Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Талгат Кеңесбаев. Бардык укуктар корголгон
© Которгон Айдарбек Сарманбетов, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 12-декабры

Талгат КЕҢЕСБАЕВ

Мончочу, «уурдалган каздар» жана мен

Айыл турмушунда кездешүүчү кызыктуу окуялар жана адамдар юмордун тили менен чебер сүрөттөлөт. Которгон Айдарбек Сарманбетов.

 

Ал кишинин азан чакырып койгон аты Ержык болсо да ким бирөөнү бутунан чалып же жакасынан алып, жаңжалдашып жатканын эч көрбөппүз. Андайын бүтүндөй айылда көргөн-билген жан жок. Эгер болсо эстээр элек го...

Өспүрүм чагы тээ, алтымышынчы жылдардын баш ченине туш келди. Эр жетип, агабыз үйлөнөт. Анысы курусун, ал кылыгына эл-журт шыпшынып, баштарын чайкап, жакаларын кармоого чейин барат. Анткени, Ержык агам кавказдан ооп келген Отто деген немис чалдын жаркын мүнөз, көркүнө көз тойгудай, баскан-турганы тың Лея деген жалгыз кызын алган болчу. Экөө бирге түтүн булаткан узак мезгил аралыгында жеңебиз адатынан бир жазбай он бир ирет жалаң эркек бала төрөдү. Кандай сыр-купуясы бар экенин бир өзү билер, балдарынын бирисинин да же көзү, не чачы тайларын эч тарткан жок. Жеңебиздин купуя кубанганыбы, же чындап армандаганыбы айтып калчы экен: «Кудайдын бергенине да шүгүр дечи, тээ башта кыздуу болгум келчи эле... Акмак башым, эримдин айтканы менен боломун деп... Эми мына,  эрим да жинди, балдары да жинди, чачымды агартып бүтүштү. Айтайын десем элден уялам, казак дейин десем өзүмө тиет...»

Ержык агамын ата-бабаларында баатыры, барымтачысы да, чабал-шери, уруу башчылары да көп болгон дешет. Ал жагын анык, так айта албаймын. Укканым бар. Ерагамды айта алам, мен жерден боор көтөрүп, бой токтотуп баса баштаганымдан айылыбыздагы таш мончону жакчу. Бул чын... 

...Ошол жылы мен дагы КазГУнун журфагына өтө албай калдым. Анан айылга келип жем-чөп даярдоочу цехке дробильщик болуп иштеп калдым. Унутпасам 1978-жылдын январынын он төртү болсо керек эле (ошол күнү биздин цехтин жигиттери бүгүн эски жаңы жыл дешип бир сомдон акча чогултуп жүрүшкөн). Көпчүлүктөн бөлүнүп калбайын деген ойдо мен да кошулгамын. Майдалагычыбыз бузулуп калды да иштен эрте кетип калдык. Үйдү карай илээлеп келатып узун морунан коюу кара түтүнүн буралткан мончого көзүм түштү. Пендечиликти кантесиң! Ерагам менен тил табышып, мончосуна түшүп алгым келди (чын айтам).

 Жылчыктарынан буркурап буу чыгып жаткан жабылуу эшикти булка тарттым. Туман. Эчтеме көрүнбөйт. Дагы да үн салдым. Тымтырс. Ерагам жок. Акырын кире бердим. Бутум жумшак бирдемеге урунду. Еңкейдим. Шумдук... ерагам жерде жатат. Чочуп кеттим. «Байке, байке сизге эмне болду, туруңуз...». Үн жок. Жүлжүйгөн өткүр көздөрү тигиле карап, катып калыптыр. Сыртка учуп чыктым. Айгай салып, чуркап жөнөдүм. Тигинде купайкесинин аркасы кислотага күйгөн Аккозу деген механик жигит келаткан экен, токтой калды:

— Эй, болбодудубу эми, жин уруп кеттиби сени, чак түштө чуу салып?

 Жанына жүгүрүп жеттим. Үнүм чыкпайт. Ал кабагын түйгөн тейде чөнтөгүнөн кутусу бырышып-тырышкан «Прима» тамекисин алып чыкты да:

- Ме,— деп, тамекисин майга малып алгандай кармап бир талын мага сунду.

- Жо-жок... тарт... тиякта Ержык ага... өлүп жатат...

- Эмне?— механик Аккозунун колдору титиреп кетти.

— Тиякта, мончодо Ержык байке өлүп жатат,— дедим аптыгып. «Кой...

Ал да мага окшоп коркок экен, тамекисин аптыга соруп, карбаластай эки аттап, бир токтой калып, мончо тарапка бет алды.

Канткен менен экөөбүз деле тирүү жанбыз да, ачык эшиктен ичкериге үңүлдүк. Ал алдыда, мен артында.

Кайран гана Ержык байкем! Насыбайын эрдинин алдына экчеп жиберип, ычкырын бир көтөрө тартып коюп жүрө берчи эле. Кайран Ержекем, ажалың таш мончодо куба жетти белем, кокуй?!

Ержык агам ойдун түлкүсү менен кырдын түлкүсүндөй эки мүнөздүү кызык киши болчу. Өткөндөгүсү байкуштун мени менен коштошкону экен го. Кечкурун гитарамды кыңкылдатып олтургам. Үйгө кирди. Электр жарыгы жаркырап күйүп турса да мага үңүлө карады.

- Ии, жигит, жакшысыңбы?

- Ассалоому алейкум, Ержеке.

— Уагала... жогору чыгайынбы?— менин «жогору чыгыңызды» айтканымча Ержекең, ушул маркум мончочу өтүгүн издерин жер төшөккө батыра жогору чыга берди.

— Ырларыңды кыңылдап олтурасыңбы, бала.

— Ие, кыңылдап олтурам,— дедим тийише.

- Аның жакшы. Өткөндө бир ыр чыгарган экенсиң. Кудай тилегиңди берсин, Такан чырагым, ошонуңду бир ырдап жиберчи, кулагымдын курчун кандырып.

Маалкаткан жокмун. Гитарамды «сабап-сабап» алдым да «керзывый» үнүм менен дарылдап кирдим:

Ассаломуалейкум таш склад,

Эшик менен терезеңден жел ышкырат.

Ичиндеги кыбыраган биз бакырга

Бир кудайдан башка ким бышкырат.

- Ой, маладес, маладес. Эми экинчи кайрыгын айт. Ой, маладес!— Ержык байкем ордунда бир-эки копшолуп алды.

Үйүлүп, тонналаган арпа жатат,

Дравильщик жумушчу биз бир бакыр.

Күнүнө беш тоннадан тартсаң дагы,

Бу не деген бүтпөгөн дандар такыр.

- Ой, Таканым-ов, кулагымдын курчун бир кандырдың белем. Ой маладес! Көк, көк... тфү, бу жөтөлү курусун. Эми Такан, бул ырды жууш керек го дейм, ыя?!

Мен ордуман тура жөнөдүм да шкафты ачсам, жарым бөтөлкө арак турган экен. Кырдуу стаканга тең ортодон куйдум да Ержекеңе сундум. Оң колу менен стаканды оозуна алпарып көңтөрүп жиберди.

— Түү, сага айтарым... стаканды көргөндө каалоо-тилек да айтпай калыпмын. Дагы куй, бирдеме деп жиберейин.— Мен дагы да куйдум.

- Эми, Такан чырагым, мыкты жигит бол. Ошондо мендей агаңды унутпа. Өткөндө ушундай агам болду эле деп эсиңдин бир жерине түйүп кой. (Көзүн кысып, ычкырын көтөрүп койду). Жаакшы киши эле де.  Сен мага бөтөн эмессиң. Кайран Бимерим эжем өлүп калбадыбы,  ошондон кийин алыстап кеттик. Аралашпаганыбыз менен Мариям эжекем менен Төкен агам мен дегенде ичкен ашын жерге коюшчу. Давай, ошол кишилерди таарынтпа. Таарынта турган болсоң моюнуңду бурап коём, күчүк! Төкен агам ооруп калбадыбы, ал кишинин жүрөгү оорулуу болчу. Аны сен билер бекенсиң, акмак, окуй турган баласың, агаңдын аркасы менен. Өткөндө маркум энем: « Оку, окууга өткөрөйүн» дегенде мен дурак, окубай койбодумбу... Эмгичекти бир ферманы башкарып жүрөт элем. Ошондойбу, эй, бала?!

- Туура ага, ошондой.шы жигитсиң. Тек сенин... – Ержык байкем ырсайып, колундагы стаканын көтөрө берип, оозуна жакындата көзүн кысты. Мага айтар «тилеги» унут калды.

 - Эми Такан, сый-урматыңа рахмат. Мончомо барайын. Мага мончомон башка күйө турган эмне калды дейсиң, чырагым... Мен өз көчүмөн өзүм калып калбадымбы, чырагым. Учурашайын деп келгенимди ага-эжеме айтып кой. Алар таарынбайт. Төкен агам асыл адам эмеспи. Байкемди таарынтпа, сабака, кылтыйып калдыңбы? Сен таарынба, катуу айтсам – инимсиң, сага акыл айтпаганда кимге акыл айтам. Кимге, ыя?!

Байкем менен эжем асыл адамдар да, бүтүндөй эл сыйлайт. Бирок сен окубай койдуң... Ничево, башың аман болсун. Жок дегенде мен сыяктуу мончо жагарсың...

«Тиштегендин тишинде, уучтагандан уучунда» — өтүгүнүн издерин батыра басып үйдөн чыгып кетти. Кайран Ержык агам, ошондо мени менен коштошкон экенсиң го. Кантейин эми...

Ийинимен оор кол баса калды. Селт эттим. Механик Аккозу экен. Кабагы салаңдап калган, зорго сүйлөйт:

- Сен кеңсеге бар, ж-жок, азыр абед... Сен түз Өмүргалинин баласы Нуртаска кабарла, мен ушул жерде олтура турайын.

Мындайда кайдагы чарчоо, арстандай адам ажал таап жатканда карап турамбы, анталаңдап жөнөдүм. Энтигип, улунуп-жулунуп башкыбухтун үйүнө кирип барганымда казыдан кыя кесип олтурган башкыбух түксүйө түштү:

- Ой, карагым, жайчылыкпы? Эмне болуп кетти, деги?..

- Мончодо... мончодо Ержык агам өлүп жатат.

- Эмне?! Ол-да байкуш ай, чиедей балдары...

Башкыбухтун арышы арымдуу экен, мончого менден мурда жетти. Тез эле ичкери кирип кайра чыкты да:

- Куураган куу арак ай,— деп, босогого оолтура кетти,— Чиедей балдары...

Саамга унчукпай калып:

- Сен милиция менен дарыгерге бар, тез келишсин,— деди башкыбух мага карап.

Кабар айтып, кайра келсем жамандык жерде жатмак беле, бир топ эл чогулуп калыптыр. Баары мончонун маңдайына топурап алышкан. Ар кими:

- Жакшы адам эле...

- Ээ, ажалга айла барбы?!

- Оорубай-сыркабай бир эле күндө...

- Туугандары ким болот, кантип угузабыз?

Бирин-экин жашык аялдар жышыган болушту. Мен мончонун бурчуна бардым да, шылкыйып олтура кеттим. Оюма нелер гана келип, нелер  кетпеди дейсиң. Баягыда, балдар күнүндө курсагыбыз ачып кеткенде ушул маркум агамдын эки казын уурдап алып, тоого алпарып куйкалап жегенибиз бар. Эми, ошол каздын этинин даамы оозума келе калып, денеме уу боло таркап, эсимди эңгиретип бара жаткан сыяктуу болуп кетти...

— Ха-ха-ха...— Капыс чыккан күлкү тарапка жалт карасам босогого жыйналып турган эл чыны менен эле күлүп жатышат. Бири боорун баса ыкшып күлсө, экинчилери сөөмөйүн көрсөтүп ичтери эзилип калышкан. Таң калгандан оозум ачылып калды.

— Эмне, мончого түшкөнү келдиңерби?— Ержык байкемдин үнү! (Астапыралла, дал ошонун өзү!). Дене-боюм бир укмуш болуп кетти. Нуртас байке бир чака муздак суу алып келип башына жаба куюп жиберди да:

— Жоругуңду...— деп, сөгүнүп алып үйүнө бет алды.

 Көпчүлүк болсо жаңы эле өлүп-тирилген мончочуну келекелеп уу-дуу.

Окуя мындай болуптур. Милийса менен дарыгер, дагы бир-эки киши ичкери киргенде «маркум» Ержекең ордунан козголбоптур. Катуу уктап, өлүктөй жатса керек. Милийса менен дарыгер кагаз-калемдерин даярдап жатканда батыл башкыбух анын жанына барып, бетине үңүлгөндө тигил акырын гана «ух» деп алып, көздөрүн эрине ачып-жуумптур дейт. Башкыбухтун жаны кашайып, «өлүп» жаткан мончочуну (милийсанын кой дегенине карабастан) жакасынан жулка тургузуп, жаак талаштыра чапканда чыканактай «маркум»  мончочу учуп барып капталдай жыгылып, лак-лак кусуп, сыртка кача  жөнөгөн экен. Тышка чыкса өз азасына чогулган эл шарактай каткырып, туш-тушунан шылдыңга алышат. Мына, ушундай болуптур. Эми көпчүлүк мени курчоого алды.

- Эмне, чогуу ичтиңер беле?

— Мончонун ичинен аны сабаган жок белең?

— Ой, сен аны өлүмдөн алып калдың. Давай, эртең эсин жыйганда костюм-шым кийгиз де, сен болбосоң өлүп калмак.— Жаныма механик Аккозу келди да:

— Уят болдук го,— деп, мончочунун өлбөгөнүнө өкүнгөндөй сүйлөндү.

Мен үнсүз бурулуп, кете бердим. Ошол күнү дене-боюмда далай жыл көтөрүп жүргөн күнөөмдөн арылгандай болдум. Бирок да, эзели кутулгус ушакка калганым анык. .

Угушума карагандаТөкүштүн баласы менен мончодо бирге ичип, акырында ал өлгүдөй сабап кетиптир.

- Койчу, ал бала ошондой бекен?

— Андай болбосо эмне, атасы аны окууга өткөргөнгө колунда жок дейсиңби, ушундайы үчүн таманын тилип туруп, жумушка салып койгон да.

- Ооба, ошондой де, баса...

Убакыт өтө берди. Өткөндөгү биз мойсогон эки казды ойлогонду койгом. Кыш катуу башталды. Декабрдын орто ченинде жамгыр төгө жаады. Туяктуу мал колго карап калды. Ит-куштар тоңду.

Төрт дравильщиктин экөө тумоолоп үйлөрүндө жатат. Мухит экөөбүз таңдын атышы менен турабыз да, күрүлдөтүп кечке чейин арпа тартабыз. Чарба иштери оорлогон сайын жигиттердин кабагы салаңдап, жаак эттери шылынып... сүлдөрү кетти. Атам шаарда, ооруканада жатат. Энем ага бир барып келген, ошондон кийин каттай албадык. Жумуштан тыйтайып, үйгө чарчап келдим да төшөккө куладым. Кыйладан кийин (чайыбызды оозгу бөлмөдө ичебиз) энем менен бирөөнүн сүйлөшүп олтурганын уктум. Ары-бери оонап уйкумду ачтым. Келген киши Ержык агам экен, доошунан боолгодум, саал кызуу го дейм...

- Болду эже, мага убара болбоңуз.

— Такан жумушунан чарчап келет эмеспи деп санааркап жаттым эле... үстүнөн чыктың, жакыныраак олтур (энем мени көргөн жок).

— Мариям эже, уучтагандын уучунда, тиштегендин тишинде кетпөө керек эмеспи, учурашайын деп эле жайынча, агамдан кабар бар болсо билейинчи деген тилекте эле чын ниетим менен келип калдым, эже... Бу, Такан, жумушка аралашып жүрбөйбү, мага эптеп эки-үч кап жем таап бере алар бекен деген оюм да бар, эже... жетет-болду... мага чоң дасторкон жайбаңыз. (Бир оонап алдым да жата бердим).

— Кудай тилегиңди берсин: мончоң жылуу болсо ачкычыңды берчи, балдар түшүп алышсын.

 - Жо... эже болбойт, ал не дегениңиз. Закун есть закун.

— Бөтөн бала эмессиң, ботом, унутуп калган турбаймынбы. (Энем шкафты ачып, бирдеме алды көрүнөт).

- Ой, Мариям эже, неге мынча убара болдуңуз, айтпадым беле.

— Чарчап жүргөн чыгарсың, өзүң куюп иче гой... (Стаканга щылдырап арак куюлду).

- Анда эже, агам тез сакайып чыксын (ичип жиберди).

- Ушу агамдын таппай турган арагы жок го дейм, эже. Мынабу арак сиздердин үйлөрүңүздө гана бар.

- Чай ич. Балам азыр келип калар. (Төркү үйдө чүмкөнүп мен жатам).

- Таканын өңү жүдөө го. Өткөн жолу мончого келгенде көрдүм, ошол күнү мончо аябай ысык болчу. Өзү тез эле чыгып кетти.

- Ооруп жүрөт окшойт. Анын үстүнө окуй албай калды, катардан калганына байкуш бала санаркап жүрөбү... Кантейин, жайдары жүргөн бала эле,— деп энем жабыркай сүйлөндү.

- Жазуучу боломун деп жүрбөдү беле?

 — Ие, андан эмне чыгат дейсиң, айтору күн-түнү дебей жазып жүрөт, кечээ күнү райондук гезитте жазгандарын «начар» деп сындабады беле, элге уят...

— А, ничоо эже, Такан мыкты жигит болот.— Ержык байкем дагы бирди тартып жиберди көрүнөт.

 

***

— Ой, жарықтық-оой... Эже, бүгүн мончо суук, балдар эртең түшөр.

— Кудай тилегиңди берсин, Ержыкжан, бөтөн бала эмессиң, алдыгындан өзүң куюп иче гой.

- Такан келбеди-го?

(Мен оронуп-чулганып жатам, уйкум келер эмес).

— Жакшы көмүрүң болсо эстеп койчу, бөтөн бала эмессиң, агаң болсо бальнийсада. Былтыркы алган көмүрүбүз начар чыгып калды. Сырткары кишилер келип калышса какап-жүдөп олтурсак уят эмеспи. Балага айтам, завхоздон барып көмүр сура деп, тартынчаак бала эмеспи... көмүр жагын эсте, карагым...

 — Жо... жок... эже, андай болбойт, закун есть закун, тиштегендин тишинде, уучтагандын уучунда кетпеш керек эмеспи. Мариям эже, андай болойт. Эми Мариям эже, соо болуңуз, мен кеттим, алигиче Такан келбеди го, агамын алын билейинчи деп эле келгеним...

— Балага айтармын сенин келгениңди, көмүр жагын унута көрбө...

- Мариям эжем-ой, баягыда Төкен абам ферманы башкарып турганда мага далай жакшылык жасаган эле. Кудай ден-соолук берсин, абам келгенде «бербей койду» десеңер уят болуп калам, алыңыздар. Наркы, чет жагынан алсын, чытырап жакшы күйөт.

- И, ошентсең, балдарды жиберейин.

- Такандан башка эч кимди жибербеңиз. (Таш менен урдум эле, аш менен урдуң го, мени).

...Ал күнү үйдүн дубалын кыроо чалмак түгүл, муз басып калса да көмүргө барбадым, менден башка бирөө алганга болбойт: «закун есть закун». Эртеси совхоздон аванска акча алып, атасынын кунунчалык акы сураса да колдон эки тонна көмүр түшүрдүм.

...Түнү менен ак кагазга эчтеме түшүрө албай алас уруп, кыштын узак түнүн түрүп, кыска таңды тосо олтуруп калыптырмын. Бөлмөмө энем сүйлөнүп кирди.

- Ак кагазда башың калсын сенин, башың калгыр. Олтур ошентип, түн бою жинди менен сүйлөшкөн бакшы окшоп, күбүрөп-шыбырап, сенин кесириңен ушул айда светке очойгон көп акча кармады.

— Эмне болуп кетти, дагы?

— Болгонду эмне кыласың, түнү менен жарканат окшоп уктабайсың, күндүзү колуң кылт этсе эле тиги тарсылдаган машинкаңды баскылап, мазабызды аябай алып бүттүң го, деги...

- Эмне болуп кетти эми, айтсаңызчы.

— Баргын да өзүң көр, кыш бою арпага шыкап, семиртип жүргөн эркек казымды бирөөлөр короодон уурдап кетиптир.— Момун адамдын ачуусу келгени кызык го, энем бүт дүйнөнү таруунун бир данына батырып барат. Он төрт ирет бала көтөрүп, жетөөнү кара жерге берип, калган жетөөбүздүн кызыгыбыз менен азабыбызды тартып келе жаткан энемди аяп кеттим:

— Казды эмне кылышмак эле, өзү чыгып кеткен чыгар.

— Эмне, ошондо өзү короонун оозундагы кулпуну да бурап алып таштайбы?— Жүрөгүм алкымыма кептеле түштү. «Баягыда биз да...»

— Эне, жүрөгүм...

— Ой, ой-бой... дагы ооруп калдыңбы, дарың кайда эле?

—  Суу... суу...

— Мына, азыр... мазамды алдың го балам, айланайын, байкачы, олтур мына бул жерге, акырын, казың куруп кетсин, силер аман-соо болсоңор болду...

Эртеси билдик: биздин казды уурдагандар аны мончонун ичинде кууруп жеп, эки-үч бөтөлкө «Вермут» ичишиптир.

Мен алардын казды эмес, короодо турган эки токтунун бирин алып кетпегенине чындап өкүнгөн элем...

 

***

Арадан төрт-беш жыл убақыт өтүп кетти. Шаардагы цемент заводунда эл  қатары иштеп жатам. Саратандын аптаптуу ысыгында кезектеги иш өргүүмдү алып, ойноп-куунап кайтайын деп айылга келдим. Күн чакчаят. Айтору дүйнө бүт мемирейт. Кошуна-колоң, жакын-туугандар менен түгөл  учурашып чыктым. Зериге баштадым. Айылга баратып билет алаардан мурда ойлодум эле: «Барганымда жакын-туугандар, дос-постор жабыла конокко чакырат болуш керек. Кекирейбей, жайдары барып, жакшы кайтайын» деп. Кайда-а, эми алардын эй, алың кандай дегендерин күтүп, үйдө жатам. Ушундай таттуу үмүт менен эки-үч күндү өткөздүм. Акыры бышып кеттим...

Ошол күнү таң заарда туруп алдым. Чөп ташыган шопурлар болбосо айылдыктар али ойгоно элек. Бирөө таңкы тамакка чакыргандай жасана кийинип алдым. (Түндө костюм-шымымды үтүктөп койгом). Ээндей бастым. Ысык ээлегенче түндөгү түштөрүн айтып калгысы келген сымал чымчыктар  таңкы абада ырахаттана сайрашат. Айылдын чети тарапка бастым. Бирөө жөтөлдү. Бурулуп карасам жаңы салынган мончонун алдында, орустардын чарбагында кездешчи «карачкыдай» болуп Ержык байкем турат. Кубанып кеттим. Шашпай жанына басып бардым.

— Ассалоому алейкум, Ерага.

— Уалейкум,— колумду өтө эле шаабайы жок, салкын алды.

- Байке, алыңыз кандай? Иштериңиз жакшыбы? Лея жеңем күүлүбү?— Неге экенин билбейм, Ерагамдын короо-пороосунан өйдө тескеп, сурап жатам, сурап жатам.

- И, жигит, сен ким болосуң? Тааныбай жатам...

Мен аң-таң боло Ерагама карадым. Чыны менен эле тааныбай жатканын, не мени шылдың кылып турганын ажырата албай дал болуп турдум.

Кырс этмем кармай түштү. Ата-энемдин аты-жөнүн, кайсыл жылы, кай айда, кай жерде туулганымдан бери жипке тизген шурудай тизмелеп бердим.

- Уай ата-а, Такан сен белең, айланайын. Латипаны, балдарымды такып сураган ким деп жатсам...

Ерагам мени эки-үч курдай тегерене карап чыкты да, элеттик балдардын адатына сала башын чайкап, таңдайын какты.

— Шикарна, сен да адам болдуң ээ?— Күлдүм. Териккен жокмун.

- Чоңойбодукпу, байке,— дедим жайдары.

Агам мени дагы да эки-үч ирет айланып чыкты. Башын улам чайкап коёт.

— Кудайдын акылдан алганы ушул да, сени тааныбай, кымыз менен сүрсүгөн казынын маалында айыл-айылды түрө кезип жүргөн ревизорлордун бирөө чыгар дебедимби. Таарынба, айланайын, өзүмдүн Таканым турбайсыңбы, баягыда каз... эмне деп дөөрүп жибердим деги. Айтмакчы, бул келишиңде аба-эжеме келин алып берейин дегенсиң го (күлүп алды). Жакшы шаарда иштейсиң, андагы бийик үйдөн өз башыңа батир да алган чыгарсың, маладес...

- Жок, байке, бойдокторго үй беришпейт. Жатаканада турам. Үйлөнгөндөн кийин болбосо...

- Аа, ошондой де,— Жактырбай карады.— Ошондой де (артка чегинди). Ата-энеңдин шору болдуң го сен, отузга келсең да он жаштагы баланын акылы жок, жакшы бала чыкпай калдың. Тээ, башта сенден үмүт кылчу элем... ай, ай (башын чайкады). Сен деген акмаксың. Тиги, бир туугандарыңа кандай үлгү көрсөтмөксүң, ыя? Эй, ушу сенде уят, ой-санаа деген барбы деги? Уялып, кызарып койбой дагы махабат (колун сермеп-сермеп койду), адамгерчилик деп жазып коёсуң дагы. Эй, сен өзүң кимсиң, ыя?!

- Байке!

- Токтот! Сен буга жооп берчи: мына, агаң сыяктуу (көкүрөгүн колу менен каккылады) немистен катын алып, тьфу, тьфү, көз ташка тийсин, эч кошулмасы жок, он бир таза казакты тапкыза аласыңбы ыя?!

Мен ийнимди кыйкаңдатып алдында турдум.

— Ии, эмне дейсиң,— деди, эки бөйрөгүн таянып,— Колуңдан келбейт. Сенин колуңдан деги эмне келет, ыя?!

Казак тили сабагынан «экини» алып, ала тактанын жанында айыптуу болгон окуучудай эки ийним шөлбүрөп мен турам. Мончочу агам мени жерден алып, көргө уруп, кекетип жатат.

— Ата-энеңди бүткүл эл сыйлайт. Сенин ушинтип жүргөнүңө мен просто...

- Байке,— дедим ызаланып,— Байке, сиздин мунуңуз не... Мен кудайга шүгүр, эл катары ишимди иштеп жатамын. Кыз-келиндерге жакындабайм... Театр, кино дегенди куру койбоймун. Жиндиканага түшкөнүм жок... Күндөлүк гезит-журналдарды болсо калтырбай окуп жүрөм.

- Эй, коё турчу-ай. Сен, өзү мынабуга жооп берчи. Мына силер үйүңөрдө жети баласыңар. Алтоо тең бири-бири менен өтө ынтымактуу. А сени алар адам катары да эсептешпейт. Ошол бир туугандарың майрам сайын туулган үйүндө чогулушат. Сени болсо эч көрбөйбүз. Эй, сен ошондо кайдан чыккан кудайсың ыя?! Эй, эй (колу менен мени нукуп-нукуп алды), сен өзү мына мен сыяктуу мончо жага аласыңбы? Жазуу-пазууну эмне кыласың, андан көрө айылга келип менин жардамчым болуп мончо жак, агаларыңдын аркасын сүртүп берсең да көңүлүн аласың...

Бир ирет жашып, муңканып алдым. Ерагамдын эмнени көздөп, жемелеп  жатканын ичимден туюп, мойнума алып тургансыймын. Ал болсо жыйында тыныгуу жасаган адамдай сөзүн кайрадан жалгады.

- Болду, жашыба, жигит эмессиңби. Адам деген туулган уясынын суугун да, ысыгын да бирге көрүүсү керек, күкүк эмеспиз го... Кечинде үйгө кел, калган сөздү ошондо жалгаштырабыз. Унутпа. Жеңеңе эт салдырып коём. Сүрсүгөн казы бар. Арак ичемин деп дээликпе, мен үч жыл болду, ичкенди койгом, неберелүү болгом, кандай болсо да кечинде үйгө кел...

— Макул,— деп, бурулуп кетмекчи болдум эле, жеңимден тартып токтотту.

- Такан, сен мончо жага аласыңбы?— деди да көздөрүмө тике карады. Мукактана түштүм.

— Азыр жооп бере албасаң кечинде конокко келгенде айтарсың.

Үйгө келдим. Оозгу үйдө энем оңой менен ойгоно койбогон, ойгонсо азан-казан түшүп ыйлаган неберелерине газга сүт коюп жатыптыр. Дароо мени каарып кирди.

— Кайда жүрөсүң, таң атпай суу агызып кеттиби, сени? Короодон каздар чыгып кетиптир. Барып таап кел... Бу эмнеси, зыңкыйып кийинип алганы, айтору жакшылык болгой эле.

- Каз табылар. Аны эмнеге асырайсың, убара тартып.

— Эмне, сен келин алып келип каздын милдетин анын мойнуна артып коюппузбу, ал эмнең, асырайын деп асыраптырмынбы? Былтыр ушул кезде Ержык агаң келип, «эже, түшүмө Такан кирип жүрөт, үйлөнөт окшойт, мынабу эки казды ошого алып келдим, мени берди деп айтарсыз»,— деген. Былтыр олимпияданы көргөнү Москвага кетпедиңби, айылга келбедиң, жай башында балапан чыгарган. Бар эми, чай кайнаганча издеп кел, тааныбасаң бөтөгөсү кызыл боёк менен боёлгон.

...Күн укурук бою көтөрүлгөндө каздарды зорго дегенде издеп таптым-ов. Көк кубалап узап кетишкен көрүнөт. Чынында эле ошондой. Баягы, биздин бала кезибизде Саржалдын маңдайы көк майсаң жайлоо эле. Кыз белиндей буралып мөп-мөлтүр булак агып жатчу. Азыр ошол кымбат көрүнүштүн бири да жок. Жер – тозуп кеткен. Баскан сайын көзгө урунганы, бутуңа илингени консерванын бош калайы, куру бөтөлкөлөр, темир-тезектер. Тизебизге жетип, бири-бирибизге суу чачышкан арыкта тоо-тоо болуп, акыр-чикир төгүлгөн.

 Такыр жер менен беш каз эмес, бир короо кой айдагандай чаңга көмүлүп келе жатам. Тажадым. Тердедим. Суусадым. Мойнумдагы галстугумду бошотуп, костюмумду чечип алдым.

Буркулдаган чаңы бурк-бурк эткен жолдо каздарды айдап келе жатып Ержык байкем жагып жаткан мончонун түтүнүн көрдүм. Эсиме агамдын катуу сурагы түштү. Кантсе да жооп берүүм керек го... Ойлонуп келем!

Сиз кандай ойлойсуз?!

Чынында эле мончо жага аламынбы?!

 

Казак тилинен которгон Айдарбек Сарманбетов

 

© Талгат Кеңесбаев

 

Талгат КЕҢЕСБАЕВ – 1961-жылы Чыгыш-Казахстан облусунун Семей районундагы Саржал айылында туулган. Жазуучу. Семей педагогикалык институтун бүтүргөн. Чыгармалары 1980-жылдан тартып ММКларда жарыяланып келет, 1988-жылы Казахстандагы “Жигер” республикалык фестивалынын лауреаты. 1990-жылы “Француз атырынын жыты” алгачкы китеби жарык көргөн. Бир нече китептердин автору. Чыгармалары бир катар чет тилдерге которулган. Түркиядагы Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

 


Количество просмотров: 1250