эрте күндү кеч кылбай, ошол эле күнү Курманбекке саламын айтып түштү.

– Курманбек баатыр, каныбыз күчүңдү тааныды жана сенин эркиңе жол берди. “Уу ичкендей кыйраткан калмактан эмнени кааласа баарын алсын. Анткени калмактын туусу жыгылды. Жыл сайын айткан алымын убагынан кечиктирбей төлөп туралы. Кадырлаш бололу, эмне десе баарын аткарууга биз макулбуз”, – деди  каныбыз.

Курманбек баатыр кыйты Элбек эмне айтарын күн мурунтан туйган.

– Элбек чечен, мен бөөдө жан өлтүрүп, кан төккөн киши эмесмин. Дөлөн кандын сөзгө келип, эбин таап, жарашкысы келгени түзүк. Бирок мен ага түк ишенбейм. Элдешкиси келсе өзү келсин. Жанымда момундай эр жигиттер турганда котологон калмак бизге кеп эмес. Ошондуктан убара чекпей, берем деген алтын, күмүшүн жүктөй, малын айдай келсин. Төлөп турар алымын өз оозу менен айтсын. Ошондо гана ишенем. Алты күн күтөм. Жетинчи күнү келбесе, бүт калмакты быт-чытын чыгара талкалайм. Ушундай деп айтып бар. Жообун кечиктирбей берсин.

Элбек элчи муюп укту. Кайтып келип, канына кыргыз баатырынын оюн ачык билгизди.Төкпөй-чачпай айтып берди.

– Бала баатыр Курманбек: “Элдешүүдөн качпайм. Качса дагы Дөлөн качар. Мен кыргыз-кыпчак элимдин өчүн алуу үчүн, ажалым жетсе өлүү үчүн келгем. Бизге эки элдин тынчтыгы керек. Бере турган дүнүйө-мүлкүн берсин, малын айдай келсин. Анан өзү келсин. Алдайм деп ойлобосун, байлыгын алып калам деп жутунбасын!” – деген саламын жолдоду. Бу иште эч чекилик кеткен жок, каным. Эмки сөз сизде, төрөм.

Дөлөн канды “өзү келсин” деген сөзү кыжалат кылды. Жооп айталбай ой басып калды. Анан  токтоосуз эл бийлеген билермандарын кайра кеңешке чакырды. Өөдө-төмөн сөз болду. Акыры кеңеш элдин тынчтыгын ойлоп, Курманбектин алдынан өтүүгө  макулдугун берди.

Кан убада кылган алтымыш ак боз күлүктү кишинетип, алтымыш нарга алтын, күмүшүн жүктөттү. Жер жайнаган малын айдатып жолго чыкты. Багынгандын белгиси болгон ак тууну желге желбиретип Элбек элчи канды алдына салып келди. Курманбек баатырдын сүрүнөн жалтанган калмак каны Дөлөн аттан кандай ыргып түшкөнүн өзү да сезбей калды. Камчысын мойнуна алып, ийиле кол берип көрүштү.

– Курманбек баатыр, сен айткандын баарын алып, алдыңа өзүм келдим. Аз десең дагы берели. Канча десең көнөбүз. Жыл сайын ушунча алым берип турабыз. Анткени биздин туубузду өзүң жыктың. Кырылышпай иштин оң бүткөнү жакшы болду, баатыр. Жараткан сага көп жаш берсин, даңкың дагы алыска тарасын! – деп, кан Дөлөн күнөөлүүдөй башын көтөрбөй турду.

Курманбек баатыр көп күттүргөн жок.  Жообун тезеле берди.

– Кан, биздин элде: “Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч” деген асыл кеп бар. Анын сыңарындай, өткөн иш өттү. Көкүрөктү мыжыктырган өткөн кекти, өчкөн өчтү алдым. Кылычтын мизинде турган жаныңды кечтим, – дегенде, Дөлөн кан тизе бүгө, Курманбектин бутуна чөгөлөй калды.

– Ырайымдуулугуңа миң мертебе ыраазымын, баатыр! Миң жыл жаша!

– Кан,  өөдө тур, жаныңа кошуп, элиңди да өзүңө бердим. Сен ушуга  ыраазы бол. Бирок ар жылда берер алымыңды өз учурунда берип тур! Эч качан кечикпесин. Эми кете берсең болот, – деди Курманбек, өктөм унчуга.

– Сен айткандай болот, баатыр. Сен айткандай болот. Берген убададан тайбайбыз! – деди Дөлөн кан колун бооруна ала. – Эч качан кечиктирбейбиз!

Анан кетенчиктей арты менен бектери турган тарапка шаша жылды. Атына шап минип, ордосун карай желдирди. Ээрчип келген бий-төрөлөрү артынан самсып, ээрчий чапты.

Ошентип, Курманбектин калмактарга жасаган жортуулу алардын багынышы менен аяктады. Күтүрөгөн малын айдап, жолго салды. Көп алтын, күмүш, түркүн мата  артылган төөлөрдү бири-бирине чиркеп, үйүнө кайтты. Калмактын канын чөгөлөткөнүн уккан Кашкардын каны Аккан Курманбекти жеринде күтүп жаткан. Акыры ал күткөн кербен да көрүндү. Көк бөрү тарттырып, керней-сурнай ойнотуп, чоң шаң-шөөкөт менен тосту, Аккан жоону чапкандарды. Курманбек менен эзелки достордой кучакташып көрүштү. Кырк жигит менен ийин кагыштыра учурашты.

– Кара башың карк алтынга чулганган Курманбек баатыр, амансыңбы?! Калмактын жыгылбас баатыры Экезди тоголото сайыпсың. Каны Дөлөнгө өз канын өзүнө ичирип, калмактын туусун жыгыпсың. Жеңишиң кут болсун! Ааламга даңаза болгон эрдигиңди куттуктап, алдыңдан тосуп чыктым. Сени менен дос болсом, бу дүйнөдө арманым жок. Анткени өзүңдөй жолборс сындуу дос табалбай, өзөгүм өрттөнүп жүргөн. Калмакка карай кеткенде сени менен достошом деп оолуктум. Ошондон бери жол тосом. Бүгүн дүнүйөм түгөл. Кудай буюрса, көптөн бери дегдеп келгеним ишке ашканы турат, – деди Аккан.

Кашкардын айтылуу каны Аккандын сөзүн Курманбек жүрөгү эзиле укту. Чын дилинен кубанды. Экөө көпчүлүктүн алдында кучакташып көрүштү. Акыреттик дос болушту. Курманбек калтар жоргону Акканга тартуу кылды. Жеңгендердин урматына арналган той ушинтип башталды. Ал түнү бою созулду. Тойдун эртеси да болду.

– Досум, келе колуңду. Тигил жактан кытай, бул жактан калмак, дунганы тийишсе айт. Дароо келем. Досум үчүн жанымды аябайм. Жан досум, убада эки болбойт. Мен сага жардамга келүүгө дайым даярмын. Кийинки кездешүүгө чейин аман тур. Эми биз аттаналык, Аккан досум, – деди баатыр Курманбек.

Ошентип, эки дос кийинки кездешүүнүн урматы үчүн ысык айрылышты.

Калың  калмактын колун багынткан Курманбек баатыр менен кырк жигиттин эрдиги элинде  чоң даңаза болду. Чоорчулары обон созуп, комузчулары кол ойнотушту. Ак куу сындуу кыздары бий бийлеп, жигиттери көк бөрү тартты. Жаш-карысы бирдей шаттанды. Бирок ошончо элдин ичинен бир гана Тейитбек кандын кабагы ачылбады.

– Атаке, амансызбы? – деп Курманбек атасына үйрүлүп түштү. – Неге капасыз? Туу көтөрүп, кастарын тиккен калмакты багынтып келген уулуңдун ал жайын неге сурабайсың? Эмнеден жаздым? Же орунсуз иш кылып койдумбу? Калмактын баатыры Экездин жанын алдым. Дөлөн канын жараладым. Жылда алым төлөп турууга мажбурладым. Жортуулдан кайтып келатып, Кашкардын каны Аккан менен акыреттик дос болдум. Эсепсиз дүнүйө алып келдим. Ошондон алышыңча ал, калганын элиңе бөлүп бер, – деди уулу сыймыгын арттыра.

Көп дүнүйөнү көргөндө атасынын санаасы тынды. Көңүлү жайланды. Анан Курманбектин айтканындай кылып, элдин үлүшүн жаш-карыга бирдей бөлүп берди.

 

КУРМАНБЕКТИН КАНЫШАЙГА ҮЙЛӨНҮШҮ

Бир күнү кан Тейитбек күтүүсүздөн эл бийлеген билермандарын чогултту. Маселени кабыргадан койду.

– Журт билермандары, Курманбекти үйлөндүрөйүн деп чечтим. Ошондуктан аны тез арада көндүргүлө. Кыз тапсын. Элибизден кантип ага ылайык кыз чыкпасын? – деди аталык милдетин өтөгүсү келген кан.

– Бу жакшы маселе. Биз ага каршы эмеспиз. Айталы, дейли, – деп Курманбекке келди, көп билерман.

– Курманбек баатыр, атаң өз элинен кыз тандасын дейт. Кан ата салты менен үйлөйм деп жатат. Атаңдын сөзүн эп көрсөң, эл арала. Кыргыз-кыпчакта асыл кыздар көп эмеспи, – деди көп билермандын атынан, убазири Зайырбек.

– Зайырбек ага, бу не дегениңиз? Мен силерден катын алып бергиле деп сурандымбы? “Кыргыз-кыпчак элинде сулуу кыз барбы?” деп эл араласам, менде кайсы ар калат. Ага менин намысым чыдабайт. Алам десе, өзү ала берсин. А мен өз көйүмдү өзүм чечем. Оогандын каны Бакбурдун перидей сулуу кызы бар деп угам. Алсам ошону алам. Бирок Бакбур кандын: “Ким Үргөнчтүн суусун кечтирип өтүп, мени эр сайышта жыкса, кызым Канышайды ошо баатырга берем” деген жарлыгы бар экен. Бирок ушул күнгө дейре ал сыноодон эч ким өтпөптүр. Баргандар же сууга агып өлөт экен, же Бакбурдун найзасынан набыт болот дейт. Мен дагы көптүн бири эмесминби. Таалайымды сынап көрөйүн. Багым ачылса туугандашып келейин. Зайырбек ага, балким мени Ооган жерине өзүң баштап барып жүрбө, – деди жалын жүрөк Курманбек.

Зайырбек Курманбектин тил албашына көзү жетти. Ошон үчүн болгон кепти кан Тейитбекке жеткиргени чапкылап келди. Ошентип ата-баланын ортосунда күйүп-жанып жүрдү.

– Зайырбек, бу кандайча болуп кетти? – деп атасы кан Тейитбек чындап сарсанаа болду. – Баланы ардеменин башын айтып оолуктурбай, кайра тыйбайсыңбы! Оогандын каны Бакбурду билбейсиңби? Ал ушу убакка дейре эч кимге утулуп көргөн жан эмес. Анан калса жери алыс, табияты катаал деп уккам. Аякка барса соо келбейт, анткени Бакбур жөнеле кызын бере бербейт. Өз элинен эле тандасын, – деп кайра жөнөттү.

Курманбек кан Тейитбектин сөзүн кайталаган Зайырбекти укпай койду. Андай десе да болбоду, мындай десе да ынабады. Кайра убазирдин өзүн камоого алды. Ардеменин башын бир айтып, шайын оодарды. Аягында өз сөзүнө өзү бүтүм чыгарды.

– Зайырбек ага, мен сага акыркы жолу айтам. Ооган жерине мени баштап барасың, же кан Тейитбегиң менен каласың?! Ушундай чечтим, – деп убазирди жарга такады.

Зайырбек убазир барайын десе Тейитбектен, барбайм десе Курманбектен коркту. Башы катып, ичи ойдолоду. Кимди угарын билбей, айласы куруду. Барса да өлмөк, калса да өлмөк. Бирок Курманбек баатырга жан тартуу амалында мындай деди:

– Баатыр, аяктан өлбөй кайтсак, келгенде Тейитбек кандын каарынан сактасаң сени менен барайын. Кандай дейсиң?

Зайырбек кытмыр жылмая, жообун күттү.

– Айланайын абаке, бу жакшылыгыңды эч унутпасмын. А Тейитбек канга жообун өзүм берем. Билсеңиз, мен жолго даярдык көрүп койгом. Көп күнгө жетерлик күлазык камдаттым. Эт жаңылап жесин деп элүү жылкы айдаттым. Кырк жигит коштогон чоорчу, ырчысын кошо алдым. Жетпей жаткан кем-карчы болсо айт, дагы толуктайын, – деди толкунданып алган Курманбек баатыр.

– Баатыр камдаган оокатка ким толуктоо кыла алат? Мен сапарга даярмын, – деди.

Зайырбек убазир не демек? Аргасыздан баатырдын кубанычына ортоктош болду. Камылгасы мыкты экендигин өз көзү менен көрдү. Эчтеме кошумчалай албады. Өзү да жолго даярданды.

Кийинки күнү Курманбек баштаган топ Үргөнчтү көздөй сапар алды. Арадан күндөр өттү. Ак кар жаткан бийик тоону тепчип, боз адырларды артка калтырды. Как эткен каргасы жок чөлдү басып, кара кумдуу бел ашты. Так отуз күн болот дегенде чоң Үргөнч дарыясынын боюна келип өргүү алды, Курманбек баатыр менен Зайырбек убазир баштаган кырк жигит. Чарчап-чаалыгып келгендер сууга түшүп, сергип алышты. Кечки тамакка семиз бээ союлду. Кызматчылардын бири очок казды, экинчиси чучук жасады. Үчүнчүсү казан асып, от жакты. Көп өтпөй кечки тамак ичилип бүттү. Ар ким өз жолум үйүнө[4] эс алганы тарады.

Эртеси Курманбек турганда күн нурун жайып калган. Көңүлү көтөрүлгөн баатыр дөбөгө көтөрүлдү. Аркы өйүзгө дүрбү салды. Көзүнө каз-катар тигилген  ак үйлөр көрүндү. Үйдүн алдындагы мамыларда тизгинин каңтарып койгон аттарды, жоо-жарагын чечпеген камдуу аскерди көрдү. Курманбектин көөнү ачылды. Көптөн бери жетпей жүргөн кан Бакбурдун жерине келип калганына көзү жетти.

– Зайырбек ага, – деп кайрылды Курманбек жанына келип калган убазирге, –  тээ, боз мунарык тарапка карачы. – Буюрса, ак тилегибиз кабыл болгону турат. Биз издеген Бакбур кандын ордосу табылды. Бизди туюп кала электе, чоң Үргөнчтөн өтүүгө кам уралык. Кырк жигит жеңил кийинсин. Оор кийимдерин бөктөрүп алсын. Эрте мененки тамактан кийин көк ирим сууга түшөбүз, – деди жүрөгү элеп-желеп болгон Курманбек.

Эрте мененки тамак ичилип бүттү. Үргөнчтү кечип өтүү камылгасы кылдат көрүлдү. Коштоп келген малчы-жылкычылар, кызматчылар калтырылды. Зайырбек менен Курманбек баштап келген кырк жигит чапчаң кыймылдады. Калкан, найза ээр кашына илинди, өздөрү жеңил кийинди. Кылычы белге тагылды. Анан каз-катар боло сууга кирди. Бир аздан кийин баштары гана көрүнгөн кишилер менен аттар калкылдап сүзүп баратты.  Дарыя ээ-жаа бербей көбүк чачат. Тилсиз жоонун сүрү жаман. Жандуунун жүрөгүнө кол салып, бүлбүл жанган үмүтүн өчүрчүүдөй түрлөнөт. Ар ким кайратын бүлөп, аттарынын жалынан бек кармаган. Жан-алынын барында алдыга бой урат. Буттар тыбырчылап, суу шиленет. Жүздөрүнө толкун уруп, жээк көздөн учат. Телтору ат топ алдында. Көкүрөгү менен суу жирегени айбаттуу. Чаалыккан түрү жок. Көздөн учкан өмүр жээги көрүнсө, ошо топ баштап бараткан Телтору атка көрүнгөндүр. Себеби анча өтпөй, кулак кубанта кишинеп алды. Демек, бу жээкке аз калды дегендик. Аны атынын мойнунан кучактаган ээси да сезди. Үмүт оту кайра жанды. Чылбырлары биринен-бирине өткөрүлүп байланган аттарды Телтору ат суудан сүйрөп чыкты. Силкинген аттар, сыгынган жигиттер жээкке толуп чыкты. Акыркы ат туягы жээкке чыкканда Курманбек баарын жоктоп чыкты.

– Жигиттер, аман-эсенсиңерби?! Бизге чейин бу Үргөнчтү эр Семетей менен Күлчоро кечип өтүптүр. Кудай ыроологон ошо шыбагага шүгүр дейли. Бакбур кандын кызынын колун сурап келгендер кечип өткөнү менен Бакбурду жыккан бирөө болбоптур. Биз Үргөнчтү кечип өтүшү өттүк, эми кан Бакбурду ээрден ыргыта саюу милдети турат. Ошондо гана биз өз максатыбызга жеткен болобуз. Ошондуктан тобокелсиз иш болбойт. Атамдан артык көрчү агатайым Зайырбек, азыр эле Бакбур канга жөнө. Көп баатырды жер сүздүргөн жыйырма төрттөгү Курманбек баатырдын өзү келди деп айт. Тоотпой келип, бөөдө уят болуп калбасын. Жоокер кийимин кийине, аскерин ээрчите келсин, – деп элчиликке жөнөттү.

Зайырбек убазир коштогон үч жигит ордо кароолчулары менен сарай сакчыларынан илинчеги жок өттү. Ордодон чыгып келаткан жоо кийимчен Бакбур канды көрүп тизгин тартты. Сыпайыгерчилик менен салам айтты.

– Ассалоому алейкум, урматтуу кан Бакбур. Мал-жаныңыз аманбы? Эли журтуңуз тынчбы? Мен кыргыз-кыпчак элинин атынан келген элчимин. Кан Тейитбектин убазиримин. Кандын уулу Курманбек баатыр өз элинен кыз жактырбай, алдыңызга келип олтурат. Кан кадырын кан билет дегендей, сизде кыз, бизде уул бар экен. Кудалашсак жакшы болор эле деп Тейитбек кан сизге жөнөттү. Курманбек жаштайынан бек чыкты. Өзү катылган душмандын катыгын берип келди. Андыктан кол куушуруп, алдыңызга кудаа түшүп келдик, урматтуу Бакбур кан! – деди Зайырбек сынынан жанбай.

Бакбур кандын көзүнөн каар учту. Бетинин түгү чыкты.

– Элчиге өлүм жок. Аларың бизден кыз болсо, жаш бегиңди баштап кел. Кабак-кашын көрөйүн. Оолугуп келген неме болсо, кыздан үмүтүн үзүп койсун. Алмадай болгон немени баатыр атап алыпсың, арага түшкөн байкуш элчим. Аның мага тик карай алабы? Өзүң да кем акыл неме көрүнөсүң. Калмакты жеңип, канына алым салды деп уккам. Айтып кой, Оогандын элин калмакча көрбөсүн. Мен жетимиш жашка келгенче жер таянып көргөн жан эмесмин. Элим үчүн жаным курман. Беттешкиси келсе, күн чыгар менен Бас дөбөнүн белине келсин! Ошондо маселе чечилет, – деп бастырып кетти.

Кан Бакбурдун ою ачык билинди. Зайырбек кызын оңой эле бере койбосуна көзү жетти. Ошондуктан андан укканын төкпөй-чачпай Курманбекке жеткирди.

– Баатыр, кыз алабыз деп өз ажалыбызды өзүбүз издеп келген жокбузбу? Бакбур дегениңдин тулку бою бүт темирден өңдөндү. Адам аты эле болбосо тоодой чоң неме экен. Өз элиңден кыз чыкпай калгансып, кайдагы желмогуздун кызын издеген сен жерге кир! Азыр да кеч эмес. Жакшысы келген жагыбызга кайтып кетели. Кан Бакбур сага оңойлук менен кызын бербейт, бөөдө кан төгүлөт.

– Кызын береби, бербейби аны эртең көрө жатабыз. Азыр жакшылап эс алалы. Эртең таң заардан аттанабыз, – деди баатыр сыр бербей.

Курманбектин чечими ушундай болду. Буйрук баатыр айткандай аткарылды. Таң жарганда кырк жигит курсактын камын жеди. Анан чогулуп Курманбектин алдына келди. Кызыл чаар жолборстой күркүрөгөн баатыр минтип бакырды.

– Зайырбек ага, жигиттер, ар ким өз элинде баатыр! Ким күчтүү, ким алсыз, аны бүгүнкү жекеме-жеке беттешүү чечет. Андыктан эчтемеге алагды болбой аттангыла!

Кырк жигит шапа-шупа аттанды. Көк асаба кызыл туу көккө желбиреди. Текирең таскак уруп отуруп, Бас дөбөнүн белине, кан Бакбур өзү дайындаган эрөөл талаага келип токтошту. Курманбек аттан түшпөй туруп, эрөөл боло турган кең талаага дүрбү салды.

Бет маңдайдан көп аскерди көрдү. Тараптар жакындай берди. Бүркүттүн канатындай болуп жайылган жоо-жаракчан кошуун жөө тумандай сүрүлүп келет. Каны кол шилтеди дегиче, жандуунун жанын калтырбай чапчуудай келаткан сүрү жаман. Ортодо Казкара тулпарын ойнотуп Оогандын каны Бакбур. Бутунан башына чейин кабаттап темир соот кийиниптир. Мерчемдүү жерге келгенде тараптар тизгин тартты. Бакбур баатыр тайманбай жаш-карысына угуза айтты.

– Бала Курманбек беттешпей койду деп арманда кетпесин. Баатырлык таалайын сынап көрөйүн. Чын-чынына келгенде карылык басып, аны менен кармашарга деле чама-чаркым аз. Себеби жаш кезимдегидей айбатым жок, каруум качып, күч-кубатым калбай барат. Жыгылсам кызымды берем. Баатырдын кадырын көтөрүп, күйөө бала кылып алам, – деп найзасын булгалады.

Ага жооп кылып, ортого Курманбек чыкты. Эки баатыр көп күттүргөн жок. Бири-бирине ат койду. Найзалар кагышканда чак түштө чагылган чартылдагандай болду. Телтору ат менен Казкара аттын ооздуруктары көбүктөнүп, туяктары аңырайта жер чапчыйт. Бас дөбөнүн бели заматта  ызы-чууга толду. Ар ким өз баатырын сүрөдү. Курманбек оңтоюн келтирип, каршылашынын сол мүрүсүнө жеңил гана найза сайып өттү. Бу анын келечек боло турган кайнатасын аяганы. Аны Бакбур кан сездиби, жокпу көп маанилүү эмес. Бүгүн билбесе, кийинки күнү сөзсүз билинет. Ошондо Курманбектин оңой баатыр эместигине тан берет. Төрт сөөм ылдый сайса, найза учу жүрөк толтосуна кадалмак. Ошон үчүн Бакбур кан жеңил гана аттан учуп түштү. Курманбек Казкара тулпарга жандай чаап келип чылбырдан алды. Бакбур канды артынан сүйөй кармап, атына мингизип койду.

– Баатыр, учурунда сага окшогондорду айт-буйт дегиче, найзанын учуна илип алчумун. Эми эки имерип беттешпей жыгылып отурам. Карыганда каруу-күчүңдүн кеткени ушу тура... – Бакбур кандын кирпиктери салаңдай түшкөндө ары жактан Зайырбек чаап келди. Кан кайра сөзүн улады. – Курманбек, эр кадырын эр билет. Сенин эрдигиңе тан бердим. Канышай кызымды сенин тагдырыңа туш кылыптыр. Ушинтип, менин ойдогу тилегим орундалып, ичтеги санаам тынчыды, – деди да, шыр жөнөй берди.

Зайырбек убазирдин сүйүнүчүн айтпа. Үзөңгү кагыштыра баатырын кучактады. Андан өтө кубанган кырк жигити кызуу куттук айтты. Дарыянын аркы өйүзүндө калган жылкычы-малчыларын, кызматчы-ырчыларын өткөрүп алды.

Бакбур бу кезде элин жыйып, жаш-карыга жар салды.

– Кадырман элим, кимде-ким Үргөнч дарыясын кечип өтүп, мени ээрден сайып жыкса кызым Канышайды берем деген убадам бар эле. Курманбек Үргөнчтү кечип өттү. Мени сайып жыкты. Эми мен эмне кылышым керек? Кызымды берейинби, же дүнүйө мүлк менен жылкыдан күлүк берейинби?!

– Курманбектей баатырга бербей кызыңды кимге бересиң?!

– Ал шертиңди аткарды.

– Кантсе да буга жоопту  Төпө чечен берсин, – деди ызы-чуу түшкөн эл.

Көпчүлүк күүлдөп барып басылды. Төпө чечен каадалана ортого чыкты. Элди кыдырата көз алдынан өткөрдү. Оюн ачык билдирди.

– Бакбур кан, Курманбек шертиңе ылайык баатыр. Үргөнч суусунан дегеле эч ким тирүү чыккан эмес. Илгертен сени бирөө сайып жыкпаган. Демек, Ооган элинин бактысына Курманбек туш келиптир. Ушуга шүгүр дейли. Кызыңды берип, күйөө бала кылып ал. Анткени Курманбек далай кармашта сынга толуп, даңазасы таш жарган баатыр.

– Андай болсо көк бөрү тартып, чоң шаң-шөөкөт менен кадырман конокторду жакшылап тосуп алгыла! – деди Оогандын каны сүйүнгөндөн.

Кандын буйругу эки болбоду. Курманбектер керней-сурнайдын, кыз-келиндердин коштоосунда Бакбур кандын ордосунун босогосун аттады. Кызыгы кийин болду. Себеби кандын чечими Канышай сулууну катуу ойлонтуп койгон. Ал дагы эркин жүргөн, эркин учкан тоту куш эмеспи. “Атам эмнеге мени кыргыздын жолоочулап келген бир баласына бермек болуп жатат? Сыртынан сынап көрөйүн. Көңүлгө толсо ичимден тынайын, толбосо чоң чатак кылайын”, – деп  жеңеси Батыйнага, курбу-курдаштарына сырын төктү.

– Айланайын жеңе, курбу-курдаштар! Бул менин ага-инилүү, эже-сиңдилүү болбогон таалайымдын жоктугубу? Же туулгандан жалгыз жаралган маңдайымдын шорубу? Атам ушинтип эле жолоочулап келген бир кыргыздын баласына берип коёбу? Кагылайын жеңеке, кайгыга батты го, кайран көңүл! Эми не кылам?

– Садагасы кан бийке, Курманбек менен жолугууга аз калды. Билинбей барып, боз үйдүн туурдугун көтөрөлү. Эмне кылып, эмне жеп жаткан күйөө баланы ушинтип сынайлы. Эгер көңүлгө төп келбесе, чоң чатакты кылалы, – деди жеңеси чечкиндүү.

Не демек, он алтыдагы шыңга бойлуу, кара каштуу оймок ооз, перидей сулуу Канышай жеңесинин айтканына көндү. Жеңеси айткандай кылды. Көтөрүлгөн туурдуктан шыкаалай караса, оюн-күлкү, тамашанын кызыган учуру экен. Кырк жигитине кошулуп ырдап жаткан Курманбекти даана көрдү. Канышайдын көзүнүн оту жанды.

– Ой, жеңеке! Курманбек баатыр жылдызы жанган адам турбайбы. Кырк жигитин кыл баатырдай кураган, Бакбур кандын кызын алам деп келген тоодой кайратын айт. Тимеле адам суктанарлык экен. Атам жаңылбаптыр. Көңүлүм эми ачылды, жеңеке. Анткени болочок күйөө балаңыздан эч өөн таппадым, – деп кайра тартты.

Ошентип той башталды. Той кырк күнгө созулду. Кырк биринчи күнү Бакбур кан кызынын себин жүктөп акыркы белеске дейре узатып келди. Үйлөнүү үлпөт тойдун шаан-шөкөтү эми кыргыз жеринде уланды. Курманбек баатыр Кашкардан Аккан досун чакыртып, кылымга айтылар той өткөрдү.

 

АТА КАРГЫШЫ

Арадан билинбей бир нече жылдар өттү. Багы ачылган Канышай сулуу баатыр жары менен ынтымак жашады. Бири-бирин сыйлап, жамандык-жакшылык иште бирге болду. Канышай үйдүн куту болсо, Курманбек эл камын көргөн эр азаматтардан болду. Сейитбек деген уул көрүштү. Анысы атасына окшоп, тай-тай кезинен эле чыйрак өстү. Турмушка көзү каныгып калган Курманбек жөн жүрбөдү. “Ооган канынын кызына үйлөндүм. Калмакты багынтып, жылда алым алып турам. Эми өзүмө мыкты ордо салдырышым керек” деп ордо салдырды. Калаа түптөдү. Атасы Тейитбек кандан эл бөлдүрүп алып, оокат-ашын өзүнчө кылып кетти.

Курманбек баатыр өз доорун ушинтип сүрдү. Кандай гана кармашта болбосун, жакшы сынакы ат, мыкты жасалган жоо кийими менен жоо жарагы ийгиликтин ачкычы катары саналган. Бу ошо доордун эң маанилүү көйгөйлөрүнөн болгон. Аларсыз согушта ийгилик жарала койбоосу турган иш. Ошондуктан жылда алым аларда кырк жигитин жумшап, атасынын Телтору атын, ок өтпөс ак олпогун суратып алчу. Бу сапар да ошондой болду.

– Жигиттер, калмакка барар убактан үч ай өтүп кетиптир. Анткени кара таандай калмакка жылда бир маал барып, алым алып турчу эмес белек. Кеч да болсо атамдын Телтору атына кошуп, ак олпогун сурап келгиле. Анткени эч арыбас Телтору атты мингенде, мен таптакыр жеңилбестей көрүнөм. Ак олпогун кийгенде ок өтпөстөй, найза бойлобочуудай туюлат. Берсе, бербесе да кечикпей дароо келгиле, – деп буюрду.

Кырк жигит шатыра-шатман ат минип, Тейитбек канды карай чапты. Ордого жеткенде жапырт аттан түштү. Колдорун бооруна ала канга салам айтты.

– Ассалоом алейкум, асыл пенде каныбыз. Мал-жаныңыз аман, өзүңүз эсен турасызбы? Курманбек баатыр сиздин багыңызга туулган Телтору атыңызды, ак олпогуңузду сурап жатат. “Калмактан алымды чогултар убакыт келип калды.Учурунда албасам дагы бир балээси чыга калбасын” деп тынчсызданып жатат. Баатыр сураткан буюм менен Телтору атты берсеңиз, биз алып кетели, каным.

Айтылган сөз Тейитбек кандын куйкасын куруштуруп жиберди. Ачуусу чукул неменин сакалы силкилдеп кетти. Каары кырк жигитти куйкалап ийди. Карап тургандардын жүзүнө карабай уулун каргап-шилеп жиберди.

– Ата безери дагы ат суратыптыр да! Мага кеңешпей калмакка кол салат. Өзү билип катын алат. Эми менин Телтору атымдын кереги тийип калыптырбы?! Мурун атымды мага ээ кылбай, берип койчу энеси деги өлгөн. Мага демек, калмактын найзасы жүрөгүнө кадалып, жаны асманга учуп кетсин. Ак олпогум менен атымды бербейм! Өлсөм ак олпогум менен сөөгүмдү жабам. Телтору кара байгеме чабылат! – деп кан  ордунан тура калганда, кырк жигиттин жүрөгү алкымына тыгылды. – Дүнүйө-мүлкүмдү ага бергенче, кул-кытанга таратып берем. Ушуларды айтып баргыла! Ачуума тийсеңер, баарыңдын башыңды алам!

Кандын каарына калган кырк жигит кетенчиктей эшик тарапка жылды. Байлоодогу аттарга жетип, шапа-шуп аттанышты. Шашыла тизгин кагып, Курманбектин ордосуна карай камчы урду. Келип арыздана кетти.

– Айланайын баатыр, атаң ат бермек түгүл, кас душманындай сени аябай каргады. Малды өз баласынан артык көргөн, ал кандай сараң чал эле? Өз атаң каргап жаткан соң, жоо калмакка барыштын кажети не? Өзөктөн чыккан өрт жаман демекчи, эртеби-кечби ата каргышы өз таасирин тийгизбей койбойт. Андыктан биз ичтен чыккан жоого түтөбүзбү, же сырттагы жоого түтөбүзбү?! Жакшысы кан Тейитбекти тындым кылалы. Телтору атты, ак олпокту жылкыларына кошуп, бар мүлкүн тартып алалы! Антпесек иш жаман, баатыр.

Курманбектин ичи ойдолоп, от менен жалын болду. Бирок сыртына чыгарбады. Бөлөк-бөтөнгө сыр бербеди. Өзүн токтоо кармады. Кайра кырк жигитине кайрат айтып, кабагын кере сүйлөдү.

– Мындай дегениңер акылга сыйбаган нерсе, жигиттер. Өз атамды өлтүрүп, кайсы мүдөөмө жетем, кайда батам? Атам каарына алды, каргыш айтты деп коркуп калчу мен эмес. Каргыштан коркконуң кал, коркпогонуң мени менен бар. Койкүрөң атты токугула. Аны Телторудан кем көрбөйм. Арийне жаштыгынан корком, себеби жаңы асый. Бирок баралына келгенде андан чоң ат чыгарына ишенем, – деп өзүн-өзү жубатты.

Буйрук эки болбоду. Койкүрөң ат токулду. Курманбек үзөнгүгө бут салды. Кырк жигит да карап турбады, ат-атына жабылды. Баатырдын ичи ойдолоп, кайгы муң басты. Жүрөгү ооруп баратканын жигиттерине түк билгизбеди. Анткени Курманбектин арманы аттын башындай эле. Ошол үчүн ичинен сыздап: “Бу мингеним жайсыз болуп калды. Себеби атам Телтору атын бербей койду. Кайран башым шорго туулган экен. Атамдын каргышы тийип, ушинтип каргыштан ажал табамбы? Канткен менен башка салганын көрөм”, – деп кайгы жеп келатты. Кароол дөбөгө жеткенде шаарына дүрбү салды. Шаардын үстүндө кара булуттар айланып, бир башкача көрүнүп калыптыр. Көргөн көзүнө ишенбей бушайман жеди. Жүрөгү опколжуй:

– Жигиттер, шаардын асты-үстү карарат да. Бу эмнеси? Же ал жайылган малбы? Балким бүрдөп жаткан тал-терек болуп жүрбөсүн? Эгер ал котологон жоо болсо, алган жарым Канышай, алты жашар балам Сейитбектин көргөн күнү не болот? Аман-эсен бар бекен? Барып кабар алып келгиле, – деди, кырк жигитин токтоосуз шаарга жөнөтүп.

Кырк жигит чапкылап келсе эч кандай жоо көрүнбөдү. Бейжай жайылган мал учурабады.  Бүрдөгөн тал-тереги ордунда эле туруптур. Баласы эсен, алган жары Канышай аман, эли-журту тынч экен. Кырк жигит кайра баатырына келип элдин аман-эсендигин айтты. Курманбек ал күнү калмакка жүрөлбай, шаарына кайтып келди. Кем-карчын толуктап, кийинки күнү аттанмак болуп жатып алды.

Ошо кезде калмактын каны Дөлөн да жөн жатпай, ичи ойдолоп турду. Күндө жол карап, алым алчуларды акмалап жүрдү. Бирок алар бир айда да, эки айда да келбеди. Арадан үч ай убакыт өтүп кетти. Убакыт Дөлөн канга иштеп жаткандай. Ошондонбу убакыттын өтүшү, Курманбек баатырдын кечигиши ага башкача шаң берди. Бир убактагы берген убадасын унутуп, ичи өтүп кетти. Колун шашылыш жыйып, жөнөп калды.

– Биздин бактыбызга Курманбек баатыр өлгөн го?! Келер убагынан үч ай өттү. Дагы эле жок. Болбосо эмдигиче ач бөрүдөй жойлоп, жетип келмек. Неси болсо да бир кабарын билейин. Камсыз жаткан болсо шаарын бөлө чабайын, элин теменесин калтырбай тоноп алайын, – деп түнү келип, алты миң аскери менен шаарды камоого алды.

Шаардан эч кимди чыгарган да, ага киргизген да жок.

Курманбек ошол түнү жатып түш көрдү. Түшүн аялы Канышайга жорутту.

– Кымбатым Канышай, башыңды көтөрүп, көзүңдү ач. Түндө жатып түш көрдүм, түшүмдө жаман иш көрдүм. Алты миң калмак шаарды алты айланта тегеректеп алыптыр. Мен жалгыз калыпмын. Атам Телтору атын бербей койгондуктан аргасыздан Койкүрөң атты мингем. Каарыма чыдабай, калмактарды шаардан кууп чыктым. Бирок көптүн иши көп тура. Минген атым Койкүрөң алсырап, баспай калды. Өзүмдү кара тер басты. Шайым ооп, калмактардын тепкисинде калдым. Душман аяп коёбу? Сунган найзасы жүрөгүмдү аралап, жүлүнүмдү куйкалап кетти. Жүрөктөн чыккан кызыл кан көкүрөктөн салаалап агып, жер сугарып атыптыр. Бу эмне болот, жакшылап жоручу.

– Түшкө эмне кирбейт, түштө эмне дебейт, баатырым. Шаарды камалаган алты миң калмакты кууп чыкканың – жакшылыкка. Касташкан калмакты жеңип, аман келет экенсиң, – деп жакшылыкка жоруп койду, сүйгөн жары.

Ошо тушта алты жашар уулу Сейитбек ойгоо жаткан. Апасынын айтканын угуп, эселек бала экенине карабай өзүнчө ой калчады. “Атамды кайгы басып турат. Калмактан ажал тапса, баласына атын бербей койгон чал мени оңдурбайт. А көрөкчө атам менен кетейин. Өлүп кетсе өз колум менен көмөйүн. Өлбөй келсе, жоокер өнөрүн өз көзүм менен көрөйүн”, – деп атасына кайрылды.

– Ата, апа, экөөңдүн тең жүрөк болкуткан сөзүңдү уктум. Ата намысын булгабайм. Жетим калып, куураган чалдын запкысында калгым жок. А көрөкчө, атаке, өзүң менен кетейин. Кара атымды минейин, каруум келсе калмакты бир четинен сүрөйүн. Калмактарды качырган баатырлык өнөрүңдү көрөйүн. Мени жалгыз калтырба, атаке! Өзүң менен кошо ала кет, – деди жакшы чыкма баласы.

Курманбек баласынын сөзүн угуп каңырыгы түтөдү. Мууну бошоп, жалгызын бооруна кысты. Бирде сүйгөн жарына, бирде жалгыз медерине тигилди.

– Айланайын жалгызым, сен али жашсың. Балтыр этиң толо элек балапансың. Мен кетсем, апаң бар. Кайрат кыл. Карсылдашкан жоо эч кимди аябайт. Экөөбүз тең өлсөк кыргыз-кыпчак элин ким багат? Апаң жөнүндө ойлондуңбу? Ага ким эш болот. Сен да чоңоюп эр жигит болосуң. Өлсөм ошондо калмактардан кунумду кууйсуң. Ушуну көңүлүңдөн чыгарба. Эми уктай кой, уулум, – деп Курманбек уулун жубатты.

 

КЫРК ЖИГИТТИН ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ ЖАНА КУРМАНБЕКТИН ЖАРАДАР БОЛУУСУ

Курманбек алдап-соолап Сейитбекти уктатып сыртка чыкты. Көңүлү бир жерде болбой, жүрөгү опколжуй берди. Кароол секиден көз салса, капкачан эле аларды калмактар курчап алыптыр. Түшү туш келгени аз келгенсип, эми атасынын каргышы да төп келгени калдыбы? Баатырдын башына келген чалды-куйду жаман ойлор көңүлүн  иренжитти. Бирок ойлонууга чама-чаркы жок эле. Дароо добулбас кактырды. Кырк жигити шудуңдай жетип келди.

– Жан жолдошум кырк жигит, бизди балээ басты. Тез камынгыла! Кылычтан канын чубуртуп босогодо калмак жоо турат. Кырылышар кез келди, жоону келген жагына сүрөлү. Жерибизди, элибизди сактап калалы, – деди Курманбек жоо жарагын кийинип жатып.

Калмактын кабарын уккан кырк жигиттин көңүлү бир заматта ириген сүттөй бузулду. Аларды жоонун босогодо турганы аябай чочутту. Калп айткан менен болобу, жан ширин көрүнүп кетти. Бири ойлогонду, экинчиси ойлободу. Акыры баарынын ою эптеп жанды аман алып  калууда болду. Ошон үчүн: “Кысталышта бөөдө кырылып кетпейли, мал-мүлкүбүздөн, үй-бүлөбүздөн айрылып калбайлы!” – деген кысталыш ой, ар биринин колу-бутун баса албай тургандай матап койду.

Жараткандын буйругу ушундай түштүбү, топудай болуп топтолгон топ-топтон күпүлдөгөн сөз угулду. Күбүр-шыбыр айтылган ошо сөз баарын бир ойго түрттү. Бирок ал ойду ачык айтуудан аларды эч ким, эчтеме чочуткан жок. Ою бир жерден чыгып, тили төп келген кырк жигиттин башы бириге түшкөнү да ошондон, сыягы.

– Телтору атты минсе барат элек. Аны атасы берген жок. Демек, бу утулдук, жоо калмакка тутулдук дегендик. Себеби ата каргышы деген жаман. Койкүрөң ат мындай кармашка чыдабайт. Ошондуктан анын тирүү каларын, же жоодон өлүп тынарын ким билет? Айтты, айтпады дебегиле, бу сапар бизден шык кетти, жигиттер, – деди акылдуусунган бирөөсү.

– Шык кеткенде да жаман кетти. Эртең өлбөсөк да, бир күнү баарыбыз өлөбүз. Же Тейитбек кан кийин кектеп жүрүп түбүбүзгө жетпей койбойт.

– Анда не арга кылабыз?

– Арга бирөө гана. Курманбек деп баарыбыз кырылып кетпейли. А көрөкчө анын өзүн эптеп жөнөтүп ийели. Ал жактан соо келбейт. Анан Тейитбек канга өтүп кетпей жаныбыз жокпу? Ошондо жаныбыз аман, мал-мүлкүбүз ордунда  калат, – деди акылы кыска дагы бирөөсү, көзүн алайта.

Күтүлбөгөн жерден баатырга жөлөк, журтуна калкан болчу кырк жигит ушундай чечимге келди. Аттиң десең, калмактарга жасаган биринчи жортуул башкача өтүптүр. Себеби баары бойдок. Анан ошол жортуулдан кийин Курманбек баарына үй тикелеп берди, баарын малдуу кылды. Колуна дүнүйө-мүлк карматты, элинен кыз тандатты. Ошентип кырк жигитин чоң дөөлөткө жеткирген. Бирок өткөн убакыт, өз керт башын гана ойлогондук үйлүү-жайлуу, бала-чакалуу болгон немелерди  кайратынан жандырып, мизин мокотуп салганын баатыр билбептир. Кут дөөлөттүн баары асмандан түшкөндөй, баатырын унутуп калгандай ала сезим уялап турду, аларды. Ошон үчүн Курманбектин чакырыгы жоопсуз калды. Калмак жоо босогодо котолоп турганда ооздоруна кум толтуруп алгансып, кырк жигити тултуюп туруп алды. Көкүрөк тосчу, кылыч чапчу, эл коргоочу кезеңде  артка чегингени жаман болду. “Барабыз, же барбайбыз!” дешпеди. Баштарын ийип, баатырына кайдыгер мулуюшту, өздөрүнөн алыс кармады.  Акылду жан эмеспи, Курманбек баатыр аларды түшүндү. Катуу айтпады, “мени менен жүргүлө” деп зордободу, “мени менен болгулачы” деп жалынбады.

– Жортуулубуз оңунан чыгып турганда, жакшы эле дооран сүрдүңөр, жигиттер. Эми силерди кайсы кара теке сүздү? Эмнеге кылчакдайсыңар? Күлүгүм баспай калганда күлүк алмаштырган кырк жигитимден айрылдымбы? Күйүт тартып турганда, кайрат айтар кырк жөлөгүмдөн жалгыз калдымбы? Мейли, жаман айтсам көңүлүңөргө албагыла. Жарым  Канышай менен Сейитбек баламды жакшы карагыла. Каруу-күчкө толуп турган чакта, котологон жоодон коркчу мен эмес. Жоого аттанбай койсо да болбойт. Ал менин ар-намысыма туура келбейт. Жатындашым болбогон соң, жоого жалгыз аттанам! Кимге кандай өмүр тартуулайт, аны жараткан өзү бир жаңсыл кылат. Жакшы тургула, – деп кырк жигити менен коштошуп, өргөсүнө кайтып келди, Курманбек баатыр.

– Акыреттик жарым Канышай, мен жоого кетип баратам. Ажалым жетсе өлөрмүн, сен ага көп кайгыра бербе. Андан көрө маңдайга бүткөн жалгыз медеримди алып келчи. Боорума кысып, кубаттанып алайын. Ошондон кийин калмакка кызыл кыргын салайын.

– Алда арстаным ай! Бир учурда кол жеткис аска-тоо элең. Эми минтип балаң менен мени таштап жоого жалгыз баратасың. Эр жигиттин башынан мындай нерселер далай өтөт. Эсен барып, аман кел. Ак жолуң ачылсын, ардагым Курманбек.

Телтору ат колго тийбей, Курманбектин ичи кызыл чок. Тулпардын ордуна бышты Койкүрөңдү минди. Найзасын колго алды. Кылычын белге такты. Айбалта, добулбасын жанга салды. Чоң темир дарбазаны сүйгөн жары Канышай ачты. Караса таң атып калыптыр. Көп маалкатпады. Кирген буурадай чамынып, көп калмакты качырып кирди. Кызыл жаян кан болгон калмактар дыргаяктап чалды-куйду качты. Ордодон алыс кууду. Курманбектин кылыч, найзасынан көбү кырылды. Көбү жарадар болду. Кыргызды тоногону, кыргызды тукум курут кылып кырганы келген калмактын жалын жүрөгү от өчкөндөй басылды. Курманбек Койкүрөң аттын сырын беш колундай билгендиктен эс алдырайын деп чечти.

– Койкүрөңдүн терин суутуп, оңдоп токуюн. Анан кайрадан чоң согушка кирейин. Өлгөндөн калганын шаарды көздөй айдайын, – деп атын аркы-терки бастырды.

Бу убакта сайгактаган уйдай дыргаяктаган калмак колу бет маңдайдагы дөбөгө барып өргүү алды. Кара жанын оозуна тиштеген Дөлөн кан ат үстүнөн дүрбү салды. Курманбектин минген атын астейдил карады. Анан Телтору ат эместигине көзү жеттиби, бүтүгүй көзү кубана жымың-жымың этти. Жүрөгү түрсүлдөй сокту.

– Кадырман калмак жоокерлери, бизди кудай колдогону ушу эмеспи. Курманбектин мингени Телтору ат эместей. Баралына жете элек бышты көрүнөт. Кайра катуу качыралы. Бешимге жетпей аты баспай калат. Анан аны баса жыгылбай жаныбыз жокпу? – дегиче Курманбек аларды кууп жетти.

Телтору атты мингендей кыргын салды. Душманды талаадан адырга, адырдан аңга кууду. Бир убакта минген атынын таноолору бырылдап, кулак-жалы булактай түштү. Бу Койкүрөң аттын өлө чарчаган абалынан кабар берип турганы эле. Ошон үчүн төрт шыйрагы төрт жакка талтайып, баспай туруп калды. Дүп-дүп теминди. Чып-чып камчы урду. Болбоду. Алдыңкы эки буту шалактаган жаш жылкы ордунан козголбоду. Өкүрө өксүгөн Курманбек кылычтын бети менен калканын уруп-уруп алды. Үмүт кургур алыста калган ордо калаасы тарапка кылчая каратты. Анткени баатырдын баардык ой-санаасы, акыркы үмүтү калаада калган кырк жигитинде болчу. Кырк жигити жетип келсе, өчкөн үмүт кайра жанарын ойлогон. Ошон үчүн калаа тарапты карай берип көзү карыкты. Карарган бак-даракты кырк жигиттин карааны катары санады. Кудай ургурлар, же алар ордунан жылсачы! Же Койкүрөң аты кыймылдап койсочу! Койкүрөң атын жакшы эле күттү. Бирок күткөн аты басып кетпеди. Же арзып күткөн кырк жигитинен жардам келбеди. Жалгыздыгы ошондо билинди. Кайгы-муң  баскан баатырдын кабыргасы кайышты. Өзүнчө сүйлөнүп атты.

– Же кудай урган кырк жигиттин карааны көрүнбөйт. Жаныбар Койкүрөң аттын баспай калганын көрүшкөн жокпу? Көрүшсө, кечиктирбей ат алып келишпейби! Өзүм Койкүрөңдөн бешбетер чарчадым. Каруу-күчүмдү улап, кылычымды чабышпайбы, өзүм кураган кырк жигит. Ошентсе кана, атаганат! Ажалым жетсе, сөөгүмдү калмактан ажыратып калып, жерге берчү ушулар эле го. Эми канттим? Баарыңды жашыңдан бир туугандай көрүп, эрезеге жеткиргеним калпбы? Минтип өз ажалым өзүмө көрүнүп турганда көңүл айтар бири жок. Өксүттүңөр го, өксүттүңөр! Аталаштай кырк жигиттин  кылар иши ушул беле? Силерди өзүм менен бир тарткан тузум урсун! Атымдын баспай калганын калмактар небак билди. Себеби алар мени төрт айланта курчап келатат. Ооматым кеткени ушубу?! – деп арманын айтып, найзасын жерге таянып турду.

Дөлөн канга кудай берди. Кубангандан:

– Курманбектин мингени Телтору бекен, же башка бекен? Эми чындап көрөйүн, – деп Туучунак тулпарын алкынта, баатырдын маңдайына келип тизгин тартты.

– Ассалоом алейкум, кан Курманбек! Эсен-амансыңбы? Байкасам атың баспай шалактап калгансыды. Жылда жыргап жаткан тынч элге бүлүк салчу элең. Эми канттиң? Ажалың өзү бизди издеп келгенине караганда, жыгылар кезиң келип калганбы дейм. Эми бизден кантип тирүү кетесиң? Атаң Телтору атка ээ кылбай өлө каргаптыр. Кырк жигитиң өзүң менен кошо келбей жанын сактаптыр, – деп шакаба чекти. – Бизде атаңдын куну калган жок. Өпкө, бооруңду аңтара чабайынбы, же шаарыма тирүү кармап барайынбы? Айт. Же жалгызыңды өлтүрүп, жаңы салган калааңды талайынбы? Бу сапар ажалың менден, баатыр. Каалагандай кескилейм. Сөөгүң карга-кузгунга, бөйөн-чаянга жем болот.

– Дөлөн кан, ашыкпа! Маңдайга жазганын көрөбүз. Же сен өлөсүң, же мен өлөм. Өлсөм да сени ала жатам, – деп Курманбек Дөлөндү катуу качырды.

Туучунак аттуу тулпар минген калмак каны кош аңдан ары түйүлдү. Артынан куугун салган Курманбектин аты аңдан өтө албай бели үзүлдү. Курманбек жер таяна тура калганда Дөлөн кан качырып келип, түпөктүү найзасын “былч” эттире сайып өттү. Көкүрөктөн кирген найзанын учу далыдан көрүнүп, “карс” сынды. Курманбек баатыр кансырап жатып калды.

– Э, кудай, мен акыры көктөн көксөгөн мүдөөмө жеттим! Көздөгөнүм Курманбек баатырды көмөлөтө сайдым. Өлүгү аңда калды. Эми өз азабын өзү тартып, ээн талаа, караңгы аңда кыйналып жатсын. Түн каракчысы чөө-бөрү тирүүлөй этинен татсын, – деп кайраттанган-шаттанган Дөлөн кан колун ээрчитип жөнөй берди.

Калмак жоо кеткенде айлана тынчый түштү. Көп өтпөй караңгылык каптады. Асманга бажырайып жылдыз толду. Жайдын айлуу түнүндө Курманбек эсине келди. Алы кетип, бети-башы чамбыл-ала болуп, топуракка жуурулган баатыр жан-жагына каранды. Көзүнө кыбыраган жан урунбады. Көкүрөгү арманга толду.

– Түшүмдү туш келтирген армандуу тагдыр ай! Телтору атын бербеген какбаш чал мени ушинтип курутабы? Какбаш чалдын каргышы өз башына тийсин. Мага буюрбаган Телтору ат көр байгесине чабылсын. Ак олпогу сөөгүнө жабылсын. А мен байкуш, башымды жөлөр эч ким жок, ай талаада калдым. Ушундай чакта ак кепиндеп, аруу жууп, көмөр кишим болсочу... Кара көзүм өчкөнчө, көрөр кишим болсочу...ай!..

Жарадар баатырдын муңайым үнү ээн талаанын тынчтыгын бузду. Чымын-чиркейдин ызылдагы мазесин алды. Арийне, ага жардамга келген жан болбоду.

 

АККАН ДОСУНА  ЖОЛУККАНДА

Канча убакыт өткөнүн, эмне болгонун билбеди. Көкүрөгү муңга толгон Курманбек эрдин кесе тиштеди. Аңдан чыгууга далалат күч. Жаралуу эр басууга дарманы жетпей, боору менен жылды. Чымындай чыркырап кетчү жанын бөйөн-чаянга талаткысы келбеди. Бир аз тыным алат да, кайра кара жолду көздөй жылып жөнөйт. Аракети бекер болбоптур. Көзүнө Кашкар тараптан калың караан урунду. Үмүт оту кайрадан жанды. Көңүлү сергиген немеге соода кербени экендиги даана билинди. Кооздолгон алтын жабдыкчан кара жорго минген киши жакындай бергенде кол сунуп калды. Жалбара мындай деди:

– Айланайын бурадар, бир кайрылып өт! Көкүрөктү кыскан найзаны сууруп таштачы. Итке, кушка жем кылбай, ак кепиндеп, аруу жууп, жайыма бере кетчи...

Аңгыча ал кербенге дагы бир кербен кошулду. Бу кербен Кашкардын каны Аккандын кербени болчу. Ал: “Курманбек досум менен көрүшпөгөнүмө алты жыл болду. Алган жары эркек төрөдү деди эле. Баласын көрүп, досум менен учурашып келейин”, – деп кырк төөгө кызыл дилде, кырк төөгө кымкап шайы, чай жүктөп келаткан. Аяш уулуна бир кызыл жорго тай, бир кара жорго тай арнаган. Курманбек калмак менен урушуп жатат деп уккан. Жардамым тийип калабы деп күн-түн дебей катуу жол жүрүп келген. Аккан Курманбекти даана тааный албай өзүнө кайрылды.

– Эй, кара канга жуулган сен кайсы пендесиң? Топурак-чаңдан бозала болгон, көкүрөгү жаралуу сен деги кимсиң? Курулай бизге жалынбай, өзүңдүн кимдигиңди айт.

Аккан жаралуунун ким экендигин тааныбай, ушинтип көңүл улады. Курманбек чымыркана отура калып, Аккан досуна карай сүйлөдү.

– Айланайын кан досум, бу сен белең! Аттан түшүп, досуңду бир кучактап ал!  Үнүм кудайга жетиптир. Ушунусуна шүгүрчүлүк. Анткени ажалым жетсе көмөр досум келиптир, жыгыларда башымды жөлөр досум келиптир, – деп каргылдана үн катты.

– Асыл досум сен болсоң, ким экениңди дагы бир жолу айтчы, – деп Курманбекти тааныбай, аңгүдүк болуп турду Аккан. – Чынын айтсам, ким экениңди жакшы тааный албай турам. Үнүң да каргыштанып бир башкача чыгат. Бу да көкүрөгүңдү тепчип өткөн найзанын сыныгынан го, көрпендем.

Курманбек термеле башын чайкады.

– Кимдигимди сурасаң айтайын. Мен куу баш чал Тейитбек ат бербей коюп, шору каткан акыреттик досуң Курманбекмин, – дегенде башы шылк эте түштү.

Аккан досунун атын укканда селт чочуду. Томолонуп-жумаланып барып, Курманбекти кучактай жыгылды. Ак жоолугун булгалай, башын жөлөдү.

– Айланайын жан досум, кыймылдай көрбө. Кан көп кетиптир. Каруу-кубаттан айрыласың. Көзүңдү аччы, досуңду бир карачы. Сени жалгыз калтырган мен куруюн. Калдайган кара калмакты кыйрата чапкан эр элең. Кашкардагы досуңдун кылычын бирге чабышчу жолборс сен эмес белең. Кан досум, эми сени өлдү деп элиңе кантип айтам да, кантип барам? – деп катуу кайгырды.

Аккан акыл токтотуп кырк жигитин чакырды. Төөлөрдөн жүгүн түшүрүп, жерге килем салдырды. Курманбекти жууп-тазалап, жаңы кийим кийгизди.

– Досуң сага садага, жаратыңа карабай турбайсыңбы, жан досум. Кызыл жорго тайымды минбейсиңби, жан досум. Кызыл кымкап шайымды кийбейсиңби, жан досум. Болду, эми мени менен жүр. Сени үйүңө алып кетем. Ал жакта сени алты жашар балаң Сейитбек, сүйгөн жарың Канышай күтүп жатат. Айыктыруунун бир айласын табарбыз. Анан кара таандай какылдаган калмактан кегиңди да аларбыз.

Ушундай дегенде Курманбек алсыз көзүн ачты. Ат үстүндө жүрүүгө күч-кубаты жок экендигин билгизгендей башын чайкады. Аккандын колун кармады, керээзин айтты.

– Как баш атам ат бербей, эл караган жүзүмдү жер каратты. Жоодон найза жеп, ушинтип ай талаада калдым. Кан досум, эми мен сенин кызыл кымкап шайыңды кийбей, кызыл жорго тайыңды минбей калдым окшойт. Анткени кызыл кымкап шайыңды киерге бүтүн далым, кызыл жорго тайыңды мине турган алым жок. Каралдым жалгыз балама, эли-журтума менден салам айт. Бетинен сүйүп кой. Акыреттик жарым Канышайга баатырыңдан айрылдың деп угуз. Баатырың өлдү дегенде Канышай катуу кайгырар. Андан кийин жан кыйар. Ошон үчүн жалгызымды сага тапшырдым. Ардактап жакшы багып ал, – деген Курманбек баатырдын үнү муңдуу чыкты.

Аккан  не айтарын билбей заманасы куурулду. Курманбек чыдабай онтоп кирди. Өңү кубаргандан кубарып, алы куруп барат. Аккан досунун азабына чыдады. Башына мамык жаздантып, жакшы карады. Кайра-кайра жуудурду. Бирок  айыктырып алуунун айла-жолун таппады. Арадан эки жума өттү. Ошондо да күнү карады, түнү карады. Талбады. Ушинтип досчулугун актады. Бир кезде Курманбек баатыр көз ирмей Аккан досун чакырды.

– Кан досум, жаным жаман кыйналды. Бачым өлөр айламды таппай турам. Жүрөгүмө кадалган найзаны сууруп алчы, – деп жалбарды.

Аккан найзаны сууруп алууну мурда эле ойлогон. Бирок артын ойлоп, ал ишке барбаган. Эми досу өзү суранып жаткандан кийин, тобокел кылууга бел байлады. Кырк жигитин чакырды. Каратып туруп, жүрөктөн найзаны сууруп алды. Курманбектин кош чөйчөктөй көздөрү тунарып барып жумулду. Анан үстүнөн көбүктөнгөн көк түтүн бур этип, суналып жатып калды. Ошондо баатырдын чымындай жаны чыр этип кеткенин баары туйду. Аккан баштап чурулдап өкүрдү. Ызы-чуу токтогондо, кырк жигитин туш-тарапка чаптырды. Ар кайсы жерден түрдүү узанган усталарды алдырды. Курманбек досуна кооз күмбөз салдырды. Кылычынын сүрөтүн дубалына тарттырды. Элин чакырып, сөөгүн таза жуудурду, ак кепинге салды. Баш-аягын буудуруп, күмбөзгө койду. Ошондон кийин гана акырет кеткен досунун уулун, калың кыргыз элин көрмөккө Курманбектин ордо калаасына сапар алды.

 

КУРМАНБЕКТИН ОРДОСУНДА

Аккан күмбөздөн жөнөгөндө Канышай көнүмүш адаты боюнча күндө чыкчу мунарасына чыгып, дүрбү салып турган. Кыйладан бери баатырынан кабар келбей бушайманданып жүргөн. Күндө көзүнө илинбеген караан, ошо күнү  илинди. Караан жакындап келгенде Аккан баштаган кырк жигит экенин тааныды. Курманбектин өлүү, же тирүү экендигин бир билсе ушу Аккан билет деп утурлай басты. Жылуу амандашты.

– Алтын айнек нур жүздүү, Аккан аяш, амансыңбы? Сен билбеген керемет жок, бу ааламда. Кан Курманбек досуңдун кабарын биле алдыңбы? Алтын боолуу ак туйгун тынарым аман бар бекен? Айчылыктан көрүнгөн мунарым аман бар бекен? Сени алыстан келе жатканда эле тааныдым, аяш. Шартылдап шайыр сүйлөгөн мурдагы пейлиң жоголгонбу? Жоодураган сылык мүнөзүң кана? Сени мынча кайгы баскан? Же өлүп кеткен досуңду угузганы келдиңби? Ансыз деле асыл жар баатырымдын амандыгын билбей күндө зарлап ыйлайм. Ачыгын айтып, ак сүйлө, аяш!

Аккан Канышайдын билгичтигине, ургаачынын узуна ыраазы болду. Көңүлү толкуп Курманбектин кабарын угузууну туура көрдү.

– Кудаанын жазмышына арга жок. Кайрат кыл, аяш. Курманбектен айрылып калдык, – дегенде көзү жашый түштү. – Айланайын катындар, аяштын колун кармагыла. Беренинен айрылганын угуп, беш тырмагын салбасын, бетин үзүп албасын. Оёнунан айрылган отко түшө калбасын. О дүйнө кеткен Курманбектин саламын айтайын. Канышай, асылдан калган балаңды алып келчи. Бетинен өөп сүйөйүн, медер кылып жүрөйүн. Баатырдай белги таппасам, кан Дөлөндү өлтүрүп, досумдун кунун алайын.

Жаман кабардан Канышайдын жүрөгү кабынан чыга жаздады. Көзүнөн аккан мөлтүр жаш моюндан ылдый куюлду. Кундуздай чачы жазылып, нес боло катты.

– Ээ, кудай, баатырымдан айрылып, ары жок жесир калдымбы? Ары жок атка калганча, жаңыртып эрге тийбейм. Кордугун анын көргөнчө жарынып өлөйүн, – деп чырылдап, эси ооп жыгылды. Жанындагылар Канышайга суу чачып, эсине келтирди.

Чуру-чуу түшкөн катын-балага кошулуп, Аккан жашын төктү. Аны көрүп кырк жигити көпчүлүктүн артынан жабыла чуркурай өкүрдү.

– Аска-тоом Курманбектин өлгөнү анык экен. Аркасынан кетем, ансыз жашоом курусун! – деп Канышай үйүн көздөй жүгүрдү.

Күү менен барып, керегенин башында илинип турган кылычты кынынан сууруп алды. Мындай күтүлбөгөн жан кыйар жорукка барарын эч ким билбеген. Ошондон эч ким тоскоолдук кылалбады. Жанынан үмүтүн үзүп койгон Канышай, ажалга тик карады.

– Кош жалган дүйнө! Береним Курманбек, мен сенин артыңдан барам. Чын дүйнөнүн эшигин ач. Ардагым, мени жалгыз калтырба! Мени күтүп ал! – деп бакырды.  Анан көзү ирмелбей кылычтын учун как жүрөгүнө  матыра сайды. Кандан мурун, жан кетти. Баатырдан калган жесир жерге кулады. Ары жактан чуркурап алты жашар баласы Сейитбек жетип келди. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, ызы-чуу кайра күч алды. Зирек бала апасынын башын жөлөп, ботодой боздоду.

– Аяш ата, алыскы жоодон атам өлүп келди. Күйүтүнө чыдабай апам кетти артынан. Ата-энемден ажырап мен томолой жетим калдым. Мени өзүң менен ала кет. Тейитбек деген как баш чалга кор болгум келбейт, – деп буркурап ыйлап турду.

Аккан аяш баласын сооротуп, бооруна кысты. Ак кепиндеп, аруу жууп, Канышайды жерге берди. Ошондон кийин гана Тейитбек чалды карай жөнөдү. Барса анысы өзү курактуу эки-үч карыя менен бир дөбөдө кымыздын тундурмасына кызып өздөрүнчө чардап отурган экен. Жүз тапан жерге шырдак жайылыптыр. Көздөрү ойсоңдогон жаш келиндер тейлеп жүрөт. Курманбекти угузганы келген Аккан аяш атасы Тейитбектин чардап отурганын көрүп көңүлү бузулду. Мезгилсиз кеткен досу Курманбектин өткөнүнө көңүл айтты.

– Ассалоому алейкум, аяш ата? Аман-эсен барсызбы? Телтору аттын жогунан Курманбек уулуң жоо колунан о дүйнө кетти. Арты кайырлуу болсун, кайрат кылыңыз.

Аккандын кабары Тейитбекти кайгыртмак тургай, тескерисинче сүйүндүрдү. “Телтору аттын жаны эми тыныптыр. Кудайым айтканымды кабыл кылып, Курманбекти мойсогон экен. Мындан өткөн жыргал барбы?” – деп күлмүңдөй колдорун ушалап алды. Куу баш чалдын эмнени ойлоп, эмнени койгонун илгертпей туйду, Аккан. Ошондонбу кийинки сөзү чалга кекеткендей өктөм угулду.

– Аяш ата десем дардаңдап кетпе. Жалгыз уулуңа күлүгүңдү бербей, жанын тындырдың. Уулуна кара санаган сендей чалды не кылса болот? Артынан сени жесемби, же тозоктун токмогун алып келсемби? – деди Аккан теше тиктеп.

Айтылган сөз Тейитбек кандын ачуусун гана келтирди.

– Жубарымбек, мага уулумдун өлгөнүн угузганы келбепсиң. Өзүмдү мойсогону келипсиң. Досуңдун артынан сени кошо жайлайын! – деп кылычын кере чапканда, Акканга жетпей,  кара жоргосунун башын шылып түштү.

Аккандын жини кайнап, айкырык салды. Кырк жигитин чакырды.

– Кырк жигит, кайда кеттиң?! Чалды тез кармагыла! Аз жерден мени өлтүрө жаздады. Сакал-мурут, чач койбой, баарын искектеп салгыла. Аябагыла, азабын колго бергиле! – деди, буюра айкырып.

Кырк жигити жөн турабы. Шымалана Тейитбек канды баса жыгылды. Дүпүрөтө  тепкилеп ийди. Аккан ошо арада Телтору атты байланган жерден алдырды. Ат бербеген как баштын бутуна кишен салдырды. Ою жаман немени ошо Телтору аттын куйругуна байлатты. Анан ой менен тоого айдатты. Башы балжырап, кетпеген жерден кан кетти. Теке жоомарт Телтору ат каршы-терши тепкиледи. Чалдын сөөгү жерге берилбей, көрүнгөн жерде чачылып калды. Карга-кузгунга, ит-кушка жем болду.

Аныгына жеткен күжүрмөн эл:

– Чалга сооп болду, – деди.

– Кадырман эл-журт, бир кезде жаш барчындын канаты өсүп жетилет. Мен ошо барчынды жетилтип, элине кошом. Эли-журтун, киндик каны тамган жерин сагынбас эр болбойт. Бир күнү кайрылып келет. Ошондо өзүм кошо келип, калмактан досумдун кунун кууйбуз, өчүн алабыз! – деди, аяш атасы Аккан.

Мына ошондон кийин Аккан Курманбектин баласы Сейитбекти Кашкарга өзү менен кошо ала кетти. Күтүрөгөн көпчүлүк узатып кала берди.

 Жаны таттуу Курманбектин кырк жигити Тейитбек кандын баштан өткөргөн азабын көрүп, жүздөрүн кайда катарын билбей элден бөлүнүп калды. Үйүрүнөн айдалган кычы бөрүдөй улуган немелер абат болобу? Биринин артынан бири жыла басып, чар тарапка тарады. Керт башынын кызыкчылыгына карап жандарын ала качты. Бирок качкандын жолу буулду, насиби байыды. Жаманатты атка конду. Таалай-багынан, адамдык ариет-намысынан ажырады. Бири талаада тентиди, экинчиси чөл азабын тартты. Кайда барбасын, кайда бекинбесин баатыр Курманбектин арбагы чочутту. Жүрөгүнүн үшүн ала коркутту, жылас болгурларды. Коркконго кош көрүнөт болуп, жүрөгү жарылып өлгөнү мындан, акылынан ажыраганы андан көп. Эл арасында алардын бары-жогу билинбеди. Кимдиги такталбады, орду жоктолбоду. Күбүр-шыбыр кеп кылганда баштары бириге калчу кырк жигиттин ташы  ушинтип ылдый кулады. Кадырман эли-журттан, акыреттик тууган-достон өз кызыкчылыктарын жогору койгон журт безерилерин эр абийири, тагдыр жазмышы ушинтип соттоду.

 

СЕЙИТБЕКТИН КЕЛИШИ ЖАНА ДУШМАНДАН ӨЧ АЛУУСУ

Аккан Сейитбекти ээрчитип кеткенден кийин оголе көп жылдар өттү. Ошо жылдар ичинде Сейитбек өсүп жетилди. Турмуштун ачуу-таттуусун билди, ак-карасын айрып тааныды. Эр жигит болду дегенде элине кайтып келди. Тейитбек кан менен Курманбек баатырдын өлүмүнөн кийин кыргыз элин Зайырбек башкарып калган. Жазы талаасын калмактарга таштоого аргасыз болуп, Курманбек салдырган ордого көчүп барган. Эли-журту Курманбектин туягын жакшы кабыл алды. Анткени ал бир күнү кайрылып келерин, атасынын өчүн аларын калың журт күтүп жүргөн. Сейитбек келер менен атасына аш берди. Ошондон кийин гана ата салты боюнча кырк жигит курады. Кыркына тегиз тулпар мингизди, тегиз соот кийгизди. Өзүнө атасынын курал-жарагы, Телтору аты тийди. Өткөн өчтү, кеткен кекти алуунун учуру  бышып жетилгенде Зайырбек, Сейитбек баштаган кырк жигит калмактын чегине келди. Биринчи жортуулда атасы Курманбекке жолуккан Кароол дөбөнүн карт кароолчусу, калмак чектин жоокери аларды байкар замат чү койгон. Бирок аны Сейитбек карыш жылдырбай жолун бөгөдү. Жүрөгүнүн үшүн ала коркутуп, Дөлөн канга кек алар саламын жолдоп жөнөттү.  

Өсөрүнөн өлөрү жакын калган калмак чектин карт сакчы жоокери ошо замат жетип келди. Бир сөзүн калтырбай болгонун болгондой айтты. Бирок анын айтканы канга жага бербеди. Чыдап араң укту.

– Жаш баатыр: “Менин элге жазыгым жок. Өчтү Дөлөн кандан гана алам. Ата салты боюнча кармашар жерге – Жазынын Кара-Тоосуна келсин. Ошол жер биздин кармашар эрөөл талаабыз болот. Алты күн убакыт берем. Ошо күндө келбесе, калмактын аты-жытын калтырбай, быт-чытын чыгара талкалайм!” – деди каным. Айбаты арстандай сүрдүү неме экен, жүрөгүм түшүп кала калды. Жашырган жоокери болбосо, кырк жигити менен эле келген го, сыягы. Кимдигин айтпай койду. Жанында баатыр кебетеленген өң тааныш бирөө жүрөт. Анысы да тажрыйбалуу эрлердин биринен окшоду. Бирок аны кай жерден көргөнүмдү, ким экендигин эстей албай койдум, каным. Экөө бириксе кимди болбосун мойсоп койчудай. Он эки жылдык кеги бар баатырлар жөн келген жок, бул жерге. Сөз жок чоң кыргын салбай койбойт, – деди карт, жоокер үмүтү үзүлгөн немедей.

– Сен эмне карыган дөбөт, менин көңүлүмдү бузайын деп турасыңбы? Жоонун айбаты менен сүрүн айтып, мени коркуткусу бар экен, мунун, – деп башын кыя чапты, Дөлөн кан. – Бу жетим жүрүп жетилген Курманбектин уулу Сейитбек. Ал менден атасынын өчүн алганы келиптир. Кашкардын каны Акканды ата кылып, жетингенсип калган го, арсыз. Кайрап койсо эрдемсинип калган го, байкуш. Атагы калың калмак эли-журтунун кыйырына тараган Эрке менен Торко баатырларды тез чакыргыла. Өздөрү келбей, арбын черүү жыйнай келсин. Өзүм эки миңдей жоокер менен барам. Көөп келген бурутту[5] эси-көөнүнөн кеткис кылалы! – деп чабарманын туш-тушка чаптырды.

Дөлөн сыртынан каардуу көрүнгөн менен ичинен не кылар айласын таппай апкаарып турду. Дайыма ушундай. Алдын апкаарып калганы менен жоолашкан жоосун көргөндө, элде жок куулугу менен шумдугу башкача ойной баштайт. Сагызгандан да сак болуп кетет. Ошон үчүн чабарман жигитин жумшап Кара сынчысын алдырды.

– Кара сынчы чеченим, ак желегиң колуңда, кебиң оозуңда болсун. Сейитбек жетимге элчиликке бар. Жанында карт бөрүсү бар экен. Ал кимдигин такта. Кырк жигиттин жоо-жараган сына. Бизге алты күн убакыт бериптир. Элчиге өлүм жок. Шашпай бүтүрүп кел, – деп, Кара сынчыны андай-мындай дегизбей аткарып жиберди.

Кара сынчынын кеткенинен келгени бат болду.

– Каным, Курманбектин баласы Сейитбек Телтору атын минип келиптир. Көркөмү келишкен, чыныгы баатыр болуп чоңоюптур. Курманбек атасына окшоп, айбаты арстандай сүрдүү көрүндү. Жанындагысы Зайырбек аттуу белгилүү эр экен. Экөө тең биздин Эрке менен Торко баатырдан барандуу. Алышса алып жыкчудай, сайышса сайып түшчүдөй шамдагай эрлерден экени баскан турганынан, сүйлөгөн сөздөрүнөн көрүнүп турат. Кырк жигиттин баары найза, кылыч, чоюн баш менен куралданыптыр. Сейитбек жаңы эле он сегизге чыкканына карабай жакшы жетилиптир, көз карашы башкача өсүптүр. Устаты мыкты көрүнөт, тарбиясы башкалардан башкача  калыптаныптыр. Жалгыз өзү эки миң колго алы жетчүүдөй алп мүчөлүү эрен, элде жок уруш өнөрүнө маш болуптур.  Баардык балекет ушу буруттардан келеби деп корком, урматы улук каным.

Өзү бөркүндөй ишенген сынчынын сыны Дөлөн кандын ачуусун ансайын  келтирди. Колун аркасына алып, аркы-терки баса баштады. Зайырбектин келгенин угуп чындап коркту. Жүрөгү  кабынан чыгып кетчүдөн бешбетер дүкүлдөй сокту.

– Көп келип калмактын ыгын алган неме эле, менин түбүмө жетсе, ошол Зайырбек баатыр жетет, – деп кан кооптоно баштады. – А менин көздөй адамдарым душманды даңазалагандан башкага жарабаган ары жоктордон болду. Же алар мени өлтүрө албай жүрүшөбү? Ким билет, ыя? – Ачык күңк-мыңк эте күрүлдөдү, Дөлөн кан. – Балакет буруттардан эмес, менден келерин билип жүр, ары жок сынчы, – деп Кара сынчыны жигиттерине сабатып, эки көзүн ойдуруп койду.

Сыртка чыкса колу чогулуп калыптыр. Эрке, Торко аттуу шерлери таазим кыла ийилишти. Көп кошуун менен камдуу келишиптир

– Урматтуу Дөлөн кан, буйрукту алар замат жетип келдик. Биз турганда эчтемеден кам санабаңыз. Кашык каныбыз калганча таймашууга биз даярбыз. Сейитбек менен Зайырбекти кырк жигитине кошуп жан таслим кылабыз! – дешти жарыша. 

Эки шердин айбатына, көрсөткөн кайратына Дөлөн кан кубанбай тура албады. Атын өөдө-ылдый теминип, көйрөңдөнө эл көзүнө көрүндү. Туусун желбиретип, добулбасын кактырды. Чоң шаан-шөкөт менен Туучунак тулпарын ойдолотуп, колун Сейитбекти көздөй алып жөнөдү. Жазынын Кара-Тоосундагы кең талаадан көрүнгөн жаалданган калмак черүүсүн[6] кыргыздар чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Калмактар көрүнөр замат, Сейитбек баатырлар менен кеңешип, эр кезегин убада боюнча Зайырбекке берди. Дөлөн кан колун токтотуп, кыргыздын кырк жигитине жакын келди.

– Амансыңбы, Сейитбек балакай? Кароолчудан катуулап айттырган экенсиң, мына биз жетип келдик. Акканда жүрүп, акыры өз элиңди таапсың да, арсыз жетим. Эми бизден атаң Курманбектин кунун кууп келдиңби? Келгениң жакшы болду, себеби ата-энеңди жазданып жатар убакыт келип калган болчу. Алтымыш асый болгон карыган Телтору атыңды минип келгениңе таңмын. Карыган неме эмнеге жарамак эле. Тек үйүңдө жата бербей, сен да атаңа окшоп өз ажалыңды өзүң издеп келгениң кызык болуп турат. Эрөөл уруш балакайлар үчүн эмес. Ал мага окшогон арстандай айбаты күч эрлер үчүн жаралган. Бүгүн бу эрөөлдө жүрөгүңө сырнайза сайылат. Башың куу мамынын башына илинет. Эр сайыш шартын мен коём. Кезекти Эрке менен Торко баатырыма берем. Алар сенин жана сен баштаган жоокериңдин башын бирден алат! – деп Сейитбекти коркутту.

Сейитбек Дөлөн кандын коркутуусун чымын чакканчалык көргөн жок. Арын келтире соккон калмак канынын кебине теригип койбоду. Анан калса бүгүн териге турган кез эмес. Чоң максат-мүдөөнү ишке ашырчу күн. Ошон үчүн токтоо болбосо, карбаластыктан жоо капылет утушка ээ болушу мүмкүн. Ошондуктан кара таандай чуулдашкан калмак колун байкабагандай, канын теңсинбегендей кабыл алды. Мисирейе караган жүзүнөн кызыл кетпей, кирпигин ирмебей карады.

– Аманчылык, Дөлөн кан. Ар нерсенин чеги бар. Ким өлүп, кимдин каларын алдыдагы жекеме-жеке эр кармаш чечет. Жер жайнаган кол менен келип, өпкөң өпкөңө батбай көөп алыпсың. Кырк жигиттин өнөрү сенин кылкылдаган колуңа тете. Бирибиз жаш, экинчибиз кары болсок да, башкалардан жолубуз улуу. Же андан күмөнүң барбы? Болсо айт. Болбосо Эрке менен Торко баатырыңды коё тур. Абалы экөөбүз жекме-жек сайышта жекелешип көрөлү. Кана, Дөлөн кан! Жашың улуу эмеспи, биринчи кезек сеники. Эрдигиңди көрөйүн. Качырып келип найза сай. Мен былк этпей туруп берем. Ээрден ыргыта сайсаң, жеңиш сеники. Башымды кесип алып, ордоңо кете бер. Сени эч ким кой дебейт! – деди Сейитбек чечкиндүү күпүлдөп.

Сейитбектин сөзү калмак канын түрдүү ойго салды. Ары кетип ойлонду, бери келип ойлонду. Сөздүн жүйөлүү экенине ынанып турса да, жообун бербей атайылап маалкатты. Утуш алып келер жагдайын, утулуп калар абалын таразалап көрдү. Жекме-жек эр урушу гана тараптардын бар болуп, же жок болушуна чоң себеп болоруна акыры анын көзү толук жетти. Ошондо гана бозоргон өңүнө кызыл жүгүрүп, “жым” дей түштү.

 

БААТЫРЛАР КАРМАШЫ, ЖЕ КАЛМАКТАРДЫН ЖЕҢИЛИШИ

Акыры Дөлөн кан акыйкат сөзгө жыгылып калганын мойнуна алды. Ошон үчүн жекеме-жеке эр сайышына чыгууга аргасыз макулдугун берди. Куулугуна салып, заматта тапчу пайдасын, тартчу зыянын эбак ойлонуштуруп койгон. Ошентсе да кооптонбой коёо албады. Бирок улуулук жолу менен биринчи кезекти алганына кызыгы артты. “Дөңкөйүп турган дөңгөчтү кантип ыргыта сайбайын! Бир жолу ажатымы ачкан кудайым дагы бергени турат. Атасын өлтүрдүм. Эми биротоло баласын күм-жам кылайын. Анан элин чабайын. Ээ, кудай, берсең ушундай дөңгөчүнөн бере көр!” – деп ичинен кудуңдай сүйүндү. Чаначтай мурдун дардайтып, карагайдай найза алды. Туучунагын алкынтып, айбатын көрсөтө айкырып ортого чыкты.

Денеси уютуп койгон чоюндай чымыр денелүү Сейитбек эчтемеден камырабады. Телторусун ишенимдүү темине майдандан көрүндү. Буга чейин жекеге дайынданган Зайырбек менен калмак баатырлары кезекти өздөрүнүн кол башчыларына берүүгө аргасыз болушту. Себеби кан жолу улуу, ошол себептен улам жол беришти. Өйүз-бүйүз турган эки жоо:

– Ким кимди сайып түшөт? Ким кимди алып тынат? Уруштан кийин кимдин жылдызы жанат? Ким кимге алым төлөйт? – деп кызыга жарданып турду.

Зайырбек баатыр баштаган кырк жигит кооптонбой тура албады:

– Туруп берген дөңгөчтү ким деле болсо сайбайбы. Сейитбек алдырып койсо кантебиз? Бала баатырдын не билгени бар? Эмнеси болсо да баардыгына даяр туралы, жигиттер! Кудай сактанганды сактайт! – деп санааркап, көз ирмебей карап турду.

Эрке, Торко баатырлар баштаган калмак колу: “Дөлөн кан!”, “Дөлөн кан!” – деп ураан чакырып ийди. Доолбасын дүркүрөтө кактырды, желегин желге желбирете көкөлөттү. Баардыгы бирдей жоо жарагын көккө кадай серпиди.

Тулку боюн от менен жалын каптаган Дөлөн кан Туучунагына камчы урду. Тулпары желдей сызды, жебедей учту. Далай баатырдын башын жеген неме найзасын таамай сунуп, тикирейип келатты. Котолошкон калмак жоо:

– Сейитбектин ажалы Дөлөн кандан. Канча жыл илгери атасын өлтүргөн. Эми атасынын куунун кууп келген баласы ошондой өлүмгө кириптер болгону турат. Бу сапар да Дөлөндү колдоочусу колдоп алат! – деп кыйкырды.

Сейитбек найзадан калтаарып койбоду. Кайра жакжайта ачылган көкүрөгүн тосо берди. Калмак каны жебедей ышкырып келди.

– Как жүрөктүн тушу! – деп кан найзасын  сайып өттү.

Так ошо көз ирмемде Сейитбек көкүрөгүн буруп койгонго үлгүрдү. Найза торконун кылын үзүп, буласын булайта тайып кетти. Сейитбектин анардай жүзү бозоруп, өң алеттен кетти. Жаны көзүнө көрүнө түштү. Кантсе да бу аяш атасы экөө күндү күн дебей, түндү түн дебей маш болгон машыгуу оюну эмес, чыныгы эр кармашы болчу. Бирок ушундай болорун ал күн мурунтан билгендей. Көрсө, бу да болсо атасы Аккан экөөнүн далай кармашууларда маш болгон жазгырма ыкмасы тура. Чыдамы чыркырап кеткен Зайырбек жете келди. Сейитбектин эсен-соо күлүп турганын көрүп, кубанычын жашыра албады. Баатырдын далысынан таптай:

– Азыр кезек сеники. Ооматың келип турат, жаңыла көрбө, иним. Найзаң мактанчаак Дөлөндүн көкүрөгүнөн кирип, артынан чыккандай болсун. Ошондо гана баатыр Курманбектин өчүн, башы азапка малынган элиңдин кегин аласың. Душмандын тилегин таш каптырасың! – деди да, кайра тартты.

Калмак черүүсү турган тарап аң-таң калды. Шаң-күлкүсү тыйылып, түн түшкөндөй тунжурады. Маанайлары чөгүп, добулбас үнү өчтү. Алар көргөн көздөрүнө ишенишкен жок. Мына азыр Дөлөн кандын найзасынан өлөт! Азыр кыргыз баатырынын канын төгөт деп турган Сейитбек ордунан кыймылдап койгон жок. Кайра өчөшкөндөй сыр найзасын булгалап, күлүмсүрөп турганы кызыктай туюлду. Бу не деген шумдук? Илгери мындай болбогон. Жансыз дөңгөчтү саялбай Дөлөн канды кайсы шайтан урду. Мына ушуга түшүнбөй жүрөктөрү опколжуп турду, котологон калмак колу.

Кезекти Сейитбек алды. Урушка маш болгон колдорун керип чойду. Найзасын көккө булгалады.

– Кыргыз! Кыргыз! – деп ураан чакырды.

Дөлөн кан сыртынан кайкайгандай көрүнгөнү менен ичинен он өлүп, он тирилди. Өз ажалы, өз көзүнө көрүнө баштадыбы, Телторуга камчы урулганда жаны чыгып кете жаздады. Аябагандай коркунуч басты. Жебедей сызган Телтору душманга жакындай берди. Дүбүртүнөн жер дүңгүрөдү. Сейитбектин “Кыргыз!”, “Кыргыз!” – деп чакырган ураанына тараптар түрүлө карады. Кызыгы артты. Баатырдын дүбүртү жакындаган сайын, темир сооттун ичиндеги калмак каны көз көрүнө калчылдады. Өңү жерде көп жыл жаткан купкуу сөөктөй бозорду. Койнунан ылдый муздак тер куюлду. Сейитбек душмандын ачык жерин издеди. Жакасынын четинен Дөлөндүн куркуйган кекиртеги көрүндү. Ошондо жаш баатыр кубангандан ууртунан бир башкача күлүмсүрөп алды. Себеби ал Дөлөн кандын өлөр жерин тапты. Мынчалык оң келбестир.

– Туулганын моюн тушу, талкалар жерим ушу! – деди күү менен келген Сейитбек.

Анан найзасын “балп” эттире сайып өттү. Сыр найзанын болот учу “жарк” этип кежигеден чыга түштү. Дөлөн кандын ат жалына колу жетпей, Туучунактын үстүнөн кулап түштү. Казандай болгон туулгасы эки-үч тоголонуп кетти. Минген аты кошкурук атып, калмак колуна кире качты. Сейитбек жандай чаап келип, Дөлөн канды жерден эңип алды. Ээрге туура өңөрүп келип, кырк жигиттин алдына таштады.

– Кагылайын кырк жигит, канча жылдан бери көксөп келген кишиме бүгүн кезиктим. Аттан өлтүрө сайып, жалбырттаган жалынын бүгүн биротоло өчүрдүм. Кезекти бербей койду деп мага таарынбагыла. Силердин жолуңар эми ачылат, ушундайбы Зайырбек аба? – деп, Сейитбектин кубанычы койнуна батпай турду.

– Так ошондой, Сейитбек баатыр! Эр кезеги келип жетти! – деди Зайырбек абасы, эрендердин эр урушуна камдуулугун көрсөтүп.

Дөлөн кан аттан кулап, калмак колунун ынданы өчө түштү. Калмак баатырлары өз ара кыжылдаша түштү. Торко баатырды жарым жолго калтырып, Эрке баатыры Кылжейрен атын ойнотуп, жекеге чакырып турду. Даяр турган Зайырбек Актулпарын алкынта жекеге чыкты. Аны Бөрү баатыр коштоп келди. Эки баатырдын аты жебедей учуп, болжогон жерге жетти. Күтпөдү. Эригишкен кочкордой, эки баатыр карс коюшуп өттү. Алты айлана беттешкенде, найза чыдабай карс сынды. Кезек кылычка келди. Бирок анысы да кыйрады. Ага түтпөй чоюн баш менен согушту. Акыры ал да калды. Айкырышып келишип ач билектен алышты. Эрдин кесе тиштешип эңише кетти. Өйүз-бүйүз эки жоо чуркурап, өз баатырын сүрөйт. Ач кенедей жабышып, далыдан чапчый алышты. Жулкулдаша беришип, кол карышты. Ал аңгыча болгон жок, эр Зайырбек ыгына келтирип, Эрке баатырды так көтөрүп аттан эңип алды. Ошо бойдон өңөрүп келип, кырк жигиттин алдына таштады. Кылжейренди Бөрү баатыр жетелеп келди. Зайырбек баатыр Эркени катуу кекиртектеп койгонбу, аттан таштар замат жаны үзүлдү. Мындай кордукка Торко баатыр чыдабай кетти. Калканын карс уруп:

– Кадырман калмак жоокерлери, бирден барсак баарыбызды бириндетип жок кыла турган болуп калды. Андыктан жапырт чабуулга өтөлү. Кана, баарың менин артымдан чабуулга! – деп кыйкырды.

Торко атына камчы урганда,  жер дүңгүрөй түштү. Анткени анын артынан алты миң кол чубап келаткан. Кан төгүлгөн уруш ушинтип башталып кетти. Эч бири аянбады. Бири-бирин качырды, бири-бирин сайды. Бири кылыч чапса, экинчиси найза сунду. Ошентип Сейитбектин кырк жигити калың калмак колун кырк жеринен жарып кирди. Бир кезде Торко баатыр Бөрү баатыр менен кездеше калбаспы. Бөрү баатыр көкүрөккө тушталган Торконун найзасын кагып жиберди. Кайрыла калып, калмак эрдин төшүнө найзасын сайып өттү. Эси эңгиреген Торко колун аралай качып кутулду. Акыркы баатырынан айрылган калмак туш тарапка чилдей тарады. Туусу жыгылып, аттардын тепсендисинде калды. Качкан калмак кайрат кыла албады. Атынын оозун буруп айбат кыла албай, ажалга кептеле берди. Сейитбек, Зайырбек баш болгон кырк жигит жоону кубалап жиберип, кайра тартты. Аңгыча күн батыш тараптан жоо жарактары жаркылдап, Аккан баштаган көп жоокердин карааны көрүндү. Сейитбек менен Зайырбек аларды тосуп чыкты. Аккан менен кучакташып көрүштү. Бири-биринин амандыгын сурашты.

– Эр Сейитбек балам, сени калмакка аттанып кетти дегенде, кең Кашкарга батпай артыңдан келдим. Ак калпактуу кыргыз элинин атынан келип, айыгышкан душмандын азабын куп гана берипсиң. Атанын ордун басат деген ушу, балам. Зайырбек көтөргөн тууң, өзүң кураган кырк жигитиң чыныгы азамат болуптур. Эрдигиңерди алыста жаткан эл билди. Ушундай биримдикте жоого аттансаңар силерге эч ким катыла албайт. Ак жолуңар ачылсын, баатырлар! – деп Аккан жетине албай турду.

 

ЭКИ ЭЛДИН ЭЛДЕШҮҮСҮ

Сейитбек баатырдын калың калмакты багындырган атагы менен даңазасы казак калкына да тарады. Ал азыр Курманбектин ордосунда дегенди угуп, Көрпө баатыр бүт казакты көчүрүп ордого келди. Дөлөн кан камсыз жаткан казактардын кызай уруусун талап алып, Көрпө баатырды алым-салымга жыгып, көп жылдар баш көтөртпөй келаткан. Ал алымдан азат болгон Көрпө баатыр Сейитбекке баш ийип келген. Казактарды Сейитбек жакшы тосуп алды. Жер бөлүп берди.

Эми сөз калмак элинен болсун. Торко баатыр канынан ажырап, биротоло мүңкүрөп каларда көзү жыртак акылман карыялары акыл үйрөттү. Ошондонбу жаратынан айыгар замат, Дөлөн кандын жети жашар баласы Деге дегенди калмакка кан көтөрдү. Ошондо да жай жата албады. Кайрадан эл бийлеген төбөлдөрүн, жер коруган баатырларын, оозунда сөзү бар кадырман карыларын кеңешке чакырды.

– Кадырман туугандар, ачык эле айтайын. Кыргыздын Сейитбек баатыры артыбыздан кууп келип, башыбызды албайт деп ким кепилдик берет? Эч ким. Андыктан, таңдайында мөөрү, тилинде сөөлү, сөзүндө балы бар Көлбөк чеченди Сейитбекке жиберели. Антпесек кыйын күндө калабыз. Дөлөн кан, Эрке баатыр барында алыбыз жетпеген кыргызга, эми алыбыз жетеби?! Дөлөн кандын кылганы башыбызга жетти. Канча элибизден айрылдык. Элди талоонго салбай айтканын орундап берели. Атасы Курманбек ак көңүл, айкөл киши болчу. Аны да атасындай эл тынчтыгын ойлогон эрлердин бири деп угам. Күнөөбүздү мойнубузга алып, алдына түшсөк бизди түшүнөр, – деп, Торко баатыр жаш каны Деге дегендин атынан Көлбөктү элчиликке аткарды.

Таң атпай Көлбөк чечендин эбедейи эзилип, эт-жүрөгү дүкүлдөп элчиликке жөнөп кетти. Эки күн жол жүрүштү. Жолду ката бири-бири менен сүйлөшпөй үңкүйүп, башын жерден албай келишти. Көлбөк өзү баш болуп, коштоп келген бийлик төбөлдөрү төш болуп баары тегиз ак желек көтөрүп, кийинки күнү Сейитбектин ордосуна келип түштү.

–  Сейитбек баатыр, амансыңбы? Эли-журтуң тынчбы? Кулдугубуз бар, баатыр. Мен калмактын Көлбөк деген элчисимин. Калмак эли, кадырман журту кеңешип сага жөнөттү. Сейитбек, сен жүрөгүңдө жалының, башыңда таалай-багың бар баатырсың. Биз күнөөбүздү мойнубузга алабыз. Кандыгыңды тааныйбыз. Ошон үчүн калмак эли ак желегин алып, алдыңа бүжүрөп келдик. Дөлөн кан башынан канкор болчу. Анын өз азабы өзү менен кетсин. Бизди кечир, күн-түнү жашоодон үмүтүбүз үзүлүп, кыстоодо калдык. Баатыр, сага биздин жер-суубуз, малыбыз тартуу. Жылда берчү алымды үзгүлтүксүз берип туралы. Сенден суранарыбыз, бир гана чымындай болгон жаныбызды аман кой, – деди калмак элчиси кирпигин көтөрбөй.  

Сейитбек Аккан, Зайырбек менен кеңеш куруп, жообун тезеле берди.

– Эл тынчтыгын биз жогору баалайбыз. Торко баатыр күнөөсүн моюндаган болсо, биз айтканды токтоосуз аткарсын. Биринчиден, ата конушум болгон Жазы талаасын бошотуп берсин. Экинчиден, он эки жылдан берки тулга отун, коломто акысын төлөсүн. Үчүнчүдөн, казактардын үч жылдан берки тарткан чыгымын берсин. Ушу айткандын баарын аткарып, Торко баатыр өзү алдыма келсин. Ошондо күнөөсүн кечирем! Эли-журту аман калат, – деп элчини сыйлап узатты.

Торко баатыр элчинин айтып келген кабарына сүйүндү. Буту-бутуна тийбей, Сейитбек баатырдын тапшырмасын аткарууга жүгүрдү. Доосун толук төлөп бүтүп, боз үйүн чечип, элин шашылыш Жазыдан көчүрдү. Кызы Санжыргалды Сейитбекке арнап, канча бир төөгө алтын, күмүшүн жүктөп, күтүрөгөн малын айдап, ак желегин алып, каны Дегени коштоп ордого келип түштү. Сейитбек баштаган Аккан, Зайырбектерге туунун башын ийди. Калмактын Деге кан, Торко баатыр, Көлбөк элчи баштаган эл бийлеген бектери, баатырлары, ак сакалдуу карылары таазим кыла тизе бүгүштү. Ушинтип калмак эли жеңилгенин билгизди.

– Ата конушу колуңа тийип, башыңа сыймык конду, Сейитбек баатыр, – деп сөзүн алыстан баштады элчи Көлбөк. – Айтылуу Аккандан таалим алып, турмуштун аркы-теркисин таанып калган баатырсың. Эрөөл талаада эрдигиңди көрсөтүп, кудайын тааныбай кеткен калмакты баш ийдирдиң. Бир убактагы кайгылуу өткөн иш үчүн биз сенин алдыңда күнөөлүүбүз. Ал үчүн биздин күнөөбүз тоодой. Ошо өткөн иштин урматы кылып, башыбызды ийип алдыңа келип олтурабыз, урматтуу Сейитбек баатыр! Кун куугандыкы, өч алгандыкы. Бизди кечирип кой, баатыр! Андыктан алдыңа келген калмактын башы тартуу, сага! Минип келген алдындагы аты, адыр толо жайнаган малы тартуу, сага! Керек десең калмактын шаары, алтын-күмүш аралаш зээри тартуу, Сейитбек баатыр! Бой экениңди угуп, сулуудан сулуу тандадык. Торко баатырдын улуу кызы Санжыргал сулууну өзүңө арнадык. Анча-мынча мал калды, мал жардысы эки жыл, жыл айланса байырбыз. Ага камтама болбо. Чымындай жаныбызды эсен калтырсаң болду, Сейитбек баатыр! Ылайым даңазаң алыскы элдерге тарасын, – деди Көлбөк элчи, калмак элинин атынан.

– Эки элдин элдешкенин ким жактырбасын. Элдешүүнү биз дагы колдойбуз. Анткени эки элдин бейкуттугу баарыбызга керек, – деди Сейитбек баатыр. – Андыктан кимде ким элдин бейкуттугун бузса, аны кудайдын каргышы урсун. Калмак элинин  амандыгы менен Деге кан, Торко баатыр баштаган баатырлардын, эл бийлеген бектердин жандары өздөрүнө буюрсун. Мындан ары ынтымакта бололу, туугандарча чатагы жок жашайлы! – деп калмак элин кыдырата отургузуп, бал кымыздан куйдурду.

– Туура сөздө калет жок. Бар бол, Сейитбек баатыр!

– Кулдугубуз бар, баатыр! – дешти калмак туугандар, бир кишидей ийиле.

– Ынтымагы бар элдин, ырысы бар. Сейитбек баатыр айткандай болсун! Чатагы жок, туугандарча жашайлы! – дешти кыргыздар.

– Болсун!

– Ынтымакта жашайлы!

– Достугубуз артсын! – дешти көпчүлүк.  

Конок каадасынан кийин калмактар өз конушуна аттанып кетти.

 

2013-жылдын 7-30-ноябры

 

© Жапарали Осмонкулов, 2016



[1] Ойроттор — калмактар

[2] Алым — салык

[3] Кол – аскер, кошун

[4] Жолум үй – убактылуу жашоочу алачык үй.

[5] Бурут — кыргыз

[6] Черүү – кол, аскер


Количество просмотров: 2852