Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© Талгат Кеңесбаев. Бардык укуктар корголгон
© Которгон Айдарбек Сарманбетов, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 26-декабры

Талгат КЕҢЕСБАЕВ

Карышкырдын сүрөтү

Турмуштук кадыресе бир окуя аркылуу азыркы учурдун көйгөйлүү жагдайын жазуучу чебер сүрөттөйт.

 

Шаардын үстүнө ак мамыктай калкып, үбөлөнө түшүп келе жаткан миң-миллион кардын улпагын талаадан ашыга жеткен жээликме жел ийиктей ийрип, этек-жеңин желпилдетип, үкүдөй учуруп, ала куюн мүнөзүн көрсөтүп жатты. Аялдамада турган каратору бала айланасына жалтак-жалтак карайт. Багыты – башкы почта, эки аялдамалык жер. Айылына кат салмак. «Атаке, эч кимди тааныбаган жерге мени эмнеге алып келдиң, айылда деле мектеп бар эмеспи? Мени кайтадан алып кетчи» деген саптарды ыйлап олтуруп жазган эле. Аңгычакты анын жанына бир нече адам келип калды. Арасынан оозу-башын жээрде жүн баскан дөөдөй сары кишини байкап калды. Ыңгайсызданды. Улуу адам менен учурашмак болуп:

— Ассаломуалейкум, — деди оң колун жүрөк тушуна коюп.

— Чё тебе надо? — деп, гүрүлдөдү тиги. Балага көзүнүн чаарын чыгара карап, жерге бир түкүрдү. Койнунда кыбыраган бирдемеси бар. Кара бала чынында эле сары дөөдөн коркуп турду. Сактана четкерээк басты. Аялдаманын ыктоо жагында көкжал карышкырдын плакаты илинип туруптур. Анда «ГДК рок-концерт. 18.00 ч. 16.12.1987 г.» деп жазылган. Бала карышкырдын сүрөтүн көрө сала таанышын көргөндөй ичинен кубанып алды. «Эй, мынабу биздин койлорго тийген көкжал го, атам тору айгырга минип алып кууганда Акбакай дөбөтүбүз менен алышкан карышкыр эмеспи...». Ошол учурда сары дөөнүн койнундагы муштумдай күчүк суурулуп жерге түштү да, карышкырдын сүрөтүнө карап, чаңкылдап үрүп кирди...

«Ти-ти, прекрати», — деп, сары дөө кара балага түшүнүксүз тилде сүйлөй баштады. Муштумдай Ти-ти чаңк-чаңк этип дегеле болбойт. Бала аң-таң болуп карап тур. Бир кезде жел дүргүй түшүп, плакат жулунуп кетти да кардын бети менен жылбышып, Ти-тиге жакындай берди. Ал байкуштун болсо денесиндеги түгү түгөл титиреп, баланын бутуна жете келип жашына калды. Кара бала кош аяктай кичинекей күчүктү жерден жеңил ала коюп, ээсине сунду.

Сары дөө Ти-тини койнуна тыга салды да, балага рахмат деп да койгон жок. Ээсинин жылуу койнуна кирген Ти-ти ийнинин оозундагы ач күсөндөй башын анда-санда чыгарып коёт. Көздөрү топчудай жылт-жылт этет. Бирок жанагысындай чаңкылдап үргөн жок. Жоошуп калыптыр.

Кар боройлоп жаап жатты.
    Автобус али көрүнөр эмес...

 

Казак тилинен которгон Айдарбек Сарманбетов

 

© Талгат Кеңесбаев

 

Талгат КЕҢЕСБАЕВ – 1961-жылы Чыгыш-Казахстан облусунун Семей районундагы Саржал айылында туулган. Жазуучу. Семей педагогикалык институтун бүтүргөн. Чыгармалары 1980-жылдан тартып ММКларда жарыяланып келет, 1988-жылы Казахстандагы “Жигер” республикалык фестивалынын лауреаты. 1990-жылы “Француз атырынын жыты” алгачкы китеби жарык көргөн. Бир нече китептердин автору. Чыгармалары бир катар чет тилдерге которулган. Түркиядагы Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

 


Количество просмотров: 1119