Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Талгат Кеңесбаев. Бардык укуктар корголгон
© Которгон Айдарбек Сарманбетов, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 12-декабры

Талгат КЕҢЕСБАЕВ

Чымын жан

Аялдын ашкере кызганчактыгы, эркектин кыңыры ышкысы күнүмдүк окуялар менен чебер чечмеленет. Которгон Айдарбек Сарманбетов.

 

Үч күн бою уктай албаган Бауржанды келинчеги таң атар-атпастан ооруканага балача жетелеп алып барды. Тааныш дарыгердин нары-бери текшерүүсүнөн кийин «ден-соолугунда эч кандай сыркоо жок, нерви бир аз жукарган, кан басымы менен жүрөгүнүн согушу да бир калыпта» -деген жооп алганда Сания күйөөсүнө шектүү карап алды.

— Көз илбегениме бир нече күн болуп кетти,— деди Бауржан дарыгерге,— жок дегенде аптанын соңунда үйдө болоюн, бюллетень жазып бербейсизби?

Дарыгер жигит бырс күлүп:

— Сиздин эч кандай ооруңуз жок, байке.— деп, жай гана узатып койду.

Сания күйөөсүн колтуктап аялдамага келе жатты. Экөө тең үнсүз.

— Ушул дарыгерлер кызык, демейде оорубаган жериңди таап алышат да, уйкум качып, талыкшып турганымдын себебин неге таба алышпайт,— деп наалып койду Бауржан.

Келинчеги ордунда тык токтой калып демейдеги моймолжуган көздөрүн чарасынан чыгара алайта карап:

— Билемин, сенин ооруңдун себебин, тиги диктор кызыңды унута албай жүрөсүң да, эсиңдеби, баягы Мерейдин үйүндөгү?— деди, заардуу.

— ?

— Меен билем, тиги дарыгер да айтты, он эки мүчөңдүн сопсоо экенин, ме акча, обедиңди ошол жерден ичесиң да, кечинде келип уктайсың, кечигип келүүчү болбо.

Бауржан үндөбөй аялдаманы көздөй илкип жөнөдү.

Күн көтөрүлүп кеткен болчу. Кечигип келген аны катчы кыз чабалактап издеп жүрүптүр.

— Ондасович, вы что, кайда жүрөсүз, күн түш болду, эртең прямой эфир, сиз болсо жүрөсүз минтип,— деп жемелеп кирди,— Тезинен Нуржан Жалгасовичке барыңыз.

Экинчи кабатка шашпай көтөрүлдү. Адат боюнча башчынын эшигин эки ирет какты да ичкери кирди. Эки оператор жигит олтуруптур.

— А, кел, кел, Бауке,— деди курсташы,— Эртең түз эфир, ой, сенин өңүң боп-боз го, тынччылыкпы деги?

Эч жооп кайтрабай, четки орундукка жайгашты.

Курсташ башчысы эки операторго тез-тез тапшырма берди да, телефон менен сүйлөшө кетти. Башы дыңылдайт. Эмне ойлоп олтурганын өзү да билбейт. Эс-мас. «Эй, досум, сага эмне болгон?»— деген курсташынын үнү чыкканда селт эте түштү.

— Эчтеме.

— Эчтеме болбогону көрүнүп турат, дарыгерге барган жоксуңбу?

— ?

— Же үйдө бирдеме болдубу?

— ?

— Эй, досум, айтсаңчы эмне балээ болгонун, бир жериң ооруп жүрөбү, эртең түз эфирди өткөзүп жиберелик, анан жумуш жеңилдейт эмеспи, чыда эми, дем алышыңды аласың да, кайын журтуң Түлкүбашка барып, Шымкенттин муздак пивосунун бир шилтечи. Же акчадан кыйналып жүрөсүңбү, айтсаңчы.

— Эгерде ишенсиң,— деди досуна карап,— үч күн болду уктаган жокмун, кирпигим жумулбайт, дарыгерге барсам соп-соосуң дейт. Сания болсо...

— Түшүндүм, түшүндүм,— деди курсташы,— эми эртеңки жумушту бүтүрөлүчү, баарыңа премия жазып берем, Саниянын да көңүлүн табасың, өзүңдүн да кулагың тынч болот. Шашпа...

Ал күнү Бауржан дагы да уктай албады. Келинчегинин чындап эле жаны ачып: — ай, папасы, эртең дарыгерге кайра баралык,— дейт, жылуу-жумшак. Ал болсо башын чайкайт, «эртең жумуш».

Зарыга күткөн таң да атты. Кезекчи унаа эшик алдында теминип турган экен, минди да жумушуна зымырады. Кенен студия ичиндеги аса-мусаларды текшерип, режиссёр менен суроолорду кайта-кайта бышыктап болгуча, беш-алты унаа минген коноктор да келип калышты.

«Тишина. Эфир».

Бир сааттык жумуш бүткүл мекемени бутуна тик тургузду. Ал да бүттү, акыры. Өңчөй көз тайгылткан жалтыр, жутуп жиберчүдөй адеми унааларына түшкөн чет элдик коноктор да шаңдуу кете беришти. Башчынын бөлмөсү. Жаркылдаган кесиптештер. Көз жашын бир сыгып алган режиссёр келинчектен кийин сөз алган диктор кыз «ушул, Бауржан байкебиз болбосо» деп, ордунан тура келди да аны кучактап, бетинен өөп-өөп алды. Француз атырынын жыты мурдун жарып жиберчидей буркурайт. Делебеси козголо түштү.

Башчысынан уруксат албай аялдамага илкий келип, автобуска олтурду. Жан-жагын карап койду. Бардыгы бактылуу сыяктуу, анткени түнү бою тынч укташкан да. Бауржан өзүн жападан жалгыз калгандай сезди. Жетимдеп турду. Үчүнчү кабатка лифтисиз, өзү көтөрүлдү. Эшикти келинчеги ачты.

 И, көрдүм-көрдүм. Түз эфириңер аябай жакшы өттү. Тиги, кабарларды алып барган диктор кыз да абдан такшалып калыптыр го, сенин аркаң менен ыя, кантелик, элге жакшылык жасамайынча жүрбөйсүң го, аның да жакшы болсо керек.— Сания гүлдүү халатынын жакасын кармалап-кармалап койду.— Чайың даяр турат.

Далистеги кийим илгичке костюму менен галстугун илген болду. Ашканага киргенде келин алгансыңбы?— деди, чочумуш этип. Дагы да бирдеме дейин деди эле, күйөөсүнүн жакасындагы кыпкызыл эриндин тагын көрө салганда, колундагы апакай чынысы жерге түшүп кетти.

Быт-чыт...

Үч күндөн кийин диктор кыз облустук телебөлүмгө которулуп кетти. Ал күнү Бауржан жумушка барууга батынбады. Уялды. Студиядагы эң мыкты диктор кыздын башка шаарга кеткенине ичи аябай ачышты. Жума. Үйүндө жалгыз. Эртең ишенби. Демалыш. Ачык турган терезеден түйдөктөй бир кара чымын учуп кирди. Зыңылдайт. Кара чымын ойдолоп учуп жүрдү. Гезитти калыңдап бүктөп алып үч бөлмөнүн ичинде кара чымынды көпкө кууду. Чалынды. Кулады. Бир кезде жалпайта чапты. Эми бүттү. Улутунду. Көздөрү жумула берди. Эртеси гана турду. Сания телефон менен сүйлөшүп жатат. «Мен айтпадым беле, ал кыздын көзүн тазалаймын деп. Нуржан Жалгасовичке айттым эле...»

Быт-шыт...

Ал төшөгүнөн жеңил турду. Көзү кечээ эле гезит менен өлтүргөн чымынга түштү. Аны жерден алып, узакка карады. Сания курбусу менен дагы эле сүйлөшүп жатат. Күлүп коёт.

Бауржан чымынды колуна алып көпкө карап турду. «Ооба,— деди ичинен,— бирөө өлмөйүнчө, бирөөгө күн жок экен го...».

 

Казак тилинен которгон Айдарбек Сарманбетов

 

© Талгат Кеңесбаев

 

Талгат КЕҢЕСБАЕВ – 1961-жылы Чыгыш-Казахстан облусунун Семей районундагы Саржал айылында туулган. Жазуучу. Семей педагогикалык институтун бүтүргөн. Чыгармалары 1980-жылдан тартып ММКларда жарыяланып келет, 1988-жылы Казахстандагы “Жигер” республикалык фестивалынын лауреаты. 1990-жылы “Француз атырынын жыты” алгачкы китеби жарык көргөн. Бир нече китептердин автору. Чыгармалары бир катар чет тилдерге которулган. Түркиядагы Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

 


Количество просмотров: 992