Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© Бунин И.А., 1940
© Кыргызчага Таштанбек Чакиев которгон, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 26-декабры

Таштанбек Темирбекович ЧАКИЕВ

Үмүт жана кусалык

Иван Буниндин аңгемелеринин котормосу

 

И. Бунин – бул ысымды кимдер билбейт. Орус элинин кара сөздү камыр кылып ийлеген чеберлеринин бири... Нобель сыйлыгынын ээси дегендей...

Акын-котормочу Т. Чакиев буга дээре жалаң гана ыр жазуу жана которуу менен алек болуп келсе, бул анын кара сөз жаатындагы алгачкы саамалыгы. “Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл” – демекчи, анын “чү” дегенде эле И. Бунин өңдүү кара сөздүн алпына кайрылып отурушу колдоого аларлык.

Котормо окурман журтуна жагат жана колдоо табат деп терең ишенем.

Анда эмесе, сөз кезеги сизде, азис Окурман!

Дайырбек Кенжебаев,
    Филология илиминин доктору

 

ГАЛЯ ГАНСКАЯ

Апрель айында Париж шаарындагы кайсы бир кафенин террассасында сүрөтчү жана өз кызматын өтөп бүтүп, эми ардактуу эс алууда жүргөн моряк ар нерсени кобурашып отурушту. Теребел түркүн түстүү боёк күтүп, аба гүл жыттанат. Жазгы жел бетти аймалайт. Сүрөтчү буга жаш балача кубанат: – Жаз айларындагы Париждин кооздугу ай. Ал эми чолок этек көйнөк кийген кыздарчы! Пай-пай-пай. Тим эле бир укмуш. Несин айтасың-деп сөзүн улады ал. Көптөгөн жылдар мурда Париж мындан да кооз боло турган. Ооба, бир өзгөчө эле. Өзүң элестетип көрчү. Сен көчөдө кетип бара жатасың дейли. Көчөдө болсо бир дагы машине жок. Ал эми азырчы? Кандай-андай болгон күндө дагы андагы ажайып кооздуктун бири жок!

– Ал эми менин оюма негедир Одесса жазы кылт эте түштү – деди моряк. – Айткандай, сен Одессада туулуп өскөндүктөн, албетте анын илебине нан бышчу күнү менен ак өркөч толкундарынын айкалышкан жытын мага караганда алда канча жакшы билерсиң. Өзгөчө, Дерибасов көчөсүндөгү кыз-келиндер эсиңден чыга элек болсо керек...

Сүрөтчү оозундагы канжасын ала коюп: «Garcon, un demi!» – деп кыйкырып жиберди да, морякка бурулуп мындай деди:

– Кечирип кой, мен сенин сөзүңдү бөлүп койдум көрүнөт. Бирок, чын-чынына келгенде, Париж жөнүндө айтып жатканым менен, мен деле Одесса тууралуу ойлонуп жаткам. Ооба, туура айтасың, – Одесса жазы бир өзгөчө. Бирок, негедир мен Одесса жазы менен Париж жазын өз-өзүнчө элестете албайм. Экөөнү бирдей эстейм. Экөө тең мен үчүн кымбат. Мунун өзү, менин ошол жылдары такай жаз айларында Парижде болуум менен байланыштуу болсо керек... Баса, Галя Ганская эсиңдеби? Сен аны бир жолу капысынан көрүп калып, өмүрүңдө андай сулуу аял көрбөгөндүгүңдү айтып келгенсиң. Эстедиңби? Мейли, унутуп калсаң керек. Кандай болгон күндө да, мен азыр ошондогу Париж жөнүндө кеп кылып жатып, ал тууралуу жана анын менин өнөрканама алгач ирет баш баккан Одесса жазы жөнүндө ойлонуп кеттим. Менин оюмча, мына бул буту айры, башы жумуру адам баласынын ар бири өз өмүрүн сүйүү сезими менен байланышкан не бир кымбат, не бир өкүттүү эскерүүлөр менен жашап өтөт көрүнөт. Дегеним, мына ошол мен кеп кылып жаткан Галя, менин эң аяр эскерүүм дагы, Кудай алдында кетирген күнөөм дагы окшойт. Бирок, Кудай – күбө. Мен окуя мындай болуп кетет деп түк ойлогон эмесмин. Андан бери көп жылдар өтүп кеткендиктен, мен ал туурасында азыр сага төкпөй-чачпай айтып берүүгө дараметим жетет го ойлойм...

Мен аны тестиер кезинен билер элем. Ал атасы менен жашачу. Тилекке каршы, энеси буларды эбак эле таштап, башка бирөөнү ээрчип кеткен экен. Атасы абдан бай адам эле. Сүрөт тартканды абдан жактыра турган. Жактырган эч нерсе эмес, ал өзүн көзү каныккан сүрөтчү катары эсептегендиктен, узунду күн мольберт алдында туруп алып тарта берер эле. Живопись десе жантыгынан жата калган бул адамдын үйү ар кай жерден сатылып келинген эски-жаңы сүрөттөргө жык толгон. Баса, анын Отрадада өтө чоң эмес короо жайы бар үйү боло турган. Биз – Одессадагы жаш сүрөтчүлөр, бир кездерде анын мына ошол үйүнө дем алыш күндөрү байма-бай каттап жүрдүк. Ал бизди ар бир барган сайын кучак жайып тосуп алчу. Биздин али да болсо сүтү оозунан кете элек мадыра баш балдар экендигибизге карабастан, үстөл үстүн жайнатып жиберип, эбактан бери көрбөй жүрүп көргөн тели-теңтуштарын тосуп жаткансып, жетине албай калар эле. Анан да керели-кечке живопись тууралуу кеп кылуудан тажачу эмес. Жарым-жартылай поляк, жарым-жартылай хохол болгондуктанбы буурул сакалчан, шыңга бойлуу бул адам жашы өтүп калгандыгына карабастан өтө сымбаттуу болчу. Галя анда бар болгону он үч – он төрт жашта болгондуктан, биз барыбыз аны өзгөчө жакшы көрөр элек: безилдеп чуркап, жаны жай албай бирде андан, бирде мындан көрүнүп, айтор адамды зериктирчү эмес. Ал эми жүзүнөн нуру тамылжыган чырайычы! Ушунчалык шок болгондуктан бир күнү ал түз эле биз отурган өнөрканага чуркап кирип келгенинде атасы бир нерсе деп кулагына шыбырап, бөлмөдөн чыгарып жиберди да, бизге мындай деди: – Ыя, достор, деги муну кандай түшүнүүгө болот! Айтор, канча кылган менен кыздын кыздай эле болгону жакшы го!

Ошондой күндөрдүн биринде биз сүйлөшүп алгансып, аныкына барууну кан буугандай токтоттук. Ага адамдын кадырына жете бербеген ошол мезгилдеги биздин жаштыгыбыз менен катар анын искусство тууралуу тынымсыз айта берчү акыл-насааттары жана сүрөттү кантип тартуу керектиги жөнүндө сырды “аңдап билгендиги” себеп болду көрүнөт. Анан калса, мен ошол жылдары катары менен эки жазды Парижде өткөрүп, өзүмдү сүйүү жаатында экинчи Мопассан сезип, кудай салбасын, Одессага кайтып келгенде башыма цилиндр, үстүмө тизеге чейин жеткен күрөң түстөгү жапжаңы пальто, колума сары-кызгылт мээлей, бутума жарым-жартылай лакталган ботинке кийип койкоктойм. Мунун бары аз келгенсип, колума бир өзгөчө асемделген ичке таяк таянып, ошол эле Мопассандыкындай мурут дагы коюп алгам. Кыскасы, келин-кыздын бары меники боло турган. Таң калычтуусу – алардын көбү ошол кезде менден кандайдыр бир олуттуу мамиле деле талап кылган жок. Ошентип, апрель айынын укмуштуудай күндөрүнүн биринде мен Дерибасов көчөсү менен келип, Преображенскийге өтө бергенимде бурчтагы Либман чайканасынын жанынан Галяга жолугуп калдым. Эсиңде болсо, мына ушул чайкананын жанында – Преображенский менен Собор аянтынын бурчунда жаз боюу чыйырчыктардын чырылдаганы кулагыңдын кужурун ала берген беш кабат үй бар эле. Эми элестете бер: жаз, көчөдө болсо кызыл-тазыл кийинген эл, эки-экиден колтукташкан кыз-жигит, анан калса мына бул – тынымсыз чырылдашкан чыйырчыктар жана – Галя. Тим эле бир укмуш! Мен көргөн көзүмө ишенген жокмун. Баягы жаны жай албай чуркап жүрчү Галя жок. Кандай десем? Айтор, маңдайымда өзгөчө ажарлуу бийкеч турду. Башында – боз шляпа. Ал эми жүзүнө тартып алган ошондой эле түстөгү чүмбөттүн алдынан көгүлтүр-көгүш түстөгү көздөрү жалжылдап, бир көргөн адамды өзүнө тартат. Албетте, бул кездешүү: деги каякка жоголуп кеттиңер? Атамды унутуп калганыңарга жол болсун!-деген жеме менен коштолду.

– Ооба, билинбей эле ушунча мезгил өтүп кеткендиктен, мен сиздин кантип чоңойуп, мындай сулуу бийкечке айлангандыгыңызды да көрбөй калгандыгымды карабайсыңбы?! -дедим да, ошол замат ага обочорок жерде турган тестиер кыздан өңчөй фиалкалардан турган гүлчамбар сатып бердим. Ал болсо, мени жалжылдай тиктеп, гүлдү мурдуна жакын кармап, маашыркана жыттап алды. – Бир жерге отурсак кантет, баса шоколад жейсизби?

– Ооба, жейм. Ошентип ал бетиндеги чүмбөтүн өйдө көтөрүп салып, шоколад жегенге киришти да, көзүмдү албай тиктеп отурган мага жылмая карап, Париж тууралуу суроо артынан суроо жаадырды. – Атам баягысындай эле күнү кечке сүрөт тарткандан тажабайт-деди ал бир кезде мага тигиле берип. А сизчи, сиз дагы сүрөт тартып жатасызбы же Париждин сулуу кыздарынан колуңуз бошобой жүрөбү?

– Жок, париждик кыздар мени кызыктырбай калган. Мен азыр иштеп жатам жана бир нече мыкты иштерди жасадым. Ишенбесеңиз, менин өнөрканама баралы. Менин эмне менен алек болуп жатканымды өз көзүңүз менен көргөнүңүз оң болор? Чоочубай эле коюңуз. Сиз сүрөтчүнүн кызысыз да. Анан калса, менин өнөрканам бул жерден өтө деле алыс эмес.

 Ал менин бул сунушума аябай кубанып кетти: -Чын элеби? Анда кеттик. Мен өмүрүмдө атамдыкынан бөлөк сүрөтчүнүн өнөрканасында болгон эмесмин! Бетиндеги чүмбөтүн төмөн түшүрүп, кол чатырын алды да, мени колтуктаган боюнча сүйрөп жөнөдү. Толкундангандан уламбы, айтор басып бара жатып, эки-үч мертебе менин бутумду басып алды да, анысына башын чайкап, кыткылыктап күлдү.

 – Галя!-дедим мен бир кезде, мен сизди жөн гана Галя-десем эмне болот? – Ал буга ойлонбой туруп минтип жооп берди: – Эмне болмок эле. Эч нерсе болбойт. Кааласаңыз жөн гана Галя дей бериңиз.

– Галя, айтыңызчы деги сизге эмне болгон?

– Эмне болуптур?

– Мен билгенден сиз дайыма татынакай элеңиз, ал эми азыр болсо, тим эле жутуп ийчүдөй болуп супсулуу болуп кетипсиз! Ал дагы бир жолу менин бутумду басып алды да: – Супсулуу-дейт тура, сулуулукту али көрө элексиз!-деди жылмайып.

– Айтмакчы, сен короо жактагы менин үйүмдүн чатырына көтөрүлчү кууш тепкичти билесиңби? Ал негедир менин бул суроомо үн каткан жок. Өнөрканага ал бир өзгөчө этияттык менен кадам таштады да, эки жагына таңыркай карап, ал гана эмес шыбырап үн катты: – Укмуш... тим эле бир укмуш. Бул эмне болгон диван, чоңдугу кантет! Жатып алып эле сүрөт тарта берген окшобойсузбу, анан калса бардыгында тең Париж... Ошентип, ал ар бир сүрөткө өзгөчө маани берип, суктануу менен тигилип карап чыкты да: – Чыны менен укмуш керемет нерселерди жаратыпсыз! – деп үшкүргөн болду.

– Печенье менен бир стакан портвейнге кандайсыз?

– Билбейм...

Мен анын колундагы кол чатырды алып, диванды көздөй ыргыттым да, апакай мээлей кийген колунан кармап: – Өөп коюуга болобу?-дедим.

Ал жылмая берип мындай деди: – кантип өбөт элеңиз. Мен мээлей кийип турам го... Мен анын мээлейиндеги бүчүсүн чечип жиберип, акырын эрдимди тийгизген болдум. Ал болсо, мына ушундан кийин бет чүмбөтүн төмөн түшүрдү да, бир далайга чейин мени тигиле карап туруп мындай деди: – Мейли анда, уруксат болсо, мен барайын.

– Жок, эч жакка барбайсыз-дедим мен. Себеби, мен сизди жакшылап карап алганга жетишкен жокмун. Ушундан соң алгач мен өзүм отуруп, андан кийин аны тиземе отургуздум. Ал алгач оңтойсуздана түшкөн менен шек алдырган жок. Бир аздан соң: – мен сизге жагамбы?-деп мени суроолуу карады. Мен эмне дээримди билбей күлүп жибердим да, кемселинин бооруна кадап алган фиалка гүлүн көрсөтө берип: – сизгечи,-деп кайра өзүнө суроо узаттым, – мынабу мен көрсөткөн гүл жагабы? Ал менин суроомо түшүнө бербей башын чайкады: – Бул жерде фиалка гүлүнүн кандай тиешеси бар?

– Кандайча тиешеси жок? Түздөн-түз тиешеси бар. Себеби, мен үчүн сиз дал мына ушул фиалка гүлүндөйсүз. Ал менден көзүн ала качып, жер тиктеген калыбында күлүп жиберди: – Биз окуган гимназияда айымдарды ар кандай гүлгө салыштырууну акындык салыштыруу деп коюшат.

– Билбейм, силерде кандай деп атап коюшарын. Бирок, мындан башкача мен эмне дешим керек эле?

– Билбейм... Ал бир саамга үндөбөй отуруп калды. Мен анын бет чүмбөтүн көтөрүп, жарым-жартылай ачылып турган эриндеринен акырын гана сүйгөн болдум да, жибек байпагы өйдө колумду сойлотуп жиберип, бүчүлөнгөн жеринен топчусун чечип жиберген соң, эңкейип жоон санынан, анан кайрадан бөрсөйүп, жарым-жартылай ачык турган эриндеринен өптүм. Ал ушуну гана күтүп тургансып, боюн таштап жиберди да эриндериме чап жармашты...

Моряк жылмайып башын чайкады:

– Vieux satyre!

– Болбогон кепти айтпачы-деди сүрөтчү. – Мунун барын эстеп отуруу мен үчүн оңой деп турасыңбы?

Койдум, бай болгур, койдум. Ак чөп башта. Андан көрө ары жагын айтчы. Анан эмне болду?

– Андан ары эмне болсун. Мен аны дээрлик бир жыл боюу көргөнүм жок. Бир жолу, дагы деле болсо дал ушундай жаз күндөрүнүн биринде Отрадага барып Ганский мырзага жолуктум. Ал мени ушунчалык жылуу тосуп алгандыктан, бир кезде кайрылбай басып кеткенибизди эстеп, уялганымды сураба. Бечара, абдан картайып кетиптир. Сакалы буурул тартып, беттерин бырыш чегелегендигине карабастан, живопись тууралуу сөз кылсаң дагы деле күнү кечке сүйлөп берчүдөй. Менин келгениме жетине албаган ал соңку мезгилдерде тарткан сүрөттөрүн көргөзүп жатты – деңиз жээгиндеги кумдуу дөбөлөрдүн үстү менен каякадыр ак куулар учуп бара жатышат. Мен тобокелге салып, мактап жаттым: укмуш, мына, чыныгы сүрөт деп ушуну айт! Куттуктайм, сиз живопись өнөрү боюнча бир кадам алга таштапсыз! Ал билдирбеске канчалык аракет кылган менен көздөрү жайнап, жаш балача эдиреңдейт: – Ырахмат, садага. Чоң рахмат! Жүр эми үйгө кирип бир чыныдан чай ичели.

– Кызыңыз көрүнбөйт го, бир жакка кеткенби?

– Шаарга кеткен. О, сиз эми аны тааныбайсыз! Чын айтам. Бойго жетип, тим эле маралчасынан керилет!

Муну угар замат, мен бул абышканы эмес, кызын көргөнү келгенимди эстедим. Кап, эми эмне кылдым. Мен ал үчүн мында келсем, анын шаарга чыгып кеткенин карабайсыңбы-деп ойлоп, өзүмчө бушайман болдум. Чай ичип болгон соң, мен абышканын тыбыттай жумшак сакалынан өпкөн болдум да, сөзсүз кийинки дем алышта келеримди айтып, сыртка чыгарым менен алдымдан Галя чыкты. Ал мени көрөр замат абдан кубанып кетти: Сизби? Сизди кайсы шамал айдап келди мында? Көрсө бизди да эстеген адамдар бар тура!-деди толкунданып. – Бар эмей, анан?-дедим мен дагы кубанычымды жашыра албай. Азыр эле сиз жөнүндө кеп кылып отурганбыз. Атаңыз сизди аябай мактады. Бойго жетип, тим эле маралчасынан керилет. Сиз аны эми көрсөңүз тааныбайсыз!-дейт. Ооба, атаңыз калп айтпаптыр. Сиз чыны менен эле маралдай керилген сулуу кыз, жо-ок, кыз дагы эмес, бурала басып көздүн жоосун алган жаш келинге окшоп калыпсыз. Боюнуз да өсүптүр. Ал буга унчуккан жок. Жылмайып тиктеген боюнча ийниндеги кол чатырды нары-бери айландыра берди. Айтмакчы, ак түстөгү кол чатыры, башындагы шляпасы менен үстүндөгү ар саргыл түстөгү көйнөгү бири-бирин толуктап, кыз көркүнө ар бири өз-өзүнчө көрк кошот. Көздөрүнөн баягы балалык баёо сезим өчүп, жаак сөөктөрү билинер-билинбес узарган...

– Ооба,– туура айтасыз деди ал, – бой жагынан мен сизден ашып кеттим көрүнөт. Мен анысына унчукпай макул болом: – Ооба, сиз чынында эле менден узунураак болуп кетипсиз... Жүрбөйсүзбү, деңиз жакка басып келели. Биз кичи көчөлөрдү аралай басып деңизди көздөй бара жаттык. Менин оюма келгендин баарын жарылдап сүйлөп, бирок көзүмдү албай тиктеп бара жаткандыгымды сезип, ууртунан тарта жылмаят. Кол чатырын жаап, сол колу менен көйнөгүнүн этегин бир аз жогору көтөргөн боюнча үндөбөй келе берет. Ошентип биз деңиз жээгиндеги куму эшилген жардын боюна келдик. Түрмөктөшкөн толкундар жар этегине жетип-жетпей шарп!-эткизе жээктеги кумду чайкап, кайра артына кайрылышат. Суу үстү бирде карарат, бирде агарат. Таза аба бетти аймалайт. Күн нуруна деңиз көөшүп, теребел күүгө келет. Бир сөз менен айтканда, кудум эле Понт Эвксинский. Биз бир нерсени күтүп жаткансып, деңизди тиктеген боюнча үн-сөз жок тура бердик. Менимче, ал дагы мен сыяктуу эле бир жыл мурда тиземде отурганын ойлоп жатты көрүнөт. Мен аны белинен имере кучактап, өзүмдү көздөй тарттым да, эриндеринен аймалап, өпкүлөп кирдим. Ал болсо, башын чулгуй каршылык көрсөтүмүш болгон менен акыр аягы менин эркиме көнгөндөй болду. Бир убакта ал туйлап, кучагымдан суурулуп чыкты да: – Шүмшүк! Жок, митаам экенсиз. Ооба, митаам экенсиз-деп тетири бурулуп, башындагы шляпасын оңдоп кийип, артын бир кылчайып карабастан кичи көчөнү бойлой кетип бара жатты...

– Кызык, баягы өнөрканага барганыңарда экөөңдүн ортоңордо эч нерсе болгон жок беле?-деди моряктын шаштысы кетип.

– Жок, акыр аягына чейин болгон эмес. Кандай десем? Бири-бирибизге уйгактай жабышып өбүшкөнүбүз болбосо... Кыскасы, мен аны кубалап жеттим да, имере тартып, божурайган көздөрүнө тигилдим. Байкасам, жүзү тамылжып, денеси от менен жалын. Анан да эмне болуп жаткандыгына акылы жетпей, башы маң болгон сыяктанат. Ушундан кийин мен аны кайрадан боорума сыга кучактаган боюнча эриндеринен аймалап өпкүлөп кирдим. Ал болсо туйлап, кучагымдан бошонгусу келет. Ошол эле учурда эркек менен аялдын ортосунда болуучу нерсени көргүсү, сүйүүнүн никеге чейинки тыюу салынган лаззатын таткысы келет. Бирок, мен таарынган киши болуп аны кучагымдан бошотуп: -Мейли, өзүңүз билиңиз. Кереги жок болсо, демек кереги жок... Ушундан кийин мен анын колдорунан өптүм. Ал акырындык менен өзүнө келди.

– Ушундан соң кантип аны бир жыл боюу көргүң келген жок?

– Кантип экенин ким билсин. Менимче, экинчи ирет кездешкенибизде мен өзүмдү кармай албай калам го деп корктум көрүнөт.

– О жолуң болгур, дагы Мопассанмын деп коёт.

– Ооба, балким сен менин ордумда болгондо... Айтор билбейм. Кыскасы, мен аны андан кийин да жарым жыл боюу көргөн жокмун. Ошентип жай мезгили да өтүп, эл дачадан кайта баштады. Билбейм, менин оюма койсо дачада эле жашамакмын. Бессарабиянын күзү не деген керемет: маңдайыңда көк ирим деңиз, арт жагыңда учу-кыйыры көрүнбөгөн жүгөрү талаасы. Ал эми абасычы – мээ сергитет! Айтор, эл менен кошулуп мен дагы дачадан кайтып келгенден кийин, Либман көчөсү менен келе жатсам кайрадан алдымдан Галя чыкты. Ал мага жакын келип: – Ой тобоо, ушундай да болот экен ээ, кайрадан Либман көчөсү! – деп чын дилинен каткырып күлдү.

– Cизди көргөнүмө абдан кубанычтуумун. Бүгүн көңүлүңүз өзгөчө куунак го? Деги сизге эмне болгон?

– Билбейм-деди ал жылмайып. Деңизге барып келгенден кийин өзүмдү ушунчалык жеңил сезип калыптырмын. Тим эле шаарды беш айланып чыксам да чарчачудай түрүм жок. Деңиз жээгинде жүрө берип, күнгө күйгөнүм аз келгенсип, боюм да узарып кетти көрүнөт?

Чынында эле бою узаргансып калыптыр. Мени таң калтырганы анын эч кимден тартынбаган ачыктыгы болду – кудум турмушка чыккан аялдарчасынан ээн-эркин баарлашып, оңтою келген жерде ээн-эркин каткырып күлүп жатты.

— Сизде мен үчүн дагы портвейн жана печенье калган жок беле?-деди ал бир маалда күлкүсүн токтотуп.

– Сиз үчүн кантип табылбасын. Табылат.

– Мен сиздин өнөркананы кайрадан көргүм келип жатат. Балким өнөрканаңызга барарбыз?

– Албетте барабыз! Барбай анан!

– Анда кеттик. Болуңуз эми, тез-тез!

Тепкич менен өйдө көтөрүлүп бара жатып, мен аны имере тартып боорума кыстым. Ал болсо, мурдагысындай эле башын нары-бери чулгуй баштаганы менен өзгөчө катуу каршылык деле көрсөткөн жок. Өнөрканама киргенибизде: – Деги эмне болуп жатат, бул деген акылга сыйбай турган иш да... Демек, мен акылымдан айнып калган окшойм!? – деди да, ошол эле учурда башындагы самандан токулган шляпасын чечип, креслону көздөй ыргытты. Саргыч коюу чачтары төбөсүнө түйө байланып, таш бака түрүндөгү тарак менен бекитилип коюлган экен. Маңдайында көкүлү тармалдашып, бети күнгө күйө түшкөнү байкалат . Моймолжуган көздөрү: “эми эмне кыласың”– дегенчелик кылып суроолуу тигилгени менен мына азыр көптөн бери көксөп жүргөнү колуна тиерин илгиртпей баамдаган жаш баланын кубанычка толгон көздөрүндөй үмүттүү бажыраят... Мен анын үстүндөгү кийимин туш келди чечип киргенимде ал өзү мага жардам бере баштады. Үстүндөгү ак кофтасын чечип ыргытып, тегиз күнгө күйгөн ийиндери менен үрптөрү ачык-кызгылт түстөгү эмчектерин көргөнүмдө көзүм караңгылап кетти. Ылдый шыпырылып, жерде жаткан юбкасынан ал кандайдыр бир өзгөчө тездик менен буттарын бошотуп, алдымда эми дээрлик жылаңач турду. Ошол учурда күрөң түстөгү тордолгон байпак ичиндеги апакай жумуру саны ого бетер делебемди козутуп жибергендиктен, мен аны көз ачып-жумганча диванга көтөрүп урдум. Ал чалкасынан түштү да, колун көтөрүп мени көздөй жүткүндү. Оозун ачып бир нерсе айтмакчы болду. Бирок шайы келбеди. Дем алуусу тездеп, мына эми жедеп жанына баткан кайсы бир азаптан куткаруучу адамына жолуккандай мени жалооруй тиктеди...

Мына ушул жолугушуудан соң арадан тез эле эки жума өтүп кетти. Бирок, ал бул мезгил аралыгында күн сайын меникине келип-кетип жүрдү да, бир күнү капысынан баш багып мындай деди:

– Сени жакында Италияга кетет-деп уктум го?

– Ооба, туура. Бирок, түшүнгөн жокмун, кетсе эмне экен?

– Сен бул тууралуу мага эч нерсе айткан эмес элең го?! Демек, билгизбей качып кетейин деген экенсиң да?

– Кой садагасы. Жөнү жок күнөөлөгөнүңдү кой. Кантип эле мен сага айтпай кетип калайын? Чынымды айтсам, аркы-берки иштеримди бүтүрүп коюп, кечинде силердикине барып, бул тууралуу оюмду ортого салайын-деп жаткам.

– Атамдын көзүнчөбү? Менин өзүмө айтсаң болбойбу, эмне? Жок, сен эч жакка барбайсың!

– Кандайынча барбайм? Барам эле.

– Барбайсың-деп жатам.

– А мен сага барам-деп жатам.

– Бул сени акыркы сөзүңбү?

– Ооба, акыркы сөзүм. Бирок, сен түшүнсөң. Мен ал жакка биротоло кетип жаткан жокмун да. Ашып кетсе бир жарым айдан кийин эле келип калам. Анын эмнесине мынчалык кыжырдандың? Же, Галя сен эмне...

– Жетишет. Мени Галя-дегениңизди токтотуңуз – мен сиз үчүн мындай кийин Галя эмесмин. Мен бардыгын түшүндүм! Эми кайда барсаңыз – анда барыңыз. Төрт тарабыңыз – кыбыла!

Ушундан кийин ал булкулдаган боюнча сыртты көздөй атырылып жөнөдү да, эшикти күү менен “тарс!”-эткизе жаап, тепкич ылдый чуркап түшүп кетти. Аркасынан кууп жетип, токтотоюн деп ойлоп, бирок: – Мейли, бугу чыксын. Кечинде Отрадага барып, Италияга барбай тургандыгымды айтып, кечирим сурайм-деп ойлодум. Бирок, кечки саат бештер чамасында бирөө эшик черткилегенинен ачсам, эшик алдында сүрөтчү Синани туруптур. Бир нерседен үрөйү учкан балача көздөрү алаят. Босогодон аттаар замат мындай деди: – Билесиңби?... тиги... Ганскийдин кызы ууланып өлүптүр! Угушума караганда, өтө уулуу бир нерсе ичкен имиш. Эсиңде болсо, бир жолу тиги алжыган чал тим эле Леонардо да Винчи болуп кеткенсип, ар кандай ууларды сактап жүргөн кутучасын көргөздү эле го? Дал ошол кутучадан алып ичкен көрүнөт. Айла жок. Бул шайтан алгыр поляктар менен поляк кыздары дейди болот окшобойбу!

– Ушул окуядан кийин атынып өлөйүн дегем, – деди сүрөтчү канжасына тамеки шыкап жатып. Анан бир саамга унчукпай отуруп калды да, мындай деп кошумчалады: – Аз жерден акылымдан айнып кала жаздагам...

1940-жылдын 28-октябры

 

СУЛУУ

Аялынын каза болгонуна бир далай убакыт болгон арык, узун бойлуу, көзүнө такай йод түсүндөгү көз айнек тагынган кары мамлекеттик кызматкер кайсы бир аскер зардалынын өзүнөн алда канча жаш, нары сулуу жана да анча-мынча сулууларды бучкагына теңей бербеген, боюу – чарчы, үй оокатына бүйрө кызына баш кошту. Ал өзү кишиге чечилип сүйлөй бербегени менен, кудайга кантет, алганы өз баасын жакшы билет. Көптөгөн губерниялык атка минерлер сыяктуу эле ашыкча акылы, не кишиге жугуму жок көптүн бири экенине карабай мунун эки курдай үйлөнүшү жана эки мертебе тең ай чырайлуу кыздарга туш болуп отурушу, коңшу-колоңду: “капырай шумдук!”– дедиртет; ичин туз куйгандай ачыштырат.

Экинчи алганы, биринчи никеден калган тигинин жети жашар баласын кайрып-куйруп, ачык эле жек көрүүгө өттү. Атасы буга не демек? Өзүн анткор тутат, субай-салтаң келген неменин көзүнүн агы менен тең айланып, бул кылыгына көз жумат; баласын барсыңбы?-дебейт. Буга баланын ындыны өчөт. Кандай күнгө туш болуп калганына акылы жете бербей элеңдейт, тымызын көз жашын кылгыртып, эне мээримин күсөйт. Баштагы оюнкарак мүнөзү түнт тартып, сөз сүйлөөдөн айбыгат.

Үйлөнүү тоюнан кийин дароо эле аны атасынан бөлүп, ашкананын жанындагы көгүш баркыт менен тышталган эмеректери бар анча чоң эмес бөлмөдөгү диванга жаткырышкан. Бирок, баштагысындай эле ал тынч жата албай, нары-бери оодарыла берип, адатынча үстүндөгү жуурканы менен кошуп алдына салынган шейшепти жерге тээп салып жүрдү. Баланын бул адаты сулуунун кыжырына чындап тийген белем, бир күнү ал үй кызматчысын чакырып алып мындай деди: – Кудая тобо, мындай шумдукту ким көргөн, минтип отурса, жакында бул дивандын баркытынын ышпалдасын чыгарат. Настя, тиги ыраматылык айымдын коридордогу сандыгына баякүнү мен каттырып салган жер төшөктү алып чык да, мындан кийин буга жерге эле салып бер!

Мына ушундан кийин бала тагдырына моюн сунгандай болду; үй ичиндеги турмуш менен дагы эч кандай иши болбой бири-бирине коёндой окшош күндөрдү башынан кечирип жатты: күнү кечке конок бөлмөсүнүн бурчуна отуруп алып, грифель тактага үйдүн сүрөтүн тартат же ыраматылык апасы сатып берген сүрөтүү китепке үңүлүп, шыбырап окумуш болот, көздөрүн божурайтып терезеге тигилет... Кечкисин диван менен жыгач челектин ортосуна жерге жатып уктайт; төшөнчүсүн өзү салып, азанда өзү жыйнап, дыкат бүктөйт да, апасынан калган эски сандыкка алып барып салат. Сандыкта анын мындан башка көптөгөн майда-чүйдө оокаттары катылган.

1940-жылдын 28-сентябры

 

© Бунин И.А., 1940
    © Кыргызчага Таштанбек Чакиев которгон, 2016

 


Количество просмотров: 1192